Кыргызстанда тоют жетишсиздиги азыртан байкалууда. Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулган жеринде орточо 300 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлиги буга быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болгонун себеп кылып, маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын маалымдады. Бул аралыкта базарда малдын баасы арзандаганы айтылууда.
Экономика
ишемби 3 Июль 2021
Адатта Алай районунун Сары-Могол айылында жай мезгилинде туристтик сезон башталчу. Бул аймакка көбүнесе эс алуучулар Европадан келип, алардын айрымдары Ленин чокусуна чыгууга да кызыгат. Бирок, быйыл чет мамлекеттен каттаган туристтердин саны аз. Ар жылы турист тоскон Сары-Могол айылындагы учурдагы абал тууралуу видео баян.