Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Экономика

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШ иммунитети начар адамдарга COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналарынын үчүнчү дозасын алууга уруксат берди. Түркияда болсо жети миллионго жакын киши вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын эскертүүдө.

Кабарларга караганда, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын саюу тууралуу билдирүү жасайт. Вакцинанын эки дозасын алгандарга сегиз ай өткөн соң үчүнчү доза сайылышы мүмкүн. Бул тууралуу New York Times жана Washington Post басылмалары өз булактарына таянып жазышты. Маалыматтарга ылайык, мындай билдирүү ушул апта ичинде жасалышы ыктымал.

Саламаттык сактоо тармагындагы адистер коронавирустун "дельта" штаммынан улам жана вакцинанын натыйжалуулугу убакыт менен төмөндөй турганы тууралуу маалыматтардын айынан үчүнчү доза зарыл деген жыйынтыкка келишкен.

АКШ: вакцинанын үчүнчү дозасы менен алгач калктын аярлуу катмары эмделет

Үчүнчү доза алгач карылар үйүндөгүлөргө, медкызматкерлерге жана улгайгандарга сайылары күтүлүп жатат.

"Бул иш-аракеттер биздин аярлуу катмарды коронавирустан коргоону камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан", - деди АКШнын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун (CDC) директору Рашель Валенски.

Учурда Кошмо Штаттарда 12 жаштан жогору адамдардын 60% эмделгенине карабай коронавирустун "дельта" штаммы кеңири жайылып жатат. Вакцина албагандардын арасында катуу ооругандар жана каза болгондор көп.

Бирок айрым эксперттердин айтымында, Moderna жана Pfizer-BioNTech вакциналарынын эки дозасы же Johnson & Johnson вакцинасынын бир дозасы кээ бир адамдарды, айрыкча иммундук системасы алсыз адамдарды тийиштүү деңгээлде коргой албайт. Учурды бул үч вакцина АКШда шашылыш түрдө колдонууга бекитилгени кабарланды.

Moderna жана Pfizer-BioNTech вакциналары. Иллюстрациялык сүрөт.
Moderna жана Pfizer-BioNTech вакциналары. Иллюстрациялык сүрөт.

BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Угур Шахин АКШнын Тамак-аш жана дары-дармек башкармалыгынын (FDA) отчетунда алардын вакцинасынын үчүнчү дозасы коронавирустун бардык штаммдарына, анын ичинде "дельта" вариантына да каршы туруштук берери жазылганын билдирди.

"Биз дайыма вирустан бир кадам алдыда болуу үчүн иштеп жатабыз. Ошондуктан биз дүйнө жүзүндөгү бардык кишилерге биздин вакцинаны алууга жол ачууну максат кылабыз", - деди Шахин.

BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Угур Шахин.
BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү Угур Шахин.

Деген менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өтө зарыл учурларды эске албаганда кошумча эмдөөгө шашылбай турууга чакырып жатат. Өткөн аптада уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус вакцина жакыр өлкөлөргө жетпей жатканын, кошумча эмдөө жараяны теңсиздикти күчөтөрүн эскерткен.

"Биз бай өлкөлөргө кетип жаткан вакцинаны кирешеси аз мамлекеттерге тезинен бурушубуз керек. Мындан улам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бери дегенде сентябрь айына чейин кошумча дозаларга мораторий жарыялоого чакырат. Ар бир өлкөдө калктын кеминде 10% эмделиши керек", - деди Тедрос Аданом Гебреисус.

Түркия: июлдан бери вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады

Учурда Кошмо Штаттардан башка бир топ өлкөлөр да калктын бир бөлүгүн кошумча эмдөөдөн өткөрүү маселесин караштырып жатат. Калкынын жарымынан көбү коронавируска каршы толук эмделген Израилде 30-июлдан тарта 60 жаштан жогорку жарандарга вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштады.

Ошондой эле, июлдан бери Түркияда дагы коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайылууда. Өлкөдө 50 жаштан жогорку жарандар жана медиктер үчүнчү дозада каалаган фирманын вакцинасын сайдыра алат. Буга чейин эмделгендерге биринчи жана экинчи дозада бир эле фирманын вакцинасы сайылган. Учурда Түркияда Кытайдын Sinovac жана Германиянын Pfizer/BioNTech вакциналары колдонулууда. Өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган июнь айынын башында коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алган.

83 миллион калкы бар Түркияда 17-августта берилген маалымат боюнча, 33 миллиондон ашык жаран вакцинанын экинчи дозасын, 7 миллион киши үчүнчү дозасын алды. Вакцина 15 жаштан улууларга сайылууда.

Орусия: эмдөө жараяны өтө жай

Орусияда акыркы апталарда коронавирусту жугузуп алгандардын саны кескин көбөйдү. Каза болгондор Москвада, Санкт-Петербургда, Краснодар крайында жана Иркутск облусунда көп.

13-августта Москва шаардык Саламаттык сактоо департаменти вирусту жуктуруп алгандар быйыл июлда былтыркыга караганда 60% көп экенин ачыктады. Департамент буга башкалаа Москвада катталган коронавирустун жаңы штаммдары себеп болгонун билдирген.

Орус бийлиги коронавируска каршы вакцинанын төрт түрүн иштеп чыкканы менен, Батыш өлкөлөрүнө салыштырмалуу Орусияда эмделгендердин саны өтө төмөн. Тактап айтканда, Орусиянын 146 миллионго жакын калкынын 27% гана вакцинанын биринчи дозасын сайдырган.

Москва шаарындагы эмдөө пункттарынын бири.
Москва шаарындагы эмдөө пункттарынын бири.

Казак бийлиги октябрда калкты кайрадан эмдейт

Акыркы апталарда Казакстанда коронавирустан каза болгондордун саны кескин өсүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан коронавирусту жуктургандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. Августтун башынан бери өлкөдө күнүнө жүздөн ашык киши вирустан каза болууда.

Ошондой эле, Казакстанда ревакцинация быйыл октябрда башталышы мүмкүн. Бул деген кайрадан вакцинанын эки дозасын алуу дегенди билдирет.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Алексей Цой Казакстанга Германиянын Pfizer/BioNTech вакцинасы октябрда келерин, алгач балдарга жана кош бойлуу аялдарга сайыларын кабарлады.

Июлда казак президенти Касым-Жомарт Токаев немис вакцинасынын эки миллион дозасы Казакстанга май айында келерин, бирок бул план үзгүлтүккө учураганын билдирген. Ал вакцинанын өлкөгө жеткирилбей калганына эмне себеп болгонун жана ким күнөөлүү экенин айткан эмес.

Учурда өлкөдө Орусиянын "Спутник V", Казакстандын QazVac, Кытайдын Sinopharm жана Coronavac вакцинасы сайылууда.

Кыргызстандагы абал

18-августтагы маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бир дозасын алгандардын саны 910 миңден ашты. Алардын 260 миңден ашыгы гана эки дозаны тең сайдырды.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө быйыл март айында башталган. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында жалпысынан 900гө жакын эмдөө бекети иштеп жатат.

Учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүн коронавирустун Индиядан тараган "дельта" варианты бушайманга салууда. Коронавируска каршы антиденечелердин канчага чейин сакталары жана вакциналардын вирустун жаңы варианттарына эффективдүүлүгү тууралуу изилдөөлөр уланып жатат.

Ат-Башы: Босогонун көркүн ачкан конок үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Турганбүбү Океева Ат-Башынын Босого жайлоосуна туристтер үчүн мейманкана ачып кызмат көрсөтүп жатат. Өзгөчө конок үйлөрдү тоолуктар жаңылык катары кабыл алышууда. Акыркы жылдары Ат-Башыда ички туризм да өнүгө баштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG