Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Экономика

Жети өрөөндү бириктирген кол өнөрчүлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:37 0:00

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин "Алтын өрөөн" республикалык фестивалы уюштурулду. Иш-чарага өлкөнүн жети дубанынан кол өнөрчүлөр катышты.

Кичи Памирдеги Көктүрк айылынын тургуну Султанакмат Абдугани уулу
Кичи Памирдеги Көктүрк айылынын тургуну Султанакмат Абдугани уулу

Ооганстандын Кичи Памир өрөөнүн жүздөгөн кыргыз байырлайт. Алардын айрымдары талибдерден качып, өткөн айларда Тажикстанга кире качкан. Эми өлкөнү талибдер колго алгандан кийин памирлик кыргыздардын абалы кандай, өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай баа беришет?

Кичи Памирдеги Көктүрк айылынын тургуну Султанакмат Абдугани уулу менен маектештик.

- Султанакмат мырза, саламатсызбы? Учурда Кичи Памирдеги кыргыздардын абалы кандай?

- Учурда абалыбыз жакшы, кудайга шүгүр. Мурункуга караганда азыр жашоо жеңилирээк болуп калды деп айта алам. Анткени Кичи Памирге автоунаа жолу ачылган. Бир гана кыйналган жерибиз, быйыл түшүм жакшы болбой, мал-жан кырылып бүт нерсени сатып алууга туура келип жатат.

- Канча мал-жаныңыз бар эле?

- 300 баш малым бар эле. Ошонун жетимиши эле калды. 60тай топозум бар болчу, ошонун 30у калды.

- Талибдер бийликке келгенден кийин силер тарапка келиштиби?

- Талибдер бизге эки жолу келип кетишти. Алар бизге "силерге эч кандай кыйынчылык келбейт, биз мусулманбыз, бир элбиз" деп айтып кетишти. "Жаңы өкмөт түзүлүп калса, силерге колубуздан келген жардамыбызды беребиз" деп убада беришти.

- Алар Памирге келгенде кандайдыр бир кооптонуу болдубу?

- Жок, биз талибдерден коркпойбуз. Анткени биз, кыргыздар, эч кандай саясатка же урушка аралашкан эмеспиз. Өз жолубузда, жөн жүргөн элбиз. Андыктан эч кимден коркпойбуз жана кооптонбойбуз.

- Памирдеги кыргыздар өз ара чогулуп, мындан кийинки абалды сүйлөшө алдыңарбы?

- Албетте, чогулуп сүйлөштүк. Мындан кийин өкмөт кандай болот, талибдердин кийинки талаптары эмне болот деп ойлонуп жатабыз. Мурунку өкмөттөй бизге колдоо көрсөтүлөбү, же ачарчылык, каатчылык болуп кетеби деген ойлор да кетип жатат.

- Ооганстандагы акыркы саясий абал, эл аралык коалициянын аскерлеринин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча памирлик кыргыздар эмне деген ойдо?

- Аскерлердин Ооганстандан кеткенин биз памирлик кыргыздар жакшы болду же жаман болду деп айта албайбыз. Бир гана жерин так айта алам, эч бир өлкө, анын ичинде АКШ да Ооганстан үчүн күйгөн жок. Акчаны суудай агызып, Ооганстанга оор жараат таштап кетти.

- Маегиңизге чоң рахмат. Сак саламатта туруңуздар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG