Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Экономика

 Кумтөр кенинде 2020-жылы 17,3 тоннага чукул алтын казылып, экспорттолгон.
Кумтөр кенинде 2020-жылы 17,3 тоннага чукул алтын казылып, экспорттолгон.

Нью-Йорктун соту "Центерранын" Кыргызстанга санкция салуу доосун четке кагып, бирок жабдуучулардын товарларын кайтаруу же толук төлөп берүү өтүнүчүн канааттандырды. Ал эми кыргыз өкмөтү жабдуучулар менен келишимдер аткарылып жатканын айтып, аны негизсиз доомат катары кабыл алды.

Учурда "Кумтөр Голд" ишканасын чийки зат жана запастык бөлүктөр менен камсыздоодо маселе жок экени жана мурдагы менежмент менен байланыштагы жабдуучу компаниялардын тымызын аракеттери өндүрүштү үзгүлтүккө учурата албастыгы белгиленди.

“Центерра Голддун” дооматы

Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сот “Центерра Голддун” адвокаттарынын Кыргызстанга күнүнө 1 млн. долларга санкция салуу доосун четке кагып, бирок анын "Кумтөр Голд Компаниге" тышкы башкаруу киргизилгенге чейин жеткирилген товарларды жабдуучуларга кайтарып, толугу менен төлөө өтүнүчүн канааттандырды. Анда Caterpillar компаниясынын ири самосвалдарынын запастык бөлүктөрү тууралуу сөз болгон. Бирок ал товарлардын так баасы доо арызда көрсөтүлгөн эмес.

"Кумтөрдү" мамлекетке кайтаруу демилгесин көтөрүп жүргөн жарандык активист Наристе Калчаев муну "Центерранын" мурунку милдеттемесин кыргыз тарапка оодаруу аракети катары баалады.

"Кумтөр Голд" ишканасына убактылуу тышкы башкаруу киргизилгенге чейин Caterpillar компаниясынан буюртма берилип калган запастык бөлүктөрдү кайра артка кайтарууну талап кылып жатышат. "Центерра Голд" анын акчасын бербейбиз деген мааниде доо берип жатат. Анын акчасы негизинен ар бир квартал сайын бөлүп төлөнүп келген. Тетиктерге кетчү чыгымдар мына ошондой жол менен эсептелип турганы бизге белгилүү. Азыр эми башкарууну кыргыз тарап өзүнө алган соң "Центерра Голд" жоопкерчиликти албайбыз деп жатат. Бул күтүлгөн эле нерсе. Бирок анын финансылык милдеттемеден баш тартканы кийин соттук териштирүүдөн анын өзүнө каршы колдонулушу мүмкүн. Анткени ага "өз учурунда милдеттемелерин аткарбай койгон" деген дооматтар да коюлат. Азыр бул компания ушунтип айла-амал издеп жаткан учуру".

"Өндүрүштүн абалы кандай?"

Анткен менен талдоочулар арасында кыргыз өкмөтү тышкы башкаруу киргизилген "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын ишмердиги тууралуу маалыматтарды ачык-айкын жарыялабай, күдүк ойлорго түртүп жатканы сөз болууда.

Компанияны чийки зат жана запастык бөлүктөр, техникалык каражаттар менен камсыздоонун абалы, жабдуучулар менен жаңы түзүлүп жаткан келишимдер, алтын өндүрүүнүн анык көлөмү жана анын экспорту тууралуу отчеттор жарыяланбай жатканы белгиленди.

Жергиликтүү аналитик Айданбек Акматов соңку жагдай өндүрүштү чийки зат жана запастык бөлүктөр менен камсыздоого терс таасирин тийгизет деген пикирде.

Айданбек Акматов, саясат талдоочу.
Айданбек Акматов, саясат талдоочу.

"Булар "Кумтөрдүн" түбүнө жете турган болуп калды. Мындай көрүнүш кадимки көз боёмочулукка окшошуп турат. Бул жерде мурда алынган запастык бөлүктөрдү кабыл албай, мурдагылар алган деген негизде жоопкерчиликти албай, алардын акчасын кайтарып бербей жаткан болушу мүмкүн. Ошондуктан мына ошондой доо арыз берилди. Сот башынан сылап туруп, жаакка чапкан сыяктуу чечим чыгарып коюптур. Менин байкашымча, бул маселе абдан татаалдашып бара жатат. Акылбек Жапаров "жаңы жабдуучуларды издеп жатабыз" дегени менен бул иштер алда качан иштелип чыгып, жолго коюлушу керек эле. Эми мындан ары кандай болорун билбейм. Анан дагы ишкананын ишмердиги тууралуу ачык-айкын маалыматтар жок. Өндүрүштүн абалынан, андагы жумушчулардын эмгек шарттарынан кабар алганы барган профсоюздун жетекчисин киргизбей койгону айтылды. Бул эмне деген өзүм билемдик. Менимче, парламент анын ишмердиги боюнча толук жана ачык-айкын отчет талап кылышы керек".

"Өндүрүштү үзгүлтүккө учурата алышпайт"

Анткен менен өкмөт Нью-Йорктогу банкроттуулук сотунун “Центерра Голд” компаниясынын адвокаттарынын аталган өтүнүчүн канааттандырган чечимин чоң маселе катары эсептебейт. Бул кадимки чарбалык мамиле экенин айткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров мында өндүрүштү үзгүлтүккө учурата турган көйгөй жоктугун белгиледи:

"Сот чечиминде "жабдуучу компаниялардын акчасын төлөп тургула" деп айтып жатат. Биз аны эбактан бери эле төлөп келе жатабыз. Алар менен эч кандай чыр-чатагыбыз жок. Caterpillar компаниясы кендин өзүндө кампасын ачып, мына ошол жакта запастык бөлүктөрүн кармайт экен. Бир канча товарларын ошол жакта сактап, керек учурда сатууга берип келген. Бизге керек запастык бөлүктөр алынгандан кийин анын акчасы төлөнүп турган экен. Анан 20-30 млн. доллар турган запастык бөлүктөрдү алар алдын ала алып келип, кампасына киргизип коюшат экен. Келишим ошондой болуптур. Биз ал запастык бөлүктөрдү алган жокпуз. Анын бардыгы өзүнүн балансында турат. Керек болсо алабыз. Алганыбызды төлөйбүз. Анан бардыгынын акчасын бир учурда төлөп бергиле деген дооматты аткара албайбыз. Себеби, анын бардыгы бизге өткөн эмес. Биз аларга "келгиле, бизге жетишпеген запастык бөлүктөрдү бергиле, болбосо, башка компаниялар менен келишим түзөбүз" деп кат жибергенбиз. Айрым жабдуучу компаниялар мурдагы менежмент менен кандайдыр бир байланышы болушу мүмкүн деген биздин шегибиз бар. Алар боюнча укук коргоо органдары иштеп жатышат. Азыр бизде башка муктаждыктар боюнча эки айдан алты айга чейин жете турган запастар бар. Айрым жабдуучулардын келишимдери бүтсө, кээ бирлери менен жаңыдан келишимдер түзүлүүдө. Бул эми жумушчу жараян",-деди Жапаров.

Алтын өндүрүүнүн көрсөткүчү

Тышкы башкаруу киргизилген "Кумтөр Голд Компани" быйыл жыл аягына чейин 14,5-15 тонна алтын өндүрүүнү мерчемдегени сайтына жарыяланган. 2020-жылы 17,3 тоннага чукул алтын казылып, экспорттолгон. Ал эми 2019-жылы кендеги алтын өндүрүүнүн көлөмү 18,6 тоннаны түзгөн.

Бул жерде 2021-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмү кескин аз көрсөтүлүп жатканы - май айында тышкы башкаруу киргизилгенден кийинки мезгилден баштап гана эсептелгени менен түшүндүрүлгөн. Анткени кыргыз бийлиги "Центерра Голд" каржылык жана өндүрүштүк документтердин бардыгын өлкөдөн алып чыгып кеткендиктен 2021-жылдын башынан баштап май айына чейинки отчеттор белгисиз экени, анын бардыгы эми эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө же соттук териштирүү учурунда аныктала турганын белгилеп келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун айтымында, быйылкы өткөн 4 айда 4,1 тонна алтын өндүрүлгөн.

"Мына ошол өндүрүлгөн 4 тоннадан ашуун алтын азыр Кыргызстанда. 61-62 млн. доллардан ашуун таза киреше болду деп ойлоп жатабыз. "Кыргыз Голд" компаниясынын акчасы Кыргызстандын банктарындагы эсептеринде эле сакталып турат. Анын акчасын өкмөт же башка тараптар алып алган жери жок. Мурдагы тартипте эле иштеп жатабыз. Болгону бир чоң айырмачылык - мурда бул жакта өндүрүлгөн алтындын бардыгы сыртка чыгарылып кетип турса, азыр бул жактан сатылат. Мурда компаниянын акчасы чет элдик банктарда сакталса, азыр биздин Кыргызстандын банктарында. Ал эми өндүрүштүк жараян өз орду менен кетип бара жатат. Дүрбөлөң салууга эч кандай негиз жок",-деди Акылбек Жапаров.

Кыргыз тарап быйыл жыл соңуна чейин өз пайдасына "Кумтөрдүн" тарыхында биринчи жолу 60 млн. доллардын тегерегинде таза киреше табууну мерчемдеп жатканы айтылды.

Кыргыз бийлиги мамлекеттик комиссиянын тыянагынын негизинде канадалык тарапка 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Андан соң быйыл 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. "Центерра" буга макул болбой, дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 21-сентябрда кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын эл аралык бизнес форуму өттү. Ага Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрайымы Танзила Нарбаева баштаган ишкер аялдар катышты.

"Кыргызстан – Өзбекстан ишкер аялдарынын диалогу - Жол картасынын жыйынтыгы катары" деп аталган жыйынды Борбор Азиядагы Аялдар лигасы уюштурду.

"Бул форум эки өлкөнүн ишкер айымдары өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүсүнө шарт түзүп берет. Мен өзүм энергетика тармагында эмгектенген бир айым менен тааныштым. Алар көбүнчө жеңил өнөр жай менен алектенип келишкен экен. Биздеги ГЭСтерди курууга, оор өнөр жайларда аялдар иш алып бара алып жатканын көрүп, суктанууларын айтып, кызматташууну сунушташты. Бул бизге чоң сыймык болду",-дейт аталган уюмдун өкүлү, ишкер Кундуз Кырбашева.

Бишкектеги бизнес-форумга Өзбекстандын түрдүү тармактарында иш алып барган ишкер айымдар келишти. Алардын бири Наргиза Болтабаева Анжиян шаарындагы менчик бала бакчалардын жана бир нече тигүү цехтердин ээси. Маектешибиздин айтуусунда, өзбек бийлиги ишкер аялдарга салык жана башка төлөмдөрдөн жеңилдиктер берген:

"Цехтеримде 150дөн ашуун кыз-келин иштейт. Бизге президентибиз ишкерлик кылганыбыз үчүн бир топ жеңилдиктерди түзүп берди. Бийликтин мындай колдоосу ишкер аялдар үчүн чоң күч. Мен менчик бала бакча иштеткендиктен, Кыргызстандагы менчик бала бакчаларды бир көрүп кетсем деген тилегим бар. Мындан тышкары бул жолу келишимдин максаты - Кыргызстандын базарларын кыдырып, цехтеримде тигилген кийим-кечектеримди сатууга мүмкүнчүлүктөрдү байкап көрмөкчүмүн".

Бизнес-форумга өзбек ишкер аялдарын Олий Мажлистин төрайымы Танзила Нарбаева баштап келди.

Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форумунан. Танзиля Нарбаева (солдо), Аида Касымалиева, Луиз Чемберлен.
Кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын бизнес-форумунан. Танзиля Нарбаева (солдо), Аида Касымалиева, Луиз Чемберлен.

Иш-чаранын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Олий Мажлистин төрайымы Танзила Нарбаева аялдардын экономикадагы ордун таануу - Борбор Азия аймагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп белгиледи.

Кыргызстан менен Өзбекстан элинин басымдуу бөлүгү миграция менен жан багат. Экөөндө тең жумушсуздук, өзгөчө кыз-келиндер экономикалык жана укуктук жактан коргоого муктаж. Аялдардын ишкерлигин өнүктүрүү - мамлекеттин экономикасын көтөрүү менен барабар. Муну белгилеген Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева коңшулаш эки элдин аялдарынын карым-катышын өөрчүтүү зарылчылыгын айтты:

"Азыр аялдар экономикада чоң ролго ээ. Анткени, аялдын экономикалык көйгөйүн чечүү менен анын укугу жана үй-бүлөдөгү абалы жакшырат. Ошондуктан, биз эл аралык уюмдардын көмөгү менен Олий Мажилис менен чогуу ишкер аялдардын форумун өткөрөлү деп чечкенбиз. Бул кагаз бетинде кала берүүчү сөз эмес, жыйынтыгы да боло турган иш".

Форумдун катышуучусу, кыргызстандык Патилла Жусуева байыртан бир өрөөндү жердеп, базары да, мазары да бир болуп келген элдин ынтымагын бекемдөөдө да аялдардын ролу жогору экенин белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бүгүнкү күнү Фергана өрөөнүндөгү аялдар үйдө отуруп бала тарбиялоодон тышкары ишкерликти өнүктүрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууда. Ошондуктан, бүгүнкү форум аялдардын гана эмес, өлкөлөрдүн - Кыргызстан менен Өзбекстандын гүлдөп өнүүгүсүнө салым кошуп жатат".

Жеңил өнөр жай тармагы - Кыргызстанда приоритеттүү деп саналганы менен акыркы жылдары Өзбекстанда бул тармак кыйла алдыга кеткени айтылууда. Буга тигүү өнөр жайынын негизги кыймылдаткычы болгон сырье - пахта өзүнөн чыкканы себеп экенин айрым эксперттер айтып жүрүшөт.

Ошол эле учурда Өзбекстандагы керектөөчүлөрдүн саны Кыргызстандагыдан 5-6 эсе көп экенин эске алган кээ бир ишкерлер, Кыргызстандагы долбоорлорду Өзбекстанда ишке ашырууга толук негиз бар деп эсептешет.

Форумду уюштуруучулардын бири, кыргызстандык ишкер, "Биз-Франчайз" ишканасынын жана "Өсүү академиясы" ( "Академия роста") билим борборунун жетекчиси Сайкал Асылбекова Өзбекстан менен импорт, экспорттон тышкары өнөктөш катары кызматташууга да болорун белгиледи.

"Менде эки тараптуу кызматташтык боюнча бир катар максаттар бар. Алардын бири франчайзинг системасын чогуу ишке ашыруу жана аны Борбор Азияда жайылтуу. Ошондой эле Өзбекстандан өнөктөш таап, билим берүү борборубуздун филиалдарын ачсак болот".

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсү 2016-жылы 192 миллион долларды түзсө, 2020-жылы 341 миллион долларга жеткен.

4-5 жылда Кыргызстандын Өзбекстанга экспорту 125 миллион доллардан 152 миллион долларга чыкса, Өзбекстандын Кыргызстанга экспорту 67 миллион доллардан 200-300 миллион долларга өскөн.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG