Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

Экономика

Улуттук банкка жаңы жетекчи келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү боюнча арызын карап, кабыл алды. Анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталып, бекилди.

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жаңы төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев. Жогорку Кеңиштин жалпы сессиясында тартылган видеодон алынган скриншот. 29-сентябрь, 2021-жыл.

Жогорку Кеңеш Улуттук банкты акыркы жети жылдан бери башкарып келген Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын карап, кабыл алды. Анын ордуна апрель окуясына чейин Улуттук банктын төрага орун басары болуп иштеген Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги сунушталып, бекитилди.

Абдыгулов өз чечимин башка ишке өтүп жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бирок айрым депутаттар бул жараянды саясий оюндар менен байланыштырып, анын арты валюталык кризиске алып келиши мүмкүн деген камтамачылыгын айтты.

Абдыгуловдун кетишинин сыры

Жыйырмадан ашык маселе турган парламенттин 29-сентябрдагы күн тартибине Улуттук банктын төрагасын кызматтан алып, жаңы төраганы бекитүү тууралуу сунушту кароону президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов берди. Ал Толкунбек Абдыгулов өз арызы менен иштен кетип жатканын айтып, анын ордуна Кубанычбек Бөкөнтаев көрсөтүлүп жатканын, муну биринчи болуп карап берүүнү суранды.

Процедуралык маселелер бүтөрү менен Анарбек Калматов Абдыгуловдун арызын окуп берди. Бирок бир нече депутат чоң күмөн саноолор болуп жатканын айтып, анын өзүн чакырууну талап кылышты.

Натыйжада Толкунбек Абдыгулов жыйынга келип, алгач Улуттук банкты жетектеген учурундагы аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Ал өзү кызматка келген 2014-жылы мекеменин эл аралык резерви 2 млрд. 200 млн. доллар болсо, 2021-жылга карата 3 млрд. 200 млн. долларга жеткенин билдирди. Ал ошондой эле жети жыл мурда Улуттук банктын жылдык 5 млрд. сомдук кирешесинин 3 млрд. сомун бюджетке берип турганын, былтыр 8,5 млрд. сомдук кирешенин, 7,6 млрд. сому казынага төгүлгөнүн айтты.

Сөзүнүн соңунда Абдыгулов иштен кетип жаткан себебин мындайча түшүндүрдү:

"Эгер менин кызматтан кетүү себеби жөнүндө айтсам, биздин урматтуу президентибиз тараптан, менин тажрыйбамды, билимимди өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн башка тармакта пайдалануу сунушу берилди. Башка ишке которулуп жатканыма байланыштуу, иштен кетүү тууралуу арыз жаздым", - деди Абдыгулов.

Сөз алган эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын төрагасы катары алты-жети жыл аралыгында валюталык рынокту, сомдун башка валюталарга карата катышын салыштырмалуу туруктуу кармап келгенин айтып жатышты. Ага карабай депутаттар: “Президент тараптан сунуш болбосо кызматтан кетет белеңиз? Эч кандай саясий басым болгон жокпу?” деген суроолорду кайра-кайра беришти.

Депутат Наталья Никитенко "көшөгө артында бир топ саясий оюндар болуп жатканын" билерин айтып, төрага өз эрки менен кетип жатканынан шек санап турганын кошумчалады:

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

“Мен сиздин ишиңиз жана сиздин кесиптик компетенцияңыз тууралуу депутаттар айткан алкоо сөздөрүнө кошулам. Бирок мен сиздин өз ыктыярыңыз менен иштен кетип жатканыңызга ишенбейм. Албетте, бул жөнүндө жооп берүүгө милдеттүү эмессиз, сиз сыр төгүп жаткан жоксуз да. Биз азыр кайсы бир топтордун кызыкчылыктарынын тирешүүсүнө күбө болуп жатабыз. Бирок бул биздин өлкөгө керек эмес эле. Курч экономикалык кризис учурунда Улуттук банктын туруктуу иштешин камсыз кылып, гиперинфляциянын алдын алып, кесипкөй мамиле кылыш керек эле. Ачык айтыңызчы, сизге саясий басым болдубу? Менимче, сиздин кетишиңизге ушул нерсе себеп болду. Мындан сырткары Улуттук банктын Кумтөрдүн алтынын сатып алуу же албоо маселеси да ушуга себеп болгонун тактагым келет. Сиз мына ушул окуянын алкагында саясий жагдайга барымтага түшүп калбадыңызбы? Бул жерде саясатташпаган чечим кабыл алынышы керек болчу, кайсы бир топтор көз карандысыз органга басым жасабаш керек болчу. Бул орган саясатташпашы керек эле. Ошондуктан сиздин кетип жатканыңыз мени камтама кылды”.

Абдыгулов ага эч кандай басым болбогонун айтты. Эл өкүлдөрү улам-улам такыгандан кийин ал Эл аралык валюта (ЭВФ) фондуна Кыргызстандын атынан кеңешчилик кызмат сунушталганын белгилеп, бул боюнча президент буйрук чыгарганын ачык айтты. Ал ошондой эле Улуттук банк жыл башынан бери өлкөдө өндүрүлгөн 8 тоннага жакын алтынды мыйзамга ылайык сатып алганын белгиледи. Бирок анын канчасы Кумтөргө тиешелүү экенин тактаган жок.

Башка бир эл өкүлдөрү Жанар Акаев менен Айбек Осмонов да Улуттук банкка байланыштуу чечим кабыл алууда этият болууга чакырып, “Абдыгуловдун кетиши менен сомдун куну кетип, долларга карата катышы 100 сомго чейин чыгышы мүмкүн” деген камтамачылыгын айтышты. Алар мындан сырткары Улуттук банкка башка бир мамлекеттик ишкана “Мегаком” компаниясын сатып алуу сыяктуу бир топ талаптар коюлуп жатканын белгилешип, “төраганын кетиши ушуга байланыштуу болушу ыктымал” деген пикирин билдирди.

Ибраев менен Абдыгуловдун тиреши

Мунун алдында Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүүсүнүн бир себеби катары анын депутат Саматбек Ибраев баштаган депутаттардын мыйзам долбооруна каршы чыгып жатканы деп айтылып жаткан.

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыккандан бери Абдыгулов ага каршы болуп келди. Ибраев болсо муну үчүн Абдыгуловдун өзүн кызматтан кетүүсүн талап кылып, парламенттин жыйындарында бир нече жолу маселе көтөргөн.

29-сентябрдагы жыйында депутат Саматбек Ибраев сөз алып, анын ишмердүүлүгүн текшерүү керектигин айтты:

“Улуттук банктын ушул жети жылдын ичиндеги ишине аудит жасаш керек деген ойдомун. Депутаттык комиссия түзүп, толук текшерүү зарыл. Кийин дагы ушундай катачылыктарды кетирбөө үчүн бул керек. Терең реформага барабыз деп айтып келатабыз, аны ушул финансылык сектордон башташ керек. Биз анализ кылып келгенде биздин финансылык сектор чөлкөмдө эң артта калган система болуп калды”, - деди ал.

Мындан кийин сөз алган Толкунбек Абдыгулов "Ибраевге тиешелүү жообу бар экенин, бирок мамлекеттик кызматкер катары этиканы сактап, буга чейин айта албай келгенин" кеп кылды. Ал "мындан ары эркин киши болуп" калганын, "керек учурда пикирин ачык жарыялай турганын" айтты.

Ал ортодо башка бир депутат Мирлан Жээнчороев да “эл аралык шылуундарды пайдаланган саясий топ Улуттук банкка “кара пиар” жасап, анын ичинде Жогорку Кеңештин трибунасын колдонуу менен Абдыгуловду кетиргендей картина жаралып калганын” айтты. Жээнчороев бул топ президенттин атын жамынуу менен өлкөдө күмөндүү финансылык схема киргизгени турганын, аны ишке ашыра турган адамдар чет жакта бир нече банктарды банкротко алып келгенин билдирди.

Ушул эле ойго кошулган дагы бир эл өкүлү Мурадыл Мадеминов ал топтогулардын аты-жөндөрүн атады:

“Биздин депутат Саматбек Ибраев эки-үч айдан бери Улуттук банктын төрагасы Абдыгуловдун тегерегинде аябай терс пиар-кампания жүргүздү. Айтпай койсом, болбойт. Ибраевдин жанында Орусиядан келген бир аферист, Фролов деген киши келип, үйүндө жашап жүрдү. Ал кишиге кандай маалымат бергени белгисиз. Фролов деген ким? Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети текшерсин, Орусияга суроо-талап жиберип, ал кандай максат менен Кыргызстанга келип, Самат Ибраевдин үйүндө жашап жүргөнүн аныктасын. Кыргызстан акыркы убакта абдан кыйын кырдаалда жашап жатат, бир гана Улуттук банк өзүнүн функционалдык милдеттерин толук аткарып, финансы тармагын туруктуу алып чыгып кетти. Эгер Кыргызстандын банк, каржы тармагы кыйрап баштаса депутат Ибраев күнөөлүү болот", - деди Мадеминов.

Мадеминовдун айткандарын депутат Самат Ибраев четке кагып, Фроловдун артында Беларустун жана башка он чакты өлкөлөрдүн IT адистери турганын белгиледи:

“Ошол инвесторлордун бардыгы “мындай боло берсе Кыргызстанга бир да инвестор келбейт” деп айтып жатышат. Мени, Фроловду “аферист” деген каралоо болуп жатат, мени да айыптап жатышат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Ички иштер министрлиги муну ачык териштирип, биздин талашыбызга чекит коюп берсин", - деген Ибраев төрагадан бул маселени иликтөөнү суранды.

Саматбек Ибраев сунуштаган мыйзам долбоору Кыргызстанда Финансылык технологиялар, же кыскартып айтканда Финтех аттуу түшүнүктү киргизүүнү карайт. Бул системалар мыйзамдаштырылса фирмалар же жеке адамдар кайсы бир тиркемелер аркылуу банктын катышуусуз акча жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жарандарга эсеп ачып, аны тейлейт, насыя бере алат. Финтехтер кадимки банктар сыяктуу кеңсе ачууга, кампа курууга милдеттүү эмес болот.

Бул мыйзамды коргоо боюнча жыйындарга орусиялык Владимир Фролов аттуу жаран да катышып жаткан. Акыркы жолу, 24-сентябрда парламенттин имаратында өткөн коомдук угууга ал видео аркылуу онлайн катышып, ойлорун айткан. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматта Фролов экономика илимдеринин доктору, профессор экени маалымдалган.

Жаңы төрага

Толкунбек Абдыгуловго байланыштуу талкуу дээрлик эки саатка чейин созулуп, соңунда парламент анын кызматтан кетүү арызын кабыл алды. Бул боюнча токтомго жыйынга катышкан 66 депутаттын 62си макул болду. Анын артынан эле президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов билдирүү жасап, Улуттук банктын төрагалык кызмат ордуна Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлигин мамлекет башчы Садыр Жапаров сунуштаганын жарыялады.

Алгач суроо салган депутаттардын бири Самат Исманов жаңы талапкер тууралуу буларга токтолду:

“Ар бир мекемеде жетекчи эмес, анын орун басары көп иш аткарат. Сиз буга чейин “Мамлекеттик лотерея компаниясын” жетектеп келгенсиз. Ошол кызматта туруп, быйыл 7-июлда парламенттин трибунасынан бул компания 25 млн. сом чыгымга кириптер болгонун мойнуңузга алгансыз. Сиз ушундай кичинекей мекемени жетектеп, андан 25 млн. сом чыгаша менен чыгып жатсаңыз, Улуттук банкка төрага болуп барганга укугуңуз барбы? Ага карабай баратасыз. Мен сизди сындап жаткан жокмун, сиз оңдоп кетиңиз деп жатам. Сиз жөнүндө маалыматтарыбыз аз экен. Балким, эми ийгилик жаратаар деп ойлойм”.

Соболго жооп берген Кубанычбек Бөкөнтаев бул чыгымдар ал кызматка келгенге чейин болгонун, алар мына ушул жагдайды оңдоо үчүн жетекчилик орунга барганын айтты.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Бөкөнтаев 1992-жылы эмгек жолун Улуттук банктын Валюталык башкармалыгында экономист кызматынан баштаган. Бир жылдан соң жеке бизнеске кеткени маалымдалат. 1998-2002-жылдары коммерциялык банктарда иштесе, андан кийин “Кыргызстандын банк кабарчысы”, “Банкир”, “Экономика. Банктар. Бизнес” аттуу гезит-журналдарда жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Ортодо “Сорос-Кыргызстан” фондунда, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасында (ПРООН), Кредиттик союздарды өнүктүрүү боюнча финансылык компанияда (ФКПРКС) иштеп турган.

2006-жылы, ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп шайланган. 2010-жылы апрель окуясы учурунда Убактылуу өкмөттүн каржылык аракеттери жөнүндө билдирүүсүнөн кийин декрет менен кызматтан алынган.

Парламенттин жыйынында депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Улукбек Ормонов ушул боюнча суроо беришти. Кубанычбек Бөкөнтаев ага минтип жооп берди:

"Апрель окуясына чейин мен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштегем. 7-апрелден кийин Убактылуу өкмөт бардык акча таланып-тонолгонун, анын ичинде Өнүктүрүү фондунда да акча жоктугун жарыялаган. Мен банк тармагына жооптуу болгондуктан, чыныгы кырдаалды билет элем. Ошондуктан, маалымат жыйынын уюштуруп, мамлекеттик бюджетте бир нече миллиард сом, ал эми фонддо 220 млн. доллар бар экенин ачык айткам. Фонддогу акча Орусиядан насыя катары келген 300 млн. доллардын “Камбар-Ата-2” ГЭСин курууга жумшалгандан калганы болчу. Ошондон кийин мени кызматтан алып, прокуратура коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Мен элге, элдин акчасы бар экенин айтканым үчүн, мени айыпталуучу кылып коюшкан. Ал жерде кылмышты мен эмес, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылган. Алар өздөрү банк уячаларынан бир нече миллиондорду алып, жок кылышкан. Кийин мага байланыштуу кылмыш ишин укук коргоо органдары бири-бирине футбол кылып жатышып, аягында кылмышты курамы жок болгонуна байланыштуу токтотушкан", - деди ал.

Кубанычбек Бөкөнтаев 2010-жылы Депозиттерди коргоо агенттигин жетектеп, акыркы жылдары "Мамлекеттик лотерея компаниясынын" жетекчисинин орун басары болуп турган.

Депутаттар ортодо тыныгууга чыгып, андан кийин талапкерге дагы суроолорду жаадырышты. Анын ичинде кайрадан эле ушул эле 2010-жылкы иштер боюнча соболдор келтирилди. Айрым эл өкүлдөрү Кубанычбек Бөкөнтаев 11 жылдан бери банк системасында иштебегенин, бул аралыкта ал өзгөргөнүн айтып, анын ишти алып кетеринен күмөн санашты.

Бөкөнтаев өзү "аны мажбурлап алыстатышканын, бирок ишти алып кетерин" айтты. Ошол эле Финтех боюнча мыйзам долбоору боюнча көз карашын аны изилдеп көргөндөн кийин билдирерин маалымдады.

Жыйын соңунда Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы катары бекитүү токтомун 81 депутаттын 76сы колдоду.

Улуттук банкка жаңы жетекчи келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

Мурдараак саясатчылар жана юристтер Улуттук банктын көз карандысыздыгын жоюп, аны бийликтин колуна салып берүү аракети болуп жатканын айтып чыгышкан. Бул камтамачылыктар ошол эле депутаттар Саматбек Ибраев менен ага авторлош катары чыккан Бактыбек Турусбековдун мыйзамына байланыштуу болгон.

Ушундай эле пикирлерин айтып келген юрист Сания Токтогазиева жаңы талапкердин келишине байланыштуу кабатырланууларын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды:

“Бөкөнтаев Бакиевдин тушунда, Кыргызстан иш жүзүндө Борбор Азияда “акчаны жуучу” борбор болуп калган учурда Улуттук банктын төрагасынын орун басары болгон экен. Жеке мен Абдыгуловдун кызматтан кетишин кайсы бир топтордун жана депутаттардын басымы деп кабыл алам. Мунун баарына эки депутаттын (Ибраев менен Турусбеков) Улуттук банк жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө демилгелеген мыйзамы жана Улуттук банкка, Абдыгуловго системалуу, негизсиз, параноидалдык жана популисттик түрдө жасаган чабуулу негиз болду. Турусбеков менен Ибраевдин мыйзам долбоору Улуттук банктын көз карандысыздык принцибинин пайдубалына сокку урат. Мындан сырткары “эл аралык” эксперт катары акчаны адалдоочу банктардын жана банкрот болуп калган банктардын директорлор кеңешине кирген орусиялык Владимир Фролов аттуу банкирди тартып жатышат. Ошондуктан "Турусбеков менен Ибраев Кыргызстанды кайрадан “акчаны жуучу, же адалдоочу” борборго айланткысы келип жатабы?” деген суроо туулат", - дейт Токтогазиева.

Мурдагы СССРдин Мамлекеттик банкынын Бишкектеги филиалы катары иш алып барган Кыргыз ССРнин каржылык мекемеси Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, 1991-жылы Улуттук банк болуп түзүлгөн.

Улуттук банк өлкөдөгү акча-насыялык саясатты жүргүзгөн жана улуттук валюта – сомду чыгарган мекеме болуп саналат. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү Федералдык банктар жана Улуттук банктар сыяктуу эле Кыргызстандын Улуттук банкы да өкмөттөн көз карандысыз иш жүргүзөт.

"Эксперттер талдайт" берүүсүндө Улуттук банктын төрагасынын кызматтан кетиши талкууланды

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG