Кыргызстанда журналисттерди жана ЖМКны колдоо боюнча маалыматтык өнөктүк жүрүп жатат. 1-декабрдан баштап тогуз күн улана турган акциянын максаты дүйнөлүк коомчулукка өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын жеткирүү. Соңку эки айда блогерлер камалып, иликтөөчү журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылып, «Азаттыктын» сайтты убактылуу бөгөттөлдү. Кыргыз бийлиги сөз эркиндиги сакталарына такай убада берет.
Экономика
жума 2 Декабрь 2022
“Кумтөр Голд” ишканасы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин баштай албай жатат. Комиссиянын жетекчисиси депутат Исхак Масалиев бул милдеттен өз ыктыяры менен баш тартты. Коомчулукта Кумтөрдө алтын казуу, аны сатууга байланыштуу суроолор маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.