Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 11:23

Сүрөт жибериңиз

"Азаттык" радиосу Экинчи Дүйнөлүк согуш ардагерлерин, майданга барбаса да, ал алаамат жылдарды баштан кечирген мекендештерди маектешүүгө чакырат. Сиз, же сиздин тууганыңыз, таанышыңыздын биздин угармандар менен ал кандуу жылдарды эскерип, бөлүшө турган кызыктуу аңгемеси болсо, бизге телефон чалып, же кат жазып байланышыңыз.

Ошондой эле кан майданга барып келген же ошол алаамат жылдарды баштан кечирген, оорукта иштеген мекендештер тууралуу сүрөт галерея да ачабыз. Ага 1940-50-жылдары тартылган ак-кара түстөгү эски сүрөттөр кабыл алынат.

"Биздин тарых" аттуу сүрөт баяныбызга жеке архивиңиздеги, үй бүлөлүк эски альбомдордогу сүрөттөрдөн алып келип, андагы адамдар, же көрүнүш тууралуу эки-үч сүйлөм маалымат бериңиз. "Биздин тарыхты" 70 жыл мурунку сүрөттөр аркылуу тирилтүүгө ар бириңизди чакырабыз.

Сүрөттөрү менен бөлүшкөндөрдү "Азаттыктын" чакан белектери күтөт.

Сиз сүрөттөрдү бизге колмо-кол берсеңиз дагы, почта аркылуу жиберсеңиз дагы, алар кайра өзүңүзгө сөзсүз кайтарылат. Эки-үч сүйлөм маалымат кошконду, өзүңүздүн ысымыңызды, жашаган жериңизди жазып койгонду унутпаңыз.

Бишкектеги телефон номурлар: +996 312 31 60 82; +996 312 31 61 55; +996 312 31 61 63

Интернетте кат аркылуу azattyk@rferl.org дарегине жазсаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG