УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Оштогу Манастын эстелиги боюнча кылмыш ишин козгоду. Күч органдары ал курулган кезде 10 млн. сомдон ашык акча желгенин негиз кармоодо.
Эсеп палатасы “Жал Артис” кичи районунан социалдык маанидеги батирлер мыйзамсыз берилген фактылар бар экендигин айтып чыкты.
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиев 50 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алган деп айыпталууда.
Тажик бийлиги түрк лицейлери менен келишимди узартпай турганын билдирип, “Шолала” мекемеси акысыз билим берүүгө өтсүн деген шарт койду.
Өткөн апталарда Тажикстанда өлкөдөгү түрк лицейлери менен келишимди узартпай турганын билдиришти. Тажик бийликтери “Шолала” мекемесине акысыз билим берүүгө өтсүн деген шарт койду. Андан мурун бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин жолдоочулары түзгөн мектептер Азербайжанда басымга кабылып, мамлекетке караштуу ишканага берилген эле. Мындан улам мындай серепчилер Түркиядагы Гүлендин Хизмет кыймылы менен президент Эрдогандын тирешинин эпкини катары баалашууда. Бул тирештин таасири Кыргызстандагы түрк билим берүү жайларына тийиши мүмкүнбү?
Зурдинов: министр Садыковдун буйругун аткаргам
Медицина академиясынын ректору Аширалы Зурдинов баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда гранттык комиссиянын чечимине негизделген билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйругун аткарганын айтты.
Жергиликтүү мергенчилер Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик кайберендерди атууга уруксат берүүнү бизнеске айлантканын айтып чыгышты. Бирок аталган агенттиктин өкүлдөрү мындай айыптоолорго макул эмес.
Кыргызстандык аялдардын жерге, мүлккө болгон укугу кандай корголгон?
Билим берүү министрлигиндеги гранттык комиссия аркылуу баллы жетпеген абитуриенттерди Медициналык академияга өткөргөн коррупциялык схемалар боюнча документтер “Азаттыктын” колуна тийди.
Дагы жүктөңүз