Сот президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошотту.
Кыргызстанда коррупция боюнча айыпталгандардын көбү абакка чейин эле жазадан кутулуп кетет.
Ошто Мамдирекция курган үйлөрдү сыртынан соодалагандар боюнча чуулуу иштин бети ачылууда. Июнь окуясынын курмандыктарына курулган үйлөрдү сыртынан сатты деп айыпталып жаткандар да, алардан алдандым деген жабырлануучулар да үй алуу үчүн үлкөн чиновниктерди сыйлаганын айтып чыгышты.
Ошто үй боюнча жаңжалда Мамкаттоонун жетекчиси Тайырбек Сарпашев менен өкмөт башы Сооронбай Жээнбековдун аты аталды.
Базар-Коргондо 62 жаштагы баатыр эне 26 жылдан бери айылдык китепкананы өзү жашаган турак үйдө иштетип келет. Тажрыйбалуу китепканачы мамлекеттен айлык маяна гана алганы болбосо имаратты оңдоп-түзөө жана коммуналдык чыгымдарды өз эсебинен төлөйт. Учурда өз күчү менен китеп фондун алты миңден ашырды.
Ишкер Абдыкаар Сыдыков бажы кызматы менен беш жылдан бери соттошуп келет.
Ала-Бука районунда бюджеттин сарпталышы, тендерлер, чечилбеген маселелер боюнча нааразылык күчөдү.
Кыргызстанда аялдар укугу жаатындагы уюмдардын байкоосуна ылайык, айрым ата-энелер материалдык абалы жакшы күйөө бала табылса кыздарынын жаш курагына карабай турмушка берүүнү каалашат. Адистер ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн улам өлкөдө секелектерди күйөөгө узатуу тыйылбай келет дешет. Бирок ошол эле учурда социалогдор бойго жеткен кыздардын жар тандоодо түшүнүктөрү өзгөргөнүн айтышат. Болочок күйөө тандоодо кыздар жигиттин материалдык абалына көбүрөөк көңүл бурушат деген талаштуу пикир бүгүн деле актуалдуу.
"Ата Мекен" фракциясы Көчмөндөр оюндарына кеткен чыгымды иликтейт.
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаевдин дооматтарына жооп кайтарды.
“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү кадр саясатындагы алешемдиктерди иликтөөгө алды.
Шайлоого жакын жогорку мамлекеттик кызматтагы үй-бүлөлүк, туугандык байланыш тууралуу талкуу жанданды.
Дагы жүктөңүз