Мурат Салихов 1905-жылы Баткендин Кара-Тоо (азыркы Рават) айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жетишпеген турмуштун айынан атасы байларга малай, мандикер болуп, мунай кенинде иштеп, эрте эле каза болгон. Ошондой эле оор турмушту болочок кыргыз мамлекетинин жетекчилеринин бири Мурат Салихов да башынан кечирген. Жетимчиликтин айынан эртелеп кара жумушка кирип, тырышып жүрүп билим алууга жетишкен. Ошонун аркасында кызмат тепкичтерине тез көтөрүлүп, 33 жашында сталиндик кандуу жазалоого туш келген.