Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 00:29

Кырсык

Күтүүсүз кырсык бир үй-бүлөнү күйүткө салды

Маркум Молдакун Абдылдаевдин Бишкектеги үйү.

Кыргыз өкмөтүнүн Чүй облустук өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин үй-бүлөсү менен сууга агып, мерт болушу өлкөдөгү жол коопсуздугу маселесин дагы көтөрдү.

Жумгалдын Арал айылынан Суусамыр өрөөнүнө бараткан жолдогу автокырсык Молдакун Абдылдаевдин жакындарын азапка салды. ​

30-июнда беш кишини салып бараткан автоунаа Суусамырга жакын жолдо Көкөмерен суусуна кулап кеткен.

Эки күндөн кийин 59 жаштагы Молдакун Абдылдаев менен айдоочусунун сөөгү табылды.

Маркум Молдакун Абдылдаев. (Архивден)
Маркум Молдакун Абдылдаев. (Архивден)

Маркумдун келини Батма Касымбекова ошол күнү кайнагасын үй-бүлөсү менен Ат-Башыдан узатканын кабыргасы кайышып эскерип отурду.

“Үч жарымда Ат-Башыдагы биздин үйдөн кетишкен. Суусамырдагы тойго бара турганын айтышкан. Эртең менен Индирага чалып, саат 9-10дордо (ред: Абдылдаевдин кызы) Жумгалдан “баратабыз” деп сүйлөшүптүр. Андан кийин эле байланышка чыкпай калды. Азыр эки кызы, тууган-уругу күтүп жатабыз. Ишемби күнү сөөктү жерге берели дегенбиз. Эркектерибиздин баары суу жээктеп жүрөт. Алгач тирүү чыгат деп үмүт кылдык эле. Айдоочусунун сөөгү табылгандан кийин үмүт өчүп баратат...”.

23 жаштагы айдоочу Бакыт Абдылдаевдин сөөгү 4-июлда Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине коюлду. Мындан тышкары туугандарынын айтымында, кырсыкка учураган «Ниссан Террано» үлгүсүндөгү машиненин ичинде Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканова, 26 жаштагы уулу Илимбек Абдылдаев жана сегиз жаштагы небереси Софья Борукеева болгон.

Софьянын сөөгү 4-июлда табылганы кечке жуук маалым болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматы боюнча азыр аларды Көкөмерен суусунан издөө үчүн жүздөн ашык адам тартылды.

Айрым маалымат агенттиктери күбөлөрдүн сөзүнө таянып, 60 чакырым ылдамдык менен келаткан автоунаа жарды сүзүп алгандан кийин тумшугу менен сууга кулап кеткенин жазышты. Анда күбөлөр алгач агып бараткан машинеден бир киши көрүнүп, бат эле агып кеткенин айтып беришкен.


Суусамыр айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Отунчиев кырсык болгон жер кооптуу тилке экенин айтууда. Жолдун сырын билгендер акырын айдап өтүшөрүн белгиледи. Табигат шартына байланыштуу кууш жолдун жээги тосулган эмес.

“Кууш экен. Бул жолду кайра эле салбаса, оңдоого мүмкүнчүлүк жок. Жайы-кышы шагыл куюлуп турат. Жээгин тосуп салса, таш кулаган учурда машине өтө албай калат”, - деди Отунчиев.

Анын айтымында, бул жол тилкесинде буга чейин да ушул сыяктуу кырсыктар катталган.

Кыргызстан тоолуу болгондуктан көпчүлүк аймактарды бириктирген жолдор ашуу аркылуу өтөт. “Трасса Такси” фирмасы өлкөнүн булуң- бурчуна жүргүнчү ташып иштейт.

Анын негиздөөчүсү Турсунбай Шараповдун пикиринде, Кыргызстандагы көпчүлүк кара жолдор жаңы айдоочулар үчүн ыңгайсыз. Себеби, кооптуу аймак экенин эскерткен белгилер жок.

“Мен азыр Бишкектен Чоң-Алайга келдим. Жолдордогу чукул бурулуштагы белгилердин баары сынып, айрымдарын зым менен байлап коюптур. Кыйшыйып башка жакты көрсөтүп тургандары да бар. Аны жергиликтүү бийлик деле оңдоп койсо болот. Жаңы айдоочуларга ыңгайсыз, бирок тажрыйбалуу болсо деле жаңы жолдо белгилерди карайт. Бизде андай белгилер жок. Анан жол кырсыгы болуп жатат”, - деген Шарапов айдоочуларды тоолуу жолдордо сак жүрүүгө чакырды.

Белги коюлганына карабай кырсык көп болгон жол тилкелери бар экенин кошумчалады.

Азыр кырсыкты жергиликтүү милиция териштирип жатат. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов жолдордогу белгилер инспекторлор аркылуу көзөмөлдөнөрүн айтты.

“Жылына эки жолу кызматкерлер жазгы жана күзгү изилдөө ишин жүргүзүп, кайсы жерге белги коюлуп, жолдун абалы текшерилет. Анан тийиштүү органдарга сунуштама жөнөтүлөт”.

Учурда өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу комитети түзүлдү.

Молдакун Абдылдаев 2014-2018-жылдары президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Аны кесиптештери мамлекетчил инсан катары жылуу эскеришти.

Бул Кыргызстанда жогорку кызмат адамы жол кырсыгынан каза тапкан алгачкы окуя эмес.

2017-жылы 7-октябрда Бишкек-Чалдыбар жолунда "Тойота-Лэнд Крузер" автоунаасы буудай тартып келаткан "КамАЗ" менен кагышып, натыйжада 38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, жардамчысы - 30 жаштагы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу - 33 жаштагы Нурбек Муканов каза тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орусия: кемедеги кырсык, жашыруун маалымат

«Юрий Долгорукий» деп аталган суу алдында жүрүүчү кеме. Североморск. 27-июль, 2014-жыл.

Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. 1-июлда болгон кырсыкта 14 моряк, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер, Орусия Баатырлары да каза табышкан.

Суу алдындагы кемедеги өрттүн тутанышына аккумулятордук батареялардагы мүчүлүштүктөр себеп болушу мүмкүн. Бул тууралуу «Forbes» басылмасы Орусиянын Коргоо министрлигине жакын өз булактарына таянып билдирди. Алар боолгологондой, кырсык Баренцево деңизинин рельефин чалгындап жаткан кезде болгон.

Суу алдындагы аппаратта тутанган өрттө курман болгондордун арасында эки Орусиянын Баатыры, жети биринчи рангдагы капитан да бар. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу орус президенти Владимир Путинге кырсык тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Президент: «Бул жөнөкөй кеме эмес. Бул флот жана жалпы армия үчүн чоң жоготуу» деп, каза тапкандардын жакындарына жардам көрсөтүүнү министрге тапшырды. Коргоо министрлиги билдиргендей, моряктар иске ууланып каза табышкан.

Бийлик кеңири маалымат берген жок

Суу алдындагы аппаратта болгон кырсык тууралуу кеңири расмий маалымат берилген жок. Коргоо министрлиги окуя «Лошарик» деп аталган аппаратта болгон-болбогонун да ырастоодон баш тартты. «Интерфакс» агенттиги жазгандай, Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аппарат тууралуу маалымат «жашыруун» экенин эске салып, Кремль моряктар кандай тапшырма аткарып жатканын ачык айта албай турганын кошумчалады. Бийлик деңиздеги кырсыкта питерлик офицерлер каза тапканын бышыктады.

Бир катар маалымат каражаттары бул жааттагы адистерге таянып, кеп «Лошарик» деген ат менен таанымал АС-31 атомдук суу алдында жүрүүчү кеме тууралуу болуп жатышы мүмкүн экенин кабарлашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Коргоо министри Сергей Шойгу. 2-июль, 2019-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Коргоо министри Сергей Шойгу. 2-июль, 2019-жыл.

Курман болгондордун расмий тизмеси чыккан жок

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 3-июлда кеме экипажынын жарымы тирүү калганын билдирген. Анын айтымында, офицерлер өрт чыккан бөлүктөн жарандык өндүрүш тармагынын өкүлүн коопсуз аймакка чыгарып жиберишип, тилсиз жоо кеменин башка жактарына өтүп кетпеши үчүн аягына чейин күрөшкөн.

Курман болгондордун аты-жөнү расмий жарыяланган жок. Бир катар маалымат каражаттарына, анын ичинде «Телеграм-каналдарга» да көз жумгандардын айрымдарынын ысымдары жарыяланды. Алардын арасында кеменин капитаны, биринчи рангдагы капитан Денис Долонский бар. Ал Арктика менен Антарктиканы иликтегени үчүн Орусиянын Баатыры наамын алган. Ошондой эле дагы бир жогорку даражадагы офицер, 2018-жылы Орусиянын Баатыры наамына ээ болгон Николай Филиндин ысымы аталууда.

Североморск флотунда каза тапкандардын элесине коюлган гүлдөр. Мурманск. 1-июль, 2019-жыл.
Североморск флотунда каза тапкандардын элесине коюлган гүлдөр. Мурманск. 1-июль, 2019-жыл.

Вашингтондогу CAN талдоо борборунун аскердик эксперти Дмитрий Горенбург AC-12 суу алдындагы кемеси тууралуу буларды айтты:

«Бул суу алдындагы кеменин түзүлүшү өзгөчө. Ал эки корпустан турат. Сырты титандан жасалган. Борттогу өзөктүк түзүлүштөн улам аппарат суу алдында узак убакыт бою жүрө алат. Андан дээрлик үн чыкпайт. Айрым маалыматтарга караганда, бул орус арсеналындагы эң тынч кеме. Ал эми анын колдонулушу тууралуу так маалымат жок. Америкалык аскерлердин божомолу боюнча, кеме коммуникация системаларына көз салуу же аларды такыр жок кылуу максатында трансконтиненталдык суу алдындагы чубалгыларга туташууга багытталган. Бул кеме Гренландия менен Британиянын ортосундагы деңизде жайгашкан гидроакустикалык сенсорлорду - SOSUS системасынын ишин буза алат. Орус булактарына ишенсек, бул суу алдындагы кеме Мурманскиден алыс эмес жерде жүргөн жана деңиздин түбүн изилдөө менен алектенип жаткан».

Бул – 2000-жылдан бери орус Аскер-деңиз флотунда болгон ири кырсык. 19 жыл мурун «Курск» деген суу алдындагы өзөктүк кеме чөгүп кеткенде команданын 118 мүчөсү ажал тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Арыстагы жарылуунун зыяны эсептелди

Арыс шаарына жакын аймакты ок-дарыдан тазалоо иштери уланууда.

Казакстандын Арыс шаарында ок-дары сакталган кампанын жарылуусу келтирген зыян эсептелди.

Баштапкы эсеп боюнча, келтирилген зыян 20 миллиард теңгеге же дээрлик 53 миллион долларга бааланды. Кырсык бир жума мурда болгон жана үч адамдын өмүрүн алып кетти. Ал арада айрым жергиликтүү тургундар курмандыктар кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Алар жалган маалыматты жайылткан деп айыпталып, полицияга жеткирилди.

Жергиликтүү алты тургун «билип туруп жалган маалымат тараткан» деп айыпталууда. Мунун алдында айрым жашоочулар бийлик курман болгондордун так санын жашырып жатканын, өлгөндөрдүн саны ондоп саналаарын айтып чыгышкан. Бийлик мындай билдирүүлөрдү чагым катары баалап жатат.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Арыс шаарынан убактылуу эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайткандан кийин алардан райондук ички иштер бөлүмүнө жүзгө чукул арыз түштү. Адамдар полицияга үйү тонолгонун, машинелери жоголгонун айтып арыз жазышкан.

Өзгөчө кырдаал боюнча комитеттин төрагасы Владимир Беккер буларды айтты:

«Ар кандай мүнөздөгү арыздар түшүп жатат. Кээ бирөө келип, шкафында сакталган 1 миллион теңгеси жоголгонун айтууда. Кечээ 85 арыз түшкөн эле, полиция жеринде иш жүргүзүп, кошумча суроолорду бергенден кийин 13 адам арызын кайтарып алды».

Миңден ашык сапёр шаарга жакын аймакты ок-дарыдан тазалоо иштерин улантууда. Бийлик шаар ок-дарыдан толугу менен тазаланганын айтканы менен көпчүлүк тургундар дагы эле коркуп жашап жатышат. Алар шаарда жарылбай калган бомба калышы мүмкүн жана ал күтүлбөгөн учурда жарылышы ыктымал деп кооптонууда.

Өзгөчө кырдаал боюнча комитеттин төрагасы Владимир Беккер коркунуч бар экенин моюнга алды:

«Көрүп калсаңыз, ошол заматта чалышыңыз керек, балдар аны кармап албашы үчүн чара көрүлүүгө тийиш. Албетте, ок-дары кала бериши мүмкүн деген коркунуч бар. Бирок минималдуу гана. Ошентсе да сактыкта кордук жок деп коюшат эмеспи. Ар кандай окуялар болот».

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Жарылуудан кийин Арыста 5 тоннага жакын азык-түлүк жок кылынып, ошондой эле өлгөн малдын сөөктөрү көмүлдү. Шаарда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бийликтин айтымында, учурда материалдык зыянды баалоо боюнча жумуштар жасалууда.

Ошентип келтирилген зыян 20 миллиард тенге же дээрлик 53 миллион доллар деп бааланууда. Бул сан дагы өзгөрүшү мүмкүн. Өкмөт кампадагы калган ок-дарыны чыгарып кетээрин кабарлады. Бирок кайда чыгараары жана бул иштер качан жасалаары тактала элек. Ок-дары сакталган кампадагы жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Түркстан облусунун жергиликтүү бийлиги Арыс шаарынын ар бир тургунуна 100 миң тенгеден же 250 доллардан төлөп берүүнү пландоодо. Бул акча казынадан бөлүнөт, ошондой эле кайдыгер эмес адамдар ачкан атайын эсептен алынат. Өкмөт өз резервин дээрлик 200 миллион долларга көбөйтүүгө убада берди. Бул акчанын бир бөлүгү Арыстагы жарылуунун кесепеттерин жоюуга багытталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Иркутскидеги ташкындын азабы

Иркутскидеги Тулун шаары.

Дээрлик бир жумадан бери Сибирде түмөндөгөн адамдар табигый кырсыктан жапа чегип, аны залакасы менен күрөшүп жатышат.

25-июндан бери тынбай куйган нөшөрдөн улам Орусиянын Иркутск облусунда дарыялар нугунан чыгып, калк жашаган 55 конушту суу каптады. Аймакта 32 миңдей адам табигый кырсыкка кабылып, эки жарым миңдейи эвакуацияланды. 600дөй киши медициналык жардам сурап кайрылса, алардын 161и балдар.

Орусиялык маалымат каражаттары расмий булактарга таянып, ташкында жети адам каза болгонун, тогуз кишинин дайыны табылбай жатканын кабарлашты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Осакадагы «Чоң жыйырманын» саммитинен кайтып келатып, 30-июнда аймакка токтоп, тилсиз жоо менен күрөшүүгө орус армиясын да тартууга буйрук берген.

«Биз Сибирдеги абалды жакшы билебиз. Жайы кыска, кышы чукул келет. Ташкын токтогон жок. Биз качан курулушту бүтүрөбүз? Убакыт тар, суук түшкөндө адамдар чатырларда калбашы керек. Бардык жагдайга даяр болушубуз керек», - деди Путин.

Чукул жыйын.
Чукул жыйын.

Облус боюнча 13 көпүрө бузулуп, айыл-кыштактар менен байланыш үзүлгөн, аэропортту, административдик мекемелерди, жети миңдей үй-жайды суу каптап кеткен. Жолдорго жана айыл чарбага келтирилген чыгым азырынча 18 миллион долларга бааланууда.

Ал эми жергиликтүү тургундар суу ташкыны тууралуу алдын-ала кабар берилбегенин, аймакка өзгөчө кырдаал үч күндөн кийин гана киргизилгенин айтып жатышат.

«Жыл сайын суу ташкындап, суу ушул жакка топтолот. Эч кимдин башы ооручу эмес. Азыр кап менен кум төгүп жатышканын көрүп таң калдым. Кол менен ташычубуз. Түнкүсүн эч ким жок болчу», - дейт Иркутскинин жашоочусу.

«Биз мэрге кайрылып, суранганбыз. «Шагыл төгүп бергиле» дегенбиз. «Менде жок, кыла албайм» деген», - дейт дагы бирөө.

Орус өкмөтү Иркутскидеги ташкында ден соолугунан жана үй-жайынан ажырагандарга 662 миллион рубль бөлүнөрүн кабарлады.

Иркутск облусу.
Иркутск облусу.

Табигый кырсыктан жапа чеккен аймактагы куткаруу иштерине миңдей аскер менен 300дөй техника жөнөтүлгөн. Суу каптаган айыл-кыштактардан адамдарды куткаруу иштери уланып жатат.

Чукул кырдаалдар министрлигинин Иркутск облусундагы өкүлү Валентин Нелюбов айрым адамдар үйлөрүн таштоодон баш тартканын билдирген:

«Биз азыр үй жаныбарларын куткарып жатабыз. 12 итти алып чыктык, чатырларда мышык, тоок жана башка жандыктар да бар. Кээ бир адамдар үйлөрүн таштоодон баш тартып, тамдардын чатырларында отурушат. Аларга тамак-аш, суу жеткирип жатабыз».

Иркутск облусунда суу алты райондо ташкындап жатат. Ошондой эле 1-июлда Красноярскидеги Канск шаарында да суу ташкындап чукул кырдаал киргизилди. 117 жер үлүшү суу астында калып, шаардан 58 адам эвакуацияланган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Арыста жабыркагандар жүздөн ашты

Казакстан. Арыстагы жарылуунун түтүнү.

Казакстандын түштүгүндө аскердик кампадагы жарылуудан жарадар болгон сексенден ашуун киши ооруканада, эки адам каза болгону расмий кабарланды.

25-июнда казак бийлиги Арыстагы жарылууда каза болгон экинчи адам тууралуу кабарлады. Расмий билдирүүгө ылайык, алардын бири жөнөкөй тургун, бири аскер кызматкери.

«Эки адамдын өлгөнүн тастыктай алабыз. Бири Арыстын тургуну, анын машинесине снаряд тийип, ал жараатынан каза тапкан. Экинчиси - Коргоо министрлигинде жалданып кызмат өтөгөн аскер. Анын сөөгү аскердик бөлүктөн анча алыс эмес жерден табылды», деген ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин.

Ал эми саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жалпысынан медициналык жардам сурап 165 адам кайрылганын, алардын жарымы ооруканага жаткырылганын маалымдады. Жарылуудан жарадар болгон 15 адам реанимацияда, алардын экөө балдар. Тогуз кишинин абалы оор экени айтылууда.

24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарынын четиндеги аскердик кампадагы жарылуудан кийин жергиликтүү бийлик аймакта чукул кырдаал жарыялап, 43 миң калкы бар шаардын жашоочуларын эвакуациялай баштаган. Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин маалыматына караганда, 39 миңдей адам аймактан өз алдынча чыгып кеткен.

Акимиат ушу тапта Чымкентте 22 эвакуациялык пункт ачылып, аларга 3,5 миңден ашуун адам жайгаштырылганын, адамдарга кийим-кече, тамак-аш таркатылып, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Кырсык болгон жерден качып чыккандардын арасында жакындарын издегендер да бар.

«Бала бакчанын имараты солкулдай баштаганда эле бакчадагы балдарды машинеге салып алып жөнөдүк. Кээ бирлеринин үйүнө барсак, жакындары эбак качып кетишиптир. Анан балдарды алып биз да качып жөнөдүк. Чындыгында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокпуз. Кийин жолдо ата-энеси табылганына балдарын бердик. Аман калганыбызга шүгүр», - дейт Чымкенттеги эвакуациялык пунктта кездешкен аял.

Ал эми кош бойлуу Ляззат Даулетбаева жети баласы менен качкан. Келиндин айтымында, алар жанына документтерин алууга гана жетишкен.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймагында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылы төрт киши мүрт кеткен, 20га чукул адам жарадар болгон. 2015-жылкы жарылууда бир адамдын өмүрү кыйылган.

Арыстагы окуядан кийин коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Адамга коркунуч жараткан курал-жарактарды колдонуу эрежесин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Сенаттын мүчөлөрү тиешелүү министрликтердин жоопкерчилиги толук каралып чыгышы керек деген позицияда турушат.

Казак бийлигинин расмий билдирүүсүнө караганда 24-июнда эртең менен Куралдуу күчтөргө караштуу кампалардын биринде өрт чыгып, анын айынан курал-жабдыктар турган жер жарылып кеткен.

Социалдык тармактарда таркаган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүн, жарылуунун үнү жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдар, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгыны көрүнөт.

Казак бийлиги Арыстагы абал дагы эле кооптуу экенин белгилеп, дагы жарылуу болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каримова миллиондорунан баш тартты

Каримова миллиондорунан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:29 0:00

Казакстан: ок-дары сакталган кампа жарылды

24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт тутанды. Ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.

Жарылуу бир адамдын өмүрүн алды

Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шөкеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.

Коргоо министри Нурлан Ермекбаев маркумдун жакындарына көңүл айтты. Кырсыктан жабыркагандардын саны отуздан ашканы расмий кабарланды.

24-июнда өткөн брифингде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлдөрү тургундарды үйлөрүнө барбай турууга чакырышты.

Чымкенттеги №1 шаардык ооруканасына ондогон адам түшкөнүн, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын башкы дарыгер Абылай Донбай билдирди. Андан тышкары Отырар райондук ооруканасына жарылуудан жабыркаган отуздан ашуун киши кайрылганы маалым болду. Ички иштер министрлиги Арыс шаары менен анын жака белиндеги аймактардан 3500дей адам коопсуз жерге көчүрүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле кырсык боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, президентти вице-премьер-министр Женис Касымбек баштаган өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

"Бомба түшкөндөй, бүтүн терезе калбады"

Социалдык тармактардын колдонуучулары Интернетке жайгаштырган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүндү, жарылуунун үндөрүн жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдарды, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгынын көрүүгө болот.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Ноябрь Кенжегараев деп аталган колдонуучу "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган видеодо үйүнүн терезелери күбүлүп калганын көрсөтүп, “бомба түшкөндөй эле болду, бүтүн терезе калган жок”-деп жазды.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы белгилегендей, Чымкент шаардык №1 ооруканага Арыстан жыйырмадай адам жеткирилген, үч адамдын абалы оор. Ооруканага түшкөндөрдүн төртөө балдар.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Арыс шаарынын акимчилиги тараткан маалыматка ылайык, № 44856 аскер бөлүмүндө жарылуу болуп, өрт тутанганы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча 09:20да түшкөн.

24-июнга түшкө жуук Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө “24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс аймагына жакын жердеги Коргоо күчтөрүнө караштуу арсеналдардын биринде курал-жабдыктардын жарылуусуна алып келген өрт тутанган. Азырынча жабыркагандар жана курман болгондор жок. Окуянын себептери такталууда. Атайын комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге жөнөтүлдү”,-деп жазылат.

40 миңдей адам жашаган Арыс шаарынын жанында Коргоо министрлигинин аскердик бөлүмү жайгашкан. Маалымат агенттиктери кырсык болгон жерге коргоо министри Нурлан Ермекбаев учуп кеткенин кабарлашты. Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар комитети жарылуу болгон аймакта ондогон куткаруучулар иштеп жатканын билдирген.

Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шөкеев аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди:

-Шаардын калкын коопсуз аймактарга көчүрүш керек. Ошол себептен машинелер адамдарды алып кетип, атайын уюштурулган лагерлерге жеткирилет. Бардык райондордун акимдери лагерлерди уюштуруп, келгендердин тизмесин түзүп, аларды бөлүштүрүшү керек. Ар бир лагерди аким району өз көзөмөлүнө алат. Учурда биз эвакуация маселеси менен алекпиз.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20га чукул адам жаракат алган. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Баланын өлтүрүлүшү Украинаны козгоду

4-июнда Киев соту беш жаштагы баланы өлтүрүүгө шектелген эки полициячыны 60 күнгө камакка алууну чечти. Переяслав-Хмельницкий шаарында болгон окуядан кийин Киев облусунун полиция башчысы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, аны жаңжал жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү суранды.

31-майда ок тийген Кирилл 3-июнда ооруканада көз жумду. Башынан оор жаракат алган наристе адегенде жергиликтүү ооруканага жеткирилип, кийин Киевдеги балдар нейрохирургиясынын борборуна, реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

Чоң энеси ок мээсине тыгылып калганын, баш сөөгү жанчылганын айтып берди.

Наристенин капилет өлүмү Украинада чоң талкууга жем таштап, президент Володимир Зеленский: «Ишти жаап салуу аракети өтпөйт. Бул трагедия сабак болуп калышы керек», - деп "Фейсбукка" жазды.

Кирилл
Кирилл

Мамлекеттик тергөө бюросунун версиясына ылайык, полициянын эки кызматкери 31-майда Переяслав-Хмельницкий шаарындагы жер тамдар жайгашкан райондо бир нече адам менен арак ичип отурушкан. Бош банкаларды аткылап жатканда бир ок баланын башына тийген. Бирок жерине барган полициячылар "бала ойноп жүрүп жыгылып кеткен, башы менен асфальтка, ташка тийген" деген аныктама чыгарышкан. Кийин дарыгерлер мээсинде ок табышканда окуя болгон жерди кайрадан карап чыгып, гильза менен окторду табышкан.

Көп өтпөй шектүү катары полициянын лейтенанты Иван Приходько жана сержант Владимир Петровец кармалышты.

Догдурлар башынан эле андай жаракаттан Кириллди алып калуу дээрлик мүмкүн эмес экенин айтып келишти. Дем алуу аппаратына туташтырылган бала эс учуна келбеген бойдон 3-июнда кечинде көз жумду.

Владимир Петровец
Владимир Петровец

Ата-энеси полициядан моралдык жана материалдык чыгымды толтурууну талап кылып сотко арыз берерин билдиришти. Алардын адвокаты Александр Щербинанын айтымында, окуядан кийин шектүү полиция кызматкерлеринин мас болуп-болбогону текшерилген эмес. Эми муну аныктоо мүмкүн болбой калды.

Тергөөчүлөр азырынча бала өлтүрүлгөн куралды табыша элек. Адвокат тинтүү учурунда октор менен гильзалар эле алынганын, бирок курал жок болуп чыкканын бышыктады.

Приходьконун адвокаты айыптоочу тарап ишти "атайлап адам өлтүрүү" деп туура эмес квалификациялаган деп эсептейт. Адвокат "полициячынын баланы өлтүрүү ниети жок болчу, Кириллдин башына тийген окту Приходьконун атканы далилдениши керек" деди.

Шектелип жаткан экинчи полициячынын жактоочусу да "окту Петровец чыгарганын эч нерсе далилдебейт" деп эсептейт.

Иван Приходько
Иван Приходько

Кирилл көз жумганы белгилүү болору менен 3-июнда Киев облусунун полиция башчысы Дмитрий Ценов кызматынан кетүү тууралуу арызын тапшырып, жетекчиликти аны куралдуу операция жүрүп жаткан Донбасска жөнөтүүнү өтүндү.

"Облустун полиция жетекчиси катары кол астымда иштегендердин аракеттери үчүн жооп берем", - деп түшүндүрдү Ценов.

Ошол эле күнү Киевде Ички иштер министрлиги жайгашкан имараттын алдына чогулгандар шам жагым, оюнчуктарды алып келип жатышты. Алар министр Арсен Аваковдун отставкасын талап кылып митинг өткөрүштү. Анын кызматтан кетишин талап кылган петиция президенттин сайтында да пайда болду. Кайрылууга үч айдын ичинде 25 миң киши кол койсо, мамлекет башчы аны кароого тийиш.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дунайдагы кырсык: 21 адам дайынсыз

Дунай дарыясында издеп-куткаруу иштери уланып жатат. 30-май, 2019-жыл.

Венгрия полициясы Дунайда чакан кайык менен кагышкан туристтик кеменин капитанын камакка алды. 30-майдын кечинде болгон кырсыкта кеминде жети киши каза болуп, 21 адам дайынсыз. Алардын бардыгы Түштүк Кореянын жарандары.

30-майда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Кан Гөн Хва баш болгон делегация Венгриянын баш калаасы Будапештке келип, кырсык болгон жерге барышты. Министр менен кошо кырсыкта курман болгон жана жабыркаган түштүк кореялыктардын туугандары да келишти. Издеп-куткаруу иштерине көмөк көрсөтүү үчүн Сеулдан дайверлердин командасы да жиберилди.

Полициянын басма сөз катчысы Адриан Пал Будапештте журналисттерге билдиргендей, кырсык Дунай дарыясындагы көпүрөлөрдүн биринин алдында болгон.

«Эки кеме кечки саат тогузда Маргит көпүрөсүнүн алдында кагылыша кетишкен. “Хаблеана” деп аталган чакан кемедегилердин көбү сууга чөгүп кеткен»,-деди Адриан Пал.

Будапешт полициясынын өкүлдөрү Адриан Пал жана Зцолт Габор. 30-май, 2019-жыл.
Будапешт полициясынын өкүлдөрү Адриан Пал жана Зцолт Габор. 30-май, 2019-жыл.

Туристтик кеме менен кагылышкандан кийин жети секундада чөгүп кеткен кайыкта 35 адам, анан ичинде эки экипаж мүчөсү да бар эле. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында “Viking Sigyn” деп аталган 135 метрлик кеменин капитаны, Украинанын 64 жаштагы жараны камалганын полиция билдирди. Одессалык Юрий С. аттуу адам “шалаакылык” беренеси боюнча айыпталууда.

Адриан Пал чөгүп кеткен кайыктын калдыктарын суу түбүнөн алып чыгуу үчүн бир нече күн талап кылынарын кошумчалады. Куткарылган жети адам ооруканага жеткирилди. Полиция өкүлдөрү дайынсыз жоголгондорду тирүү табуу мүмкүнчүлүгү аз экенин айтышты.

Кырсык бир нече күндөн бери токтобой жааган жамгырдан улам Дунай дарыясы кирип турган маалда болду. "Viking Sigyn" деп аталган туристтик кемедегилер окуя көз ачып жумгуча болгондуктан, эмне болуп кеткенин түшүнбөй да калышкан.

«Кайык жөн гана оодарылып кетти. Бир аздан кийин ал кеменин башка тарабында пайда болуп, толугу менен чөгүп кетти»,-дейт Техастан келген турист Клей Финдли.

Кырсык болгон жер. 30-май, 2019-жыл.
Кырсык болгон жер. 30-май, 2019-жыл.

Маалыматка караганда, "Хаблеани" 1949-жылы курулган чакан кеме. Андагы түштүк кореялык туристтерден көбү 40-50 жашта болчу. Арасында алты жаштагы наристе да бар экени кабарланды.

Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алардын баары куткаруучу күрмө кийишкен эмес. "Viking Sigyn" кемесиндегилердин арасынан жабыркагандар болгон эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кандуу жүктүн иши кайра козголду

Архивдик сүрөт.

Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан жандандырылып, тергеле баштады.

Башкы прокуратуранын чечимине ылайык, тергөө иштерин Ички иштер министрлиги (ИИМ) жүргүзүп жатат. Милиция азырынча кайсы бир шектүү адамдарды суракка чакыра элек. Кырсыкка күбө болгон адамдардан маалыматтарды чогултуу баскычында экени кабарланууда.

ИИМдин акыркы маалыматына караганда үч жыл мурда 39 кишинин өмүрүн жалмаган учак кырсыгы боюнча бардык экспертизалардын жыйынтыктары кайрадан электен өткөрүлүп, башынан изилдене баштады.

Ал эми Башкы прокуратура 2019-жылдын 14-январында Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Жазык-процессуалдык кодексинин 240-беренесинин («Токтотулуп турган сотко чейинки өндүрүштү кайра улантуу») талаптарына ылайык, бул ишти жандандырып, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганы тууралуу маалымат тараткан. Азырынча эки күч органы тең бул иш боюнча жазуу түрүндөгү ушундай кыскача маалыматтар менен гана чектелүүдө.

Апрель айында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жыйынында учактагы жүк кимге таандык болгону тууралуу «тергөөнүн купуялыгы үчүн» деп маалымат берген эмес.

Милиция Дача СУ иши боюнча эч ким суракка чакырыла элек экенин билдирип жатканы менен, айрым журналисттерге, юристтерге кайрылып, чакырып, күбө катары маалыматтарды чогултуп жатканы белгилүү болду. Алардын бири - кырсыктаган учак жүгү боюнча журналисттик иликтөөлөргө катышкан журналист Элнура Алканова. Бирок журналист колуна расмий чакыруу кагазын алганда гана барарын билдирген. Алканова учак кырсыгын териштирүү өтө татаал деп эсептейт жана иликтөө аягына чыгарынан күмөнү бар.

«Бүгүн "Тергөө аягына чыгабы?" деген суроого божомолдоп жооп бере албайбыз, - деди ал. - Алар ишти аягына чыгарууга дарамети жетет деп да айтуу кыйын. Бул белгисиз чоң суроо. Жүк аткезчилик менен ташылып баратканбы, ал жүккө жогорку кызмат адамдарынын байланышы барбы? Муну калыс, саясаты жок иликтешеби деген суроого так жооп берүү кыйын».

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристи Канатбек Азиз милиция бул иш боюнча телефон аркылуу кайрылып маалымат сураганын билдирди. Учак кулаган учурда бийликте турган Алмазбек Атамбаев менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамилеси чыңалып турган учур болчу. Ошол кезде «Ата Мекен» партиясынын юристтери жүктү Атамбаев менен байланыштырып чыгышкан. Бирок Атамбаев муну «курулай доомат» деп, Башкы прокуратуранын арызы менен юристтерди миллиондогон доого жыккан.

Убагында парламентте учак кырсыгы кызуу талкууланып, он депутаттан турган атайын комиссия да түзүлгөн. Бирок комиссиянын чечимин талкуулоо жалпы жыйынга сунушталган эмес. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Бакиров атайын түзүлгөн топтун жыйынтыгы жөнүндө буларды айтып берди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Өкмөттүк комиссия, депутаттык комиссия да иштеген. Ал учурда олуттуу фактылар аныкталган эмес. "Май куюш үчүн конуп, андан ары учуп кетмек" деген гана маалымат болгон. Ушунун тегерегинде гана сөздөр айтылган».

Өкмөттүк комиссия демекчи, азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп турганда Дача СУ аймагындагы кулаган учакка байланыштуу өкмөттүк комиссияны жетектеген. Бир жылдан кийин президенттин өкүлү катары кырсыктын курмандыктарын эскерүүгө катышкан Мухаммедкалый Абылгазиев кандуу окуяга «учкучтар күнөөлүү» деп айткан жана тергөө аягына чыга элек экенин эске салган.

Алмазбек Атамбаевдин саясий каршылаштары жүк аткезчилик менен ташылып келаткан деп эсептешип, анын териштирилбей калышын ошол кездеги бийликтин кызыкчылыгына байлап жүрүшөт.

Саясий талдоочу Айнура Арзыматова мурдагы президент менен азыркы мамлекет башчынын мамилеси курчуп турган учурда учак кырсыгынын иликтөөсүнө кандай болбосун саясий боек сүртүлөт деп эсептейт. Андыктан учурда тергөөнүн бейтараптуулугунан күмөн санагандар көп болот.

Айнура Арзыматова.
Айнура Арзыматова.

«Дача СУ азыр иликтенсе акыйкат болбойт. Болбосо таптакыр эле өз алдынча күчтөр иликтеп бериши керек. Ал эми азыркы Башкы прокуратура менен милициянын иликтөөсү белгилүү эле болуп жатат», - деди ал.

Дача СУдагы учак кырсыгы боюнча маселе парламентте маал-маалы менен көтөрүлүп, эл арасындагы бүдөмүк, каңшаар кептерге чекит коюлушу керек экени айтылып келет.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн.

Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача СУ айылынын 35 тургуну, учактагы төрт учкуч мерт болгон. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, 2017-жылы учак кырсыгынан кийин Транспорт прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү боюнча иш козгоп, кийин ал токтотулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстанга жол кырсыктары жоо болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстанда жыл сайын ар бир жүз миң кишиге жол кырсыгында каза тапкан 19 адам туура келет. Бул - Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Тажикстанда жугуштуу оорудан өлгөндөрдөн жол кырсыгында каза болгондор көптүк кылат. Былтыр жыл ичинде Тажикстанда эки миңдей адам жол кырсыгында көз жумган.

Тартип сакчылары адамдар жолдо жүрүүнүн жөнөкөй эрежелерин сактабагандыктан кырсыкка кабылып жатканын белгилешет. Жөө жүргүнчүлөр жолдун каалаган жеринен өтүшсө, айдоочулар кишилерге жол бербейт, ылдамдык эрежелерин сакташпайт. Мамлекеттик автоинспекциянын кызматкери Низом Салимов буларды айтты:

«Айдоочулар жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен учурлар жол кырсыктарынын 50 пайызын түзөт. Айдоочулар ылдамдыкты туура эмес алмаштырып алып, кырсыкка себеп болгон учурлар 53 пайызды түзөт. Ал эми кыймылга каршы жолго чыгып кеткендер ар бир үчүнчү кырсыкта катталат. Мас абалында жол кырсыгына кабылгандар 0,7 пайызды түзөт».

Тажикстандыктар жол коопсуздугу менен эрежелерин сактабагандык көнүмүш көрүнүшкө айланганын айтышат.

«Жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден да өткөрүшпөйт. Мен ушундайга көп күбө болом», - деп арызданды Дүйшөмбү шаарынын тургуну.

«Мен жөө жүргүнчүлөргө жол бошотууга аракет кылам. Бирок аябай этият болуш керек. Алар жолдун каалаган жеринен чуркап чыга калышат», - дейт айдоочулардын бири.

Тажик парламентинин депутаттары жол кырсыктарын азайтыш үчүн жол эрежелерин бузгандарга салынган айыпты көбөйтүш керек деп эсептешет. Азыр машинеде балдарга ылайыкталган отургуч жок болсо же адамдар коопсуздук курун тагынбаса 1,5 доллардын тегерегинде айып төлөшөт. Ал эми айдоочу ылдамдык эрежесин сактабаса, айып 5 долларды түзөт.

«Бардык зарыл мыйзамдар даяр. Административдик-процессуалдык кодекс талаптарга жооп бербей жатат. Жол коопсуздугун бузгандарга айып аз чегерилет, ошондуктан эч кандай таасирин тийгизбей жатат» дейт депутат Жамшид Муртазозода.

Жарандык коом өкүлдөрү айыптын көлөмүн көбөйтүүдөн тышкары мыйзамдар бардык адамдарга тең иштешин камсыз кылуу зарыл экенин айтып жатышат. Эркин маалымат каражаттарынын улуттук ассоциациясынын башчысы Нуриддин Каршибоев айыптын көлөмү кырдаалды өзгөртпөйт деген пикирде.

«Мындай учурларда айрымдар телефон чалып, коррупциялык ыкмаларды колдонгону жашыруун эмес, - дейт ал. - Бирөөлөр олчойгон айып төлөп, оор жаза тартышат, башкалар болсо билгенин кылса да эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт».

Тажикстандын Ички иштер министрлиги жол коопсуздугун бузгандарга салынчу айыпты көбөйтүүгө аракет жасап жатат. Жаңы чаралар качан күчүнө кирери белгисиз. Бирок жолдогу кырсыктардын санын эске алганда, көбөйтүлгөн айыппулдардын эсебинен мамлекеттик бюджетке да пайда түшөөрү айкын.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жалал-Абаддагы өрттүн кесепети

Өрттөн кийинки көрүнүш.

Жалал-Абаддагы мунай базасында чыккан өрттө эки цистернадагы болжол менен 3 миң куб метр мунай күйүп кеткени айтылууда.

Учурда тийиштүү адистер өрттүн себептерин жана чыгымдарды иликтеп жатышат. Шаар бийлиги болсо нефтебазага жакын, кооптуу аймакта мыйзамсыз жашаган тургундардын маселесин чечүүгө киришти. Мындан ары тийиштүү адистер бардык базалардагы өрт коопсуздугунун эрежелерин толук көзөмөлгө алмай болду.

Калаанын Көк-Арт кичирайонундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада 10-май күнү чыккан өрт дээрлик күнү бою уланып, түнкү саат 00:30дар чамасында гана толук өчүрүлдү. Ош, Жалал-Абад шаарларынан тартылган өрт өчүрүү бөлүмдөрүнүн баары өз жумушуна кайтып, учурда бир бригада кырсык болгон жерде иштеп жатат. ӨКМдин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова өрттүн кесепеттери аныкталып жатканын кабарлады:

«Учурда кырсык болгон жерде биздин адистер анын кесепеттерин аныктоо боюнча иш жүргүзүүдө. Азырынча өрт эмнеден келип чыккан так айтууга болбойт. Ал үчүн лабораториялык экспертиза жүргүзүлөт. Өрт өчүрүүчү бир бригада кырсык болгон жерде өрттөн кийинки кырдаалды жөнгө салуу боюнча нефтебазанын кызматерлери менен кошо иш алып барып жатат».

Өрт чалган мунай базасы саясатчы Камчыбек Ташиевдин туугандарына таандык. Ташиев 10-майдагы өрт өчүрүү иштерине өзү да аралашып, соңунда жалынды басууга тартылган бардык кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Өрт өчүрүүдөгү силердин аракетиңерди көрүп, силер менен бирге ушул жерде аралашып жаттым. Бул үчүн мен силерге жана силердей тайманбас кызматкерлерди тарбиялаган ата-энеңер менен командирлериңерге рахмат айткым келет. Кудай насип экен, силер менен кайра аралашып жатам. Орозо кармап жаткан өрт өчүрүүчүлөр аптаптуу ысыкка карабай, жалынды басууга аракет көрүштү. Буюрса жакынкы күндөрү сиздер менен бирге отуруп ифтарлык кылабыз деген ниеттемин».

Баштапкы маалыматтарга караганда мунай базасында чыккан өрттө эки цистернадагы 3 миң куб метр мунай күйүп кетти. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Майрамбек Адылбеков билдирди. Мэрия ушундан улам жыйын куруп, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан мунай иштетүүчү ишканалардын жана күйүүчү май сатуучу жайлардын коопсуздук чараларын текшериш үчүн тийиштүү комиссия түзүү тууралуу чечим кабыл алды.

«Алдыдагы күндөрү комиссия шаардагы бардык мунай базаларынын жана күйүүчү май саткан бекеттердин техникалык коопсуздук эрежелери текшерилет. 10-май күнү болгон өрт бир топ кемчиликтер бар экенин айгинеледи. Буга чейин күйүүчү май саткан бекеттерди шаар аймагына жана калктуу конуштардын арасына курууга тыюу салуу боюнча иштер жүрүп жаткан. Эми аларды да жандантабыз», - деди вице-мэр.

Жалал-Абаддагы мунай базасы өрттөн кийин.
Жалал-Абаддагы мунай базасы өрттөн кийин.

Мунай базасындагы өрттөн улам жакын жерде жашаган 2 миңдей адам эвакуацияланган. Кечке жуук жергиликтүү тургундар үйлөрүнө кайта баштаган. Тийиштүү адистер учурда 400 үй-бүлө шаардын Көк-Арт кичирайонундагы өнөр жай зонасында мыйзамсыз жашап жатканын билдиришүүдө. Кырсыктан улам базага жакын жайгашкан турак жайлардын коопсуздугун кароо маселеси башкы орунга чыкты. 2015-жылдан бери өнөр жай зонасында асфальт-бетон заводун иштетип келе жаткан ишкер Сайдулла Чимбердиев шаар бийлиги бул маселени чечиши керек деп эсептейт.

«Азыр «ал жакка барсаң атың, бул жакка кетсең өзүң өлөсүң» дегендей кырдаал түзүлүп жатат, - деди ал. - Өнөр жай зонасына азыр да турак жай курулуп жатат. Биз аларды токтотууну жана чара көрүүнү шаар бийлигинен жана Мамэкотехинспекциядан талап кылганбыз. Бирок андан азырынча жыйынтык жок. Жашап жаткандардын баарынын үйлөрү мыйзамсыз курулгандыктан жашоочулар катуу талап кое алышпайт. Тийиштүү тараптар бул маселени чечпесе кечээгидей кырдаалда коопсуздук жагы коркунуч жаратат экен. Калктуу конушту мыйзамдаштырып же өнөр жай тармагын токтотуш керек. Анткен менен мамлекетке миллиондогон кирешени ушул ишканалар берет. Шаардын казынасын негизинен ушул өнөр жай тармагы толтурат. Өнөр жай аймагына жакын жайгашкан, Сузак районуна караштуу жаңы конуштарга эчак эле документтер берилип кетиптир. Шаардын жетекчилиги бул маселеде азыр баш катырып жатат».

Бул айтылгандарга шаардын биринчи вице-мэри Майрамбек Адылбеков жагдайды мындайча түшүндүрдү:

Майрамбек Адылбеков.
Майрамбек Адылбеков.

«Өнөр жай зонасына турак жай салууга таптакыр мүмкүн эмес, - дейт ал. - Ага карабай учурда 30га жакын үй-бүлө жашайт. Мындан сырткары жеке ишкер Бактияр Шерматов 5 гектар жерди да турак жай курууга берген. Кадыржан Батыровдун 9 гектар жерин да 2005-жылы тургундар басып алып, ал жерде да мыйзамсыз курулуштар бар. Жалпысынан ушул жерлерде 400дөн ашык үй-бүлө эч кандай уруксаты жок, мыйзамсыз жашап жатат десек болот. 8-май күнү ушул тургундар менен тийиштүү адистердин катышуусунда жолугушуу өткөрүп, аларга түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Өрттөн кийин алар да өз өмүрү жана коопсуздугу тууралуу ойлонушу керек».

Талап боюнча күйүүчү май сатуучу бекеттерде 200 литр, ал эми мунай базаларында 5 тонна өрт өчүрүүчү көбүк болууга тийиш. Бирөк ӨКМдин облустук башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закировдун пикиринде, айттырбай келген кырсык айрым ишканаларда өрт коопсуздугунун эрежелери толук сакталбаганын көрсөттү.

«Мунай базасынан талап боюнча турак жайлар 500 метр аралыкта жайгашуусу зарыл, - деди мекеме өкүлү. - Азыр болсо 40 метрден кийин эле жашоочулардын үйлөрү бар. Бул коркунуч жарата турган жайгдай. 10-майдагы өрт учурунда мунай базасында тийиштүү деңгээлде көбүктүн жетишсиздиги байкалды. Биз өрт өчүрүүгө кошуна мунай базаларынын жана «Кыргызмунайгаз» ишканасынын өрт шаймандарын колдонууга мажбур болдук. Мунун баары өрттүн кесепеттерин аныктоо иштеринде каралат».

Жалал-Абад шаарында мунай базасында болгон кырсык өрт өчүрүүчүлөрдүн да дараметин сынагандай болду. Учурда социалдык тармактарда өрт өчүрүүчүлөрдүн аракеттерине жакшы сөздөр айтылганы менен техниканын абалы сынга кабылды. Жалынды өчүрүү учурунда Сузактан суу ташып келе жаткан бир машине бузулуп калган. Мындан сырткары шаарда көбүк тартыш экени, автошатынын жоктугу билинди. Ушундан улам Ош шаарынан кошумча күч тартууга жана көбүк алдырууга туура келди.

Учурда өрттүн себеби расмий айтыла элек. Баштапкы болжолдуу маалыматтарга караганда май куюучу автоунаадан жалын тутанган. Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагына таандык, анда төрт мунай базасы жана бир топ заводдор жайгашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жалал-Абад: мунай базаны өрт чалды

Жалал-Абад шаарынын Көк-Арт кичи районундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада чыккан өрт өчүрүлдү. Коопсуз жакка көчүрүлгөн тургундар үйлөрүнө кайта баштады.

Ишканадагы өрттү өчүрүүгө жалпы он бөлүм, эки автошаты тартылган.

Мындан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан үч суу ташуучу автоунаа, Жалал-Абад шаарындагы аэропорттон эки өрт өчүрүүчү автоунаа, Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтегаз” ишканасынан өрт өчүрүүчү автоунаа “тилсиз жоо” менен күрөшкө жардам көрсөтүшкөн.

Министрликтин басма сөз кызматкери Элмира Шерипова эмне үчүн тик учак колдонулбаганын мындайча түшүндүрдү.

«​Жалындаган өрттү көбүк менен гана өчүрүүгө болот. Ал эми суу ташыган машинелер менен жанындагы мунай сакталган бункерлерди ысык жалындан муздатып жатабыз. Оштон да кошумча күч тартылды. Жергиликтүү тургундар “тик учак колдонгула” деп жатышат. Бирок күйүүчү май же мунайдан чыккан өрттү көбүк менен гана өчүрүүгө болот. Ал эми тик учактар суу ташууга гана ылайыкталган. Министр Нурболот Мирзахмедов биздин кризистик борбор аркылуу онлайн байланышып, өрттү жеке көзөмөлүнө алды».

10-майда саат 10дор чамасында чыккан өрттүн кесепетинен азыр үч бункердеги 5 миң кубга жакын мазут күйүп жатканы кабарланды.

Живпром жаңы конушунун айыл башчысы Нуржигит Бекмырзаев башка күйүүчү май сактоочу бункерлерде жарылуу коркунучу бар болгондуктан эки миңге чукул тургундар коопсуз жакка чыгарылганын айтты.

«​Бул көчөнүн эки тарабы Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына карайт. Ал эми өрт болуп жаткан ишканага жакын калктуу конуш шаар аймагына карайт. Учурда бардык тургундарды коопсуз жакка чыгардык. Баарына эскертүү берилди».

Чынара Доронованын үйү өрт чыккан аймактан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Жергиликтүү тургундар заводдун ишин токтотуу өтүнүчү менен буга чейин бир нече жолу шаар бийлигине кайрылышкан экен.

«​Эртең менен квартал башчылары “алыс жакка кеткиле” деп айтты. Бирок жолдошум экөөбүз алыстан эле кара түтүндү карап коюп отурабыз. Бул жердин жашоочулары буга чейин бир нече жолу шаар бийлигине мунай иштетүүчү ишканалар боюнча кайрылышкан. Эртең менен газ жыттанып турат. 2010-жылы жер тилке сатып алып, үй салганбыз. Эми өкүнүп жатабыз».

Облустук ооруканадан “Азаттыкка” билдиришкендей, Сузак районунун 24 жаштагы тургуну денесинин 50% күйүп, облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түштү. Анын абалы оор. Экинчи өрт өчүрүүчүнүн бети күйүп ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандардын бири.
Жабыркагандардын бири.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору Нурдин Эрматов ар кандай кырдаалдарга даяр турушканын айтты.

«​Адамдарга ыкчам жардам берүү үчүн Жалал-Абад облустук ооруканада, Сузак райондук аймактык жана Октябрь аймактык ооруканаларында 30 орун даярдалды. Ал эми өрт чыккан жерде эки реанимобиль жана эки “Тез жардам” унаасы, төрт бригада даярдыкта турат. Техникалар да тартылган. Буга чейин эки адам ооруканага жеткирилип, тийиштүү жардам көрсөтүлүүдө. Андан башка жабыркагандар жок».

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык аймак аралык башкармалыгы тараткан маалыматта соңку учурда шаарда аба булганып жатканы айтылган. Ага шаарга кирип жаткан машинелердин көптүгү жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордун иши таасирин тийгизүүдө.

Мындан улам башкармалык тийиштүү кызматтарга шаар аймагында мунай иштетүүчү заводдордун жана күйүүчү май сатуучу бекеттердин курулушуна чектөө киргизүүнү сунуштаган.

Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар так маалымдала элек.

Шаардын бул аймагы өнөр жай тармагы болуп саналат жана беш нефтебаза жайгашкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кара-Суудагы жалгыз ардагер

Кара-Суудагы жалгыз ардагер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:39 0:00

Багы ачылбаган «Superjet 100»

Рахмон орозону жылдырууну сунуш кылды

Рахмон орозону жылдырууну сунуш кылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:20 0:00

Учак кырсыгы: Мурманск аза күтүп жатат

Кырсыкка кабылган учак.

5-майда Москвадан Мурманскиге жөнөгөн кезде кырсыкка кабылган «Sukhoi Superjet» учагынын ичинде жалпысынан 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан.

Орусиянын Тергөө комитети кырсыкта 41 адам, анын ичинде бир экипаж мүчөсү жана эки бала каза тапканын ырастады.

«Аэрофлот» компаниясынын учагы «Шереметьево» аба бекетине чукул конууга аргасыз болуп, жалындап күйүп кеткен.

Орусияда учак кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Орусиянын Мурманск шаарында үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Камсыздандыруучулардын бүткүл орусиялык бирикмесинин башчысы жапа чеккендерге 2 миллион рубль бериле турганын айтты. Ал эми Мурманскинин бийлиги каза тапкандардын жакындарына 1 миллион рубль, жаракат алгандарга 500 миң рубль бөлө турганын билдирди.

5-майда кечки саат алтыда асманга көтөрүлгөн «Аэрофлот» авиакомпаниясынын «Sukhoi Superjet» учагы жарым сааттан кийин авариялык абалдан улам кайра конууга аргасыз болгон. Интернетке тараган видео тасмаларда куйругу жалындап күйүп, коюу кара түтүн чыккан учак аба бекетине токтоп жатканын көрүүгө болот. Жүргүнчүлөр сыртка 55 секунданын ичинде үйлөнгөн трап менен сыйгаланып чыгарылган. Бул өтө тез болгону менен алардын баарын куткарууга мүмкүн болгон эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин өкүлү Елена Марковская кабарлады:

«Учактын ичинде болгон 78 адамдын ичинен 37 адам тирүү калды. Анын 33ү жүргүнчү, төртөө экипаж мүчөсү. Өлгөндөр 41 киши. Борбордук аба бекетине жүргүнчү учагынын авариялык конушу боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатышат. Кылмыш ишин иликтөө уланууда».

Москвадан Мурманскиге жөнөгөн учактын ичинде жалпысынан 78 адам - беш экипаж мүчөсү жана 73 жүргүнчү бараткан. Ал эми жаракат алган алты адамдын үчөөнүн абалы оор экени кабарланууда.

Москвадагы учак кырсыгы 41 адамдын өмүрүн алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Маалымат каражаттары жүргүнчүлөргө таянып, учакка чагылган тийгенин кабарлап жатышат. Пилот Денис Евдокимов да асманда баратканда учакка чагылган тийген деген маалыматты ырастаган. Ошондон кийин учактын айрым шаймандары иштебей, жер менен байланыш үзгүлтүккө учураган. Пилоттор авариялык конуу тууралуу чечим кабыл алышкан. Бирок асманда баратканда өрт болгон эмес.

Учкучтун сөзүнө караганда, учактын конушу бардык эреже жана талаптар боюнча ишке ашкан, ылдамдык да чектен жогору болгон эмес. Бирок конуу учурунда учак жерге үч жолу катуу урунуп, май чачырап, ошол кезде жалын тутанган. Ошентсе да кырсыктын так себеби расмий айтыла элек.

Учактын эки «кара кутусу» алынып, Мамлекет аралык авиациялык комитеттин адистерине берилди. Аны изилдеп чыгуу иши эки жумадан бир айга чейин созулушу мүмкүн. Учактын дагы эки «кара кутусу» табыла элек.

Кырсыктан кийин
Кырсыктан кийин

Окуяга күбө болгон Алена Осокина «Москва 24» агенттигине буларды билдирген:

«Биздин көз алдыбызда учуп-конуу тилкесинде жалындаган учак зуулдап келе жатты жана жалын улам чоңоюп баратты. Абдан коркунучтуу көрүнүш болду. Ал учуп-конуу тилкесинин баш жагына токтоп калды жана коюу түтүн чыгып жатты. Ошол кезде адамдар чыгып жатканын көрдүк. Тез эле өрт өчүрүүчү машинелер келип, ар кайсы жагынан өчүрө башташты».

Өрттү өчүргөндөн кийинки сүрөттөрдө учактын арткы бөлүгү толугу менен күйүп кеткенин көрүүгө болот.

Президент Владимир Путин, ошондой эле чет өлкөлүк лидерлер, анын ичинде Латвиянын, Литванын, Казакстандын, Кыргызстандын, Сербиянын жана башка өлкөлөрдүн мамлекет башчылары каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

«Сухой» компаниясынын маалыматына караганда, аталган учак 2017-жылы чыгарылган жана 2019-жылдын апрелинде техникалык кароодон өткөрүлгөн.

«Sukhoi Superjet» – жакын аралыкка учуучу орусиялык жүргүнчү ташуучу учак. Ал СССР кулагандан кийин Орусиянын өзүндө жасалган биринчи учак жана 2011-жылдан бери бир канча өлкөдө, негизинен Орусияда колдонулат.

5-майдагы кырсык - бул үлгүдөгү учак катышкан жетинчи окуя. 2012-жылы Индонезияда болгон кырсыкта 45 адам көз жумган. Калган окуяларда бактыга жараша эч ким каза болгон эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстанды ташкын каптады

Тажикстанды ташкын каптады
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:55 0:00

Тажикстанда элди ташкын жүдөттү

Рудаки району, 25-апрель, 2019-жыл.

Тажикстанда эки күндөн бери көнөктөп жааган жаандан улам суу ташкыны айрым айылдарга чоң коркунуч жаратууда.

25-апрелде Рудаки районундагы төрт калктуу конуштун жашоочулары суу ташкыны болот деген коркунучтан улам чукул эвакуацияланды. Шафак, Комсомол, Адолат жана Руми деп аталган бул калктуу конуштар Элок дарыясынын боюнда жайгашкан.

Рудаки району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Фазлиддин Назарзода аялдардын жана балдардын бир бөлүгү мектептер менен мечиттерде, калган бөлүгү кошуна айылдарга жайгаштырылганын «Азаттыктын» тажик кызматына билдирди.

«Азыр дарыяларда суунун деңгээли бир аз түштү жана кызматкерлерибиз кырсыктын алдын алууга аракет кылып жатышат», - деди Назарзода.

Төрт конуштун тургундарынын үйлөрүнө кирген суу бир метрге жетип, алар кайда бараарын билбей далбастап калышкан. Айрымдар малын, баалуу буюмдарын башка айылдардагы туугандарына жеткирип беришкен. Көп кишилер бул түндү чатырда өткөрүштү.

«Биз үйлөрдүн чатырында уктадык. Абдан тынчсызданып жатабыз. Короодогу малды туугандарыбызга айдап барып, өзүбүз кайра эле чатырда уктайт окшойбуз», - деп айтты Комсомол айылынын тургуну Кобилжон Сафаров.

Рудакинин көпчүлүк тургундары чукул чара көрө башташты. Жашоочулар короосунун тегерек-четин таш жана кум салынган мүшөктөр менен тосуп жатышат.

Садбарг аттуу тургун селден катуу коркуп жаткандыктан Дүйшөмбү шаарындагы туугандарына көчүп кетүүгө даярданууда.

«Айрым кошуналар алы жеткенче «коргонуп» жатышат, машинелерине таш жүктөп келип, үйүнүн тегерегине коюп чыгышты», - деди Садбарг.

Рудаки районундагы Комсомол айыл башчысы Иброхим Хасанов бул айылда 3 миңге жакын адам жашай турганын билдирди. Хасанов акыркы эки күндөн бери Рудаки районунун жергиликтүү бийлиги төрт айылдын жашоочуларына сел коркунучу тууралуу эскертип жатканын кошумчалады.

24-апрелде Тажикстанда нөшөрлөгөн жаан жаап, суу ташкыны башталган. Элок дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, анын боюндагы айылдар үчүн чоң коркунуч жаралган. Мунун алдында көнөктөп жааган жамгыр Түркмөнстан менен Иранда да сел пайда кылган.

Ал арада Тажикстандын Файзабад районунда 24-апрелде суу ташкынынан эки адамдын өмүрү кыйылды. «Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, маркумдар Сайдони айылынын жашоочулары болчу. Алар нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн учурда жайлоодо мал карап жатышкан.

Рудакинин жашоочулары жыл сайын сел коркунучуна туш болушарын айтып, коопсуз жайдан жер тилкелерин бөлүп берүүнү бийликтен суранып жүрүшөт.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети туруксуз аба ырайы апрелдин аягына чейин созуларын эскертүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нотр-Дам де Пари - күлдөгү жүрөк

Нотр-Дам де Пари чиркөөсүнүн ичи өрттөн кийин. 16-апрель, 2019-жыл.

15-апрелде кечке жуук чыккан өрттөн Франциянын символу эсептелген Нотр-Дам де Пари чиркөөсү олуттуу зыян тартты. Президент Эмануэл Макрон тарыхый чиркөө беш жылда калыбына келтирилерине сөз берди.

Француз жазуучусу Виктор Гюго 1831-жылы чыккан «Париждеги Нотр-Дам чиркөөсү» аттуу романында Нотр-Дам де Пари же Касиеттүү Мария чиркөөсүн мындай деп сыпаттайт: «Бул заңкайган таш симфония сыяктуу, жеке адамдын да, элдин да чыгармасы, ...бир доордун болгон күчтөрү кошулуп жасалган иштин керемет жыйынтыгы;... кыскасы, бул адам колунан жаралган чыгарма Теңир жараткандай зор жана бай, ал Теңирдин чексиз сырлуулугун жана түбөлүктүүлүгүн алгандай. Улуу имарат, көк тиреген тоолор сыяктуу кылымдардын чыгармасы».

Француз романтизминин орошон өкүлдөрүнүн бири Виктор Гюго бул романды адамдардын сүйүүсүн, сулуулугун жана наадандыгын көрсөтүш үчүн гана эмес, «Парижди кооз жана заманбап кылабыз» деген ошо кездеги эргулдардан Нотр-Дамды буздурбай сактап калыш үчүн да жазган.

«Нотр-Дам де Пари, 1900-жыл». Максимельен Люс 1907-жылы тарткан эмгек.
«Нотр-Дам де Пари, 1900-жыл». Максимельен Люс 1907-жылы тарткан эмгек.

1831-жылы роман жарык көргөндөн кийин Нотр-Дам де Паринин даңазасы артып, француз элинин сыймыгына айланат. Алаамат өрттөн кийин дүкөндөрдө Виктор Гюгонун атактуу китебине кызыгуу өскөнү кабарланды.

Нотр-Дам де Пари же Касиеттүү Мария чиркөөсү - жалгыз Париждин символу эмес. Ал француздар үчүн архитектуранын жалпы европалык готика стилинин, маданияттын, өлкө тарыхынын символу. Чиркөө көөнө замандан калган ибадатканын ордунда 1163-жылы тургузула баштап, 1345-жылы бүткөн. Анын бийиктиги 34 метр, узуну 130, туурасы 48, ал эми коңгуроолуу мунарасы 65 метр бийик. Чиркөөнүн XIII кылымда курулган учу кууш мунарасынын көккө умтулган найзасы - Европадагы үлкөн сыйынтканалардын төбөсүнө курулган эң алгачкы шпилдердин бири.

Сегиз кылым карыткан чиркөөнүн биз билген келбетинин жаралышына көптөгөн усталардын колу тийген. Анткен менен Жан де Шел менен Пьер де Монтрей негизги архитекторлор болуп саналат.

Убакыттын тамгасы басылган Нотр-Дам де Пари

Готика архитектурасынын орто кылымдык бул бермети өмүрүндө көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Көрүнүктүү француз тарыхчысы Жак Ле Гофф (1924-2014) жазгандай, «чиркөө түбөлүктүү сыяктанганы менен, тарыхый жолунда эч бир имарат мынчалык көп өзгөрүүнү баштан кечирген жок».

1786-жылы чиркөөнүн эскилиги жеткен шпилин бузуп алышат. Ошон үчүн 1804-жылы Иоганн Гёте кудуретин жарым кудайга теңеген Наполеон Бонапартты императордун тактысына отургузуу салтанаты шпили жок чиркөөдө өткөрүлгөн. Наполеонго чейин да, Наполеондон кийин да Нотр-Дам чиркөөсүндө эчендеген өкүмдарларга таажы кийгизүү салтанаты өткөрүлгөн. Франциянын президенттери жана кээ бир атактуу акын-жазуучулары бул жерден акыркы сапарга узатылган.

Өрттүн кучагындагы Нотр-Дам де Пари. 15-апрель, 2019-жыл.
Өрттүн кучагындагы Нотр-Дам де Пари. 15-апрель, 2019-жыл.

Нотр-Дам чиркөөсүндөгү эң алгачкы орган 1403-жылы орнотулган. Азыркы модификацияланган орган 1868-жылдан бери пайдаланууда болчу. Нотр-Дамдын башкы органчысы Франциядагы органчылар арасында эң абройлуу кызмат деп саналат. Бул жагынан Нотр-Дамдын органчысына Париждин Ыйык Сулпиция чиркөөсүнүн органчысы гана теңеле алат.

Чиркөөнүн 15-апрелдеги өрттө кыйраган 96 метрлик шпили, сырткы бетиндеги жомоктогу жандыктардын кебетелери 1844-жылы башталып, 25 жылга созулган реконструкция маалында жасалган. Шпилди тегерете 12 апостолдун коло скульптурасы жана канаты бар төрт беттүү тетраморфтун фигурасы турчу. Арстан, бука, бүркүт жана киши жүздүү тетраморф рестраврация маалында алып коюлгандыктан, өрттөн жабыркаган жок. Өрт чиркөөнүн эң эски бөлүгү деп эсептелген чыгыш капшыты - апсидада чыккан.

Баса, сегиз жарым кылымдык чиркөөнүн найзасын - шпилин калбына келтирүү үчүн эл аралык сынак жарыяланмакчы.

Иса пайгамбардын таажысы

Архитектуралык өзгөрүүлөргө карабай, Нотр-Дам де Пари француздар үчүн ишенимдин жана улуттук сезимдин толтосу бойдон кала берди. Себеби, сыйынтканада 1239-жылдан тартып тарсалардын эң касиеттүү реликвияларынын бири - Иисус Христостун тикенектүү таажысы сакталчу. Чиркөөнүн роза гүлдүү чоң витраждуу үч терезеси да сегиз жарым кылымдан бери турган. Чиркөөнүн 850-жылдык мааракесин туштап, 2013-жылы эскилеринин ордуна тогуз жаңы коңгуроо орнотулган. Анткени коңгуроолор 1792-жылы Улуу Француз революциясынын убагында алынып, эритилип, андан курал-жарак жасалган. Улуттук жыйын - Конвент даңазалуу чиркөөнү «Акыл эстин храмы» деп жарыялап, француз падышаларынын чиркөөнү кооздогон айкелдеринин таажылары кыя чабылган. Ушул жолой менен большевиктер да бийликке келгенден тартып Орус империясынын аймагындагы көптөгөн чиркөөлөрдү, мечиттерди жана башка эстеликтерди жексен кылышкан.

Иса пайгамбардын тикенектүү таажысы.
Иса пайгамбардын тикенектүү таажысы.

XIX кылымдын ортосунда Нотр-Дам де Париге жаңы коңгуроолор орнотулган. Бирок, тарыхый булактарда айтылганга караганда, коңгуроолорду тажрыйбасыз усталар куйгандыктан сапаты жакшы болбой калган.

19-апрелде айлана-чөйрөнү коргоочу жалпы франциялык «Робин Гуд» коомдук уюмунун билдиргенине караганда, өрт маалында Нотр-Дам де Паринин шпилин жана чатырын рестраврациялоого керектелчү 300 тонна коргошун эрип кеткен.

Нотр- Дам де Пари - күлдөгү жүрөк
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:37 0:00
Түз линк

Өрт маалында Сена дарыясынын жээгине чогулган миңдеген париждиктер жана туристтер жүздөрүн жаш чайып, мемиреп турушту. Кээ бирөөлөр католик ырларын ырдап, «Франциянын эмблемасын сакта» деп, Касиеттүү Марияга жалбарышты.

16-апрелде таңга жуук Париждин Касиеттүү Мария чиркөөсүндөгү өрт толук өчүрүлдү. Анын кесепетинен чиркөөнүн купасы, терезелеринин гүлдүү айнектери, сааты жана эмен шпили кыйрады. Чатырынын теңинен көбү күлгө айланды.

Реконструкцияга байланыштуу ордунан алынган тогуз коңгуроо тең бүтүн, бирок алар качан кайра жаңырары беймаалым. Иса пайгамбардын тикенектүү таажысы да куткарылды. Евангелия китебинде жазылганга караганда, Иса пайгамбарды кермеге асар алдында башына дал ушул таажы кийгизилген экен. Чиркөөнүн төрүндөгү алтарына жана алтардагы кермеге өрт жетпептир.

Күлдөгү жүрөк...

856 жылдык тарыхында эчен согушту баштан кечирип, бирок заңкайган келбетинен жазбай турган Нотр-Дам де Паринин өрттөн жабыркашын массалык маалымат каражаттары жапырт чагылдырды. Француздардын эки кылымдык тарыхы бар «Le Figaro» гезити өрттү апаат деп атаса, католиктердин «La Croix» гезитинин биринчи бети «Күлдөгү жүрөк» деген бажырайган жазуулар менен чыкты. Нью-Йоркто чыкчу эл аралык «Wall Street Journal» гезити готикалык стилдеги эң ажайып чиркөөнүн өрттөн кыйроосу «дүйнөлүк маданият үчүн чыныгы катастрофа болду» дейт. Британдардын «Independent» гезити: «Шпил кулаганда аны менен кошо бүт дүйнө кулагандай көрүндү. Көчөдө париждиктер ыйлап жатты. Бүт дүйнө да ыйлап жатты», - деп жазса, «Guardian» гезити: «Франциянын жүрөгү жана Европанын жаны күтүүсүздөн душмандык менен жулуп алынды», - деп өксөдү. «The Telegraph» «Париждин жүрөгүн жалын жалмап жок кылды» деп жазды.

Нотр-Дам де Пари чиркөөсүнүн чатырындагы апостолдордун айкелдери.
Нотр-Дам де Пари чиркөөсүнүн чатырындагы апостолдордун айкелдери.

Нотр-Дам де Пари беш жылда оңдолот

Маалыматттарга ылайык, Нотр-Дам чиркөөсүндө өрт чыкканы тууралуу алгачкы кабар боюнча өрт өчүрүүчүлөргө Париж убактысы кечки 6:50дө түшкөн. Коопсуздук кызматы 6:20 да сигнализация чырылдаганын угар замат өрт өчүрүүчүлөрдү чакырбастан тилсиз жоону өздөрү жайгармак болот жана туристтерди сыртка чыгара баштайт. Алар өрттүн очогун 23 мүнөт бою табышпайт. Ошондо гана өрт өчүрүүчүлөрдү чакырышат. Өрт кайда чыкканы 7:43тө сигнализация экинчи жолу чыңыргандан кийин гана аныкталат. Ал кезде өрт имараттын үстүңкү бөлүгүнө жайылып кеткен.

Нотр-Дам де Пари чиркөөсүн калыбына келтириш үчүн кайыр-садага чогултуу уланууда. Карт чиркөөнү калыбына келтирүүгө алгачкы күндөрү эле 1 миллиарддай евро топтолду. Анын ичинде Франциянын ишкерлик чөйрөсү 750 миллион евро чегергенин «France 24» телеканалы маалымдады. Эл аралык LVMH компаниясы жана анын ээси Бернар Арнонун үй-бүлөсү 200 млн. евро, парфюмерия жана косметика чыгарчу «L'Oreal» компаниясы жана анын ээси Лилиан Бетенкурдун үй-бүлөсү 200 млн. евро, ишкер Франсуа-Анри Пино 100 миллион евро садага чапты. «Total» газ концерни да 100 млн. евро берди.

Нотр-Дам де Пари чиркөөсүнүн роза гүлдүү витраждары.
Нотр-Дам де Пари чиркөөсүнүн роза гүлдүү витраждары.

Франциянын президенти Эмануэл Макрон 16-апрелдеги кайрылуусунда: «Биз чиркөөнү кайра курабыз. Ал мурдагыдан да кооз болот. Мен бул жумуштар беш жылда бүткөнүн каалайм», - деп сөз берди.

Адистер 8,5 кылымдык тарыхы бар чиркөөнү беш жылда калыбына келтирүү мүмкүн экенин айтышууда. Анын ичинде изилдөө иштерин жүргүзүш үчүн эле кеминде 1, 5 жыл керек, дешет архитекторлор.

Бирок да француз жазуучу Бернар-Анри Леви айткандай, «Нотр-Дам де Пари чындыгында эле француз цивилизациясынын кагып тургөн жүрөктөрүнүн бири. Тарыхтын сегиз же тогуз кылымын кантип калыбына келтирсе болот? Бүтүндөй өлкөнүн көз жашын, шыбырашканын жана эскерүүлөрүн же бүтүндөй цивилизацияны кантип калыбына келтирсе болот?»

Ооба, Нотр-Дам де Пари өлбөдү, бирок чынынын сыныгын канчалык бүтөсөң да, бүтүн чыныдай болбойт эмеспи! Ошон үчүн Нотр-Дам чиркөөсүнүн келбети да кайра калыбына келтирилгенден кийин 2019-жылкы Улуу өрткө чейин жана 2019-жылкы Улуу өрттөн кийин деп сыпатталчу болору талашсыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат

Нотр-Дам чиркөөсү өрттөнүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Кемерово: кырсыктын өчпөгөн тагы

Кемерово. 25-март, 2019-жыл.

Орусиянын бир нече шаарында Кемероводогу “Зимняя вишня” соода борборунда болгон трагедиянын жылдыгын эскеришти.

25-мартта Кемероводогу борбордук чиркөөдө курман болгон 60 кишиге арналган таат окулду.

Шаар тургундары өрттөнүп кеткен соода борбору жайгашкан жердеги мемориалдык ташка гүл, оюнчук алып келип жатышты. Кечинде бир нече кайрымдуулук концерттери уюштурулду.

Эскерүү иш-чарасы Томск жана Биробижан шаарында өттү. Кырсыкта өлгөн балдардын кээ бири ошол жактан келген.

Былтыр 25-мартта «Зимняя вишня» соода борборунда өрт чыккан. Тилсиз жоонун туткунунда калган 60 киши, арасында 37 жашы жете элек бала каза болгон. Алар кинотеатрда бекитилген эшиктен, калгандары өйдөңкү кабаттагы балдар бөлүмүнөн чыга албай калган.

Каза болгондордун, жабыркагандардын жакындары башынан эле куткаруучу кызматтын, өрт өчүрүүчүлөрдүн ишине нааразы болуп келет:

"Бир да өрт өчүрүүчү медиктерге кайрылган жок. Ээ-жаа бербеген өрт чыгып, 60тай киши өлүп жатса ушундай болушу мүмкүнбү? Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин бир да кызматкери жабыркаган жок. Аларды азыр каарман кылып көргөзүшүүдө", - деди кырсыкта эки баласын жоготкон Мария Ковалевская.

Жекшембиде Орусиянын Тергөө комитети Польшада соода борборунун кожоюндарынын бири, кондитердик комбинаттын мурдагы жетекчиси Вячеслав Вишневский кармалганын билдирди.

Ушу тапта орус бийлиги анын экстрадициясын талап кылууда. Бизнесмен 2013-2014-жылдары ортомчу аркылуу Кемерово облусунун курулуш инспекциясынын башчысына 7 миллион рубль (100 миң доллардан ашуун) пара берген деп айыпталууда. Ал жетекчи паранын айынан «Зимняя вишнядагы» өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди бузууга көз жуумп койгон.

Трагедиядан кийин тергөөчүлөр имарат тургузулуп жатканда көптөгөн мыйзамдар сакталбаганын аныкташкан. Мисалы, балдар ойногон жайда тосмолор жок болгондуктан жалын менен түтүн бир заматта жайылып кеткен. Өрт чыкканы жөнүндө белги берген сигнализация иштечү эмес, чукул абалда имараттан чыга турган кошумча эшиктер тосулуп калган, эвакуация тууралуу маалымат жок болуп чыкты.

Кылмыш ишинин алкагында борбордун мурдагы кожоюндары, облустун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана курулуш инспекциясынын өкүлдөрү камалган.

22-мартта облустун губернатору Сергей Цивилев тергөө аяктап калганын, жакын арада материалдар сотко жөнөтүлөрүн билдирди.

Орусиянын Тергөө комитети жүргүзгөн экспертиза өрт чатырдан аккан суу зымга тийгенде чыккан деген бүтүмгө келди.

Кемероводогу каргашадан кийин Орусиянын соода, көңүл ачуучу борборлорунда, эл көп чогулган башка жайларда жапырт текшерүүлөр болгон. Июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги отчетүн тапшырып, 280 жерде өрт коопсуздугу одоно бузулганын аныктаган.

Өрттөн бир жума өткөндөн кийин облус губернатору, аймакты 20 жыл башкарган Аман Түлеев өз каалоосу менен кызматтан кетип, бирок көп узабай облус парламентинин төрагалыгына шайланган. Ал жерде сентябрга чейин иштеп, азыр университеттердин биринде ректорлук милдетти аткарууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Балдары ВИЧ менен ооругандардын талабы

Балдары ВИЧ менен ооругандардын талабы
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Кытайдагы кырсыктан 47 киши мерт болду

Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт. 21-март, 2019-жыл.

21-мартта Кытайдын чыгышындагы химиялык заводдо болгон жарылуудан 47 киши көз жумду. Жарылуудан беш чакырымга чейинки аймактагы имараттардын терезе-эшиктери да күбүлүп түшкөн.

Ишканада жер семирткич чыгарууда колдонулган химиялык заттар сакталгандыктан өрттү өчүрүү дээрлик бир күнгө созулду.

Кытайдын маалымат каражаттары кабарлагандай, 47 кишинин өмүрүн алган жарылуудан дагы 640 адам жарадар болду. Ондогон кишинин абалы оор деп бааланууда. Заводдун жумушчусу Ли Юан Киң окуяны мындайча эстеди:

«Болжолу күндүзгү саат экилерде чогуу иштеген киши мага «тигил жакта өрт чыкты» деп айтты. Мен ал тарапты карагандан кийин эле баары жарылып кетти. Ошол замат качып чыкканга аракет кылдым».

Өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Кытай, 21-март, 2019-жыл.
Өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатат. Кытай, 21-март, 2019-жыл.

Кырсык Яньчэн шаарындагы «Чэньцзяган» өндүрүш паркында жайгашкан пестицид чыгарган заводдо болгон. Ишканада жер семирткич чыгарууда колдонулган, тез күйүп кетүүчү химиялык заттар сакталгандыктан өрттү өчүрүү дээрлик бир күнгө созулду. Аймактан төрт миң киши көчүрүлдү, жергиликтүү мектептер жана бала бакчалар жабылды. Өрт кошуна заводдорго да тарап кеткен. Ошондой эле жарылуудан жакын аймактагы бала бакча да зыян тартканы маалымдалып жатат.

«Күндүз абанын температурасы жогору көтөрүлгөндө зыяндуу заттар жана газ тез тарай баштады. Бул биздин издөө жана куткаруу иштерибизди оорлотту. Ошондуктан өрт өчүрүү командасынын куткаруу иштери, айрыкча тирүү калгандарды табуу иши кыйын болду», - деди Куткаруу жана өрт өчүрүү кызматынын өкүлү Лу Юнь.

Жарылуу абдан катуу болгондуктан күчү 2,2 баллга жеткен жер титирөө сымал силкинүү да байкалган. Андан беш чакырымга чейинки аймактагы айрым имараттардын терезе-эшиктери да күбүлүп түшкөн.

«Бул эшик жабык турган. Жарылуудан эшик жана башка нерселер талкаланып кетти. Мен кара түтүндү көрдүм. Үйүмдүн эшик-терезелери болсо сынып кетти», - деди жергиликтүү тургун.

Жарылуу болгон завод.
Жарылуу болгон завод.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Мамлекеттик телеканалдын маалыматына караганда, Италияда мамлекеттик сапар менен жүргөн Си Цзиньпин кырсыктын себебин тез арада аныктоону жана жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Жарылуу болгон «Tianjiayi» ишканасы 2007-жылы негизделген. Ага бул аралыкта өндүрүш таштандыларын жок кылуу боюнча эрежени бузганы аныкталып, кеминде алты эскертүү келген.

Кытайдын ишканаларында жарылуу же имарат кыйрап калган кырсыктар көп катталат. 2015-жылы августта Тяньцзинь шаарындагы жарылуудан 160 киши өлүп, миңдей адам жаракат алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG