Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатент мекемесинин казынасына автордук чыгармаларды пайдаланган тараптардан сегиз миллиондон ашык каражат түшкөн.
Аткарган ырлары дайыма интернетте топ жарган жаш ырчы Аяна Касымова "Азаттыктын" студиясына келип, маек куруп берди. Аяна Касымова Бишкек шаарындагы №29 гимназиянын 9-классынын окуучусу. Буга чейин бир нече жолу чет жердеги сынактарда байгелүү орундарды багындырып келген.
Улак тартыштын кыргызстандык күйөрманы жана сүрөөнчүсү, ноокаттык ишкер айым Атыргүл Арзылдабекова Жерге-Талда жылкыларын оюнга салды.
Байыркы көчмөндөрдүн улак тартыш оюну Жерге-Талда декабрда башталып, жазында барып жыйынтыкталат. Ушул кезде улак тартыштын кыргызстандык күйөрманы жана сүрөөнчүсү, ишкер айым Атыргүл Арзылдабекова Жерге-Талда жүрөт. Саяпкер айымга Жаңыл Жусупжан телефондон байланышты.
В Бишкеке прошел полуфинал конкурса красоты «Красавица Кыргызстана -2015».
25-февралда Москвада өткөн КВН Жогорку лигасынын 1/8 оюнуна бишкектик «Азия Микс» командасы катышып, 2-орунду ээледи. Бул топ үч жылдан бери орустардын шайырлар жана тапандар таймашына катышып келет.
Нарын шаарында Кутбидин уулу Адилет аттуу студенттин колунан жаралган эмгек көпчүлүктүн назарын бурууда. Ал кулжанын айкелин кадимки муздан тоңдуруп жазап, шаардын борбордук аятчасына орноткон. Жергиликтүү бийлик өнөрпозду колдоп, муздан жасалган айкелдер шаарчасын ачуу демилгесин көтөрдү.
Сүрөтчү, керамист, дизайнер жана график Замир Илипов 1978-жылы Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган. Айылдагы мектепти 8-класска чейин окуп, андан ары Бишкек шаарындагы Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы көркөм-сүрөт мектебинде билимин уланткан. 1996-жылдан баштап Тургунбай Садыков атындагы көркөм -сүрөт академиясынан билим алып, ушул жылы аспирантурасын аяктады.
Мааракеден жаралган аңгемелер
Дагы жүктөңүз