Быйыл чыгаан акын Турар Кожомбердиевдин 75 жылдыгы белгиленет. Ал 30-январда – Турар Кожомбердиевдин дүйнөдөн өткөн күнүнө карата эскерүү иш-чарасы менен башталат. Бул тууралуу акындын небереси, жаш талант 19 жаштагы Мухаммад Кожомбердиев “Азаттыктын” студиясына келип, айтып берди.
Нурсултан Назарбаев: Шұбарат
Ош шаарынын тургуну, алты жаштагы Сюзанна Султанова теңтуштары үчүн үйүндө сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Кичинесинен бери кыл калемди колунан түшүрбөй жүргөн секелекке дем-күч берүү максатында апасы сүрөт салуучу атайын рамкаларды сатып алып, кызынын каалоосун ишке ашырды.
Бишкектеги соода борборлордун биринде жаш сүрөтчүлөрдүн сатык-көргөзмөсү өтүп жатат. Уюштуруучулар бул ыкма менен кыл калем чеберлерине өз эмгектерин сатууга шарт түзүү менен бирге коомчулуктун сүрөт искусствосуна болгон кызыгуусун ойготуу экенин айтышат.
“Азаттыктын” студиясына куудул Жамбыл Камчыев келип, өзүнүн жеке турмушу, чыгармачылыгы, саясатка эмне үчүн аралашып жүргөнү тууралуу маек куруп берди.
“Ак шоола” үлгүлүү балдар хору бүгүн өзүнүн отуз жылдык маарекесин чоң концерт берип белгиледи. Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өткөн бул концертте “Ак шооланын” балдары опера жана эстрада жылдыздары менен чогуу ырдашты.
13-январда Бишкектеги соода борборлорунун биринде Кыргызстандагы атактуу инсандардын бейнелерин чагылдырган сүрөт көргөзмө өттү. Мында жип менен токулган, акварель, карандаш менен тартылган жана торт түрүндө жасалган мамлекет жетекчилеринин, спортчулардын жана шоу-бизнес өкүлдөрүнүн бейнелери коюлду. Иш-чараны "Чебер компани" сунуштады.
“Азаттыктын” студиясында куудул Борончу Кудайбергенов “120 кой”, “ГАИчилер”, “Сатиралык саясий жаңылыктар” монологдорун жана саясатчылардын куудулдарга болгон мамилелери тууралуу айтып берди.
Нарын шаарында Кутбидин уулу Адилет аттуу студенттин колунан жаралган эмгек көпчүлүктүн назарын кайрадан бурду. Ал бул жолу маймылдын айкелин муздан жасап келди. Өткөн жылы ушундай ыкма менен кулжанын айкелин жасап, шаардын борбордук аятчасына орноткон. Жергиликтүү бийлик өнөрпозду колдоп, муздан жа
“Туңгуч” театры койгон “Лотос кыз” спектакль-балетинде эч кандай сөз сүйлөнбөйт. Бардык окуя бий аркылуу баяндалды. Кытай жомокторунун негизинде даярдалган спектакль жаш көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. “Туңгуч” театры мындан ары балдар үчүн дүйнө элдеринин жомокторун сахналаштыруу долбоорун баштаганын билдирди.
Бишкекте Манас күнү белгиленди
ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Кыргыз улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук 1-канал биргеликте ишке ашырып жаткан "Беш акын" теледолбоорунун үчүнчү, төртүнчү айлампаларынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Дагы жүктөңүз