"Азаттык плюстун" командасы бул чыгарылышта Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы айрым кызыктуу учурларды көрсөтүп берет. Океандын ары жагынан келген америкалык көкбөрүчүлөр, Кырчын жайлоосунда уюштурулган этнобазар, ордолор жана ошондой эле уюштуруу ишине салымы чоң ыктыярчылар - мунун баарын ушул чыгарылышта көрө аласыз.
Айрым туристтер уюштуруу иштеринде башаламандык орун алганына таң калганын жашырышкан эмес.
2-сентябрда Ысык-Көлдө III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Быйылкы оюндарга 77 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу келди.
Орус ырчысы, коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Иосиф Кобзон Москвада 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген.
Продюсер жана музыкант Эркин Мээрканов аткаруучу Кайрат Кыргызга ортодогу келишимди аткарбай жатканынан улам өзү жазып берген чыгармаларды аткарууга тыюу салды. Бул чыр-чатак кыргыз шоу-бизнесинде болуп келген продюсер менен ырчылардын ортосундагы мамилелер тууралуу талкууга жем таштады. Мындай иш менен буга чейин жыйырмадай продюсер сотко кайрылып, бирок алардын бири да утушка жеткен эмес.
Таласта төө буурчак жыйноо бир топ машакаттуу иш. Айрыкча күз мезгилинде кол менен жулганга жетишпей, акыга киши жалдагандар көп. Мындай түйшүктү жыл сайын баштан кечирип, тажап бүткөн Кара-Буура районунун 34 жаштагы тургуну жакында эле фасолду өзү жула турган техника жасап, иштете баштады. Шайманды
Нарын шаарындагы 87-кесиптик лицейдин мугалими Казыбек Мамырканов 2016-жылы өткөн Көчмөндөр оюндарында кол өнөрчүлүгү менен баш байгени алган. Быйылкы оюндарга ал кийизди ийри ийне менен тешип жасаган жаңы ыкмадан жаралган кызыктуу композицияларын алып чыгууга камданып жатат.
Кыргызстандын Эл акыны Омор Султанов өлкөдөгү оң жана терс көрүнүштөрдү лирикалык сезимге салып талдап, аны ар бир адамдын жүрөгүнө жеткирүүгө аракет кылган патриот акын.
Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев жакында жарык көргөн “Топон” аттуу китеби, анын башка чыгармаларынан айырмасы жана окшоштугу, келечекте чыга турган эмгектери, жаңы коюла турган спектаклдери тууралуу “Азаттыкка” маек курду.
Белгилүү алып баруучу, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Салтанат Саматова узакка созулган оорудан улам каза болду.
2-сентябрда баштала турган Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык кызуу жүрүп жатат. Анын ачылыш аземинде ат үстүндөгү каскадерлор улуттук оюндарды көрсөтөт. Арасында эр сайышка чыккан жалгыз каскадер кыз Диана Ашырбаева да бар. Ал каскадерлукка келгенге чейин таэквондо менен м
Нарын шаарынан анча алыс эмес Алыш айылынын 40 жаштагы тургуну Аман Исмаил III Көчмөндөр оюндарына бүркүтүн таптап, даярдап жатат. Тогуз жаштагы уулу Исламды мүнүшкөрдүн түйшүгү менен тааныштырып, үйрөтүү үчүн ээрчитип алат. Ал бул ирет алгыр куштардын адамга жөн жерден катылбасын, мүнүшкөрлүк атада
Дагы жүктөңүз