Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жантумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жандүйнөсүн ачып көрсөткөн сюреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.
Москвада мигранттардын "Аян" деп аталган кыргыз театры түптөлдү. 18-июнда чакан чыгармачыл топ көрүүчүлөргө «Падыша оюну» пьесасын тартуулады. Театр уюштуруу демилгесин Орусияда 17 жылдан бери иштеп жүргөн Айнаш Козубаева көтөрүп чыккан.
Нарында жайлоо лагери ачылды. Анда он жашка толо элек окуучулар улуттук каада-салттан баштап, кол өнөрчүлүккө чейин үйрөнүшөт. Ага Эки-Нарын, Таш-Башат жана Кайыңды айылдарынан 60тан ашык окуучу келип жатат.
Мезгилдин эпкини менен кошо кыргыз тили да сомолонуп, бир жумуруга айланууда. Анын натыйжасында, борбордон алыскы аймактарда жашаган элдин тилиндеги жергиликтүү өзгөчөлүк жоголуп баратат.
«Азаттык» менен «Эсимде: өз тарыхын изилдөөгө кызыкчылык» акыл дөбө долбоору Элмира Ногойбаеванын Анна Герман аттуу кичинекей немис кыздын белгилүү поляк жана советтик ырчысына айланышын баяндаган макаласын сунуш кылат.
«KYZart» - кыздардан түзүлгөн алгачкы граффити долбоору. Анын мүчөлөрү Жаркын Жумакадырова жана Сейдана Акунова бул долбоорду негиздеп, ушул тапта Бишкек шаарындагы имараттардын дубалдарына сүрөт тартып жатышат.
Нарында бээ байланып, кымыз кызыган маал башталды. Айрыкча бээнин сүтүн дарылыкка деп, кымыз күчүнө кире электе, тагырагы үркөр чыга электе ичкенге ашыккандар арбын. Ал эми бээ байлагандар шымалана пайда табууга киришти.
Жалал-Абаддын Барпы театрынын чыгармачыл тобу Орусиянын шаарларын кыдырып, эмгек мигранттарына өнөр көрсөткөнү жол тартты. Чет өлкөгө алгачкы жолу чыгып жаткан жалалабаддык өнөрпоздорду кепке тарттык.
Кино режиссер Актан Арым Кубат өзү төрөлгөн Сокулук районундагы Күн-Туу айылында фильм тартуунун машакатын чагылдырган көргөзмө ачты.
Бишкек шаарынын тургуну Мирбек Мамбеталиев элүү жашынан баштап кыл калем кармаган. Өзүнүн айтымында кесибин өзгөртүүгө жан дүйнө талабы себеп болгон.
Кара-Балта шаарында "СССРге кайтуу" аттуу көргөзмө ачылды. Анда сүрөтчү Константин Шкурпеланын 400дөн ашык эмгеги коюлган.
Дагы жүктөңүз