Жаңы жарыялаган документтер TeliaSonera менен Каримованын ортосунда “байланыш болгон окшойт” деген божомолду дагы күчөттү.
Экономикалык эркиндик боюнча кезектеги рейтингде Кыргызстан дээрлик эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирди.
Бишкектеги “Ата-Түрк” сейил багына жанаша курулган элиталык 23 үйдүн электр кубатын мыйзамсыз пайдаланып келатканы айгине болду.
Жогорку Кеңеш “Ата Журт” фракциясынын лидери абактагы Садыр Жапаровду кол тийбестигинен ажыратууга макул болгон жок.
Жаңы жылдан тарта Ош менен Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция жоюлат.
Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Камчы Көлбаевдин Бишкеке учуп келип, колго түшүшү түкшүмөл ойлорду жаратууда.
Баткендеги Төрткүл суу сактагычынан жайкысын Тажикстанга мыйзамсыз суу сатылган деп жергиликтүү адистер арызданышууда.
Кыргызстандагы кен байлыктарын иштетүүгө уруксат берүү тармагындагы ири коррупциялык схемалардын бети ачылууда.
Transparency International уюмунун 2012-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 154-орунда турат. Уюмдун Бишкектеги өкүлү Адылбек Шаршенбаев "Азаттыкка" бул көрсөткүчтүн маанисин түшүндүрүп берди. Кыргызстан дүйнөдөгү коррупция кеңири жайылган өлкөлөрдүн катарында аталып келет.
Transparency International уюмунун быйылкы баалоосунда Кыргызстан 176 өлкөнүн ичинде 154-орунга жайгашкан.
УКМК бүгүн Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы башчысы Учкунбек Ташбаев камалганын жарыялады.
Global Witness "АзияУниверсалБанк" өлкөдөн 1,2 миллиард доллар чыгарып кетүүгө көмөктөшкөн деген маалымат таратты.
Дагы жүктөңүз