2010-жылкы бийлик алмашуудан соң улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу натыйжасыз жана күмөндүү жагдайда жүргүзүлгөн.
Жер талаш: кезек окуу жайларга жеттиби
Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педогогикалык колледжине таандык 1 гектарга жакын спорт аянтчасы ар кандай жолдор менен жеке менчикке өтүп, учурда курулуш иштери мыйзамсыз жүрүүдө.
Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупцияга айыпталгандарды жоопко тартуу мөөнөтүндөгү чектөөнү алып салууга каршы чыгышты.
Социал-демократтар партиясы коррупцияга каршы күрөштү өз катарынан баштоону чечти.
Коргоо кеңешинин алдындагы жумушчу топ Геология агенттигиндеги, Энергетика министрлигиндеги жана Жол кайгуул кызматындагы коррупциялык схемалардын бетин ачты.
Чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт бергендиги үчүн Калкты каттоо департаментинин бир катар кызматкерлерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.
Армениянын акыйкатчысы өлкөнүн сот системасында кеңири жайылган коррупцияны айыптады. Анын иликтөөсүнө караганда, соттордо паракордук өтө күчөп кеткен жана керек болсо, кимге канча акча төлөш керектиги тууралуу бейрасмий баалар тизмеси да бар.
Кен иштетүү тармагында 13 ири коррупциялык схема бар экени Коргоо кеңешинин системалык коррупцияны жоюу боюнча жумушчу тобунун жыйынында айтылды.
Бишкекте план боюнча бала бакча салына турган беш жер тилкеси көп кабаттуу үй курууга мыйзамсыз берилип кеткени белгилүү болду.
Башкы прокуратура буга чейин паспорт даярдап келген “Интел линкс” ишканасына кылмыш ишин козгоду.
Эл аралык Transparency International уюму дүйнөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээледи.
Дагы жүктөңүз