Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.
Бишкектин батыш тарабында жайгашкан Шопоков шаарчасындагы 2003-жылы менчиктештирилип кеткен эки кабаттуу бейтапкана азыр коммерциялык негиздеги балдар бакчасына айланган. Жакында парламентте бул имарат мыйзамсыз менчиктештирилген деген кине айтылды.
Шопоков шаарындагы эки кабаттуу бейтапкана аялдардын кризистик борборуна берилгени менен иштебей турат.
Жол кайгуул кызматкерлери Ошко келген мамлекеттик жетекчилерди тосуп-узатуу үчүн акыркы үлгүдөгү кымбат машинелерди жалдоо, аларга куюлчу күйүүчү май жана тамак-аш чыгымдарын да көтөрүшөрүн айтып чыкты.
УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Оштогу Манастын эстелиги боюнча кылмыш ишин козгоду. Күч органдары ал курулган кезде 10 млн. сомдон ашык акча желгенин негиз кармоодо.
Эсеп палатасы “Жал Артис” кичи районунан социалдык маанидеги батирлер мыйзамсыз берилген фактылар бар экендигин айтып чыкты.
“Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун мурунку жетекчиси Марат Мамбеталиев 50 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алган деп айыпталууда.
Зурдинов: министр Садыковдун буйругун аткаргам
Медицина академиясынын ректору Аширалы Зурдинов баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууда гранттык комиссиянын чечимине негизделген билим берүү министри Канатбек Садыковдун буйругун аткарганын айтты.
Жергиликтүү мергенчилер Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттик кайберендерди атууга уруксат берүүнү бизнеске айлантканын айтып чыгышты. Бирок аталган агенттиктин өкүлдөрү мындай айыптоолорго макул эмес.
Чыңгыз Айтматов атындагы улуттук орус драма театрынын директору Александр Кулинскийге карата Биринчи май райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.
Таласта өлгөн адамдардын атына пенсия чегерген факты боюнча кылмыш иши козголду.
Дагы жүктөңүз