Жасалма паспорт алгандардын бири өлгөн адамдын атындагы документти колдонуп жүргөн.
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна жыл сайын жарым миллиарддай сом түшүп турат. Бирок калкты колдоо жана объекттердин курулушу үчүн бөлүнгөн ал миллиондор кайда кетти? “Азаттыктын” кабарчысы Адилет Бектурсунов мекемедеги жемкорлук жана курулган объекттердин сапаты тууралуу иликтеди.
Сот, көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин маяналары накталай эмес төлөмгө өткөрүлөт.
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады.
Белгисиз себептерден улам токтотулган чуулгандуу кылмыш иштери жанданышы мүмкүн.
Жылуулук электр борборундагы авариянын себептери боюнча жаңы жагдайлардын бети ачыла баштады.
Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек жылуулук борборундагы акыркы кырдаал үчүн өзүн жоопкерчиликтүү деп эсептебейт. Сатыбалдиевдин айтымында, борборду жаңылоо боюнча келишимди даярдоо коррупция болгон эмес.
“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемаларды иликтеди.
Коррупцияга каршы күрөш кызматы бажы жана салык тармагында иштеген жети кишини камакка алды.
Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жаңы жетекчиси болуп Сагынбек Исмаилов дайындалды.
Чаткал районунда кен иштеткен компаниялар курган көпүрөлөр биринин артынан бири бузулуп жатат. Жергиликтүү тургундар сапатсыз курулуштун натыйжасы ушул деп, тиешелүү мекеме жетекчилерине нааразы.
"Электр станцияларынын" жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев эки айга камалды.
Дагы жүктөңүз