Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Казакстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Оппозициячыл маанайдагы саясатчылар сот чечимдерин анализдеп туруу үчүн коомдук кыймыл түзүү демилгесин сунуштады.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Бириккен улуттар уюму кыргыз-өзбек чек арасында өлтүрүлгөн кыргыз жараны боюнча эч кандай реакция жасалбай жатканына нааразылыгын билдирип чыкты. 01.07.2013. (Мирлан Токталиев)
Пара алган деп шектелген судья Гүлайым Эркебаева ага карата кылмыш иши бийликтин тапшырмасы менен козголгонун айтып чыкты.
24-июнда Өзбекстанга барып, Ташкен аба майданында бир күн кармалган соң Кыргызстанга кайтарылган укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Өзбекстанга киргизилбей калышынын себептери, кандай шартта кармалганы тууралуу 26-июнда Бишкектеги маалымат жыйынында айтып берди. (Мирлан Токталиев)
Freedom House Кыргызстанда ала качууга мыйзам катаалдашканына карабай бул көрүнүш күч алганын билдирип чыкты.
АКШда жайгашкан “Фридом хаус” уюму өткөөл доорду башынан кечирип жаткан өлкөлөрдөгү 2013-жылдагы демократиянын абалы тууралуу маалыматын жарыялады. Анда 29 өлкө менен катар Кыргызстандагы абал да талдоого алынган. Кыргызстан анда жарым-жартылай авторитардык өлкө деп бааланган.
Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинин алдына акцияга чыккандар Кадамжайда өзбек чек арачылары атып өлтүргөн кыргыз жараны үчүн Ташкенттен кун төлөп берүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты. 24.06.2013. (Мирлан Токталиев)
“Азаттык” соңку бир жыл ичиндеги дүйнө качкындарынын абалына таасир эткен жагдайларга кызыккан.
Ооганстанда мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, согуштун айынан Мекенин таштоого аргасыз болгон Якуб Муртаза “Азаттыкка” маек курду.
Баткендин Кадамжай районунда Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип келип, бир жаранды атып кетишти. (Жеңиш Айдаров, Мирлан Токталиев)
БУУнун Качкындар агенттиги ааламда үй-жайын таштай качкандардын саны азыр 45 миллиондон ашканын билдирди.
Дагы жүктөңүз