Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Мамытбай Салымбеков 16-январдагы парламент жыйынында оор кылмыш кылгандарга жазанын оор түрүн колдонуу керектигин айтып чыкты.
Коргоо министрлигинин Кант шаарындагы аскер бөлүгүндо 20 жаштагы катардагы жоокер каза тапты. Азырынча ал өзүн-өзү асып, жанын кыйган деп айтылууда.
Ырчы Каныкей "Азатыкка" маегинде кыргызстандык кыздарга билим жетишпейт, андыктан эрте эне болгон секелектердин саны көбөйүп, чет жерде жүргөн жаш кыздар зордук-зомбулукка кабылууда деген оюн айтты.
Кыргызстанда көп аял алууга мыйзам тыюу салганы менен шариятка такап үстү-үстүнө аял алгандар арбып барат.
Чүй облустук сотунда июнь коогасында адам өлтүрүүгө айыпталып жаткандын жактоочусу Динара Медетованы жабырлануучулар экинчи жолу сабап кетишти.
Аблязовдордун улуу кызы Мадина Аблязова кабарчылар менен маегинде француз сотунун чечимин кескин сынга алды.
Францияда сот казакстандык мурдагы банкир, оппозициячыл саясатчы жана президент Назарбаевдин саясий оппоненти Мухтар Аблязовду Орусияга же Украинага экстрадициялоого болот деп чечти.
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы камактагы Абдулла Юсуповго кысым көрсөтүп жатканын айтып чыкты. Ал эми “Ата Мекендин” жетекчиси Өмүрбек Текебаев муну четке кагууда.
Бангладештеги парламенттик шайлоо кан төгүүлөр менен коштолуп, бойкот жарыялаган оппозициянын миңдеген колдоочулары тополоң чыгарышты.
Оштогу аба майданында Орусияга иштегени бараткан эмгек мигранттарынын "кара тизмеге" кирген-кирбегендигин текшерип берүү үчүн акча өндүргөндөр пайда болду.
“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев үй-бүлөсүнө Орусиядан башпаанек алганын, жакындары жакын арада орун которгону жатканын айтты.
Апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча соттолгон Абдулла Юсупов Жаза аткаруу кызматынын мурунку төрагасы Зарылбек Рысалиев менен түз байланышта болгон.
Дагы жүктөңүз