Статистикалык маалыматтарга караганда, айылдык кеңештерде аял депутаттардын саны соңку он жылда дээрлин 10% кыскарган. Кыргыз коомунда эмнеге аялдарга ишеним аз?
Жарандык коом өкүлдөрү ачкачылык жарыялаган саясатчыларга бийлик көңүл бурбай жатканын айтууда.
Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Абдижамил Нурматов мындан алты ай мурун асынып алган.
Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралды. Президент Сооронбай Жээнбеков аларды ишин сынга алды.
Кыргызстандык ата-энелер балдарын ар кандай пайдасыз сайттардан кантип коргошот?
Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков сотторго ишеним аз деп эсептейт.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнө "Кылым шамы" укук коргоо борборунун башчысы Азиза Абдирасулова жана "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов катышты.
Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.
Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата райондук сот чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин басууга барган кыргызстандыктардын арасы суюлуп баратат. Апаатка катышкандар радиациянын залакасынан бүгүнкү күнгө дейре жапа чегүүдө.
Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында эки баласы шал оорусуна чалдыккан үй-бүлө өлбөстүн күнүн көрүп келет. Жубайлардын туруктуу жашай турган жери жок, бирөөнүн батиринде баш калкалап турушат. Алардын майып уулдары эл катары басып, чуркап ойносок деп кыялданат.
Соңку кезде кыргыз коомчулугунда автордук укук маселеси көп айтыла баштады.
Дагы жүктөңүз