Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын казакстандык жаран, активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга кайтарып берүү токтомун күчүндө калтырды.
2018-жылдын төрт айында мигрант энелери Орусияга таштап кеткен алты бала Кыргызстанга алып келинген.
Казакстандын шаарларында полиция акцияга чыккан бир нече адамды кармап кетти.
Казакстандын шаарларында полиция акцияга чыккан бир нече адамды кармап кетти. Буга чейин Казакстанда тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” уюму 23-июнда тарапкерлерин “акысыз билим алуу” деген талап менен митингге чыгууга үндөгөн. Уюмду учурда чет өлкөдө жашырынып жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн.
Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда тартип сакчылары катышкан жаңжалдар боюнча кызматтык териштирүү башталды.
“Азаттык” 20 жашында ала качууга туш болуп, каза тапкан Бурулайдын элесине арналган атайын берүүнү сунуштайт.
2017-жылы дүйнөдө качкындардын саны бир жылда 4,6 пайызга көбөйүп, 68,5 миллионду түздү. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча жаңы баяндамасында айтылат.
Бишкекте дагы бир ала качуу фактысы катталды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жана ала качууга кабылган кыздын жакындары айтып чыкты. Туугандарынын айтымында, зордуктоого кабылган жабырлануучу ушу тапта бейтапканада жатат.
Кыз ала качуунун оор кесепеттери тууралуу канчалык көп айтылганына карабай Кыргызстанда бул көрүнүш тыйыла элек. Камоолор, үй-бүлөнүн кыйрашы, кайра-кайра кыйылган өмүрлөр да жаштарга сабак болбогону өкүндүрөт. Кыз ала качуу көйгөйү Талас облусунда ушул убакта да орчундуу.
Кыз ала качуунун оор кесепеттери тууралуу канчалык көп айтылганына карабай бул көрүнүш тыйылбай келет. Камоолор, үй-бүлө жаңжал, кайра-кайра кыйылган өмүрлөр да сабак болбой жатат. Ушундан улам, жигиттер эмнеге кыздарды ала качышат? Сүйлөшүп үйлөнүүгө аларга эмне тоскоол болот?
"Эже-сиңдилер" берүүсүнүн коноктору уурдалган кыздын милиция бөлүмүндө каза болгон окуясынан улам Кыргызстанда кыздардын өз эрки жана тандоосу менен турмуш курууга бөгөт болгон жагдайларды талдашты.
Быйыл каргашалуу июнь коогасына 8 жыл болот. Укук коргоочулар улут аралык эрегиштердин алдын алуу үчүн мамлекет өткөн тарыхтан сабак алып, ар кандай чатактарга жол бербөө аракеттерин тынбай көрүшү керектигин айтып келишет. Бүгүнкү күндө Ошто маанай кандай, көп улуттуу аймакта ынтымакты чыңдоо жаатын
Дагы жүктөңүз