29-январда коррупциянын деңгээлин иликтеген "Трансперенси Интернешнл" уюмунун 2018-жыл боюнча баяндамасы жарык көрдү. Анда Кыргызстан былтыркыдан төрт тепкичке өйдө жылып 132-орунга көтөрүлгөн, бирок уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли анча өзгөрбөгөнүн айтууда.
Акыркы күндөрү Казакстанда окуучулар аралашкан кылмыштар удаа-удаа катталып, коомчулуктун үрөйүн учурду. Бери дегенде төрт шаарда болгон мушташтын видеосу Интернетке тарады. Тартип сакчылары бул кылмыштарды тыюыш үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуш кылып жатышат.
Дүйшөмбүдө Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн дарыгерлери Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, бөлүмдүн башчысы Салтанат Иманбаеваны кызматтан алууну талап кылышты.
Балыкчыдагы Чыңгыз Айтматов атындагы №5 мектеп майып, бирок окууга уруксат берилген 14 жаштагы өспүрүм кызды окуудан чыгарды.
Коңшу Казакстанда соттук-укуктук реформа 2015-жылы ишке ашкан. Беш кодекс жаңыланып, ишке киргизилген. Алматыдагы “Эл аралык укуктук демилгелер” борборунун жетекчиси Аина Шорманбаеванын "Азаттык" менен болгон маеги.
Жаңы кодекстердин негизинде абактарда жазасын өтөп жаткан 9500дөн ашуун адамдын иши сотто кайра каралат.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-январдагы жыйынында кеңири кеп болду.
Бишкекте митинг учурунда кармалып, жаңы кодекс боюнча айыпка жыгылгандар сотко кайрылышты.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда өткөн митинг учурунда кармалып, 3000 сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирилген 21 жарандын үчөө Биринчи май райондук сотуна арызданды.
Советтик даңазалуу конструктор СП.Королёв да сталиндик запкыны көргөн.
Чүй облусунда өз энеси катуу сабаган бала ооруканага жаткырылды.
Акыркы эки-үч айда эле ата-энеси ажырашып же эмгек миграциясына кетип, жакындарынын колунда калган үч наристе таяк жеп, чарчап калышты. «Шымын булгап койгону үчүн» токмок жеген наристелер, кароосуз калган мигранттардын балдары, ымыркайлардын өлүмүнө ким жооптуу? “Азаттык” бул жолу мигранттардын бал
Дагы жүктөңүз