Ысык-Көлдө жашы жете элек үч бир тууган кыз оор абалда жашап жатышат. Алардын энеси аракка берилип кеткенине карабастан кош бойлуу. Кыздардын бири буга чейин өгөй атасынын зомбулугуна туш болгон. Бул үй-бүлө азыр айылдыктардын кайрымдуулугу менен гана күн кечирип жатышат.
Талибдер барымтага алган америкалык жана австралиялык эки профессор куралдуу кыймылдын камакта отурган жогорку даражалуу үч өкүлүнө 19-ноябрда айырбашталды. Туткундарды алмашуу шейшембиде Ооганстандын Забул провинциясында болду.
Кыргызстандык Талант Онуров Орусияда теракт уюштурган деп шек саналып, азыр камакта отурат.
Кытайдын кысымынан качып, тарыхый мекенине кайткан казактар алты айлап казак жарандыгын ала албай жатат.
Ирандагы нааразылык акцияларында бир милиционер жана бир демонстрант өлгөнү кабарланууда. Ал эми миңдей киши камакка алынды.
Саясатчы, экс-депутат Садыр Жапаров мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады.
Муфтиятка аялдар бөлүмүн ачуунун зарылдыгы жана Жакыңкы Чыгыштагы качкындар лагеринен кыргызстандык аялдарды алып келүүнүн күңгөй-тескейин талдайбыз.
Ош шаардык төрөтканасынын дарыгерине үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча кылмыш иши козголду.
Адилет министрлигинен октябрда кайра каттоодон өткөн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставында аялдар менен иштөө багыты толук камтылбай калды.
Бул жылы фестиваль «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өттү.
Балдарына дарыгерлердин шалаакылыгы менен ВИЧ илдети жуккан балдардын ата-энелери аларга ай сайын төлөнө турган жөлөк пулдун өмүр бою төлөнүшүн талап кылышууда. Мурдараак мындай балдарга бир жолу жүз миң сом төлөп берүү боюнча демилге да көтөрүлүп, бирок өкмөттөн колдоо тапкан эмес.
Гонконгдогу соңку кагылышууларга байланыштуу жогорку окуу жайлар жабылды. 13-ноябрга караган түнү демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуулар университеттик шаарчада уланган.
Дагы жүктөңүз