Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 23-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:02

Кылмыш

Жаңы кодекстер.

Кийинки убакта чуулгандуу кылмыш иштеринде «тергөө менен кызматташуу» деген механизм пайда болуп, бул саясий кызыкчылык үчүн куралга айланганы тууралуу сын пикирлер айтыла баштады.

Дегеле бул кандай берене, кимдерге жана кандай учурда пайдаланылат? Тергөө менен кызматташкан учурда шектүүнүн жазасы жеңилдейби? Бул суроолорго юрист-эксперт Аслан Кулбаев жооп берди.

«Азаттык»: - Азыркы кодекстерге ылайык кылмыш иштерин тергөөдө «тергөө менен кызматташуу» механизми пайда болду. Бул Жазык-процессуалдык кодекстин 492-беренеси («Кызматташтык жөнүндө процессуалдык макулдашуу») эмеспи. Шектүү кайсы учурда жана кандай кылмыштарда бул укугун пайдалана алат?

Кулбаев: - Негизи бул институттун максаты - өтө оор кылмыштардын бетин ачуу, далилдерди топтоо үчүн тергөөгө болгон жардам. Жазык-процессуалдык кодексте жазылган 20га жакын беренеге карата тергөө менен кызматташтык институту колдонулат. Айрыкча уюшкан топ менен жасалган кылмыштардын бетин ачууга багытталган.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташуу кантип ишке ашат? Шектүү сунуш кылабы же тергөө органдарыбы?

Кулбаев: - Эң биринчи шарт - шектүү адам жактоочусу менен кеңешкенден кийин өз ыктыяры менен прокурорго кайрыла алат. Прокурор шектүү менен кызматташууда тергөөнүн көп маселеси чечилет деп эсептесе гана өтүнүч канааттандырылат. Бул боюнча макулдашуу түзүлөт. Ал эми тергөөчү да шектүүнүн өтүнүчүнө пикирин айтууга укугу бар. Бирок баарын прокурор чечет.

«Азаттык»: - Кайсы учурда бул процессуалдык макулдашуу ишке ашпайт?

Кулбаев: - Жашы жетпегендерге жана психикалык жактан ооругандарга бул берене пайдаланылбайт. Ошондой эле жогоруда айтып өткөн 20 беренеден башка беренелерге колдонулбайт. Адам укуктарын сакташ үчүн макулдашуунун кепилдигин тергөө судьясы бекитиши керек.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташкан учурда шектүүгө кандай жеңилдик берилет?

Кулбаев: - Чоң жеңилдик берилет. Маселен, жазасы 15 жылга чейин көрсөтүлгөн болсо, бирок кылмыштын бетин ачууга, далил топтоого жардам берсе айып пул менен чектелиши мүмкүн. Бирок муну сот жана прокурор чечет.

«Азаттык»: - Тергөө менен кызматташуу деген «күнөөм жок» деген кеп эмес да?

Кулбаев: - «Күнөөм бар, кылмыш кылгам, бирок мени менен чогуу жасагандардын бетин ачам» деген кызматташтык түзүлөт. Ал бир эле көрсөтмө же сөз эмес, далилдер менен бекитилиши керек. Буга чейин баңгизат менен кармалган байкуш бир ортомчу соттолуп кетчү. Азыр анын уюштуруучуларын табууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулуп келген.

«Азаттык»: - Шектүү «тергөө менен кызматташам» деп жалган маалымат берген учурда кандай болот?

Кулбаев: - Буга жол бербеш үчүн тергөөчү менен прокурор бар. Алар кылдат текшериши керек. Ал эми жалган маалымат экени аныкталса, иш кайра башынан тергелип чыгат.

«Азаттык»: - Кылмыштин бетин ачуудагы бул механизм эмнеден улам келип чыкты?

Кулбаев: - Бул АКШда, Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылып келген. Мыйзам чегинде жок болсо да бизде тажрыйбада колдонулчу. Укук коргоо органдары шектүүгө «мен сенин жазаңды жеңилдетем» деп алдап кеткен учурлар болгон. Азыр мыйзам менен шектүүнүн, прокурордун укуктары аныкталып берилди. Кепилдиктер бар.

«Азаттык»: - Учурда бул берене саясий кызыкчылыктарга пайдаланылып жаткан жокпу?

Кулбаев: - Жер-жерлерде оор кылмыштарга колдонула баштаптыр. Жакшы көрүнүштөр бар экенин жактоочулар, прокурорлор айтып жатышат. Бирок кызматташуу менен бөгөт чара беренесин аралаштырбаш керек. «Кызматташууга барса бөгөт чарасын өзгөрттү» деген туура эмес. Мындай маалыматтарды угуп жатабыз. Биз эми ал иштин мазмунун билбегенибиз үчүн эч нерсе айта албайбыз. Берене ошондой болуп колдонулуп жатса бул туура эмес экенин айта алам. Азыр тажрыйбада бир аз түшүнбөстүк болуп жатат. Эми бара-бара жолго салынат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Азизбек Ибрагимов жиберген сунуштар:

1. Кыргыз Республикасындагы бардык жарандардын жана юридикалык жактардын мүлкүн декларациядан өткөрүү.

2. Көмүскөдөгү акча каражаттарды декларацияга киргизүүгө, ачыкка чыгарууга уруксат берүү.

3. Жарандык коомго жана ЖМКнын кызматкерлерине тоскоол болуп жаткан декларацияларга коюлган купуялык боюнча чектөөлөрдү толук алып салуу.

4. Өкмөттүн ар бир кабыл алынуучу чечимин алдын-ала ЖМК аркылуу кыргыз жана орус тилдеринде жарандык коомго ачык талкууга коюу.

Көзөмөлдөөчү тараптар: Президент, Коргоо кеңеши, жарандык коом, ЖМК.
Аткаруучу органдар: өкмөт жана ЖӨӨБО.

5. Коррупциялык иштерди иликтеген журналисттер менен жарандык коом өкүлдөрүнүн коопсуздугуна карата мамлекет тарабынан толук кепилдик берүү жана материалдык стимул көрсөтүү.

6. Кабыл алынган өлкөнү өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу максатында ЖМКларды системалуу түрдө коррупцияга каршы үгүт иштерин, тарбиялык мааниге ээ фильмдер көрсөтүүгө милдеттендирүү. Криминал менен байлардын образын кооздоп көрсөткөн фильмдерге тыюу салуу.

7. Мектепке чейин, мектепте, бардык окуу жайларында коррупцияга каршы таалим-тарбия берүү, таза коом түзүүгө салым кошуу.

Көзөмөлдөөчү тараптар: Жогорку Кеңеш, президент, өкмөт, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, бардык ЖМКлар.

8. Ар бир жаңы келген өкмөт өзүнчө программа менен келүүсүн токтотуп, кабыл алынып жаткан мамлекеттик программаларды ишке ашырууга милдеттендирүү.

Азизбек Ибрагимов, КРнын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын юристи

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG