Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 22-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 23:52

Кылмыш

Сот залында. «Террордук уюмга тиешеси бар» деп айыпталгандар ок өтпөй турган айнектин ары жагында. Нур-Султан шаары. 22-октябрь, 2019-жыл.

Нур-Султан шаарында «террордук уюмдун катарында согушкан» деп айыпталган 14 адамдын сот иши башталды. Алар быйыл «Жусан» операциясынын негизинде Сириядан кайтарылган.

Айыпталуучулар сотто күнөөлөрүн мойнуна албай, айрымдары Сирияга туугандарынын таасири менен барышканын айтышса, кээ бирөөлөрү колуна мылтык алып киши өлтүрбөгөнүн билдиришти. Прокуратуранын жүйөсү булардын сөзүнө карама-каршы келет.

«Согушканым чын, үгүттөгөн эмесмин»

Экстремисттик ИМ тобунун катарында согушкан деп айыпталып жаткан 14 кишинин соту шаардагы тергөө абагынын имаратында өтүп жатат. Ишти район аралык атайын сот карап жатат. 22-октябрда өткөн соттук териштирүүгө 13 айыпталуучу жеткирилди, бирөө ден соолугуна байланыштуу санитардык бөлүктөн видео байланыш аркылуу көрсөтмө берди. Анын адвокаты Асен Шамахановдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, ал Сириядан эле оор абалда жеткирилген:

- Абалы оор. Белинен ылдый жагы иштебейт. Согуштан алган осколкалары алигиче денесинде. Адам баласы кандай гана оор кылмыш кылбасын, анын дарыланууга укугу бар. Бирок анын укугу бузулуп жатат.

Соттолуучулардын жашы 25тен 50 жашка чейинкилер, баары эркектер. Териштирүү эртеден кечке чейин созулуп, журналисттер киргизилген жок. Бул коопсуздук максатында болгону айтылды.

Ок өтпөс айнек бөлмөдөгү айыпталуучулар. 22-октябрь, 2019-жыл.
Ок өтпөс айнек бөлмөдөгү айыпталуучулар. 22-октябрь, 2019-жыл.

Прокуратура айыпталуучулардын баары экстремисттик ИМ тобунун катарында согушканын жана ырайымсыз операцияларга катышканын билдирди. Мындан тышкары аларга терроризмге үгүттөгөн деген айып да тагылууда.

Бирок айрым айыпталуучулар өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү жокко чыгарышты:

- Кылмыш ишинде мени видеого тартып, «терроризмди үгүттөгөн жана азгырган» деп жүрөт. Мен андай кылган эмесмин. Согушка катышканым чын.

- Мага атам «барыш керек» деген. Ошол үчүн барганмын.

- Айрым беренелерге макулмун, айрымдарын мойнума албайм. Ал тууралуу анан айтып берем.

«Кесилген баштар менен сүрөткө түшкөн»

Прокурор Мурат Едил коюлган айыптар тууралуу маалымат берип жатып, тергөө айыпталуучулардын ырайымсыз иштерге катышканы да далилденгенин айтты. Анын сөзү боюнча айыпталуучулардын бири Аманжол Жансегиров мууздалган кишилердин баштары менен сүрөткө түшүп, аны Интернетке жайылткан.

- Сириядагы куралдуу кагылыштардын биринде экстремисттик ИМ тобу жеңилип калган, - дейт ал. - Буга ызаланып, алар төрт кишинин башын алып, элдин үшүн алыш үчүн бир нече күн көтөрүп жүрүшкөн. Жансегиров кесилген баштар менен сүрөткө түшкөн. Сүрөттө ал куралчан турат. Бул сүрөт кийин Интернетке тарап кеткен.

Аманжол Жансегиров сотко алып келинди. 22-октябрь, 2019-жыл.
Аманжол Жансегиров сотко алып келинди. 22-октябрь, 2019-жыл.

Аманжол Жансегиров тууралуу «Азаттык» 2013-жылы «Сириядагы 150 казак жихадчылары» деп аталган видео тасма Интернетке тарагандан кийин жазган. Согушка үндөгөн тасмада ал өзүн Абу Хафиз Ал-Казахи деп атаган.

Дагы бир айыпталуучу Абзал Амангелды ата-энеси, бир туугандары менен кошо 2015-жылы Сирияга барган. Бул үй-бүлөдөн эки киши Сирияда өлүп, үчөө Казакстанда «террордук уюмдун катарында согушкан», «терроризмге үндөгөн» деп айыпталууда. 18 жаштагы Диас Амангелды алты жылга соттолгон, 24 жаштагы эжеси Аида Амангелды беш жылга кесилген. Тогуз жана беш жаштагы балдары менен энеси Түркстан шаарында турат. Ага кандайдыр бир айып коюлган эмес.

«Жусан» операциясынын негизинде Сириядан 595 казакстандык кайтарылган. Алардын ичинен 400дөн ашууну балдар. Улуттук коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, экстремисттик ИМ тобуна кошулганы үчүн кайтарылгандардын арасынан 10 киши соттолуп, эркинен ажыратылган.

Жалпысынан Жакынкы Чыгышка кеткен казакстандыктардын саны 800 деп айтылат. Жакынкы Чыгышта калган жарандарын алып келүү операцияларын Тажикстан менен Өзбекстандын бийлиги да жүргүзгөн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Ирактан жаш балдарды кайтарып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
"Дордой" базары.

Бийлик Кыргызстанды ишкерлер үчүн бейишке айлантабыз деп айтып келет. Бирок акыркы мезгилде ишкерлерге кол салып, аларды өлтүрүп кеткен учурлар да катталууда. Ишкерлердин коопсуздугун кепилдеген кандай мыйзамдар бар?

Өкмөт ишкерлик чөйрөгө жагымдуу маанай түзөбүз деген ураандарды эмнеге таянып айтып жатат?

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин мүчөсү Мирлан Жээнчороев, Жаш ишкерлер биримдигинин төрагасы Жоодар Омошев, жеке ишкер, жарандык активист Гүлжигит Исаков катышты.

«Азаттык»: - Ишкер чөйрө «Мадина» кафесинин ээсинин киши колдуу болушун айыптады. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жеке ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө байланыштуу парламентте маселе көтөрүп, бул фактыны өлкөдөгү криминалдын күчөшү катары сыпаттады.

Укук коргоо органдарынан уюшкан кылмыш топторун ооздуктап, бизнестин коопсуздугун камсыздоо маселеси өкмөттүк деңгээлде талап кылынууда. Мирлан мырза, мындай кылмыштар эмне себептен улам болуп жатат? Балким ошол мыйзамдардын өзүндө калпыстык барбы?

Мирлан Жээнчороев: - Бул жерде негизги маселе мыйзамдарда эмес, жасалган кылмыштарды иликтөөдө болуп жатат. Жалпыга маалым болгондой, мындай чуулгандуу кылмыштар коомдо биринчи ирет болуп жаткан жок.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Кол салуу, тоноо фактылары Ички иштер министрлиги маалымдагандай, бир аз убакыт мурда «Дордой» базарындагы Кытай ишкерлерине карата да болуп, катталган эле. Алардын автоунаасынан чоң суммадагы акчалай каражатты уурдап кетишкен.

Бишкектин тегерегинде ишкерлерди ачык эле тоноп кеткен учурлар кездешип жатат. Мунун баары ишкерлерге эле эмес, жалпы эле коомдун коопсуздугуна жасалган чоң коркунуч. Бул багытта Ички иштер министрлиги жана жалпы эле укук коргоо органдары иликтөө маселесине дыкат көңүл бурушу керек. Бизде жеке эле уюшкан кылмыштуу топтор эмес, күч органдарынын кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткени орчундуу маселе болууда.

Бийлик менен диалог

«Азаттык»: - Жоодар мырза, бийлик менен ишкерлер кантип кызматташат? Диалог иш-аракеттер барбы?

Жоодар Омошев: - Негизи эле биз бизнести кантип алып барабыз, мамлекеттик структуралар менен кантип байланышабыз деген иштердин үстүндө министрликтер менен кызматташабыз. Кудайга шүгүр, акыркы үч-төрт жылдан бери бийлик менен диалог жакшы.

Жоодар Омошев.
Жоодар Омошев.

Биз айткан сунуштарды өкмөт ар дайым эске алып, бизнес чөйрөсүнө жаңы, жагымдуу шарттарды түзүп берүүнүн үстүндө иштеп жатат.

Албетте, проблемалардын баарын бир күндө чечип коюш абдан кыйын. Тилекке каршы, 90-жылдардын кесепетин биз азыр деле тартып жатабыз десем жаңылышпайм. Ишкерлерге, дегеле жарандарга кол салуу - бул абдан коркунучтуу кылмыш. Биздин Баш мыйзам жарандарды бардык жагынан коргойт эмеспи. Биздин уюм ушул күнгө чейин ишкерлердин жеке коопсуздугуна байланыштуу маселени көтөрүп көрө элекпиз.

Коопсуздук жалпы проблема болушу керек. Кол салууга жеке эле ишкер эмес, дарыгер же мугалим деле учурашы мүмкүн. Ишкердин жөнөкөй жарандан айырмасы жок. Болгону акчасы көбүрөөк. Ушундан улам коопсуздук чараларын көрүүдө акчаны жанында алып жүрбөй, жалаң банк менен иштөө системасына өтүшсө жакшы болмок деген ойдомун.

Ишкер эмнеден коркот?

«Азаттык»: - Гүлжигит мырза, азыркы ишкер эмнеден коркот жана кайсы тармакка акча салуудан чочулайт?

Гүлжигит Исаков: - Негизи белгилүү бир секторду айтып, ушул багытта гана акча тапса болот деш кыйын. Бизде азыр ири, чакан жана орто бизнес бар эмеспи. Чакан бизнестин өкүлдөрү кайсы тармак болбосун, анча деле коркпойт.

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

Себеби жүгүрткөн каражаты да чамалуу. Бирок, ири жана орто бизнестин өкүлдөрү азыр кооптонушу мүмкүн. Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү да чоң болгон үчүн жанына нак акчаны салып жүрүү ыктымалы да көп. Биздеги коопсуздук эрежелери жогоруда айтылгандай, эң эле жөнөкөй. Жаныңарда нак акча алып жүрбөгүлө дейбиз.

«Мыйзамдар жакшы, бирок иштебейт»

«Азаттык»: - Биз бул талкууга ИИМдин өкүлүн да чакырдык эле, тилекке каршы бул министрлик биздин кайрылуу, өтүнүч катыбызды жоопсуз калтырды. Мирлан мырза, ишкерлердин коопсуздугун толук кандуу камсыз кылууга эмне тоскоол болуп жатат. Бул сыяктуу окуялар улам эле катталып жатпайбы?

Мирлан Жээнчороев: - Биздеги мыйзамдар мындай кылмыш катталганда ыкчам иликтөө жүргүзүүгө толук кандуу мүмкүнчүлүк берет. Уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча да атайын мыйзамдар бар.

Бул жердеги бир эле маселе - тартип. Азыр биз эми абдан көп сын айтсак болот, алар да жүйөлүү. Ишкерлер азыр күч органдарынан да, уюшкан кылмыштуу топтордон да корккондуктан, топтогон каражатын эч жакка ишенип сала албай колунда кучактап жүрөт.

Аларда ишенимди пайда кылуу үчүн мамлекет аларга жетиштүү көңүл бурушу керек. Ишеним качан пайда болот? Ошол эле Ички иштер министрлигинин ичинде уюшкан кылмыштуу топтор менен кызматташкандарды таап чыгып, мындай кылмыш катталганда ыкчам аракетке өтүү менен башталат. Ошондо гана ишкерде ишеним пайда болуп, банк сферасына, ишкер чөйрөгө акчасын которот.

Адам өлтүрүү, карактоо абдан оор кылмыш болгондуктан, мунун кесепети мамлекетке абдан чоң зыян алып келери шексиз. Ишкер чөйрө азыркыдай кырдаал уланса, эч кимге ишене албай Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болот. Экономикага, коопсуздукка анан мамлекеттин аброюна олуттуу шек келтирет. Бул жерде сот системасына ишенбестик, бул багыттагы реформалардын аткарылбай жатканы да чоң фактор.

Акыркы учурларда күбө болуп жатпайбызбы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кыска убакытка эле соттолуп, кайра эркиндикке чыгып жатат. Алардын кылмыш иштерин кыскартуу, жазасын азайтуу деген нерселер болуп жатат. Ушул ишенимди жоготуп жатпайбы. Сот системасы азыр элдин ишениминен толук чыкканы жашыруун эмес. Соттук, укуктук реформага абдан көп көңүл бурулуп, реформалар жасалышы керек болгону менен баары бир ишке ашпай жатат. Маселенин баары саясатташып кетип эле, адилеттүүлүк орнобой калып жатканы чоң көйгөй болууда.

Ишкер сөзсүз бийликке барышы керекпи?

«Азаттык»: - Гүлжигит мырза, Жоодар мырза бизнести коргош үчүн ишкердин бир буту мамлекеттик кызматта турушу керек деген жазылбаган түшүнүк бардай?

Гүлжигит Исаков: - Албетте, ушул түшүнүктүн таасири бар. Бул нерсе жалпы мамлекеттик системанын иштөөсүнө кедергесин тийгизип жатат. Жакында эле Жогорку Кеңеште бир фракциянын жетекчиси айтып калды «Жеке ишкер болуп жүргөндө бизге карата анча-мынча текшерүүлөр азайып, кепилдиктер болорун билсек, парламентке деле келбейт элек. Бизнесибизди коргош үчүн келдик» деп.

Ачык айтканы үчүн рахмат, бирок экинчи жагынан карасаңыз акылга сыйбаган нерсе. Себеби ал жеке чөнтөгү үчүн, азыраак бир каражат үчүн мамлекет менен элдин кызыкчылыгын экинчи планга коюп жатпайбы. Дал ушул акыбалын ал моюнга алып жатпайбы. Абдан кейиштүү көрүнүш. Азыр мыйзамдар жакшы жазылган, реформа жүрүп жатат деп эле айтып жатышат. Иш жүзүндө андай эмес да. Бул жерде бийлик адамдык факторго, кадрдык саясатка туура мамиле кылуу керек деген зарылдык эчак эле жетилген. Бирок, муну бийликте турган жетекчилер такыр эле эске албай жатат. Жалаң эле кошоматчылар, туугандык деген принцип менен татыксыз, кесипкөй эмес кадрларды алып келип эле жакшы жазылган мыйзамдарды иштеткенге мүмкүнчүлүк жок болууда.

Жоодар Омошев: - Негизи эле бир буту бийликте, экинчиси бизнесте болгон көрүнүш биз сыяктуу өнүгүп келе жаткан үчүнчү дүйнө өлкөлөрүнө мүнөздүү көрүнүш. Себеби, бизнес кылган адам сотторго, укук коргоочуларга, мыйзамга ишенбесе, топтогон каражаты менен жүргүзгөн ишин коргоо үчүн мындай жолго барууга аргасыз да. Бул өлкөдөгү соттук, укуктук системанын жеткиликтүү жаңыланбай, сөз түрүндө гана реформа кылып жатабыз дегенинен кабар берет. Биздеги мамлекеттик жана парламенттик институттун толук кандуу жетилбегенинин белгиси десем да болот. Тилекке каршы, биз демократиянын айрым жагдайларында аша чаап, маанилүү факторлорунда артта калып жатабыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG