Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 09:32

Кылмыш

Бийлик аралашкан жер талаш
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:13 0:00
Садыр Жапаровдун тарапкерлери кармаган сүрөт. 23-апрель, 2019-жыл.

Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, аны 10 жылга кести.

Жапаровдун иши сотто жыл башында күчүнө кирген жаңы Жазык кодексине байланыштуу каралды. Саясатчынын жактоочулары соттун чечимине нааразы болуп, "сот анын ишин кайра башынан кароо чечимин кабыл алып же жазасын 7,5 жылга чейин кыскартышы керек болчу" деп жатышат.

Мындай чечимди Шерали Камчыбеков, Болотбек Акматов жана Аскат Сыдыков кирген Жогорку соттун соттук коллегиясы чыгарды. Сотко төрагалык кылуучу Шерали Камчыбеков сот отурумунун катышуучуларын чечим менен тааныштырды.

Садыр Жапаровдун ишин караган соттук коллегия.
Садыр Жапаровдун ишин караган соттук коллегия.

«Жапаров Садыр Нуркожоевичке КРнын Жазык кодексинин 244-беренесинин 1-2-бөлүмдөрү менен 10 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы белгиленсин. Соттук актылардан Кылмыш-жаза кодексинин 16-беренесинин 3-бөлүмү алып салынсын. Соттук актылардын калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калсын. Токтом даттанууга жатпайт».

Жогорку сот Жапаровдун ишин ушул жылдын 1-январынан тартып иштей баштаган жаңы Жазык кодексине байланыштуу карады. Буга Жапаровдун адвокаты Замирбек Базарбековдун арызы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинин сунушу негиз болду.

Садыр Жапаров 2018-жылы Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясынын (1997-жылкы редакциясы) 227-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Башкача айтканда, "барымтага кармоого далалат жасаганы" үчүн соттолгон. Ал эми Жазык кодексинин жаңы редакциясынын (2017-жылкы редакциясы) 244-беренесине ылайык мындай кылмыш үчүн 7,5 жылдан 10 жылга чейин жаза чарасы көрсөтүлгөн. Сот Жапаровго экинчи жаза мөөнөтүн чегерди.

Судья Жапаровдун жактоочусунун арызы жана Жаза аткаруу кызматынын сунушу канааттандырылып, Жапаровдун жаза мөөнөтү 10 жылга чейин кыскартылып, 1,5 жылы алып салынганын билдирди. Бирок саясатчынын тарапташтары менен анын адвокаттары бул чечимге макул эмес. Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов буларга токтолду:

Шарабидин Токтосунов.
Шарабидин Токтосунов.

«Соттор арызды канааттандырып, иште жаңы жагдайлар бар деп табышты. Мындай учурда булар ишти кайра кароого берип же айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок деп кыскартышы керек болчу. Бүгүн соттор чечимди кайсы мыйзамдын негизинде чыгарганын тактап бере алышкан жок».

Токтосунов эми алар «Жапаровдун ишиндеги жаңы жагдайларга байланыштуу» деп Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылышарын айтты.

Жапаровдун иши Жогорку сотто 23-апрелде карала баштаган. Бирок анын жактоочулары сотко төрагалык кылган Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбековго ишенбестик көрсөтүшкөн.

Муну алар «өткөн процессте да ишти ушул судья карап, акыйкатсыз чечим чыгарган» деп түшүндүрүшкөн. Адвокаттардын өтүнүчү канааттандырылып, сот 30-апрелге жылган. Бул жолу сотко Шерали Камчыбеков жетекчилик кылды.

Сотто Жапаровдун жактоочулары эки башка өтүнүч келтиришти. Маселен, Шарабидин Токтосунов соттук курамга Жапаровдун ишин кайра карап чыгуу өтүнүчүн берсе, дагы бир адвокат Замирбек Базарбеков жыл башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык Жапаровдун жаза мөөнөтүн 7,5 жылга чейин кыскартууну сурады. Базарбеков муну төмөнкүдөй чечмеледи.

«Жаңы кодексте гуманизация деген бар. Анда "эгер жеңилдетилген жагдайлар болсо жеңилдетилсин" деген талап коюлган. Ошонун негизинде мен жаңы кодекс боюнча жазанын эң төмөнкү чегин бериңиз деп сурандым. Ал эми берки адвокаттар эмне себептен башкача талап койгонун билбейм. Мен алар үчүн жооп бере албайм».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева Жогорку соттун чечимине президент Сооронбай Жээнбеков да көңүл бурушу керек деп эсептейт.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

«Сооронбай Жээнбеков саясий куугунтукка кабылгандарга карата саясий чечим кабыл алса болот. Анткени ал президент гана эмес, Конституциянын гаранты. Ошондуктан президент Садыр Жапаровдун соту боюнча президент катары да, жаран катары өз оюн айтат жана туура саясий чечим кабыл алат деп ойлойм».

Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев кандай болгон күндө да өлкө башчынын колунда ырайым кылуудан башка юридикалык мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.

«Сот жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартканы деле жаман эмес. Мен жаңы Жазык кодексинде камтылган гумандуулук принциби кандайдыр бир деңгээлде ишке ашты деп ойлойм. Эми биз президентти кайра кандай нерсеге түртүп жатабыз? Президент азыр кандай укуктук кадамга барышы керек? Эгер ырайым кылайын десе мыйзамда ырайым алчу киши өзү арыз жазышы керек экен».

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган.

Ал эми Каптагаев өзү буга чейин Садыр Жапаров аны барымтага алуу окуясын уюштурууга тиешеси бар экенине бир да далил табылбаганын айткан.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жапаровду 2017-жылдын август айында 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыраткан. Ушул эле жылдын сентябрында Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. Ал эми 2018-жылдын июнь айында Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун өкүмдөрү күчүндө калтырылган.

Сот Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:41 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG