Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 09:32

Кылмыш

ишемби 10 август 2019

Календарь
январь февраль март апрель май июнь июль август сентябрь октябрь ноябрь декабрь
август 2019-ж.
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жш
29 30 31 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1
Фарид Ниязов, 10-август, 2019-жыл

10-августта Кой-Таштагы окуя боюнча сотто айрым адамдардын бөгөт чарасы аныкталды.

Бул күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда президенттик аппараттын мурдагы башчысы, Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов 8-октябрга чейин камакка алынды.

Маалыматка ылайык, Ниязовго Кылмыш кодексинин 244-беренеси ("Адамды барымтага алуу"), 264-беренеси ("Массалык башалмандык уюштуруу") жана 43-беренеси ("Кылмышка катышуу") боюнча айып тагылды.

Соттун чечими боюнча Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын мүчөлөрү Кыяз Смайлов, Алга Кылычев жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камакта болот.

Аталган адамдар 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн барган УКМКнын аскерлерин барымтага алган жана массалык башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө.

Алга Кылычев Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, буга чейин “Сакчы” деп аталган элдик кошуундун башчысы катары өзүн тааныштырып жүргөн. Ал эми Амантур Жамгырчиев болсо 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыркагандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” бирикмесинин башчысы, Кыяз Смайлов болсо быйыл Атамбаевди коргоо үчүн түзүлгөн “Элдик штабдын” башчысы деп айтылып келген.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. 8-августта Кой-Таш айылында күч түзүмдөрү экинчи жолу атайын операция жүргүзүп, Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары кармалган. Күч кызматтары менен Атамбаевдин тарапкерлери ортосундагы кагылышуудан жалпысынан кырктан ашуун адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Кармоо операция учурунда 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болгон. Мындан сырткары Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов жаракат алып, учурда оор абалда ооруканада жатат. Ал жасалма дем алуу аппаратына туташтырылган, эсине келе элек.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, аны сотко чейинки өндүрүш аралыгында же тагыраагы 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдар аралыгында башкарган Алмазбек Атамбаевдин 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошоп кетишине тиешеси бар экени айтылып, милицияга үч жолу суракка чакырылган. Бирок ал баруудан баш тарткан.

27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан. Парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну "саясий куугунтук" деп атап, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө "элдик штаб" түзүп, топтолуп турушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Азиз Батукаев иши боюнча айып коюлуп, бөгөт чарасы катары аны 26-августка чейин тергөө абагында кармоо тандалды.

Кой-Таштагы массалык башаламандык, зомбулук, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, киши өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча Атамбаевдин айрым тарапташтары кылмышка шектүү катары кармалса, кээ бир санаалаштары күбө катары суракка алынып жатканы кабарланууда.​

Атамбаевдин бөгөт чарасы

Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын карап, аны сотко чейинки өндүрүш аралыгында же тагыраагы 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады.

Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда. Мындан тышкары Башкы прокуратура 8-августта Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, аскер адамын өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин ачкан эле. Бирок ал фактылар боюнча Алмазбек Атамбаевге кылмышка шектүү катары азырынча айып коюла элек.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 7-август күнү Атамбаевди суракка алып келүүгө барган топко куралдуу каршылык болгонун жарыялаган болчу:

Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

«Мен ачык эле айтайын. Ал үйүндө түрмө, өзүнчө бункер куруп алган. Ал жакка жөнөкөй эле кирип барууга мүмкүн эмес. Күч менен да ала албайсың».

Ошол эле кезде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта эртең менен Кой-Таштагы үйүнүн астында тарапкерлери менен жолугуп, түнү менен кармалган атайын бөлүктүн кызматкерлери бошотула турганын билдирген. Бул учурда Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алган. Андан соң күч түзүмдөрү Атамбаевди кармаш үчүн экинчи ирет Кой-Ташка барып, аны колго түшүүгө мажбурлашкан.

Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиев 9-августта билдирүү таратып, атасы мыйзамсыз кармалган деп эсептей турганын билдирди.

Атамбаев жоопкерчиликти өзүнө алдыбы?

Кармоо операциясынан мурун Алмазбек Атамбаев андан мурунку күнкү кандуу окуя үчүн бийликти айыптап, бирок өзү да ок атып коргонгонун моюнга алган болчу:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Мен «бирөө менин үйүмө келсе, каршылык көрсөтөм, керек болсо атам» деп айткам. «Менин сыйлыкка берилген курал-жарактарым бар. Менин мылтыгым бар, тапанчам бар» дегенмин. Бул жерде курал менде гана бар болчу. Үчүнчү кабатта отуруп алып, мен өзүм аларга туруштук берип жаттым. Аны дагы силерге бирөө оодарбасын. Мүмкүн, кимдир-бирөөнүн колунда таш болгон чыгар. Бирок карапайым элдин колунда ачакей да жок болчу. Анан бийлик телеканалдардан «элдин колунда куралы болгон» деп калп айтып жатат. Бул жерде карапайым эл менен атайын бөлүктүн кагылышы үчүн жоопкерчиликтин бардыгы бийликтин өзүндө болчу».

Ошондой эле Атамбаевдин жансакчылары жана анын айрым тарапкерлери Кой-Таш айылында болгон окуя боюнча 8-август күнү кечинде кылмышка шектүү катары кармалышкан. Ошондой эле Атамбаевдин тарапташтары болгон парламенттин КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова да суракка жеткирилгени кабарланды. Андан кийин саясатчы Равшан Жээнбеков тергөөгө күбө катары чакыртылганы белгилүү болду.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы «Элдик штабдын» айрым мүчөлөрү суракка чакыртылганын ырастады:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Фарид Ниязов кармалып, убактылуу кармоо жайына 48 саатка камакка алынды. Анын бөгөт чарасы ишемби күнү сотто каралышы мүмкүн экенин адвокат айтып жатат. Мени да экинчи ирет күбө катары суракка чакырышты. Асел Кодуранованы болсо төрт милиция келип, күбө катары суракка алып кетишиптир. Атамбаевдин жеке күзөтчүлөрү да суракка чакыртылыптыр. Мындан башка «Элдик штабдын» башчысы Кыяс Исмаилов да тергөөдө жүргөн. Аны дагы убактылуу кармоо жайына алып баратат деген малымат келди».

Алардан тышкары Атамбаевдин тарапкери катары белгилүү болгон Мээрбек Мискенбаев кармалганы кабарланды.

Ал арада «Апрель» телеканалынын кызматкерлери алар отурган «Форум» имаратындагы кеңсеге өзүн күч органынын өкүлү катары тааныштырган адамдар кирип келгенин Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирден кабарлашты.

«Апрелдин» жетекчиси Дмитрий Ложников алар имаратты камаш үчүн келгенин, «Форум» имараты да, телеканал да Алмазбек Атамбаевге таандык экенин айтты.

Кийинки кадам

Ички иштер министрлиги Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүү, киши өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары тергелип жатканын кабарлады. Бирок Атамбаевдин санаалашы, КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина саясий куугунтук жүрүп жатканын айтып, бул иш боюнча Эл аралык сотко кайрыла турганын билдирди:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Дагы кандай кылмыш иштерин ойлоп табышканы тууралуу мага белгисиз. Биринчиден, биздин мамлекетте бир катар эл аралык милдеттенмелер бар. Бизде бир топ мыйзамдар бар. Биз бийлик тарабынан элге каршы күч колдонулган зомбулук боюнча алгач мамлекеттик органдарга, анан эл аралык сотко кайрылабыз. Биз соттон жайкын тургундарга каршы атайын даярдыктагы куралдуу топко ушундай кылмыштуу буйрукту ким бергенин аныктоону талап кылабыз. Андыктан биздин партиялык түзүм чогулуп, арыз жазат».

Атамбаевди суракка алып келүү иш-чарасын жетектеген «Альфа» атайын бөлүгүнүн командиринин орун басары, подполковник Үсөнбек Ниязбековду ким атканы жана атайын бөлүккө зомбулук көрсөтүүгө шектүүлөр тууралуу УКМК расмий маалымат тарата элек.

8-август күнү Кой-Таш айылында күч түзүмдөрүнүн атайын жүргүзгөн иш-чарасынын экинчи жолкусунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын айрым тарапташтары кармалган. Андан бир күн мурун, 7-август күнү Атамбаевди кармоо иш-чарасы ишке ашпай, кагылышуудан эки тараптан жалпысынан кырктан ашуун адам жабыркаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG