Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 09:38

Кылмыш

жекшемби 4 август 2019

Календарь
январь февраль март апрель май июнь июль август сентябрь октябрь ноябрь декабрь
август 2019-ж.
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жш
29 30 31 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1
Эль-Пасо шаарындагы окуя болгон жердеги күч кызматкерлери? 4-август, 2019-жыл.

Техас штатындагы Эль-Пасо шаарында "Walmart" дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы жыйырмадан ашык адам жараат алды.

Андан көп өтпөй Огайо штатынын Дейтон шаарындагы кол салуудан тогуз киши набыт болду.

Эль-Пасо шаарындагы кыргын

CNN каналы Федералдык чалгындоо кызматындагы (ФБР) булагына таянып, кандуу окуя теракт катары иликтенип жатканын маалымдады.

«Бул атышуудан 20 адам өлгөндүгү жана 26 киши жаракат алгандыгы ырасталды», - деди полиция башчысы Грег Аллен.

​Шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш жасаардын алдында социалдык тармактарга расисттик көз караштагы "манифест" жарыялаганы иликтенип жатат. Анда "кол салуу Техаска латын америкалыктардын басып кирүүсүнө жооп болот жана Жаңы Зеландиядагы эки мечитте 51 кишини өлтүрдү деп айыпталган австралиялык Брентон Таррант колдоо максатын көздөйт” деп жазылган.

Шектүү камакка алынды. Бийлик комментарий бере элек. Бирок Эль-Пасо полициясынын башчысы "кылмыш жек көрүүнүн негизинде жасалган" деген версия иликтенип жатканын айтты.

Техастын губернатору Грег Эбботт: «Техас Эль-Пасонун тургундары үчүн кайгырып турат. Бул бейкапар соода кылганы баргандар үчүн кадимки эле күн болмок. Бирок ал Техастын тарыхындагы эң капсалаңдуу күн болуп калды», - деди.

АКШ кол салууну айыптады. Кылмышка шектүү дүкөндөгү 3 миңден ашык кишини Калашников куралы менен аткылаган.

Техастын 680 000 киши жашаган Эль-Пасо шаары Мексика менен чектешет жана испан тилинде сүйлөгөндөр көп.

Дейтон шаарындагы кол салуу

Ал арада АКШнын Огайо штатындагы Дейтон шаарындагы кол салууда тогуз киши набыт болду. Ок аткан кишини ошол тегеректе жүргөн полиция кызматкерлери жетип барып, дароо өлтүргөн. 16 адам жараат алып ооруканага жаткырылды.

"Ок аткан киши өлтүрүлдү. Бул иште дагы башка бирөө аралашканбы же жокпу аныктоо үчүн биз баарын сурайбыз, бул жерде күбөлөр көп. Офицерлерди да сурайбыз. Бул абдан аянычтуу окуя. Биз окуяны иилктөөдө колубуздан келгендин баарын жасайбыз жана анын себебин аныктоого аракет кылабыз", - деди Дейтон шаарынын полиция башчысынын орун басары Мэтт Карпер.

Дейтондун мэри Нэн Уэйли ок атышуу башталган жерге бир мүнөткө жетпей барып калган полиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

"Кызматкерлер ал жерге бир мүнөткө жетпей барышкан. Куралчан киши бир мүнөттө тогуз кишини өлтүрүп, 16дан көп кишини жарадар кылды. Эгер полиция бир мүнөткө жетпей барбаганда, жүздөгөн кишилер көз жумушу мүмкүн эле", - Нэн Уэйли.

Кылмышка шектүү шаардагы түнкү клубдар жайгашкан көчөдө ок аткан. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз. Окуяны Федералдык чалгындоо кызматы да иликтеп жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Нариман Түлеев.

Башкы прокуратура Бишкектеги мыйзамсыз берилген жерлер боюнча кылмыш ишин сотко чейинки өндүрөшкө алып, шектүү катары экс-мэр Нариман Түлеевди текшере баштады. Буга «ПолитКлиника» басылмасынын иликтөөсү негиз болгон.

Коррупция боюнча камалып чыккан мурдагы мэр Нариман Түлеев кайрадан Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган ишке шек саналып жатат.

Бул сапар экс-мэр жана мэриянын айрым кызматкерлери мыйзам бузуу менен Түлеевге байланышы бар кишилерге жер тилкелерин бергендиги иликтенүүдө.

Башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков бул фактыны Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаганын билдирди.

«Бул эпизод боюнча Түлеев жана мэриянын башка кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, пайда көрүү максатында Түлеевге байланышы бар адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен», - деди Башкы көзөмөл органдын өкүлү.

Башкы прокуратура Бишкектеги Ала-Арча-3 шаарчасындагы 650 чарчы метр жер тилкеси жөнүндө кеп болуп жатканын маалымдап, бирок иштин чоо-жайын толук айта элек.

Май айынын аягында дал ушул жер тилкелери боюнча «ПолитКлиника» сайтынын «Нариман Түлеевдин жер мафиясы» деген иликтөөсү жарыялаган. Анда 2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын №327 токтому менен Ала-Арча дарыясынын жээгинен бир нече жаранга турак жай салууга деп жер тилкелери бекер берилгени айтылат. ​

2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын №327 токтому менен Байтик баатыр көчөсүндөгү берилди деген жерлерге салынган үйлөр. 2019-жыл.
2009-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын №327 токтому менен Байтик баатыр көчөсүндөгү берилди деген жерлерге салынган үйлөр. 2019-жыл.

«ПолитКлиниканын» маалыматында, кийин ал жерлер Түлеевге байланышы Эрнест Жапаров жана Канат Дүйшөнов аттуу жарандар аркылуу экс-мэрдин жакындарынын менчигине өтүп кеткен.

Иликтөөдө Түлеевдин таанышы деп аты аталган Эрнест Жапаров аталган аймактан жерди акысыз алганын ырастап, бирок экс-мэрди тааныбай турганын айткан.

Берүүдө "Этектей жерлер 100 миң долларды чапчып жатса, Ала-Арча-3 шаарчасындагы участкалар эмне үчүн бекер берилген?" деген суроо коюлган.

“ПолитКлиника” медиасынын “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” деген иликтөөсүнөн алынган кадр.
“ПолитКлиника” медиасынын “Нариман Түлеевдин жер мафиясы” деген иликтөөсүнөн алынган кадр.

Бирок, Нариман Түлеев «Азаттыкка» бул айыптоолор негизсиз экенин, өзүнө ачылган кылмыш иши жөнүндө ЖМКдан укканын билдирди. Түлеев тергөө менен кызматташарын жана «ПолитКлиника» медиасынын иликтөөсүндө аталган кишилерди тааныбай турганын айтууда.

«Алар мага байланыштуу кишилер экени боюнча кайдан маалымат алган? Мен аны юристтериме бердим. Алар прокуратура атаган адамдар жөнүндө сураштырып, алардан тактабаганын айтышты. Мага байланыштуу адамдар экенин тактабай туруп эле жарыялай беришеби? Аны далилдеш керек да. Мен ал адамдарды тааныбайм. Бул 2009-жылы болгон иш деп атышат, андан бери 10 жыл өттү. Бардык документтерди көтөрүп, кандай болгонун карап чыгыш керек. Мен жер боюнча маселелер мэрдин милдетине туура келбейт, чечимдерди шаардык кеңеш кабыл алган деп айта алам».


Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек мэри болуп иштеген. Шаардык кеңештин ошол кездеги депутаты Валентина Лисниченко Түлеевдин айтканын мындайча төгүндөдү.

«Шаардык кеңеш жер бөлүп берүү менен алектенген эмес. Бул маселе менен акимчиликтер алектенип андан кийин мэрияга өткөн. Кайра акимчиликтерге берилген. Бишкек шаардык кеңешинин ошол курамынын берилген жерлерге эч кандай тиешеси жок».

Бишкек шаарында беш жылдан ашык мөөнөттө жашаганы менен батир сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарга жер бөлүп берүүгө мурда мыйзам жол берген.

2009-жылы 31-июль айында «Сугат, айдоо жерлерин башка категорияга жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Башкача айтканда, Бишкектин аймагынан акысыз жер бөлүп берүү токтотулган. Бирок, 2018-жылы жогорудагы мыйзамга өзгөртүү киргизилип, 2009-жылдын 31-июлуна чейин алынган айдоо жерлерин турак жай тилкелери кылып которууга, тактап айтканда мыйзамдаштырууга уруксат бериле баштаган. Бирок, аталган жерлерди бөлүп берген органдар жоопкерчиликтен кутулбайт деген пункт кошулган.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Музуралиев Нариман Түлеевди мыйзамсыз жер бөлүштүргөнү үчүн айыптап жүргөндөрдүн бири. Ал мурда берилген жер тилкелеринин баарын дыкат текшерип чыгуу керек экенин белгиледи.

«Бул кишинин жер боюнча чырларга байланышы бар экени мектептеги окуучуга деле белгилүү. Шаардын бир топ жерлеринде тааныштарына, туугандарына катталган жерлер толтура».

​Нариман Түлеев «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган.

Ал абактан чыккандан кийин саясатка аралашып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди ачуу сындагандардын бири. Ошондуктан, Нариман Түлеев өзүнө карата акыркы кылмыш иштин пайда болушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар деп эсептейт. Буга мурдагы президентти колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева «суу кечпеген кеп» деген жооп кайтарды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG