Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 10:11

Кылмыш

дүйшөмбү 5 август 2019

Календарь
январь февраль март апрель май июнь июль август сентябрь октябрь ноябрь декабрь
август 2019-ж.
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жш
29 30 31 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1
Зарылбек Рысалиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушуна байланыштуу иштин алкагында сурак берип жаткан депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды. Соттун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысына карата чыгарган мындай чечими көп суроолорду жаратты.

Батукаевдин иши боюнча бир катар жогорку кызматтагы мурунку жетекчилер сурак берип, айрымдары үй камагына чыкса, кээ бири качып кеткен. Мурдагы прокурор Аида Салянова менен дарыгер Ирина Цопова тергөө абагында отурушат.

Дагы бир үй камагы

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевди үй камагына алуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды. Бул соттун өкүлү Асел Равшанбекова чечимдин төркүнүн мындайча түшүндүрдү:

«2019-жылдын 2-август күнү Рысалиевди үй камагына алуу боюнча ага прокурор Качыгуловдон токтом келип түшкөн. Бул өтүнүч ушул эле күнү соттун токтому менен толук канааттандырылып, шектүү Рысалиевдин бөгөт чарасы соттук териштирүү аяктаганга чейин, башкача айтканда 2019-жылдын 26-августуна чейин үй камагына алуу деп бекитилди».

Депутат Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушуна байланыштуу 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал Бишкектеги атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Улуттук курортология институтуна которулган. Депутат ал жерден абалы оңолуп, 29-июлда чыкканы айтылган.

Рысалиевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Батукаев бошотулган учурда ЖАМКты жетектеп турган аткаминер буга чейинки маектеринде бул чуулгандуу ишке тиешеси жок экенин айтып актанган.

«Мени "Рысалиев кызыл килем төшөп, Батукаевди узатты" деп күнөөлөшпөдүбү. Өздөрүнүн күнөөсүн жабыш үчүн мени ак жеримден күнөөлөштү. "Эгер мен аны аэропортко узатып барсам, анда ошол сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтпөйсүңөрбү?" дегем. Башкы прокуратурага барып, УКМКга айтып жатып, өзүм көрсөтмө берип, депутат болуп келгенден кийин Батукаевдин ишин атайылап козготтум. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, бүгүнкү күндө Батукаевди кимдер бошотуп, кимдер узатканы белгилүү болуп жатат. Мен Батукаевге килем төшөп аэропортко чейин узатып, Чеченстанга чейин жеткирип барганым чын болсо Текебаев мени ошондо эле каматып салмак», - деген депутат.

Салянова гана камакта калды

Кантсе да бийликтин башын ооруткан ишке байланыштуу мурдагы аткаминерлер камалып жаткан чакта ЖАМКтын экс-төрагасынын бөгөт чарасы үй камагы менен чектелиши түрдүү суроолорду жаратты.

Журналист, талдоочу Айданбек Акмат уулу мунун себебин көмүскө жагдайлар менен байланыштырды:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

«Менин оюмча бул жерде саясий маселе бар. Баары билгендей, «Батукаевди узатты» деген сөз да Зарылбек Рысалиевге тийген. Бирок азыркы кезде ага чара көрүлбөй, аны үй камагында кармап жатышат. Менимче буга үч фактор себеп болууда. Биринчиден, Зарылбек Рысалиев 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду катуу колдоп, анын негизги атаандашы Өмүрбек Бабановдун мизин майтарууда аябай чоң жардамы тийген. Экинчиден, Рысалиевдин ден соолугу, ооруп жатканы эске алынышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, балким тергөө менен кызматташып, өз эрки менен кандайдыр бир көрсөтмө бериши ыктымал».

Кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде Нарындагы түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра ачылып, ага катышы бар экени айтылган дарыгерлер, экс-жетекчилер кармалган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалып, үй камагына чыгарылды. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун сурак берип жүрсө, Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыялады.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча жети киши камакта экенин, төртөө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулганын жана Рысалиевди кошкондо үчөө үй камагында экенин билдирди.

Ошентип Батукаевдин иши боюнча мурдагы башкы прокурор, төрт жашар кызы бар Аида Салянова гана тергөө абагында отурат. Салянованын партиялаштары жана тарапкерлери «мунун артында саясий жүйө бар» деп эсептеп, кескин айыптап келишет.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Мыйзам буйлалаган төө катары бир саясий топтун кызыкчылыгына гана колдонулуп жатканы ушул факты менен эле оркоюп көрүнүп турбайбы. Азыр тергөөчүлөр, прокуратура органдары кандай гана өңүттө актанууга аракет кылбасын бир да жүйөсү суу кечпейт. Себеби Салянова камакта отурат, калгандары эркиндикте дардайып басып жүрүшөт. Болбосо беркилердин күнөөсү оркоюп чыгып калат. Эң негизги маселе - адилеттүүлүк менен калыстык да. Бирок ушундай фактыларды карап туруп ушул ишти иликтөө туура болуп жатат деп айтууга ооз да барбайт».

Парламенттин депутатын баш кылып, бир нече кишини өлтүргөн деп айтыпталып, 16 жылга кесилген Азиз Батукаевдин табышмактуу жагдайда түрмөдөн чыгып кеткенине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, экс-президенттик макамдан ажырап калышына негизги жүйөлөрдүн бири болгон. ИИМдин Тергөө кызматы 8-июлдан бери Атамбаевди эки жолу күбө катары суракка чакырганы менен мурдагы президент ага баруудан баш тартып жатат.

Анын расмий өкүлү Сергей Слесарев Атамбаев Тергөө кызматынын суроолоруна өз жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. ИИМ менен Башкы прокуратура Атамбаев сөзсүз суракка келиши керек деп эскертишкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Огайо штатындагы Дейтон шаарында каза тапкандарды эскерүү. 4-август, 2019-жыл

АКШда дем алыш күндөрү Техас жана Огайо штаттарында 29 адамдын өмүрүн алган куралдуу чабуулдарга байланыштуу аза күтүү жарыяланды.

Техастагы окуя боюнча шектүү кармалса, Огайодо ок аткан кишини полиция атып өлтүргөн. Америкада курал алып жүрүүгө уруксат берген мыйзамдык эрежелер көптөн бери талаш жаратып келе жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Техас жана Огайо штаттарындагы куралдуу кол салуудан курман болгондорду эскерип, бардык мекемелердеги желектерди түшүрүү тууралуу буйрук берди. Ал 4-августта Нью-Жерси штатында журналисттердин суроолоруна жооп бери жатып, элге көңүл айтты:

- Мен Техас штатындагы Эл-Пасо жана Огайо штатындагы Дейтон шаарларынын элине көңүл айтам. Алар оор күндү баштан кечирүүдө. Ошондой эле эки жерде тең мыкты иштеген укук коргоо органдарына да ыраазычылык билдирем.

Дональд Трамп дем алыш күндөрү болгон кол салууну айыптады жана «биздин өлкөдө жек көрүүгө жол берилбейт» деп эскертти. Ошондой эле куралдуу кол салууга байланыштуу маселени чечүүнүн жолдорун караштырып жатканын кошумчалады:

- Биздин өлкөдө жек көрүүгө орун жок. Биз мунун үстүнөн иштейбиз. Мен башкы прокурор Уилиям Барр, Федералдык чалгын кызматынын директору Кристофер Рей, эки штаттын губернаторлору, Конгресс мүчөлөрү менен сүйлөштүм. Биз көп иш жасап жатабыз. Биз муну токтотушубуз керек. Бул көп жылдардан бери уланып келе жатат.

Эл-Пасо шаарындагы окуяда курман болгондорду эскерүү.
Эл-Пасо шаарындагы окуяда курман болгондорду эскерүү.

​3-августта Техас штатындагы Эл-Пасо шаарында «Walmart» дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны жыйырмага жетип, дагы жыйырмадан ашык адам жарадар болду. Бул окуяга шектүү катары кармалган 21 жаштагы Патрик Крузиус кылмыш кыларда социалдык тармактарга расисттик көз караштагы «манифест» жарыялаганы иликтенип жатат. Анда «кол салуу Техаска латын америкалыктардын басып киришине жооп болот жана «Жаңы Зеландиядагы эки мечитте 51 кишини өлтүрдү» деп айыпталган австралиялык Брентон Таррантты колдоо максатын көздөйт» деп жазылган. Өлкөнүн бийлиги бул окуяны "ички терроризм" катары да иликтеп жатат.

Эл-Пасо шаары, Техас штаты.
Эл-Пасо шаары, Техас штаты.

​Президенттик кызматты көздөгөн айрым демократтар АКШ президенти Дональд Трампты өз билдирүүлөрүндө раса аралык кастыкты козуткан жана бул кыргынга алып келиши мүмкүн деп сындап жатышат.

- Ооба, бизде президент мексикалыктарды зордукчул, кылмышкер деп атаган акыркы үч жылда жек көрүүчүлүктүн негизинде жасалган кылмыштар көбөйдү. Чындыгында мексикалык иммигранттар бул жерде төрөлгөндөргө караганда аз кылмыш кылат. Ал бизди коркуткусу келген. Чындыгында кандай жыйынтыкка жана кесепетке чейин жетти? - деди президенттикке талапкер болууга камынып жаткан Бето О’Рурк​.

Техастын 680 миң киши жашаган Эл-Пасо шаары Мексика менен чектешет жана ал жакта испан тилинде сүйлөгөндөр көп. Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард бул окуяны теракт катары баалады:

- Биз муну мексикалык-түндүк америкалыктарга жана Кошмо Штаттардагы мексикалык жарандарга карата террористтик акт деп эсептейбиз.

Огайодо куралчан киши атып өлтүрүлгөн

Техастагы кыргындан көп өтпөй Огайо штатынын Дейтон шаарындагы кол салуудан тогуз киши набыт болду. Кылмышка шектүү, 24 жаштагы Коннор Беттс шаардагы түнкү клубдар жайгашкан көчөдө ок аткан. Аны ошол тегеректе жүргөн полиция кызматкерлери эл жык-жыйма барга кирип бара жатканда жетип барып, 30 секунданын ичинде өлтүргөн.

Коннор Беттс чопкут кийип, автоматында кошумча октору да болгон. Полиция анын үйүндө тинтүү жүргүздү. Маалым болгондой, өлгөндөрдүн арасында анын карындашы жигити менен болгону, алардын өлүгү машинеде табылганы кабарланды. Кол салуунун себептери азырынча белгисиз. Окуяны Федералдык чалгындоо кызматы да иликтеп жатат.

Дейтон шаарындагы кол салууда дүрбөлөңгө түшкөн адамдар.
Дейтон шаарындагы кол салууда дүрбөлөңгө түшкөн адамдар.

Бул кыргындар АКШда курал колдонуп кыргын салуу уланып жатканын көрсөтүүдө. АКШда мыйзамдар ар бир адамга жеке коопсуздугу үчүн курал сатып алууга жол берет. Дүйнөдө АКШ элдеги куралдын саны боюнча биринчи орунда турат. Мисалы, Америкада 100 кишинин 88инде курал бар болсо, экинчи орунда турган Швейцарияда 100 кишинин 45и курал сатып алган. Ал эми Швеция менен Францияда 100 кишинин 31инде курал бар. Канадада бул сан 30 кишиге туура келет. Октон курман болгондор АКШда Канадага караганда алты эсе, ал эми Австралияга караганда 30 эсе көп. Адамдар жапырт өлтүрүлгөн окуялардан улам элге курал сатууну катаалдаштыруу жөнүндө сунуштар айтылып келе жатат. Бирок АКШ коомунда бул маселе боюнча бирдиктүү пикир жок.

АКШдагы кыргындар

Төмөндө акыркы жылдары АКШдагы адам өмүрүн алган айрым кандуу массалык киши өлтүрүү окуяларын эскеребиз.

Лас-Вегас, 1-октябрь, 2017-жыл. Куралчан адам мейманкананын 32-кабатында өтүп жаткан музыка фестивалында ок атып, 58 киши өлгөн. Бул окуяда 564 адам жаракат алып, кылмышкер кийин өзүн атып өлтүргөн.

Орландо, 12-июнь, 2016-жыл. Кылмышкер гей-клубда 49 кишини атып өлтүргөн. Кылмышкерди полиция жок кылган.

Виржиния, 16-апрель, 2007-жыл. Куралчан киши Блэксбург шаарындагы Виржиния технологиялык университетинде 32 кишини атып, кийин өзүнө кол салган.

Ньютаун, 14-декабрь, 2012-жыл. Коннектикут штатындагы Ньютаун шаарында Сэнди-Хук башталгыч мектебинде куралчан адам адегенде өз апасын өлтүрүп, андан кийин 20 баланы, дагы алты чоң кишини аткан. Кылмышкер кийин өзүнө кол салган.

Сатерленд Спрингс, 5-ноябрь, 2007-жыл. Өз аялын жана баласын урганы үчүн АКШ армиясынан бошотулган адам айылдык чиркөөдө 26 кишини тындым кылып, кийин өзүнө кол салган. Окуя Техас штатында болгон.

АКШ.
АКШ.

Киллин, 16-октябрь, 1991-жыл. Техастын Киллин шаарында кылмышкер өзүнүн кузовдуу машинеси менен ресторандын айнектүү эшигин сүзүп кирип, анда отургандарга ок аткан. Бул окуяда 23 киши көз жумган.

Эл-Пасо, 3-август, 2019-жыл. Техас штатындагы Эл-Пасо шаарында «Walmart» дүкөнүнүн жанындагы куралдуу кол салуудан 20 киши өлүп, дагы 20дан ашык адам жарадар болду. Полиция кылмышка шектүүнү камакка алды жана бул окуяны укук коргоо органдары «ички терроризм» катары иликтеп жатат.

Полиция Эл-Пасодогу окуяны "ички терроризм" катары да иликтеп жатат.
Полиция Эл-Пасодогу окуяны "ички терроризм" катары да иликтеп жатат.

Паркленд, 14-февраль, 2018-жыл. Флорида штатынын Паркленд шаарындагы Маржори Стоунман Дуглас орто мектебинин мурдагы окуучусу автоматтан ок атып, 17 окуучуну жана мугалимди өлтүргөн. Бийлик кылмышкерди кармаган.

Сан-Бернардино, 2-декабрь, 2015-жыл. Калифорниянын Сан-Бернардино шаарында жумуштагы майрамдык кечеде эрди-катын 14 кишини атып өлтүргөн. Кийин өздөрү да полиция менен атышууда көз жумган.

Верджиния-Бич, 31-май, 2019-жыл. Виржиния штатындагы Верджиния-Бич шаарынын муниципалдык имаратында инженер жума күнү кечкурун кесиптештери эс алууга жаңы эле кетип жаткан учурда ок атып, 12 кишини өлтүргөн. Ага чейин ал жумуштан бошотулганы тууралуу электрондук кат алган. Кылмышкерди полиция атып жок кылган.

Таузенд-Оукс, 7-ноябрь, 2018-жыл. Калифорния штатындагы Таузенд-Оукс шаарында ардагер моряк барда 12 кишини атып, кийин өзүнө кол салган.

Форт Худ, 5-ноябрь, 2009-жыл. Техастагы Форт Худ аскер базасынын майору жана психиатры 13 кишини атып өлтүргөн. Аны сот өлүм жазасына кескен.

Остин, 1-август, 2009-жыл. Техас университетинин мунарасына отуруп алган көзгө атар 90 мүнөт бою элди аткылаган. Анын огунан 13 киши көз жумуп, дагы 30дай киши жарадар болгон. Көзгө атарды полиция атып өлтүргөн.

Вашингтон, 16-сентябрь, 2019-жыл. АКШнын Аскер-деңиз флотунун мурдагы кызматкери Вашингтондогу кемелерди оңдогон жайда 12 кишини тындым кылган. Аны полиция атып өлтүргөн.

Орора, 20-июль, 2012-жыл. Беткап кийген куралчан адам Колорадо штатынын Орора шаарындагы фильмдин бет ачарында залда отургандарга ок аткан. Бул окуяда 12 киши өлүп, 70 киши жаракат алган. Кылмышкер өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Президенттикке талапкер болууга камынып жаткан Бето О’Рурк (ортодо) Эль-Пасо шаарында каза тапкандарды эскерүүгө катышты.
Президенттикке талапкер болууга камынып жаткан Бето О’Рурк (ортодо) Эль-Пасо шаарында каза тапкандарды эскерүүгө катышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG