Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 09:30

Кылмыш

шейшемби 6 август 2019

Календарь
январь февраль март апрель май июнь июль август сентябрь октябрь ноябрь декабрь
август 2019-ж.
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жш
29 30 31 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча шектүү катары 17-19 жаш курактагы улутчулдар кармалды.

26-июлда Москвада кечки саат ондор чамасында жумуштан кайтып келаткан эки кыргызстандык мигрантка улутчулдар кол салышкан. 17-19 жаштагы үч теңтуштун колунда бычактар болгон.

Бычактан жүрөккө алган жарааттан 25 жаштагы Аскарбек Т. уулу ошол жерден каза тапкан. Ал эми 32 жаштагы Уранбек К. колунан жараат алып, качып кетүүгө үлгүргөн. Ал бир жумадан кийин камакка алынган үч теңтушту таанып, аларга каршы көрсөтмө берген.

Жалал-Абад облусунан келген эки жердеш Москвада курулушта иштечү. Ошол күнү Малые Каменщики көчөсүндөгү жатаканага кайтып келатышкан.

Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулуп-өскөн Аскарбектин сөөгү 29-июлда мекенине жөнөтүлгөн.

Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетова каргашалуу окуяны тергөө иштери элчиликтин көзөмөлүнө алынганын билдирди:

Гүлбарчын Байымбетова.
Гүлбарчын Байымбетова.

«Элчиликтин юристи менен Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери окуя болгон жерге барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Орусиялык тергөөчүлөрдөн алынган маалымат боюнча биздин жарандар орус улутундагы үч кылмышкерге туш болушкан. Бул кылмышка катышы бар деген үч орусиялык камакка алынды. Бул иш элчиликтин көзөмөлүндө. Элчилик тарабынан Тергөө комитетине атайын өтүнүч жөнөтүлгөн».

Москванын Таганский район аралык тергөө комитетинин бөлүмүндө «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Федералдык коопсуздук кызматы киши өлтүрүүгө шектелген үч теңтуштун үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөндө бычактын түрү, улутчул символика тагылган кийим-кече, адабият табылганын билдирет.

Үчөөнүн бири - «Белый» деген лакап аты бар 17 жаштагы өспүрүм ультра оңчул, улутчул топтордо белгилүү активист. Анын социалдык тармакта 1,5 миң жактоочусу бар тобу табылган. Ата-энеси өспүрүмдүн кызыккан нерселерин билишкенин, аны токтотуу аракетинен майнап чыкпаганын айтышты. Өспүрүмгө каршы азыр анын эки теңтушу көрсөтмө бергени кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
Зарылбек Рысалиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушуна байланыштуу иштин алкагында сурак берип жаткан депутат Зарылбек Рысалиев үй камагына алынды. Соттун Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы башчысына карата чыгарган мындай чечими көп суроолорду жаратты.

Батукаевдин иши боюнча бир катар жогорку кызматтагы мурунку жетекчилер сурак берип, айрымдары үй камагына чыкса, кээ бири качып кеткен. Мурдагы прокурор Аида Салянова менен дарыгер Ирина Цопова тергөө абагында отурушат.

Дагы бир үй камагы

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиевди үй камагына алуу боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чечим чыгарды. Бул соттун өкүлү Асел Равшанбекова чечимдин төркүнүн мындайча түшүндүрдү:

«2019-жылдын 2-август күнү Рысалиевди үй камагына алуу боюнча ага прокурор Качыгуловдон токтом келип түшкөн. Бул өтүнүч ушул эле күнү соттун токтому менен толук канааттандырылып, шектүү Рысалиевдин бөгөт чарасы соттук териштирүү аяктаганга чейин, башкача айтканда 2019-жылдын 26-августуна чейин үй камагына алуу деп бекитилди».

Депутат Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошотулушуна байланыштуу 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал Бишкектеги атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Улуттук курортология институтуна которулган. Депутат ал жерден абалы оңолуп, 29-июлда чыкканы айтылган.

Рысалиевдин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Батукаев бошотулган учурда ЖАМКты жетектеп турган аткаминер буга чейинки маектеринде бул чуулгандуу ишке тиешеси жок экенин айтып актанган.

«Мени "Рысалиев кызыл килем төшөп, Батукаевди узатты" деп күнөөлөшпөдүбү. Өздөрүнүн күнөөсүн жабыш үчүн мени ак жеримден күнөөлөштү. "Эгер мен аны аэропортко узатып барсам, анда ошол сүрөттөрдү, видеолорду көрсөтпөйсүңөрбү?" дегем. Башкы прокуратурага барып, УКМКга айтып жатып, өзүм көрсөтмө берип, депутат болуп келгенден кийин Батукаевдин ишин атайылап козготтум. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дегендей, бүгүнкү күндө Батукаевди кимдер бошотуп, кимдер узатканы белгилүү болуп жатат. Мен Батукаевге килем төшөп аэропортко чейин узатып, Чеченстанга чейин жеткирип барганым чын болсо Текебаев мени ошондо эле каматып салмак», - деген депутат.

Салянова гана камакта калды

Кантсе да бийликтин башын ооруткан ишке байланыштуу мурдагы аткаминерлер камалып жаткан чакта ЖАМКтын экс-төрагасынын бөгөт чарасы үй камагы менен чектелиши түрдүү суроолорду жаратты.

Журналист, талдоочу Айданбек Акмат уулу мунун себебин көмүскө жагдайлар менен байланыштырды:

Айданбек Акмат уулу.
Айданбек Акмат уулу.

«Менин оюмча бул жерде саясий маселе бар. Баары билгендей, «Батукаевди узатты» деген сөз да Зарылбек Рысалиевге тийген. Бирок азыркы кезде ага чара көрүлбөй, аны үй камагында кармап жатышат. Менимче буга үч фактор себеп болууда. Биринчиден, Зарылбек Рысалиев 2017-жылы президенттик шайлоо учурунда Сооронбай Жээнбековду катуу колдоп, анын негизги атаандашы Өмүрбек Бабановдун мизин майтарууда аябай чоң жардамы тийген. Экинчиден, Рысалиевдин ден соолугу, ооруп жатканы эске алынышы мүмкүн. Үчүнчүдөн, балким тергөө менен кызматташып, өз эрки менен кандайдыр бир көрсөтмө бериши ыктымал».

Кримтөбөл Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде Нарындагы түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра ачылып, ага катышы бар экени айтылган дарыгерлер, экс-жетекчилер кармалган.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалып, үй камагына чыгарылды. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун сурак берип жүрсө, Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыялады.

Ички иштер министрлиги бул иш боюнча жети киши камакта экенин, төртөө өлкөдөн чыкпоо тууралуу тилкат менен бошотулганын жана Рысалиевди кошкондо үчөө үй камагында экенин билдирди.

Ошентип Батукаевдин иши боюнча мурдагы башкы прокурор, төрт жашар кызы бар Аида Салянова гана тергөө абагында отурат. Салянованын партиялаштары жана тарапкерлери «мунун артында саясий жүйө бар» деп эсептеп, кескин айыптап келишет.

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Мыйзам буйлалаган төө катары бир саясий топтун кызыкчылыгына гана колдонулуп жатканы ушул факты менен эле оркоюп көрүнүп турбайбы. Азыр тергөөчүлөр, прокуратура органдары кандай гана өңүттө актанууга аракет кылбасын бир да жүйөсү суу кечпейт. Себеби Салянова камакта отурат, калгандары эркиндикте дардайып басып жүрүшөт. Болбосо беркилердин күнөөсү оркоюп чыгып калат. Эң негизги маселе - адилеттүүлүк менен калыстык да. Бирок ушундай фактыларды карап туруп ушул ишти иликтөө туура болуп жатат деп айтууга ооз да барбайт».

Парламенттин депутатын баш кылып, бир нече кишини өлтүргөн деп айтыпталып, 16 жылга кесилген Азиз Батукаевдин табышмактуу жагдайда түрмөдөн чыгып кеткенине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, экс-президенттик макамдан ажырап калышына негизги жүйөлөрдүн бири болгон. ИИМдин Тергөө кызматы 8-июлдан бери Атамбаевди эки жолу күбө катары суракка чакырганы менен мурдагы президент ага баруудан баш тартып жатат.

Анын расмий өкүлү Сергей Слесарев Атамбаев Тергөө кызматынын суроолоруна өз жообун эч кимге жарыялабастан, купуя бойдон өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген. ИИМ менен Башкы прокуратура Атамбаев сөзсүз суракка келиши керек деп эскертишкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG