Кыргызстанда жылына жүздөн ашык бала төрөтканада ташталса,чет өлкөлөрдө ташталган кыргызстандык баланын саны 20-30дан ашат. Бирок иш жүзүндө балдарды жарык дүйнөгө алып келген ата-энелери баш тарткан балдардын анык саны мындан алда канча көп деген маалыматтар арбын
Бир жолу атам үйгө өзбекче сүйлөгөн өзү курактуу кишини ээрчитип келди. Мага бейтааныш кишинин колунда араасы жана дарак кырккан кайчысы бар эле. Оозу тынбай сүйлөгөн, бир аз жүдөө тарткан киши экен.
Кыргызстанда аскердик тик учактар чыры кайрадан күндүн башкы темаларынын бирине айланды.
Ташкент шаарынын прокурорунун мурунку биринчи орун басары Мираглам Мирзаевге таандык байлыкты издөө максатында анын жакын туугандарынын үйү тинтүүгө алынууда. Мурунку президент, маркум Ислам Каримовдун бийлигинин тушунда алардын үй-бүлөсү Өзбекстандагы бүтүндөй күч түзүмдөрүн көзөмөлдөп, ишкерлерден салык чогултуп жүргөнү айтылат.
Финполиция жогорку окуу жайларынын биринде чет элдик 50 студент алданып калганын аныктады.
“Азаттык+” бул чыгарылышын миграцияда жүрүп билим алып, иштеп, тажрыйба топтоп, мекенинин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан өжөрлөргө арнады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Москвадагы иш сапарында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Мигранттар бир катар маселелерди ортого салышты.
БШК экс-премьер-министр Игорь Чудиновду депутаттык мандаттан ажыратты.
Жарандык согуштун кучагындагы Йемендин айланасындагы кырдаалдын курчушу акыркы эки күндөн бери кайрадан эл аралык турмуштун күн тартибине чыкты.
Бишкекте Орозо айттын алдында айрым активисттер майрамда мал союунун ордуна аны муктаждарга таратып берүү демилгесин көтөрүштү. Бишкектеги басма сөз жыйынында алар Орозо айтта мал көп союлуп жатканын билдиришти.
Дубайда кымбат баалуу турак жай сатып алгандардын арасында 12 кыргызстандык бар.
Эсимде, 1978-жылы 31-июль күнү кыргыз совет адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана 50 жылдык мааракесине карата СССР Жогорку Советинин президиумунун указы менен Чыңгыз Айтматовго "Социалисттик эмгектин баатыры" деген наам ыйгарылган буйрук "Известия" гезитине чыкты.
Дагы жүктөңүз