Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:35

Күлкү кербени

"Советтик Орусияда - ишембилик. Бүлгүнчүлүккө каршы күрөш. Чет өлкөдө - иш таштоо. Кеңеш бийлиги үчүн күрөш". Плакат. 1920-ж.

“Күлкү кербени” мурдагы совет доорундагы 1-май күнүнө карата айтылган айрым азилдерди сунуштайт.

* * * * *

1930-жылдардын аягы. Биринчи майдагы демонстрация маалында чачы куудай аппак карыялар “Жолдош Сталинге биздин бактылуу бала чагыбыз үчүн ыракмат!” деген ураан көтөрүп чыгышыптыр.

Жөнөкөй кийинип алган КГБчы алардын алдынан чуркап чыгып тосуптур:

— Силер, эмне, шылдыңдайлы деп жатасыңарбы? Силердин бала чагыңарда жолдош Сталин али төрөлө элек болчу да!

— Мына дал ошонусу үчүн ага ыракмат айтып жатабыз!

* * * * *

Биринчи май күнү кабарчы майрамдык демонстрацияга чыккандардын бирине суроо узатты:

— Эмне үчүн СССРде жумушсуздук жок деп ойлойсуз?

— Анткени эч кимдин колу бош эмес: бирөөлөрү куруп жатат, экинчилери кайра бузуп жатышат.

* * * * *

Биринчи май күнү кабарчы майрамдык демонстрацияга чыккандардын дагы бирине суроо узатты:

— Советтик системанын артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

— Анын артыкчылыгы – башка коомдук системаларда таптакыр жок болгон кыйынчылыктарды ийгиликтүү түрдө жеңип келгендигинде.

* * * * *

Биринчи май күнү кабарчы майрамдык демонстрацияга чыккандардын ичинен четте келе жатканына суроо узатты:

— Кандай деп ойлойсуз, СССРде жакырлар барбы?

— Бар, алар биздин партиялык жетекчилер. Алардын өзүмдүк эч нерсеси жок. Алар жашаган эң сонун батир – мамлекеттики, татынакай дача – мамлекетке таандык, түшкөн мыкты автоунаасы – мамлекеттин менчиги. Бечаралар…

* * * * *

Биринчи май күнү кабарчы майрамдык демонстрацияга чыккандардын арасынан бир жумушчуга микрофон сунду:

— Жолдош! Айтыңызчы, бул күнү сиз кандай сезимге батып турасыз?

Өзүнчө эле куйкасы курушуп турган тигил киши бурк этти:

— Жоголчу нары, шайтандын шапалагындай болбой!..

Кабарчы микрофонду шак тартып ала коюп, шаңдуу үн менен ишин улантты:

— Мына, жолдоштор! Бүткүл өлкө боюнча ушундай азилдер, атеисттик пикирлер айтылып, күлкү, кубаныч, шаттык өкүм сүрүүдө!

* * * * *

Сот эрди-катынды ажыраштырып жатып, күйөөсүнөн мунун себебин сурады.

— Өзүңүз калыс болсоңуз, жолдош сот! Сыртта элдин баары 1-май демонстрациясына чыгып кетип жатышат. Баары шаттыкка бөлөнгөн, майрамдык маанай!.. Анан аларга кошулуп, пролетардык майрамды белгилейин деп үйдөн чыгып баратсам, тиги артыман калбай ээрчип, элдин көзүнчө: «Жаңы жылдык балатынын сөңгөгүн таштандыга салсаң боло!» деп кууруп жатпайбы!

* * * * *

Эки сулуу көчөдөн жолугушуп калды.

— Сен билбейсиңби, 1-май быйыл кайсы күнгө туш келет болду экен?

— Жок, эсимде жок. Иши кылып, 13-номурлуу болуп, жума күнгө туш келбесе экен…

* * * * *

(TT)

Мындагы оң жакта бадырайып чоң болуп турган сары нерсе - ушул азилде айтылган мөмө.

“Күлкү кербен” куржунуна Камыт Савайдын азилдеринен дагы бир шиңгилди салдык.

Биздин Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүндө Өмүрзак деген аябай катуу, сүрдүү подполковник начальник болгон экен. Сүрдүү болгону менен ал лимон өстүргөндү сүйүп, үйүндөгүсү аз келгенсип, кабылдамасына да өстүрчү экен.

Күнүгө эртең менен жумушка келээри менен лимонго суу куюп, азык берип, анан дүжүр сержант, лейтенанттарга лимонду караганды үйрөтчү. Ошентип, лимон биринчи жолу жалгыз мөмө байлаптыр. Ошол күндөн баштап, начальник лимонду мурдагыдан беш бетер көзөмөлгө алып, “мөмөгө эч ким тийбесин, дүжүр башы менен жооп берет” деп буйрук бериптир.

Дүжүр милициялар күнүгө лимонду мөмөсү менен кийинкисине өткөрүп берип турушкан. Дүжүрлөр лимонду милиция бөлүмүнүн мүлкүнөн да катуу кайтарышыптыр.

- Ким лимондун мөмөсүн жоготсо, жумуштан айдайм, - деп подполковник коллективдин алдында да жарыя кылыптыр.

Кабылдамага эл чогулса эле дүжүрлөр кабатыр болушуп, какайып лимондун жанына туруп алып, элди лимон жакка жолотпой, дайыма эшикти жаап турушчу. “Лимон жоголбосо экен” деп эки көзү төрт болуп, кудайдан тилеп турушчу.

Мөмөсү күн өткөн сайын чоңоюп, сапсары болуп көзгө көрүнүп калыптыр. Эртең менен начальник кабылдамага киргенде дүжүр рапорт берип, анан “лимон ордунда, аман-эсен” деп салам-дубай айтышчу экен.

Бир күнү кечинде, начальник жокто, дүжүр жана эле турган лимондун мөмөсүнүн жоголгонун көрүп, жүрөгү түшүп, эмне кылаарын билбей же бирөөгө айта албай, аябай катуу бушайман жептир.

Эми начальник билсе жумуштан маскара кылып, коллективдин алдында ашата сөгүп, кууп чыгаарын элестетип, түнү менен ойлонуп, бир оокумда жакшы идея башына келиптир. Өзүнүн ордуна бир досун чакырып иштетип, өзү болсо таң атпай Ошко базарга жөнөптүр, ал убакта Кара-Сууда лимон сатылчу эмес.

Такси жалдап алып, ар кимден сурап, эптеп издеп жатып бир соодагер өзбектин үйүнөн бир лимон таап, болгон акчасын коротуп, кайра жетип келиптир. Досун кетирип коюп, алып келген мөмөнү мурдагысынын ордуна жашыл жип менен сонун кылып, билинбей тургандай илип коюптур. Жаңы дүжүргө эптеп лимонду өткөрүп, начальникке көрсөтүп кутулсам экен деп коркуп, шефин күтүп калыптыр.

Начальник болсо, лимон жоголгон күнү дүжүрдү архивге 5 мүнөткө жөнөтүп, “жаңы бышкан лимон менен үйгө барып бир сонун чай ичейин” деп кесип алып кеткен эле.

Эртеси келсе, дүжүр "жолдош подполковник, менин күзөтүм тынч өттү, лимон ордунда!" десе болобу.

Кечеги кескен лимондун ордундагы жаңы лимонду көрүп, начальник көргөн көзүнө ишенбей, лимонду кармалап, дүжүрдүн ойлоп тапканына, жасаганына баа берип, каткырып күлүп калыптыр.

АКШда байырлап жаткан кыргыз азилчи Камыт Савай. 2017.
АКШда байырлап жаткан кыргыз азилчи Камыт Савай. 2017.

Аны карап дүжүрдүн башы маң, “начальник билип калды, эми даана өлдүм” деп, эмне кылаарын билбей, кокоюп, нес болуп, калтырап туруп калыптыр. Мисирейген, катуу деген начальник күлкүдөн араң өзүнө келип, экинчи лимонду да кесип алып, дүжүрдү "азамат, эртең да лимон байлап койчу" деп мактаптыр.

Камыт Савай.

(Kamit Savay)

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG