Кош бийлик орногон Венесуэладагы кырдаал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды.
Чүй милициясы "Токмок-Автожол" өткөрмө бекетинин жанындагы чуулгандуу окуяны тергей баштады.
Кыргызстанда 1-январдан тартып күчүнө кирген кодекстердин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри иштей баштады. Ага ылайык, мыйзамдарда "кылмыш ишин козгоо" деген түшүнүк жоюлуп, материалдар бирдиктүү реестрге катталган учурдан тартып тергөө жана сотко чейинки өндүрүш башталат.
Ооган жергесинде тынчтык орнотууну көздөгөн америкалык делегация менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы сүйлөшүүсү “олуттуу прогресске” жетишкени маалым болду.
Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматкери жана мурдагы ички иштер органында иштеп кеткен эки адам пара менен кармалганын Ички иштер министрлиги билдирди.
Хуснидин Зайнабидинов 16-январда Орусиянын коопсуздук органдары тарабынан камакка алынган.
Венесуэлада социалист президент Николас Мадурону бийликтен четтетүү аракеттери кызыды.
Иракта терроризм үчүн соттолгон айрым тажик аялдар балдарын Тажикстанга жөнөтүүдөн баш тартууда. Алар балдарын мекенинде туугандары кабыл албай тургандыгын айтып, өкмөттүн камкордугуна берүүгө макул болушкан эмес.
Бир канча жылдан бери токтоп калган өзбек газы кайра келе баштаганы Дүйшөмбү шаарынын тургундарын бир эсе кубантып, бир эсе кооптондуруп турган чагы.
Нарын шаарында оор жүк ташуучу автоунаа турак үйдүн дубалын сүзүп, ичине чейин кирип кетти. Бул окуя кан жолдун жээгинде жайгашкан турак үйлөрдүн коопсуздугун жана камсыздандыруу маселесин көтөрдү. Кыш чилдеси күчүндө турганда үйүнүн жарымы кулап калган шаар тургуну ушул тапта кай жерге барып баш ка
Адам өмүрү кыйылган Бишкектеги жол кырсыгы боюнча 26 жаштагы милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси («Жол коопсуздук эрежелерин бузуу») менен кылмыш иши козголду.
Ооганстанда «Талибан» аскердик базага кол салганда курман болгондор кеминде 65 адамга жетти.
Дагы жүктөңүз