Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 22:55

Коопсуздук

Мохманд: Советтик армиянын Ооганга кириши кастыкты курчуткан

Советтик армиянын Ооганстандан кетиши. 1989-жыл.

15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 30 жыл толду. Бул тарыхый күндү өлкө жашоочулары кандай кабыл алышат?

"СССРдин чектелген контингенти" деп аталган куралдуу күчтөр ооган жергесине “интернационалдык милдетин аткаруу” үчүн киргизилип, 10 жыл бою согушуп келген.

Расмий маалыматтарда 15 миң жоокер курман болгону айтылып жүрөт. Арасында 252 кыргызстандык да бар. Ооган журналисти Хошим Мохманд "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Оогандардын советтик аскерлер чыгарылган учурдагы сезимдерин айтып берсеңиз. Советтик акыркы танк Өзбекстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрөнү кесип өткөндө кубансаңар керек?

Хошим Мохманд: Оогандар үчүн ал ийгиликтин, сүйүнүчтүн, кубанычтын учуру болгон. Советтер союзунун баскынчылыгына каршы жихад – ыйык согуш – абдан көп жоготуу, чыгымдарды алып келди. Миллиондон ашуун ооган өлгөн. Советтик учактардын туш келди бомбалоосунан өлкө толугу менен талкаланып, бүлүнгөн, урандыга айланган.

Өз тарабынан Советтер союзуна да согуштун чоң залкасы тийген. 15 миңден көп советтик жоокер ооган жергесинен кайтпай калган. Оогандар советтик аскерлер чыгып кеткенде мекени бүлгүнгө учураганына карабай "акыр аягында кайрадан эркин болдук, чет өлкөлүк куралдуу күчтөр өлкөбүздөн чегинди" деп сүйүнүшкөн.

"Азаттык": Бирок, тилекке каршы, ал күн Ооганстан тарыхындагы дагы бир кайгылуу күндөрдүн башаты болуп калды. Президент Нажибулланын өкмөтү 3,5 жылдай эле бийликте тура алды. Андан кийин "Талибандын" режими орноду. Беш жылдан кийин АКШ аскерлери киргизилди. Советтик оккупация болбосо, өлкө тарыхы башка нукка бурулат беле?

Хошим Мохманд: СССРдин жетекчилери да аскерлерди чыгаргандан кийин Ооганстанга басып кирүү ката болгонун мойнуна алышкан. Чындап эле бул чоң ката болгон. 120 миң аскердик контингентти жөнөтүүнүн эч кандай кажети жок эле. Ошол кездеги режимди ошончолук колдогусу келсе, сыртынан эле көмөктөшсө болмок. Бирок аскерлерди киргизүү ортодо ушунча кастык, душмандык маанайды жаратты, бүтүндөй улутка чоң трагедия алып келди.

"Азаттык": Советтик контингент турган 10 жылда Ооганстанда мектеп, ооруканалар курулган, ооган армиясы жакшы машыктырылып, камсыздалган деген ырастоолорду азыр деле укса болот.

Хошим Мохманд: Жок, бул калп. Аскерлер эч кандай мектеп же оорукана курушкан эмес. Ооганстанда кадимки согуш жүргөн. Өлкөнүн бардык бөлүктөрүндө, ар кайсы тарабында кармаштар болгон. Мектеп же башка инфраструктура курууга мүмкүнчүлүк да жок болчу.

Ооба, ооган армиясына колдоо көргөзүлгөнү, курал-жарак менен камсыздалганы, каржыланганы, күчтөндүрүлгөнү чын.

Советтер кеткенден кийин ооган куралдуу күчтөрү чындап эле кубаттуу болчу, көптөгөн офицерлер СССРде аскердик кесипке үйрөнүп, окуп, машыгып келишкен. Оккупацияга чейин эле эки өлкө аскердик чөйрөдө тыгыз кызматташып келген.

"Азаттык": 1989-жылдын 15-февралы оогандар үчүн тарыхый күн десек болот. Советтик аскерлер өлкөдөн чыкканына мына 30 жыл болду. Ошондон бери коомдук пикир өзгөргөн жокпу, мурдагыдан айырмаланган көз караштар айтылабы?

Хошим Мохманд: Оогандар үчүн бул тарыхый күн. Оогандар эркин эл, азаттыкты өтө баалашат. Менин билишимче, эч ким советтик аскерлер турган ошол жылдар жакшыраак болчу деп айтпайт. Советтик аскерлер өлкөнүн салттуу структураларын талкалап кетишкен. Ордуна эч нерсе курушкан эмес. Ооганстанда тынчтыктын орнобой жатышынын себептеринин бири мына ушунда. Оогандардын бир даары, өзгөчө можахеддер "СССРдей супер державаны чегинүүгө мажбур кылдык" деп абдан сыймыктанышат.

"Азаттык": "Талибандын" режими учурунда да, андан көрө СССР маалында жакшыраак болчу деген ойлор пайда болгон жок беле?

Хошим Мохманд: Жок, талибдердин бийлиги маалындагы жылдар өлкө тарыхындагы эң караңгы күндөр болгон. Бирок эч ким советтер мезгилин самагандай ой айткан эмес.

"Азаттык": Жакында ооган согушунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жоокер тирүү экени, Ооганстандын алыскы чөлкөмүндө жашаганы белгилүү болду. Туткунга түшүп, өз ыктыяры менен же башка себептерден улам ооган жергесинде калып калган аскерлер көппү?

Хошим Мохманд: Ислам динин кабыл алып, Ооганстанда калган советтик жоокерлер бир топ эле. Биз ошондой мурдагы аскердин биринен жакында интервью алганбыз. Герат аймагында жашайт, исламга өтүптүр, ооган аял алыптыр. Жихад музейинде иштейт экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түтүнгө ууланган наристелер

Түтүнгө ууланган наристелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

Паспорттон чыккан тиреш

Паспорттон чыккан тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Сирия: жоочулардын кесепети элге тийди

Багхуз айылынан качып чыккандар, 26-январь 2019-жыл.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын алты күн мурда баштаган.

Сириядагы жихадчыл күчтөрдүн акыркы таянычына чабуул коюла баштагандан бери бул аймактан качып чыккан адамдардын катары калыңдады. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар менен балдар түзсө да араларында эркектер жок эмес.

"Франс пресс" агенттигинин кабарчылары маалымдагандай, качкындар арасында балдарын жетелеген украиналык жана орусиялык аялдар да бар.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Балинин билдиришинче, бир күндө эле согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактан 600 тургун качып чыкты.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы соңку бир суткада дагы 350 киши жихадчылардын чордонунан качууга үлгүргөнүн маалымдады.

Андай качкындардын бири атын атабаган ирактык аял кырдаалды мындай сүрөттөдү:

- Абадан бомбалоо болуп жатты. Жыйырма күн боюнча буюм-тайымдарыбызды жыйнап алып, автоунаага түшүп чыгып кетүүгө аракет кылдык. Алар бизге уруксат бербей жатышты. Акыры жөө-жалаңдап качып чыктык. Баса албаган карыялар калышты.

"Сириянын демократиялык күчтөрү" Багхуз айылынын жанында, 11-февраль 2019-жыл.
"Сириянын демократиялык күчтөрү" Багхуз айылынын жанында, 11-февраль 2019-жыл.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобу көзөмөлдөп келген акыркы аймактар бошотуларына аз калганын билдирген.

Андан көп өтпөй, 9-февралда Кошмо Штаттар колдоо көрсөткөн, басымдуу бөлүгүн күрт жана араб жоокерлери түзгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" экстремисттик тобунун акыркы чордону деп мүнөздөлгөн Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагына чабуулун баштаган.

Күрт күчтөрүнүн божомолу боюнча бул айылда 2-3 миңге чейинки жайкын тургун жана 600дөй согушкер болушу мүмкүн.

- Бул кармаш жакынкы арада аяктайт. Багхуздагы террорчулардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Акыркы эки айда багынып бергендердин же камакка алынгандардын көбү чет мамлекеттин жарандары, - деп билдирди "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Бали.

Качкын аялдар менен балдар, Багхуз аймагы, 11-февраль 2019-жыл.
Качкын аялдар менен балдар, Багхуз аймагы, 11-февраль 2019-жыл.

Багхуз кыштагы Сириянын мунайга бай Дейр-эз-Зор провинциясында жайгашкан. "Сириянын демократиялык күчтөрү" "Ислам мамлекети" террордук тобун бул провинциядан сүрүп чыгаруу үчүн чабуулдарын сентябрь айында баштаган. Андан бери миңден ашык күрт жана араб жоокерлери, 650дөй жихадчы жана 400дөн ашуун жайкын тургун мерт болду.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча, соңку эки айда 37 миңдей адам экстремисттик топтун чордонунан күрт күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга жер которгон. Алардын көбүн "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары түзөт. Декабрь айынан бери "Сириянын демократиялык күчтөрү" 3400дөй согушкерди камакка алган.

Жихадчыл күчтөр Сириянын акыркы таянычынан сүрүлүп чыгарылгандан кийин АКШ күрт жана араб күчтөрүнө көмөк көрсөтүп жүргөн 2 миңдей аскерин Сириядан чыгарат деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жоголгон куралды жыйноонун жаңы аргасы

Ички иштер министрлиги.

Кыргызстанда 2010-жылдагы кандуу окуяларда жоголгон же уурдалган 1200гө жакын курал-жарактын жарымынан көбү кайтарыла элек.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тогуз жылдан бери жоголгон куралдарды издөөдөн майнап чыкпагандыктан өз ыктыяры менен тапшырылган курал-жарактарга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү.

Парламентте айрым депутаттар жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн аларды көмүскө базардагы баасы менен сатып алууну сунуш кылышты.

Ийгиликсиз издөө иштери

Кыргызстанда 2010-жылы 6-7-апрелдеги окуяларда жана июнь калабасында Таласта, Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен тартылып алынган же аскер бөлүктөрүнөн мыйзамсыз алынган курал-жарактын алты жүздөн ашуун даанасы кайра кайтарылган эмес.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бул тууралуу парламентте «Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча баяндамасында маалымат берди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов милициянын жоголгон курал-жаракты издөө иштери жакшы жыйынтык бербегенин белгиледи:

Улан Примов.
Улан Примов.

- Бүгүнкү күнү эң негизги маселе - мурда жоголгон 633 курал-жарак тапшырылбастан, элдин колунда жүргөнү. Бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөн эмеспи же биз тараптан жетиштүү каражат бөлүнбөй калганбы? Акыркы үч жылда жоголгон куралдарды издеп табуу боюнча кандай иштер жасалды?

ИИМ бул жолу 2010-жылдагы окуяларда жалпысынан 1190 курал-жарак жоголгону тууралуу расмий түрдө маалымат берди.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев 2019-жылга карата 555 курал-жарак табылып, кайра кайтарылганын жана бул жоголгон куралдардын 46 пайызын гана түзөрүн билдирди:

- 2017-жылы жарандардын колунан жалпысынан 399 курал-жарак алынды. Анын ичинен өз ыктыяры менен тапшырылган куралдын саны 196. Анан 2018-жылы жалпысынан алынган курал-жарактын саны 296 даана. Мунун көпчүлүгү 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон куралдар.

ИИМ жарандар жоголгон курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырыш үчүн аларга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуш кылды. Буга байланыштуу министрлик мыйзамды өзгөртүп, кезинде тартылып алынган, уурдалган же жоголгон куралдарды кайра кайтарууну көздөйт.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жогорулатылган сый акынын өлчөмү кандайча аныкталганын айтты:

Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

- Өкмөттүн токтомунун долбоорунда бул тууралуу сый акы берүүнүн аныкталган өлчөмдөрү каралган. Гранатомет тапшырылса, ал үчүн 16 миң сом сый акы берилет. Пулемет тапшырылса, ага дагы 16 миң сом, Калашников автоматы кайтарылса, анда ага 9600 сом берилет. СВД көзгө атар мылтыгы тапшырылса, ага да 9600 сом каралган. Мергенчилик карабини же анын кыркылганы болсо ага 6400 сом сый акы ыйгарылат.

Курал-жарактын базар баалары

Бирок парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мындай жол менен жоголгон куралдарды табуу мүмкүн эмес экенин айтып, аларды көмүскө базардын баасы менен сатып алууну сунуш кылды:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Эгерде кимдир-бирөө курал-жаракты тапшырса, аны биз базар баасында баалап коюшубуз зарыл. Бир автоматтын азыр базар баасы 1000 долларбы же бир жылкыбы, ошого жараша акчасын бериш керек. Жоголгон куралдарды базар баасында сатып алуу жагы каралганда гана алар кайра кайтарылат. Болбосо аларды силерге эч ким алып келип бербейт. Анан аны алып келген кишиден «Куралды каяктан алдың?» деп сурабагыла. Ал жоголгон куралды тапшырганга биз ыраазы гана болушубуз керек.

Буга чейин 2010-жылдагы кандуу окуяларда күч түзүмдөрүнөн тартылып алынган курал-жарак ар кайсы криминалдык топтордун колуна түшкөнү боюнча маалыматтар чыккан. Бирок ички иштер органдары ага катышы бар уюшкан кылмыш топторун кармап, алардын жашыруун курал-жарак кампаларын аныктаган учурлар катталган эмес.

Депутат Айнуру Алтыбаева жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн көмүскө базардагыдан эки эсе жогору баа сунушталышы керек экенин белгиледи:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Мисал үчүн менин колумда бир автомат болсо, аны таап аламбы же башка жагдайдабы, аны мен сиздер сунуш кылган 9 миң сомду алыш үчүн кайра силерге алып барып бербейм да. Аны мен эң жакшысы көмүскө базарга алып барып, 1000 долларга сатып жиберем. Ошондуктан көмүскө базардагы же каяктадыр катылып жаткан куралдарды кайтарыш үчүн аны базар баасынан эки-үч эсе жогору баада сатып алууга туура келет.

ИИМ 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон 865 курал-жарактын 351 даанасы кайтарылганын, анын 514үнүн дайыны дагы эле табылбай жатканын былтыр жарыялаган.

2011-жылы УКМКдан, ИИМден жана Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн тартылып алынган курал-жаракты кошуп санаганда 1177 даана курал жоголгону расмий кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орус Интернети обочолонуу аракетинде

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Дума “эгемен Рунет” тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечилер бул документ Глобалдык желе менен байланыш үзүлүп калганда Орусияда Интернеттин үзгүлтүксүз иштей беришин камсыз кыларын айтышууда. Бирок бул чара бийликтин Интернетке көзөмөлүн күчөтпөйбү?

“Рунеттин” же Интернеттин Орусиядагы сегментинин өз алдынчалыгын камсыз кылаары белгиленген мыйзам долбоору шейшемби күнү Думада кызуу талкууга жем таштады.

Чү дегенде эле долбоордун авторлорунун бири, Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Людмила Бокова баяндама жасап, бул мыйзам Орусияга зарыл экенин айтты:

- Орусиянын Маалыматтык коопсуздук боюнча доктринасында чек аралар ортосундагы маалыматтын агымы барган сайын геосаясий, аскердик жана террорчулук сыяктуу кылмыштуу максаттарга жетүү үчүн колдонулуп жатканы жазылган. АКШнын Улуттук киберкоопсуздук тууралуу стратегиясында белгиленген факторлор маалымат коопсуздугун камсыз кылуу маселесинин актуалдуу экенин көрсөтөт. Мындай шартта Орусияда Интернеттин узак мөөнөткө туруктуу иштешин камсыз кылган жана интернет-сервистеринин ишенимдүүлүгүн арттыра турган коргоочу механизмдерге муктаждык бар.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Мыйзам долбоорунда Орусиянын Интернет сегментинин чет өлкөлүк серверлерден өз алдынча иш алып барышы үчүн түрдүү чаралар камтылган.

  • Маселен Орусиянын интернет-операторлору Дүйнөлүк желеге байланыша албай калган шартта орус интернет-ресурстарынын үзгүлтүксүз иштей бериши үчүн өлкөдө тиешелүү инфраструктура түзүлүшү керек.
  • Байланыш түйүндөрүнө тыюу салынган маалыматка же сайттарга бөгөт коюуга жөндөмдүү атайын техникалык жабдыктар орнотулат.
  • Орусиялык колдонуучулар бири-бири менен алмашкан маалыматтарды өлкөнүн чегинен чыгарбоого болушунча аракет көрүлөт.
  • Мындан тышкары интернет-провайдерлер коркунучтуу кырдаал жаралган учурда трафикти башкарууну өкмөттүк органга өткөрүп берүүгө милдеттүү болот.

Соңку жобонун чоо-жайын Думанын Маалыматтык саясат жана байланыш комитетинин төрагасы Леонид Левин мындайча түшүндүрүп берди:

- Мыйзам долбоорунда “Роскомнадзордун” базасында маалыматтык коркунучтардын алдын алуучу борбор түзүү сунушталууда. Ал Интернет трафигинин багыттарын аныктап, көзөмөлдөп турат. Эгер өзгөчө кырдаал жаралса, Орусиянын ичиндеги маалымат агымын башкарууну колго алат.

Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, сайттарга дагы натыйжалуу бөгөт коюуга жол ачылат.
Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, сайттарга дагы натыйжалуу бөгөт коюуга жол ачылат.

Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык, коркунучту аныктоо жана түрдүү кырдаалда "Рунеттин" ишин калыбына келтирүү жолдорун жеткире иштеп чыгыш үчүн бийлик өкүлдөрү менен байланыш операторлору машыгуудан өтүп турушу керек.

Орусиянын маалымат каражаттары мындай машыгуулардын алгачкысы 1-апрелге чейин өтөөрүн кабарлашты. Бул иш-чаранын алкагында Орусиянын Интернет сегменти Дүйнөлүк желеден убактылуу бөлүнүп, киберчабуулдарга каршы коргонуу жолдору текшерүүдөн өтмөкчү.

Мурдарак орус өкмөтүнүн эксперттери "эгемен Рунет" тууралуу мыйзам ишке кирсе, «Роскомнадзордун» түздөн-түз кийлигишүүсү күчөйт деп эскертишкен. Ал эми операторлорго кенемте катары жылына 134 миллиард рублга чейин акча сарпталарын эсептеп чыгышкан.

Жаңы мыйзам долбоорун орус парламентиндеги бир нече депутат сынга алды.

- Мыйзам долбоорунун техникалык мааниси түшүнүктүү. Бардык Интернет жолдору серверлер аркылуу бир түйүнгө биригет. Ошону гана көзөмөлгө алышат. Мындай жол менен техникалык жактан каалаган нерсеге бөгөт койсо болот. Албетте, бул жерде демократия менен адам укуктарынын жыты да жок, - деп билдирди “Адилеттүү Орусия” партиясынын депутаты Федот Тумусов.

Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Кантсе да мыйзам долбоорун 450 орундуу Мамлекеттин Думанын 334 депутаты биринчи окууда жактырды. 47 эл өкүлү каршы болду. Орус маалымат каражаттары бул документти бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы колдоп жатканын, парламенттеги коммунисттер каршы экенин маалымдашты. Мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири өз партиясынан чыкканына карабай ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновский да документти колдобой турганын билдирди.

Коммуникациялар жөнүндө мыйзам сыяктуу бир катар расмий документтерге өзгөртүү киргизүүнү караган бул долбоор орус парламентинин төмөнкү палатасына декабрь айында келип түшкөн.

Бул долбоор экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков документ тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, мыйзам долбоорун "адистер талкуулап жатканын" айтуу менен гана чектелди.

Кантсе да Орусияда Интернеттин өз алдынчылыгын камсыз кылуу аракети Батыш өлкөлөрүндө Москванын дарегине киберчабуулдар жана социалдык тармактардагы кастыкты козутуучу аракеттер боюнча айыптоолор айтылып жаткан учурга туш келди. Мыйзам долбоорунун авторлору орус тарапка хакердик чабуулдар тууралуу негизсиз кине коюлуп жатканын белгилешти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коопсуз шаар: айдоочуларды сынаган алгачкы күн

Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, калаадагы 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады.

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"

Бишкек. 12-февраль, 2019-жыл.

Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Жол эрежесин бузгандарды аныктоо тартиби кандай болот? Айыппулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машине айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?

Ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында биз студияга Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовду, «Биз эксперт» талдоо тобунун жетекчиси Улукбек Кыдырбаевди жана Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторовду чакырдык.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералардын бири.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералардын бири.

«Азаттык»: «Коопсуз шаар» долбоорунун азыр бир чакан эле бөлүгү башталды. Бирок ал коомчулукта кызуу талкуулар менен коштолууда. Канча көзөмөл камерасы коюлду жана жол эрежесин бузуу каттала баштадыбы?

Эшмамбет Аматов: 12-февралдан тартып Бишкектеги 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады. Негизи бул долбоор төрт фазадан турат.

Бүгүн айыптардын баары сүрөт, видео каттоого алынып, расмий түрдө түшө баштады. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг бөлүмү бар. Ал жактагы операторлорго маалымат түшүп, протоколдор түзүлө баштайт.

«Азаттык»: Тилек мырза, камералар иштегенден бери жолдо жүрүү тартиби кичине өзгөрдүбү, байкай алдыңыздарбы?

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

Тилек Оторов: Сиздердин кеңсеге келе жатып, жолду байкап келдик. Жыл жаңыргандан бери эле айдоочуларыбыз этияттап, эреже бузбаганга аракет кылып жатышкан. Бүгүн да айдоочуларыбыз эреже бузбай айдаганын байкаса болот.

«Азаттык»: Улук мырза, бул долбоор элди абдан күттүргөн, бир топ каражатты, убакытты талап кылды. Ошол эле учурда коңшу Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жакшы эле иштеп жатпайбы. Мынчалык убакытты эмнеге талап кылды?

Улукбек Кыдырбаев: Биринчи кезекте долбоордун көпкө чейин ишке ашпай создугушу жеке кызыкчылыктар менен коомдун кызыкчылыгынын бири-бирине дал келбегенинде деп ойлойм. Себеби буга чейин көп тендерлер өттү. Бирок дээрлик баарын эле четке кагып келишти. Дал ушул кайталанма тендер жарыялоо «Коопсуз шаарга» бир нече жыл бою бут тосуп келди.

Угарман: Менин атым Максат, Нарындан чалып жатам. Маселен, мен Бишкекке барып, жол эрежесин байкабай бузуп алсам, же бузууга аргасыз болсом, анан мага айыппул тууралуу маалыматты Нарынга жиберсеңер, бирок мен эреже бузбаганымды далилдегим келсе, Бишкекке кайра келишим керек болобу?

Эшмамбет Аматов: Далилдөө камерасына жалаң эле машиненин сүрөтү түшпөйт. Ал жакта 15 секундга чейинки видео да тартылып калат. Машине кантип жол тилкесине чыкканын, эреже кандай бузулганын операторлор карайт. Эгер эреже бузулган болбосо анда далилденет. Бишкектен эмес, Нарындан келип, шаардан эреже бузуп, бирок кайра арыз менен кайрылса, анда баш калаага келүүнүн кажети жок. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын Нарындагы өкүлдөрү менен байланышып эле маселени чечүүгө шарт бар. Буга кошумча, автоунаа ээси атайын сайттан паспорт номурун, өздүк жеке номурун киргизип, айыппулдун өлчөмүн, эреже бузган-бузбаганын текшерип алса да болот.

Улукбек Кыдырбаев.
Улукбек Кыдырбаев.

Улукбек Кыдырбаев: «Коопсуз шаар» долбоорунда ачык айтылбаган дагы бир нече маселе бар. Ошол эреже бузууну аныктап отурган операторлор канчалык деңгээлде калыс боло алышат? Маселен, өкмөттө же дагы башка жогорку жакта иштегендердин номурун операторлор «кол тийбейт» деген бир тизмеге киргизип салса, алар эреже бузса деле мурдагыдай жүрө беришет да? Алардын каталарын эч ким байкабайт дагы, баягы эле эски адатыбыз калат да.

Экинчи маселе: камераларды коёрун койдук, бирок жол белгилери боюнча бирдиктүү стандарт жок. Айрым жерлерге белгилер коюлган эмес, коюлса да айдоочу көрө албагандай жерде туруп калат. Стоп-линиялар өчүп калган же кээ бир көчөдө жөө жүрүүчү баскан тилкеден үч метр аралыкта болсо, айрым жерлердеги аралык бир эле метр, бирдиктүү бир жол белгилери жок. Үчүнчүдөн, жол белгилерин жолду көзөмөлдөгөн кызматкерлерден сурасак «биз аны койгон жокпуз, башкалар жооптуу» дешет. Жол белгилерин айдоочуларга көрүнө тургандай, даана кылып койгон жагына кайдыгерлик бар да, менимче.​

«Азаттык»: Коомчулукту кызыктырган дагы бир маселе - машине айдаган киши менен автоунаа ээсинин ортосундагы жоопкерчилик болуп турат. Айыппулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?

Эшмамбет Аматов.
Эшмамбет Аматов.

Эшмамбет Аматов: Бул жерде айыппул кандай болгон күндө да машиненин ээсине барат. Анын дарегин тактоо паспорттук маалыматтары аркылуу ишке ашат.

Эреже бузуу аныкталгандан кийин 10 күндүн ичинде почтанын курьери аркылуу киши жашаган жерге жеткирилип, машиненин ээси кол койгон күндөн тартып расмий кабыл алынды деп эсептелет. Ал айыппулду 10 күндүн ичинде төлөшү керек.

Айта кетүүчү нерсе - мындан ары автоунаа айдаган же саткан адам мурдагыдай сатып ийип, каттабай жүрө берүү деген нерсе болбошу керек. Себеби жоопкерчиликти менчик ээси гана тартып калат. Эгер бир айдын ичинде төлөбөсө, анда күнүгө бир пайыздык туум коюлат. Сот аркылуу төлөтүп алуу процесстери башталат.

Талкуунун калган бөлүгүн бул жактан көрсөңүздөр болот:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грессел: Орусия "Талибанды" пайдаланууну көздөйт

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел.

Ушул тапта Ооганстанда 18 жылга аяк баскан согушту басыш үчүн «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр ургаалдуу жүрүп жатат.

Өткөн аптада Москвада «Талибан» кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун делегациясынын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду.

Андан мурда Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн бою сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Густав мырза, ушул тапта «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андагы Москва менен Вашингтондун ролун кандай баалайсыз?

Густав Грессел: - Орусия «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Москва америкалыктар ооган жергесинен чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды.

Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан орустарга мүнөздүү болгондой, постсоветтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат. Орусиянын башкы көздөгөнү ушулар эмеспи.

«Азаттык»: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги басма сөз жыйынында «америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн менчиктеп алгысы келет» деп айтты. Сүйлөшүүлөр жанданган сайын Вашингтон менен Москванын атаандаштыгы дагы күчөдүбү?

"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.
"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.

Густав Грессел: - АКШнын президенти Трамп мүмкүн болушунча эртерээк ооган жергесинен жоокерлерин чыгарып кетүү аракетинде. Америкалыктардын аскердик жетекчилиги болсо Ооганстанда дагы калууну туура көрөт, анткени согуш бүтө элек, «Талибан» кыймылына ишенич жок.

Бул эми Вашингтондогу ички талаш-тартыш. Бирок кандай болгон күндө да америкалыктар чыгып кетээрден мурда бардык тарапты канааттандыра турган шарт түзүлөт го. Мен жеке өзүм «Талибандын» бийлигине ишене албайм.

Орусиянын эң башкы көздөгөнү – америкалыктардын ооган жергесинен чыгып кетиши. Андыктан ал талибдерди жакындан колдоп, сүйлөшүүлөргө аралашып, алардын көз карашына таасир этип, америкалыктардын толук чыгып кетишин талап кылууга шыкак берип жатат. Орустар Ооганстанда чектелген сандагы америкалыктар калгандан көрө өлкөнү талибдер толук колуна алышын артык көрүшөт.

АКШнын аскердик жетекчилиги менен тышкы иштер мекемеси Ооганстанда аз санда болсо да өз контингентин калтыргысы келет. Бул Орусиянын стратегиясынын биринчи багыты.

Экинчи маанилүү нерсе – Орусия «Талибан» кыймылы кандай бийлик жүргүзөрүн, анын исламчыл радикализмге негизделген идеялогиясы коңшуларга кандай коркунуч жаратарын билет. Мына азыр орустар ушулардын баарын салмактап туруп, америкалыктардын толук чыгып кетишине жетишүүнүн аракетинде.

«Талибан» Ооганстанда бийликти колуна алган соң Москва Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин күчөтүп, аскер күчтөрүн көбөйтүп, «ооган тараптан келген коркунучка каршы күрөшүү» деген жүйө менен чек араларды кайтарууга кызуу көмөктөшө баштайт. Москва буга чейин жарым-жартылай жасаган ишин күчөтөт.

«Азаттык»: - Вашингтондун позициясы кандай? Америкалыктар согушту бүтүрүп эле Ооганстан чыгып кетүүнү көздөп турабы?

Густав Грессел: - Кошмо Штаттар бул маселеге келгенде ич ара бөлүнүп калды. Анткени президент Трамп бирди кааласа, дипломаттары менен аскердик мекемелери башканы көздөйт. Бирок акыры барып Трампка баш ийишет, анткени ал мамлекеттин башчысы.

Вашингтон ушул тапта жок дегенде «Талибан» кыймылынын жоочулары менен ооган армиясынын ортосундагы ок атышууну токтоткусу келет. Азыр ооган өкмөтү өлкөнүн бир бөлүгүн башкарса, башка тарабы талибдердин көзөмөлүндө турат.

Вашингтондун максаты - «Талибандын» Перс булуңундагы өлкөлөрдөн барган исламчыл топторго баш калка берип, келечекте «Ал-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун машыктыруучу борборуна айланышына жол бербөөгө жетишүү.

Америкалыктардын дагы бир көздөгөнү - тынчтык келишимине жетишилгенден кийин азыркы ооган өкмөтү менен талибдер бийликти бөлүштүрүп, уруу башчыларын да мамлекеттик башкарууга аралаштырууга жетишүү.

«Азаттык»: - Вашингтон чектелген сандагы аскерин калтырууга кызыкдар болсо, талибдер алардын толук чыгып кетишин талап кылып жатат. Мындай жагдайда макулдашуу мүмкүнбү?

Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат.
Густан Грессел.

Густав Грессел: - Бул албетте, орустар үчүн жакшы жаңылык. Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат. Москва үчүн, мен жогоруда айткандай, ооган жергесинен америкалыктардын толук чыгып кеткени максатка ылайык.

Андыктан Кремль болгон дипломатиялык жана аскердик каналдары аркылуу америкалыктарды сүрүп чыгарууга жан үрөп жатат. Москва үчүн аймактагы туруктуулук эмес, ушул башкы маселе эмеспи. Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек.

«Азаттык»: - Сиз жогоруда айткандай, сценарий ишке ашса, ооган согушунун жеңүүчүсү ким, жеңилгени ким болмокчу?

Густав Грессел: - Албетте, «Талибан» утат. Анткени алар кайра бийликти колуна алып, өлкөнү башкарат. Орусия утат, анткени алар америкалыктарды Ооганстандан толук чыгарууга жетишет. Ал эми аймакта кандай кырдаал түзүлөт? Бул суроого азырынча жооп жок.

«Талибан» бийликке келген соң 2001-жылдагыдай аёосуз фундаменталисттик режим кайра өкүм сүрбөйбү? Согуштун айынан өз мекенинен бозгон оогандардын аягы тыйыла элек.

Талибдердин бийлиги орносо ооган коомунда улуттук, уруулук, аймактык ажырым күчөйт. 2001-жылы америкалыктар Ооганстанга кире электе эле бул өлкөдө согуш жүрүп жаткан.

Ооганстандын келечеги – апийим гүлдөгөн өлкөгө айланат. Мунун коңшу өлкөлөргө коркунучу да, кесепети да оор болот.

«Азаттык»: - Дал ушул суроону берейин деп турам. Сиз айткан сценарий ишке ашса, анын Борбор Азия чөлкөмүнө таасири кандай болушу мүмкүн?

Густав Грессел: - Биринчеден, ооган качкындары жана маңзат аткезчилиги көбөйөт. Анткени «Талибанга» кандайдыр бир жол менен акча табуу керек. Өзүңөр билгендей, Ооганстанда өндүрүш же лыжа тебүү сыяктуу акча түшкөн жайлар жок.

Ошондой эле кырдаалга Сирия менен Ирак канчалык аралашат? Сауд Арабиясында, Иракта, Араб Эмираттарында акчалуу, таасирдүү, консервативдүү топтор бар, алардын колунда каражат жана колдогон күчтөрү турат.

Эгер ошол күчтөрдү Ирак менен Сирия сүрүп чыгарса, алар кайда барат? «Талибан» режими андай акчалуу, таасирдүү топтор менен ымала түзөбү же жокпу? Ошондой эле «Талибан» тышкы дүйнө менен кандай алака-байланыш түзөт деген суроо турат.

«Азаттык»: - Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиялары алардын экономикасындай эле алсыз экени эч кимге жашыруун эмес го...

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.
Густав Грессел.

Густав Грессел: - Албетте, бул өлкөлөрдүн армиялары өлкөнү сырткы коркунучтан коргоого жөндөмсүз экени айкын.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиясы чек араны эмес, баш калааларында отурган саясий режимдерди коргоого гана кудурети жетет.

Чындыгында Ооганстан менен чек ара миңдеген чакырымга созулат. Коңшу өлкөлөрдүн аймагын тепчип, тоо-ташты камтыган чек араны кайтаруу оор милдет. Ушул тапта Орусия бул чөлкөмдө коопсуздуктун кепилдиги сыяктуу саясат жүргүзүп жатат.

Келечекте «радикалдык исламчыл идеялогияга каршы туруу» деген жүйө менен орустар аскерлеринин жана атайын кызматтарынын контингентин кеңейтет.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.

Андыктан бул өлкөлөр эртеби-кечпи Орусияга гана эмес, Кытайга да бирдей ишеним арта баштаса туура болор эле деп ойлойм. Кытай бул чөлкөмгө экономикалык гана колдоо көрсөтпөстөн, терроризмге, баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө жана ыкчам чалгын иштерин жүргүзүүдө кызматташтыгын күчөтүүгө кудурети жетет.

Ошондо гана бул мамлекеттер Орусия менен Кытайдын ортосунда кандайыр бир тең салмактуулукту сактап, Москва менен Бээжиндин тилин бирдей тапмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:36 0:00
Түз линк

“Коопсуз шаар” ордунан козголду

Жол эрежесин каттаган көчмө радар. 11-февраль, 2019-жыл.

Бир нече жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралда иштей баштайт.

Аталган долбоордун биринчи баскычында Бишкектин негизги көчөлөрүнүн 10 кесилишине камералар орнотулду. Андан тышкары жол эрежеси бузулган учурларды аныктоочу көчмө радарлар ишке киришет.

Орусиялык «Вега радиокуруу концерни» компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга киришти. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров долбоордун биринчи фазасындагы иштер тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- 12-февралда долбоордун биринчи фазасы иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлат. Ушундан улам биз автоунаа айдоочуларын жол эрежелерин бузбоого чакырабыз. Жалпысынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычында 110 аппарат комплекстери коюлат. Анын ичинен 38 кесилишке камералар орнотулуп, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери ишке кирет.

Учурда баш калаанын Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси - Фучик, Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева, Жибек Жолу - Фучик, Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары, Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов, Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов, Чүй проспектиси - Курманжан Датка, Москва – Жусуп Абдрахманов, Максим Горький – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

Жол эрежесинин сакталышын каттаган көчмө радар.
Жол эрежесинин сакталышын каттаган көчмө радар.

Мындан тышкары, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери же башкача айтканда радарлар иштей баштайт. «Вега» компаниясынын оператору Данияр Окенов радар айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашкан учурда жана карама-каршы тилкеге чыкканда автоунааны каттай турганын көрсөтүп берди:

- Бул радар эки багытты тең тартат - башкача айтканда бери келаткан жана ары бараткан автоунааны. Мисалы, азыр бери карай келаткан маршрутканын айдоочусу саатына 20 чакырым ылдамдыкта айдап келатып, ылдамдыгын саатына 19 чакырымга чейин түшүрдү. Бул автобус болсо саатына 36 чакырым ылдамдык менен келе жатат. Бул аппарат фото менен видеого да тарта берет.

Кадимки видеого тартчу камераларга окшош, анча чоң эмес радарларды долбоорду ишке ашырып жаткан «Вега» ишканасынын операторлору ноутбук аркылуу башкарып турат. Алар Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен кеңешип, эреже бузуу көп катталган аймактарга көчүп иштешет. «Веганын» дагы бир оператору Бекулан Жумабаев радарлар көбүнчө кайсы аймактарга коюларын айтып берди:

Бекулан Жумабаев.
Бекулан Жумабаев.

- Шаардын кире беришинде жана трассаларга коюлат. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен үч айдан бери кайсы аймактарда жол эрежеси көп бузуларын, кайсы жерлерде кырсык көп болорун иликтеп, элден түшкөн арыздарга мониторинг жүргүздүк. Ошонун негизинде бизге аймактар бөлүнүп берилген. Азырынча ошол жерлерде тесттик негизде иштеп жатабыз.

Бул радарлар азырынча таңкы саат сегизден тартып кечки саат алтыга чейин иштейт. Ал жол эрежесин бузган айдоочунун автоунаасын жана номурун 100 метр аралыктан видеого жана сүрөткө тартып алат. Андан соң бул маалымат «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жөнөтүлөт.

Эреже бузган айдоочуларды жол кесилиштерине орнотулган камералар менен радарлардан тышкары Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын автоунааларына орнотулган «Ураган» аттуу жабдуу да тескей баштайт.

Аталган башкармалыктын Мониторинг борборунун бөлүм башчысы Нурбек Молдогазиев мындай аппарат 10 автоунаага орнотулганын билдирди. Анын экөө Бишкекте иштесе, калгандары аймактарга бөлүнүп берилген.

Нурбек Молдогазиев.
Нурбек Молдогазиев.

- «Ураган» жол четине, тротуарларга жана жөө адамдар өтүүчү жерлерге токтоп, жол эрежесин бузган автоунааларды бир сыйра каттап кетет, - дейт ал. - Беш мүнөттөн кийин кайра ошол жерге келет. Эгер беш мүнөттүн ичинде ал транспорт ордунан кетип калбаса жол эрежесин бузду деп катталат. Мисалы, «Айчүрөк» дүкөнүнүн, Ош базарынын, Аламүдүн базарынын тегерегине айдоочулар автоунааларын жол эрежесин бузуу менен токтотуп жүрүшөт.

Жалпылап айтканда жол кесилиштерине орнотулган камералар, көчүп жүрүүчү радарлар менен «Ураган» аппараты 12-февралдан баштап жол чырактын тийиштүү белгисине баш ийбеген, карама-каршы тилкеге чыккан, жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеге токтогон, жол чырактын токтотуучу белгисине карабай өткөн, жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузган, ылдамдыкты чектен ашырган жана автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузган айдоочуларды каттап, айыппул сала баштайт.

Жогоруда аталган аппараттарга жол эрежесин бузуп катталган автоунаалардын номурлары менен унаанын өзүнүн сүрөтү «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Андан соң ал Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна келип түшөт.

Ал жактан автоунаанын номуру менен анын модели шайкеш келер-келбеси текшерилип, айыппулдун өлчөмү, эреже бузуунун беренеси жазылып «Кыргыз почтасына» өткөрүлүп берилет. Андан соң «Кыргыз почтасы» айдоочунун дарегине кат жөнөтөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.

Айдоочу айыпты 30 күндүн ичинде төлөшү керек. Ал белгиленген мөөнөттө айыпты төлөбөсө үстүнө туум кошулат. Салынчу айыптар, коюлуп жаткан камералар менен деги эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айдоочулардын кабары барбы? Биз бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

- «Камераларды коюшат имиш» деген кабарым бар, - дейт шаар тургундарынын бири. - Шаардын ичине коюлган экен. Бирок мен ал жактан көп деле жүрбөйм да. Ал эми кандай эрежелердин бузулушун каттай турганын жакшы уккан эмесмин.

- Бирок шаардын көп көчөлөрүндө жол эрежелери боюнча белгилер жок, - деди дагы бир маектешибиз. - Кээ бир жерлерде өчүп калган. Кээ бир жерлерде бак тосуп калган.

- «12-февралдан баштап шаарда камералар иштей баштайт» деп угуп атам. Бул бир чети туура эле. Мисалы, айдоочулар эрежени бузбай калышат, - деди үчүнчүсү.

Жол эрежесин бузган айдоочулар өздөрүнө салынган айыппулдун өлчөмү менен алдын-ала кыргыз өкмөтүнө караштуу uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышат. Ал сайтта «Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулду текшерүү» деген баракчага кирип, өзүнүн идентификациялык маалыматы менен автоунаасынын мамлекеттик номурун жазса, жол эрежесин кайсы жерден, качан, кантип бузганы, ал үчүн канча сом айыппул төлөй турганы тууралуу маалыматтар чыгат.

«Коопсуз шаар» долбоору төрт баскычтан туруп, тийиштүү жабдуулар Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулат. Аны Орусиянын ««Вега» концерни» компаниясы 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырат.

Бул каражатты «Вега» компаниясы долбоорго салып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузулган учурга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат. Орусиялык компания долбоорго жумшаган акчасынын ордун ушундай ыкма менен толтуруп, пайда көрмөкчү.

Бийлик долбоор ийгиликтүү иштеп кетсе жол кырсыктары, коррупциялык иштер азаят деп ишендирүүгө аракет кылууда.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Пентагондун башчысы Ооганстанга келди

Патрик Шанахан (ортодо). Кабул, 11-февраль, 2019-жыл.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ооганстанга алдын-ала кабарланбаган сапар менен келди. Анын бул келиши Вашингтон талибдерге өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө баруу боюнча басым кылып жаткан учурда болуп жатат.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана америкалык аскерлер менен жолугууну пландаган Патрик Шанахан Кабулга 11-февралда эртең менен келди. Пентагондун башчысы аны коштоп жүргөн журналисттерге айтканына караганда, “Талибан” менен тынчтык макулдашуусуна жетишүү боюнча сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү сөзсүз катышууга тийиш.

- Ооганстан боюнча талкууларга ооган өкмөтүнүн катышканы маанилүү, - деди ал. - Ооганстанда келечек кандай болушу керек экенин оогандар чечиши керек. Сөз АКШ тууралуу эмес, Ооганстан жөнүндө болуп жатат. АКШ коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү каражат жумшап келе жатат, бирок оогандыктар өз келечегин өздөрү чечиши керек.

Ооганстанда айрымдар “Талибан” менен кандай гана келишим болбосун түзүлүшүнө каршы. Ошол эле кезде талибдер да Ооганстандын расмий бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып, аны Кабулдагы бийликти Батыштын “куурчак” өкмөтү деп мүнөздөгөн көз карашы менен түшүндүрүп келе жатат.

Пентагондун башчысынын сапары АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Трамптын администрациясынын демилгеси менен 17 жылдык согушту токтотуу максатында тынчтык макулдашуусуна жетишүү аракеттерин күчөткөн учурга туш келди. Мамлекеттик департамент билдиргендей, Халилзад 28-февралга чейин Белгияда, Германияда, Түркияда, Катарда, Ооганстанда жана Пакистанда болуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн өткөн айда Катардын борбор шаары Дохадагы жолугушуусу алты күнгө созулган. Анын 8-февралда айтканына караганда, талибдер менен алдын-ала макулдашууга жетишилсе да сүйлөшүүлөрдү акырына чыгарууга дагы көп убакыт керек.

- Биздин саясат – Ооганстанда дайыма калууга аракеттенүү эмес, - деди Халилзад. - Биздин Ооганстанда болуп жатканыбыз азыркы шартка гана байланыштуу. Биз келечекте Ооганстанды толук эгемен, өз алдынча өлкө катары көргүбүз келет.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Трамптын саясатына каршы чыгып, өткөн жылдын этегинде кызматтан кеткен Жим Мэттистин ордуна дайындалган. 56 жаштагы аскер башчы анын ишинин негизги багыты Сириядан АКШнын аскерлерин чыгаруу жана Кытайдын аскердик кубатына каршы туруу болорун айткан.

Шанахан 13-14-февралда Брюсселде НАТОнун жетекчилеринин жыйынына, ал эми 15-17-февралда Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияга катышат.

Шанахан 11-февралда ага Ак үйдөн Ооганстандагы 14 миң америкалык жоокердин санын азайтуу боюнча эч кандай көрсөтмө болбогонун да кошумчалады. Буга чейин президент Дональд Трамп америкалык аскерлердин санын эки эсе кемитүүгө ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу маселеси өткөн жумада Москвада “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын эки күндүк сүйлөшүүсүндө да козголгон. Ага ооган өкмөтүнүн жана АКШнын өкүлдөрү катышкан эмес.

“Талибан” кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган “Аль-Каида” кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

Айрым маалыматтарда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына “Талибан” жана башка топтор бийлик жүргүзөт. Ооганстанда аскерлер жана карапайым адамдар талибдерден тышкары, "Ислам мамлекети" террордук тобунун куралдуу чабуулдарынан да жапа чегип келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ИИМ Интернеттеги чагым менен күрөшөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги улут аралык, диний кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга алып келген чакырыктарга жана чагымчыл материалдарга каршы күрөштү күчөттү.

Буга далил катары бул мекеме социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу элди бөлүп-жарып, коомго бүлүк салууга багыттап жаткан видео жана башка маалыматтарга мониторинг жүргүзүп, анын негизинде чара көрүлө баштаганын билдирүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча жаңы Кылмыш-жаза кодексине ылайык мындай кылмыштарга карата жаза бир топ күчөтүлгөн.

Чагым таштаган чакырыктар

Ички иштер министрлиги жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы диний, улуттук жана аймактык ажырымга өбөлгө түзүп, Интернет аркылуу таратылган экстремисттик материалдардын бир катар көмүскө маалымат булактары аныкталып жатканын көрсөттү.

Министрликтин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы өткөн бир жыл аралыгында ыкчам-иликтөө багытында 10 миңден ашуун иш-чара өткөргөн. Анын натыйжасында диний, улуттук кастыкты козуткан жана аймак аралык ажырымга үндөгөн жүзгө чукул факты аныкталган. Алардын көпчүлүгү Интернеттеги социалдык түйүндөр жана мессенжерлер аркылуу жайылтылганы көрсөтүлгөн.

Экстремизмге каршы аракеттенүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев Интернет аркылуу коомго бүлүк салгысы келген жашыруун аккаунттар аныкталып жатканын айтты:

Эрлан Бакиев.
Эрлан Бакиев.

- Диндер менен улуттар ортосундагы кастыкты козуткандар, аймактык ажырымга үндөгөндөр эч качан өз атынан чыгышпайт. Адатта алар жашыруун ысымдар, көмүскө аккаунттар менен Интернет аркылуу бузуку маалыматтарын жайылтышат. Алардын даярдыгы ушунчалык жогору. Алардын IP даректерин изилдеп, аныктоо учурунда жабык VPN каналдарды колдонушканын көрүүгө болот. Бул мындай чагымчыл материалдарды жайылтуунун артында өз ишин мыкты билген адистер турганын көргөзүп турат. Бирок биздин бөлүмдүн адистери да андай иштердин бетин ачып, чагымчыл аккаунттарды жабыш үчүн чет өлкөлөрдөгү интернет-серверлерге чейин кайрылууга туура келет. Кийинки убакта эле ошондой токсондон ашуун маалымат булагы аныкталып, алардын арасынан 40 материал боюнча кылмыш иши козголду. Ошондуктан мындай ишке барган адамдар «билинбей калат, байкалбай калат» деп ойлобошу керек. Биздин кибер коркунучтар боюнча бөлүмдүн адистери 24 саат бою мониторинг жүргүзүп, чагымчыл материалдарды байкап турат.

Күчөтүлгөн жаза

2019-жылдын январынан тартып күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинде жогорудагы аракеттер экстремисттик жана мамлекетке каршы кылмыштар катары каралат. Улуттук, диний мүнөздөгү кастыкты козуткан жана аймактык ажырымга себепкер болгон аракеттер үчүн жаза күчөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинде 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу бекитилген. Эгер бул кылмыш өз ара келишип алып, атайын уюшма топтор аркылуу жасалса, анда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Милициянын подполковниги Эрлан Бакиев улуттук, диний же аймактык бөлүп-жаруу, ошого байланыштуу басынтып, кемсинтүү же шылдыңдоо оор кылмыштардын катарына киргизилгенин билдирди:

- Улутка бөлүү, диндерге бөлүү, аймактарга бөлүү - бул аябай чоң кылмыш. Мурда мындай кылмыштар үчүн жаза бир аз жеңил болгон болсо, жаңы кодекс боюнча ага 4-категориядагы жаза киргизилди. Кылмыштын бул түрү абалды күчөтүүчү шарттары менен бекитилди. Ошондуктан ага 5 жылдан 7,5 жылга чейинки, оорлотуучу жагдайы катары эгерде кылмыш бир уюшма топ менен алдын-ала макулдашуу аркылуу жасалса анда 10 жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаза колдонула турган болду. Араздашууга өбөлгө түзүп, козутуу экстремизмдин бир түрү катары каралып, мамлекетке каршы кылмыш катары мүнөздөлдү.

Улуттар ортосунда же диндер арасында кастыкты козуткан, аймактарды бөлүп-жарган аракеттерди адис-чекисттер кайсы бир күчтөрдүн коомго бүлүк салууну көздөп, атайын уюштурган экстремисттик иш ыкмасы катары мүнөздөшөт. Алар дүрбөлөң салыш үчүн коомдун кайсы бир катмарынын диний, улуттук же аймактык өзгөчөлүктөрүн колдонуп, бири бирине тукуруп, ырк кетирүүнү көздөйт.

Атайын кызматтын генерал-майору, улуттук коопсуздук маселеси боюнча эксперт Марат Иманкулов бул кылмыш түрү жаңы Кылмыш-жаза кодексинде өлкөнүн тынчтыгына, биримдигине жана мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтире турган кылмыштардын катарына кошулуп, жазасы күчөтүлгөнүн белгиледи:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Улуттар ортосундагы, диний кастыкты же болбосо аймактык ажырымга алып келүүчү маалыматтардын маал-маалы менен байма-бай жайылтылып жатышы - бул кайсы бир кызыкчылыгы бар саясий күчтөрдүн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды курчуткусу келген аракети. Алар ушундай жол менен абалды өзгөртүп, чайпагысы келет. Мүмкүн ушундай жол менен жоготкон позицияларын калыбына келтирүүнү каалашат. Алардан сырткары өлкөнүн ичинде жана тышында ушинтип кастыкты козутууну ниет кылган экстремисттик күчтөр да бар. Себеби алар үчүн бизде жаңжал болсо, ага аралаша калып, өз кызыкчылыгын ишке ашырууга ошончолук жеңил болот. Биз буга окшогон чагымчыл иштердин кесепети эмнеге алып келерин баштан өткөргөнбүз. 1990-жылдагы, 2010-жылдагы окуялар ага мисал боло алат. Жакынкы Чыгыштагы согуш оту токтобогон жаңжалдар деле ошентип чагым салып, коомду бөлүп-жаруудан башталган. Ошондуктан биримдикке доо кетире турган мындай нерселерди өз учурунда ооздукташ керек.

Буга чейин иштеп келген эски Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинде диний, улуттук кастыкты козуткан жана аймак аралык ажырымга үндөгөн аракеттер үчүн ири өлчөмдө акчалай айып салуудан баштап, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну караган жаза колдонулуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ош: көмүскө сатылган сымап

Сымаптын минералы. Чаувай кени, Ак-Терек шахтасы.

Ош шаарында жүз килограммдан ашуун сымапты алып жүргөндөр кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тактоо иштери жүрүп жатат.

Сымап менен кармалгандар уулуу затты кайдан алганын айта элек.

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева шектүү жарандар сымапты сатууга аракет кылган жеринен колго түшкөнүн айтып берди:

- 2019-жылдын 3-февралында Ош шаарында уулуу заттарды сатып жаткан жеринен эки жаран кармалган. Текшере келгенде ал сымап болуп чыкты. Кылмышка шектүүлөр аны кайдан алганы жана бул ишке тиешеси бар башка жарандарды да аныктоо иштери жүрүп жатат. Азырынча сымапты аткезчилик жол менен алып келген деп шек санап турабыз.

Кыргызстанда сымапты мыйзамдуу түрдө Айдаркендеги комбинат гана өндүрөт. Андан тышкары Кадамжай районунда "Чаувай кени" кичи ишканасы казып алат. Бул жерде өндүрүлгөн сымап товар түрүндө эмес, байытылып, флютоконцентрат түрүндө сатылат.

Бирок Айдаркен сымап комбинатынын директору Толубай Салиевдин айтымында, бул уулуу затты Кыргызстандын түштүгүндө жапайы жол менен өндүргөндөр да жок эмес.

Толубай Салиев.
Толубай Салиев.

- Сымапты эски калдыктар жаткан жерден топтоп алса болот. Ал өтө уулуу келет. Ноокат районундагы Улук-Тоо деген кен бар, азыр ошол жерден жапайы жол менен казып жатышат. Учурда Тажикстанда да көп өндүрүлүүдө. Алар чек арадан аткезчилик жол менен алып өтүшөт. Жапайы жол менен өндүргөндөр сымапты жашыруун сатканга аракет кылышат. Анткени аларда лицензия жок. Лицензия бизде гана бар. Бирок биз сымапты Кыргызстандын ичинде сатпайбыз. Биздин комбинат аны металл түрүндө өндүрүп, тышка экспорттойт.

Толубай Салиев Кыргызстанда сымапты кайра иштете турган ишкана жок экендигин да кошумчалады.

- Биз негизинен Орусияга экспорттойбуз. Өткөн жылы Британияга, Бириккен Араб Эмираттарына саттык. Бизде көзөмөл бар. Сымап куюлган бир флаяганын салмагы 34 килограмм чыгат. Анын бирөө 1200 АКШ долларына бааланат. 1 килограмм сымап 30 АКШ долларына сатылат. Биздики металл түрүндө, адамга, чөйрөгө зыяны жок. Ал эми жапайы жол менен казып алгандар жашыруун сатууга аракет кылышат, - деди Салиев.

Эске сала кетсек, Айдаркен сымап комбинатынын продукциясы тазалыгы боюнча дүйнөлүк эталон болуп саналат.

"Азаттыктын" архиви: Айдаркен сымап комбинаты ишке кирди​. 14-ноябрь, 2018​-жыл

Буга чейин да Ош шаарында, Баткен, Ош облустарынын аймагында сымап жана башка уулу заттар менен кармалгандар болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өкүлү Замир Сыдыковдун айтымында, сымап, күкүрт кислотасы ж.б. уулуу заттарды сатууга шек саналгандар Жаңы кодекстин 270тен 278ке чейинки беренелеринин негизинде жоопко тартылат.

Ага ылайык кылмышка шектүү 140 миң сом айып пул төлөйт же беш жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылат.

- Ош шаарынын аймагында уулуу заттарды жана сымап сатууга аракет кылган жарандар кармалган. Аларды тергөө иштеринен кийин сотко өткөрүп бергенбиз. Алардан алынган далил заттар атайын комиссиянын катышуусунда жок кылынат.

Күч кызматтары сымап же уулуу заттар бир өлкөдөн Ош аркылуу башка өлкөлөргө өтүп кетерин айтышат. 3-февраль күнү 100 килограммдан ашуун сымап менен кармалган эки жаран учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Википедия: Сымап ( Hg) – Д. И. Менделеевдин мезгилдик системасында IIВ тобундагы элемент. Табыгый массалык сандары 196Hg, 198Hg, 199Hg, 200Hg, 201Hg, 202Hg, 204Hg болгон жети туруктуу изотоп аралашмасынан турат жана алардын ичинен кеңири тараганы 202Hg. Ал өндүрүштө кеңири колдонулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Алматыдагы сот: аткезчилик иши

Алматыдагы сот: аткезчилик иши
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:23 0:00

Жаңы конуштагы токтон коркпогон балдар

Жаңы конуштагы токтон коркпогон балдар
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Казакстандагы өрттүн ачуу сабагы

Астананын Сарыарка районунда өрттөнгөн үй. Сүрөт видеодон алынды.

Казакстанда бир үй-бүлөдөгү беш баланын күйүп кетиши Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарга байланыштуу маселени көтөрдү. Жылдан жылга аянты кеңейип бараткан конуштардагы үйлөрдө шарт чеке жылытпайт.

Анда жашаган эл кышында колуна эмне тийсе жагып, көпчүлүгү электр энергиясы менен үйүн жылытууда. Бирок ачык калган, кыйма-чийме тартылган зымдардан анча деле кооптонушпайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан январь айында эле 140ка жакын турак жайдан өрт чыкканын кабарлады.

Денис Эсеналиев Бишкектин чет жакасындагы Дордой-1 жаңы конушунда беш жылдан бери жашайт. Ал жашаган үйдүн короосу чакан көрүнгөнү менен баш-аягы 10 түтүн каз-катар салынган батирлерде күн кечиришет. Көбүнүн балдары бар. Денис да жубайы, төрт баласы менен кичинекей эки бөлмөлүү үйдө турат. Тар бөлмөлөрдө тиричилик техникалардын электр зымдарына бут чалынат. Мындай көрүнүшкө Эсеналиевдин үй-бүлөсү кадыресе мамиле кылат:

Денис Эсеналиев.
Денис Эсеналиев.

- Үйдү болгону жылыткыч менен эле жылытабыз. Дайыма үйдө болгондуктан эч кандай деле коркунуч жок. Эгер мен жумушка кетсем келинчегим үйдө. Ал баарын өзү көзөмөлдөп турат. Балдар болсо токту кармабайт. Эч нерсе сайбайт, көңүл деле бурушпайт.

Короодогу үйлөрдө батирде тургандардын айрымдары эле көмүр жакпаса, калганы күнүмдүк тиричиликке, үйдү жылытууга электр энергиясын пайдаланат экен. Ал үчүн айына ар бир үй-бүлө 2500 сомдон 3000 сомго чейин төлөйт.

Тургундардын дагы бири Паризат Карагулова буга чейин электр энергиясын колдонуудагы коопсуздукту текшерип эч ким келбегенин айтты.

- Жарык барда жылыткыч саябыз. Ал эми жарык жокто көмүр сатып алып, жагууга туура келет. Эки бөлмөнү жылыткыч менен эле жылытабыз. Ушуга чейин текшерүү келе элек. Бирок электриктер эсепти текшерип, келип турушат.

Анткен менен жаңы конуштарда жашагандар текшерүүчүлөрдүн келип турушуна анча кызыкдар эмес. Буга өздөрүнүн электр жабдыктарына, аларды колдонуу эрежелерин сактоого маани бербегендиги да себеп болушу мүмкүн.

Укук коргоочу, шаардын көйгөйлөрүн көтөрүп келаткан Калича Умуралиева жарандардын өзүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Калича Умуралиева.
Калича Умуралиева.

- Мисалы, ӨКМ бала бакча, мектептерге барып коопсуздукту көзөмөл кылса болот. Же көп кабаттуу үйлөргө барып, подъездди текшерсе болот. Бирок аларды жер тамдагылар киргизеби? Биздин мыйзамдар боюнча үй жеке менчик, ага эч ким кире албайт. Ошондуктан жарандар үйүн коопсуздук үчүн атайын адистерди чакырып жасатыш керек.

Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда болгон кырсык Кыргызстанда да коопсуздукту эске салды. Анда 30 чарчы метр болгон үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп кеткен. Балдардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болушкан. Бул окуя казакстандыктарды гана эмес, кыргызстандыктарды да турак жайдагы өрт коопсуздугуна көңүл бурууга түрттү.

Паризат Карагулова.
Паризат Карагулова.

- Биз да кырсыкты көрүп аябай корктук. Жолдошум иштейт. Мен болсо балдарды карап үйдө элемин. Балдарды жалгыз таштасаң, ушундай кырсык болуп кетсе жаман да. Эми биз да кандай кылсак деп ойлоно баштадык. Бир жакка чыкканда бардык нерсени өчүрүп, балдарды бирөөлөргө калтырып калдык, - деди Паризат Карагулова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 6-февралда Элебаев жана Скрябин көчөлөрү кесилишкен жерде павильондо чыккан өрттөн эки киши көз жумду. 5-февралда Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өрттөн улам 21 жаштагы тургун каза болгон.

Ал эми январь айында өлкө боюнча 191 өрт кырсыгы катталып, андан төрт киши өлгөн. Министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова өрт көбүнчө турак жайлардан чыгарын билдирди.

- Үй шартында колго жасалган жылыткычтардын айынан жана ток өткөргөн зымдар ачык болгондуктан өрт чыгат. Же үйдөгү тиричилик техникаларын өчүрбөй кетип калганда өрт чыккан учурлар бар.

Расмий маалымат боюнча 2019-жылдын январь айында 191 ар кандай өрт кырсыктары катталган. Анын ичинен 136сы турак жайда болсо, 76 учурда электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Таблиги жамааттын" жаштарга жайган тузагы

Бишкек шаарындагы мечит.

Жогорку Кеңеште “Таблиги жамаат” боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 7-февралдагы парламент жыйынында "Ислам изилдөө институту "Таблиги жамаат" диний кыймылын жайылтууга салым кошуп жатат" деп айтып чыкты.

Ал институттун талкууга чыгарылган иликтөөсүн мисал келтирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) буга көңүл бурууга чакырды.

Эл өкүлүнүн белгилешинче, Ислам изилдөө институту жүргүзгөн иликтөөлөрдүн биринде "Жаштар арасында "Таблиги жамаатка" ыктагандар көп" деген өңүттө тыянак чыгарылып, коомдук талкууга коюлган.

- Алардын "жаштардын көбү "Таблиги жамаат" кыймылын жактайт",- деп жазганы мени тынчсыздандырууда. Эмне болуп жатканын элестетип көрдүңөрбү? Муну ошол кыймылдын жаштар арасында популярдуулугун ашырууга болгон аракет деп эсептейм. Мен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылып, Ислам таануу институтунун ишмердигин карап, алар жүргүзгөн изилдөөнүн чоо-жайын текшерүүнү суранам.

​Ислам изилдөө институту жаштардын радикализмге азгырылышынын күңгөй-тескейине баа берген изилдөөсүн 2017-2018-жылдары жүргүзгөн.

Ага катышкан адистер анда бир катар диний уюмдардын аталышы жазылып, жаштардын көбү башка уюмдарга салыштырмалуу "Таблиги жамаатты" жакшы билерин айтышкан.

Евробиримдик каржылаган изилдөөнүн жыйынтыгы коомдук талкууга коюлган эмес, бирок быйыл январдын аягында Интернетке чыгарылган.

Изилдөөнү жүргүзүүгө катышкан эксперт жана “Таблиги жамаат” тууралуу илимий китептин автору Канатбек Мурзахалиловдун белгилешинче, изилдөө үгүт максатында эмес, жаштарды радикалдашууга түрткөн жагдайларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн.

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

- Ал жерде эч кандай үгүт жок. Бир гана "Таблиги жамаат" эмес, Кыргызстандагы жамаат аттуунун баары көрсөтүлгөн. Алардын ичинен жаштар "Таблиги жамаат" жөнүндө кабардар дегенди билдирип жатат. Жаштар, эксперттер арасында сурамжылоо, фокус группалар өтүп, изилдөөнүн методологиясында болгон. Бул өтө чоң, көлөмдүү изилдөө. Жаштарды радикалдаштырууга кайсы факторлор, эмне түрткү болуп жатат деп, ошол жерде кайсы диний уюмдарды билесиңер деген суроо болгон.

Кыргызстанда ислам жана ага байланышкан татаал процесстерди изилдөөчү, көз карандысыз илимий институт 2014-жылы ачылган.

Институттун башкы максаты - исламдагы агымдар, кыймылдар жана уюмдар жөнүндө маалыматтарды элге туура жеткирүү менен диний радикализмдин алдын алуу, диний сабатсыздыктын шартында мамлекетке жана коомго андан сактанууга көмөктөшүү экенин мекеменин директору Маметбек Мырзабаев билдирди.

Ал бардык аймактарда жүргөн көлөмдүү изилдөөнүн толук отчету коомго чыга электигин кошумчалады:

Маметбек Мырзабаев.
Маметбек Мырзабаев.

- Илимий изилдөөдө көйгөйдү иликтеген адам өзү каалаган жыйынтыгын чыгарып койбойт. Андай кылса, илимий изилдөө болбойт. Социалдык изилдөөдө ким кандай жооп берсе, болгону болгондой чыгат. Илимий изилдөөлөрдү саясатташтыруу коркунучтуу жана өкүнүчтүү. Биз дагы расмий жооп даярдап жатабыз. Биз деле радикалдашуу тууралуу кырдаалды күч органдарына пайдалуу болсун деп иликтеп жатабыз.

"Жаштардын көбү ушул кыймылга ыктайт же ал тууралуу билет" деген изилдөөнүн жыйынтыгы - Кыргызстанда ушул уюм активдүү иш алып барат дегенди билдирет.

Институт Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" уюмунун өкүлдөрүнүн көп болушу кооптуубу же жокпу, анын коопсуздукка тийгизген таасири туурасында да өзүнчө изилдөө жүргүзүүгө даяр экенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев мамлекеттин диний саясатын, ушул багытта жасап жаткан иштерин жетишсиз деп сынга алды. Ал жаштардын көбү динди сырткы формасына карап кабыл алып жатканын айтты.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Биздин диний башчыларыбыз кайсы багыт, кайсы кыймыл зыян, кайсынысы жакшылык алып келерин өздөрү түшүнбөйт. Менин коркконум, өкүнгөнүм биздин жаштар кээ бир учурда түшүнүп-түшүнбөй, сырткы формаларга азгырылып, "таза мусулманбыз" деген ишеним менен жашап жатат. "Мен дааватка чыктым, сен да чыгышың керек, чыкпасаң мусулман эмессиң" деген талап таптакыр башкача болуп жатат. Мен ошого кайгырам, туура эмес болуп жатат. Аны жаштарыбыз түшүнбөй туруп, "Исхак аке, сиз "Таблиги жамаатка" каршы сүйлөп койдуңуз, мусулман эмессизби?" деген сөздөрдү айтышат.

“Таблиги жамаатты” Кыргызстан мүчө болгон ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) жана ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) "экстремисттик уюм" деп тапкан.

Кыргызстандын кошуна жана стратегиялык өнөктөш өлкөлөрү саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган.

Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келет.

"Таблиги жамаат" уюм катары Дин иштери боюнча мамлекеттик комитеттин каттоосунда турган эмес. Эксперттер аны агым деп атоо туура эмес деген пикирде. Уюмдун тамыры Пакистан, Индия жана Бангладешке барып такалат. Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары мүнөздөшөт.


Кыргызстанда “Хизб ут-Тахрир”, Жихад Союзу, "Жайшүл Махди" сыяктуу экстремисттик-террордук уюм катары таанылган агымдарга аралашып, алардын куралына жана жемине айланып жаткан жаштардын катары да калың экени соңку кезде көп айтыла баштады.

Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен “Таблиги жамаат” уюму тыюу салынбаган жалгыз өлкө болгондуктан дааваттын КМШ аймагындагы борбору катары да кабылданып жүрөт.

Анткени Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан атайын Кыргызстанга келип, дааватка чыккандар жок эмес. Ошол эле кезде ондогон кыргызстандык дааватчылар Орусияда жана Казакстанда ишмердик жүргүзгөнү үчүн соттолушкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Стамбулдун Картал районунда көп кабаттуу имарат кулады

Стамбулдун Картал районунда көп кабаттуу имарат кулады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00
Түз линк

Болжолу көп бомба чуусу

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек жана Ош аэропортторунда бомба коюлгандыгы тууралуу кабар тараткандарды таба элек.

Стратегиялык объектиде үч-төрт саат бою элди дүрбөлөңгө салган мындай окуялар өлкөдөгү коопсуздук маселесин эске салды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) стратегиялык объект болуп саналган Бишкектеги "Манас" эл аралык жана Ош аэропортунда “бомба коюлду” деп маалымат тараткандарды издеп жатат. УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун "Азаттыкка" айтканына караганда, баштапкы маалыматтар боюнча билдирүү электрондук почтага чет өлкөдөн келген. Ушундан улам аэропорттор жана айрым стратегиялык объектилер милиция кызматкерлери менен бирге текшерүүгө алынды.

- Эки авиакассаны жана эки аэропортту текшергенбиз, - деди ал. - Ким жөнөткөнүн текшеребиз. Ушундай эле каттарды шериктеш өлкөлөрдүн башка мамлекеттерине да жөнөткөн. Азыр иликтеп жатабыз. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.

Айрым тургундар социалдык тармактарда авиакассага жакын үйлөр, мекемелер да текшерилгенин, аэропорттон сырткары башка бир нече жайга жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат болушу ыктымал экенин жазышкан. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул маалыматты төгүндөдү. Анын айтымында, аэровокзал, учактар жана башка бардык имараттар текшерилди.

5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына "Манас" аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. Бул маалыматты текшериш үчүн УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүп, эч кандай кооптуу зат табышкан эмес. Ошол эле билдирүү саат 18:46да "Ош аэропортунда жардыруучу түзмөк бар" деп кайра жиберилген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, иликтеп-текшерүү ишинин натыйжасында аэропорттон эч кандай жардыргыч түзмөк табылган жок.

"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Ушул тапта "Манас" жана Ош аэропорттору кадимки калыбында иштеп жатат. Аба майдандын басма сөз катчысы Алия Курбанова белгилегендей, бомбага байланыштуу кабардан улам Москва жана Новосибирск шаарларына уча турган жана ички каттамдар 2-3 саатка кечиккен. Жүргүнчүлөр менен кызматкерлерди кошкондо миңдей адам эвакуацияланган. Бул жагдай канча экономикалык чыгым алып келгени эсептелип жатат.

5-февраль күнү жардыруучу зат коюлганы тууралуу маалымат Орусияда, Москва шаарынын бир нече жайларында да айтылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бала бакчалардан, соода борборлорунан, мектептерден 50 миңден ашуун киши эвакуацияланганын жазышты.

Кыргызстанда кээ бир мекемеге, соода борборуна "бомба коюлганы" тууралуу күч органдарына телефондон буга чейин да көп маалымат берилген, бирок алар жалган болуп чыккан. Мисалы, былтыр "Аккула" майданында шектүү зат табылып, ал танкка каршы коюлуучу мина экени аныкталган. Ага чейин бир нече соода борборлорунда бомба бар экени тууралуу телефон чалгандар болгон. Кийин алар жалган маалымат болуп чыккан.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев мындай маалымат тараткандарга катуу чара көрүү зарыл экенин айтты:

Абдувахаб Нурбаев.
Абдувахаб Нурбаев.

- Азыр жаңы технологиянын жетишкендиктерин колдонуп булар менен катуураак иштеш керек го. Электрондук почта аркылуу келди деп жатпайбы, аларды табыш үчүн УКМК иштеш керек. Балким жакшы эмес көз караштагы адамдардын атайын кылганы болушу мүмкүн.

Атайын кызматтын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов элди коркутуп, дүрбөлөңгө салуу кылмыш экенин белгиледи. Ошону менен катар бул кылмыштуу топтордун же экстремисттик уюмдардын кызыкчылыгы болушу ыктымал деген жоромолдорду да четке какпайт.

- Террористтик, экстремисттик уюмдардын негизги максаты бийликтен да коомчулукту коркутуп алуу. Андан кийин өз үстөмдүгүн жүргүзүп, идеологиясын таңуулоо аракеттери болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай уюмдар өз кишилери аркылуу атайын жөнөтүп коюшу мүмкүн дегенди жокко чыгарбайм. Экинчиден, кылмыш тобундагы адамдардын колунан келиши мүмкүн. Террористтик-экстремисттик кырдаал биздин аймакта курч экенин билебиз. "Ислам кыймылы" деген террористтик уюмдун көп мүчөлөрү Жакынкы Чыгыштан жер которуп Ооганстанга көчүп кеткенин билебиз. Ошондуктан коомчулук да, мамлекет да ушундай кырдаалга өз даярдыгыбызды көрүшүбүз керек.

"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Технологияны түшүнгөн адамга мындай маалыматты аты-жөнүн билгизбей жөнөтүп коюу кыйын эмес жана көп каражатты талап кылбайт. Маалыматтык технология боюнча адис Мундузбек Субановдун айтымында, каттын чет өлкөдөн келгени анык болсо аны табуу убакытты талап кылат.

- Мындай маалымат жөнөтүүгө көп аракеттин, чоң финансылык каражаттын кереги жок. Чет өлкөдө бир сервер алуу 5 доллар турат. Технологияны түшүнгөн адам болсо табыш кыйын эле болот. Азыркы программалар менен жөнөкөй студент деле үйдө отуруп, бир-эки кодду жазып кат жөнөтүп коёт. Алгач IP дарегин табыш керек, анын кайсы жакта жүргөнүн, ошол убакта кайда болгонун толук карап чыгыш керек.

Былтыр жарым жылда ушуга окшогон маалымат тараткан факты боюнча беш кылмыш иши козголгон. "Телефон террорчулардан" Бишкекте "бомба коюлганы" тууралуу улам бир маалымат түшүп, күч түзүмдөрүнүн тынчын алган учурлар боюнча кылмыш иштери козголгону менен азыркы учурга чейин алардын ким экени аныктала элек. Ошондой эле "телефон террорчулардын" кандай максат көздөгөнү жана алардын коомчулукка дүрбөлөң салуу аракеттери боюнча кандай илинчектери бар экени белгисиз. Кылмыш-жаза кодекси боюнча атайылап жалган маалымат тараткандар коомдук жумушка тартылып, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз милициясы: тазалануунун жолу татаал

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 4-февралда ИИМде өткөн басма сөз жыйынында министр «милиция тазаланып жатат» деп ишендирүүгө аракет кылды.

Кийинки убакта тартип сакчылары үрөй учурган кылмыштарды кылганы боюнча бир канча факт катталды. Ал арада министрлик кызматты экинчи жолу ээлеп отурган Кашкар Жунушалиевдин өзүнө сын күчөдү.

Кашкар Жунушалиев милиция кызматкерлери аралашкан кылмыш иштеринин ачыкка чыгышын ириде ички иликтөө кызматынын ишинин натыйжасы деп түшүндүрдү. Ал милициянын атына көө жапкан кызматкерлерден тазалануу ачык-айкындыктан башталарын айтты:

- Ачыгын айтайын, ИИМдеги тазаланууга сиздердин жардамыңыздар да абдан чоң. Мыйзам, тартип бузган кызматкерлер тууралуу маалыматтар чыкканда анын баарын көзөмөлгө алып, алардын жетекчилеринен, ички иликтөө кызматынан сурайм. Пара талап кылып жаткан кызматкерлер кармалды. Бул биздин ички иликтөө кызматыбыздын ишинин натыйжасы. Эгер биз аларды кармабасак, силерге ачык-айкын жарыялабасак, башкаларга окшоп жашырсак, анда «кызматкерлерге тарбия беребиз, ичибизден тазаланыбыз» деген аракетибизден майнап чыкпай калбайбы. Биздин кызматкер зордуктоо боюнча айыпталып кармалып жатат. Аны биздин ички иликтөө кызматыбыз кармап жатат. Эгер биз аны жашырып койсок билинбей калмак да. Биз андайга барбайбыз.

Министр коомчулуктан, журналисттерден тазаланууга жардам жана колдоо сурады. Мындан сырткары, кадр саясатына, реформага, ротацияга байланыштуу суроолорго да жооп кайтарып, «натыйжа болот» деп убада берди.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр ички иштер органдарынын кызматкерлерине байланыштуу 67 кылмыш иши козголуп, 83 кызматкер жоопко тартылган. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу кыйла аз. Маселен, 2017-жылы ошондой 90 кылмыш иши козголгон жана жоопко тартылган кызматкерлер да алда канча көп болгон.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулованын пикиринде, милиция кызматкерлеринин кылмышка аралашканынын өзү эле кооптуу көрүнүш.

- Менин байкашымча, мындай фактылар көбөйүп кетти, - дейт укук коргоочу. - Көбөйүп кеткени милиция жетекчилеринин ачыктыгынанбы же башкабы, билбейм, бирок мындай фактылардын өзү эле кооптуу болуп жатат. Андан сырткары ошол фактыларга байланыштуу кандай иш-аракеттер болду, кимдин жоопкерчилиги каралды, анын негизинде азайдыбы, анысы белгисиз бойдон калып жатат. Жөнөкөй жарандарга караганда милиция кызматкери мыйзамдуулукту бир канча эсе жакшы караган адам болушу керек да. Ушундай фактылардын өзү аябай уят жана коркунучтуу фактор.

Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, экс-министр Зарылбек Рысалиев милиция кызматкерлери аралашкан кылмыштар азайды жана көбөйдү деп салыштырууга болбой турганын айтты:

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

- Негизи мындай кылмыштар такыр эле болбошу керек. «Быйыл мынча пайыз аз болду, биз оңолуп калдык» дегендин өзү туура эмес. Эгер атайылап жасабаса, кырсык болсо анда аны башкачараак түшүнүш керек. Эгер атайылап кылмыш кылган болсо, анда аларды өтө катуу жазалаш керек. Катуураак жоопкерчиликке тартыш керек.

Урмат Казакбаев - «Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык союзунун өкүлү. Анын баамында, Кашкар Жунушалиев өзүн реформатор катары көрсөтө алган жок.

- Бүгүнкү күндө кандайдыр бир чоң өзгөрүү болгону байкалган жок, - дейт активист. – Маселен, жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматты реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн, биз ошол топко жардам берип келе жатабыз. Жумушчу топ башында жакшы максат менен түзүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө ошол иш токтоп баратат. Айткан идеяларыбыз, сунуштарыбыз кагазга түшпөй калды. Муну азыркы министрдин реформатор эмес экенинин дагы бир далили катары айтса болот.

Кашкар Жунушалиев экинчи ирет ички иштер министри болуп былтыр апрель айында дайындалган. Өткөн аптада президент Сооронбай Жээнбеков Жунушалиевди кабыл алганда таза эмес кызматкерлерден арылууну, милицияга болгон ишенимди калыбына келтирүүнү тапшырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Путин: "АКШ кандай кылса, биз да ошентебиз"

Орусиянын президенти Владимир Путин.

31-январь күнү АКШ менен Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. 2-февралда АКШ, андан кийин дароо эле Москва да бул келишимдин алкагындагы өз милдеттенмелерин токтотоорун жар салышты.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2-февраль күнү тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушууда АКШ менен түзүлгөн ракета келишиминин алкагындагы милдеттенмелерин Орусия да АКШ сыяктуу эле токтоторун айтты.

- Биз мындай кылабыз. Алар кандай кылса, биз да ошентебиз. Америкалык өнөктөштөрүбүз «келишимди токтотобуз» дештиби? Биз да токтотобуз, - деди Владимир Путин.

Анын айтымында, Орусия азырынча жарыша куралданууну баштабайт жана биринчи болуп андай ракеталарды дүйнөнүн булуң-бурчуна жайгаштырбайт. Анткен менен, эгер АКШ мындай ракеталарды жайгаштыруу боюнча иштерди баштаса, Орусия ага дароо өзүндөй кылып жооп кайтарууга даяр. Путин орус министрлерине «Кинжал», «Пересвет», «Авангард» жана «Сармат» сыяктуу куралдардын даярдык деңгээлин текшерүүнү тапшырды. Азырынча Орусиянын негизги тактикасы – АКШ эмне кыларын күтүү.

- Бул багыттагы биздин бардык сунуштарыбыз ошол бойдон калат, - деди ал. - Сүйлөшүүгө эшик ачык. Анткен менен, эки министрлик тең бул тууралуу сүйлөшүүнү баштабай туруңуздар. Күтүп туралы. Өнөктөштөрүбүз биз үчүн, алар үчүн жана жалпы дүйнө үчүн маанилүү бул маселе боюнча биз менен тең укуктуу жана маңыздуу сүйлөшүү жүргүзүүгө жетилсин.

АКШнын президенти Дональд Трамп болсо «Вашингтон бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн колдойт, бирок Орусия өз милдеттенмелерин буга чейин аткарбай, 9M729 же SSC-8 канаттуу ракетасын жасады» деген мааниде жооп кайтарды.

- Бир тарап бул келишимди сактабай келди. Биз сактадык, бирок алар анткен жок. Андыктан, эгер алар өз милдеттенмесин аткарбаса, биз аны жалгыз аткарып отурбайбыз. Мен ишенем, баарыбыз бир кооз бөлмөгө чогулуп, жаңы келишим түзөбүз. Албетте, мен муну каалайм. Бирок ал келишимди бардык тараптар аткарышы керек. Бирөөсү аны көзгө илбей атса, өзүн чектебесе биз өзүбүздү өзүбүз чектебешибиз керек, - деди Трамп.

1987-жылы түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишим 500дөн 5500 чакырымга чейин жеткен, жерден атылган канаттуу ракеталарды же баллистикалык ракеталарды жасоого, колдонууга жана жайгаштырууга чектөө коёт.

АКШ тарап Орусияны «бул келишимди бузуп келди» деп 2014-жылдан бери айыптап келатат, бирок Москва ал дооматтарды четке каккан. Кремль, өз кезегинде, тескерисинче Вашингтон өзү бул келишимди бир нече ирет бузганын билдирген. Акыркы жолу тараптар бул маселени 31-январда Бээжинде тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде талкуулап, орток бүтүмгө келген эмес.

НАТО өлкөлөрү бул талашта АКШ тараптын келишимден чыгуу боюнча чечимин колдоого алышты. Расмий Бээжин тескерисинче, АКШнын бул чечимин кескин сынга алган. Вашингтон өз кезегинде АКШ менен Орусия келишим менен байланып турганда Кытай өзүнүн ракеталык күчтөрүн кыйла көбөйтүп алганын да эске салып жүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гутерреш Москва менен Вашингтон бул боюнча орток пикирге келерине үмүтү бар экенин айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Европанын Ирандан кол үзгүсү жок

АКШ өз санкцияларын калыбына келтиргенден кийин Европанын бир катар компаниялары Ирандагы ишин токтоткон.

Германия, Франция жана Улуу Британия Иран боюнча АКШнын санкцияларын айланып өтүүчү атайын финансылык механизмди ишке киргизгени жатат.

Жаңы механизм европалык фирмаларга Иран менен иш жүргүзүүгө жол ачат. Ошондой эле ал Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди сактап калууну көздөйт.

2015-жылы дүйнөлүк державалардын ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын сындаган АКШ андан былтыр чыгып кетип, Иранга каршы санкцияларын калыбына келтирген.

31-январда күчүнө кирип жаткан механизмди иштеп чыгуунун башында Германия, Франция жана Британия турат жана аны алгачкылардан болуп Еврошаркеттеги ушул үч мамлекет киргизүүдө.

«Wall Street Journal» басылмасынын жазганы боюнча, жаңы чаралар европалык фирмалар менен иран компанияларынын ортосунда акчалай түз операцияларды жүргүзбөстөн, бартер же товар алмашуу түрүндө соода кылууга жол ачат.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас.

- Биз Иран бул келишимден чыгып, кайрадан уранды байыта башташын каалабайбыз. Бул Европанын коопсуздугуна байланышкан, биздин кызыкчылыгыбыздагы иш, - деди Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас 28-январда Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө.​

Германия, Франция жана Улуу Британия 2015-жылы түзүлгөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден АКШ чыгып кеткенине карабастан, Кытай жана Орусия менен бирге аны сактап калууга аракет кылып келе жатат.

Алты держава менен Ирандын ортосунда түзүлгөн келишимден Вашингтон былтыр май айында чыгып кеткенде президент Дональд Трамп ага Тегеран баллистикалык ракеталарды сыноо, террордук топторду колдоо менен ал келишимдин «маңызын» бузуп жатканын жүйө келтирген.

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук Европа Биримдигин Тегеранга каршы санкция киргизүүгө үндөгөн.

- Биз Европа Биримдигин Ирандын ракеталарды сыноосуна жана аны жайылтууга аралашкан адамдарга санкция салууга чакырабыз, - деген ал. - Анткени Ирандын аракеттери БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине карама-каршы келет.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган. Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф андан АКШнын чыгып кетип, санкцияларды калыбына келтиргенин сындап жатат.

Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

- Биз эки жыл убакыт короттук, - деди ал. - Бул эки барак кагаз, сүрөт же жөн гана фотокөчүрмө эмес. Бул деген ар бир сөзү ондогон адамдар, анын ичинде өзөктүк программа боюнча окумуштуулар, юристтер, финансисттер тарабынан түзүлгөн 150 барак документ.

АКШ өз санкцияларын калыбына келтиргенден кийин Европадагы бир катар компаниялар Ирандагы ишин токтоткон болчу.

Башкы кеңсеси Венада жайгашкан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик «Иран өзөктүк куралга байланыштуу келишимдеги өз милдеттенмелерин аткарып жатат» деп ырастап келатат. Тегеран да келишимден Вашингтон чыгып кеткенине карабастан, анын шарттарын сактай турганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тартип сакчыларынын тартипсиз иштери

Иллюстрациялык сүрөт.

Акыркы эки апта ичинде милиция кызматкерлери катышкан жол кырсыгынан эки адам өлдү. Муну менен катар эле пара талап кылууга жана зордуктоого шек саналып жаткан милиция кызматкерлери камакка алынды.

Тартип сакчыларына байланыштуу акыркы окуяларды Ички иштер министрлиги таза эмес кадрлардан арылуу аракети катары баалап жатат. Бирок күч органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери милициянын жоопкерчилигине байланышкан маселени көтөрдү.

29-январда Сокулук районунун Новопавловка айылында таңкы саат жети чамасында Чүй облустук милициясынын 24 жаштагы кызматкери автоунаасы менен 11 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Эгиздин түгөйү, Чыңгыз Айтматов атындагы №1 орто мектептин окуучусу ошол жерден каза болгон.

Чүй милициясынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева милиция кызматкери камакка алынганын кабарлады.

- Бардык экспертизалар дайындалып, автоунаа айып короосуна токтотулду. Айдоочу убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды. Кармалган жаран Чүй облусуна караштуу кайгуул күзөт кызматына 2017-жылы ишке кирген.

Бул акыркы эки жума ичинде милиция кызматкерлери катышкан экинчи автокырсык болуп калды. 21-январга караган түнү Бишкекте Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери мас абалында автоунаа башкарып баратып, “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү машинаны сүзгөн. Кырсыктан 34 жаштагы аял каза болгон.

Жол кырсыктарына себепчи болгон милициялардын окуясы Интернетте талкууланып бүтүп-бүтө электе 30-январда Бишкектеги Свердлов РИИБнин 36 жаштагы кызматкери зордуктоого шектүү катары камакка алынды.

Ушул эле күнү Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы опузалап каражат талап кылып, 20 миң сом акча алып жаткан жеринен милициянын мурдагы кызматкерин кармады.

Күч түзүмдөрүндө бир нече жыл иштеген Жогорку Кеңештин экс-депутаты Туратбек Мадылбеков милиция аралашкан акыркы кылмыштарды туура эмес кадр саясаты менен байланыштырып, жоопкерчилик маселесине көңүл бурду.

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

- Милициянын формасын кийгенден кийин сен жөнөкөй адамга караганда эки эсе мыйзамды туу тутушуң керек. Анткени сен бийликтин өкүлүсүң. Ар бир сүйлөгөн сөзүң, жүрүм-турумуң менен башка адамдарга үлгү болушуң керек. Акыркы 10-15 жылда милицияга каршы туура эмес көз караш калыптанды. Себеби, милициялар жоопкерчиликти сезбей жатат.

Милициялардын мыйзамсыз иштери жогоруда айтылгандар менен эле бүтүп калбайт. 24-январда ИИМ менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) кызматкерлери чогуу жүргүзгөн иш-чарада Бишкек шаардык милициясынын кызматкери жана милицияда мурда иштеп кеткен эки адам 2500 доллар акча алып жаткан жерден кармалган.

Акыркы окуялар милицияга сынды күчөттү. Ал эми ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бети ачылган фактыларды милицияны тазалоо иши катары баалады.

Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

- Бул иштер боюнча сөзсүз чара көрүлөт. Министрликте ушундай иштерге каршы аёосуз күрөш жүрүп жатат. ИИМдин ички өздүк иликтөө кызматы ар бир факты боюнча иш алып барат. Мисалы, Интернетке чыгабы, башка да көрүнүштөр болобу чара көрүлөт. Акыркы үч иш боюнча кылмыш иши козголгон. Бул тазалануу процесси. Анткени буга окшогон көрүнүштөр менен аёосуз күрөшүү керек да. Ошол эле учурда кылмышты жасаган кызматкер эле эмес, аларды көзөмөлгө алуучу райондук, облустук ички иштер башкармалыктардын жетекчилери, эгер борбордук аппаратта болсо анын жетекчилерине да кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, чара көрүлөт.

Министрдин орун басары “тийиштүү кызматкерлерге чара көрүлөт” деген менен азыркыга чейин канча милиция мыйзамсыз иши үчүн жоопко тартылганы белгисиз.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси жана ИИМдин коомдук кеңешинин мурдагы мүчөсү Азиза Абдирасулова тартип сакчыларынын иши бармак басты, көз кысты болуп бүтүп кеткен учурлар көп экенин айтты:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

- Карапайым адам кылмыш жасаса анын ишин тергөө, жоопко тартуу оңой. Ал эми милиция кызматкерлери катышкан иштердики бир топ кыйын. Себеби, алар кызмат абалынан пайдаланышат. Ошондой эле “карга карганын көзүн чукубайт” болуп, прокуратура кызматкерлери менен достошуп, тил табышып алат. Милициялар тарабынан акча талап кылуу, уруп-сабоо, коркутуп-үркүтүүлөр аябай көп болот. Анткени аларда мүмкүнчүлүк бар. Карапайым адамдар милициянын формасынан эле коркот.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-январда Ички иштер министрлигинин былтыркы жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышкан. Анда өкмөт башчы министрликтин жасап жаткан ишине айрым кызматкерлердин мыйзамсыз кадамдары көө жаап жатканын айткан.

Өткөн жылы 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызынын Жайыл райондук милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүшү да милицияга болгон дооматты күчөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG