Ош шаарында жүз килограммдан ашуун сымапты алып жүргөндөр кармалды.
Кыргызстандын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган он эки адамдын ишин Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык соту 2018-жылдын 19-октябрынан бери карап жатат.
Казакстанда 4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда турак жай өрттөнүп, беш бала күйүп кетти. Балдардын эң кичүүсү бирге чыга элек болсо, улуусу 12 жашта эле. Ушундан улам “Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштардагы үйлөрдүн абалы кандай, алар электр тогун колдонууда эрежелерди сакташабы
Жылдан жылга аянты кеңейип бараткан конуштардагы үйлөрдө шарт чеке жылытпайт.
Жогорку Кеңеште “Таблиги жамаат” боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.
6-февралда Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда көп кабаттуу үй кулады. Түрк бийлиги кеминде 3 киши каза таап, 10дон ашуун адам ооруканага түшкөнүн билдирди.
УКМК Бишкек жана Ош аэропортторунда бомба коюлганы жөнүндө кабар тараткандарды таба элек.
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кылмышка аралашкан милиция кызматкерлери тууралуу дооматтарга жооп берди.
31-январь күнү АКШ менен Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимине байланыштуу сүйлөшүүлөр натыйжасыз аяктады. 2-февралда АКШ, андан кийин дароо эле Москва да бул келишимдин алкагындагы өз милдеттенмелерин токтотоорун жар салышты.
Германия, Франция жана Улуу Британия Иран боюнча АКШнын санкцияларын айланып өтүүчү атайын финансылык механизмди ишке киргизгени жатат.
Акыркы эки апта ичинде милиция кызматкерлери катышкан жол кырсыгынан эки адам өлдү. Муну менен катар эле пара талап кылууга жана зордуктоого шек саналып жаткан милиция кызматкерлери камакка алынды.
Москва полициясы Третьяков галереясындагы сүрөттү уурдады делген шектүүнү кармады. 27-январда белгисиз адам Третьяков галереясынан чак түштө толтура элди аралап сүрөттү көтөрүп чыгып кеткени байкоочу камерага түшүп калган.
Дагы жүктөңүз