Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 10:24

Коопсуздук

Кримчөйрөдө «таажы» талаш башталдыбы?

Иллюстрациялык сүрөт.

Шайлоо жакындаган сайын ар кайсы саясий күчтөрдүн калкалоосундагы кримтөбөлдөрдүн арасында таасир талаш күчөп жатканы айтыла баштады.

Парламентте уюшкан кылмыштуулуктун саясатка жана бизнеске тийгизген таасирин ооздуктоо үчүн криминалга каршы мыйзамдарды катаалдаштыруу маселеси көтөрүлдү.

Анда жазык кодексине уюшкан кылмыш тобун түзүү жана ага мүчө болгону үчүн жоопко тартууну караган ченемдерди киргизүү жагы сунушталды.

Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүндөгү кырдаал толук көзөмөлдө экенин айтып, криминалдык топторду ооздуктоо боюнча мыйзамды кабыл алуу парламенттин колунда экенин жарыялады.

Эки лөктүн тиреши эмнеге байланыштуу?

Айрым жергиликтүү Интернет басылмалар күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү булактарына таянып, Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүндө олуттуу тирешүү жүрүп жатканын жазып чыгышты.

Анда Оштогу "Жеңго" аттыкан кримтөбөл Кадыр Досонов криминалдык "таажыны" талашып, "Коля Кыргыз" деген ылакап аты бар Камчы Көлбаев менен каршылашып жатканы кабарланган. Ошондой эле кримчөйрөдөгү бул тирешүү алдыдагы шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн деген божомолдор келтирилген.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

​Кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист жана блогер Семетей Талас уулу криминалдык чөйрөдөгү учурдагы кырдаалды саясат менен байланыштырууга негиз жок деп эсептейт:

- Бизге жеткен маалыматтарга караганда, өткөн январь айында экөөнүн ортосунда бир аз түшүнбөстүк болуптур. Бирок бул жагдай Кадыр Досоновдун Камчы Көлбаевге каршы чыкты дегенди түшүндүрбөйт. Экөөнүн ортосунда эмнеден улам келишпестик чыкканы кеңири коомчулукка айтыла турган маалымат эмес. Кадыр Досонов эмне максаты көздөп жатканы белгисиз. Бирок бул саясатка байланыштуу деген туура эмес. Анткени бүгүнкү бийлик Бакиевдердин криминал менен "достошкон" өз ара ымаласы эмне менен бүткөнүн мыкты түшүнөт. Бийликке азыр андай баш оорунун кереги жок. Бул криминалдык тирешүүнүн себеби шайлоого даярдыкка байланыштуу деген чындыкка коошпойт. Анын себептери такыр башка жакта.

​Ошол эле кезде аталган Интернет басылмаларда кылмыш дүйнөсүндөгү жагдай негизи саясаттагы күчтөрдүн тең салмактуулугуна байланышкан кырдаалдан көз каранды экени баяндалган. Ошондуктан анда тирешүүгө айрым бир саясий күчтөрдүн тукуруусу себеп болушу мүмкүн экени жана ага карата Камчы Көлбаев өз позициясын чыңдоого киришкени белгиленген.

Криминалды ооздуктоо демилгеси

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев шайлоонун астында криминал демейдегидей кайра баш көтөрбөш үчүн ага каршы күрөштү азыртан күчөтүүнү сунуштады:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

- Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул мыйзам долбоору азыр үчүнчү окууда каралууда. Мисалы, ким өзүн «мыйзамдагы ууру», «көзөмөлдөөчү» же башка кандайдыр бир криминалдык макамы бар экенин мойнуна алса, ал дароо жоопко тартылат. Бизге да ушундай мыйзам керек. Грузия мындай мыйзам кабыл алганда «кылмыштуу чөйрөнүн анабашы» дегендердин көбү Орусияга качып барышкан. Эми бизге да "импорт" болушу ыктымал. Себеби бизде да андайлар көбөйдү, ич ара териштирүүлөр болот деп жатышат.

Бирок Ички иштер министрлиги кылмыш дүйнөсүндөгү кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, кримтөбөлдөрдүн арасында "таажы" талашууга байланышкан касташуу орун алганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Ошол эле кезде министрликтин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов депутаттын криминалдык түзүмдөргө каршы күрөшүү үчүн анын башкаруу тепкичтерин бузууга багыгтталган демилгеси колдоого аларлык экенин айтты. Буга байланыштуу мыйзам долбоору парламентте 2011-жылы иштелип чыгып, бирок толук саясий колдоо тапкан эмес.

Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Бакыт Сейитов бул жолу аталган мыйзам ченемин оңдолуп жаткан жаңы жазык кодексине киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады:

- Адамдын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, анын лидери же кылмыштуу түзүмдүн иерархиясында башка бир таасирдүү макамды ээлегени сот тарабынан гана аныкталат деп мыйзамда жазылып калган. Ал эми бизде уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар деген жарандар ыкчам иликтөөнүн негизинде гана уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү катары атайын каттоого алынат. Азыркы учурда уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоору парламенттин кароосунда турат. Ошону азыр талкуулап, алымча-кошумчасы менен ошол укуктук ченемди киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Уюшма топко каршы күрөштүн жыйынтыгы

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда кримтөбөлдөр Көлбаевдин, Батукаевдин жана Бокушевдин уюшкан кылмыштуу топтору бар экени белгилүү. Депутат Дастан Бекешов айрым аткаминерлер кримтөбөлдөрдүн алдына барганына эмнеге чара көрүлбөйт деген суроо койду:

- Камчы Көлбаев уюшкан кылмыш тобунун башчысыбы, туурабы? Ал азыр боштондукта эле жүрбөйбү. Кээ бир бийлик өкүлдөрү ага баш ийип, алдына барып жүргөнүн угуп эле жүрбөйбүзбү. Негизи уюшкан кылмыш тобунун башчысы мамлекетте эркиндикте жүрбөш керек да, туурабы? Ал эми Батукаевди жаза мөөнөтүн аягына чыгарбай, качырып жиберишкен. Ага "өтө оор абалда, оорулуу" деген тыянак чыгартып, аны эркиндикке чыгарууга салым кошкон кайсы бир кызмат адамы жазаландыбы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кримтөбөл Көлбаевге каршы кылмыш иши жок экенин айтып, мына ошондуктан аны кармап, камакка алууга негиз жоктугун билдирди.

Өткүрбек Жамшитов
Өткүрбек Жамшитов

Өткүрбек Жамшитов ал эми Батукаев Грозныйда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандыктан аны алып келүү азырынча мүмкүн эместигин жана аны качырууга байланыштуу кылмыш иши дагы ошол себептен убактылуу токтоп турганын белгиледи:

- Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча анын азыркы учурга карата кандайдыр бир кылмышка шектелген эмес. Ошондуктан кылмышка шектүү болбогондон кийин боштондукта жүрөт да. Ал эми Батукаев Орусияда жасаган кылмышы үчүн жети жылга эркинен ажыратылган. Андагы жаза мөөнөтүн өтөп бүтмөйүнчө, аны бул жакка алып келүү маселеси чечиле элек. Ага байланыштуу кылмыш иши УКМК тергөөдө. Аны бул жакка алып келип, көрсөтмө алмайынча аны мөөнөтүнөн мурун бошотуу иши боюнча жыйынтык чыгаруу кыйын.

Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын январдагы маалыматына караганда, Көлбаевге, Бокушевге жана Батукаевге караштуу үч кылмыш тобундагы 523 адам уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү катары ички иштер органдарынын атайын ыкчам каттоосуна алынган.

Мындан сырткары жогорудагы үч топко тиешеси жок өз алдынча башка майда топтордогу 941 адам ички иштер органдарынын атайын каттоосуна уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары алынган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ханойдо Трамп менен Кимдин саммити башталды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 27-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамдын борбору Ханой шаарында жолугушту.

Эки лидер 20 мүнөтчө көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин делегациялар менен кошо сый тамакка отурушту. Эл аралык коомчулук Вьетнам саммити Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы 70 жылдан ашуун созулган касташууну токтотуп, туңгуюктан чыгууга көмөктөшөт деп үмүттөнүп турат.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Ханойдогу 118 жыл мурун курулган тарыхый «Метрополь» мейманканасында жолугушту. Бул жерде саммиттин кадырлуу меймандарын тосууга камылга кызуу жүргөн.

Cүйлөшүүнүн алдында лидерлер кол алышып учурашып, эки мамлекеттин желектеринин алдында сүрөткө түштү. Трамп журналисттерге сүйлөшүүлөр «өтө жемиштүү» өтөрүн айтты. «Биздин көздөгөнүбүз - маанилүү бир жыйынтыкка жетишүү», - деди америкалык лидер.

«Мен мурда эле айтып жүргөндөй, Түндүк Кореянын экономикалык кудурети жогору жана чексиз. Мыкты лидер катары өз өлкөңүздүн келечеги кең экенин көрсөтүп жатасыз. Мен ошого жетишүүңөрдү көргүм келет жана көмөктөшкүм келет. Биз ал үчүн жардам беребиз», - деди Трамп лидер түндүк кореялык лидерге кайрылып.

Ким Чен Ын да жолугушуу ийгиликтүү өтөт деген ишеним турганын билдирип, бул жолу «жалпыбыз кубаттай турган натыйжага жетебиз» деди.

«Былтыр июнда Сингапурда жолукканыбыздан бери 261 күн өттү. Бул учурда ургаалдуу иштер жасалды жана ошол эле маалда чыдамкайлык талап кылынды. Эми мына бүгүнкүдөй бет маңдай отуруп, ийгиликке жетебиз. Мен ага болгон күчүмдү жумшайм» - деди Ким Чен Ын.

Ак үйдүн маалыматына караганда, бейшембиде эки лидер бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын cегиз ай мурун жолуккан Сингапурдагы саммиттен бери өзөктүк куралды жок кылууда алгылыктуу жылыш болгон жок. Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылышы жана ага каршы эл аралык санкциялардын жоюлушу ушу тапта туңгуюк бойдон турат.

Кошмо Штаттардын президенти түндүк кореялык лидер менен жеке дипломатиялык байланыш түзө алганын сыймыктануу менен жарыялаган.

Былтыр 12-июнда Синагпурда Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

Анда АКШ менен Түндүк Корея «жаңы мамиле» курууну, «жаңы тарыхты» баштоону көздөгөнү, саммиттин жыйынтыгын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр улантылары белгиленген.

Түндүк жана Түштүк Кореяны алакасы жакшыра баштаганы менен 65 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекит коюла элек. Бул согушта АКШ Түштүк Кореяны колдогон.

Вашингтон менен Пхеньян Вьетнамдагы саммитте эки тарап тең так аткарыла турган иштерди макулдашуу зарыл экенин түшүнөт.

Америкалык чалгын кызматтары Ким Чен Ын өзөктүк куралдан толук баш тартарына ишенишпейт. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун адистери Түндүк Кореяда адам укуктарынын абалы оңолбогонун белгилеп жатышат.

Трамп болсо Пхеньян 2017-жылдын этегинен тартып өзөктүк жана ракеталык сыноолорун токтотконун, ал анын эмгеги экенин жүйө келтирип жүрөт. Америкалык лидер Конгресстеги жылдык кайрылуусунда «эгер мен АКШнын президенти болуп шайланбасам, биз Түндүк Корея менен кан майданга кирмекпиз» деп айтты.

Эки лидер тең Ханой шаарына 26-февралда барышты. Трамп «Нойбай» эл аралык аэропортуна түн ортосунда учуп келди. АКШнын президенти аны тосуп алган калың эле ыраазычылыгын билдирип, «Твиттердеги» баракчасына «Ханойдо көрсөткөн меймандостугуңар үчүн рахмат» деп жазды.

Ким Чен Ын Вьетнамга эки күн жол жүрүп, чопкутталган поездде келди. Лаңшон провинциясындагы Доңдаң бекетинде кадырлуу мейманды ардактуу кароол тосуп алып, андан соң Ким Чен Ын машине менен Ханойго жетти. Аны Вьетнамга карындашы жана жакын саясий кеңешчиси Ким Ё Чжон коштоп келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Индия Пакистандагы жоочуларга сокку урду

Индиянын «Мираж-2000» аскердик учагы. 16-февраль, 2019-жыл.

Индия Пакистандын аймагындагы «террорчулардын лагерине» абадан сокку урганын жарыялады. Буга 14-февралда Кашмирдеги 40тан ашык адамдын өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу түрткү болду. Пакистан Индия абадан шашылыш чабуул койгонун, андан эч ким жабыркабаганын билдирди.

Пакистандын аймагына абадан сокку урулганын Индиянын телеканалдары шейшембиде таң эрте тынымсыз көрсөтүп жатышты. ANI жаңылыктар агенттиги Индиянын «Мираж-2000» үлгүсүндөгү 12 учагы Пакистандагы «террорчулардын лагерин» бутага алганын кабарлады.

Индиянын Тышкы иштер министрлиги аскердик учактар Кашмирдин иш жүзүндөгү чек арасынан 80 чакырымдай алыстыктагы Пакистандын Балакот аймагына сокку урганын ырастады.

- Түздөн-түз коркунуч жаралып жаткан шартта душманды жок кылуучу аба чабуулдарына чоң зарылчылык туулду. Бүгүн таң эрте чалгын кызматы жетектеген операцияда Индия Балакоттогу «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун эң чоң машыгуу лагерине сокку урулду. Бул операцияда аталган топтун көп сандагы террорчулары, машыктыруучулары, жогорку командирлери жана жанкечтилери жок кылынды, - деп билдирди Индиянын тышкы иштер маселелери боюнча катчысы Вижай Гохале.

Кашмирдеги Индиянын аскерлери. 18-февраль, 2019-жыл.
Кашмирдеги Индиянын аскерлери. 18-февраль, 2019-жыл.

Бул окуя өзөктүк куралы бар эки коңшунун ортосундагы 1971-жылкы согуштан берки Кашмирдин көзөмөл тилкесинин чегинен өтүп, экинчи тарапка коюлган алгачкы аба чабуулу катары мүнөздөлүп жатат.

Нью-Дели менен Исламабаддын ортосундагы мындай жаңы чыңалууга 14-февралда Кашмирдин Индия башкарган бөлүгүндө кеминде 41 полиция кызматкеринин өмүрүн алган жанкечтинин жардыруусу себеп болду. Бул үчүн жоопкерчиликти Пакистандагы «Жаиш-е-Мухаммад» тобунун жоочулары мойнуна алышкан. Индия Пакистанды «согушкерлерди таптап жатат» деп күнөөлөсө, расмий Исламабад айыптарды четке кагып жатат.

Пакистандын бийлиги шейшембиде абадан сокку урулганын ырастаганы менен Индиянын учактары чек арадан 7 чакырымдай гана ичкери киргенин, алар шашылыш сокку уруп, кайра артка учуп кетишкенин, чабуулдан эч ким жабыркабаганын билдирди. Армиянын басма сөз өкүлү Асиф Гафоор буга Пакистандын Аскер-аба күчтөрүнүн чечкиндүү аракети себеп болгонун «Твиттерге» жазды.

Эки күн мурда Исламабаддын башкы дипломаты Индия бийлигин Пакистанды сынабоого чакырган:

- Пакистан - тынчтыкты көздөгөн өлкө. Бирок мен Индияга так билдирип койгум келет. Эгер силер «алар баш ийип калат» деп ойлоп, согуштук кырдаал жаратып жатсаңар, бизди коркуп калат деп күтүп жатсаңар, анда андай жаңылыш ойдон арылгыла. Биздин эл азыр бир муштумдай бирикти, - деп эскерткен Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши.

Пакистандын Карачи шаарындагы Индияга каршы жүрүш. 25-февраль, 2019-жыл.
Пакистандын Карачи шаарындагы Индияга каршы жүрүш. 25-февраль, 2019-жыл.

Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери Пакистан менен Индия мусулмандар басымдуулук кылган аймактын айынан чатакташып келатышат. Кашмир кошуналар ортосунда бөлүнгөнү менен ар бири ал жерди толугу менен өзүнүкү деп эсептейт. Эки өлкө эгемендик алгандан бери Кашмир үчүн кеминде эки жолу согушкан.

Кашмирдин эки өлкө көзөмөлдөгөн аймактарынын ортосунда маал-маалы менен снаряддар учурулуп турса да аскердик учактар көзөмөл тилкесинин экинчи тарабына өткөн учурлар сейрек каталат.

Чөлкөмдөгү соңку абал Пакистан менен Индиянын ансыз да солгун алакасын ого бетер чыңалтып койду. Кашмирдеги кырдаалдан улам Пакистан Нью-Делидеги элчисин кеңешүүгө чакыртып алды.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Кашмирдеги ондогон индиялык аскердин каны төгүлгөн окуяга анын өлкөсүнүн эч кандай тиешеси жок экенин кайталап, тирешүүнү токтотуш үчүн Индияны сүйлөшүүгө үндөдү.

Апрель жана май айларындагы парламенттик шайлоого камылга көрүп жаткан Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кашмирдеги жанкечтинин жардыруусуна катаал жооп кайтарууга убада берген болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Венесуэлада кризис күчөдү

Армияны көздөй таш ыргыткан нааразы тургун. Венесуэла-Бразилия чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.

Венесуэлада президент Николас Мадурого каршы чыккандар менен өкмөттү колдогон армия өкүлдөрүнүн ортосунда кагылышуу уланып жатат.

Чек аралардагы кагылышуулар

Жалпысынан Венесуэланын Колумбия жана Бразилия менен чектешкен аймактарында болгон кагылышуулар төрт адамдын өмүрүн алып, жарадарлардын саны 300гө жетти.

Курман болгондордун арасында 14 жаштагы өспүрүм да бар экени кабарланды. Мадурого каршы чыккандар аскерлерге жана полиция кызматкерлерин көздөй таш жана башка буюмдарды ыргытышып, ал эми коопсуздук күчтөрү аларга каршы көздөн жаш чыгарчу газ бүркүп, ок атты.

Колумбия менен чек арада жайгашкан Урена жана Сан-Антонио шаарларындагы кагылышууларда гуманитардык жардам алып келаткан эки автоуунаа өрттөлдү. Оппозиция «бул машинелерди Мадуронун тарапташтары өрттөдү» десе, бийлик муну Американын чалгын кызматы уюштурганын айтып чыкты.

Оппозицияны жактаган, түмөндөгөн адамдар чек арадагы аймактарга бир канча күндөн бери Венесуэлага өткөрүлбөй, Колумбияда турган автокербенди өткөрүп алыш үчүн топтолушкан. АКШ жиберген 300 тоннадай жардамды Николас Мадуро өлкөгө киргизүүгө тыюу салган. Ал тургай Колумбия жана Бразилия менен чек араларды да жаптыртып салган. Мадуро жардам деген шылтоо менен Кошмо Штаттар оппозицияга курал-жабдык жөнөтүшү мүмкүн деп эсептейт.

Ал өзүн колдогон Орусия, Кытай жана Түркия сыяктуу гана мамлекеттерден жардам алууга даяр.

Ошентип Гуайдо жана анын тарапташтарынын чек арадагы аскерлер менен сүйлөшүп, Венесуэлага автоунааларды киргизүү аракеттеринен майнап чыккан жок.

Венесуэла менен Колумбиянын чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.
Венесуэла менен Колумбиянын чек арасы. 23-февраль, 2019-жыл.

Мадурого каршы эл аралык кысым

Бул кагылышуулардан кийин Николас Мадурого эл аралык басым күчөдү. Оппозициянын гуманитардык жардамды өлкөгө киргизүү аракети кан төгүүлөр менен коштолгондон кийин Вашингтон «Мадуронун бийликте саналуу эле күнү калганын» эскертти.

Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдо эл аралык коомчулукту Венесуэланы «диктатордук режимден арылтуу үчүн бардык чараларды карап көрүүгө» чакырды. Ал мындай билдирүүнү дүйшөмбүдө Латын Америка мамлекеттери жана Канада, жалпысынан 14 мамлекет кирген ЛИМА тобунун жыйынына катышуу үчүн Боготага учар алдында жасады.

Евробиримдик Мадуронун администрациясын жайкын тургундарга каршы ок чыгарганын сынга алды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш бул окуялар аны «нес кылганын жана адам өлүмүнө кабатыр» экенин белгиледи.

Колумбиянын президенти Иван Дуке анын мамлекетинде өтө турган жыйынга Венесуэланын «мыйзамдуу бийлиги» катышарын билдирди. Ал ошондой эле бул жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Пенс да келерин кошумчалады.

Оппозиция лидери Хуан Гуайдо. 30-январь, 2019-жыл.
Оппозиция лидери Хуан Гуайдо. 30-январь, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «Мадуронун бийликтеги күнү саналуу экенин» эскертип, эки өлкөнүн чек арасындагы Мадуронун куралдуу тарапташтарынын аракеттерин айыптады.

Венесуэланын Тышкы иштер министрлиги Помпео өлкөнүн иштерине аскердик жактан кийлигишүү үчүн шылтоо издеп жатканын билдирди.

Ошону менен катар чек арадагы башаламандыктан пайдаланып, Венесуэла армиясынын алтымыштай аскери Колумбияга кире качканы маалым болду.

«Amnesty International» жайкын тургундарга каршы ок атылышын адам укуктарынын олуттуу бузулушу деп баалап, окуяларды сынга алды.

Венесуэланын бийлиги соңку күндөрү курман болгондордун жана жабыркагандардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

Венесуэладагы кош бийлик

Түштүк Америкадагы бул мамлекетте экономикалык кризис курчуп турат. Өлкөдө тамак-аш, дары-дармек жетишпейт, миллиондогон адамдар коңшу мамлекеттерге жакшы жашоо издеп чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Венесуэлада кош бийлик январь айынын соңунда башталган. 23-январда оппозиция лидери, парламент төрагасы, 35 жаштагы Хуан Гуайдо өзүн утурумдук президент катары жарыялап, анын бийлигин АКШ, Канада баш болгон 50дөн ашуун мамлекет тааныган. Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сирия: адашкандар мекенге кайткысы келет

Сириядагы лагерлердин бири.

Сирия аймагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунан тазаланып калды деген маалда туткундалган согушкерлер менен алардын үй-бүлөсү бир катар өкмөттөрдүн баш оорусуна айланды.

Президент Башар Асаддын армиясы жана оппозициядагы Сириянын Демократиялык күчтөрү “Ислам мамлекети” радикал тобун сүрүп чыгарына аз калды.

Бирок көптөгөн аналитиктер жеңишти майрамдоого эрте экенин айтышууда. Ар кандай маалыматтарга караганда, Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” тобунун 20-30 миңдей согушкери жашырынып жүрөт. Алардын көбү мекенине кайта албаган чет өлкөлүктөр.

Радикалдашуу маселесин иликтеген лондондук борбордун маалыматына ылайык, 2013-2018-жылдар аралыгында Сирия менен Ирактагы жихадчылардын катарын 40 миңден ашуун чет өлкөлүк жарандар толуктаган.

Эми ошол жоочулардын жесирлери, жубайлары менен балдары Сириянын Демократиялык күчтөрү түзгөн талаа абактарында жана качкындар лагерлеринде кармалып турат. Айрым маалыматтар боюнча ал жайларда согушкер деп шектелген 800дөй киши, 700гө чукул аял жана 1500 бала бар.

Өткөн жылдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы контингент чыгарыларын жарыялагандан кийин өзөгүн күрт кошуундары түзгөн Сириянын Демократиялык күчтөрү лагерлер менен түрмөлөрдү мындан ары кайтара албасын эскертишти.

Ошол күчтөргө колдоо көргөзүп келген Вашингтон европалыктарды жана башка мамлекеттерди “согушкерлери” менен алардын үй-бүлөсүн алып кетүүгө, жоопкерчиликти өздөрүнө алууга үндөдү.

Франциялык журналист Сами Букелифа Сириянын түндүгүндөгү качкындар лагерине бир нече жолу барып, ал жактагы абал менен таанышып келген.

- Салгылашуудан жер которууга мажбур болгон качкындар жайгаштырылган лагерлердин ичинде, бардыгында болбосо да, айрымдарында, өзүнчө бөлүнгөн лагерлер бар. Аларды жихадчылардын үй-бүлөсү пааналап келет. Арасында чет өлкөлүктөр бар экени чын. Тагыраак айтсам, көбү чет өлкөлүктөр. Европалыктар, орустар, марокколуктар, алжирдиктер... Кыскасы, түрдүү улуттун өкүлдөрү. Негизинен жихадчылардын аялдары менен балдары.

​Франциялык журналисттердин ошондой лагерден тартып келген репортаждарынын биринде кыргыз паспортун көрүп калдык эле. Бирок Букелифа кыргызстандыктарды жеке өзү жолуктурбаганын айтты:

- Сибирден, Дагестандан чыккан орусиялык кыз-келиндерди көргөм. Сибирлик бир аялды сөзгө тартсам, Ирактын Мосул шаарына күйөөсү менен турист болуп келгенин айткан. Анан бизди коштоп жүргөн Сирия демократиялык күчтөрүнүн аскери “калп сүйлөп, коркуунун кереги жок” дегенден кийин буга чейинки кебин 180 градуска өзгөртүп, Жакынкы Чыгышка кандайча келип калганын баяндап берди. Күйөөсү Сириянын Ракка шаарында экстремисттердин катарында согушканын моюнга алды. Бир нече жыл бою “Ислам мамлекети” террорчу уюмунун көзөмөлүндөгү чөлкөмдөрдө жашап келгенин, күйөөсү окко учканын айтты. Ал чөлкөмдөн чыгарууга көмөктөшкөн атайын ортомчу адамдар да бар экен. Алар бир кишиден 5 миң доллардан алышарын билдик. Тигил аял мекенине кайткысы келбейт экен, себеби өз өмүрү үчүн коркот.

Жогоруда сөз болгон күрт кошуундарынын өкүлү Махмуд Салахты сөзгө тартканыбызда улам бир жерди “Ислам мамлекетинин” террорчуларынан бошоткон сайын аларга кайрылган карапайым кишилер көбөйүп жатканын, арасында борборазиялыктар да бар экенин баяндады:

- Кыргызстандык аялдар менен балдар жөнүндө менде так маалымат жок. Бирок лагерлерде кыргызстандыктар бар экени анык. Жихадчылардын үй-бүлөсүн атайын лагерлерге чогултканбыз. "Кызыл Чырым" жана башка уюмдардын жардамы менен дары-дармек, тамак-аш, башка эң керектүү нерселер менен камсыздап келебиз. Биз бир катар өкмөттөргө кайрылып, жарандарыңарды алып кеткиле деп айтканбыз. Себеби, көбүнүн документи жок, баргыла, үйүңөргө кеткиле деп лагерден чыгарып сала албайбыз да. Элчиликке, кайсы бир каналдар, адамдар аркылуу кайрылганбыз. Тилекке каршы көбү баш тартып коюшту. Мисалы, Казакстан өз жарандарын чыгарып кеткен. Судан, Марокко бийликтери да реакция кылышты. Аялдар менен балдарда эмне жазык? Биз аларды күнөөсүз деп санасак, алардын өлкөлөрү маселеге олуттуу карашпай, жардам бергилери жок. Расмий документтери, паспорттору болуш керек дешет. Бул жагынан кыйынчылыктарга туш болуудабыз.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирияга кеткен жарандардын саны 800гө жеткенин билдирип келет. Алардын арасында аялдар жана балдар бар. 1-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Сирия жана Ирактагы кыргыз жарандарын кайтарып келүү аракети, алардын санын тактоо иши жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирген.

Буга чейин күрт лагерлеринде отурабыз деген кыргызстандык кыз-келиндер бийликке кайрылып, өздөрүн алып кетүүнү суранышкан.

Ал эми Батыш мамлекеттери жарандарын алып кетүүгө канчалык дилгир?

- Мен Сириянын чыгышындагы Хасаке деген жердеги Сирия Демократиялык күчтөрүнүн маалымат катчысы менен сүйлөшө алдым. Анын айтымында, алар бир нече күн, бир нече жыл бою Батыш өлкөлөрүнө – Франция, АКШ, Британия жана Орусияга кайрылып жарандарын алып кеткиле деп келет. Кээ бирлери укмаксан болуп коюшса, башкалары "алып кетпейбиз" деп ачык эле айтышты. Менин билишимче, Орусия акыркы жылдары ондогон жарандарын чыгарып кеткен. Буга чейин Батыш мамлекеттери ал адамдар кылмыш жасаган, Сирия жана Ирактагы террорчулардын катарында согушкан, демек, ошол Ирак менен Сирия аларды эмне кылыш керектигин чечсин деген позицияда болуп келишкен. Бирок өткөн декабрда АКШ Сириядагы аскерлерин чыгара турганын жарыялагандан бери Париждин саясаты өзгөрдү. Француз бийлиги “Ислам мамлекети” экстремист уюмунун мүчөлөрү болгон жихадчылар, террорчулар туш-тушка тарап кетет деп чочулайт. Андыктан аларды көзөмөлгө алуунун бирден бир жолу Францияга кайтаруу деп чечишти.

Журналист Букелифанын айтымында, Сириянын Демократиялык күчтөрү лагерлердеги кыз-келиндерге жагдайына жараша мамиле кылат.

- Адегенде чалгындоо кызматтарынын жардамы менен маалымат чогултушат. Тигил же бул аялдын ”Ислам мамлекети” террордук уюмунун согуштук бригадасынын мүчөсү болгону аныкталса, аны "жихадчылардай" мамиле күтөт. Ал эми согушкерлердин жубайлары эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Себеби, алардын көбү уруш зонасына өз эрки менен эмес, күйөөсүнүн кысымы менен келген, - дейт журналист.

Үйүнө кайтып келген согушкерлердин ыктымал коркунучунан чочулаган өлкөлөр аларды түрдүүчө кабыл алат. Айрымдарын сот жообуна тартып, абакка отургузса, башкаларын реабилитация кылып, реинтеграциядан өткөрүшөт.

2015-жылы Кыргызстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, чет мамлекетте согуштук аракеттерге катышкан жарандардын жазасы күчөтүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Таласта эне-бала иске ууланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Электр энергиясына карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн үйдүн тургундары жылынуу максатында мискейге от жагып, уктап калышкан. Натыйжада жетинчи класста окуган кыз апасы экөө каза таап, дагы эки бир тууган ооруканага жеткирилген. Бүгүнкү күндө беш жаштагы кыздын абалы дагы эле оор.

Окуя Талас районунун Кара-Суу айылында 20-февраль күнү болгон. Электр энергиясына эки жарым миң сомдой карызы үчүн бир күн мурун 19-февралда Избасаровдордун үйүнүн жарыгы өчүрүлгөн эле. «Түнкүсүн үшүп калбайлы» деген Фарида Ичимова үйдүн бир бөлмөсүнө эле мискейге көң калап, анын үстүнө көмүрдөн таштап коюп, үйдөгүлөрдүн баары уктап калышкан.

Түн ичинде алар иске ууланып, апасы Фарида Ичимова менен жетинчи класстагы кызы каза тапты. Үйдүн дагы эки баласы ооруканага жеткирилген. Облустук оорукананын башчысы Нурдин Усупбековдун билдиргени боюнча 13 жаштагы бала палатага которулду, ал эми беш жашар кыздын абалы дагы эле оор.

Үй-бүлөнүн кожоюну, Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Теңдик Избасаров кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берүүнү каалаган жок. Анын жездеси Марат Ыйманбеков бул каргаша үчүн электр энергиясына карызды доолап келген инспекторду айыптады:

- Бул батир эмес, өздөрүнүн эле үйү. Болгону электр энергиясы менен гана жылытылат. Электрди кыркып кетишкенден кийин булар от жагышкан. Өлгөн келиндин күйөөсү улуу баласы операция болгондуктан, Бишкекке ошону ооруканадан чыгарганы кеткен. Үйдө келинчеги үч баласы менен калган. Окуядагы жоопкерчиликти контролер алышы керек. Ал күнү үйдө эч ким болгон эмес. Кичинекей кызы «айланайын эжеке, бир-эки саатта апам келет, карызды берет» дегенине болбой эки миң сомго жетпеген акча үчүн электрди кыркып кеткен.

«Түндүк электр» ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Гуля Мураталиева болсо электр жарыгы кандай учурда өчүрүлөрү туурасында маалымат берип, Таластагы окуянын чоо-жайы так аныкталгандан кийин гана комментарий берилерин билдирди:

- Негизи электр өчүрүлгөндө биз чоң сумма, аз сумма экенине карабай эле төлөө тартибин карайбыз. Электр энергиясын пайдалануу эрежеси боюнча ар бир абонентке келген дүмүрчөктө эсепти кайсы учурда төлөш керек экендиги жазылган. Ошол учурда төлөш керек. Мөөнөтү болжол менен беш, жети күн болот. «Акылдуу эсептегичтер» болсо электр автоматтык түрдө өчүрүлөт, болбосо аймактык инспектор барып өчүрүп кетет.

Жергиликтүү активисттер иске уулануу боюнча бул алгачкы окуя эмес экенин белгилеп, маселенин себебин иликтеп чыгып, тийиштүү чара көрүү зарыл деп эсептешет. Алардын бири Бектур Медетов мындай деди:

Бектур Медетов.
Бектур Медетов.

- Электр энергиясын бөлүштүргөн компаниялар зым тартпайт, көмөкчордон орнотпойт, бүт баары республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланат да. Булар даяр зымга эле ток бөлүштүрүп, акча алып отурушат. Булар аябай көөп кеткен. Жүз сомдук карыз болсо эле кесип кете беришет. Эки миң сом үчүн эки адамдын өмүрү кыйылып жатат. Муну мамлекеттик деңгээлде карап чыгыш керек. Бул системаны өзгөртүш керек. Маселен, беш айга чейин дайыма төлөп жүргөн болсо, карыздын суммасы беш миң сомдон ашпаса, жарыкты өчүрбөш керек деген маселени кабыргасынан коюш керек. Антпесе «бюджетти толуктайлы» деп эле элди кыйнап жатышат.

Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Болот Өмүралиев кырсык боюнча тиешелүү материалдар топтолуп бүткөнүн кабарлады. Анын айтымында, азыр окуяга укуктук баа берүү боюнча маселе каралып жатат.

- Бул жерде адам фактору роль ойногон, - дейт ал. - Атасы Бишкекте жүргөндөн кийин инспектор жарыкты өчүрбөй турса болмок. Ошол эле учурда ал үй-бүлө өз коопсуздугу үчүн чара көргөн эмес. Жарыкты өчүрбөгөн күндө деле, авариялык кырдаал болуп калса кандай кылышмак? Асты алюминий сыяктуу мискей, анын үстүнө бетон түтүк коюп туруп, мискейдин капкагын жаап койгон. Эч кандай мор, эч нерсе жок. Мешке деле от жагышса болмок да. Эми сот күнөөлүүнү далилдемейинче бир тарап күнөөлүү деп айта албайбыз. Прокуратура менен кеңешебиз.

Буга чейин, 11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан эки-үч жашар үч бала ууланган. Кырсык учурунда балдардын атасы жумушта болуп, ал эми кош бойлуу энеси поликлиникага кеткен.

Расмий маалымат боюнча 2019-жылдын январында 190дон ашык өрт катталган. Анын ичинен 136сы турак жайда болсо, 76 учурда электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тажикстан Сириядагы жарандарын үйгө кайтарат

Тажикстандык аялдар жана алардын балдары Иракта. 31-январь, 2019-жыл.

Тажик бийлиги Сирия менен Ирактагы аялдар менен балдарды кайтара турганын жарыялады.

Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобу акыркы таянычынан айрылып, жеңилүү алдында турат.

Топтун жүздөгөн согушкеринин аялдары жана бала-чакасы Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагеринде.

Энелери менен чогуу абакта кармалган балдар да бар. Алардын кеминде элүүсүнүн ата-энеси тажик жарандары.

Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 12-февралда бийлик Сирия менен Иракта "бир дагы тажикстандык баланы калтырбоо үчүн" болгон аракетин көрө турганын билдирди.

Анын айтымында, Сириядан бардык тажик жарандарын чыгаруу аракети көрүлүп жатат. Биринчи кезекте балдарга артыкчылык берилет. Дүйшөмбүдө токсондон ашык баланы кайтаруу үчүн Ирак өкмөтү менен келишим түздү:

- Биз Багдад менен макулдаштык. Ага ылайык, чек араны мыйзамсыз өткөндүгү үчүн ар бир кишиге бериле турган 2500 доллардын ордуна 400 доллардан айып пул төлөйбүз.

Көптөгөн аялдар Иракка Сириядагы согуштан качып өткөн. Тажик бийлиги аялдардын басымдуу бөлүгү согуш болуп жаткан аймакка күйөөсүн ээрчип кетишкен деп билдирип келет.

Эми аларды кайтарууну уюштуруу Кувейт жана Ирактагы тажик элчиси Зубайдулло Зубайдзодеге жүктөлдү. Ал "Азаттыкка" кабарлагандай, качкындар лагерлерине кирүү үчүн бардык тараптар, анын ичинде Сирия өкмөтү, эл аралык уюмдар, аймактын бир тобун көзөмөлдөгөн күрт козголоңчулары менен байланыш түзүлдү.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин соңку билдирүүсү Сириянын Хула шаарындагы качкындар лагерине жакшы кабар дароо жеткени маалым болду.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкеринин жесири, 36 жаштагы теги тажик Тахмина Одинаева эки баласы менен лагердеги чатырда баш калкалап турат. Ал буга чейин тажик бийлигинен жардам сурап кайрылганын, ата-эне, бир туугандарын көрсөм деп чыдамсыздык менен күтүп жатканын, алар менен "WhatsApp" аркылуу байланышып тураарын "Азаттыкка" билдирди. Одинаева 2015-жылы күйөөсүнө алданып, Сирияга барганын айтууда:

- Мен бул жерге өз эрким менен келген эмесмин. Күйөөм мени алдап, бизди Сирияга алып келди. Ал согуштардын биринде өлдү.

Тахмина Одинаеванын айтымында, анын күйөөсү кытайлык уйгур. Экөө Дүйшөмбүдөгү базардан таанышып, баш кошкон. Эки балалуу болгондон кийин жолдошу Тахминаны Тажикстандан кетүүгө көндүргөн. Тажик бийлиги, Тахминанын үй-бүлөсү ал күйөөсү, эки баласы менен өлкөдөн үч жыл мурда чыгып кеткенин ырасташты.

Элчи Зубайдзоде балдары менен качкындар лагерлеринде отурган Тахмина Одинаева сыяктуу аялдар менен жолугушууну көздөп жатат. Былтыр дипломаттын аракети менен согушкерлердин жетим калган үч баласы Ирактан мекенине кайтарылган.

Азыр расмий Дүйшөмбү Ирактан 92 бала менен 43 аялды кайтаруу ниетин жарыялады. Балдардын айрымдары качкындар лагерлеринде болсо, көбү энелери менен бирге түрмөлөрдө отурат.

Абактарда аялдар экстремисттик топко мүчө болгон деген айып менен жазасын өтөп жатышат. Арасында Иракта өлүм жазасына тартылгандар да бар. Ирактын мыйзамы боюнча жашы жете электерди мекенине кайтаруу үчүн соттун чечими, атасынын же энесинин уруксаты керек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алып келине турган балдардын көбүнүн аталары өлгөн. Мындан тышкары Сирия менен Ирактагы айрым энелердин балдарын Тажикстанга жөнөткүсү келбей жатканы кыйынчылык жаратууда. Алардын айрымдары туулган жеринде баланы асырап ала турган жакындары жоктугун айтышса, кээ бири чүрпөлөрү светтик Тажикстанда чоңоюшун каалабай турганын билдиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айдоочулардын үшүн алган айыптар

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкектеги көчөлөрдүн бирине коюлган камералар.

Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганына он күн болду. Андан бери айдоочулардын алды 30-70 миң сомго чейин айыпка жыгылганы айтыла баштады.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы азырынча канча айдоочу жол эрежесин бузганы так аныкталбаганын жана айыппулдун токтому бир да жаранга жибериле элек экенин кабарлады.

Бишкек шаарынын тургуну Нурсейит 14-18-февраль күндөрү жол эрежелерин бузганы үчүн анын атына 25 миң сом айыппул жазылганын айтты:

- Ал жакта иштеген таанышымдан: «Мен жол эрежесин бузган-бузбаганымды атайын тиркеме аркылуу таба албай жатам, сен тактап берип койчу» деп сурандым. Ал «автоунааңдын номурун жана машиненин техникалык паспортун жибер» деди. Ал компьютерден карап туруп: «Сен 20 жолу жол эрежесин бузуптурсуң» деди. Мен: «Айыппулдар 1-марттан баштап салынмак эмес беле?» деп чочуп кеттим. Мен таксистмин. Мага дароо эле 25 миң сом айып чыкты. Тапкан акчаң күнүнө 1000 сом, салынган айып 15-20 миң сом болсо кандай болуп калат? Мамлекет кыйналып жаткан элдин үстүнө кайра жүк болуп атат. Ушундан улам адамдардын бийликке болгон мамилеси өзгөрөт. Эгер жолдо шарт түзүлсө, эл жолдон чуркап чыга калбаса ушунча айып салынса мейли дейт элем.

Анын маалыматына караганда, айыптын көбү жол чырактын кызыл белгисинен өтүп кеткени, автоунаа токтотууга тыюу салынган жерге токтогону үчүн салынган. Ал муну Бишкектин жолдорунда шарт жоктугунан айдоочулар айрым учурларда жол эрежесин бузууга мажбур болору менен түшүндүрдү.

Нурсейит өңдүү эле тааныш-билиштери аркылуу айыптын өлчөмүн билип алгандар «кээ бир айдоочуларга 70 миң сомго чейин айып чегерилиптир» деп жатышат. Бирок Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов «салынган айыптын суммасын ортого киши салып билүү мүмкүн эмес» дейт.

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

- Андайга жол берилбейт, - деди ал. - Мен буга чейин эле айткандай жумушчулар, операторлор жумушка кирип баратканда чөнтөк телефондорунун баарын тең кийим чечкен жерге таштап киришет. Телефондорун кайра жумуш бүткөндөн кийин гана алышат. Ошондуктан аларда айтып берүүгө мүмкүнчүлүк жок.

Жол эрежесин бузган-бузбаганын айдоочу uslugi.gov.kg сайтынан биле алат. Азырынча көпчүлүк айдоочулар бул порталда эреже бузуу фактылары тууралуу маалыматтар жок экенин айтышууда.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов ушул күнгө чейин жабдыктар 12 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы каттаганын маалымдады. Бирок бул алардын баары эреже бузду деген сөз эмес. Себеби ИИМге караштуу Мониторинг борбору каттоого алынгандар эреже бузган-бузбаганын кайра иргеп чыккандан кийин гана мыйзам бузган айдоочулардын так саны аныкталат.

Саркуловдун айтымында, азырынча бир да жаранга эреже бузганы жана ага салынган айыптын суммасы боюнча токтом жөнөтүлө элек. Ал айдоочуларды түйшөлтүп жаткан асман чапчыган айыптар буга чейин «Коопсуз шаар» долбоору тесттик режимде иштеп жаткан учурда катталып калышы мүмкүн деп божомолдоду:

Ыманалы Саркулов.
Ыманалы Саркулов.

- Буга чейин төрт ай ошол эле жол кесилиштерине видеокамералар сыноо ирээтинде коюлган. Андан сырткары автобазар жакка да камера орнотулган. Эгер ошол тесттик режимде иштеп жатканда жол эрежесин бузуу учуру катталган болсо алар боюнча айдоочуларга токтом жөнөтүлбөйт. Юридикалык тил менен айтканда «Коопсуз шаар» ишке кирген 12-февралдан кийинки жол эрежесин бузгандарга гана токтом чыгарылып, тиешелүү чара көрүлөт. Ага чейинкилерди болсо биз өзүбүзгө талдоо жүргүзүш үчүн гана чогултканбыз.

Жол эрежелерин бузуп катталган автоунаанын номуру менен сүрөтү алгач «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Андан соң ал Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна келип түшөт. Ал жактан автоунаанын номуру менен анын модели шайкеш келер-келбеси текшерилип, айыппулдун өлчөмү, эреже бузуунун беренеси жазылып, «Кыргыз почтасына» өткөрүлүп берилет. Андан соң «Кыргыз почтасы» айдоочунун дарегине кат жөнөтөт.

Аталган ишкананын почта ташуу жана логистика бөлүмүнүн башчысы Мимоза Жээнбекова азырынча бир да токтом келе элек экенин айтты. Ал алгачкы токтомдор качан келерин түшүндүрдү:

- Тартип бузуу жөнүндө кодекстин негизинде жол эрежеси бузулган учур камерага катталгандан кийин ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мониторинг борборунда 10 күн талданат. Андан кийин үч күндүн ичинде «Кыргыз почтасына» айдоочу жол эрежесин бузганын тастыктаган кат жөнөтүлөт. Башкача айтканда Мониторинг борбору камералар эреже бузуу фактысын каттагандан кийин 13 күндүн ичинде «Кыргыз почтасына» өткөрүп бериши керек. Бирок азырынча жол эрежесин бузуу боюнча токтомдорду бизге өткөрүп берүү мөөнөтү келе элек. «Коопсуз шаар» долбоору 12-февралда иштеп баштаган. Ага 13 күндү кошкондо биринчи токтомдор бизге 24-25-февралда келиши керек.

«Кыргыз почтасы» жарандарга токтомдорду жеткирип бериш үчүн кошумча кызматкерлерди алууну пландап жатат. Мекемеде азыр 4 миңдин тегерегинде кызматкер иштесе, анын 1385и «Коопсуз шаар» долбоору боюнча окуудан өткөн.

Өкмөт айдоочулар айыппулду алгачкы 15 күн ичинде төлөсө айыпты 50 пайызга азайтууну сунуш кылды. Тиешелүү мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо таап, учурда президенттин кароосунда турат. Башкача айтканда айыптын токтому айдоочунун колуна тийгенден кийин ал 15 күн ичинде төлөсө, айыптын жарымын берет. Эгер аны төлөөнү бир айдан ашырып жиберсе туум кошулат.

«Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев айыптар айдоочулардын колуна тие электе эле нааразычылык күч болуп жатканын эске салып, ири долбоорлор ар дайым ушундай кыйынчылыктар менен ишке ашарын белгиледи:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

- Башында буга окшогон каршылык бардык жакта болот. Мисалы, Казакстанда «Коопсуз шаар» жаңы ишке киргенде Алматынын жашоочулары айыппулдарга нааразычылык билдирип чыгышкан. Бирок бул кезде бийликтин сөзү өтө маанилүү. Эгер бийлик өзүнүн сөзүн катуу айтып, «ушундай эрежелер иштейт. Президент, министр, жөнөкөй адам болобу, эреже бузса бардыгы бирдей айып төлөйт» десе, жарандар ага макул болот.

12-февралдан тартып «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи фазасы иштей баштады. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлду. Өкмөт жакын арада дагы 28 жерге коюлган камералар иштей баштай турганын кабарлаган.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

АКШда 16 штат Трампты сотко берди

Дональд Трамп.

АКШда дүйшөмбү күнү 16 штат Дональд Трампты өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялаган анын буйругун жокко чыгартыш үчүн сотко берди.

Ушул эле күнү ондогон шаарларда да президенттин өзгөчө абал жарыялоо тууралуу чечимине каршы акциялар өттү. Дональд Трамп Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан АКШ-Мексика чек арасындагы дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алуу максатында өткөн жумада өзгөчө абал режимин жарыялаган.

Вашингтон, Чикаго жана башка ондогон шаарларда президент Дональд Трамптын Мексика менен чек арага дубал курууга акча алыш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына өзгөчө абал жарыялоо тууралуу чечимине каршы акциялар өттү. Алар Трамптын буйругун кызматынан кыянаттык менен пайдалануу жана бийликти узурпациялоо катары баалашууда.

- Президент Трамп өзгөчө кырдаал абалын салыкчылардын миллиарддаган долларын өзүнүн дубалын курууга жумшаш үчүн жарыялады. Бул жерде бир канча маселе айкын болуп турат: биринчиден, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялагыдай жагдай жок. Бул тууралуу Конгресс мүчөлөрү, коопсуздук боюнча эксперттер да билдирип жатат. Америкалыктар да, айрыкча чек арада жашагандар да ошондой деп айтышты. Ал түгүл Трамп өзү деле «өзгөчө кырдаал жок» деп айтып алды, - деди Жарандык эркиндик боюнча америкалык бирикменин өкүлү Манар Вахид.

Ак үй.
Ак үй.

18-февралда АКШда Президенттин күнү белгиленди. Бирок бул күнү өлкө жарандары Дональд Трамптын чечимдерине карата пикирлерин айтыш үчүн акцияларды өткөрүштү.

Ал арада Калифорния баштаган 16 штат 18-февралда Дональд Трампты сотко берди. Алар сот аркылуу Трамптын өзгөчө абал жарыялоо жөнүндө чечимин жокко чыгартууга үмүттөнүп турушат.

Калифорниянын башкы прокурору Хавьер Бесерра бул боюнча штаттын позициясын билдирди:

- Өлкөдө өзгөчө кырдаал абалы жок. Ал жөн гана андан ары жылыш үчүн ошого жамынып жатат. Биз Конгресс штаттардагы жарандарыбыз үчүн бөлүп берген салыкчылардын акчасын өзү каалагандай тонобошу үчүн Трампты сотко берип жатабыз. Биз, көп адамдар президенттик администрация театр сыяктуу оюн көрсөтө турган жер эмес деп эсептейбиз.

Конгрессте республикачылар менен демократтардын ортосунда өткөн жумада түзүлгөн макулдашууда чек арага тосмолорду орнотууга Трамп сурагандай 5,7 миллиард доллар эмес, 1,3 миллиард доллар гана бөлүп берүү каралган.

АКШга өтүүнү көздөгөндөр.
АКШга өтүүнү көздөгөндөр.

Мексика менен чек арага дубал куруу - президент Дональд Трамптын 2016-жылдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө берген убадаларынын бири. Өзгөчө кырдаал режими Трампка Конгрессти кыйгап өтүп, башка булактардан дубалдын курулушуна сегиз миллиард доллар бөлдүрүп алууга жол бериши мүмкүн. Ак үйдүн билдиргенине караганда, бул үчүн Трамп каражатты Финансы жана Коргоо министрликтеринин казынасынан алууну көздөп турат.

- Биз өлкөбүзгө баңгизаттын, аткезчилердин жана башка кылмышкерлердин кирип жатканын көрүп жатабыз. Буга уруксат бербеш керек. Өзгөчө режим абалына башка президенттер да көп жолу кол койгон, - деп түшүндүргөн эле Трамп.

Конгресстеги республикачылардын да бир катар мүчөлөрү Трамптын чечимин күмөндүү деп баалашууда. Ошол эле кезде Дональд Трамп өз чечими боюнча талаш-тартыш Жогорку сотко чейин жетсе, андагы судьялар колдоп берет деп үмүттөнөрүн билдирген.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын айрым бөлүктөрүндө дубал азыр деле бар. Президент Трамп буга чейин да АКШга аткезчилик менен ташылып келген баңгизаттардын кесепетин эске салып, жума сайын жалаң эле героинден 300дөй америкалык каза табаарын, бул баңгизаттын 90 пайызы түштүктөгү чек ара аркылуу келерин айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Боор оорусунан жабыркаган "суворовчулар"

Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада Суворов аскер окуу жайында эхинококкоз дартын жугузуп алган курсанттарды операцияга даярдап жатышат.

Орусиянын Ульяновск шаарындагы Суворов аскер окуу жайында тарбияланган курсанттарда эхинококкоз илдети аныкталганы февралдын башында маалым болгон. Расмий бийлик өкүлдөрү мекеменин кызматкерлери менен окуучуларынын баары текшерүүдөн өткөнүн, илдет 26 балада гана аныкталганын кабарлашууда.

Учурда курсанттар Москвадагы Вишневский атындагы аскердик госпиталда дарыланып жатышат. Алардын боорунда, көк боорунда, өпкөсүндө ылаңдаган эт өсүп кеткен. Ата-энелеринин сөзүнө караганда, алардын айрымдарынын боорунда 23 ыйлаакча пайда болгон. Ошондой эле ата-энелер илдет 52 балада аныкталганын айтышууда.

Өспүрүмдөр бул илдетти кантип жугузуп алганы так белгисиз. Орусиянын Тергөө комитети бул боюнча кылмыш иши козголгонун, тергөө жүрүп жатканын кабарлады.

Балдардын ата-энелери окуу жайында тамак-аш менен тазалыкка көзөмөл начар экенин айтып, оорунун себебин бузулган эт менен азык-түлүктөн гана көрүп жатышат. Алардын бири Елена мекемеде 10-класста окуган баласын чыгарып кеткен.

- Балдар тамак-аш тууралуу арыздана беришчү, - деди ал. - Тамакта кумурска, чач, мык табыларын, столдун үстүндө кир майлык сасып турганын айтышчу. Биз ишенген эмеспиз! Ооба, айрылып, тешилген шейшеп берерин билчүбүз. Бут кийимдери да тешилип калчу, бат эле. Бирок тамак-аш тууралуу айткандарына ишенген эмеспиз. Кадыр-барктуу аскер окуу жайы го баары бир, мындай нерсе ойго да келбейт го!

Еленанын уулунда илдет аныкталган эмес. Ал сыяктуу бир топ ата-эне балдарын текшертүүгө окуудан алып кетишкен.

Оорунун өрчүп чыгышын эскерткен дарыгерлер ата-энелерге балдарын үч ай сайын текшертип турууну сунуш кылышкан. «Профилактика деген болбогон нерсе. Балдарга оорукчандар иче турган дары беришет. Ал аябай күчтүү препарат, зыяндуу жактары да бар, биринчи кезекте боор жабыр тартат» дейт уулун дарылатуудан баш тарткан эне.

Ульяновск шаарындагы Суворов аскер окуу жайын былтыр бүтүргөн Дмитрий Шульгада да январда эхинококкоз аныкталган.

- Дима дайыма аскерде кызмат өтөөнү кыялданчу. Суворов окуу жайынан соң Рязандагы жогорку аскер окуу жайына тапшыргандан эки күндөн кийин эле өзүн жаман сезип, ал жактан кетти, - деп эскерет апасы, Белгород шаарынын тургуну Алина Шульга.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Рентгенде баланын өпкөсүнөн кара так байкалып, бирок операцияда шишик табылган эмес. Кийин ал пневмония менен ооруп калган. Суворов окуу жайында эхинококкоз оорусу чыкканда ата-эне баласы кандай илдетке чалдыкканын түшүнгөн. Үй-бүлө эми Коргоо жана Саламаттык сактоо министрликтерине кат жазып, баласын дарылоого жардам ала албай жатышат.

– Диманын боорунда төрт жерде эт өсүп жатат. Алар азыр кичинекей, - деди Алина Шульга. - Азырынча аларга тийбей турууну чечтик. Балама окшоп жабыр тарткан бул окуу жайынын бүтүрүүчүлөрүн эч ким эсепке алган жок. Биз эми аскердик эмес, жөнөкөй жарандарбыз. Биздин балдар бири-бири менен байланышып турушат. Мен бир бүтүрүүчүгө операция жасалганын, дагы сегизинде мындай ириң толуп калталанган шишик табылганын билем. Алардын бешөө Питерде.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги менен аскер окуу жайынын жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагып, « курсанттар талаадагы машыгууларда жуулбаган жемиш жеп алышы мүмкүн», ошондой эле айрым балдар «насыбай тартат» деп ар кандай божомолдорду айтышууда.

«Ооруну балдар ашканада тамак-аштан же азык-түлүктөн жугузуп алган деген божомол четке кагылды. Анткени ашканада иштеген бир да кишиде оору табылган жок. Оору иттерден жайылган» деп билдирген эле Коргоо министрлигинде Аскердик медицина башкармалыгын жетектеген Дмитрий Тришкин.

Аскер окуу жайын былтыр декабрга чейин «Торговый дом СПП» компаниясы азык-түлүк менен камсыз кылчу. Компания Ульяновскиде жалаң эле аскердик мекемени эмес, бардык мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды тейлечү.

Курсанттарда эхинококкоз илдети аныкталгандан кийин бир топко үн чыгарбай отурган компания жакында эле билдирүү таркаткан. Анда «биздин компания тез арада бул окуя боюнча ачык жана терең иликтөө жүргүзүлүп, айыпталуулар аныкталышына кызыгат» деп жазылган.

Роспотребнадзор мекемесинин өкүлү Диляра Хакимова компаниянын иши текшерилгенин, бирок оорунун жайылышына негиз боло ала турган далилдер табылбаганын билдирди:

- Окуу жайын азык-түлүк менен камсыз кылган компания текшерилди. Айрым эреже-талаптар бузулган фактылар аныкталды. Бирок алар мындай оорунун чыгышына себеп же негиз боло алышпайт.

«Торговый дом СПП» Дмитрий Рябков деген ишкерге таандык DARS компаниясынын курамына кирет. Жергиликтүү журналисттер Рябковдун Ульяновск облусунун губернатору Сергей Морозов менен жакын байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Эхинококкоз – адамдын ички органдарын жабыркаткан илдет. Эхинококк курттары адамдын организмине бузулган тамак-аш, суу менен кирет же малдан жугат. Негизинен боор менен өпкөнү жабыркатат. Оорунун белгилери дароо көрүнбөй, айлап-жылдап өрчүп жүрө бериши да мүмкүн.

Учурда балдары бул аскер окуу жайында окуган ата-энелер убайымда. Илдет аныкталган өспүрүмдөр көпкө чейин дарыланууга, оор операцияларга муктаж. Алардын ден cоолугуна оор залака келтирилген. Аскердеги келечеги күмөн.

Ал эми эхинококк курттары аныкталбагандардын ата-энелерине Орусиянын Коргоо министрлиги балдарын милдеттүү түрдө профилактикалык дарылоодон өткөрүүнү сунуш кылган. Кошумча залакасы көп мындай дарылоодон азыр баш тарткандар кийин оору өрчүп чыкса, жоопкерчиликти өздөрүнө алышы керек болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Трамп жоочулар маселесин кабыргасынан койду

АКШ президенти Дональд Трамп. Вашингтон. 15-февраль, 2019-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Европа мамлекеттерин Сириядагы АКШ күчтөрүнүн туткунундагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун 800дөй жоочусун алып кетүүгө чакырды. Сирия маселеси коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясынын башкы темасы болду.

"АКШ Британиядан, Франциядан, Германиядан жана башка европалык союздаштардан биз Сирияда туткунга алган "Ислам мамлекети" террордук тобунун 800дөй жоочусун алып кетип, сотко өткөрүп берүүгө чакырат. Халифат мына-мына кулаганы турат. Альтернатива анча жакшы эмес, аларды коё берүүгө туура келет", - деп жазды Трамп.

Трамптын билдирүүсүнө караганда, АКШ туткундагы жоочуларды бошотсо, алар Европага жөнөшү мүмкүн. Президенттин билдирүүсүндө кармалган жоочулар кайсы мамлекеттин жарандары экени белгиленген эмес. Мурдараак "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына Евробиримдиктин курамындагы бир катар өлкөлөрдүн жарандары кошулуп кеткени тууралуу маалымат чыккан. Атайын кызматтар алардын көбү террордук топ Ирак менен Сирияда өз күчүн жогото баштаганда Европага кайтып келишкен деп эсептешет.

"Башкаларга да колунан келген ишти аткарууга убакыт келди. Биз "халифатты" 100 пайыз жеңгенден кийин өз ишибизди жыйынтыктайбыз",-деп кошумчалады Трамп.

Сириядагы кырдаал Мюнхендеги коопсуздук конференциясынын негизги темаларынын бири болду. Жыйында сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын Сирия боюнча атайын чабарманы Жеймс Жеффри америкалык аскерлер Сириядан акырындан чыгарыларын билдирди:

- Биринчиден, америкалык күчтөрдүн Сириядан чыгарылышы кескин ишке ашпайт. Бул акырындан жүргүзүлө турган иш-чара. Биз өз аскерлерибизди Сириянын түндүк-чыгышынан чыгарып жатабыз. Анткени жоокерлерибиздин башкы максаты ал жактагы жергиликтүү биздин өнөктөштөрүбүз - "Сирия демократиялык күчтөрүнө" «Ислам мамлекети» террордук тобун жок кылууга көмөк көрсөтүү эле. Бул максат ишке ашты.

АКШнын Сириядагы атайын чабарманы Жеймс Жеффри. 12-февраль, 2015-жыл.
АКШнын Сириядагы атайын чабарманы Жеймс Жеффри. 12-февраль, 2015-жыл.

Учурда Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун акыркы таянычы деп эсептелген Багуз кыштагынын чакан бөлүгү коалиция күчтөрүнүн курчоосунда турат. "Сирия демократиялык күчтөрүнүн" командири Жия Фурат "жакын арада ДАИШти ("Ислам мамлекети" радикал тобунун экинчи аталышы) жеңгенибиз тууралуу жакшы жаңылыктар чыгат" деп журналисттерге ишемби күнү айтты.

Фураттын айтымында, бир кезде Ирак менен Сириянын бир топ бөлүгүн ээлеп турган "халифаттан" ушул тапта экстремисттердин карамагында 600 чарчы метрдей эле аймак калды. Анын айтымында, коалиция күчтөрү жайкын тургундардын коопсуздугунан улам кыштакка бастырып кире албай атышат.

Багуздан качып чыккан аялдар жана балдар. 11-февраль, 2019-жыл. Сирия.
Багуздан качып чыккан аялдар жана балдар. 11-февраль, 2019-жыл. Сирия.

Ошондой эле ал аймакта согушкерлердин аялдары жана балдары да бар.

"Аткылоону бир аз азайттык. Анткени Багуздан жүздөгөн жайкын тургундар чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат. Биз аларды коргоо максатында ушундай кадамга барып жатабыз", - деди коалициянын басма сөз катчысы, полковник Шон Райан.

Ошону менен катар эле террорчулар жайкын тургундарды тирүү калканыч катары колдонуп жатышканы да айтылууда.

Жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" боюнча 24 сааттын ичинде маанилүү билдирүү жасоого убада берген. Бирок ишембиде коалиция жетекчилиги жана "Сирия демократиялык күчтөрү" "Ислам мамлекети" радикал тобун "мынча күндүн ичинде жеңебиз" деп кандайдыр бир убакыт белгилөө эрте экенин айтышты.

Ал эми 16-февралда коопсуздук боюнча Мюнхен конференциясында сүйлөп жатып, Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Кошмо Штаттар Жакынкы Чыгышта кала берерин жана аймактагы радикал күчтөрдүн аракеттерине байкоо салып турарын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Ирак менен Сирияда "Ислам мамлекети" радикал тобунун 14-18 миңдей жоочусу бар, алардын үч миңдейи чет элдиктер. Аталган террордук уюмду жактагандар Ооганстанда, Египетте, Ливияда, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Батыш Африка мамлекеттеринде басымдуулук кылат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бийликти түйшөлткөн диний кырдаал

Жээнбеков: Экстремизм коркунучу күч
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:25 0:00

Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын ар кандай диний экстремисттик топторго кошулуп кеткен тенденциясы күчөп жатканын билдирди.

Советтик армиянын Ооганстандан чыгарылганынын отуз жылдыгына карата өткөн иш-чарада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков аймактагы коопсуздукту сактоо бүгүн да актуалдуу экенин белгилеп, ар кандай террористтик топтор кырдаалды курчутууга аракеттенип жатышканы кооптондурарын айтты.

Жээнбеков айрыкча Кыргызстанда ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга кошулгандардын катары калыңдап баратканы тынчыздандырарын жана мындай көрүнүшкө жол бербөө зарыл экенин эскертти:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Борбор Азия бүгүн да дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мунун негизги себеби — Ооганстандагы кырдаал. Аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо актуалдуу милдет бойдон калууда. Жарандардын ар кандай диний-экстремисттик кыймылдарга катышуу тенденциясы күчөп баратат. Айрым мекендештердин жалданма террорчуларга азгырылып жатканы тынчсыздандырат. Диверсиялык-террористтик тажрыйба топтоп келген террористтердин чөлкөмдөгү кырдаалды курчутууга аракеттенип жатканы өзгөчө кооптуу. Буга эч убакта жол берүүгө болбойт. Ооганстан - бизге коңшу өлкө. Ошондуктан бул өлкөдөгү түзүлгөн кырдаалга кайдыгер боло албайбыз.

​Ошондой эле президент ооган өкмөтүнүн тынчтыкты камсыз кылууга, терроризмге каршы турууга алган багытын колдой турганын белгиледи. Кыргызстан өзү мүчө болгон ар кандай эл аралык уюмдар менен бирге аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу аракетин күчөтөрүн кошумчалады.

Акыркы жылдары күч органдарынын диний экстремизмге каршы күрөшүнө карабай, ар кандай шектүү топтордун катарына кошулгандар азайган жок.

Атайын кызматтын ардагери Максат Мамытканов мамлекет маселени терең карашы керек деген кеңешин айтты:

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

- «Диний экстремизм» беренеси менен камалгандар көбөйүп жатат. Мындай идеология кеңири тарап, катарына адамдарды тартууда. «Эл экстремисттик идеологиянын эмнесин жактырып жатат?» деген суроого жооп жок. Ошол иштерди терең талдап чыгарган макаланы көрө албадым. Күч кызматтарынын, соттун, өкмөттүк эмес уюмдардын же диний өкүлдөрдүн так талдоосу жок болуп жатат. Муну терең изилдеш керек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) акыркы убакта диний радикал топторго мүчө болгон кишилерди кармаганын байма-бай кабарлап келет.

Маселен, УКМК апта башында «2015-жылы Сирияга барып согуштук даярдыктан өтүп, кийин КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилип, эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды» деп жарыя кылды.

Ал эми эки күн мурун 2014-жылы чет өлкөгө диний билим алганы барып, кийин үй-бүлөсү менен Сирияга ооп кеткен жаран колго түшкөнүн маалымдады.

Эки жаран тең атайын лагерлерден машыгуудан өтүп, эл аралык террористтик топтун мүчөсү болгон деп шек саналууда. Мындан төрт-беш жыл мурун адамдар үй-бүлөсү менен Сирияга «бейиш издеп» кетип калган учурлар күчөгөн. Эми алардын алды кайтып келип, Кыргызстанда кандай иш жүргүзүп жатканы иликтене элек.

Он жылдан бери коопсуздук темаларын чагылдырып жүргөн журналист Турат Акимовдун пикиринде, азыр террористтик топтор идеологиясын жайылтууда мыкты ыкмаларды иштеп чыгышты. Эми алар менен күрөшүүдө жарандыгынан ажыратуу сыяктуу катаал жазалар керек.

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Алардын азыр тынч агенттери, учурда аракетте жүргөн агенттери болот, - деди талдоочу. - Булардын уячалары кеңири жайылган. Ошон үчүн атайын кызмат буларды террордук уюм деп атайт. Жөн эле жайылган койдой иш кылышпайт. Атайын командиринен баштап бардык түзүмдөрү жолго коюлган.

15-февралда жергиликтүү «АKИpress» агенттиги КМШ мамлекеттеринин антитеррордук борборунун изилдөөсүн жарыялады. Анда борбордун өкүлү Марианна Кочубей Борбор Азиядагы бир да мамлекет экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү кылмыштарды азайта албай жатканын билдирген.

Изилдөөдө 2018-жылдагы маалыматка ылайык, экстремизмге байланыштуу соттолгондордун саны Кыргызстанда 256, Казакстанда 661, Тажикстанда 675 киши деп эсептелген.

"Азаттыктын" архиви: Элеңдеткен экстремизм

Антсе да маал-маалы менен Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери диний өкүлдөр менен бирге экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып жүрүшөт.

Атайын кызматтардын акыркы маалыматына караганда Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта курман болгон. Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык Сириядан кайткан 60 кыргызстандыктын 40ка жакыны согушка катышканы далилденип, азыр жаза мөөнөтүн өтөп жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Мохманд: Советтик армиянын Ооганга кириши кастыкты курчуткан

Советтик армиянын Ооганстандан кетиши. 1989-жыл.

15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылганына 30 жыл толду. Бул тарыхый күндү өлкө жашоочулары кандай кабыл алышат?

"СССРдин чектелген контингенти" деп аталган куралдуу күчтөр ооган жергесине “интернационалдык милдетин аткаруу” үчүн киргизилип, 10 жыл бою согушуп келген.

Расмий маалыматтарда 15 миң жоокер курман болгону айтылып жүрөт. Арасында 252 кыргызстандык да бар. Ооган журналисти Хошим Мохманд "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Оогандардын советтик аскерлер чыгарылган учурдагы сезимдерин айтып берсеңиз. Советтик акыркы танк Өзбекстан менен Ооганстанды байланыштырган көпүрөнү кесип өткөндө кубансаңар керек?

Хошим Мохманд: Оогандар үчүн ал ийгиликтин, сүйүнүчтүн, кубанычтын учуру болгон. Советтер союзунун баскынчылыгына каршы жихад – ыйык согуш – абдан көп жоготуу, чыгымдарды алып келди. Миллиондон ашуун ооган өлгөн. Советтик учактардын туш келди бомбалоосунан өлкө толугу менен талкаланып, бүлүнгөн, урандыга айланган.

Өз тарабынан Советтер союзуна да согуштун чоң залкасы тийген. 15 миңден көп советтик жоокер ооган жергесинен кайтпай калган. Оогандар советтик аскерлер чыгып кеткенде мекени бүлгүнгө учураганына карабай "акыр аягында кайрадан эркин болдук, чет өлкөлүк куралдуу күчтөр өлкөбүздөн чегинди" деп сүйүнүшкөн.

"Азаттык": Бирок, тилекке каршы, ал күн Ооганстан тарыхындагы дагы бир кайгылуу күндөрдүн башаты болуп калды. Президент Нажибулланын өкмөтү 3,5 жылдай эле бийликте тура алды. Андан кийин "Талибандын" режими орноду. Беш жылдан кийин АКШ аскерлери киргизилди. Советтик оккупация болбосо, өлкө тарыхы башка нукка бурулат беле?

Хошим Мохманд: СССРдин жетекчилери да аскерлерди чыгаргандан кийин Ооганстанга басып кирүү ката болгонун мойнуна алышкан. Чындап эле бул чоң ката болгон. 120 миң аскердик контингентти жөнөтүүнүн эч кандай кажети жок эле. Ошол кездеги режимди ошончолук колдогусу келсе, сыртынан эле көмөктөшсө болмок. Бирок аскерлерди киргизүү ортодо ушунча кастык, душмандык маанайды жаратты, бүтүндөй улутка чоң трагедия алып келди.

"Азаттык": Советтик контингент турган 10 жылда Ооганстанда мектеп, ооруканалар курулган, ооган армиясы жакшы машыктырылып, камсыздалган деген ырастоолорду азыр деле укса болот.

Хошим Мохманд: Жок, бул калп. Аскерлер эч кандай мектеп же оорукана курушкан эмес. Ооганстанда кадимки согуш жүргөн. Өлкөнүн бардык бөлүктөрүндө, ар кайсы тарабында кармаштар болгон. Мектеп же башка инфраструктура курууга мүмкүнчүлүк да жок болчу.

Ооба, ооган армиясына колдоо көргөзүлгөнү, курал-жарак менен камсыздалганы, каржыланганы, күчтөндүрүлгөнү чын.

Советтер кеткенден кийин ооган куралдуу күчтөрү чындап эле кубаттуу болчу, көптөгөн офицерлер СССРде аскердик кесипке үйрөнүп, окуп, машыгып келишкен. Оккупацияга чейин эле эки өлкө аскердик чөйрөдө тыгыз кызматташып келген.

"Азаттык": 1989-жылдын 15-февралы оогандар үчүн тарыхый күн десек болот. Советтик аскерлер өлкөдөн чыкканына мына 30 жыл болду. Ошондон бери коомдук пикир өзгөргөн жокпу, мурдагыдан айырмаланган көз караштар айтылабы?

Хошим Мохманд: Оогандар үчүн бул тарыхый күн. Оогандар эркин эл, азаттыкты өтө баалашат. Менин билишимче, эч ким советтик аскерлер турган ошол жылдар жакшыраак болчу деп айтпайт. Советтик аскерлер өлкөнүн салттуу структураларын талкалап кетишкен. Ордуна эч нерсе курушкан эмес. Ооганстанда тынчтыктын орнобой жатышынын себептеринин бири мына ушунда. Оогандардын бир даары, өзгөчө можахеддер "СССРдей супер державаны чегинүүгө мажбур кылдык" деп абдан сыймыктанышат.

"Азаттык": "Талибандын" режими учурунда да, андан көрө СССР маалында жакшыраак болчу деген ойлор пайда болгон жок беле?

Хошим Мохманд: Жок, талибдердин бийлиги маалындагы жылдар өлкө тарыхындагы эң караңгы күндөр болгон. Бирок эч ким советтер мезгилин самагандай ой айткан эмес.

"Азаттык": Жакында ооган согушунда дайынсыз жоголгон кыргызстандык жоокер тирүү экени, Ооганстандын алыскы чөлкөмүндө жашаганы белгилүү болду. Туткунга түшүп, өз ыктыяры менен же башка себептерден улам ооган жергесинде калып калган аскерлер көппү?

Хошим Мохманд: Ислам динин кабыл алып, Ооганстанда калган советтик жоокерлер бир топ эле. Биз ошондой мурдагы аскердин биринен жакында интервью алганбыз. Герат аймагында жашайт, исламга өтүптүр, ооган аял алыптыр. Жихад музейинде иштейт экен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Түтүнгө ууланган наристелер

Түтүнгө ууланган наристелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

Паспорттон чыккан тиреш

Паспорттон чыккан тиреш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

Сирия: жоочулардын кесепети элге тийди

Багхуз айылынан качып чыккандар, 26-январь 2019-жыл.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун акыркы чордону саналган Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагынан жүздөгөн адамдар качып чыгууда. АКШ колдогон күрт күчтөрү бул аймактагы согушкерлерди бутага алган операциясын алты күн мурда баштаган.

Сириядагы жихадчыл күчтөрдүн акыркы таянычына чабуул коюла баштагандан бери бул аймактан качып чыккан адамдардын катары калыңдады. Алардын басымдуу бөлүгүн аялдар менен балдар түзсө да араларында эркектер жок эмес.

"Франс пресс" агенттигинин кабарчылары маалымдагандай, качкындар арасында балдарын жетелеген украиналык жана орусиялык аялдар да бар.

"Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Балинин билдиришинче, бир күндө эле согушкерлер көзөмөлдөгөн аймактан 600 тургун качып чыкты.

Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы соңку бир суткада дагы 350 киши жихадчылардын чордонунан качууга үлгүргөнүн маалымдады.

Андай качкындардын бири атын атабаган ирактык аял кырдаалды мындай сүрөттөдү:

- Абадан бомбалоо болуп жатты. Жыйырма күн боюнча буюм-тайымдарыбызды жыйнап алып, автоунаага түшүп чыгып кетүүгө аракет кылдык. Алар бизге уруксат бербей жатышты. Акыры жөө-жалаңдап качып чыктык. Баса албаган карыялар калышты.

"Сириянын демократиялык күчтөрү" Багхуз айылынын жанында, 11-февраль 2019-жыл.
"Сириянын демократиялык күчтөрү" Багхуз айылынын жанында, 11-февраль 2019-жыл.

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобу көзөмөлдөп келген акыркы аймактар бошотуларына аз калганын билдирген.

Андан көп өтпөй, 9-февралда Кошмо Штаттар колдоо көрсөткөн, басымдуу бөлүгүн күрт жана араб жоокерлери түзгөн "Сириянын демократиялык күчтөрү" экстремисттик тобунун акыркы чордону деп мүнөздөлгөн Сириянын чыгышындагы Багхуз кыштагына чабуулун баштаган.

Күрт күчтөрүнүн божомолу боюнча бул айылда 2-3 миңге чейинки жайкын тургун жана 600дөй согушкер болушу мүмкүн.

- Бул кармаш жакынкы арада аяктайт. Багхуздагы террорчулардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Акыркы эки айда багынып бергендердин же камакка алынгандардын көбү чет мамлекеттин жарандары, - деп билдирди "Сириянын демократиялык күчтөрүнүн" басма сөз өкүлү Мустафа Бали.

Качкын аялдар менен балдар, Багхуз аймагы, 11-февраль 2019-жыл.
Качкын аялдар менен балдар, Багхуз аймагы, 11-февраль 2019-жыл.

Багхуз кыштагы Сириянын мунайга бай Дейр-эз-Зор провинциясында жайгашкан. "Сириянын демократиялык күчтөрү" "Ислам мамлекети" террордук тобун бул провинциядан сүрүп чыгаруу үчүн чабуулдарын сентябрь айында баштаган. Андан бери миңден ашык күрт жана араб жоокерлери, 650дөй жихадчы жана 400дөн ашуун жайкын тургун мерт болду.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматы боюнча, соңку эки айда 37 миңдей адам экстремисттик топтун чордонунан күрт күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарга жер которгон. Алардын көбүн "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлеринин аялдары жана балдары түзөт. Декабрь айынан бери "Сириянын демократиялык күчтөрү" 3400дөй согушкерди камакка алган.

Жихадчыл күчтөр Сириянын акыркы таянычынан сүрүлүп чыгарылгандан кийин АКШ күрт жана араб күчтөрүнө көмөк көрсөтүп жүргөн 2 миңдей аскерин Сириядан чыгарат деп күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жоголгон куралды жыйноонун жаңы аргасы

Ички иштер министрлиги.

Кыргызстанда 2010-жылдагы кандуу окуяларда жоголгон же уурдалган 1200гө жакын курал-жарактын жарымынан көбү кайтарыла элек.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тогуз жылдан бери жоголгон куралдарды издөөдөн майнап чыкпагандыктан өз ыктыяры менен тапшырылган курал-жарактарга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү.

Парламентте айрым депутаттар жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн аларды көмүскө базардагы баасы менен сатып алууну сунуш кылышты.

Ийгиликсиз издөө иштери

Кыргызстанда 2010-жылы 6-7-апрелдеги окуяларда жана июнь калабасында Таласта, Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен тартылып алынган же аскер бөлүктөрүнөн мыйзамсыз алынган курал-жарактын алты жүздөн ашуун даанасы кайра кайтарылган эмес.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бул тууралуу парламентте «Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча баяндамасында маалымат берди.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов милициянын жоголгон курал-жаракты издөө иштери жакшы жыйынтык бербегенин белгиледи:

Улан Примов.
Улан Примов.

- Бүгүнкү күнү эң негизги маселе - мурда жоголгон 633 курал-жарак тапшырылбастан, элдин колунда жүргөнү. Бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөн эмеспи же биз тараптан жетиштүү каражат бөлүнбөй калганбы? Акыркы үч жылда жоголгон куралдарды издеп табуу боюнча кандай иштер жасалды?

ИИМ бул жолу 2010-жылдагы окуяларда жалпысынан 1190 курал-жарак жоголгону тууралуу расмий түрдө маалымат берди.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев 2019-жылга карата 555 курал-жарак табылып, кайра кайтарылганын жана бул жоголгон куралдардын 46 пайызын гана түзөрүн билдирди:

- 2017-жылы жарандардын колунан жалпысынан 399 курал-жарак алынды. Анын ичинен өз ыктыяры менен тапшырылган куралдын саны 196. Анан 2018-жылы жалпысынан алынган курал-жарактын саны 296 даана. Мунун көпчүлүгү 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон куралдар.

ИИМ жарандар жоголгон курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырыш үчүн аларга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуш кылды. Буга байланыштуу министрлик мыйзамды өзгөртүп, кезинде тартылып алынган, уурдалган же жоголгон куралдарды кайра кайтарууну көздөйт.

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жогорулатылган сый акынын өлчөмү кандайча аныкталганын айтты:

Алмаз Орозалиев.
Алмаз Орозалиев.

- Өкмөттүн токтомунун долбоорунда бул тууралуу сый акы берүүнүн аныкталган өлчөмдөрү каралган. Гранатомет тапшырылса, ал үчүн 16 миң сом сый акы берилет. Пулемет тапшырылса, ага дагы 16 миң сом, Калашников автоматы кайтарылса, анда ага 9600 сом берилет. СВД көзгө атар мылтыгы тапшырылса, ага да 9600 сом каралган. Мергенчилик карабини же анын кыркылганы болсо ага 6400 сом сый акы ыйгарылат.

Курал-жарактын базар баалары

Бирок парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мындай жол менен жоголгон куралдарды табуу мүмкүн эмес экенин айтып, аларды көмүскө базардын баасы менен сатып алууну сунуш кылды:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

- Эгерде кимдир-бирөө курал-жаракты тапшырса, аны биз базар баасында баалап коюшубуз зарыл. Бир автоматтын азыр базар баасы 1000 долларбы же бир жылкыбы, ошого жараша акчасын бериш керек. Жоголгон куралдарды базар баасында сатып алуу жагы каралганда гана алар кайра кайтарылат. Болбосо аларды силерге эч ким алып келип бербейт. Анан аны алып келген кишиден «Куралды каяктан алдың?» деп сурабагыла. Ал жоголгон куралды тапшырганга биз ыраазы гана болушубуз керек.

Буга чейин 2010-жылдагы кандуу окуяларда күч түзүмдөрүнөн тартылып алынган курал-жарак ар кайсы криминалдык топтордун колуна түшкөнү боюнча маалыматтар чыккан. Бирок ички иштер органдары ага катышы бар уюшкан кылмыш топторун кармап, алардын жашыруун курал-жарак кампаларын аныктаган учурлар катталган эмес.

Депутат Айнуру Алтыбаева жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн көмүскө базардагыдан эки эсе жогору баа сунушталышы керек экенин белгиледи:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Мисал үчүн менин колумда бир автомат болсо, аны таап аламбы же башка жагдайдабы, аны мен сиздер сунуш кылган 9 миң сомду алыш үчүн кайра силерге алып барып бербейм да. Аны мен эң жакшысы көмүскө базарга алып барып, 1000 долларга сатып жиберем. Ошондуктан көмүскө базардагы же каяктадыр катылып жаткан куралдарды кайтарыш үчүн аны базар баасынан эки-үч эсе жогору баада сатып алууга туура келет.

ИИМ 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон 865 курал-жарактын 351 даанасы кайтарылганын, анын 514үнүн дайыны дагы эле табылбай жатканын былтыр жарыялаган.

2011-жылы УКМКдан, ИИМден жана Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн тартылып алынган курал-жаракты кошуп санаганда 1177 даана курал жоголгону расмий кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орус Интернети обочолонуу аракетинде

Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик Дума “эгемен Рунет” тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Демилгечилер бул документ Глобалдык желе менен байланыш үзүлүп калганда Орусияда Интернеттин үзгүлтүксүз иштей беришин камсыз кыларын айтышууда. Бирок бул чара бийликтин Интернетке көзөмөлүн күчөтпөйбү?

“Рунеттин” же Интернеттин Орусиядагы сегментинин өз алдынчалыгын камсыз кылаары белгиленген мыйзам долбоору шейшемби күнү Думада кызуу талкууга жем таштады.

Чү дегенде эле долбоордун авторлорунун бири, Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары Людмила Бокова баяндама жасап, бул мыйзам Орусияга зарыл экенин айтты:

- Орусиянын Маалыматтык коопсуздук боюнча доктринасында чек аралар ортосундагы маалыматтын агымы барган сайын геосаясий, аскердик жана террорчулук сыяктуу кылмыштуу максаттарга жетүү үчүн колдонулуп жатканы жазылган. АКШнын Улуттук киберкоопсуздук тууралуу стратегиясында белгиленген факторлор маалымат коопсуздугун камсыз кылуу маселесинин актуалдуу экенин көрсөтөт. Мындай шартта Орусияда Интернеттин узак мөөнөткө туруктуу иштешин камсыз кылган жана интернет-сервистеринин ишенимдүүлүгүн арттыра турган коргоочу механизмдерге муктаждык бар.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы.
Орусиянын Мамлекеттик Думасы.

Мыйзам долбоорунда Орусиянын Интернет сегментинин чет өлкөлүк серверлерден өз алдынча иш алып барышы үчүн түрдүү чаралар камтылган.

  • Маселен Орусиянын интернет-операторлору Дүйнөлүк желеге байланыша албай калган шартта орус интернет-ресурстарынын үзгүлтүксүз иштей бериши үчүн өлкөдө тиешелүү инфраструктура түзүлүшү керек.
  • Байланыш түйүндөрүнө тыюу салынган маалыматка же сайттарга бөгөт коюуга жөндөмдүү атайын техникалык жабдыктар орнотулат.
  • Орусиялык колдонуучулар бири-бири менен алмашкан маалыматтарды өлкөнүн чегинен чыгарбоого болушунча аракет көрүлөт.
  • Мындан тышкары интернет-провайдерлер коркунучтуу кырдаал жаралган учурда трафикти башкарууну өкмөттүк органга өткөрүп берүүгө милдеттүү болот.

Соңку жобонун чоо-жайын Думанын Маалыматтык саясат жана байланыш комитетинин төрагасы Леонид Левин мындайча түшүндүрүп берди:

- Мыйзам долбоорунда “Роскомнадзордун” базасында маалыматтык коркунучтардын алдын алуучу борбор түзүү сунушталууда. Ал Интернет трафигинин багыттарын аныктап, көзөмөлдөп турат. Эгер өзгөчө кырдаал жаралса, Орусиянын ичиндеги маалымат агымын башкарууну колго алат.

Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, сайттарга дагы натыйжалуу бөгөт коюуга жол ачылат.
Жаңы мыйзам күчүнө кирсе, сайттарга дагы натыйжалуу бөгөт коюуга жол ачылат.

Ошондой эле мыйзам долбооруна ылайык, коркунучту аныктоо жана түрдүү кырдаалда "Рунеттин" ишин калыбына келтирүү жолдорун жеткире иштеп чыгыш үчүн бийлик өкүлдөрү менен байланыш операторлору машыгуудан өтүп турушу керек.

Орусиянын маалымат каражаттары мындай машыгуулардын алгачкысы 1-апрелге чейин өтөөрүн кабарлашты. Бул иш-чаранын алкагында Орусиянын Интернет сегменти Дүйнөлүк желеден убактылуу бөлүнүп, киберчабуулдарга каршы коргонуу жолдору текшерүүдөн өтмөкчү.

Мурдарак орус өкмөтүнүн эксперттери "эгемен Рунет" тууралуу мыйзам ишке кирсе, «Роскомнадзордун» түздөн-түз кийлигишүүсү күчөйт деп эскертишкен. Ал эми операторлорго кенемте катары жылына 134 миллиард рублга чейин акча сарпталарын эсептеп чыгышкан.

Жаңы мыйзам долбоорун орус парламентиндеги бир нече депутат сынга алды.

- Мыйзам долбоорунун техникалык мааниси түшүнүктүү. Бардык Интернет жолдору серверлер аркылуу бир түйүнгө биригет. Ошону гана көзөмөлгө алышат. Мындай жол менен техникалык жактан каалаган нерсеге бөгөт койсо болот. Албетте, бул жерде демократия менен адам укуктарынын жыты да жок, - деп билдирди “Адилеттүү Орусия” партиясынын депутаты Федот Тумусов.

Орус президенти Владимир Путин.
Орус президенти Владимир Путин.

Кантсе да мыйзам долбоорун 450 орундуу Мамлекеттин Думанын 334 депутаты биринчи окууда жактырды. 47 эл өкүлү каршы болду. Орус маалымат каражаттары бул документти бийликтеги "Бирдиктүү Орусия" партиясы колдоп жатканын, парламенттеги коммунисттер каршы экенин маалымдашты. Мыйзам долбоорлорунун авторлорунун бири өз партиясынан чыкканына карабай ЛДПРдин башчысы Владимир Жириновский да документти колдобой турганын билдирди.

Коммуникациялар жөнүндө мыйзам сыяктуу бир катар расмий документтерге өзгөртүү киргизүүнү караган бул долбоор орус парламентинин төмөнкү палатасына декабрь айында келип түшкөн.

Бул долбоор экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынгандан кийин президент Владимир Путинге кол коюуга жөнөтүлөт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков документ тууралуу комментарий берүүдөн баш тартып, мыйзам долбоорун "адистер талкуулап жатканын" айтуу менен гана чектелди.

Кантсе да Орусияда Интернеттин өз алдынчылыгын камсыз кылуу аракети Батыш өлкөлөрүндө Москванын дарегине киберчабуулдар жана социалдык тармактардагы кастыкты козутуучу аракеттер боюнча айыптоолор айтылып жаткан учурга туш келди. Мыйзам долбоорунун авторлору орус тарапка хакердик чабуулдар тууралуу негизсиз кине коюлуп жатканын белгилешти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Коопсуз шаар: айдоочуларды сынаган алгачкы күн

Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору ишке кирип, калаадагы 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады.

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"

Бишкек. 12-февраль, 2019-жыл.

Бишкекте 12-февралдан тартып "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Жол эрежесин бузгандарды аныктоо тартиби кандай болот? Айыппулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машине айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?

Ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында биз студияга Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматовду, «Биз эксперт» талдоо тобунун жетекчиси Улукбек Кыдырбаевди жана Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү Тилек Оторовду чакырдык.

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералардын бири.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында коюлган камералардын бири.

«Азаттык»: «Коопсуз шаар» долбоорунун азыр бир чакан эле бөлүгү башталды. Бирок ал коомчулукта кызуу талкуулар менен коштолууда. Канча көзөмөл камерасы коюлду жана жол эрежесин бузуу каттала баштадыбы?

Эшмамбет Аматов: 12-февралдан тартып Бишкектеги 10 жолдун кесилишинде 17 ылдамдыкты ченөөчү камера иштей баштады. Негизи бул долбоор төрт фазадан турат.

Бүгүн айыптардын баары сүрөт, видео каттоого алынып, расмий түрдө түшө баштады. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг бөлүмү бар. Ал жактагы операторлорго маалымат түшүп, протоколдор түзүлө баштайт.

«Азаттык»: Тилек мырза, камералар иштегенден бери жолдо жүрүү тартиби кичине өзгөрдүбү, байкай алдыңыздарбы?

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

Тилек Оторов: Сиздердин кеңсеге келе жатып, жолду байкап келдик. Жыл жаңыргандан бери эле айдоочуларыбыз этияттап, эреже бузбаганга аракет кылып жатышкан. Бүгүн да айдоочуларыбыз эреже бузбай айдаганын байкаса болот.

«Азаттык»: Улук мырза, бул долбоор элди абдан күттүргөн, бир топ каражатты, убакытты талап кылды. Ошол эле учурда коңшу Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жакшы эле иштеп жатпайбы. Мынчалык убакытты эмнеге талап кылды?

Улукбек Кыдырбаев: Биринчи кезекте долбоордун көпкө чейин ишке ашпай создугушу жеке кызыкчылыктар менен коомдун кызыкчылыгынын бири-бирине дал келбегенинде деп ойлойм. Себеби буга чейин көп тендерлер өттү. Бирок дээрлик баарын эле четке кагып келишти. Дал ушул кайталанма тендер жарыялоо «Коопсуз шаарга» бир нече жыл бою бут тосуп келди.

Угарман: Менин атым Максат, Нарындан чалып жатам. Маселен, мен Бишкекке барып, жол эрежесин байкабай бузуп алсам, же бузууга аргасыз болсом, анан мага айыппул тууралуу маалыматты Нарынга жиберсеңер, бирок мен эреже бузбаганымды далилдегим келсе, Бишкекке кайра келишим керек болобу?

Эшмамбет Аматов: Далилдөө камерасына жалаң эле машиненин сүрөтү түшпөйт. Ал жакта 15 секундга чейинки видео да тартылып калат. Машине кантип жол тилкесине чыкканын, эреже кандай бузулганын операторлор карайт. Эгер эреже бузулган болбосо анда далилденет. Бишкектен эмес, Нарындан келип, шаардан эреже бузуп, бирок кайра арыз менен кайрылса, анда баш калаага келүүнүн кажети жок. Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын Нарындагы өкүлдөрү менен байланышып эле маселени чечүүгө шарт бар. Буга кошумча, автоунаа ээси атайын сайттан паспорт номурун, өздүк жеке номурун киргизип, айыппулдун өлчөмүн, эреже бузган-бузбаганын текшерип алса да болот.

Улукбек Кыдырбаев.
Улукбек Кыдырбаев.

Улукбек Кыдырбаев: «Коопсуз шаар» долбоорунда ачык айтылбаган дагы бир нече маселе бар. Ошол эреже бузууну аныктап отурган операторлор канчалык деңгээлде калыс боло алышат? Маселен, өкмөттө же дагы башка жогорку жакта иштегендердин номурун операторлор «кол тийбейт» деген бир тизмеге киргизип салса, алар эреже бузса деле мурдагыдай жүрө беришет да? Алардын каталарын эч ким байкабайт дагы, баягы эле эски адатыбыз калат да.

Экинчи маселе: камераларды коёрун койдук, бирок жол белгилери боюнча бирдиктүү стандарт жок. Айрым жерлерге белгилер коюлган эмес, коюлса да айдоочу көрө албагандай жерде туруп калат. Стоп-линиялар өчүп калган же кээ бир көчөдө жөө жүрүүчү баскан тилкеден үч метр аралыкта болсо, айрым жерлердеги аралык бир эле метр, бирдиктүү бир жол белгилери жок. Үчүнчүдөн, жол белгилерин жолду көзөмөлдөгөн кызматкерлерден сурасак «биз аны койгон жокпуз, башкалар жооптуу» дешет. Жол белгилерин айдоочуларга көрүнө тургандай, даана кылып койгон жагына кайдыгерлик бар да, менимче.​

«Азаттык»: Коомчулукту кызыктырган дагы бир маселе - машине айдаган киши менен автоунаа ээсинин ортосундагы жоопкерчилик болуп турат. Айыппулду жалаң гана автоунаа ээлери төлөп калабы? Автоунаа ээлери менен машинени айдап жүргөн адамдын жоопкерчилигин ким текшерет?

Эшмамбет Аматов.
Эшмамбет Аматов.

Эшмамбет Аматов: Бул жерде айыппул кандай болгон күндө да машиненин ээсине барат. Анын дарегин тактоо паспорттук маалыматтары аркылуу ишке ашат.

Эреже бузуу аныкталгандан кийин 10 күндүн ичинде почтанын курьери аркылуу киши жашаган жерге жеткирилип, машиненин ээси кол койгон күндөн тартып расмий кабыл алынды деп эсептелет. Ал айыппулду 10 күндүн ичинде төлөшү керек.

Айта кетүүчү нерсе - мындан ары автоунаа айдаган же саткан адам мурдагыдай сатып ийип, каттабай жүрө берүү деген нерсе болбошу керек. Себеби жоопкерчиликти менчик ээси гана тартып калат. Эгер бир айдын ичинде төлөбөсө, анда күнүгө бир пайыздык туум коюлат. Сот аркылуу төлөтүп алуу процесстери башталат.

Талкуунун калган бөлүгүн бул жактан көрсөңүздөр болот:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грессел: Орусия "Талибанды" пайдаланууну көздөйт

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел.

Ушул тапта Ооганстанда 18 жылга аяк баскан согушту басыш үчүн «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөр ургаалдуу жүрүп жатат.

Өткөн аптада Москвада «Талибан» кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун делегациясынын сүйлөшүүсү эки күнгө созулду.

Андан мурда Вашингтондун делегациясы менен талибдердин өкүлдөрү Катарда жолугуп, алты күн бою сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Берлиндеги «Эл аралык алакалар боюнча Европа кеңеши» аттуу талдоо борборунун эксперти Густав Грессел «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди.

«Азаттык»: - Густав мырза, ушул тапта «Талибан» кыймылы менен тынчтык келишимин түзүш үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Андагы Москва менен Вашингтондун ролун кандай баалайсыз?

Густав Грессел: - Орусия «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү илгери сүрөп жатат. Москва америкалыктар ооган жергесинен чыгып кеткенден кийин ошол орунду басып калгысы келет. Акыркы окуяларга назар салсак, америкалыктар чыгып кетчүдөй болуп калды.

Бир жагынан бул орустарга Борбор Азияда өз таасирин арттырып, позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Экинчи жагынан орустарга мүнөздүү болгондой, постсоветтик аймакта өзүнүн аскер күчтөрүн жайгаштыруу максатын ишке ашырат. Орусиянын башкы көздөгөнү ушулар эмеспи.

«Азаттык»: - Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Бишкектеги басма сөз жыйынында «америкалыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн менчиктеп алгысы келет» деп айтты. Сүйлөшүүлөр жанданган сайын Вашингтон менен Москванын атаандаштыгы дагы күчөдүбү?

"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.
"Талибандын" аскерлери, Ооганстан.

Густав Грессел: - АКШнын президенти Трамп мүмкүн болушунча эртерээк ооган жергесинен жоокерлерин чыгарып кетүү аракетинде. Америкалыктардын аскердик жетекчилиги болсо Ооганстанда дагы калууну туура көрөт, анткени согуш бүтө элек, «Талибан» кыймылына ишенич жок.

Бул эми Вашингтондогу ички талаш-тартыш. Бирок кандай болгон күндө да америкалыктар чыгып кетээрден мурда бардык тарапты канааттандыра турган шарт түзүлөт го. Мен жеке өзүм «Талибандын» бийлигине ишене албайм.

Орусиянын эң башкы көздөгөнү – америкалыктардын ооган жергесинен чыгып кетиши. Андыктан ал талибдерди жакындан колдоп, сүйлөшүүлөргө аралашып, алардын көз карашына таасир этип, америкалыктардын толук чыгып кетишин талап кылууга шыкак берип жатат. Орустар Ооганстанда чектелген сандагы америкалыктар калгандан көрө өлкөнү талибдер толук колуна алышын артык көрүшөт.

АКШнын аскердик жетекчилиги менен тышкы иштер мекемеси Ооганстанда аз санда болсо да өз контингентин калтыргысы келет. Бул Орусиянын стратегиясынын биринчи багыты.

Экинчи маанилүү нерсе – Орусия «Талибан» кыймылы кандай бийлик жүргүзөрүн, анын исламчыл радикализмге негизделген идеялогиясы коңшуларга кандай коркунуч жаратарын билет. Мына азыр орустар ушулардын баарын салмактап туруп, америкалыктардын толук чыгып кетишине жетишүүнүн аракетинде.

«Талибан» Ооганстанда бийликти колуна алган соң Москва Борбор Азия өлкөлөрүнө таасирин күчөтүп, аскер күчтөрүн көбөйтүп, «ооган тараптан келген коркунучка каршы күрөшүү» деген жүйө менен чек араларды кайтарууга кызуу көмөктөшө баштайт. Москва буга чейин жарым-жартылай жасаган ишин күчөтөт.

«Азаттык»: - Вашингтондун позициясы кандай? Америкалыктар согушту бүтүрүп эле Ооганстан чыгып кетүүнү көздөп турабы?

Густав Грессел: - Кошмо Штаттар бул маселеге келгенде ич ара бөлүнүп калды. Анткени президент Трамп бирди кааласа, дипломаттары менен аскердик мекемелери башканы көздөйт. Бирок акыры барып Трампка баш ийишет, анткени ал мамлекеттин башчысы.

Вашингтон ушул тапта жок дегенде «Талибан» кыймылынын жоочулары менен ооган армиясынын ортосундагы ок атышууну токтоткусу келет. Азыр ооган өкмөтү өлкөнүн бир бөлүгүн башкарса, башка тарабы талибдердин көзөмөлүндө турат.

Вашингтондун максаты - «Талибандын» Перс булуңундагы өлкөлөрдөн барган исламчыл топторго баш калка берип, келечекте «Ал-Каида» жана «Ислам мамлекети» террордук тобунун машыктыруучу борборуна айланышына жол бербөөгө жетишүү.

Америкалыктардын дагы бир көздөгөнү - тынчтык келишимине жетишилгенден кийин азыркы ооган өкмөтү менен талибдер бийликти бөлүштүрүп, уруу башчыларын да мамлекеттик башкарууга аралаштырууга жетишүү.

«Азаттык»: - Вашингтон чектелген сандагы аскерин калтырууга кызыкдар болсо, талибдер алардын толук чыгып кетишин талап кылып жатат. Мындай жагдайда макулдашуу мүмкүнбү?

Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат.
Густан Грессел.

Густав Грессел: - Бул албетте, орустар үчүн жакшы жаңылык. Вашингтондун позициясы канчалык солгун болсо, орустар ошончолук «Талибандын» картасын чаап, ооган согушун басууга умтулат. Москва үчүн, мен жогоруда айткандай, ооган жергесинен америкалыктардын толук чыгып кеткени максатка ылайык.

Андыктан Кремль болгон дипломатиялык жана аскердик каналдары аркылуу америкалыктарды сүрүп чыгарууга жан үрөп жатат. Москва үчүн аймактагы туруктуулук эмес, ушул башкы маселе эмеспи. Биз муну эстен чыгарбашыбыз керек.

«Азаттык»: - Сиз жогоруда айткандай, сценарий ишке ашса, ооган согушунун жеңүүчүсү ким, жеңилгени ким болмокчу?

Густав Грессел: - Албетте, «Талибан» утат. Анткени алар кайра бийликти колуна алып, өлкөнү башкарат. Орусия утат, анткени алар америкалыктарды Ооганстандан толук чыгарууга жетишет. Ал эми аймакта кандай кырдаал түзүлөт? Бул суроого азырынча жооп жок.

«Талибан» бийликке келген соң 2001-жылдагыдай аёосуз фундаменталисттик режим кайра өкүм сүрбөйбү? Согуштун айынан өз мекенинен бозгон оогандардын аягы тыйыла элек.

Талибдердин бийлиги орносо ооган коомунда улуттук, уруулук, аймактык ажырым күчөйт. 2001-жылы америкалыктар Ооганстанга кире электе эле бул өлкөдө согуш жүрүп жаткан.

Ооганстандын келечеги – апийим гүлдөгөн өлкөгө айланат. Мунун коңшу өлкөлөргө коркунучу да, кесепети да оор болот.

«Азаттык»: - Дал ушул суроону берейин деп турам. Сиз айткан сценарий ишке ашса, анын Борбор Азия чөлкөмүнө таасири кандай болушу мүмкүн?

Густав Грессел: - Биринчеден, ооган качкындары жана маңзат аткезчилиги көбөйөт. Анткени «Талибанга» кандайдыр бир жол менен акча табуу керек. Өзүңөр билгендей, Ооганстанда өндүрүш же лыжа тебүү сыяктуу акча түшкөн жайлар жок.

Ошондой эле кырдаалга Сирия менен Ирак канчалык аралашат? Сауд Арабиясында, Иракта, Араб Эмираттарында акчалуу, таасирдүү, консервативдүү топтор бар, алардын колунда каражат жана колдогон күчтөрү турат.

Эгер ошол күчтөрдү Ирак менен Сирия сүрүп чыгарса, алар кайда барат? «Талибан» режими андай акчалуу, таасирдүү топтор менен ымала түзөбү же жокпу? Ошондой эле «Талибан» тышкы дүйнө менен кандай алака-байланыш түзөт деген суроо турат.

«Азаттык»: - Бул Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиялары алардын экономикасындай эле алсыз экени эч кимге жашыруун эмес го...

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.
Густав Грессел.

Густав Грессел: - Албетте, бул өлкөлөрдүн армиялары өлкөнү сырткы коркунучтан коргоого жөндөмсүз экени айкын.

Чөлкөмдөгү мамлекеттердин армиясы чек араны эмес, баш калааларында отурган саясий режимдерди коргоого гана кудурети жетет.

Чындыгында Ооганстан менен чек ара миңдеген чакырымга созулат. Коңшу өлкөлөрдүн аймагын тепчип, тоо-ташты камтыган чек араны кайтаруу оор милдет. Ушул тапта Орусия бул чөлкөмдө коопсуздуктун кепилдиги сыяктуу саясат жүргүзүп жатат.

Келечекте «радикалдык исламчыл идеялогияга каршы туруу» деген жүйө менен орустар аскерлеринин жана атайын кызматтарынын контингентин кеңейтет.

Ал эми Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн позициясынан алып караганда, орустардын жигердүү аралаша башташы бери дегенде оңтойсуздук жаратат. Айрыкча 2014-жылкы Украинадагы окуялардан кийин Орусияга гана ишеним артып, Москвага таянуунун өзү кооптуу болуп калды.

Андыктан бул өлкөлөр эртеби-кечпи Орусияга гана эмес, Кытайга да бирдей ишеним арта баштаса туура болор эле деп ойлойм. Кытай бул чөлкөмгө экономикалык гана колдоо көрсөтпөстөн, терроризмге, баңгизат аткезчилигине каршы күрөштө жана ыкчам чалгын иштерин жүргүзүүдө кызматташтыгын күчөтүүгө кудурети жетет.

Ошондо гана бул мамлекеттер Орусия менен Кытайдын ортосунда кандайыр бир тең салмактуулукту сактап, Москва менен Бээжиндин тилин бирдей тапмак.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"

Айдоочуну тайсалдаткан "Коопсуз шаар"
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:36 0:00
Түз линк

“Коопсуз шаар” ордунан козголду

Жол эрежесин каттаган көчмө радар. 11-февраль, 2019-жыл.

Бир нече жылдан бери ишке ашпай келаткан “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралда иштей баштайт.

Аталган долбоордун биринчи баскычында Бишкектин негизги көчөлөрүнүн 10 кесилишине камералар орнотулду. Андан тышкары жол эрежеси бузулган учурларды аныктоочу көчмө радарлар ишке киришет.

Орусиялык «Вега радиокуруу концерни» компаниясы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга киришти. Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчисинин орун басары Кубаныч Шатемиров долбоордун биринчи фазасындагы иштер тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

- 12-февралда долбоордун биринчи фазасы иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери коюлат. Ушундан улам биз автоунаа айдоочуларын жол эрежелерин бузбоого чакырабыз. Жалпысынан «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычында 110 аппарат комплекстери коюлат. Анын ичинен 38 кесилишке камералар орнотулуп, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери ишке кирет.

Учурда баш калаанын Жибек Жолу - Жаш Гвардия бульвары, Чүй проспектиси - Фучик, Чүй проспектиси – Бүбүсара Бейшеналиева, Жибек Жолу - Фучик, Чүй проспектиси - Жаш Гвардия бульвары, Жоомарт Бөкөнбаев – Жусуп Абдрахманов, Жибек Жолу – Жусуп Абдрахманов, Чүй проспектиси - Курманжан Датка, Москва – Жусуп Абдрахманов, Максим Горький – 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жол кыймыл коопсуздугун көзөмөлдөөчү камералар орнотулду.

Жол эрежесинин сакталышын каттаган көчмө радар.
Жол эрежесинин сакталышын каттаган көчмө радар.

Мындан тышкары, 20 көчмө программалык аппарат комплекстери же башкача айтканда радарлар иштей баштайт. «Вега» компаниясынын оператору Данияр Окенов радар айдоочу белгиленген ылдамдыктан ашкан учурда жана карама-каршы тилкеге чыкканда автоунааны каттай турганын көрсөтүп берди:

- Бул радар эки багытты тең тартат - башкача айтканда бери келаткан жана ары бараткан автоунааны. Мисалы, азыр бери карай келаткан маршрутканын айдоочусу саатына 20 чакырым ылдамдыкта айдап келатып, ылдамдыгын саатына 19 чакырымга чейин түшүрдү. Бул автобус болсо саатына 36 чакырым ылдамдык менен келе жатат. Бул аппарат фото менен видеого да тарта берет.

Кадимки видеого тартчу камераларга окшош, анча чоң эмес радарларды долбоорду ишке ашырып жаткан «Вега» ишканасынын операторлору ноутбук аркылуу башкарып турат. Алар Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен кеңешип, эреже бузуу көп катталган аймактарга көчүп иштешет. «Веганын» дагы бир оператору Бекулан Жумабаев радарлар көбүнчө кайсы аймактарга коюларын айтып берди:

Бекулан Жумабаев.
Бекулан Жумабаев.

- Шаардын кире беришинде жана трассаларга коюлат. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен үч айдан бери кайсы аймактарда жол эрежеси көп бузуларын, кайсы жерлерде кырсык көп болорун иликтеп, элден түшкөн арыздарга мониторинг жүргүздүк. Ошонун негизинде бизге аймактар бөлүнүп берилген. Азырынча ошол жерлерде тесттик негизде иштеп жатабыз.

Бул радарлар азырынча таңкы саат сегизден тартып кечки саат алтыга чейин иштейт. Ал жол эрежесин бузган айдоочунун автоунаасын жана номурун 100 метр аралыктан видеого жана сүрөткө тартып алат. Андан соң бул маалымат «Инфоком» мамлекеттик ишканасына жөнөтүлөт.

Эреже бузган айдоочуларды жол кесилиштерине орнотулган камералар менен радарлардан тышкары Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын автоунааларына орнотулган «Ураган» аттуу жабдуу да тескей баштайт.

Аталган башкармалыктын Мониторинг борборунун бөлүм башчысы Нурбек Молдогазиев мындай аппарат 10 автоунаага орнотулганын билдирди. Анын экөө Бишкекте иштесе, калгандары аймактарга бөлүнүп берилген.

Нурбек Молдогазиев.
Нурбек Молдогазиев.

- «Ураган» жол четине, тротуарларга жана жөө адамдар өтүүчү жерлерге токтоп, жол эрежесин бузган автоунааларды бир сыйра каттап кетет, - дейт ал. - Беш мүнөттөн кийин кайра ошол жерге келет. Эгер беш мүнөттүн ичинде ал транспорт ордунан кетип калбаса жол эрежесин бузду деп катталат. Мисалы, «Айчүрөк» дүкөнүнүн, Ош базарынын, Аламүдүн базарынын тегерегине айдоочулар автоунааларын жол эрежесин бузуу менен токтотуп жүрүшөт.

Жалпылап айтканда жол кесилиштерине орнотулган камералар, көчүп жүрүүчү радарлар менен «Ураган» аппараты 12-февралдан баштап жол чырактын тийиштүү белгисине баш ийбеген, карама-каршы тилкеге чыккан, жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеге токтогон, жол чырактын токтотуучу белгисине карабай өткөн, жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерди бузган, ылдамдыкты чектен ашырган жана автоунаа токтотуучу жерлердеги, аялдамалардагы талаптарды бузган айдоочуларды каттап, айыппул сала баштайт.

Жогоруда аталган аппараттарга жол эрежесин бузуп катталган автоунаалардын номурлары менен унаанын өзүнүн сүрөтү «Инфоком» ишканасына жөнөтүлөт. Андан соң ал Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна келип түшөт.

Ал жактан автоунаанын номуру менен анын модели шайкеш келер-келбеси текшерилип, айыппулдун өлчөмү, эреже бузуунун беренеси жазылып «Кыргыз почтасына» өткөрүлүп берилет. Андан соң «Кыргыз почтасы» айдоочунун дарегине кат жөнөтөт.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.
Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.

Айдоочу айыпты 30 күндүн ичинде төлөшү керек. Ал белгиленген мөөнөттө айыпты төлөбөсө үстүнө туум кошулат. Салынчу айыптар, коюлуп жаткан камералар менен деги эле «Коопсуз шаар» долбоору боюнча айдоочулардын кабары барбы? Биз бул боюнча сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

- «Камераларды коюшат имиш» деген кабарым бар, - дейт шаар тургундарынын бири. - Шаардын ичине коюлган экен. Бирок мен ал жактан көп деле жүрбөйм да. Ал эми кандай эрежелердин бузулушун каттай турганын жакшы уккан эмесмин.

- Бирок шаардын көп көчөлөрүндө жол эрежелери боюнча белгилер жок, - деди дагы бир маектешибиз. - Кээ бир жерлерде өчүп калган. Кээ бир жерлерде бак тосуп калган.

- «12-февралдан баштап шаарда камералар иштей баштайт» деп угуп атам. Бул бир чети туура эле. Мисалы, айдоочулар эрежени бузбай калышат, - деди үчүнчүсү.

Жол эрежесин бузган айдоочулар өздөрүнө салынган айыппулдун өлчөмү менен алдын-ала кыргыз өкмөтүнө караштуу uslugi.gov.kg сайтынан да тааныша алышат. Ал сайтта «Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулду текшерүү» деген баракчага кирип, өзүнүн идентификациялык маалыматы менен автоунаасынын мамлекеттик номурун жазса, жол эрежесин кайсы жерден, качан, кантип бузганы, ал үчүн канча сом айыппул төлөй турганы тууралуу маалыматтар чыгат.

«Коопсуз шаар» долбоору төрт баскычтан туруп, тийиштүү жабдуулар Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулат. Аны Орусиянын ««Вега» концерни» компаниясы 2 млрд. 320 миллион сомго ишке ашырат.

Бул каражатты «Вега» компаниясы долбоорго салып, кийинки беш жыл ичинде ар бир жол эрежесин бузулган учурга төлөнгөн айыппулдан орточо 210 сомду алып турат. Орусиялык компания долбоорго жумшаган акчасынын ордун ушундай ыкма менен толтуруп, пайда көрмөкчү.

Бийлик долбоор ийгиликтүү иштеп кетсе жол кырсыктары, коррупциялык иштер азаят деп ишендирүүгө аракет кылууда.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:18 0:00

Пентагондун башчысы Ооганстанга келди

Патрик Шанахан (ортодо). Кабул, 11-февраль, 2019-жыл.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ооганстанга алдын-ала кабарланбаган сапар менен келди. Анын бул келиши Вашингтон талибдерге өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө баруу боюнча басым кылып жаткан учурда болуп жатат.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана америкалык аскерлер менен жолугууну пландаган Патрик Шанахан Кабулга 11-февралда эртең менен келди. Пентагондун башчысы аны коштоп жүргөн журналисттерге айтканына караганда, “Талибан” менен тынчтык макулдашуусуна жетишүү боюнча сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтү сөзсүз катышууга тийиш.

- Ооганстан боюнча талкууларга ооган өкмөтүнүн катышканы маанилүү, - деди ал. - Ооганстанда келечек кандай болушу керек экенин оогандар чечиши керек. Сөз АКШ тууралуу эмес, Ооганстан жөнүндө болуп жатат. АКШ коопсуздукту камсыз кылууга жетиштүү каражат жумшап келе жатат, бирок оогандыктар өз келечегин өздөрү чечиши керек.

Ооганстанда айрымдар “Талибан” менен кандай гана келишим болбосун түзүлүшүнө каршы. Ошол эле кезде талибдер да Ооганстандын расмий бийлиги менен түз сүйлөшүүлөрдөн такай баш тартып, аны Кабулдагы бийликти Батыштын “куурчак” өкмөтү деп мүнөздөгөн көз карашы менен түшүндүрүп келе жатат.

Пентагондун башчысынын сапары АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад Трамптын администрациясынын демилгеси менен 17 жылдык согушту токтотуу максатында тынчтык макулдашуусуна жетишүү аракеттерин күчөткөн учурга туш келди. Мамлекеттик департамент билдиргендей, Халилзад 28-февралга чейин Белгияда, Германияда, Түркияда, Катарда, Ооганстанда жана Пакистанда болуп, дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн өткөн айда Катардын борбор шаары Дохадагы жолугушуусу алты күнгө созулган. Анын 8-февралда айтканына караганда, талибдер менен алдын-ала макулдашууга жетишилсе да сүйлөшүүлөрдү акырына чыгарууга дагы көп убакыт керек.

- Биздин саясат – Ооганстанда дайыма калууга аракеттенүү эмес, - деди Халилзад. - Биздин Ооганстанда болуп жатканыбыз азыркы шартка гана байланыштуу. Биз келечекте Ооганстанды толук эгемен, өз алдынча өлкө катары көргүбүз келет.

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Трамптын саясатына каршы чыгып, өткөн жылдын этегинде кызматтан кеткен Жим Мэттистин ордуна дайындалган. 56 жаштагы аскер башчы анын ишинин негизги багыты Сириядан АКШнын аскерлерин чыгаруу жана Кытайдын аскердик кубатына каршы туруу болорун айткан.

Шанахан 13-14-февралда Брюсселде НАТОнун жетекчилеринин жыйынына, ал эми 15-17-февралда Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияга катышат.

Шанахан 11-февралда ага Ак үйдөн Ооганстандагы 14 миң америкалык жоокердин санын азайтуу боюнча эч кандай көрсөтмө болбогонун да кошумчалады. Буга чейин президент Дональд Трамп америкалык аскерлердин санын эки эсе кемитүүгө ниеттенип жатканы тууралуу маалымат тараган.

Ооганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу маселеси өткөн жумада Москвада “Талибан” кыймылы менен экс-президент Хамид Карзай баштаган ооган коомчулугунун өкүлдөрү кирген делегациянын эки күндүк сүйлөшүүсүндө да козголгон. Ага ооган өкмөтүнүн жана АКШнын өкүлдөрү катышкан эмес.

“Талибан” кыймылы 2001-жылы АКШ баштаган күчтөр өлкөгө келгенге чейин бийликте турган. Талибдер 11-сентябрда АКШда террордук чабуулдарды уюштурган “Аль-Каида” кыймылына колдоо көрсөтүүнү токтотуудан баш тарткан соң бийликтен кулатылган.

Айрым маалыматтарда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт, калганына “Талибан” жана башка топтор бийлик жүргүзөт. Ооганстанда аскерлер жана карапайым адамдар талибдерден тышкары, "Ислам мамлекети" террордук тобунун куралдуу чабуулдарынан да жапа чегип келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG