Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 10:33

Коопсуздук

Боксер ИИМди соттон утуп алды

Сүрөттүн окуяга тиешеси жок.

Биринчи май райондук соту 2017-жылы эки кишинин өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу ишти карап, милиция кызматкерин үч жылга эркинен ажыратып, дагы бир кызматкерди актады.

Бул окуядан кийин каза тапкан эки жарандан тышкары бокс чемпиону Орзубек Назаровдун кызы Аделина да жабыркаган.

Сот чечимине ылайык, Ички иштер министрлиги Орзубек Назаровго материалдык жана моралдык чыгым үчүн кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-мартта кырсыкка себепкер экени айтылган Улан Султангазиевди үч жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынды. Ал 2017-жылы Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын инспектору болуп иштеген.

Дагы бир кызматкер Шүкүр Умиров толук акталды. Судья Мирлан Термечиков Ички иштер министрлигин кырсыкта жабыркаган кыздын атасы Орзубек Назаровго материалдык чыгымы үчүн 150 миң 452 сом, ал эми моралдык чыгым үчүн 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Орзубек Назаров өзү маалымдап, сот чечимине ыраазы экенин билдирди:

Орзубек Назаров.
Орзубек Назаров.

«Компенсация боюнча чечимге деле кабатыр эмесмин. Милиция кызматкеринин канча жылга эркинен ажыратылганы да маанилүү эмес. Мени Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү бар экендиги абдан кубандырды. Бул калыс чечим болду».

Ички иштер министрлиги сот чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин комментарий бере турганын билдирди.

2017-жылы 19-августта Бишкек шаарында мушкердин 17 жаштагы кызы Аделина мотоцикл айдаган жигиттин артында учкашып баратып кырсыкка кабылган. Катуу ылдамдыкта бараткан мотоцикл алдынан чыккан жеңил машинени капталынан сүзгөн. Мотоциклдин айдоочусу ошол жерден мүрт кетип, анын соккусуна кабылган автоунаанын 23 жаштагы жүргүнчүсү ооруканадан көз жумган.

Жеңил автоунаадагы үч киши ар кандай жараат алган. Мотоциклдеги Орзубек Назаровдун кызы Аделина оор абалда ооруканага түшүп, он күн бою эсине келе албай жаткан.

Окуя боюнча шаардык прокуратура кылмыш ишин козгоп, Бишкектин патрулдук милиция башкармалыгынын эки кызматкерине «мотоциклди мыйзамсыз кубалап, автокырсыкка себепкер болгон» деген айып таккан. Тергөөнүн жүрүшүндө инспектор Шүкүр Умиров мотоциклди кубалаган автоунаанын ичинде жок болгону аныкталган.

Жарандык активист Кундуз Ажыбекова МАИ кызматкерлери шаар ичинде айдоочулардын артынан чоң ылдамдыкта сая түшкөнү кооптуу кырдаал жаратарын белгилеп, мындай кырсыктардын алдын алыш үчүн башка механизмдер зарыл деп эсептей турганын айтты:

«Негизи эле МАИчилер машиненин артынан кууганы аябай кооптуу. Анткени өзүм ушундай жагдайга кабылган болчумун. Жумуштан чыгып, такси менен кетип бараткам. Такси МАИчилерди байкабай калганбы, айтор бир маалда эле аркабыздан милиция кызматкери автоунаасы менен кууп жөнөдү. Айдоочу токтогон жок. Тескерисинче катуу ылдамдыкта айдай баштады. Кетип баратып жөө адамды коюп кете жаздады. Аябай эле кооптуу. Андан көрө маичилер автунаанын номурун жазып алып, айыппул жөнөткөнү туура деп ойлойм».

Ал эми Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев кызматкерлер эрежеге баш ийбеген айдоочуларды кубалаганга укуктуу экенин жана алар мындай аракетти атайын эрежелерге ылайык ишке ашыра турганын эске салды:

«Жол эрежеси боюнча айдоочулар автоунааны мас абалында айдап башка жарандардын коопсуздугана коркунуч туудурган шартта артынан ээрчип, токтогон учурда айдоочу кармалат. Ошондой эле автоунаанын айдоочусу кылмышка шектүү болсо дөңгөлөккө атып токтотууга мажбурлай турган учурлар бар. ИИМдин эрежелерине ылайык, автоунааны себепсиз токтотуп, токтобосо кубалоого мүмкүн эмес».

Тилек Исаев жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлер айдоочуну жүйөсүз кубалаганын айтып арыз жазгандар Кыргызстанда дээрлик каттала элек экенин да кошумчалады.

Жарандык активист Адил Турдукулов «Коопсуз шаар» долбоору толук иштей баштаса, мындай кырсыктардын алдын алууга мүмкүн болорун белгилейт. Анын пикиринде, бул система айдоочулардын да, МАИ кызматкерлеринин да жоопкерчилигин жогорулатып, жол кырсыктарынын кыскарышына шарт түзүшү керек:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Азыр камералар борбордун эң чоң көчөлөрүндө гана орнотулуп жатат. Менин оюмча ошондой система көбүрөөк орнотулса, адамдык фактор азыраак болсо жанагындай каталарды, керек болсо кылмыштарды азайтууга мүмкүндүк болот деп ойлойм», - деди ал.

ИИМдин маалыматына караганда 2018-жылы 2017-жылга салыштырмалуу жол кырсыктары 5,5%, каза болгондор жана жабыркагандар 21% азайган.

Балдар катышкан 1418 жол кырсыгы катталып, бул 2017-жылга салыштырмалуу 0,9% көп болгон. Жол кырсыгынан жарадар болгодордун саны 1652ден 1622ге азайды. Жалпы республика боюнча жол кыймылынын эрежесин бузган миллионго жакын факты катталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жданов: Орусия аскердик экспансиясын күчөтөт

Олег Жданов.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин сапарында Москва менен Бишкектин ортосунда аскердик кызматташтык жөнүндө келишим жаңыртылды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн запастагы полковниги Олег Жданов «Азаттык» менен болгон маегинде Москванын бул аскердик кызматташтык багытындагы долбоорлорунун күңгөй-тескейине токтолду.

«Азаттык»: «Орусия Украинанын аймагындагы аскердик өндүрүш жайларын Кыргызстанга жана чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө көчүрөт» деген маалымат чыкты. Бул канчалык жүйөлүү деп ойлойсуз?

Олег Жданов: Орусия басып алган Луганск жана Донецк облустарындагы сегиз аскердик өндүрүш жайын да орустар өзүнө каратып алып, тагыраак айтканда алар чыгарган курал-жаракты ташып кетишкен. Алардын катарында Лугансктагы ок-дары чыгарган завод да бар. Ошол ишканалар Орусия менен кызматташкан, анын ичинде аскердик-техникалык келишими бар КМШ өлкөлөрүнө жайгаштырылышы мүмкүн.

«Азаттык»: Орусия Кыргызстан менен аскердик кызматташтыгын, анын ичинде торпедо сынаган долбоорун кеңейтет деген маалымат да чыкты...

Крымдагы аскердик заводдордон чыккан курал-жарак, алардын үлгүлөрүн же тетиктерин чыгаруу Кыргызстанга көчүрүлүшү мүмкүн.

Олег Жданов: Орусия Крымды өзүнө каратып алганда Керч менен Севастополдогу кеме куруучу заводдорду да басып алган. Эки аптадай мурун Севастополдо Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн аскердик кемеси деңизге түшурүлдү. Орус бийлиги аны ачык жарыялабай, алтургай кеменин кимге таандык экенин жашыруу максатында анын тулкусундагы жылдызды да боёп салышкан. Мына ошол кемеде торпедо да болушу мүмкүн. Крымдагы аскердик заводдордон чыккан курал-жарак, алардын үлгүлөрүн же тетиктерин чыгаруу Кыргызстанга көчүрүлүшү мүмкүн.

«Азаттык»: Орусия эмне үчүн Борбор Азияда аскердик долбоорлорун кеңейте баштады? Буга чейин Москва Ташкент менен да бул багытта иш жүргүзө баштаганы маалым...

Олег Жданов: Орусия Украинаны толук колдон чыгарды. Иш жүзүндө Украина Батыштын юрисдикциясына өтүп жатат. Андыктан Москва Азиядагы таасирин күчөтөт. Булар Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан. Бул өлкөлөр аркылуу Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоору өтөрүн белгилей кетүү керек. Европа менен Кытайды бириктирген ошол Жаңы Жибек жолу Орусияны кыйгап кетет. Андыктан Орусиянын экспансиясы бардык тармакта, анын ичинде аскердик чөйрөдө күчөйт.

«Азаттык»: Бирок ошол эле маалда Борбор Азия чөлкөмүндө Ооганстандагы жагдайдан улам аймактык коопсуздук да көңүл чордонундагы маселе эмеспи?

Орусия силердин өлкөлөрдү Ооганстандагы кырдаалды айтып, коркутуп, өз экспансиясын жайылта берет. Ооганстандын өзүндө болсо Орусия кечикти.

Олег Жданов: Ооганстанды алсак, Кытай менен АКШнын экономикалык таасирине Орусия туруштук бере албайт. Кытай Ооганстанда жез кенин иштете баштады. АКШ болсо молибиден казууга инвестиция жумшап жатат. Молибден – ылдамдыгы үндөн тез болгон ракетага керектелчү өтө бышык металл, андан курал-жарактын жаңы мууну жасалат.

Андыктан Орусия силердин өлкөлөрдү Ооганстандагы кырдаалды айтып, коркутуп, өз экспансиясын жайылта берет. Ооганстандын өзүндө болсо Орусия кечикти. Ал өлкөнүн стратегиялык тармактарына башкалар капитал сарптап жатышат.

Орусия Азиядагы позициясын бекемдөөгө жан үрөп киришип жатканын баса белгилегим келет. Дагы бир фактор – Орусия Кавказды да көзөмөлүнөн чыгарды. Эгер Израил Грузияга абадан коргончу «темир чатыр» системасына киргизилген тыюуну жойсо, анда Кавказдын асманы орустарга жабылат. Ереван коопсуздук жагынан Грузияга кошулуп, европалык векторго ыктайт. Ошентип Москва Кавказды колунан чыгарды, эми Азия тарапка бет алат. Мына ошол жерде Орусия өз күчүн көрсөтүп, Кытайга жана анын дымактуу Жаңы Жибек жолу стратегиясына сес көрсөткүсү келет.

«Азаттык»: Украин өндүрүшүнөн чыккан курал-жабдыктын бөлүктөрү, ок-дары Сириядан, Африкадагы жаңжал жүрүп жаткан өлкөлөрдөн табылганы белгилүү. Демек бул курал-жарак аткезчилик аркылуу да сатылганын көрсөтөбү?

Ереван коопсуздук жагынан Грузияга кошулуп, европалык векторго ыктайт. Ошентип Москва Кавказды колунан чыгарды, эми Азия тарапка бет алат.

Олег Жданов: Сирияга байланыштуу маалымат жок, ал өлкөдө бизден чыккан курал-жабдык табылганы белгисиз. Африкада болсо андай фактылар бар. Мисалы, Судан. Бул өлкөгө курал ташып бараткан кеме кармалганда андагы жүктө «Украинада жасалган» деген белги аныкталган. Бирок ал көмүскө жол менен ишке ашкан келишим болгон. Анын айынан биздин өлкөдө курал-жабдык сатууда монополистке айланган «Укрспецэкспорт» компаниясы санкцияга илинген. Андан кийин ал компания ишин токтотту. Бүгүнкү күндө курал-жарак сатууну «Укроборонпром» компаниясы гана жүргүзөт.

«Азаттык»: Сирия тууралуу бекеринен айткан жокмун. Мындан жети-сегиз жыл мурун Лугансктагы ок-дары заводунан чыккан патрондор согуш жүрүп жаткан аймактан табылган. Ок-дары салынган жащиктин сыртында Кыргызстандагы «Dastan Engineering Company» ишканасы да көрсөтүлгөн. Бул далил эмеспи?

Олег Жданов: Мен билгенден Украина менен Кыргызстандын ортосунда курал-жарак сатуу жөнүндө келишим жок. Балким болсо да жашыруундур, андыктан андай маалымат айтылбайт. Ошол эле маалда офшордук компаниялар аркылуу кандайдыр бир схемалар болсо керек. Андай келишимдерди эч ким так кесе четке какпайт. Курал-жарак сатуунун көлөмүн карасак, айрыкча Украинанын чыгышындагы аскердик операцияларга чейин биздин курал саткан базарыбыз өтө эле кеңири эле. Андыктан балким Кыргызстандын аймагында жайгашкан компаниялардын да тиешеси болушу толук мүмкүн.

Орусия Кыргызстандагы базасын кеңейтет
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:21 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орус базасы боюнча келишимдин чоо-жайы

KYRGYZSTAN -- Mig-29 fighter jets during the Russian Air Force jet show at the air base in Kant, outside Bishkek, October 27, 2013

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы сапарынын алкагында тараптар бирдиктүү орус аскер базасы боюнча макулдашууга өзгөртүү киргизишти.

Түзөтүүлөрдүн негизги пункттары базанын аянтын кеңейтүү жана жерди ижарага алуу боюнча болду.

Эмесе сөз башынан болсун. Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскер базасына бир нече объект кирет. Алар:

  • Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы;
  • Каракол шаарындагы сыноо базасы,
  • Чалдовар кыштагындагы байланыш түйүнү,
  • Майлуу-Суу шаарындагы автономдуу сейсмикалык пункт.

Мурда бул объектилердин ар бири өзүнчө каралып келген, бирок 2012-жылы Кыргызстан менен Орусия аларды бирдиктүү орус базасына бириктирүүнү макулдашкан. Азыркы учурда орус базасы деп ушул төрт объектинин баары эсептелет. Бул тууралуу документ «Бирдиктүү орус аскер базасынын статусу жана Кыргыз Республикасынын аймагында турушунун шарттары жөнүндө Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы макулдашуу» деп аталат.

2019-жылдын 28-мартында тараптар бул макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколго кол коюшту. Документке ылайык Орусия Чалдовардагы байланыш түйүнүнүн аянтын 811,2 гектардан 851,2 гектарга чейин, ошондой эле Караколдогу сыноо базасынын аянтын 55 гектардан 73,3 гектарга чейин кеңейтет. Жалпысынан бирдиктүү орус базасынын аянты 58,3 гектарга (же 583 миң чарчы метрге​) кеңейет. Мындан тышкары 2012-жылдагы биринчи макулдашууга ылайык Орусия жер аянтынын ар бир чарчы метри үчүн жылына 50 цент же 0,5 доллар төлөйт. Ошентип, кошумча 58,3 гектар үчүн жылына алына турган сумма 291 миң долларды түзө турган болду.

Бүгүнкү күнгө чейин ижаранын жалпы суммасы жылына 4,5 млн. долларды түзүп келген. Жаңы макулдашуу боюнча ижара акысы өзгөргөн жок, бирок бирдиктүү базанын жалпы аянтын 58,3 гектарга чейин кеңейтүүнүн эсебинен ижаранын жалпы суммасы 4,5 млн. доллардан 4,79 млн. долларга чейин көтөрүлдү.

Документ мындан тышкары учкучсуз учуучу аппараттарды пайдалануунун эрежелерин жана Канттагы авиабазанын учуп-конуу тилкесин модернизациялоону камтыйт. Бирдиктүү орус базасы тууралуу макулдашууга киргизилген өзгөртүүлөр эки өлкөнүн тең тиешелүү ички мамлекеттик жол-жоболорунан өткөн соң күчүнө кирет.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Орусиянын бирдиктүү аскер базасы Кыргызстандын аймагындагы бирден-бир чет өлкөлүк аскер объектиси болуп саналат. 2013-жылы расмий Бишкек Транзиттик жүк ташуу борборун (ТЖБ) жайгаштыруу жөнүндө АКШ менен макулдашууну денонсациялаган, андыктан 2014-жылдын 11-июлуна чейин Вашингтон бул объектини толугу менен чыгарып кетүүгө мажбур болгон. Америкалык базаны өлкөдөн чыгаруу экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убадаларынын бири болгон. АКШ ТЖБнын ижарасы үчүн жылына 60 млн. доллар төлөп келген.

Кыргызстандын жетекчилиги Орусияны өлкөнүн негизги стратегиялык өнөктөшү деп жарыялаган. Кыргызстан менен Орусия Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму (ЖККУ), Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ), Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештиги (КМШ) сыңары уюмдарга кирет.

Азыркы бирдиктүү аскер базасын кеңейтүү жөнүндө Кыргызстанда экинчи орус базасын ачуу боюнча талкуулардын шартында белгилүү болду. 1-февралда ТАСС маалымат агенттиги Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен болгон маекти «Кыргызстандын Орусиядагы элчиси: Бишкек экинчи орус базасынын ачылышын жокко чыгарбайт» деген тема менен жарыялаган. Маек кеңири талкууларга жем таштаган. Жекшенкулов 4-февралда бул талкууларга комментарий берип жатып анын сөздөрүнүн мааниси бурмаланганын билдирген жана маектин текстин жакшыраак окууга үндөгөн. Бирок бир нече күндөн кийин Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров экинчи база ачуу жөнүндө кеп-сөздөрдү орус тарап «биринчи жолу укканын» айткан.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын декабрындагы басма сөз жыйынында «Кыргызстанда экинчи орус аскер базасын ачуу жөнүндө кеп болбогонун» билдирген. «Орусиянын президенти Владимир Путин Канттагы орус базасынын бекемделишине жана кеңейтилишине өзгөчө көңүл бурат. Менимче бизге бир эле орусиялык база жетиштүү», - деп кошумчалаган Жээнбеков.

(Макаланын орусча түп нускасы бул жерде).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет

Дүйшөнбиев: Кыргыз-орус аскер кызматташтыгы кеңейет
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:40 0:00

Милицияны тазалоо тандалма жүрүп жатабы?

Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жылда 155 милиция кызматкери жумуштан айдалды. Дагы 300гө жакыны кызматынан төмөндөдү. Ички иштер министрлиги муну тазалануу үчүн жасалган аракет катары түшүндүрүүдө.

Бирок ошол эле кезде айрымдар коррупцияга малынган жүздөгөн кызматкерлер дагы эле калкаланып жатканын айтып сынга алышууда.

Тазалануубу?

Кызматынан алынып, жумуштан айдалган милиция кызматкерлери тууралуу маалымат Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин соңку жыйынында айтылды. Министрликтин жетекчилиги 2019-жылдын биринчи кварталы боюнча статистика эсептелип жатканын кабарлап, 2018-жылдын жыйынтыгын ортого салды. Мекеменин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов анда айтылган көрсөткүчтөр тууралуу маалымдады:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

«Ички иштер органдарында ички тартипти сактоо боюнча кварталдын, жылдын жыйынтыгын карап, кызматкерлердин ишмердүүлүгүнө баа беребиз. 2018-жылдын эсебин алсак, 263 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Себеби алар өзүнүн жетекчилик милдетин аткарып кете алышкан эмес же одоно ката кетиришкен. Мындан сырткары, өткөн жылы ар кандай тартип бузууга, мыйзам бузууга барган, тергөөдө эрежелерди сактабаган же өздөрү кылмышка аралашкан 155 кызматкер иштен бошотулган. Соңку аталгандар ИИМ тармагына жумушка келбей тургандай болуп айдалган».

ИИМдегилер ырасташкандай, иштен алынган кызматкерлер жөн эле бошотулбай, жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн жоопкерчиликке да тартылган. Былтыр аларга карата жалпы жонунан 67 кылмыш иши козголуп, ондогон кызматкерлер өздөрү темир тор артында калышкан.

«Министрдин буйругу менен тартип бузган же милдеттерин так аткарбаган кызматкерлер болсо, баңгизаттарды пайдаланса, ичимдик ичип, жол кырсыгына жол берсе, жалпы ички иштер органдарынын кадыр-баркына көө жапса токтоосуз кызматынан алынып жатат. Ошол тапшырманын алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы күн сайын, ай сайын, жыл сайын тиешелүү иш жүргүзүп турат. Мунун эң негизги максаты - колу таза эмес милиция кызматкерлеринен тазалануу», - дейт Бакыт Сеитов.

Ооба, эгер былтыркы жылдын өзүн эле алсак, милиция кызматкерлери Чүйдө пара талап кылганы, Таласта шектүүнү кыйноого алганы, Бишкекте айыппулду өзүнө ыйгарып алганы жана бейбаштыкка байланыштуу кармалганы кабарланып турду. Башка аймактарда да милиция кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, кылмышкерлерди калкалаганы же өздөрү баңгизат сатканы аныкталды.

2018-жылдагы эң эле чуулуу иш Чүйдө, Жайыл райондук ички иштер башкармалыгындагы Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү болду. Бул фактыга байланыштуу 23 кызматкер жазаланып, 13ү иштен бошотулган. Ушул эле окуяга байланыштуу шалаакылык үчүн айыпталган беш кызматкердин сот иши ушул күнгө чейин уланууда.

Ошол эле кезде ИИМ кызматтан бошотулган кызматкерлердин кайсы себептер менен кеткени боюнча бөлүп айтпаганынан суроо издегендер да бар.

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов муну адаштыруу аракети катары мүнөздөдү:

Нурдин Сулайманов.
Нурдин Сулайманов.

«155 кызматкердин канчасы кыйноо фактысы боюнча же адамгерчиликсиз иш жасаганы үчүн жумуштан кетти? Менин оюмча бул айып менен кеткендер өтө эле аз, 20-30% да жетпейт. Эгер алардын көбү, болбосо 155тин баары кыйноого байланыштуу иштен кетсе анда башка сөз эле. Анткени өзүнөр билгендей, 2014-жылдан 2018-жылга жыйынтыгы боюнча кыйноо фактыларынын 87-90% жалаң ушул милиция кызматкерлерине туура келет. Былтыркы жылды эле алганда, бизге түшкөн 238 арыздын ичинен 170 арыз кыйноо жана адамгерчиликсиз мамиле фактысы боюнча жазылган. Ошонун ичинен 90% милицияныкы болуп жатат. Ошондуктан министр «мына, түкүнчө фактынын баланчасына байланыштуу мынча кызматкерди иштен четтеттим» деп айтса, милиция кызматкерлери ошондо сезишет эле. Мисалы, Таласта Тынышев аттуу жабырлануучуну бир эмес, эки жолу кыйноого алган үч участкалык милиционер ушул күнгө чейин иштеп жатат».

«Тандалма күрөш»

Башка бир укук коргоочу Роза Маманова болсо Ички иштер министрлигинин «тазалануусу» тандалма түрдө жүрүп жатат деп эсептейт. Ал «калкалоочулары» бар кызматкерлер мыйзам бузса да аларга чара көрүлбөй жатканын айтты:

Роза Маманова.
Роза Маманова.

««Тазалануу жүрүп жатат» дегендерине түк эле ишенбейм. Жогорку Кеңеште, президенттик администрацияда же министрликте акчалуу, таанышы бар, чоңдордун кадрлары эмне кылса да иштей беришет. Коррупция мурда кандай болсо, азыр деле ошондой эле уланып жатат. Тергөөчүлөр прокуратуранын «капчыгына» айланып калышты. Алар карапайым адамдардан акча талап кылып, ишти ар нерсе кылып жаап салышууда. Тергөөчүлөр өздөрү пара менен кармалып жатканы чыгып жатат. Карапайым, таза иштейм деген кызматкерлер жакшы кызматка бара албайт. Кызмат орундары бүт сатылып жатканы жашыруун эмес. Аны кой, наамдарды, погондогу жылдыздарды да четинен сатып жатышат».

Канткен күндө да ИИМ системасын жакшыртууда эреже бузган кызматкерлерди массалык иштен бошотуу канчалык өзүн актайт? Эксперттер биринчи кезекте кадрларды ишке алууга көңүл бөлүш керек деп эсептешет.

Милициянын ардагери Шамшыбек Мамыров жалпы абал оңдолбосо, милицияга сын тагуу улана берерин айтты:

Шамшыбек Мамыров.
Шамшыбек Мамыров.

«Иштеп жаткан балдар колунан келишинче аракет кылып жатат. Бирок арасында ошондойлор чыгып калууда. Менимче чыныгы сапаттуу милиция кылабыз десек, ишке кабыл алууда кесипкөйлөрдү кабыл алышыбыз керек. Мамлекет милицияны жакшылап каржылашы керек. Үй-жай, жумуш орду, айлык-маянасы, керек болсо канцелярдык буюмдарына чейин жетиштүү камсыздап бериши керек. Ачуу чындыкты качанкыга чейин жашырып отурабыз? Бүгүнкү күндө нөөмөт бөлүмүндө керек болсо күйүүчү майы жок отурушат. Актоо эмес, бирок тапканы толук жетпесе, анан айрымдары ошондой иштерге барып жиберип жатат да. Кызматкерлер ишемби-жекшемби дегенди билбей иштейт, кээде өзүнүн түз милдетине туура келбеген иштерге жиберилет. Моралдык жактан сынат. Ошондуктан биринчи кезекте айлыкты көбөйтүп, экинчи кезекте милиция кызматкерлеринин эс алуу күндөрүн жөнгө салыш керек. Жумуш убагында аларга жетиштүү шарт түзүп, өз милдетине туура келбеген жүктөрдү артпаш керек».

Маалымдалгандай, ИИМдин Башкы башкармалыгынын аппаратынан 625 орун кыскартылып, алардын ордуна аймактардагы, анын ичинде айылдык жана шаардык милиция бөлүмдөрүнө штат ачылды. Буга чейин жетишсиз болуп келген коомдук коопсуздук кызматкерлеринин катарын толукташ үчүн 100, нөөмөт бөлүмдөрүнө 45, жашы жете электердин инспекторлоруна 25 кошумча штаттык бирдиктер бөлүндү.

Мындан сырткары, 2019-жылдын башынан тартып Бишкекте 62 штаттан турган эки туристтик взвод түзүлдү. Баш калаада ошондой эле быйыл жайдан тартып Патрулдук милиция иштегени турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Разаковду айыптаган сөз кайдан чыкты?

Жеңиш Разаков.

Кыргызстандын атайын кызматы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун айланасындагы маалыматтарды териштире баштады.

Мунун алдында депутаттар коңшу өлкөнүн сайттары Разаковду «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатканын айтып, иликтөөнү талап кылышкан. Вице-премьер-министр өзү муну толук четке кагууда. Андай болсо ушак-айыңдын төркүнү кайдан чыкты?

УКМКнын аракети

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың кептерди иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламент депутаттарынын талабынан кийин баштады.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов толук комментарий териштирүү аяктаган соң берилерин билдирди.

«Бүгүнкү күндө бул маалымат боюнча текшерүү иштери башталып жатат. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз», - деди ал.

20-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча өкмөттүн отчетун угуу учурунда депутаттар Разаковдун тегерегиндеги кептерди иликтөө боюнча демилге көтөрүшкөн.

Анда алар вице-премьер-министрди айрым сайттар «Тажикстандын тыңчысы» деп жазып жатканын эске салып, мындай шартта коңшу өлкө менен чек ара боюнча сүйлөшүүдө делегацияны Жеңиш Разаков жетектегени канчалык орундуу деген маселе коюшкан.

Биринчилерден болуп теманы КСДП фракциясынын депутаты Мурадыл Мадеминов көтөргөн.

Мурадыл Мадеминов.
Мурадыл Мадеминов.

«Жеңиш Парпиевич, Интернетти окуп жатасыз да, ээ? Сизди «коңшу мамлекеттин агенти» деп берип жатышат, сиз аны окудуңуз да? Сиз Баткенде милициянын жетекчиси, губернатор болгонсуз. Бирок сиз жетекчи болуп турганда тажиктердин Шурап деген жерине, ошол эле башкы суу тосмого көзөмөл кылган эмессиз. Акыркы убакта ошол жакта болгон иштерди кыргыз тарап эмес, тажик тарап жазып жатат. Менде күмөн саноо пайда болду. Ошон үчүн сиздин паритеттик комиссияны жетектегениңиз, сиздин кечээ ал жакка барганыңыз да туура эмес. Эгер сиз аны окусаңыз, кызматтан кеткениңиз оң», - деген Мадеминов.

Ушуга окшош эле ойду «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да айтып, атайын кызматтан жагдайды иликтөөнү талап кылган. «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов болсо ушак-айың ээрчиген кишиден отчет угуу орунсуз экенин айтып, тескерисинче аны убактылуу кызматтан алып, үстүнөн атайын комиссия текшерүү жүргүзүү керек экенин белгилеген.

Жеңиш Разаков өзү болсо эгер жыйын жабык өтсө, анын аты аралашкан маселе жөнүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирүү менен чектелген. Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде да өзүнүн айланасындагы кептерди төгүнгө чыгарды.

«Бул таптакыр болбогон сөз. Кандай агент? Кантип? Ушунча жакшы жумуштар болуп жатса эмнеге ошондой сөз чыгарып жатышат? Эгер мен тыңчы болсом ушул күнгө чейин тиешелүү органдар тактап, алып чыгышпайт беле? Губернатор болуп беш жыл иштедим, ошондо жакшы иштер жасалды. Ушуну, андан кийин кызматтан өскөнүмдү көрө албаган адамдар, душмандарым, кара ниеттик менен ушундай өтө жаман ушактарды таратып жатышат», - деди Жеңиш Разаков.

Күмөн жараткан суроолор

Разаков тууралуу береги темадагы маалыматтар алгач 2016-жылдын башында, ал Баткен облусун жетектеп турган учурда e-tadjikistan.org сайтына жарыяланган.

«Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын агенти иштеп жатат» деген макалада Шабнами Собири аттуу кабарчы атайын кызматтын Согди облустук бөлүм башчысы Жеңиш Разаковду «тыңчылыкка» тартып алганын жазган. Баянда кыргыз аткаминери ага кайсы бир айыбы үчүн макул болгону жана азыр да кызматы үчүн тажик тараптан акы алып тураары көрсөтүлгөн.

Бул макаланы ошол учурда Кыргызстандын бир катар маалымат каражаттарынын көбү которуп басып, кээлери шилтеме берүү менен чагылдырышты. Жеңиш Разаков 2016-жылдын июнь айында вице-премьер-министр болуп дайындалганда, 2018-жылдын апрель айында бул кызматка экинчи жолу келгенде да бул темадагы материалдар гезиттерде, сайттарда дагы жазылды.

Эми болсо Разаков Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку талаш-тартыштан кийин кыргыз тараптын делегациясын жетектеп турган учурда кайра ошол кеп козголду. Гезиттерден сырткары, азыр социалдык тармактын айрым колдонуучулары да пикир калтырып, вице-премьерди айыптап жатышат. Буга катар айрым тажикстандык сайттар да ушундай мазмундагы макалаларды берүүдө.

Буга байланыштуу биз маалыматтын биринчи булагы болгон, тажикстандык Шабнами Собири аттуу журналисттин өзүн табууга аракет кылып көрдүк. «Азаттыктын» тажик кызматындагы кесиптештерибиз Тажикстанда андай журналист жоктугун, бул ысым "фейк" экенин түшүндүрүштү. Ошондой эле e-tadjikistan.org басылмасына ээлик кылары жазылган «Бирдиктүү Тажикстан» деп аталган оппозициялык кыймыл да жок экенин билдиришти. Аталган сайттын азыр иштебей калганы кесиптештердин сөзүн бышыктап тургандай.

Бирок анда мындай маалыматты таратууга ким жана кандай кызыкчылык болушу мүмкүн эле? Кыргызстандык күчтөрбү же Тажикстандын атайын кызматыбы?

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги өкүлү Роберт Абазбеков буларга токтолду:

Роберт Абазбеков.
Роберт Абазбеков.

«Жеңиш Разаков Баткенде беш жыл губернатор болуп турду. Чек ара маселесин абдан жакшы билген адам. Азыр да делимитация жана демаркация боюнча комиссияда иштеп жатат. Ошондуктан бул кандайдыр бир деңгээлде Тажикстан тараптан жасалган чагым болушу мүмкүн. Анткени кырдаалды, көйгөйдү билген адам менен сүйлөшүү өтө кыйын. Дилетанттар же жөнөкөй бирөөлөр келип калса алар менен макулдашуу оңой болот, себеби алар маселени жеринен билбейт. Алар балким маселени билген кишини оюндан чыгарып, башкалар менен сүйлөшкүсү келип жаткан болушу да мүмкүн. Ал эми элдин ичинде «Сен беш жыл губернатор болдуң, эмнени чечип койдуң, эмнени кыйраттың?» деген да сөздөр болуп жатпайбы. Ал постконфликт аймакта жашаган адамдардын эмоциясы. Эл чарчап, кейигенден улам ошондой сөздөрдү айтышка туура келип жатат. Бирок делимитация, демаркация маселеси - бизде эле эмес, бүткүл дүйнөдө жеңил бүтпөй турган маселе».

Деген менен Бишкектеги «Азия-Ньюс» гезити ушул аптада жарык көргөн санында кайра эле вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу макала басып, анда ал Тажикстанда кармалып чыкканын жазды.

Разаков тууралуу «Азия news» гезитинин макаласы.
Разаков тууралуу «Азия news» гезитинин макаласы.

Басылма буга далил катары Разаков 2010-жылы Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп турган учурда жетекчисине жазган түшүнүк катын жарыялады.

Гезиттин редактору Асланбек Сартбаев түшүнүк каттын мазмунун «Азаттыкка» келтирип, артынан дагы суроо койду:

Асланбек Сартбаев.
Асланбек Сартбаев.

«Биз бул түшүнүк катты ишенимдүү булактардан алдык. Бирок ал кагазга Жеңиш Разаков өзү койгон кол тамгасы менен турат. Анда Разаков 2010-жылы 23-февралда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алымбековго түшүнүк кат жазып берип жатат. Ал Тажикстанга кайсы бир досу менен кирип, анан үч күнгө себепсиз жоголуп кеткени жөнүндө баяндап жатат. Ал кармалып калып, Тажикстандын УКМКсында олтурганын өзү мойнуна алган. Ошол үч күн аралыгында эмне болгону белгисиз болуп жатат. Үч күн кармалган адам эмнелерди гана убада бериши мүмкүн, эмне сырларды айтышы мүмкүн? Мына ушундай жагдайдан улам Разаковдун дарегине карата бир катар ЖМКларда маалыматтар чыгып келе жатат. Бирок ал өзү бул маселе боюнча ушул убакка чейин бир да жолу жооп берген жок. Жооп бербегенден кийин «Ал чындап эле тыңчыбы?» деген суроолор, түкшүмөлдөр жаралып жатат. Эң өкүнүчтүүсү - ушундай шек туудурган адам чек ара маселесин карап, чоң даражалуу кызматта олтурат. Тажикстанда колго түшүп чыккан адамга биз кантип ишенип жатабыз?»

Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим баштаган топтордун жолугушуусу. 14-март, 2019-жыл.
Жеңиш Разаков менен Азим Иброхим баштаган топтордун жолугушуусу. 14-март, 2019-жыл.

Жеңиш Разаков эмгек жолун токсонунчу жылдары Кызыл-Кыя шаарындагы машине куруу заводунун бөлүмүндө устачылыктан баштаган. 1997-жылы ички иштер органдарына кирип, 2011-жылы Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилик кызматына жеткен.

2012-жылы өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү, 2016-жылы вице-премьер-министр болгон. Ортодо Коопсуздук кеңешинин катчысы, президенттин кеңешчиси болуп, 2018-жылдан бери кайрадан вице-премьер-министр катары иштеп келе жатат.

Акыркы кызматында ал кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы жаңжалдарга байланыштуу Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган топ менен сүйлөшүп жатат. Разаков 4-5-апрелде кыргыз делегациясын жетектеп Тажикстанга барат.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Токмоктогу кандуу мушташтын чоо-жайы

Токмок шаары.

Чүй айылдык кеңешинин депутаты Тилек Сейитбековдун бычакталып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына өттү.

Токмок шаарында киши өлүмү менен аяктаган калайман мушташтын эки тарабы азыр бирин бири күнөөлөп жатат. Тергеп-иликтөө иштери тууралуу доомат да айтыла баштады.

Адам өлүмү менен аяктаган бул окуя 16-марттан 17сине оогон түнү Токмок шаарынын мэриясынан анча алыс эмес жерде, борбордук көчөнүн так боюнда болгон. Чүй айылдык кеңешинин 29 жаштагы депутаты Тилек Сейитбеков ал жерде эки адам менен жүргөн. Алардын бири Талант Шекинов азыр шаардык ооруканада жатат. Анын аркасына, колуна бир канча жолу бычак тийген.

«Биз гамбургер жейли деп баратсак ошол жерде үч-төрт бала туруптур, - деди Талант Шекинов. - Алар мас экен, бир нерселерди эле айтып кыйкырып жатышкан. Дос балам барып «эмне кыйкырасыңар» десе сөздөн сөз чыгып отуруп эле чырга айланып кетти. Алардын бирөө түртүп жиберди, досум аны уруп жиберди. Алардын бирөө кетип калган. Уруш токтоп, биз алардан кечирим сураганбыз. «Токмок кичинекей, урушпай эле коелу» деп жатканбыз. Кетип баратсак эле тигил тарапка дагы бир бала келип, абал чыңалып кетти. Ал ызы-чуу салып жиберди. Аны менен деле жакшы эле сүйлөштүк, андан да кечирим сурадык. Биз тынчып калдык».

Талант Шекиновдун айтымында, аны «Жоник» деген каймана аты бар Жапаркул Сакараев, ал эми Тилекти Дастан аттуу жигит бычак менен сайган.

«Мен бир бала менен тургам. Ошондо «Жоник» деген бала кинодогудай эле атырылып келип досумду урду. Мен анын жанына бара калдым, баары ошондон башталып кетти. «Жоник» менин аркама эки жолу бычак сайды. Дастан деген бала да колума эки жолу сайды. Канымды жоготуп, эс-учумдан танып, бир сыйра өзүмө келип жатсам ал балдар Тилекти көздөй басып кетишти. Анан машинелерин от алдырып эле кетип калышты. Басып баратсам Тилек кулап жатыптыр, карасам жүрөккө эки жолу, колго бир жолу бычак сайышыптыр», - деди Шекинов.

Токмок шаардык милициясы бул окуяга байланыштуу 24 жаштагы Дастан аттуу жергиликтүү тургунду камакка алган.

Жапаркул Сакараев - Токмоктогу бир канча май куюучу, көңүл ачуучу жана башка жайлардын ээси, шаардагы эң бай деген адамдардын сап башында турган Медербек Сакараев аттуу ишкердин уулу.

Өзүн маркум Тилек Сейитбековдун досу катары тааныштырган Төрөкул аттуу жергиликтүү тургун калайман мушташка катышкан Жапаркул Сакараев баштаган башка жигиттердин камалбай жатканына нааразы болду:

«Мен азыр тергөөгө нааразымын. Бул жерде «акчанын күчүнө салып эле Жапаркул Сакараев деген бала эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат менен жүрөт» деп угуп жатам. Чынбы же калппы, билбейм. Бирок ал камалган жок, бир эле бала камалды. Ортодо бир жаш баланын өмүрү кыйылды. Ушуну кылган балдардын баары өз жазасын алсын. Эгер ошол кылмышты кылган баланын ордунда колунда жок карапайым башка бирөө болгондо эчак эле камашмак. Менин буга көзүм жетип турат. Азыр акчанын күчүнө салып эле кутулуп жатышат. Тилек ичинде кири жок, ак көңүл, эч кимге зыяны жок, ар дайым күлүп эле жүргөн бала болчу. Кайрымдуулук кылып, элге жардам берген бала эле. «Быйыл жайында үйлөнөм» деп жүргөн. Эч бир жаман сапаты жок эле...»

Бул макала жазылып жаткан чакта биз Жапаркул Сакараев менен байланыша алган жокпуз. Бирок аны ошол жерге чакырган, калайман мушташ учурунда ошол жакта болгон Урмат Сулаймановго жолугуп, алардын түшүндүрмөсүн уктук. Сулайманов ушул тушта Улуттук госпиталда нейротравматология бөлүмүндө жатат. Анын айтымында, уруш-жаңжалды Тилек Сейитбеков менен анын жанындагылар баштаган:

««Космос» кинотеатрынын жанында турсак эле тигилер кыйкырып өтүп баратыптыр. Бизди көздөй бир нерсе деп кыйкырышты. Биз болсо «ушул эле жерлик болобуз, кете бергиле» десек эле болбой жаныбызга келип калышты. Жаргондор менен сүйлөй баштаганда эле кандай адамдар экенин, мас экенин түшүндүм. «Кечирип койгула, кете бергиле» дедим. Менин ошол сөзүм жакпай калды. Менин оң жагымда турган бала чаап жиберди. Оң көзүмө чаап жибергенде көз айнегим жерге кулап, көзүмдүн үстүнөн кан ага баштады. Мени менен жүргөн Улук менен Саламат арачалап калышты. Мен да, жанымдагылар да менин бир көзүм көрбөй турганын, майып экенимди айтып кыйкырып жаттык. Жерге отуруп калганда мени тээп, чаап кетип жатышты. Мен ошондо булардын акыл-эси жайында эмес экенин билдим».

Урмат Сулаймановдун айтымында, бычакты каза болгон Тилек Сейитбеков алып чыккан. Жапаркул Сакараевди урушкандарды тынчытыш үчүн гана чакырган.

«Мени ары жакка алып барып коюшканда оюма дароо эле «Жоник» келди, - деп сөзүн улантты Турат Сулайманов. - Ага мени сабашканын, Улук менен Саламат калып калганын айттым. «Жоник» келгенде тынч туруп калган тигилер: «Силер дагы балдарды чакырдыңарбы?» деп кайра жиндей башташты. Кайра мушташ башталды. Дастан бычакты өлгөн баладан тартып алган. Берки олбурлуу бала болсо «Жоникке» кол салган. Дастан ачууга тез алдырган бала. Мен аны түшүнөм. Ал менин бир эле көзүм калганын билет. Ошол көзүмдөн кан агып жатканын көрүп өзүн жоготуп койду окшойт. Мен аны бетке чапкылап: «Дастан, эмне болду?» десем: «Урмат байке, ал «Жоникти» муунтту, мен анын бычагын жулуп алдым, беркини урдум» деди. Мен андан: «Бычак менен сайдыңбы?» - десем: «Урмат байке, билбейм, бычак менен урдум окшойт», - деп паника болуп калыптыр».

Анын айтымында, Жапаркул Сакараев тууралуу « байдын көпкөн баласы» деген сөздөр негизсиз жана анын бул окуяда күнөөсү жок.

«Ал акчалуу болгону менен жупуну эле жүргөн бала. Сиз ал тууралуу аны менен чогуу жүргөндөрдөн, иштешкендерден, кошуналарынан сурап деле көрсөңүз болот. Кийингенин, минген машинесин, колдонгон телефонун деле байкаса болот. «Жоник» акылдуу, бардык жакты ойлогон, ар бир кадамын эсептеген бала. Андай ызы-чуу үчүн бычак көтөрбөйт. «Байдын баласы» деген жалгыз жүйө менен эле асылмай болуп жатат», - дейт Турат Сулайманов.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталган. Алгач ишти Токмок шаардык милициясы тергеп жаткан, бирок иликтөөгө байланыштуу ар кандай доомат айтылып жаткандыктан ишти Чүй облустук ички иштер башка башкармалыгы тергей баштады.

Өткөн айда аткезчилик чуусуна байланыштуу Жогорку Кеңеш менен Токмок шаардык кеңешинин депутаттарынын аты аталган. Былтыр август айында Токмок шаардык кеңешинин бир депутатына «адам бычактады» деп кылмыш иши козголгон жана ушул тушта ал издөөдө жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дейрестеги ээн калган үйлөр

Дейрестеги ээн калган үйлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:38 0:00

Чек ара чыры өкмөткө сынды күчөттү

Кыргыз-тажик чек арасы. Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуя парламентте өкмөттүн отставкасына байланыштуу маселени козгоду.

Жогорку Кеңеш 20-мартта Баткендеги чек ара маселесин талкуулоону кийинки жумага жылдырды. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келбегени себеп болду. Жыйында өкмөт башчыны отставкага кетирүү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу айың сөздөрдү иликтөө талабы айтылды.

Парламентте Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу маселени карап же карабоо боюнча талкуу дээрлик бир саатка созулду.

Чыгып сүйлөгөн депутаттардын баары эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзү келбегенин сынга алды. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек арага байланыштуу маселелердин баарына жооп бере аларын айтты:

"Чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министр катары бул менин функционалдык милдетиме кирет. Бул маселелер боюнча мен иштейм. Ошон үчүн биз жооп берсек жетиштүү деп ойлойм", - деди Разаков.


Бирок депутаттарды мындай жооп канааттандырган жок. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов парламент өкүлдөрүн чечкиндүү болууга чакырды:

"Азыр баягы эле жадыбалдай жаттаган маалыматты угабыз, ошол бойдон тарап кетебиз. Элдин шаабайын ушинтип отуруп суутабыз. Урматтуу парламент, "өкмөттү угуп коелу, токтотуп коелу, чек коюп коелу, тигил жакка, бул жакка кетип калыптыр" деген деңгээлден качан көтөрүлөбүз? Келсин, болбосо жоопкерчиликке тартабыз деп айтпайлыбы. Чечкиндүүлүктү көрсөтпөйлүбү", - деп депутаттарга кайрылды.

Талкууда ошол учурда Ошто жүргөн өкмөт башчыны жыйындын түштөн кийинки бөлүгүнө чакыруу, маселени премьер-министрдин катышуусу жок эле кароо, же болбосо жума күнү кезексиз жыйынга чогулуу өңдүү сунуштар айтылды.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев парламенттин тиешелүү комитети берген тапшырмаларга өкмөттүн жообу даяр болушу керек деп, маселени туура бир аптадан кийин кароону сунуш кылды. Ал өкмөттү ыкчам чара көрбөгөнү үчүн күнөөлөдү:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Чынында ушундай окуя болгондо премьер-министр биринчи кезекте, өкмөт толук курамы менен отставкага кетиши керек. Бирок биз ага барбай жатабыз. Боорукер болуп, күнөөлүү эмес деп отурабыз. Биз өткөндө маалымат алганда 7-мартта эле абал кооптуу болгонун билгенбиз. Чек арачылар маалымат берген. Бүгүн маселени талкуулабай, бир жумадан кийин премьер-министр келгенде кандай чечим кабыл алганын, кимди кызматтан бошотконун, кимге кандай чара көргөнүн сурасак туура болот. Азыр кайра эле төрт саат маалымат угуп, Жеңиш Разаковго ийгилик каалап тарап кетебиз".

Масалиевдин бул сунушу көпчүлүктөн колдоо тапты. Ошентип чек ара маселеси Жогорку Кеңештин 3-апрелдеги жыйынына калды. Бирок Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин башчысы, "Бир Бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов убакыт өтүп жатат деп нааразы болду:

"Өкмөттөн азыр эч кандай маалымат кереги жок. Болгону Жеңиш Разаков кечээ кандай документке, кандай редакцияга кол койгону тууралуу уксак. Эң негизгиси, биз кечээки чечимде делимитация, демаркация иштерин аягына чыгаруу үчүн кандай кадамдар жасалышы керек, кандай багыттагы социалдык маселелер чечилиши керек, ушуларды жүктөгөнбүз. Азыр ошол токтомду кабыл алып бербесек, ар бир күн, ар бир саат алтынга тете болуп жатат. Токтомду кабыл алып берели, аны өкмөт тезирээк аткарсын".


Парламентте вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду сындагандар көп болду. КСДП фракциясынан депутат Мурадил Мадеминов Разаков "коңшу мамлекеттин тыңчысы" деген мазмундагы сөздөр кайдан чыкканына кызыкты:

"Жеңиш Парпиевич, Интернетти окуп жатасыз да ээ? Сизди коңшу мамлекеттин агенти деп берип жатышат, сиз аны окудуңуз да? Сиз Баткенде милициянын жетекчиси, губернатор болгонсуз. Бирок сиз жетекчи болуп турганда тажиктердин Шурапка, ошол эле башкы суу тосмого көзөмөл кылган эмессиз. Акыркы убакта ошол жакта болгон иштерди кыргыз тарап эмес, тажик тарап жазып жатат. Менде күмөн саноо пайда болду. Ошон үчүн сиздин паритеттик комиссияны жетектегениңиз, сиздин кечээ ал жакка барганыңыз да туура эмес. Эгер сиз аны окусаңыз, отставкага кеткениңиз оң".

Жеңиш Разаков өзү тууралуу тараган сөздөргө жабык жыйында түшүндүрмө бере турганын айтып чектелди.

"Республика Ата-Журт" фракциясынан депутат Зарылбек Рысалиев Разаков ыкчам маалыматтар боюнча чара көрбөгөнүн сындады:

Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

"Бүгүн Жолдош Разаковдон отчет эмес, отставкасын талап кыла турган күн. Ал азыр чек ара маселесине мен жооп берем деп жатат. Ыкчам маалымат келгенде эч кандай чара көргөн эмес. Адамдар өлдү, эки мамлекеттин эли кагылышты. Разаков бул жакка келип алып "мен жооп берем" деп жатат. Разаков жооп бербей эле кетиши керек. Биз премьер-министрден "аны кетиресиңби же кетирбейсиңби" деп сурашыбыз керек. Принципиалдуу маселе ушул. Жазгы талаа жумуштары дегенде эмне, премьер-министр канча гектар жерге канча картөшкө айдайсың деп сураганы кеттиби? Былтыр айдалып бүттү го картөшкө. Быйыл да кайра сепкени жатабы?"


"Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов атайын кызмат Жеңиш Разаков боюнча иликтөө жүргүзүшү керек деп чыкты:

"Жеңиш Парпиевич, сизди айрым маалымат булактарына таянып айыптап жатышат. Сиз ачык жооп бере албай, жабык жыйында айтайын деп жатасыз. Мен УКМКнын төрагасынан тез аранын ичинде эки жактан чыккан маалыматтарды тактап, ал сөздөрдүн канчалык чындыгы бар экенин иликтеп, жалпы айтпасаңыз дагы ЖКнын төрагасына, сөзсүз түрдө президентке жеткириңиз. Эгер ошондой сөздөр чын болсо, кечээки кол койгон документтери анда кандай болуп калат?", - деп суроо салды Сулайманов.

20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Баткендеги чек арадагы жагдай боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Анда чыр-чатакты болтурбоо үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алганы, бузуку иштерге жол бербөөнү тапшырганы кабарланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чек арадагы кырдаал иликтенет

Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Чек арадагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш козголду.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 13-14-марттагы кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал боюнча өкмөттүн маалыматын укту

Жыйынды жабык эшик артында өткөрүүнү вице-премьер-министр Замир Аскаров сунуштады. Отурумда өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров, Чек ара кызматынын, ИИМдин жана башка профилдик комитеттердин жетекчилери катышты.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы 13-14-марттагы чыр-чатактарга байланыштуу жети факты боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Иштер массалык башаламандык, карактоо, улуттук белгисине карата адамга кол салуу сыяктуу беренелер менен каралууда.

Тергөөнү Тажикстандын Башкы прокуратурасы менен Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан түзүлгөн бириккен топ жүргүзөт. Аларга ИИМ жана башка органдар көмөктөшөт.

Ал арада вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркагандардан кабар алып, материалдык жардам тапшырды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, чек арадагы жаңжалдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жабыркаган. Дарыгерлер алардын абалы “канааттандырарлык” экенин айтышты.

Жол ачылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен Баткендин Ак-Сай айылынан буулуп турган Ворух-Исфара жолу ачылды. Алгачкы автоунаалар жана адамдар өтүштү. Ошол эле учурда Кыргызстандын Лейлек району менен Баткен шаарын туташтырып турган Ош-Исфана жолу да ачылды.

Сүйлөшүүнүн натыйжасында Аксай-Тамдык жолу курулмай болду.

Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

«Бардыгынын кызыкчылыктары эске алынды»

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүү 14-март күнү кечинде башталган. Төрт күндүк сүйлөшүүнүн натыйжасында жабык турган жолдор ачылып, Аксай-Тамдык-Кишемиш жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылынан көз каранды эмес жол курулмай болду. Макулдашуу протоколуна кол коюлган соң вице-премьер-министр Жеңиш Разаков келишимде бардык тараптардын кызыкчылыгы эске алынганын айтты:

«Жолдор бүгүн ачылат. Эч кандай посттор болбойт. Эки өлкөнүн да жарандары тоскоолдуксуз каттай беришет. Жарандар үчүн зарыл болгон жолдордун баарын улантабыз. Бир топ маселелерди сүйлөштүк. Эң негизгиси - өз ара түшүнүшүп, кызыкчылыктарды эске алып чечимге келдик».

Келишимге ылайык, чырдын чыгышына себеп болгон Ак-Сай-Тамдык жолу жана Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жол да курула баштады.

Жаңжалдын чыгышына күнөөкөрлөрдү табууга, жабыр тарткандарга байланышкан маселелерди жана чыгымдарды биргелешкен жумушчу топ иликтеп, чукул арада аягына чыгарышы керек.

Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим протоколдогу өзөктүк маселеге көңүл бурду:

«Биз прокуратурага күнөөлүүлөрдү табууну тапшырдык. Анткени адамдар өлдү, ар биринин артында үчтөн бала калды. Бул кейиштүү көрүнүш. Келечекте бул кайталанбашы керек. Ошондуктан күнөөлүүлөр табылат жана жазаланат. Эки тараптан тең жабыркагандар бар. Протоколдун аткарылышын өкмөт аралык комиссия көзөмөлдөйт. Андан кийинки маселе - бул жалпы колдонуучу жол болгондуктан жолдун жээгинде чек арачылар болбойт, эки тараптуу милициянын патрулу гана көзөмөлдөйт».

Бул аймактагы жол каттамдарында мурдагыдай эле эч кандай чек ара, текшерип өткөрмө бекеттери орнотулбайт. Болгону эки тараптын милиция кызматкерлери биргелешип коопсуздукту көзөмөлдөп турмай болду.

Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.
Үйлөрүнө кайтып жаткан аксайлыктар. 18-март, 2019-жыл.

Ал арада кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу үйлөрүнөн коопсуз жакка чыгарылган Ак-Сай айылынын 450 тургуну бүгүн кечке жуук үйлөрүнө кайтты. Аларды облустук бийлик автоунаа менен камсыздап, жүктөрү менен кошо үйлөрүнө жетип алышына шарт түзүп берди. Жаңжал башталганда Ворух анклавы менен чектеш Ак-Сай айылынын тургундары коопсуз жакка чыгарылып, Баткен шаарындагы №57 лицейдин жатаканасына жана туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылган эле. Негизинен алар аялдар, балдар жана кары-картаңдар.

Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Бул күнү Кыргызстан Ак-Сай-Тамдык жолуна техника алып өткөн учурда Ворух анклавынын жарандары топтошуп таш атышкандан кийин жаңжал күчөп кеткен. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан. Тажикстан тараптан эки киши окко учканы кабарланган.

Жаңжалдан кийин тажик жарандары Ош-Баткен-Исфана жолун, ал эми кыргызстандыктар Тажикстандын Исфара району менен Ворух анклавына кеткен жолду жаап коюшкан.

2014-жылы эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда ушул аймакта чыр чыгып, ок атышуу менен коштолгон. Ошол учурда эки тарап макулдашып, Көк-Таш - Ак-Сай – Тамдык - Кишемиш жолун куруу менен Тажикстандын Ворух анклавы үчүн Ак-Сай айылын айланып өткөн жолду бир учурда куруу макулдашылган. Бирок бул макулдашуу боюнча иштер толук аткарыла элек болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды

Кыргыз-тажик чек арасында жол ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты

Баткен: аксайлыктар үйлөрүнө кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:38 0:00

Жаңы Зеландия куралды көзөмөлдөмөй болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы Зеландиянын өкмөтү 50 кишинин өмүрүн алган теракттан кийин курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүгө киришти. Крайстчерч шаарындагы эки мечитте кыргын уюштурган киши адвокаттан баш тартып, өз укугун өзү коргой турганын билдирди.

Крайстчерч шаарынын тургундары аза күтүп, 15-мартта болгон терактты бир ооздон айыптап жатышат. Дүйшөмбү күнү ондогон мектеп окуучулары чогулуп, ыр ырдап, жергиликтүү мусулман коомчулугуна көңүл айтышты.

50 кишинин өмүрүн алып, 40ка чукул кишини жарадар кылган эки мечиттеги кыргындан кийин Жаңы Зеландиянын өкмөтү курал-жаракка көзөмөлдү күчөтүүгө киришип, жаңы мыйзам он күндүн ичинде жарыяланарын билдирди:

«Жума күнү Крайстчерчте болгон теракт биздин өлкөдө болгон террорчулуктун эң жаман көрүнүшү болуп калды. Бул окуя Жаңы Зеландиянын курал-жарак мыйзамдарындагы маселелерди ачыкка чыгарды. Коомубуздун коопсуздугун сакташ үчүн азыр чара көрүшүбүз керек», - деп билдирди Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Мечиттерде теракт уюштурду деп шек саналган Брентон Таррант сот залында. 16-март, 2019-жыл.
Мечиттерде теракт уюштурду деп шек саналган Брентон Таррант сот залында. 16-март, 2019-жыл.

Бийлик 15-мартта Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде кыргын салып, адамдарга туш келди ок жаадырган кишини 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант деп атаган. Полициянын маалыматына ылайык, шектүү курал-жарактарды атайын сертификаттын негизинде, мыйзамдуу жол менен сатып алып турган.

Ага ишемби күнкү баштапкы соттук териштирүүдө «Киши өлтүрүү» беренеси менен айып коюлду. Бирок сот экстремисттик көз караштагы бул шектүүгө дагы кошумча айыптар коюларын маалымдады. Шектүү мамлекет тарабынан дайындалган адвокаттан баш тартып, өз укугун өзү коргой турганын билдирди.

Таррант мечиттеги кыргынды «Фейсбуктагы» баракчасында түз эфирде көрсөткөн. «Фейсбук» компаниясы бул видеонун 1,5 миллионго чукул көчүрмөсүн социалдык тармактан өчүрдү.

Жаңы Зеландиянын өзүндө бул тасманы таратканы үчүн 18 жаштагы дагы бир жигитке айып коюлду. Аты ачык айтылбаган бул шектүү теракт болгон мечиттин «бута аныкталды» деген жазуу менен коштолгон сүрөтүн таратканы үчүн да айыпталууда.

Терактта каза тапкан пакистандык Найеем Рашиддин туугандары анын сүрөттөрүн телефондон карап жатышат. Пакистандын Абботтабад шаары. 17-март, 2019-жыл.
Терактта каза тапкан пакистандык Найеем Рашиддин туугандары анын сүрөттөрүн телефондон карап жатышат. Пакистандын Абботтабад шаары. 17-март, 2019-жыл.

Жума намаз маалындагы теракттан каза тапкандардын эң кичүүсү үч жашта, эң улуусу 77 жашта болгон. Кыргында кеминде төрт аял мерт болгон. Алардын сөөктөрү 17-марттан тартып үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилери кабарланган.

Каза тапкандардын ичинде теги пакистандык Найеем Рашид жана анын 21 жаштагы уулу Талха да бар. Найеем өзүнө ок тийгенге чейин кол салган адамдын жолун тороп, аны токтотуп калууга аракет кылган.

«Менин байкем жана Талха дүйнөдөгү бүткүл адамзатка маанилүү насаат калтырып кетишти. Алар адамзаттын табиятына каршы келген жана элге зыян келтирген көрүнүшкө күбө болуп, өз өмүрүнөн айрылса да, башкаларды аман сактап калышты», - деп билдирди Найеем Рашиддин тууганы Сафи Ризван.

Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.
Крайстчерчтеги кыргындын курмандыктарын эскерүү, Жаңы Зеландия. 18-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиянын тарыхындагы эң кандуу теракт дүйнө өлкөлөрүнүн, өзгөчө мусулмандар басымдуулук кылган мамлекеттердин кескин айыптоосуна кабылды.

Дем алыш күндөрү Грекия, Түркия, Индия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө жек көрүүнү жана расизмди айыптаган, элди сабырдуулукка чакырган акциялар өттү.

Крайстчерчтеги кыргында 9 жаранынан айрылган Пакистанда 18-март улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Коопсуз шаар»: айланы кетирген айыппул

"Коопсуз шаар" көп маселени козгоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

"Коопсуз шаар" долбоорунун камералары каттаган жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча айыппулдар төлөнө башталды.

Ээси доого жыгылат...

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында ишке кирген айыппулдун суммасы автоунаанын ээси менен кийин аны сатып алган адамдын жоопкерчилигине байланышкан маселени курчутту.

Кыргызстанда азыр бир машинени техникалык паспорт менен айдап жүргөндөр көп. Ал эми "Коопсуз шаардын" эрежеси боюнча айыппул машиненин документте көрсөтүлгөн ээсине гана жиберилет.

Бишкектик Баястан Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг борборуна так ушул маселенин айынан кайрылган:

​"Машинени эки жыл мурда саткам. Андан бери канча кишинин колунан өткөнүн билбейм. Анткени ал машине кымбат деле эмес болчу. Эл ташып акча тапканга эле ыңгайлуу эле. Мага бул жактан айыппулдарды төлөп, андан кийин сотко кайрылууну сунуш кылышты. Мен эреже бузган айдоочуну сот аркылуу гана таап, айыппулдарды төлөтүп алсам болот экен. Башка жол жок дешти".

"Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн сүрөт.
"Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн сүрөт.

Бул маселе тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун кызматкери Бакыт Акжолтоев "Азаттыкка" түшүндүрмө берди. Анын айтымында, жол эрежеси бузулганда айып анын документтеги ээсине гана коюлат:

Бакыт Акжолтоев.
Бакыт Акжолтоев.

"Биздин жарандар машинесин ишеним кат менен сатып жиберишет, анан өздөрүнөн жоопкерчилик алынды деп эсептешет. Бирок Бузуулар кодексинин 306-беренеси боюнча жол эрежеси бузулганда ээси гана жооп берет. Автоунааны башкарып жүрүп, эреже бузган адам ал үчүн жооп бербейт. Ошондуктан, ишеним кат менен саткан киши машиненин азыркы ээсин таап, мыйзамдуу түрдө ага өткөрүп берүүгө тийиш. Сот аркылуу өзү төлөгөн айыптарды кайра төлөтүп алса болот. Эгер антпей, айыппул төлөбөй жүрө берсе, туум өсүп кетет. Карыз автоунаанын чыныгы ээсинин моюнуна илинет, дагы кошумча чаралар көрүлөт".

Жол эрежесин бузгандардын айыппулу тууралуу маалымат Мамлекеттик каттоо кызматынын базасында да катталат.

Он беш күн ичинде төлөнгөн айыппулдун жарымы гана алынат

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган айдоочу айыппулду он беш күндөн кечиктирбей төлөсө, мамлекет карыздын жарымын кечет. Бирок бул жеңилдик мас абалында рулга отургандарга, мамлекеттик номерин алмаштыргандарга берилбейт.

Тилек Оторов.
Тилек Оторов.

"Жол эрежесин бузганы тууралуу маалымкат унаа ээсинин колуна тапшырылган күндөн тартып, он беш күн ичинде айыппулдун жарымын гана төлөсө болот. Андан ашырып жиберсе, бир айдын ичинде толук төлөйт. Бир айдан кийин туум жазылат", - деди Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын басма сөз катчысы Тилек Оторов.


Анткен менен бишкектик Айбек Борбуев айдоочуларга жолдо жүрүү шартын түзбөй туруп, айыппулдардын өлчөмүн жогору коюп салганы үчүн мыйзам чыгаруучуларга нааразы:

"Мен бюджеттик кызматта иштеп, 13 миң сом айлык алам. Мага эки жолу эреже бузганым үчүн 8 миң сом келиптир. Мен аны айыппул кылып берип койсом, үй-бүлөмдү кантип багам? Жол эрежесин бузбай айдоого биздин жолдор мүмкүнчүлүк бербейт. Мен жашыл күйүп турган учурда чектен өткөм, ары жакта тыгын болуп, мен өткөнчө кызыл күйгөн. Эми мени айыпка жыгып атат. Жолдорду кеңейтсин. Айыппулду азыраак кылсын. Он беш күн ичинде жарымын төлөсө болот дейт, ал убакта менде акча болбой калсачы? Карыз сураймынбы? Акырындап, азыраак сумма менен баштаса болмок".

Айыппул тууралуу каттар

Мурда кабарлангандай, "Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте 12-февралдан тарта ишке кирген. Ал эми жол эрежесин бузганы үчүн айыппул 4-марттан тарта жазыла баштаган.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалыматы боюнча бул аралыкта он миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталып, сегиз миңдей кат ээсине жиберилген.

Айдоочулар өздөрүнүн жол эрежесин бузганы тууралуу маалымкатты күтүп отурбай, аны башкармалыктын сайтынан жана кол телефондорго орнотулчу тиркемеден билип алышса болот. Тиркемеге автоунааны каттап коюп, улам текшерип турууга болот.

Долбоор алкагында Бишкектеги он кесилишке орнотулган камералар тарткан эреже бузуулар Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Мониторинг борборунун кароосунан да өтөт.

Бул жерде жол эрежелери аргасыздан бузулган учурлар эске алынып, андайлар жокко чыгарылат. Аталган борбордун кызматкери Азамат Асанов "Азаттыкка" айтып берди:

Азамат Асанов.
Азамат Асанов.

"Себеби четки оң жакка же сол жакка бурулууга уруксат берүүчү жол тилкелерине көбүнчө автоунаалар токтотулган болот да, бурула турган машине эрежени бузуп, түз кетүүчү тилкеден бурулууга аргасыз болот. Мындай учурларды биз карап, айыппулду жокко чыгарабыз", - деди Азамат Асанов.


"Коопсуз шаар" долбоорунун 12-марттан тарта ишке ашат деп пландалган экинчи фазасы эки жума кечигип башталары кабарланган. Төрт баскычтан турган долбоордо борбор калаада жалпы 38 кесилишке камералар коюлат. Андан тышкары долбоор Ош шаарында, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош жолдорунда да иштейт деп маалымдалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

"Коопсуз шаар" көп маселени козгоду

"Коопсуз шаар" көп маселени козгоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

Багхузда Кыргызстанды оозанган «жихадчылар»

«Ислам мамлекети» террордук тобунун күрт күчтөрүнө багынып берген мүчөлөрү. Сириянын Багхуз аймагы. 14-март, 2019-жыл.

Сириянын Багхуз аймагында «Ислам мамлекети» террордук тобунун жүздөгөн согушкерлери күрт күчтөрүнө багынып беришти. Алардын арасында кыргызстандыктар да болушу мүмкүн экенин аймакта тартылган видеолордун бири күбөлөп турат.

Азып-тозгон, жараатынан аксап, алдан тайган «жихадчылар» «Ислам мамлекети» террордук тобунун Сириядагы акыркы таянычы болуп саналган Багхуз кыштагын акыры артка таштап, аймакты курчап турган күрт күчтөрүнө багынып беришти.

Алардын арасында Кыргызстандын кеминде бир жараны болушу мүмкүн экенин күрттөрдүн «Ронахи ТВ» каналы тарткан жана «Reuters» агенттиги тараткан бир видео көрсөтүп турат. Андан сакалы өскөн, жарадар колун таңып алып, бир ийнине төшөнчүсүн асып, баш кийимин баса кийген бул киши күрт аскерлерине «Кыргызстан», «киргиз» деп айтып жатканын көрүүгө болот.

Басымдуу бөлүгүн күрттөр түзгөн «Сириянын демократиялык күчтөрү» билдиргендей, 14-мартта эле жихадчылар менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо баш-аягы 1300дөй киши багынып берди. Натыйжада аптанын башынан бери жихадчылардын чордонунан акыры чыгууну чечкен «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрүнүн саны 3 миңге чукулдады. Бирок Багхуз кыштагынан кеткиси келбегендер бар экенин согушкерлердин өздөрү ырастап жатышат.

«Ооба, кетип жаткандар да, кыштакта калгандар да бар. Мен белимден жаракат алганым үчүн эртерээк чыга албай калдым», - деди күрт күчтөрүнө багынып берген бир эркек киши.

Багынып берген согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү. 14-март, 2019-жыл.
Багынып берген согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү. 14-март, 2019-жыл.

Багхуз кыштагы Сириянын мунайга бай Дейр-эз-Зор провинциясында, Ирак менен чек арага жакын аймакта жайгашкан. АКШ колдогон «Сириянын демократиялык күчтөрү» бул кыштакты жихадчыл топтон жакын арада толук бошоторун билдирип жатат.

Бирок Багхуз үчүн кармаш оңойго турган жок. Согушкерлер катуу каршылык көрсөтүп жатышат. Күрт күчтөрүнүн баамында, кыштактан чыкпай калгандардын көбү жанкечтилер болушу мүмкүн.

«Азырынча «Ислам мамлекети» тобу мамлекет түзүү идеясы ишке ашпай калганын кабыл ала албай жатат. Ушул тапта алар Багхуздагы алакандай жерди гана көзөмөлдөп турушат», - деген ою менен бөлүштү «Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» талаа командири Шейх ал-Жабал.

Кезинде ырайымсыздыгы менен бүтүндөй дүйнөнүн үрөйүн учурган «Ислам мамлекети» террордук тобунун акыркы таянычы үчүн кармаш Сириядагы жарандык согушка туура 8 жыл толгон учурга туура келди.

Сегиз жыл мурун нааразылык толкуну жаралган Дараа аймагы. 12-апрель, 2017-жыл.
Сегиз жыл мурун нааразылык толкуну жаралган Дараа аймагы. 12-апрель, 2017-жыл.

2011-жылдын март айында Сириянын Дараа шаарында президент Башар Асаддын режимине каршы алгачкы нааразылык акциялары башталган. Бирок өкмөттүк күчтөр менен көтөрүлүшчүлөрдүн тиреши күчөп, мындай маанай бүтүндөй өлкөгө жайылып, 21-кылымдагы эң кандуу жарандык согуштардын бири тутанган.

Туруксуз кырдаалда «Ислам мамлекети» террордук тобу баш көтөрүп, 2014-жылы Ирак менен Сириянын айрым чөлкөмдөрүн басып алып, «халифат» түзүлгөнүн жарыялаган. Дүйнөнүн булуң-бурчунан миңдеген адамдар, алардын ичинде 850дөй кыргызстандык бул топко кошулуп кеткен. Аларга каршы күрөшүү үчүн 80ге жакын мамлекет коалиция түзгөн. «Халифат» иш жүзүндө 2017-жылы террорчу уюм эки өлкөдө тең ири аймактарды колдон чыгаргандан кийин кулаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, сегиз жыл ичинде Сириянын 5,6 миллион жараны коңшу өлкөлөргө жер которууга аргасыз болду. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан «Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын» эсебине ылайык, жарандык согуштан баш-аягы 370 миң адам кырылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бурулайдын соту: жактоочулардын жүйөсү

Бурулайдын соту: жактоочулардын жүйөсү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Чек арадагы окуя эки тараптуу иликтенет

Кыргыз-тажик чек арасы. Ак-Сай айылы, Баткен. 15-март, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик расмийлеринин чек боюнча сүйлөшүүсү уланып жатат.

Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен бүгүн өткөн жолугушууда алгач элди тынчтандырып алып, андан кийин гана жол, чек ара маселелерин талкуулоо зарыл экенин айтты.

Разаков 14-марттан бери Баткендин Ак-Сай айылында Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу экенин белгиледи.

"Тажик тарап айткан маалымат боюнча, буларда каза болгондор да бар экен. Биз «Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги катышкан биргелешкен тергөө топторун түзөлү»​ деп сунуш кылдык. Тергеп, жыйынтыгын жетекчиликке билдиришине тапшырма бердик. Алар чогуу жумушту башташты", - деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

Разаков менен Иброхимдин сүйлөшүүлөрү Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной тилкесинде өтүп жатат.

Өкмөт кабарлагандай, 14-мартта Баткен районунун Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары кичи автобус менен Баткен шаарына жеткирилди.

Тургундар №57 кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды. Аларга Баткен районунда жана Баткен шаарында жашагандар да үйлөрүнөн баш паанек беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Баткен шаардык жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Шакировдун айтымында, кеминде 450дөй адам алынып келген.

Ал ырастагандай, тургундардын бир топ бөлүгүн Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары өз үйлөрүнө алып кетишти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев 13-мартта жабылган жолдор ачыла электигин айтты:

"Учурда кырдаал бир аз жакшыраак деп айтсак болот, бирок Кыргызстан тараптан да, Тажикстан тараптан да жол жабык болуп турат. Эки тараптын жарандары азыркы учурда өз айылдарында турушат. Акыркы чыр-чатак кечээ саат 16:00дө болгон. Андан бери түн тынч өттү. Учурда ал жакта вице-премьер-министр Разаков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Ички иштер министрлигинин тобу иштеп жатышат".

Кечээ, 14-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулаган.

13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. 13-14-марттагы чатактардан улам ок тийип, жарадар болгон үч кыргызстандык Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасында дарыланып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, биринчи күнү түшкөн жабырлануучу дагы эле жандандыруу бөлүмүндө жатат. Экинчисинин бутуна, үчүнчүсүнүн далысына ок тийген. Алар травматология бөлүмүндө дарыланууда.

14-мартта бутуна ок тийген адам милиция кызматкери экенин Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ырастаган. Ал ок тажик тараптан атылганын кабарлаган.

15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абал жана түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен жеринен таанышуу үчүн Баткен облусуна барышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков сапарга чыккан депутаттар менен сүйлөшүп, эзелтен эриш-аркак, достук мамиледе жашаган эки коңшу мамлекеттин ынтымагы маанилүү экенин билдирип, түзүлгөн кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү зарыл экенин белгиледи.

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары Жогорку Кеңештен чек араны тез убакытта тикен зым менен тосуп, демаркация иштерин жүргүзүүнү талап кылышты.

Баткенге барган депутаттар эл менен жолукту.
Баткенге барган депутаттар эл менен жолукту.

Мындай талабын алар бүгүн 15-мартта Ак-Сайдагы кырдаал менен таанышуу үчүн барган депутаттар Төрөбай Зулпукаровго, Таабалды Тиллаевге, Карамат Орозовага, Курманкул Зулушевге жана Айнуру Алтыбаевага айтышты.

Депутаттар айылдагы кырдаал менен жеринен таанышып, облустагы ооруканада 13-14-мартта алган жараатынан дарыланып жаткандардын абалын сурашты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар боюнча ойлорун айтты.

Экс-депутаттын тарапташтары саясатчынын социалдык баракчасына койгон видеодо Камчыбек Ташиев жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.

«Жакшылык менен ушул маселени чечишибиз керек. Бирок ошол эле мезгилде оор болсо дагы, кыйын болсо дагы сабырдуулук кылып турушубуз керек. Жаштарды кызуу кандуулукка алдырбоого чакырам. Эгер мамлекеттин ичиндеги маселе болгондо, мен башкача айтат элем», - деди ал.

Камчыбек Ташиев 14-мартта «Фейсбуктагы» баракчасында «бийлик мурдагыларга окшоп эле эч нерсе чече албайт» деп билдирүү жасаган. Сөзүн «Азаттыкка» ырастаган саясатчы өзү Баткендеги жаңжал чыккан аймакка жөнөгөнүн кабарлаган.

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан. 14-мартта эртең менен абал туруктуу кармалып, түштөн кийин кайрадан ок атуунун үнү угулган.

Ошондон улам дагы бир нече адам жабыр тарткан. «Азаттыктын» тажик кызматы Тажикстандын Чек ара кызматына таянуу менен жаңжалда эки тажик жараны өлгөнүн, бир нече адам жабыр тартканын кабарлоодо.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жаңы Зеландия: мечиттерге коюлган чабуул

Чабуулда жаракат алган адамга тез жардам көрсөтүлүп жатат. Крайстчерч шаары. 15-март, 2019-жыл.

Жаңы Зеландиядагы эки мечитте болгон калабадан 49 киши өлүп, 20дан ашууну жаракат алды. Өлкөнүн премьер-министри окуяны «террордук чабуул» деп атады. 15-мартта болгон чабуулду айрым мусулман мамлекеттеринин лидерлери сынга алышты.

Чабуулдар Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечитине жана Линвуд шаарынын чет-жакасындагы мечитке коюлду. Бул маалда мечиттерде жума намазга чогулган 300дөй адам болгон. Курман болгондордун арасында мигранттар жана качкындар бар. Бул тууралуу Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн билдирди.

«Эми бул чабуулду террордук акт деп атай берсек болот. Биз билгенден ал абдан кылдат уюштурулган. Шектүүлөрдүн автоунааларына коюлган эки жардыруучу түзмөк табылып, иштен чыгарылды. Учурда чабуулга байланыштуу төрт киши кармалды. Алардын бирөө Австралияда төрөлгөнүн айтты. Мен бул адамдарды экстремисттик көз карашты кармангандар деп мүнөздөйт элем, аларга Жаңы Зеландияда жана бүткүл дүйнөдө орун жок», - деген премьер-министр өлкөдөгү коркунуч деңгээли жогорку чекке жеткенин кошумчалады.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-март, 2019-жыл.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн. 15-март, 2019-жыл.

Кармалгандардын бири австралиялык экенин Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон да ырастады.

«Аль-Нур» мечитинде болгон Ахмад аль-Махмуд аттуу күбө чабуул койгондордун арасынан тулгачан, чопкут калканчан ак жүздүү, сары чачтуу кишини айра таанып калганын айтып жатат.

«Колунда чоң автоматы бар эле... Кирип эле мечиттегилерди ой келди аткылай баштады» дейт ал. Махмуд башкалар менен кошо айнек эшиктен качып чыкканын кошумчалады.

Жаңы Зеландиядагы окуяны айрым мусулман мамлекеттердин лидерлери да айыпташты. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Батыш мамлекеттеринин бийлик өкүлдөрүн исламга жана мусулмандарга каршы күчөп бараткан расизмди оздуктоого чакырды:

«Мен Жаңы Зеландиядагы мечитке жума намазга чогулган мусулмандарга каршы жасалган чабуулду кескин айыптайм. Бул кол салуудан улам бир канча жылдан бери өрчүп баратканы байкалып, айрымдар тарабынан колдоого алынып келген исламофобия жеке чабуулдан ушундай калабанын деңгээлине жетти деген жыйынтык чыгарсак болот».

Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечити.
Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» мечити.

​Эрдогандын сөздөрүнө Пакистандын премьер-министри Имран Хан да кошулду. Ал «Твиттердеги» баракчасына «террордун дини болбойт» деп жазды.

Кийин белгилүү болгондой мечитте кол салуу башталганда ал жакка Бангладештин крикет боюнча курама командасы кирип бараткан экен. Оюнчулардын эч кимиси жарадар болбосо да нес болуп калганына байланыштуу жума күнгө пландалган алардын оюну жылдырылды.

Кооптуулук жагдайынан улам Жаңы Зеландиядагы бардык мечиттерди жаба туруу жөнүндө сунуш түштү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Чек ара чырын кантип токтотобуз?

Чек ара чырын кантип токтотобуз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:33:16 0:00

Баткен: жабылган жол ачыла элек

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалды жөнгө салуудагы биринчи милдет – элди тынчтандыруу. Тараптар ушундай чечимге келгенин бир аз мурдараак вице-премьер-министр Жеңиш Разаков “Азаттык” радиосуна билдирди. ​

Ак-Сайдагы чек ара чырынын себептери

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Баткендеги Ворух тажик анклавын айланып өткөн Ак-Сай - Тамдык жолун салуу чек арадагы чыңалуунун негизи бойдон турат.

2008-жылы кыргыз-тажик өкмөт өкүлдөрү чыр-чатактардын алдын алыш үчүн Ворух тажик анклавын аралап өткөн жолдон баш тартып, айланма жол курууга макулдашкан. Бирок тажик тарап кийин позициясын өзгөртүп, бул үчүн Ворух анклавын Тажикстандын негизги аймагы менен туташтырган коридор берүүнү талап кылган. Кыргыз өкмөтү бул талапты четке кагып, «айланма жол курула турган аймак Кыргызстанга караштуу» деген негизде Аксай-Тамдык жолун курууну баштап, бирок анын курулушу бир нече ирет токтотулуп, үзгүлтүккө учураган.

14-мартта Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө "Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык" жолунун курулушу өкмөттөр аралык эки тараптуу келишимди бузуу менен башталган" деп айтылат.

Чек араны делимитацияло жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын атын атабаган мурдагы мүчөсү Тажикстан чыр чыккан жерди өз аймагы деп тааный турганын айтты. "1924-1927-жылдардагы эл аралык мааниде таанылган документке ылайык, кыргыз тарап азыр жол салып жаткан жер Тажикстандын аймагы деп саналат" - деди тажик аткаминери.

Жоболоңдуу жол курулушу

Өткөн алты жылда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонууга чейин жеткен ондон ашуун чек ара чатагы чыккан. Анын баары Ворух тажик анклавын айланып өтүүчү жолдун курулушуна байланыштуу.

Жаңы чек ара чатагы да буга чейин токтоп калган Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолун курууну калыбына келтирүү боюнча кыргыз тараптын аракетинен улам чыкканы белгиленди.

Тажикстандын чек ара мекемеси чатактын чыгышы үчүн кыргыз тарапты айыптап, анын жол курууну бир тараптуу баштап жибергенин негизги себеп катары билдирди. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы анклавдагы тажик жарандары жолдун курулушуна каршы чыгып, таш ыргытканы чатактын ырбашына себеп болгонун жүйө келтирди.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров Көк-Таш – Аксай - Тамдык жолу салынып жаткан тилке Кыргызстанга караштуу экенин билдирди:

Курбанбай Искандаров.
Курбанбай Искандаров.

- Биздин жолчулар жол салып жаткан аймак талаштуу чек ара тилкелерине кирбейт. Анткени СССР таркагандан кийин түзүлгөн эки тараптуу келишимдер боюнча ошол кездеги чек ара сызыктары өзгөрүүсүз калып, мамлекеттик чек ара катары таанылган. Ага биздин президенттер кол коюп, эки тараптын парламенттери бекиткен. Эки тараптуу чек ара делимитациясы бүтө элек. Ошондуктан эл аралык укуктук ченемдер боюнча да кыргыз тарап өзүнүн аймагы катары ал жерде жол курулушун жүргүзүүгө толук укуктуу. Ошол СССР учурунда бекитилген чек ара сызыгына ылайык, азыр жол салынып жаткан жер тилкелери Кыргызстандын аймагы. Ал жер эч качан Тажикстанга караган эмес. Аны талаштуу чек ара тилкеси деп атоо туура эмес.

Тажик тараптын койгон шарты

Баткендеги узундугу 25 чакырым Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолунун курулушу 2013-жылы башталып, бирок тажик тараптын каршылыгынан улам 2014-жылы үч сыйра үзгүлтүккө учураган. Тажик бийлиги башында бул жол курулушуна макул болуп, бирок кийин ал «Кыргызстан бул үчүн Ворух анклавын Тажикстан менен туташтырган жол курууга уруксат бериши керек» деген шарт койгон. Бирок кыргыз тарап аны четке каккан. Кыргызстандын ички аймагында жайгашкан Ворух тажик анклавын айланып өткөн бул жол Кыргызстандын Баткен облусунун айылдарын өз ара байланыштырмак.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев кезинде бул жолдун курулушун кайрадан улантуу жөнүндө чечим кабыл алууга жетишилген жагдайды белгиледи:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- 2015-жылы бул жолдун курулушун кайра калыбына келтирүүнүн астында Тажикстандын вице-премьер-министри Алимордон, тажик президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Хайруллаев деген мырзалар менен бир пикирге келген майнаптуу жолугушууларды өткөргөнбүз. Анда «Көк-Таш айылынан жолду баштап, андан ары силер ары жагынан өтөсүңөр, бизге бул жагынан Тамдыкка карай жайлоолорго чыгууга мүмкүнчүлүк бересиңер» деп макулдашкан элек. Ошентип бир чечимге келип, жолдун курулушун уланта баштаган болчубуз. Анан эле биз кызматтан кеткенден кийин эмнеге кийин жол токтоп калганын түшүнбөй калдым. Негизи бул жол курулушун ошондо эле аягына чыгарып, маселени ошондо эле чечип коюшса болмок. Тажик тарап деле бул жолду биз баары бир кура турганыбызды, ал жол биздин өзүбүздүн аймак аркылуу өтөрүн билет. Анан эмнеге эле алар кайра каршы чыгып жатканы кызык. Бирок биз тарап саясий эркин көргөзүп, учурунда алар макул болгондо эле маселени маалкатып, кечеңдетпей жолдун курулушун бүтүрүп салса болмок.

Максатына жетпеген макулдашуу

Кыргыз тарап Көк-Таш - Ак-Cай - Тамдык жолу боюнча мурда жетишилген макулдашуунун шарттарын аткарууну тажик өкмөтүнөн талап кылды. Анткени 2008-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана 2009-жылы коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда Көк-Таш – Аксай - Тамдык жолун куруу жана биргелешип пайдалануу боюнча чечим кабыл алынган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров түзүлгөн макулдашуунун шарттары кандай болгонун айтып берди:

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

- Ал учурда Тажикстандын анклавын айланып өтүп, өзүбүздүн аймак аркылуу жол салуу маселеси саясий деңгээлде толук чечилген болчу. Биздин макулдашуунун шарттары төмөндөгүдөй болчу: биз тажик тарапка электр энергиясын биздин аймак аркылуу алып өтүүгө макулдук беребиз. Алар болсо бул жолду курууга макулдук бериши керек болчу. Ошентип эки тарап келишип, аябай жакшы макулдашууга жетишкенбиз. Бирок жетишилген макулдашуу кийин эмнеге аткарылбай калганы мага түшүнүксүз. Себеби мен Коопсуздук кеңешинде бир жылдай эле турдум. Негизи кийин бийликке келгендер улам ошол макулдашуунун шарттарын аткарууну тажик тараптан талап кылып, ишти илгерилетиши керек эле. Бирок кийин биз тараптан андай аракеттер болгонун байкаган жокмун.

Тожикондун талабы, тоскоолдуктун себептери

Бирок тажик тарап талаштуу деген чек ара тилкелерине жол куруп, көпүрө салууга тыюу салуу боюнча макулдашуунун шарттарын да эске салууда. Кыргызстан ага карабай, айланма жолду курганда расмий Дүйшөнбү макул эмес экенин билдирген.

Антсе да кыргыз тарап биринчиден, жол салынып жаткан тилке талаштуу эмес, Кыргызстандын өз аймагы экенин, экинчиден, Тажикстан макулдашуунун шартын биринчи бузуп, Лейлектин Кулунду-Максат жолундагы эки тарап тең талаштуу деген 78 гектар жерди өз алдынча өздөштүрүп, анда суу бөлүштүргүч куруп алганын мисал келтирген. Бул жолу аталган жолдун курулушуна Ворух анклавына жакын Тожикон жаңы конушунун тургундары каршы чыгышкан. Бул жаңы конуш кандайча пайда болгонун Курбанбай Искандаров айтып берди:

- Тожикон деген биздин Ак-Сай аймагы менен Ворух тажик анклавына жакын жайгашкан жер. Бул ошо биз жол салып жаткан тилкенин башына тажиктер өз алдынча үй салып, чыгып алган аймак. Алар өзүм билемдик менен бери көздөй чыгып кетип, ал жаңы айылды «Тожикон» деп атап алышкан. Анын жогору жагында биз тажик анклавын айланып өтүүчү жол салып жатканбыз. Анан дагы ал аймакта биздин Таш-Тумшук деген айыл бар. Биз буга чейин ал тилкелерди өз ара алмашуу жолу менен болсо да чек ара маселесин жөнгө салып, чыр-чатактарды азайтуу жагын талкуулап жатканбыз.

Бир жагынан 38 миң калктуу Ворух тажик анклавы, экинчи тарабынан Тажикстандын негизги аймагы болгон 12 миңден ашуун тургуну бар Хожоало кыштагы менен курчалган Кыргызстандын Ак-Сай айылында азыр үч миңге жетпеген эл жашайт. Кыргыз тарабында жер-суу ресурстары жетиштүү болгону менен тажик анклавында табигий өсүштүн эсебинен жер тилкелерине болгон таңкыстык да чыр-чатактардын чыгышына түрткү болорун эл аралык эксперттер буга чейин эскертишкен болчу. Кыргызстандын анклавды айланып өтүүчү жол салышына каршылык тажик тараптын Ворух анклавындагы жана Хожоало аймагындагы жайыттардын жана суунун жетишсиздиги менен байланыштуу экени буга чейин эле белгилүү болгон.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрү чек арадагы чыр-чатактарды азайтыш үчүн чек ара сызыгын тактап, мамлекет аралык чек араны аныктап, бекитүү маселесин көп жылдан бери талкуулап, бирок жыйынтык чыгара албай келатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:49 0:00

Баткен: чек арадагы кырдаалдын көрүнүшү

13-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан.

Баткен: чек арадагы кырдаал

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG