Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:18

Коопсуздук

Чокморова: ВИЧ жаштар арасында жайылууда

Үмүт Чокморова.

Ооруканадан балдарына, алардан энелерге ВИЧ жуккан жагдайлар кайра текшерилет.

Бул тууралуу Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүт Чокморова «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал Кыргызстандагы жагдай, илдетти аныктоонун жаңы ыкмалары, жаштар арасында көбөйгөн себептери туурасында айтып берди.

«Азаттык»: - Кыргызстанда ВИЧ/СПИД илдетине кабылгандар боюнча жагдай кандай?

Үмүт Чокморова: - Канчалык алдын алуу иштерин жүргүзсөк да ВИЧке чалдыккандар көбөйүп жатат. Апрелдин башына карата өлкөдө бул илдет менен 9010 киши катталып, алардын ичинен 1952си каза болду.

Жалпысынан 658 бала ушул илдет менен катталса, анын 386сына дарт ооруканада жуккан. Кыргызстанда оорунун көрсөткүчү 100 миң кишиге деп эсептесек, 13 учур туура келет. Ошондо жыл сайын өлкөдөгү элдин 8%, башкача айтканда 450 миңге чейин адам текшерилип турат.

«Азаттык»: - Маалымат берилип, алдын алуу иштери жүрүп жатканына карабай, бул дартка чалдыккандар эмнеге көбөйүп жатат?

Үмүт Чокморова: - Он жыл мурда ВИЧ оорусу баңгилердин арасында көп катталчу. Азыр ийне аркылуу жуккандар 28 пайызды эле түзүп калды. Алардын арасында алдын алуу программалары үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун базасында, түрмөлөрдө көп иштейт. Ийнелерин алмаштырат, ийне ордуна метадонду кабыл алышат. Ошондуктан баңгилер арасында жугуу жолу азая баштады.

Бүгүнкү күндө оорунун жыныстык жол менен жуккан учурлары көбөйүп жатканы кооптондурат. 2008-жылы мындай жол менен ВИЧ жуккан учурлар 28% түзсө, бүгүнкү күндө 61-62% болуп калды. Айрыкча 20 жаштан 39 жашка чейин көп катталууда. Маалыматтар жетиштүү эле берилип жатат.

Бирок жаштар өзүнүн ден соолугуна кайдыгер караган, туш келди жыныстык катнашка барган, ичкилик ичип же баңгизат сайынып алып ким менен жатканын билбей калган учурлар көп болуп жатат. Биз ар бир учурга талдоо жүргүзөбүз. Ар бири киши ден соолугун бааласа жакшы болот эле.

«Азаттык»: - Анда ВИЧ/СПИДге чалдыккандардын жыныстык өзгөчөлүгү деле теңелип калган турбайбы?

Үмүт Чокморова: - Мурда он жыл мурда дарт эркектердин арасында көбүрөөк катталып, аялдар 11-12% эле түзчү. Азыр аялдар арасында 35% көбөйдү. Эркектер аялдарга жуктуруп жатат десек болот.

«Азаттык»: - Алдын алуунун жолдору кандай болуп жатат? Мисалы «миграциядан келип же чыгып жатканда милдеттүү түрдө текшерилсин» деген демилге көтөрүлгөн эле...

Үмүт Чокморова: - Союз убагында, андан кийин деле башка өлкөгө виза менен кирчү эмес белек? Анда аэропортто, поезд менен кетип жатканда деле текшерилчү. Азыр визасыз режим болгон үчүн эч ким текшербейт. Чет мамлекетке барганда жумушка орношор алдында ВИЧ менен кургак учукка сөзсүз текшерилет, оору жукканы ошол убакта билинип жатат. Чет мамлекетте иштеп жүргөн мигранттардын арасында бул илдет менен 480дей киши катталган.

«Азаттык»: - «Азыр жаштар арасында ооругандар көбөйдү» деп айтып жатасыз. Демек ата-эне да ушул багытта сабаттуу, маалыматы бар болушу керек да. Балким алдын алуу иштерине ата-энелерди да кошуш керекпи?

Үмүт Чокморова: - СПИД оорусу менен күрөшүү жалаң эле медицина кызматкерлеринин иши эмес. Бул жерде бүт министрликтер, мекемелер бирдикте көп багытта иш алып баруу зарыл. Мектептерде ден соолук сабагында бул оорулар, тамеки чегүүнүн, баңгизаттын зыяны туурасында азыноолак айтылып кетет. Көп катталып жатканынын дагы бир себеби - текшерүүнүн жаңы ыкмалары киргизилип жатат. Чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп шилекейден аныктоо ыкмасы кирген.

Ушул багытта 19 өкмөттүк эмес уюм иштейт. Ошонун негизинде деле миңдей учур табылды. Мурда биринчи кан тапшыргандан жыйынтыкты алганга чейин бир айдан эки айга чейин убакыт кетип калчу. Ошол убакта деле ички миграциянын айынан оорулууну таппай калган учурларыбыз болгон. Азыр бир-эки жумада аныктап калдык.

Мындан сырткары ВИЧ илдеттүү энеден төрөлгөн баланын согончогунан кан алып текшеребиз. Кош бойлуу энелер дарыланган соң балдары таза төрөлүп жатат. Көп балдар каттоодон чыгарылды. Мисалы, башынан бери бизде 1200дөй кош бойлуу аял каттоого турса, 920дай бала каттоодон чыкты. Дарысын үзбөй ичип турса эле кандагы вирустун кыймыл-аракети азайып калат дагы, жыныстык катнашта болгон кишиге жукпайт. Иммунитет алсыз болсо адамда болгон оорунун баарын козгойт.

Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу боюнча ооруканада жаткандар арасында кимде-ким узак убакыт бою дене табы көтөрүлүп түшпөй койсо, ичи өтсө, жөтөлү басылбаса ВИЧке текшеребиз.

«Азаттык»: - Дарыгерге эрте кайрылса дарт өтүшүп кетпейт да. ВИЧтин алгачкы белгилери кандай?

Үмүт Чокморова: - Биринчи белгилери - бир айдан ашык ичи өтөт, дене табы көтөрүлөт. Башка оорулардан айырмаланып дене табы көтөрүлгөндө дары берсең түшпөйт, 37-38 болуп жүрө берет. Моюндагы, колтуктагы, такымдагы бездер чоңоёт. Көптөрү алсырап калганда гана дарыгерге кайрылып, ошол учурда гана билинип калат. Ошондуктан бир жылда бир жолу гепатитке, ВИЧке текшерилип коюш керек. Вирус организмге киргенде эки жумада эле аныкталат. Мурда кишиге жукканда антителону гана аныктасак, азыр вирустун өзүн аныктайбыз.

«Азаттык»: - Азыр «балдарына ооруканада ВИЧ жугуп, андан өздөрүнө жукту» деген энелер нааразы болуп чыгып жатышпайбы. Айрымдары «ооруканада жукту» дегендердин катарына кошулбай калганын айтып жатышат. Аларга илдет ооруканада жукканын аныктоонун жолу барбы?

Үмүт Чокморова: - Ошондой энелер «бизге да ооруканада жуккан» деп жылда эле чыгып жатышпайбы. Ошол кезде соттук-медициналык эксперттик комиссия түзүлүп иликтөө жүргүзгөн. Жакында дагы чоң комиссия түзүлүп, биз барып келдик. Ошол карталардын бардыгын иликтеп жатабыз.

Оштун ички иштер башкармалыгы, прокуратура кошулуп кайрадан иликтөөнү баштады. Бирок акыркы чечимди сот чыгарат. 17дей балага энесинен жуккан, энесине болсо жыныстык жол менен жуккан деп коюлган. Бирок ал энелердин күйөөлөрү таза болуп жатат. Жаңы комиссия иликтеп жатат. Ошол кезде ооруканага ВИЧ илдети жуккан балдар менен бир палатада дарылангандар бар экен. Айрымдары ошол жылдары 7-8 жолу ооруканага жаткан экен. Архивге өткөн документтерди кайра көтөрүп жатабыз.

«Азаттык»: - Демек азыр дарылоонун, дартты аныктоонун жаңы ыкмалары колдонулуп жатканы статистиканын көбөйүшүнө таасирин тийгизип жатат десек туура болобу?

Үмүт Чокморова: - Эрте аныктап, эрте дарылагандан кийин башкаларга жукпай калса эпидемияны токтотуп коюшубуз деле мүмкүн. Мисалы, 2015-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында «дүйнө жүзүндө ВИЧ/СПИД эпидемиясын жок кылабыз» деген резолюция кабыл алынган.

Ошонун алкагында быйыл өзүн өзү тестирлөө деген ыкманы киргизип жатабыз. Муну алгач өкмөттүк эмес уюмдардын базасында Ош жана Бишкек шаарларында эркек менен жыныстык катнашка барган эркектердин арасында текшерүү жүргүзгөнү жатабыз. Анын жыйынтыгы менен тесттер дарыканада сатыла баштайт. Анын алдында «тест кантип текшерилет, эгер дарт аныкталып калса кимге, каякка кайрылыш керек» деген чоң маалымат өнөктүгүн жүргүзөбүз.

Мисалы, азыр аялдар кош бойлуу экенин тест аркылуу эле алдын ала аныктап жатышпайбы. Ошондой эле кандагы канттын өлчөмүн текшерип жатышат. Биздин максат - 2030-жылга карата ВИЧтин жаңы толкунун жок кылуу. «Дарыларды үзбөй ичсе жукпайт» деп жатпайбызбы, демек өнөктөшүнө жукпай калат.

«Азаттык»: - Кыргызстанда эркек менен жыныстык катышка барган эркектер көппү?

Үмүт Чокморова: - Биз аларды аялуу топтор деп коёбуз. «Секс кызматын көрсөткөндөр, баңгилер жана эркек менен жыныстык катнашта болгон эркектер канча?» деп калк арасында изилдөө жүргүзүп, эсептеп турабыз. 2016-жылдагы эсептөөгө караганда, 25 миң баңги, 7,1 миң сойку бар деп эсептелген. Мындан сырткары эркек менен жыныстык катнашка барган 16,9 миң эркек бар деп эсептелген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ооган бийлигиндеги пикир келишпестик

Ооганстандын президенти Ашраф Гани. 29-апрель, 2019-жыл.

29-апрелде Кабулда «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү элдик курултай башталды. Президент Ашраф Гани ачкан жыйынга 3200дөн ашуун делегат катышып жатат.

Айрым байкоочулар өлкөдө 18 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуунун жолдорун талкуулай турган бул жыйын өкмөт ичиндеги пикир келишпестикти ого бетер күчөтүшү мүмкүн экенин боолголошууда.

Саясатчылар, уруулардын аксакалдары жана башка таасирдүү инсандар катышкан жыйындын ачылышында ооган Конституциясынын көчүрмөсүн колунда кармап сөз сүйлөгөн президент Ашраф Гани курултай элдин биримдигин көрсөтөт деген үмүттө экенин айтты:

«Лоя Жырганын катышуучуларынын алдыдагы башкы милдеттеринин бири «Талибан» тынчтыкка даярбы же жокпу, ошону аныктоо. Силер элдин талаптарын жана тынчтыкка тиешеси бар суроолорду жөндөйсүңөр. Эл силерден тынчтык жана туруктуулук маселелерин талкуулашыңарды күтөт».

Жыйынга 2014-жылкы шайлоодон кийинки көпкө созулган талаш-тартыштардан соң Кошмо Штаттардын кийлигишүүсү менен түзүлгөн бириккен өкмөттүн башчысы Абдулла Абдулланын келбегени ар кандай пикирлерди жаратты. Вашингтондо жайгашкан Уилсон борборунун Азия программаларынын жетекчисинин орун басары Майкл Кугелмандын пикиринде, Абдулланын жана анын тарапташтарынын катышпаганы жыйындын аброюн түшүрөт.

«Лоя жырганын» жыйыны башталды. 29-апрель, 2019-жыл.
«Лоя жырганын» жыйыны башталды. 29-апрель, 2019-жыл.

Жыйынга катышпагандардын арасында мамлекеттин мурдагы башчысы Хамид Карзай да бар.

Ал «Associated Press» агенттигине берген комментарийинде «Талибан» кыймылы менен ооган өкмөтүнүн ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракети болуп жаткан кезде элдик курултайды өткөрүү тынчтык процессине тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин белгиледи. Ал ошондой эле Кошмо Штаттарды тараптарды чогултуш үчүн бардык аракеттерди көрүүгө чакырды. «Биз тынчтыкка шашылып жатабыз», - деди ал.

Өткөн жылдын күз айларынан бери өлкөдөгү согушту токтотуу боюнча «Талибан» кыймылы менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрүүгө жетишкен АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад Кошмо Штаттардын күчтөрү чыгарылгандан кийин Ооганстан эл аралык террорчулардын чордонуна айланбайт деген шарт коюп талибдер менен бир келишимге жетүүгө жакындап калган. Буга чейин расмий Кабулду АКШнын «тактекеси» деп атап, аны менен түз сүйлөшүүлөрдөн баш тартып келген талибдер жакында эле ооган өкмөтү менен бир столго отурууга макул болушкан. Анткен менен апрель айында Катарда өтө турган жолугушуу эки тарап катышуучулар боюнча бир пикирге келе албагандыктан өтпөй калды.

АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад. 16-апрель, 2019-жыл.
АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад. 16-апрель, 2019-жыл.

Халилзад Катардагы сүйлөшүүлөр болбой калганы боюнча өз нааразылыгын билдиргенде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ганиге чалып, Дохадагы сүйлөшүүлөрдөн баш тартпоого чакырган. Бирок ал деле натыйжа берген жок.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти жакында эле тараткан билдирүүдө талибдер Ооганстандагы «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөшүүгө жана «Аль-Каида» менен байланыштарын үзүүгө макул болушканы айтылат.

«Талибан» ушул тапта Ооганстандын аймагынын дээрлик жарымын көзөмөлдөйт жана Халилзад менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп жатканына карабастан дагы эле чабуул коюп келет.

Талибдердин атын атабаган өкүлүнүн айтымында, тараптар учурда америкалык аскерлердин чыгарылышынын мөөнөтү боюнча бир пикирге келе элек. Анын айтымында, «Талибан» кыймылы алты ай, ал эми Вашингтон 18 ай талап кылып жатат.

Халилзад сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасынан кийин талибдер менен келишим түзүүгө жакындап баратканына карабастан Кабул менен пикир келишпестиктери күчөп бараткандай. Өткөн айда Вашингтондогу сапарында Ганинин кеңешчиси Хамбдулла Мохиб Халилзаддын жеке дымагын сындады.

Ал эми 18 жылдан бери уланып келаткан согуштан баш көтөрө албай келатышкан карапайым оогандыктар эки тараптан тең көңүлү калганын айтып жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уран: 20 лицензиянын чоо-жайы

Уранды чалгындоого жана иштетүүгө каршы митинг. Бишкек, 26-апрель. 2019-жыл.

Кыргыз өкмөтү Кызыл-Омполдо уран кенин чалгындоо толук токтотулганын айтканы менен, лицензия чакыртып алынганы ырастала элек. “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы да бул боюнча үн катпай турат.​

Адистер өкмөт элди сооротуу үчүн "иш токтоду" деп айтып койгонун билдирүүдө. Бул арада өлкөдө уранды чалгындоого 20дай фирма уруксат алганы белгилүү болду.

Убактылуубу же биротолобу?

Соңку нааразылыктардын фонунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия чакыртылып алынганын айтканы кызуу колдоо менен кабылданды. Бирок мындай билдирүү жасалган 25-апрелден бери өкмөт лицензияны кайтарып алганын ырастаган бир да далил келтире алган жок.

29-апрелде гана мөөр басылбаган, куш тилиндей катты социалдык тармактардын колдонуучулары Интернеттен таратышты. Анда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев Экотехинспекцияга билдирүү жазып, “аталган компаниянын “2852 МР” лицензиясын пайдалануу укугу токтогонун” билдирет.

Айтмамат Кадырбаевдин каты.
Айтмамат Кадырбаевдин каты.

Жер казынасын пайдалануу комитетинин басма сөз катчысы Элеонора Сыдыкова бул документтин мазмунун ырастап, буларды билдирди:

«Лицензияны чакырып алдыбы, же эмне кылды деп жазып жатышпайбы, ошолор туура эмес болуп калды. Бул жерде лицензияны пайдалануу укугу токтотулду да. Жазылган кат түп нуска экенин тастыктайбыз. Ошол катта көрсөтүлгөндөй “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамдын 26-беренесинин (“Түздөн-түз сүйлөшүүлөр менен жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби”) негизинде ушундай чечим кабыл алынды», - деди ал.

“Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын башкы директору Светлана Менг да алгач лицензиясы токтотулганы тууралуу аларга эч кимден билдирүү келбегенин айтып жаткан. Кийин бул жөнүндө таптакыр комментарий бербей калды.

Бирок баары бир, Жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө улам “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясына берилген лицензия өзү эмес, аны пайдалануу укугу гана токтогонун биле алдык. Анда өкмөт өкүлү эмне үчүн уран казуу толук токтогонун жарыялап жиберди?

Адистер муну катар-катар митингдерди басуу, нааразылыктардын мизин кайтаруу үчүн жасалган аракет катары баалашууда. Уран иштетүүгө каршылык билдирип келаткан жарандык активист Рита Карасартова буларга токтолду:

Рита Карасартова уранга каршы митингде. Бишкек, 26-апрель, 2019-жыл.
Рита Карасартова уранга каршы митингде. Бишкек, 26-апрель, 2019-жыл.

«Ошон үчүн мен өткөндө эле “токтоттук дегени, бул элдин эле нааразылыгын басып, сооротуу” аракети деп айтып жаткам. Эл башында ушуну угуп, “уран казуу токтогон турбайбы” деп митингге чыкпай койду эле, бүгүн эми митингге тыюу сала баштады. Эртең баарыбыздын оозубузду жабат да, унуткарып туруп кайра иштете башташат», - деди ал.

Адистер лицензияны кайтарып алуу же кен казуучу компаниялар менен келишимди токтотуп коюу оңой эместигин, бул үчүн жүйөлүү себептер зарылдыгын белгилейт.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин тоо-кен комитетинин мүчөсү, кен тармагындагы адис Кубан Ашыркулов буларды белгиледи:

Кубан Ашыркулов.
Кубан Ашыркулов.

«​Тоо-кен мыйзамы боюнча лицензияны тартып алууга мүмкүнчүлүк жок. Аны токтотууга эки гана себеби бар. Биринчиси - ишкана салык төлөбөсө, салыгы тууралуу отчет тапшырбай койсо, экинчиси - эгерде кандайдыр бир эреже бузуу болуп, кылмыш иши козголсо, соттун чечими менен жокко чыгарылат. Ал эми лицензияны убактылуу токтотуу дегени, андан да көбүрөөк себептер керек. Бул жерде кандай экени белгисиз болуп жатат. Менин түшүнүгүмдө лицензия убактылуу гана токтотулуп, ал канчалык туура же туура эмес деген гана маселени изилдеп жатышат. Анан ошол изилдөөнүн жыйынтыгына карап бир чечим кабыл алынат болуш керек».

Ашыркулов эгер кыргыз тарап келишимди бир тараптуу үзсө же лицензияны негизсиз чакыртып алса, талаш жергиликтүү жана эл аралык соттордо каралышы мүмкүндүгүн эскертет.

Кызыл-Омпол. 20-апрель, 2019-жыл.
Кызыл-Омпол. 20-апрель, 2019-жыл.

«Азыр лицензияны жокко чыгарышса, компания негизсиз токтотулду деген негизде сотко кайрылышы мүмкүн. Эгер сот лицензия негизсиз, туура эмес жокко чыгарылды деп тапса, анда Кыргызстан кенемте төлөп бериши керек болот. Андай болсо компания өз чыгашаларын толугу менен өкмөттүн мойнуна илиши мүмкүн. Бирок алар канча акча коротсо ошонун баарын далилдеп бериши керек болот», - деди эксперт Кубан Ашыркулов.

Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындай баштаган “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясы буга чейин жумуштарга 271 миллион сом коротконун, алар уранды коопсуз жол менен казып аларын билдиришкен. Ага карабай, соңку бир аптадан бери уран иштетүүгө каршы нааразылык уланып келет. 26-апрелде Бишкекте митинг өтсө, ушул күндөрү Балыкчыда өтүп жатат. Мындан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары да Кыргызстанда 50 жылга чейин уран казууга мораторий киргизүү демилгеси менен чыгышты.

Уранды чалгындоочу 20 лицензия

Ошол эле мезгилде Кыргызстанда уран кенин чалгындоого, Кызыл-Омполду кошкондо 20 лицензия берилгени маалым болду.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин сайтындагы атайын маалымат бөлүкчөсүндө Кыргызстанда металл, металл эмес кендерди жана минералдарды казууга жалпы 2530 лицензия берилгени көрүнүп турат. Эгер андагы "уран" деген пунктун өзүнчө белгилеп, издөө жасаганда 15 компания 20 тилкеде уран кенин чалгындоого уруксат алганы чыга келет.

Мисалы, "Карасай Кен" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомунда эле беш лицензия бар. Фирма Алай районундагы Комсомол, Икезяк жана Каргыш тилкелеринде, Баткен районундагы Ескей тилкесинде жана Чаткал районундагы Чийим-Таш тилкесинде уран чалгындоого уруксат алган.

"Mineral Explorer" фирмасынын Ысык-Ата районундагы Утор аянтында жана Панфилов районундагы Арам-Суу участкасында уран издөөгө жол берген эки лицензиясы бар.

Мындан сырткары "Кызылсуу Кек" мекемеси Орус-Булак участкасында (аймагы көрсөтүлгөн эмес), "Примера Групп Инк." акционердик коому Ак-Суу районундагы Сары-Жаз участкасында, "Аян Инвест" фирмасы Ысык-Ата районундагы Ат-Жайлоо участкасында, "Ант Компани" Токтогул районундагы Такталык аянтында, "Экслибрис Групп” фирмасы Жети-Өгүз районундагы Сарысай аянтында, "Артыбаш" фирмасы Баткен менен Лейлек райондорунун кесилишинде жайгашкан Мадыген аянтында уран чалгындоого уруксат-кагаздарын алган.

Радиоактивдүү затты изилдеп көрүү үчүн “СКГЭ” аттуу мамлекеттик ишкана Ысык-Ата районундагы Кашкатөр участкасына документ алса, "Голден Пасс" фирмасы Ак-Суу районунун Ашуутөр аянтына керектүү лицензия алган. Ээлик кылган лицензияларына ылайык "Горнорудная компания Рич Маунт Гонконг" Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бозтектир аянтына, ушуга аты окшош "Международная Горнорудная" компаниясы Сокулук районунун Түндүк Камышановка участкасында уран чалгындоого укугу бар экен.

"МИЯ" аттуу фирма Ак-Суу районунун Бүркүт тилкесинде, "Ынтымак88" фирмасы Ысык-Атанын Серафимовка участкасында уран чалгындоого уруксат кагаз алган. Булардын кайсынысы жумушун баштаганы белгисиз, бирок лицензия үчүн жылына тиешелүү суммада акы төлөп келишет.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Парламент депутаты Алмамбет Шыкмаматов алардын мыйзамы кабыл алынса, ушул лицензиялардын баары жокко чыгарын айтууда.

«Депутат Алтынбек Сулайманов экөөбүз сунуш кылган мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент кол коюп берсе, буга чейинки алынган уран боюнча лицензиялардын бардыгы жокко чыгат. Чалгындоо же казуу сыяктуу бир да иш жүргүзүлбөйт. Уран бар жердеги башка кендерди, мисалы, алтынды да казууга тыюу салынат. Анткени алтынды казсаң эле уран кошо чыгат. "Элүү жылда эл жаңы" дейт, ошол кездеги жаңы муун урандан пайда табабыз десе, алардын өз эркине коюш керек, кааласа казат, каалабаса мораторийди жылдырып коёт. Мыйзам кабыл алынса, же лицензиялар жокко чыкса, тиги компаниялар сотко берет деп коркуп отура бербеш керек. Ошентип жүрүп, мына Кумтөр кени боюнча бизди коркутуп келатышат. Эл аралык сотко берсе берсин, биз да беребиз. Ошентип коркуп жүрүп Кумтөргө улуттук кызыкчылыкты жедирип коюп отурабыз», - деди эл өкүлү.

Кызыл-Омполдогу урандын көрсөткүчү. "Азаттыктын" коллажы.
Кызыл-Омполдогу урандын көрсөткүчү. "Азаттыктын" коллажы.

Чуу жаратып жаткан Кызыл-Омпол кенинде урандан башка торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана сейрек кездешүүчү топурактардын ондогон түрлөрү бар экени маалым болду.

Урандын болжолдуу ресурсу 13 миң тоннадай болсо, анын 3 жарым миң тоннага жакыны реалдуу казып алууга боло турган запас экени айтылды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сириядан кайткандардын жүгү

«Сириянын демократиялык күчтөрүнүн» жоокерлери Багхуз айылынын четинде. 17-февраль, 2019-жыл.

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачып, 111 кишиге айып коюлган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы түштүк аймагынан. Коопсуздук жаатындагы талдоочулар Сирияда, Иракта согуштук аракеттерине катышып келген кыргызстандыктар өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирерин эскертишүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 23-апрелде «эл аралык террористтик уюмдун согушкери болгон» деп Кыргызстандын жаранын кармады.

Маалыматка караганда, шектүү 2014-жылы Сирияга барып «куралдуу жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин «куралдуу жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү максатында Кыргызстанга келген. Атайын кызмат ал кылмышын толук мойнуна алганын билдирди.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 243-беренеси («КР жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, коопсуздук жаатындагы эксперт Марат Иманкулов Сирияда, Иракта согуштук аракеттерге катышып келгендерди көзөмөлдөө жеңил болбой турганын белгиледи:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

«Көбү согушка катышып, киши өлтүрүүгө аралашты. Алар барган жеринен согуштук тажрыйба топтоп, курал колдонуу боюнча да тажрыйба алышты. Эми алар Кыргызстанга келип алып, ал жактан үйрөнгөнүн бул жактан кылбайт деп ким кепилдик берет? Анткени алар идеологиялык жактан сугарылып калышкан да».

Ушул айда эле УКМК «Сирия аймагында диверсиялык даярдыктан өтүп келген» деп дагы бир 28 жаштагы кыргыз жаранын кармады. Ал 2016-жылы эл аралык террордук уюмга кошулуп кеткени такталып, издөөдө жүргөн.

Атайын кызмат кармалган адам 2018-жылы уюмдун башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанда жашыруун уюмча (ячейка) түзүш үчүн кайтып келгенин, колго жасалган жардыргыч түзмөктөрдү жана ок атуучу куралдарды колдонуу менен террордук чабуулдарды ишке ашырууну көздөп жүргөнүн аныктаган.

Ал эми 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган.

Башкы прокуратуранын «Азаттыкка» берген маалыматы боюнча 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76 пайызы Ош, 12 пайызы Жалал-Абад аймагынын тургундары жана алардын 94 пайызы эркек, 6 пайызы аялдар болгон. Ошондой эле айыпталгандардын 60 пайызы 30 жашка чейинкилер.

Андан тышкары прокуратуранын арызынын негизинде сот террористтик, экстремисттик маалыматтарды тараткан 130дан ашык сайттын ишине чектөө койгон.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси, Сириядан кайтып келгендерге юридикалык жардам көрсөтүп жүргөн укук коргоочу Азиза Абдирасулова жоопко тартылгандардын арасында ар түрдүү тагдырлар бар экенин айтты:

Азиза Абдирасулова.
Азиза Абдирасулова.

«Сириядагы согуштук аракеттерге дүйнөнүн 82 мамлекетинен 150 миңден ашык адам катышыптыр. Арасында согушка билип катышкандар, билбей катышкандар, адашып калгандары, алдангандары бар. Ошондуктан анын баарын өз-өзүнчө бөлүп караш керек. Кыргызстан болсо ошол 82 мамлекеттин бири болуп жатабыз да».

Абдирасулова Сирияда согуш дээрлик токтогонун эске салып, күч органдары эми ал жактагы лагерлерде күн кечирип жаткан кыргызстандык жарандарды алып келүүнү күчөтүшү зарыл деп эсептейт. Ал бул жагынан Кыргызстанды коңшулаш казак бийлигинен үлгү алууга чакырды. Жыл башында Казакстан Сириядан 47 жараны эвакуация болгонун кабарлаган.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев өкмөт ишти каржы маселесине да такап жатканын билдирди:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Биз комитетте бул маселени көтөргөнбүз. УКМКнын жетекчилери мунун үстүнөн иштеп жатышканын айтышкан. «Бирок бюджеттен каражат бөлүнгөн эмес» дешти. Биз ал үчүн эл аралык уюмдар, донорлор менен иштешсек да болот».

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов болсо кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча атайын кызмат жүргүзүп жаткан иштер тууралуу айтып берди:

«Адамдарды алып келүү боюнча биз Тышкы иштер министрлиги менен кошо бир катар иштерди жасап атабыз. 2018-жылы УКМКга «бизди алып кеткиле» деп Сириядан үч кайрылуу келген. Биз аларды текшергенде бирөө да Кыргызстандын жараны эмес болуп чыккан. Себеби башка мамлекеттердин жарандары Кыргызстанга келип, отурукташкысы келет. Анткени бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу мыйзамдар жумшагыраак».

УКМКнын расмий маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Балыкчыда кенди иштетүүгө каршы митинг өттү

Балыкчыда кенди иштетүүгө каршы митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Уранга каршылардын урааны

Уран казууга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл.

Бишкекте өткөн митингде бийликтен уран казууну токтотуу, уранды чалгындоого жана иштетүүгө уруксат берген кызмат адамдарын жоопко тартуу маселеси көтөрүлдү.

Анда уран маселеси боюнча президенттин үн катпаганы жана өкмөт башчысынын жоопкерчиликти мурдагыларга оодарып жатканы сынга алынды.

Буга чейин өкмөт Ысык-Көлдөгү уран кени жабыла турганын жарыялаган. "Бирок уран казуу иши жашыруун жүргөн" деп күмөн санаган айрым коомчулук өкүлдөрү өкмөттүн бул убадасына ишенбей турат.

Мыйзамды сыйлабаган кен иштетүү саясаты

Бишкекте жарандык коомдун өкүлдөрүнүн уран казууга каршы 26-апрелдеги митинги Чернобыл кырсыгынан каза тапкандарды эскерүү менен башталды. 1986-жылы Чернобыл АЭСинде болгон жарылууга быйыл 26-апрелде 33 жыл толду.

"Уран казгыча ууруларды казгыла", "Урансыз келечек" жана "Мекенди ууландырбагыла" деген ураандарды жана радиациялык коркунучту чагылдырган адамдын баш сөөгүнүн түспөлүн көтөргөн жарандык коомдун өкүлдөрү борбордук аянтка чогулду.

"Коомдук анализ" институтунун жетекчиси Рита Карасартова Ысык-Көл биосфералык аймагында кен иштетүүгө тыюу салган мыйзамга карабастан уран казууга уруксат берилгенин сынга алды:

- "Ысык-Көл" биосфералык аймагы жөнүндө" мыйзам тыюу салганына карабастан уран кенин чалгындоого, иштетүүгө уруксат берген жагдайга таң калдык. Мыйзамды одоно бузуп, мына ошону баштап жатышканы бул мамлекетке жасалган чыккынчылык! Демек, бул көрүнүш "бизде мыйзам жок турбайбы", "бизде мыйзамды коргой турган мамлекет жок турбайбы" дегенди түшүндүрөт. Бүгүнкү күндөн тарта мыйзамга катуу өзгөртүү киргизип, бул маселеге чекит коюлушу керек. Биз ар бир уран кени боюнча эле митингге чыга бербей, мыйзамдык жактан аны казууга толук тыюу салышыбыз абзел.

Борбордо уран казууга каршы акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:03 0:00

Парламенттин реакциясы

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов 2070-жылга чейин Кыргызстанда уран кендерин чалгындоого жана иштетүүгө тыюу салууну караган мораторий киргизген мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди.

Буга чейин депутат Дастан Бекешев дагы 20 жылга чейин Ысык-Көл биосфералык аймагында уран казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Алтынбек Сулайманов андан айырмаланып, бүткүл өлкө боюнча уран кендерине мораторий жарыялоону сунуштап чыкты:

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

- Биздин элдин саламаттыгы менен жаратылышыбыздын тазалыгы биринчи орунда болушу зарыл. Буга эч ким каршы чыга албаса керек. Ошондуктан биз депутаттар - А.Шыкмаматов, К. Керезбеков болуп, уран кендерин казууга 50 жылга чейин тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Элүү жылда эл жаңы демекчи, мына ошондо биздин жаш муун жаңы технологияны колдонуп, уранды коопсуз жагдайда ачып иштете алабы же жокпу өзү чечет. Азыркы жагдайда биз буга тыюу салып, мораторий киргизүүнү туура көрдүк.

Митингде энергетика жана тоо-кен тармагы боюнча адис-эксперт Расул Умбеталиев Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак участогундагы Кызыл-Омпол уран кени буга чейин эле чалгындалып бүткөнүн билдирди. Ал бийликтин макулдугу менен уран кени жашыруун казылып, иштетилип, анан сыртка чыгарылып кетиши мүмкүн экенин айтты:

- Бул жерде толук кандуу эле шартта уран казуу иши жүргүзүлгөн десек болчудай. Анткени мына ошол кен турган аймакта 30-40 метр тереңдиктеги жерлер казылган. Геологиялык чалгындоонун жыйынтыгы боюнча уран 25 метр тереңдиктен эле табылган. Чалгындоо иштери жүрүп жаткан болсо, ал жерде бургулоочу жабдуулар болушу керек эле. Толук кандуу казуу иштери жүргүзүлбөйт. Менимче, бул жерде уранды баштапкы байытуу иштери болуп жаткан. Иштетилген уранды автоунаага жүктөп бара жаткан жеринен токтотулган видео тарап жатат. Муну териштирүү керек.

Бийликтин "үч өрдөгү"

Ушул күнгө чейин өкмөт уран казууга уруксат болбогонун, чалгындоо иштери гана жүрүп жатканын жүйө келтирип келген.

Буга чейин Интернетте кен изилденип жаткан жактан уран жүктөлүшү мүмкүн болгон жүк ташуучу автоунааны жергиликтүү тургундар кармап алган тасма тарады. Видео тасманын каяктан тартылганы тууралуу бийлик расмий жооп бере элек.

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

Ал эми жарандык активист Шайырбек Маматокторов өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукта нааразылык күчөгөнгө чейин үн катпай келип, кийин гана жоопкерчиликти мурдагы бийликке оодара салып, туңгуюк позицияны карманып жатышканын сынга алды:

- Жалтактаган өкмөттүн алсыздыгын байкадыңызбы? Кечээтен бери элди алдай баштады. Урматтуу премьер-министр, бүгүн өлкөдө кожоюнсуздар. Бүгүн өкмөт башчысы сизсиз. Бүгүн бийлик силерде. Демек, башкаларга шылтабай эле бүгүнкү абал үчүн бүгүнкү өкмөт башчысы жоопкер болушу керек. Иштей албаса, анда кызматтан кетсин. Түзүгүрөөк өкмөт келсин. Мамлекет башчысы "экономиканы башка ыкма менен көтөргүлө" деп так кесе айтып, башаламандыкты токтотуп, "мындай ишти жыйыштыргыла" дегендин ордуна эки анжы жана пассивдүү позицияны карманып турганы түшүнүксүз. Мындай нерсе мамлекет башчысына абийир алып келбейт.

Анткен менен парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов уран маселеси чыккан учурда президент чет элдик иш-сапарларда болгонун айтып, өлкөгө кайтып келери менен пикирин айтат деген ишенимин билдирди:

- Бул уран иштетүү маселеси боюнча президент өз пикирин билдирсе керек. Анткени бул көйгөйлүү жана коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе. Ал киши буга чейин Европада, азыр Кытайда иш сапарда жүрөт. Ал жактан келген соң ачык-айкын пикирин айтып, анан уран казууга 50 жылга чейин тыюу салууну караган биздин мыйзам долбоорду колдоп, ага кол койсо керек деген ойдобуз.

Шыкмаматов: Президент уран боюнча үн катса керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:26 0:00

Бийлик эмнеден чочулады?

25-апрелдеги Балыкчыдагы жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ал уран кенин иштетүүгө тыюу салынып, лицензия кайтарылып алынганын айткан.

Бирок кен иштеткен компания лицензия жокко чыгарылбаганын, иш убактылуу гана токтотулганын жарыялаган.

Бул иш эл аралык сотко чейин жетерин айткан саясатчы Равшанбек Жээнбеков митингде ага кайсы бир күчтөр бул тууралуу пикирин айтууга тоскоолдук жасаганын айтты:

- Өкмөт бул маселени чечтик десе, ага ишенбешибиз керек. Анткени мындан кийинки маселенин бардыгы өкмөттө эмес, сотто, болгондо да эл аралык сотто гана чечилиши мүмкүн. Кен казган компания жөн эле кетип калбайт. Алар эл аралык сотко берет. Коомчулук бүгүн ошол чындыкты да билүүгө тийиш. Мына ушуну митингде айтайын десем, кайсы бир жигиттер колумдан микрофонду тартып алып, пикиримди ачык айтууга жол беришкен жок. Негизи бул жерде биз дагы уюштуруучубуз. Уюштуруучулар көп. Бирок тигил жигиттер келип, кимдер сүйлөй турганын көзөмөлдөгөнгө аракет кылышты.


Нааразылык акциясы бийликке карата бир нече талаптарды ичине камтыган резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Анда уран казууга тыюу салынганы боюнча кепилдик берген өкмөттүн токтомун иштеп чыгуу жагы талап кылынды.

Уранды жашыруун казган учурларды териштирип, тиешелүү кызмат адамдарын жоопко тартуу демилгеси көтөрүлдү. Кыргызстанда уран казуу аракеттери азыркы учурда дүйнөдө урандын баасы кымбаттаган учурга туура келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уран казуу толук токтомой болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Балыкчыда эл менен жолугушууда Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынганын жарыялады.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет уранды чалгындоого берилген лицензияны чакыртып алмай болду.

Балыкчыдагы жолугушууда жергиликтүү тургундар бул маселе чечилбесе, 29-апрелде митингге чогулуп, андан ары Бишкекке жөө жүрүшкө чыгарын эскертишкен болчу.

Уран казууну толук токтотуу жөнүндө талап

Өкмөт башчынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү 25-апрелде Балыкчы шаарында Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу маселе боюнча жергиликтүү калктын өкүлдөрү менен жолугушту.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-апрелде жыйын өткөрүп, экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Балыкчыдагы жыйында жарандык активист Марат Акатов уран казууга биротоло тыюу салынмайынча нааразылык акциялары токтобой турганын эскертти:

«Уран казуу биротоло токтотулганын жана анын мындан ары эч кимге берилбей турганын, ага мораторий киргизилгенин тастыктаган документ биздин колубузга келип түшмөйүнчө эч кандай убадаларга ишенбейбиз. Эгерде 29-апрелге чейин биздин колубузга ошол документтер тийбесе же келген күндө да биз Балыкчыдагы мэриянын астына митингге чыгабыз. Документтин чын экенине ишенгенден кийин гана биз андан ары Бишкекке жөө жүрүшкө чыгабызбы же жокпу - ошол маселени чечебиз. Эгерде ага чейин документтер келбесе, анда жөө жүрүш сөзсүз болот. Биз ушул маселе боюнча башыбызды канжыгага байлап чыгабыз».

Ошондой эле жергиликтүү калктын өкүлдөрү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы чыккандарга карата укук коргоо органдары тарабынан буга чейин куугунтук болуп, тынч митингге чогулгандарды басмырлаган учурлар болгонун айтып арызданышты.

Жарандык активист Марат Акатов Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамовду «уран казуучу компаниянын кызыкчылыгын коргоп, кен иштетиле турган жердеги радиациянын деңгээлин жапп-жашырып келди» деп айыптады:

«Ал жакка ар бир барган учурда арабыздагылардан мурду канап, токтобой ооругандар болду. Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин түзгөн жумушчу тобу ошол жердеги радиациянын деңгээлин жашырып-жаап, «төмөнкү эле деңгээлде экен, нормалдуу эле» деген жыйынтык чыгарышкан. Анын жетекчиси Рустамов «радиациянын табигый фону эч кандай өзгөргөн жок, казганда деле эч нерсе болбойт» деп жөн эле өлүп-тирилип жаткан. Бул жерде «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы тиешелүү көзөмөлдүн жоктугунан улам анда чалгындоо гана жүргүзбөй, уранды казып алып, ташып кетип жаткан фактылар иликтенип, бул боюнча иш жүрүп, сотко берилиши керек».

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик менен Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилери Кызыл-Омпол уран кени заманбап коопсуз ыкмалар менен иштетиле турганын айтып, «анын зыяны жок» деген таризде билдирип келишкен. Бирок 22-апрелден бери Ысык-Көл облусундагы бул уран кенине жакын жайгашкан айылдардын коомчулук өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кенди казуунун мыйзамдуулугун жана зыяндуулугун изилдөө боюнча өкмөттүк комиссия түзгөн.

Кызыл-Омполдун ураны элди эки бөлүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:51 0:00

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Абдыкалык Рустамов буга чейинки позициясын өзгөртүп, уранды казууга элдин нааразы болушуна негиз бар экенин айтты:

«Чындап айтканда казган жерин көрдүм. Анын узундугун да, туурасын да көрүп чыктык. Андагы радиациянын деңгээлин өлчөдүк. Ошондон кийин биз атайын иш планын иштеп чыктык. Ал жерде себеп бар. Себеп жок болсо эл чыкпайт болчу. Эгерде бардыгы жакшы болсо эл эмнеге чыкмак эле? Премьер-министр «уран иштетүүнү убактылуу токтотуш керек» деген маселе койду. Биз болсо биротоло эле токтотуш керек деп айтар элек».

Бийликтин соңку чечими

Балыкчыдагы жергиликтүү коомчулук өкүлдөрүнүн өкмөттүн дарегине айткан ар кандай ачуу сын-пикирлеринен кийин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кызыл-Омпол уран кени боюнча өкмөт мүчөлөрү өз ара кеңешип, чечим кабыл алганын жарыялады.

Кубатбек Боронов аталган уран кени толугу менен жабылып, аны чалгындоого берилген лицензия чакыртылып алынганын билдирди:

«Мен расмий түрдө бул уран кенин иштетүү жабылганын билдирем. Алар азыр уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзүүгө да акысы жок. Мурда берилген лицензиясы чакыртылып алынды. Лицензиясы алынгандан кийин ал жерде кандай жумуштар жүрсө да, бардыгы мыйзамсыз болот. Ошондуктан азыр бардык жумуштар токтотулду. Бул тууралуу тиешелүү документтер сиздердин колуңуздарга берилет».

Кубатбек Боронов Балыкчыдагы 29-апрелге дайындалган нааразылык акциясына чыгуу же чыкпоо тууралуу чечимди жергиликтүү эл өзү кабыл ала турганын айтып, бирок аны үчүнчү күчтөрдүн пайдаланып кетишине жол бербөөгө чакырды.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы коопсуз жол менен уранды казып алуу технологиясы колдонуларын билдирип, териштирүү аягына чыкканга чейин ишин токтотуп турарын жарыялаган.

«Ыңгайсыз суроолор»: Урандын уусу жана чуусу

Урандын уусу жана чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:17 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Талаш эмнеден чыккан?

Талаш эмнеден чыккан?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:08 0:00

Ким Путиндин «астынан өттү»

Ким Чен Ын менен Владимир Путин. 25-апрель, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Орусиянын президенти Владимир Путин 25-апрелде Ыраакы Чыгыштагы Владивосток шаарында кездешти.

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусунун өзөгүн да Корей жарым аралындагы кырдаал, Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан маселе түздү.

Владимир Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусу Владивосток шаарындагы Федералдык Ыраакы Чыгыш университетинин кампусунда өттү. Алгач алар дээрлик эки саат бою көзмө-көз сүйлөштү. Андан кийин жыйынга эки мамлекеттин тиешелүү жетекчилери кошулду. Жолугушуудан соң Ким Чен Ын Путин менен «абдан маанилүү» сүйлөшүү болгонун айтты.

«Биз азыр эле эки тараптуу кызыкчылыктарды жактаган маселелер боюнча мазмундуу пикир алмаштык» деген Ким орус президенти менен Корей жарым аралындагы «маселени тынч жөнгө салуунун жолдору талкууланганын» кошумчалады:

Ким Чен Ын.
Ким Чен Ын.

«Биздин Орусиядагы сапарыбыздын максаты – Путин менен жеке жолугуп, дүйнө кызыгып көз салып жаткан Корей жарым аралындагы жана жалпы аймактагы абал боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле аймактагы саясий кырдаалда туруктуулукка жетүүдөгү стратегиялык жолдорду карап, аны биргелешип башкаруу маселесин талкуулоо эле. Мындан тышкары, жаңы доордо биздин салттык алакаларыбызды өнүктүрүү да биздин максатыбыз».

Өз кезегинде Путин Ким Чен Ын менен Пхеньяндын өзөктүк программасы боюнча каршылыктарды жөнгө салуу багытында сүйлөшүү болгонун айтты. Ал Ким Чен Ын менен жолугушуу зарылчылыгы пайда болгонун да кошумчалап, эки мамлекеттин кызматташтыгынын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги тууралуу талкуу жүргүзгөн.

Владимир Путин.
Владимир Путин.

«Албетте, биз Корей жарым аралындагы кырдаалды сүйлөштүк. Кырдаалды келечекте жөнгө салыш үчүн эмне керек экенин жана аны кантип жасоо тууралуу да пикир алмаштык», - деди Путин.

Ким Орусия менен Түндүк Корея чектешкен Ыраакы Чыгыштагы Владивостокко 24-апрелде чопкутталган поездде келген.

Путин менен Кимдин биринчи бетме-бет жолугушуусу Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу боюнча АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыкпагандан кийинки убакка туш келди.

Трамп менен Ким буга чейинки эки саммитте өзөктүк келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес. Февралдын акырында Ханойдо Ким Чен Ын менен болгон экинчи жолугушууда президент Трамп саммитти чукулунан токтотуп, биргелешкен билдирүү жасоодон баш тарткан.

АКШ менен Түндүк Кореянын лидерлеринин алгачкы жолугушуусу 2018-жылы июнда Сингапурда өткөн. Бул кездешүүдө Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жараянын баштоого убада бергени кабарланган. Бирок адистер Пхеньян өзөктүк куралдарды чыгарууну улантып жатканын билдирип жатышат.

Трамптын администрациясы 18-апрелде үчүнчү жолугушууну өткөрүүнү сунуш кылды, бирок Пхеньян ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып жатат.

Март айында Кошмо Штаттар Түндүк Кореяга анын өзөктүк программасы үчүн жаңы санкция салган.

Ал арада 18-апрелде Түндүк Кореянын маалымат каражаттары армия «күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын» сынаганын кабарлады. Өлкөнүн расмий маалымат агенттиги маалымдагандай, сыноо мамлекет башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги менен болгон.

Бул АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ки Чен Ындын акыркы сүйлөшүүлөрүнөн берки биринчи сыноо катары мүнөздөлүп жатат. Ошондой эле ал сыноо тууралуу Ким Чен Ындын Орусиядагы сапарына бир жума калганда жарыяланган.

Москва - Түндүк Кореянын Советтер Союзунан берки өнөктөшү. Орусия Кошмо Штаттардын жана Түштүк Кореянын Пхеньянга киргизген санкцияларын «кырдаалды курчутат» деп сындап келе жатат.

Түндүк Кореянын азыркы лидеринин атасы Ким Чен Ир Владимир Путин менен 2001-жылы Москвада, 2002-жылы Владивостокто жолугушкан. Ал 2011-жылы да Москвага келип кеткен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Урандын уусу жана чуусу

Урандын уусу жана чуусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:17 0:00

Пайдасы күмөн, зыяны түмөн уран

Иллюстрациялык сүрөт.

Кызыл-Омпол уран кенинин тегерегиндеги маселе көпчүлүктүн тынчын алган сыяктуу, мени да канча күндөн бери ойлондуруп келе жатат.

Илимий адис катары радиоактивдүү материалдардын жаратылышы жана кооптуу жактары менен Германиядагы өнөр жай долбоорлорундагы тажрыйбам аркылуу жакын тааныштыгым бар.

Уран кени аркылуу жаралган чууда эң өкүнүчтүүсү - профессор Эмил Шүкүровдон сырткары уран боюнча эксперттердин унчукпай отурганы болуп турат. Ошондуктан адис катары ой-пикиримди айтып кетүүнү зарыл көрдүм.

Канат Ишенбек
Канат Ишенбек

Акырында айтарымды башында айтайын - келечегибизди, мекенибизди, элибизди ойлонсок, анда уранды казууга гана эмес, кендерди чалгындоого да бүткүл Кыргызстанда мораторий жарыялашыбыз зарыл. Себеби, дүйнөлүк практикада чалгындоого алынган лицензия менен жамынып казуу иштерине өтүп кеткен учурлар көп кездешет. Коркунуч жалаң эле коррупциялашкан системада, техникалык көзөмөлдүн жоктугунда, түзүлгөн комиссиянын «күмөндүү» курамында эмес. Маселенин өзөгү уранды казуу жана уранды бөлүп алуу ыкмаларында жатат.

Ачык маалымат булактарына таянсак, СССР убагындагы чалгындоо иштеринде Кызыл-Омполдогу тоо-кен участокторунда жалпысынан 13 миң тонна уран, 30 миң тонна торий, 400 миң тонна циркон диоксиди жана 530 миң тонна дифосфор пентоксидинин кору бар экендиги тастыкталган. Ал эми «ЮрАзия» компаниясынын чалгындоо иштеринин жыйынтыгы боюнча Кызыл-Омполдогу тоо-кен участокторунда жалпысынан 3,5 миң тонна уран, 8,54 миң тонна торий, 34 миң тонна циркон диоксиди жана 1,6 миллион тонна титан-магнетит кору бар деп табылган.

Ортодогу чоң айырманын талаш-тартышы өзүнчө чоң маселе. Ага мамлекеттик көзөмөлдөө органдары кызыгышы керек деген ойдомун.

Уран темасынын өзүнө келсек, уран жаратылышта таза металл түрүндө эмес, минерал түрүндө, мисалы оксид, силикат, титанат, ванадат ж.б. түрүндө кездешет. Биринчи коркунуч дал ушул рудаларды казууда башталат.

Кызыл-Омполдогу уран рудалары жер бетине жакын 25-50 метр тереңдикте уран-торианит чачылмалары түрүндө жатат. Мындай рудаларды казууда эң негизги жана эң арзан ыкма - бул ачык казуу ыкмасы. Мында жердин үстүңкү катмарында жардыруу иштери кеңири колдонулат. Ошентип карьердин үстүндө ондогон чакырымга созулган чаң булуттар пайда болот. Демек ачык казуу ыкмасында урандын рудасынан чыккан чаң шамал аркылуу Ысык-Көл жана Нарын облустарына жайылып кетүү коркунучу турат. Урандын рудасы чаңдабашы үчүн аны суулап казууга туура келет. Суу тегеректеги дарыялардан жана жер астынан алынат, бул Ысык-Көлдүн тегерегиндеги флора менен фаунаны өзгөртөт. Анын үстүнө ошол райондогу сууну, аны менен кичи жана чоң дарыяларды булгайт.

Ооба, дүйнөлүк практикада ачык ыкма менен уран казылат. Мисалы, Намибияда Рөссинг кени же болбосо Австралиядагы Ренжер кени. Бирок алардын дээрлик көбү эл жыш жашаган жерден алыс жайгашкан. Уран казылып бүткөндө Көк-Мойноктун тегерегинден диаметри бир нече чакырымга жеткен жылаңач котловандар калат. Мына ушул котловандарды кайра калыбына келтирүүгө урандан түшкөн пайдадан оңдогон эсе көп каражат талап кылынат.

Экинчи коркунуч - руданы Кара-Балта тоо-кен комбинатына ташууда жатат. 250 чакырым жолдо уран рудасы атайын контейнерлерде, коопсуздукту жогорку деңгээлде сактоо менен гана ташылышы керек. Бул болсо кылдат техникалык көзөмөлдү жана инвестордун бул маселени милдеттүү түрдө ишке ашырышын талап кылат. Тилекке каршы азыркы абалда андай кепилдик жок, тескерисинче паракорчулуктун негизинде техникалык каталарга көз жумулаары анык.

Үчүнчү коркунуч - рудадан урандын оксидин, торийди жана башка оор металлдарды бөлүп алууда жатат. Бул жерде кандай ыкма колдонулары жөнүндө «ЮрАзия» компаниясы тарабынан так маалымат берилген эмес. Арзан, зыяндуу ыкмалар колдонулабы же кымбат, тазараак иштетүүгө инвестиция жумшалабы? Техникалык экспертизаны көз каранды эмес мекемелер жүргүзөбү? Техникалык текшерүүнү ким колуна алат жана канчалык кепилдик бере алат? Ушул сыяктуу суроолорго жооп тапмайынча кенди иштетүү биз үчүн оор катастрофага айланышы мүмкүн.

Баса белгилеп кетчү нерсе - Кыргызстанда рудадан уран концентратын иштетип чыгууга гана техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Уранды байытуу технологиясы абдан татаал жана Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) көзөмөлүндө жүрүшү зарыл. Урандын концентратынын бир килограммы болсо мисалы Франкфурт биржасында 25 долларга бааланып турат. Негизги экономикалык пайда алып келчү кадам - бул байытылган уран же өзөктүк реактордон чыккан плутоний болуп саналат. Мисалы, расмий эмес маалыматтарга таянсак бир килограмм плутоний 20 миллион доллардын тегерегинде. Демек Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт.

Төртүнчү коркунуч - руданы иштеткен комбинаттан чыккан радиоактивдүү заттар абада, сууда, химиялык кошулмаларда (кислота, щёлочь) жана руданын калдыктарында сакталат. Бул радиоактивдүү калдыктарды көмүүгө жаңы калдык сактагычтарды ачууга туура келет. Бул болсо миллиондогон жылдар бою уулуу радондун, гамма нурдануунун, радиоактивдүү чаңдын таасиринде калабыз дегенди билдирет.

Уранды иштетип чыгуу - бул экономикалык пайдасы жокко эсе, ал эми экологияга, элдин саламаттыгына, туризмге зыяндуу долбоор. Кыргызстандын эси бар ар бир жараны уранга каршы туруп, келечегибизди сактап калууга милдеттүүбүз.

Канат Ишенбек, техника илимдеринин доктору

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Уран чыры: Өкмөт МАГАТЭге кайрылат

Кызыл-Омполдогу уран кени. 20-апрель, 2019-жыл.

Кыргызстан Кызыл-Омпол уран кенине байланыштуу эл аралык эксперттерге да кайрылат.

Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди.

Ушул эле күнү Ысык-Көлдө уран кенин чалгындап жаткан компания жана ага каршы чыккан айрым жарандык активисттер Бишкекте эки башка басма сөз жыйынын өткөрүштү.

«Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы «кен казылса мал-жанга, жаратылышка кесепети тийбейт» деп ишендирүүгө аракет кылып жатат. Ал эми айрым жарандык активисттер, бир катар жергиликтүү тургундар болсо уран казууну биротоло токтотууну талап кылышууда.

Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы лицензияны качан, кантип алганын айтып берди.

Ал өз сөзүндө «уран кенин казуу аракеттери азыркы бийликтин тушунда башталган» деген сөздөрдү жокко чыгарды:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Уран боюнча акыркы эки жумадан бери катуу талкуу жүрүп жатат. Туура эмес маалыматтар айтылууда. «Уранды иштетүү үчүн Орусиянын 30 миллион долларын алышкан, ошого берип жатышат» деген туура эмес. «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы бизден каттоодон өтүптүр. 2010-жылы геологиялык изилдөөгө лицензия алган. 2011-жылы кайра эле геологиялык чалгындоо деп лицензия алыптыр. Ал убакта жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев иштептир. 2011-жылы май айында Кызыл-Омпол берилген экен. Экинчи жолу Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен».

Абылгазиев кыргыз бийлиги Кызыл-Омполдогу жагдай тууралуу Атом энергиясы боюнча эл аралык уюм - МАГАТЭге да кайрылганы жатканын кошумчалады. Премьер-министр кенге байланыштуу маселеде жергиликтүү тургундардын пикири эске алынат деп убада берди:

«Комиссиянын алкагында экология маселесин, жарандарыбыздын ден соолугуна тийгизген таасирин карап, МАГАТЭге чейин кайрылып, аларды чакырып, корутундусун алып, ошого жараша чечим чыгарабыз. Эгерде «токтот» десе токтотобуз. Бир гана маселе болот. 2010-жылдан бери иштеп, каражатын сарптаган компаниянын өзүнүн тагдыры кандай болот? Аны да чогулуп чечип, компанияга жооп беришибиз керек. Элдин пикирин угуудан качпайбыз. Эң башкысы – комиссиянын корутундусун бир угалы. Нааразылык билдирип жаткан эл менен баарыбыз кеңешип, анан чечебиз».

Премьер-министр парламентте уран кени тууралуу айтып жаткан кезде, Кызыл-Омполду чалгындап жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын жетекчиси Светлана Менг журналисттерге маалымат берди. Анда кенди чалгындоого эле миллиондогон акча жумшалганын кеп салды:

Светлана Менг.
Светлана Менг.

«Биз лицензияны 2010-жылы алганбыз. Ошол кезде, эгер жаңылбасам, уран кенин изилдеп, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча 35 компаниянын лицензиясы бар болчу. Биздики - Кыргызстан-Канада биргелешкен компания. Үлүштүн 70 пайызы Канада тарапта. Азыр «бул эч кандай канадалык компания эмес, кытайлардыкы» деген да сөздөр жүрүп жатат. Жолдоштор, биз уран казган, Торонтодо биржалары сатыкка чыгарылган ири кытайлык компания менен бир убакта чогуу гана иштешкенбиз. Биз геологиялык чалгындоо иштерине эле 271 миллион сом короттук. Бирок компаниянын чыгымдары мындан эки эсе көп, анткени жумушчуларга айлык акы, салык, Социалдык фондго жана башка жактарга акча төлөнүп келген. Компания иштеп жатканда радиациялык фон жогорулаган жок».

Светлана Менг уран кенин казууда мал-жанга, жаратылышка зыяны тийбегендей ыкма колдонулат деген оюн айтты:

«Эгер биз иштеп калсак, анда уранды темир жол менен гана атайын өтө бекем жабылган контейнерлерге салып ташыйбыз. Кудай сактасын, бирок кырсык болуп вагондор тоголонуп, контейнер ачылып, ичиндеги кум төгүлүп кете турган болсо аны кадимки эле күрөк менен чогултуп алса болот. Ал жерге дароо сиңип кете турган, Чүй жана башка жерлердин баарын булгагандай суюктук эмес. Биз уранды казууда дүйнөдөгү эң коопсуз технологияны тандап алганбыз: химиясыз, жардыруусуз жана калдыксыз. Биз жөн эле аймакты тазалап чыгып кетебиз, ал жер таза, иштеткенге ыңгайлуу болуп калат. Зарыл болсо, биз ал жерге бак тигип кетебиз. Жайытты жакшыртабыз. Азыр ал жер - жөн эле таш жаткан талаа».

Ушул эле күнү Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга каршы чыккан айрым жарандык активисттер да басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алардын бири Марат Акатов Кызыл-Омпол уран кени ушул учурда казылып жатканын айтты. Активист кен казууну тыптыйпыл токтотуу боюнча талап менен ушул айдын этегинде нааразылык акциясы уюштуруларын маалымдады:

Марат Акатов.
Марат Акатов.

«Премьер-министр түзгөн комиссияга өкмөттүн өзүнө көз каранды министрликтердин өкүлдөрү кириптир. Биз бул комиссияга жергиликтүү тургундар да кошулсун деген талап койгонбуз. Биз ал жакка барып радиациялык фонду аныктаганда, айрыкча казылган жерлерде радиациялык фон аябай жогору экенин көрсөтүп жатат. Биз - Ысык-Көлдө, Кочкордо жашаган жергиликтүү тургундар - уранды казууга каршыбыз. Биздин уруксатыбыз жок ал жерди каздырганга эч кимдин акысы жок. Кен казылбашы, токтотулушу керек».

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча, Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Кызыл-Омполдогу уран кенин казууга лицензиянын берилген таржымалы тууралуу талаш-талкууга байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) да үн катты.

Анда «Атамбаев алгач премьер, андан кийин алты жыл президент болуп турганда да бул маселе анын деңээлинде каралган эмес» деп айтылат. Бул билдирүү өз кезегинде социалдык тармактарда кызуу талаш-талкууга кабылды.

Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын 20-декабрынан тартып 2011-жылдын октябрына чейин премьер-министр, 2011-жылдын 1-декабрынан тартып 2017-жылдын 24-ноябрына чейин президент болуп иштеген.

Ыңгайсыз суроолор: Урандын уусу жана чуусу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Мекенчил уулумдан айрылдым»

Адилет Акунов.

Токмок шаардык милиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Адилет Акунов кызмат өтөп жүргөндө каза тапканын анын ата-энеси далилдей албай жатат. Кызматкердин кесиптештери маркум өлүмгө алып келген ооруну кылмышкерди текшерүү учурунда жугузуп алган деп болжоп жатышат.

Уулун жоготкон эне көргөн күнүнө ишенип-ишенбей, көз жашын тыя элек. Адилет Акунов ушул жылдын 5-январында Бишкектеги республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.

Алты күндүк комадан кийин Акунов бул дүйнө менен кош айтышкан. Анын энеси Чолпон Таштандыева уулу спорт менен машыгып, дени сак болгонун айтты:

Ал өзү кичинесинен эле «байкуш» деген сөздү жаман көрчү.

«Ал өзү эч нерседен коркпогон, күчтүү, бою 180, ичинде кири жок бала болчу. Эч нерседен коркчу эмеспиз. Ал өзү кичинесинен эле «байкуш» деген сөздү жаман көрчү. Азыр эми Адилет байкуш, апасы да байкуш. Жолдоштору: «Аттап-буттап эле кирип барчу. Эч нерседен коркчу эмес. Биз кичине абайлачубуз. 24 кылмыш ишин ачып, рекорд койгон» дешти. Былтыр жайында балама «29 жашка чыгып калдың. Качан үйлөнөсүң? Быйыл үйлөн» десем: «Жок, апа, быйыл үйлөнбөйм. Бул жылга өзүмдүн башка пландарым бар. Кылмышкерлерди издөө кызматынын 110 жылдыгына карата иштешим керек» деп болбой койгон». ​

​Чолпон Таштандыева уулунун өлүмүнөн кийин анын себебин иликтөөгө өзү киришет. Ал Акуновдун кесиптештерин сурап отуруп, баласы оор симптомдор менен ИИМдин бейтапканасына кайрылганын угат.

Таштандыева бейтапкананын дарыгери кызматкердин жетекчиликтен рапорту жок болгону үчүн аны кабыл албай койгонун айтууда:

«Мен ушундай дени сак балам ооруп каза болгонуна ишенбей көпкө жаман болдум. Кийин жолдоштору дарт чалганын билгенде эле бейтапканага барганын, бейтапкананын дарыгери кабыл албай койгонун айтып беришти. Ал дарыгер «жетекчиликтин рапорту жок, кабыл албайм» деп, баламды оорубай эле иштен качыштын айласын көрүп жатат деп ойлоптур. Балким ошондо эле ооруканага жибергенде мындай болмок эмес. Дарыгердин шалаакылыгы жана кайдыгерлиги ушуга алып келди. Стандарт боюнча Адилетти медициналык текшерүүдөн өткөргөндө, ага сарыктын оор түрү жукканы билинмек. Мени дагы бир кейиткени - баламдын иш учурунда ооруп, каза болгонун ИИМ мойнуна алып, кенемте пулду төлөп бербегени болуп турат».

ИИМ.
ИИМ.

Деген менен Ички иштер министрлиги «Адилет Акуновду рапорту жок болгондуктан бейтапкана кабыл албай койгон» деген кепти четке кагууда.

Министрлик жиберген маалыматта дарыгер Акуновдун дигнозун аныкташ үчүн Бишкек шаардык ооруканасына жөнөткөнү жана аны ооруканага жаткыруу үчүн негиз болбогону айтылат. Ушул тапта окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Ал эми Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз адиси Нургүл Нусупова мекеме маркум кызматкердин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөткөнүн билдирди:

«Адилет Акуновдун энеси 5-апрелде тиешелүү документтерди чогултуп берди. Ошондон кийин ага уулунун бир айлыгы - 12 миң сом жана тажиясы үчүн 21 миң сом бөлүнүп берилген. Адилет Акунов милиция кызматкерлери үчүн Токмок шаарында үй алууга №43 кезекте турган. Мыйзамга ылайык кызматкер каза болгон кезде анын жакындарынын шарты менен таанышып, эгер турак жайга муктаждык болсо алардын бири кезекке коюлат. Ал эми эмгек өргүүсүнүн акчасы берилбегенинин себеби кызматкердин бир жыл толук иштебегенинде болгон».

Адилет Акуновдун кесиптештери анын өз ишине так, кесипкөй кызматкер болгонун эскеришти. Атын атагысы келбеген кесиптеши ыкчам кызматкерди өлүмгө алып келген оору ага кылмышкерден жугушу мүмкүн деп божомолдоду:

«Экөөбүз иштеген төрт жылдан бери Адилетти жакшы гана жагынан тааныдым. Абдан эмгекчил бала эле. Биз анын өлүмүнөн кийин кесиптештер өз ара иликтөө жүргүзө баштадык. 2017-жылы март айында Марат аттуу кылмышкерди уурулук учурунда кармаганбыз. Ошондо Адилет анын кийимдерин текшерип жатып, чөнтөгүндөгү шприцти кармап алат. Негизи бизде текшерүү сөзсүз болушу керек. Ошол маалда кызматкер өз өмүрүн тобокелге салып эле кармалган кишинин кийим-кечесин карай баштайт. Антпесе бычак же дагы башка куралдар болушу мүмкүн. Бирок ар бир кызматкер жыл сайын медициналык текшерүүдөн өтүп турат. Адилеттикиндей дартка чалдыккандарды дароо ооруканага жиберишчү. Эмне үчүн ал нерсе билинбей калганын мен дагы эле түшүнбөй жатам».

Элеонора Сабатарова.
Элеонора Сабатарова.

Биз сөз болгон Марат Казакбаевдин чоо-жайын такташ үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен байланыштык. Мекеменин басма сөз кызматкери Элеонора Сабатарова буларды айтты:

«Ал адам былтыр октябрда камакта отурганда оорудан улам каза болгон. Бирок биз белгилүү себептерден улам анын диагнозун ачыкка чыгара албайбыз».

Адилет Акунов Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, ага лейтенант болчу. Ушул жылдын 24-апрелинде Акунов болгону 29 жашка толмок.

Анын жакындары 11 жылдык кызматында Адилет бир топ кылмыштардын бетин ачып, бир катар мактоо баракчаларына ээ болгонун айтышты. Ал комада жатканда Токмок шаардык ички иштер бөлүмү Адилет Акуновдун бир ай ичинде 25 кылмыш ишин ачканы үчүн Баңгизатка каршы күрөш башкармалыгынын мыкты кызматкери деп тапкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыргызстан уран калдыгынан качан арылат?

Кыргызстан уран калдыгынан качан арылат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:41 0:00
Түз линк

Уран казуу убактылуу токтоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайынча Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүнү убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Мындай чечимге уранды казууга каршы нааразылык акциясына чыккан Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү калктын талабы себеп болду.

Буга чейин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик менен Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет уран кени коопсуз усулдар менен казыларын жана анын иштетүү экологияга зыян тийгизбей тургандыгын билдиришкен болчу.

Бирок эркин экологдор бул уран кенин иштетүүнүн кесепети жалаң эле Ысык-Көл айдыңына эмес, Нарын жана Чүй өрөөндөрүнө чейин тийиши мүмкүн экенин эскертишти.

Өкмөт башчынын демилгеси

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенин чалгындап бүтүп, иштетүүгө камданып жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын мындан аркы ишмердиги боюнча кеңешме өткөрдү. Анда өкмөт башчы Ысык-Көл облусунун Тоң жана Нарын облусунун Кочкор райондорунун кесилишкен аймагында жайгашкан уран кенин ачууну экологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин токтотуп турууну тапшырды:

«​Эгерде жарандарыбыздын саламаттыгына зыян келтирсе, экологияга, жаратылышка зыян тийгизсе, анда ал кенди иштетпешибиз керек. Бул кенди жогорку технологиянын жардамы менен, зыянсыз ыкмалар менен өндүрүп алууга мүмкүнчүлүк бар болсо, анда бул боюнча башкача чечим чыгарышыбыз зарыл. Биздин максат - эптеп эле бюджетти толтуруу эмес. Биз үчүн эң негизги маселе - экологиялык коопсуздук».

Буга чейин Кызыл-Омполдогу Таш-Булак уран кенинин лицензиялык аянты боюнча отчет даярдалган. Бирок кийинки убакта жергиликтүү калктын нааразылыгынан улам премьер-министр жакында бул уран кенин өздөштүрүүнү терең изилдеш үчүн өкмөттүк комиссия түзгөн.​

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекттик агенттик башында бул уран кени коопсуз ыкма менен казылып, Кара-Балтадагы тоо-кен фабрикасында иштетиле турганын жарыялашкан. Бирок өкмөттүк комиссия эл менен жолугушуп жатканда аталган комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов уран кенин казууга уруксат бериле элек экенин айтып, жергиликтүү калкты жоошутту:

«​Биз казуу иштери боюнча маселе көтөргөн жокпуз. Биз эл менен жолугушуп, адамдардын пикирин билели, кеңешели деген ойдобуз. Президент да, өкмөт башчы да ушундай маселе чыгып жатканын түшүнүп, жергиликтүү калк менен сүйлөшүүнү тапшырды. Ошондуктан биз силерге келдик».

2010-жылы «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына бул уран кенин чалгындоого лицензия берилген. Ал лицензия кийин 10 жылга узартылган. Чалгындоо иштери аймактагы 43 миң гектардан ашуун аймакты ичине камтыйт. Бул жер Ысык-Көл биосфералык аймагына карайт.

Парламент депутаты Максат Сабиров кенди чалгындоого мыйзамсыз уруксат берилген жагдайды иликтөөнү сунуш кылды:

Максат Сабиров.
Максат Сабиров.

«Ысык-Көлдүн айланасында мындай уран кени ачылбашы керек болчу. Ага лицензия берүүгө да мүмкүн эмес болчу. Анткени биз жылда эле «туризмди өнүктүрөлү» деп какшап жатабыз. Бирок кайра эле тескерисинче иштеп коюп жатышат. Ошондуктан биз биосфералык аймактагы кенди чалгындоого ким уруксат бергенин иликтеп чыгып, ага баа беришибиз зарыл. Ошондуктан биз өкмөттүк комиссиядан сырткары депутаттык комиссия түзүүнү да сунуш кылып жатабыз».

Эколог Динара Кутманованын айтымында, «Ысык-Көл биосфералык аймагы жөнүндө» мыйзамга ылайык анын айланасындагы тоо кендерин изилдөөгө тыюу салынган. Ал эгерде Кызыл-Омполдогу Таш-Булак уран кени казыла баштаса, андагы радиациялык зыяндуулуктун масштабы Ысык-Көл облусу менен гана чектелбей тургандыгын мисал келтирди:

«​Уранды иштетүүгө камынып жаткан компаниянын «биз уранды тазалап алып чыгып кетип, андагы радиациянын табигый деңгээлин азайтабыз» дегени туура эмес. Муну жөн эле шылдыңдоо десек да болот. Анткени жердин астындагы уранды сыртка алып чыккандан кийин тескерисинче, радиациялык нурлануу коркунучу көбөйөт. Аны билиш үчүн чоң акылдын кереги жок. Уранды өндүрүп алууда анын калдыктары калат. Уран калдыгындагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Аны сөзсүз көмүш керек. Бирок ал да чоң түйшүктү жана каражатты талап кылат. Эгерде уран кени ачылса, ал ошол эле аймакка эмес, шамал аркылуу Ысык-Көл кылаасына, Нарынга жана Чүй өрөөнүнө чейин жетет. Аны Кара-Балтага ташып жеткирүү да бир топ кооптуу болот. Ошондуктан аны иштетүүнүн коопсуздугуна эч ким кепилдик бере албайт».

Кызыл-Омполдун ураны элди эки бөлүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:51 0:00

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөттөн уран кенин чалгындоо боюнча мыйзамсыз берилген лицензияны жокко чыгарууну талап кылышты. Парламент депутаты Алтынбек Жунус уулу бул экологиялык каргашага алып келерин, буга каршы эл толкуп кетиши мүмкүн экенин эскертти:

«​Уран кени казылып жаткан жер Балыкчы шаарынан болгону 20 чакырым, Ысык-Көлдөн 25 чакырым алыстыкта. Ал жактагы шамалдын агымын билесиңер. Радиациялык чаңды бир заматта жайылтууга болот. Ошондуктан бул кенди ачуу өтө эле кооптуу. Бирок ага карабай муну ачууга ким кызыгып жатканы түшүнүксүз. Бул иш өтө чоң экологиялык каргашага алып келип, анын кесепеттери өтө эле оор болушу мүмкүн. Ошого байланыштууу жергиликтүү калк да көтөрүлүп кетиши ыктымал».

Айрым коомчулук өкүлдөрү Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө мурда да бир нече жолу аракет болуп, бирок экологиялык коопсуздуктан улам мындай чечим колдоо таппай калганын эске салышты.

Тарыхчы Чоробек Сааданбек маркум Турдакун Усубалиевдин бул уран кенин ачтырбоо боюнча эмгегин эске салды:

Чоробек Сааданбек
Чоробек Сааданбек

«Турдакун Усубалиев 2005-жылы экинчи ирет бул уран кенин ачуу аракеттери башталганда ага катышы бар жетекчилерге эскертүү иретинде гезиттер аркылуу кайрылуу кат жазып чыккан экен. Ошондон кийин гана мындай аракеттер токтоп калган. 60-жылдардын аягында да бул уран кенин өздөштүрүп, Кара-Балта тоо-кен фабрикасынын өндүрүш көлөмүн көбөйтүү аракети болуптур. Бирок ошол кездеги республиканын жетекчилиги «Ысык-Көл - бүткүл союздук эс алуу жайы» деген жүйө менен уранды каздырууга каршы чыккан экен».

Талдоочулар урандын дүйнөлүк баасы кымбаттаган учурда Кыргызстандагы уран кендерин казуу кызыкчылыгы улам пайда болуп келген учурларды белгилешти.

Кызыл-Омполдун Таш-Булак тоо-кен участкасында 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин кору бар экени аныкталган.

Тасмада: Майлуу-Суу: көрүнбөгөн коркунуч

Майлуу-Суу: көрүнбөгөн коркунуч
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:26 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Теракт Шри-Ланканы эңгиретти

Күч органдары Негомбодогу жардыруу болгон чиркөөдө. 21-апрель, 2019-жыл. Шри-Ланка.

Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 300гө чамалады. Жарадарлардын саны 500дөн ашты. 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленип жаткан маалда болгон жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ошентсе да, бийлик шектүү катары 20дан ашык киши кармалганын билдирип, кол салууга «Улуттук таухид жамааты» радикал тобун күнөөлөдү.

Акыркы маалыматтарга караганда, Шри-Ланкадагы жардыруулардын курмандыктары 290го жетти. 500дөн ашуун киши ар кандай жаракат менен ооруканага түштү.

Өлкөдө 21-апрелде христиандардын Пасха майрамы белгиленген учурда бир нече чиркөөдө, мейманканаларда, зоопарктын жанында жардыруулар болду.

Алгачкы жардыруулар дээрлик бир мезгилде, Пасха жөрөлгөсү жүрүп жатканда Кохчайкаде, Баттикалоа жана Негомбо шаарларындагы чиркөөлөрдө, борбор шаар Коломбодогу «Шангри-Ла», «Синнамон Гранд», «Кингсбери» деп аталган үч отелде уюштурулду.

Шри-Ланканын күч кызматкерлери жардыруу болгон «Кингсбери» мейманканасынын жанынан өтүп баратышат. Сүрөт 22-апрелде тартылган.
Шри-Ланканын күч кызматкерлери жардыруу болгон «Кингсбери» мейманканасынын жанынан өтүп баратышат. Сүрөт 22-апрелде тартылган.

​Арадан эки саат өткөндөн кийин Коломбодогу зоопаркка жакын жайгашкан анча чоң эмес мейманканада да жардыруу болду.

Андан кийинки кол салуу Коломбонун четиндеги Дематагод шаарындагы турак жай комплексине жасалды. Дүйшөмбүдө бийлик кандуу окуяны жанкечтилер ишке ашырганын маалымдады.

Удаама-удаа болгон кандуу чабуулдардан өмүрү кыйылган 300дөй кишинин арасында бир нече полиция кызматкери да бар.

Полициянын билдирүүсүнө караганда, кандуу окуяда каза тапкандардын кеминде 32си чет элдиктер. Алардын арасында АКШнын, Түркиянын, Индиянын, Кытайдын, Даниянын, Нидерланддардын, Британиянын жана Жапониянын жарандары бар.

Кандуу чабуулду дүйнө лидерлери, ар кайсы диндердин өкүлдөрү айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтышууда. БУУ баштаган эл аралык уюмдардын жетекчилери «бардык жарандарды жана лидерлерди ушундай оор күндө биригүүгө» үндөп жатышат.

Негомбодогу Ыйык Себастьян чиркөөсүндөгү жардырууда каза болгон 12 жаштагы Снеха Савиндинин жакындары анын кабырынын жанында аза күтүүдө. 22-апрель, 2019-жыл.
Негомбодогу Ыйык Себастьян чиркөөсүндөгү жардырууда каза болгон 12 жаштагы Снеха Савиндинин жакындары анын кабырынын жанында аза күтүүдө. 22-апрель, 2019-жыл.

Ушу тушта Шри-Ланкада дайын-дареги белгисиз болгон жакындарын, тууган-туушкан, тааныштарын издегендер көбөйдү. Алардын бир тобу ооруканалардын алдында турушат.

Жекшембиде чиркөөгө кеткен бойдон дареги билинбей жаткан кесиптешин издеп, баш калаа Коломбодогу бейтапканага келген аял буларды билдирди:

«Кечээ ал чиркөөгө барган. Жардыруу тууралуу уккандан кийин биз түпөйүл болуп, ага чала баштадык. Бирок жооп берген жок. Ошондон бери ал кыздан дайын жок. Эртең менен бул жерге келдик».

Шри-Ланкадагы удаа жардыруулардын курмандыктары мындан да көп болуп чыгышы мүмкүн деп болжолдонуп жатат. Кол салуунун артында ким турганы азырынча белгисиз. Полиция ошол эле күнү 20дан ашык шектүүнү камакка алганы маалымдалды.

Бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө, кандуу жардыруулар чет өлкөлүк террорчул уюмдардын колдоосу менен ишке ашырылган. Шри-Ланканын президенти Майтрипала Сирисена 22-апрелде буларды билдирди.

«Чалгын кызматынын маалыматы жергиликтүү террорчуларды чет өлкөлүк террорчул уюмдар колдогонун ишарат кылат. Ушундан улам президент чет өлкөлөрдөн жардам күтөт».

Жардыруулардан кийин киргизилген коменданттык тартип кайра алынганы менен полиция баш калаадагы кол салуу болгон мейманканалар жайгашкан районду катуу кайтарууга алды.

Ыйык Себастьян чиркөөсүнүн жардыруудан кийинки абалы. 21-апрель, 2019-жыл.
Ыйык Себастьян чиркөөсүнүн жардыруудан кийинки абалы. 21-апрель, 2019-жыл.

Бийлик кыргын ар кайсы дин өкүлдөрүнүн кагылышына түрткү болушу мүмкүн деп кооптонуп турат. Жекшембиде полиция мусулмандардын эки дүкөнү менен мечитти өрттөө аракети болгонун кабарлады.

Ошол эле кезде Шри-Ланканын туризм жана христиан дин иштери боюнча министри Жон Амаратунж 22-апрелде элди коркпой-үркпөй кадимки тиричилик менен алектене берүүгө чакырды:

«Коопсуздук күчтөрү менен полиция тынчтыкты, тартипти сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрдү. Ошондуктан эч ким коркпошу керек. Кадимки иштер менен алектене берсеңер болот».

Баш калаа Коломбодогу бомба жарылган мейманканалардын бири. 21-апрель, 2019-жыл.
Баш калаа Коломбодогу бомба жарылган мейманканалардын бири. 21-апрель, 2019-жыл.

​Жекшембидеги кандуу окуя Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң катуу апаат катары сыпатталууда.

22 миллион калкы бар Шри-Ланканын 70 пайызын буддисттер, 12 пайызын индуисттер, 10 пайызга жакынын мусулмандар, 7 пайыздан ашыгын христиандар түзөт. Өлкөдөгү христиандардын көбү католиктер.

Шри-Ланкада 23-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

Кызыл-Омполдун ураны элди эки бөлүүдө

Кызыл-Омполдун ураны элди эки бөлүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:51 0:00

Шри-Ланкадагы кыргын 200дөй адамдын өмүрүн алды

Чиркөөдөгү жардыруудан кийин. Коломбо, Шри-Ланка, 21-апрель, 2019-жыл.

Шри-Ланкадагы катар-катар жардырууларга шектүү катары жети киши кармалды.

Шри-Ланкада 21-апрель күнү катар-катары менен сегиз жардыруу болду. Өлкөнүн коргоо министри Рувана Вийеварденанын кабарлашынча, анын көбүн жанкечтилер ишке ашырган.

Акыркы маалыматтар боюнча, окуядан 207 киши өлүп, 500дөй адам жаракат алды.

Тышкы иштер министрлиги өлгөндөрдүн ичинен кеминде 27 адам чет өлкөнүн жарандары экенин кабарлады.

Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда үч полиция кызматкери мерт болгон.

Жардыруулар бул күнү христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда жасалган.

Бул Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң чоң апаат катары сыпатталууда.

«France Presse» маалымат агенттиги полициядагы булактарга таянып жазганына караганда, жардыруу үч отелде жана чиркөөлөрдө бир убакта болгон. Негомбодогу, Баттикалоадагы жана Коломбодогу үч чиркөө талкаланган.

Себастьян чиркөөсүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жардыруудан кийинки сүрөттөр жайгаштырылып, элден жардам сураган жазуу коюлган. Анда полу жана отургучу кан, талкаланган сүрөттөрдү көрүүгө болот. Маалыматтарда ушул чиркөөдөн эле 50 адам каза тапкан.

Өлкөнүн финансы министри Мангала Самаравира «Твиттердеги» баракчасына «бул жардыруулар адам өмүрүн алып, башаламандык жана анархия уюштуруш үчүн даярдалганын, мындан бейкүнөө адамдар өлгөнүн» жазды.

Өлкө президенти Маитрипала Сирисена элди тынчтыкка чакырып, бул ишти иликтөөдө бийликке жардам берүүгө чакырды.

Окуядан кийин коменданттык саат киргизилип, борбордо жана аэропортто коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Ошондой эле ар түрдүү такталбаган маалыматтардын тарап кетишин алдын алуу максатында социалдык тармактар, анын ичинде «Facebook» менен «WhatsApp» үчүн да өлкө ичинде бөгөт коюлду.

​Кыргынды дүйнө лидерлери айыптап, шриланкалыктарга көңүл айтууда.

«Отелдер менен чиркөөлөрдөгү коркунучтуу террористтик кол салууга байланыштуу америкалыктардын атынан Шри-Ланка элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз жардам берүүгө даярбыз», деп жазды АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына.

Британиянын премьер-министри Тереза Мей «чиркөөлөр менен отелдердеги зомбулук актылары - чынында эле коркунучтуу көрүнүш. Трагедияда жабыр тарткандардын баарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», - деп жазган «Твиттерге».

БУУ өз кезегинде «бардык жарандарды жана лидерлерди ушундай оор күндө биригүүгө» чакырды.

2012-жылдагы эл каттоого ылайык, 22 миллион калкы бар Шри-Ланканын 70% буддисттер, 12,6% индуисттер, 9,7% мусулмандар болсо, христиандар 7,6% түзөт. Бул өлкөдөгү христиандардын көбү католиктер.

Рим Папасы Франциск кол салууну айыптап, Пасханы белгилеп жаткан Шри-Ланканын христиан коомчулугуна тилектештигин билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кызыл-Омполдун дүрбөткөн уран кени

Кызыл-Омполдогу уран кенине каршы чогулгандар. 20-апрель, 2019-жыл.

Тоң районунун Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кениндеги чалгындоо иштерине байланыштуу өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Комиссия 20-апрелде уран кенине барды. Ал жерден комиссияга төрагалык кылган Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов жергиликтүү тургундарга комиссия мүчөлөрүн тааныштырды. Анын айтымында, комиссиянын курамына теңтөрагалар катары Мамэкотехинспекциясынын жетекчиси Жолдошбек Жунушов, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов кирген. Мындан тышкары, анда саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, бир катар министрликтердин, мекемелердин, Улуттук илимдер академиясынын өкүлдөрү, Ысык-Көл облусунун жетекчиси, Тоң жана Кочкор райондорунун акимдери, Тоң районундагы Көк-Мойнок жана Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчылары болуп 20дай киши бар.

Комиссия эмне максатта түзүлгөнүн жана кандай иш алып барарын анын теңтөрагасы, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов мындайча түшүндүрдү:

Абдыкалык Рустамов.
Абдыкалык Рустамов.

«Мурун чалгындоого лицензия берилгенден кийин «биздин ушул жердеги калкка кандай зыяны келет, ден соолугуна кандай зыян болот, ушул жердеги айлана-чөйрөгө кандай зыян болот» деп, ошонун баарын караш үчүн ушундай чоң комиссия түзүлдү. Мына, Фитосанитардык кызматтын өкүлдөрү да келди, ушул жерде кеңири анализдер жүрөт. Ошол эле убакта коңшу айылдарда да бардык анализдер болот. Мына, Гидрометеорологиялык кызматтын өкүлдөрү келип шамалдын ылдамдыгы, багыты сыяктуу маселелердин баарын тактап, талдап комиссия жыйынтыгын чыгарышы керек».

Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов уран кенин чалгындоого лицензия качан берилгенин жана буга чейин кандай иш жүргөнүн төмөнкүчө чечмеледи:

Эмил Осмонбетов.
Эмил Осмонбетов.

«Лицензия чалгындоого 2010-жылы алынган. 10 жылга берилген, 2020-жылга чейин мөөнөтү бар. Булар эми мыйзам чегинде иштеп жатышат. Изилдөөгө алынган бир аянтчасы 43 миң гектарга жакын, 12 рудалык дене бар. Бүгүнкү күндө булар бир рудалык денени изилдөөдөн өткөрүштү. Бул комиссия иш жүргүзгөн соң кен иштейби же иштебейби деген маселе боюнча чечим кабыл алынат. Эгерде зыян болсо, анда башкача чечилет».

Уран кенин чалгындап жаткан «ЮрАзия в Кыргызстане» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын башкы директору Светлана Менг алынган лицензия жана учурдагы кенде кандай иштер жүрүп жатканы боюнча айтып берди:

Светлана Менг.
Светлана Менг.

«2011-жылы биз техникалык долбоорду даярдадык. Анан 2012-жылы толук чалгындоо иштерин жүргүзө баштадык. Бул геологиялык чалгындоо боюнча кадимки иш. Компания аз убакыттын ичинде көп аянтта изилдөө иштерин кыла алды жана биз биринчилерден болуп ушул Таш-Булак уран кен аянтчасын мамлекеттик баланска коюуга жетиштик. Биз учурда жалдануучу менен иштеп атабыз, ал «Борбор Азия уран компаниясы» деп аталат. Алар алынган лицензиянын негизинде жана биз менен түзүлгөн келишимдин негизинде бул жерде толугу менен чалгындоо иштерин жүргүзүшөт. Чалгындоо иштеринде колдонулуп жаткан бардык инвестиция Орусиядан келет. Алдыда Кара-Балтадагы комбинатта уранды иштетүү пландалууда».

Андан соң комиссия мүчөлөрү кендин аймагын кыдырып чыгышты. Ал арада уран кенинин лагери жайгашкан жерге бир кичиавтобус менен адамдар келип, нааразылыгын айтып киришти.

Жергиликтүү тургун Марат Акатов өкмөт мүчөлөрүнөн эмне үчүн жергиликтүү тургундарга маалымдабастан комиссия түзүп, кен жайгашкан жерге келишкенин сурады. Ал кенде чалгындоо иши эмес, казып кетүү иштери жүрүп, жер кыртышына зыян келтирип жатат деген оюн ортого салды:

Марат Акатов.
Марат Акатов.

«Мынабу комиссия айтпай, жашыруун келди. Бул комиссияга бүт сатылгандар келди. Эмнеге элге айтышпайт? Тиги карьерди силерге көргөзүшкөн жок, ошол жерди барып көргүлө. Булар уранды чалгындабай эле, 250 метр жерди тереңдетип казышкан. Бул уран деген ажыдаар, элдин барын тукум курут кылат! Ушуга алып келатат. Ошонун башы башталып атат, көрүп койгула. Туризмге залакасы, чоң зыяны тиет. Ошон үчүн урматтуу кыргыз элиме кайрылам, бул - бүт кыргыз элинин көйгөйү!»

Антсе да жергиликтүү тургундардын арасында кендин иштеп кетишине кызыккандар да болду. Алар менен нааразы болгон тараптын кайым айтышуусу көпкө чейин уланды. Окуя болгон жердеги Орто-Токой айылынын тургуну Нурбек Садыгалиев буларды айтты:

Нурбек Садыгалиев.
Нурбек Садыгалиев.

«Башында мен да каршы болчумун. Ошондо мен буга чейинки алты жолу комиссияга катышып, атайын элден шайланып ушул жакка келип көргөндөн кийин, комиссиянын ишинин жыйынтыгын мен да күтүп атам, эл да күтүп атат. Марат байке айткан абрикос, алма жөнүндө мен сурагам. Себеби биздин Таш-Сарай, Орто-Токой, Ак-Өлөң айылдары алма-өрүк менен жан багат. «Алма-өрүккө кандай зыяны бар?» деп сурасак, алар «уран деген оор металл, учпайт» дейт. «Анан ошол кантип учуп бармак эле?» дейт. Мына, карап көргүлө, Көл боюнча Кажы-Сайда алма-өрүк жакшы чыгат».

Нааразы болгон тарап менен комиссия мүчөлөрү сүйлөшүп, аларды да комиссияга мүчө болууга чакырышты. Нааразы болгондордун өкүлдөрү комиссияга кирүүгө макул болуп, маселени калыс карап чыгууга өкмөт мүчөлөрүн да чакырышты.

Комиссия мүчөлөрү Кызыл-Омпол уран кени боюнча жыйынтык качан чыгарыларын айта алышкан жок.

2015-жылы Кызыл-Омполдун «Таш-Булак» тоо-кен участкасы мамлекеттик баланска коюлган. Анда 1632 тонна уран, 3338 тонна торий, 33800 тонна цирконий жана 4102 тонна титан магнитинин запасы бар экени аныкталган.

Буга чейин да жергиликтүү тургундар «экологияга зыян келет» деп бир нече жолу нааразылык акциясын өткөрүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Тендер чыры: IT адистери бийликке нааразы

Айрым IT адистер Кыргызстандагы санариптештирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин айтып чыгышты. Муну Мамлекеттик каттоо кызматынын үч жетекчисинин камалышына байланыштырып, мындай окуялардан кийин дасыккан адистер мамлекеттик кызматка иштөөдөн баш тартышарын эскертишүүдө.

Камалгандардын бири Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы 34 жаштагы Данияр Бакчиев Кыргызстандагы бир нече окуу жайды бүтүргөн жана Жапониядан билим алып келген.

Анын апасы Райхан Мамытова жалгыз уулунун мамлекетке кыянаттык кылганына ишенбейт.

“Жапонияга иштегени кетем деп жүрчү. "Жалгыз бала болсоң” десем, көңүлүмдү кыйбай калып калган. Азыр аны кетирбей алып калганыма аябай өкүнүп турам. Балам Кыргызстанды өнүктүрөм деп ойлогон. Мамкаттоодо иштегенине жарым жылдай болду, эртең менен жетиде кетип, кечинде он бирде келчү. Эми канатын кайрып туруп камап коюшту. Англис, орус тилдеринде суудай сүйлөчү. Чынчыл баламды камап койгонуна күйүп жатам”.

​Белгилүү IT ишкер, Кыргызстандын Программисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири - Азис Абакиров Мамкаттоонун камалган кызматкерлеринин таламын талашууда.

Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, Санариптештирүү боюнча президенттин алдындагы кеңештен өз ыктыяры менен чыкканын жарыялады.

Анын пикиринде, маалыматтык технологиялар жаатында ири долбоорлорду ишке ашырган адистердин камалышы, Кыргызстандагы IT тармагынын өнүгүшүнө сөзсүз терс таасирин тийгизет.

“Өлкө башчысынын унчукпай отурганы таң калтырды. Президенттин алдындагы кеңештин мүчөсү камалып жатат болбосо. Биз эми өлкөдөгү санариптештирүүнүн натыйжасы кандай болорун түшүнүп жатабыз. Азыр мен эч нерсе деп айта албайм”.

Азис Абакировдун айтымында, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын камалган башчысы Талант Абдуллаев өлкөдө биометриканы киргизүү, электрондук шайлоо, электрондук сатып алуу системасы, ачык бюджет, “Коопсуз шаар” жана башка долбоорлордун башында тургандардын бири.

Президент 2019-жылды “өлкөнү өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялап, Интернетти ар бир айылга жеткирүү, мамлекеттик системаны санарипке өткөрүү аракети кызуу жүрө турганын айтып келет.

Айрым эксперттердин пикиринде, өкмөттүн системасында маалыматтык технологияларды түзүүгө катышкандардын мындай тагдырынан кийин жаш, кесипкөй адистердин мамлекеттик кызматка болгон ишеними жоголот.

Ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Бакыт Шаршембиев мыйзам алдында бардык кызматкерлер бирдей экенин эске салды.

Шаршембиев өлкөдө санариптештирүү системасы ырааттуу жүрүп жатканын белгилеп, мамлекеттик долбоорлор кайсы бир адамдарга көз каранды эмес экенин билдирди.

“Биринчиден, мыйзам алдында баары бирдей. Адистер көп эле, биз жол картасынын негизинде иштеп жатабыз. Ал жерде “Инфоком” ишканасынан башка дагы беш ишкана бар. Алардын адистери эч кимге кайрылуу жазган жок. Санариптештирүү токтобойт”.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамкаттоонун камалган кызматкерлери тендер өткөргөн учурда мыйзам бузууга барганын бышыктап жатат.

Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов иликтөө иштери мыйзам чегинде жүрүп жатканын, шектүүлөрдүн камакка алынышы Мамкаттоо мекемесинин ишмердүүлүгүнө кедергисин тийгизбесин билдирди.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тендерден утуп чыккан компания өкүлдөрү менен Мамлекеттик каттоо кызматынын адистеринин кандайдыр бир байланышы жана тиешеси бар экени аныкталды. Бул камоолор мекеменин ишине эч кандай таасир этпейт, башкача айтканда, паспорттор өз убагында берилет десек болот. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде өтүп жатат”.

Мамлекеттик каттоо кызматынын негизги үч кызматкеринин тендер чырына байланыштуу камалышы боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес. Бир тарабы камалгандарды колдоп чыкса, аларды сындагандар тергөөнүн акыйкат жүрүшү үчүн саясий боёк сүртпөөгө чакырууда.


Саясий окуяларга сереп салган блогер Азим Азимовдун көз карашында, акыркы окуялар мамлекеттик кадр системасына терс таасирин тийгизбей койбойт.

“Мамкаттоодогу эле окуя эмес, буга чейинки ушуга окшогон окуялар терс таасирин тийгизет. Мен тааныган жаш кадрлар мамлекеттик кызматка барбайбыз деп айтууда”.

17-апрелде Биринчи май райондук сотунун чечими менен тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев эки айга тергөө абагына камалган. Алар паспорт бланктарын даярдоо боюнча тендерде “белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет” кылышкан деп айыпталып жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кунарсыз үйлөрдүн курулушу күч алды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Бишкек башкы архитектура» муниципиалдык башкармалыгы мындан ары жаңы салынган үйлөрдүн кабыл алуу актыларына Мамлекеттик экологиялык техникалык кызмат менен кошо катышууну талап кылууда.

Себеби өтө тез курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты долбоордо көрсөтүлгөндөр менен дал келбеген учурлар арбын катталууда.

«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин Транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш комитетинин төрайымы, депутат Махабат Мавлянова, «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев, Мамлекеттик экологиялык техникалык көзөмөл инспекциясынын (Мамэкотехинспекция) архитектура жана курулуш бөлүмүнүн жетекчиси Таалай Ашырбаев жана «МЕГА Строй» курулуш компаниясынын башкы директору Индира Ибраимова катышты.

«Азаттык»: - Марат мырза, жакында эле силердин мекеме Бишкектеги курулган имараттардын мурдагы долбоорго дал келбеген учурларын аныктаган рейд жүргүздү. Бул текшерүүгө эмне себеп болду?

Марат Жороев: - Биз шаардын архитектуралык көркү үчүн бирден-бир жооптуу мамлекеттик орган болгондон кийин ушундай текшерүүнү жүргүзгөнгө милдеттүүбүз. Акыркы убакта биз бекитип берген долбоордон четтеп, имараттын өңү-түсү, сыртына колдонулган материалдар долбоордогудан айырмаланган учурлар көп кездешип жатат. Текшерүүнү жапырт шаар боюнча жүргүзөлү деген чечим кабыл алганбыз. Дагы улана бермекчи.

Марат Жороев.
Марат Жороев.

Алгач биз басма сөз өкүлдөрүнүн катышуусу менен ушул рейдди уюштурдук. Эми биз текшере турган курулуш объектилери аябай көп, ошондуктан мындан ары кандай иштерди аткарабыз деп, Мамэкотехинспекция менен кошо иштерибиздин планын түзүп жатабыз. Долбоордон четтөө мыйзам бузуу болуп эсептелет да. «Аларга каршы кандай чара көрүш керек?» деген маселенин үстүндө иш алып баруудабыз. Азыр жумуштун башкы этабында элебиз. Жакын арада кеңири маалыматтарга ээ болобуз.

Тамыр жайган коррупция

«Азаттык»: - Махабат айым, азыркы мыйзамдар боюнча «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгы талап кылып жаткандай үйлөрдүн даяр болгондогу акыбалын кабыл алуу актысына архитекторлорду кошсо болобу? Мунун мыйзамдык жагы кандай?

Махабат Мавлянова: - 2010-2012-жылдары мамлекеттик көзөмөл органдарында бир топ реформалар жүргүзүлүп, курулушту текшерүү жана көзөмөлдөө функцияларынын баары Мамэкотехинспекцияга берилип калган.

Махабат Мавлянова.
Махабат Мавлянова.

​Албетте, ишкерлер үчүн көзөмөл органдарынын азайышы, текшерүүнүн либералдашып, бир эле мекемеде болуп калышы жакшы. Бирок тескери жактары да болуп жатат. Жооптуу бир эле орган менен коррупциялык келишимге барууга шарт түзүлүүдө. Мурда бир нече органдан өткөндөр азыр бир эле көзөмөлчү менен макулдашып алып, азыркыдай нормативдик талаптарды аткарбаган учурлар келип чыгып жатат. Бул жердеги башкы жоопкерчилик - экологиялык техникалык көзөмөл органында. Алар да бул сыяктуу рейддерге кошо чыгып, мыйзамга дал келбеген учурларды аныкташы керек. Азыркы кырдаалдан улам бул орган өз ишине кайдыгер карап жатканын же коррупциялык элементтер бар экенин байкасак болот. Менимче, долбоорго дал келбеген объектилерди өткөрүп алган бул кызматтын жооптуу адамын кошуп сот органдарына деле кайрылып, атайын иш козгосо болот. Экинчиден, «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгын үйлөрдү эксплуатацияга берүүдө көзөмөлдөөчү органга кошуш керек деген пикирди мен колдойм. Ар бир курулуп жаткан райондогу үйлөргө алар да текшерип, жоопкерчиликти карашы керек.

«Текшерүү бейтарап болгон жок»

«Азаттык»: - Акыркы текшерүүдө архитекторлор кемчилик тапкан курулуш объектилеринин негизгилери «Мега Строй» ишканасына таандык экен. Индира айым, текшерүүлөр дароо эле силердин объектилерден башталыптыр. Объективдүү болду деп ойлойсузбу?

Индира Ибраимова: - Менимче бул текшерүү бейтарап өткөн жок. Анткени мен башкарган компания курган үйлөр колдонууга берилгенине төрт жыл болуп калды. «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгынын кызматкерлери элге туура эмес маалыматты таркаткан. Биринчи объектимди карап, анын «сыртын шыбоодо арзан каражат колдонулган» деп айыпташыптыр.

Индира Ибраимова.
Индира Ибраимова.

Эгерде бир чарчы метри миң сомдон ашык турган керамогранит биздин Кыргызстан үчүн арзан материал болсо, анда мен таң калып отурам. Кыргызстанда эмне, биз билбеген мындан да кымбат курулуш каражаттары менен үй салган башка өлкө барбы? Бул биринчиси. Экинчи фактор - №7 кичирайондогу «Мега Сити» аттуу 11 кабаттык комплекске башынан аягына чейин керамогранит төшөлгөн. Бирок текшерүүдө аталган башкармалыктын кызматкери «алюкобонддон жасалган» деп да жалган маалымат берип жатат. Ал курулушта 1 грамм да алюкобонд жок.

Марат Жороев: - Менде азыр колумда «Мега Стройдун» объектилери боюнча так маалымат жок. Азыркы тапта биздин кызматкерлер берген маалыматты текшерип жатабыз. Кокус ката кетирсек, албетте, компаниядан кечирим сурайбыз. Биз маалыматтарды текшерип, канчасы жалган же туура экенин билгенден кийин да кошумча билдирүү жасайбыз. Курулуш каражаттарына келсек, долбоорлоо учурунда кайсы бир материалды колдон же колдонбо деп таңуулабайбыз. Үйдүн долбоорлорун бизге алып келгенде шаар куруу башкармалыгы менен бирге карап чыгабыз. Айланасындагы имараттар, аларга жаңы объект дал келеби, көрктү бузбайбы деген бир нече факторлорду карайбыз. 2008-жылдын 30-майында өкмөттүн №252 токтому кабыл алынган. Анда курулуш тармагындагы уруксат кагаздарын берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу бекитилген. Ага ылайык биздин «Бишкек башкы архитектура» башкармалыгы курулуп жаткан имараттарды эксплуатацияга кабыл алуудан чыгып калган. Эмне себептен чыгарып салышканы бүгүнкү күнгө чейин бизге белгисиз. Бул маселе быйыл эле көтөрүлө калган жок. Бир нече жылдан бери башкы бекитилген долбоордон четтеп, сыртын башка түскө боёп салган, балдар ойноочу аянтча долбоордо көрсөтүлсө иш жүзүндө жок болуп калган жана башка бир топ кемчилик менен курулган үйлөрдү таап чыгып жатабыз. Азыр мен экологиялык техникалык көзөмөл органдары чабал иштеп жатат деп айткым келбейт, ошентсе да мындай мыйзамсыз иштерге эмне себеп болуп жатканын билгибиз келет.

«Уруксат алуу да пара менен коштолот»

Угарман: - Үйлөрдү курганга уруксат бериш үчүн мэриядагы ар бир бөлүм бирден батир пара алат экен. Салыгы, өрт коопсуздугу болуп отуруп, ар бирине бирден батир берип, анан уруксат менен курушат. «Коррупция менен күрөшөбүз» деп жатабыз. Дал ушул курулушта жемкорлук гүлдөп жатат. Ушунун тамырын кантип кыркса болот?

Махабат Мавлянова: - Уруксат кагаздарын бериш үчүн өкмөттө «Бирдиктүү терезе» деген система түзүлгөн. Бирок ал толук иштебегендиктен, кырдаал ушундай болуп жатат. Чындыгында угарман айткан маселе бизде бар. Бирок кол менен кармап ала албагандан кийин, далили жок бирөөнүн мойнуна коюш аябай кыйын. Коррупциянын негизги очогу инженердик-техникалык түйүндөрдө болуп жатат. Канализация, суу, электр өткөрүү сыяктуу иштер ачык-айкын жүрбөгөндүктөн, коррупциялык жолдорго барып жатышат. Ошондуктан азыркы тапта «Бирдиктүү терезеге» инженердик-техникалык түйүндөрдү да кошуш керек. Ошондо гана коррупциялык жолдор жоголот деп ойлойм.

Ашырбаев: «Мамэкотехинспекциянын күнөөсү жок»

«Азаттык»: - «Курулушту кабыл алуудагы текшерүүнүн жоопкерчилиги Мамэкотехинспекцияда» деп жатышат. Эмнеге мүчүлүштүктөрдү кетирип жатасыңар?

Таалай Ашырбаев.
Таалай Ашырбаев.

Таалай Ашырбаев: - Чындыгында архитекторлор менен чогуу эле иштейбиз, анан «кемчиликтин баары кабыл алуу актысында болот» деп бизге дооматты арта салып жатышат. Буга мен макул эмесмин. Себеби үйдүн сырткы бөлүгүн биз кабыл албайбыз.

Мыйзамдын негизинде биз курулушка кандай материал колдонулду, коопсуздук чараларына жооп береби деген гана нерселерин карайбыз. Муну эми биздин кесиптеш архитекторлор деле билет да. Ал эми рейд учурунда аныкталган фасад боюнча долбоорго дал келбеген учурларда анын автору сөзсүз «Бишкек башкы архитектурага» кайрылып, фасадды өзгөртүп жатканын кабарлайт. Биз автордун жеке чечимине кийлигише албайбыз да.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Трамп Йемен боюнча резолюцияга вето койду

Йемендин өкмөттүк күчтөрү.

Президент Дональд Трамп Конгресстин Йемендеги жарандык согушка АКШ аскерлеринин катышуусуна чектөө киргизген резолюциясына вето койду. Резолюцияны Сенат март айында, ал эми Өкүлдөр палатасы апрелде кабыл алган.

Анын авторлору Йемендеги чатакка катышып жаткан саудиялык учактардын карапайым адамдарды бомбалоосу өлкөдөгү гуманитардык абалды оорлотуп жатат деп эсептешет. Иран колдогон хуситтерге каршы күрөшкөн Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөргө Вашингтон колдоо көрсөтүп келе жатат.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

«Бул - керексиз, менин конституциялык ыйгарым укуктарымды чектеген, бүгүн да, келечекте да америкалык жарандардын жана күжүрмөн аскерлердин өмүрүн коркунучка кептеген резолюция» деп жазылат Дональд Трамптын билдирүүсүндө.

Президент 16-апрелде вето койгон резолюцияны Сенаттагы депутаттардын 54ү колдоп, 46сы гана каршы чыккан. Ал эми Өкүлдөр палатасындагылардын 247си макул болуп, 175и каршы добуш берген. Аскерлерди согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакка жиберүү боюнча президенттин укугун чектеген резолюцияны тарыхта биринчи жолу Конгресстин эки палатасы тең колдогон. Бирок бул сан президенттин ветосунан ашып өтүш үчүн аздык кылат. Президенттин ветосун жеңиш үчүн депутаттардын кеминде үчтөн экисинин добушу керек болот.

Нэнси Пелоси.
Нэнси Пелоси.

«Бул өкүнүчтүү. Президент бул резолюцияга кол коюшу керек. Биз эки партиялык жана эки палаталуу колдоого сыймыктанып турабыз. Анткени бул иш үрөй учурган гуманитардык кризисти тынчтык жолу менен жана узак мөөнөткө чечүүнү колдош үчүн жасалууда. Бул маанилүү кадам үчүн дагы бир жолу рахмат», - деп билдирген Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси резолюция кабыл алынгандан кийин.

Документтин авторлору америкалык аскерлердин Йемендеги урушка катышуусу Конституцияга каршы келерин билдирип жатышат. Конституция боюнча АКШнын кайсы бир урушка катышуусун президент эмес, Конгресс аныктайт.

Жергиликтүү шиит жамааты жана «Иран колдойт» деп эсептелген хуситтер Йемендин түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы, ошондой эле Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Сауд Арабиясы баштаган аскердик коалиция эл аралык коомчулук тааныган өлкө лидери Абд-Раббу Мансур Хадинин бийлигин калыбына келтириш үчүн бул чырга аралашып, абадан сокку уруп келет. Аларды айрым Батыш мамлекеттери жана АКШ да колдогон.

БУУнун баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Марк Лоукок 15-апрелде Коопсуздук кеңешиндеги жыйында Йемендеги гуманитардык абалды аянычтуу деп сүрөттөп, каражат бөлүүнү көбөйтүү зарыл экенине токтолду:

Марк Лоукок.
Марк Лоукок.

«Гуманитардык уюмдар өлкө боюнча адамдарды коргоо жана сактоо боюнча бардык ишти жасап жатат. Былтыр биз айына 8 миллион адамга чейин жардам берип жаттык. Бул Йеменде эң чоң жардам көрсөтүү операциясы болуп жатканын айгинелейт. Бул жылы да биз БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы айына тогуз миллиондон кем эмес адамга жардам жеткирет деп жатабыз. Аны 12 миллион адамга жеткирүүгө да ниет бар».

Иран колдогон хуситтер менен Сауд Арабиясы колдогон өкмөт 7-январда Ходейдадан куралдуу топторун алып чыгып кетүүгө макулдашкан. Ходейда боюнча макулдашуу аздыр-көптүр аткарылып жатат, бирок куралдуу кармаштар башка аймактарда токтогон жана акыркы жумаларды кайра күчөдү.

«Йемен өкмөтү БУУнун аракеттерин кармана тургандыгын так көрсөттү. Хуситтерге да эл аралык коомчулукка алар бул маселеде олуттуу экенин көрсөтүү мезгили келди», - деди АКШнын БУУдагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жонатан Коэн.

2015-жылдан берки Йемендеги кагылыштарда 10 миң адам кырылып, 14 миллион киши ачарчылыкта жашап жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ингуштар чек ара үчүн камалды

Ингушетиядагы «Машр» укук коргоо уюмунун кеңсеси.

Ингушетияда нааразылык жүрүштөрүнө чыккан активисттерди камоо уланууда.

Акыркы эки аптада Ингушетияда жер маселесине байланыштуу нааразылык жүрүштөрүнө чыккан кырктан ашык активист камакка алынды. Жергиликтүү тургундар рейддерди ингуш коопсуздук күчтөрү эмес, федералдык кызмат өткөрүп жатканын айтышууда.

15-апрелде күч түзүмдөрү ингуш укук коргоочусу Магомед Муцольговдун үйүн, ал жетектеген «Машр» уюмунун кеңсесин тинтүүгө алган.

Магомед Муцольгов.
Магомед Муцольгов.

«Бир чоң чопкутталган автоунаа менен эки жеңил машинеде жыйырмадай адам келди, - деди Муцольгов. - Өздөрү түз эле мамиле кылышты. Түндүк Кавказ боюнча башкы тергөө башкармалыгынын күбөлүгү менен тинтүүгө уруксат кагазын көрсөтүштү. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 318-212-беренелери көрсөтүлгөн экен».

Муцольгов күч кызматкерлери андан 26-27-мартта митингде болгону тууралуу түшүндүрмө жаздыртып алганын кошумчалаган. Мындан тышкары алар укук коргоочунун үйү менен кеңсесинен бир нече телефон, флешка, документ, видеокамералар менен кошо тамда илинип турган Ингушетиянын картасы менен Осетия тууралуу эки китепти ала кетишкен.

Мындан үч күн мурун Нальчик шаарындагы сот ингуш аксакалдары Ахмад Барахоевге, Муса Мальсаговго жана Барах Чемурзиевге «полиция кызматкерлерине каршы күч колдонушкан» деген айып коюп, эки айга камакка алган. Алар Чеченстан менен жер бөлүшүүгө каршы чыккандардын лидерлери катары белгилүү. Ахмед Барахоевдин адвокаты Фатима Урусова окуянын эки багытта өнүгүшүн боолголоп жатканын айтты:

«Биз тергөө объективдүү жүрүп, калыстык орнойт деп үмүт кылабыз. Анда күнөөсүз камакка алынган адамдар эркиндикке чыгат. Ошондой эле биз тергөө объективдүү жүрбөй, бул окуянын экинчи багытта өнүгүшүнө да даярбыз. Бул аракеттер азыр саясий мүнөзгө ээ болуп калганы көрүнүп калбадыбы».

Ингушетияда нааразылык жүрүштөрү былтыр күзүндө башталган. Ага Ингушетия менен Чеченстандын бийлик башчылары кол койгон жер айырбаштоо боюнча келишим себеп болгон.

Ингуштар коңшулаш Чеченстандын бийлигин «эки аймак ортосундагы талаштуу жерлерди, анын ичинде ингуш урууларынын ата-бабаларынын сөөктөрү көмүлгөн жерлерди да басап алды» деп айыптап келишет. Ошондой эле республиканын башчысы Юнус-Бек Евкуровго ишеним көрсөтпөй турганын айтышып, анын кызматтан кетишин талап кылышууда.

«Башчы эл менен макулдашпай, жалпы элдик добушка койбой эле мамлекеттин макамын, чек арасын өзү каалагандай өзгөртүп, өз билгенин кыла берет экен да», - деген азыр «полиция кызматкерлерине каршы күч колдонгон» деп эки айга камакка алынган Ахмед Барахоев андагы жүрүштөрдүн биринде.

Магаста 26-мартта өткөн нааразылык акциясы.
Магаста 26-мартта өткөн нааразылык акциясы.

Элдин нааразылыгынан улам былтыр октябрда республиканын Конституциялык соту чек ара боюнча ингуш-чечен келишимин кабыл алган парламенттин чечимин жокко чыгарып, жалпы элдик референдум өткөрүүнү талап кылган. Бирок кийин Орусиянын Конституциялык соту бул келишимди мыйзамдуу деп таап, референдум боюнча демилгени четке каккан.

Ушундан улам миңдеген ингуштар 26-мартта кайрадан нааразылык жүрүштөрүнө чыга башташкан. Анда Орусиянын башка аймактарынан алынып келген коопсуздук күчтөрү бир нече жолу митингди таркатууга аракет кылып, ортодо митингге катышуучулар менен кагылышуу болгон. Анда бийлик беш күндөн кийин митинг өткөрүүгө уруксат берерин билдиргенде гана нааразы болгон эл таркаган. Бирок эртеси эле Ингушетиянын ички иштер министри менен митингде элге болушкан 17 кызматкер иштен алынганы маалым болгон.

«Яблоко» партиясынын ингуш бөлүмүн жетектеген Руслан Муцольгов республика башчысынын аракеттери өлкөдөгү абалды курчутуп жатканын белгиледи:

«Юнус-Бек Евкуров түрткүлөп, абалды оорлотуп жатат. Ал элден жашырып, мыйзамсыз келишим түзгөнү аз келгенсип, ушунча күч органдары анын пайдасына иштеп жатканы мен үчүн түшүнүксүз. Мындай аракеттери менен ал өз беделин да түшүрүп, борборду да жаман көрсөтүп жатат».

Орусиянын Тергөө комитети массалык башаламандыкка чакырууга жана күч түзүмдөрүнө кол салууга байланыштуу кылмыш иштерин козгоп, мурдараак бул иш боюнча тогуз киши камалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ооганстан ачкадан өзөрүп турат

Ооганстанда ачкачылыкка кабылган балдар.

БУУнун маалыматына караганда, Ооганстанда тамак-ашка муктаж адамдардын саны 13 миллиондон ашты.

Ондогон жылдарга созулган чыр-чатактардан жана эки жыл мурдагы кургакчылыктан улам көптөгөн оогандыктар үй-бүлөсүн азык-түлүк менен жетиштүү камсыз кыла албай келет. Алар күн сайын ачарчылык менен күрөшүүгө аргасыз. «Азаттыктын» ооган кызматы Кабулда оор турмушта жашап жаткандар менен баарлашты.

Үч баланын энеси Шазия Кабулдагы аргасыз жер которгондордун кыштагында жашайт. Ал үй-бүлөсү менен ачка калып, оор турмушту баштан өткөрүп келет.

Шазия үй-бүлөсү менен.
Шазия үй-бүлөсү менен.

«Жолдошум Кабулдун Вазир Акбар Хан районунда өлтүрүлгөн, - деди ал. - Көзү тирүүсүндө араба түртүп иштеп, бизди оокат-аш менен камсыз кылып турчу. Мен Кудайдан жалгыз калтырбоону, башкаларга жалдыратпоону суранам. Менин тууган-туушканым да жок. Болбосо мындай абалда калбайт элем. Күн бою ачка жүрүп, түндө гана эптеп тапкан оокат менен тамактанып жүргөнүбүздү бир Кудай гана билет».

Ооганстанда элдин мындай абалга кептелиши ондогон жылдардан бери токтобой келаткан чыр-чатактар менен байланыштуу. Буга 2017-жылдагы катуу кургакчылык кошул-ташыл болду.

Ооган өкмөтүнүн статистикасы боюнча, ушу тушта калктын теңинен көбү кедейликтин жеткен чегинде. Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба башкармалыгынын эсебинде, 13,5 миллион оогандык тамак-ашка муктаж жана тое тамак жебейт. Алардын басымдуу бөлүгү бир күндө бир эле жолу тамактанат.

15 кишиден турган үй-бүлөнү баккан Хандын бир күндө тапкан каражаты 3 долларга жетпейт экен.

«Мен курсагым тойгуча тамак жей албайм. Анткени күнүнө 100-200 афгани (1,30-2,60 доллар) гана табам. Бул акчаны балдардын тамак-ашына жеткиришим керек. Кээде алар ачка эле жатууга аргасыз болушат», - деди ал.

Хандын атасы түрмөдө болгондуктан, ал өзүнүн балдары менен кошо бир туугандарын да багууга мажбур. Анын карындашы Фарзана бойго жете элек.

«Биздин ишенген агабыз эле бар. Анын тапканына кээде шамшум этип калабыз, айрым учурда ачка калабыз. Кээ бир күндөрү ал үйгө 200 афгани алып келет. Кээде араң 20 афгани тапкан күндөр болот. Биз үй-бүлөдө 15 кишибиз», - деди ал.

Кабулдагы аргасыз жер которгондордун турагындагы мектептин окуучулары нан менен суу ичип жашоого жедеп көнүп бүткөн. Алардын көбүнүн ата-энеси жок.

Ооганстандык окуучу Сахар.
Ооганстандык окуучу Сахар.

Маселен, ата-энеден эрте айрылган Сахар аталаш агасынын колунда.

- Ал агамдын көзү азиз. Балдары да көп. Үйдө тамак-аш тартыш. Кардым тойбойт деле.

«Азаттык»: - Кечинде тамактанбай эле жатып алган күндөр көп болобу?

Сахар: - Билбейм.

Эки жыл мурдагы катуу кургакчылыктан Ооганстандын 34 провинциясынын жарымы зыян тарткан. Эл аралык уюмдар өлкөдөгү гуманитардык кризистин кесепети оор болорун эскертип жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Баткен: Прокурордун өлүмү тергелип бүтө элек

(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынды.

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрдү деп айыпталган Мелис Калыковдун жакындары президентке кайрылды. Алар шектүү кыйноого алынып, иш акыйкат иликтенбей жатканына даттанышты.

Маркум прокурордун жакындары да дээрлик беш ай мурда болгон кылмыш ишти тергөө созулуп жатканына нааразы. Алар бул үчүн айыпталуучунун жакындарын күнөөлөшүүдө.

Президенттин көзөмөлүндөгү иш

Президент Сооронбай Жээнбековго жолдогон кайрылуусунда прокурорду өлтүрүүгө айыпталып, абакта жаткан Мелис Калыковдун жакындары тергөө иштери бир тараптуу жүрүп жатканына даттанышты. Алар окуяга тиешеси болушу мүмкүн деп шектелген прокурорлор жоопко тартылбаганын, Калыковду кыйноо менен ага бардык күнөөнү оодаруу аракети жүрүп жатканын билдиришти.

Шектүүнүн бир тууган эжеси Дарийка Калыкова арыз-муңун мындайча жеткирди.

“Кайрылбаган жерибиз калбады, беш айдан бери жыйынтык жок. Президенттин көзөмөлүндө деп коюп, өтө жаман нерселерди жасап жатышат. Инимди кыйноого алышкан ИИМдин түштүк аймактык башкармалыгынын төрт кызматкери дагы деле иштеп жүрүшөт. Алар машинесине Мелисти салып алып, уруп-сабашпаса да, моралдык жактан түрдүү кыйноону көргөзүп жатышат. Суракка алып барганда суу, тамак бербей, же дааратканага киргизбей кыйнашууда. Үй-бүлөсүн айтып, башканы айтып коркутуп, “мойнуңа аласың” деп эле мажбурлашууда. Ал “окуя болгон жерде бул бар эле, тиги бар эле” деп, бир топ кишилерди айтса, бирин да беттештирбейт. Тергөө акыйкат жүргөн жок. Иштин жүрүшүндө бир топ жаңы адамдардын аты аталыптыр, бирок тергөөчүлөр бирин да суракка алышкан жок. Булар ишти эптеп узартып эле, бардык күнөөнү менин иниме артып салууну каалап жатышат. Биз инимдин адам өлтүргөнүнө ишенбейбиз, чыныгы күнөөлүүлөрдү табышын талап кылабыз”,-деди ал.

Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

Дарийка Калыкованын айтымында, алар иниси кармалган күнү аны кыйноого алган кызматкерлердин үстүнөн сотко арыз жазышкан. Алар биринчи күнү тергөөчүлөр Мелис Калыковду 20 саат сурак алышканын, ошол учурда анын башына пакет кийгизип, муунтуп, сабашканын жазышкан. Бирок ал иш райондук сот менен облустук соттун ортосунда барды-келди каралып, аягына чыга элек.

Ушул эле даттануу боюнча кезинде Кыйноонун алдын алуу борбору да билдирүү таратып, шектүү Калыков кыйноого кабылганын айтып чыккан. Борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов бул фактыны иликтөөнү талап кылып Башкы прокуратурага кайрылган эле. Ошондон кийин президент Сооронбай Жээнбеков ишти өз көзөмөлүнө алган.

Ошол эле кезде Ички иштер министрлиги бул айыптоолорду төгүндөп, шектүүнүн тергөөгө чейин жаракаттары болгонун кабарлаган.

Министрликтин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов Мелис Калыковго карата түрдүү кыйноо колдонулуп жатканын четке какты. Ошол эле учурда ал буга чейин эки-үч жолу узартылган тергөө качан аяктарын тактаган жок.

Бакыт Сеитов
Бакыт Сеитов

Кармалган учурда кыйноо болгон деген арыз боюнча биз кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бирок биздеги маалыматтар боюнча аны эч ким кыйнаган эмес, бардыгы мыйзам чегинде жүрүп жатат. Муну коомчулук, басма сөз каражаттары көз салып, кандай жыйынтык чыгаар экен деп карап турат. Бул иш башка адам өлтүрүү фактыларынын катарында турган жок, иш өзгөчө көзөмөлдө. Шектүүнүн ден соолугуна баары байкоо салып турат, ага бүгүнкү күндө да эч ким зордук-зомбулук же башка нерсе көрсөтө албайт. Биз ишти акыйкат иликтеп, сотко өткөрүп беребиз, сот кандай чечсе калганы ошого жараша болот. Иш жакын арада сотко жиберилет”,-деди.

Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болуп, сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрында Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Шектүү катары аны менен тоого аңчылыкка чыккан, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Ал өз айыбын четке кагып келет.

Калыковдун жакындарынын митинги. Баткен. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Калыковдун жакындарынын митинги. Баткен. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Калыковдун жакындары былтыр ноябрдын этегинде Баткен шаарында нааразылык акциясына чыгышып, тергөөнү калыс жүргүзүүнү өтүнүшкөн. Алар маркумдун кесиптештери прокуратурада иштегендиктен алар тергөөгө таасир этип коюшу мүмкүн деп кабатырланышкан.

Күмөндүү жагдайлар көп

Бирок Анарбай Мамажакыповдун туугандары иштин созулушуна тескерисинче айыпталуучу тарап түртүп жатканын айтууда. Маркумдун агасы Мамашарип Мамажакыпов буларга токтолду.

“Калыков өзү же көрсөтмө бербей, же койбой, ишти эптеп созуп жатат. Коңгуров деген адвокаты бар экен, ал тоскоолдук кылып жатат. Ар нерсени бирден айтып, ар кимге даттанышып, беттештирүүгө жеткирбей, кечиктирип жатат. Мелис Калыков болгонун болгондой айтып бербей жатат. Күнөөсү болсо, кылмышты кылса аны так айтып, же башка күнөөлүү болсо, анын да аты-жөнүн ачык айтпайбы. Баарын кылган ошол, билген ошол. Биз тергөөчүлөрдөн ишти мүмкүн болушунча тез бүтүргүлө деп талап кылып жатабыз”,-деди.

Бирок ошол эле кезде байкоочулар чуулгандуу ишти иликтөөнүн созулушу коомчулукта күмөн ойлорду туудуруп жатканын айтышууда. Серепчи Төлөгөн Келдибаев мындай дейт.

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

“Бул кылмыштын арты башка кылмыштар менен байланыштуу болушу мүмкүн. Алар балким кандайдыр бир коррупциялык нерселерди, же акча бөлүшө албай калгандыр. Же андан башка нерселер менен байланыштуу болушу мүмкүн. Балким ага ошол эле прокурорлор, же башка бир аткаминерлер аралашышы мүмкүн. Себеби "Архитектор эмне үчүн прокурорлор менен эс алууга чыгат? Ал аң уулоону ким уюштурду?" өңдүү бул иштин артында күмөндүү жагдайлар бар. Ошондуктан бийлик азыркы жагдайда миң күчкө салып, иликтеп, аягына чыгарам деген менен да бул кылмыштын артында көп нерселер калып кетет. Балким ошол эле шектүү камалышы мүмкүн, жоопко тартылышы мүмкүн, бирок тергөөдө башка фактылар ачыкка чыкпай калат деп ойлойм”,-деди ал.

Мелис Калыковдун жакындары кайрылуусун президенттен сырткары, Коопсуздук кеңешине, Башкы прокуратурага, акыйкатчыга, Кыйноонун алдын алуу борборуна жана башка органдарга жөнөттү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG