Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 09:19

Коопсуздук

«Bellingcat»: Скрипалдарды ууландырууга генерал аралашкан

ГРУнун генералы Денис Сергеев

«Bellingcat» иликтөөчү уюму мурдагы тыңчы Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлияны ууландыруу операциясын Лондондо мейманканадан үчүнчү адам башкарып турганын аныктап чыкты.

Иликтөөгө ылайык, ал адам Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын (ГРУ) генералы.

Ата-кыз Скрипалдар былтыр жазында Британиянын Солсбери шаарында нервди шал кылчу «Новичок» деген зат менен ууландырылган. Расмий Лондон кылмышка байланыштуу Москваны айыптаган. Кремль болсо дооматтардын баарын четке кагып келет.

«Bellingcat» Скрипалдар ууландырылган окуяга шектүү деген адамдардын телефон сүйлөшүүлөрүн тыкыр иликтеп, анын корутундусун жарыялады. Анда мурдагы тыңчы жана анын кызын ууландыруу операциясын "ГРУнун Денис Сергеев аттуу генерал-майору Лондондогу мейманканалардын биринде башкарып, көзөмөлдөп турган" деп айтылат.

"Мындай жогорку даражадагы офицердин катышуусу операция канчалык маанилүү болгонунан кабар берет", - деп белгилейт «Bellingcat».

Иликтөөгө ылайык, Денис Сергеев Лондонго 2-мартта, Скрипалдарды ууландырууга эки күн калганда учуп барган жана өз атын жашырып, "Сергей Федотов" деген ысым менен жүргөн.

Сергеев метродогу Паддингтон станциясынын жанындагы мейманканага жайгашкан жана дем алыш күндөрү телефондон "Амир" деген атка жамынып алып Москва менен кеминде 11 жолу байланышкан.

«Bellingcat» Сергеев менен Москвадан байланышкан адам кимдир бирөөгө катталбаган, бирдик үчүн акчасы алдын ала төлөнгөн, өзгөчө номерлүү сим карта колдонгонун, адатта мындай сим-карталарды "орусиялык атайын кызматтар пайдаланарын" жазды.

Иликтөөгө ылайык, Сергеев мейманканадан дээрлик чыккан эмес. 3-мартта, Скрипалдарды ууландырууга бир күн калганда шаардагы Оксфорд-стрит районуна жана Темзанын боюна кыска убакытка гана барып келген. Ошол күнү, болжол менен ошол убакта Скрипалдарды ууландырган деп шектелип жаткан, өздөрүн «Петров» жана «Боширов» деп атаган ГРУнун офицерлери Анатолий Чепига менен Александр Мишкин да ошол райондо жүрүшкөн жана Ватерлоо станциясынан поезд менен Солсбериге барганы жатышкан.

«Bellingcat» "Эгер Сергеев Чепига жана Мишкин менен жолугуп, аларга ууландыруу боюнча акыркы көрсөтмөлөрдү бергиси келсе, анда Ватерлоо вокзалы менен дайранын боюндагы жерден өткөн ыңгайлуу жер болмок эмес" деп жазды.

"The Insider" басылмасынын башкы редактору, иликтөөчү журналист Роман Доброхотов Скрипалдарды ууландырууга шектүү төртүнчү адам да бар экенин айткан:

"Биз бул иште төртүнчү адам бар деп болжоп жатабыз. Ал тууралуу британ ЖМКсы да өздөрүнүн булактарына таянып жарыялаган. Анан калса биз төртүнчү адам болушу мүмкүн деп шектелген адамды да аныктадык. Азырынча биз ал да Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын өкүлү экенин, Европага ээн-эркин келип-кетип жүргөнүн гана айта алабыз".

Иликтөөчү уюмдун маалыматына караганда, Денис Сергеев 1973-жылы Казакстанда, казак-кытай чек арасына жакын Ушарал аскер шаарчасында туулган. Армияда Новороссийск шаарында болгон. 2000-2002-жылдары тар чөйрөдө "ГРУнун консерваториясы" деген каймана ат менен белгилүү болгон аскердик-дипломатиялык академияда окуган.

Генерал Сергеев үй-бүлөлүү, бойго жеткен жалгыз кызы бар. ​«Bellingcat» уюмунун ырасташынча, орус бийлиги ГРУнун генералы тууралуу ачык бардык маалыматтарды тазалап чыккан.

Солсберидеги ууландыруу тууралуу өткөн аптанын соңунда Жапониянын Осака шаарында "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугушуусунда сөз болду. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков буга байланыштуу Путин менен Мэйдин сүйлөшүүсү «катаал» жана «абдан ачык» болгонун ырастаган.

Скрипалдар ууландырылгандан кийин батыш мамлекеттери менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык тиреш орун алган. Европадагы дээрлик бардык мамлекеттер, АКШ айрым орус дипломаттарын өлкөдөн чыгарып салган, Москва болсо аларга ушундай эле жооп кайтарган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Теңиздеги мушташ заводдун ишин токтотту

Казакстандын Атырау облусундагы Теңиз мунай кениндеги калайман мушташтан кийин заводдун курулушу убактылуу токтоду.

29-июнда «Теңизшевройл» компаниясы жалдаган «Сohsolited Contracting Endihering and Prourement S.A.L Offshore» ишканасында жергиликтүү жумушчулар компаниянын айрым чет өлкөлүк кызматкерлерине кол көтөрүп, ортодо мушташ чыккан.

Жаңжалга ливиялык жарандын колундагы рацияны казак кызга туштап түшкөн сүрөтү себеп болгон. Нааразылыкка чыккандар жумуштагы шарт, айлык акыга байланыштуу теңсиздик тууралуу да даттанышкан.

Жумушчу иштен бошотулду

«Теңизшевройл» компаниясы жапырт мушташта 40 адам жабыркаганын билдирди. Бир адам ажал тапканы тууралуу маалымат ырасталган жок. Аталган компаниянын башкы директору Имер Боннер мындай жаңжалдардын алдын алып, аларга жол бербеш үчүн бардык аракеттер жасаларына убада берди:

«Биз жергиликтүү аткаруу жана күч органдарына жаңжалды чукул арада жөнгө салууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазыбыз. Өзүбүз тараптан CCEP жана башка биз жалдаган компанияларга карата иш жүргүзөбүз деп убада беребиз».

«Теңизшевройл» компаниясы жалдаган «Consolidated Contracting Engineering & Procurement S.A.L. Offshore» (CСЕР) компаниясынын башкы директору Кауаш Хишам да Атырауга барды. Ал видео аркылуу кайрылып, жумушчулардан кечирим сурады. Жетекчи Али Дауд кызматтан алынып, эмгек келишими токтотулганын маалымдады:

«Мен Али Дауддун кылыгы намысына тийгендердин баарынан кечирим сурайм. Компаниянын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан бул жосунсуз жорук болгон деп айта алам. Биз бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүп, тиешелүү чара көрөбүз. Биз казак боордошторго терең сый-урмат менен мамиле кылабыз».

Ливандын коргоо министри Элиас Бу Сааб казак кызматташы Нурлан Ермекбаев менен Теңиздеги ливандык жумушчулардын коопсуздугуна байланыштуу жагдайларды талкуулады. Ливан өкмөтүнүн башчысы Саад Харири өлкөнүн тиешелүү органдарына Казакстандагы жагдайга тыкыр көз салып турууну тапшырганы кабарланды.

1-июлда Ливан менен Иорданиянын бийликтери кырдаалга көз салып турган кабарлашты. Иорданиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Суфьян Куда "Твиттерге" бул өлкөнүн элчиси Юсуф Абдельгани Атрауга барганын жазды. Элчи Атрау облусунун акими жана компания өкүлдөрү менен жолугуп, "кол салгандар жазага тартылары", "жабырлануучулардын укугу корголору" жөнүндө убада алганын билдирди. Ал Иордания Казакстандан кеткиси келген жумушчуларга жол чыгымын төлөп бере турганын да маалымдады.

Иорданиянын тышкы иштер министри Айман Сафади "Твиттердеги" баракчасына Теңизден эвакуация болгон жумушчулары менен түшкөн сүрөтүн жарыялап, алардын баары аман-эсен экенин кабарлады.

Эбепке себеп болгон сүрөт

Теңиздеги калайман мушташ тартылган видеолордон жумушчу формачан, бетин чүмбөттөгөн ондогон адам чет өлкөлүк жарандарды аёосуз сабап жатканын, алардын бети-башы канжалаганын көрүүгө болот.

Бул видеолорду тараткандар жаңжал компанияда иштеген Али Дауд аттуу ливиялык жарандын казакстандык жумушчу кыз менен түшкөн сүрөтүнүн айынын тутанганын жазышты.

«WhatsApp» мессенжери аркылуу тарап кеткен сүрөттөн чет өлкөлүк жаран колундагы рацияны казак тектүү кыздын оозуна туштап түшкөнүн көрүүгө болот.

«Азаттыктын» казак кызматына атын атабоону өтүнгөн жумушчулардын бири аларды иштеги шарт, айлык акыга байланыштуу теңсиздик нааразы кылганын, ошондуктан жергиликтүү жумушчулардын көбү калайман мушташка катышканын, жалпысынан ал жерде 15 миңдей адам болгонун айтып берди.

Окуя болгон жерге Атырау облусунун акими Нурлан Ногаев барды. Ал компаниянын өкүлдөрү менен жолукканда жумуштагы теңсиздик тууралуу нааразылыкка негиз бар экенин айтты:

«Бул системалуу маселелер. Анын компаниянын жетекчилиги, ошондой эле бул долбоорду аткарууга тартылгандар да чечиши керек. Казакстандык болобу же чет өлкөлүк иш берүүчүлөр, инвесторлор болобу - баары долбоорду ишке ашырып жатканда мыйзамдардын баарын, моралдук-укуктук нормаларды эске алышы керек».

Нурлан Ногаев жаңжалга байланыштуу комиссия түзүлгөнүн айтып, жумушчуларды нааразы кылган жагдайлардын баары иликтенерине убада берди:

«Акимдин биринчи орун басары башында турган комиссия түзүлдү. Ага «Теңизшевройлдун», мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Алар баарын аныктап, силерге жообун берет. Эгер сиздер (жумушчулар) комиссияга өз өкүлдөрүңөрдү киргизебиз десеңер, «ушул адам биздин укугубузду коргойт» десеңер анда ошондой адамдарды да киргизгиле. Биз «Теңизшевройлдун» өкүлдөрү менен жумушчуларга мамиле, эмгек коопсуздугу - баарын текшерели деп макулдаштык. Мыйзам баарына бирдей. Эмгек кодексиндеги көрсөтүлгөн шарттардын баарын аталган компания камсыз кылат. Силер өз тарабыңардан алган милдет-тапшырмаларды аткарууга милдеттүүсүңөр».

Теңиз мунай кени Атырау облусунан 340 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жыл сайын эле аталган кенде иштеген компаниялардын жумушчуларынын нааразылыгы катталат. Ушул жылдын башында «Кентек Казакстан Техникал Сервисез» жана «Саренс - Казакстан» компанияларынын жумушчулары шарты жакшыртууну талап кылып чыккан.

2006-2008-жылдары жергиликтүү жана чет өлкөлүк жумушчулардын ортосунда ар кандай чатактар чыккан, мунун айынан башка мамлекеттен келгендер иштерин таштап кеткенге да аргасыз болушкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Орус өкмөтү мигранттын капчыгын кагат

Орус өкмөтү мигранттын капчыгын кагат
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:59 0:00

Ооганстандагы элдин үшүн алган жардыруу

Жардыруу болгон жер. Кабул, Ооганстан. 1-июль, 2019-жыл.

1-июлда Кабулдун ортосундагы согушкерлердин чабуулунан бир киши өлүп, ондогон адам жарадар болду. Бир канча кишинин абалы оор деп бааланууда.

Бул кол салуу Катарда АКШ менен «Талибандын» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасын баштаган кезде болуп отурат. Өкмөт өкүлдөрү кол салуу менен «Талибан» сүйлөшүүлөрдө өз күчүн көрсөткүсү келип жатканын билдиришүүдө.

Ооган бийлиги Кабулдун борборундагы Пули Махмуд-хан районундагы жардыруудан бир киши каза таап, кеминде 100дөй адам жарадар болгонун бышыктады. Полициянын өкүлү Мухаммад Каримдин айтымында, Коргоо министрлигинин жанында дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин «Талибандын» жоочулары имаратка чабуул коюп, согушкерлер менен коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери атыша кетишкен.

«Баарынын жүрөгү түшкөн, үрөй учурган кырдаал болду. Мен машиненин терезесинен чыкканга мажбур болдум. Бети-башым кан болуп, колумдан да жаракат алдым», - деди окуядан жабыркаган Эйд Мухаммад.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахидулла Маяр жарадар болгондор, анын ичинде 9 бала ооруканага жеткирилгенин маалымдады. Бир эле Вазир Акбар Хан ооруканасына 28 киши жаткырылган.

«Биз Вазир Акбар Хан ооруканасына 28 адамды жаткырдык. Анын сегизине операция жасалды, калгандары палатага жайгаштырылды», - деди дарыгер Мухаммад Муса Захир.

«Талибандын» өкүлү Забихулла Муджахид алар Коргоо министрлигинин логистикалык жана инженерлик борборун бутага алганын кабарлады. Кабулдагы жарылуудан эки чакырым радиуста жайгашкан имараттар силкинген. Жардыруу болгон аймакта өкмөттүк жана аскердик мекемелер, андан тышкары Ооганстандын футбол федерациясы, «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган бюросу да жайгашкан.

Ооган өкмөтүнүн башчысы Абдулла Абдулла «Твиттерге» Ооганстандын Футбол федерациясынын жанындагы чабуул топтун «кылмыштуу мүнөзүн далилдейт» деп жазды. Ал «күжүрмөн коопсуздук күчтөрү «Талибандын» жексур согушкерлерин жазалайт» деп кошумчалады.

Ал эми АКШнын Кабулдагы элчилиги «Биз талибдердин өз оогандыктарына койгон катаал чабуулун айыптайбыз» деп билдирүү таратты.

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги да чабуулду айыптап, мындай кол салуулар «Ооганстандагы тынчтыкка, коопсуздукка жана туруктуулукка коркунуч» жаратарын билдирди.

Кабулдагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы өз мойнуна алды. Ооганстанда талибдер менен катар «Ислам мамлекети» экстремисттик уюму да чабуулдарды уюштуруп келет. Бул - өткөн айда Кабулда катар-катар жардыруулардан соң салыштырмалуу тынчтык орноп калгандан кийинки биринчи чоң жардыруу.

Ал Катарда АКШ жана «Талибан» өкүлдөрү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын баштагандан көз узабай болуп отурат.

АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү 29-30-июнда Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Талибдердин өкүлү Сухаил Шахин сүйлөшүүлөрдүн бул жетинчи айлампасын «чечүүчү» деп баалады.

Сүйлөшүүчү топту маркум Омор молдо менен бирге «Талибанды» негиздөөчүлөрдүн бири болгон Абдул Гани Барадар жетектеп жатат. Анда тараптар Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн бекитүүгө, ошондой эле талибдердин чабуулду токтотууга кепилдик беришине көңүл бөлүшөрү күтүлгөн.

«Талибан» кыймылы дээрлик 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп келет. 2001-жылы АКШ аскерлеринин келиши менен бийликтен кулатылган «Талибан» кыймылы Ооганстандын дээрлик тең жарымына көзөмөлдүк кылат же таасири бар.

Талибдер ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп теңсинбей, Вашингтондун өкүлү менен гана сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келе жатышат. Ошол эле кезде алар коопсуздук күчтөрүн жана бийлик өкүлдөрүн бутага алган чабуулдарын уюштуруп жүрүшөт.

Маселен, 29-июнда Кандагар провинциясында бомба чабуулунан Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынын сегиз кызматкери көз жумду. Ал эми Фарах провинциясындагы көзөмөл-өткөрмө бекетине коюлган чабуулдан сегиз жоокер курман болуп, дагы сегизи жарадар болгон. Ушул эле күнү «Талибандын» кишилери Баглан провинциясындагы полиция бекетине кол салып, 26 кызматкерди өлтүрүп кетишкен.

Өкмөт өкүлдөрү Багландагы кол салуу «Талибан» сүйлөшүүлөрдө өз күчүн көрсөткүсү келип жаткандыгын ырастай турганын билдирүүдө.

25-июнда күтүүсүз Кабулга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «1-сентябрга чейин» талибдер менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүт артып турганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Стамбулдун жаңы мэри ишке киришти

Стамбулдун жаңы мэри ишке киришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:41 0:00

“Таш түрмөдө” кыйноо көрсөткөндөр жазаланды

“Таш түрмөдө” кыйноо көрсөткөндөр жазаланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:40 0:00

Арыстыктар: Талкаланган шаарга кайтпайбыз

Арыстын тургундарына жаңы башпаанек берүүнү талап кылгандардын акциясы. 27-июнь, 2019-жыл.

Казакстандын Чымкент шаарында жүздөгөн адамдар мечитке барган жолду тосуп алышты.

27-июнда эртең менен жүздөгөн адамдар мечитке барчу жолду тосуп, бийлик өкүлдөрү менен жолугуштурууну талап кылышты. Бул мечитке Арыс шаарынан Чымкентке эвакуацияланган адамдар жайгаштырылган. Түркстан облусунун Арыс шаарына жакын ок-дары сакталган кампада мындан төрт күн мурда өрт чыгып, жарылуу болгон.

Чогулгандар жолду тосуп алып, Арыска кайтып барбай турганын, аларга калктуу конуштардан жер бөлүп берүүнү талап кылышты. Жол тоскондорду полиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.

Көп өтпөй жол тоскондорго Чымкенттин акими Габидулла Абдрахимов келди. Адамдар аны тегеректеп алып, бири-биринин сөзүн бөлүп, өз талаптарын коё башташты. Аким шаар бийлиги колдон келгенин жасап жатканын, эвакуцияланган адамдарды азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылып жатканын айтып, аларды сабырдуу болууга үндөдү.

«Кайсы сабыр тууралуу айтып жатасыз?» - деп нааразы болгондордун үнү катуу чыгып жатты.

«Эгерде кыйкыра берсеңер мен силерге Чымкентте үй берем деп ойлоп жатасыңарбы? Келгиле, баарыңар тынчтангыла. Сен тынчтан, макулбу?» - деп аким нааразы болгондордун бирине кайрылды.

Чымкенттин акими чогулгандарды мечитке барып, сүйлөшүүлөрдү ошол жерден улантууга чакырды. Айрым адамдар аким менен кошо мечитке жөнөштү, жарымы көчөдө кала беришти.

Мечитте Габидулла Абдрахимов өкмөт Арыстагы үйлөрдү калыбына келтирүүгө убада бергенин, колдонууга жараксыз болуп калган объектилерди кайра куруп берээрин айтты. «Шаарды туш тарапка чачыраган ок-дарылардан тазалап, жолдор ачылган соң жашоочулар өз үйлөрүнө кайтып барышат» деп түшүндүрдү аким. Ал Чымкент шаарынын бийлиги эвакуациялангандарга колдон келген жардамын берип жатканын, эгерде жардам өз убагында келбей жатса, бул үчүн кечирим сурай турганын айтты.

Акимден кийин сөз алган аял Арыстан көчүрүлгөндөр жарылуудан жабыркаган шаарга кайткысы келбей жатканын, Чымкенттен үй берүүнү талап кылышканын айтты.

Абдрахимов арыстыктар үчүн Чымкентте үй бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогонун, шаарда 150 миң адам үй алууга, 100 миң адам жер алууга кезекте турушканын айтты:

«Мен аларга эмне деп айтам? «Силерге үй жок, биз арыстыктарга үй беребиз» деп айтамбы?»

Абдрахимовдун бул билдирүүсүнөн кийин чогулгандар ордунан туруп, нааразы боло башташты. Ошол маалда мечиттин ичиндеги үн колонкаларынан эркектин үнү чыгып, Курандан сүрөө окуй баштады. Адамдар жерге чөк түшүп, мечитте бир саамга тынчтык орноду.

Ал арада көчөлөрдө нааразылык улана берди. Жолду тоскондор аларга Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев келмейинче тарабай турганын айтышты. Шукеевдин кеңсеси Чымкенттен 170 чакырым алыстыктагы Түркстанда орун алган. Түшкө маал Шукеев да келип, мечитке кирди. Мечиттин ичи кымгуут болуп, Шукеевдин сөзү угулган жок.

Ал эми көчөдө турган адамдар «Азаттыктын» кабарчысына Арыска барып келишкенин айтып беришти. Алардын сөзүнө караганда, ок-дарынын жарылуусунан жана андан кийин чыккан өрттүн айынан шаарда кенен дем алууга мүмкүн болбой калды, мал-жандыктын баары өлдү, көпчүлүк үйлөр талкаланып же зыянга учурады.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

24-июнда Арыста ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон. Бул күнү шаардан 41 миңден ашык адам чыгарылган. Анда жарадар болгон үч адам каза тапкан, ондогон адам ооруканага жаткырылган, алардын арасында абалы өтө оорлору да бар.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20дай киши жарадар болгон. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Венесуэлада саясий кризис бүтчүдөй эмес

Каракастын аба майданындагы орусиялык учак. 24-июнь, 2019-жыл.

Венесуэланын бийлиги президент Николас Мадуронун жана анын саясий санаалаштарынын көзүн тазалоону максат кылган төңкөрүш аракетин токтотуп калганын жарыялады.

Бирок оппозиция бийликти «мындай билдирүү аркылуу саясий атаандаштарына басым кылууну көздөйт» деп айыптап жатат. Ал арада Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Бирок Москва Венесуэладан канча аскер кеңешчиси кетип жатканын тактаган жок.

Венесуэланын президенти Николас Мадуронун басма сөз катчысы Хорхе Родригестин айтымында, негизинен кызматтан кеткен полиция жана аскер кызматкерлеринен турган топ башкы мамлекеттик имараттарды, Каракастагы авиабазаны жардырууну жана өлкөнүн борбордук банкын тоноону пландаган. Ал төңкөрүш аракети 23-июнга белгиленгенин айтып, «кутумчулардын сүйлөшүүсү» деген 56 сааттык тасманы да көрсөттү.

Родригес кошумчалагандай, кутумчулар оппозиция лидери Хуан Гуайдону да саясий майдандан сүрүп чыгарып, камакта отурган мурдагы коргоо министри Рауль Бадюэлди президент кылып дайындамак болушкан.

Ал эми президент Николас Мадуро анын аялын жана саясий өнөктөштөрүн да өлтүрүүнү каалаган кутумчуларды колдоп жатат деп Америка Кошмо Штаттары менен Колумбияны айыптады:

Николас Мадуро аялы менен.
Николас Мадуро аялы менен.

«Алар кутумчулар гана эмес, бийликке чабуул койгон, кан төгүү аркылуу мамлекет башына келүүнү көздөгөн жалданма киши өлтүргүчтөр. Эмне ушул саясий жолбу? Мен оппозициядагы чынчыл ар бир лидерден сурагым келет: бийликке жетүүнү көздөгөн саясий жол ушубу?»

Николас Мадуронун бийлиги буга чейин да бир канча жолу мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялап, бирок ага ынанымдуу далилдерди келтирген эмес. Оппозиция болсо бийликти «ушундай ырастоолорду негиз кылып, өз алдынча саясатчыларга басым кылууну көздөйт» деп айыпташат.

Хуан Гуайдо.
Хуан Гуайдо.

«Узурпатор айтып жаткан окуя - бул номур канчанчы окуя? Улуттук басма сөздүн өкүлдөрү, бир эле айыптоону канча жолу айтып жатканынан сиздер да адашып калдыңыздар», - деди оппозиция лидери жана парламент спикери Хуан Гуайдо.

Президент Николас Мадуро буга чейин да ага кол салууну уюштурган деп Колумбия менен Чилини күнөөлөгөнү маалым.

26-июнда Колумбиянын Медельин шаарында Америка мамлекеттеринин уюму 49-ассамблеясын баштады. Аймактык уюм экономикалык жагдайдан, адам укуктарынын абалынан жана коопсуздуктан тышкары Венесуэладагы саясий кризисти, анын айынан миңдеген адамдардын өлкөгөн кетип жатышын талкуулаганы турат.

Иван Дуке.
Иван Дуке.

«Ала кушту атынан атайлы. Америка мамлекеттеринин уюму жана Америка аралык система демократияга жамынган диктатураны айыпташы керек. Көптөгөн жылдар бою биз демократия өңдөнгөн диктатура Венесуэланы талкалап жатканда көңүл бурбай келдик. Бул куугунтуктун эң катаал түрлөрүнүн бири. Биздин милдет - диктатураны жеңүү. Биздин милдет - венесуэлалыктарга эркиндик берүү», - деген Колумбиянын президенти Иван Дуке ассамблеяны ачып жатып, Америка мамлекеттеринин уюмуна кирген өлкөлөрдү Венесуэланын диктатор бийлигине басым көрсөтүүгө чакырды.

Жыл башынан бери Венесуэлада оппозиционер Хуан Гуайдонун тарапташтары менен азыркы президент Николас Мадуронун ортосунда тиреш уланууда. АКШ, Европа жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрү Гуайдону Венесуэланын легитимдүү убактылуу президенти катары тааныган. Мадурону Орусия, Кытай, Түркия, Иран, Куба жана Боливия колдоп турат.

Ал арада Венесуэладагы орус аскерлери өлкөдөн чыгып кетип жатканы маалым болду. Бул тууралуу Каракастагы Орусиянын элчилиги билдирди. Дипломатиялык өкүлчүлүк орусиялыктар план боюнча иш жүргүзгөнүн, 26-июнда алар «Ил-62» учагы менен Москвага кайтарын маалымдады. Каракастан канча киши келери так айтылган жок.

Буга чейин «Reuters» агенттиги Каракаска Орусиянын Коргоо министрлигинин учагы келгенин кабарлаган. Март айында ушул эле борт «Ан-124» учагы менен бирге Венесуэланын борборунун аэропортуна конгон. Анда Орусиядан 100 аскер кызматкери келгени кабарланган.

Венесуэлага орусиялык аскер учактарынын келиши Вашингтон менен Москванын ортосунда дипломатиялык талаш жараткан. Ак үй Кремлди «Венесуэланын ички ишине кийлигишип жатат» деп айыптаган. Орусия болсо Каракаска курал-жарак сатуу келишимин тейлеген кызматкерлер гана келгенин билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Грузия: экс-президент митингчилерди колдоду

Грузия: экс-президент митингчилерди колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:01 0:00

Жасалма документке жамынган «жихадчылар»

Жасалма документке жамынган «жихадчылар»
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:33 0:00

Арыста жабыркагандар жүздөн ашты

Казакстан. Арыстагы жарылуунун түтүнү.

Казакстандын түштүгүндө аскердик кампадагы жарылуудан жарадар болгон сексенден ашуун киши ооруканада, эки адам каза болгону расмий кабарланды.

25-июнда казак бийлиги Арыстагы жарылууда каза болгон экинчи адам тууралуу кабарлады. Расмий билдирүүгө ылайык, алардын бири жөнөкөй тургун, бири аскер кызматкери.

«Эки адамдын өлгөнүн тастыктай алабыз. Бири Арыстын тургуну, анын машинесине снаряд тийип, ал жараатынан каза тапкан. Экинчиси - Коргоо министрлигинде жалданып кызмат өтөгөн аскер. Анын сөөгү аскердик бөлүктөн анча алыс эмес жерден табылды», деген ички иштер министринин орун басары Юрий Ильин.

Ал эми саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов жалпысынан медициналык жардам сурап 165 адам кайрылганын, алардын жарымы ооруканага жаткырылганын маалымдады. Жарылуудан жарадар болгон 15 адам реанимацияда, алардын экөө балдар. Тогуз кишинин абалы оор экени айтылууда.

24-июнда Түркстан облусундагы Арыс шаарынын четиндеги аскердик кампадагы жарылуудан кийин жергиликтүү бийлик аймакта чукул кырдаал жарыялап, 43 миң калкы бар шаардын жашоочуларын эвакуациялай баштаган. Ички иштер министри Ерлан Тургумбаевдин маалыматына караганда, 39 миңдей адам аймактан өз алдынча чыгып кеткен.

Акимиат ушу тапта Чымкентте 22 эвакуациялык пункт ачылып, аларга 3,5 миңден ашуун адам жайгаштырылганын, адамдарга кийим-кече, тамак-аш таркатылып, медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирди. Кырсык болгон жерден качып чыккандардын арасында жакындарын издегендер да бар.

«Бала бакчанын имараты солкулдай баштаганда эле бакчадагы балдарды машинеге салып алып жөнөдүк. Кээ бирлеринин үйүнө барсак, жакындары эбак качып кетишиптир. Анан балдарды алып биз да качып жөнөдүк. Чындыгында эмне болуп жатканын түшүнгөн жокпуз. Кийин жолдо ата-энеси табылганына балдарын бердик. Аман калганыбызга шүгүр», - дейт Чымкенттеги эвакуациялык пунктта кездешкен аял.

Ал эми кош бойлуу Ляззат Даулетбаева жети баласы менен качкан. Келиндин айтымында, алар жанына документтерин алууга гана жетишкен.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймагында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылы төрт киши мүрт кеткен, 20га чукул адам жарадар болгон. 2015-жылкы жарылууда бир адамдын өмүрү кыйылган.

Арыстагы окуядан кийин коңшу өлкөнүн Ички иштер министрлиги «Адамга коркунуч жараткан курал-жарактарды колдонуу эрежесин бузуу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду.

Ал эми Сенаттын мүчөлөрү тиешелүү министрликтердин жоопкерчилиги толук каралып чыгышы керек деген позицияда турушат.

Казак бийлигинин расмий билдирүүсүнө караганда 24-июнда эртең менен Куралдуу күчтөргө караштуу кампалардын биринде өрт чыгып, анын айынан курал-жабдыктар турган жер жарылып кеткен.

Социалдык тармактарда таркаган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүн, жарылуунун үнү жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдар, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгыны көрүнөт.

Казак бийлиги Арыстагы абал дагы эле кооптуу экенин белгилеп, дагы жарылуу болушу мүмкүн экенин эскертүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Кыйналган мигрантты коргогон жердештер

Кыйналган мигрантты коргогон жердештер
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:01 0:00

АКШ Ирандын лидерине санкция салды

Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Иранга, анын ичинде жогорку лидер Аятолла Али Хаменеиге «катаал санкция» салган буйрукка кол койду.

Ал муну Ислам Республикасынын акыркы апталардагы «чагымчыл» аракеттерине жооп экенин билдирүүдө. Бул эки өлкө ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөп турган учурга туура келди. Иран болсо АКШны «согушту көксөп жатат» деп айыптап жатат.

АКШнын 24-июнда жарыялаган жаңы санкциялык тизмесине Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун сегиз жогорку аскер кызматкери да киргизилди. Бул чаралар алардын АКШдагы активдерин камакка алып, юридикалык жана жеке тараптарга алар менен каржылык алыш-бериш кылууга тыюу салат.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи.

Дональд Трамп Вашингтон Иран өзүнүн кооптуу аракеттерин, анын ичинде өзөктүк курал ишмердигин, баллистикалык ракета жасашын жана терроризмди колдоосун токтотмоюнча басым көрсөтүү улана бере турганын билдирүүдө.

«Аятолла Хаменеинин жана анын администрациясынын активдери санкциялардан четте калбайт. Бул чаралар катаал жана Ирандын чагымчыл аракеттерине ылайык жооп болот. Биз Тегеранга режим өзүнүн коркунучтуу ишмердигин, анын ичинде өзөктүк курал аракетин токтотмоюнча басым кылууну уланта беребиз. Иран өзөктүк куралга ээ болбойт. Ошондой эле биз анын терроризмди колдоосун тезинен токтотушун каалайбыз. Алар терроризмди буга чейин эч ким көрбөгөн деңгээлде колдоп жатат», - деди АКШнын президенти.

Ошол эле кезде Дональд Трамп: «АКШ - тынчтыкты сүйгөн өлкө, биз Иран же кайсы бир өлкө менен жаңжалга барбайбыз» деди.

Ал эми финансы министри Стивен Мнучиндин айтымында, жаңы санкциялар Ирандын миллиарддаган активдерин тоңдурат. Ошондой эле Мнучин Трамп ага бул жумада Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зарифке санкция салуу милдетин да жүктөгөнүн билдирди.

Зариф «Твиттер» баракчасына Трамптын администрациясын «согушту көксөп жатат» деп айыптады.

Ал эми Ирандын БУУдагы өкүлү Мажид Тахт Раванчи анын өлкөсү «санкциялык басым» менен коркутуп жаткан чакта Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүгө барбай турганын билдирди.

АКШнын жаңы санкцияларына Иран парламентинин депутаттары да пикир айтышты. Иран парламентинин депутаты Мухаммад Жавад Жамали:

«Бул адамдар дайыма согуш жарыялайт да, ошол эле кезде сүйлөшүү тууралуу суранат. Помпео мырза кечээ эле дипломатиялык алакаларды түзүүнү каалай турганын билдирсе, бир канча сааттан кийин эле Зарифке санкция салганы жатышат. Булардын сөздөрү бири-бири туура келбейт», - деди.

Иран 20-июнда АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкө ортосунда чыңалуу мурдагыдан да күчөдү. Бул окуядан кийин президент Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны баштоого аз калганда кайра токтоткону белгилүү болгон.

Тегеран америкалык пилотсуз учак өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн кабарлаган. АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирүүдө.

Пилотсуз учак боюнча жаңжал 13-июнда Оман булуңунда Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелерине чабул коюлгандан кийин болуп отурат. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео чабуул үчүн Иранды айыптаса, Тегеран бул окуяга тиешеси жок экенин билдирип, бул чагымчыл аракет болушу мүмкүн экенин ишарат кылган.

Май айында Бириккен Араб Эмираттарына таандык акваторияда да төрт кеме «диверсиялык чабуулга» кабылганы кабарланган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 24-июнда Тегеранга каршы глобалдык коалиция түзүү ниети менен Сауд Арабиясына жана Бириккен Араб Эмираттарына барды.

Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.
Дональд Трамп Иранга каршы жаңы санкцияга кол койгон учур. 24-июнь, 2019-жыл.

Дональд Трамп Иранга жана анын өзөктүк программасын 2016-жылы талапкер кезинен бери эле сындап келе жатат. Ал эми бул көз карашын президент болуп шайлангандан кийин да улантып, былтыр май айында Вашингтон Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимден чыгарын жарыялаган. Андан бери Кошмо Штаттар Иранга каршы кабат-кабат экономикалык санкцияларды киргизишти.

2015-жылы Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. Кошмо Штаттардын мурдагы расмий адамдары жана келишимге кол койгон Орусия, Кытай, Германия, Франция жана Улуу Британия Трампты келишимди сактоого чакырган.

2018-жылдан бери Трамп Иран экономикасын, анын ичинде мунай тармагын алсыратуу максатында 900дөн ашык компанияга жана адамга санкция салды. 2018-жылы Ирандын экономикалык өсүш ыргагы 4 пайызга төмөндөдү. Эл аралык Валюта Фондунун божомолуна ылайык, быйыл ал 6 пайызга азайышы мүмкүн. Акыркы жылдары Ирандын валютасы кунсузданып, азык-түлүк жана дары-дармек жетишпей жатканы тууралуу кабарлар да айтылып келе жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Жихадчылардын» тагдыры таразада

Сириянын «Ал-Хол» лагеринин аймагы. 3-июнь, 2019-жыл.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет Сирия менен Иракта кармалып турган чет өлкөлүктөр боюнча үн катты. Ал «Ислам мамлекети» террордук тобунун мурдагы согушкерлеринин миңдеген жакындары мекенине кайтарылышы керек экенин айтты.

Мишел Бачелет Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин 24-июнда Женевада башталган жыйынында Жакынкы Чыгыштагы чет өлкөлүк жоочулардын маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, «Ислам мамлекети» террордук тобунун чөлкөмдөгү очогу талкалангандан кийин Сирия менен Иракта баш-аягы 55 миңден ашуун чет өлкөлүк согушкер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кармалган.

Алардын басымдуу бөлүгүн сириялыктар менен ирактыктар түзсө, дүйнөнүн 50дөн ашык мамлекетинен келген адамдардын саны да аз эмес.

Мисалы, Сириянын түндүк-чыгышындагы «Ал-Хол» лагеринде эле чет өлкөлүк согушкерлердин 11 миңден ашык үй-бүлө мүчөлөрү - балдары менен аялдары - кармалып турат.

Мишел Бачелет.
Мишел Бачелет.

Бачелет чет өлкөлүк согушкерлердин жакындары мекенине кайтарылышы керек экенин айтты.

«Чет өлкөлүк согушкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү эл аралык стандарттарга ылайык жоопко тартылбаса, мекенине кайтарылышы керек. Өзгөчө балдардын укуктары одоно бузулуп жатат. Алардын арасында зомбулук аракеттерди ишке ашыруу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобунун азгырыгына алдангандары да бар», - деди Бачелет.

ЮНИСЕФтин эсебине ылайык, Сирияда чет өлкөлүк согушкерлердин балдарынын жалпы саны 29 миңдин тегерегинде. Алардын басымдуу бөлүгүн 12 жашка толо элек жеткинчектер түзөт.

Колго түшкөн чет өлкөлүктөрдүн маселеси Сириянын түндүк тарабын көзөмөлдөгөн күрт күчтөрүн да ойлондуруп келет. Быйыл жазында «Ислам мамлекети» тобунун Сириядагы акыркы таянычы болуп саналган Багхуз аймагы бошотулган соң күрт күчтөрү дүйнө өлкөлөрүн миңдеген согушкерлерди алып кетүүгө жана алардын күнөөсүн аныкташ үчүн эл аралык трибунал түзүүгө чакырган.

Бирок Европанын бир катар мамлекеттери жоочулардын катарына кошулуп кеткен жарандарын Жакынкы Чыгыштан алып кетүүнү анча каалабай турушат. Мисалы, Британия мындай адамдардын айрымдарын жарандыктан ажыраткан.

Сириянын «Ал-Хол» лагери. 1-апрель, 2019-жыл.
Сириянын «Ал-Хол» лагери. 1-апрель, 2019-жыл.

БУУнун адам укуктары боюнча башкы комиссары Мишел Бачелет дүйнө өлкөлөрүн согушкерлерди жарандыктан ажыратуу практикасынан карманууга чакырып, мамлекети жок адамдардын катары калыңдаганы туура эмес экенин белгиледи.

Ал Иракта жетишсиз сот иштеринин натыйжасында 150дөн ашык чет өлкөлүк эркек жана аялдар өлүм жазасына кесилгенин эске салып, мурдагы согушкерлер калыс соттун негизинде жазага тартылышы зарыл экенин айтты.

«Калыс сот аркылуу жоопко тартуу практикасы коомчулукту келечекте радикалдашуудан жана зомбулуктан коргойт. Адамгерчиликке жатпаган кармоо жана ырайымсыз жазага тартуу менен коштолгон адилетсиз сот иштери таарынычты жана өч алуу сезимин гана күчөтөт», - деп билдирди Бачелет.

«Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы жарандык согуш жүрүп жаткан Сириянын жана Ирактын айрым чөлкөмдөрүн басып алып, «халифат» түзгөнүн жарыялагандан кийин дүйнөнүн булуң-бурчунан түмөндөгөн адамдар, алардын ичинде 850дөй кыргызстандык бул топко кошулуп кеткен.

Сириядагы күрт күчтөрү өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда жихадчыларды камакка алып, алардын аялдары менен балдарын «Ал-Хол» сыяктуу лагерлерде кармап турат. «Human Rights Watch» (HRW) уюмунун өкүлдөрү мындай лагерлерде кыргыз жарандары да бар экенин ырасташкан.

Сириядан Ташкентке жеткирилген өзбек жарандары. 30-май, 2019-жыл.
Сириядан Ташкентке жеткирилген өзбек жарандары. 30-май, 2019-жыл.

Казакстан баш-аягы 350дөн ашуун жаранын Жакынкы Чыгыштан алып келди. Акыркы жолу 28-31-май аралыгында өткөн «Жусан» гуманитардык операциясынын алкагында Сириядагы согуш аймактарынан казакстандык 171 жаш бала жана 67 аял мекенине кайтарылган.

30-майда Өзбекстан да Сириядагы согушкерлер тобуна кошулуп кеткен 156 жаранын кайтарып келген. Алардын басымдуу бөлүгү аялдар менен балдар экени кабарланган.

Тажикстан май айынын башында Ирактан 84 баланы Дүйшөмбү шаарына жеткирген.

Кыргызстан да Ирактагы кыргызстандыктардын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, кайтаруу маселеси талкууланып жатканын билдиргени менен азырынча аларды алып келе элек.

Кыргыз жарандарынын Сириянын расмий бийлигинин көзөмөлүнө кирбеген аймактарда кармалып жатканы аларды мекенине кайтаруу аракетине кедергисин тийгизип жатканын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги июнь айынын башында «Азаттыкка» билдирген.

Буга чейин жакындары Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен айрым кыргызстандыктар ал өлкөдө жүргөн кыз-келиндерин жана неберелерин кайтарганга жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Каримова миллиондорунан баш тартты

Каримова миллиондорунан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:29 0:00

Казакстан: ок-дары сакталган кампа жарылды

24-июнда Казакстандын түштүгүндөгү Арыс шаарына жакын жердеги курал-жабдык сактоочу кампада жарылуу болуп, өрт тутанды. Ооруканага ондогон адамдар түшкөнү кабарланды.

Жарылуу бир адамдын өмүрүн алды

Арыс шаарындагы жарылуудан бир киши каза тапканын Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шөкеев билдирди. Анын айтымында, каза тапкан адамдын автоунаасына снаряд түшкөн.

Коргоо министри Нурлан Ермекбаев маркумдун жакындарына көңүл айтты. Кырсыктан жабыркагандардын саны отуздан ашканы расмий кабарланды.

24-июнда өткөн брифингде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин өкүлдөрү тургундарды үйлөрүнө барбай турууга чакырышты.

Чымкенттеги №1 шаардык ооруканасына ондогон адам түшкөнүн, алардын үчөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганын башкы дарыгер Абылай Донбай билдирди. Андан тышкары Отырар райондук ооруканасына жарылуудан жабыркаган отуздан ашуун киши кайрылганы маалым болду. Ички иштер министрлиги Арыс шаары менен анын жака белиндеги аймактардан 3500дей адам коопсуз жерге көчүрүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле кырсык боюнча кылмыш иши козголгону кабарланды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан кийинки абалдан жеринен кабар алуу үчүн Түркстан облусуна учуп кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Берик Уали "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага ылайык, президентти вице-премьер-министр Женис Касымбек баштаган өкмөт өкүлдөрү коштоп жүрөт.

"Бомба түшкөндөй, бүтүн терезе калбады"

Социалдык тармактардын колдонуучулары Интернетке жайгаштырган видеолордо асманга көтөрүлүп жаткан калың түтүндү, жарылуунун үндөрүн жана кымгуут түшүп ары-бери чуркаган адамдарды, шаардан чыгып бараткан машинелердин тыгынын көрүүгө болот.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

Ноябрь Кенжегараев деп аталган колдонуучу "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырган видеодо үйүнүн терезелери күбүлүп калганын көрсөтүп, “бомба түшкөндөй эле болду, бүтүн терезе калган жок”-деп жазды.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы белгилегендей, Чымкент шаардык №1 ооруканага Арыстан жыйырмадай адам жеткирилген, үч адамдын абалы оор. Ооруканага түшкөндөрдүн төртөө балдар.

Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды

Арыс шаарынын акимчилиги тараткан маалыматка ылайык, № 44856 аскер бөлүмүндө жарылуу болуп, өрт тутанганы тууралуу маалымат жергиликтүү убакыт боюнча 09:20да түшкөн.

24-июнга түшкө жуук Коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө “24-июнда Түркстан облусуна караштуу Арыс аймагына жакын жердеги Коргоо күчтөрүнө караштуу арсеналдардын биринде курал-жабдыктардын жарылуусуна алып келген өрт тутанган. Азырынча жабыркагандар жана курман болгондор жок. Окуянын себептери такталууда. Атайын комиссия түзүлүп, окуя болгон жерге жөнөтүлдү”,-деп жазылат.

40 миңдей адам жашаган Арыс шаарынын жанында Коргоо министрлигинин аскердик бөлүмү жайгашкан. Маалымат агенттиктери кырсык болгон жерге коргоо министри Нурлан Ермекбаев учуп кеткенин кабарлашты. Мурдараак Өзгөчө кырдаалдар комитети жарылуу болгон аймакта ондогон куткаруучулар иштеп жатканын билдирген.

Түркстан облусунун акими Өмүрзак Шөкеев аймакта өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди:

-Шаардын калкын коопсуз аймактарга көчүрүш керек. Ошол себептен машинелер адамдарды алып кетип, атайын уюштурулган лагерлерге жеткирилет. Бардык райондордун акимдери лагерлерди уюштуруп, келгендердин тизмесин түзүп, аларды бөлүштүрүшү керек. Ар бир лагерди аким району өз көзөмөлүнө алат. Учурда биз эвакуация маселеси менен алекпиз.

Арыстагы аскердик бөлүктөрдүн аймактарында жарылуулар буга чейин да болгон. 2009-жылдын март айында шаардан эки чакырым алыс жайгашкан бөлүктө жарылуу болуп, төрт киши мүрт кеткен, 20га чукул адам жаракат алган. Анда аскердик шаарчанын тургундары коопсуз аймакка көчүрүлгөн. 2015-жылкы жарылуу бир адамдын өмүрүн алган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды

Арыста ок-дары сакталган кампа жарылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

АКШ менен Ирандын акыйнеги уланууда

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Иранга кайрадан эскертүү берди. Ирандын президенти Хасан Роухани болсо Вашингтонду «Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады.

Иран АКШнын пилотсуз учагын атып түшүргөндөн бери Вашингтон менен Тегерандын ортосунда кайым айтышуу күчөдү. 23-июнда АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен Иерусалимдеги жолугушуусунда Тегеранга эскертүү берди.

Ал эч ким Иранга «Жакынкы Чыгышта аңчылык кылуу укугун» бербегенин айтып, бул өлкөнүн бийлигин Вашингтондун «этияттыгын» «алсыздык» катары кабыл албоого үндөдү.

20-июнда Тегеран америкалык чалгын дронун атып түшүргөндөн кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга сокку уруу планын жактырып, бирок ал операцияны кайра токтоткону кабарланган.

Трамп 22-июнда бул мааалыматты ырастап, операцияны токтотуу боюнча чечимине бир америкалык генералдын аба соккуларынан 150 ирандык каза табышы мүмкүн экенин айтканы себеп болгонун билдирген.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон президент Трамп Иранга каршы «соккуларын ушул жолу гана токтотконун» эскертти.

Америкалык пилотсуз учактын калдыктары. Тегеран, 21-июнь, 2019-жыл.
Америкалык пилотсуз учактын калдыктары. Тегеран, 21-июнь, 2019-жыл.

Тегеран АКШнын дрону өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы үчүн атып түшүрүлгөнүн билдирсе, Америка тарап бул пилотсуз учак Ормуз кысыгынын айланасындагы эл аралык акваторияда бутага алынганын белгилеп келет.

Кантсе да дрон атып түшүрүлгөндөн бир нече саат өтпөй, Кошмо Штаттар Ирандын аскердик компьютердик системасына киберчабуул койгону эми белгилүү болууда. «The Washington Post» басылмасы аты аталбаган америкалык расмий өкүлгө шилтеме кылып, мындай киберчабуулдарга президент Дональд Трамп макулдук бергенин жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча, мындай чабуулдардан кийин Ирандын ракеталарды учуруучу системасынын иши үзгүлтүккө учураган.

«Associated Press» жаңылыктар агенттиги бул чабуулдар өзгөчө Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусун бутага алганын маалымдады. Пентагон бул маалыматты ырастаган жок.

Дональд Трамп ишемби күнкү сөзүндө Иран менен тез арада кепке келүүгө даярдыгын ишарат кылып, бул кадам АКШнын финансылык чектөөлөрүнөн улам кризиске кептелген Ирандын экономикасын кайра жандандырууга жардам берерин айтты. Ал эгер Иран өзөктүк куралынан баш тартса, бул өлкөнүн «эң мыкты досу» болууга даяр экенин да белгиледи.

Америка тараптын мындай сыны менен сунуштарына 23-июнда Ирандын президенти Хасан Роухани жооп кайтарып, АКШны «чөлкөмдөгү чыңалууну күчөтүп жатат» деп айыптады. Ал Кошмо Штаттардын Жакынкы Чыгыштагы аскердик күчтөрү чөлкөмдөгү кырдаалга жооптуу болоорун эскертти.

Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ушул эле күнү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун жогорку командири Голамали Рашид да Жакынкы Чыгышта жаңжал чыкса, аны көзөмөлдөө кыйын болоорун айтты. Ал өз өлкөсү согушту каалабай турганын, бирок «коркунучтун жана агрессиянын» бардык түрүнө жооп берүүгө даяр экенин, президент Трамптын администрациясы «америкалыктардын өмүрүн сакташ үчүн жоопкерчиликтүү болушу керек экенин» белгиледи.

Айтор, Оман булуңунда мунай ташыган кемелерди бутага алган чабуулдан жана америкалык дрон атып түшүрүлгөндөн бери Жакынкы Чыгышта абал чыңалып турат. 23-июнда Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш да Перс булуңунда кырдаалды курчутуудан карманууга чакырды.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеши керек эле. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынган.

Былтыр 8-майда президент Дональд Трамп АКШ макулдашуудан чыгып жатканын жарыялап, бул кадамынын себеби катары келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын көрсөткөн. Аны улай Иранга карата санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын алакасы начарлай баштаган.

Иран өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып жатканын билдирип, АКШнын андан бир тараптуу чыкканын сынга алып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Экс-президенттин Кой-Таштагы «козголоңу»

Кой-Таштагы жыйналыш.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев ага коюлган дооматтардын баарын «калп» деп мүнөздөдү. Ал бул тууралуу 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолукканда айтты.

Аталган жолугушууда Атамбаев сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялады. Саясат талдоочулар мурдагы президенттин кескин билдирүүсү Кыргызстандын коомдук-саясий турмушуна терс таасирин тийгизерин эскертип, бийлик менен оппозицияны ымалага келүүгө чакырып жатышат.

Алмазбек Атамбаев катышкан мындай жыйындар буга чейин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын кеңсеси жайгашкан «Медиа Форум» имаратынын алдында бир нече жолу болгон. Бул ирет экс-президенттин тарапташтары Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө чогулушту.

Ага Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары Карамат Орозова, Асел Кодуранова, Анвар Артыков жана Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарынан келгени айтылган адамдар катышты. Алар «президент Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына каршы саясий куугунтук кылып жатат» деп, Жээнбековдон бийликтен кетишин талап кылышты.

Жыйында Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, Жогорку Кеңеште ага коюлган дооматтарга кескин жооп берди:

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Ушактарды чыгарып мага жалаа жабайын деп атышат. Бирок көрөсүңөр, мунун бири да чындык эмес. Эртели-кеч чындык чыгат. Мага коюлган күнөөнүн баары тең ыплас, калп. Мен аларга актанып, теңелгим келбейт. Сооронбай Жээнбеков менен парламент «Атамбаевди соттойбуз» деп театр кылып жатат. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин. Мен Кудайдын, элдин сотуна, тарыхтын сотуна даярмын».

Атамбаев азыркы бийлик Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду коргоп жатканын дагы бир жолу кайталап, Сапар Исаков баш болгон КСДПнын бир катар мүчөлөрү Матраимовдун кызматтан алынганына байланыштуу абакта отурганын айтты.

Ошондой эле бул жыйындын уюштурулуп калуу себебине токтолуп, акыркы күндөрү ага Чүй облусунун тургундары аны «коргойбуз» деп келип жатышканын, керек болсо өзү курал менен коргонорун билдирди:

«Акыркы жолу жолукканда балдар «мынча киши болуп күнүгө келебиз» деп тизме түзүп алышыптыр. «Байке, сизди кайтарабыз» дешет. Мен айттым, «менде винтовкасы да бар, тапанчасы да бар, мен өзүмдү-өзүм коргоп калам» десем болбой жатышат. Мүмкүн муну азыр «Атамбаев элди чогултуп, «мени коргоп бергиле» деп жалынып атат» деп бурмалашат да. Атамбаев дайыма өзүн-өзү коргоп көнгөн».

Мурдагы президенттин тарапташтарынын Кой-Таштагы жыйыны Алмазбек Атамбаевдин макамын алып, жоопко тартуу аракеттеринен кийин болду. 20-июнда Жогорку Кеӊеш «экс-президент Алмазбек Атамбаевди статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом кабыл алып, Атамбаевге коюлган дооматтарды текшериш үчүн Башкы прокуратурага жиберген.

Мунун алдында Атамбаевдин дарегине айтылып жаткан тогуз айыпты иликтеген депутаттык комиссия анын алтоону «негиздүү» деп тапкан. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө өткөн жыйында, мурдагы президентке коюлган дооматтар боюнча мындай деди:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

«Мен жалгыз эле Алмазбек Шаршеновичти колдоп келген жокмун. Мен Кыргызстандын келечегин колдоп, эртеңки күнүбүз кандай болот деп келдим. Эгерде ушундай мыйзамсыздык улана берсе, эртең Алмазбек Шаршеновичти алып барып отургузуп койсо, биз ага жол берсек, унчукпай отурсак тарыхыбыз эмне болот? Мен базарга, дүкөнгө, тойлорго барсам мени көргөн кишилер саясатты эле сүйлөшөт. Бирок ушул күнгө чейин бирөө да «сен туура эмес кылып атасың. Акыйкат башка жакта» деген жок. Баары тең бүгүнкү болуп жаткан мыйзамсыздыкка нааразы».

Саясат талдоочулар Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу боюнча акыркы аракеттер экс-президентти буга окшогон кескин билдирүүлөрдү жасап, радикалдуу кадамдарга барууга түртүп жатат деп баа беришүүдө. Саясий эксперт Марс Сариев Кыргызстанда саясий кырдаал күндөн-күнгө курчуп баратат деп эсептейт.

«Чын эле акыбал аябай курч, - деди ал. - Азыркы бийлик Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүшү керек. Себеби Атамбаевдин жоготчу эч нерсеси жок калды. Антпесе Кыргызстан бул иште утулат. Менин пикиримде эки тарап сүйлөшүү үчүн жолдор да бар. Ушундай негиз менен чыңалууну токтотсо болот. Ансыз деле Кыргызстанда саясий элита бөлүнгөн. Алардын өз күчтөрү бар. Андан тышкары тышкы күчтөр да таасир этиши мүмкүн».

Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исмаил Исаков Атамбаев менен анын тарапташтарынын жыйындагы билдирүүлөрүн сынга алды:

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

«Алардын коомду башка бир тарапка буруу аракети жыйынтык бербейт. Албетте, адамдардын арасынан нааразы болуп чыккандар болот. Бирок көпчүлүк түшүнөт, баары билимдүү. Атамбаев эгерде мыйзамды, элди, үй-бүлөсүн, өзүнүн статусун сыйласа «баарыңар чыдап тургула. Сот болсун. Ачык сотко келип катышкыла. Мен күнөөсүз экенимди далилдеп берем. Андан көрө мага ден соолук каалагыла» деп айтышы керек эле».

Президенттин аппараты Алмазбек Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын дооматтарына жооп бере элек. Атамбаев ар бир билдирүүсүндө сөз кылган Райымбек Матраимовдун мүлкүн болсо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) дагы эле иликтеп жатканын кабарлоодо.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев Кыргызстандын экономикасы артка кетип жатканда учурдагы саясий окуялардын ага кошул-ташыл болуп атканына кейиди:

«Азыр Кыргызстанга тынчтык, туруктуулук керек болуп турат. Өзгөчө 2019-2020-жылдары. Анткени азыр биздин коңшу өлкөлөр банктардагы акчасын туура пайдаланып, алдыга кетип атат. Биз каражатыбызды пайдалана албай атабыз. Бул экономикага чоң сокку болуп атат».

Парламент Алмазбек Атамбаевге «президент болуп туруп бийликти узурпациялап, уюшкан кылмыштуу топ түзгөн. Атамбаевдин тапшырмасы менен кримтөбөл Азиз Батукаев мыйзамсыз бошотулган жана анда коррупциялык иштер орун алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген дооматтарды коюп жатат. Анын ичинде ушул бүгүнкү жыйын өткөн «Кой-Таш айылындагы салган тамынын жери мыйзамсыз алынган» деген да айып бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жамгырды күткөн өрт өчүрүүчүлөр

Жамгырды күткөн өрт өчүрүүчүлөр
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:17 0:00

Европадагы героин Кыргызстанга көө жапты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан бараткан, 670 килограмм ооган героини бар жүк ташуучу машине Германияда кармалганы кабарланууда.

Бул жалаң эле Германиянын эмес, дегеле Европа Биримдигинин соңку жаңы тарыхында эң чоң көлөмдө кармалган оор баңгизат болуп калды. Жүк Кыргызстандан чыкканы менен жүк ташуучу машине грузин номери менен жүргөнү жана анын айдоочусу түрк жараны экендиги тууралуу маалыматтар чыкты. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги бул факты тууралуу такталган, расмий маалыматка ээ эмес экенин, жакын арада бул окуянын жагдайлары аныктала турганын жарыялады.

Жүк Кыргызстандан чыкканбы?

Эл аралык маалымат агенттиктери 31-майдан 1-июнга караган түнү немис бажычылары Германия менен Польшанын чек арасында Кыргызстандан бараткан жүк ташуучу машине кармалганын жазып чыгышты. Текшерүү учурунда анын ичинен 670 килограмм героин - оор баңгизат табылган. Маалыматка караганда, бул жүк бал жана шириндиктер катары катары документтештирилип, тууралаштырылган. Баңгизат ар бири 1,3 килограммдан турган 532 таңгакка салынып, ар биринин сыртында «Халва» деген этикетка болгон. Кыргызстандан чыккан жүк ташуучу машиненин айдоочусу - 63 жаштагы түрк жараны кармалып, тергөөдө машиненин ичинде эмне жүк бар экенин билбегенин айткан. Айдоочу кармалып, эң негизги шектүү катары камакка алынган. Жүк ташуучу машине грузин мамлекеттик номери менен болгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз борборунун өкүлү Эрнис Осмонбаев учурда бул тууралуу маалыматтар дипломатиялык каналдар аркылуу такталып жатканын билдирди:

ИИМ.
ИИМ.

«Биз ал маалыматты сураштырып, тактап жатабыз. Бирок расмий маалымат ала элекпиз. Ыкчам кызматтар болсо «бул жагдай боюнча кийин маалымат беребиз» дешти. Ошондуктан бизде азыр маалымат жок. Маалымат келип түшкөндөн кийин териштирүү башталат. Ал жүк кимге таандык болгону жана кандайча Германияга жиберилгени иликтенет».

Бирок көп өтпөй министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова Германияда Кыргызстандан бараткан автоунаадан жарым тоннадан ашык баңгизат кармалышына байланыштуу Бишкектеги «Элит Шоко» кондитердик фирмасынын ээси Аида Жолдошева Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылганын "Азаттыкка" маалымдады.

Интернетке жарыяланган маалыматтарга ылайык, кармалган жүктүн документтерде өндүрүүчү катары Кыргызстандагы «Элит Шоко» жоопкерчилиги чектелген коому көрсөтүлгөн. Жүк Белгияга багытталганы кабарланган.

Немис-поляк чек ара тилкесинде аталган көлөмдө кармалган оор баңгизаттын орточо базар баасы 45-50 млн. долларга барабар экени көрсөтүлгөн. Немис басылмалары кармалган баңгизаттын партиясы Германиянын эле эмес, Европанын соңку тарыхындагы эң чоң көлөмдөгү героин экенин жазып чыгышты. Түспөлүнө караганда жана экспертизанын жыйынтыгы боюнча кармалган баңгизат ооган героини экени тастыкталган.

Чек арадан эркин өткөн баңгизат

Кыргызстандан жүк жүктөгөн бул машине ага чейин кыргыз-казак, казак-орус, орус-беларус, беларус-поляк чек араларынан тоскоолдуксуз өтүп барып, Германияга кирип келатканда кармалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ири өлчөмдөгү оор баңгизат Кыргызстандан жүктөлгөнү аныкталса, анда бул окуя эл аралык коомчулуктун көңүлүн бура турган терс көрүнүш болорун айтты:

Тазабек Икрамов.
Тазабек Икрамов.

«Албетте, бул терс көрүнүш болду. Буга чейин деле «наркотрафик Кыргызстан аркылуу өтөт» деп айтылып келсе, эми ошол иш жүзүндө ырасталып жаткандай. Бул окуя сыртка экспортко товар чыгарган ишкерлерге аябай жаман таасир тийгизет. Текшерүү күчөшү мүмкүн. Ал жүк Кыргызстанда жүктөлгөнү ырастала турган болсо, анда бул биздин мамлекеттин бетине чиркөө болот. Анан дагы ошол жүк ташуучу машиненин Казакстандын, Орусиянын, Беларустун чек араларынан ээн-эркин өтүп кеткени кызык. Ошончо чек арадан өтүп барып, анан Германиядан кармалганы таң калыштуу».

Ошол эле кезде Европадагы бир катар интернет-басылмалар бул Грузияда каттоого алынган жүк ташуучу машиненин айдоочусу Түркиянын жараны экенин жазып чыгышты. Айдоочунун тергөөгө берген баштапкы көрсөтмөсү боюнча оор баңгизаттар менен кармалганга чейин анын жүк ташуучу машинеси Кыргызстанда иштеп жүргөн. 670 килограмм героин жүктөгөн машине Кыргызстандан чыкканы тууралуу маалымат каяктан алынганы белгисиз. Бирок эл аралык маалымат агенттиктери жана интернет-басылмалар жүк Кыргызстанда жүктөлгөнүн кабарлашууда. Ал эми Кыргызстандан жүктөлгөн товардын арасында 670 килограмм героин бар экенин немис бажычыларына Голландиянын полициясы кабарлаган. Парламенттин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев башында бул жүктүн Кыргызстанга таандык экенин тактоо милдети турганын билдирди:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Ошол эле кезде башка бир интернет-басылмаларда айдоочу түрк жараны экенин жана товар да Түркиянын товары катары катталганын жазып жатышпайбы. Андай болсо ал жүккө Кыргызстандын кандай тиешеси бар? Жүк Түркиядан бара турган болсо анда биздин кандай катышыбыз болушу мүмкүн?»

Ооган героини Ооганстандын жашыруун плантацияларында өндүрүлгөн оор баңгизаттардын катарына кирет. Борбор Азиядагы баңгизат таратуу коркунучу негизинен Ооганстандан келет. Баңгизат Кыргызстанга Баткен облусу жана Ош облусунун Чоң-Алай райондору аркылуу кире турганы көрсөтүлгөн. Эске сала кетсек, Кыргызстандын соңку жаңы тарыхында ири өлчөмдөгү, башкача айтканда жарым тоннадан ашуун героин кармалган учур болгон эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ош: Сириядан кайткандар көзөмөлдө

Сирияга барган казак жарандары. (Видеотасмадан алынган сүрөт)

Ош шаарында Сириядагы согушка байланышы бар 170ке чамалуу киши каттоого алынган. Алардын ичинде учурда Сирияда жүргөн, барып кайтып келген жана ал жакта өлгөн жарандар да бар.

Ош мэриясынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), муфтияттын жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бул апта ичинде шаардагы жети муниципалдык аймакта жыйын өткөрүштү.

Анда жаштарды экстремизм жана терроризм азгырыктарынан сактоо, аларга берилип кетүүнүн алдын алуу маселелери каралып жатат.

Бир эле аймактык кеңештен элүүдөн ашуун адам кеткен

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын адисинин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Ош шаарынан Сириядагы согушка байланышы бар деген негизде 170 адам катталган. Алардын ичинде 2013-2017-жылдар аралыгында Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра келгендери да бар.

«Бул жалпы саны, - деп түшүндүрдү ал. - Булардын баары эле Сирияга барбаса да, ал жактагылар менен байланышып, адамдарды азгырып, жиберип турган. Түрдүү жолдор менен көмөк көрсөткөндөрү бар. Биздин маалыматтар боюнча Сириядагы согушка жалпысынан 135 киши кеткен, анын ичинен 14ү ар түрдүү себеп менен набыт болгон. 20 чактысы кайтып келген. Кайтып келгендердин дээрлик баары тиешелүү беренелер менен кылмыш жоопкерчилигине тартылып, учурда жазасын өтөп жаткандары бар, жазасын өтөп, мөөнөтү бүтүп, эркиндикке чыккандары да бар».

Адистин айтымында, Сириядан кайтып келип, азыр эркиндикте жүргөн адамдар да күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө турат.

Сегиз жылга аяк баскан Сирия согушу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:36 0:00

Шаардагы жети муниципалдык аймактан Сирияга кеткендердин саны да түрдүүчө. Мисалы, бир эле Алымбек датка муниципалдык аймагынан 50гө жакын адам Сирияга кеткен. Күч кызматтарынын маалыматына караганда аймактын бир эле тургуну өзүнүн кыз-күйөө, уул-келиндерин кошкондо тогуз кишини Түркия аркылуу Сириядагы согушка жиберген. 18-июндагы жыйында маалым болгондой, бир эле Туран кичирайонунан 15 адам Сирияга кеткен болсо, анын төртөө түрдүү убактарда кайтып келген.​

Сирияга кетип, кайра мекенине кайтып келген 20 чакты адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жазасын өтөп чыккан адамдар менен жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн, айыл аксакалдарынан турган атайын мобилдик топ иштейт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди:

«Атайын кызматтар алар менен белгилүү бир негизде иш алып барат. Андан тышкары биз мэриянын өкүлдөрү, муниципалдык башкармалык, айыл аксакалдары, участкалык милиционер кирген атайын мобилдик топ түзгөнбүз. Бул топ Сирияга кеткендер жана кайтып келгендер менен, алардын жакындары менен иштешет».

Эксперттердин айтымында, учурда Сирия темасы Ошто өтө аялуу. Аны менен байланышы барлар журналисттер же эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүдөн караманча баш тартып турган кези. Ушундан улам биздин да аларды кепке тартуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Жыйындарда диний радикал уюмдарга, экстремизмге жана терроризмге жаштардын азгырылышынын алдын алуу жөнүндө да айтылууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Оштогу өкүлү Исакбай Мырзабековдун маалыматына караганда, учурда мындай терс жолдорго азгыруу мечиттерде болбойт.

«Мечиттердин баары көзөмөлдө, - деди комиссия өкүлү. - Мечиттерде андайларга жол берилбейт. Жаштарыбыз андай азгырыктарга телефонундагы социалдык тармактар аркылуу, «WhatsApp», «Одноклассники» аркылуу кирип кетип жатышат. Ошондуктан балдарыбыз, кыздарыбыз эмне менен алек болуп жатканын ата-энелер көзөмөлдөп турууга тийишпиз. «Балдарыбыз намаз окуп жатат, ыйманга бурулду» деп кубануудан мурда, алардын диндин кайсы жагын тандаганын да карап коюшубуз керек».

Ушул тапта Кыргызстандын тиешелүү органдары Ирактагы кыргыз жарандарынын дайын-дарегин аныктоо ишин аяктап, учурда аларды мекенине кайтаруу маселесин талкуулап жатат. Оштогу күч органдарынын кызматкерлеринин маалыматы боюнча, «Сириядан келе албай жаткандарды кайтарып келүүгө жардам беребиз» деп ортодон акча жасаган шылуундар да пайда болгон. Коопсуздук кызматкерлери Сирияда калып калган жакындарын кайтарып келүүнү көксөгөн тургундарды андай шылуундардын тузагына илинип калбоого чакырышууда.

УКМКнын маалыматы боюнча, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин козгогон. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып коюлган. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлүп, 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76 пайызы Ош аймагынын тургундары.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Патрулдук милицияга киргиси келгендер көбөйдү

Патрулдук милициянын автоунаалары.

Бишкекте түзүлчү Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуунун биринчи баскычы аяктады. Ага 1300дөн ашык киши катышты.

Бул жолу мурда-кийин күч тармагында иштебегендер да тест тапшырышты. Дагы бир нече сынактан кийин алардын арасынан 900гө жакыны тандалып алынат. Ушуну менен Кыргызстанда Патрулдук милицияны ишке киргизүүгө экинчи жолу аракет болуп жатат. Ушундай эле түзүм 2016-жылы иштей баштап кийин жоюлуп кеткен.

Патрулдук милицияга кызматкерлерди тандап алуу боюнча тест 17-18-июнь күндөрү болду. Сынак окуп жана түшүнүү деп аталып, жалпысынан 30 суроодон түзүлгөн. Тестти билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору алды.

24-28-июнда тесттен өткөндөрдүн ден соолугу каралып, физикалык жактан даярдыгы текшерилет. Андан соң 1-3-июль күндөрү конкурстук комиссия менен аңгемелешүү болот. Анын жыйынтыгында 871 адам тандалып, үч ай окутулат.

Комиссиянын төрагасы, жол коопсуздугу боюнча органды реформалоо үчүн түзүлгөн эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов жаңы түзүлүп жаткан Патрулдук милицияга алынчу кадрларды окутуу тууралуу буларды айтты:

Тамерлан Ибраимов.
Тамерлан Ибраимов.

«Окуу программасы эл аралык практиканын жана Ички иштер министрлигинин академиясынын тажрыйбасынын негизинде иштелип чыкты. Окутууга чет жактан эксперттер, анын ичинде Грузиядан да бир нече адистер чакырылды. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Патрулдук милицияга жумушка киргиси келгендерге адам укуктары, ок атуу, жол эрежелери боюнча окуулар болот жана физикалык жактан даярдалат».

Патрулдук милицияны пилоттук долбоор катары адегенде Бишкек шаарында, кийин аны башка облустарда да уюштуруу пландалып жатат. Тамерлан Ибраимов бул түзүмдө иштегендердин айлыгы 21 миң сомдон 30 миң сомго чейин болорун айтууда. Ал маянанын жогорулашы коррупцияны азайтат деп эсептейт.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. Анда да так ушундай убадалар берилген.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тушунда бул түзүм жоюлуп, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы негизделген. Ибраимов бул жолу Патрулдук милиция өзүн актайт деп ишенип турат.

«2016-жылы түзүлгөн Патрулдук милиция иштеп кете албай калганынын бир нече себеби бар, - деди ал. - Биринчиден, кызматкерлер сынак менен тандалып алынган эмес жана окутулган эмес. Ошондой эле толук каржыланбай калган. Башкача айтканда олуттуу өзгөрүү болгон эмес. Болгону Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип коюшкан. Кесипкөй кызматкерлерди тартып, материалдык-техникалык жактан толук камсыз кылмайынча реформа ишке ашпайт. Азыр биз мунун баарын эске алып жатабыз».

Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.
Патрулдук милицияга киргиси келгендер тест тапшырып жатышат. 17-июнь, 2019-жыл.

Сынакка күч тармагында иштеп жаткан жана мурда-кийин бул тармакта иштеп көрбөгөн 1351 киши катышты. Тест тапшыргандардын арасында кыздардын көбөйгөнү байкалды. Биз алардын айрымдарын кепке тартып көрдүк.

Мирлан Асанбеков: - Патрулдук милицияга кирем деген жөнөкөй жарандардын юридикалык билими бар. Бул тармакта мурда иштегендер ар кандай мыйзамсыз иштерди жасап көнүп калышкан да. Ал эми жөнөкөй адамдар кызматка келсе таза иштейт деп ишенем. Анткени алар бул тармакты жакшы билбейт, системадан тышкары жүргөн адамдар. Ошондуктан алардын жардамы тийет.

Айзат Сүймөналиева: - Эгерде адам иштейм деп максат койсо анын колунан баары келет. Бул иште кыздар же жигиттер деп экиге бөлгөн деле болбойт. Балдарга караганда жакшы иштеген кыздар да бар. Негизи эле акыркы жылдары күч түзүмдөрүндө иштеген кыздар көбөйүп жатат.

Быйыл февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койгон. Бишкек милициясынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев буга чейин долбоорду ишке ашырууга 381 миллион сом кете турганын билдирген. Ал Патрулдук милицияны ишке киргизүүдө чет өлкөлөрдүн тажрыйбалары колдонуларын айтып жатат:

Нур Сатыбалдиев.
Нур Сатыбалдиев.

«Грузияда жана Украинада да жаңы түзүмдөр пайда болуп ишке кирген. Биз ушул өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонуп жатабыз. Аларда жасалган реформаны толук көчүрүп алган жокпуз. Бирок тажрыйба алып жатабыз».

2018-жылы эле президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен жол кырсыктарын азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган органдардын ишин жакшыртуу боюнча эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Аталган топ былтыр жыл аягында президентке Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгын жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрүн бириктирип, кайрадан Патрулдук милицияны түзүүнү сунуш кылган жана Жээнбеков аны колдогон.

«Реформалар жана натыйжа үчүн» жарандык бирикмесинин өкүлү Урмат Казакбаев эгерде Патрулдук милиция боюнча идея ишке ашпай калса жоопкерчилик өлкө башчыга жүктөлөрүн эскертти:

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башкы аппараты, Финансы министрлиги долбоорго бут тосуп, тоскоолдуктарды кылса президентке түздөн-түз тоскоолдук кылган болот. Анткени бул иштин аягына чыгышы же чыкпай калышы, бардык жоопкерчилик президенттин мойнунда».

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, жаңы орган өзүнүн функционалдык милдеттери жана түзүмү менен айырмаланып турат. Патрулдук милиция башкармалыгынын машинесинде эки-үчтөн кызматкер болот жана алар жолдогу абалды, коомдук тартипти да көзөмөлдөшөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дүйнөдө 71 миллион киши көчө качкан

Бангладештеги качкындар лагери. 16-январь, 2018-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги былтыр дүйнө жүзүндө уруштардан, куугунтуктан же башка зомбулуктан 71 миллиондой киши башка жерлерге кетүүгө аргасыз болгонун билдирди.

Качкындардын эл аралык күнүн утурлай жарыяланган «Глобалдык тренддер» деген жылдык баяндамада качкындар, баш паанек издеген жана өлкө ичинде жер которгон адамдардын статистикасы камтылган. Айрымдары ондогон жылдан бери үйлөрүнөн алыс жашап келатышат.

Аялдар менен балдарга толгон кеме, кайыктар, таңгактарын көтөрүп алып суу кечип, чөлдөрдү аралап, тикенек зым, дубалдардан ашып өтүүнүн аргасын издеген адамдар...

​Жылына миллиондогон киши мекениндеги зордук-зомбулуктан, өкмөттүн кысымынан, кылмыштуу топтордон өз жанын, чүрпөлөрүн сактай качышат.

Оогандык качкындар Грекиянын жээгине жакындоо аракетинде.
Оогандык качкындар Грекиянын жээгине жакындоо аракетинде.

19-июнда БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди жылдык баяндамадагы маалыматтар менен тааныштырды:

- Глобалдык тенденция, тилекке каршы, дагы деле терс багытта кетип баратканын белгилейт элем. Былтыркы кайгылуу статистикага дагы 2 миллион киши кошулду. 2017-жылы 68 жарым миллиондой качкын, жер которууга аргасыз болгон, баш калка издеген киши катталганын маалымдаганбыз. Былтыр ал сан көбөйүп, 71 миллионго жакындады.

Батыштагы популисттик риторикага карабай, качкындар кризисинен негизинен өнгүп келаткан өлкөлөр жапа чегүүдө.

- Качкындардын 80 проценти коңшу өлкөлөргө жер которушкан. «Качкындар Европаны, Кошмо Штаттарын же Австралияны капташты, чукул кырдаал түзүлүүдө» деген сөздөр көп айтылат. Жок, качкындардын көбү согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдүн жанындагы, кошуна мамлекеттерге, башкача айтканда жакыр же анча өнүкпөгөн өлкөлөргө агылат. Ошол жактарда кризиске күбө болуудабыз, ошол жактарга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш, - деди Гранди.

Башка өлкөлөрдө баш калкалоого мажбур болгон 70,8 миллион кишинин жарымы балдар. Мындан 20 жыл илгери бул сан эки эсе аз болчу.

Сириялык качкындар. Ливан, 28-июнь, 2018-жыл.
Сириялык качкындар. Ливан, 28-июнь, 2018-жыл.

БУУнун жылдык баяндамасында айтылгандай, эң көп киши – 6,7 миллион - 8 жылдан бери согуш тынбай келаткан Сириядан ооп кеткен. Экинчи орунда 2,7 миллион киши жер которууга мажбур болгон Ооганстан турат.

Бирок статистикага 2015-жылдан бери сыртка агылган 4 миллиондой венесуэлалык кирбей калган. Себеби аларга көпчүлүк коңшу өлкөлөргө виза алуунун же баш калка боюнча арыз тапшыруунун кереги жок.

Жогорку комиссар Филиппо Гранди бул баяндама менен АКШнын президенти Дональд Трампка жана башка жетекчилерге мигранттар менен качкындарды коопсуздукка, жумуш орундарга кооптуу бир көрүнүш катары сүрөттөө туура эмес экенин эскертүүнү көздөгөнүн айтты. Ошол эле маалда Гранди Кошмо Штаттар качкындардын эң ири колдоочусу экенин да кошумчалады.

БУУ дүйнө жүзүндөгү жаңы чатактар, жаңжалдар качкындардын катарын толуктап, буга чейинки маселелер болсо чечилбей келатканын белгилейт.

Кыргызстанга келсек, Мамлекеттик миграция кызматынын Кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын маалыматы боюнча, 2019-жылдын 1-июнуна карата 200 чет элдик адамга качкын макамы берилди. Дагы 142 кишинин арыздары каралып жатат.

Учурда Кыргызстанда качкын макамын алгандардын арасында эң көбү ооганстандыктар (87) менен сириялыктар (70). Андан тышкары Украинадан, Ирандан, Ирактан, Мароккодон, Эфиопиядан жана коңшу мамлекеттерден келген жарандар да бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Аксыда чөккөн кыз Намангандан да изделет

Аксыдагы издөө иштери.

Аксы районунун Үч-Коргон айылында Нарын дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кызды издөө иштерине кошуна өзбек тараптын куткаруучулары да жардам берүүдө.

Аксы районунун Үч-Коргон айылында 16-июнда күндүз Нарын дарыясына чөгүп кеткен 13 жаштагы кыз табылбай жатат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, өспүрүм Үч-Коргонго апасын ээрчип таенесинин тажиясына келген. Окуя тууралуу аты-жөнүн атагысы келбеген жашоочу буларды айтты:

«Нарын дарыясына үч кыз чогуу аккан экен. Азыр дарыяга суу муздак болгондуктан чөмүлүүгө болбойт. Ошондуктан алар жээкке барып, сүрөткө түшүп жаткан учурда бирөөнүн буту таштан тайып, калган эки кызды кошо тартып кеткен окшойт. Ошондуктан адегенде үчөө тең сууда кармашып, агып келе жатышканын көрүшкөн. Кыздардын жардам сурап бакырганын уккан бир жигит экөөнү куткарып, үчүнчүсүн алайын дегенде суу түбүнө кирип кетип табылбай калган. Балким ал кыздын сууга түшкөн соң бутундагы тарамышы түйүлүп калган же болбосо суу айлампасына туш келген болушу мүмкүн».

Издөө иштери.
Издөө иштери.

Нарын дарыясы кошуна Өзбекстанга агып киргендиктен чек ара бекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзбек тарап да өз аймагында издөө иштерин жүргүзүүдө. Аксы районунун акими Ыманберди Досбаев Намнаган облусунун бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады:

«17-июнда кечке чейин издөө иштери болуп, мен өзүм башында турдум. Нарын дарыясы экиге бөлүнүп, бири Өзбекстандын Наманган облусуна кирет. Ошондуктан коңшу өлкө менен сүйлөшүүлөр болуп, жети суучул ошол жактан да издөө иштерин алып барганга даярданып жатат. Азыр Өзбекстандын Чек ара кызматы менен сүйлөшүп, алар өз тарабындагы дарыяны карап жатышат. Намангандын бийлиги менен биздин суучулдар да ал жакка кирип кароо жүргүзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мындай окуялар буга чейин да болуп келген».

​Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кайгылуу окуялар көп болуп жатат. Былтыр ушул маалга чейин 26 адам сууга чөгүп каза болсо, бүгүн бул көрсөткүч 40 адамга жетти. Алардын ичинен 12 жашка чейин 15 бала болсо, 8и өспүрүмдөр.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев облуста да өспүрүмдөр арасындагы кырсык көбөйгөнүн билдирди:

«Жайкы эс алуу убагында өспүрүмдөрдүн кырсыкка кабылышынын жана сууга чөгүп кетишинин алдын алуу максатында бардык райондор менен шаарларда милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Жалпысынан беш райондогу 40тан ашык суу жээктерине эскертме тактайлар илинди. Ошондой эле миңден ашык өспүрүмгө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мисалы, Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычына, Чаткал, Нарын дарыяларынын жээктерине, Сузак районунда Чангет, Көк-Арт суусун бойлоп, Майлуу-Суу шаарында дарыя жээгине эскертүү такталары илинди. Ушул кезге чейин төрт өспүрүм сууга чөккөнү бул иштерди күчөтүүгө түрткү болууда».

Эскертүү такталарынын бири.
Эскертүү такталарынын бири.

Өлкөнүн башка аймактарында да адамдар сууга чөгүп кеткен учурлар бар.

Алардын ичинен 17-июнда Чүй районунда 14 жаштагы өспүрүм бала сууга чөгүп кетип, сөөгү 18-июнда табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жайкысын ушул өңдүү кырсыктардан калкты сак болууга үндөгөн иш жүрүп жатканын билдирүүдө. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Элмира Шерипова мындай деди:

«Учурда биздин кызматкерлер өлкө аймагында сууга түшүүдөгү коопсуздук эрежелери жана балдарды кароосуз калтырбоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кырсыктар сууга түшүүгө ылайыкташтырылбаган каналдардын, суу сактагычтардын, дарыялардын жээктеринде болууда. Облустар арасында эң көп кырсык Чүйдө катталып жатат. Көңүл оорутарлык жагдай - кичинекей балдардын кароосуз калып сууга акканы. Аксыда Нарын дарыясына агып кеткен 2004-жылы туулган өспүрүмдү издөөгө он куткаруучу тартылган. Азыр да издөө иштери улантылып жатат».

Балдардын укуктарын коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова буга чейин «Азаттыкка» берген интервьюсунда сууга чөгүп кетүү фактыларынын көбөйгөнүнүн алдын алуу боюнча толук маалымат иштери жүрбөй жатканы менен байланыштырган:

Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

«Албетте, мындай кайгылуу окуяда ата-эненин да күнөөсү бар. Бирок, ошол эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай окуялардын алдын алуу боюнча толук маалыматтык иштерди жүргүзбөйт. «Балдарыңарды карагыла, этият болгула, сууга барбасын» деген сыяктуу СМС жиберип жатабы? Кыргызстандын 32 пайыз элин балдар түзөт, бул 2 миллиондон ашык адам дегенге барабар. ӨКМ тараптан балдардын коопсуздугу үчүн каражат бөлүнсө болот эле да. Азыр элдин көбү кымызга, эс алганы тоого барып жатат. Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатабы? «Суу жээгинде жүрсөңөр балдарыңарды карагыла, кармагыла» деп айтышпайт да. ӨКМ бизге «аба ырайы бузулат, катуу шамал болот» деп СМС жиберип жатпайбы, мен баланын коопсуздугу боюнча да маалыматтарды жибериши керек деп ойлойм».

16-июнда эле Баткен шаарына жакын жердеги Төрткүл суу сактагычына чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылган. Кечээ болсо Таласта сууга аккан 90 жаштагы карыянын сөөгүн алып чыгышты. Былтыр Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Алардын сексенинин өлүмү жай мезгилине туш келет. Булардын ичинен Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында мындай кырсыктар көп катталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG