Линктер

жума, 19-апрель, 2019 Бишкек убактысы 07:16

Сүрөт баян

Армения: аскерлер демонстранттарга кошулду

Ош базарында үчүнчү ирет өрт чыкты

Жашыл шаарым Жалал-Абад

Жалал-Абад шаарынын жашоочусу Нурмамат Сапарбаев "Азаттыкка" сүрөт жөнөттү. Жалал-Абад шаарынын жазды тосуп алган көрүнүшү төмөнкү сүрөт баянда.

Көз жоосун алган жоогазындар

Стамбул шаарында жыл сайын апрель айында жоогазын фестивалы өтөт.

Чикагодогу кыргыздардын майрамы

Кошмо Штаттардын Чикаго шаарында отурукташкан кыргызстандыктар март айынын соңунда Нооруз майрамын белгилешти. Иш-чара Кыргыз коомдук борбору тарабынан уюштурулду. Жалпысынан 300гө жакын киши катышты.

Кемерово маркумдарды жерге берди

Кемероводо соода борборундагы өрттөн каза тапкан 14 кишинин сөөгү жерге берилди. Аза күтүү шаардагы төрт чиркөөдө жана төрт көрүстөндө өттү.

Кыргыз футболчулары жеңишке жетти

Түштүк Кореядагы кыргыздар Ноорузду белгилешти

Түштүк Кореядагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын 25-мартта белгилешти. Быйыл бул майрамды алгачкы жолу ал жакта билим алып жаткан студенттер уюштурушту. Баш калаа Сеулда өткөн иш-чарада боз үй тигилип, спорттук, интеллектуалдык улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, тамак-аштар да даярдалды.

Соода борборундагы өрт 53 өмүрдү жалмады

Орусиянын Тергөө комитети Кемероводогу өрттө өлгөндөрдүн саны 53кө жеткенин ТАСС агенттигине ырастады.

Бишкек: президент катышкан ишембилик

Бүгүн Бишкекте мамлекеттик кызматкерлер катышкан жалпы ишембилик өттү.

Бишкек улуу күндү шаң менен тосту

Оштогу Кадыр түн

Ош мэриясы Ноорузга карата Кадыр түн салтанатын уюштурду. Жаш фотобаянчы Хамидулла Узаков тарткан сүрөттөр.

Кыргызстандагы орус жарандарынын добуш берүүсү

Орусиянын президентин шайлоого байланыштуу Кыргызстанда алты добушкана ачылган. Алар Бишкек, Ош, Кант, Каракол, Чолпон-Ата жана Кара-Балта шаарларында жайгашкан.

1464 килограмм бешбармак, 117 метр чучук

Гиннес рекорддор китеби үчүн жасалчу бир тонналык бешбармакты даярдоо Бишкектин “Аю Grand Comfort” соода жайында өттү.

Стамбул: аялдар укуктарын коргоп чыгышты

8-мартта Түркиянын Стамбул шаарындагы Таксим аянтында кырк миңден ашык кыз-келин жөө жүрүшкө чыкты.

Аял эне, аял бакыт

Бүгүн 8-март аялдардын эл аралык майрамы белгиленип жатат.

Ош базарын дагы өрт чалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 5-мартта "Сейтек" базарындагы өрттүн кесепетинен болжол менен 700 чарчы метр аянт күйгөн.

Ак калпак менен Туунун зоболосу

Бүгүн Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү белгиленди.

"Достук" бекети: соодадан чыккан тыгылыш

Жаз айларынан баштап Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетин кеңейтүү иштери башталат.

Кышкы Олимпиада: мелдеш жана майрамдык шаң

Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарында өткөн кышкы Олимпиада-2018 да соңуна чыкты. Биз андагы театрлаштырылган шоу-программанын жана мелдештердин акыркы күнүндөгү эң бир кызыктуу жана кооз ирмемдерин сиз үчүн чогултуп койдук.

Аскерлер мекендин тиреги

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленет.

Жазды чакырган Масленица майрамы

Бүгүн славяндардын Масленица майрамы белгиленүүдө.

Бишкекте "ооганчылар" эскерилди

Бишкекте Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгы белгиленди. Сүрөттөрдү мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү Калперизат Айдарбекова жиберди.

Сүйүүдөн чыккан сүрөттөр

14-февраль - Махабат күнүн Бишкектин жаштары да белгилеп жатышат. Бул күнү кафе-ресторандар жыкжыйма, гүл жана жумшак оюнчуктарды саткан дүкөндөрдүн соодасы кызыды.

Шамбесайды иштетүүгө каршы митинг

Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Шамбесай айылында кенди иштетүүгө каршы митинг болуп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG