Линктер

шаршемби, 24-апрель, 2019 Бишкек убактысы 22:33

Сүрөт баян

Жаңы жылды күткөн шаардыктар

Жаңы жылга саналуу күндөр калды. Калаа тургундары жакындарына белек-бечкек камдап, базарларда соода кызыды. Бишкектин көчөлөрү түстүү чырактар менен кооздолуп, Ала-Тоо аянты кышкы жомокко бөлөнгөн.

Миграцияда өткөн жылдар

18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Акыркы 10 жылда чет өлкөгө жумуш издеп кеткен кыргызстандыктар кескин көбөйгөн. Расмий маалыматтарга ылайык чет жерде жүргөн эмгек мигранттарынын саны 800 миңди түзсө, расмий эмес маалыматтар боюнча алардын саны эки эсе көп.

Айтматовдун унутулгус элестери

Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. "Азаттык" радиосу бул күндүн урматына анын мурда-кийин жарыяланбаган сүрөттөрүнүн топтомун сунуштайт.

Тоолор - Кыргызстандын чеби

11-декабрь Эл аралык тоо күнү. Кезинде Кыргызстан Улуттар Уюму тарабынан 2002-жылдын Эл аралык тоо жылы деп жарыяланышына демилгечи болгон.

Тарых: Армениядагы жер титирөө

Кыргыз футболу: мыктылар тандалды

“Football Awards” сыйлыгынын тандоосу менен Кайрат Жыргалбек уулу 2018-жылдын мыкты футболчусу атыкты. Сыйлык тапшыруу салтанаты Бишкекте өтүп, ага бир катар спорт ишмерлери, футболчулар катышты.

Ысык-Көл: катуу шамалдын кесепети

Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамалдан бир катар турак жайлар жана социалдык объектилер зыян тартты.

Айтматовдун "Ак кемеси"

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган "Декабрдын күнү" аттуу көргөзмө эшигин ачты. Мында "Ак кеме" повестинин арт-инсталляциясы жана жазуучунун эмгек жолуна арналган жаңы стилдеги картиналар коюлган.

"Көрүнбөгөн аял, көөдөндөгү кыял"

Басмырлоого кабылып, маңзат колдонгон, ВИЧ менен жашаган же зомбулуктун курмандыгы болгон 16 аялдын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Анда ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар башкаларга үлгү болуп, коомчулукту басмырлоого каршы биргелешип күрөшүүгө үндөшөт.

Жаңы конуштардын жарыбаган турмушу

Тизеге жеткен баткак жолдор, суусу жок, электр жарыгы үлбүлдөп эле күйгөн айылдар. Мындай көрүнүшкө Бишкектен алыс чыкпай эле көзүң түшөт. Баш калаанын тегерек четинде жайгашкан жаңы конуштарда кыш өзүнүн каарын көрсөтүүдө.

Бишкектеги "Кара жума"

Жоокердин анты

24-ноябрда аскер кызматына жаңы киришкен 237 жоокер Ант берди. Ант берүү аземи Бишкектеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде өттү.

Ала качуу: солуган гүлдүн элеси

Ала качууга туш болуп милиция бөлүмүнөн ажал тапкан Бурулайдын сүрөтү өзү окуган коллеждин жатаканасынын дубалына тартылды. Бурулайдын дубалдагы образы - аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук менен күрөшүп, кыздарды ала качып, зордоп никеге тургузууну жоюуга чакырат.

Ала-Тоонун чүрөгү тандалды

Тирүүлөй эстелик орноткондор

Таластын Бакай-Ата районунда 20 кишиге тургузулган айкелдердин арасында көзүү тирүү адамдардын да бар экени коомчулукта талкууга жем таштады. Мындай көрүнүшкө каршы чыккандар да, колдогондор да аз эмес. Айкелдердин арасында мурдагы жаштар министри, Апрель баатыры Алиясбек Алымкуловдун да эстелиги бар.

Уланбектен уңгулуу сабак

“Азаттык” радиосунун иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин “Чындык деп жанган өмүр” деген аталыш менен жарык көрдү. Китепке анын кыска өмүрүндө калтырып кеткен эмгектери – жемкордукту, мыйзамсыздыкты ашкерелеген видео иликтөөлөрү, даректүү тасмалары жазуу түрүндө киргизилди.

"Биз силерди унутпайбыз..."

Бишкекте Басма сөз жана маалымат күнүнө карата акыркы 25 жыл ичинде көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилди.

“Азаттыктын" жамааты ОшМУга барды

Ош мамлекеттик университетинде 6-ноябрда “Азаттык - ОшМУ” деп аталган медиафорум өттү. Иш-чара “Азаттык” радиосунун 65 жылдыгына арналды.

Кийим сакталган кампаны өрт жалмады

Бишкектеги Элебесов көчөсүндө жайгашкан номер 155 турак жайдагы кийим сактоочу кампа, ага жанаша жайгашкан үч кабаттуу үй толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн кесепеттери иликтенип жатат.

Мал базардын соодасы кызыды

Бодо мал жайлоодон түшүп, базар жанданды. Күз аш-тойдун мезгили болгондуктан Кара-Балтадагы мал базарда соода кызыган учур.

Кыргыз милициясы: мекендин жүгү оңой эмес

Жыл сайын 1-ноябрь күнү Ички иштер кызматкерлери кесиптик майрамын белгилейт. Мындан 94 жыл мурда дал ушул күнү Кара кыргыз автономиялык облусунда алгачкы милиция бөлүмү ишке кирген.

Мен көргөн Чыңгыз аба

Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү кезинде тартылган сүрөттөр. Апилмажун Темиралиевдин жеке архивинен алынды.

"Манас" - Кыргызстандын аба босогосу

Эл аралык “Манас” аба майданы жылына 2 миллиондон ашык жүргүнчүлөрдү тейлейт. Учуп конгон учактарды агымы күнү-түнү токтобойт.

Гольф - капчыгы калыңдардын оюну

Чүй облусунун Кара-Жыгач айылындагы гольф клубда аталган спорттун түрүнөн эл аралык мелдеш өттү. Ага Канададан тартып Орусия, Армения, Корея өндүү 11 мамлекеттен 50 гольф ышкыбозу катышты.

Кышты эстеткен кыламык кар

Бишкекте ушул күздөгү алгачкы кар 16-октябрь күнү кечинде жаады. Өткөн аптанын соңунда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG