Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстан

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА

Бекташ Шамшиев, Бишкек шаары

Шейшембиде «Слово Кыргызстана» гезити 2-февралга чектелген конституциялык референдумду колдоочу жамааттардын кайрылууларын “Келечек үчүн» деген аталышта жарыя кылды. Ушул эле гезиттеги Борбордук шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсү боюнча, 1991-жылы кабылданган «Референдум тууралуу» мыйзам кыйла эскибирээк калса деле, кезектеги референдумга жарайт. Борбордук шайлоо комиссиясынын ырасташынча, референдумду өткөрүүгө мамлекеттик бийлик органдары түздөн-түз катыша алат. Себеп дегенде, бул шайлоо эмес, өлкө турмушундагы маанилүү иш-чара.
«Кыргыз туусу» гезитинин шейшемби күнкү саны «Башкасын кой, Куловго эмне жок?..», «Эй, Кадырбеков, биз сени жакшы билебиз!», «Өзөктөн чыккан өрт жаман…», «Партия этегине намаз окуганда…» деген аталыштагы макалалар менен ачылат. Гезиттеги «Референдум – сенин, менин тагдырым» деген топтомдо Жаллабат университетинин ректору Жамгырбек Бөкөшовдун, экс премьер-министр Амангелди Муралиевдин, композитор Насыр Давлесовдун пикирлерине орун берилген. «Өзгөчө мага жакканы, биз Конституцияны элге, бир жаранга багыштап жазгандан кийин алардын укуктарын, эркиндиктерин кеңейтип, өнүккөн өлкөлөрдүн Конституциясына таянып жазалы деген башкы максатым ишке ашканы болду»,- деп жазат Амангелди Муралиев.
«Физик, жайдары саясатчы» «Акаевдин дымагы тарыхый логика менен акыл-эстен жогору турганын» Конституциянын жаңы редакциясы көрсөткөнүн шейшембидеги «Республика» гезити аркылуу Республикачылар партиясынын жетекчиси Гияз Токомбаев жазып чыкты. Анын айтымында, оппозиция коом ынтымагы үчүн президент менен кызматташууга кайыл болчу. Бирок, жыйынтыгында бир кишинин бийлигин бекемдөөгө арналган жаңы редакция пайда болду. Өткөн жылдын августунда президент Акаев менен масилеттешип чыккан оппозициянын төрт мүчөсү, аларга кошулган бийлик каршылаштары Конституциялык кеңешмеге чоң үмүт артышканын «Акаев эми алдабайт» деген макаласында Замира Сыдыкова баяндаган. Журналисттин пикири боюнча, «бул ирет Акаев жооткотпостон, жеке бийлигин мыйзамдаштырып койгусу келди. Буга чейин ал эркиндик менен демократияны кантип кысып келсе, ошонун баары эми Башмыйзамда жазылды». «Акаев баарыбызды алдады», деген макаласында Алманбет Матубраимов эл уйкудан ойгонуп, референдумда «бар» же «жок» дегенди чийиштен мурда шашпай ойлонуп алуу сунушун айтат. Франциядагы референдумда демилгеси колдоо таппай калганда президент Де Голь кызматтан кеткен, Аскар Акаев анын жолун жолдой алабы, дейт автор.
«Кеңешме курамына мүчө болгон оппозиция лидерлери чечүүчү жыйынга келбей, тоотпой койгон президент өз кызыкчылыгын көздөп, демейкидей алдап кетти» маанисинде ачууланып жатышат»,- деп жазды шейшембидеги «Агым» гезитинде Аман Акматов деген автор. Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Конституциялык кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Текебаев президент Акаевдин айланасында таасирдүү эки топ бар экендигине токтолгон. Депутаттын айтымында, таасирдүү топтун бири куру өмгөккө салып, баарын күч менен жасагысы келсе, экинчиси каршылаштар менен ымалага келип иш жүргүзүүнү жактырат. Президенттин бир кызматта узак отуруп калганы анын жанындагы жашырын атаандаштарынын тымызын аракеттерин жандандырып ийиши мүмкүн, деп божомол курат Абдувахаб Мониев «Тарыхый жоопкерчилик кимдин мойнунда?» деген макаласында.
Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев «Моя столица» гезитине каршы доо-арыз берип, андан 3 миилион 200 миң сом төлөп берүүнү талап кылган. Мынча акчаны табыш үчүн өкмөт башчы өзү канча жыл тынбай иштеш керек, деп суроо коет шейшембидеги «Моя столица» гезитинде Вячеслав Тимирбаев. Басылманын жаңы санында жарыяланган маегинде «Арнамыс» партиясынын лидери Феликс Кулов иштеп аткан президент каршылаштарын жок кылып, мекенине чыккынчылык кылса деле жаңыланып аткан Конституция боюнча эч кандай жоопко тартылбастыгына токтолгон.
Референдум өтүүчү жайларга ок өтпөс эшиктер коюлуп, бүлетендерди милиция кызматкерлери кайтарууга алганын Боршайлоокомдун төрагасы Сулайман Иманбаев маалымдаганын шейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. «Аалам» гезитининин башкы редакторунун орунбасары Кубаныч Сейдалиевдин маалымдашынча, басылманын шаршемби күнү жарыкка чыгуучу санында конституциялык референдум тууралуу материалдар, Жогорку Кеңештин позициясын талдаган макала жарыяланмакчы.

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН РЕФЕРЕНДУМГА КАРАТА ПИКИРЛЕРИ КАЙЧЫ ЧЫГУУДА

Бурулкан Сарыгулова, Бишкек шаары Кыргызстандагы саясий партиялар 2-февралда өтөөрү белгиленген референдумга коюла турган «Кыргыз республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы» тууралуу мыйзам долбоорунун айланасында Президенттин аракеттерин жактоочу жана ага каршы болуп эки топко бөлүнүштү.

Атайын пресс-конференция аркылуу билдирүү тараткан «Адилет» партиясынан тышкары 21-январда Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы жана фермерлер партиясы президентти колдогон билдирүү менен чыгышты. Белгилүү деңгээлде «Адилет» менен атаандаш келаткан, өзүн чордончул партиянын катарында санаган, бирок, президенттик реформага колдоо көрсөткөн партиялардын бири – «Менин өлкөм» партиясы акыркы саясий окуяларга байланыштуу көз карашын айта элек. Бул жагынан «Адилет» партиясы референдумду колдоо багытында билдирүү жасоо менен, Кыргызстандагы президентке ачык колдоо көрсөткөн ири партия болуп калды. Ал өткөн парламенттик шайлоонун алдында түзүлүп, ага райондук, областтык жана республикалык деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү жапырт мүчө болушкан. Ал эми декабрдын аягында өткөн акыркы курултайында жетекчилерди которуу менен көз карашын дагы бир ирет чыңап алган.
Партия жетекчилигинин акыркы маалыматына караганда, анын курамында азыр 60 миңден ашык мүчө катталган. Билдирүүгө байланыштуу бул күнү маалымат жыйынын өткөргөн «Адилет» партиясынын теңтөрагаларынын бири, вице-премьер министр, транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин айтымында, «Адилет» президенттин акыркы жардыктарын толугу менен колдойт.
- Кандай чечим кабыл алыш - партиянын өзүнүн эрки. Бул жерде республикалык «Адилет» партиясы референдумга чыгарылып жаткан эки маселени тең кынтыксыз колдоп берүү чечимине келди жана бул багытта алар иштерин жүргүзүп жатышат.
Референдумга байланыштуу ушундай эле түшүндүрүү иштерин эл ичинде азыр оппозициялык маанайдагы партиялар да жүргүзүүгө киришти. Оппозициялык маанайдагы 12 партия жана бир катар бейокмөт уюмдар 17-январдан тарта президент сунуш кылган «Кыргыз Республикасынын Конституциянын жаңы редакциясына» жана ага байланыштуу референдум өткөрүүгө караманча каршы экенин билдиришип, атайын штаб түзүшүп, Президенттин аракеттеринин мыйзамсыздыгын далилдөө максатын көздөшүүдө. Оппозициялык партиялардын мындай аракеттери демократиялык өнүгүүнүн белгиси деп эсептейт Жумалиев:
- Оппозицияга ыктаган партиялардын кылган аракеттери - өздөрүнүн иши. Биздин партиябыз бир ыктай референдумга кирген эки маселени тең колдоп жатат. Демек бул демократиялык өнүгүштө боло турган эле көрүнүш.
Ошол эле учурда партия оппозициялык партиялардын Конституциядагы өзгөртүүлөргө кайчы кескин көз караштарын тең бөлүшпөйт. Бул, айрыкча, саясий партиялардын квоталарына, экс-президенттин укуктарына байланыштуу.
Маалымат жыйынына катышкан партиянын саясий кеңешинин мүчөсү, президенттин кеңешчиси Эмил Акказиев айрым партиялар экономикалык кыйынчылыктар аркылуу саясий оюн жүргүзүп атат деп эсептеп, конституцияны регламент катары санагандарды сынга алды:
-Оппозициядагы коллегаларыбыз бул конституция эмес, регламент деп айтып атышат. Менимче, бул туура эмес.

Мындай пикирди ал референдум тууралуу жардыкты талкуулаган отурумда айтылган парламент мүчөлөрүнүн сөздөрүнө таянып билдирди.
Ал эми «Адилеттин» теңтөрагасы Кубанычбек Жумалиев экс-президенттин укуктарына радикалдуу оппозициялык маанайдагы саясатчылар өз кызыкчылыктарынын чегинен карап жатат деп айтты. Дүйшөмбүдө парламенттеги талкууда «Жаңы Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, депутат Исмаил Исаков бул маселе боюнча парламентте мындай пикирин айткан:
- Экс-президент кол тийбестик укугуна ээ, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, дейт. Демек, бул берене президент болуп шайландыңбы, болду, эч качан, эч кимге жол бербейсиң, билсең дагы. Мындай укук алган кандай адам болсо да каалаган ишин жасайт да.
Ал эми Жумалиевдин пикиринче:
-Мыйзамдагы негизги принциптер боюнча биз экс президент тууралуу мыйзам кабыл алышыбыз керек. Биз дегеле бийлик башында болгон адамдарды сыйлоого үйрөнүшүбүз керек».
«Адилет» партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынында эл аралык тажрыйбаларды мисалга тартуу менен, экс- президенттин жана анын үй- бүлөсүнүн укуктары тууралуу Конституция долбоорундагы беренелер туура киргизилген деп эсептешти.

1-ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КУРМАНБЕК ОСМОНОВ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ ТУУРАЛУУ МАЕК КУРАТ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Конституциянын жалпы элдик референдумга сунуш кылынган жаңы редакциясы коомчулуктун кызуу талкуусуна алынып жатат. Эксперттик топ иштеп чыккан долбоор айрым саясатчылардын каршылыгына туш болууда. Ошол маселелерге карата кабарчыбыз Кыяс Молдокасымовдун айрым суроолоруна 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов жооп берди.

- Курманбек Эргешович, жалпы элдик референдумду өткөрүү мөөнөтү өтө чукул аралыкка белгиленип калды. Ошондон улам, Эксперттик топ иштеп чыккан Баш мыйзамдын жаңы редакциясы менен элдин калың катмары толук тааныша албай калат деген кооптоонууга кандай карайсыз?

- Эми, радио угуучулар, жалпы калайык журтубуз билет. Конституциялык Кеңеш жалпы элдик талкууга койгон мыйзам долбоору дагы азыркы мыйзам сыяктуу эле гезиттерге басылып чыккан. Элдин колунда, Конституциялык өзгөрүштөргө кызыккан Конституциянын бүгүнкү күнү иштеп жаткан редакциясы бар, эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясы дагы бар. Салыштырууга ар бир кызыккан адамдын толук мүмкүнчүлүгү бар.

- Курманбек Эргешович, айрым саясатчылар Конституциялык кеңеш иштеп чыккан долбоорду элдик талкууга койдук деген шылтоо менен, Баш мыйзамдын долбоорун Ак үй өзү каалагандай түскө бойоп алды деген пикирлерге карата кандай жооп берээр элеңиз?

Эл эгемендүүлүктүн, бийликтин бирден бир ээси. Дал ушул Конституциялык негизги принципке таянып туруп, 2 ай бою жүргөн талкууларды эске албай коюуга болобу? Албетте болбойт. Мына ошол үчүн бул эксперттик топ ошолорду жыйнап, юридикалык мыйзам чыгаруу техникасынын эрежелерин сактоо менен жалпылаштырып, долбоорго киргизип атат. Конституциялык кеңештин эң акыркы жыйынында анын айрым мүчөлөрү: «Кана, ошол сунуштарды бизге көргөзгүлөчү» дейт. Бирок, бир да депутат Конституциялык кеңештин секретариатына келип, сунуштар менен таанышууну каалаган жок. Элден келип түшкөн сунуштардын баарысы аты-жөнү, койгон колдору менен бар. Аны эч ким демилге көтөрүп, атайлап уюштурган да жок.

Айрым депутаттардын пикирине караганда, Өкмөт эң негизги мыйзамды, тактап айтканда салык боюнча мыйзамды кабыл алуу укугун депутаттардан тартып алганы туура эмес деп жатышат. Буга карата сиздин көз карашыңыз.

- Өкмөттүн ыйгарым укугуна салыкты, сөзсүз түрдөгү төлөмдөрдү, кээ бир учурда ошолор боюнча чечим кабыл ала алат, ошолордун ставкаларын беките алат, же болбосо өзгөртө алат деген жобо чынында кирди. Бул Конституциялык кеңеш мезгилинде дагы кызуу талкууга алынган. Эми ушундай нерселер жөнүндө айтып атканда, мыйзам долбоорун так окусак. Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында ушундай чечимдерди өкмөт кабыл ала алат, сөзсүз түрдө Жогорку Кеңешке билдирүү менен. Эгерде парламент ошол чечимди туура эмес десе, аны бузуп коюшу да мүмкүн. Албетте, салык маселесин парламент чечиш керек. Бирок, бүгүнкү күнү рыноктук мамилелерден келип чыккан, рыноктук, экономикалык конюктураларды эске алуу менен тез чече турган маселелер болот. Эгерде комитеттерден, анан кийин пленардык жыйындын талкуусунан өтүүсүн күтүп отурсак, мамлекеттин экономикалык кызыкчылыгына, демек, элдин кызыкчылыгына зыян келип калышы мүмкүн.

Курманбек Эргешович, дагы бир талаш-тартышты жаратып жаткан жагдай, бул депутаттардын мандатын алып коюунун баш мыйзамга киргизилиши. Жогорку Кеңештин ички регламентин Конституцияга киргизүүнүн зарылдыгы бар беле?

Регламент жөнүндө мыйзам, комитеттер боюнча, алардын саны боюнча, добуш берүү тартиби, депутаттын мандатынан ажыратуу маселелери боюнча маселелер закондуу түрдө чечилбей келе жаткан. Мурдагы Конституция боюнча депутат өзүнүн абийирине баш ийет дейт. Абийир деген ар кимде ар кандай болот. Аны кандай деп түшүнүүгө болот? Депутат кааласа жумушка келет, кааласа келбей коёт. Келбей койсо этика боюнча комиссия бар, ошол күнүмдүк айлыгынан кыркышка сунуш кылууга гана акысы бар. Башка эч кандай чара жок. Эми депутаттар дагы мамлекеттик кызматтын эң жогорку тепкичинде турган адамдар. Ошон үчүн аларды эл шайлап, мандат берип, ишеним көрсөтүп, мыйзам чыгаруу бийлигине жиберген адамдар дагы тартипке баш ийиш керек деген эле максат. Кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына кол салуу деп кароого болбойт. Көп учурларда, үзгүлтүккө учураткысы келсе, бир нече депутаттар сүйлөшүп алып эле чыгып кетет, же келбей коёт. Мына ушундай кворум болбой калган учурлар көп эле болду.

Сиздин оюңузча Баш мыйзамдын жаңы редакциясында өз ара бийлик бөлүштүрүүдө калыстыктан таюу болгон жокпу?

Бийлик бөлүштүрүү деген кандай? Бул ыйгарым укуктарды жана ошо укуктар менен берилген мамлекеттик функцияларды бөлүштүрүү болду. Президент өз калоосу менен бир топ орчундуу ыйгарым укуктарын жана функцияларын Жогорку Кеңешке берип атат. Өкмөткө бир эле маселе боюнча берип атат. Акимдерди, губернаторлорду сунуш кылууну премьерге берип атат. Премьердин сунушу боюнча ал анан жергиликтүү кеңештердин макулдугу боюнча чечилет. Демек, кадр маселесин Жогорку Кеңеш менен бөлүшүп атат. Анан өкмөт мүчөлөрүн жумуштан бошотуу боюнча, ар бир өкмөт мүчөсүн сөзсүз Жогорку Кеңештин макулдугу менен, премьердин сунушу менен бекитет. Ал эми бошотууга ар кандай себептер болушу, депутаттар макулдук бербеши мүмкүн. Өкмөт мүчөсү тарабынан кетирген кемчиликтер, катачылык оркоюп көрүнүп турса, анан депутаттар макулдук бербей турса. Бул жакшы механизм эмес. Эң негизгиси аларды дайындоого макулдук алуу принциби макулдашылган.

Курманбек Эргешович, өкмөттүн структурасына кирбеген мамлекеттик органдар дагы эле президенттин карамагында калып калышына да токтоло кетсеңиз.

Өкмөтүн структурасына кирбеген аткаруу органдарын түзөт жана жоёт деген. Аны ким түзүш керек? Ар кандай кырдаалга жараша, ар кандай органдарды түзүү муктаждыгы болуп калышы мүмкүн. Мисал үчүн, согуш абалы жарыяланса, киргизилсе, Коргоо кеңешин түзүүгө муктаж болобуз. Кудай сактасын, тынчтык мезгилинде Токой кызматы деген орган керек, ал кайсыл бир бийликтин кызыкчылыгын көздөп, алардын камчысын чаппай турган орган, өкмөттүн курамына кирбейт жана башка ушундай инспекция, же агенттик муктаждыкка жараша убактылуу түзүлө турган органдар болушу мүмкүн. Ал эми такай иштей тургандар өкмөттүн курамына кирет жана мыйзамдуу түрдө түзүлөт. Өкмөт президентке эле баш ийип калыптыр дейт. Мына мыйзам долбоорунда жазылып турат, Президенттин алдында жооптуу, Жогорку Кеңешке отчет берүүгө милдеттүү деп. Жогорку Кеңешке демек, ал баш ийет. Өкмөттүн структурасын парламент бекитип атса, анан кайсы өкмөт Жогорку Кеңешке баш ийбей калат эле.

Курманбек Эргешович, эми соңку суроом, Жогорку Кеңештин депутаттарынын санынын азайып калышына жана партиялык тизменин жоюлушуна байланыштуу болмокчу. Эксперттик топтун мындай алымча- кошумчасына карата сиздин пикириңизди уккубуз келет.

-Депутаттардын саны боюнча Конституциялык кеңеште баарыбыз тең катышканбыз, 90 деген цифрага консенсустук келишим менен менен келгенбиз. Сунуш кылгандардын кээ бири депутаттардын санын 35, 45 эле кылып койбойсуңарбы дешсе, кээ бири айтты 105 кылыш керек деп. Эми биздин чакан, унитардуу мамлекетте бир палаталуу, такай негизде иштей турган парламент болмокчу. Көпчүлүктүн пикири боюнча 75 депутат оптималдуу деген ойлор айтылды. Муну бирөө ойлоп таба калган жок. Анан жана партиялардын шайлоого катышуу принцибине токтолсок. Конституциянын 8-беренесинде саясий партиялар мамлекеттин ишине 2 гана формада катыша алат. Биринчи формасы, бул өздөрүнүн өкүлүн элдик шайлануучу органдарга көрсөтө алат. Экинчиси, ошол органдарда фракция түзө алат деп айтылган. Бул - жалпы жобо, жалпы Конституциялык принцип. Эки палаталуу парламент мезгилинде, партиялык тизме менен шайлоону дагы башыбыздан өткөрдүк. Бирок, ошол партиянын тизмесинин артында кимдер турат? Аларды эл билбейт. Мындайча айтканда, ким бар экенин билбей жөн эле партияга эле добуш бере берген, ал партия канчалык көп добуш алса, тизмеге кирген ошончо көп партиянын мүчөсү парламентке шайланган. Эми конституциялык принципке таянып туруп, партиялар өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтө берсин, элге ачык чыксын. Мындай тажрыйба көп мамлекеттерде бар. Эң акыркы айта турган нерсем, Конституциялык кеңеш иштеп чыккан принциптер жаңы мыйзамдын негизги өзөгүн түзөт. Ал эми элден келген ой-пикирлер эске алынбай коюуга такыр болбойт. Ошон үчүн долбоор элге ачык жарыяланды, эми эл өзүнүн оюн референдумда «макул» же «жок» деген жооп менен билдирет.

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ САЯСАТЧЫЛАР АРАСЫНДА КЫЗУУ ТАЛКУУ ЖАРАТУУДА

Кыяс Молдокасымов,Бишкек. Кыргызстандын Конституциянын жаңы редакциясы, 2-февралга белгиленген жалпы элдик референдум жана өлкөдөгү конституциялык реформанын ар кандай өңүттөрү тууралуу талкууга Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев катышат.

- «Азаттык» радиосунун Бишкек студиясында кезектеги өткөрүлүп жаткан тегерек столдогу талкуу, Конституциянын жаңы редакциясына жана 2-февралда болуучу референдумга арналат. Бүгүнкү талкууга Кыргыз Республикасынын биринчи вице премьер-министри Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаевдер катышып жатат. Коомчулуктун көңүлүн бурдурган бүгүнкү баш маселе - бул Конституциянын жаңы редакциясы болуп атат. Мына ушул багытта алгачкы сөздү Курманбек Эргешович, сизге берсек. Эксперттик топ менен Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан редакциясынын ортосунда ажырымдар бар экен. Ушундай бир ажырымдын кирип чыгышынын себеби эмне?

Курманбек Осмонов:
- Негизги өзөгү, негизи катарында ушул мыйзамдын Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан принципиалдуу маселелери болду, мыйзамдын өзөгүн түздү десек болот. Ал эми эки жарым айдан ашык убакыт талкууланган карапайым элдин пикирлерин эске албай коюуга эч кимдин укугу жок. Мына ушул айрым түзөтүүлөр, толуктоолор болгон болсо, ошол элдин пикиринен келип чыккан деп эсептейм.

- Ушул Конституциянын жаңы редакциясын референдумга алып чыгып жатканда, Конституциялык Кеңешменин мүчөсү катары сиздер дагы акыркы жыйынында каршы, нааразычылык пикирлериңиздерди айтып жатасыздар. Кандай жагдай сиздерди ошондой пикирлерди айтууга түртүп атат? Ишенбай Дүйшөнбиевич, сөз кезеги сизде.

Ишенбай Кадырбеков:
- Конституциянын азыркы жаңы редакциясы, принцип жактарынан карап келгенде Конституциялык Кеңешменин берген редакциясына туура келбейт, таптакыр башка редакция чыгып калды. Конституциялык Кеңешмеде дагы, президенттин указында дагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө маселе болчу. Эгерде текстти карап көрсөк, 60-70 % мурунку Конституциянын редакциясы калыптанып калган. «Элден келип түшкөндүктөн киргиздик» деп атат. Конституциянын эң биринчи принциби бар, «Кыргызстанда бийликтин башында эл турат» деген, эгемендүүлүктүн, бийликтин башына «бийликтин ээси» деп элди койгон. Демек элден кийин, алардын өкүлдөрү президент, Жогорку Кеңеш, анан кийин калган башка институттар мамлекетти башкарат. Эми ушул улук элдин конституциялык укугун Конституциядан алып койгонуна таңгаласың. Конституциялык укугу бузулуп калса, Конституциялык Сотко кайрыла турган укугун алып койгон да. Кайсы топтун, кайсы элдин «конституциялык укугубузду алып кой» деген сунушу болду? Конституцияда бир чоң глава жазылган адамдын укугу боюнча. Адамдын укугу, конституциялык укугу тебеленип турса, ал эч кимге кайрыла турган мүмкүнчүлүгү болбой калат. Экинчи жагы - Конституциялык Кеңешмеде мындай маселе каралган эмес. Ушул Конституцияда Жогорку Кеңештин регламенти жазылган экен. Каякка барат, эмне кылат, канча комитет түзөт, кандай мыйзам кабыл алат, кандай добуш бериш керек? Эң коркунучтуусу - эл шайлаган депутатты өзүнүн добушу менен «жумушка келбей койдуң» деген шылтоо менен депутаттык мандатын алып коё турган укук берип койгон. Бул Конституциянын эң негизки принцибин бузган деп эсептесе болот. Кыскача айтканда, бул жаңы редакциядагы Конституция Кыргызстандын демократиялык жолунун теңирден тескери кеткен деп бааласа болот.

- Өмүрбек Чиркешович, сиздин пикириңиз?

Өмүрбек Текебаев:
- Өлкөдөгү социалдык, экономикалык, анын натыйжасы болгон саясий кризис конституциялык реформанын зарылдыгын шарттады. Мына ушундай кыйын кезеңде Кыргызстандын башы көрүнгөн бардык уул-кыздары биригишип, Конституциялык Кеңешмеге ийри отуруп түз кеңешип, орток бир чечим чыгарып, Кыргызстанды стабилдүүлүккө алып келип, мындан ары өнүксөк деген ниет менен жыйналды. Бул жерден айтып кете турган нерсе - мына ошондой жыйналышка барып Кыргызстандын жигиттери, уулдары бир пикирге келе алат экен. Биз баарыбыз бир пикирге, бир жыйынтыкка келдик. Элдик талкуу деген ат менен талкуу уюштургандан кийин, эл алдында кол алышып, ачык жыйынтыкка келип макулдашкандан кийинки негизги принциптер алмашып кетти. Ал кандай принциптер эле? Биринчи, эң негизги принцип - президентте эбегейсиз бийлик жыйналып калган, муну алып мамлекеттик башка бийлик органдарына бөлүштүрүп бермейинче, бул система өзгөрбөйт деген жыйынтык. Муну президент Буш менен жолугушуу учурунда дагы, «бир топ жыл илгери мен бекер жыйнап алган экемин, ушуну бөлүп берейин» деген оюн ал жерде да, коомчулукта да айтып келди. Өкмөт президенттен көз каранды болбош керек деген идея болчу. Экинчи принцип - премьер-министрди, өкмөттү президент Жогорку Кеңештин макулдугусуз кызматтан алып коё албайт деген негизги принцип - өкмөттүн көз каранды эместигинин гарантиясы болгон. Мына азыр биз жылда бирден өкмөт алмаштырабыз, жети премьер-министр алмашылды. Өкмөт чындыгында президенттин администрациясынын уландысы катары кызмат кылып келатат. Биз ушул принципке макулдашканбыз, президент өзү макул болгон, бүгүнкү редакцияда ал жок. Президентке өкмөттүн башынан баштап, райондун акимине чейин өзү каалаган убакта эч ким менен кеңешпестен кызматтан алып кою укугу берилди. Бул, өкмөт президенттин администрациясынын уландысы болуп калды дегенди билдирет. Ачык эле айтып коюш керек, майлуу, пулду жерлердин баарын президент өзүнүн указы менен башкарып, өзү орган түзүп, өзү дайындап келет дегенди билдирет. А биздин принципте президент акча, кадр маселесинен чектетилиш керек деген негизги принцип эле. А бүгүн биздин президент бардык маселе боюнча негизги фигура болуп калып отурат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кескин азайды, өкмөт түздөн-түз президенттин көзөмөлүндө болуп калды. Бул президенттин бийлиги мурункуга караганда бир кыйла эсе чоңойду дегенди билдирет.

- Курманбек Эргешович, жогоруда «чындыгында ушул Конституциянын жаңы редакциясы мурдакыга караганда теңирден тескери өзгөрүп кетти» деп аргументтер келтирилди. Ушуларга карата сиз кандай ойлорду айтаар элеңиз?

Курманбек Осмонов:
- Мен Кадырбеков Ишенбай Дүйшенбекович менен Текебаев Өмүрбек Чиркешовичтерге ачык-айрым ойлорун айткан үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Эми Конституциялык кеңеш жалпы элдик талкууга койгон мыйзам долбоору дагы азыркы мыйзам сыяктуу эле гезиттерге басылып чыккан. Элдин колунда Конституциянын бүгүнкү күнү иштеп жаткан редакциясы дагы бар. Анан Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясы дагы бар. Салыштырууга ар бир кызыккан адамдын толук мүмкүнчүлүгү бар. Албетте, «теңирден тескери болуп калыптыр» деген ойлор дагы айтылып атат. Бирок мен ал ойлорго толугу менен кошула албайм. Албетте, кээ бир депутаттардын иштөө тартибин, Жогорку Кеңештин иштөө тартибин аныктаган кээ бир нормалар кирди. Ал эми депутат системалуу түрдө жумушка белгисиз, жүйөөсүз себептер менен келбеген учурун кайра эле ошол депутаттардын кароосуна берип атат. Эми баягы ачык айткандын айыбы жок дейт. Мына мен дагы парламентте иштедим. Маанилүү чечим, маанилүү мыйзам кабыл алаар учурда болуп турган кворум дагы болбой калат, же болбосо ошол жерде отурган депутаттар эле добуш бербей коёт. Эми эл депутаттарды бир бийлик органына, бутагына иштесин деп, мандат берип жөнөтүп атат да. Бул депутаттарды тартипке чакырган, ушундай механизмдер кирген, депутаттарга жакпайт. Ишенбай Дүйшөнбиевич туура айтты, эл - эгемендүүлүктүн, бийликтин бирден бир ээси. Дал ушул конституциялык негизги принципке таянып туруп, 2 ай бою жүргөн талкууларды эске албай коюу болобу? Албетте болбойт. Мына ошон үчүн, бул Эксперттик топ ошолорду жыйнап, юридикалык мыйзам чыгаруу техникалык эрежелерин сактоо менен жалпылаштырып киргизип жатат.

- Урматтуу тегерек столдун катышуучулары, коомчулуктун көңүлүн бурдурган дагы бир маселе. Жаңы редакцияга Жогорку Кеңешке шайлоого партиялык тизменин алынып салынышы болуп атат. Бул тууралуу Өмүрбек Чиркешович сөз сизде.

Өмүрбек Текебаев:
- Көп өлкөдө мажоритардык система бар дейт. Ооба, биз жетимиш жыл союздун убагында, мына 12 жыл жаңы тарыхыбызда мажоритардык система менен шайланып келип отурабыз. Бул бир мандаттуу округдардан шайлануу дегенди билдирет. Кыргыздарда болгон эң терс, тууганчылык, трайбализм сыяктуу көрүнүштөрдү бул күчөтүп жиберет экен. Кыргызстанда уюшкан саясий күч жок дейбиз, анткени алар 75ке бөлүнгөн. Эгер баары уюшулуп бир жерден элдин ишенимин ала турган болсо, бүткүл Кыргызстан боюнча саясий партиялар уюшулуп, баардык булуң-бурчтарына жетет эле. Бул эмнени билдирет? Эгерде бүткүл булуң-бурчка жеткен партиялык уюмдар болсо, бүгүн президент мындай референдумду өткөрө албайт болчу. Биз «чу» дегенде эле 15 күндүн ичинде бүткүл республиканы көзөмөлдөп коёт элек. Азыр канчалык партиялар бар дегенибиз менен, эл кызыкдар болбогондон кийин, ар ким өзүнүн округуна барам деп, кызыгышпайт. Мына 15 күндүн ичинде биз көзөмөлдөйбүз десек дагы, алыбыз жетпейт. Азыр бийлик каалаганын жасашы мүмкүн. Мына ушундай күчтүү саясий уюмдашкан уюмдар пайда болгонунан коркуп, президент жана анын айланасындагылар ушуну жокко чыгарганга аракет кылышты. Эл монархизмден анархизмге чейин түрдүү, карама-каршы пикирлерди айтты. Ушунун ичинен ящиктен силер каалаганыңарды тандап алдыңар. Көбүн бийлик уюштурду. Президент ноябрдын аягынан баштап тескерисинен кетти. Бүт региондорду кыдырып «Парламентке көп укук берип коюптурбуз. Мен эми сүйлөшпөйм булар менен, мени алдап кете турган болду. Мени кет деп атат» деди. 6 миңге жакын сунуштар түштү. А мен сизге 10 миңдеген адамдарын сунуштарын көргөзүшүм мүмкүн. Эл «бүгүнкү бийлик системасы башкара албайт, тажадык. Бүт ыплас системасы иштерге батты. Биз ишенбейбиз» деп атат. А биздин ушу системаны оңдогондун ордуна кайра эле бир фигуранын алдына баарын үйүп-жыйып, ушуну жасап атабыз. Туура, сиз айткандай, формасы боюнча сакталгандай эле болуп турат, бирок маңызы боюнча таптакыр өзгөрүлдү.

Ишенбай Кадырбеков:
- Курманбек мырза, мен сизге дагы бир нерсени айтып кетейин дегеним, сиз сот болуп иштедиңиз, Конституциялык Сотунда да иштедиңиз, бул жагынан чоң тажрыйбаңыз бар. Соттун түзүлүшү эмнеде? Негизги адамдын укугун бирөө бузганда, ошо сотко кайрылып өзүнүн укугун ордуна келтирүү. Конституциялык Сотко бир гана конституция укугу бузулганда кайрылышы мүмкүн. Конституцияны ким бузат? Президент бузат, Жогорку Кеңеш бузат, аткаруу бийлиги бузат, Борбордук шайлоо комиссиясы бузат. Ал эми негизги кимдин укугу тебеленип атса ал өзүнүн укугун сактай турган Конституциялык Сотко кайрыла албай калып жатат. Адамдын укугунан бийик эч нерсе жок. Адамдын укугунун негизинде биздин мамлекет түзүлүп жатса, биз адамдын укугун тебелеп-тепсеп, конституциялык укугун сактай турганына кайрыла албайт деген бул болбогон нерсе да. Жогорку Кеңештеги депутаттар жумушка келбей калса, тартибин караш керек да. Бирок ошол эле, эгерде ушул принципти - ички регламентти Конституцияга киргизип атсак, бул принципти өкмөткө да киргизиш керек. Себеби, мен Жогорку Кеңештин депутатымын, министрди жума сайын таба албайм. А президентти айтпай эле коюн. Демек, анда бул принципти башка бутактарга да киргизиш керек. Конструкциясы бузулса редакцияда принциптер бузулат. Демек Конституциялык Кеңешменин келишимге кирген чечими калбай калган деген себебибиз ушундан чыгып атат.

Курманбек Осмонов:
- Эки урматтуу оппоненттеримдин ойлорунун көбү адилеттүү деп айтсам болот. Бирок мен көпчүлүгүн бөлүшө албайм. Анткени, мен бир эле өкмөт адам катары эмес, жаран, адис катары дагы өзүмдүн позициям бар. Позициялардын келишпөөчүлүгү бул трагедия эмес. Бул нормалдуу көрүнүш. Баягы эле мурда айтылган суроолордун тегерегинде сөз болду. Мен аларга жооп кайтарбай эле, мындай деп айтаар элем. Эми эл көрөгөч, эл акылдуу. Эл деле ушул мыйзамдын жаңы долбоорун окуп көрүп, ой жүгүртүп, анализдеп, анан кийин өздөрүнүн ойлорун билдирүүгө референдум күнү толук мүмкүнчүлүгү бар. Эл талкуулады, анан Эксперттик топ айтты. Башкалар сыяктуу эле бул демилге, бул укук президентке таандык. Президент алып чыгып жатат. Эл чечет.

Өмүрбек Текебаев:
Жакында референдум болот. Курманбек Эргешович айтып отурган оппозициялык күчтөрдүн чамасы чектелүү. Ошондуктан биз кеңешип чечим кабыл алган Конституциялык Кеңешменин чечимине бул долбоор туура келбейт. Анын негизги принциптери бул жерде сакталган эмес. Эң өкүнүчтүүсү - бир да саясий партия, бир да саясий күч 15 күндүн ичинде республика боюнча көзөмөлдөө акциясын өткөрө албайт. Биз, албетте, колдон келген аракетибизди кылабыз.

Ишенбай Кадырбеков:
- Азыркы сунуш кылган Конституция, бул Кыргызстандын демократиялык жолунан тескери бурулуп, адамдын укугун басынтып, бир колго күчтүн баары тең топтолуп, бүгүнкү иштеп жаткан Конституцияга караганда мурункусу төмөн, эгерде бул Конституцияны кабыл алсак, анда Кыргызстан саясат, мыйзам жагынан артка кеткен жолго кетип атабыз.

Курманбек Осмонов:
- Мен дагы эле ошол жалпы Кыргызстан элине кайрылып, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айткым келет. Өзүңүздөр калыссыздар, таразасыңар урматтуу калайык калк. Сиздерде Конституциялык Кеңешме сунуш кылган, жалпы элдик талкуу мезгилинде ар кандай сунуштар айтылган мыйзамдын акыркы, жаңы редакциясы колуңуздарда бар. Ошону терең окуп, анализдеп туруп бүтүмгө келишиңиздерди мен өтүнөм жана ошого чакырам.

ЕВРАЗИЯ ЭКОНОМИКАЛЫК ШЕРИКТЕШТИГИНИН БАШ КАТЧЫСЫ КЫРГЫЗСТАНДА БОЛДУ

Сапар Орозбаков,Бишкек. Евразия Экономикалык Шериктештигинин (ЕврАзЭС) баш катчысы Григорий Рапота 16–январда Бишкекте болуп, премьер-министр Николай Танаев менен сүйлөшүү өткөрдү. Ал өзүнун Кыргызстанга келишинин максатын февраль айында Москвада боло турган экономикаалык форумду өткөрүү маселесин кыргыз өкмөтү менен макулдашуу деп түшүндүрдү. Анын айтымында, бул жыйынга өкмөт башчыларынан тышкары ишкерлер да катышат.

Григорий Рапота Кыргызстанда бир эле күн болду. Ал адегенде Астана менен Алматыда болуп, ал жерде 14-15 январда болуп өткөн ЕврАзЭСтин туруктуу өкүлдөрүнун кезектеги отурумуна катышкан, Казакстандын премьер- министри Касымжоомарт Токаев менен да жолугушуп сүйлөшкөн. ЕврАзЭСтин баш катчысы Бишкектин журналисттерине кыскача интервью бергени менен, ашык эч кандай сөз айткан жок. Анын 16-январдагы Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен жолугушуусуна журналисттер чакырылды. Бирок алар башталышына гана кое берилип, сүйлөшүүнүн өзү жабык эшиктин артында өттү.
- Менин Бишкекке келишимдин максаты февраль айында боло турган экономикалык форумду даярдоо маселесине байланыштуу. Бул форумду өткөрүүнү Интеграциялык комитетке 5 премьер-министр тапшырган. Форумду кантип өткөрөбүз, Кыргызстандан ага кимдер катышат – бул маселерди кыргыз өкмөтү менен макулдашышым керек болчу, - деди Григорий Рапота бизге Кыргызстандын премьер министри Николай Танаев менен жолугушуудан чыгып жатып. Аны коштоп жүргөн адамдардын айтымында, экономикалык форум 27-28 февралда Москвада өтөт. Ага премьер-министрлерден тышкары бизнес чөйрөсүнүн адамдары катышат. Анда карала турган маселер тууралуу:
- Ишкерликтин ар кандай чөйрөлөрүнүн кызматташуу маселелери каралат. Бул - транспортко, энергетикага, агроөнөржайга байланыштуу маселелер. Анын баары реалдык сектордун өңүтүнөн каралат, – деди ЕврАзЭСтин баш катчысы.
Адегенде 1995-жылы Бажы Биримдиги деген ат менен пайда болуп, кийин - мындан 2 жыл мурда - Евразия Экономикалык Шериктештиги болуп кайра түзүлгөн бул регионалдык бирикме Европа Биримдиги өндүү кубаттуу уюм болуп кете алган жок. Тиешелүү келишимдер иштелип чыкпай, иштелип чыкса кол коюлбай, кол коюлса аткарылбай жатат. Бирикмеге кирген 5 өлкө көлөмү боюнча да, тутунган экономикалык саясаты боюнча да ар кандай өлкөлөр. Аларды бириктирип турган нерсе –Орусия башчылык кылган СССРдин курамында алардын бирге болгондугу. 90-жылдардын башында эгемендик алган бул 5 өлкө «биздин экономикабыз тыгыз байланышкан, ошондуктан азыр эркин соода зонасын түзүшүбүз керек» деп сөз жүзүндө айтышканы менен, иш жүзүндө бири-биринин рыногуна жол ачмак тургай, бири бири менен тымызын «соода согушун» жүргүзүп келишет. Өткөн жылы Казакстан Орусиянын бир катар товарларына жогорулатылган бажы тарифтерин киргизген болчу. Ал ошондой эле Кыргызстандын айрым товарларын өз рыногуна кое бербей келет. Бирикме азыр катуу сынга туш болууда. Бишкекте жолугушуу өтүп жаткан мезгилде 16-январь күнү Орусиянын мурдагы премьер министри, азыр анын Украинадагы элчиси Виктор Черномырдин Киевде Украинанын Президенти Кучманын орус ишкерлери менен жолугушуусуна катышып, ЕврАзЭСти сындаганын массалык маалымат каражаттары айтып чыкты.
Эркин соода зонасын түзүү деген сөз - 5 өлкөнүн ич ара бажы тарифтери жеңилдетилген тариф болуп, башка өлкөлөргө карата бирдей жогорулатылган тариф колдонуу деген сөз. Бул үчүн 5 өлкө адегенде ошол тарифтерди макулдашып, анан Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюмуна бирдей шарт менен кириш керек болчу. Кыргызстан башкаларды күтпөй, тарифтерин өнөктөштөрү менен макулдашпай туруп, 1998-жылы эле ал уюмга кирип кеткени көпчүлүккө маалым. Азыр ага Орусия жана Казакстан да кирүүгө кам көрүп жатат. Бирок кирише элек. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Николай Танаев Григорий Рапота менен жолугушканда «ЕврАзЭске кирген башка өлкөлөр да уюмга кирүүсүн тездетсе болот эле» деген тилек айткан. Ага ЕврАзЭстин баш катчысы негизинен ага Орусия даяр экенин, бирок Бүткүл дүйнөлүк Соода Уюму экономиканын бардык секторун ачкыла деп талап койгонун, Орусия болсо товар рыногун ачууга макул экенин, бирок кызмат көрсөтүү рыногун чет өлколүк рынокко ачуудан чочулап турганын айткан.
ЕврАзЭСтин чиновниктери 5 өлкөнүн ишкерлерин бир столго чогултушу бекеринен эмес. Анын артында бир ой жатат. Алар, «рынок биринчи кезекте өкмөткө эмес, ошол ишкерлерге керек, ишкерлер болсо өз өкмөттөрүнө кысым көрсөтөт, ошондо иш алга жылып кетиши мүмкүн» деп ойлошот.

АСКАР САЛЫМБЕКОВ: «КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИ НАРЫНДА».

Кубат Оторбаев,Бишкек. 18 – январда Бишкекте 2002-тоо жылынын жыйынтыгы чыгарылды. Ак кар, көк муздуу Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков Кыргызстандын келечеги акылдуулар да, акча да топтолгон Бишкекте же тоо бермети болгон Ысыккөлдө эмес, алыскы Нарында деген ойлорун ортого салат.

- Аскар мырза, 18-январда Ак үйдө өткөн жыйында 2002-тоо жылынын жыйынтыгы чыгарылды. Нарын облусу табият –шарты катаал көк тиреген тоолор арасында эмеспи, ага жараша жашоо-турмуш да оор. Тоо жылы нарындыктарга эмне берди, эмнеге жетишалган жоксуздар?
-2002-жыл Кыргызстанда Тоо жылы катары белгиленип, «жакшынын шарапаты…» демекчи анын оң таасири Нарын облусуна да тийди. Жылды мыкты жыл болду десем жаңылышпайм. Кудайдын да бизге көзү түз болду, анткени жаз айдап-себүү иштерине жагымдуу шарт түзүп берип, жыйым-теримге келгенде күз коңур тартып, түшүмдү жоготуусуз жыйнап алдык.
Тоо жылы башталганда эле алдыбызга чоң милдеттерди коюп алдык эле, аларды жакшы көрсөткүчтөр менен аткарууга жетиштик. Алсак, индикативдик планды аткаруудагы өнөр-жайдагы жыйынтык 106%, айыл-чарба азыктарын өндүрүү 105%, энергетика тармагында 112%, көмүрчүлөрүбүз 105% аткарышты. 2001-жылга салыштырганда салык жыйноо 140% өстү. Жакшы жетишкендиктерди Кочкор жана Нарын райондору камсыз кылышты. Тоо жылында өзүбүз тоолук болгон соң деп, Кыргызстанда биринчи болуп Бишкекте 2002-жылдын февралында «Жүрөгүм менин тоолордо» деген телемарафон өткөрдүк. Анда 3,5 миллион сом накталай акча, дагы 31 миллион сом өлчөмүндөгү жабдуулар, дары-дармектер, техника чогулду. 3,5 миллион сом накталай акчаны жакыр үй-бүлөлөргө микрокредит катары таратып бердик. 31 миллион сом өлчөмүндөгү жабдуу, техника жана башка жардамды облус аймагындагы мекеме-уюмдарга, мектеп, ооруканаларга, ишканаларга таратып бердик. «Атын атаса куту сүйүнөт» демекчи, Нарынга жардам берген «Кыргызпатент», Кыргызстан кесипчилик бирикмелер федерациясы, Бишкек мэриясы, чукул кырдаалдар жана экология министрлигин жана жеке ишкерлердин аттарын атап, аларга жалпы нарындыктардын атынан ыраазычылык айтып кетпесем болбойт. Мына, жеке ишкер Жумабек Токтогазиев Тоо жылына арнап Бишкектин жакшы көчөлөрүнүн боюна улуу инсан Ормон хандын 220 жылдыгына карата анын эстелигин 45 миң долларга тургузуп берди.
-
Жакырчылыкты жойуу багытында, калкты таза суу менен камсыз кылууда эмнелерди жасоого үлгүрдүңүздөр? Облус деңгээлинде «Намыс» программасы кабыл алынды эле, анын алкагында эмнелер бүткөрүлдү?
-
Калкы таза суу менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банктын долбоору иштеп жатат. Ага ар бир райондон суудан кыйналып жаткан айылдар кирип, алгачкы иштер башталды.
«Намыс» программасы тууралуу айтсам, элибиз бул программанын максатын түшүнүп, аны кабыл алышты. Жыл сайын бул программанын алкагында көптөгөн иштер аткарылууда. Мына былтыр эле ашар ыкмасы менен 8,5 миллион сомдук жумуш бүткөрүлүптүр – 5 мектеп, 19 социалдык объектилер – мончо, мечиттер. ооруканалар бүткөн. Жакырчылыкты жоюу максатында колдоого муктаж үй-бүлөлөргө 80 миллион сом микрокредит катары таратылып берилди.

-
Сиз Ак үйдө өткөн жыйында сүйлөгөн сөзүңүздө Кыргызстандын келечеги Нарында дегендей бир ой айттыңыз. Облус аймагында Кудай тартуулаган көптөгөн табийгый кен байлыктар козголбой, адам колу жетпей жатат. Аларды иштетүү үчүн кандай иштер жасалды?
-
Нарын тоолуу аймак деп Советтер Союзу убагында мал чарбасына гана көңүл бөлүнүп, өнөр-жайын өнүктүрүү көп этибарга алынбай келген. Эгемендүү мамлекет болгон соң башка байманасы ашып ташкан, бардар өлкөлөрдүн катарына кошулуу үчүн экономикага, анын ичинен өнөр-жайга өзгөчө көңүл бурбасак тапканыбыз күнүмдүк жашоодон артпай жатпайбы.
Айрыкча кен байлыктарды чалгындоону, аларды казып алууну жана иштетүүнү колго алышыбыз керек. Бул жагынан Кыргызстандын келечеги Нарында десем жаңылбайм. Анткени, Нарын кен байлыктарга бай, алсак, Атбашы, Арпа, Аксай, Акталаанын карамайы козголбой жатат. Учурда Австалиянын жана Американын адистери келип чалнгындап жатышат, Кудай буюрса, келерки жылда андан бир жакшы жыйынтык чыгат деген илгери үмүттөбүз. Жумгал менен Кочкордун ортосундагы Сандыкта миллиондогон тонна алюминий кендери бар. Кытайдан инвесторлор келип, чалгындоо иштерин башташты.
Ал эми Каракеченин ачык ыкма менен казып алына турган бир миллиардга жакын тонна көмүрүн айтпай эле коеюн. Бул биздин келечегибиз. Тилекке каршы, өзүбүздө көмүр турса, Казакстандан миллиондогон долларларды коротуп, көмүр ташып келип жатабыз. Колдо турган көмүрдү казыш керек, казыш үчүн 180 километрлик Балыкчы-Кочкор-Каракече темир жолун салыш керек.

Дагы бир ири кенибиз бул Нарындын чыгыш тарабындагы Жетим тоолорундагы 5-7 миллиард тонна көлөмүндөгү темир кендери. Бул эми Уралдагыдай эле жалаң темирден турган тоолор эмеспи. Келечек тоолордо дегеним тек жерден келип чыкпаган сөз экенин ушул кен байлыктарыбыз далилдеп атпайбы.

Эми бул кендерди казып, аны өнөр-жайга салыш үчүн Кытайга Кыргызстанды аралап өтө турган темир жолдун да тезирээк курулуусуна аракет кылышыбыз керек. Ошондо иш кызып, кыйынчылыктан чыгаар элек. А негизи, гидроэнергетикага, кен байлыктарыбызга жана туризмге көңүл бөлүп, ушул үч тармакты колго алсак Кыргызстандын келечеги кең, жолу ачык.

-
2-февралга референдум белгиленип, Конституциянын жаңы редакциясы элдин таразысына коюлду. Алдыдагы бул саясий өнөктүккө пикириңиз кандай?
-
Конституцияны өзгөртүп, оңдоо иши бийлик менен оппозициянын бир ымалага келип, тил табышуусунун негизинде башталбады беле. Эми референдумдун күнү белгиленип, маселе чечилгенден кийин да кайра бир нерселерди таап, келишпестикке, карама-каршылыкка барганыбыз туура эмес го. Менимче, баштаган ишти чогуу аягына чыгарышыбыз керек. Муну мен Конституциялык кеңешменин жыйынтыктарын жокко чыгаруу катары баалайм. Азыр эми оппозиция Президентти сынга алууда. Президент өзүнүн бир топ ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңешке, өкмөткө бербедиби. Анан улам эле жумурткадан кыр чыгарып эле, ызы-чуу кылып, саясат менен алышып эле, бири-бирибиз менен күрөшө бергенибиз туура эмес.
Саясат менен эмес, экономика менен, эмгек менен алек болсок ошондо өнүп-өсөт элек. Мен баардык саясий күчтөрдү бул кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилей турган жылда экономикага, ишке көңүл бурсак деп үндөп, чакырар элем. Мамлекетте ынтымак, тынчтык жана байлык болсо анан гана башка өлкөлөр биз менен эсептешет.

ЗАЛКАР КОМУЗЧУ

Балбай Алагушев,Бишкек. Асанбек Кыдырназаров 1930-жылы Нарын районундагы Акбулуң айылында туулган. 1994-жылы Бишкек шаарында каза болгон. Залкар комузчу, режиссер-коюучу, актёр. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. 1957-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтун бүтүргөн. Угуучулардын кенчине айланган «Кыргыз көчү» баштаган 20дан ашык күүлөрдүн автору, Кыргыз Академиялык драма театрында ондон ашык ролдордо ойногон.

«Ар күлүктүн изи ар башка, ар гүлдүн жыты ар түркүн» дегендей кезегинде сахнада ар кандай кулк-мүнөздөрдөгү көңүлдөн чыккыс башкы каармандарды жаратып, көрүүчүлөрдүн кумарларын кандырган актёр, кайрыктарга кайрык ширетип, күү кынаган залкар комузчу, республиканын эмгек сиңирген артисти Асанбек Кыдырназаровдун да басып өткөн өрнөктүү өмүр жолу, театр өнөрү менен элдик аспаптык музыкага салган салымы, өзүнчө изи, өзүнчө кошкон кошуму бар.
Ар тараптуу, көп жактуу, шыкка бай Асанбек 1930-жылы Нарындын Акбулуң айылында жарык дүйнөгө келет. Боорун жерден көтөрүп, борбую толо баштагандан акеси Асанкожонун черткен обон күүлөрүн көкүрөгүндө жаттап, обондорду ичинен, ал турсун түшүндө да кыңылдап ырдайт. Комуз чертейин десе, акеси «бузуп койёсуң» деп, карматпайт. Күйбөгөн жаны күл болот. Агасына таарынат. Качан гана 1939-жылы Асанкожо армияга аттанганда жерден тилегени көктөн түшө калгандай болуп, Асанбектин колуна комуз тийет. Ошол күндөн аспапта ойноого аракеттенет. Биринчи күндөрүндө ал комузду күүлөй албай, кылдарды басып черткенди билбей жанын ачытат, ызаланып ыйлайт. Акыры, ал ар кимден сурамжылап, көк таштай көгөрүп жүрүп, комуз черткенди, байыркы аспапка кыл жасаганды, такканды залкар комузчу акын, чечен Тыныбек уулу Актандан үйрөнөт. Асанбек онунчу классты бүтөөрү менен 1947-жылы Нарын шаарындагы айыл-чарба техникумуна кирет. Аны ийгиликтүү бүтөөрү менен туулуп өскөн айылында мал доктурдун фельдшери болуп иштейт. Ал эми 1950-жылдын 52-жылга чейин Нарын райондук маданият үйүн жетектейт. Басса-турса колунан комузун түшүрбөгөн Асанбек турмуштан түбөлүктүү кесибин таап, бүтүндөй өмүрүн ага арноого аттанат. Ал алгач чыгармачылыктын бактысын профессионалдык театр өнөрүнөн табууну самайт. Ойлогон оюн ишке ашырыш үчүн Асанбек 1952-жылы Москвадагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институтунда окуйт. Аны 1957-жылы ийгиликтүү бүтүрөт. Ал мекенине кайтып келери менен Нарын музыкалуу драма театрынын ачылышына жандуу катышат. 1958-жылдан 1963-жылга чейин жаңыдан уюшулган театрда режиссёр-коюучу болуп эмгектенет. Ал кыска мөөнөтүн аралыгында К.Эшмамбетовдун «Саринжи-Бөкөй», М.Рыскулов менен А.Көбөгөновдун «Куйручук» Ш.Бейшеналиевдин «Тоо койнунда», Р.Шүкүрбековдун «Комуздун тагдыры», Т.Абдумомуновдун «Эч кимге айтпа», Н.Жүндүбаеванын «Гүлнара», П.Афанасьевдин «Акинай» аттуу жана башка оюндарды коёт. Аталган пьесаларды Асанбек жаш болсо да такшалган режиссер-коюучудай көрүүчүлөргө жаккандай жогорку көркөмдүктө тартуулайт. Ал оюндарды коюу менен бирге музыкалуу драма театрынын артистери менен бирге концерттерге комузчу-аткаруучу катары катышат. Элдик күүлөр «Шыңгырманы», «Насыйкатты», «Бекарстан тайчы» аттуу комузчудан комузчуларга салт катары өткөн жана чертилен күүлөрдү таза, так Асанбектик ыкмада, стилде, буроодо чертүүсү менен угармандардын жарптарын жазат. Ал элдик күүлөрдү табына жеткире аткаруу менен Кыдыр Акенин кайгы менен капанын, муң менен зардын кайрыктарына жык толгон «Дөгөөчү», Абактын кара кашка аргымагынын алабармандаган жүрүшүн сапаттаган «Кара кашка аргымак», Атайдын машталып, эпкиндете аткарылган «Марш Камбарканын» да угуучулардын жүрөктөрүндө уялагандай устаттыкта чертет. Асанбек ар кыл мазмундагы, жүрүштөгү, мүнөздөгү, түрлөрдөгү чыгармаларды чертүү менен ар кандай маңыздагы күүлөрдү чыгарат. Ал өзүнүн элдик жана залкар шайырлардын чыгармаларын аткарардын алдында комуз күүсүн ар бир адам эле түшүнө бербейт. Бекеринен Ниязаалы Токтогулга: «Иним өзүң ойлонуп, өзгөнүн жүрөгүн ойготуп черт, ар күүнүн жайы ар бөлөк» деп ар бир күүнүн таржымалын айтып, өзүнүн алгачкы «Бейпил күн» аттуу күүсүн чертердин алдында маркум Асанбек:
Күндүзү болсо бейпил күн, түнкүсү болот бейпил түн.
Ааламда тынчтык болсун деп атыңды койдум Бейпилкүн.
Фондусуна тынчтыктын акчаңды сенин котордум.
Арманың жоктур Бейпилкүн.
Жаш кезден бирге келаткан жан жолдошум комузум.
Колум тийсе кыңгырап, коштоп кетет добушуң.
Элибиз тыңдап бааласа экөөбүздүн кол узун.
Кана эмесе баштайлы, кайрыктардан таштайлы.
Жоо болсо да кемелбес каадабыздан жазбайлы, - деп чертсе, карандай кайрыктарынан кайгынын муңун сыпаттаган «Талаада калган сөөк» аттуу күүсүн Кыдырназаров мындайча баяндап чертээр эле:
- Илгери-илгери ачка отургандан көрө айранга талкан чалып ичели деген заманда, адамда абийир, ызат бар кезинде, «эненин ак сүтүнөн кутулуш үчүн Меккеге жөө көтөрүп барса да аздык кылат» деген акылман аксакалдардын сөзүн уккан бир жигит эти качып, чүкөдөй карып калган апасын жонуна көтөрүп алып Меккени көздөй жол тартат. Күндөп-түндөп узак жолдо бараткан жигиттин алдынан бир жолоочу чыгып, саламдашып учурашып, ал-жайларын сураша кеткен соң: - «Ээ балам, бул эмнең?» десе, «Энемдин ак сүтүнөн кутулсамбы деп Меккеге көтөрүп баратам» дегенде, балага ыраазы болгон киши: - «Өмүрлүү бол, адам экенсиң. Бирок, мынчалык энеңди да кыйнап, өзүң да кыйналбай эле өзүнө ылайыктуу бир абышкага баш коштуруп койсоң болмок экен» дегенде, баланын жонундагы энеси: «Аа, балам, аны билчү уул кайда» дептир. Уулу чочуп кетип колунан түшүрүп жиберип, кемпирдин жүлүнү үзүлүп кайтыш болот. Баягы киши экөөлөп жайын чукуп, сөөгүн жашырып, жол тартышат. Ошону «Талаада калган сөөк» деп чертебиз. (Уландысы бар).

БИШКЕКТЕ ЭЛ АРАЛЫК ТОО ЖЫЛЫН ЖЫЙЫНТЫКТАГАН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖЫЙЫН ӨТТҮ

18-январда Эл аралык тоо жылын жыйынтыктаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына арналган республикалык жыйын болду

Эл аралык тоо жылын жыйынтыктаган жыйынга президент Аскар Акаев, премьер министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, район акимдери жана өлкөдөгү бардык айыл өкмөт башчылары катышты. Премьер министр Николай Танаев эл аралык тоо жылында Кыргызстанда жасалган иштер тууралуу кеңири доклад жасап, тоо жылындагы иш-аракеттер өлкө экономикасына жагымдуу таасир тийгизди деп билдирди.Эл аралык тоо жылына арналган Бишкек тоо саммити болсо Кыргызстандын эл аралык кадыр баркын ого бетер арттыргандыгын: «Кыргызстан бул багыт боюнча өзүн лидер катары көрсөтө алды.Бишкек тоо саммити тоо боюнча тышкы саясаттагы эң ири кадам болду. Саммитте 21-кылымда тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн башкы саясий документи болгон Бишкек тоо платформасы кабыл алынды.Ал дүйнө жүзү боюнча тоо проблемаларын жакшы түшүнүп,жаңы тоо саясатынын пайдубалын мыктылап түзүүгө жакшы өбөлгө түзөт деген ишенимдемин –деген Николай Танаев Бишкек тоо саммитинен кийин Женевадагы катчылык тоолуу региондордун глобалдуу өнөктөштүгү тууралуу программа кабыл алгандыгын кабарлады.Андан тышкары Бишкекте өнүгүүдөгү тоолуу мамлекеттер тобунун катчылыгын, эл аралык маалыматтык билим берүү борборун жана тоолуу райондорду интеграциялык негизде өнүктүрүү борборунун бөлүмүн ачуу чечими кабылдангандыгын билдирди.

Президент Аскар Акаев жыйында сүйлөгөн сөзүндө эл аралык тоо жылына карата Кыргызстандын ичинде жана эл аралык деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларга токтолуп, анын жыйынтыгы катары:-«Тоо жылында өткөрүлгөн ар кандай иш-чаралардын негизинде жер жүзү боюнча глобалдуу туруктуу өнүктүрүүдө тоолуу аймактардын жана ал жерде жашаган элдердин ролу тууралуу жаңы көз караш пайда болду жана анын негизинде тоолуу райондорду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн улуттук жана эл аралык алкактагы жаңы модели,жаңы стратегиясы сунушталды»-деп билдирди.Андан кийин президент тоо жылы кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн ушул жылы белгиленип жаткан 2200 жылдыгы менен да өтө тыгыз байланышта экендигин белгилеп, бул жыл 2-февралда өткөрүлө турган референдум менен баштала тургандыгын жарыя кылды:-«Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын белгилөө Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү аракетине дал келип жаткандыгы менен да өзгөчө кубанычтуу. Башкы принциби мамлекеттик башкарууну мындан ары өркүндөтүү, демократиялык нормаларды бекемдөө,өлкө жарандарынын укуктары менен эркиндиктерин коргоо кепилдиктерин күчөтүү болгон конституциялык реформа «Кыргызстан адам укуктарын урматтаган өлкө» деген жаңы идеяны бекемдөөгө жол ачат»

Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Абдыганы Эркебаев кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө идеясы башталгандан бери массалык маалымат каражаттарында, айрыкча, өзү жетектеген палатада ар кандай карама-каршы көз караштардын таймашы жүрүп жаткандыгын белгилеп, аны демократиянын көрүнүшү катары оң баалады.Илимий,чыгармачыл адам катары кылымдарды карыткан кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн белгилөө, аны изилдөө маселеси коңшу Тажикстан,Өзбекстанга салыштырмалуу өтө кечигип колго алынгандыгын билдирүү менен мамлекеттүүлүк маселеси боюнча талаш-тартыштарды аң-сезимдүүлүк, билимдүүлүк менен жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи:-«Биз дисскуссияны өтө кылдат жүргүзүүгө милдеттүүбүз.Ошону менен бирге биз өзүбүздү-өзүбүз мактабай, тең салмактуулук, сабырдуулук менен иш алып барышыбыз керек.Мындай кылдат тактиканы мамлекеттик башкаруу органдары,жарандык коом жана оппозиция дагы жетекчиликке алууга тийиш»- деп, кыргыз эли өткөн жылдагы Аксы окуясынан кийин өлкө ичиндеги ынтымакка, өз ара түшүнүүчүлүккө суусап тургандыгын баса белгилеп, жалпы элди кой жылында түзүүчүлүк багытта аш алып барууга чакырды. Жыйындын акырында тоо жылын өткөрүүдө эмгеги сиңген адамдарга жана республикалык конкурста жеңген айылдарга сыйлыктар тапшырылды.

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ РЕФЕРЕНДУМГА ДАЯРДЫКТЫ 26-АВГУСТТА БАШТАГАН

Кыяс Молдокасымов «2-январдагы референдумду өткөрүш үчүн даярдыктар август айында эле башталган. Референдумда жалпы элдик добушка коюлуп жаткан 2-суроонун киргизилиши боюнча жоопкерчиликти мамлекет башчысы Аскар Акаев өзүнө алган. Референдум тууралуу 1991-жылы кабыл алынган мыйзам өз күчүн жогото элек. Мамлекеттик кызматкерлер жана депутаттар референдум алдында үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. Бирок, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот. Анткени менен депутаттардын түшүндүрүү иштери үгүт иштерине өтө жакын болуп, ажыратуу кыйын»,- дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон интервьюсунда.

- Сулайман Иманбаевич, 13-январда кыргыз мамлекет башчысынын жалпы элдик референдумду өткөрүү тууралуу жарлыгы чыкты. Мына ошондон бери даярдыктар кандай жүрүүдө?
- Референдумга даярдыкты биз 13-январдан бери эмес, аны биз жарым жыл мурда баштадык десек туура болот. Себеби, өзүңүздөр билгендей, 2002-жылы 26-августта Кыргыз Республикасынын Жарлыгы чыккан ушул Конституциялык реформа, аны даярдап өткөрүү боюнча. Андан кийин эле Конституциялык жыйындын курамы түзүлгөн. Ошол күндөн баштап, президент аны референдумга алып чыгам деп официалдуу айткандан бери, тактап айтканда, август айынан бери даярдыктарды жүргүзүп атабыз. Референдумду өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн атайын штабдар түзүлүп, ал штабдар менен бирге даярдык иштери жүрүп атат. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына караганда биздин республикада 976 миңден ашык үй-бүлө бар экен. Чындыгында эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы көп мекемелерде жок. Көп жарандардын тааныштыгы жок. Ошону эске алып атайын ар бир үй-бүлөгө жеткириш үчүн 1 миллион даана чыгарып, аны жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.
- Сулайман Иманбаевич, ар кандай саясый партиялардын, коомдук уюмдардын кайрылууларында «1991-жылы кабыл алынып, мына азыркыга чейин колдонулуп жаткан «Референдум жөнүндөгү» мыйзам эскирип калды. Мына ошондуктан референдумду өткөрүүнү жаңы мыйзам кабыл алганга чейин токтото туруу керек» деген маселелер коюлуп жатат. Буга карата сиздин пикириңиз кандай?
- Туура, соңку мезгилде кээ бир саясатчылар «1991-жылы кабыл алынган мыйзамга ылайык референдум өткөрүү туура болобу, же жокпу» деген маселени көтөрүп жатышат. Мен, колдонулуп жаткан «Референдум жөнүндөгү» мыйзам күчүн али жогото элек болгондуктан бул мыйзамга ылайык референдум өткөрө берүү мыйзамга эч кандай карама-каршы келбейт деп баса белгилемекчимин. Бул мыйзам жоюла элек. Ал азыр күчүндө.
- Көпчүлүк бир маселеге анча түшүнө бербей, бизге көп кайрылып жатышат. Референдумга коюлуп жаткан «Конституциянын жаңы редакциясы» менен «жаңы Конституциянын» ортосунда кандай айырмачылык бар?
- Экөөнүн ортосунда чоң өзгөчүлүк бар. Биз жаңы Конституция кабыл алган жерибиз жок. Бул Конституциянын жаңы редакциясы. Өзүңүздөр билесиздер, биз 1993-жылы өткөөл мезгилдин Конституциясы деп кабыл алганбыз. Өткөөл мезгилдин тез өзгөрүп тура турган шарттары болот экен. Конституция догма эмес, мезгилге, шартка ылайык ал да өзгөрүп турат. Бул жерде эч кандай маселе жок. Ошого ылайык Башмыйзамды өзгөртүү маселеси өзүнөн-өзү келип чыгат экен. Эгерде жакшы жагына өзгөрө турган болсо, эмне үчүн өзгөртүүгө болбосун?
- Референдумга коюлуп жаткан экинчи суроо боюнча сурагым келет. Башмыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу мыйзамда жазылып жатат, «Конституциянын жаңы редакциясы ишке киргизилгенден кийин, азыркы Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт, Соттор 2005-жылга чейин өз ыйгарым укуктарын уланта берет» деп. Мына ушундай шартта экинчи суроонун референдумга коюлушунун зарылдыгы бар беле?
- Референдумга андай маселени алып чыгуу - ошол туура алып чыгарылдыбы же туура эмеспи - бул бир гана кишинин укугу. Бир гана киши өзү «ушул маселени туура алып чыгып атам» деп мойнуна алат. Эгерде «кыргыз мамлекетинин башчысы биздин мамлекетке, биздин элге мындан кийин да ийгиликтерди алып келет, ушул талапка ылайык келет, мамлекеттин кызыкчылыгына, биринчи ирет элдин кызыкчылыгына жооп берет» дегенде ал президент гана чечет. Президент ошол маселенин жоопкерчилигин өзүнүн мойнуна алат. Жалпы кыргыз журту шайлаган бир гана кишинин мындай укугу бар.
Менимче, Аскар Акаевич өзү да айтты. Эми бизде ар кандай саясый кыймылдар болуп жатат. Кээ бир депутаттар атайын топ түзүп, «мамлекет башчысы өзүнүн мөөнөтү бүткүчө бийликтен кетсин» деген маселелер бар. Аскар Акаевич бул жолу элге кайрылып, «өзүнүн оюн эл айтсын» дегени - менимче туптуура. Бул өтө кайраттуулук менен, өзүнүн жүргүзүп жаткан саясаты туура экенине эл баа берет деп, өзүнө ишенгендигинин бир көрсөткүчү деп ойлойм.
- Сулайман Иманбаевич, мына 17-январда Кыргызстандагы жалпы айыл өкмөт башчылары менен өткөрүлгөн Ак Үйдөгү семинарда сиз чыгып айттыңыз: «Мына аткаруу бийлиги референдум алдында ар кандай түшүндүрүү үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө милдеттүү. Ал эми депутаттар эл аралап үгүт иштерин жүргүзүүгө укугу, акысы жок», - деп. Мына ушуга да түшүндүрмө берип кетсеңиз.
- Мен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө мындай деп айттым. Жергиликтүү бийликтин кызмат адамдары, мындайча айтканда жетекчилери, үгүт иштерин жүргүзүүгө мыйзам боюнча акысы жок. Ошондой эле бүт эле эң жогорку деңгээлдеги мамлекеттик бийлик адамдары, министрлер, областтын, райондун жетекчилери, акимдери, Жогорку Кеңештин депутаттары референдумду колдогула же колдобогула деп, үгүт иштерин жүргүзүүгө акысы жок. Бирок, референдумдун, алып чыгып аткан мыйзамдын негизги маанисин, максатын элге туура түшүндүрүүгө милдеттүү. Ал эми туура түшүндүрүү менен үгүт жүргүзүүнүн экөөнүн айырмасы бар. Бирок, түшүндүрүп атканда жакшы жагын айтып атса үгүткө эле окшоп калат да. Ошол эле учурда депутаттар туруп алып, мына жери туура эмес, деп айтып жатпайбы, кээ бир депутаттар, баары эмес. Ал каршы үгүттөөгө жатат.
- Анда ачык-айрым маегиңиз үчүн рахмат.

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫН ТАЛКУУЛАП ЖАТАТ

Жума күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Конституциянын Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясы боюнча талкууну улантып, бирок чечим кабыл алууга үлгүргөн жок.

17-январда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Конституциянын 2-февралдагы жалпы элдик референдумга коюлуп жаткан жаңы редакциясына жана референдумдун мыйзамдуулугуна карата пикир айтууну улантышты.
Бул күнү биринчи болуп сөз сүйлөгөн депутат Турдакун Усубалиев 2-февралга белгиленген референдум тууралуу мындай деди:
- “Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын президенти дайындаган референдум тарабынан кабыл алынат” деп жазылган. Ал эми Конституциянын “президенттин бийлик укугу” деген бөлүмүндө, “президент өз демилгеси боюнча референдум дайындайт” деп жазылган. Демек, президент Конституциянын жоболорунан тайган эмес.
Турдакун Усубалиев, референдумдун өткөрүү мөөнөтүн кийинки убактарга жылдырууну президентке сунуштоо тууралуу Ишенбай Кадырбеков тарабынан даярдалган токтом долбоорун кабыл алууга каршы чыкты.
Усубалиевден кийин трибунага чыккан депутат Азимбек Бекназаров “президент кийинки мөөнөткө шайланууга жол ачууда” деген оюн айтты. Ал, эгерде президент Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан долбоорду элге алып чыкпаса, Эксперттик топ иштеп чыккан долбоорго бойкот жарыялаганга элди үндөө керек деген сунуш киргизди.
Андан кийин сөз сүйлөгөн депутат Николай Байло 2-февралга белгиленген референдум Конституциянын бир катар беренелерин бузуу менен коюлуп жатканын билдирди. Депутат Темир Сариев Эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциянын кээ бир пункттарына каршы болуп, бирок жалпысынан колдоорун билдирип, “жаңы редакцияны кабыл алаар-албасын добушу менен чечет”,- деди.
Ал эми депутат Адахан Мадумаров Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын сынга алуу менен, анын кээ бир пункттарына өзгөчө токтоло кетти.
- “Президенттин кабинетине түшкөн кагаздын баары анын менчиги болуп эсептелинет” деген сөз эмнеден кылтыйып чыгып жатат? «Кыргызалко» кандай кетти эле, «Кыргызалтын» эмне болду эле, «Жерүй» кандай кетип баратат, «Талдыбулак» кандай баратат, Цзян Цземин менен түзүлгөн келишимдин негизги долбоору кандай даярдалган эле? Мына ушул документтердин баарын катыш керек болот. Мына ошондо мамлекеттик архивге түшө турган документтердин баары кол тийбестик менен кетет. Бул бирөөнүн артынан куугунтуктоо эмес. Ар бир президент кийин келечекте келээрде билиш керек, - деди Адахан Мадумаров.
Бул депутаттардан кийин сөз сүйлөгөн эл өкүлдөрү Абсамат Масалиев, Өмүрбек Текебаев, Оксана Малеваная, Бейшебек Акунов жана Орозбек Дүйшеев Эксперттик топ иштеп чыккан долбоорду кескин сынга алышты. Депутат Марат Султанов Конституциялык Сотко жарандардын кайрылышына укук берүү, өкмөттөн салык салуу укугун, президенттен болсо абсолюттук вето коюу укугун алып салуу менен Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууга болорун билдирди. Депутат Акылбек Жапаров Эксперттик топ иштеп чыккан Конституциянын жаңы редакциясын колдоп, бирок өкмөткө салык салуу укугунун берилишине каршы чыкты.
Бул күнү депутаттардын баары сөз сүйлөөгө үлгүргөн жок. Ошондуктан маселени талкуу дүйшөмбү күнү уланат.

«Эл үнү» партиясы Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынса,коомдогу стабилдүүлүк бузулат деп эсептейт

Партиянын башкы кеңеши 15-январда таркаткан билдирүүдө Конституциянын жаңы редакциясына укуктук мамлекеттин шарттарына ылайык келбеген жоболор киргизилгени белгиленип, алардын баары демократиялык реформадан чегинген кадам катары мүнөздөлөт. “Эл үнү” партиясынын баасы боюнча, жаңы долбоордо бийликтердин ортосунда баланс бузулган, саясий партиялар институту эл өкүлдөр бийлигин калыптоого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган, жарандардын, депутаттардын, Акыйкатчынын, саясий партиялардын Конституциялык Сотко кайрылуу укуктары алынып салынган, Конституциялык Сотко өзүнө мүнөздүү болбогон, коомдук уюмдарга көзөмөл жүргүзүү укугу берилген. Конституция ушундай редакцияда кабыл алынса, коомдо стабилдүүлүк бузулат жана социалдык-экономикалык өнүгүүгө тоскоолдук түзүлөт,деп айтылат билдирүүдө. Ушундай жагдайларды эске алуу менен «Эл үнү» партиясы референдумду 2003-жылдын күзүнө калтырууну зарыл деп санайт. «Эл үнү» партиясы былтыр негизделген. Анын башкы кеңешинин курамында белгилүү юристтер, банкирлер жана ишкерлер бар.

Бир катар партиялар менен бейөкмөт уюмдары да референдумдун 2-февралда өтүшүнө каршы чыгышты

16-январда 11 саясий партия, алты бейөкмөт уюм, ошондой эле «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы Конституциянын референдумга коюлганы жаткан жаңы редакциясына караманча каршы экендиктерин билдиришти. Алардын жарнакташкан билдирүүсүндө конституциялык жаңы редакцияда каралган нормалардын мамлекет башчысынын бийлигин бекемдөөгө, мыйзамдарды кабыл алуу ишинде парламенттин көз карандысыздыгын чектөөгө, азыркы президенттин дагы эки мөөнөткө бийликте калышына мүмкүнчүлүк түзө тургандыгы айтылат. Билдирүүгө кол койгон саясий партиялар менен коомдук уюмдар 2-февралга белгиленген референдумду азыркы Конституцияга каршы келет деп эсептеп, аны токтотууну, адегенде референдум жөнүндөгү конституциялык мыйзам кабыл алууну, жаңы парламенттеги депутаттардын санын токсонго жеткирип, алардын жарымын партиялык тизме менен шайлоону сунуш кылышты. Ошол эле күнү Конституциялык Кеңешменин сегиз мүчөсү да коомчулукка ушундай маанидеги билдирүү менен кайрылды.

Президент А. Акаев Карабалтада Чүй областындагы коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту

Алдыдагы бүткүл элдик референдумга байланыштуу 16-январда болуп өткөн бул жолугушууда президент областтагы коомчулуктун өкүлдөрүнө былтыркы жылдын август айынан бери жүрүп жаткан конституциялык реформанын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы референдумдун жол-жобосун түшүндүрүп, калкка кайрылды

Кайрылууда референдумга катышуунун тартиби, добуш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери жөнүндө түшүндүрмөлөр берилди. Добуш берүү,кайрылууда айтылгандай, мурдагы шайлоо участокторунун базасында адаттагыдай эле мектептерде, клубдарда жана административдик башка имараттарда өтөт. Шайлоочулар добуш бергени өзүн күбөлөндүргөн документ менен, чакыруу баракчасында көрсөтүлгөн дарек боюнча келүүгө тийиш. Референдумда шайлоочулар эки башка бюллетень менен добуш беришет, атап айтканда, «Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынсын» жана «Конституциялык өзгөрүүлөрдү турмушка ашыруу үчүн Аскар Акаев президент болуп 2005-жылдын декабрына (конституциялык мөөнөтү бүткөнгө чейин) калсын» деген суроолорго «бар» же «жок» деп жооп бериши керек. Добуш берүү эртең мененки саат алтыда башталып, кечки саат сегизге чейин уланат.

Өзбекстан Ислам Кыймылынын жетектөөчү кеңешинин мурдагы мүчөсү Шерали Акботоевдин иши Баткен райондук сотунда карала турган болду.

Өзбекстан Ислам Кыймылынын жетектөөчү кеңешинин мурдагы мүчөсү Шерали Акботоевдин иши Баткен райондук сотунда карала турган болду.
Баткен райондук сотунун төрагасы Памирдин Жумагуловдон 16-январда алынган маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан жиберилген бул ишти кароо ушул жылдын 3-февралына белгиленди. Акботоевдин иши Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан тергелип, ага Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин бир нече пункттары боюнча,алардын ичинде мыйзамсыз куралдуу кошуун уюштуруу жана ага катышуу, терроризм, барымтага кармоо сыяктуу айыптар тагылган.Баткен районунун Карабак айылында туулуп-өскөн Акботоев 1999-жылы Өзбекстан Ислам Кыймылы деп атанган куралчан топ Кыргызстандын түштүгүнө кол салган учурда үй-бүлөөсү менен аларга кошулуп кеткен. Аны өткөн жылдын май айында Кыргызстандын атайын кызматтары Ооганстандан кармап, Бишкекке алып келишкен.

Евразия экономикалык шериктештигинин баш катчысы Григорий Рапота бир күндүк иш сапары менен Бишкекке келди

Ошол эле күнү ал премьер-министр Николай Танаев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда ишкерлердин экономикалык форумун уюштуруу маселеси талкууланды. Рапотанын айтымында, аталган форумду 27-28-февралда Москва шаарында өткөрүү белгиленип жатат. Буга байланыштуу уюмдун баш катчысы Шериктештикке кирген өлкөлөр менен жолугушууларды өткөрүүдө. Рапота Бишкекке Алматы шаарынан учуп келди.

Конституциянын жаңы редакциясы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланууда

Негизги мыйзамдын биринчи статьясынын бешинчи пунктуна ылайык, ар кандай маселе боюнча элдик референдум аны өткөрүү тартибин аныктаган конституциялык мыйзамдын негизинде өткөрүлөт. Өлкөдө мындай мыйзам алиге чейин кабыл алына элек, ошондуктан президенттен 2-февралга белгиленген элдик референдумду токтотуп, анын мөөнөтүн жогорудагыдай мыйзам кабыл алынгандан кийин гана аныктоо жагы суралсын. Ага чейин азыркы редакцияга кошумча өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү сунуш кылынсын. Мыйзам чыгаруу жыйынына бейшемби күнү депутат Ишенбай Кадырбеков ушундай маанидеги токтомдун долбоорун сунуш кылды. Мындай аракетке палатанын биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов каршы болду. Конституциянын эксперттик топ иштеп чыккан жаңы редакциясы референдумга чейин өзгөртүлбөйт, деп билдирди ал. Айрым депутаттардын аталган демилгесин ал Конституцияны ревизиялоо аракети деп атады. Кызуу талаш-тартыштан соң маселени талкуулоо жума күнгө калтырылды. Ошол эле күнү депутат Ишенбай Кадырбеков Конституциянын референдумга коюлганы жаткан редакциясы кабыл алынса,президент Акаевге дагы кийинки мөөнөткө бийликте калганга жол ачылат деп билдирди “Азаттыктын” кабарчысына.

Элдик Конгресстин төрагасы, «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов референдум боюнча Конституциялык Сотко кайрылды

Куловдун кайрылуусунда президент Акаевдин 2-февралда жалпы элдик референдум өткөрүү тууралуу жарлыгын жокко чыгаруу өтүнүчү айтылат. Конституциянын 17-статьясына ылайык, өлкөдө жарандардын укугун чектеген мыйзамдар кабыл алынбашы керек. Ал эми Конституциянын референдумга чыгарылганы жаткан жаңы редакциясы,Куловдун пикири боюнча, адамдардын укугун чектейт. Муну арыз ээси жаңы редакцияда ар бир жаран өз укугун коргоп, Конституциялык Сотко кайрылуу укугунан ажыратылгандыгы менен ыспаттаган, элдик референдумдун тийиштүү мыйзамсыз өткөрүлгөнү жаткандыгын жана башка бир нече жүйөлөрдү келтирген.Ушул себептерден улам президенттин жарлыгы Конституциянын нормаларына кайчы келет жана аны антиконституциялык акт катары жокко чыгаруу зарыл деп эсептейт.

Бир катар жаштар уюмдары да Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына каршы чыгышты

Бейшемби күнү жаштардын бир катар бейөкмөт уюмдары президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин кош палатасынын төрагаларына, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө атайын кат кайрылышты. Кайрылуу ээлери элдик талкуу учурунда айтылган алардын сунуштарынын бири да Конституциянын жаңы редакциясына киргизилбей калгандыгына наарызылык билдиришкен. Ошондуктан жаштар уюмдары жогорку бийлик өкүлдөрүнөн Конституциянын эксперттик топ иштеп чыккан долбооруна кайрадан өзгөртүү-кошумчаларды киргизүүнү, бул үчүн өлкөдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана аткаруу бийлиги тараптан өкүлдөрдү катыштырып, «тегерек стол» өткөрүүнү сунуш кылышкан. Алар ошондой эле, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүн ушундай жыйын өткөрүүгө көмөктөшүүгө чакырган.

БАГДАДДЫН БАШЫ КАТУУДА, «ГАНСИДЕ» БОЛСО БААРЫ ТЫНЧ

Кубат Оторбаев Кыргызстандын «Манас» аба майданына ирегелешип антитеррордук күчтөр коалициясынын отурукташканына бир жылдан ашуун убакыт өттү. Авиабаза Кыргызстанда дагы канча убакыт турат, күтүлүп жаткан Иракка каршы согуш аракеттерине ал катышабы же жокпу, жергиликтүү эл менен чет элдик аскерлердин мамилеси кандай?

Каз-катар тигилген чатырлардын ичин көк май менен иштеген жылыткычтар жайдын күнкүдөй мемиретип, сырттагы кулак-мурун тызылдаткан сууктун күчүн сездиртпейт. Аскерде кызмат өтөп жатам дегени, анан үй-бүлөсүн, тууган жерин сагынганы эле болбосо, бул жерде адам жашоосу үчүн баардык шарттар түзүлгөн: кудайга сыйына турган үй, спорт зал, китепкана, дүкөндөн тартып биллиярд атып эс ала турган борборуна чейин зымырайт.
Ооганстандагы «Талибан» кыймылына каршы Америка Кошмо Штаттары баштаган аскердик чабуулдун шарапаты менен Кыргызстандын «Манас» аба майданынын маңдайына антитеррордук күчтөрдүн авибазасы жайгашканына бир жылдан ашты. «Ганси» менен бизди авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы капитан Элизабет Ортиз айым тааныштырды.
Анын айтымында, азыр авиабазада Америка Кошмо Штаттары, Дания, Голландия, Норвегия, Италия, Испания жана Түштүк Кореянын бир жарым миңдин айланасындагы аскерлери (анын 120дайы аялзаты) терроризмге каршы күрөш милдетин өтөп жатышат. Франциянын жана Австралиянын аскердик күчтөрү өз өлкөлөрүнө кайтып кетишкени менен, бул жерде калган досторуна жардамга келүүгө дайым даяр.
Авиабазанын негизги максаты, Элизабет Ортиз айымдын айтымында - Ооганстандагы жөө аскерлерди абадан колдоо болуп эсептелет. Учактар «Манастан» Ооганстанга байма-бай каттап турушат. Алсак, 3-январдан 10-январга чейинки убакыттын аралыгында учактар 50 жолу аскердик максатта, 15 жолу жүк жеткириш үчүн, ал эми 13 жолу башка иштерди көздөп абага көтөрүлүшкөн. Басма сөз катчысы авиабаза жайгашкандан бери учактар жана аскерлер тарабынан бир да ирет жоготуу болбогондугун белгиледи.
- Мына бул жаңыдан учкан истребитель F-16 азыр Ооганстанга аскердик милдетин өтөп келүүгө аттанды, - деди Элизабет айым көккө көтөрүлгөн учакка кол жаңсап.
Жети күн аралыгында 78 ирет учкан каттамдардын күйүүчү майы Кыргызстандын фирмаларынан сатылып алынат деп ишендирди бизди Ортиз айым. «Күйүүчү майдан тышкары дагы кандай товарларды Кыргызстандан сатып аласыздар?» деген сурообузга «нан жана буудайдан жасалган азыктарды» деп жооп берди ал. Анын айтымында, калган товарлар же Американын өзүнөн, же Американын Европадагы базаларынан ташылып келинет.
Ошентсе да, авибазанын Кыргызстанда жайгашканы бир топ адамдарга жаңы иш орундарын тартуулаганы белгилүү. Авиабазадагы чачтарачта, белек-бечкек буюмдарын сата турган дүкөндө, кир жууй турган жайда жергиликтүү элдин балдар-кыздары иштей турганына ынанасың.
- Мындан тышкары, авиабаза жергиликтүү элге дайыма жардам көрсөтүп турат, себеби, биз алар менен бир эл, бир журт болуп калбадыкпы, - дейт биздин маектешибиз. Ортиздин айтымында, Сокулук районуна караштуу Мраморное айылынын мектебин ремонттоого жана Военно-Антоновкадагы жетимдер үйүнө жана Бишкектеги балдар үйүнө авиабаза дайыма колдон келген жардамын берип келет.
Жергиликтүү эл демекчи, жокчулуктун айынан авиабазадан чыккан таштандылар итке минген жакырлардын ортосунда талашка түшкөнү маалым. Шаардын таштанды төгүүчү жайына «Гансиден» машине менен ташылып келген таштандылар арасындагы пайдалануу убактысы өтүп кеткен, бирок ачыла элек консерва жана колбаса тамактары жерге түшпөй көкбөрүгө айланып, алардын айрымдары базарга чыгып кеткен күндөр болгон эле. Ушундан кийин Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык кызматы авиабазадан чыккан таштандыларды бул жерге төгүүгө тыйуу салган.
Бул ызы-чуудан кийин авибаза жергиликтүү бир фирма менен келишим түзгөн экен. «Таштандыны кайда төгүш-коюш милдетин ошол фирма өзүнө алган», - деди Элизабет Ортиз.
Учурда таштандылар авиабаздан анча алыс эмес «Манас» айылына жакын жерге төгүлүп, алар дале болсо жергиликтүү элдин эрмегинде келатат.
Авиабазага жакын жайгашкан Ленин, Виноградное айылдарынын тургундарынын бакчаларындагы жүзүм, помидор сыяктуу жашылча-жемиштер быйыл түшүм бербей калып, мунун себебин жергиликтүү эл чет элдик учактар менен байланыштырышкан. Алар учактар коноордо ашып калган күйүүчү майын төгүп жиберет деген дооматтарын коюшкан болчу. Буга Элизабет Ортиз макул эмес.
- Коалициялык күчтөрдүн учактары абадан бир да тамчы күйүүчү май төгүшпөйт. Эгер учак күйүүчү майды төксө да аны өтө бийиктен төгөт, мындай учурда күйүүчү май жерге жетпей эле абадан жок болуп кетет. Биз Кыргызстанда деле Кошмо Штаттардагыдай аскердик авиациянын талаптарын жана эрежелерин катуу сактайбыз, - деди ал.
«Авиабаза Кыргызстанда дагы канча убакыт болот?» - деген «Азаттыктын» суроосуна Элизабет Ортиз: «Бул Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын өкмөттөрү кандай чечим кабыл алса, ошого жараша болот», – деди.
Ал эми ««Ганси» авиабазасы Иракка каршы күтүлүп жаткан согуштук аракеттерге катышабы?» деген кезектеги соболго «Антитеррордук коалициянын негизги максаты - Ооганстан. Иракта согуш чыгып кеткен күндө да биздин мурдагы максатыбыз өзгөрбөйт деп ишенебиз. Биздин көңүлдүн баары Ооганстанда жана бул максатыбыз жаңы чечимдер кабыл алынганга чейин өзгөрүүсүз калат», - деп жооп берди «Ганси» авиабазасынын басма сөз катчысы Элизабет Ортиз.

РЕФЕРЕНДУМ ӨЛКӨДӨГҮ САЯСЫЙ КЫРДААЛГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Кыяс Молдокасымов Жакында боло турган референдум кыргыз коомчулугунда бир топ талаш-тартыштарды пайда кылууда. Бийлик менен оппозициянын ортосунда кайрадан тирешүү күчөп, ортодо элге байкоочулук милдет жүктөлгөндөй болду. Мамлекеттин күчтүү машинасы ишке киришип, үгүт иштерин жандандыра баштады. Ал эми оппозиция эми гана эсин жыйып, элге чыгууга аракеттенүүдө.

Алдыда өтө турган референдумга бийлик тарап да, оппозиция тарап да өзгөчө маани берип жатат. Айрым аналитиктер, 13-январдагы Конституциялык Кеңешменин акыркы отурумунда айтылган пикирлерди эске албастан, Эксперттик топ иштеп чыккан Башмыйзамдын жаңы редакциясын референдумга алып чыгаруу - Ак Үйдүн чоң жаңылыштыгы болду деген көз караштарын айтышууда. Ал эми референдум алдында эл менен жолугушуусун 15-январда Бишкек шаарынын активдери менен кездешүүдөн баштаган мамлекет башчысы, элдин добушуна коюлуп жаткан Конституцияны жаңы редакциясын «теңдеши жок, эң мыкты даярдалганын» билдирди. Бирок, Кыргызстандагы көптөгөн саясый партиялар, коомдук жана бейөкмөт уюмдар Башмыйзамдын ушул калыбында кабыл алынышынан кооптонушуп, биринин артынан бири билдирүү менен чыгып жатышат. Эл аралык уюмдар азырынча иликтөө иштери менен алек болуп, мамилесин ачык билдиргенге үлгүрө элек. Кыскасы, референдум өтө турган күн аныкталгандан бери коомдо чыңалуу күчөп, кан басым жогорулаганы байкалууда.
Буга чейин таркатылган кайрылуулардын дээрлик бардыгында референдумду артка жылдыруу маселеси коюлуп жатат. Бирок, бийлик азырынча баштаган ишинен артка кайтчудай түрү жок. Референдумга коюлган эки маселени элге түшүндүрүш үчүн кыргыз президенти өзү баш болуп, активдүү аракетин баштады. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүш үчүн аткаруу бийлиги толук даярдыктарды көрүп, Бишкектеги жооптуу кызматкерлер ар кайсы райондорго бөлүштүрүлдү. Айрым эксперттер бийликтин жүргүзүп жаткан мындай аракеттерин көрүп, референдумдун жыйынтыгы кандай болоору тууралуу ойлорун эмитен эле ачык билдирип жатышат. Бирок, азырынча 2000-жылы президенттик шайлоонун алдында Англиядагы мурдагы кыргыз элчиси Роза Отунбаева ачык эле: «элдин добушун дүйнө коомчулугу ишенгендей кылып өтө көбөйтпөй эле бергилечи!», - деп аткаруу бийлигине кайрылгандай пикирди эч ким айта элек. Ага карабай, көпчүлүк эксперттер алдыдагы референдумда шайлоочулардын «макул» деген добушу 75 пайыздан төмөн болбостугу аныкталып калгандай болгонун айтышууда. Алардын оюн боюнча, мамлекет башчысынын өз сөзү ушундай тыянакка негиз берет.
- Өлкөнүн Конституциясы ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн ар кандай тартибин караса да, жаңы редакция юридикалык себептер боюнча жалпы элдик референдум менен гана кабыл алынууга тийиш. Муну менен бирге калктын көпчүлүк бөлүгү, 75 проценттен ашыгы бул маселени референдум аркылуу гана чечүү керек деген пикир билдирди, - деп, 13-январдагы элге кайрылуусунда президенттин айтканы бар.
Мындан тышкары, президенттин тегерегиндегилер дагы бир жолу туура эмес маалымат берип, аны ишендирип коюшканын, анткен менен эки жылдан бери эл таптакыр өзгөргөнүн, Аксы окуясы ага зор түрткү бергенин аналитиктер эскертишүүдө. Жыйынтыктап айтканда, алдыдагы референдум эки тараптын - бийлик менен оппозициянын дараметин сыноочу майданга, ал эми эл ага алыстан көз салган байкоочуга айланаары айкын боло баштады. Жеңиш ким тарапта болоорун азырынча боолгоо кыйын.

«КЫРГЫЗ ОРДО» ГЕЗИТИ АЗЫРЫНЧА ЖАБЫЛБАЙ ТУРГАН БОЛДУ

10-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок 15-январда өз демилгеси менен бул маселеге кайрылып, гезитти жабуу жөнүндөгү чечимин өзү жокко чыгарды.

Оппозициялык маанайдагы «Кыргыз ордо» гезитине каршы сот жараяны Кыргызстандын бажы инспекциясынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиевдин арызы менен башталган. Мамлекеттик кызматкер гезиттин өткөн жылдын 3-октябрында жарык көргөн «Плагиат бажычы» аттуу макаласындагы маалыматтар адамдык ар-намысына доо кетирээрин билдирип, cоттон гезитти жабууну жана өз пайдасына редакциядан моралдык зыян тарткандыгы үчүн 350 миң сом, ал эми макаланын авторунан 5 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
«Кыргыз ордо» гезитинин башкы редактору Бекен Назаралиевдин айтымында, гезиттин 20-санында «Плагиат бажычы» аттуу макала чыккан. Аны Алыбаев Карыбай жазган. Макаланын автору анда бажы кызматынын келечектеги башчыларынын бири Айдарбек Дүйшалиевге экономика илимдеринин кандитаттыгын коргоочу илимий ишин жазып бергендигин эскерген. Бекен Назаралиевдин айтымында, Дүйшалиевдин арызы ошонун негизинде берилип жатат. Гезиттин башкы редакторунун маалыматы боюнча Алыбаев Карыбай - экономика илимдеринин кандитаты жана борбордогу жогорку окуу жайларынын биринде мугалим.
Айдарбек Дүйшалиевдин доо арызынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жыргал Мурзалиева бир нече ирет сот жараянын өткөрүп, 10-январда «Кыргыз ордо» гезитин жабуу, «Учкун» басмакананасында анын басылышына тыюу салуу жана гезиттин мүлкүн камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып, редакциянын колуна бул чечим 17-январда берилээрин жана ага таянып гезит аппеляциялык арыз менен жогорку сот инстацияларына кайрыла ала тургандыгын билдирген. Бирок чечимде «Кыргыз ордо» гезитин Жыргал Мурзалиева «Кызыл ордо» деп жазып салган. Дал ушул чечимдин негизинде сот аткаруучулар 10-январда редакциянын мүлкүн тизмелеп жазып, эшигин мөөр басып жабууга аракет жасаган. Бирок редакция кызматкерлери бул жерде «Кызыл ордо» эмес, «Кыргыз ордо» гезитинин редакциясы жайгашканын эскертишет. Сот аткаруучулар ошол замат судья Жыргал Мурзалиевага кайра келип, «Кызыл ордо» деген аталышты «Кыргыз ордо» деп оңдогон соттун жаңы чечимин алып келип, анын негизинде гезиттин мүлкүн тизмелеп жазып кетишет.
Судья Мурзалиеванын 10-январдагы чечимине ылайык «Учкун» басмаканасы «Кыргыз ордо» гезитинин кезектеги санын баспай койгон.
Бирок 15-январда судья Жыргал Мурзалиева кайрадан сот жыйынынын чакырып, 10-январда өзү чыгарган чечимин өзгөртүүгө барган. Бул окуяны «Кыргыз ордо» гезитинин адвокаты Ашыркул уулу Токторбек айтып берди.
- 10-январдагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө сот өз ыктыяры менен, эч ким арыз жазбаса да жыйын чакырып, чечим чыгарды. Менин бир эле нерсеге түшүнбөдүм. 15-январда сот, жок чечимди жокко чыгарып жатат. Анткени 10-январда эки чечим болгон. Бирок экөөндө тең «Кыргыз ордо» гезитин жабуу жөнүндө жок. А «Кызыл ордо» гезитин жабуу жөнүндө бирөөндө, экинчисинде болсо анын мүлкүн камакка алуу жөнүндө чечим чыгарылган. Мен ошол үчүн акыркы кезде «сотко ишенич жок, соттор туура эмес чечим чыгарат» деп эл ичинде айтылган сөздөргө кошулгум келет. Мен, соттор кылып жаткан ишине ынтызар коюп, баарын изилдеп,текшерип, адамдын укугуна шек келтирбей мыйзамга ылайык чечим чыгарат деген ойдо элем. Эми, мынабу үч чечимди окугандан кийин биздин системада кандай соттор отурат, кантип иштеп атышат, кайсы мыйзамды карап жатат деген ойго кетем, - дейт адвокат Ашыркул уулу Токторбек.
Биринчи Май райондук соту эркин гезитти жабуу тууралуу чечимин өзгөрткөн менен, гезиттин мүлкү, акчасы камакка алынган. Ошондуктан «Кыргыз ордо» гезитинин кезектеги санынын чыгышы күмөндүү бойдон калууда.

· Тажикстандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башчысын өлтүргөн адам өлүм жазасына кесилди

ДУШАНБЕ. Душанбенин шаардык соту Тажикстандын мамлекеттик телерадиокомпаниясынын башчысын өлтүргөн деп айыпталган жаранды өлүм жазасына кести. 27 жаштагы Рахим Каландаров 2000-жылдын май айында мамлекеттик телерадионун башчысын өлтүргөндүгү үчүн күнөөлүү деп табылды. Каландаров сотто айыптуу эмес экенин айтып, тергөөчүлөр ага тагылган айыпты күч менен моюнга алдырганын билдирди. Тажикстандын укук системасында кылмыш кылды деп шектелген адамдар ур-токмокко алынып, кыйноого дуушар болоорун укук коргоо уюмдары бир нече курдай белгилешкен. Каландаров аппеляциялык арыз менен жогорку сот мекемелерине кайрыла турганын айтат. Мамлекеттик телерадиокомпаниянын башчысы Сайфулло Рахимов 2002-жылдын 20-майында үйүнүн жанынан ок жеп өлгөн. Сот Каландаровду күнөөлүү деп тапканы менен, Рахимовду өлтүрүүгө кимдер буйрук бергенин аныктай алган жок.

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА

“Слово Кыргызстана” 16.01.03., “Общественный рейтинг” 16.01.03., “Вечерний Бишкек” 16.01.03., “Моя столица” 17.01.03., “Агым” 17.01.03. Кыргыз басылмаларынын баяндамасы менен Бекташ Шамшиев тааныштырат.

16-январда “Слово Кыргызстана” гезити президент Аскар Акаевдин башкалаанын калкы менен жолугушканын баяндаган репортажды жарыялады. Президент Акаевдин бишкектиктерге айткан сөзүнүн маани-жайы мындай: дүйнөдөгү өмүрү узак Конституциялардын баары коом мүчөлөрүнүн ымаласынын натыйжасында жаралган. Демократиялык өлкөдө кайсы бир саясий күчтүн үстөмдүгү болбош керек, бийлик оппозицияны басынтпай, өлкө жарандарынын ортосунда ынтымак-ырашкердик болсо гана жаңы Башмыйзамдын жаралышына негиз түзүлөт. Өткөн жылдын августунда түзүлгөн Конституциялык кеңешменин ишине «Акаевди кызматтан кетирүү» штабынын мүчөлөрү да чакырылган. Элден 11 миңден ашуун сунуш-пикирлер келип түшкөн, Аларды жалпылап, эксперттик топ президенттик-парламенттик башкарууга негизделген жаңы Конституция жазып чыкты. Акаевдин айтымында, референдумга коюлган экинчи суроо калк кимди колдоорун ачыкка чыгармакчы. Гезиттин жаңы санында Э.Тереков деген автордун “Эки баштуу парламентти бага алабызбы?” деген макаласына да орун берилген. Адабий ысымдуу автордун эсебинде эки палаталуу парламентти кармоого кедей республиканын чама-чаркы чак. Кыргызстандагы миллион кишиге 21 депутат туура келет, мындай көрсөткүч 17 миллион калкы бар Казакстанда 7-8, 50 миллион элдүү Украинада 9, 25 миллиондуу Өзбекстанда 10 түзөт. Гезит авторунун жазганына ынансак, кыргыз парламентчилери Бруней султанындай эле жашайт. Кийинки 3 жыл ичинде Жогорку Кеңешти кармоого 300 миллион ашуун сом, президент администрациясына 100 миллиондой сом, өкмөт аппаратына болгону 75 миллион сом коротулган. Бишкектеги «Аккеме» мейманканасынын айланасындагы кыйла жылдардан бери токтолбой келаткан талаштын чоо-жайы Анара Солтоеванын «Жээкке жеттик» деген макаласында талдоого алынат. Автордун айтымында, «Аккеменин» курулушуна бир тыйын коротпой, бийликтин жогорку тепкичинде отурган колдоочуларынын жардамы менен кирешелүү мейманканага ээ болгон түркиялык “Систем Мюхендислик” фирмасынын айланасындагы талашка парламент, өкмөт чиновниктери аралашты, бирок азырынча анын жыйынтыгы чыга элек.

16-январдагы «Общественный рейтинг» гезитинде «Эл үнү» партиясынын Кыргызстан калкына, бийлик ээлерине, саясий партия, бейөкмөт уюмдарга кайрылуусун жарыялады. Партия жетекчилигинин ырасташынча, укуктук өлкө кабылдоого жараксыз биртоп конституциялык жоболор бар. Президенттин абсолюттук вето койуу укугу парламенттин өз алдынчалыгын жокко чыгарат. Саясий партиялардын шайлоого катыша албастыгы, элдин, акыйкатчынын Конституциялык сотко кайрылуу укугунун жоктугу, депутаттарды мандатынан ажыратуу, Башмыйзамдын чаржайыт жазылышы сунуш кылынган Конституциянын жаңы редакциясы демократиялык реформалардан четтей баштаганын көрсөтөрү кайрылууда белгиленген.

Кыргызстан элдери ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев социализм доорундагы Кыргыз ССРинин желегин кайтаруу, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өлкөнүн аталышын Кыргызстан Республикасы деп атоо сунушу менен чыгышканын бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Иса Токоевдин пикиринче, эгемен Кыргызстандын кырмызы кызыл туусунун символикалык маанисин көпчүлүк жарандар түшүнбөйт. Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун акими Токон Шайлиева жаңы Конституция постсоветтик республикалар арасындагы эң мыкты экендигин айтып, аны республика калкы толук колдооруна ишене тургандыгын билдирген.

«Моя столица» гезитинин жума күнү жарыкка чыкчу санында Конституциялык кеңешме мүчөлөрүнүн, саясий партия, бейөкмөт уюмдардын 2-февралга белгиленген референдумдун Башмыйзамга кайчы келери тууралуу билдирүүлөрү жарыяланмакчы. «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун Кыргызстандын Конституциялык сотуна жолдогон өтүнүчү да гезиттин жаңы санында басылмакчы. Партия жетекчиси кезектеги референдум Башмыйзамга кайчы келерин ырастап берүүнү соттон өтүнгөн.

«Агым» гезитинин жума күнкү санында конституциялык референдум тууралуу саясий партия, бейөкмөт уюмдардын билдирүүлөрү, Аксы окуясынан жабыр тарткандардын бийликке койгон талабы, кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек ара маселелери жөнүндөгү макала, кабарлар жарыяланмакчы.

HUMAN RIGHTS WATCH КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫНА НААРАЗЫ

Шаршембиде “Хюман Райтс Уотч” эл аралык укук коргоо уюму дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалы тууралуу жылдык отчетун жарыялады. Анда, былтыр жаңы деңгээлге көтөрүлгөн эл аралык маанисине жана АКШ менен аскерий алакаларына эрдемсий түшкөн Борбордук Азия өкмөттөрү, анын ичинде кыргыз бийлиги адам укуктарын кордоп-басмырлоону күчөткөнү белгиленет.

“Өткөн жылы Кыргызстанда болуп өткөн окуялар президент Аскар Акаев башында турган кыргыз бийлиги адам укуктары боюнча милдеттенмелерин аткаруудан баш тартканын көргөзөт", деп башталат "Хюман Райтс Уотч" уюмунун доклады. Эл аралык уюм кыргыз өкмөтүнүн адам укуктарын чектөө, кордоп-басмырлоо аракеттерин башка Борбордук Азия өлкөлөрүндөгүдөй эле, 11-сентябрдагы теракттардан кийин көтөрүлө түшкөн региондун геосаясий мааниси жана АКШ менен аскерий кызматташтыктын күчөшү менен түшүндүрөт. “Борбордук Азия мамлекеттери адам укуктарын көз жаздымда калтырып, чөлкөмдүн жаңы геосаясий ролунан улам, бул үчүн эл аралык коомчулук эч кандай дипломатиялык кысым көрсөтпөйт деген ишеничке азгырылышты”, - деп жазат белгилүү укук коргоо уюму өз докладында.

Кыргызстандагы мындай терс көрүнүштөрдү таасын далилдеген окуя катары алды менен өткөн жазда дүйнө коомчулугунун көңүлүн өзүнө бурган Аксыдагы коогалаңдар аталат. 17-18-март күндөрү Кыргызстандын түштүгүндөгү Аксы районунда оппозициячыл депутат Азимбек Бекназаровду камактан бошотууну талап кылып, жөө жүрүшкө чыккан пикетчилерге милиция ок ачып, беш кырчындай жигиттин өмүрү кыйылды. 19 киши жараат алып, 47 милиция кызматкери жарадар болду. Парламентте бул окуялар талкууланып жатканда, Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри Т.Акматалиев: «Милиция резина октор менен камсыздалбагандыктан, элге каршы кадимки окторду колдонууга аргасыз болду», - деп актанды. Аталган экс-министр жана Аксы окуяларынын учурунда бийлик башында турган башка адамдар кыргыз президентинин жардыгы менен жаңы кызмат орундарына көчүштү, бейкүнөө беш кишинин өмүрүн алган коогалаң үчүн 3 жергиликтүү жетекчи гана соттолуп, түрмөгө кесилди. Аксыда курман болгондордун жакындары жана жалпы ал окуяларга катышкан эл күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып, бүгүнкү күнгө дейре бийлик тараптан жооп алалбай келатышат.

«Хюман Райтс Уотч» уюму андан ары кыргыз президентинин саясий оппоненттерин куугунтуктоо улантылганын белгилейт. Кыргызстандын мурдагы вице-президенти, Акаевдин атаандашы Феликс Кулов мурдагы жылы сот өкүмү менен 7 жылга эркинен ажыратылса, былтыр анын үстүнөн жаңы сот болуп, оппозициячыл саясатчы баш-аягы 10 жылдык өмүрүн түрмөдө өткөрмөй болду. Кыргызстандын укук коргоо уюмдары Феликс Кулов саясий куугунтуктун курмандыгы деп эсептешет. Айткандай эле, 2000-жана андан кийинки жылы Кыргызстанда Феликс Куловдун колдоочуларынын нааразылык акциялары токтобой келген болсо, былтыр - Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду коргоо жылы болду десе болот. Кыргыз-кытай өкмөттөрүнүн ортосунда чек араны делимитациялоо тууралуу келишимге каршы чыгып, кыргыз бийлигин катуу сындап аты чыккан депутат Бекназаров андан 7 жыл мурун прокуратурада иштеп жүрүп, жасаган иши үчүн күтүүсүз жерден камакка алынган. Ага каршы нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялагандардын арасынан Шералы Назаркулов ден-соолугу кескин начарлап кетип, кайтыш болду. Бекназаровду колдогон ондогон демонстрациялардын бири да тынч өткөн жок, алардын активдүү катышуучулары кыска убакытка камалып, же административдик жаза тартышты. Май айында кыргыз парламентинин алдында өткөн пикеттен кийин Кыргызстандын адам укуктарын коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунов жана андан башка бир нече активист камакка алынып, кийинчерээк бошотулушту. Аксы окуяларынан жабыр тарткандардын таламын талашып жүрүп Жалалабаддык Кадыркул Өмүрбеков 12 күн абакта жатып чыкты. Жада калса, аксылыктардын нааразылык акцияларын чагылдырган журналисттер да бийлик органдарынын кысымына кабылышты. Май айында «Азаттык» радиосунун кабарчысы Жаркын Темирбаеваны демонстрацияны чагылдырып жүргөн жеринен милиция кармап кетип-бошотсо, акын Асанбай Жусупбековго «Азаттыкка» жалган маалымат берген үчүн кылмыш иши козголгон, - деп айтылат эл аралык укук коргоо уюмунун отчетунда.

«Хюман Райтс Уотч», мындан тышкары, кыргыз өкмөтү сөз эркиндигин чектөөнү күчөтүп, өлкөдөгү салттуу диний агымдардан башка уюмдардын өкүлдөрүн куугунтуктаганын, мисалга Борбор Азияда Ислам халифатын орнотуу идеясын тараткан үчүн «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун баракчалары табылган адамдарды кармап, бир нече жылга эркинен ажыратканын, Кытай менен түзүлгөн келишимдерден улам, жергиликтүү уйгурларга карата мамилеси бузулганын баяндайт. Докладдын соңунда «Хюман Райтс Уотч» уюму Кыргызстанга акчалай-материалдык жардам көрсөтүп жаткан АКШ, Эл аралык Валюта Фонду, Дүйнөлүк Банк, Европа Биримдиги өңдүү бир катар уюмдарга кайрылып, Кыргызстан жана жалпы Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата саясатын аныктоодо аларды бул мамлекеттердеги адам укуктарынын абалын биринчи орунга коюуга үндөйт. «Антпесе, былтыркы окуялар таасын айгинелегендей, бул өлкөлөрдүн авторитардык бийликтери өзүлөрүнө каяша айткан ар бир адамды куугунтуктоо саясатын күчөтүүнүн гана үстүндө», деп белгиленет эл аралык уюмдун докладында.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG