Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:47

Кыргызстан

АКСЫ ОКУЯСЫНДА ЖАБЫРЛАНГАНДАР СОТ ӨКҮМҮНӨ НААРАЗЫ

Бакыт Аманбаев, Бишкек “Азаттыктан» мурда кабарлангандай, 2002-жылдын декабрь айынын сонунда Майлысуу шаарында Аксы окуясы боюнча күнөөлөнгөндөрдүн үстүнөн сот жараяны аяктаган. Сот кабыл алган өкүмгө Аксы окуясында каза болгондордун тууган-уруктары жана Аксы окуясында жабырлангандар нааразылыктарын билдиришип, кайрадан сот жараянын өткөрүүнү талап кылышууда.

Аксы окуясында окко учкан жана жараат алган жарандардын ата-энелери 6-январда кыргыз элине жана президент Аскар Акаевге кайрылуу менен чыгышты. Өз кайрылууларында алар мамлекет башчысынан, 2003-жылдын 17-мартына чейин Аксы окуясынын чыгышына саясий күнөөкөр деп кат ээлери эсептеген Аманбек Карыпкуловду, Темирбек Акматалиевди, Болот Жанузаковду, Чубак Абышкаевди, Калмурат Садиевди, Мисир Ашыркуловду жана тергөөнүнүн ишин жаап-жашыргандыгы үчүн республиканын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкуловду кызматтан кетирүүнү, окко учкандардын өлүмү боюнча кайрадан кылмыш ишин козгоп, сотту Аксы районун борбору Кербенде өткөрүүнү талап кылышкан. «Эгерде биздин талаптар 17-мартка чейин аткарылбаса, Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылабыз жана ал талаптарыбыз аткарылганга чейин Бишкектеги «Акүй» алдында балдарыбызды жоктоп, күн сайын кошок кошобуз», деп жазышкан эле жабырлангандардын ата-энелери.

Эске сала кетүүчү нерсе, президент Аскар Акаев жаңы жылдын алдында Кыргыз телерадиокорпорациясы аркылуу түз эфирге чыгып, Майлысуу шарында башталган сот жараянында Аксы окуясында күнөөлүү деп табылгандар адилеттүү жазаланарын билдирген. «Кечээ каргашалуу Аксы окуясында адамдардын набыт болушуна түзмө-түз тиешеси бар күнөөлүүлөрдүн тергөөсү бүтүп, сот процесси башталды. Эми сот алардын ишин адилеттүүлүк менен карап, мыйзам чегинде жазасын берет деп терең ишенебиз» , -деген пикирин билдирген болчу Аскар Акаев.

Ал эми Аксы окуясында жабыр тарткандардын пикиринде, 2002-жылдын декабрь айынын соңунда Майлысуу шаарында болгон сот жараянына күбөлөр, жабырлануучулар толук катыштырылбай, сот жараяны башынан аягына чейин республиканын Кылмыш-Жаза Кодексин бузуу менен өткөрүлдү. Натыйжада, Аксы окуясында чыныгы күнөөлүүлөрдүн үстүнөн кылмыш иши жеңилдетилип, сот процесси адилетсиз өттү. Бул тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун пикири да ушуга жакын. «Эми жаш балдардан карыларга чейин түшүнүктүү нерсе болду. Бул сот, элдин талабы боюнча болбой эле, саясий чечим болуп калды. Иши кылып, «мынакей, биз төрт адамды соттодук го», деп жыйынтык чыгарып, коомчулкту алдоо түрүндө өткөрүлгөн сот. Ошондуктан аксылыктар да бул сотко каршы болуп, баруудан баш тартышты», - дейт ал.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Мыйзам чыгаруу жыйынын депутаты Айдарбек Керимкулов да каршы эмес. «Дагы бир топ маселелер чыгышы мүмкүн. Тергөө бүткөн жок го деп ойлойм. Себеби дагы тергөөнүн жүрүшүндө, материалдар менен таанышканда жетекчиликтен кеткен каталар болобу же башка күнөөлүүлөрбү - белгилүү болот. Анан ошол адамдарга тиешелүү соттор болушу мүмкүн, болот», - деди Айдарбек Керимкулов.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун көз-карашында, президент Аскар Акаев Аксы окуясында жабырлангандардын жогорудагыдай талаптарын буга чейин аткара алган жок жана аткара албайт. «Мамлекет башчысы буга чейин ошол кадамдарга бара албай жатат. Баргандын ордуна Карыпкуловдун маянасын көбөйтүп туруп, Түркияга элчи кылып койду. Акматалиевди кайра алып келип, президенттик администрация башчысынын орун басарлыгына шайлады. Осмонакун Ибраимов ушул убакытка чейин айланасында эле жүрүүдө. Мындан сырткары Жанузаков, Иманкулов - баары кызматында эле отурушат. Чын-чынында президенттин күнөөлүүлөрдү жазалай албасы белгилүү болуп калды. Эмне үчүн жазалай албайт? Ал ар бир карапайм элге түшүнүктүү – демек, бир нерсеси бар», - дейт эл депутаты.

Азимбек Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясынын башчысы Токон Шайлиева макул эмес. Анын көз карашында, республикадагы ар бир жаран сот чыгарган чечимге баш ийиши керек. «Сотко ишенбесең кантип болсун. Сот баарын сураштырып, күнөөлүүлөрдү бири-бирине көздөштүрүп, анан чечим чыгарды. «Буйрук кайдан келди? «Ат» деген буйрук болдубу?» - деп териштирди деп ойлойм. Ошондуктан соттун чечими чечим болот да. Сотко ишенбей коюга болбой», -дейт Токон Шайлиева.

Ошентип, Аксы окуясында жабыр тарткандар соңку мезгилдери кайрадан өз аракеттерин жандандыра башташты. Аткаруу бийлиги жабырлангандардын мындай талаптарын аткарабы-жокпу - аны убакыт көрсөтөт.

КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ «ПИНАРА-АККЕМЕ» МЕЙМАНКАНАСЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ

Бишкектеги «Пинара» («Аккеме») мейманканасы пайдаланылууга берилгенден тартып эле коомчулуктун көңүл борборунда келаткандыгы белгилүү. 2002-жылдын 17-декабрында Конституциялык Сот өзүнүн чечими менен Жогорку Арбитраждык Соттун 1998-жылдын 10-декабрындагы «Аккеме» акционердик коомун төлөөгө жарамсыз деген токтомун туура эмес деп тапты. Башкача айтканда, кыргыз тараптан бул мейманкананы курууга катышкан «Аккеме» фирмасы Конституциялык Соттун бул чечиминен кийин мейманкананын кожоюндарынын бири болууга толук укук алды. Бирок Конституциялык Соттун чечимин Жогорку Арбитраждык сот дагы, кыргыз өкмөтү да жана мейманкананын азыркы кожоюну – Түркиянын «Систем Мюхендислик» фирмасы да көз жаздымда калтырууда.

Конституциялык Соттун, өткөн жылдын 17-декабрындагы чечими «Пинара» мейманканасынын айланасындагы айрым күчтөрдүн картасын бузуп койду. Анткени, талашка түшүп келаткан мейманкананы Кыргызстан тарап өзүнө алып коюуга укуктук негиз түзүлүп калды. Эгер мыйзам аткарыла турган болсо, «Пинаранын» башкы кожоюну катары саналып келаткан Түркиянын «Систем Мюхендислик» фирмасы Кыргызстандын «Аккеме» акционердик коомуна мейманкананы бошотуп берүүгө аргасыз абалда калды.

Мына ушул жагдайларды эске алган Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Кадырбеков Конституциялык Соттун бул чечимин революциялык чечим катары баалоого болот дейт. «Конституциялык Соттун бул чечимин мен революциялык чечим деп эсептейм. Себеби Жогорку Сот жана Жогорку Арбитраждык Сот тар кызыкчылыктарды көздөгөн чечим кабыл алып келатышат. «Аккемеге» байланыштуу чечим кабыл алуу менен Конституциялык Сот мындан ары да мыйзамдын акыйкаттыгы зарылдыгын көрсөттү», - дейт ал.

Белгилүү болгондой, «Пинара» мейманканасынын кожоюну болуп 1999-жылдын 1-июлунан бери Түркиянын «Систем Мюхендислик» фирмасы эсептелет.

Эске сала кетүүчү нерсе, Бишкектеги «Пинар» же «Аккеме» мейманканасы - Кыргызстан менен Түркия өкмөттөрүнүн биргелешип жараткан долбоору. 1993-жылдын 1-февралында Түркиянын «Систем Мюхендислик» фирмасы менен Кыргызстандын «Аккеме» акционердик коому Бишкек шаарына 27 миллион долларга төрт жылдыздуу мейманкана куруу тууралуу келишимге кол коюшкан. Андан кийинки ушуга окшогон макулдашууларга ылайык чыгымдын жарымын - он үч жарым миллион долларды - Кыргызстан тарап, калган он үч жарым миллион долларды - Түркиянын аталган фирмасы көтөрмөк болот. Бирок Кыргызстан өз казынасында мынча акча жоктугун айтып, Түркиянын «Эксимбанкынан» бул максатта 8 миллион жети жүз миң доллар карыз алат да, аны дароо эле мейманкана куруп бермекчи болгон «Систем Мюхендислик» фирмасынын эсебине которуп берет.

Бирок 1998-жылдын 10-декабрь күнү Жогорку Арбитраждык Сот «Аккеме» акционердик коомун төлөөгө жарамсыз же банкрот жарыялаган токтомун кабыл алат да, мейманканага убактылуучу башкаруучу же администратор киргизилет. Мына ушундан кийин окуянын өнүгүшү тездеп, көп өтпөй эле кыргыз өкмөтү мейманкананы Түркиянын бизге тааныш «Систем Мюхендислик» фирмасына 12 миллион 700 миң долларга сатат.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын депуттары бул келишимди изилдеп чыккандан кийин, кыргыз өкмөтү мейманкананы өлкөгө ири өлчөмдөгү зыян алып келе турган шарт менен саткан деген жыйынтыкка келишип, 2002-жылдын 7-октябрында атайын токтом кабыл алган. Депуттардын пикири боюнча, кыргыз өкмөтү мейманкананы «Систем Мюхендисликке» сатканы туура эмес болгон. Себеби, аталган фирма «Пинара» мейманканасын куруу максатындагы 8 миллион 700 миң доллар акчанын эсебин Кыргызстанга чыгарып берген эмес жана өзүнүн Кыргызстан алдындагы милдеттерин аткарган жок.

«Кыргызстан тарап өз милдеттерин аткарды. «Эксимбанктан» алган 8,7 млн. долларды «Систем Мюхендисликке» берген. Бирок бул сумманын 1,2 миллион доллар айланасындагы каражатына гана курулуш материалдары алынып келген. Калган акча кайда кеткени белгисиз. Ошентип, Кыргызстан 8, 7 миллион долларды аталган фирмага берип бир уттурса, ал акчанын ордун азыр ошол эле Түркиянын «Эксимбанкына» төлөп берип эки уттурса, үчүнчүдөн, ушунча чыгым жана эмгектен соң мейманкананы кайра эле ошол «Систем Мюхендисликке» берип жиберип отурат. Бул жаш баланы алдагандай эле нерсе. Муну мен афера деп гана айта алам», - дейт бул тууралуу депутат Ишенбай Кадырбеков.

Бирок, окуянын мындай өнүгүшү менен «Систем Мюхендислик» фирмасы макул эмес. «Систем Мюхендисликтин» Деректирлер Кеңешинин төрагасы Фехим Ениже «Азаттыктын» кабарчысы берген суроолорго кат менен жообун жиберип, анда фирма өзүнө алган милдеттеринин баарын аткаргандыгын айтат. «Биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттерди толук аткардык. Мейманкананын өз убагында ачылышын камсыз кылып, 1995-жылдын 28-августунда пайдаланууга бердик», - дейт «Систем Мюхендислик» фирмасынын жетекчиси Фехим Ениже.

Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2002-жылдын 7-октярында кабыл алган токтом тууралуу Фехим Ениже: «Депуттардын кабыл алган токтому эл аралык нормаларга жана Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келет. Биздин фирма кыргыз өкмөтүнөн депуттардын мындай чечимин аткарбоого чакырат. Эгерде кыргыз өкмөтү Жогорку Кеңештин бул токтомун аткарса, анда ал эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерге терс таасирин тийгизээрине ишенем», - деди.

«Аккеме» акционердик коомунун президенти Руслан Сарымсаков Конституциялык Соттун чечимин кыргыз өкмөтүнүн аткарарына ишенбесин айтып, аны аткарууга бийлик мунарасындагы коррупция тоскоол болуп жатканын биз менен бөлүштү. «Конституциялык Соттун чечими акыйкат чечим болду. Бирок мен биздин аткаруу бийлигибиз аны турмушка ашырарына ишене албайм. Себеби, алар коррупцияга белчесинен батып калышкан. Ошондон улам Конституциялык Соттун чечими аткаруу бийлиги үчүн гана эмес, «Аккеменин» айланасындагы белгилүү күчтөргө да күтүүсүз чечим болду. Ушул жагынан алганда Конституциялык Соттун бул чечимин тарыхый чечим деп айтууга негиз бар», дейт Руслан Сарымсаков.

ТАЖИК-КЫРГЫЗ ЧЕКАРАСЫНДАГЫ ЧАТАК ЖӨНГӨ САЛЫНДЫ

Өткөн аптада тажик-кыргыз чекарасында тополоң чыгып,аны эки тараптын коопсуздук күчтөрү бат эле теске салган эле. Кийин коңшулаш Баткен жана Согд областтарынын бийлик өкүлдөрү өз ара сүйлөшүүлөрдү өткөрүп,чекара тоомундагы бажыканаларды алып салышты.

Эске сала кетели: 3-январда бешим ченде Тажикстандын Ворух анклабындагы Октябрь кыштагында жашаган тургундар топтолуп, Кыргызстан тараптагы жол тоскунга коюлган жолумканалардын тос-тополоңун чыгарып салышат. Буга жооп кылып үчкө жуук кыргыз айылынын адамдары чогулуп келет да Тажикстан тараптагы бажы жана чекара күркөлөрүнүн баарын аласалдырып, кыйсыпырын түшүрө кыйратып кетишет. Тополоңду чекара жана коомдук тартип күзөткөн тажик-кыргыз кызматтары кара жаңжалга жеткирбей токтотуп калышат. Андан соң иштин чоо-жайын биргелешип териштирип чыгып,эки тараптын тең талаптарына ылайык келген чечим табуу жөнүндө бүтүмгө келишет. Баткен областынын губернатору Мамат Айбалаевдин “Азаттыктын” кабарчысына билдирген маалыматтары боюнча,”сүйлөшүүлөр учурунда тажик коңшулар өз тарабынан чекарадагы бажы күркөлөрү менен жол тоскундарды ала тургандыгын” айтышкан. Алардын соңунан Баткен областынын бийликтери да ушундай эле кадамдарга барууну эп көрүшкөн. Эки жактын макулдашуусу менен жол танабындагы тоскундардын баары жоюлгандан кийин кыргыз-тажик тарабынан адамдар аркы-терки эркин каттап калышты. “Иш ушинтип жакшы жыйынтык менен чечилди”,-деп айтты Айбалаев.

Кыргыз губернаторунун сөздөрүн Тажикстандын мамлекеттик чекара комитет башчысынын орунбасары Нуралишох Назаров бышыктады. Анын сөзү боюнча,бул жерде эки тараптын күчтөрү биргелешип, тополоңду басканга жетишти. “Согд областынын
чекара кызмат өкүлдөрү кыргыз тарабындагы кызматташтары менен жолугушканга уруксат суранган эле, биз муну кубаттадык”,- деп айтты Назаров. Ал ошондой эле кыргыз-тажик чекарачылары да өз ара чабыша кетиптир деген кептердин карандай кайбат экендигин ырастады. 3-январдагы тополоңго Назаров курал-жарак аткезчилери шыкакчы болду деп эсептейт. Жакында эле бул жерде контрабандалык 12 тонна калай жана ири суммадагы курал-жарак партиясы кармалган эле.

Баткендин губернатору Мамат Айбалаев тополоң болгон жерде талаштуу тилкелер бар экендигин бышыктады.Ошол себептен эки тарап мурда макулдашып,бул жерге чек ара же бажы күркөлөрүн койбой турган болушкан. Мындан тышкары, жетишилген макулдашууга ылайык, аталган райондо эч кандай экономикалык жана чарбалык иштер жүргүзүлбөшү керек.Айбалаевдин ишениминде,чекарадагы мындай чыр-чатакты сепаратисттик маанайдагы айрым бир күчтөр козутуп,көкүтүп жатат.Ырасмий тажик бийликтеринин буга таптакыр тиешеси жок.

Бишкектеги эл аралык толеранттуулук фондусунун Баткендеги регионалдык кеңсесинин өкүлү Кубанычбек Сатиев бажы жана чекара тоскундарынын алынганын утурумдук гана чара деп эсептейт. Анын айтымында, мындан эки жылдай илгери эле тараптар тосот күркөлөрүн алып салышкан эле. Бирок көп өтпөй алар кайра пайда болгон. Тажик тарабы мунун себебин аталган райондо аткезчилик күч алып кеткени менен түшүндүрүшкөн. Кыргыз тарабы болсо жол тосулуп, соода-сатык кылганга, жалпы эле күнүмдүк келим-кетимге кыйынчылык түзүлгөнүнө нааразылык билдиришкен. Ошондуктан бул жолку чаралар деле, Сатиевдин айтымында, акырындап кайра эски абалына келет. Бирок маселени бир жаңсыл кылып,биротоло чечүүнүн конкреттүү жолдорун азырынча эч ким сунуш кыла элек.

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА

Жаңы жыл тосуу жөрөлгөсү, ага удаа православ христиандардын Иса пайгамбардын жарык дүйнөгө келген күнү кыргыз басылмаларынан жалгыз «Агым» гезити жарык көрдү. «Аалам» менен «Дело №» басылмаларынын жаңы жылдык саны буюрса кийинки жумада окурмандардын колуна тиет. Анткен менен, алдагыдай кенемтени Кыргызстандын электрондук маалымдоо каражаттары кадимкидей толуктап, жамы калк бу дүйнө менен Кыргызстанда эмне окуялар болуп атканынан кабарсыз калышкан жок. «Моя столица» гезитинин 7-январдагы электрондук версиясында Турат Акимовдун «Аксы жаңырыгы» деген макаласы жарыяланды. Макалада республикадагы саясий кырдаал, бийлик менен элдин, оппозициянын тартышы талдоого алынып, жаатташуунун себеп-жөнү айтылат. Автордун пикиринче, Кыргызстанга тийиштүү 124 миң чарчы километр жердин Кытайга берилишине аксылыктардын катуу каршы турушу эки жагдай аркылуу шартталган. Анын жазганына караганда, аксылыктар жердин барк-баасын түшүнгөн эл, тымызын жылып келаткан өзбек экспансиясына азыркы кыргыз бийлиги унчукпай атканына нааразы болуп аткандар бул жерде арбын. Экинчиси, аксылыктар Кокон бийлигине каршы туруп, карышып укугун талашкандар. Аксы жүрүшү бийликтин борпоңдугун, оппозициянын ичара биримдиги жоктугун көрсөттү. «Эл менен бийликтин тирешүүсүн президенттин жанындагы дымагы күчтүү Карыпкулов, Кудайбергенов, Пиночетти пир туткан адамдар күчөтүп жиберди», деп белгилейт Турат Акимов. Анын пикиринче, «жумшак, башкалардын айтканына тез көнчү президенттин калк арасындагы таасири аз.

«Вечерний Бишкек» гезитинин жаңы жылдык санында «Дордой» жайма базарындагы жарылуунун иликтениши тууралуу кабар жарыяланды. Асел Оторбаеванын маалыматы боюнча, базардагы жарылууну республиканын улуттук коопсуздук кызматы иликтемекчи. Алардын айтымында, бул ишке Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү да тартылмакчы. Гезиттин жаңы санында Андрей Токомбаевдин Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жөнүндө кыскача кабарына орун берилген. Кыргызстандын президенти А. Акаев «2003-жыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 22 кылымдык мааракесине арналаарын, мындай салтанат республика элин жаңы жеңиштерге шыктантаарын билдирди», деп жазат автор.

Жаңы жылда Кыргызстанды эмне күтүп жатканына «Агым» гезитинин 7-январдагы санында Алым Токтомушев да токтолгон. Автордун болжолунда, кой жылында деле Кыргызстандын экономикасында өсүш болушу күмөндүү, себеби реалдуу сектордун бутуна турушуна кымындай да шарт түзүлгөн жок. «Кыргыз бийлиги авторитардык режимге ачык өттү», дейт Алым Токтомушев. Анын оюнча, азыркы режимдин сакталып турушуна АКШ да кызыкдар. Бийлигин сактап калыш үчүн ушу тапта Акаевдин алдында эки жол турат. Биринчиси – оппоненттерине каршы саясий чараларды күчөтүшү керек, же бийлигин мураскерине таштап отставкага кетүүсү зарыл. «Бийлик даамына аябай татыгып алган президент ага бара койбойт», деп жазат автор. Президент мындан ары каршылаштарына катуу туруп, жазалоону күчөтөрүн ушул эле гезитте «Агымдын» окурмандарынын суроолоруна берген жообунда «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов да белгилейт. «Жаңы жылда президент кырдаалды курчутат,- деп жазат ал. - Сот системасын колдонуу менен репрессия күчөтүлөт, кээ бир гезиттерди коркутса, айрымдары өтө чоң айып санкцияларынан улам жабылат. Биринчи кезекте «Моя столица» гезити».

Кыргыз бийлиги «Моя столица» гезитин жабуу аракетине киришкенин Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун электрондук басылмасы аркылуу Султан Жумагулов жазып чыкты. Автордун жазганына ынансак, бул иштин башында мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов турат. Өткөн жылдын 10-декабрында ал атайын билдирүү таратып, аталган гезитти «бөлүп-жаруучулук идеясын тараткандыгы», «кыргыздардын улуттук сезимин шылдыңдагандыгы үчүн» айыптаган. «Республика жакырчылыктан чыга албай атып шаан-шөкөттүү той-аштарды арбын өткөргөнүн сынга алган гезит журналисттери Аксы трагедиясын, президенттин күйөө баласынын бизнесин жаап-жашырбай жазып келген. Ушу тапта сотто гезитке каршы доо-арыздар додолонуп үйүлүп турат, айыппулга миллиондогон сомдор суралган», деп маалымдайт.

КЫРГЫЗ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯСЫ КАНДАЙ?

Кыйладан бери кыргыз басылмаларында улуттук интеллигенциянын коомдогу орду жайында талкуу жүрүүдө. Анын чыгышына адабиятчы Салижан Жигитовдун өткөн жылдын 5-ноябрында «Республика» гезитинде жарыяланган «Кыргыз интеллигенттеринин көзү желкесинде» деген маеги себеп болду. Талкууну уланткандардын бирдаары автордун керт башына асылып отуруп алгандан улам, талашка түшкөн маселенин маани-жайы четте калды.

Салижан Жигитовдун кыргыз интеллигенциясы тууралуу «Республика» гезитинде жарыяланган пикири жаңылык деле эмес эле. Андай пикирин автор кыйладан бери жарыя айтып келатат. Бирок мурда адабиятчынын ачык сөзү ур-тепкиге алынчу эмес, атүгүл ушу азыр жалпы кыргыз интеллигенциясынын таламын талашып, Салижан Жигитов тууралуу сын макалаларды токтотпой басып аткан «Кыргыз туусу» деле чырылдап каршы чыкканын көргөн эмеспиз. Антип өкмөттүк гезит адабиятчынын жекече пикиринен кынтык издеп, ур-токмокко алышына Жигитовдун улуттук интеллигенция тууралуу пикири эмес, Аскар Акаев менен Чыңгыз Айтматовдун дарегине багышталган ачык сөзү шылтоо болду окшойт. Адабиятчы совет бийлигин тоталитардык коом деп аянбай сындап келатышкан Акаев менен Айтматов, ошо тоталитардык коомдун камчысын чаап келишкен аткаминерлерди улуттук лидер деп көкөлөтүшкөнүн, андай сый-урматты Исхак Раззаковго чейин республиканы башкарып келген башка улут өкүлдөрүнө көрсөтүшпөгөнүн айтып отурат. Аны менен эле тим болбой, Салижан Жигитов улутташ интеллигенция өкүлдөрүнүн арасында өз алдынча, эркин ой жүгүрткөн инсандардын аздыгын, а негизи кыргыз интеллигенциясы бийлик кошоматчысы экендигин, кызматта отургандардын сүрөөнү менен өткөндү көкөлөтө мактоого киришип, аш-тойлордон колу бошобой, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Оштун 3000 жылдыгы сындуу тарыхый салтанаттарды өткөрүүгө шылтоо, себеп табышканын жашырбай ачык айтты.

Адабиятчынын алдагыдай улуттук ар-намысты козгой турган жекече пикири ага каяша макала жазгандардын бир да бирөө тарабынан жокко чыгарылган жок. Талашка түшкөн маегинин башында Жигитов өздөрүн Маркстан жогору койгон кыргыз интеллигенциясына мүнөздүү кемчиликтердин биртобун санап берген. Андайга чычалаган кийинки авторлор улуттук интеллигенциябыздын уңгулуу маселелеринен четтеп, талашты чыгарган Салижан Жигитовго таарынгандай, анын дарегине өзүн сыйлаган гезит жарыялабай турган энооз кептерге чейин түшүп кетишиптир. Кыргыз эл акыны Омор Султановдун айтымында, социализм Кыргызстанда жумушчу табын калыптандыра албагандай эле эркин ой жүгүртө алчу улуттук интеллигенцияны түзө албады. «Бизде анын интеллигенция деген аты гана бар. Арасында чыныгы интеллигенттери аз. Биздин интеллигенциянын арасында ичара ынтымак да жок,- дейт Омор Султанов.- Интеллигенциянын антип өзара ымалага келе албай, чачкын калышынын себеби ал түзүлгөн шарттан келип чыкты окшойт. Ошондон мен биздин интеллигенция элди алдыга сүрөп кетет, жол баштай алат, деп ишенимдүү айта албайм. Ушу тапта Кыргызстанда жумушчу табы жок деп атпайбызбы, интеллигенция деле толук калыптана албады, бирок анын арасында андай атка татыктуулар бар».

Улуттук интеллигенциянын айланасында аркыл кептердин чыгып атышы - эң алды өлкөдөгү экономикалык-саясий абалга байланыштуу. Азимбек Бекназаровдун камалышынан башталган бийлик менен элдин тиреши, Үзөңгүкууш чатагы, Боспиектин жанында төгүлгөн кан, адилеттик издеген элеттиктердин Бишкекке жүрүшү маалында ушу азыр кепке алынып аткан интеллигенциянын сөзү угулган жок. Көзгө көрүнүп турган мына ушул жөнөкөй мисал барып-келип Салижан Жигитовдун ачуу сөзүнүн акыйкаттыгын ырастабайбы? Кыргыз-славян университетинин деканы, профессор Абдыкадыр Орусбаев: «Өз улутуна чындап күйгөн инсандар гана ачуу чындыкты айта алат. Салижан Жигитов курч сын айтат, ага чычалагандар толтура. Өз улутуна күйгөн адам гана ушинтип айта алат. Эгер биз улутубузга сын айтсак, ал оңолсун деген ниетте айтылат. Азыр сынга чычалагандар акыры келип Жигитовдун айткан сөзүнүн акыйкаттыгына ынанышат»,- дейт.

Кыргыз интеллигенциясы тууралуу талашка азырынча чекит коюла элек. Каршылаштарынын пикирин жалпылап, аталган теманы улантуу ниетинде жүргөнүн Салижан Жигитов да ырастады.

ИШТЕН ЧАРЧАБАГАН ИЛИМПОЗ.

Санарбек Карымшаков, Бишкек Окумуштуу жана ойлоп табуучу Орозобаков Токтосун менен маек.

Орозобаков Токтосун - техника илимдеринин доктору, профессор, республикабыздын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника тармагындагы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. Азыркы учурда республикабыздын Улуттук илимдер академиясындагы физика институтунун директору. Радиофизика боюнча саналуу адистердин бири. Илимий иштери радио жана электромагниттик ультра толкундардын таралуу мыйзамченемдүүлүктөрүн изилдөөгө арналган. Анын ойлоп табуусу боюнча жасалган телевизиондук пассивдүү ретранслятор республикабыздагы телеберүүлөрдүн, радиорелелинияларынын отуздан ашуун түйүндөрүндө колдонулуп келатат. Жүздөн ашуун эмгектердин, үч монографиянын, бир нече ойлоп табуулардын автору.

- Токтосун мырза, радиофизика илимин тандап алышыңызга эмне себеп болду? Илимдин ошондой оор тармагына кандай шартта, кимдердин кеп-кеңеши менен келип калдыңыз?

- Мен 1958-жылы жогорку окуу жайынын физика-математика факультетин бүткөн убакта Кыргыз мамлекетинде биринчи Бишкекте телеберүү башталган. Ошону элге таратуу негизине кызыккан үчүн, физика институтунда Академиянын «Тоо арасында даража толкундарынын таралышын изилдөө» деген бир лабораториясы бар эле. Илим изилдөө лабораториясынын жетекчиси, кыргыздан биринчи физика-математика кандидаты болгон Турусбеков Мукан Турусбекович деген киши бар эле. Ошол кишинин берген кеңеши, аракети менен лабораторияга кенже илимий кызматкери болуп иштеп калып, андан ары Кыргызстандын областтарына, райондоруна телеберүүнү жана радиоберүүнү таратууга ушунчалык кызыккандыктан, лабораторияда 15 илимий кызматкер иштеп калдык.

- Ойлоп табууңуз кандай шарттарда сынактан өтүп, кимдер тарабынан кабыл алынат? Ошондой кезеңдерге тоскоолдуктар да кездеше калабы? Баса, канча ойлоп табуулардын ээсисиз?

- Элге телеберүү менен гана толкундарды жеткирүү үчүн курулган, жогорку бийиктикте коюлган станциялар толук жеткире албагандыктан, ошого дагы башка экономикалык жактан арзаныраак болгон ойлоп табууларга кийлигишип жүрдүк. Ошол кийлигишүүлөр ал убакта жабык түрүндө, же болбосо ачык түрүндө Москвага жиберилчү. Москвада Бүткүл Союздук институт бар эле. Ошол институтта бир авторлук күбөлүк бериш үчүн, 5-6 жолу аны кайра жазып, кайра тактап, бүткүл дүйнөлүк ачылыштар менен салыштырып жүрүп, анан берилчү. Бул авторлук күбөлүккө жетишүү өтө кыйын нерсе. Ал өзүнчө каттоодо болуп, номур берилип, анан автордун колуна берилчү. Андан кийин ошол авторлор өзүбүздүн күчүбүз менен ошону экономикага, өндүрүшкө киргизиш үчүн аракет жасап, бул аракет берки автордук күбөлүк алгандан да кымбат болчу. Себеби, ал убакта Госплан, башка министерстволордон, ошол жаңы ачылыштарды өндүрүшкө киргизүүдөн коркушчу. Себеби ошол жаңы ачылыштар экономикалык үнөмдөөнү ошолордун бюджетинен алып коёт деп коркчу. А чынында андай эмес. Биздин телеберүү боюнча болгон релетранслятор өтө көп колдонууларга кирип кетти. Кыргызстанда азыр 30га жакын айылда иштейт ал ачылыштар. Россияда, Подмосковьеде көп иштеген, Казакстанда пайдаланылган, Монголияга пайдаланууга чейин берилген 1984-жылдарга чейин. Ойлоп табуулардын саны - Россиядан алынганы 9, Кыргызпатенттен 1 патент алдык жакында, бул дагы ошол пассивдүү электромагниттүү толкунду таратуу боюнча, буюрса пайдаланып кетебиз.

- Сиздин ойлоп тапкандарыңыз иш жүзүндө кандайча колдонулуп, экономикалык жактан да канчалык пайдаларды алып келди?

- Экономикалык жактан булардын алып келгенин бир эле салыштыруу менен айтып берейин. Бир кичинекей айылга телевидение бериш үчүн тоонун бооруна, же болбосо чокусуна үй куруш керек. Ошол үйдүн ичине кабыл алуучу жана берүүчү аппаратураларды коюш керек. Ошол аппаратураны иштетип туруш үчүн тоонун боору менен берүүчү электрлиния алпарыш керек. Канчалык мамы, канчалык зым кетет, аны өзүңөр билесиңер. Анан аны оор шарттарда кыштын жана жайдын күндөрү көз салып, лампаларын алмаштырып туруш керек. Биздин ойлоп табуулар ошонун ордуна коюлган, бир аз гана экономикалык чыгымга алып барат дагы, экологияны да бузбайт, электрэнергияны да пайдаланбайт. Үйдүн да, радиоаппаратуранын да кереги жок. Салыштырып келгенде, бир эле релетранслятор, өтө чоң айыл үчүн, ошол убактагы байланыш министрлиги үчүн экономикалык жактан өтө чоң пайда алып келген. Мындайлар Тоң районунда, Туурасууда, Тоңдогу РЭС заводунда, Ысыката курортунда, Татр деген айылда, Ошто Мургапта, Кызылкоргондо, ушул сыяктуу 30га жакын айылда иштеп турат азыр дагы. Ушул ойлоп табуулардын алып келген экономикалык үнөмү 1984-жылдагы рубль менен 3 миллионду түзгөн. Азыркы кезекте ошолорду куруунун ордунда алмаштырылган үнөм бир нече жүздөгөн миллион сом болуп кетээр эле.

- Азыркы учурда кандай проблемалар менен алектенип атасыз? Келечектеги пландарыңыз менен да ой бөлүшө кетсеңиз?

- Азыркы мезгилде мурунку ойлоп табууларга караганда оңойроок, элдин арасында пайдаланып кете турган телерадиоберүүлөрдү алып чыгуунун үстүндө иштеп жатат биздин радио-физика лабораториясы. Файлды толук камсыз кылыш үчүн диаграммасы башкача болгон ретранслятор ойлоп таап, 1994-жылы алдын-ала патент алдык. Бирок азыркы мезгилде ушуларды пайдаланып кетүүгө биздин мамлекетибиздин, айыл өкмөттөрүбүздүн абалы жетиштүү болбой атат. Анын себеби бир чети өткөн убактагы экономиканын начарчылыгынан болсо керек. Ушуга байланыштуу Кыргыз Өкмөтү 5-июлда № 462 токтом кабыл алды. Бул токтомдо, кийинки убактагы «маалымат ачкачылыгы», элге толук кабар жетпей калып жаткандыгы көргөзүлүп келип, Финансы министрлигине, Байланыш жана коммуникация министрлигине кандайдыр бир суммадагы акчаны ушул ишти жакшыртуу үчүн бөлүп берүү токтом кылынган. Экинчи жагы - чет мамлекеттик инвестицияларды тартуу. Эми аны кимдер тартат? Үчүнчү проблема - жаш балдар телеберүүчү ретрансляторлордун активдүү ретрансляторлорун талкалап, пассивдүү ретрансляторлордун алюминий зымдарын кесип кетишет. Азыр бир топ жерде ретрансляторлор иштебей калды. Аны айыл өкмөттөрү өзүлөрү иштетип алып, элин телевизор менен, радио менен камсыз кылалы десе, алардын колунда өз чөйрөсүнөн чогулган салыктан эч нерсе калбайт. Бардыгы ортого түшүп, же бюджетке кетип калып атат. Мына ушул өтө чоң көйгөйлүү маселе болуп турат.

КЫРГЫЗСТАНДА ЖАНЫ КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТИК ТОПТУН ТҮЗҮЛҮШҮ ТҮРДҮҮ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТУУДА.

Бакыт Аманбаев, Бишкек “Азаттыктан» мурда кабарлангандай, президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгы менен Эксперттик топ түзүлгөн. Аталган топко, буга чейин Конституциялык Кеңеш иштеп чыккан Конституциянын долбоорунун жана жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде, 13-январга чейин Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Бул саясатчылар арасында ар кандай пикирлерди жаратууда.

“Азаттыктан» мурда кабарлангандай, президент Аскар Акаевдин 2-январдагы жардыгы менен Эксперттик топ түзүлгөн. Аталган топко, буга чейин Конституциялык Кеңеш иштеп чыккан Конституциянын долбоорунун, жана жалпы элдик талкуулоонун жүрүшүндө келип түшкөн сунуш-пикирлердин негизинде, 13-январга чейин Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырылды. Өз мезгилинде мындай эксперттик топтун түзүлүшү Конституциялык Кеңештин мүчөлөрүнүн арасында жана жалпы эле кыргыз коомчулугунда карама-каршы пикирлерди жаратууда.

6-январда аталган Эксперттик топтун экинчи отурумуна журналистер катыштырылган жок. Эксперттик топтун башчысы, Президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаевдин «Азаттык» радиосунун кабарчысына берген маалыматына караганда, Эксперттик топ буга чейинки Конституциялык Кеңеш тарабынан иштелип чыккан Конституциянын долбооруна олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизбейт. Анткени, анын оюнча, Эксперттик топтун Конституцияны өзгөртүүгө укугу жок.

Арабаевдин айтымында, Эксперттик топтун башкы милдети - Конституциялык Кеңештин сунуштарын жана элден түшкөн сунуштарды жалпылап, анын юридикалык жагын тактап, бир юридикалык нормага киргизүү болуп саналат.

Чолпонкул Арабаевдин маалыматына караганда, эксперттик топ 13-январга чейин Конституциянын соңку долбоорун иштеп чыгып, мамлекет башчысына сунуштайт. Андан соң президент Аскар Акаев эксперттик топ сунуштаган Конституциянын жаңы долбоорун кайрадан Конституциялык Кеңештин талкуусуна коебу, же дароо эле элдик референдумга алып чыгабы - азырынча белгисиз.

Ошентип, учурда кыргыз коомчулугунда мына ушул маселенин тегерегинде, тагыраак айтканда, «Эксперттик топ иштеп чыккан Башмыйзамдын жаңы долбоору кайрадан Конституциялык Кеңештин же парламенттин кароосуна коюлабы же жокпу?» - деген суроо боюнча ар кандай карама-каршы пикирлер жаралууда. Анткени айрым эркин саясатчылар, «Эксперттик топ мамлекет башчысы каалагандай Конституциянын долбоорун иштеп чыгат. Натыйжада, өлкө башчысы Эксперттик топ даярдаган Башмыйзамдын жаңы долбоорун кайрадан Конституциялык Кеңештин кароосуна сунуштабай, жалпы элдик референдумга алып чыгат» деген божомолдорун айтышууда.

Эске сала кетүүчү нерсе - Конституциялык Кеңештин төрагасынын орун басары, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мамлекет башчысынын Эксперттик топ түзүү тууралуу жардыгына түшүндүрмө берген маалымат жыйынында, Конституциялык Кеңештин мындан кийин чогулбай тургандыгын жарыялаган. «Жардыкты биз так аткарышыбыз керек. Анткени жардыкта Конституциялык Кеңеш жөнүндө, аны кайрадан чакыруу жөнүндө эч нерсе айтылган жок. Конституциялык Кеңешме өзүнүн ишин аяктаган», - деген эле Курманбек Осмонов.

Ал эми Эксперттик топтун түзүлүшүнө Конституциялык Кеңештин мүчөсү, республикадагы «Демократия жана жарандык коом үчүн» аттуу Бейөкмөт Уюмдар Коалициясынын башчысы Эдил Байсаловдин пикири башкача. «Мен мындай топтун түзүлүшүнө толук макул эмесмин. Баары бир ар кандай эксперттик топ, саясий чечим, саясий жыйынтыкты чыгара албайт. Акыркы тексттин долбоорун мамлекет башчысына Конституциялык Кеңешме сунушташы керек», - деп эсептейт ал.

Эдил Байсаловдун жогорудагыдай пикирине үндөшкөн көз карашын Конституциялык Кеңештин дагы бир мүчөсү, республикадагы бейөкмөт уюмдар бирикмесинин башчысы Токтайым Үмөталиева да билдирди. «Конституциялык Кеңешме акыркы жолу чогулганда, «Кеңештин иши негизинен жыйынтыкталды» деп айтылган. Менин оюмча Эксперттик топтун ишинен кийин да Конституциялык Кеңешме чогулуп, Эксперттик топтун сунушун талкуулап туруп, референдумга берүүбүз керек», - дейт Токтайым Үмөталиева.

Ошентип, бүгүнкү күнү келечекте жалпы элдик талкууга жаңы Конституциянын кандай маңыздагы долбоору сунушталаары азырынча белгисиз. Вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун айтмында, элдик референдум январь айынын соңунда же февралдын башында өткөрүлөт.

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИ АЛЫНЫП САЛЫНДЫ.

5-январда Баткен областы менен Согди областынын ортосундагы Тажикстанга тиешелүү чек ара жана бажы бекеттери алынып салынды. Бул тууралуу маалымат 6-январда Баткен областынын губернатору Мамат Айбалаевден алынды.

Баткен облусунун губернатору Мамат Айбалаевден 6-январда алынган маалыматка караганда, тажик тарап өздөрүнө тиешелүү Жекөрүк (Жакөрүк) жана Сурк чек ара бекеттерин 5-январь күнү алып салды. Ага жооп иретинде Кыргызстан тарап да Ворух анклавынын оозундагы Актерек жана Ворух-Исфара жолундагы Көктерек бекеттерин да алып салды. «Тажик коңшулар да болду эми алалы деп макул болушту. Эки күнгө созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында алар да макул болуп, биз да макул болуп, чек ара бекеттерин таптаза кылып алып салдык. Эми 150 миңден ашуун адам – Лейлек районундагы, Сүлүктү шаарындагы жана Баткен районунун Самаркандек, Актатыр, Аксай айыл өкмөттөрүндө жашаган элибиз эч кандай тоскоолдуксуз ары-бери эркин каттап калышты», – деп билдирди М. Айбалаев.

Айтып кое турган нерсе, 3-январь күнү аталган чек ара бекеттеринин айынан эки эл ортосундагы мамиле курчуп кеткен болчу. Жаңыдан орнотула баштаган Кыргызстандын Көктерек бажы бекетиндеги вагонетканы ал күнү Тажикстандын 300 чакты тургуну аңтарып салган эле. Бул окуядан эки-үч саат өтпөй эле Баткендин Көкташ, Ортобоз жана Актатыр айылдарынан чогулган 200дөй киши Тажикстандын Жекөрүк бажы бекетин ушундай эле ыкма менен аңга түртүп жиберип, эки элдин ортосунда чыр чыгып кете жаздаган.

Айрым эксперттер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы бекеттердин алынып салынышын убактылуу көрүнүш катары гана карашууда. «Эл аралык толеранттуулук үчүн» бейөкмөт уюмунун Баткенде иштеп келаткан «Кыргызстан-Тажикстан» долбоорунун өкүлү Кубанычбек Сатыевдин пикири боюнча, чек ара бекеттерине байланыштуу маселелер эки мамлекеттин ортосундагы чек аралар такталып бүткөндөн кийин гана бир жаңсыл чечилет. «Буга чейин деле ушинтип чек ара бекеттери алынып салынып келген. Бул көпкө созулган көрүнүш жана чечим деп ойлобойм. Себеби, 2002-жылы деле алар алынып салынып, бирок кайра коюлган болчу. Менимче, бул маселени чек араларды делимитация жана демаркация процесстери аяктаган соң гана чечүүгө болот. Анткени, бекеттердин өздөрү коюлган жерлердин өздөрү кимге таандык экендиги тактала элек, ал эми эгемендүү мамлекеттердин бир атрибуту – чек ара эмеспи. Чек аралардын келип чыгышын тажик тарап контрабандалык товарлардын көбөйүшүнө шылтап жатса, кыргыз тарап болсо бекеттердин мыйзамсыз коюлганын айтып, бул соода байланыштарына чоң зыян келтирип жатат деп бири-бирине кине коюшууда. Бул проблемалар кайдан келип чыкты – ушуну чечмейинче чек ара бекеттеринин маселесин чечүүгө болбойт», - дейт ал.

Эскертип кое турган нерсе - Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өткөн жылдын декабрында гана жанданып, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясы Бишкекте төрт күн иштеген эле. Ал сүйлөшүүлөр эми март айында Дүйшөмбү шаарында уланмакчы. Кыргыз өкмөтүнун регионалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов «Азаттык» радиосуна берген маектеринин биринде чек араны тактоодо бир топ оор суроолор туулаарын жашырган эмес. «Албетте, Тажикстан менен болгон чек араны тактоодо Советтер Союзунун административдик чек арасынын негизиндеги маселелер каралат. Айрыкча, Фергана өрөөнүндөгү жерлерде мурдагы союздук эки республиканын чарбалык мекемелеринин ортосундагы болгон алыш-бериш мамилелеринин натыйжасында пайда болгон так эместиктер сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү болот», - деген болчу Саламат Аламанов.

Айтор, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара бекеттерине байланыштуу суроолор өкмөт аралык комиссиянын ишинин кандай жыйынтык берээрине жараша чечилет шекилдүү.

2003-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН ТАРТЫП КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ЖАҢЫ ЖАЗУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ КИРГИЗИЛДИ.

2003-жылдын 1-январынан тартып кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы эрежелери колдонулууга киргизилди. Эми мындан ары кыргыз адабий жазма тили өзгөрүүлөргө учурап, алсак, айрым сөздөрдүн, анын ичинде орус тилинен кирген сөздөрдүн жазылышы оозеки эне тилде кандай айтылса, ошондой жазылмакчы. Бирок жазуу эрежелеринин ушул калыбында колдонула башташына тил илиминин айрым окумуштуулары каршы чыгышууда.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан сунушталган. Академик Бүбайна Орузбаеванын айтымында, кыргыз тилинде мурда колдонулуп келаткан жазуу эрежелерине жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир нече себептер өбөлгө болду. «Анткени мурдагы биз колдонуп келген эрежелер 1953-жылы 23-майда киргизилген. Жарым кылым убакыттан бери көптөгөн чаташ нерселер пайда болду. Ошолорду бир иретке салып, эрежени тартипке салуу зарылчылыгы пайда болду. Бул таптакыр эле жаңы эреже эмес, болгону эскисине айрым бир өзгөрүүлөр гана киргизилди», - дейт ал.

Жазуунун жаңы эрежелеринин киргизилиши менен орус тилинен кирген сөздөр эми мындан ары кыргыз тилинин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө баш ийдирилип жазылмакчы. Мисалы, “билет” деген орус сөзү “белет”, “директор” болсо “деректир” деп жазыла турган болду. Жаңы эрежелердин күчүнө кириши менен жер-суу, мекемелердин татаал энчилүү аттары мурда айрым-айрым бөлүнүп жазылып келсе, эми алар бирге жазылмакчы.

Орфографиялык жаңы эрежелерге ылайык эми татаал сөздөр, так айтканда, кошмок сөздөр, мурда айрым-айрым жазылып келсе эми алардын көпчүлүгүн бирге жазуу сунуш кылынат. Алсак, “аткулак”, “алагүү”, “аттарак” сыяктуу сөздөр эми кошулуп жазылмакчы.

Бирок кыргыз тилинин жаңы эрежелеринин киргизилишин баардык эле окумуштуулар колдогон жок. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тил илими кафедрасынын профессору Абак Биялиновдун айтымында, жаңы эрежеден кийин кыргыз тилинде канча тыбыш бар деген суроо туулат. Жана буга окшогон кемчиликтер "Эрежелерде..." оголе көп: “«Эреженин» биринчи пунктун карап көргүлө - ошондо тамга менен тыбыштын айырмасы так ажыратылган эмес. Ал жерде 34 тыбыш бар дейт, 5 тыбыш кайда кетти? Бул так аныкталган эмес. Бул – бир. Экинчиден, жаңы орфографияда 4 түрдүү принцип сунуш кылынат, алар мурда эле колдонулуп келген. Бул 4 принцип да бири-бири менен чаташтырылган, мисалы, «түнүчүндө» деп жазабыз дейт. Бул туура эмес. Мына ушуга окшогон көп кемчиликтер бар. Бул менин эле жеке пикирим эмес. Буга университеттеги окумуштуулар да кошулат. Анткени, орфографияны жараткан анын корифейлери Тыныстанов, Карасаев, Юдахин, Юнусалиевдер эски орфографияны колдошот», - дейт А. Биялинов.

Кыргыз тилинин орфографиясынын жаңы редакциясын колдонууга киргизүү кошумча каражаттарды талап кылабы деген суроо да пайда болду. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жетекчиси Казат Акматовдун пикиринде, буга чейин ал башында турган комиссияга казынадан канча өлчөмдө каражат каралып келсе, 2003-жылдын бүджетинде деле ошол көлөмдөгү акча ажыратылмакчы. "2003-жылга бүджеттен 5 миллион сомдун айланасында акча каралган. Андан көп бөлүүнү казына көтөрө албайт», - деп тушүндүрдү Казат Акматов.

Тек гана жаңы орфографиялык эрежелерди турмушка кийирүү үчүн жыл сайын казынадан бөлүнгөн ушул акчанын бир бөлүгү гана пайдаланылып турмакчы.

Академик Бүбайна Орузбаеванын пикиринде, жаңы орфографияны кийирүү үчүн көп деле каражат кетпейт. Себеби тамгалар өзгөргөн жок, алардын мурдагы сүрөтү сакталып калды.

Тилдин булагы да, тилдин туткасы да – эл эмеспи. Ошондуктан жаңы эрежени эл кандай кабыл алат, ал жугумдуу болобу – аны турмуш көрсөтөөр.

ОШ ОБЛАСТЫНДАГЫ ПАХТА ЗАВОДДУН ТЕГЕРЕГИНДЕ ЧАТАК ЧЫКТЫ.

Кожогелди Култегин, Ош “Акбула Араван пахта заводу» акционердик коомунун тегерегиндеги уруш-талаш бүтө элек.

«Акбула-Араван пахта заводу” акционердик коому чатакка кабылды. Заводдун жергиликтүү эмгекчилери менен заводго кожоюндук кылган «Айренген» ЛТД эл аралык бизнес-компаниясынын өкүлү Александр Румянцевдин ортосундагы сентябрь айында башталган тирешүү жыл соңунда чоң уруш-тополоңго жетти. 25-декабрдын таңында А.Румянцев заводго күч менен орган кызматкерлеринин кайтаруусун орнотмокчу болуп, жалдап келген милиция кызматкерлерине тил албаган жергиликтүү кароолдорду ур-токмокко алдырат. Жаңжал завод кызматкерлери ишке келип, элдин көбөйүшү менен басылат. А. Румянцев элден коркуп, өз тобу менен көздөн кайым болот. Жарадарлар ооруканага түшөт.

- 8 киши, кийин бирөө келди, ал милициядан болчу, РОВДнын кызматкери, ошону менен 9 киши. 9 кишиден бешөө жатат, үчөөнү биз амбулатордук дарыладык. Текшергенибизде көпчүлүгүнүн көкүрөгүндө «тупой травма» деп айтылат, ургандыктары билинген. Кахаров деген киши ошолордун ичинен оор болуп көрүндү, - дейт Араван райондук ооруканасынын травмотология бөлүмүнүн дарыгери Абдывалы Ярашев.

Биз жарадарлардын атынан Кочкоров Капыржанды кепке тарттык, ал эмне үчүн кожоюн Руманцевдин милиция кызматкерлерин көрүп туруп, заводдун дарбазасын аларга ачпай коюшкандыгын баяндоо менен сөзүн улады.

- Мен кароолчу болуп иштейм. Түнүчүндө формачан кишилер келишип, «дарбазаны ач» дешти. Мен «жумуш саат сегизде башталат, ошондо ачам» дедим. Алар терезени талкалап киришип, мени уруп башташты. Чөнтөгүмдө пахтадан түшкөн 40 миң сом акчаны алып алышты, - дейт Капыржан Кочкоров.

Акбула-Араван пахта заводу акционердик коомунун 101 кызматкери кол коюп, жергиликтүү бийликтерге жазган арыз-катында А. Румянцев менен келген топ кеңсе бөлмөлөрүнө кирип, өндүрүштүк, бухгалтердик, профсоюздук документтерди, акционерлердин жалпы чогулушунун, заводдун эмгек жамаат кеңешинин жыйынынын протоколдорун, тегерек мөөрдү алып кеткендигин жазышкан. Завод кызматкерлери менен болгон баарлашуубузда, ошол топтолгон элдин атынан кыргыз тилдүү Кылычкан Валиханович айрым суроолорубузга жооп берди.

- Мындан сырткары биз ишенбестик билдиргенбиз. Себеби бул адам өткөн жылы 13 миң тонна пахтаны кайра иштеттирди да. Элдин 6 айлап айлыгын берген эмес. Акционердик коомдун үч жылдык дивидендин берген эмес. Ошонун негизинде прокуратуранын көрсөтмөсү боюнча текшерүү жүргүзүлүп, бир жагынан заводдун карызы 10 млн. сом, 26 млн. сом налогдон, соц. фонддон болуп 36 млн. карызы бар. Ошонун негизинде биз бул кишиге, компаниянын башка өкүлү келсин деп ишенбестик билдиргенбиз. Бирок компаниянын өкүлү катары бул адамды киргизбей койгонубуз жок заводго. Келип заводдун техникаларын, мүлкүн көрүп жүрөт өзү. Ошол күнү заводду басып алыш максатында милиция формасындагы баскынчыларды жетелеп келген да. Жумуш 8де башталат, бирок ал киши саат беш жарым, алтыларга жакын келген да. «Бейте как собак» деп орусчалап, өлтүрүп салгыла дептир кароолдо тургандарды, булардын күнөөсү, айыбы эмнеде? - дейт Валиханов.

- Эмне үчүн Румянцев басып алганы келди деп атасыңар? Мисал үчүн алар келсе, эгерде дарбазаны ачып берген болсо, эмне кылышмак?

- Толугу менен ээлеп алып, колунда азыркы заводдун ишчилеринин элүү, алтымышка жакын адамдын тизмеси бар экен. Ошолорду заводго киргизбей коюш максатында кылган.

Сыягы, «Акбула-Араван пахта заводу» акционердик коомунун жаңжалы Чубактын кунундай чубалаар иш. Башкасын айтпаганда да, А.Румянцев жалдап келген формачандар кимдер? Ал эмне үчүн азыр Санкт-Петербургда качып жүрөт? Араван заводун сатып алган «Айренген» ЛТД бизнес-компаниясынын түбү жок, жасалма нерсе деген чындыгы канча? Ушулардын баары келечекте аныкталаар иш.

ЭСТЕБЕС ТУРСУНАЛИЕВДИН ЭСКЕРМЕСИ.

Көчкөн Сактанов, Бишкек Кыргыз жана казак эл артисти Эстебес Турсуналиев менен маек.

Токтогул атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясы илгертен эле жалпы журтубуздун маданий очогу болуп келген. Улуу акын Токтогулдун жолун жолдогон Муратаалы Күрөңкеев, Карамолдо Орозов, Муса Баетов, Атай Огонбаев, Мыскал Өмүрканова, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Коргол Досуев жана Эстебес Турсуналиев сыяктуу көркөм өнөр корифейлери талант тарыхын, өмүр башатын дал ушул филармониядан баштап, Алатоонун жылга-жыбытына чейин барып, калк талабын канааттандырып, руханий дүйнөсүн байытып, аларга эриш аркак болуп келген. Бүгүнкү мейманыбыз - кыргыз жана казак эл артисти Эстебес Турсуналиев.

Эстеке, сиз улуу таланттар менен бирге иштеп, аларды көрүп калдыңыз. Айтылуу Коргоол Досуев менен биринчи ирет кандайча жолуктуңуз эле?

- Осокем айткан. «Токтогулдун окуучусу Коргоол деген бар, укмуш киши. Ушул Коргол аксакалды биз да көптөн бери көрө элекбиз. Ошол киши келгенден кийин, өнөрүн, айтканынын баарын жакшылап карап туруп, үйрөнүп ал», - деди. «Макул», - дедим. Мейманканадан барып, эртең менен базарга чыктык. Мен Осокемдин жанында турам, ал маасы-өтүгүн майлатып атат. Абдрашит Бердибаевди бир киши жетелеп жүрөт. Ары жактан эл чогулуп калды. Эмне болду экен деп, Осокем айтты «Эстен, балам, чогулган эл эмне болду, барып келчи» деп, барсам Абдрашиттин маңдайында түлкү тебетей кийген, бир көзү ак, өзүн-өзү көрдөп ырдайт экен. Көрсө ошол Коргоол деген киши экен да. Көрсө Абдрашит Бердибаевди өлүп калды деп угушуптур кетментөбөлүктөр. Аман-эсенмин деп Абдрашит колун берип калды. Мен жүгүрүп келип, «бир киши ырдады» десем, «Коргоол деген ошол» дейт.

- Эстеке, жазма акындардан чындыкты чычалата бетке айткан Мидин Алыбаев болсо, төкмө акындардан Коргол Досуев болгон дешет. Коргоол Токтогулдан тескери бата алган дейт, ушул чынбы?

- Ошол жерден Осокем «Коке, көптөн бери көрүшө элекпиз. Тоо булбулу Токтогул устатыңыз, бул биздин балдар үйрөнүп алсын. Көргөн-билгенден бир азыраак айтып отуруңуз», - деди. Ошондо Коргоол аксакал айтып атпайбы «Мен, айланайын Осмонкул, силердей эле акын, чоң наамдуу болмокмун. Мен ошол Токтогулдун каргышына калып, тескери бата алып калдым», - деп. «Эмнеге?» - десе. «Токтогул бир жерде ырдап атса, түрмөдөн качып жүргөн кезиби, жашырынып жүрөн кези экен, мен барып калсам балдар кыйнап калды дейт. «Ай, Коргоол сен деле Токтогулдардын, Эшмамбеттердин жанына барып, бир нерсе таап келбейсиңби», - деп. (Коргоол аксакал аракты кургур деп койчу). «Кургуруңдан бир нерсени алалы, ичели» дешип. «Эми ажыдаардын куйругун бастырбагыла, Токомо кантип барам?» деп калды Коргоол. Бир маалдан кийин «андай болсо барбай эле кой, кел анда кургурдан ичип ал» деп. Мусулман стакан менен бирди бердим. Бирди ичкенде эле көзүм аппак болуп калды. Дагы бирди ичкенде Токтогул аксакал торгойдой эле көрүнүп калды, кургурдун күчү менен. Анан ошол жерден Токомо каяша кылып ырдап калдым дейт.

Бир маалда Токтогул маңдайыма басып келип «желкесинен кармаган мышык көздөнгөн көзүңдү» деп сөктү дейт. Көрсө мышыкты желкесинен кармаганда көзү меникиндей аңтарылып калат экен. Анан:
«Шагыл болот, төр болот,
Шайыр болот, эл болот.
Атасы менен айтышкан,
Сендей арбак урган көр болот» дейт.

«Мен айдоого бара жатканда
Артымда калган чырагым,
Алматайдан кем көрбөгөн
Ардактаган ынагым.
Бүгүн айылда жүрсөм жашынып
Арак ичип асылып,
Акшыңдайсың атаңа,
Ак көз кылып төрөгөн
Сенин апаңа жетсин убалың» деп бир качырды дейт.

«Ошол бойдон эле Токомо кантип бир жоолугаар экемин деп коркуп жүрөм» дейт. Бир күнү Акчий көздөй Кетментөбөгө эшегим менен кетип баратсам, бурчтан Током чыга калды, «Ассалоом алейкум Током» десем. «Ай Коргоол, түш эшектен, бир бата берейин», - дейт. Кудай жалгады деп колумду жайсам, Током колун тескери жайды.
Коргоол жети үйгө сөзүң жетпесин,
Жети кишиге кадырың өтпөсүн,
Башың базардан кетпесин,
Мойнуң бөтөлкөдөн чыкпасын», - деп койгон.

Ошол жылдан, ушул жылга чейин базардын оозунда отурам» деп. Абдан куудул киши экен. Коргол өзү чыгарып алган да, элди күлдүрүш үчүн. Токтогулдун кыйындыгын, өзүнүн ошончолук Токомо тийишип ырдаганын, андан башка толгон-токой ырларды ырдады. Токтогулду булбул деп коёт экен. Эстелик тургузуп калды. Үйдө отурат элем, кыштын күнү, кар тизеден. Бир кишини жиберип калыптыр. Коргоол аксакал келсин, устаты Токтогулдун эстелигин ырдап берсин деп. Барсам эл абдан көп экен. Ак шейшеп жаап бир дүңкүйгөн нерсе турат. Биринчи эле мага сөз берди. Шейшепти алып койсо эле кызыл мрамордон жасаган Токомдун эстелиги. Мурунуна мурунун каптап койгондой. Мурутуна мурутун чаптап койгондой эле Током турат. Оң көзүм жакшы көрбөйт, ошондо эшектин үстүндө туруп алып кыйкырып атам» дейт.


Төкмө өнөрү дүйнөлүк маданиятта өтө уникалдуулугу менен айрымаланат. Бул өнөрдүн ыйык илеби Эстекеге күч-кубат берип, 70ке келип калса да 40тын кыраанындай шайдоот келип, үнү дагы, сүрү дагы тээ мурункудай сакталып маркумдардын мурасын улап келет. Улай берсин.

ЖУРНАЛИСТ САМАГАН ОРОЗАЛИЕВ КАМАКТАН БОШОТУЛДУ.

Шейшекан Жаналиева, Каракол 9-жылга эркинен ажыратылып, ден соолугуна байланыштуу жакында бошотулган журналист Самаган Орозалиев менен маек.

9-жылга эркинен ажыратылган жалалабаддык журналист Самаган Орозалиевдин ден-соолугунун өтө өтүшүп кеткендигине байланыштуу, ал Ысыккөл областынын Аксуу райондук сотунун чечими менен абак жазасынан бошотулду. Бошонуп чыккан соң ал «Азаттык» радиосунун кабарчыларынын бир катар суроолоруна жооп берди.

- Самаган, эңсеген эркиндигиң, азаттыгың колуңа тийди көрүнөт. Мындан ары жашоонун кайсы жээгин тандамаксың?

- Мен бул бүгүнкү чыгып калган эркиндикке аябай кубанычтамын, албетте. Бирок ошол эле мезгилде айтып коюшум керек, мен буга 2 жыл канчалык чырылдап-чыркырасам дагы, өз күч аракетим менен, же болбосо өзүмдүн чындыгымды далилдеп отуруп жетип калдым деп айта албайм. Бул бүгүнкү күндө менин абак шартына ден-соолугум таптакыр жооп бере албай калганына байланыштуу болуп жатат. Ошондуктан өздөрүнүн жоопкерчилигинен коркуп түрмө администрациясы менден кутулалы дешти окшойт, чыгарып салып. Ал эми мындан ары кайсы жээкте кызмат кыласың, же болбосо кайсы жээкте аркалайсың деген сурооңузга айтат элем, журналистке албетте тигил, же бул жээк болууга мүмкүн эмес. Журналист коомдун күзгүсү болгондуктан, ал эл үчүн кызмат кылыш керек. Андыктан мен мурда кандай принципте жашап келген болсом, мындан ары дагы ошол принципти аркалап жашай бермекчимин. Менин калемимди эч ким тартып алалбайт. Буга чейин кандай журналистикага кадам таштап келген болсом, мындан кийин дагы калемим менен, ошол кадамымды уланта бермекчимин.

- Эркиндиктин баасын, баркын чыгармачылык көкүрөк дүйнөң менен эмес, адам, пенде катары кандай сезип жатасың? Чыгармачылыкка ушул эркиндиктин баасы сага бир таасир берди болуш керек. Ошого токтолсоң.

- Мен абакта жаткан соң, албетте, адиске көз ыйык дегендей, мен үчүн эркиндик ыйык болчу. Бүгүн мен эркиндикке чыгып калганда эле, буга эч кандай кубануу болгон жок, анткени эшикте турмушту деле көрүп турам, алабарман саясат болуп атканын. Мени кубанып тосуп алган, же мен кубанып бара турган деле эч нерсе көрө албай турам. Ошондуктан мен бул бүгүнкү асмандан түшө калгансыган эркиндикке анчалык канааттанган жокмум. Бул эркиндикке, мен жогорууда айтып кетпедимби, ден-соолугумдун абак шартына жооп бере албай калгандыктан чыгып калдым да. Ал эми мага кандай кыянаттык жасаган адамдарга, же болбосо мени ушул абакка отургузганга аракет кылгандар үчүн мен кек сактап, же артынан кубалайын деген ниетим жок. Мен бүгүнкү күнгө эң негизгиси ден-соолугумду иретке келтирип алсам, ден-соолугумду кайрып алсам деген эле тилегим бар. Ал эми элибизге тынчтык каалайм. Дайыма адам-баласы эркин, тынч заманда жашаса экен деп тилейм.

- Самаган, сени кучак жая тосуп ала турган досторуң барбы? Досторуң болсо кимдер, алар сага мурдагыдай мамиле жасашат деп ойлойсуңбу?

- Бул абак адамга ушунчалык сабак болуп берет экен. Кылмышкер дүйнөсүндө айтып коёт, «абак бул рентген» деп. Абакта отурганда кимдин ким экенин билет экенсиң, достун, туугандын, душмандын. Адам болгондон кийин душманың да, досуң да болот экен. Карган энемден башка мага бул абакта эч ким көзүмө көрүнгөн жок. Өзгөчө менин артыман сая түшүп буркурап-чыркырап, ыйлап кубалаган эч ким жок болуп калды деп өкүнбөйм. Ушу менин журналист кесиптештериме, ата-журтума аябай ыраазы болуп жатам. Ошолор ар бир түтүнмө-түтүн 5 сомдон, 10 сомдон чогултушуп элдин чуркаганына, жардам бергенине, учурдан пайдаланып, ыраазычылык билдирип кетким келет, рахмат айткым келет.

2003 - ЖЫЛЫ БОЛУУЧУ МЕЛДЕШТЕР.

Чынында быйыл эң негизгиси – бардык мүмкүнчүлүктү Афины Олимпиадасына жолдомо жеңип алууга жумшоо керек.

Жаңырган жаңы жылдан үмүт-тилек кылуу, алдыга максат коюу жакшы жөрөлгөсү бар. Кыргыз спорту да үзүлгөнүн улап, жетишкен ийгиликтерин тереңдетүүнү ниет кылып турат. 2003-жылы спорттун олимпиадалык 38 түрү боюнча 400 дөн ашуун ар түрдүү мелдештер, иш-чаралар белгиленип, календардык планга кирди. Ал эми 2003-жылы Бишкекте спорттун улуттук түрлөрү боюнча 3-Спартакиадасы күзүндө өткөрүүгө камылга көрүлмөкчү. Мындан сырткары, улуттук спорттун 5 түрүнөн 50гө жакын мелдештерге каражат каралууда. Өткөн жылы Ош жергесинде алыш – кыргыз күрөшү зор кызыгууну туудуруп, Азия, Дүйнө чемпионаттары өткөрүлгөн. Кыргыз эл депутаты Баяман Эркинбаев баштаган бул демилге быйыл да колго алынмакчы. Быйыл да Ош жергесинде алыш боюнча Кыргызстандын, Азиянын, Дүйнөнүн биринчиликтери үчүн мөрөй талашуулар болмокчу. Бул кыргыздын күрөшүнүн бир түрү 3-Спартакиаданын программасына кирди. Ал эми кыргыздын улуттук салттуу күрөшү боюнча да 2003-жылы 15 түрдүү беттешүүлөр белгиленип коюлган. Азия аймагына кулачын жайып бараткан көк бөрүдөн болгону 10 мелдеш календардык планга кирди. Ошентсе да көк бөрү Борбор Азия оюндарында дагы ойнотулмакчы. Кыргыздын ат оюндары - аламан байге, тыйын эңмей, оодарыш, жорго салыш, кыз куумай - 3-Спартакиаданын программасына гана кирип, башка оюндар бул жылга каралган эмес. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата улуттук оюндарга, спортко өзгөчө маани берип, жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.

Кыргызстанда спорттун чыгыш түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулуп, кызыгуу артып баратат. 2003-жылы чыгыш спортунун 12 түрү боюнча 70тен ашуун мелдештер календарлык планга киргизилип, каражат берүү маселеси коюлган. Эмнегедир, олимпиадалык түргө кабыл алынган таэквандо спортунан 8 гана мелдеш планга киргени да өкүнүчкө салат.

Кийинки мезгилде майып спортчулар үчүн да Кыргызстанда жагымдуу жагдайлар түзүлө баштаганын айтуу керек. Бирок дале бул жетишсиздик кылууда. Эл аралык аренада майыптар спорттунун 15-20 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерге жалгыз гана оор атлетикадан катышып келүүдө. Кыргызстанда майып спортчулар үчүн 2003-жылга болгону 12 мелдешке каражат маселеси каралууда. Эгерде бул 12 мелдешти спорттун түрүнө бөлсөк, 2-3 беттешүү аздык кылаары бышык.

Чынында быйыл эң негизгиси – бардык мүмкүнчүлүктү Афины Олимпиадасына жолдомо жеңип алууга жумшоо керек. Бул үчүн жолдомо ойнотулчу эл аралык мелдештерге, Азия, Дүйнө чемпионаттарына катышып, байгелүү орундарды камсыз кылуу зарыл. Спортсмендерге, машыктыруучуларга бардык шарттарды түзүп, камкордукка алса гана ийгилик болуусу ыктымал.

Мисалы, дзюдо, эркин күрөш, грек рим күрөшү, оор атлетика боюнча Олимпиадага жолдомолор дүйнө чемпионаттарында ойнотулат. Жеңил атлетика, велоспорт боюнча да дүйнө чемпионаттарындагы ийгиликтерине жараша Олимпиадага катышуу укугу берилет. 2003-жылкы негизи мелдештер жөнүндө Кыргыз Республикасынын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Шаршен Казенов биз менен ой бөлүштү.

«2003-жылкы Душанбеде Бешинчи Борбор Азия оюндары болмокчу. Буга да Кыргызстандын туусун көтөрүп барабыз. Күзүндө Бишкекте спорттун улуттук түрлөрү боюнча Үчүнчү Спартакиаданы өткөрүүгө даярдык көрүүдөбүз. 5-сентябрда Эл аралык Ысыкөл оюндарын өткөрүү боюнча шериктеш өлкөлөрдүн спорт жетекчилери менен сүйлөшүп, макулдашып келдик. Жаштарга да көңүл буруп, камкордукка алып жатабыз. Мыкты ийгиликтерге жетишкен лидерлерге 15 миң сомдон айына стипендия беребиз»,- дейт Шаршен Казенов.

Чынында, Кыргызстанда кышкы спортту өнүктүрүүгө анча маани берилбей келатат. 2003-жылкы өткөрүлө турган 555 мелдеш, иш-чаралардын ичинен кышкы спорт түрүнөн 5 гана мөрөй талашуулар каралганы өкүндүрөт. Ал эми февралда Япониянын Аомори шаарында өтчү Азиянын Бешинчи Кышкы Олимпиядалык Оюндарына Кыргызстандан команда бараары күмөн.

Мектеп окуучуларынын, студенттердин спартакиадалары, Универсиада оюндары да быйыл үзбөй өткөрүлсө деген тилек. Түштүк Кореяда жайында өтчү Бүткүл Дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарына да, Кыргызстандык студенттер бара алабы? Бул маселе да чечилээри күмөн.

Быйыл жайында Астанада эмгекчилердин Эл аралык оюндары өткөрүлөт. Буга Кыргызстандын командасы барса дурус болмок.

Якутияда ар жыл сайын «Азия балдары» Эл аралык оюндарын өткөрүү салтка айланууда. Кыргызстандын жеткинчек өспүрүмдөрү бул мелдешке барып намыс талашса деген тилектебиз.

Күзүндө Индияда Афро-Азиялык оюндар өткөрүлмөкчү. Мындай ири мелдеште Кыргызстандан кимдер намыска жарап берээр экен? Жаңырган жаңы жылда үмүт жандырып, жакшы тилек кылып туралы.

МОЛДО КАЛБЕК МУСА УУЛУ АНЖЫЯНДЫК.

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз адабиятын барактап көрсөк, Х1Х кылымда жашап өткөн кыргыз акындардын арасынан жазгыч акындар деп Молдо Нияздын, Тоголок Молдонун, Молдо Кылыч сыяктуу саналуу гана акындардын ысымдары аталып келгени белгилүү. Жакында Х1Х кылымдагы кол жазмаларга, жана архивдик маалыматтарга кайрадан кайрыла келгенде, Молдо Калбек Муса уулу аттуу жаңы бир жазгыч акындын жашап өткөндүгү аныкталды. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда сакталып калганы менен, ага анчалык көңүл бурулбай келген.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акыны Молдо Калбек Муса уулу тууралуу буга чейин эч айтылбай келген. Ал тууралуу Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар бөлүмүнөн да эч кандай маалымат таба албадык. Анын кол жазмасы Ташкенттеги Чыгыш таануу жана Кол жазмалар институнда гана сакталып калган. Кол жазмада анын ысмы Мулла Халбек ибн Муса Андижоний деп көргөзүлгөн. Ал өзүнүн кол жазмасын Кадамжайлык замандашы Молдо Нияз сыяктуу чагатай тилинде жазып калтырып, кол жазманын Алымкул аталыкка тиешелүү бөлүгү «Алымкул салгылашуулар баяны» деген аталышта үзүндүсү 1997-жылы Ташкентте өзбек тилинде, 1999-жылы Ошто профессор Ташын Кененсариев тарабынан даярдалган «Алымкул аталык» аттуу китепте кыргыз тилинде басылган. Мындан башка, Ташкентте басылган бир катар эмгектерде анын ысмы аталып, эмгеги пайдаланылып, бирок, бардык эмгектерде ал улуту жагынан өзбек элине тиешелүү экени айтылып келген. Мына ошондон уламбы, кыргыз окумуштуулары менен адабиятчылары анын кимдигине анчалык кызыккан эмес. Бирок, анын чыгармаларына, ал тууралуу колдо болгон архивдик маалыматтарга таянсак, анын кыргыз экени аныкталып отурат.

Молдо Калбек Муса уулунун жазганына тянсак, ал Кокон хандыгынын учурундагы көптөгөн окуяларга күбө болуптур. Ал айтылуу Алымкул аталыктын жанында жүрүп, өз ырында анын эрдиктерин даңазалап, анын өлгөнүнө кайгырып, жаназасына катышкан. Ал тууралуу:
«Аскер башчы Алымкулга тийди.
Киндик астына ок жаңылды, о шумдук!
Жыгылбай турду Алымкул айкырып.
Ал: «Менден оомат кетти»,-деди,
Жан чыкты курман болгон денеден...
Көмүү учурунда жөн карап турбадым
Аза күтүп, мактоо ырын ырдадым», - деп жазганы окуяга түздөн-түз аралашып жүргөнүн бышыктайт. Молдо Калбек Алымкул аталык менен улутташ гана эмес, жакын тууган да болгонун, ал менен коштошуп жатып ырдаган төмөнкү ыр саптары далилдейт:
«Берген тузуңа раазы бол, жакын тууганым, кош бол!
Айрылып калды сенден Мулла Калбектей пенде,
Перзенттериң, малы-мүлкүң калды, кош бол!» - деп, жакын тууганы менен коштошуп жатып, аны ырга кошкон. Молдо Калбектин ырлары айтып тургандай, ал өз элинин, өз Мекенинин эркиндиги үчүн күрөшкөн, өз заманынын чыгаан уулу болгонун көрөбүз. Ал 1873-74-жылдары Базаркоргондо Мамыр Мерген уулу жетектеген боштондук күрөшкө да катышып, ал тууралуу өз ырында:
«Хан, бектердин залимдиги ашып,
Адилет жолунан чыгышты адашып,
Беш жүз кою кай биринин,
Катталбады барагына зекет дептеринин.
Зекетчилер уруп-согуп тартып алышат
Даттанып келсе бирөө, эч ким укпайт.
Кыскасы, Мамыр аттуу Мерген уулу
Мурда он зекет казынага берген», - деп, андан ары хандыктагы боштондук кыймылды, күрөшкө чыккандардын жазаланышын баяндаган. Мына ушул жерден эскерте кетүүчү жагдай, буга чейин окумуштуулар, мейли ал өзбекстандык окумуштуу болобу, же кыргызстандык окумуштуу болобу Молдо Калбектин кол жазмасындагы ушул саптарга таянып, ал 1873-74-жылы Мамыр Мерген уулу менен кошо орус бийлиги тарабынан туткунга алынып, Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдалган деп жазып келишкен болчу. Бирок, Молдо Калбек сүргүнгө качан айдалганы тууралуу ырында так маалыматты өзү берген. Ал эми 1873-74-жылдары Мамыр Мерген уулу менен бирге хандыкка каршы күрөшкө чыккан кыргыздардын ысымдары жазылган архивдик маалыматтарга кайрылсак, анда Кудаяр хандын жазасынан кооптонуп, Чүй тарапка качып өткөн кыргыз бийлеринин арасында Басыз уруусунун Керки тамгасынын бийи Молдо Халиф деген ысым учурайт. Учурда бул ысым такталып жатат.

Ал эми Молдо Калбектин 10 жылга сүргүнгө айдалганы тууралуу маалыматка келсек, ал өз ырында:
«Абакта, шордуу, солдат колунда
Туткунмун Орусия каапыр элинде
Бул ташпиш өткөн жылан жылдын кышында,
Сана миң эки жүз токсон бешинде
Сүргүнгө айдалдым Ислам жеримден,
Болуп аким бизге Орусия каапыр.
Жазып калдым кеңири мен бир баян,
Максатым - көпчүлүккө болсун аян
Билдирейин деп баарын койдум максат,
Орус жуптунда он жыл саар-кеч.
Түрмөгө отургузду орус шаасы,
Ашык-кеми жок он жыл кайтпастан эч.
Сүргүнгө айдашты жалаа менен
Шылтоосу – Мамурга кошулду деген
Кайгы менен өткөрдүм тиричилик,
Карап көр ал жазылган көк дептерден..», - деп, Сибирге сүргүнгө айдалганынын себебин жана мезгилин өзү ачык жазып калтырган. Болгону буга чейин жарык көргөн эмгектерде, ал Мамыр Мерген менен бирге 1874-жылы сүргүнгө айдалган деп, мусулман жыл эсептөөсү менен көргөзгөн акындын жазганына анча маани берилген эмес. Бул Өзбекстандан чыккан бардык эмгектерге мүнөздүү көрүнүш. Молдо Калбек жазган «Санаа миң эки жүз токсон бешинде, Жылан жылында» дегени 1878-1879-жылдын кыш айларына туш келет.

Ал эми окуянын өзүнө кайрылсак, Базаркоргондук Мамыр Мерген уулу 1874-жылдан 1877-жылга чейин орус бийлиги тарабынан Лепсинск үйөзүндө сүргүндө жүрүп, 1877-жылы карыган апасынын өтүнүчү менен бошонуп келген. Ал кийинки 1878-жылы май-июнь айындагы Жетим хандын козголоңу учурунда Анжыяндын жака белиндеги элди падышалык бийликке каршы үндөп, жигит курап кайрадан боштондук кыймылга жетекчилик кылган. Мамыр Мерген май айынан сентябрга чейин падышалык жазалоочу аскерге каршы күрөшүп, акыры теңсиз таймашта туткунга алынган. Ал 1878-жылы сентябрда Базаркоргондо туткунга алынып, 1879-жылы 18-январда Анжыян шаарында падышалык бийликтин өкүмү менен даргага асылган. Ал эми Мамыр Мерген уулу менен бирге боштондук күрөшкө тартылган деген күнөө менен анын айланасындагы адамдар ошол жылы кармалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алардын арасында Молдо Калбек да болуп, 10 жыл бою Сибирде көргөн кордугун ырга кошуп, көк дептерге түшүргөн.

Ошентип, Молдо Калбектин өмүр таржымалынан, ал ар кайсыл учурларда боштондук күрөшкө активдүү аралашып келгенин, өз мезгилинин чыгаан инсандарынын бири экенин бышыктап турат. Ал тоо булбулу Токтогул Сатылгановдон 20 жыл алдын, 1878-1888-жылдары 10 жыл сүргүнгө Сибирге айдалган кыргыздын жазгыч акыны. Ал эми анын Молдо Калбек ибн Муса Анжиянний деп аталышы, анын кайсыл жерлик экенин даана көргөзүп турат. Эми анын кол жазмасынын көчүрмөсүн толугу менен Ташкенден алдырып, ага байланыштуу архивдик маалыматтарды толуктап, жаңыдан ысмы аныкталган кыргыздын дагы бир жазгыч акынынын чыгармаларын талдап, өмүр таржымалын, ырларын эл арасынан жыйнап, кайрадан элге жеткирүү маселеси калды.

БИШКЕКТИН «ДОРДОЙ» БАЗАРЫНДАГЫ ЖАРЫЛУУНУН АЙРЫМ СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛА БАШТАДЫ.

Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Кеңешбек Дуйшебаев «Бишкектин четиндеги «Дордой» базарындагы жарылууга жардыргыч заттын жарылуусу башкы себеп болгон», - деп эсептейт.

2-январда Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде күч органдарынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Кеңешбек Дуйшебаев бул маалымат жыйынында, 27-декабрда Бишкектин четиндеги «Дордой» базарынын аймагында жайланышкан «Оберон» соода түйүнүндөгү жарылууга жардыргыч зат башкы себеп болгондугун жарыя кылды. Анын айтымында, жарылуу болгон жердеги ар кандай заттарды иликтөөгө алган Кыргызстандын юстиция министрлигинин эксперттик тергөө тобу жана Антитеррористтик Коалициянын «Манас» аэропортуна жайгашкан аскер тобунун эксперттери ушундай тыянакка келишти. «Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча «Оберон» базарындагы буюм сактоочу жайдагы жарылууга жардыргыч заттын жарылышы башкы себеп болгон. Жардыргыч зат деп мамлекеттик экспертиза тобунун да, Ганси атындагы авиабазасынын кызматкерлери дагы бир тыянакка келишти. Бүгүнкү күндө конкреттүү жардыргыч заттын түрү, колдонулган көлөмү боюнча дагы кошумча изилдөөлөр керек. Ал изилдөөлөр жүрүп жатат» -деди Кеңешбек Дуйшебаев. Ал мындай тыянакка юстиция министрлигинин адистери менен Ганси авиабазынын эксперттери ар бири өз алдынча иликтөө жүргүзүп, экөө бирдей жыйынтыкка келгендигин кабарлады. Ушундан улам ички иштер органдары жарылуу атайылап уюштурулган болуу керек деген божомол менен буюм сактоочу жайга түз да, кыйыр да тийиштиги бар адамдарды жана жагдайларды иликтөөгө алган. Тергөө ишин жүргүзүп жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жардыргыч заттарды буюм сактоочу жайга азиат улутундагы 25-30-жаштардагы эки жигит сактоого калтырышкандыгын аныкташып, иш ошолордун колунан келген болуу керек деген божомолго токтолушкан. Аларды көргөн адамдардын айтымы менен сөз болуп жаткан адамдардын сүрөтү даярдалып, маалымат жыйынында журналисттер ал сүрөттөрдү көрүштү. Дүйшөбаевдин айтымында, «жардыргыч заттарды жүк сактоочу жайга ушул гана экөө таштап кетти» деген божомол бекеринен чыккан жок.

«Ошол жерде иштеген адамдардын айтымында, мурун буюм сактоочу жайга ошол жерде иштеген адамдар гана оокаттарын сактоочу экен.Ошол жардыруу болордун мурунку күнү белгисиз эки жаш адам келип, буюмдарын таштап кетишкен экен. Алар буга чейин ал жерге буюмдарын такыр тапшырып көргөн эмес экен.Ошол үчүн биз негизинен ошол эки адамга көңүл буруп жатабыз»,- деди Кеңешбек Дүйшөбаев. Анын сөзү боюнча, бейкүнөө жети адамдын өмүрүн алып, дагы 21 адамды жарадар кылган бул окуянын чыгышына «Дордой» соода комплексинин аймагында «Дордой», «Кербен», «Алканов», «Жунхай-Дордой», «Мурас спорт», «Оберон» деген соода түйүндөрүнүн жайгашышы жана дагы бир соода түйүнүнүн курулуп жатышы себеп болушу мүмкүн. Кырсыкка бул соода түйүн ээлеринин бири-бирине атаандаштыгы түрткү болушу мүмкүн деген божомол да сыртта калган жери жок. «Бири-бири менен атаандашып, таасир көрсөтүү чөйрөсү үчүн жутунгандар жасап жатышат да. Анткени, базарларда чоң суммадагы акча жүгүртүүдө жүрөт. Ошол акчаны көзөмөлдөө үчүн кылмыш топтору жасашы мүмкүн. Ал жерде буга чейин алты базар бар эле. Азыр жетинчиси курулуп жатат. Ошолорду көзөмөлдөөгө аракет кылган кылмыш топтору жасашы мүмкүн деп божомолдоп жатабыз», деди Кеңешбек Дүйшөбаев. Анын айтымында, ички иштер органдары жарылууга жалпысынан төрт себеп, тактап айтканда: базарларда техника коопсуздугун сактабай көп колдонула турган газ же кычкылтек баллонунун жарылышы, жаңы жылда иретсиз сатыла турган жарык берип атылуучу заттардын байкоосуздан жарылышы, атаандаш тараптардын өз ара мамиле чечүүсү жана террористтик акт болушу мүмкүн деген божомолдор болууда. Бирок, жарылууга жардыргыч зат башкы себеп болгондугу аныкталгандан кийин, азыр «аны жүк сактоочу жайга ким койду, эмне максат менен койду жана ал кайда жасалган, кандай жардыргыч зат?» деген суроолорго жооп табууга аракет катуу көрүлө баштады. Азыр бул суроолор боюнча базарга, жүк сактоочу жайга тийиштиги бар бардык адамдар, жадагалса жарат алган адамдар да суракка алынууда. Бирок, жарылуунун анык себеби качан дайын болору азырынча белгисиз.

КЫРГЫЗ БАСМА СӨЗҮНӨ БАЯНДАМА

«Үч жарым жыл «капаста» камалып олтурган «Кыргызстан маданияты» ушул жылы кайрадан көз жарды. Жаманбы-жакшыбы, азбы-көппү, сегиз ай ичинде гезиттин он үч санын чыгардык. Кулагандын турмагы, соолугандын толмогу, чачылгандын куралмагы, үзүлгөндүн уланмагы өзгөчө бул заманда өтө кыйын экен»,- деп жазат Нуралы Капаров «Кыргызстан маданияты» гезитинин жаңы жылдык санында. Гезит эми ай сайын, он эки бет көлөмдө чыгып турмакчы. Басылманын тиркемеси катары «Бишкек city» аттуу коомдук-саясий гезит жарык көрмөкчү. Башкы редактордун айтымында, жаңы гезит бийликтин да, оппозициянын да камчысын чаппаган калыс басылма болмокчу.

Колдоочу-сүрөөнчүсүнүн жоктугунан айтылуу «Алатоо» журналынын чыгыш-чыкпашы да арсар. Юстиция министрлигинде катталган 600 ашуун маалымдоо каражатынын арасынан такай чыккандары саналуу эле.

Катары суйдаң кыргыз басылмаларынын баарына тийиштүү кагаздын кымбаттыгы, салыктын оордугу, чыгымдын көптүгү сындуу маселелерден тышкары чыгармачылык мүнөздөгү проблемалары деле жетиштүү. Батыш маалымдоо каражаттарында бекем сакталган, журналисттин өзүн бейтарап кармап, пикирлердин ар түрдүүлүгүн билдирүү менен чектелиш керектигин ырастаган чен-өлчөм, азырынча кыргыз кыртышына бекем байыр ала элек. Демократиялык баалуулуктар деп ынтаалуу сүйлөп, илеп белгисин арбын койгону менен кесиптештерибиздин бир даары дагы эле бийликте отургандардын айткан-дегенин айныксыз акыйкат деп эсептешет. Коомдогу пикирлердин ар түрдүүлүгүн көңүлгө тутуп, жыйынтыкты угарман менен окурманга калтырган калыс позициядагы маалымат каражаттары республикада аз. Анан да, кыргыз журналисттеринин арасында бири-бирин өкмөттүк, «үй-бүлөлүк», эркин деп ичара бөлүүчүлүк тенденциясы күчтүү. Антишке айрым учурларда бийлик башчыларынын өздөрү шыкак берип койгон учурлар бар. Бекеринен Кыргызстандын өкмөт башчысы Аксы трагедиясына байланыштуу «маалымат урушунан утулуп» калганын айтып отуруптурбу?

«Өкмөттүк гезиттердин журналисттерин, анын ичинде мени да өкмөткө жагынган, аны колдогон, кошоматчылар дешет оппозиция күчтөрү. Ошол эле учурда өздөрү кээ бир жеке адамдардын камчыларын чаап, этегине намаз окуп жүргөндөрүн билишпейт»,- дейт «Эркинтоо» гезитинин башкы редактору Эсенбай Калдаров жаңы жыл алдында «Кыргыз туусунда» жарыяланган маегинде. «Оппозициянын карамагында көп болсо бир-эки гезит бар. Ал эми радио-телевидение сыяктуу эң таасирдүү, эң массалык каражаттардын баары бийликтин колунда. Аларды пайдаланып, мамкатчы Осмонакун Ибраимов жетектеген Акүйдүн идеологиялык машинасы оппозицияны колунан келишинче былчылдатып атат. Бирок анысынан натыйжа жок. Эмне үчүн? Себеби алардын идеологиясы баштан-аяк жалганга, курулай асылууларга негизделген»,- деп жазат Эркинбек Султанкулов «Кыргыз ордо» гезитинде.

Экономикалык оорчулукка карабай, кыргыз өкмөтү ушу тапта 3 гезитти, ага кошуп радио менен телекөрсөтүүнү бюджет эсебинен каржылап келатат. Өткөн жылкы Аксы окуясынан тутанган нааразылыктан соң мамлекеттик телерадиокорпорациянын ишин жандандыруу максатында Коомдук комиссия түзүлгөн. Азырынча анын ишинин жыйынтыгы байкала элек. Мамлекеттик маалымдоо каражаттарында оппозиция өкүлдөрүн баштагыдай эле айыптамай, аларга кине такмай токтолгон жок. Ойлонткон дагы бир жагдай, Кыргызстанда электрондук маалымат каражаттарынын таралышы, калк арасында жайылышы жагында толгон өксүктөр бар. Бишкек шаары менен анын жан-жакабелин гана камтыган телекөрсөтүүлөр алыскы шаар-кыштактарга жетпейт. Ошондон республиканын түштүгүнүн көпчүлүк айыл-кыштактары Өзбекстандын телекөрсөтүүлөрүнүн таасиринде калууда. Андан кутулуу максатында Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев үстүбүздөгү жылы мамлекеттик телекөрсөтүүсүн республиканын бардык айыл-кыштактарына жеткирүү аракетин жасай тургандыгын билдирүүдө. Электрондук маалымдоо каражаттары демекчи, өкмөттүк «Кыргыз туусу» , «Эркинтоо», өз алдынча «Агым» сындуу басылмалардын электрондук версиясы чыга элек. Кыргыз басылмаларынын электрондук версиясы дүйнөлүк маалымат мейкинине чыкса, анын акыбетин дүйнөнүн ар кыл бурчтарында жүргөн улутташтарыбыз көрүшмөк. Кыргыз маалымдоо каражаттары саясий жаакташууга кеткен күчүн мына ушул заманбап ишке жумшаса, саясий бир түрдүүлүктүн туткунунда калган жергиликтүү маалымдоо каражаттары кесиптик жагынан кыйла алдыга өсмөк. Азырынча, андай аракет кыргыз маалымдоо каражаттарынан көрүнө элек.

Белгилей кетээрибиз, журналист Жаныбек Жанызак менчик сайтын ачып (http://janyzak.freenet.kg), ага бир катар публицистикалык макалаларын, "Аалам" гезитинин алты санын жарыялады. Жанызак мырзанын сайты Алатоодогу көйгөйлөр кызуу талкууланган сайттардын бирине айланды десек жаңылышпайбыз.
"Кабар" агенттиги да (www.kabar.kg) кыргызча сайтка ээ.

БЕЛГИЛҮҮ ОБОНЧУ–ЫРЧЫ, АКЫН, КОМУЗЧУ.

Обончу-ырчы, акын, комузчу-аткаруучу Төлөш Турдалиев тууралуу эскерме.

Заманында жоргонун жүрүшүндөй, жоодураган моймол көздүү селкилердин күлүшүндөй мөлтүр обондуу ырларды чыгарып, безелене торгойдой таңшыган кыргыздын орто муундагы обончу-ырчы, акын, комузчу-аткаруучуларынын бири - Төлөш Турдалиев эле. Ал 1923-жылы керилген кең Таластын Покровка (азыркы Манас) районунун Ак-Жар айылында молдонун үй-бүлөсүндө туулат. Болочоктогу шайыр боорун жерден көтөргөндөн улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган, адамдардын шак ичи-койнуна кирип кеткен жугумдуу, алымдуу, тамашакөй, шайыр өсөт. Айылдагы Миң-Булак орто мектебин бүтөөрү менен өзү окуган мектепте физика сабагынан мугалим болуп иштейт. Он төрт жашынан колуна комуз кармап, көкүлүн маңдайына түшүрө улам-улам серпип коюп ырдагандыктан айылдаштары «Алтын Көкүл», ал эми элдик секетбайлар менен күйгөндөрү, өзгөчө Атайдын ырларына тымызын жүрөктү тызылдаткан түркүн аваздык боекторду кошуп, бирде үлпүлдөтө, бирде жалбырттай жана түтөй созо ырдагандыктан жердештери “кичинекей Атай” дешиптир. Төлөштүн алгачкы ырчылык, комузчулук чыгармачылыгынын жанышына, канат кагышына, калыптанышына элдик ырлар, күүлөр, Токтогулдун, Атайдын, Алымкулдун жана башка шайырлардын көөнөрбөс мурастары угут болуптур. Айрыкча, ал Токтогул менен Атайдын чыгармачылыгын жактырып, ырларын ырдап, күүлөрүн чертип, калкка жайылткан чыныгы мураскерлеринен болот. Анда кеп кезметин эл артисти Эстебес Турсуналиевге берейин.

- Биздин айылда Төлөштү “экинчи Атай” деп койчу. Ырдаганда зир-зир-зир деп койчу өзү байкуш. Анан кийин мен 46-жылдын аягында Мейилкан Козубекова экөөбүз олимпиадага келдик, анан 47-жылы артистке келдим, Алымкул аксакал алып келди мени. Анан ошондо Төкөм ушул жерде Осмонкул, Алымкул аксакал, бүт аксакалдардын арасында Төлөштү Зыптыркун деп койчу экен, зып-зып деп жүрөт деп. Анан чачты кайрып туруп, силкип ырдаганда бүт келин-кыздардын баары артынан ээрчип алчу эле. Төлөштүн үнү да, Атайдын обондорун «Ой булбулун», «Күйдүм когун» аткарганда, аткаруучулук жагы Төлөштөй эч ким болгон да эмес, андай аткара да албайт. Айрыкча Токтогулдун «Карылыгын» Төлөштүн аткаруусунда угуп отурсаңыз», -дейт, Эстебес мырза.

Ооба, эл ырчысы Турсуналиев айткандай Төлөш Атайдын махабат ырларын, Токтогулдун «Карылыгын», «Балам жогун» кемелине келтире, жерине жеткире авторлордун түп нускаларынан алыстабай көркөмдүк бийиктикте аткарган. Тилекке каршы алардын көпчүлүгү кенебестиктин кесепетинен өз кезегинде Кыргыз Улуттук Телерадиокорпорациясынын алтын казынасына жазылбай калган. Турдалиев ырчылык менен бирге чыгармачылыгында комузчу-аткаруучулукту да өөрчүтөт. Токтогулдун «Чайкама», Айдараалынын «Көйрөң күү», Атайдын «Маш ботой», Шекербектин «Жүрөк толкуйт» аттуу жана башка күүлөрдү да угуучулардын купулдарына толгондой, сезимдерине жеткендей чеберчиликте чертет.

1946-жылы Төлөш, акындар Алымкулдун, Осмонкулдун баасына татып, экөөнүн өтүнүчү боюнча Кыргыз филармониясында кабыл алынат. Ошол күндөн жаш шайырдын ырчылык, обончулук, акындык, комузчу-аткаруучулук жаркын шыгы жалбырттай жанат. Обондуулугу, жекечилдиги, аваздык-боекторунун көп түстүүлүгү жагынан биринен бири өткөн Атайдын обондорунан наар алган «Алмашым», «Адырдын терсек күлдөрүн», «Жылкычы келинге» (Күлүмкан») «Ашык жар», «Эпкиндүү жамал», «Ак тамак» аттуу жана башка үлпүлдөгөн созмолордогу мукамдуу, тунук обондуу ырларды жаратат.

Төлөш абалкы обончу – ырчылардын салтын улап, обондорунун сөздөрүн да (ырларында) өзү чыгарган. Ошондуктан, автордун сөздөрүндө айта, ача албай калган ойлорун обондорунда, ал эми обондорунда жетип-жетпеген жерлерин ырларында бажырайта ачып, угуучуларга табиттик ырахаттанууну тартуулаган.

Обончунун суроо-жооп, кайымдашуу үлгүсүндө чыгарган «Жылкычы келинге» («Күлүмканга) аттуу лирикалык ырын ырчы Малик Аликеев ырчы менен жылкычы келиндин бири-бири менен чымчылаша кайымдашкан абалын өзгөчө бир аваздуу мукамдуулукта образдуу аткарат. Ыр да, обон да Маликтин үнүнө да, аткаруучулук чеберчилигинде да куйуп койгондой куп жарашканын туябыз.

Автордун улуу төкмө акындардын үлгүсүндө чыгарган «Биздин эл» деген термеси, Райкан Шүкүрбековдун «Жинди суусуна» үндөшкөн «Ачуу суу», айтылуу шайырлар Атайдын, Мусанын, Шекербектердин жаркын элестерине арнаган эскерүү, арноо, жоктоо ырлары да көркөмдүк сапаты жагынан окурмандарды да кайдыгер калтырбайт. Таанымал шайыр Кыргыз филармониясында баш-аягы 30-жылдай иштейт. Бул жылдардын аралыгында Турдалиевдин аргендей үнү, мөлтүр махабатты баяндаган канаттуу ырлары КМШ жана бир тууган Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын угуучуларын да суктандырат. Ал кайсыл гана аудиторияда, кандай гана улуттагы угуучулардын алдында болбосун, нукура табигый аткаруучулук чеберчилиги менен терең таасир калтырган.

Белгилүү шайыр 1992-жылы август айында өлүм айтып келбейт болуп, автоунаа кырсыгынан каза тапты. Эң бир армандуусу - Турдалиев тирүүсүндө ырлар жыйнактарын, обондуу ырларынын грампластинкасын (табагын), Кыргыз Улуттук Телерадиокорпорациясынын алтын казнасына толук жаздырбай, эл алган наамдарды, сыйлыктарды албай көзү ачык кетти. Ошондой болсо да Төлөш Турдалиевдин ысымы кыргыз элдик музыкасынын тарыхында таанымал обончу-ырчы, комузчу-акын катары жашай бермекчи.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР.

Аманбек Дилдеңбай, Бишкек Дүйнө жүзүндөгү башка калктар сыяктуу эле, Кыргызстанда да өткөн 2002-жылдын 25-декабрынан баштап жаңы-жылды тосуу үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.

Дүйнө жүзүндөгү башка калктар сыяктуу эле, Кыргызстандын эли да, келе жаткан Кой жылын тосуу үчүн жакшылыктан үмүт-тилек кылышып, Жаңы Жылга даярдык көрдү. Өткөн 2002-жылдын 25-декабрынан баштап республиканын бардык аймактарында Жаңы Жылды тосуу үчүн майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. Өзгөчө балдар үчүн уюштурулган «Жаңы Жылдык Балаты» оюн-зоогу, ар бир жердин социалдык-экономикалык шартына жараша өттү.

Улуттук опера жана балет театрында окуучулардын «Алтын балаты» аттуу президенттик елкасы болуп, ага мамлекет башчысы Аскар Акаев жубайы менен, ошондой эле өкмөттүн жетекчилери катышты. Республиканын чар тарабынан келген 800 окуучу балдарга жаңы жылдык белектер берилип, «Келечек» программасынын стипендианттарына диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Бишкек шаардык мэриясы майып, жетим балдарга жана камсыздыгы аз үй-бүлөлөрдүн балдарына, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына, кароосуз көчөдө калган балдарга 27-28-декабрда өспүрүмдөрдүн «Сейтек» маданий борборунда жаңы жылдык оюн-зоок тартуулап, белектерин таратты.

30-декабрда Улуттук Кыргыз Драма Театрында Президент Аскар Акаев катышкан «Студенттик бал» өткөрүлдү. Республикадагы 40ка жакын жогорку окуу жайларынан чакыртылган 700дөн ашуун окуунун алдыңкылары менен болгон жолугушууда мамлекет башчысы 42 минуттук кутуктоо сөз сүйлөп, республикадагы билим берүү жаатындагы реформанын ийгиликтүү өтүп жатканын, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 200 миң улан-кыздар жогорку окуу жайларында окуп жатышкандыгын маалымдады. Андан соң, жылдагыдан айырмасы жок концерттик программанын негизинде студенттердин күчү менен даярдалган оюн-зоок көргөзүлдү.

Ал эми, 31-декабрда 21 саат 15 минутта, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында жаңы жылды тосуу үчүн, кыргыз эстрада чеберлеринин катышуусунда жаңы жылдык оюн-зоок башталды. Саат 22де Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов келип, майрамдык кечеге келгендерди куттуктады.

Өз сөзүндө шаардын мэри, келечекте баш калаанын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн иш-чаралар жүрүп жатканына токтолду. Келерки жаңы жылда, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылы борбор калаада зор салтанат менен белгиленээрин билдирип, шаар тургундарын ынтымактуулука, сабырдуулукка үндөдү.

Жаңы жылдагы майрамдык оюн-зоок, кечелерди өткөрүү үчүн Бишкек шаардык мэриясы 2140000 сом акча каражатын сарптаган.

Түнкү саат 12 ге 15 минут калганда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу жаңы-жылдык куттуктоосун айтып, каалоо-тилегин билдирди.

Б. АБДРИСАЕВ: «ӨЗҮБҮЗДҮН САЛМАГЫБЫЗДЫ БИЛИШИБИЗ КЕРЕК”

Абдыганы Жиенбаев, “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчиси Бакытбек Абдрисаев менен маек.

- Элчи мырза, АКШнын астанасы Вашингтондо, анын ичиндеги Кыргызстан элчилигинде, кыргыздын жеринде өзүңүз менен кезигип отурганыма кубанычтуумун. Калк аралык «Азаттык» радиосунун, асыресе Орто Азия бөлүмдөрү, кыргыз бөлүмү, казак бөлүмү жана өзбек бөлүмү өтүп бараткан жылдагы саясий окуялар жана жетишкен ийгиликтер жөнүндө сиздин пикириңизди билгиси келет. Ушул арада Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстан, Казакстан арасында кандай ийгиликтүү жаңылыктар болуп өттү?

- Эң негизгиси, бардык өлкөлөр үчүн - Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан болобу - АКШ менен 11-сентябрдан кийин, мына бир жарым жыл өтүп баратат, ушул мезгилдин ичинде бардык регион, өлкөлөрүбүзгө көбүрөөк көңүл бурулуп, өзүнчө бир коопсуздукта болуп атабыз. Эң негизги позитивдүү момент - азыр АКШда ар бир өлкөбүз жөнүндө көбүрөөк маалымат бар. Мурункудай жалпы эле билим эмес, терең маалымат бар. Администрациядан баштап, ар кандай МПОлорго чейин, аналитикалык борборлорго чейин ар бир өлкөнүн өзгөчүлүктөрүн тереңирээк түшүнө башташты. Ошондуктан, көрүп атпайбызбы, база ачылышы боюнча жакында эле Кыргызстанга В. Путин келип кетти. Администрация деле, аналитикалык уюмдар да муну башка спектрдан карап калышты, Россия менен АКШ партнёр, союздаш деп чыгып атышат. Бул жаңы, бийик деңгээлде болуп аткан байланыштар деп мен терең ишенем. Негизи биздин президентибиз да 23-декабрда АКШ президенти Ж. Буш менен жолугушканда ушул маселелер жөнүндө ачык айткан. АКШ менен азыркы бийик деңгээлде курулуп аткан байланыштар эмне себептен пайда болгон? Эң биринчи, Россия менен АКШ, Путин менен Буш бири-бири менен тил табышып, конструктивдүү диалогдо терроризм менен бирге чыгып күрөшөлү деген маселе болгондугунан, бири-бирин түшүнө баштаганынан, биз өңдүү кичинекей өлкөлөр да өзүнчө пайда таап атабыз. Жаңы, бийик деңгээлде союздаш дейби, жаңы шериктеш дейби, регион үчүн, Кыргызстан үчүн негизги эң керектүү нерсе - тынччылык. Аймагыбызда 3-4 жыл арасында стабилдүүлүк жок болчу, анын баары акырындан өз калыбына келип атат.

Россиянын базасы жөнүндө айтып кетсек, бул Россиянын базасы эмес, бүткүл КМШнын алдында беш-алты өлкө уюштурган уюмдун куралдуу күчтөрү деп айтса болот. Ал эми биздин Бишкекте турган база Американыкы эмес, Эл аралык Коалицияныкы. Динамика андан жогору, жаңы процесттерге жылып жатат. Мындан ары деле бир топ өзгөрүүлөр болот, бир топ жаңы процесстер пайда болот. Эң негизгиси - биздин башчыбыз, президентибиз өлкөбүздө жүргүзүп жаткан саясат. Эң биринчиси - Афганистанда болгон стабилдүү эмес ситуациядан коргоо. Ким билет, азыр мүмкүн АКШдан, Россиядан, Кытайдан көбүрөөк көңүл буруп, өзгөчө коопсуздук жагынан жаңы механизмдерди курууга мүмкүнчүлүк болсо, Кыргызстан үчүн абдан көп пайда келтирет. Анткени, биздин өлкө баарынан кичинекей болгонунан, ар кандай өзгөчүлүктөргө болобу, ар кандай таасирге болобу, өзгөчө тышкы таасирге сезгич келебиз. Коопсуздук системасы баардык 3 негизги өлкөнүн жардамы менен кыргыз элине көп пайда келтирет.

- Америка менен Кыргызстандын арасындагы маданий, билим жагында байланыштарда жаңылыктар барбы?

- Бардыгыбыз үчүн, регион үчүн маанилүү майрам деп айтса болот - өткөн жайдын июнь айында, Ёеман аттуу белгилүү музыкант Эл аралык Банк менен Ага-Хан фондун бириктирип туруп чоң фестиваль өткөрдү. Жибек Жолунда болгон өлкөлөрдүн маданияты, тарыхы, кол өнөрчүлүгү, тамак-ашы көрсөтүлдү. Музыканттар, илимпоздор келип кетти. Биздин өлкөлөрдөн, Казакстандан, Түркиядан көп келди. Менин оюмча, бул эң маанилүү майрам болду, биз үчүн чоң реклама деп айтса болот. Анан ошондо Американын жашоочуларына, ар бир өлкө өзү жөнүндө көбүрөөк маалымат берди. Казакстандын чоң бир боз үйү тигилди. Акындар айтышты, Өзбекстандын ансамбли өнөрүн көрсөтүп, маанилүү кече болду. Негизи эмдиги жылы апрель айында ошол Ёемандын ансамбли регионго барат. Бул дагы бириктире турган, баардыгыбыз үчүн чоң визит болот деп ойлойм. Уюштуруу комтетинен да чакырганбыз бир топторду. Эми эмдиги жыл - менин оюмча, Кыргызстан үчүн абдан чоң маанилүү нерсе.

Европада биздин музыканттар жүрөт, Казакстандан, Кыргызстандан, Азербайджандан. Жакында эле Түркиянын элчиси мага жолукканда айтып атпайбы «силер кайдан мындай мүмкүнчүлүктү таап атасыңар?» деп.

Кыргызстандын мамлекетүүлүгү жөнүндө ООНдо өткөн жуманын ичинде жаңы резолюция кабыл алынды. Кыргызстанда абдан чоң диспуттар болуп атат. Өзүнчө элдер маалыматка да жазып атышат резолюция жөнүндө. КМШда, башка өлкөлөрдө ошондой резолюцияларды өткөргөнгө аракет кылышууда. Биз өзүбүздүн тамырыбызды, тарыхыбызды билбесек, кайдагы реформаларды жүргүзөбүз? Биз өзүбүздүн салмагыбызды билишибиз керек. Эми интеллектуалдуу деңгээлде ошолор менен катышалы, тең бололу дегендей, ушундай маселелер абдан керектүү. Өзгөчө элчиликтер, маданият, тарых жагынан элибиздин болгон тажрыйбасын, кол өнөрчүлүгүн колдонуп туруп, көрсөткөнгө көбүрөөк аракет кылсак.

- Бакыт мырза, Америкада бир катар университеттерде Орто Азия маданияты, тили, билими жөнүндөгү программалар бар. Кайсыл жерлерде окутуп жатса, ошолорго Кыргызстандан устаттар келип жаткан чыгар. Кийин Кыргызстандан келип жаткан студент, аспирант, докторанттар барбы? Канча?

- Азыр мындайлардын саны көбөйүп жатат. 11-сентябрдан кийин АКШ администрациясы Казакстанга, Өзбекстанга болобу, бул жагынан каражатты көбөйттү. Өзгөчө Манкий программа, Холгрейт боюнча көбүрөөк студенттерди, мугалимдерди алып келип бул жерде окутуп, анан мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө. Кыргызстанда жүздүн тегерегинде деп айтса болот, жаңы программалар саны боюнча көбөйүп атат. Биз үчүн маанилүү болуп аткан, жалаң эле менеджмент, юриспруденция эмес, башка тармактар да көбүрөөк болууда. Мисал үчүн, америкалык университет Бишкекте 1993-жылы ачылган, вице президент Альберт Гор келгенде биздин президент Аскар Акаевич ага кайрылып, бирге факультет уюштурушкан. Азыр болсо ал чоң университет болду, эки-үч жума мурун аны Орто Азиянын Америкалык университети деп жаңы деңгээлде өзгөртүштү. Университет азыр Индиянын университети менен иштешип, контакттарды көбөйткөнгө, программаларды күчөткөнгө аракет кылып атат. Анан кичине убакыт өткөндөн кийин Алматыга, Ташкентке да ачканга администрациянын өзүнчө бир идеялары бар деп ишенебиз. Элибиздин баарын бириктирип туруп, илим жагынан, билим жагынан программаларды, интеллектуалдарды, интеллигенцияны өстүрүү керек. Регионалдуу кызматташуу деп, саясий жагынан президенттер аракет кылып атат. Бирок эң негизги, керектүү нерсе - бул жөнөкөй элдин арасында байланыштарды күчөтүү, соода жагынан болобу, башка жагынан болобу мүмкүнчүлүк түзүү. Антсе да прагматикалык оптимизм болуш керек. Эмгектенбесе болбойт. Анткени анын баарын бизге эч ким даярдап койбойт. Проблемалар абдан көп, өзгөчө ар бир өлкө өзүнчө моделин тандап туруп, эл аралык дүйнөгө чыгалы деген процесс аягына чейин бүтө элек. Бир-бирибиздин баабызды, бир-бирибиздин маанибизди дагы аягына чейин түшүнө элекпиз. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан соода жагынан бир-бирине эң маанилүү шериктештер. Ошонун баарын психология жагынан биз аягына чейин өзгөртө элекпиз. Биздин эң негизги шериктешибиз Америка эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан.

- Бакыт мырза, Вашингтондо Орто Азияга көңүл бөлүнгөн. Жон Хопкинс университетинде Орто Азия жана Кавказ институту бар. Тажикстан президенти Рахмонов келген кезде ошо институттун директору профессор Фредрикстар мырза айтты эле, «үч республикада - Тажикстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда - тоолуу аймактарга арналган университтер бар» деп. Ошонун жагдайы кандай азыр?

- Үч күн мурун Ага-Хан фондунун делегациясы алыскы тоолуу Нарынга барып, ошол жерден курулушту башташты. Мен билгенден, Казакстандын Талдыкоргонунда, Тажикстандын Тоолуу Бадахшанында да мындай окуу жайлары бар. Негизи Фредстар менен биз бул жөнүндө көп сүйлөшкөнбүз, эки-үч жылдын арасында ал кабыл алынды. Менимче, Нарында бул маселе абдан туура чечилген. Эмне себептен экенин азыр көрүп атпайбызбы. Кыргызстан өңдүү кичинекей өлкөлөргө ушундай университет бир чоң инвестициялык долбоор аркылуу иштей баштайт. Инфраструктураны оңдоо, эң биринчи ошол региондогу элге жумуш берүү керек. Бул бир топ миллиондогон долбоор болуп атат, ал Талдыкоргонду да, Нарынды да көтөрөт деп ишенем. Анткени бул Кыргызстанда 8-9 абдан тың, бийик деңгээлде келаткан ВУЗдар болуп калат. Ошолор өзүнчө инвестициялык долбоордо иштей баштады. Бул Ага-Хандын салымы жагынан абдан зор, эң негизги долбоор.

- Бакыт мырза, Жаңы Жылдын алдында Кыргызстандын, Казакстандын элдерине кандай тилек айтаар элеңиз?

- Эң биринчиси - регионубузда, элибиздин арасында тынччылык, стабилдүүлүк болсун. Анткени быйыл да трагедия болуп кетти. Негизи биз үчүн анын баары өзүнчө демократиянын сабагы деп ойлош керек. Эң негизгиси - ынтымак. Антпесе жашоо-турмуш болбойт. Калганынын баарын, экономика жагынан деле эл өзү көтөрүп кетет кудай буюрса. Тынччылык, аманчылык каалайм элибизге.

БИШКЕКТЕГИ «ДОРДОЙ» БАЗАРЫНДА БОЛГОН ЖАРЫЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛА ЭЛЕК.

27-декабрда Бишкектеги «Дордой» базарында болгон жарылуунун себептери тууралуу расмий билдирүү боло элек. Мындай жагдай кырсыктын айланасында коомчулук арасында ар кыл түкшүмөлдөрдү жаратууда.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлашынча, 27-декабрда болгон «Дордой» кырсыгы боюнча иштеп жаткан иликтөө комиссиясы ишин 2-январда жыйынтыктайт. Бишкектин чекесинен орун алган кийим-кечек сатуучу “Дордой” базарында орун алган «Оберон» соода борборундагы кырсыктан жети адам набыт болду. 23 адам ар кыл жараттарды алышып, ооруканаларга жайгаштырылды. Жүздөгөн адамдар моралдык жабыркоолорго кирептер болушту. Белгисиз заттын жарылуусунан келип чыккан бул кырсыктын кесепеттерин жоюу максатында азыр саламаттык сактоо министрлиги, “Дордой” базарынын жетекчилиги, Кыргызстандын өкмөтү материалдык жардамдарды көрсөтүүдө. Мындан тышкары, саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусуна ылайык жалпы коомчулук жабыркагандардын ден соолугун оңдоого ар кандай көмөктөшүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматовдун билдиргенине караганда, бул оорулуулардын өмүрүнө азыр коркунуч жок, алардын акыбалы күндөн-күнгө жакшырууда.

Бирок, “Дордой” базарынын аймагында жайгашкан «Оберон» соода борборунда болгон жарылуунун себептерине байланыштуу акыркы бүтүм чыга элек, болжолдуу расмий маалымат да айтыла элек. Кырсык болоору менен пресс-конференция өткөргөн биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов иликтөө иштери бүтмөйүнчө бир жактуу маалымат берүү эртелик кыларын билдирген. Факт боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин жүргүзүп жаткан ички иштер министрлигинин бардык тиешелүү адистери тергөө жыйынтыктала элек деген себеп менен, жарылуу боюнча акыркы күнгө чейин маалымат берүүдөн баш тартышууда.

“Жыйынтык чыга элек” деген ушундай эле жоопту биз кырсыкты иликтөөгө катышып жаткан Ганси атындагы авиабазанын өкүлүнөн алдык. «Манас» аба майданында жайгашкан Ганси атындагы эл аралык антитеррордук аба күчтөрүнүн маалымат катчысы Елизабет Ортиздин билдиргенине караганда, иликтөөнү Антитеррордук Коалиция күчтөрүнүн адистери кыргыз өкмөтүнүн расмий кайрылуусунун негизинде жүргүзүүдө. Азыр жарылуу болгон жерден алынган заттар экспертизадан өткөргөн соң, анын жыйынтыгын коалициянын иликтөө тобу жакынкы күндөрү ички иштер министрлигине тапшырат. Ортиз айымдын билдиришинче, «кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча Ганси атындагы авиабазанын атайын тобу окуяны иликтөөгө жардам берүүдө. Азырынча жарылуу эмнеден келип чыкканы белгисиз. Азыр иликтөө уланууда. Анын жыйынтыгы аныктала элек».

Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин башкы хирургу Саламат Тойматов болсо жарылуудан жабырлангандар кандай жаракат алганын айтып берди. «Бул жерде көбүнчө темирлердин быркырашынан жарат алгандар. Темирлердин быркырап кетишинен жанында турган адамдар жарат алышкан. Кээ бир оорулар эл качып чуркаганда жыгылышып, башы менен тийишип, эсин жоготкондор бар. Эми бул жерде ушундан чыкты, жарылуу болду же башка бир нерседен чыкты деп айтыш бизге да кыйын болуп турат. Себеби, бул жерде күйүктөр же башка жагдайлар жок болуп турат», - дейт дарыгер.

Ошондой болсо да, маалымат каражаттары жана эксперттер «Дордойдогу» кырсыкты терракт менен көбүрөөк байланыштырып жатышат. Коопсуздук кызматынын өзүнүн атын атагысы келбеген кызматкеринин маалыматына таянган «Кыргыз-Инфо» маалымат агенттиги мындай божомолду жарылуу болгон күнү эле жарыялап чыккан. Маалыматка караганда, жарылуу учурунда жардыргыч заттарга мүнөздүү көрүнүш байкалган. Акыркы үч-төрт күн аралыгында коомчулукта бул башкы божомол катары талданууда. Мындан тышкары тиричиликте колдонулуучу газ, кычкылтек газы, жаңы жылга байланыштуу Кытайдан алынып келинген пиротехника буюм-тайымдары да жарылуунун себептери катары айтылууда.

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА.

Кыргызстан үчүн жылкы жылы эмнелери менен эсте калганын «Кыргыз руху» гезити мындайча белгилейт. «Чү дегенде эле Үзөнгүкууштун чатагы менен башталып, Бекназаровдун атагы менен аяктады окшойт» деп жазат гезит кабарчысы Абдымалик. “Бекназаровдун камалышына нааразы болгон аксылыктар түп көтөрүлүп, саясий ачкалык жарыялагандардын саны артты. Андан Шерали Назаркулов каза тапты, Бозпиекте алты азаматтын өмүрү кыйылды. Аксы окуясынан кийин бийлик менен оппозициянын тиреши күч алып, жаатташкан тараптар алгоолошуп жыйын өткөрүүгө өтүштү. Ал арада тойчул кыргыз бийлиги тоолуктардын дүйнөлүк улук жыйынын өткөрдү. Ымалага келүү демилгеси менен президент конституциялык кеңешме чакырып, мамлекет башчысы ыйгарым укуктарынын айрымдарын башкалар менен бөлүшүүгө аргасыз болду. Каракөл меморандуму аткарылбаганына нааразы болгон элеттиктер Бишкекке келишти. Аларды шаар жанынан тосуп алып, колун кайрып артка кайтаргандар деле ошол эле «кызыл шапкечендер болду». Жыл ичиндеги олуттуу саясий окуялардын катарын Үсөн Сыдыковду соттордун колу менен шайлоодон жыгуу толуктады окшойт. «Сыдыковду колдогон каракулжалыктар аксылык туугандарына кошулуп Бишкекке жүрүш жасады. Акимдерди барымтага алып, түштүк түп көтөрүлдү», деп жазат гезит кабарчысы. «Аксыдагы жөө жүрүшчүлөрдү аткан милиция кызматкерлери туугандарынын нааразылык акциясын уюштурушту. Оппозиция менен бийликти ымалага келтиргиси келген Коопсуздук кеңеш катчысынын көзүн тазалоо аракети жасалды. Аны ким уюштурганы азырынча белгисиз», деп жазат гезит.

Гезиттин жаңы санында Камалидин Мурасатовдун «Биздин мезгилдин өзбектери кайда?» деген макаласы жарыяланган. Чекара тосмосунда өзбек бажычылары кыргыз жарандарын обужок кордогонуна нааразы болгон автор: «… чек араларына кошуп тор зымдар менен тосуп алганы аз келгенсип, кыргызбайлардын малын да өзүн да мина коюп жардырган өзбектер кайсы мезгилдин өзбектери?» деген суроону узатат.
Кыргызстандын президенти жыл аягында Таласта, андан соң Астанадагы Борбор Азия кызматташуу уюмунун жыйынына катышканын 31-декабрдагы «Кыргыз туусу» гезити жазып чыкты. Журналист Мундузбек Тентимишов президент Акаевдин тарыхый шаан-шөкөттөрдү арбын өткөргөнүнө токтолуп, мамлекет башчынын «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу» китеби «кыргыз элинин бай жана санжыргалуу тарыхына ар тараптуу кызыгуунун триумфалдуу көрүнүшү!» деп мүнөздөйт. «Айылдарыбызга кадимкидей жан кирип, - деп улантат макала автору,- шаарларыбызда токтобос чоң турмуш агымы демейдегиден башкача бир шаңдуу күч менен күрдөөлдүү өтө баштады» .
Узап бараткан жылдын маанилүү окуяларын «Агым» гезити да эскерген. Басылманын жылнаамеси деле Азимбек Бекназаровдун 5-январда камакка алынуусунан башталат. «Жалал-Абад областынын прокурору Зоотбек Кудайбергеновдун көрсөтмөсү менен камакка алынган депутатын колдоп аксылык шайлоочулардын нааразылыгы чыккан. 17-январдан тарта «Учкун» акционердик коому «Моя столица» гезитин баспай койгон. Ушул күндүн эртеси «Агым» гезитинин редакциясына белгисиз бирөөлөр жарылуучу зат ыргытышкан. 7-февралда саясий ачкалыктан Шерали Назаркулов набыт болду. 17-мартта Аксыда милиция кызматкерлеринин огунан 6 адам курман болду. 17-апрелде Кыргызстан Элдик Конгресси өттү. 10-майда Үзөнгүкуушту Кытайга берген келишим парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында 36 добуш менен колдоого ээ болду». Гезит окурмандарынын пикири боюнча жылдын мыкты депутаты Болот Шерниязов, саясатчысы Феликс Кулов, ырчысы Кенже Кубатова, гезити «Моя столица», оппозиционери Өмүрбек Текебаев. Майлуу-Суу электр-лампа заводунун мамлекетке тиешелүү акцияларын орусиялык «В.А.В.С.» компаниясына сатылышынын жөн-жайын республиканын өнөр жай жана тышкы соода министри Садирдин Жээнбеков айтып берген.

ТОКОЙДУН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,3% жакынын токой ээлейт. Швейцарияда бул көрсөткүч 34% ашуун. Экономикалык оорчулуктун орду толгус жоготуусун ушу тапта кыргыз токою тартып жатат.

Кыргызстандын экинчи Швейцария болуу демилгеси негизинен Европа өлкөлөрүндө колдо таап, соңку жылдары токойго Швейцария менен Италия ишкерлери көңүл бурушууда. Анткен менен, кыргыз токоюнун бүгүнкү абалы көңүл жылытарлык деп айтыш кыйын. Элет жеринин экономикалык кыйынчылыкка капталышы токойлордун болочогун арсар абалга алып келген олуттуу проблемага айланууда. Жаңыдан түзүлгөн кыргыз токой кызматынын жаңгак токой башкармалыгынын жетекчиси Майрамбек Алиевдин пикиринче, отун-суудан мукураган калктын токойду кыйгас кыюуга өтүшү оор турмуштун айынан чыккан аргасыз абал. Ошондон улам экономикалык оорчулук кыргыз токойчуларына токойду кантип сактап калуу проблемасын коюуда. «Токой кызматына тиешелүү 15-16 токой чарбаларынын баары ушу тапта жаңыча иштөөгө өтүп атышат,- дейт Майрамбек Алиев.- Алардын иши: токойду коргоо, көчөт отургузуу, кыюу-тазалоо иштери башкача жүргүзүлө баштады».

Өткөн жылдын ноябрында кайрадан түзүлгөн Кыргызстандын токой кызматы ушу тапта мурунку колхоз-совхоздордун менчигинде эсептелинип, алар таркагандан кийин кароосуз калган токой тилкелерин сактоо, токойду кыйгас кыюудан коргоо амалында атайын өкмөттүк токтом даярдаган. Токтомго ылайык токойду сактоого жергиликтүү калк өзү катышуусу зарыл. Майрамбек Алиевдин айтуусунда, бул токойчулардын өз милдетине карата мамилесин кескин өзгөртөт. Токойго калктын ээлик кылуусу аларды жаратылыш байлыгына сарамжал мамиле кылууга шарт түзмөкчү.

Жаңгак токоюнун кендирин кескен дагы бир олуттуу проблема жаңгактын уюлун чет элдик ишкерлерге арзан баада сатуу дагыле жөндөлө элек.

Кыргызстандагы жаңгак токоюндагы кайталангыс биоартүрдүүлүктү түзгөн жапайы алчаларды малак курт басып, алар тегиз куурай башташты. Мамлекеттен колдоо алалбай, экономикалык оорчулуктан бели майышкан токой чарбаларынын илдетке чалдыккан токой аянттарынын дарылоо мүмкүнчүлүгү жок.

Майрамбек Алиев италиялык ишкерлердин жардамы менен кыргыз токоюн кыйроодон сактап кала алабыз деп ишенет. «Кыргызстан менен Швейцариянын климаттык шарты бирдей эмес. Швейцарияда нымдуулук күчтүү. Бизде - кургакчылык. Бирок, ошого карабай Кыргызстандын токой аянтын көбөйтүү аракетин көрүп жатабыз. Социализмдин тушунда, өнөр жайын өнүктүрүү, кийин уруш маалында Кыргызстандын жалпы аянтынын 6% жакынын түзгөн токой аянты 3,8% чейин азайып кеткен. Кийинки 30-40 жыл ичинде Кыргызстандын токой аянтын 4,23% көбөйтүүгө жетиштик. Жакынкы 20-30 жылда токой аянтын дагы көбөйтөбүз деген программабыз бар, ага биз ишенебиз»,- дейт Майрамбек Алиев.

Кыргызстандын токоюн сактоо, аны жок кылбай, баштагы калыбына келтирүү аракети азырынча сөз жүзүндө гана жүрүүдө. Токой аянтын кеңейтүүгө жергиликтүү калкты тартуу азырынча олуттуу натыйжа алып келе элек. Көпчүлүк эл токой байлыгын алып, аны калыбына келтирүүгө көңүлкош. Ошондон токой аянттарын 2-3 жылдан 49 жылга чейин ижарага берүүнүн натыйжасы кандай болору азырынча бүдөмүк.

«КЕЛЕЧЕК ДОЛБООРУ» КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАЛАР ТУУРАЛУУ ТАЛКУУ УЮШТУРДУ.

28-декабрда саясий изилдөөлөрдүн «Келечек долбоору» коомдук фондунун демилгеси менен «Кыргызстандагы конституциялык реформа жана демократиянын болочогуна» арналган «тегерек үстөл» талкуусу уюштурулду. Жыйынга бейөкмөт уюмдар, саясий партиялардын өкүлдөрү, белгилүү саясатчылар, укук таануучулар катышты. Кыргызстандын Баш Мыйзамын жаңылоонун жалпы элдик талкуусу эмдиги жылдын 2-январында аякталат.

Төртүнчү ирет жаңыланууга дуушар болуп аткан Кыргызстандын Конституциясы кандай болушу керек, бийлик бутактарынын бөлүштүрүлүшү, президент аткаруу бийлигин жетектеши туурабы, башмыйзамды улам-улам өзгөртүүдөн элибиздин утуш алары эмне? Талкууну ачкан «Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков Конституция кайсы бир инсандар үчүн эмес, эл үчүн деп иштеши керектигине басым жасаса, Кыргызстан юристтер ассоциациясынын президенти Темирбек Кененбаев Конституциялык Кеңешмеге негизинен бийлик менен оппозициянын өкүлдөрү кирип, мындай маанилүү иштен жарандык коомдун өкүлдөрү четте калганын айтты. «Конституциялык Кеңешмеде жактырылган конституциялык өзгөрүүлөр менен кошумчалар, эл арасындагы талкуу көрсөткөндөй, коомдук турмушта бышып жетилген маселелерди чечкенге караганда бүдөмүк суроолорду көбөйтүүдө»,- дейт Кыргызстан юристтер ассоциациясынын президенти.

«Теңир Ордок» коомдук фондунун жетекчиси Дастан Сарыгулов бийлик бутактарын теңештирүү менен маселе чечилбесин, жаңы кылымга башбаккан Кыргызстан үчүн калк пикири менен баасынан бийлик эч нерсе жок экендигине токтолду. «Бул өзгөртүүлөр жаңы турмушка, өнүгүүгө, ийгиликке алып келбейт. Себеби, бул өзгөртүүлөрдүн негизги мазмуну бул болду: президенттин айрым укуктарын Жогорку Кеңешке бөлүштүрүштү. Маселенин түбү эмнеде? Бүгүн кыргыз эли бийликтен четтетилип калды. Эл бийлиги жок. Элдин алдында Жогорку Кеңеш , сот, мамлекетибиздин башчысы да жооп бербейт. Эл өзүнүн бийлигин турмушка ашыра албай калды. Конституциянын 1-беренесинде бардык бийлик элге таандык деп жазылганы менен, анын турмушка ашыруунун жолу көрсөтүлгөн эмес. Биз сунуштаган курултай накта элдин бийлигин орнотот эле. Ал биздин каныбызда, салтыбызга кирип калган. Ошо курултайдын алдында Жогорку Кеңеш, Жогорку Сот, Башкы Прокурор, мамлекет башчысы – баарысы жылда бир жолу жооп бериши керек. Ошондо эл бийлигин колуна алат болчу. Бүгүн элдин атынан бийлик жүргүзгөндөр эл алдында жооп бербей келатышпайбы. Биздин эң талуу маселебиз ушул болуп турат»,- дейт Дастан Сарыгулов. Ушул эле ойду белгилүү коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов да улантты: «Элде азыр эч кандай бийлик жок. Президент болсо бийликтин өзү. Андан эмне артса – ошону мыйзам чыгаруу, сот бийлигине берип коебуз. Ошондон биз бир маселенин башын ачып алганыбыз оң. Референдумга конституциялык өзгөрүүлөр боюнча 2-3 долбоор коюлушу керек».

Алмамбет Матубраимов өкмөттө эч кандай укук жоктугуна токтолду. Мурда аткаруу бийлигин жалаң президент тескеп келсе, эми ага Жогорку Кеңеш кошулуп, ортодо өкмөткө эле оорчулук түшмөй болду. Мурунку өкмөт башчы Амангелди Муралиев баарын тескөөчүлүк коррупцияга гана жол ачарын айтты. Анын пикиринче, адам укугу менен эркиндигин Баш Мыйзамга так жазбай бийликтин бөлүштүрүлүшү тууралуу кеп кылуунун кереги деле жок. «Ard/Chechi» коммерциялык укукту жайылтуу долбоорунун директору Кемпл Брайан мындай иште талкууга коюлган маселеге караганда аны жүзөгө ашыруунун ачыктыгы маанилүү экендигин баса белгиледи «Батышта Конституцияны өзгөртүү сындуу олуттуу маселеге өтө этият мамиле жасашат,- дейт Кемпл Брайан ,- Антиштин себеби, киргизилген өзгөртүү мыйзамдуу болушу керек, адамдар ага ишенип, урматташы керек. Бул процесске коомчулук толук катышуусу керек. Ар бир айыл адамы талкууга катыша албаса да сөз эмне жөнүндө болуп атканынан кабардар болушу зарыл».

Жыйын катышуучуларынын көпчүлүгү президент өкмөттү башкарып, конкрет ишинин жоопкерчилигин алышы керектигин айтышты. Жыйында президент кызматтан кеткенден кийин анын өзү менен үй-бүлөсүнүн мамлекеттин эсебинен жашай тургандыгы, иштеги катачылыктары үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартылбастыгы да курч сынга алынды.
«Демократия желаргысына кубанып мамлекет башчысы мамлекеттин эсебинен жашайт деп жазып койгонбуз. Эмки өзгөрүүдө болсо мамлекет башчы менен анын үй-бүлөсү өмүр бою мамлекеттин эсебинен жашайт деп атабыз. 8 триллион доллар өлчөмүндөгү ички дүң продукция өндүргөн АКШ мындай берешендикке бара албай отурса, эң кедей өлкө кызматтан кеткен башчысын өмүр бою бекер багам деп отурат. Ушундай да баеолук болобу, алакушту атынан эле атайын»,- деди Дастан Сарыгулов. «Келечек долбоору» коомдук фондунун жетекчиси Ишенбай Абдуразаков конституциялык талкуу аяктап баратканы менен чубалжыган суроолордун аягы азырынча көрүнбөйт, деп эсептейт: «Бул Конституцияга байланыштуу маселелер азырынча чийки, көп жагынан түшүнүксүз. Айрым жагынан артка кеткендейбиз деген пикирлер болууда. Талкуу аяктап баратканда, бул тууралуу белгилүү саясатчылар, депутаттар, бейөкмөт уюмдар, укук таануучулар кандай ойдо экендигин билүү максатында жыйын чакырганбыз. Булардын пикири келип бир жерден чыкты. Конституцияны өзгөртүүгө шашпаш керек, маселени ийине жеткирип, калыбына келтирип, көп жылдар иштей турган Конституция кабыл алуу керек, деген пикир айтылды».

Кыргыз бийлигинин оппозиция менен ымалага келип апыл-тапыл реформалап ийчү конституциялык талкуусу 2-3 айдан бери артка жылдырылып келатат. Эгер жарандык коом өкүлдөрүнүн пикири эсепке алынса, талкуу дагы узартылып калышы мүмкүн.

КЫРГЫЗСТАН ОРУС-БЕЛОРУС БИРИМДИГИНЕ КОШУЛАБЫ?

Кыргыз коммунисттери кыйладан бери орус-белорус биримдигине кошулуу аракетин жасап келатышат. Эки славян өлкөсүнүн биримдигине кошулууну жактоочулар менен андайды жактырбагандар деле бир топ. Республикадагы оор экономикалык абал мурунку социалисттик доорду эңсөөнү, кайсы бир кубаттуу өлкөнүн канаты алдында калкалануу демилгесин жаратууда.

Эңгезердей СССРдин урап калаарын күтпөгөн калктын кыйласы ушу тапта деле социалисттик байкерчиликти өмүр-жашоосунун байкалбай өтүп кеткен бактылуу учуру деп эсептешет. Кебелгистей бекем турган коммунисттик империянын дал-далынан кетип, анын ордуна чоң-кичине эгемен өлкөлөрдүн жамырап чыгышына айрымдар эмдигиче ишенишпейт. Ошондон постсоветтик республикалардын дээрлик баарында сакталып калган коммунисттик партия жетекчилери орус-белорус биримдигине кошулуу идеясын көтөрүп, эл арасында түшүндүрүү, үгүт иштерин жайылтышууда. Бул жагынан кыргыз коммунисттери кыйла активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Антишке республиканын экономикалык реформаларынын кайрымжысы кайтпай, көпчүлүк калктын итке минген кедейлиги, өлкөнүн болочогунун арасат экендиги олуттуу дегидей шарт түзүп берүүдө.

80 жыл жашабай коммунисттик империянын ойрон болушун Абсамат Масалиев сырткы күчтөрдүн аракетине байланыштырат. «1991-жылы СССР ыдырады, деп атабыз. Биздин колубуздагы документтерге караганда, аны Америка кийлгишип, ыдыратып жок кылды. Бийликтин башында турган Горбачев, Яковлев, Ельцин, Шушкевич, Кравчук дегендер сатылып кетишкенин өздөрү деле айтышууда. СССР күч менен таратылгандан кийин биз, коммунисттер, чогулуп акылдашып: «Эми мурдагыдай СССР болушу кыйын, бирок бөлүнүп кеткен республикалар кайрадан бирикпесек кыйын болот», деп келишимге кол койгонбуз. Бул биздин программаларда жазылып турат. Мурунку 15 республиканын, анын ичинде Прибалтиканын коммунисттери биз менен иштешип атат. Бирикпесек экономиканы өнүктүрө албайбыз. Бизде жаңы сөз пайда болду «эгемендүүлүк» деген. Эгемендүү эч ким боло албайт. Ошол эле Америка менен Россия деле эгемендүү эмес»,- дейт кыргыз коммунисттеринин лидери.

Анын айтымында, азырынча Борбор Азия республикаларынын президенттери гана эгемендүү. «Президенттер гана эгемендүү,- дейт Абсамат Масалиев.- Алар эчкимге баш ийишпейт. Эл болсо кедей».

Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын улук илимий кызматкери, публицист Искендер Жумабаевдин пикиринче, орус-белорус биримдигине кирүүгө мурунку социализмди эңсеген улуу муундагы адамдар кызыкдар. «Социализм өзүнөн-өзү жок болбодубу,- дейт ал.- Анын кыргыздар үчүн жакшы жактары көп эле болгон. Пролетардык интернационализм, дүйнөгө коммунизм орнотобуз деп атып кыргыздарды өзүнчө мамлекет кылып, кыйла көтөрүп коюшту. Дотация берип келди. Ошо социализмде жашагандар камсыз жашоону эңсеп, ностальгияга батып атышканы ошондон. Бирок эми социализмди калыбына келтирүү мүмкүн эмес, СССРди калыбына келтириш тууралуу сөз кылып деле кереги жок».

Орусиянын президенти Владимир Путиндин, «СССРдин урашына кайгырбаган адамдын жүрөгү муз, аны калыбына келтирүүгө аракет кылгандардын акылы жок» деп айткан сөзү бар. Социализмдин иллюзияларынан арылыш үчүн кыйла убакыт, экономикалык бакубаттык керектиги ушу тапта өзгөчө сезилүүдө. Ансыз өткөнүн эстеп коммунизмге мактоо айтчулардын катары азайчудай эмес.

ЗООТБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ: «МАМЛЕКЕТ БИРИНЧИ ӨЗҮ МЫЙЗАМДЫ САКТАШ КЕРЕК».

Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Аскердик соттун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылган Жалал-Абад областынын мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов кабарчы Ырысбай Абдраимовдун бир топ суроолоруна жооп берди.

Аскердик соттун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылган Жалал-Абад областынын мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов кабарчы Ырысбай Абдраимовдун бир топ суроолоруна жооп берди.

- Өзүңүзгө коюлган айыпты сиз саясий иш деп баалооңуздун себеби эмнеде?

- 23-майда мамлекеттик комиссия түзүлүп, ошонун чечими чыкты. Ал жерде «Кудайбергенов санкция берген, бул негизги себеп. Бул жерде күнөөлүү адамдар ушулар» деп жазыптыр. Ошол эле 23-майда мага иш козгойт Генералдык Прокурор. Эми биз Конституцияны карайлы, УПКнын нормаларын карайлы, мыйзамдарды карайлы. Мамлекеттик комиссия деген УПКда жок, Конституцияда да жок. Эмне үчүн Генералдык Прокуратура ошону негиз кылып туруп иш козгойт? Эми Бекназаров соттолсо, Каракөл шаарынын соту менен Жалал-Абаддык облус соту соттун чечими туура деп тапса, соттун приговору күчүнө кирсе, ал соттолуучу болуп Бекназаров Кудайбергеновду жоопко тарт деп туруп, 15не чейин, мени болсо 4-ноябрда тергөөчү айыбын угузуп атса… Мен айтып атам «адвокатым Максимов оорукчан, кичине кечириңиз» деп. «Жок 15не чейин айыпты угузуш керек» деп, айыпты угузду. Кайсы укуктук мамлекетте соттолгон адам прокуроруна кол коюп туруп, ошону жоопко тартылды дейт? Кайсы мамлекет аны угуп жоопко тартат? Мамлекет мажбур болду. Ошол элди Бишкекке чейин чыгарбайын деди. Кандай себеп болсо дагы мамлекет мындайга барбаш керек. Мамлекет биринчи өзү мыйзамды сакташ керек. Анан кийин оппозицияны да ошондон, урматтуу президент сүйлөп туруп айтты. Биз ошол жыйынтыктарды чыгарып атабыз. Секретный меморандум, бул секретный деген эле сөз, 37-жылдын шамалы деп эсептесе болот. Эмне үчүн элден секретный?

- Соттук жүрүштүн учурунда күбөлүккө тартылган далил материалдар эске алынбаганын айттыңыз, алар кандай далилдер болчу?

- 5 спецназ, 7 ППС сотрудниктери жана Калбаев мынтыктын огунан жаракат алган. Булар бардыгы больницага барган, экспертиза болгон, лечение болгон. Экспертиза жүргүзүшкөн, ар бирөөнө ар кандай жаракат алды деп заключениялары бар. Бирок айтып кетиш керек, бир дагы заключение делодо жок. Менин оюмча заключениеде ушунун баарын сот эске алса, акыйкат чечим чыгат.

- Ушул сиз айткан кемчиликтер тергөө учурунда тергөөчүгө билдирилген беле?

- Билдирип, мен өзүм ходатайство жазгам. Ушунун баардыгын алып туруп башка делодон ушул жерге тиркегиле деп. Бирок тергөөчү мотивди көрсөтпөй отказ кылып койду.

- Коомчулукта депутат Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин комитетинде Кудайбергеновго карата Ысык-Көл, Баткен облустарынан түшкөн арыздарды кароого даярданып жатканда Зоотбек Кудайбергенов андан озунуп депутатты 7 жыл мурунку иш үчүн каматтырды деген пикирлер бар. Чын эле ошондойбу?

- Бекназаров экөөбүздү беттештирди. Ошол жерде Бекназаров айтты Кудайбергеновго мен эч кандай мамилем жок. Муну мен биринчи жолу көрүп атам бул жерден. Мен дагы айттым, бул кишини биринчи жолу көрүп атам. Заявление жазбаса, материалдар болбосо, мен аны билбейт элем. Экинчиден иш козгогонго чейин сиз өзүңүз уктуңузбу Бекназаров болсо Кудайбергеновдун үстүнөн материал чогултуп атыптыр дегенин? Уккан жоксуз. Мен дагы уккан жокмун, анткени андай жок болчу. Иш козголгондон кийин ал кээ бир депутаттарды түшүнсө болот, жардам берем деп саясий оюн катары, предлог катары материал чогулта баштады мага. Ошол негизде сөз болуп калды. Мындай эч кандай болгон эмес. Андай болсо мен анда материалды Генеральныйга берет элем. Тааныбайт элем. Ошон үчүн «объективно-потерпевшийлер» келди. Адам өлүп атат, ал болсо бечералар, ата-энеси жоктор кайрылып атат. Эми депутаттын өзүнүн полномочиеси бар, статусу бар, трибунасы бар. Алар өзү өзүн эле коргой алат. Жанагы Букеевге окшогон бечаралардын укугун ким коргойт? Кайсы Конституцияда жазылып турат, кайсы мыйзамда жазылып турат? Бир оппозиционер депутат мындай де атат «Зоотбек Чороевич, сиз жакшы эле иштеп келаттыңыз, бийликтегилерди ордуна коюп, акимдерди жоопко тартып, баардыгы жакшы эле. Бекназаровго тийгениңиз туура эмес». «Эмне үчүн туура эмес?» -десем. «Бул политика» дейт. Оппозицияга кылмышчылык кылып атса, анан бул болсо политика болуп кетсе, акимдиктерди жоопко тартып атсам, депутат Воробьевду жоопко тарттык, Жети-Өгүздүн акимин жоопко тарттык, Баткендин администрациянын, жоопту адамдарды жоопко тарттык. Баардык жерде эле политика жок. Анан бир депутатты жоопко тартканда эле, бул политикабы? Бул туура эмес политика. Ошон үчүн бул жерде саясий оюн деп айтат элем.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG