Линктер

жекшемби, 21-июль, 2019 Бишкек убактысы 08:43

Кыргызстан

ОППОЗИЦИЯ БИЙЛИКТИ КЕПКЕ ТАРТТЫ

30-апрелде Бишкекте «Оппозиция: бийлик үчүн күрөшпү же демократиялык баалуулуктарды коргообу?» деген аталышта «тегерек үстөл» талкуусу өттү. Анда оппозициянын саясаттагы орду жана максаты талкууланды. Талкууну Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун демөөрчүлүгү астында «Келечек долбоору» фонду менен «Республика» гезити уюштурду.

«Тегерек үстөлдөгү» талкуу чакан чөйрөдө өттү. Ага чакырылган оппозициялык саясатчылардын жана бийликтин жоон топ өкүлдөрү келбей калышты. Чакырылган бийлик өкүлдөрүнүн атынан тегерек үстөлгө өлкөнүн Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов катышты. Ал эми президенттин кеңешчиси, президенттин алдындагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Валентин Богатырев доклад жасады. Оппозициялык саясатчылардын катарын депутаттар Ишенбай Кадырбеков, Өмүрбек Текебаев, «Арнамыстын» штаб башчысы Эмил Алиев, Коммунисттер партиясынын башчысы Клара Ажыбекова өңдүү саясатчылар толуктады. Таасирдүү бир катар оппозициялык саясатчылардын «тегерек үстөлгө» келбей калышы ар кандай себептер менен, анын ичинде парламент депутаттарынын округдарга кеткендиги менен да түшүндүрүлдү. Ал эми талкуунун алып баруучусу Замира Сыдыкованын пикири мындай болду:

- Менин угушумча, алардын жактырбай калганы - бийликтен чакырылган Ибраимов, Жанузаков, Ашыркуловдор менен дегеле бир жерде отургусу, сүйлөшкүсү келбегени. Бирок, менимче алардын мындай ойлору туура эмес. Ишенбай Абдуразакович айткандай, баары бир бийлик менен отуруп сүйлөшпөсөк, бизде эч кандай жылыш болбойт.

Оппозициянын бийлик менен сүйлөшүүгө барышы - саясий турмуштун учурдагы зарылдыгы. «Тегерек үстөлгө» катышкан бейөкмөт уюм өкүлдөрүнүн жана саясатчылардын дээрлик баары ушундай пикирди сап кармашты. Анткени оппозиция - бийликтин бир тараптуу саясатын тескеп туруучу алмаштыргыс күч.

- Менимче, оппозициянын бийликтин бир жактуу саясатын оңдоп-түзөөчү алмаштыргыс орду бар, - деди «Келечек долбоору» фондунун төрагасы Ишенбай Абдуразаков. - Тарыхый тажрыйбаны эске алганда, бийлик эч качан идеалдуу болбойт. Бийлик атам замандан бери ушундай, азыр, кийин деле ушундай катачылыктарга жана бир жактуулукка жол берет. Оппозиция болсо мындай көрүнүштөрдү жөнгө салат.

Бирок, Абдуразаковдун ою боюнча, азыр Кыргызстандын оппозициясы саясий күч катары каруу-күчкө толбой жатат. Оппозициянын саясий күч катары алсыз экендигин президенттин алдындагы Эл аралык стратегия институтунун директору Валентин Богатырев да өз докладында белгиледи. Анын айтымында, 2002-жылдын августуна карата жүргүзүлгөн социологиялык иликтөөдө оппозициялык маанайдагы саясатчылар төмөнкүдөй упай топтошкон:

- Өткөн жылдын августунда «Шайлоо болсо, президенттикке кимди шайлайт элеңиз?» деген сурамжылоонун жыйынтыгында Өмүрбек Текебаев 12,5% упай топтогон. Апсамат Масалиев 4,5%, Азимбек Бекназаров 1,7%, Адахан Мадумаров 1,5% упай алышкан.

В. Богатырев иликтөөнүн бул тыянагын келерки шайлоонун сынагы катары белгиледи. Анын айтымында, эгер оппозициялык саясатчылар иш стратегиясын өзгөртпөсө, 2005-жылкы шайлоодо топтогон упайлары деле жогоруда айтылган көрсөткүчтөн ашып кетпейт. Саясий максатка жетиш үчүн оппозиция альтернативалуу келечек долбоорун иштеп чыгышы керек. Буга чейин Аскар Акаевдин долбоорунан кызыктуу альтернатива оппозиция тарабынан сунуштала элек.

«Партиялардын татыктуу программалары жок» деген мындай көз карашка каяша пикирин «Атамекен» социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутаттын ою боюнча, программаларды ишке ашырууга тоскоолдуктар арбын, маалымат тармагы дээрлик толугу менен бийликтин карамагына өтүп кеткен. Ал эми укук коргоочу Турсунбек Акундун пикири боюнча, азыркы бийлик оппозиция менен кызматташуунун ордуна аны каралоо менен гана алектенип келатат.

«Тегерек үстөлдө» оппозициянын ордуна, кызыкчылыктарына, максат-милдеттерине байланыштуу талаш-тартыш кеңири болду. Бирок саясий күрөштүн жаңы этабын аныктоо багытындагы талкуу уюштуруучулар каалагандай деңгээлге жеткен жок. Антсе да катышуучулардын кыйласы «тегерек үстөлдү» саясий маданиятты калыптоого салым кошкон иш катары баалашты. Алардын бири Жыпар Жекшеев:

– «Тегерек үстөл» жарандык коом менен саясий партиялардын, оппозиция менен бийликтин ортосундагы ажырымды кайра бүтөгөнгө өз салымын кошот, - деген пикирин айтты.

Ал эми «тегерек үстөлдүн» уюштуруучуларынын бири, «Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын мүчөсү Замира Сыдыкованын айтымында, оппозициянын адам укуктары үчүн күрөштөн бийлик үчүн күрөшкө өтчү мезгили бышып жетилди. Анткени алдыда парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрү турат. Бул жагынан «тегерек үстөл» жыйыны оппозициянын жаңы багытын аныктоочу алгачкы кадам катары кызмат кылды, дейт ал.

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮН ЖОЛДОРУ УЛУТТУК КЕҢЕШТЕ ТАЛКУУЛАНУУДА

Президент А.Акаевдин жарлыгына ылайык түзүлгөн Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши өз ишин баштады. Алгачкы жыйында кеңештин милдеттери талкууланып, анын ишин аныктоочу жобо толуктап иштеп чыгууга жиберилди. Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин алдында Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги иштейт.

Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешин түзүү идеясын ушул жылдын 31-мартында өткөн Коопсуздук Кеңешинин кезектеги отурумунда президент А.Акаев айтып чыккан. Коррупцияга каршы күрөшүүчү жаңы түзүмгө чоң үмүт арткан мамлекет башчысы 8-апрелде атайын жарлыгы менен Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешине кимдер киргенин аныктап берди. Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин отурумун ачкан премьер-министр Николай Танаев алдыда иштелчү иштердин бир тобун санап өттү:

- Биздин биринчи отурумдун максаты – коррупцияга каршы күрөш демилгелери менен жарактуу моделдерди табуу, «Кыргызстан – абийирдүү башкаруучулардын өлкөсү» аттуу улуттук стратегияны аныктоо, ачык сүйлөшүү аркылуу жеке сектор, жарандык коом, өкмөт үчөө биргелешип, ачык эсеп-кысабын билдирип туруучу ыкмаларды иштеп чыгуу, аткарылчу иш-чараларды белгилөө.

«Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши кандай иштердин өтөлүн алат, колу туткак чиновниктердин жеп-ичкенин тыйып, аларды тартипке чакыра алабы?» деген суроого келгенде жыйын катышуучуларынын пикирлери ар башка болуп чыкты. Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңешинин ишин тескеген жобого «коррупцияга каршы күрөшүү максатында кеңеш экономиканын бардык структурасы биргелешип иштөөсүн камсыз кылат, бул багытта мамлекеттик органдардын ишин координациялайт» деген эрежелер киргизилген. Ушундай эле милдет Экономикалык кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүүчү координациялык кеңешке тагылганын айтып, өлкөнүн башкы прокурору Мыктыбек Абдылдаев суроо таштады.

- Мен мына ушуну тактап алгым келет, - деди башкы прокурор. - Бизде Экономикалык кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөш боюнча координациялык кеңеш иштейт. Биз кантип иштешебиз? Иштин жыйынтыгына карай бүтүм чыгарылат, анан аракеттен натыйжа чыгып калса анын сый-урматы кимге тиет? Кандай болгон күндө да, биздин иш менен Улуттук кеңештин аракетинен жыйынтык чыкпай калса, эч кандай иш жүрбөгөн болот. Биз деле ушул эле милдеттерди ишке ашырабыз, алдын-алуу камын көрөбүз, козголгон кылмыш иштерин аягына чыгарууну көздөйбүз. Эки иштин координациясын кантип ишке ашырабыз?

Жыйын катышуучуларынын арасында кызуу талашка түшкөн экинчи маселе - Улуттук кеңештин алдында түзүлчү жумушчу орган - Коррупцияга каршы күрөш агенттигине кимдерди кызматка алуу керек, алардын маянасы кандай болот деген суроо болду. Өкмөт башчысы Н.Танаевдин айтымында, жаңы бюрократиялык аппарат аткаруу бийлигинин тутумундагы 80ден ашуун кызмат орундарын кыскартуунун эсебинен түзүлөт. Коррупцияга байланышкан маалыматтарды чогултуп, ага каршы күрөштүн жолдорун иштеп чыгуучу адистерге өкмөт жетиштүү маяна төлөп бере алабы? Жарыбаган акчага ыйманын сатпаган ынсаптуу адистин жоопкерчилиги өтөле чоң кызматка келе коюшу да кыйын. Кыргыз өкмөт башчысы коррупцияга каршы турчу агенттиктин 15 кызматкерине арбын маяна чегерилээрин, аларды тандоодо атайын кызматтардын пикири эске алынаарын айтты.

Өкмөт башчысынын айтымында, жыл башындагы 2 ай ичинде 587 экономикалык кылмыш катталган. Анын жарымына жакынын уурдап-тоноо, калганын кызматынан пайдаланып кымтып алуу, жарыбаган санда пара алуу фактылары түзөт. Коррупцияны кылмыш-укуктук чаралар менен ооздуктоо мүмкүн эместигине көзү жеткен кыргыз бийлиги алдым-жуттум чиновниктерди абийирге чакыруунун жолун издөөгө өттү. Жаңы аракеттин акыбети кандай болоору азырынча белгисиз. Абийирдүү башкаруучулардын улуттук кеңеши мындан аркы жыйындарынын кыйласын маалымат каражаттарынын катышуусунда өткөрүүнү болжоп жатат.

ЭРКИН БАСЫЛМАЛАР ИРИ СУММАЛАРГА АЙЫПКА ЖЫГЫЛУУДА

Премьер-министр Николай Танаев Михаил Корсунскийдин «Моя столица-новости» гезитине жарыяланган макаласы үчүн өткөн аптада гезитти жана авторду сотко берип, баш-аягы 17,5 миллион сом талап кылууда. Аптанын башында болсо «Кыргыз ордо» эркин гезитине байланыштуу соттун чечими чыгып, бул басылма 350 миң сом айыппулга жыгылды. Талдоочулар эркин басма сөз каражаттарынын ишин караган соттордун чечимдери барган сайын катаал боло баштаганын белгилеп жатышат.

Өкмөт башчысын «Моя столица-новости» гезитине жарыяланган Михаил Корсунскийдин «Селейменин дарысы – сот» деген макаласы ызалантыптыр. Автор «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары.

«Менин адамдык абийир-беделиме шек келтирди» деген Николай Танаев гезиттен 15 миллион сом, автордон 2,5 миллион сом айыппул талап кылууда. Премьер-министрдин кеңешчиси, өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Надыр Момунов эмне себептен Николай Танаев сотко кайрылып жатканын мындайча негиздеди:

- Бул маселе боюнча комментарий бергенге премьер-министр мага уруксат берген эмес. Ошондуктан, мен жеке пикиримди айтайын. Гезиттеги аталган макала боюнча чындыгында эле өзүнүн ар-намысын коргоо максатында премьер-министрдин сотко өткөн аптада кайрылганы туура. Ал өлкөнүн өкмөт башчысы болуп туруп, башка административдик ресурстарды колдонбой, бул талашты мыйзам жолу аркылуу чечүүнү туура көргөнү эле көптү айтып турат. Укуктук коомду куруп жаткан коом үчүн, ошол коомдун жарандары үчүн бул үлгү боло турган маселе. Кимиси туура, кимиси туура эмес деген талашты сот гана чече алат. Ал эми муну гезитти куугунтуктоонун уландысы деген курулай сөз, коомдо ушундай стреотип бар экен.

Михаил Корсунский сөз болуп жаткан макаласында 11 жыл ичинде пенсия чегерүүнүн механизмине талдоо жасап, Николай Танаев биринчи вице-премьер, ошол эле учурда Социалдык фонддун ишин көзөмөлгө алуучу кеңештин төрагасы болуп турган учурдагы иштерди иликтеген.

«Журналисттер» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Кубан Мамбеталиев «бийликтеги ар бир адамдын ишинин сынга алынып турганы - демократиялык коомдо мыйзам ченемдүү иш, буга жетекчилер көнүшү керек эле» дейт:

- Николай Танаев мырза «Моя столицаны» экиби, үчүнчү иретпи, сотко берип отурат, санынан да адашып калдык. Эми ошентип эле премьер-министр өз абийирин өзү кетирип жатпайбы! Гезит Танаевди үй-бүлөлүк жеке турмушу тууралуу сындап жатабы, же «калпагын туура эмес кийип алыптыр» деп жазып жатабы? Кызматы, иши боюнча сынга алып жатпайбы! Демек, бул мамлекетке пайда. «Эшектин жүгү жеңил болсо жаталак болот» деген сөз бар. Азыр гезиттер анча-мынча сындап турганы үчүн жанагы мамлекеттик адамдар… эшектер эмес, адамдар – жакшы иштеп жатышат!

Буга чейин да премьер-министр кабарчы Рина Приживойтту жана «Моя столица-новости» гезитин сотко берген болчу. Бул ишти Бишкектин Ленин райондук соту 2003-жылдын 16-январында карап, гезиттен премьер-министрдин пайдасына 500 миң сом, макаланы жазган автордон 3 миң сом өндүрүп берген чечим чыгарган. 25-апрелде Бишкек шаардык соту гезиттин апелляциялык арызын карап, Ленин райондук сотунун ошол чечимин күчүндө калтырган. Белгилеп коюш керек - оппозициялык маанайдагы бул гезит бийликтеги коррупциялык көрүнүштөрдү ачык сынга алып келатат. Соңку учурда гезитти сотко бергендер көбөйүп, басылма баш-аягы 2 миллион сомдон ашык айыппулга жыгылган.

«Кыргыз ордо» гезити да «Моя столица-новости» сыяктуу эле оппозициялык маанайдагы басылма. Кыргызстандын Бажы инспекциясынын башчысынын орун басары Айдарбек Дүйшалиев гезиттин 2002-жылдын 3-октябрындагы санына жарык көргөн «Плагиат бажычы» деген макаладагы маалыматтарды «чындыкка дал келбейт» деп сотко кайрылган. 2003-жылдын 10-январында шаардын Биринчи Май райондук соту Дүйшалиевдин арызын карады. Сот гезиттин мүлкүн камакка алуу жөнүндө чечим чыгарып, редакцияны жабырлануучуга 350 миң сом, макаланы жазган Карыбай Алыбаевди 5 миң сом айыппул төлөп берүүгө милдеттендирди.

28-апрелде Бишкек шаардык соту «Кыргыз ордо» гезитинин апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Эске сала кете турган маалымат: аталган макаланын автору - экономика илимдеринин кандидаты Карыбай Алыбаев. Гезитке ал «Айдарбек Дүйшалиевдин «экономика илимдеринин кандидаты» деген наамы үчүн жазылган илимий ишти мен жазып бергем, бирок Дүйшалиев акымды толук бербей койду» деп жазган. «Кыргыз ордонун» башкы редактору Бекен Назаралиев бул окуяны гезитке бийлик тараптан жасалган кезектеги куугунтук деп эсептейт:

- Соттошуп жүрүп мен бир нерсеге ынандым. Бул жерде бийликтин биздин гезиттин тагдырына таасир этип жатканы байкалат. Анткени, оппозициялык маанайдагы эркин гезитти сотко берген бийлик өкүлдөрүнүн 10 сом төлөп жазган арыздарынын баары канааттандырылат да, олчойгон миллион сомдук айыптар салынат. Ал эми оппозиция өкүлдөрү бийлик тарапты колдогон гезиттерди сотко берсе, аларга соттор болгону 3000-5000 сом гана айып салышат. Бул, соттордун бийликке толук көз карандылыгын далилдеп турат.

«Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков, «бийлик эркин басылмаларды жабуу максатында сот системасын колдонуп жатат» деген пикирде.

- Азыр эркин басылмаларга аты-жөнү чыккан эле бийлик адамы сотко кайрылчу болду. «Кыргыз ордону» да сот аркылуу жабалы деп жатышат. «Моя столица-новости» гезитин сотко бергендердин санын башында санап жүрчүмүн, андай арыздар 20дан ашкандан кийин адашып, санагымды токтоттум. Гезитке коюлган дооматтардын баарынын эле максаты барып-келип гезитти жабуу экени кашкайып көрүнүп калды.

АМЕРИКАГА АЛГАЧКЫ САПАР

Кыргыздын профессионалдык музыкасынын тарыхында алгачкы жолу үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинен 28-апрелине чейин АКШнын Мамлекеттик департаментинин чакыруусу менен, Карнеги Холлдун Эл аралык тажрыйба алмашуу программасынын алкагында кыргыздын кылдуу «Семетей» аттуу квартети Нью-Йоркто, Сан-Францискодо гастролдо болуп кайтты.

2000-жылы уюшулган жаш жамааттын скрипачы Бекжанов Бакыт мырзадан АКШда өткөн гастролдун демилгечилери кимдер экенин сурадым.

- Биз АКШнын Мамлекеттик департаментинин жана Карнеги Холл мекемесинин чакыруусу менен алардын иштеп чыккан маданий тажрыйба алмашуу программасынын алкагында гастролго бардык, - дейт Бакыт мырза. - Биз концерт учурунда квартет жанрында эмгектенишкен америкалык белгилүү музыканттар, педагогдор, аткаруучулар менен жолугуштук. Жакында болсо бизге тажрыйба алмашуу, маданий байланыштарды чыңдоо максатында америкалык музыканттар келишет.

- АКШнын кайсы шаарларында болдуңуздар?

- Нью-Йорктогу Карнеги Холлдун залында, Сан-Францисконун консерваториясында, университетинде концерт бердик, чеберчиликтин классына катыштык.

- Концерттерде кандай чыгармаларды аткардыңыздар?

- Концертте европалык классикалык музыкадан, Шуберттин «Кыздын өлүмү» аттуу квартетин, Бетховендин, Гайдын квартеттерин, кыргыз авторлорунан Бегалиевдин, Глуховдун квартеттерин аткардык.

Ал эми Бакыт мырзанын сөзүн скрипкачы Самарина Ирина айым толуктады.

- Бак айтып, бүтүн дүйнөнүн музыканттары суктанган айтылуу Карнеги Холлдун залында концерт бердик. Көрүнүктүү дирижер Майкос Тернердин башкаруусунда кошмо оркестрде Бартоктун, Чайковскийдин чыгармаларын аткардык. Концертке америкалык, орус музыканттары катышты. Угуучулары өтө баамчыл экен, - дейт Ирина айым.

Ошентип, жаш жамаат америкалык угуучулардын сынынан өтүп, калыс бааларын алып кайтты.

КАНТКА АСКЕРДИК БАЗА ЖАЙГАШТЫРУУ МАСЕЛЕСИ ДҮЙШӨМБҮ ШААРЫНДА ТАЛКУУЛАНДЫ

Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюму менен Евразия Экономикалык Шериктештигинин Мамлекет аралык кеңешинин удаа өткөн кезектеги Дүйшөмбү отурумдары уюмга мүчө болгон Орусия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Армения, Тажикстан мамлекеттеринин кызматташтыгына байланышкан жоон топ маселени талкуулады. Алардын ичиндеги өтө маанилүү маселелердин катарында уюмдун Борбордук Азия аймагында жайгашмакчы болгон аскердик-аба базасы да бар.

Юридикалык жактан жаңы бекемделген Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө болгон мамлекеттер мындан ары аскердик кызматташтык менен эле чектелбестен, саясий маселелерде да чогуу аракеттене турган болушту. Мындай чечимди президенттер дүйнөдөгү акыркы кырдаалга байланыштуу кабыл алышканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

28-апрелдин кечинде Бишкекке кайтып келген кыргыз президенти Аскар Акаевдин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин билдиргенине караганда, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн саммит Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун түзүлүшүнө, уюштуруу иштерине, структурасына байланыштуу бир катар макулдашууларды талкуулап, кабыл алды. Ошол макулдашуулардын алкагында Борбордук Азияда уюмдун аскердик-аба базасы түзүлүп, ал Кыргызстандагы Канттагы аскердик аба майданына жайгаша турган болду. Бул маселени жалпы жыйындан кийин президенттер Аскар Акаев жана Владимир Путин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда да кенен талкуулашты.

- Владимир Путиндин убадасы боюнча, жайдын аягына чейин Канттагы авиациялык компоненттин инфраструктурасы толук курулуп бүтөт, - деди президенттин басма сөз катчысы. - Биз тараптан да, эгер кошумча аскерий структурага муктаждык болсо, колдо болгон ресурстарды берүү сунушу айтылды.

Кант шаарчасындагы аскердик аба майданына уюмдун аскер базасын жайгаштыруу боюнча Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен аракеттери өткөн жылдын декабрынан бери уланып келатат. Орусиянын СУ-25 жана СУ-27 үлгүсүндөгү аскердик учактарын жайгаштыруу боюнча байкоо жүргүзүү иш-чарасы 5-декабрда Орусиянын коргоо министри Сергей Ивановдун катышуусунда өткөн. Ушул эле маселе боюнча 14-мартта Бишкекке келген Орусиянын аскерий аба күчтөрүнүн башкы командачысы Владимир Михайлов: «Башкы максат – региондо тынчтыкты сактоо. Биз бул жерге согушуу үчүн эмес, тынчтыкты сактоо жана бекемдөө үчүн келебиз», - деп билдирген. Бирок, Кантка аскердик база Михайлов билдиргендей апрелде эмес, июль айында жайгашаары күтүлөт. Мындай макулдашууга тараптар Дүйшөмбү жолугушуусунда келишти.

Саммиттин алдында өткөн Евразия Экономикалык Шериктештигинин алкагындагы жолугушуу учурунда болсо, президенттер буга чейин иштелип чыккан интеграциялоо багытындагы 50дөн ашык документти ишке ашыруунун жагдайларын талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынан алынган кабарга караганда, бул маселелердин ичинен эркин соода жүгүртүүгө, бажы кызматташтыгына байланышкан маселелерге айрыкча көңүл бурулду. Президент А. Акаев отурумдагы сөзүндө уюмдун артыкчылыктуу тармактарын белгилеп:

- Эгер артыкчылыктуу алгачкы чаралар ишке ашса, 2006-жылы чыныгы Бажы Биримдигин түзүү мүмкүндүгүнө жетишебиз. Биздин өлкөлөрдүн алкагында чектөөсүз эркин соода жүгүртүү болуп, бул биздин өз ара соодабыздын көлөмүнүн кескин көбөйүшүн шарттайт, -деген көз карашын билдирген.

Евразия Экономикалык Шериктештигинин Дүйшөмбү отуруму Борбордук Азия регионунун энергетика системасын өнүктүрүү маселесин да талкуулады. Бирок, Камбарата-2 ГЭСинин курулушун улантууга байланыштуу уюмдун башкатчысы Григорий Рапота сунуштаган маселе Дүйшөмбү отурумунда каралбай калды. Анын себебин президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев мындай чечмеледи:

- Тажикстанда ГЭС куруу боюнча алгачкы келишимге кол коюлду. Бирок, Кыргызстан боюнча, «эгер Тажикстандагы аткарыла турган иш жакшы натыйжа бере турган болсо, келечекте Камбарата-2 ГЭСинин ТЭНин (техникалык экономикалык негиздемесин - авт.) карап чыгып, жардам берели» деген сунуш киргизилди. Алдын-ала келишим болгон жок.

Кыргызстанга тиешеси бар бул маселелерден тышкары саммит алкагында президент А.Акаев Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Тажикстандын президенти Эмомоли Рахмонов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

ЭКОНОМИКАНЫН ӨСҮШ ТЕМПИН 10-12% ЖЕТКИРҮҮГӨ МҮМКҮНЧҮЛҮК БАР

Сапар Орозбаков, Бишкек http://gdb.rferl.org/946831F8-D4D3-4EA4-873E-7EB71EC6DDA1_w203.jpg Шейшембиде өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп, анда үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана энергетика тармагынына байланыштуу маселелердин тобу каралды.

Күн тартибине коюлган маселелерди караардан мурун премьер-министр 2 маалымат берди. Биринчиден, өкмөт башчысынын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда Кыргызстан менен Орусиянын өкүлдөрү катышкан чоң инвестициялык конференция болот. Ага Орусиядан 40ка жакын финансисттердин жана ишкерлердин тобу келиши күтүлүүдө.

Николай Танаев «конференцияга Орусиянын президенти Владимир Путин да катышат» деп жарыя кылды. Анын айтуусу боюнча, Владимир Путин бул тууралуу Аскар Акаевге Дүйшөмбү шааарындагы жолугушууда убада берген. Орусиянын президенти Кыргызстандын президентине «силер ким менен сүйлөшкүңөр келсе, алардын баарын ала келем» деп айткан. Ошондуктан өкмөт башчысы министрлерге «кимдин келишин кааласаңар, алардын тизмесин түзгүлө жана алар менен эмне тууралуу сүйлөшө турганыңарды аныктагыла» деп тапшырма берди. Экинчиден, Николай Танаев Каратарыктагы традегияга токтолуп, бул жана башка жерлерде жер көчкү болот деп эчак эле болжолдонгонун, 1995-жылы өкмөт атайын токтом чыгарып, анда бул жерлерден 1034 үй-бүлөнү көчүрүп кетүү белгиленгендигин айтты. Аны жергиликтүү бийлик кулактын сыртынан кетирип койгон.

- Каратарык боюнча түзүлгөн комиссия ишти акырына чейин толук изилдеп чыгат. Ким күнөөлүү болсо, ал жазасын алат. 38 адамдын өлүмүн жалаң табият кырсыгына шылтап коюуга болбойт, - деди Николай Танаев.

Өкмөт башчысынын жарым саатка созулган маалыматынан кийин финансы министри экономиканын 1-кварталдагы жыйынтыгы тууралуу доклад жасады. Болот Абилдаевдин айтуусу боюнча, өткөн 3 ай ичинде экономиканын стабилдешүү тенденциясы уланды. Өлкөнүн ички дүң продуктусу өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу «Кумтөрдү» кошуп эсептегенде 5,2%, кошпогондо 6,3% өскөн. Өнөр жай продукциясы Кумтөр менен 7,5%ке, ансыз 14,9%ке көбөйгөн. Айыл чарба продукциясы болсо 2,2%ке көп өндүрүлгөн .

Болот Абилдаев өнөр жай тармактарынын ичинен энергетикада, кайра иштетүү өнөр жайында жана курулуш материалдарын жасап чыгаруучу өнөр жайында жакшы жылыштыр бар экенин белгиледи. Токмоктогу айнек заводунун ишке киргизилишине жана Канттагы цемент-шифер комбинатынын өз продукциясын көбөйтүүгө жетишкендигине байланыштуу металлсыз продуктуларды чыгаруу 1,5 эсеге жакын өскөн. Премьер-министр экономикадагы өсүштү жетишсиз деп баалады.

- Индикативдик план 97,4% аткарылды. Мен, силер өсүштүн темпин 110-112% жеткирүүгө тийишсиңер деп эсептейм. Буга бардык шарт бар. Кызмат көрсөтүүлөр өсүп атат. Баа болсо «секирбей», бир калыпта турат. Принцибинде бул өсүш жаман эмес. Бирок бул аз. Абдан аз. Ар бир министрликте жана ведомстводо, губернаторлордо жана шаарлардын мэрлеринде пайдаланылбай жаткан резервдер бар, - деди Николай Танаев.

Ушул эле күнкү өкмөт жыйынында энергетика тармагынын абалы кенен талкууга алынды. Анда электр энергиясынын жоготуулары дагы эле азайбай жатканы, акчанын мурдагыдай эле толук жыйналбай жатканы айтылды. Өкмөт жыйынынын күн тартибине жакынкы келечектеги тариф саясаты жөнүндөгү маселе коюлган болчу. Бирок өкмөт мүчөлөрү «маселе бышып жетиле элек экен» деп, аны кароону кийинкиге калтырышты. Бизге белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Энергетика боюнча агенттик 2005-жылга чейинки тарифтин 3 вариантын иштеп чыккан. Негизги вариант боюнча, электр энергиясынын акысы жылына 15-22% көтөрүлүп, 2005-жылы 1 квт.-сааттын баасы азыркы 62 тыйындан 1 сом 03 тыйынга жеткирилүүгө тийиш.

СОТЧУЛ ӨКМӨТ БАШЧЫ, ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН ЖОЛУГУШУУСУ, ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА ТАПШЫРМА

Кыргыз басылмаларында Евразия Экономикалык Шериктештигинин Дүйшөмбүдөгү жыйыны, Кыргызстандын өкмөт башчысы эркин гезитти сотко бергени, жогорку окуу жайларынын алдына коюлган милдеттер чагылдырылууда.

Аскар Акаевдин президенттигинин “үчүнчү мөөнөтүнүн» аягына чыгышына 915 күн калганы, республикадагы жаштардын колу менен аны 4-мөөнөткө калтыруу аракети эми эле башталганы шейшембидеги “Республика” гезитинде маалымдалды. “2001-жылы президент А.Акаев Венада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунда 2005-жылы сөзсүз кызматтан кетээрин айтып, отургандардын кол чабуусуна арзыган”, - деп жазат макала автору Замира Сыдыкова.

Басылмада А.Акаевди республиканын Эл Баатыры наамына көрсөтүү “жер-жерлердеги “дежур” аксакалдар менен акимдердин аракети” экендиги маалымдалат. “Аксыдагы тынч адамдардын атылышы эстен чыгалекте мамлекет башчысын сыйлоо ыксыз гана эмес, ыйманга коошпос иш болор эле”, деп жазышат “Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа” кыймылынын мүчөлөрү.

Евразия Экономикалык Шериктештигине кирген мамлекеттер 50дөн ашуун келишимдерге кол коюшкан. Анткен менен алардын ортосунда олуттуу бажы тоскоолу турат. “Мунун баары Кыргызстандын айыл чарба товарларын Орусияга алып өтүү аракетин жокко чыгарат”,- деп билдирди президент А.Акаев Дүйшөмбүдөгү биримдик отурумунда. ЕврАзЭСтин жыйынын “Слово Кыргызстана” гезити шейшембидеги санында “Чечимдери көп, ишке ашырылышычы?” деген суроо коюп комментарийледи. Ушул эле гезитте президент А.Акаевдин жогорку окуу жайларынын проблемасына арналган жыйында сүйлөгөн сөзү жарыяланды. Жакынкы аралыкта Кыргызстандын жогорку окуу жайлары билим берүүнүн сапатын көтөрө алышпаса, республика дүйнөлүк цивилизациядан окчун калаарын айткан президент алардын алдына 3 милдет койгон.

“Кыргыз туусу” гезитинин шейшембидеги санында академик Абдулхай Алдашевдин дилмаеги жарык көрдү. “Жалпы эле жазуучулар, акындар, кишинин жүрөгүн жылыта турган адамдар көп баркталбай жүрбөйбү. Ура-патриоттордун арааны жүрүп жатпайбы”,- дейт Абдулхай аксакал. Басылмада жарыяланган академик Турар Койчуевдин маегинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракесинин маани-жайы туурасында кеп болот.

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев пенсиядагы карыя Михаил Корсунскийден 2,5 миллион сом, анын макаласын жарыялаган «Моя столица» гезитинен 15 миллион сом айыппул өндүрүп берүү өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганын бул басылманын шейшембидеги санында Рина Приживойт жазып чыкты. Гезит баяндамачысы Александр Кимдин орусиялык аскер базалары тууралуу макаласында, Дүйшөмбү жолугушуусунда Орусиянын Тажикстанда аскер-аба базасын ачуу тилеги ишке ашпай калганы баяндалат. «Тажикстан «улуу агасынын» эшигин сагалабай, кызматташуу нугун АКШга бурууну көздөп калган жөнү бар», деп жазат журналист Александр Ким.

5000ден ашуун ата-энелердин мектеп тарбиясын жакшыртууга арналган каты шейшембидеги «Агым» гезитинде жарыяланды. «Мектептерде презерватив таратууну жыныстык катнашууга түздөн-түз түрткү болуу деп эсептейбиз, - деп жазышат ата-энелер. - Биз мектепке балдарыбызды жыныстык жагынан «агарып-көгөртүү» үчүн жибербейбиз, жакшы тарбия алып, жакшы адам болсун үчүн жиберебиз».

Коррупцияны ооздуктоо азыркы кыргыз бийлигинин колунан келбес оюнуна айланганына публицист Алым Токтомушев токтолгон. «Аскар Акаевичтин оозуна «абийирдүү башкаруудан» башка эчтеме илинген жок, - деп жазат автор. - Илинмек да эмес. Себеби белгилүү: коррупциянын башында айланып келип эле өз командасы, өз «политүйбүлөсү», бура сүйлөгөндө, өз «бандасы» тураары эч кимге жашыруун болбой калган».

Студент жаш лидерлердин президент А. Акаевди төртүнчү мөөнөткө кызматында калтыруу сунушуна шейшембидеги «Аалам» гезитинде Алимжан Молдожанов пикирин билдирди. «Тобо, «жаман адат жугуштуу» дегендей «дүжүрлүк» оору чалдардан бул жолу жаштарга өткөн экен,- деп жазат автор. - Аскар Акаевич бир эмес бир нече жолу чет өлкөлөрдө жүргөндө «2005-жылдан кийин президенттик шайлоого барбайм!» деп расмий билдирүү жасаганын илимпоз жаштар билишпесе керек. Өнүккөн өлкөлөрдөгү саясат башка. Алар «дүжүр чалдар» суранды, «дүжүр балдар» суранды дешпейт. Мыйзамды туу тутушат. Абийирди туу тутушат».

КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШТҮН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ ЖЕ СПИКЕР АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВДИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЫЗЫ-ЧУУ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Коррупция маселесин караган Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан бери бир ай өттү. Жыйындан соң түзүлгөн Өлкөнү ыймандуу башкаруу боюнча координациялык кеңештин алгачкы жыйыны 29-апрелде өттү. Бир ай ичинде коррупцияга каршы чечкиндүү күрөштүн жышаанасы коомчулукка анчалык байкалган жок. Тескерисинче, Коопсуздук Кеңешинин жыйынында ачуу чындыкты ачык айтып чыккан Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди айыптаган бир катар макалалар «Вечерний Бишкек» гезитине басылды. Ал эми Эркебаев курулай айып тагылган макалаларды төгүнгө чыгарган жооп жарыяланбаса, аталган басылманы сотко берээрин билдирди.

«Вечерний Бишкек» гезитине Абдыганы Эркебаев тууралуу басылган макалаларды көпчүлүк эксперттер анын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө «Ак Үйдүн» берген жообу катары кабыл алышууда. Ал эми макаланын автору Асел Оторбаева 25-апрелде басылган соңку макаласында сот алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Кыскасы, аталган гезит спикерден кечирим сурап, төгүндөгөн макаланы басууга макул эмес.

Ортодогу тирешүү эмне менен аяктаарын алдын-ала айтуудан азырынча талдоочулар да аярлашууда. Бирок алар тирешүүнүн төркүнүн иликтей келип, анын башкы себебин бир ооздон төраганын ачуу чындыкты айтып чыкканынан көрүшөт. Абдыганы Эркебаев өзү болсо буга чейин Мыйзам чыгаруу жыйыны жана жеке өзү тууралуу басылган ар кыл сын макалаларды анчалык эрөөн көрбөй, мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алып келгени белгилүү.

- Мен эми 13 жылдан бери парламенттин депутаты, эки сапар эки башка палатада төрага болгон адам катары угуп, бышыкулак болуп бүткөмүн. Бул көнүмүш иш, табигый иш. Бир эле бизде эмес, башка өлкөлөрдө да кээде боло калып жүргөн иш, - деген эле Абдыганы Эркебаев.

Бирок спикер апрель айында катар-катары менен басылган макалаларда айтылган фактыларды жеке аброюна доо кетирчү жалган жалаа катары карайт.

Коопсуздук Кеңешинин жыйынында А. Эркебаев кадр маселесине кайрылып, өлкөдө коррупциянын күч алышына себеп болгон кадр маселесиндеги чалкештиктерди ачыктап, мамлекеттин кызыкчылыгынан жеке кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, мыйзамсыз жолдор менен эбегейсиз байлык жыйнап алган айрым адамдар президенттик орун үчүн эмитен аракеттене баштаганын сөз кылып, ал түгүл жыйындын өзүндө коррупцияга белчесинен баткан кызматкерлер отурганын ачык айтып чыккан эле.

- Мени өтө кооптондурганы, мыйзамсыз байлык топтоп алган, жемкорлук, уурулук жолдору менен байып алган адамдар саясий дымагын эрте эле ойготуп, күрөшкө камданып жатышат. Бул мамлекет үчүн эң коркунучтуу. Тилекке каршы, ошол эле Коопсуздук Кеңешинде отурган бир топ адамдар - өздөрү да шектүү адамдар. Мен аны ар кайсы каналдан угуп жүрөм. Мен анча-мынча эмоция менен ачык эле айттым, «ачуу чындыкты айтышка туура келет» деп туруп. Ошондо кебетесин көрүп отуруп да жиним келгенин жашыра албайм, - деп бизге куруп берген соңку маегинде да, спикер ошол жыйында сүйлөгөн сөзүн бышыктаган эле.

Төраганын мына ушундай сөздөрүнөн кийин көп өтпөй 22-апрелде «Вечерний Бишкек» гезитине Асел Оторбаеванын «Мыйзам мага дос, бирок тууганым андан кымбат» деген темада макаласы басылып, анда А. Эркебаев өзүнүн жек-жаатын кызматка алганын иликтеп, кыргыз тили үчүн күйүп-бышып келген маркум Камбаралы Бобуловдун кызы Назгүлдү, таанымал акын Атантай Акбаровду анын «жакын туугандары» деп жазат. Ал эми 25-апрелде «Төрага минген «Мерседес» контрабандалык жол менен келгенби?» аттуу макалада «спикердин кызматтык машинасы мыйзамсыз жолдор менен сатылып алынган» деген пикирди жайылткан. Ушул макаладан бир жума мурда төрага Мыйзам чыгаруу жыйынында айрым бийлик башында отурган адамдардай кызматтык жана үй-бүлөсү үчүн бөлүнгөн машиналар кымбат баалуу эместигин жана аларды кыянат пайдаланбастыгын айтып чыккан эле. Ошондой эле айрым маалымат каражаттары Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары чет өлкөгө канча жолу барганы тууралуу маалыматты басып чыгышкан.

А. Эркебаев анда келтирилген фактылар да жүйөөсүз экенин, депутаттардын бардык чыгымын чакырган тарап көтөргөндүктөн, бюджеттен аз өлчөмдө гана каражат жумшалганын бизге берген интервьюларынын биринде мындайча айткан эле:

- Чыгым жагынан биз республиканын бюджети жөнүндө мыйзамда каралган чектен чыккан жерибиз жок. Өзгөчө чет өлкөгө. Мына көрдүңөрбү, мен эмне үчүн барбайм? Каражат жок бизде. Депутаттар барып-келип атат. Алар жекече чакыруу боюнча. Чакырган тарап бүт жол, мейманкана чыгымын төлөп берет. Эми бизге анча-мынча мүмкүндүк берилет. Ал эми бир жакка барууга канчалаган, жүз-миңдеген доллар керек. Бизде андай каражат жок.

Бирок, эксперттер айланып келип эле Эркебаев тууралуу макалалардын байма-бай басыла баштаганын анын Коопсуздук Кеңешиндеги сөзү менен байланыштырып жатышат. Алар «коррупцияга байланыштуу курч макалалары үчүн «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезити соттун кийлигишүүсү менен айып тартып, жабылып жатканын көрүп туруп, төрага ошондой чөйрөдө ачуу чындыкты ачык айтпашы керек эле» дешет. Ал эми буга чейин «абакта жаткан Феликс Куловду азаттыкка чыгарыш керек» деген талапты мамлекет башчысынын алдына ачык айтып чыккан Абдыганы Эркебаев, «коррупция же жемкорлук мамлекеттин келечегине зор коркунуч туудурган илдет экенин акыры бир адам айтыш керек да» деген принцибинен тайбайт.

- Жемкорлук түбү келип уюшкан кылмыштуулук менен байланышкан. Бул - мамлекетке жасалган коркунуч, элге жасалган коркунуч. Мамлекеттик бийликке элдин ишеничин кетирген, акыры келип мамлекеттин аброюна, Кыргызстандын аброюна коркунуч келтирген иш, - дейт Абдыганы Эркебаев бизге берген соңку маегинде.

Мына ушул мисалдын өзү өлкөдө коррупцияга каршы күрөш канчалык деңгээлде жүрүп жатканын ачык далилдейт.

БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ БЕЙӨКМӨТ УЮМДАРДЫН ИШИНИН КАЙТАРЫМЫ КАНДАЙ?

Бүгүн Бишкектин «Пинара» мейманканасында Борбордук Азия мамлекеттеринин бейөкмөт уюмдарынын 100гө жакын өкүлдөрү катышкан 2 күндүк аймактык жыйын өз ишин аяктады. Анын жүрүшүндө беш мамлекеттин бийликтен көз каранды эмес уюмдары ишке ашырып жаткан долбоорлордун кайтарымы кандай болуп жаткандыгы ага кантип байкоо жүргүзүп туруш керек деген маселе талкууланды.

Жыйын «Борбордук Азияны өнүктүрүү программаларын байкоо жана баалоо» деген ат менен өттү. Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын бейөкмөт уюмдарынын жүзгө жакын өкүлдөрү жарандык коомдун өнүгүш жолунда кандай жетишкендиктер жана кемчиликтер болуп жатканы тууралуу пикир алмашышты.

Борбордук Азия аймагында бул багытта аткарылып жаткан иштер жөнүндө бейөкмөт уюмдарды колдоого алып келаткан Улуу Британиянын INTRAC уюмунун Борбордук Азиядагы программаларынын менеджери Чарлз Бакстон мындан ары да мамлекеттик секторду колдоого алуу уланарын айтты:

- Жыйындын катышуучуларынын топторго бөлүнүп, тармактар боюнча талкуу жүргүзүп иштегенине ыраазыбыз. Эл аралык уюм катары, менимче, биздин милдет мындай пикир алмашууларды колдоо болуп эсептелет. Ошондуктан биз баштаган ишибизди мындан ары да улантабыз.

Жыйындын жүрүшүндө бейөкмөт уюмдардын өнүгүшү жана жарандык коомдун мамлекеттеги ролу боюнча абал Борбордук Азия мамлекеттеринде бир кылка эместиги дайын болду. Кыргызстандын жарандык коом сектору алдыга кеткендиги, ал эми Түркмөнстанда бейөкмөт уюмдардын абалы өтө оор экендиги белгиленди. Бул өлкөнүн өкүлү Наталья Шабунцтун адам укугунун Түркмөнстанда кантип кордолуп жатканы тууралуу сөздөрүн жыйындын катышуучулары муюп угушту.

- Түркмөнстанда адам укугу бузулбайт, анткени адам укугу деген түшүнүк бизде дегеле жок. Абал болсо күндөн-күнгө оорлоп баратат. Бир эле мисал. Бул жыйынга катышуучулардын төртөө бийликтен уруксат болбой, Бишкекке келе алышкан жок. 1998-жылы Адам укугун коргоо боюнча институтут түзүлүп, жакшы иштерди баштаган. Бирок, ал президенттин көзөмөлүнө өткөндөн кийин жарандардын арызын карабай калган. Түркмөнстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгү да адам укугун коргоо деген сөздү уккусу келбейт, - деди Наталья Шабунц.

Айтмакчы, жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да чакырылган. Алсак, Өзбекстандын Адам укугу боюнча улуттук борбору мамлекеттик уюм болуп саналат. Анын атынан жыйында сүйлөгөн Алия Юнусова Өзбекстанда адам укугун коргоо боюнча мамлекет тарабынан бир катар иштер жасалып жатканына токтолду.

- Биздин борбор 1996-жылы түзүлгөн. Биз адам укугу боюнча көп тармактуу иш жүргүзөбүз. Адам укугу боюнча байкоолорубуздун негизинде отчет даярдайбыз. Анда Өзбекстан адам укугун коргоо жаатында кол койгон эл аралык конвенциялардын кандай аткарылып жатканын көрсөтөбүз. Ал отчеттордун негизинде Бириккен Улуттар Уюмунда Өзбекстан тууралуу пикир калыптанат жана анын негизинде мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирет, - деди Өзбекстандын Адам укугу боюнча улуттук борборунун өкүлү Алия Юнусова.

Анын айтымында, Өзбекстанда 1995-жылы киргизилген Омбудсман институту жана президентке караштуу Стратегиялык изилдөө институту да адам укугун коргоо боюнча иштерди жүргүзүп келатат.

«Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова Кыргызстандын бейөкмөт уюмдары референдумдарга, шайлоолорго көзөмөлдү күчөтүү аркылуу коррупцияга каршы күрөшүп келатканын белгиледи:

- Биздин коомдун өнүгүп-өспөй жатканынын себеби - коррупцияда. Буга байланыштуу биз коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорун издей баштадык. Ал үчүн мыйзамдарды өзгөртүү демилгеси менен чыктык. Мисалы, шайлоолордо жана референдумдарда байкоочу катары жарандык коомдун өкүлдөрүнүн да катышуусун камсыз кылуучу жобону Шайлоо кодексине киргизүүнү сунуштаганбыз. Бирок демократиянын өнүгүшүнө салым кошо турган мындай беренени Борбордук шайлоо комиссиясы колдогон жок.

БИЙЛИК ТАРАПТАГЫ ПАРТИЯЛАРДЫН АКТИВДЕШҮҮСҮ КООМЧУЛУКТА АР КАНДАЙ ПИКИРЛЕРДИ ЖАРАТУУДА

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Конституциянын жаңы редакциясында партиялык тизме менен парламентке шайлана албастыгы ачык жазылганына карабай, бийлик тараптагы партиялар өз ишин жандандырып, ал турмак жаңы партияларды түзүү аракеттери жүрүп жатат. Айрым талдоочулар аны алдыдагы парламенттик шайлоого чейин Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, партиялык тизмени кайра калыбына келтирүүгө жасалган кадам катары карашууда.

“Парламенттик шайлоодон партиялык тизменин алынып салынышынан улам алардын активдүүлүгү солгундайт» деген пикир коомчулукта өкүм сүрүп келгени ырас. Ошондон уламбы, оппозициячыл партиялардын аракети солгун тартып, тескерисинче бийлик таламын талашкан партиялар өз ишин жандандыра баштады. «Козу карындай жайнаган партиялардын саны азайып, бирдей максатты көздөгөндөрдүн арасында биригүү жараяны күчөйт» деген көз караштар да азырынча сөз боюнча калып келет. Бирок тескерисинче, бийлик алдындагы партиялар активдешип, жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушуп, лидерлерин ишенимдүү адамдар менен жаңылап, жандана баштады. Соңку 2 айдын ичинде жаралган жаңы партиялардын баары азыркы бийликти жактаарын ачык айтып чыгышты. Мына ушундай аракеттерден улам айрым аналитиктер Башмыйзамга өзгөртүү киргизилип, партиялык тизме калыбына келтирилээрин кеп кыла башташты.

Ал эми жакында эле Кыргызстан элинин ассамблеясы тарабынан негизделген жаңы партияга кол кабыш кылган Ассамблеянын төрагасы Иса Токоев жаңы партиялардын жаралышы айрым бир лидердин аты менен байланышкан партиянын таасирин жок кылууда өз жемишин берет деген пикирде:

- Менин жеке оюмча, бул жанагы партиялык тизме боюнча квотанын алынып салынышы менен байланыштуу. Анткени биздин коомубуз буга даяр эмес экен. Мен өткөндө, жаңы партия ачылып жатканда айттым эле, бизде өкүмчүлүк партиялар же жеке адамдын партиясы үстөмдүк кылып келген да. Ошолор элге билинип калалы, көрүнөлү деп бөйрөктөн шыйрак чыгарып дегендей, ошондой мамилеге чейин барган учурлар болуп атат.

«Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Башмыйзамга Жогорку Кеңеш аркылуу өзгөртүү киргизип койсо болоорун, бирок бийлик үчүн бир мандаттуу шайлоо өтө ыңгайлуу экенин эске салат:

- Эми Жогорку Кеңешке шайлоо системасы Конституцияда кабыл алынып калды. Эми аны бүгүн көтөрсө да болот, эртең көтөрсө да болот. Бирок, ал Конституцияга өзгөртүү- түзөтүү киргизмейинче ишке ашпай турган нерсе да. Бирок бийликтегилер бир мандаттан деле шансы көп. Анткени бир мандаттуу шайлоодо бийлик административдик ресурстарды пайдаланып өтүп кетүү мүмкүнчүлүктөрү да көп.

Саясат таануу илиминин доктору, профессор Алыбек Акунов маселеге башкача өңүттөн карайт.

- Менин пикирим мындай. Ошол Конституциядагы өзгөртүүлөр боюнча саясый партиялардын орду, укуктук базасы аябай төмөндөп кетпедиби. Анан ошону кандайдыр-бир оппозициядагылар башкача түшүндүрүп айтпашы үчүн «мынакей, Конституцияга өзгөртүү киргизип, партиялык тизмени алып койсок деле, болбой эле жаңы партиялар түзүлүп жатпайбы» дегендей бир фон түзгөн, атайын бийлик тарабынан иштелип чыккан программанын ишке ашырылышыбы деп ойлойм. Анан бүгүн Конституцияга өзгөртүү киргизип партиялык тизмени алып коюп, анан кийин кайра бийликтегилер партия түзө калып, кайра Конституцияга өзгөртүү киргизип, партиялык тизмени кийире калат дегендей ойдон алысмын. Анткени Конституция оюнчук эмес. Ошондуктан, менин оюмча, элдин көңүлүн алагды кылыш үчүн ушундай жүргүзүлүп аткан атайын бир идеологиялык иш болсо керек деп ойлойм.

Ошентип, жогоруда өз пикирин билдирген саясатчылардын көз карашы боюнча Башмыйзамга кайрадан партиялык тизменин киргизилиши азырынча күмөн. Бирок, азыркы бийликтин саясатын жактаган, алардын камчысын чапкан партиялар жанданып, күчтөнүп жатканы чын. Алардын алыскы чабыты кандай? Аны мезгил аныктаар.

КОШ ЖАРАНДЫК МАСЕЛЕСИНЕ КАРАТА ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС

Өткөн жылдын 25-ноябрында Түркмөнстандын президенти Сапармурад Ниязовдун өмүрүнө кол салуу болгондон кийин Түркмөнстан Орусия менен түзүлгөн кош жарандык боюнча келишимден баш тарткан эле. Кыргызстандын Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маалында айрым саясатчылар «Кыргызстандын жарандарына башка мамлекеттердин да жарандыгын алууга тыюу салган Башмыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктун алып салуу керек» деген пикирлерди айтышкан. Бирок мындай сунуштар Кыргызстандын бийлиги тарабынан колдоо таппай келатат.

Башмыйзамга акыркы ирет өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирген 2-февралдагы референдумдун алдында «Кыргызстандын жарандарына башка мамлекеттердин да жарандыгын алууга тыюу салган Башмыйзамдын 13-беренесинин 2-пунктун алып салыш керек» деген демилгени Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Кабай Карабеков көтөрүп чыккан.

- Менин сунушумду - дейт Кабай Карабеков, -көпчүлүк депутаттар, Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү жана Башмыйзамдын акыркы вариантын иштеп чыккан Эксперттик топ колдогон жок. Бирок, эмне себептен баш тартып жатышканын оңчулуктуу түшүндүрүшпөдү. Ошентип, мындай чектөөнү Башмыйзамдан алып салуу боюнча маселени референдумда эл чечпей эле, бир ууч чиновниктер чечип койду. Алар мындай чектөөнү Башмыйзамдан алып салуу менен эле дароо кош жарандыкты кабыл ала коёбуз деген туура эмес түшүнүктө окшойт. Биз болгону бул маселени элдин өзү чечсин дегенбиз.

Депутаттын айтымында, Кыргызстан менен, мисалы, Орусиянын ортосунда кош жарандык боюнча келишимге кол коюлса, бул баарынан мурда жумуш издеп Орусияда жүргөн миңдеген кыргызстандыктардын абалына оң таасир тийгизмек.

- Орусия жакшы адистерге муктаж болуп турат. Ошол эле «Уралмаш» заводуна адистер жетишпей жатат. Ал эми өзүбүздүн мурдагы Ленин атындагы заводубуздун жумушчулары эмне кылаарын билбей отурушат, - дейт депутат кош жарандыктын артыкчылыгын бекемдеп.

Кабай Карабековдун кошумчалаганына караганда, азыр Европа мамлекеттери Еврокеңештин алкагында биригип, орток акчаны жүгүртүп, бири-бирине жакындашып жаткан маалда Кыргызстандын минтип Башмыйзамдын деңгээлинде кош жарандыкка каршы болуп жатканы түшүнүксүз.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын башка бир депутаты Оксана Малеваная болсо «Кыргызстандын кош жарандык эрежелерине умтулганы азырынча эртелик кылат» деген пикирде:

- Менимче, Кыргызстандын жарандарында патриоттук сезим жакшы ойгоно элек. Ошондуктан азырынча кош жарандык институтун киргизүү эртелик кылат. Анын үстүнө кайсы гана мамлекет менен кош жарандык системасын киргизбейли, ал кечиктирбестен чече турган көптөгөн жаңы маселелерди пайда кылат. Алсак, «уландар кайсы мамлекеттин аскер күчүндө кызмат өтөп, кайсы мамлекетти коргойт» деген суроо. Мындай маселелер өтө көп. А бизде ансыз да чечилбеген иштерибиз жетиштүү.

Анын кошумчалаганына караганда, «кош жарандык институту кирсе эле кыргызстандыктардын жарымы чет өлкөлөргө көчүп кетет» дегендер жаңылышат:

- Элдин жашоо-турмушу жакшы болсо, эч кандай кош жарандыктын да, башка чет мамлекеттердин паспорту да мекенди алмаштырууга түрткү болалбайт.

Кыргызстандын жетекчилиги кош жарандык системасына каршы болгону менен, бир катар чет өлкөлүк жарандардын келишин жөнөкөйлөткөн. Кыргызстанга КМШ мамлекеттеринин, Албания, Бельгия, Болгария, Босния, Куба, Түндүк Корея баштаган бир катар өлкөлөрдүн жарандары визасыз эле келе алышат. Мындан тышкары, жакында кыргыз өкмөтү кабыл алган жаңы эрежеге ылайык 28 мамлекеттин жарандары Кыргызстанга чакыруу кагазы жок эле келсе болот. Алар «Манас» аба майданынан же темир жол бекеттеринен эч тоскоолдуксуз виза ачтыра алышат. Жогорку Кенештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын эл аралык мамилелер, парламент аралык байланыш жана мамлекеттик протокол боюнча бөлүмүнүн башчысы Бакыт Бакетаев бул кадамдар Кыргызстанга жаңы инвестицияларды жана туристтерди тартуу максатында жасалып жатат деп эсептейт:

- Четтен акча жана туристтерди тартуу үчүн өкмөт менен Жогорку Кеңеш жакшы мыйзамдарды жана токтомдорду кабыл алышты. Мисалы, акыркы эле өзгөртүүлөргө ылайык 28 мамлекеттин жарандары чакыруу кагазы жок эле Кыргызстанга келишип, аба майданынан же темир жол бекеттеринен дароо виза ачтырып алышса болот. Мындан тышкары, дагы 30га жакын мамлекеттин жарандарынын Кыргызстанга келиши үчүн виза талап кылынбайт. Алар биздин жарандар сыяктуу эле Кыргызстанга тоскоолдуксуз кирип-чыга алышат. Аларга КМШ мамлекеттери, Монголия, Словения, Словакия, Чехия, Жапония, Вьетнам, Польша, Румыния баштаган 30дай мамлекеттер кирет.

«Кыргызстандын жарандары КМШнын кайсы мамлекеттерине виза ачтырып барышы керек?» деген суроого Бакыт Бакетаев мындай деп жооп берди:

- КМШ мамлекеттеринен Түркмөнстанга, Өзбекстанга жана Балтика боюндагы мамлекеттерге алдын-ала виза ачтырып алып барыш керек.

«КҮҮ БАЯНЫ» ДЕГЕН КИТЕП ЧЫКТЫ

Санарбек Карымшаков, Бишкек Элибиздин карт тарыхын эгиздей коштоп келаткан комуз күүлөрүн иликтеп, «Күү баяны» деген көлөмдүү санжыра-китеп чыгарган комузчу жана комуз күүлөрүн изилдөөчү Асан Кайбылда уулу менен маек.

Комуз күүлөрү элибиздин каны-жаны менен кошо жаралып, эртеги доордон бери мурасталып, ушу күнгө чейин жеткенине ар дайым сыймыктанып келебиз. Бул тууралуу кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев да айтылуу «Ак Мөөр» поэмасында минтип жазганы бар:

Кыргыз элдин сыймыгын да, сыйын да,
Аз кубаныч, көп азабын, ыйын да.
Тең бөлүшүп, таңдай жанып, так катып,
Жеке үлпөттө же бир болгон жыйында.
Замандарга сайрай келген муңкана,
Комуз жолу урматтуу да, кыйын да.
Анда эмесе, таңшы комуз, черт комуз,
Алыска бар, авениңден тыйылба!


- Асан ага, мына ошондой сыйкырдуу күүлөр баянын узак жылдар бою иликтеп жүрүп, «Күү баяны» деген китеп чыгарып, кара сандыкка катылып келген нечен күүлөрдүн бактысын эгемендик доордо гана ачкан экенсиз, анда сөз тизгинин өзүңүз алсаңыз?

- Мына, биз кыргыз элин байыркы эл деп келатабыз. Тарыхчыларыбыздын айрымдары 4000, айрымдары 6000 жылга жеткирип атат. Ошондо эле кыргыз деген эл болгондугун далилдеп келатышат. Ал эми эл болгондон кийин анын рухий байлыгы, маданияты, каада-салты, тили болот да. Демек, элибиздин бүгүнкү күндөгү көркөм дөөлөттөрүнүн башаты ошол жактан келет. Ошондой рухий байлыктарынын ичинен элибиз байыртадан бери колдонуп келаткан баба мурастарыбыздын бири – комуз жана комуз күүлөрү. Күүлөрүбүз болсо рухубуздун туу чокусу болгон «Манас» баш болгон эпосторубуз менен бирге элибиздин жан-дүйнөсүн байытып келет. Эми комуз күүлөрүнө келсек, күүнүн башы «Камбаркандын» тарыхын иликтеп көрсөм ал мындан туптуура 4000-5000 жыл мурун пайда болгон экен. Ошол кезде кыргыздар Индия, Кытай менен чек аралаш жашап турганда Камбар деген адам токойдун бутагына карды жарылган маймылдын ичегиси кургап, жел тийгенде коңур добуш чыгып жатканын угуп, көрүп, ошону туурап, ичегиден кыл, комуз аспабын жасап, черте баштайт. Ошондон баштап, комуз күүлөрү элибиздин тарыхына байланышкан орчундуу окуяларды чагылдырып келет. Күү аркылуу кыргыздар бирин-бири табышкан.

- Ошол тарыхка байланышкан күүлөрдүн аттарын атай кетсеңиз?

- Андай күүлөрдү иликтеп, тизмесин жазып чыксам, 1752 күү бар экен. Алардын ар түрдүү вариантын кошпогондо, түп нускаларын гана алганда. Ошолордун ичинен иргеп, «Күү баяны» китебимдин биринчи бөлүгүн чыгардым. Анда баяндалган күүлөрдү мен 1916-жылкы Үркүнгө чейинкисине гана алып келдим. Ошондо 81 күүнүн баянын чечмеледим. Ар бир күүнүн баяны өзүнчө чоң дастан, поэма, роман. Ошондой күүлөрдүн бир канчасына токтоло кетейин. «Култегин», «Барсбек» деген күүлөр тарыхта болгон биздин байыркы ата-бабаларыбыз, эл башкарган алгачкы кагандар жөнүндө чертилген. «Айхан» күү болсо, кадимки Чыңгызхан жөнүндө. «Шырдакбектин боз жорго» күүсү XIV кылымга келип такалат. «Жаңыл Мырза» да ошол мезгилге келип такалат. Кийинкиси Арстанбектин күүлөрү. «Арстанбек 500 күү черткен» деген сѳздү мен өзүм кадимки улуу комузчу Ыбрай Тумановдон уккан жайым бар. Ал күүлөрдүн баарын санап чыкканга азыр убактыбыз жетпес.

- Асаке, ошол бир аткан октун жигиндей билинбей кеткен күүлөр жөнүндө даректерди кайдан, кантип чогулттуңуз? Же нотасы сакталып калбаса, же архивдик материалдар болбосо?

- Мен Педогогика институтунда илимий кызматкер болуп иштедим. Ошол убакта командировкаларга чыккан кезде ошол жерлердеги сөзмөр, санжырачы, өнөрпоз адамдарга жолугуп, сөзсүз комузчулар менен жолугушуп, ошолордон күүлөрдүн санжырасын жазып алчумун. Бир нече папка материалдар чогулду. Булардан тышкары мен көп залкарлар менен жолугушуп, алардан күүлөрдүн баянын жазып чогулткам. Алар Ыбрай Туманов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Зияш Бектенов, Кусейин Карасаевдер эле. Алар элге анча белгисиз көөнө күүлөрдүн тарыхын да жакшы билишчү. Андай күүлөрдүн катарына мен «Манаска» байланышкан күүлөрдү киргизет элем. Мен алардын он экисин жазып алдым.

БЫЙЫЛКЫ ЖАЗ - ДЫЙКАНДАР ҮЧҮН ЧЫНДАП ЭЛЕ ЖАРЫШ

Сапар Орозбаков, Бишкек Быйыл жаз жылдагыдан 20 күнгө кеч келип, дыйкандардын шаштысын кетирип жатат. Дүйшөмбүдө Өкмөт Үйүндө премьер-министр Николай Танаев жетектеген жазгы талаа иштерин өз убагында бүтүрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анда жер айдоо жана себүү иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүүгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынды.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Александр Костюктун айтымында, дыйкандардын жазга даярдыгы жаман эмес. Алардын үрөн, күйүүчү май жана жер семирткичтер менен камсыз болушу жылдагыдан жакшы деп табылган болчу. Техникалар да өз убагында ремонттон өткөрүлүп коюлган. Бирок жаздын кеч келиши көп проблемаларды жаратып жатат.

Александр Костюктун айтуусу боюнча, быйыл жаз 20 күнгө кечигип келди. Апрель айынын ортосунда 6-9 градус суук болгонуна байланыштуу, ага чейин себилип, чыгып калган эгин жана кызылча аянттарынын бир бөлүгүн жана эрте гүлдөгөн мөмө-жемиштерди үшүк алып кетти. Министрдин маалыматы боюнча, 25-апрелге карата болгону 150 миң гектар жер айдалды. Бул өткөн жылга салыштырганда 47 миң гектарга аз. Себилген аянттар 57 миң гектарды түзөт. Өткөн жылы күздүк жана тоңдурма айдоо да аз болгонун эске алганда, быйыл дыйкандар үчүн түйшүк көп. Алардын алдында жазгы талаа иштерин кыска мөөнөттө бүткөрүү милдети турат.

- Кээ бир райондордо, айрыкча тоолуу өрөөндөрдө эгин толук бышпай калуу коркунучу бар. Дыйкандар үрөн, жер семирткич жана техника менен камсыз болушту. Эми аларды кызыктыруу маселесин чечтик. Премьер-министр Николай Танаев үрөндүн жаңы баасын коюп берүү тууралуу тапшырма берди. Дыйкандарга үрөндүн баасы алдын-ала кулактандырылат, - дейт Александр Костюк. Министрдин айтымында, дыйкандар алар үчүн атайын бөлүнүп койгон эгин үрөндөрүн алып кетпей жатышат. Анткени үрөндүн баасы кымбат. Бир кило үрөн үчүн дыйкандар күзүндө 3-3,5 килограммдан эгин төгүп берүүгө тийиш. Жыйында аны 2-2,5 килограммга чейин төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Андан тышкары, айдоо аянттарынын тутуму да өзгөртүлмөк болду.

- Мурда биз эгинди көп сепчүбүз. Биздин байкообузга караганда, кошуна өлкөлөрдө да, Орусияда да быйыл эгин көп болчудай. Бизде былтыркыдан калган эгин да бар. Ошондуктан эгиндин аянтын чектейли деп жатабыз. Анын ордуна кызылчаны, пахтаны, тамекини жана май өсүмдүктөрүн көбөйтөбүз, - дейт Александр Костюк.

Жыйында дыйкандарды кредит менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү. Айыл чарба финансы корпорациясынын директору Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, азыр дыйкандарга 263 млн. сом кредит таратылып берилди. Алардын үстөк пайызы жалпы алганда 17-18%. Көптөн бери кредит алып, өз убагында кайтарып берип жүргөндөр үчүн ал төмөндөтүлүп, 15-16% түзөт. Бирок дыйкандар кредитти талаачылыкка эмес, көбүнесе мал кармаш үчүн алышууда. Түзүлгөн кырдаалдын бир топ кыйын экенине карабай, айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри оптимисттик маанайда.

- Дагы 1 ай, кээ бир өсүмдүктөр боюнча 1,5 ай убактыбыз бар. Ошондуктан, быйылкы жылдын программасын толук аткарууга мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн дыйкандар менен министрлик чогуу аракет кылышы зарыл. Штаб буга тиешелүү чечимдерди кабыл алды, - деди Александр Костюк.

ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДЫН КЕСЕПЕТИ, УКУК КОРГООЧУЛАРДЫН ЧАТАГЫ, КОРРУПЦИЯНЫН КҮЧ АЛЫШЫ

Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Табигый кырсыктардын күч алышы, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарынын кеңейиши, айрым укук коргоочулардын арасындагы пикир келишпестиктер, Кыргызстандын кыйла коррупциялашкан өлкө катары таанылышы өткөн аптадагы орчундуу окуялардан болуп калды.

Өткөн аптада Кыргызстандын жогорку жана жергиликтүү бийлик органдары табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу менен алек болушту. Жуманын башында премьер-министр Николай Танаев Нарын облусунда болуп, Бишкек–Торугарт автожолунун 289- жана 291-чакырымдарында түшкөн кар көчкүлөрүнүн кесепеттерин жоюу иштери менен таанышты. Өзгөн районунун жер көчкү болгон Каратарык айылынан 17 үй-бүлө коопсуз жерге көчүрүлүп, 43 чатырга жайгаштырылды. Мындан тышкары, жер көчкү коркунуч келтирип жаткан дагы бир айылдагы 42 үй-бүлө көчүрүлдү. Өкмөт жапа чеккен ар бир үй-бүлөгө үй куруш үчүн 200 миң сомдон жардам бөлүп, үй салууга ылайык жер издештире баштады.

Премьер-министр Николай Танаевдин 26-апрелде билдиргенине караганда, өлкөдө 160 үй бүлө коопсуз жайларга көчүрүлдү. Бирок табигый кырсыктар жакын арада токточудай эмес. Атап айтканда, Сузак районундагы Кыржол жана Маркай айылдарында жер көчкү жүрүп, бирден үй керектен чыгып, 6 үйдө турууга мүмкүн болбой калды. Майлысуу дарыясынын жээгине 750 миң куб.метрлик жер көчкү түшүп, 3 миң эл жашаган Сарыбээ айылына бара турган жол жабылды. Ош-Хорог жолунун 76-чакырымында көчкү жүрүп, каттам үзүлдү. 24-апрелде Бишкек-Торугарт жолунун 291-чакырымында көлөмү 1 млн. 250 миң куб метр өлчөмүндө көчкү жүрүп, эл аралык жолдо унаа каттамы токтоду. Учурда Сузак, Аксы, Базаркоргон райондорунда, Көкжаңгак жана Майлысуу шаарларынын айланасында, Өзгөн районунда 60ка жакын айылды көчкү басуу коркунучу бар. Жаан-чачындан Өзгөн, Алай, Сузак, Алабука, Аксуу райондору жабыр тартты.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин байкоо жүргүзүү департаментинин башчысы Анарбек Айталиевдин айтымында, мындай кырсыктардын болоору министрлик тарабынан жыл башында эле эскертилген:

- Быйыл жер көчкүлөр Өзгөн, Базаркоргон райондорунда, Сузактын өйдө жагында, Аксы, Алай райондорунда коркунуч келтире тургандыгын эскерткенбиз.

Айтмакчы, Дүйнөлүк Банк Өзгөн районундагы көчкүдөн жабыр тарткандарга 5 млн. доллар өлчөмүндө жардам бермек болду.

Ал арада Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны Кыргызстандын Акыйкатчысынын ыйгарым укуктарын кеңейткен мыйзам долбоорун кабыл алды. Маселен, Административдик кодекске жаңы киргизилген алымча-кошумчаларга ылайык, Акыйкатчынын ишине мыйзамсыз кийлигишкен жарандарга 3төн 5ке, ал эми кызматкерлерге 10дон 30га чейинки минималдык айлык акы өлчөмүндө айып салынат. Акыйкатчы президент, премьер-министр, парламент төрагасы жана депутаттар сыяктуу эле түрмөлөргө жана убактылуу кармоо жайларына уруксатсыз кире алат. Мындан тышкары, Кыргызстандын адам укуктарына байланыштуу мыйзамдарын Конституциянын жаңы редакциясынын жоболоруна ылайыкташтыруу иштери да соңуна чыкты.

Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Качкын Булатов, комитет мүчөлөрү Рыскелди Момбеков жана Болот Тыналиев комитетке чет өлкөлүк донорлор тарабынан бөлүнгөн каражаттын кандай сарпталып жатканын иликтөөнү талап кылган арызды комитеттин башкармалыгына жолдошту. Комитеттин жогорудагы үч мүчөсү өз арызында «Р. Дырылдаев финансылык тартип бузууларга барды, комитеттин мүчөлөрү үчүн техника, компьютер бөлбөйт жана билимди өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк берилбейт» деп жазышкан.

Бирок, комитеттин башчысы Рамазан Дырылдаев мындай дооматты кескин түрдө четке какты:

- Мен көрдүм ал материалдарды. Көрсө ал бир бейрасмий кагаз экен. Бухгалтердин колу жок, менин колум жок, мөөрү жок. Мүмкүн өзү жазып алгандыр. Мен билбейм.

Укук коргоо жаатындагы мындай таанымал уюмдун ичиндеги пикир келишпестиктер эмне менен аяктаары азырынча белгисиз.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан трансулуттук темир жолун куруш үчүн техникалык жана экономикалык негиздемелерди түзүү максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга 15 млн. юань грант бөлүүнү көздөп жатат. Буга байланыштуу Кытай өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-августундагы катына кыргыз өкмөтүнүн жооп катын Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны ратификациялады. Кыргызстандын аймагында курулуучу жолдун узундугу 250 километрди түзүп, ага 1 миллиард доллар сарпталаары күтүлөт.

Бирок азырынча өлкөгө канча каражат келсе да ал натыйжалуу пайдаланат деп кесе айтыш кыйын болуп калган өңдүү. Анткени Кыргызстандын донорлору өлкөнү «КМШдагы 7 жарды мамлекеттин ичинен коррупцияга эң катуу баткан мамлекет» деп аташкан. Бул Дүйнөлүк Банк, Эл аралык Валюта Фонду, Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы, Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан былтыркы ишкерликтин абалын иликтөөнүн натыйжасында аныкталган. Кийинки учурда коррупцияга каршы күрөш боюнча түзүлгөн бир катар уюмдар бул көйгөйлүү маселени оңунан чече алабы-жокпу, аны мезгил көрсөтөт.

САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ КЫТАЙ МЕНЕН ГОНКОНГГО КАТТАБАЙ ТУРУУНУ СУНУШТАДЫ

“Өпкөнүн адаттан тыш сезгениши» деген ат менен Кытай жергесинен дүйнөгө тарап жаткан илдеттен жабыркагандар кыргызстандыктардын арасында жок. Бул тууралуу 28-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди. Ошентсе да, өлкөнүн санитардык башкы дарыгери Людмила Штейнке кыргызстандык жарандарга Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө, алардын ичинде Гонконг менен Кытайга туристтик же ишкердик сапарды токтото турууну сунуштады.

Саламаттык сактоо министрлигинин атайын билдирүү менен чыгышына Бээжинден сыркоолоп кайткан кыргызстандык жарандын өткөн аптада Бишкектин ооруканаларынын бирине кайрылышы себеп болду. Бирок, Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы ага бир нече күн бою байкоо жүргүзүп, оорулуунун өнөгөсүз өпкө оорусуна чалдыкпаганын далилдеп чыкты. Бул тууралуу оорукананын башкы дарыгери Нуриса Муратова мындай дейт:

- Бул адам 15-апрелден 22сине чейин Кытайда, Бээжиндин өзүндө болуптур. Келгенден кийин, 24үндө ооруп калып, эртеси келип бизге жатты. Өзү маалыматтардын баарын угуп-көрүп туруп, анан барып текшерилип келейинчи деп бизге келиптир. Биз ТОРСко (орусча «тяжелый острый респиираторный синдром») шек болуп атат деп жаткырган жокпуз. Бул адам ошол оору жайылып жаткан аймактан келиптир деп гана жаткырганбыз.

Ошондой болсо да, азыр эл арасында шектенүү күчөп, имиштер жүрүп атат. Дарыгерлер «мындай имиштердин чыгышына соодадагы атаандаштык себеп болушу да ыктымал» деген көз карашта.
Жакында Саламаттык сактоо министрлиги өпкөнүн өнөгөсүз сезгенүү илдетинен сактануу жана анын алдын-алуу чараларын иштеп чыгып, бардык региондорго кат жөнөттү. Мындан тышкары, Кытай менен Кыргызстан ортосундагы транспорт каттамдары үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүүдө. Саламаттык сактоо министринин орун басары, санитардык башкы дарыгер Людмила Штейнке инфекцияны өлкөгө алып кирбеш үчүн комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

- Бул баарыдан мурда мамлекеттик чек аралардагы көзөмөлдөөгө байланыштуу, - дейт башкы дарыгер. – Чек арада иштеп жаткан бардык пункттар жана дарыгерлер маалымат менен толук камсыз болгон. Саламаттык сактоо министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму аларга өнөгөсүз өпкө оорусун аныктоо, анын алдын алуу боюнча сунуштарын берген. Ал эми санитардык-тосмо пункттар Кыргызстандын аймагында Эркечтамга, Торугартка, «Манас» аба майданына, Ошко коюлган. Ош жана «Манас» аба майдандарына Үрүмчүдөн учактар конушат.

Транспорт жана байланыш министрлигинин «Интранс» бирикмесинин Кытай-Кыргызстан каттамынын координатору Эрнест Маматкановдун билдиргенине караганда, автоунаа жана аба каттамы аркылуу орто эсеп менен айына миңге жакын кыргызстандык жана кытайлык жүргүнчүлөр ары-бери каттап турушат. Ал эми Үрүмчү-Бишкек багыты боюнча аба каттамы мурдагыдай эле аптасына эки ирет улантылууда.

- СУАРдын транспорт департаментинин билдиргени боюнча, биз каттаган Үрүмчү, Кашкар, Артушта андай оору менен жабыркагандар жок. Торугарт менен Эркечтамда дарыгерлер күзөттө турушат. Биздин санитардык тосмолорубуз бар. Азырынча мынчалык кооптоно турган эч нерсе жок, - дейт Маматканов.

Ошондой болсо да тышкы саясат тармагы менен саламаттык сактоо министрлиги өлкө аймагына бул илдетти келтирбөө аракетине өзгөчө көңүл буруп жатканын айтышат. Маселен, кокус өлкөдө бул илдет пайда болсо, ооруну аныктоо чараларын Кыргызстан Орусиянын Новосибирск шаарындагы саламаттык сактоо лабораториясы менен бирге жүргүзүүнү макулдашты.

Санитардык башкы дарыгердин айтымында, учурда 28 өлкөдө катталган өнөгөсүз өпкө оорусунун 57% Кытайга жана Гонконгго таандык болсо, анын 32% Бээжин шаарына туура келет. Ошондуктан, Людмила Штейнке башкы санитардык дарыгер катары жагдайды эске алуу менен, жарандарга жогоруда аталган өлкөлөргө жагдай оңолгуча барбай турууну сунуштады. Бирок, Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндө иштеп жаткан дипломаттарды өз мекенине кайтаруу маселеси көтөрүлө элек. Тышкы иштер министрлигинен алынган акыркы маалыматка караганда, Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Эрлан Абдылдаев Бээжинде жана ага жакын шаарларда окуп жаткан студенттерге Кыргызстанга кайтууну сунуш кылды.

- Мен билгенден, Кытайдагы элчибиз бардык студенттерибизгше сентябрга чейин үйлөрүнө кайтууну сунуш кылды, - деди Тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрик Бейшембиев.

Бейрасмий булактардан алынган маалыматтарга караганда, Бээжиндеги кыргызстандык студенттер ушул ишембиде Бишкекке кайтып келишет.

ТУРИЗМ ТАРМАГЫН ЛИЦЕНЗИЯЛОО АНЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ТУШОО БОЛОБУ?

Кыргызстандын Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитети туризм тармагына лицензия берүү демилгесин көтөрдү. Бул идея ушул тармакта иштеген фирмалардын, анын ичинде Туроператорлор ассоциациясынын нааразылыгын жаратып, азыр бул өкмөттүк деңгээлде чечиле турган талашка айланды.

Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында туризм тармагы лицензия алууга милдеттүү болчу. Ал «ишкердүүлүккө тушоо болот» деген кыязда 2001-жылы жоюлган эле. Туризм жана спорт саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин эсеби боюнча, жеңилдик жылына 100 миллион долларды айлантып турган тармактын жылына казынага 30 миллион долларлык гана пайда беришине түрткү болду. «Пайдасынын 70% көшөгө артына кетти» деген мамлекеттик комитет ушундан улам көмүскө акчаны ачыкка чыгарыш үчүн лицензиялоо тартибин кайра киргизүү демилгесин көтөргөн. Туризм боюнча комитет төрагасынын орун басары Батыркул Баетовдин айтымында, ага мындан тышкары да көп нерселер түрткү болгон. Мисалы, КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын 1994-жылы туризм тармагында мыйзам актыларын бирдей тартипке келтирүү жөнүндөгү мыйзамы, туризм өнүккөн өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүнүн сапатын көрсөткөн лицензиянын берилиши, салыкты толук жыйноо жана туристтик фирмалардын санын, ишмердүүлүгүн так билүү талабы түрткү болгон. Аны өлкөдөгү 55 туристтик фирма, Ысыккөлдүн жээгиндеги 28 пансионаттын өкүлдөрү өтүнүшкөн.

- Лицензиялоо туризмден алынаар замат эле каттар түшө баштаган, - дейт Батыркул Баетов. - Туризм багытында чет өлкөлөр менен иштөөдө, ярмаркага барганда кыйынчылыктар пайда болгон. Маселен, Ысыккөлдөгү «Күнөстүү жээк» деген пансионаттын директору да: «Мен ярмаркага барганда туристтерди Ысыккөлгө Казакстандын турфирмаларынын лицензиясы менен чакырып атам», - деп атат. Биздин турфирмалардын лицензиясы жок болсо, башка мамлекеттердин туроператорлору бизди тааныбай жатышат. Экинчиден, бардык эле жеке фирмалардын жетекчилери фирмасын түзүп жатканда документтерине «туризм тармагында иштейт» дегенди сөзсүз жазып коюп жатышат. Ал чет өлкөлүк адамдарга виза берүүгө, бизден чет өлкөгө жиберүүгө шарт түзөт. Ошону менен тармактагы иштин сапаты төмөндөп, коопсуздугу азаюуда.

Б.Баетовдун айтымында, Кыргызстанда туристтик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын төмөндүгү, кардарлардын ден-соолугуна карата коопсуздук чараларынын көрүлбөгөнү да олуттуу маселелердин бири. Анткени, Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин 80-90% кызмат көрсөтүүгө нааразы болуп кетип жатышат. Ошондой эле, өлкөдөн адамдарды мыйзамсыз чыгарып, чет жерден чакырып, виза тартибин бузган турфирмаларды тизгиндөө максаты коюлууда.

Туризм комитетинин мындай демилгесине Кыргызстандагы Туроператорлор ассоциациясынын 14 мүчөсү караманча каршы. Алардын биринин айтымында, лицензиялоо ишкердүүлүккө бут тосот, туризмди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга бөгөт болот жана президенттин аларды өркүндөтүү тууралуу 2002-жылдагы жардыгына каршы келет. «Бизнес-ассоциация» конгрессинин президенти Эмил Үмөталиевдин билдирүүсү боюнча, лицензиялоону киргизиш үчүн туризм комитети бетке кармаган жагдайлардын эч кандай байланышы жок жана ал жаңыдан ирденип келаткан турфирмаларга тушоо салат. Ал тууралуу Эмил Үмөталиев мындай деди:

- Туризм тармагындагы проблемалардын лицензия менен эч кандай байланышы жок. Аларды башка мыйзамдар менен чечүүгө негиздер бар. Мисалы, салык деп жатышат. Салык алууну Салык кодекси жөнгө салат да. Анан «миграция кылып, адамдарды чет өлкөгө жиберип иштетип жатышат» деп айтышат. Анын турфирмага эч кандай тиешеси жок. Турфирманын атына жамынып алып иштеген ишкерлер болсо, аны Ички иштер министрлиги жөнгө салышы керек.

Эмил Үмөталиевдин пикири боюнча, бул демилгеге Дүйнөлүк Банктын жөнгө салуу мыйзам актыларынын таасирин иликтеген долбоорунун эксперти Красен Станчев жана Кыргызстандагы донор-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн баары каршы болуп жатышат.

Лицензиялоо ишкердүүлүккө чоң тоскоолдук болоорун Улуу Британиянын жараны, Кыргызстанда «Асман тиреген тоолор» аттуу компания түзүп, 1995-жылдан бери Бишкекте, Нарында эл аралык мейманканаларды салган Иен Клейтор да мындайча белгиледи:

- Лицензия - бул тоскоолдук. Мен Кыргызстанга инвестиция жасап, акча салган чет элдик адаммын. Кечирип койгула, бул менин акчам. Менин Англияда компаниям жок. Мен аны Кыргызстанда түзүп, ушул жерде каттадым. Эгер баары жакшы болсо, мен карыганда пенсия алам. Эгер жаман болсо - Англияда көчөдө калам.

Туризм жана спорт комитет төрагасынын орун басары Батыркул Баетовдун ою боюнча туроператорлордун элден мурун чуу салышы жөнсүз. Бул жерде негизинен «Лицензияны кайсы мекеме, кандай негизде берет?» деген суроо талаш жаратууда. Аны берүү жөнүндөгү жобонун долбоору даярдалып, азыр каршылаш тараптар иликтеп атышат. Талаш күч алып кетсе аны өкмөттүн экономикалык саясат боюнча кеңеши карап, чечет.

Лицензиялоо жоюлган 2001-жылы туризмдин көлөмү Кыргызстандын ички дүң продуктусунда 3,9% жетип, 2000-жылга салыштырмалуу 1% көп болгон. Ал эми туристтердин саны 68% көбөйгөн. Экономисттердин баамында, буга лицензиянын алынышы жакшы таасир берген. Жайкы эс алуу мезгили башталаар алдында өкмөт менен туризм тармак өкүлдөрүнүн бул талашы, туризм экономикасынын келечектүү бир тармагы деп саналган Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына тескери таасир тийгизиши толук мүмкүн.

2006-ЖЫЛЫ ИШКАНАЛАРДЫН БАРДЫГЫ КАРЖЫЛЫК ОТЧЕТТУН ЭЛ АРАЛЫК СТАНДАРТЫНА ӨТКӨРҮЛӨТ

Сапар Орозбаков, Бишкек Былтыр 23 ири акционердик коом жана 21 коммерциялык банк каржылык отчеттун эл аралык стандартына өттү. Быйыл ага дагы 500 ишкананы өткөрүү пландаштырылып жатат. 2001-жылы өкмөттүн кабыл алган токтомуна ылайык 2006-жылга чейин Кыргызстандын ишканаларынын бардыгы жаңы стандартка өтүшү керек.

Ишканаларды каржылык отчеттун эл аралык стандартына өткөрүш үчүн өкмөт атайын график түзгөн болчу. График боюнча жаңы стандартка өтүү ири ишканалардан жана коммерциялык банктардан башталмак.

- Өкмөттүн бекиткен графиги боюнча, 2002-жылдын отчетун 33 акционердик коом жана 21 коммерциялык банк эл аралык стандарт мнен түзүш керек болчу. Муну коммерциялык банктардын баары аткарды. Акционердик коомдордун 23 аткарып, 10 жаңы стандартка өтө албай калды. Бул жерде кичине кыйынчылыктар болду. Айрым ишканалардын жетекчилери, бухгалтерлери которулуп кетишип, иш аягына чыкпай калды. Кээ бирлери материалдык жетишпегендиктерге байланыштуу жаңы стандартка өтүшкөн жок. Бирок алар быйыл сөзсүз өтүшөт, - дейт Финансылык отчет берүүнүн стандарттары жана аудит боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Канатбек Сагынов.

Анын айтымында, быйыл дагы 500 акционердик коомду жаңы стандартка өткөрүү белгиленген. Бул үчүн мамлекеттик комиссия зарыл болгон усулдук көрсөтмөлөрдү даярдап, ишканаларга таратып, жер-жерлерде бухгалтерлер үчүн семинарларды өткөрүүдө. Ага каражат жагынан Азия Банкы жана ЮСАИД жардам берип атышат.

Финансылык отчеттун эл аралык үлгүсүнө өтүү зарылчылдыгын адатта инвесторлордун талабы менен түшүндүрүшөт. «Эл аралык стандарт жөнөкөй жана даана болуп, ал ишкананын финансылык абалы кандай экенин билүүгө бир эле караганда мүмкүнчүлүк берет» дешет. Канатбек Сагыновдун айтымында, бул туура, бирок жетишсиз түшүндүрмө. Эмне дегенде, бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири колдонулган отчеттун бул формасы биринчи кезекте биздин өзүбүз үчүн зарыл. Советтер Союзунун учурунда киргизилип, азыркыга чейин колдонулуп келген эски форма бухгалтерлердин убактысын жана кагаздарды көп талап кылган татаал форма болгон.

- Жаңы стандарт мурдагыдан эмнеси менен айырмаланаарын бир сөз менен айтыш кыйын. Ал жөнөкөйлүгү, тактыгы, тазалыгы жана ачыктыгы менен айырмаланат десе болот. Мурдагы Совет доорунда бир операция жүгүзүш үчүн бир нече документ керек болчу. Эми алардын баары жоюлуп, бухгалтерлер үчүн жеңил болот, - дейт Канатбек Сагынов.

Ал эми чакан ишканалар үчүн финансылык эсеп жүргүзүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн формалары колдонулат Сагынов мырза:

- Чакан ишканалар үчүн жаңы стандартка өтүү бир топ жеңил болот. Анткени алардын көлөмү деле аз. Ал эми жеке менчиктеги майда ишканалар болсо бул стандартты колдонушпайт деле. Алар үчүн финансылык отчеттун жөнөкөйлөтүлгөн формасын иштеп чыкканбыз. Ал азыр практикада колдонулуп жатат. Жеке менчиктеги кичине ишканалар 2 дептерге - бирине кирешесин, экинчисине чыгашасын жазып.

КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЛ ЭМГЕГИНИН АКЫБЕТИ КАЙТАБЫ?

Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө акыл эмгегинин мөмөсү аны ойлоп тапкан адамдын менчиги саналып, ээсине кызмат кылып келатканына көп убакыт болсо, Кыргызстанда «интеллектуалдык менчикти коргоо» деген түшүнүк акыркы 7-8 жылда гана калыптана баштады. Билим алып жаткан жаштардын да баш оорусу «Кыргызстанда акыл эмгеги адамга бакыт алып келеби?» деген маселе. Анткени, кыргызстандык ойлоп табуучулар, окумуштуулар жана акын-жазуучулар акыл эмгегинин өкүлдөрү катары бааланып, бардар жашашына дагы көп убакыт талап кылынчудай.

Кыргызстан эгемендик алганы бирөөнүн акылын уурдап, анын акыбетин өзүнүкүндөй көргөндөрдүн ити чөп жей баштаган. Бирөөнүн жазган ырын же обонун «меники» деп жарыялап, жанын баккандар пайда болгон. Өнөр жайында да, кустарлык өндүрүштө да бирөөлөрдүн жакшы идеясын көчүрүп алып, товар чыгарган шылуундардын жаңы мууну чыккан. Мындайларга Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөнү чекеге чыккан чыйкандай эле иш болду. «Меники-сеники» деп соттошуп жүргөндөрдүн аягы тыйылды. Анткени, ар бир окумуштуу, ойлоп табуучу жана акын-жазуучу өз эмгегин интеллектуалдык менчик катары каттата баштады.

2001-жылдан бери дүйнөдө 26-апрель Интеллектуалдык менчикти коргоонун эл аралык күнү болуп белгиленип келатат. Бишкектеги Тарых музейинде 25-апрелде өткөн, интеллектуалдык менчикти коргоого арналган жыйында акыл эмгегинин ысык-суугуна күйүп-бышып келаткан кыргызстандык 3 окумуштуунун кадыры көтөрүлүп, көңүлдөрү ачылды. Академик Үсөн Асановго, окумуштуулар Зина Ашубаевага жана Элнура Кудайбергеновага мыкты ойлоп табуучулар катары Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык уюмдун алтын медалы тапшырылды. Медалдан тышкары ар бирине 800 АКШ доллары өлчөмүндө сыйлык берилди. Жыйында сөз сүйлөгөн академик Мирсаид Миррахимов «окумуштуулардын кадырынын минтип көтөрүлүп жатканы жаштарды илимге жакындатууда жакшы мисал болуп калат» деп белгиледи.

Академик Үсөн Асанов «Совет бийлигинин тушунда «менчик» деген сөздү абайлап айтчубуз, андыктан акылың өзүңдүкү болгону менен, анын мөмөсү мамлекеттики болчу» дейт:

- Ыраматылык Совет мезгили тушунда «менчик, меники» деген сөздү өтө абайлап колдончубуз. Анткени ал өтө чатак сөз болоор эле. Мурунку доордо илим жаатында иштеп, «СССРдин ойлоп табуучусу» баштаган алдыңкы сыйлыктардын баарын алганыбыз менен акылдан жаралган менчигибизге келгенде 25 рубль, ашып кетсе 300 рубль менен чектелип, ошого каниет кылып отуруп калчубуз. Ошондон улам Советтер Союзунун тушунда ойлоп табуучулардын арасынан бир да миллионер чыккан эмес. Азыр болсо заман башка, мүмкүнчүлүк кенен.

Аталган үч окумуштуунун эмгектерин Интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча эл аралык уюмдун сыйлыгына Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик көрсөткөн. Анын деректири Роман Оморов “26-апрелдин Интеллектуалдыкты менчикти коргоо күнү катары Кыргызстанда да белгиленип жатышы жакшы жышаана болду, себеби акыл эмгеги бааланбаса мамлекетте эч качан өнүгүү болбойт” дейт:

- Ойлоп табуучулар жаңы идеяларды иштеп чыгып, авторлор жаңы чыгармаларын жаратпаса, биз эч качан алдыга жылбайбыз. Ошондуктан интеллектуалдык менчикти коргоо ишине дүйнөдө өтө чоң маани беришет. Чындыгында, адамзаттын өнүгүү тарыхы ойлоп табуучулардын, чыгармачыл адамдардын эмгектери менен тыгыз байланыштуу. Кубандырганы – кыргызстандык ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын эмгектерине дүйнөдө кызыгуу болуп атканы. Алсак, биздин медицина, химия жана машина куруу тармактарынын деңгээли өтө жогору. Академик Мирсаид Миррахимовдун мектеби дүйнөдөгү күчтүү мектептердин бири болуп эсептелет. Анын жүрөктүн ооруларын аныктоо боюнча, жүрөккө операция жасоодогу жаңы ыкмалары кызыгуу пайда кылып келатат.

Оморовдун айтымында, Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча мыйзамдык база түзүлдү. Бул багытта 12 мыйзам кабыл алынып, республика эл аралык 20 келишимге кол койду. Агенттик түзүлгөн 10 жылдан бери ойлоп табуучулардын, окумуштуулардын жана акын-жазуучулардын 1800дөй арызы кабыл алынып, алардын автордук укугу бышыкталды. Мындан тышкары, 30 миңден ашуун товардык белгилер катталды.

Агенттик соңку жылдары Совет бийлигиникиндей камкордукка бөлөнбөй, чүнчүй түшүшкөн акын-жазуучулардын чыгармаларын каттоого алып, аларга аз да болсо калем акы төлөп келатат. “Саамалык” аттуу рубриканын алдында жаш акын-жазуучулардын тырмак алды чыгармаларын китеп кылып чыгарууда.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун айтымында, таанымал жазуучулардын чет мамлекеттерде чыккан китептеринин дайнын тактап, чыгармаларды сурап-билип туруу иштерин азыр Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча агенттик аткарып келатат:

- Болбосо жазуучу-акындар чет өлкөлөрдө китептери чыгып жатканынан деле кабар алалбай калат экен. Авторлор капысынан ал мамлекеттерге барып калса гана айрым учурларда калем акысын алып калат экен. Бербесе - жок. Ушул иштерди агенттик колуна алды. Четте чыккан китептердин калем акысына деле ыраазы элек. Ойлогонум, тарыхый романдарым менен түрк тилдүү мамлекеттердин окурмандары таанышса, кыргыз элинин тарыхын, руханий дүйнөсүн билсе деген эле ой.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАПОН АВТОТУЛПАРЛАРЫ

Жапонияда жыл сайын он миллиондон ашуун автомобил жасалып, сатыкка түшөт. Ар жылы жапондор сегиз миллиондон ашуун автомобилдерди сатып алышат. Эскилерин кайда кетирүү мурда проблема болсо, СССРдин кыйрашы менен тоскоолдуктар жоюлуп, Шериктештик өлкөлөрүн жапон автомобилдери суудай каптап кирди. Дүйнө элинин назарына түшкөн «Тойота», «Ниссан», «Мазда» үлгүсүндөгү жапон машинелери Кыргызстанда да өз күйөрмандарын тапты. Күн Чыгыш өлкөсүнүн машинелерин кандай жолдор менен алып келинип жатканы тууралуу «Айтэс Жапан» биргелешкен ишканасынын директору Талант Жумабаев өз ойлорун ортого салат.

Расмий маалыматтарга караганда, жеңил машинелердин саны боюнча Жапония дүйнөдө экинчи орунда турат. 32 миллиондон ашык автоунаа жапондордун кызматында. Жапондор үчүн автомобил сатып алыш арзан. Бирок аны тейлөө, салыктарды төлөө, урунуу кымбатка турат. Жапондор жаңы машинелерди 4-5 жыл гана минишет. Анан жаңы үлгүлөрүн сатып алышат. Бул улуттук экономиканын өсүп-өнүгүшүнө да үлүш кошот.

Ошондуктан, урунулган машинелерди сатуу боюнча атайын ассоциация түзүлүп, ал 9 миңден ашуун фирмалардын жана биргелешкен ишканалардын башын бириктирип турат. Штаб-квартирасы Токиодо жайгашкан бул уюмдун Кыргызстанда бир да фирмасы же өкүлчүлүгү ачыла элек. Эгерде бул ассоциация менен кызматташуу жөнгө салынса, анда Кыргызстанда жапон машинелерин техникалык тейлөө, запастык бөлүкчөр менен камсыз кылуу жолго коюлуп, проблемалар чечилмек. Кыргызстандын жолдорунан Күн Чыгыш өлкөсүнүн түркүн автоунааларын жолуктурганыбыз менен, аларды тейлеген бир да атайын кызмат же борбор ачыла элек. Жапон автомашинелеринин көргөзмө-жармаңкелери да уюштурулган эмес. Рулу сол тарапта жайгашкан, атайын Европа өлкөлөрү үчүн экспортко чыгарылган жапон машинелерин кыргызстандыктар Балтика боюндагы өлкөлөрдөн сатып келишүүдө. Алардын деле запастык бөлүкчөлөрүн табуу кыйынга турат. Ал эми рулу оң тарапта жайгашкан жапон автоунааларын Кыргызстандын айрым жарандары Орусиянын Ыраакы Чыгышынан айдап келишүүдө. Мындай машинелерди Кыргызстанда айдап жүрүүгө тыйуу салынган эмес. Айрымдары рулун оңдон сол тарапка которуп алган учурлар да кездешет.

Күн чыгыш өлкөсүндө жеңил автомашинелерди, кичи автобустарды чыгаруучу тогуз ири компания бар. Алар - «Тойота», «Ниссан», «Хонда», «Мазда», «Мицубиси», «Судзуки», «Субару», «Дайхцу» жана «Исудзу». Булардын эң таанымалы, таасирдүүсү -«Тойота мотор» компаниясы. Анын негизги атаандашы «Ниссан» болуп саналат. Буларга теңтайлашууга күч-кубатын жумшаган «Мазда», «Хонда», «Мицубиси» компаниялары да көзгө көрүнө баштады. Цилиндринин көлөмү 1300 куб. см. болгон жеңил унаалар «Ниссан», «Марч», «Алто», «Тудей» («Хонда») ыңгайлуулугу, үнөмдүүлүгү, чакан үй-бүлөгө ылайыктуулугу менен айырмаланат. Бирок бул машинелер Кыргызстандын жолдоруна чыдай албастыгын, назиктигин айтып кетели.

Чынында Кыргызстандын ой-чуңкуру көп, жамаачылуу жолдоруна цилиндри 1800 куб. см. болгон «Королла», «Корона», «Карина» («Тойота»), «Санни» («Ниссан»), «Мазда-Капелла», «Прелюд», «Сивик» автомобилдери гана түтөт. Цилиндри 1700дөн 2500 куб.см. чейин болгон жапон автомашинелери кымбатыраак болгону менен абдан чыдамдуу. Булар - «Тойота» фирмасынын «Марк-2», «Камри», «Креста», «Виста» үлгүлөрү, ал эми «Ниссан» фирмасынын - «Лаурель», «Блюберд», «Скайлайн», «Хонданий-Аккорд», «Исудзунун» «Жемини» аттуу темир тулпарлары - алты цилиндри менен айырмаланып турушат.

Ал эми цилиндринин көлөмү 2000ден 3500 куб.см. чейин болгон «Тойотанын» «Карун», «Ниссандын» «Седрин» жана «Глория» машинелери «люкс» деп аталып, баасы да кымбат. Булар Жапонияда такси катары колдонулат. Булардан да кымбат, кубаттуу «Лексус», «Уиндом» («Тойота»), «Инфинити» («Ниссан») үлгүлөрү ар кимдин эле шыбагасына буюра бербейт. Бул супермашинелер компьютердик жабдуусу менен айырмаланат.

Ал эми байлык, дөөлөттүн символу болгон «Соарер» («Тойота»), «Файрледи» («Ниссан»), Х-7 («Мазда») машинелери Кыргызстанда азырынча жокко эсе.
Беш жылдан бери жапон машинелерин айдап жүргөн бишкектик Авазбек мындай дейт:

- Менин машинем «Мицубисинин» цилиндринин көлөмү - 1300 куб.см. Абдан үнөмдүү, чыдамдуу. Күйүүчү майды аз сарптаганы менен айырмаланат. Чакан үй-бүлөгө ылайыктуу. Ысыккөлгө эс алууга барганга, же Ошко, айылдарга барганга жарамдуу. Мотору да көп бузулбайт. Жүрүү тетиктери да чыдамдуу. Эң негизги проблема - тетиктерин табуу кыйынга турат. Бишкекте бул машинелердин тетиктерин табыш оңой эмес, Алматыдан оңой табылат. Ал эми биздин Кыргызстандын жолдоруна «Тойота» жана «Мазда» үлгүсүндөгү автомашинелер жарактуу деп ойлойм.

Кыргызстандагы «Айтэс Жапан» биргелешкен ишканасынын директору Талант Жумабаевдин пикири мындай:

- Жети жылдан бери Жапон өлкөсү менен биргелешип иштеп келатабыз. Кыргызстандагы эл аралык уюмдарга, мекемелерге жапон машинелерин алып келүүдөбүз. Көпчүлүк кардарлар «Тойота» үлгүсүндөгү машинелерди жактырышат. Биз жапон фирмалары менен иштешип, Орусия аркылуу машинелерди поезд менен алып келебиз. Көпчүлүк машинелердин рулу оң тарапта болгондуктан, айрымдарын сол тарапка ылайыктап, кайра жасап чыгарабыз. Жапониядан Кыргызстанга ылайык, рулу сол тарапта жайгашкан машинелер да табылып калат. Азыркы учурда жапондордун машинелерин оңдоочу жайлар пайда болуп, тетиктери да дүкөндөрдө оңой табылып калды. Биздин ишкана да жапондор менен сүйлөшүп, машина оңдоочу жай ачууга макулдашып атабыз. Ошондой эле айрым тетиктерди биз Жапонияга атайын буюртма берип алдырабыз. Кыргызстандагы айрым мекемелердин, эл аралык уюмдардын өтүнүчү боюнча Күн Чыгыш өлкөсүнөн «Тойота» үлгүсүндөгү бир нече машинелерди алып келдик.

Кыргызстандын жолдоруна «Тойота», «Мазда», «Ниссан» үлгүсүндөгү автомашинелер ылайыктуу. Кыргызстандын автобазарларынан жапондордун бардык үлгүдөгү автомашинелерин тапса болот. Кыргызстандыктар жапон машинелерин Орусиянын Владивосток шаарынан да айдап келишүүдө.

АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Бүгүнкү «Талант тагдыры» түрмөгүбүздүн меймандары - эстрада ырчыларынын эл аралык фестивалдарынын, сынактарынын бир нече жолку лауреаты, республиканын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова жана эстрада ырчыларынын республикалык, эл аралык фестивалдарынын, сыйлыктарынын көп жолку жеңүүчүсү Жылдыз Осмоналиева.

- Урматтуу айымдар! Бүгүнкү баардашуубуз азыркы кыргыз эстрадасынын ал-абалы жөнүндө. Акыркы кезде бүгүнкү кыргыз эстрадасынын ырчылары, сиздердин тил менен айтканда, «жылдыздары» жөнүндө басма сөз беттеринде, угуучулардын арасында ар кандай кеп-келечтер айтылып келет. Алсак, микрофон кармап, сахнага чыккандын баарысы - таланттуу професионалдары деле, музыкалык билими жок сабатсыздары, талантсыздары деле, айымдары, мырзалары деле - «жылдыз» аталып кетишти. Ал эми күн өткөн сайын кой деген кожонун жоктугунан ар бир айылдан «мен эстраданын жылдызымын» деген, музыкалык билими, ырдоо тажрыйбасы жок ырчы сөрөйлөр жазгы жамгырдан кийинки козу карындай жамырап чыгууда. Алардын аттары бар, заттары жок. Гүлнур айым, билимдүү, тажрыйбалуу, чыныгы таланттуу эстрада ырчысы катары ушуга жеке оюңуз?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Чындыгында акыркы кезде заманданбы, же «ай-уй» деген жетекчилердин жоктугунанбы, айтор «түнкатар түнтай эл экен, түтүнүнө ырчы экен» дегендей ар бир айылдан чыккан «жапайы» ырчылар өтө көбөйүп кетти. Образдуу тил менен айтканда азыр таш ыргытсаң эле ырчынын башына тийет. Бизде эки багытта ырдаган, иштеген эстрада ырчылары бар. Биринчиси - жалаң эле акча табууну көздөгөн шоу-бизнестеги коммерциялык ырчылар, экинчиси - бүтүндөй өмүрүн улуттук эстраданын өнүгүшүнө арнаган чыныгы профессионал ырчылар. Биздин эстраданын кадыр-баркын кетирип, аттуу-баштуу эстрада ырчыларынын ысымдарына көлөккө түшүрүшүп, оозуна келген, колуна тийген ырларды ырдашып, акчанын аркасынан сая түшкөн коммерциялык ырчылар бар. Алар сапаттары начар, жеңил-желпи программаларды даярдай коюшат. Алардын обондорунун, сөздөрүнүн аттары бар, тарбиялык мааниси жок. Аткаруучуларынын чеберчилиги өтө төмөн, эч бир сынды көтөрө албайт. Ушундай программалары менен гастролдорго чыгышып, угуучулардын жан-дүйнөсүн тазартуу, агартуу үчүн эмес, эптеп акча табуунун, жан багуунун аракети менен алектенишүүдө. Анан кантип эстрадабыз оңолсун? Мен өзүм болсо бир ырдын үстүндө көпкө чейин иштейм. Качан гана бышып жетилгенде сахнага алып чыгам. Эң негизгиси - ырдай турган ырларыңдын обону, сөзү жакшы болушу керек. Ачык айтканда обону да, сөзү да бири-бирине куюлушуп, угуучуларга ырахат, асылдануу бериши зарыл.

Мен 15 жылдан бери сахнада ырдап келем. Өзүмдү эч качан «жылдызмын, кыйынмын» деп эсептебейм. Мен жакшы ырдап жүрөмбү, жаман ырдап атамбы - эл деген өзү таразалап, баалап алат. Ал эми болор-болбос ырларды аткарып коюп эле «жылдыз» болуп чыга келгендерге таң калам. Алардын өздөрү да, аткаргандары да түбөлүктүү эмес, бир күндүк деп эсептейм. Бирок, азыркы күндө ошондой ырчы, обончу сөрөйлөрдүн күнү тууп турганына таң калам. Дагы бир айта кетүүчү маселе - бүгүнкү эстрадага баш баккан жаш эстрада ырчыларында элдик ырларды, Атайдын, Мусанын ырларын бузуп ырдоо өнөкөткө айланып барат. Бул дагы жаман көрүнүш. Элдик ырларды, залкар шайырлардын чыгармаларын экилентип-оштонтуп ырдоо - автордук укукту бузгандык деп эсептейм.

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Эмне үчүн Гүлнур айткандай эстрада жанрынын өсүшүндө, ырчыларынын арасында баш-аламандык өкүм сүрүп атат? Биринчиден, бул Билим берүү жана маданият министрлигинин жетекчилери таптакыр көңүл бөлбөгөндүктѳн, көзөмөлдүн жоктугунан улам келип чыгууда деп ойлойм. Мисалы, мен 1988-89-жылдары жаңыдан сахнага чыгып, ырдай баштаганымда ар бир концерттик мекемелердин алдындагы көркөм кеңештин мүчөлөрү «Бул кыздын музыкалык билими бар бекен? Үнү кандай экен?» дешип, атайын угушуп, жаккандан кийин сахнага ырдап чыгууга уруксат беришээр эле. Ал эми кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жаздырыш үчүн талап өтө күчтүү эле. Радионун алдында залкар музыканттар А.Жумакматов, К.Молдобасанов, Д.Жалгасынова жана башкалардан турган чоң көркөм кеңеш бар эле. Алар чечим чыгаргандан кийин гана ырдаган ырларыбыз «Алтын фондуга» кабыл алынчу, эфирден берилчү. Азыр анын бири жок. Мен барам, редактор менен сүйлөшөм, жаман ырдаймбы, жакшы ырдаймбы - акча төлөсөм болду. Эртеси эфирден ырдай баштайм. Менин оюмча мындай көрүнүштөргө жол бербешибиз керек. Ар бир ырдаган ырыбыз - биздин тарыхыбыз, руханий жан-дүйнөбүз. Ошондуктан, ар бир ырдаган ырыбыз улутубуздун жүзү болуш керек. Акыркы кезде Атай Огонбаевдин, Бектемир Эгинчиевдин ырларын жана элдик ырларды бузуп ырдоочулар көбөйө баштады. Андай ырчыларыбызга айтар элем, «мунуңар Атай, Бектемир аталарыбыздын арбактарына, көнөөрбөс мурастарына кол көтөрүү» деп. Эстрада ырчыларынын арасында компьютердин жардамы менен жасалган, чала сабат музыкант сөрөйлөрдүн эң бир жайдак, маңызсыз аранжирлештирилген (аспапка салынган) обондорун ырдоо модага айланды. Ал эми боордош Казакстанда чабал ырдагандарга эбак эле жол жабылган. Тартиптин, көзөмөлдүн жоктугунан «Кыргызстан обондору» радиосу саны бар, сапаты жок ырлардын уюгуна айланганына таң калам.

- Угуучулардын арасында «азыркы эстрада ырчыларынын репертуарлары начар, обонду, сөздү тандаганды билишпейт. Алар колдоруна тийген обондорду ырдай беришет, тарбиялык маанисине көңүл бөлүшпөйт» деген кептер көптөн бери байма-бай айтылып келет.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Бизде, биринчиден, автордук, аткаруучулук укуктар ойдогудай корголбой келет. Себеби, көпчүлүк ырчылар ырдаган ырынын обону, сөзү кимдики экенин билишпейт. «Ырдайт деген ушул экен» деп эле ырдай беришет. Аткарып аткан чыгармасынын обонуна, сөздөрүнүн маңызына түшүнүшпөйт. Мына ушундай кемчиликтердин кесепетинен начар обондуу ырлар сахналарда байма-бай ырдалып келатат. Жанагы жеңил-желпи ырлардын туткунунда калгандар обончу, акын менен иштешпейт жана иштешкилери да келбейт. 1970-80-жылдарда, биз бала кезде, саналуу гана ырчыларыбыз бар эле. Алардын ар бири угуучулардын жан-дүйнөсүн таап ырдашчу. Себеби ал кезде тартип күчтүү эле. Чыгармачылыкка өзгөчө көңүл бөлүнчү. Азыр болсо бизде тартип да, көзөмөл да, чыгармачыларды кабыл ала турган көркөм кеңеш да жок. Ошондуктан бизде ырчылар да, обончулар да, «өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илгендер да» көп. Ачык айтканда, кандай гана болбосун акча табуу болуп калды. «Пулуң болсоң кулуңмун» дегендей, биздин ырчыларга сапат эмес, пул болсо болду. Ошондуктан андайларга үндүн да, аткаруучулук чеберчиликтин да кереги жок.

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Үнү жок, обондору, «Мен сүйөм, сен келбейсиң. Өлүп баратам» деген шекилдүү, сөздөрү начар ырлар, чеберчилиги төмөн ырчылар Кыргыз телерадиокорпорациясына уялап алышкан. Себеби алардын акчасы бар. Ал эми КТРга сапат, чеберчилик дегендин кереги жок. Акчаң болсо каалагандай тартыласың, ырдайсың, рекламаңды бересиң. Кээ бирөөлөрүнүн атасы, энеси, агасы бай же демөөрчүсү бар. Ошондуктан экран да, сахна да, атак да, даңк да аныкы. Менин оюмча, тартип болмоюнча башыбыз бапан, аягыбыз сапан боло бермекчибиз.

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Мен курбум Жылдыздын айткандарына толук кошулам жана колдойм. Мен композиторлор, обончулар, кала берсе акындар менен тыгыз чыгармачылыкта иштешем. Музыканттарга аранжировкасына, ал турсун тигил же бул авторго калем акысын, студияга төлөп, кайра-кайра угуп, жакпаса кайра жаздырам. Айрымдар ойлойт, «жаттап алып ырдап койгондун кандай кыйынчылыгы бар» деп. Ар бир ишти күн тынымыңды, түн уйкуңду үч бөлө эмгектенбесең берекети болбойт. Баса, акыркы кездерде айрым шылуун ырчылар Жылдыздын, менин атымды «концертке катышат» деп биздин уруксатыбызсыз жарыяга беришет. Бул көз көрүнөѳ биздин атыбызды саткандык деп ойлойм. Ошентип, аткаруучулук укугубуз эч ким тарабынан корголбой келатат.

- Көпчүлүк эстрада ырчыларында табигый үн жок, эптеп-септеп эле фонограмманын күчү менен «ырчы-жылдыз» аталып жүрүшөт, эмне үчүн жандуу ырдашпайт? Жылдыз айым, сиздин оюңуз?

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Биринчиден, жеңил-желпи ырларды аткарган ырчыларда үн, аткаруучулук чеберчилик жок. Ачык айтканда, акча табуунун амалы. Менимче андай чабал ырчыларыбыз эптеп эле угуучуларды алдап, бекер акча табуунун кыныгына баткандар.

- Кандай шарт түзүлгөндө кыргыздын эстрада ырчылары дүйнөлүк эстрада ырчылары менен ат салыша алат?

ЖЫЛДЫЗ ОСМОНАЛИЕВА:
- Мен эл аралык, чет өлкөлөрдө өткөн фестивалдарга, сынактарга барганда биз менен жердештерибиз да барып калышат. Ошондо уялбагандан өзүң уяласың. Репертуарларынын сапаты жок, өздөрү саксайган, үндөрү жок. Ырдаган ырларынын аранжировкалары чабал, жайдак. Эптеп эле 500 сомго музыкалаштыра салган супсак ырларды аткарышат. Эми андай ырчыларыбыздын аттарын атабай эле коеюн. Ал эми казак, өзбек ырчыларынын алдында уялганыбызды айтпа. Менимче кыргыздын атын, арнамысын булгадык деп ойлойм.

- Гүлнур айым, сиз кандай дейсиз?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
- Кептин ачыгын айтсам, Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан бизге колдоо көрсөтүлбөйт. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин өз арабабызды өзүбүз айдап келебиз. Эл аралык фестивалдарга катышыш үчүн демөөрчүлөрдү өзүбүз табабыз. Барбаган жерибиз, кирбеген эшигибиз калбайт. Эмне үчүн? Себеби, кыргыздын туусун көтөрүп, кыргыздын намысын алып келсек деген аракетте бутубуз үзүлгөнчө чуркайбыз. Акыбетибиз кайтса ушунчалык кубанычтын кучагына батабыз. Ал эми Өзбекстандын, Казакстандын ырчылары эл аралык фестивалдарга, сынактарга барышканда 5-6 киши менен келишет. Бирөөсү продюсери, бирөөсү макияжын жасаган стилисти, демөрчүлөрү коштоп, ырчысын алдейлеп жүрүшөт. А биз болсок жетим баладай жалдырап барып, бечера кейпин кийип келебиз. Билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан эч кандай жардам болгон эмес, болбойт дагы деп ойлойм. Анан кантип кыргыздын эстрада ырчылары дүйнөлүк ысымдагы жылдыздар менен ат салыша алат? Эгерде кыргыздын намысын дүйнөлүк аренада коргогубуз келсе, бир адамдай жапа тармак иштешибиз керек. Ошондо гана кыргыз эстрадасы дүйнөлүк угуучулардын ынтаасына татымакчы.

АСКАР АКАЕВ БААТЫРЛЫК НААМГА ТАТЫКТУУБУ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек http://gdb.rferl.org/AD2E3965-B917-46AD-9E96-484DEFB39F87_w203.jpg Ош облусунун ишкерлери жана бир катар мекемелери президент Акаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наамды ыйгаруу демилгесин көтөрүп чыгышты. Айрым оппозициячыл саясатчылар муну бийликтин деми менен атайын уюштурулган иш-чара деп караса, кээ бири кадыресе кошоматчылык катары баалашууда.

Президент Аскар Акаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарып, «Акшумкар» төш белгиси менен сыйлоо демилгеси өлкөнүн түштүк дубандарынан чыкты. Ош облусунун ишкерлер ассоциациясы, аялдар конгресси жана Кыргызстан элдери ассамблеясы Аскар Акаев элге кылган кызматы үчүн жогорку наамга татыктуу дешет. Жогорку Кеңешке кайрылуу даярдаган демилгечи топтун арасында «Жаңы кыймыл», «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партияларынын өкүлдөрү да бар.

КДК партиясынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы Аманбай Сатибаев Аскар Акаевге Эл баатыры наамын берүүнү биринчи болуп сунуштаган. Анын бир жыл илгери айтылган сунушуна Аксы окуясы тоскоол болгон. Өлкө башчысы баатырлык наамга татыктуулугун Сатибаев мырза мындайча негиздейт:

- Аскар Акаев ГКЧП окуясында дароо өз жообун айтып, көрөгөчтүгүн көргөзгөн. Коңшу мамлекеттердин каршылыгына карабай сомду өз убагында киргизди. Учурдагы жер реформасы башка өлкөлөргө үлгү болууда. Ал эми адам укугунун сакталышы жаатында кандай чоң иштерди жасоодо. Аскар Акаевичтин ар бир кылган иши баатырлык наамга татыктуу. Манастын 7 осуятын бул киши кылдат сактайт. Манас баатыр болгондон кийин, биздин туңгуч президентибиз да бул наамга татыктуу деп ойлойм.

КДК партиясынын лидери Жыпар Жекшеев Оштогу кесиптештери көтөрүп чыккан маселеден кабары жок экен. КДК партиясынын мындай демилге менен чыгуу ниети жок болчу, - дейт Жекшеев мырза:

- КДК партиясынын бул сунушка тиешеси жок. Сатибаев бул оюн инсандык демилгеси катары көтөрсө болмок. Бул партиянын уставына да, жоболоруна да дал келбейт. Кыргызстанды карызга батырганы үчүн баатыр кылабызбы, өз атуулдарын аттырган үчүнбү, же болбосо жан бага албай чет мамлекетте тентип жүргөн миңдеген кыргыздар үчүнбү? Эларалык уюмдар эскертип аткандай, товар болуп сатылып күңгө айланган кыздарыбыз үчүн ушундай наам берет белек.

Оштук ишкерлер менен бир катар мекемелердин А.Акаевге мамлекеттик наамды ыйгаруу демилгесин Жалалабад дубанында да колдоп аткандар бар. Жалалабад облус губернаторунун орунбасары Бахтияр Салиевдин билдиргенине караганда, «эл жапырт колдоп алчу бул демилгени кабыргасынан коюп Жогорку Кеңешке кат жөнөтүүгө кам урушууда»:

- Мындай наамды Өзбекстандын президенти биринчи алды, Түркмөнстандыкы да элден мурун алды. Аскар Акаевичке бул наамды эчак бериш керек болчу. Бул ойду түштүк облустардын эли бүт колдойт.

Кыргыз өкмөт мүчөлөрү президент Акаевге баатырлыкты берели деген пикирлерди жылуу кабыл алышты. Министрлердин арасында Акаев мырзанын эгемендиктин алгачкы жылдарында өлкө үчүн кылган эбегейсиз эмгеги туурасында узун сабак сөздөр арбын. Социалдык коргоо жана эмгек министри Роза Акназарова Аскар Акаев Кыргыз Республикасынын Баатыры болууга татыктуу деп ырастады:

- Эмне үчүн татыктуу эмес экен? Татыктуу. Кыргызстанды бүт дүйнө жүзүнө таанытты. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУда белгиленээри да Аскар Акаевичтин эмгеги.

Албетте, мындай күтүүсүз окуя ириде оппозициячыл саясий күчтөрдү дүргүтүп салды. Биринин кыжыры келип, дагы бири бийлик тарабынан чүргөлүп аткан атайын иш-чара катары көрсө, айрымдары какшык менен кабыл алышууда. Депутат Дооронбек Садырбаев өлкө башчысынын баатырлык наам алышына анча деле тетирленбейм деп какшыктап айтты.

Түштүктөн шайланган депутат Дүйшөнкул Чотонов мындай демилгени түштүк дубандардын калкы бүт көтөрүп атат деп айтуудан алыс. Депутаттын оюнда, бирин-экин мекемелер жана саясий партиялар элдин атын жамынууда.

Жогорку Кеңешке Аскар Акаевге Эл Баатыры наамын ыйгарууну көтөрүп чыккан чогулуштун кагаздары келип түшкөн. Бирок, депутат Адахан Мадумаров «1200 киши катышты» делген жыйындын болгонуна деле көзү жетпейт:

- Мындай чоң чогулуш болгон эмес. Жети-сегиз киши бир бөлмөдө отуруп алып бийлик менен чогуу чечип койгон. Эми бул кишилердин деле мындай сунуш айтууга укугу бар. Баатырлык наамды Президент өзү ыйгарат. Эгер кааласа өзүнө өзү баатырлык наам бере берсин.

Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы буга чейин Президенттин жардыгы менен дирижер Асанкан Жумакматовго, жазуучулар Түгөлбай Сыдыкбеков менен Чыңгыз Айтматовго, космонавт Салижан Шариповго, сахна чебери Сабира Күмүшалиевага , айкелчи Тургунбай Садыковго, саясий ишмер Турдакун Усубалиевге берилген.

КЫРГЫЗСТАН БОРБОР АЗИЯНЫН МААЛЫМАТТЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ ЧОРДОНУНА АЙЛАНА АЛАБЫ?

Бүгүн, 26-апрелде, Бишкекте «Жогорку билим берүү:проблемалар жана келечек» аттуу республикалык кеңешме болду. Анда жогорку билим берүү көйгөйлөрү козголуп, президент Аскар Акаев жогорку билим берүүнү мындан ары жакшыртуу багыттарын белгиледи. «Сандан – сапатка» деген эски ураан өлкөдө дагы эле заманбап бойдон кала берүүдө.

Бүткүл өлкө деңгээлиндеги кеңешме жогорку билим берүүнүн учурдагы жетишкендиктери менен кемчиликтерин, келечек багыттарын аныктоо милдетин алдыга койду. Ага өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайлардын жетекчилери катышты. Кеңешмеде сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев кийинки жылдарда жогорку окуу жайлардын саны көп болгон менен сапаты төмөндөп кеткенин айтты жана алдыга жылуу үчүн жогорку билим берүүнүн келечектүү деген үч багытын белгиледи. Акаевдин айтымында, анын биринчиси – маалыматтуулук деңгээлин жогорулатуу:

- Биринчиси, бул дүйнөдө массалуу маалыматтуу коом деп аталган деңгээлге жетүү үчүн маалыматтуулук маданиятын калыптандыруу. Биз бул жаатта өтө ыкчам жана жакшы өнүгүп жатабыз. Анткени, Кыргызстан КМШдагы мамлекеттердин ичинен 1000 адамдын Интернет байланышын колдонушу боюнча алдыда баратат.

Биз Кыргызстанды маалымат технологияларынын борборуна айлантуу жана Борбор Азия аймагында маалыматтык кызмат көрсөтүү максатын алдыга коюшубуз керек. Бул жерден жогорку окуу жайлардын милдети бир канча багытта болот. Анын эң башкысы - кандай адистикке окуп жаткандыгына карабастан ар бир студентти жана бүтүрүүчүнү жогорку маалыматтык технологияга жана аны турмушта колдоно билүүгө үйрөтүү.


Акаевдин оюнча, жогорку окуу жайлардын алдына коюла турган экинчи милдет - мыкты инженердик кадрларды даярдоо:

- Эгер биз жогорку билим берүү өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымын кошсун десек, бул маселени түп- тамырынан бери өзгөртүшүбүз керек. Анткени, бул тармакта билим берүүнүн деңгээли кооптонууну жаратып жатат. Маселен, быйыл окууну бүтүрүп жаткан инженерлердин саны жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 7,4 гана пайызын түзөт экен.

А.Акаев азыр көп тармактарда инженердик кадрлар жетишпей, тескерисинче, юрист, экономист адистигин алган жаштардын саны өтө көбөйүп кеткендигин баса белгиледи. Анын айтуусу боюнча, быйыл Кыргызстанда юрист деген адистикти алуу үчүн 22 миң студент окуп жатат. Бирок, аларды сурамжылай келгенде, студенттер юридикалык илимдин кандидатынын же докторунун бир дагы дарсын укпагандыгын айтышкан. Ушундан улам президент бул жаатта билим берүү багытын тезинен өзгөртүүнү алдыга милдет кылып койду.

Ал эми үчүнчү багыт деп президент Акаев инновациялык маданиятты – жаөыны ойлоп таап, турмушка ашырууга дилгирликти калыптандыруу, илимий изилдөө менен билим берүүнү эриш-аркак алып жүрүү милдетин атады:

- Жогорку билим берүү тармагы боюнча мамлекеттин жүзүн көрсөтө турган багыт – бул инновациялык маданиятты калыптандыруу. Кыргызстан толук аралашууну максат кылып жаткан Болониялык процесстин түпкү максаты - жогорку квалификациялуу адистерди гана эмес, эң ириде инженердик багыттагы инноваторлорду даярдоо. Ошон үчүн бизге инноватор адистер, анын ичинде инновацияны кабыл алууга жана аны турмушта колдонууга жөндөмдүү инноватор инженерлер керек. Андай болбосо азыркы рынок заманында адистер өзүнүн адистиги боюнча мансапка да жетпейт, мамлекетке да пайда алып келе албайт.

Аскар Акаев жогорку окуу жайларда илимий-изилдөө иштерин күчтөндүрүү жана ага студенттерди көбүрөөк тартуу зарылдыгын баса айтты.

Президенттин пикиринде, бул багыттарды ишке ашыруу үчүн чет элдик донор мамлекеттердин мүмкүнчүлүгүн кеңири пайдалануу керек жана ар бир окуу жай даяр нерсени гана кабыл албай, өзүлөрү далалаттанууга тийиш. Маселен, информациялык маалыматтуулуктун натыйжаларын Жапония менен Финляндия мыкты колдонгондуктан, алардын үлүшү ички дүң продуктунун ири бөлүгүн түзөт. Демек,жаратылыш ресурстары чектелүү Кыргызстандын өнүгүүсүнүн натыйжалуу бир багыты ушул болушу зарыл.

Кыргызстандагы тоо-кен металлургия институнун ректору Кубат Осмонбетовдун айтымында, президент инженердик кадрларды даярдоо проблемасын таамай көтөрдү жана аларды даярдоого өзү жетектеген окуу жайда материалдык -техникалык база жана окутуучулардын деңгээли жетиштүү:

- Бүгүнкү коюлган маселе абдан туура, мен колдойм. Бизде илимдин 25 доктору, 60 кандидаты, лабораториябыз бар. Окуу жайда инженерлерди даярдоого толук мүмкүнчүлүнүбүз жетиштүү.

Ал эми Бизнес жана башкаруу академиясынын ректору Касийра Назарматова президенттин юрист жана экономист адистигине окуган студенттердин санын азайтуу керек деген сунушуна макул. Анын оюнча, көп көйгөйлөр окутуучу адистердин сапатын арттыруу менен гана чечиле алат.

РАМАЗАН ДЫРЫЛДАЕВ: «БИЙЛИК МЕНИН АРАКЕТИМДИ ООЗДУКТОО МАКСАТЫНДА МУРДАГЫ КЫЗМАТКЕРЛЕРИМДИ МАГА КАРШЫ ТУКУРУП ЖАТАТ»

Кыяс Молдокасымов, Бишкек шаары 16-апрелден бери Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин жетекчиси Рамазан Дырылдаевге нааразы болгон комитеттин мурдагы кызматкерлери кайрылуу менен чыгышып, маалымат жыйындарын өткөрүп келишет. Ал эми Рамазан Дырылдаев өзү Бишкекте жашыруун баш калкалап, өз ишмердигин улантууда. Кабарчыбыз Кыяс Молдокасымов жума күнү ага жолугуп, анын айланасында жүрүп жаткан чуулгандуу окуялар тууралуу айтып берүүсүн өтүнүп кайрылган.

- Рамазан мырза, Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин тегерегинде жакындан бери чуулгандуу саясат жүрүп атат. Ошол боюнча сиздин пикириңизди уксак?

- Мен бул жөнүндө өзүбүз берген арызда, биздин башкаруу мүчөлөрүнүн көпчүлүгү кол койгон арызда айткам. Мени, биздин комитетти бийлик куугунтуктоону көп жылдан бери жасап келүүдө. Мына ошол биз берген арызыбызда жазылып жүрөт. 1998-жылы биздин комитетти каттоодон чыгарып таштаган. 1999-жылы эларалык коомчулуктун күчү менен кайра катташкан. Боталиев ошол кезде биздин мурунку кызматкерлердин арыздары менен мени жоопко тартканга аракет кылган. Андан кийин Елисеев чыкты. Ойлоп көрөлү, ушуну уюштуруп жүргөндөрдүн бири Качкын Булатов былтыр май айында 15 сутка отурган. Биз ишенгенбиз. Ошондон кийин бир жылга жакын биздин офисте отурду. Эч нерсе иш деле кылган жок. Ал Нарын облусун тейлейт. Биз айттык «Нарын облусун тейлегенден кийин, ошол жактагы иштерди уюштурушуң керек» деп, маселени бир топ жолу көтөрдүк. «Жок. Мен барсам эле мени кагып коёт» дейт. Суроо туулат. Эгер ошол жакта үстүнөн иш козголуп, жанагындай куугунтукта болсо, анда бир жылдан бери офисте эле отурат, келип алып кетпейт беле. Алып кеткен жок. Демек, бул башка бир ой менен отурат бул жерде. Экинчиси, 26-мартта Момбеков, Булатов дагы 2-3 белгисиз кишилерди ээрчитип келип биздин офистеги компьютер, принтердин баарын чыгарып алып кеткенге аракет кылат. Ошондо биздин Масакеева деген кызматкерибиз бөлөк кызматкерлерди чакырып, эптеп алып калат. Мына ошол иши үчүн Булатовду буйрук менен 31-мартта бошотуп таштагам.

- Сиздин колуңузда буйрук турат турат. Анда 31-мартта бошотулду деп турат. Ошондон бери Качкын Булатов Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинде иштебейби?

- Ошондон тартып Качкын Булатов Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин атынан сүйлөгөнгө акысы жок. Ал болсо эмне кылып жүрөт бүгүнкү күндө? Өзүн координатор деп жазып алып, биздин бланкты пайдаланып, бизди, мени жамандап, материалдарды таратып жүрөт. Мен көрдүм ал материалды, кайдагы бир официалдуу эмес кагаз экен. Ал жерде менин, бухгалтердин колу жок, мөөр жок. Мен билбейм аны кайдан алганын, балким өзү жазып алгандыр.

- Рамазан мырза, сөзүңүзгө аралжы, кагаз боюнча. Ошол Качкын Булатов тараткан кагазда «Рамазан Дырылдаев Американын 460 миң долларын алып, аны өз кызыкчылыгына пайдаланып жүргөн» деген билдирүү таркатып атат. Мына ушуга да өзүңүздүн пикириңизди айта кетсеңиз?

- Америкадан 460 миң доллар алсам Кыргызстанга келип түшүш керек эле ал акча. Кыргызстандагы менин банктагы эсебимдин баарын сот аркылуу жаптырып таштаган. Ал эми бөлөк өлкөдө мага ким эсеп ачып бермек эле? Каяктагы 460 миң доллар? Анча-мынча гранттарыбыз бар. Аны иштетип атабыз. Жакында эле Европалык парламентте 12-февралда угууга катыштык. Ал жерге атайын чакыруу менен Аскар Айтматов экөөбүз гана чакырылганбыз. Мен Европарламентке сунуш киргизип, оппозициядан Бекназаровду, башка кишилерди чакыргыла дегенден кийин бийликтегилер билип алып Осмонакун Ибраимов менен Курманбек Осмонов түнү менен ошол жакка баруучу учактарга отуруп жетип барган. Себеби, 2-февралда болгон окуяны эптеп-септеп биз да сүйлөп, кичине нейтралдаштыралы деген ой менен, ошолорду жаап-жашыралы, калпты айталы деп барышкан. Мына муну мен жасап аткан иш, аны Булатов жасаган жок, анын колунан да келбейт.

Рыскелди Момбеков болсо өз колу менен арыз жазып кеткен. Ал биздин бланкка кат жазып, «мен Талас боюнча координатормун» деп, жердин баарына жайып, жамандап жүрөт. Ошол эле Тыналиев бир жыл мурун мен жокто келип, «мени түрмөгө камаганы жатат, мен силерге иштей албайт экемин» деп жалынып-жалбарып суранып кеткен. Эми ошолор мени жаманатты көрсөтүп атышат. Биз эл үчүн күрөшүп атсак, тоскоол кылып аткан кишини эмне деп айтса болот? Булар кимге кызмат кылууда? Булар бир сомго шантаж кылат. Биз дейт бул цифраларды көтөрүп алып, прокуратурага, УККга барсак, бизди кучак менен кабыл алат. Себеби, биздин бийликтин Дырылдаевге кандай мамиледе экенин бүт баары билет деп шантаж кылып атышат. Биз андай шантаждан коркпойбуз.

- Жакында эле эларалык айрым уюмдар, Кыргызстанда Рамазан Дырылдаевди кайрадан куугунтука алып, абакка камоого аракеттер болуп атат деген атайын билдирүү таркатты. Мына ушул билдирүүнүн канчалык чындыгы бар?

- Мен кээ бирлерин айтып берейин. Бул жерде менин иним бар. Ошол инимдин тегерегинде дайыма спорттук дене түзүлүштөгү кишилер аңдып турушат эки-үч жумадан бери. Баягы күнү үйүнө барып койдум эле, ошондон бери аңдып калды. Андан башка менин 2-3 кызматкерлерим бар. Мурун мени менен иштеген кишилерге барып, «баягы Дырылдаев менен байланышың барбы? Кайда, качан келет, кайсы жол менен келет?» деп сурамжылап атышат. Андан башка квартирамды аңдып турушат көп убакта. Анын баарын биз сүрөткө тартып алган жерлер бар. Ошонун баары кол салуу. Ошонун бары жанагы арызга негиз.

- Бүгүн расмий түрдө тартип коргоо органдарынан сизди атайын чакырган кат келдиби?

- Азырынча келе элек.

- Рамазан мырза, эми сиздин мындан аркы аракеттериңиз кандай болмокчу?

- Мен эч качан тайбайм адам укугунан. Ошондуктан биз бүгүн Кыргызстанда ар бир болуп аткан кыймылды, адам укугу жагынан анализдеп, көзөмөлгө алып турабыз. Кыргызстан кайсы жол менен баратканын эларалык коомчулук менен биргелешип изилдейбиз.

ЧЕРНОБЫЛЬ КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛГОНДОРДУ ЭСКЕРҮҮ МИТИНГИ ӨТТҮ

Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Бүгүн Чернобыль атом электр станциясындагы жарылууга 17 жыл толду. Бул күнү Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынын кесепетинен каза болгондорду эскерүү жыйыны өттү. Жарылуудан кийинки иштерге 2 миң 300дөй кыргызстандыктар катышып, алардын 500дөйү 50 жашка чыкпай, каза табышкан. Көзү тирүү калган бир жарым миңдей адамга мамлекет тарабынан колдоо болуп келатканына карабай, алардын дээрлик баардыгы денсоолуктун азабын тартып келатышат.

1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын Чернобыль атом электр станциясындагы жарылуунун каскагы калган башка совет республикалары сыяктуу эле кыргызстандык миңдеген үй-бүлөлөргө да көз жаш алып келген. Чернобыль алааматын жоюу иштерине мурдагы Советтер Союзунун республикаларынан бардыгы 860 миң адам катышкан. Кыргызстандан Чернобылга барган 2300дөй адамдын 500дөйү 50 жашка жетпей эле каза табышкан.

2001-жылы Бишкектеги Фучик гүлбагында Чернобыль алааматынан каза тапкандарга эстелик коюлган. Ар бир жылдын 26-апрелинде бул жерге Чернобылдан айыккыс дартка кабылып, каза тапкандарды эскеришип, гүл коюшат.

Бишкек шаар бийлиги казынадан 240 миң сом чегерип, уюштурган бүгүнкү эскерүү митингине 250дөй адам катышты. Митингди ачкан Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкулов Чернобыль алааматы жалпы адамзаттын трагедиясы болгондугун белгилеп, шаар бийлиги «чернобылчыларга» кандай жардам көрсөтүлүп келатканына токтолду:

- Бишкекте жашаган 359 адамдын 212 майып. Ал эми 14 үй-бүлө атасыз калды. Шаар бийлиги «чернобылчылардын» жашоо-тирлигине колдон келишинче каралашып келатат. Жыл сайын бул максатка 650 миң сомдой каражат жумшалат. Албетте, бул акча жетишсиз. Бирок шаар бийлиги кошумча каражаттарды издөө максатында бардык күч-аракетин жумшап келатат.

Андан кийин сөз сүйлөгөн Украинанын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчисинин кеңешчиси Владимир Соловей Украинанын атынан Чернобыль кырсыгы болгон ал оор күндөрдө жардамга келген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирип, каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

Эскерүү митингинде Чернобылдын кесепетинен ден соолугунан ажырап каза болгондордун урматына асманга 3 ирет ок атылып, кайгылуу музыканын коштоосунда эстеликке гүл коюлду.

Украинанын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчисинин кеңешчиси Владимир Соловей
эскерүү митингинен кийин көзүнө жаш алып туруп: «Чернобыль алааматынан жалпы адамзат сабак алышы керек, мындай кырсык экинчи кайталанбасын» , - деди:

- Чернобыль - бул жалпы адамзаттын кайгысы. Айрыкча анын оор жүгү Украинанын мойнуна түштү. Акыркы 10 жылда Украина Чернобылдын көйгөйү менен жалгыз өзү кармашып келатат. Кырсыктын кесепетин жоюуга жыл сайын, күн сайын казынадан каражат бөлүнүп келатат. Айта кетүүчү нерсе, акыркы 17 жылда ал иштерге 130 миллиард доллар сарпталды. 163 айылдын жана шаарлардын 163 миң калкы башка жактарга көчүрүлдү. Муну менен эле анын маселеси чечилип калбайт. Алааматтын азабын биздин балдар да тартаары бышык.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги тараткан маалыматка караганда, Чернобылдагы кырсыктан үч жарым миллион украиналыктар жапа чеккен. Өлкөнүн 10 пайыз аймагы радиацияга чалдыгып, миңдеген гектар айдоо аянттары жарактан чыккан. 2000-жылы 15-декабрында Украина Президенти Леонид Кучма Чернобыль атом электр станциясын биротоло токтотуу тууралуу чечим кабыл алган. Эсептөөлөргө караганда, Чернобыль алааматын биротоло жоюуга дагы 670 миллиондой АКШ доллары керек.

1987-жылы №110-аскер прокуратурасынын курамында Чернобылда кызмат өтөгөн азыркы Кыргыз Республикасынын аскер прокурору, полковник Кубатбек Кожоналиев «Азаттыктын» кабарчысына эскерүү митингисинен кийин буларды айтты:

- Бүгүнкү эскерүү митинги Чернобылга баргандардын саны жыл сайын суюлуп баратканын дагы бир ирет эсибизге салып койду. Мамлекет тарабынан камкордуктар көрүлүп эле жаткансыйт, бирок, ажалдан арачалап калыш кыйын экен. Өкмөттүн жардамы демекчи, жакында эле гематология борборунда «чернобылчыларды» дарылоочу бөлүм ачылды. Төөашууда болсо дарылоочу борборо ачылды.Бул да болсо бизге бурулган көңүл деп ойлойм.

Мамлекет тарабынан Чернобылга баргандарга бир катар жеңилдиктер каралган. Ошого карабай, «чернобылчылар» соңку учурда Бишкек шаарындагы унаада бекер жүрүү мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калышкан.

- Шаар бийлигинин карамагында турган «чернобылчылардын» саны көп деле эмес экен. Бир топ эле маселени чечип келатышыптыр, жол киресин деле бекер кылып коюшса болмок экен, - дейт полковник Кубатбек Кожоналиев.

23-апрелде Кыргыз улуттук гематология борборунда Чернобылдагы радиациядан жапа чеккендерди дарылоо бөлүмү ачылды.

- Ал жерде «чернобылчылар» акысыз ден соолугун чыңашат. Өтө начарлап кеткендерин өзүнчө бөлүп дарылап турууу максатында Төөашууга Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин күчү менен станционардык станция ачтык, - деди Кыргыз улуттук гематология борборунун жетекчиси Абдухалим Раимжанов.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, радиациянын залакасы 3-4 муунга чейин тиет. Ошондон улам, Кыргызстанда Чернобылга барган адамдардын 1,5 миңдей балдары дарыгерлердин дайымкы көзөмөлүндө турат.

ИЖАРАГА БЕРИЛГЕН «КАРАШОРО» КОРУГУ, КОРРУПЦИЯ ИКАЯСЫ, АКАЕВДИ ДАГЫ БИР МӨӨНӨТКӨ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ КАЛТЫРУУ ДЕМИЛГЕСИ

Бекташ Шамшиев, Бишкек шаары Айтылуу “Карашоро” узак жылга ижарага берилгени, коррупцияга каршы күрөш улантылары, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кыйла кылымдык тарыхы, республикадагы саясий, экономикалык жаңылыктар мезгилдүү басылма беттеринде кандай чагылдырылып жатканы жайында Бекташ Шамшиев кененирээк айтып бермекчи.

“Карашоро” жайлоосунун 404 гектир жери райондук жетекчиликтин уруксаты менен жергиликтүү ишкерге 50 жылга ижарага берилгенин айтып Өзгөн районунун 300 ашуун адамы республиканын жогорку бийлик өкүлдөрүнө кат жазышканын жума күнкү “Моя столица” гезити жарыя кылды. Улуттук парктын статусундагы коргоодогу жердин жеке колго өткөнүнө нааразы болгон калк маселе мыйзамдык негизде чечилбесе коруктагы жерди күч менен кайтарып алууну эскертишкени маалымдалат.

Ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстандын Омбудсмени Турсунбай Бакир уулу иш башталгандан бери 600 арыз түшкөнүн айтат. “Акүйдүн» өкүлдөрү менен кайсы бир гезитке байланыштуу чоң чатак чатак чыкканы туру,- дейт Турсунбай Бакир уулу.- Жасалма документтердин жардамы менен ал гезит кызматкерлеринин укугун бузушкан”. “Кайыңды-Кант” акционердик коомуна инвестиция тартууну көбөйтүү максатында өкмөт тендер жарыяланып аны кантип “Перидот-Анштальт” жоопкерчилиги чектелүү коому ээлеп калганы Геннадий Кузьминдин “Корупцияга тийбегиле!” деген макаласында козголот.

Президент А.Акаев 2010-жылга - комплекстүү өнүгүү программасын жүзөгө ашырганга чейин бийликтен кетпей отурушун өтүнгөн кайрылууну студент жаштардын Ош форумунун катышуучулары жума күнкү «Кыргыз туусу» гезити аркылуу жарыя кылышты. Жаш лидерлердин айтымында, А.Акаевдин дагы узак жылдар президенттик кызматта калышы “кыргыз элине, Кыргызстандын элдерине өтө зарыл”.

Жума күнкү “Эркинтоо” гезити Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкуловдун жолдорду оңдой баштаганын баяндаган макаланы жарыялады. Басылмада Ош облус губернатору Накен Касиевдин маегине орун берилген. Облус баштыгы өзү түзгөн «Элет» партиясы айылдардын социалдык проблемаларын чечүү, улуттук генофондду сактоо үчүн аракет жасай тургандыгын ачыкка чыгарган.

Апта соңундагы “Заман Кыргызстан” гезитинде парламент депутаты Кубатбек Байболовдун мунапыс мыйзамы тууралуу пикири жарыяланды. “Эгемендүүлүктүн 13 жылында 14 ирет мунапыс берилди. Биз кылмыш жасагандаргабы же коомдогу тынч жашап жаткандарга гумандуубузбу, алгач ошону талдап алышыбыз керек”,- дейт мыйзамчы депутат. Ушул эле гезитте “кыргыз” деген аталыштын 48 версиясы тууралуу тарыхчы Кабылбек Жумабаев ой жүгүртөт. Кытай жазма тарыхында кездешчү гянгунь, жанкүн, гягяс, шагаси , ал эле эмес ушу тапта якут менен хакастар арасында аталып жүргөн кыргыс, кыргу деген сөздөрдүн текши баары байыркы элдин түпкү аталышы.

Кыргыздардын дүйнө таанымы, жашоо ыңгайы тууралуу жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Эрлан Сатыбеков ой жүгүрткөн. Автордун оюнча, жанындагы калктарга салыштырмалуу кыргыздардын демократияга эрте ыңгайлашкандыгы анын жашоо ыңгайы менен шартталган. Уруу, журт башында аксакалдар менен сөзү өтүмдүү адамдар турушкан, кыргыз аялы эч качан жүзүн жапкан эмес.

Жума күнкү “Агым” гезитинде Акылбек Аалынын түндүк-түштүк проблемасын козгогон курч макаласы, жазуучу Бакай Сексенбаевдин мамлекеттик катчынын маданияты кандайлыгын тастыктаган сын пикири, ага улай Абдувахаб Мониевдин “Кыргызбай, сен кай “элденсиң”? публицистикалык ой жүгүртүүсү жарыяланган. А.Мониевдин айтымында, ушу тапта кыргыз коомундагы олуттуу саясий күч интеллигент атын алып жүргөн бюжетчилер эмес. Кийинки кездери саясий тирешке айылдык карапайым дыйкан-малчылар арбын чыгышууда.

“Бишкек таймс” гезити жума күнкү санында чет элдик атуулдардан Кыргызстан тууралуу пикирин сураган. Казакстандык Ляззат Кожоматованын айтымында, кыргыз жаштарынын көбү эне тилинде сүйлөй алышпайт. Мына ушул кичинекей нерседен чоң мамлекеттин келечеги аксап турат, дейт ал.

Орусиянын маалымдоо каражаттары Кыргызстанды толук ээлеп алганы, алардын бир жактуу позициясын ээрчигендер бул жерде арбын экендиги Эдил Байсаловдун ишемби күнкү “Демократ” гезитиндеги макаласында баяндалат. Орусиянын Кавказдагы саясатын айыптап жыйын чакыргандар негедир көрүнбөйт. АКШнын Иракка каршы урушун айыптап, атайын жыйын уюштургандар ал тууралуу унчугушпайт, дейт Э.Байсалов.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG