Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 05:37

Кыргызстан

ӨЛКӨДӨ КЫЛМЫШТУУЛУК КҮЧӨП БАРАТАТ, БИРОК СТАБИЛДҮҮЛҮК БАР

Сапар Орозбаков, Бишкек Шейшемби күнү Эл өкүлдөр жыйыны өкмөттүк күн өткөрдү. Депутаттар республикадагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун абалы жана аны турукташтыруу боюнча көрүлгөн аракеттер туурасында вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун, ички иштер министри Бакирдин Субанбековдун, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевдин жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Токон Мамытовдун баяндамасын угушту.

Вице-премьер-министр Курманбек Осмоновдун айтымында, Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган фактор сыртта эмес, ичте: «Өкмөт жүргүзгөн өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын анализи коомдук коопсуздукка жана стабилдүүлүккө олуттуу коркунуч туудурган диний экстремизм, терроризм, криминалдык элементтер жана уюшкан кылмыштуулук экенин көрсөттү».

Өткөн жылдын декабрында «Дордой» соода комплексинде жардыруу болгон. Быйыл май айында Оштун акча алмаштыруу жайында адам өлтүрүлгөн. 27-мартта Торугарт-Бишкек жолунда көптөгөн адамдар өлтүрүлгөн. Жалалабадда облустук жана шаардык ички иштер органдарындагы табелдик куралдарды кылмыштуу топ ээлеп алып, ээн-эркин жүргөн. Мунун баары - Кыргызстанда кылмыштуу топтордун кескин күч алып кеткенинин күбөсү.

- Уюшкан кылмыштуулук тартип сактоо органдары адамдардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгын гана эмес, өз коопсуздугун коргоого да алсыз экенин көрсөттү, - деди Курманбек Осмонов.

Анын айтымында, коомчулукту чуру-чуу түшүргөн «Турбазадагы» өрт, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловго кол салуу, Торугарт–Бишкек жолундагы кыргын, корей ишкерлерин өлтүрүү жана депутат Исмаил Исаковго каршы жасалган хулигандык - укук коргоо органдарынын бардык аракетине карабай, ушу убакка чейин бети ачыла элек. Бирок бул «өлкөдө стабилдүүлүк жок» деп айтууга негиз бербейт, - дейт Осмонов:

- «Стабилдүүлүк жок» деп айтууга негиз жок. Бүгүнкү күнү абал стабилдүү эле. Жалалабаддагы болгон окуялардын таасири жоюлду. Кылмышкерлердин баары кармалып, иши сотко өткөрүлүп берилди. Аны эске албаганда, абал стабилдүү.

Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков быйыл кылмыштуулук 0,8% азайганын билдирди. Азыр жогоруда айтылган кылмыштардын бетин ачыш үчүн Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы биргелешкен тергөө тобун түзүшкөн.

- Республикада жакында болуп өткөн кылмыштардан улам биз - Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлиги - мамлекет жана эл астында уят болуп калганыбызды сезип турабыз. Ошондуктан биз бир нече иш-чараларды кабыл алдык. Анын негизинде айрым кылмыштар ачылды. Биз 23-июнда 3 системанын бириккен коллегиясын өткөрдүк. Бул практикада биринчи ирет болуп жатат. Биз коллегияда 3 системанын дайыма иштей турган тергөө тобун түздүк. Ал кылмыштар боюнча божомол да жасайт, анын бетин да ачат, - деди башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев.

Курманбек Осмоновдун жана Бакирдин Субанбековдун айтуусу боюнча, азыр Ички иштер министрлигин реформалоонун концепциясын иштеп чыга турган атайын топ түзүлдү. Өкмөт бул реформага көп үмүт кылат. «Бул реформа болжол менен 1-1,5 жылдан кийин өз жемишин берип калат», - деди Курманбек Осмонов. Бүгүн бул маселени депутаттар карап бүтө алышкан жок. Эртең Эл өкүлдөр жыйыны талкууну улантат.

ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН КОЛ ТИЙБЕСТИГИ, БИЙЛИКТЕ УЗАК ТУРУУНУН КЕСЕПЕТИ

Президент болгондорго көрсөтүлчү сыйургалды аныктаган жаңы мыйзамды депутаттар талкуусуз кабыл алышты. Казакстанда иштеп жүргөн эмгек мигранттарын казак бийлиги күч менен Кыргызстанга таштап кетти. Улуттук патриоттукту туу туткан илимсымак ой жүгүртүүлөрдүн артында кандай кызыкчылык башбактап турат?

Аскар Акаев непадам кызматтан кетчү болсо, аны канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, мамлекеттин эсебинен үй-бүлөсү менен беймарал жашоосуна шарт түзүп берүүчү мыйзамды парламенттин төмөнкү палатасы жуп каникул алдында кабыл алганына 1-июлдагы «Республика» гезитинде Замира Сыдыкова токтолду. Автордун пикиринде, мамлекеттин эсебинен жашоону жакшы көргөн Чыңгыз Айтматов өкмөттүк резиденциядагы дачасын уулуна берип, өзүнө башкасын алгандай, А.Акаев да кызматынан кетсе азыркысынан кем эмес өкмөттүк сыйургалдарга ээ болот.

Иштеп аткан президент жасаган-эткен иштеринин бирине да жооп бербестиги мыйзамдык негизде ырасталганына нааразы болгон «Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы билдирүү таратты. «Кайсы эмгеги үчүн Акаев менен анын үй-бүлөсүнө элдин эсебинен мынчалык сыйургал көрсөтүлөт? Эгер ал кызматта турган жылдарында чындап демократияга берилип, реформаларды ийгиликтүү баштаганда, алдагыдай урмат-сыйдын эрен-төрөнү билинмек эмес. Абсолюттук кол тийбестиктин берилиши азыркы жана кийинки президенттерге каалаганын жасоого, мыйзамды каалагандай бурмалоого мүмкүнчүлүк берет. Акаев жана анын жанында жүргөндөр мамлекеттик бийликти ээлеп алгандыгы, кыргыз жерин кошуна өлкөгө бергендиги, тынч адамдарды аткандыгы, адам укугун бузгандыгы сындуу оор кылмыштары үчүн мыйзам алдында жооп бериши керек», дейт «Акаевди кызматтан кетирүү» кыймылы.

«МСН» гезитинин 2-санында Эсенбай Нурушевдин «Жинди үйдүн балдары» аттуу макаласы жарыяланды. Макалада эгемендикке чыккан постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүндө улуттук жармач патриоттук күч алып, аны кокуйгүн илимпоздор күүлөп жатканы, бийликке жеткен күчтөр саясий атаандаштарына оголе оор айыптарды жүктөө менен алектенип калышканы, мунун натыйжасында коом артка кетип, социалдык багыттар жоголуп жатканы баяндалган. Ушул эле гезитте Казакстандын миграция кызматы жана полициясы мыйзамсыз жол менен сырттан келген эмгек мигранттарын Кыргызстандын аймагына алып келип таштаганы баяндалган. Эл аралык укуктук нормаларга туура келбеген мындай аракет мурда да жасалган. «Түбөлүк достук» мамиле азырынча эл аралык цивилизациялуу деңгээлге жете элек.

«Агым» гезитинин 1-июлдагы санында «Акыйкат жана прогресс» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Ишенбай Абдуразаковдун маеги жарыяланды. Партия уюштуруучусунун айтуусунда, «кандай кыйын киши болсо да анын жетекчилик дарамети он жылдан кийин мокойт. Анын эл менен байланышы алыстай баштайт. Көп нерсе көнүмүш болуп, жаңы абалды баамдай албай калат. Ошондуктан бийликтеги адамдар өзгөрүп турушу керек. Өтө узак бийликте туруп алгандын дагы бир кесепети тиет. Эл жаңы саясатка көнбөй калат. Дагы бир терс жагы бар. Көп жерден көрүп жүрөбүз го – абийири тайкы бийлик беш-он жыл катары менен элдин далысынан төрт эли терисин кесип алат да, шайлоо болгондо анын бир элисин элге: «Ме, менден белек» деп кайра берсе, бечара эл кадимкидей сүйүнүп, «ушундан өтөөрү жок экен» деп, бакылдап чыга келет».

Президент А.Акаев Кыргыз айыл чарба университетинин мааракесине катышканы, Коргоо кеңешинде мазмундуу сөз сүйлөгөнү шейшембидеги «Слово Кыргызстана», «Эркин тоо», «Вечерний Бишкек», «Кыргыз туусу» гезиттеринде маалымдалды.

«Аалам» гезитинин жаңы санында Нургазы Анаркуловдун Темирбек Акматалиев жөнүндө макаласы жарык көрдү. Автордун жазганы боюнча, көпчүлүккө Т.Акматалиев «үй-бүлөгө» жакын киши катары таанымал, бир кызматтан экинчисине тез-тез көтөрүлүп турганы менен таасын ишмер катары көрүнө элек, эстеликтерди курдуртканга, эл алдында куюлуштуруп сүйлөгөнгө маш зирек жетекчи. Аксы окуясындагы калптары ачыкка чыгып калбаганда, анын саясий аброю ыкчам өсүп отурмак. Гезиттин жаңы санында Турсунбек Акундун Өмүрбек Текебаев жөнүндөгү макаласына да орун берилген. «Насили демократ лидер өзү башкарган партиясын «социалисттик» атап койгону элдин көңүлүн алуу аракетинен улам чыккан», деп белгилейт макала автору.

ЧЕТ ӨЛКӨДӨН КАЙТКАН КЫРГЫЗДАР ТАРЫХЫЙ АТАЖУРТУНДА КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫНУУДА?

Мирзохалим Каримов, Бишкек 2001-жылдын 29-августунда президент А. Акаевдин «Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» жардыгы жарыялангандан кийин 2002-жылы өкмөттүн токтомунун негизинде Тышкы иштер министрлигине караштуу Иммиграциялык фонд түзүлгөн. Кыргызстанга Тажикстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн көчүп келе баштаган кыргыздар кандай кабыл алынып жатканы тууралуу бул фонддун директору Дамир Асанов менен аңгемелештик.

- Дамир Даирович, Иммиграциялык фонд качан уюшулду жана ал кандай милдеттерди аткарышы керек?

- Бул фонд Тышкы иштер министрлигинин алдындагы кор болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун негизинде 2002-жылы түзүлгөн. Андан мурдараак 2001-жылы 29-августта «Тарыхый мекенине кайтып келип жаткан кыргыздарга колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» президенттин жардыгы жарыяланып, анда «Иммиграциялык фонд түзүлсүн» деп атайын белгиленген. Ошентип, Иммиграциялык фонддун иштей баштаганына бир жылдан ашты. Бул фонддун эң негизги милдеттеринин бири – тарыхый мекенине көчүп келген кыргыздарга материалдык жана мүмкүнчүлүккө жараша укуктук жактан көмөк көрсөтүү, алардын жергиликтүү эл менен ынтымакташып жашап кетүүсүнө кам көрүү. Биз азыр көчүп келген кыргыздарды кабыл ала турган атайын эки борбор ачтык. Ал борборлор Чүй облусунун Беловодск жана Ивановка айылдарында жайгашкан. Кыргызстанга келген чет өлкөлүк кыргыздар адегенде мына ошол борбордо эки-үч ай убактылуу жашап турушат. Ал арада биз ар биринин каяктан келгенин, ким экенин, кесиби эмне, колунан кандай иш келээрин тактап, бардыгын изилдеп чыккандан кийин аларды кайда жайгаштыруу керектигин ойлонуштурабыз. Бул маселе боюнча губернаторлорго жана башкаларга кайрылабыз. Жер-жерлерге жайгаштырганга чейин аларга кийим-кече жана башка жагынан жардам берип турабыз. Көчүп келгендердин көпчүлүгү Тажикстан менен Өзбекстандын атуулдары болуп саналгандан кийин, Кыргызстандын атуулдугун алуу боюнча көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Биздеги юрист кадрлар атуулдуктан чыгуунун жана атуулдукка кабыл алуунун эрежелерин, тиешелүү мыйзамдарды аларга түшүндүрүп турушат.

- Чет өлкөлүк кыргыздар көчүп келишти дейли. Келээри менен алар адегенде кимге, кайсы жерге кайрылышы керек? Мисал үчүн сиздер аларга кандай тартипте жардам бересиздер? Колдоруна акча бересиздерби же заттык түрдө көмөктөшөсүздөрбү?

- Көчүп келгендердин көпчүлүгү - колунда бар кыргыздар. Алар качкындардан айырмаланышат. Азыркы көчүп келген кыргыздар келээр замат өзүлөрү үй-жай сатып алып, жашап жатышат. Албетте, арасында жетим калгандар, жесирлер, оорулуулар, майып адамдар жана башкалар да бар. Биз андайларды жанагы кабыл алуу борборлоруна жайгаштырып, мүмкүн болушунча эки-үч ай жардамдашабыз. Демөөрчүлөргө кайрылып, аларга кайрымдуулук кылып коюуну өтүнөбүз. Кайрымдуулук фонддоруна алар тууралуу маалыматтарды берип, кабардар кылабыз. Мына ушундай иштерди илгерилетүү максатында эл аралык уюмдар, фонддор менен тыгыз байланыш түзүүгө аракеттендик. Мисал үчүн, азыр атагы чыккан «Адра», Кувейттин эки фонду менен алакабыз жакшы. Биздин сунуштарыбызды колдоп турушат. Андан тышкары, «Каунтерпарт Консорциум» деген уюм менен да кызматташууга келишим түздүк. Бул уюм азыркыга чейин качкындарга жардам берип келатат. Буюрса качкындардын баары жакын арада атуулдук алып, качкындар маселеси бүтөт. Андан кийинки иш - чет өлкөлүк кыргыздарды кабыл алуу маселеси. «Каунтерпарт Консорциум» уюму иштин бул жагына деле көмөк көрсөтөт деген үмүтүбүз бар.

- Эми фонддун каржы булактары тууралуу айтып берсеңиз?

- Президенттик фонддон 2 миллион сом Иммиграциялык фондго ажыратылып берилген. Бул указдын өзүндө да белгиленген эле. Ал каражат фонддун кызматкерлерине эмгек акы төлөө, көчүп келген чет өлкөлүк кыргыздарга жардам берүү, кабыл алуу пункттарын ачуу жана башка уюштуруу иштери үчүн бөлүнгөн. Биз фонддун каражатын көбөйтүү максатында башка иш-чараларды да жүргүзүүгө аракеттенип жатабыз. Маселен, Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү уюмдарга, фонддорго, жеке ишкерлерге Кыргызстанга көчүп келаткан кыргыздарга жардам берүүнү өтүнүп, атайын кайрылдык. Бул үчүн банктан эсеп да ачтык. Жакын арада фонддун эсебине каражаттар келип түшөт деп үмүттөнүп турабыз. Ал иштерибиз натыйжасыз калбайт деген ойдомун. Себеби, жогоруда айтылган кувейттик фонддордун бири өткөн жылы Бештерек деген айылдан 14 үй алып берүүгө жардам берди.

- 14 үйдү ал фонд өз каржаты менен акысыз сатып алып бердиби, кыргыздарга?

- Ооба, өз акчасына сатып алып берди жана ал үйлөр Иммиграциялык фонддун балансына өткөрүлдү. Биз бул үйлөрдү атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде көчүп келгендердин арасындагы эң муктаж үй-бүлөлөргө бөлүп бердик, азыр алар жашап жатышат.

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: «АСКАР АКАЕВ 2005-ЖЫЛКЫ ШАЙЛООДО ӨЗ ТАЛАПКЕРЛИГИМДИ КОЙБОЙМ ДЕДИ»

Кыяс Молдокасымов, Бишкек Аскар Акаев 2005-жылы өтүүчү президенттик шайлоого катышпай турганын буга чейин бир нече жолу айтканы коомчулукка маалым. Бирок, андай сөздү ал 1995-жылы шайлоо учурунда да айтып, 2000-жылы шайлоого катышканы белгилүү. Жаз айында Ош Мамлекеттик университетинде өткөн жаш окумуштуулардын форумунда Аскар Акаевди келерки мөөнөткө президент болуп берүүсүн өтүнгөн кайрылуу кабыл алынып, коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Бирок, ал жакында Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, 2005-жылы шайлоого катышпай турганын билдирген. Ал тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» кеп куруп берди.

- Өмүрбек мырза, Мыйзам чыгаруу жыйынында экс президент тууралу мыйзам кабыл алынды. Мына ушул мыйзам кабыл алынаар алдында сизди мамлекет башчысы Аскар Акаев өзүнө чакырып 2005-жылы шайлоого барбайм деген өзүнүн убадасын айтыптыр. Ушул тууралуу угармандарга айтып берсеңиз.

- Бул жолку жолугушууда Кыргызстандагы шайлоо системасын өзгөртүү, Кыргызстандын саясый турмушунда саясий партиялардын ролун өнүктүрүү боюнча мурда баштаган сөздү уланттык. Сөз шайлоо жөнүндө болгондон кийин алдыда болуучу жергиликтүү шайлоо, парламенттик шайлоо, андан кийин президенттик шайлоо боюнча да кыска сөз болду. Президент Акаев мурун көп жолу айтып жүргөндөй, бул жолу да 2005-жылы президенттик шайлоо болоорун, ал шайлоого катышпай тургандыгын, Кыргызстанда жетишерлик өнүгүп-өскөн кадрлар даяр болгонун, алар объективдүү, адилеттүү шайлоодо өз күчүн көрсөтүп, эл каалаганын тандап ала турганга шарт түзгөнгө өзү аракет кыла тургандыгын айтып өттү. Бирок, мен дагы кайталайм, сөзүбүздүн негизги темасы бул шайлоо системасын өзгөртүү жөнүндө болгон.

- Өмүрбек мырза, мамлекет башчысы кийинки президенттик шайлоого барбайм деп көп эле жолу айтты, ага өзүңүз дагы көп жолу күбө болдуңуз. Чындыгында президенттин ушундай сөзүнө, убадасына саясатчы катары ишенесизби?

- Бүгүнкү саясий кырдаалга карап президент өз сөзүнө турат деген жыйынтыкка келгенге негиз болуп атат. Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга чет элдик, эларалык уюмдардын көз караштары, экономикалык, социалдык, саясий ситуация кийинки шайлоодо бүгүнкү президент Аскар Акаев катышпайт дегенге толук негиз берет. Ошол негиздердин бири болуп жакында депутаттар тарабынан кабыл алынган «Экс президенттин кепилдиктери жөнүндө» мыйзам дагы аны ырастап тургансыйт.

- Сиз президентке жолуккан учурда, келерки парламенттик шайлоого кайрадан партиялык тизмени киргизүү маселеси күн тартибине коюлуп калышы ыктымалдыгын айтыптыр, деген пикир коомчулукта сөз болуп жүрөт. Анын чындыгы канчалык? Ушул тууралуу да айтып берсеңиз?

- Биздин жолугушууларда жергиликтүү кеңештерге боло турган шайлоолор жөнүндө сөз болуп, ага партиялардын катышуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү боюнча маселе козголгон. Албетте, эгерде партиялар өзүн көрсөтө алса, жергиликтүү шайлоодо элдин колдоосуна ээ болсо, 2010-жылы боло турган парламенттик шайлоодо пропорционалдык шайлоо принциби кирип калышы ыктымал. Мен ойлойм, эгер партиялар жер жерлерде күчөсө, ар бир айыл өкмөтүндө, ар бир шаарда күчтүү уюмдары болуп, жергиликтүү кеңеште депутаттары болуп, элдин ишенимине татый ала турган болсо, кийинки 2010-жылкы парламенттик шайлоо партиялык принципте өтүшү мүмкүн.

- Өмүрбек мырза, айрым аналитиктер айтып атышат, парламент күзүндө таркатылат, мөөнөтүнөн мурда парламент, мөөнөтүнөн мурда президент шайланат деп. Кийинки мезгилде Ак үйдүн саясатын колдогон маалымат каражаттары дагы парламент тууралуу бир жактуу макалаларды, берүүлөрдү байма-бай чыгарып келет. Саясатчы катары ушуну айтып берсеңиз, парламент өз мөөнөтүнөн мурда таркатылабы, өз мөөнөтүнөн мурда парламентке шайлоо өтөбү?

- Биринчи кезекте парламентти өз убагында таркатууну эңсеген саясатчылар Кыргызстанда арбын. Андайлар оппозициялык күчтөрдүн арасынан да, президенттин айланасындагы, өкмөттөгү күчтөрдүн арасынан да табылат. Бирок, көп адамдар А. Акаев өз талапкерлигин президенттик шайлоодо кайра коёбу, койбойбу деген маселени көбүрөөк көтөрө баштады. Менин оюмча, биздин президентте мөөнөтүнөн мурун өз кызматын таштап кетип калуу мүмкүнчүлүгү да бар деп эсептейм. Анткени биз жакында кабыл алган мыйзам кандайдыр бир даражада экс президентке кепилдик түзүп, президент күтүүсүз кадамдарды жасаганга жол ачып берди.

- Экс президент жөнүндөгү мыйзам негизинен Мыйзам чыгаруу жыйынында көп талкууга алынбай, талаш- тартышты жаратпай өттү. Аталган мыйзамдын айрым беренелеринде, келечекте экс президентке өтө эле зор укуктар берилип калгандыгы тууралу да айтып атышат. Буга карата сиздин оюңуз.

- Анын ичинде өтө деле чоң укуктар жок. Азыр биринчи экс президентке 3 млн. сомго жакын жылына каражат талап кылынган кепилдиктерди алып бердик. Бирок, бул жыл сайын каралып, өлкөнүн финансылык абалына жараша карала турган өлчөм. Албетте, ушул жерде көп адамдар көңүл бурдубу, бурбадыбы, бир жобо бар, ошонун гана бир аз талаш жерлери бар. Өзүңүз билесиз, экс президентке референдум аркылуу абсолюттук кол тийбестик статус берилген. Башкача айтканда, президентти эч ким, эч качан жасаган кылык - жоруктары үчүн кылмыш жасаса да жоопко тартышы мүмкүн эмес деген жобо өтүп кетти. Албетте, аны мыйзамга киргиздик Конституцияда болгондон кийин. Андан башка мыйзамдын экинчи кеңейтилген вариантында ушул жоболор экс президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө да таратылат, бул аялы, өзү менен кошо жашап жаткан балдары жөнүндө сөз болуп отурат. Ошол үй-бүлө мүчөлөрүнө да таратылат деген жобо болду. Мына кечээ Тургуналиев силердин студияда өткөн «тегерек үстөлдө» мыйзам тууралуу саясий соода дегендей сөз айткан. Кандайдыр бир даражада Тургуналиев мырза туура айтып отурат. Бул жерде саясий соода эмес, бул жерде компромисстик. Өзүңүз белгиледиңиз, парламентте бул бир да каршы пикирди жаратпады. Баары мунун туура эмес экенин билип отурса дагы бүгүн ушул зарыл экенин түшүнүштү окшойт. Эгер бүгүн ушундай чечимге, мындай курмандыкка барбасак, балким, бизди мындан да көп татаал маселелер күтүп тургандыр. Ушул маселени тынч, ынтымак жолу менен көздү жумуп, ушундай чечүү зарыл деп бүткүл саясий күчтөр негизинен бир пикирде талкуусуз, каршы сөз сүйлөбөстөн добуш берип кабыл алышты. Ошондуктан мен айтат элем, Кыргызстандын тарыхы жаңы президент келгенде башталып, ал бийликтен кеткенде бүтпөшү керек. Биз экс президент жөнүндө мыйзам кыбыл алганда коомдун күн тартибинде президент алмашат деген маселенин официалдуу коюлушу болду деп түшүнүшүбүз керек. Муну биздин анча-мынча оппоненттер бар, алар жакшы түшүнбөй атат, бул официалдуу маселенин коюлушу.

- Өмүрбек мырза, мына президент шайлоого катышпайм деп өзү дагы бышыктап атат, саналуу гана адамдар келерки президенттик шайлоого катышам деп, өзүлөрүнүн пикирин билдирип чыкты. Мына, сиз мурдагы шайлоодо талапкер катары чыккансыз. Алдыдагы президенттик шайлоого талапкер катары кайра катышасызбы?

- Муну айтыш кыйын, ситуация көргөзөт. Мен бир гана нерсени бүгүн айта алам, эгер президент Аскар Акаев 12-июлда боло турган «тегерек үстөлдө» саясий партиялардын жана башка коомдук уюмдардын алдында сөзүн кайталап, 2005-жылы мен кайра президенттикке койбойм деп айта турган болсо талапкерлердин саны, менин оюмча, абдан көбөйөт. Жыйырмадан кем эмес азамат, эгер Аскар Акаевич койбой калса, өз бактыбызды сынап көрсөк деп алдын-ала даярданып тургандар жөнүндө менин кабарым бар. Ал эми өзүм жөнүндө болсо, азырынча ачык жарыялоо эрте. Анткени бизден ким коет, кимдин кандай мүмкүнчүлүгү бар, бизде көз карашыбыз бирдей болгон бир топ саясатчылар бар. Биз кеңешип, кимдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк, коомчулуктан колдоосу кандай, көптөгөн факторлорду эске алып чечим кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан биз бир топ солчул багыттагы саясатчылар жети өлчөп, бир кесип, кимди аттандыраарыбызды чогуу чечебиз.

ЕВРОПА БИРИМДИГИ ДОЛБООРУНА АЙРЫМ АДИСТЕР КАНААТТАНГАН ЖОК

Европа биримдигинин радиациялык коопсуздук программасынын алкагында ишке ашкан Майлысуу ураншакелдери боюнча долбоорунун жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйыны 30-июнда «Кабар» агенттигинде өттү. Долбоордун алкагында 2 жыл ичинде Майлысуудагы уран шакелдери изилденип, эң коркунучтуу делген №3 уран шакелин бекемдөө иштери жүргөн. Долбоорду аткарган чет элдик фирмалардан айырмаланып жергиликтүү адистер долбоордун деңгээлине анчалык канааттанбаганын белгилешүүдө.

Европа Биримдигинин ТАСИС программасынын каражатына Бельгиянын ядролук изилдөө борбору (SCK-CEN ), Бельгатом (Belgatom) фирмасы жана Франциянын Жестер (GESTER) компаниясы 2 жылдан бери Майлысууда көмүлгөн уран шакелдери боюнча маалыматтарды топтоп, эң коркунучтуу делген №3 уранкалдыгын бекемдөө иштерин жүргүзүшкөн. Андан тышкары аталган долбоордун алкагында уран шакелдерин көзөмөлдөп-кайтаруу, дайыма изилдеп туруу, анын коркунучтуулугун калкка кабарлап-айтып туруу боюнча иштер жасалган. Ал тууралуу Бельгиянын ядролук изилдөө борборунун (SCK-CEN) өкүлү, долбоордун жетекчиси Хильдегарде Ванденхове айым маалымат жыйынында мындай деди:

- Ишибиздин негизги максаты баардык маалыматтарды топтоо болду. Биз мурда эч ким аткарбаган экстроординардуу, өтө опурталдуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, уран калдыктарындагы топурактан жана суудан анализ алдык. Алардын келечектеги иштерге өтө пайдасы тийет.

Долбоордун Кыргызстан тараптан дайындалган жетекчиси, экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиев алынган маалыматтар уран калдыктары боюнча мындан аркы долбоорлорду шыдыр баштап кетүүгө негиз түзүп берет дейт:

- Бул долбоор бүткөндөн кийин июль айында Дүйнөлүк банктын жаңы долбоору башталат. Анын ишинин концепциясы ТАСИСтин бул долбооруна негизделип түзүлөт.

Анаркул Айталиевдин айткандарын Дүйнөлүк банк өкүлү Орозбек Шамканов улап, Дүйнөлүк банк Майлысуудагы уран калдыктарына 5 млн. доллар каражатты грант түрүндө акысыз берүүгө ниеттенип жатканын, бирок аны бөлөөрдөн мурда, күз айларында Дүйнөлүк банк Майлысууну изилдөө максатында өз адистерин жиберерин билдирди. Ошентип, маалымат жыйынында мурда белгиленгендей, Европа биримдиги топтогон маалыматтар Дүйнөлүк банктын тез арада акча бөлүшүнө түрткү бербей турганы анык болду.

Европа биримдиги долбоорунун алкагында аткарылган иштердин деңгээлине жергиликтүү айрым адистер да канааттанган жок. Майлуусуу шаар башчысынын орунбасары Акбар Субанов №3 уран шакелин бекемдөө жумуштары жасалганы менен, долбоордо каралган жарым миллион евро өлчөмүндөгү каражаттын көбү ошол эле чет элдик фирмалардын ишин камсыздоого, командировка чыгымдарына жумшалганын «Азаттыктын» кабарчысына телефон аркылуу маалымдады:

- Булар №3 уран калдыгында гана иштешти. Жарым миллион евро акчанын кандай жумшалганын бизге айтышкан жок. Көбү командировка чыгымдарына, өздөрүнө кетти көрүнөт.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг департаментинин башчысы Анаркул Айталиев Акбар Субановдун айтканында чындыктын үлүшү бар, анткени мындай долбоорлорго каралган каражаттын көбү чындыгында эле ошол четтен келген фирмалардын кызматкерлерине жумшалат дейт:

- Ал сөздүн чындыгы бар. Изилдеп көрсөңөр, чет элдиктер каржылаган башка долбоорлордун 15% гана республикада калат. Биз талашып-тартышып жатып анын деңгээлин 30% көтөрдүк.

«Азаттыкка» белгилүү болгон маалыматтарга караганда, долбоордун алкагында пайдаланылуучу уран калдыктарына көзөмөл жүргүзүп туруучу, 130 миң евро баасындагы жабдуулар долбоор ишин жыйынтыктап жатканына карабай эмдигиче Кыргызстанга келелек болуп чыкты. Анаркул Айталиевдин айтымында, буга техникалык себептер негиз болгон жана 6 ай ичинде ал жабдууларды Кыргызстанга жөнөтүүгө убада берилген.

Мындай маалыматты долбоордун координатору, Бельгия өзөктүк изилдөө борборунун өкүлү (SCK-CEN ) Хильдегарде Ванденхове айым да төгүнгө чыгарбай, долбоор толук аяктаганча ал жабдуулар Кыргызстанга жеткириле турганын айтты.

Ушундан улам өзү 500 миң еврого эсептелген долбоордун 130 миң евро өлчөмүндөгү жабдуулары келелек болсо, анда бул долбоордун алкагында алынган жыйынтыктар чындыгында эле мурдатан белгилүү фактылар болгонбу деген суроо туулат. Себеби, негизги ченеп-өлчөөчү жабдуулар пайдаланылбаса адистер эмнеге таянып иш кылган деген суроо ачык бойдон калгансыды…

КОШУМЧА АКЫ МЕДИЦИНАДАГЫ ПАРАКОРЛУКТУ АЗАЙТАБЫ?

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда cаламаттык сактоо системасын реформалоо аракети уланууда. Мамлекеттик кепилдиктер программасынын чегинде медициналык кызмат үчүн калк тарабынан кошумча акы төлөө киргизилүүдө. 2001- жылы мындай ыкма Чүй дубанынан башталып, бир жылдан кийин Ысыккөл дубанында турмушка ашырыла баштаган. Эми илдеттен сакайыш үчүн кошумча акыны башка дубандардын эли да төлөй баштайт.

1-июлдан баштап Бишкекте, Жалалабад жана Баткен дубандарында дарылануу үчүн кошумча акы төлөө системасы турмушка кирет. Медициналык камсыздандыруусу бар Чүй же Ысыккөл дубанынын жашоочусу терапия бөлүмүнө жатса 570 сом, хирургия бөлүмүнө келсе 740 сом оорукананын кассасына төгүп берет. Ал эми жакыр жашаган же жалгыз бой адамдар жана кары-картаңдар кайсы дубандын жашоочусу болбосун терапияга 190 сом, хирургияга 250 сом төлөшмөкчү.

4 миллиондон ашык кыргызстандык учурда медициналык камсыздандырууга ээ. Ал эми камсыздандыруусу жоктор бир кыйла кымбат төлөөгө мажбур. Мисалы, улуттук госпиталда, онкология жана гематология институттарында, улуттук хирургия борборунда терапиялык бөлүмгө жатчулар 830 сом, хирургияга 1080 сом төгүшү керек болсо, камсызданбаган жарандар үчүн баа бир топ жогору. Алар терапияда дарыланса 1150 сом, хирургиялык жардамга муктаж болсо 1500 сом төлөшөт. Мындай акы азырынча Ош дубанына гана киргизилбей турат. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун айтымында, анын жөнү жөп-жөнөкөй. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ош экинчи борбор статусун алган шаар катары, Ош дубаны болсо чоң облус катары алгач бул иш-чарага тиешелүү мекемелерди ачып алганы оң деп создуктуруп жатышат.

Бронхиалдык астма, кант диабети, котон жара, талма менен ооругандар, инфаркт болгондор, рактын 4-стадиясындагылар, төрөп аткан аялдар эч кандай акы төлөбөйт. Ошондой эле тез жардам менен оор акыбалда түшкөндөрдөн да акча алынбашы керек. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун билдиргенине караганда, кошумча акы төлөөдөн түшкөн каражаттын 30 % врачтардын айлыгын көтөрүүгө, 60% оорулуулардын дары- дармегине жана тамак- ашына жумшалат. Каражаттын калган 10% резервдик фонддо сакталып, акы төлөгөнгө шарты жок жакыр үй-бүлөлөргө жумшалат. М.Мамытовдун айтымында, мындай ыкма менен иштеп аткан Жайыл райондук ооруканасынын дарыгерлеринин айлыгы 3000 сомго чукулдап калды. Кыргызстанда бүгүн окууну жаңы бүтүп барган врачтар 490 сом алат. Эң көп айлык 700 сомдун тегерегинде. Адам өмүрүнүн сакчылыгында турган врачтар мындай аз айлыктын айынан оорулуунун чөнтөгүн кароого мажбур болгон учурлар көп. Саламаттык сактоо министринин биринчи орунбасары Тилек Мейманалиевдин айтымында, мындай ыкма ооруканалардагы паракорлукту кескин азайтышы ыктымал:

- Дарыгерлер оорулууну сакайтууга ушул дарылар керек деп узун тизме берет. Кайсынысы чындап зарыл экенин биле алмак беле, оорулуунун туугандары дарыканаларды кыдырып баарын сатып келишет. Адатта арзанына качырып көчөдөн же базардан алган учур арбын. Ал дары сапаттуубу же мөөнөтү өткөнбү - кызыккан киши жок. Кошумча акыдан түшкөн каражатка оорукана сапаттуу жана арзан сатып алат. Ошондой эле кошумча акынын эсебинен дарыгерлердин айлыгы көбөйгөндүктөн паракорлук азаят, деген ишеним чоң. Мисалы, Чехияда дарыгерлердин айлыгын 3 эсе көтөргөндө паракорлук кескин азайган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Улуттук статистика комитети 2001- жылы жүргүзгөн изилдөөгө көз чаптырсак, Кыргызстанда медициналык мекемелердеги паракорлук бир жылда 1 миллиард сомду чапчыган. Бул мамлекеттик каржылоого барабар акча.
Кошумча акыдан врачтардын айлыгы көтөрүлгөндөн сырткары министр М.Мамытовдун ишендиргенине караганда, ооруканалардагы тамак- аш оңолот. Дарыканалардагы асмандаган бааны карап туруп 1000- 2000 сом зарыл болгон дары-дармектин баарын камтый албасы тушүнүктүү., Бишкек шаардык саламаттык сактоо бөлүмүн башкарган белгилүү ортопед Сабырбек Жумабеков кымбат дарыларды, оор операцияларды мамлекеттик казына көтөрө албастыгын айтты:

- Жүрөктүн клапандарын алмаштыруу, жамбаш жана тизе муундарын алмаштыруу өңдүү оор операцияларды жасоого чоң каражат керек. Мындай учурларда оорулуу өз чөнтөгүнөн кайсы бир бөлүгүн көтөрүүгө туура келет. Мындай жаңы технологиялык ыкмадагы операцияларды казына көтөрө албайт.

Учурда мамлекеттик каржылоонун начардыгы медициналык мекемелерди аксатып келет. Сабыр Жумабековдун сөзүнө караганда, Бишкектин ооруканаларына быйыл 407 миллион сом зарыл болсо, мэрия менен шаардык кеңеш 247 миллион сом гана бөлдү.

А. АКАЕВДИН КЕПИЛДИКТЕРИ, «АРНАМЫСТЫН КУРУЛТАЙЫ», Ж. ОТОРБАЕВДИН САЯСИЙ САЛМАГЫ

Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды талкуусуз кабыл алды. Бул мыйзам оппозициячыл бир катар саясатчылардын нааразылыгын жаратты. Ал эми Бишкектин тегерегиндеги дачаларды биринде, ачык асман алдында «Арнамыс» партиясынын III курултайы өттү. «Моя столица» гезитинин эмгек жамааты «МСН» аттуу жаңы гезит чыгарды.

Бул аптада Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды талкуусуз кабыл алды. Мыйзам беш бөлүмдөн туруп, анда президенттин ишмердүүлүгүнө, аны камсыздоого, экс-президентке жана биринчи экс-президентке тиешелүү кепилдиктер аныкталган. Бул мыйзамга ылайык, президент кызматтан кеткен соң кол тийбестик укугуна, өмүр бою Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болууга жана башка бир катар укуктарга ээ болот.

Албетте, бул мыйзам оппозициянын катуу нааразылыгын жаратты. Бирок Аскар Акаевдин 2005-жылы кызматтан кетишин чындап тилегендер азыркы президентке коопсуздук кепилдиктери берилмейинче эч кандай майнап чыкпасын түшүнүп турушат. Кандай болгон күндө да, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев президенттин 2005-жылы кызматтан кетээрин акыркы жолугушуулардын учурунда мамлекет башчысы ага өзү айтканын «Азаттык» радиосундагы маегинде ачыктады. Ал өзү да президент А. Акаев бул убадасына тураарына ишенгенин жашырган жок.

- Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга карата эл аралык уюмдардын көз карашы, экономикалык, социалдык, саясий абал «кийинки шайлоого бүгүнкү президент А. Акаев катышпайт» деген тыянакка толук негиз берет, - дейт Өмүрбек Текебаев.

Андыктан президент өзү да мындай «белектен» баш тартпастыгын айрым эксперттер айтышууда. Анткени анын кыйла салмактуу, анын үстүнө мыйзамга таянып иш жүргүзүүгө аракет кылган атаандаштары бар. Атап айтканда, кечээ Бишкектин тегерегиндеги дачаларды биринде, ачык асман алдында «Арнамыс» партиясынын III курултайы өттү. Курултайга 98 делегат катышып, партиянын 14 кишиден турган саясий кеңеши шайланды. Партиянын төрагалыгына Феликс Кулов, жаңы уставга ылайык анын эки орун басарлыгына - Эмил Алиев менен Виталий Бусель шайланышты. Муну менен азыр түрмөдө жаткан Феликс Кулов позициясын бекемдеп, дале болсо саясатка активдүү аралашып, бийлик үчүн күрөшө тургандыгын ачыкка чыгарды десек болот. Партиянын штаб башчысы Эмил Алиев да бийлик өкүлдөрү Феликс Куловго кооптонуу менен карай тургандыгын ырастады.

- Азыркы кезде Феликс Кулов болгондо, бүт оппозициянын баары анын тегерегине чогулуп, чогуу иштемек. Ошон үчүн бийлик аны түрмөгө камап, элдин арасына чыгарбай жатат, - деди Эмил Алиев.

Айтмакчы, оппозициялык маанайдагы журналисттер да өз укуктары үчүн күрөшүн колунан келген ыкмалар менен улантууда. Атап айтканда, сот чечимдеринин негизинде 12-июнда жабылган «Моя столица - новости» гезитинин эмгек жамааты «МСН» аттуу жаңы гезитти чыгарып, анын биринчи саны сатыкка түштү. Гезит «Моя столица» сыяктуу эле саясат жүргүзүп, 15 миң нуска менен аптасына эки ирет чыгып турат.

Бул аптада Чолпонатада III инвестициялык саммит болуп өттү. Анда кабыл алынган резолюцияга ылайык бир жылга эсептелген инвестициялык төртүнчү матрица бир айлык мөөнөттө иштелип чыга турган болду. III инвестициялык саммитке эл аралык финансы уюмдарынын Кыргызстандагы өкүлдөрү, инвесторлор жана кызматташ өлкөлөрдүн элчилери катышты.

Мындай аракеттер аздап болсо да өз жемишин берүүдө. Кийинки жылдары Кыргызстанга түз инвестициялардын көбүрөөк тартыла баштаганын тастыктаган расмий маалыматтар бар. Башкасын айтпаган күндө да, инвестицияларды тартуу боюнча вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин аракети саясат иликтөөчүлөрдүн баамына уруна баштаганы байкалат. Мисалы, жакында «Социнформбюро» социологиялык кызматы Кыргызстандагы саясатчылардын рейтингин аныктоо боюнча июнь айындагы иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Эксперттердин баасына ылайык, президент Аскар Акаев 40 саясатчыдан турган тизмени баштаса, экинчи орунга Жоомарт Оторбаев чыккан. Бул анын саясий салмагы кескин өсө баштаганынын алгачкы жышааны.

Бул күндөрү Адам укугун коргоо боюнча кыргыз комитетинин башкы донору болгон голландиялык «Хивос» уюму жалдаган «Price Waterhouse Coopers» компаниясынын өкүлдөрү комитетке акыркы жылдары бөлүнгөн каражаттардын канчалык максаттуу пайдаланылганын текшеришүүдө. Комитеттин өкүлү Гияз Токомбаев уюмдун акыркы бир жарым жылдагы финансылык отчеттору уурдалып кеткенин билдирди. Ушундан улам, уюмдун финансылык иштери аудиторлорду гана эмес, бийлик тарапты да, оппозициячыл күчтөрдү да ого бетер кызыктырууда. Комитет финансылык жагынан тазабы же жокпу? Таза болсо аны сынга алган комитеттин мурдагы мүчөлөрү элге эмне деп жооп беришет? Ал эми таза болбой чыкса аудиторлор ошону ачыкка чыгарууга батынышабы же «жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын» деп эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшөбү – азырынча белгисиз.

ЖАЛАЛАБАДДАГЫ ТАЖИКСТАНДЫК КАЧКЫН КЫРГЫЗДАРДЫН АБАЛЫ ООР

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад облусунда баш калкалаган тажикстандык кыргыздар атуулдукка ээ боло алышпай, түрдүү кыйынчылыктарга дуушар болуу менен социалдык коргоодон да кур калышууда. Акчасынын жоктугунан айрымдары балдарын мектептерден чыгарып алышкан. Жергиликтүү уюмдардын алар менен жумушу жок.

Облустун аймагында Тажикстанга, өлкөбүздүн башка жайларына көчүп кеткен кыргыздардын калган бөлүгү убактылуу табылган жумуш менен үй-бүлөсүн багышат. Сузактын Карадарыя айылында баш калкалаган Файзидинов Имам орто мектепти бүтүргөн эки баласынын паспорту жоктугунан аттестат ала албай, окууну улантууга мүмкүндүк берилбегенине капа. Жергетал районунан оорукчан күйөөсү, үч баласы менен келген Юлдашева Баси учурда башынан өткөргөн кыйынчылыгы тууралуу:

- Бир уул, бир кызым бар, күйөөм оорукчан. Бир гектар пахта чабам, 400 сом акча берет, эч кимибизге жетпейт. Уулум окуйт, кызым окуйт. Аларга кийим-кече тартыш, - деп, кыргыз бийлигинен атуулдук алууну жеңилдетүүнү жана иш жер берүүнү өтүндү. Ленин айыл өкмөтүндө 6 баласы менен жашаган Раимов Жоробек өзү атуулдук алганы менен, аялынын документтери эки жыл мурда тиешелүү уюмдарга тапшырылса да, паспорт берилбей келаткандыгына кейиди. Ал иштин жана акчанын жоктугунан китеп, ремонт акыларын төлөй албай, эки баласын мектептен чыгарып алууга аргасыз болгон.

- Мектепте акчасын көп сураганынан, окута алган жокпуз, сөздүн ачыгы. Менин азыр эки балам окуйт, экөө окубайт. Быйыл дагы бир кичинекей кызым 1-класска барат. Мектепке жөнөтүүгө эч кандай кудуретим жетпейт, - дейт Жоробек Раимов.

Сузак айыл өкмөтүнүн Аралык кыштагында бирөөнүн батиринде баш калкалаган тогуз балалуу Саиф Акбардын өтүнүчүнө да жергиликтүү бийлик кулак төшөбөгөн.

- Сузак айыл өкмөтүнө кайрылдым. Мындан эч бир натыйжа болбоду. Азыр эмне кылууну билбейм. Бир үйдө 10 жанбыз, - дейт ал.

Көкжаңгак шаарынан ордун тапкан Мажит Заирбеков атуулдук алуу ишин кыргыз жана тажик өкмөттөрү жеңилдетишин каалайт.

- Атуулдук тийбегендиктен, этникалык кыргыздардын ишке орношуусу, билим, медициналык жардам, пенсия, жөлөк пул алуусу, төрөлгөндөргө күбөлүк берүү иши чечилбей келатат, - дейт Заирбеков Мажит. - Тажикстандын Мургаб районунан 14-15 үй-бүлө келгенбиз. Өзүбүз кыргыз болгондуктан, «Кыргызстанда жашайлы, бала-чакабыз кыргыздын арасында жашасын, өзүбүз өлсөк да кыргыздын арасында өлөлү» деп, «кары-жашыбыз ушунда жашасын» деп келгенбиз. Азыр Кыргызстандын атуулдугун алуу маселеси баарыбызды өтө кыйнап атат. Биз кыргыз болсок, бул жерде атуулдукту ала албасак, кайда барып салбырайбыз, кайсы мамлекетке барабыз? Бизди өтө кыйнаган маселе ушу.

Облустук миграция кызматынын башчысы Абдыкапар Туялиевдин билдирүүсү боюнча, атуулдук алууга тажикстандыктардан тышкары, 1200гө жакын Өзбекстандын түрдүү райондорунан качып келишкен этникалык кыргыздар да муктаж.

- Кыргыз Республикасынын атуулдугун алуу качкын атуулдардын өз эрки. Алар атуулдук алгандан мурда, «качкын» деген статусун тапшырышы керек. Тапшырып, керектүү документтери менен облустук паспорт-виза бөлүмүнө кайрылса, ал жерден аларга консультация берилет. Алыш, албаш бул алардын өз эрки. Ал эми жашоо-шартына келе турган болсок, булар, мисалы, Жалалабад облусунда 27 үй-бүлө болуп, бардыгы 112 киши калган. Алардын жашоо шарты өтө начар эмес, орто. «Туулганы тууралуу күбөлүк ала албай атабыз» дегени туура эмес. Бизде юстиция министринин жардыгы бар, буйрук чыккан. Жалалабаддын бардык ЗАГС бөлүмдөрү тааныштырылган. Алар кайрылса болот. Ал жерде «бүт Кыргыз Республикасында төрөлгөн качкындардын балдары күбөлүк алууга акылуу» деп жазылган - дейт Абдыкапар Туялиев.

ПАРЛАМЕНТ КОМИТЕТИ ӨЛҮК САТУУ ФАКТЫЛАРЫН ИЛИКТӨӨДӨ

Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкерлик боюнча комитети өлүк сатуу фактыларын иликтөөгө алган жыйын өткөрдү. Анда айтылган маалыматтарга караганда, 1997-жылдан 2001-жылга чейин Германияга кыргызстандык 500дөй адамдын жасаты жөнөтүлгөн. Алар кандай максатта жөнөтүлгөн?

Кыргыз медициналык академиясынын морфология жана полимердик технология институтунун директору Георгий Беловдун жума күнү өткөн комитет жыйынындагы маалымдоосуна караганда, өлүктөр Германиянын Гельдерберг шаарынын Пластинация институтуна жиберилген. Аларды жөнөтүү боюнча 1996-жылы немис институту менен Кыргыз медициналык академиясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Анын айтымында, өлүктөрдү жөнөтүүнүн максаты - алардын органдарынан медициналык көргөзмө куралдарды жасап, студенттерди окутуу, илимде пайдалануу болгон.

- Өлүктөр Бажы кызматы аркылуу тийиштүү документтерди толтуруу менен жөнөтүлгөн. 29 тонна жасат жөнөтүлүп, анын 14 тоннасы кайтарылган, - дейт Георгий Белов. Бул тонналап айтылып жаткандары - 500 кишинин сөөгү. Мына ушул келишимди аткаруу менен Медициналык академия немис тараптан 560 миң немис маркасында акча алган. Бирок 2001-жылдан кийин немис институту Кыргызстандан өлүк алууну токтотуп койгон. Ошондуктан 100дөн ашуун сөөк бир жарым жыл бою белгисиз жерлерде сакталып туруп, бузулуп кеткен. Бул тууралуу депутат Акбөкөн Таштанбеков буларды билдирди:

- Бул 100дөн ашуун өлүктүн тагдырын түшүнбөй турабыз. Алар документ боюнча 2001-жылы каза болгон, бирок сотмедэкспертизага алар бир ай мурун түшкөн. Бузулуп кеткен сөөктөрдүн көпчүлүгү кургак учук менен ооруган, камактагылар кармалчу колониядан алынып келинген.

Бирок депутат А. Таштанбеков колония башчысын, Бишкектин сотмедэкспертиза кызматынан башчысын канча сурабасын, бул сөөктөрдүн бир жарым жыл бою кайда сакталып турганын тактай албай койгон. Бузулуп кеткен сөөктөрдүн арасында күч колдонуп өлтүрүлгөн белгиси бар 10дой сөөк жана наристелердин да денелери бар. Бирок алар иликтенген эмес. Демек, кылмыш иши да козголгон эмес. Ал эми Германияга жиберилген 500дөй маркумдун эмне себептен каза тапканын аныкташ эми мүмкүн эмес. Таштанбековдун айтымында, алар талкаланып жок болуп кеткен.

- Бул өлүктөр кургак учук менен ооругандар кармалчу 36-27 колониясынан, райондук ооруканалардан жана Чымкоргон психикалык ооруканасынан Бишкек пластинация борборуна жеткирилген. Ал жерден Германияга аткарылган, - дейт Таштанбеков.

Комитетте айтылган маалыматтарга караганда, бул өлүктөр патологанатомиялык, сот-медициналык экспертизадан өткөрүлбөстөн эле Пластинация борборуна түшүп калган фактылар бар. Бул мыйзам бузуу.

Андан тышкары, комитет жыйынында көтөрүлгөн проблемалардын бири - абакта каза тапкан адамдардын жакындарына анын өлгөндүгү тууралуу кабардын так дарек менен жиберилбегени болду. Абактын акимчилиги камакта жатып каза болгон кишинин жакындарын дыкат издебестен, тапкан дарегине гана жиберип тим болот. Ошондуктан көпчүлүк адамдарга жакыны абакта каза болгону тууралуу маалымат жетпейт. Мындай фактылар ондоп саналаары комитет жыйынында айтылды.

Депутат Алевтина Проненко мындай үрөй учурган фактыларды иликтеш үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Аны комитеттин калган мүчөлөрү колдоп чыгышты. Комиссияга, депутаттардан тышкары, Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо, Юстиция министрликтеринин өкүлдөрү кирмек болду.

Бул фактыларды иликтеп чыккандан кийин комиссия маселени парламенттин кароосуна коймокчу. Депутат А. Таштанбековдун айтымында, мындай фактыларга мындан ары жол бербеш үчүн Кылмыш кодексине алымча-кошумчаларды киргизип, мындай ишке жол берген органдардын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Себеби, азыркы мыйзамдарда өлүктөрдү себепсиз көпкө сактагандыгы жана башка ушундай иштер үчүн жоопкерчилик каралган эмес.

ТАЛАНТААЛЫ БАКЧИЕВ: «ТҮШҮМДӨ КАНЫКЕЙ ЭНЕМ АЯН БЕРГЕН»

Бүгүнкү «Таанышып коюңуздар» түрмөгүбүздүн мейманы - Бакчиев Талантаалы Алыбек уулу. Ал 1971-жылдын 2-декабрында Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Маман айылында жарык дүйнөгө келген. Болочоктогу шайырдын күлгүндөй балалык чагы Каракол айылындагы таятасы Көбөгөндүн колунда өтөт. Ал залкар жомокчу Шаабайдын шакирти, «Алманбеттин жомогу», жакында эле басмадан жарык көргөн «Манастааным жомокчунун жолу» аттуу китептердин автору. Азыркы тапта Талантаалы Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз этнология бөлүмүндө окутуучу болуп иштейт. Ошону менен бирге ал «Манас» жомогу жана анын айтуучулары жөнүндө илимий изилдөөлөрдү да жүргүзүп келет. Кечээ эле жазуучу Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» аттуу чыгармасынын негизинде диссертация жазып бүтүп, анысы окумуштуулар кеңешинен жактырылып, «Кудай буюрса, мына-мына жактайм» деп толкунданып турган чагы.

- Талантаалы мырза, кол арага жарагандан өзүңүздү-өзүңүз кармай албай элирип, делөөрүп, «Манас» айта баштапсыз. «Балага эпкин тийгенби» дешип, түшүнбөгөндөр да болуптур. Ошентип, учуп-күйүп, оттой жанып жүргөнүңүздө улуу жомокчу Чоюкенин небереси, эл артисти, жомокчу-манасчы Шаабай Азиз уулуна жолугупсуз. Капа этпесеңиз маегиңизди ошол кездеги көңүлүңүздөн чыкпай, көкүрөгүңүзгө жазылып калган балалык чагыңыздан баштасаңыз?

- Залкар манасчыга жолуккан күндөн ээлигип-элирип жүргөнүм тып басылды. Шаабай атам биринчи эле күнү мени өз баласындай кабыл алды. «Манастан» айттырып көрүп: «Сенден келечекте бирдеме чыгат», - деп маңдайымдан сылап , анан: «Көрө албаган көздөн сактасын, айтылуу Айкөлдүн алп сөзү оозуңда жүрсүн, «качан айтат жомоктон» деп, калың калкың күтүп жүрсүн. Оомийин Аллоо акбар», - деген ак батасын берди. Ошентип, Шаабай атам 12-13 жашымдан жетелеп, «Манастан» айттырып, үндөккө ала баштады. Устатым менен 16-17 жашка чыкканга чейин бирге жүрүп, бирге турдум. Улуу жомок «Манастан» укпагандарды уктум, билбегендерди билдим, устатымдын ак тилегин, кеңештерин уктум.

- Кечиресиз, «Манастын» каармандарынан түшүңүзгө кирип, аян берип, ак бата бергендери болдубу?

- Балакаттан өткөн 12-13 жашымда түшүмдө Каныкей, Чыйырды энемдерди, Семетей, Сыргак, Алманбет баатырларды көрдүм. Бир жолку түшүмдө сулуулугунан көз тайган Каныкей энем бир кесе кымыз сунду. Ошондо кымызды шак тартып жиберип «эх» дегенимде Каныкей энем:
«Кагылайын каралдым
Жомокчулукка жарадың,
Кайыптан бизге туш болдуң,
Карааны бийик куш болдуң,
Ак бата бердим, кабыл ал,
Айкөлүң Атаң, эрдигиң,
Ааламга ырдап, салгын жар», - деп, мени колумдан кармап: «Эми биз тээтиги, Керегеташтын ары жагы, Кызылкыянын бери жагы, мазарлуу дөбө Бозучук деген жерге барабыз, балким, ошол жерде калабыз», - деп көздөн кайым болду.


Ошентип, Талантаалы «Манас» айтуунун түпсүз деңизине чабак ура баштайт. Ал Караколдогу орус орто мектебин бүтөөрү менен Кыргыз филармониясынын алдындагы эки жылдык музыкалык студияга келип кирет. Айтылуу шайырларга аралашат. Бир жылдан кийин, 1990-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылат. Ал аскердик милдетин Эстонияда өтөйт. Т. Бакчиев армиядан келээри менен филармониянын алдындагы музыкалык студиядан окуусун улантат. 1992-жылы болсо ал Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университеттин кыргыз филология факультетине өтөт. Талантаалы университеттик программаны тездетилген түрүндө окуп, 1995-жылы үч жылдын аралыгында өзү сүйгөн факультетин «кызыл диплом» менен бүтүрөт. Ошол эле жылы Бакчиевдин өзүнүн айтуусундагы тунгуч «Алманбеттин жомогу» аттуу көлөмү 7,5 басма табактагы китеби жарык көрөт.

Айтуучу «Манастагы» эң бир кызыктуу эпизодду башка жомокчулардан айырмалуу, кырааттуу обондо, мазмундуу, көркөмдүү сүрөттөп айтат. Айрыкча жаш жомокчунун айтуучулук, аткаруучулук чеберчилиги «Алманбеттин жомогунда», «Алманбет менен Чубактын чатагында» таасын байкалат. Аталган үзүндүлөрдү Бакчиев «Манаска» мүнөздүү сабатмалуу (речитативдүү) обондордо, ымдоо-жаңдоолордо айтса да, тек гана ага таандык өзгөчө манераны, стилди, обондуулукту, артистизмди баамдайбыз. Талантаалынын андай өзгөчө айтуучулук устаттыгы Бакуда, Санкт-Петербургда, Улан-Батордо, Ташкенде, Бишкекте өткөн эл аралык фольклордук фестивалдарда калыстар тобу, угуучулар тарабынан жогору бааланып, лауреат болот.

- Талантаалы мырза, «Манас» айтуу менен бирге окумуштуу катары «Манасты» иликтеп да жүрөсүз. Абалтан ата-бабаларыбыз жомокчуну «манасчы» дегени кандай?

- Ачык айтсам, азыркы күнгө чейин бир дагы жомокчунун жүзү терең илимий мааниде назарыбызга тартуулана элек. Бул өнөр ээсин ар ким, ар кайсы учурда, ар кандай атап келди. Азыр да атоодо. Алсак, окумуштууларыбыз бирде «жомокчу» дешсе, бирде «ырчы», бирде «акын», бирде «дастанчы» дешти. Акырында болсо, алар «манасчыга» токтолушту. Бир мисалга кайрылайын. 1930-жылы 27-майда «Кызыл Кыргызстан» гезитине Х.Карасаевдин «Манас» аттуу макаласы жарыяланган эле. Автор ошол макаласында «жомокчу» деген элдик сөздүн тагдырын кескин өзгөртүп, кыргыз совет адабиятына, көп өтпөй жалпы совет адабиятына жаңы, «манасчы» деген терминдин киришине себепкер болду. «Манастын» өзүндө:
«Эзелкинин жомогу,
Эстесек келээр оролу.
Байыркынын жомогу,
Баштасак келээр оролу», – деп айтылат.
Ал эми «Манаста» «Каныкейдин жомогу», «Алманбеттин жомогу» деген чоң бөлүктөр бар. «Жомок» десек эле «жөө жомокту» түшүнөбүз. Бул туура эмес. Дагы бир баса айта кетээрим - айтылган учурда «Манасты» эпос деп айтпашыбыз керек. Эгерде ал басылмага жарыяланса, китеп болуп чыкса, «эпос» деп айтышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ар бир нерсени өз аты менен атасак жакшы болоор эле. Баса, мен «Олжобай менен Кишимжан», «Курманбек», «Эр Табылды» ж.б. жомокторду «кенже» деп мүчөлөп бөлүштүргөнгө да каршымын.


- Талантаалы мырза, ак дилден баардашканыңызга чоң ырахмат. Айтуучулук, илимий чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.

КОМПОЗИТОР ТАРАС АСАНАКУНОВ: «КЛАССИКАЛЫК МУЗЫКАДАН АЛЫСТАГАН ЖОКМУН»

Аманбек Дилденбай, Бишкек Композитор Тарас Асанакунов элге белгилүү эстрада ырчыларын тарбиялап, профессионалдык сахнага алып чыккан. Учурда Жаштардын республикалык чыгармачылык борборун жетектеп, эл арасынан чыккан жаш таланттарга көмөк көрсөтүү аракетинде.

Композитор Тарас Асанакунов 25 жылдык чыгармачылыгында элүүгө жакын обондуу ырларды жаратты. Ал Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык мектептен флейта аспабы жана классикалык музыка боюнча таалим алып, билимин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан өркүндөткөн. Анын «Кызыл гүл», «Аккуу белең, Айперим», «Тоо булагым - арманым» жана башка жан эргиткен жагымдуу ырлары эл арасында ырдалып жүрөт. 1978-жылы Тарас Асанакунов эң алгачкы чыгарган чыгармасын - «Каркыралар кайтканда» аттуу ырын институтта окуп жүргөн кезинде чыгарат. Ал ырды маэстро Асанкан Жумакматов симфониялык оркестрге салып, белгилүү ырчы Динара Чоткараеванын аткаруусунда чоң сахнага алып чыгат. Жагымдуу ыр тез эле жаштардын сүйүктүү ырына айланып, Тарастын ысмы калк арасына таанылат. Композиторду өнөрканасынан жолуктуруп, суроо узаттым.

- Тарас мырза, башка көп обончуларга караганда сиздин атайын композиторлук билимиңиз бар эмеспи. Анан сиз классикалык музыкага көңүл бурбай, обондуу ырлар менен эле чектелип каласызбы?

- Жо-ок. Союз таркай электе бир нече симфониялык поэмаларды, сюиталарды, флейта жана фортепиано үчүн чакан пьесаларды жаздым. Андан тышкары, хор үчүн жазган чыгармаларым бар. Албетте, коомдогу өзгөрүү мен үчүн жеңилге турган жок. Ар түрдүү сыноолорду баштан өткөрдүм. Элдин талабы эстрада ырларына басым жасаганда эстрадалык ырларды жараттым. Ырга обон жаратуу да өзүнчө толгонууну, изденүүнү талап кылат. Жакшы ыр жаратып калсам, кадимкидей күч-кубат алып, чыгармачылык дараметим артат. Азыр жеңил-желпи чыгарма жазуудан алысмын. Бирин-экин симфониялык чыгармаларды жаздым, үч спектаклге музыка жаздым. Кыскасы, классикалык музыкадан алыстаган жокмун.

- Учурунда элге белгилүү эстрада ырчылары Айчүрөк Иманалиеваны, Динара Акулованы, Алина Жетигенованы жана башка ырчыларды тарбиялап өстүрдүңүз эле. Кийин силердин чыгармачылык байланышыңар алыстап кеткен сыяктуу. Пикир келишпей, таарынышып кеткен жоксуңарбы?

- Арабызда эч кандай таарыныч жок. Анын үстүнө алардын мага таарынууга акысы да жок. Аларды элге таанытып, чоң сахнага алып чыкканымды милдет кылбайм. Убагында абдан үзүрлүү, натыйжалуу иштедик. Азыр алар студия, чакан топ ачып, өз алдынча иштеп жатышат. Айрым убакта «жаңы ыр жазып бер» деп кайрылып калышат. Жардам берем. Жакында чоң программадагы биргелешкен концерт даярдасакпы деген ойлору бар.

- Сиз жетектеген Жаштардын республикалык борбору азыр кандай иш алып барып атат?

- Жаштардын республикалык борборунун уюшулганына бир жылдан ашыгыраак убакыт өттү. Борбордун негизги максаты - жаштарды, студенттерди маданиятка, адептүүлүккө тарбиялоо, алардын жөндөмүн, шыгын ачып, аны туура пайдаланууга көмөк көрсөтүү. Жаштар үчүн ар түрдүү өздүк-көркөм чыгармачылык ийримдерин уюштуруп, бош убактыларын туура пайдаланышын камсыз кылуунун аракетиндебиз. Элдик үлгүдөгү, фольклордук музыкаларды, «Манас», «Семетей», «Сейтек» сыяктуу эпосторду жана башка улуттук байлыгыбызды жакындан түшүнүп, ошону кадырлай билишине шарт түзүп беребиз. Андан тышкары, айылдык жаштардын маданий эс алуусуна көңүл буруш керек. Анткени азыр айыл жерлеринде эч кандай маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлбөй, жаштар коомдон четтеп калбадыбы. Жанагы кылмыштуулуктун өсүшүнө да ошол бекерпоздук, аракечтик, баңгилик таасир тийгизип жатпайбы. Ошондуктан күзүндө айылдык жаш таланттардын «Алтын күз» деген кароо-сынагын уюштурсакпы деген ойдобуз.

- Айылдык жаштар демекчи, эгерде элет жериндеги таланттуу жаштар сизге кайрылса, кандай жардам бере аласыз?

- Биздин максат - негизинен жаш таланттарды колдоо жана коргоо болгондон кийин, эгерде абдан эле таланттуу улан-кыз болсо, колдон келген жардамыбызды беребиз. Айталык, музыкаларын аранжировкалоо, ырдоонун ыкмаларын үйрөтүү, өзү чыгарган чыгармаларын эл алдына алып чыгуу жана башка ошол жаш таланттын жөндөмүнө, шыгына жараша иш-аракеттерди жасайбыз. Эгерде өнөрүн өркүндөтүү жагынан жардамга муктаж жаштар болсо, Бишкектеги Техникалык университетке же «Манас» кинотеатрындагы Жаштардын республикалык чыгармачылык борборуна келсин.

МИГРАЦИЯ - КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН ЭКИ ЖАКТУУ МАСЕЛЕ

Сапар Орозбаков, Бишкек Иш оруну жетишпеген жана эмгек акыны аз берген Кыргызстандан, Тажикстандан жана Өзбекстандан көптөгөн адамдар иш издеп Орусияга жана Казакстанга барышууда. Орусия менен Казакстан болсо өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында чет өлкөлөрдөн келген адамдардын өлкөгө кирүү жана жүрүү тартибин аныктап, алардын укуктун базасын түзүүгө киришти. Мурда бир өлкөнүн калкы катары кенен-кесири жүрүп калган эл азыр жаңы тартипке ылайыкташа албай, барган жеринде көп кыйынчылыктарга туш болууда. Бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыгына туура келе турган миграция саясатын иштеп чыгыш үчүн ЕККУнун Адам укуктары жана демократия институттары боюнча бюросу Борбор Азиянын ушул 4 өлкөсүнүн жана Орусиянын миграция кызматтарын Ысыккөлдүн “Аврора” санаторийине чогултуп, талкуу өткөрдү.

Өз коопсуздугу үчүн ар бир мамлекет тыштан келген адамдардын өлкөгө кирүү жана анда жүрүү тартибин иретке салууга аракет кылышы - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Былтыр Орусиянын Думасы “Чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы” деген мыйзам кабыл алган болчу. Конференциянын катышуучуларынын айтымында, бул мыйзамдын жакшы жактары да, жаман жактары да бар. Мындай иштер Казакстанда да жүргүзүлүп жатат.1-июлдан тартып бул өлкөдө да миграциялык карточкалар киргизиле турган болду. Бирок мурда эки өлкөнүн ортосуна ээн-жайкын каттап көнүп калган эл бул жаңы киргизилип жаткан эрежелерди сактабайт. Жакында Казакстандын укук коргоо органдары жүздөгөн кыргызстандык, өзбекстандык жана тажикстандык жарандарды күч менен депортация кылганы маалым.

- Казакстандын укук коргоо органдарынын биздин жарандарга эле эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандарына да жасаган мамилеси бардык эл аралык нормаларга туура келбейт. Алар эч кимди, Казакстандагы биздин өкүлчүлүктөрдү да кабарлап коюшкан эмес, - дейт Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин адиси Анатолий Кравцов.

Ысыккөлдүн “Аврора” санаторийинде өткөрүлгөн конференциянын максаты - тараптардын баарын чогултуп, бардык өлкөлөрүн кызыкчылыгына жооп берген бирдиктүү миграциялык саясаттын принциптерин иштеп чыгуу болгон. ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун миграция секторунун жетекчиси Владимир Школьниковдун айтымында, конференция өз максатына жетти. Ал эмгек миграциясы жумушчу күчтү алып жаткан өлкөгө да, аны берип жаткан өлкөгө да пайдалуу экендигин белгилейт. Демографиялык кыйынчылыкка туш болгон Орусия КМШ өлкөлөрүнөн миллиондогон жумушчу күчүн алып турууга ынтызар. Ошондуктан, анын айтымында, конференция конструктивдүү маанайда өттү.

- Орус делегациясынын мүчөлөрү бизге орусиялык мыйзамдардын айрым нормалары либералдаштыруу жагына өзгөрүлөөрүн билдиришти. Менин оюмча, анын айрым беренелери мигранттардын гана кызыкчылыгына эмес, иш берүүчүлөрдүн да кызыкчылыгына туура келбейт, - деди Владимир Школьников.

Анатолий Кравцовдун айтуусу боюнча, Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы 1996- жылы кол коюлган “Жумушчу мигранттардын ишмердүүлүгү жана аларды социалдык коргоо тууралуу” келишимге биздин мигранттардын пайдасына жаңы жоболор киргизилгени жатат. Ага ылайык биздин жарандар Орусиянын иш берүүчүлөрү менен 1 жылга эмес, дароо эле 2 жылга контракт түзө алышат. Аны эч кандай документсиз эле дагы бир жылга узартууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, биздин жарандар үчүн Орусиянын аймагында виза талап кылынбайт. Алар ал жерде биздин паспорт менен эле жүрө беришет. Бирок биздин жарандардын көпчүлүгү соода кылган майда ишкерлер болгондуктан, алар Салык инспекциясынан ишкерлик жүргүзүү тууралуу күбөлүк алып, салык төлөөгө тийиш.

Кыргызстан - жумушчу күчүн экспорттогон да, импорттогон да өлкө. 300 миңден 500 миңге чейин кыргыз жарандары Орусия менен Казакстанда иштеп жүрсө, ошол эле учурда биздин өлкөгө Кытайдан, Өзбекстандан жана Тажикстандан адамдар келип иштешет.

- Алардын иши бизге, тилекке каршы, белгисиз. Бул өзгөчө кытайлык ишкерлерге тиешелүү. Алар салык органдарынан патент алып алышып, визаны узартып алышат. Алардын ишмердүүлүгү иш жүзүндө мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынбайт, - дейт Анатолий Кравцов.

МАРКУМ АКЫН ТАБЫЛДЫ МУКАНОВДУН ТАНДАЛМА КИТЕБИ ЖАРЫК КӨРДҮ

Кечээ жакында Бишкектеги «Бийиктик» басмасынан маркум акын Табылды Мукановдун мурда жарыкка чыккан жыйнактарындагы ырлары толугу менен жана жарыяланбаган бир шилтем ырлары, жубайы Турдукожо кызы Клара эжеге арналган сүйүү каттары, жубайынын эскерүүлөрү «Арчадай жашыл элем» деген ат менен жарык көрдү. Китеп 22 басма табактан турат. Жыйнак акындын ымандай сырларынан, жаш чактагы сүйүү каттарынан, жубайынын бүгүнкү эскерүүлөрүнөн тургандыгы менен да өзгөчө кызыктуу. Анан калса, Табылды Мукановдун бул жаңы жыйнагы кыргыз адабиятындагы ыйман сырын төккөн автордун махабат каттары ачык жарыяланган алгачкы жыйнак болуп отурат.

Акын жубайы Турдукожо кызы Клара эжеге арналган алгачкы катын мындайча баштайт:
«Саламатсызбы? Атыңызды билбегендиктен бул ырды «Бейтаанышка» деп койдук, кечирип коюңуз?

Сезбейсиз. Көптөн бери мага тааныш
чачыңыз, эриниңиз, иймегиңиз.
Мен – желге шуудураган кара камыш,
сиз мага от ыргытып бийледиңиз.
Көрүңүз карегимден өзүңүздү,
Көрүңүз менден күзгү чөптүн өңүн.
Түн менен таңдан бүткөн көзүңүздү
Ийигип, келет сүйгүм, өпкүлөгүм!

Чаңкаган көңүлүмдүн кушун салып
Жалбарам, унуттурбай жылдыз сизди.
Үзүлүп сүйсөм дагы ушунчалык,
Эмне үчүн тааныштырбайт турмуш бизди?»

Каттын аягына «1967-жылдын 27-октябры» деп жазылган. Акын ошондо 20 жашта экен. Ал эми ырдагы көркөм салыштыруулар, чыгарылган ой-бүтүмдөр кыйла такшалып калган акындын калеминдей.

Андан бери 36 жылдын обону кайрылыптыр. Кайран акындын 40 жылдай илгери күйүп-жанып жазган каттарын сары майдай сактап, бүгүн өз каражатына китеп кылып чыгарып отурган жубайы Клара Шырдакова эжеге суроо салдык:

- Эже, өзүңүз жазгандай, өткөн өттү, кеткен кетти. Непада, Кудайдын кудурети сиздерге дагы бир өмүр кайрыса, кантмексиз?

- Ооба, а дейбиз, бу дейбиз, Табылды экөөбүздүн тагдырыбыз өкүнүчтүүрөөк болду. Анткен менен Табылдынын уучу кур эмес. Кыздары, неберелери бар. Кайкыган өмүр дагы бир кайрылса, Табылдынын жанынан жарым карыш чыкпас элем, ажырашпас элем. Өмүрдүн кунун өткөндөн кийин билет турбайбызбы.

- Жээниңиз Алишерди Табылды агайга окшоштурат экенсиздер?

- Ооба, таятасына абдан окшош. Балким келечекте акын болоор деген да үмүтүбүз бар. Эң негизгиси - балдары аман болушсун, бактылуу болушсун.

Акын Табылды Мукановдун 1974-жылы кыздары Жоодур менен Айсулууга катка жазып жөнөткөн ырын угуп көрөлү:

«Туулган күнүң куттуу болсун, Жоодурум!
Ылдый тартсам жөлөгүм да,
өйдө тартсам өбөгүм!
Сени менен бирге болсун түбөлүк
Папаң, мамаң, бөбөгүң.

О, жаркыным, о, Айсулуу каралдым,
Карабагын бул турмушка
Миң көз менен тайсалдап.
Ушул гүлдөй эпкининде шамалдын
жүрбөгүлө жылуу-жумшак жай тандап.
Карагыла бул жашоого
Бир көз менен эч өчпөс!
Миң көздүүлөр – эки жүздүү…
өлүк, өлүк – кеп өтпөс!»

Бир кездеги бөбөк кыздарына жолдогон акындын бул ырларындагы ойлору кыздары Жоодур менен Айсулуунун өмүрүндө ата сөзү болуп ак кызмат кылганы айныксыз.

Акын Табылды Мукановдун «Арчадай жашыл элем» аттуу жыйнагына чейин «Каректеги жер», «Жүрөктүн кагышы», «Шуру жоготкон кыз», «Жан дүйнө» ыр китептери жарык көргөн. Акын ак ырдын – ойду калыпка салып кыспай, эркин берүүнүн устасы эле. Мындай ырларда уйкаштыруунун убарагерчилиги тартылбай, ой максатына жетет, күңүрттөнбөй, жарк этет.

Табылды Мукановдун «Жан дүйнө» жыйнагындагы «Адамдын монологу» аттуу ырын окуп көрөлү.

«О, ыйык жер, түпкүрүнөн түндү сүрүп күн өткөн,
О, ыйык жер, күздө алтын, кышта күмүш күрөткөн.
Жаз жамынган жамалыңа
Ыраа көрбөй жарыкты,
Толукшуган баралыңа
Кара мүртөз адамдар так салышты.
Мен ошондо…
Колумдан чыгарбадым намысты.
Акыйкатты калкан кылып жүрөккө,
Тутулган күндү жарк эттирип,
Жеңип чыктым күрөштө.
Мен өзүңдү өлгүс кылып сугардым
Канга эмес, мүрөккө!
Бүт дүйнөнү мекенимдей гүлдөтүп,
Согушчанды сүрдөтүп,
Тургум келет космос менен үндөшүп».

Табылды Мукановдун бул саптарында кечээ, бүгүн эле эмес, эртеңки түбөлүктүүлүккө да айтылаар ойлор камтылган. Алмустактан адамзаттын айгайы акындын он сап ичиндеги ойлору менен алпурушуп келатпайбы…

Акындын жаңы китебинин редактору Роза Бектурова айымдын оюн угалы:

- Мен окурман катары да акын Табылды Мукановдун ырларын сүйүп окуйм. Акындын ырларынын түшүнө билген адамдын ичин тазартып, жакшылык үчүн күрөшүүгө шыктантып турган жалындуу илеби бар. Жаңы чыгып отурган бул жыйнак да жан-дүйнөбүздүн тазарышына, байышына кызмат кылмакчы.

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫНЫН III КУРУЛТАЙЫ ӨТТҮ

28-июнда Аламүдүн районунда «Арнамыс» партиясынын III курултайы өттү. Анда өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал талкууланып, партиянын уставына өзгөртүүлөр киргизилди жана «Арнамыс» партиясы мындан ары азыркы бийликке ачык оппозицияга өткөнү жарыяланды.

Азыркы бийликке ачык оппозицияга өткөн партиянын үчүнчү курултайы Аламүдүн районундагы Карагоо жергесиндеги дачалардын биринде, ачык асман астында өттү. Партия лидерлеринин айтымында, бийликке көптөгөн кайрылууларга карабай, борбордон курултай өткөрүүгө имарат берилген эмес. Ошондуктан жыйынды ушундай талаада өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган. Курултайга өлкөнүн бардык региондорунан 100 делегат шайланып, 98 делегаттын келгени жарыяланды. Курултайды партиянын штаб башчысы Эмил Алиев ачты. Андан кийин курултайдын ишине ийгилик каалаган Феликс Куловдун төмөнкүдөй дубай саламын партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов окуп берди:

- Курултайдын урматтуу делегаттары! Мен сиздерге салам жолдоп, курултайды жемиштүү өткөрүшүңүздөрдү каалайм. Курултай өлкө үчүн оор кырдаалда өтүп жатат. Бийликтин сөзү менен иши айкалышпай, элдин турмуш деңгээли төмөндөп, мыйзамдуулук коом турмушун, саясатын аныктабай калды. Кыргызстанда адам укугу сакталбай калды. Мындай шартта элдин ишениминен ажыраган бийликке коомчулуктун таза күчтөрү биригип гана каршы тура алат. «Арнамыс» партиясынын негизги максаты - адам укуктарын сактоо жана өлкөдө мыйзамдуулукту орнотуу.

Абдысапар Баялиновдун айтымында, Феликс Кулов камакта жатканына карабай, партиянын ишин жетектеп, курултайдын ишине активдүү катышып, уставга өзгөртүү киргизүүгө салымын кошкон. Курултай «Сотторго чыныгы көз карандысыздык!», «Биздин максат - парламенттик республика», «Биз өз алдынча, күчтүү өкмөт үчүн!» деген ураандар астында өттү. Өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал жана «Арнамыс» партиянын аткара турган маселелери жөнүндө негизги сөздү Эмил Алиев сүйлөдү.

- Азыркы кезде Кулов эркин болгондо, анда оппозициянын баары анын айланасына чогулуп, бирге иштемек. Ошон үчүн бийлик аны камап, элге чыгарбай жатат, - дейт Эмил Алиев. Өз сөзүндө ал азыркы бийликтин кадр саясатын кескин сынга алып, өлкөнү коррупция каптап, кызмат орундар сатылып жаткан учурда өлкө эч качан кризистен чыкпасын айтты. «Биз баарыбыз Акаевге «Жок!» дешибиз керек», - деди Эмил Алиев.

Курултайдын жүрүшүндө партиянын уставына курултайды жыл сайын эмес, 2 жылда бир чакыруу, шайлоолорго талапкерлерди көрсөтүү укугун партиянын жер-жерлерде өткөрүлүүчү конференцияларына берүү, партиянын лидерин 3 жылга эмес, 5 жылга шайлоо, төраганын эки орун басарын шайлоо сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилди. Ал эми мүчөлүк акыларды сөзсүз төлөө тууралуу жоболор алынып салынды. Партиянын жакынкы убактарда аткара турган иштери катары, күзүндө же келерки жылдын баш ченинде өткөрүлө турган жергиликтүү , парламенттик жана президенттик шайлоолорго даярдык көрүү белгиленди.

Айрым делегаттар Феликс Куловду камактан бошотуш үчүн эл аралык сотторго чейин тезинен кайрылууну сунуш кылышты. Бирок партия лидерлери бул үчүн өлкөнүн соттук инстанцияларынан толук өтүп чыгуу керектигин эске салышып, Куловду бошотуу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтышты.

Жарыш сөз убагында партиянын мүчөлөрү Жапар Кенчиев, Асан Кайбылдаев, Баткен облусунан келген делегат Мусабай Момуналиев, Таластан келген Какан апа, Ош облусунан келген Замир Базарбаев өлкөдөгү оор социалдык-экономикалык кырдаалга байланыштуу азыркы бийликти кескин сынга алышты.

Курултайдын соңунда партиянын төрагалыгына 5 жылга Феликс Кулов, анын орун басарлыгына Эмил Алиев жана Виталий Бусель шайланышты. Андан тышкары, резолюция кабыл алынды. Анда Феликс Куловдун саясий себептен камакта жатканы айтылып, бийлик Куловду каралоого канчалык аракет кылбасын, элдин ага карата пикири өзгөрбөгөнү белгиленген. Куловду бошотуу маселеси саясий өңүттө жаткандыктан, аны бошотууга салым кошууга бардык эл аралык уюмдарга, демократиялык мамлекеттерге чакырык айтылган.

«Арнамыс» партиясынын үчүнчү курултайына «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев, укук коргоочу Турсунбек Акун, АКШнын Улуттук демократия институтунун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

БЕЛГИЛҮҮ ОБОНЧУ ЖАНА АТКАРУУЧУ АДЫЛБЕК КЫЯЗОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Аманбек Дилденбай, Бишкек Обончу Адылбек Кыязов 70-80-жылдары «Ай эркем ай», «Гүлмира» аттуу ырлары менен элге таанылып, анын чыгарган обондуу ырлары ыр ышкыбоздорунун жүрөгүнөн түнөк табат. Ал 30 жылдык чыгармачылык изденүүнүн натыйжасында 60ка жакын ырлардын обондорун жаратты. Драматург Токтоболот Абдымомуновдун «Борбаштын досу Камгакбай» спектаклине музыка жазып, андагы лирикалык мүнөздөгү ырлар тез эле эл арасына тарап, жаштардын сүйүктүү ырына айланат. Адылбек Кыязов жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дамира Баратбаева экѳѳ 30 жылга чукул Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылык менен алпурушуп келишкен. Азыр обончу Адылбек Кыязов Бишкекте жашап, «Кыргызтелекомдо» кызмат кылат, ал эми Дамира Баратбаева Кыргыз телерадиокорпорациясынын алдындагы «Учур» жаштар телетеатрында артист болуп иштейт.

Чыгармачыл адамдардын бардыгы эле ар тараптуу өнөргө ээ боло бербейт. Ал эми биз кеп кылып жаткан жубайлар драмалык актер катары да, ырчылык жагынан да башкаларга окшобогон, өздөрүнчө чыгармачылык жүзү бар. Өнөрпоз жубайлардын өнөрканасынын өткөндөгү учурунан азыноолак кеп учугун улап, обончу жана аткаруучу Адылбек Кыязовго суроо узаттым.

- Адылбек мырза, сиз Нарын музыкалуу драма театрында ар түрдүү спектаклдерде роль аткарып жүрдүңүз. Спектаклде роль аткарыш өзүнчө түйшүктү, изденүүнү талап кылат эмеспи. Ошол себептен сиз үчүн роль аткарган оңойбу же обон жараткан оңойбу?

- Ар бир адамдын жан-дүйнөсүн козгогон, жүрөгүнө жакын бир нерсеси болот. Анын сыңарындай, менин жан-дүйнөмдү ээлеп алган, сыйкырлуу күч - обончулук. Мен бала кезимде Акталаанын жомоктогудай тоолорунда кой кайтарып, кунан-тай минип шамал кубалап, жаратылышка жакын өстүм. Мына ошол убакта эле өзүмчө эргип, окшобосо деле обон чыгарып заңкылдап ырдай берчүүмүн. Кийинчерээк эс тартканда Муса Баетовдун, Жумакемдин (Жумамүдүн Шералиев), Рыспай Абдыкадыровдун обондорун угуп, ырларын ырдап, музыканын миң түркүн кайрыктарын үйрөндүм. «Көрө-көрө көсөм болот» дегендей, кийинчерээк өз алдымча уккулуктуу обондорду чыгара баштадым. Өзүмдүн ырларымды эл алдына ырдап чыгып, элге таанылдым. Ал эми актерлук кесип - экинчи кесибим. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөн учурда ондогон спектаклдерде башкы каармандар болбосо да экинчи пландагы ролдордо ар түрдүү кейипкерлердин образын жараттым.

- Азыр сиз «Кыргызтелекомдун» кызматкери экенсиз, бул тармакка кеткенден кийин чыгармачылыгыңызды унутта калтырган жоксузбу?

- Жо-ок. Чыгармачыл адамдардын көрөңгөсү түгөнбөйт болуш керек. Жараткан өнөр, шык берип койгондон кийин, сыр сандыктын түбүнө бекитейин десең деле болчудай эмес. Кайра кандайдыр-бир кусалыкты, эргүүнү пайда кылып, чыгармачылыкка аяр мамиле кылып калат экенсиң. Театр чөйрөсүнөн алыстап кетсем да, бир нече обондорду жараттым. Жакында караламан калкыма жеке чыгармачылык отчетумду берсемби деген оюм бар.

- Учурда эстрада жанрына басым жасалып, элдик үлгүдөгү ырларга маани берилбей бараткандай?

- Классикалык жанр, нукура элдик чыгармалар түбөлүктүү болот эмеспи. Азыр элдик үлгүдөгү фольклордук ырларга, кыргыздын классиктери Мусанын, Атайдын, Абдыластын чыгармаларына кайрылып, эстрадага салып ырдап калышты. Ал эми ар бир мезгил, ар бир доор өзүнүн жаңылыгын алып келген сыңары, биздин жергебизде да эстрада жанры Батыштын, Орусиянын үлгүсүн туурап чыкканы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көркөм өнөрдө чек жок.

- Нарын театрында иштеп жүргөн учуруңуздагы беш-алты айлап эл кыдырып гастролдоп жүрчү мезгилиңизди кандай элестетесиз?

- Ал учурду эстесем жүрөк сыздайт. «Өнөрпоздун ырыскысы элден» деп бекер айтышпаса керек. Эл кыдырып жүргөндө чыгармачылык кудуретиң да күчөп, дайыма жаңы чыгарма жазууга канат күүлөп калчумун. Өлкөбүздөгү экономикалык кризистин кедергисинен эл кыдырып бара албай, чыгармаларыбызды эл-журтка тартуулай албай калдык. Мурда Ошто, Жалалабадда, Ысыккөлдѳ, Чүйдө дос-тааныш, жоро-жолдош күтүп, бир тууганыңды көргүң келген сыңары сагынып калчу элек. Мына ошол жакын санаалаштарымды бир көрүүгө куштар болуп, капастагы карлыгач сыяктуу кайыгып турган кезим. Бирок келечектен үмүт үзбөй туралы. «Биздин көчөдө да майрам болоор» деген кеп бар эмеспи элибизде.

Обончу жана аткаруучу Адылбек Кыязовдун жубайы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дамира Баратбаева Нарын музыкалуу драма театрынын сахнасында 18 жашында чыгармачылык чыйырын баштаган. Ал театрда ырчылык жана актердук кесипти мыкты өздөштүрүп, жыйырма жылдан ашуун мезгилде кыргыз, орус, дүйнөлүк классикалык драматургиялык чыгармалар боюнча коюлган жетимишке жакын спектаклдерде ар кыл мүнөздөгү каармандардын образын жаратты. Кыргыз театр өнөрүндө У.Шекспирдин «Отеллосунда» - Дездемона, «Король Лирде» - Гонерилья, Ф.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» чыгармасында - Дуня, Т.Абдымомуновдун «Ашырбайында» - Багдагүл жана башка каармандар Дамира Баратбаевага таандык, башкаларга окшобогон актердук чеберчиликтин үлгүсү болуп калды. Учурдан пайдаланып, Дамира эжеге суроо узаттым.

- Дамира эже, Нарын музыкалуу драма театрында иштеп жүргөндө ондогон спектаклдерде башкы каармандардын ролун ойнодуңуз. Ошону менен катар сиз катышпаган концерттер болбосо керек. Айтыңызчы, ырчылык менен актердук шыктын айырмасы барбы?

- Көркөм өнөр тармагындагы жанрларга карата айтсак, анча деле айырма жок. Анткени, ырчылык өнөрдө ырдоонун ыкмаларын дайыма пайдаланып, добуштун назик, уккулуктуу болушу үчүн көнүгүүлөрдү жасап, көрүүчүлөрдү тартып алыш үчүн актердук ыкманы пайдаланабыз. Ар бир ырды аткарганда ошол ырдын маани-маңызына жараша образ түзөбүз. Ал эми актердук кесипте музыкалык ритм, мукамдуу үн болбосо ал актер боло албайт. Мыкты актер болуш үчүн мыкты бийлеп, мыкты ырдап, музыкалык жактан шыктуу болуш керек.

- Азыркы учурда сиз иштеген Бишкектеги жаштардын «Учур» телетеатрындагы чыгармачылык иштериңизге токтоло кетсеңиз?

- Жаштардын «Учур» телетеатрында иштегениме бир жылдын жүзү болду. Жакында драматург Алтынай Темированын «Теңирдин оту» аттуу пьесасы боюнча коюлган спектаклде баашкы каармандын образын жараттым. Бул чыгарма улуу актриса, маркум Бакен Кыдыкееванын жаркын элесине арналды. Психологиялык драмадагы окуялар - жалпы эле өнөр адамдарынын, алардын ичинен өзгөчө актрисалардын татаал тагдыры тууралуу. Театр агымындагы кыймыл-аракет, пластикалык чечилиштеги жаңы стилде коюлган бул спектаклде жаш артисттер менен түгөй болуп ойноо мага чыгармачылык дем-күч берди. Андан тышкары, концерттик программаларга чыгып, Адылбектин жаңы чыгарган ырларынан аткарып жүрөм. Театрдагы жаш актерлорго, акктрисаларга тажрыйбамдан үйрөтүп, эжелик акыл-насаатымды айтып, театр дүйнөсүндө өмүр кечирип келүүдөмүн.

БАСЫЛМАЛАР ТАРЖЫМАЛЫ. ЖАҢЫ ГЕЗИТТИН ТУШООСУ КЕСИЛДИ

Банкрот болуп жабылууга аргасыз болгон «Моя столица - новости» гезитинин ордуна жаңы басылма «МСН» чыга баштады. Жаңы басылманын чыгармачыл жамааты президент А.Акаевге ачык кат жолдоду. Мамлекет башчысына гезит кайрылган проблемаларды терең изилдеп, так баа берүү өтүнүчү билдирилди. Кыргызстанда канча гезит бар, жабылганы көппү же жаңылары арбынбы? Бул тема да басылмалардын баамынын сыртында кала элек.

Акыйкатта да, өтүп бараткан аптада рухий баалуулуктар, сөз эркиндиги жайында арбын кеп болду. «Кыргыз туусу», «Эркин тоо», «Агым», «Слово Кыргызстана» («В конце недели»), «Бишкек таймс», «Вечерний Бишкек» гезиттеринде президент жубайынын жекече турмушу, көргөн-билгени, мамлекеттик бийлик башында отурган күйөөсүнүн жасаган иштерин даңаза кылган китебинен үзүндүлөр жарыяланып, мактоо кептер арбын айтылды. Президенттин жубайынын китебинин бетачар аземинде айтылган сөздөрдү «Немис толкуну» радиосунан алып, «МСН» гезити да жарыя кылды.

Жаңы гезитте жарыяланган маегинде «Арнамыс» партиясынын жолбашчысы Феликс Кулов алдыдагы стратегиялык багыттарына токтолгон. Анын айтымында, азыркы бийликтин өлкөдөгү экономикалык-саясий жагдайды кардиналдуу өзгөртүүгө буямасы жетпейт. «Макталган экономикалык өсүштөр иш жүзүндө көрүнсө, эмгек акы 10 жылдан бери болгону 50 центке гана көтөрүлөбү?» - дейт партия башчысы. «Эгер абал ушул ыраатта кала берсе, 2-3 жылдан соң баарысын кайрадан баштап калышыбыз ыктымал. Бирок андайга жол бербешибиз керек», - дейт оппозициядагы партия жолбашчысы.

Жаңы гезиттин чыгармачыл жамааты президент А.Акаевге кайрылуу жолдогон. Анда эмнеликтен өкмөт башчы Николай Танаев үстөккө-босток «Моя столица - новости» гезитин сотко бергени, банкротко кабылган гезитте маалымдалган фактыларды терең текшерип, баасын берүү зарылдыгы айтылган. Эмнеликтен сырттан авиакеросин ташып келген «Мерлисайд» фирмасы салыктан бошотулган? «Кыргызалко» мамлекеттик ишканасынын айланасындагы бүдөмүк иштер текшерилеби? Кимдер Казакстандан кымбат буудай сатып алышат? Мамлекеттик ишкананын алдагыдай бүдөмүк иштеринин артында кимдер турушат? Гезит жамааты ушундай суроолорду берген.

Жума күнкү «Бишкек таймс» гезитинде Самидин Стамбековдун «Жалалабат милициясынын жагдайы кандай?» деген макаласы жарыяланды. Милицияны осол абалга капталткан окуядан соң облустагы тартип сактоо органдарынын бир топ жетекчилери, аткаруучулары ишинен бошотулган. Анткен менен милиция кызматкерлеринин айлык маянасы аз, техникалык жагынан камсыздалышы начар. Ошондон улам ушу тапта облус боюнча 55 милиция кызматкеринин орду бош. «Мандемдин баары милиция кызматкеринде «алакан жылытмайынча эч ким кызматка алынбайт, көтөрүлбөйт, чини да жогорулабайт» деген түшүнүктүн кенен-кесир орун алышында жатат», деп жазат макала автору.

Кыргызстанда социализм доорунда советтик, лениндик гезиттер чыкчу, азыр алардын айрымдары жаңы аталышта жарык көрүүдө. Жаңы басылмалардын арасынан үзгүлтүксүз чыккандары аз. Эгемендиктин алгачкы жылдарында чыга баштаган гезиттердин саналуусу гана ушу тапта маалымат мейкининен ордун тапты. Кыргыз басылмаларынын таржымалы «Бизде кандай гезит-журналдар чыкчу эле?» деген макалада баяндалган.

«Адилет» партиясынын жетекчиси, Чүй облусунун губернатору Тойчубек Касымовдун маеги «В конце недели» апталыгында жарыяланды. Партия жетекчисинин айтымында, «Адилет» партиясы азыркы бийликтин аракетине жооп бербейт. Партиянын 23 миңден ашуун мүчөлөрү бар. ««Адилет» - бийликтеги партия», деп белгилейт Тойчубек Касымов.

Ысыккөлдүн Сарыжаз дарыясынын алабындагы жайык өрөөндө киши кийиктин бар экендиги, ал топозчулар менен койчуларга белги берип, көмөк көрсөтөөрү тууралуу уламыштар айтылып келатканын жума күнкү «Вечерний Бишкек» гезитинде Юрий Александров маалымдады. Автордун жазганы боюнча, америкалык атайын кызматтар киши кийикке кызыгып, аны иликтөөгө олуттуу киришкен чагы экен. Кыргызстанда азырынча ал тууралуу миш-миштер гана айтылууда.

ХАСАН МАШХАДИ: «ТЕРРОРДУК ТОПТОР ХИМИЯЛЫК КУРАЛ КОЛДОНУУДАН КАЙРА ТАРТЫШПАЙТ»

Чолпон Орозобекова, Бишкек 27-июнда Бишкекте «Калкты химиялык куралдардан коргоо» деп аталган семинар өз ишин аяктады. Бул жыйын Гаагада жайгашкан Химиялык куралдарга каршы эл аралык уюмдун Орто Азияга багытталган атайын долбоорунун чегинде өткөрүлдү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде бул уюмдун кызматкери Хасан Машхади журналисттер менен жолугушту.

Бириккен Улуттар Уюмунун «Химиялык куралдарды чыгарууга, колдонууга жана топтоого тыюу салуу жана андай куралдарды жоготуу жөнүндөгү» конвенциясына учурда 152 мамлекет мүчө. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев бул конвенцияны ратификациялоо тууралуу келишимге 2003-жылы 29-апрелде кол койгон. КМШ мамлекеттеринин бардыгы бул конвенциянын шарттарын моюнга алышкан. Гаагадагы Химиялык куралдарга каршы эл аралык уюмдун колдоо жана коргонуу бөлүмүн жетектеген Хасан Машхадинин айтымында, 3 жылдык долбоордун ѳкүлдѳрү Орто Азия мамлекеттеринде калкты химиялык ууландыруучу заттардын капшабынан, кыргын салчу ар кандай куралдар менен жасалчу террордук чабуулдардан коргоо боюнча иш алып барышат. Хасан Машхади мырза «Ирактын Иранга жана күрт улутуна каршы химиялык курал пайдаланганын эске албаганда, бул чөлкөмдө олуттуу деле коркунуч жок» деп боолголойт.

«Бирок, кандайдыр бир террордук топтор Орто Азия мамлекеттерине каршы химиялык же башка кандайдыр-бир кыргын салчу курал пайдаланышы мүмкүнбү?» - деген суроого ал минтип жооп берди:

- Эгер Орто Азия мамлекеттерине кайсы террордук топ кол салаары жөнүндө маалыматым болсо, аны миллиондогон долларларга сатмакмын. Биз эч качан божомолдор менен иштебейбиз, реалдуу фактыга гана таянабыз. Бүгүнкү күндүн айкын чындыгы ушул - бир да террордук уюм химиялык куралды пайдалануудан кайра тартпайт. Биз ушуга даяр болушубуз керек.

Кыргызстанга кимдир-бирөө химиялык курал менен кол салбаган күндө да, бул региондогу химиялык өнөр жай обьектилерине террордук акт жасалса, химиялык курал колдонгондой уулануу болушу мүмкүн. «Орто Азия өлкөлөрүндөгү мунайзат корлору, мунайзатты кайра иштетүүчү заводдор террорчулардын бутасы болуп калышы ыктымал», - деди Хасан Машхади. Анын пикиринде, химиялык уулануудан коргонуу боюнча Кыргызстанда эски советтик инфраструктура сакталып калган. Бирок аны жаңылап, заманбап техника жана мыкты кадрлар менен жабдыш керек.

Дүйнөдө колунда химиялык куралы бар бир нече мамлекеттер бар. Гаагадагы бул уюм «АКШ, Орусия баштап, кыргын салчу куралдарын жок кылышууда» деп ишендирет.

- АКШ, Орусия, Индия жана Албания өздөрү химиялык куралы бар экенин БУУга кулактандырышкан. Онго жакын мамлекет мурда кыргын салчу куралы болгонун моюнга алды, бирок алар эчак жоготулган. Бул объектилердин айрымдарынын өндүрүшү жарандык максаттарга которулуп, эксплуатациясы токтотулуп, азыр жоготулганы турат, - дейт химиялык куралга каршы уюмдун өкүлү.

Машхади мырзанын айтымында, АКШ, Индия, Орусия Химиялык куралга каршы эл аралык уюмдун инспекторлорунун үзгүлтүксүз көзөмөлү астында химиялык куралдарын жоготуп атышкан кези. Химиялык куралдарды, аларды жасоочу өнөр жай объектилерин кыйратуу процесси башталып, ал ар бир мамлекеттин капчыгынын калыңдыгына жараша ишке ашууда. Кыргын салчу куралдарды жоготууга аны жасагандан да он эсе көп каражат жумшалат. Анчалык чоң чыгымды куралды чыгарган өлкө конвенциянын шартына ылайык өзү табат, зарыл болсо башка мамлекеттер кол кабыш кылышы ыктымал. Тилекке каршы, химиялык курал жердин жети катар түбүнө катылса, анын бар экендигин бул уюмдун инспекторлору да, БУУ да билбей калышы толук мүмкүн. Бул жөнүндө Хасан Машхади мырза билдирди. Ал эми АКШ шек санаган Ирактагы кыргын салчу куралдар жөнүндө ачык сүйлөгүсү келген жок. «Бул абдан өзгөчө иш болчу. Аны БУУнын коопсуздук бөлүмү караган. Эгер биздин жардамга муктаж болуп кайрылышса, колубуздан келгенди аябайт элек», - деп гана кыскача жооп кайтарды.

САЛЫК САНААСЫ

Мамлекеттин салык саясаты кандай болушу керек, анын өлчөмү канча, кантип чогултулат? Салык араңжан экономиканы көтөрүүгө негиз түзө алабы? Кыргыз өкмөтүнүн салык саясаты кандай? Мына ушул жана башка маселелер жайында Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитет башчысы Акылбек Жапаровдун маалымат жыйынында кенен-кесир сөз болду.

Акылбек Жапаровдун айтымында, республикада 650 сомдон аз айлык алгандарга салык салынбайт. Бюджеттин көзүн карап отургандардын кыйласы, мугалимдер, дарыгерлер өтөле аз маяна алышат. Салык концепциясына ылайык, айлык маянасы орточо айлык акыга жетпегендерден алынчу салык азайтылат. Быйыл президент А.Акаев убада кылган киреше салыгынын өлчөмү 10% түшкөн жок.

А. Жапаров «киреше салык өлчөмүн азайтуу көмүскө экономиканын ачыкка чыгышына шарт түзөөр эле» деп эсептейт. Өткөөл мезгил ичинде тапкан кирешелерди ачыкка чыгаруунун дагы бир жолу - жыл аягында бир жыл ичинде иштеп табылган кирешенин 10% төлөгүдөй салык системасын киргизүү улуттук экономиканын ыкчам жанданышына шарт түзмөк. Өкмөт, Акылбек Жапаровдун айтуусунда, салык чогултуу жаатында жакшы иштей алган жок.

- Бул эч кандай кошумча аракетсиз, атайын мыйзамы жок эле, адамдардын буга чейин тапкан кирешелерин ачыкка чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп, 10% салык төлөө менен каткан дүйнөсүн адалдап, реалдуу сектордун иштешин камсыз кылмак, - дейт Акылбек Жапаров. - Өкмөт өзүнүн артыкчылык берилчү багыттарын аныктай алган жок. Мына, Казакстан менен Орусияда салык саясаты өзгөрүлүп атат. Аларда салык жалаң эле жыйноо, чогултууга багытталбастан, өндүрүштүн өсүшүнө шарт түзүүдө. Мындай жагдайда «көмүскө экономика» коңулдан чыгып, өндүрүштү көтөрмөлөөгө өтөт.

Депутаттын айтымында, Орусияда сатуудан түшчү кирешеге салынчу салыкты толук алып салуу маселеси оңуна чечилүүдө. Бирдиктүү социалдык салыкты 20% түшүрүү аракети жасалууда. Мындай жаңычыл мамиле, Жогорку Кеңеш тарабынан 2002-жылы кабыл алынып, салык системасын жакшыртууга арналган концепцияда толук чагылдырылган. Аны өлкөнүн жетекчилиги, атүгүл Эл аралык Валюта Фонду да колдоп чыккан.

- Тилекке каршы, аны ишке ашырууга келгенде кыргыз өкмөтүнүн саясий эрдиги, атуулдугу жетпей калып атат. Өкмөт «бюджетке акча жакшы түшпөй калат, Эл аралык Валюта Фонду нааразы болот» дегендей коркунучтан улам салык саясатынын маанилүү бөлүгүн түзгөн салыктардын санын азайтуу, оорчулугун жеңилдетүү аракетине батыналбай отурат, - дейт Акылбек Жапаров.

Депутаттын пикиринде, кыргыз өкмөтү Эл аралык Валюта Фондунун сөзүнө кирип, ири айыл чарба өндүрүшчүлөрү үчүн салыкты жана кыймылсыз мүлк салыгын киргизген. Бирок алардын иштөө механизмдери эмгиче жок. Салык санын арбытууга куштар кыргыз өкмөтү эми экология салыгын киргизүүнү ойлонууда.

- Өкмөт экологиялык салыкты киргизүүнүн үстүндө иштеп атат, - дейт Акылбек Жапаров. - Бизде дайыма биринчи болууну жакшы көрүшөт эмеспи. Азыр Эл аралык Валюта Фонду ар кыл экологиялык жагдайларга байланышкан салыкты киргизүүнү сунуш кылган. Бул тенденция тереңдей берсе, салыктын саны көбөйүп, иштөөнүн өзү кыйын болуп калат.

Акылбек Жапаров «салык саясатын ыраатка келтирүүдөн мамлекет утат эле» деп эсептейт. Эгер ал ишке ашса, салык чогултуу дагы 50% өсмөк. Сандарга бөлө келгенде бул жыл сайын бюджетке кошумча 6 миллиард сом түшүп турат дегенди түшүндүрөт. Өлкөдө 80ге жетпеген ири ишкана жалпы салыктардын теңине жакынын берет. Ири ишканалардын көбү ар кыл амал-айла менен салыкты аз төлөөнүн жолун табышууда. Салыкчылардын арасында андай мыйзам бузууларга көз жумду мамиле кылгандар да аз эмес. Акылбек Жапаровдун айтымында, салык саясатын жакшыртуу концепциясын баары сөз жүзүндө колдогону менен, ишке келгенде аракеттен майнап чыга элек.

- Сөз жүзүндө буга баары эле макул, - дейт Жапаров. – Бирок тымызын каршылык көрсөткөндөр бар. «Инвестициялык матрица» деп атпайбызбы. Аны инвестиция келгенде кайра эле министрликтерге берип коюп атабыз.

Азырынча кыргыз өкмөтү жаңы структураларды түзүүгө, Эл аралык Валюта Фондунун айткан-дегенин илгиртпей аткарууга куштарлыгын көрсөтүүдө. Тышкы карыздарды кандай да болсо жоюу аракетине өткөн өкмөт эми салык саясатында батыл кадам жасоого батыналбай отурат. Ансыз өлкөнүн экономикасынын алдыга жылышы кыйын.

ЧОЛПОНАТАДА III ИНВЕСТИЦИЯЛЫК САММИТ АЯКТАДЫ

Сапар Орозбаков, Чолпоната Чолпоната шаарында эки күндөн бери болуп аткан III инвестициялык саммит 27-июнда өз ишин аяктады.

Саммит адаттагыдай эркин пикир алмашуу формасында өтүп, аны АКШнын жараны Сюзанна Вейнрайм алып барды. Бул жолу президент Аскар Акаев бир жарым күнгө созулган саммиттин башынан аягына чейин катышып, ар бир талкууланып жаткан маселе боюнча өз оюн билдирип турду. Жыйын негизинен жабык эшик артында өттү. Саммиттен кийин басма сөз жыйынын өткөргөн Жоомарт Оторбаевдин айтымында, өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга жолтоо болгон фактор катары төрт проблема аталды. Алар мурдагы саммиттерде да айтылып жүргөн административдик бөгөттөр, Кыргызстандын мыйзамдарындагы тике инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк бербеген кемчиликтер, бюрократия жана коррупция. Мурда да айтылып ушул маселелер үчүнчү матрицанын өзөгүн түзгөн болчу.

Саммиттин катышуучулары биринчи жана экинчи матрицага караганда, үчүнчү матрица жакшы аткарылып, жемиштүү болгонун белгилешти. Визалык режимдин жөнөкөйлөтүлгөнү, текшерүүлөрдүн азайганы жакшы көрүнүш катары бааланды. Былтыр жарыкка чыгып, быйыл апрелде узартылган «Ишкерлердин абалын оордото турган чечимдерди кабыл алууга мораторий жарыялоо жөнүндөгү» президенттин жардыгы өзгөчө прогрессивдүү роль ойногондугу белгиленди. «Саммитте ошол жардыктын өзөгүн түзгөн принциптерди мыйзамга айлантуу тууралуу чечим кабыл алынды», - деди Жоомарт Оторбаев.

Саммитте Кыргызстандын инвестициялык артыкчылыктарын көрсөтүп, дүйнөлүк коомчулукка жеткирүү боюнча жетиштүү иш жүргүзүлбөй жаткандыгы айтылды. Андан тышкары, тике инвестицияны тартууда сапаттуу мамлекеттик башкаруунун мааниси чоң экендиги белгиленип, административдик реформаны өркүндөтүү жана мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын камсыз кылуу боюнча конкреттүү сунуштар киргизилди. Саммит төртүнчү маанилүү маселе деп сот системасын реформалоону, анын көз карандысыздыгын жана сот чечимдеринин коомчулук үчүн ачыктыгын камсыз кылууну көрсөттү. Жоомарт Оторбаевдин айтымында, бул маселе III саммитте биринчи жолу коюлуп жатат. Саммитте ушул маселелерди камтыган резолюция кабыл алынып, анын негизинде кезектеги, төртүнчү матрицаны бир айлык мөөнөттө иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылды. Президент Аскар Акаев: «Төртүнчү матрица инвестицияны көбөйтүш үчүн чечүүчү матрица болуп калыш керек», - деди.

АЙКИДО КЫРГЫЗ ЖЕРГЕСИНДЕ

Кыргызстанда Айкидо федерациясы 1992-жылы «кара белбоонун» 3-дан ээси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмиза Сейталиева тарабынан уюштурулган. Ал Жапония, Орусия, Украина, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдүн айкидо федерациялары менен тыгыз байланышта. Дүйнөлүк айкидо борборунун ай сайын чыгарылуучу бюллетенинде айкидо өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн картасы чийилип, ал мамлекеттер жөнүндө маалымат берилет. Анда Кыргызстан жөнүндө да баяндалып турат.

Акыркы кездерде Чыгыштын жоокерчилик өнөрү көпчүлүктүн кызыгуусун туудуруп, барган сайын таасирдүүлүгү артып баратат. Бүткүл дүйнөлүк киносеанстардын негизин түзгөн Голливуддун кинолорунун көбүндө Чыгыштын эр өнөрү кеңири пайдаланылып келатканы кашкайган чындык. Ар биринин өз алдынча мектептери, өзгөчөлүктөрү бар. Кылым карыткан тарыхы, таржымалы да муундан муунга өтүп келет. Бирок алардын өнүгүшүндө өз алдынчалыктар, ар башка баскычтар, тенденциялар бар. Чыгыш эр өнөрүнүн ичинен айырмаланганы, өзгөчөлөнгөнү - Айкидо. Анын негизги тамыры башка Чыгыш эр өнөрү сыяктуу эле, байыркы согуш өнөрүнө барып такалат. Ал XII кылымдан бери келаткан самурайлардын согуш өнөрүн өзөк кылып алган. ХХ кылымдын кыркынчы жылдары айкидону «О-Сенсей» Морихеи Уэсиба негиздеген. Негиздегенине аз гана убакыт болгонуна карабай, айкидо дүйнө жүзүнө таралып, бир нече мектептерге ээ болду.

Айкидонун эң негизги өзгөчөлүгү - анын Батыштын күчтүү таасиринен сактанып калгандыгында. Себеби, айкидонун өзүнүн идеясы «до» (жол) салттык идеясынын өнүгүшү жана адам жашоосунун рухий-нравалык проблемаларынын радикалдуу чечилиши менен тыгыз байланышкан. Техникасына келе турган болсок, айкидодо жалаң коргонуу техникасы колдонулуп, спорттук таймаштардын шартына туура келбейт. Ыкмаларына келсек, айкидодо кол салган адамдын өз күчү, өз салмагы өзүнө каршы пайдаланылат. Катылган каршылашын айкидо чебери айлантып келип көтөрүп чабат же колу-бутун кайрып багынтат. Алаксытма жеңил соккулардан эсепке албаганда, атайылап муштаганга, тепкенге жол берилбейт. Кара күч дээрлик колдонулбайт. Айкидонун эң негизги өзгөчөлүгү ушунда.

Кыргызстанда Айкидо федерациясын 1992-жылы «кара белбоонун» 3-дан ээси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмиза Сейталиева уюштурган. Ал Япония, Орусия, Украина, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдүн айкидо федерациялары менен тыгыз байланышта. Дүйнөлүк айкидо Борборунун ай сайын чыгарылуучу бюллеттенинде айкидо өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн картасы чийилип, ал мамлекеттер жөнүндө маалымат берилип турат. Анда Кыргызстан жөнүндө да баяндалып жүрөт. Кыргызстандын Айкидо федерациясынын президенти Гүлмиза Сейталиева мындай дейт:

- Москвада аспирантурада окуп жүргөндө бизде каратэ аябай популярдуу эле. Анткени, мурда ага тыюу салынып келген болчу. Мен алгач ошол каратэ менен машыгайын деп ойлогом. Анан ал жерге баргандан кийин айкидону көрүп кызыгып кеттим да, анан ошону менен машыга баштадым. Мен бала кезимен көркөм, кийинчерээк жеңил атлетика менен машыгып жүргөм. Физикалык даярдыгым жакшы эле болчу. Бирок айкидо кара күчтү эмес, ички энергияны талап кылат. Ошондуктан бир топ эле кыйын болду. Москвада окуп жүргөндө устатым Александр Качаган айкидо өнөрүнүн сырларын үйрөткөн.

Айкидо боюнча мелдеш өткөрүлбөйт. Анткени, анын ыкмаларынын дээрлик көпчүлүгү коркунучтуу. Атайын фестивалдар өткөрүлүп, ага бүт дүйнө жүзүнөн келип катышышат. Гүлмиза Сейталиевага «кара белбоо» Токиодо «Хомбу - До - дзёдо», башкача айтканда Айкидонун борбордук штаб-квартирасында тапшырылган. Штаб-квартиранын директору - айкидонун негиздөөчү болгон «О-Сенсейдин» - Морихеи Уэсибанын небереси Моритеро Уэсиба.

Негизи эле Кыргызстанда таланттуу балдар көп. Көп адамдар аттестациядан өтүшкөн. Кыргызстандык 12-13 жигит айкидо чебери катары таанылган, аларга бул өнөрдү Гүлмиза Сейталиева өзү үйрөткөн. 1997-жылы Жапониядан 2 чоң делегация келген. Биринчисин Колбей сенсей жетектеп келип, кыргызстандык спортчуларга көрсөтмөлүү оюндарды көрсөтүп, чеберчиликти өстүрүүгө өбөлгө болгон. Экинчи делегацияны Усама-сенсей жетектеп келип, ошол япондук 6 айкидо чебери менен Бишкекте фестиваль өткөрүшкөн. Ошондон бери ар жыл сайын Франция, Англия, Орусия жана башка өлкөлөрдөн айкидо адистери келип, Кыргызстанда бул Чыгыш өнөрүнүн жайылышына салым кошууда. Ал түгүл айкидо Кыргызстандагы айрым жогорку окуу жайларынын окуу программасына да киргизилген. Кыргыз дене тарбия институтунун, Жогорку аскердик окуу жайынын, Борбор Азиядагы Америка университетинин, И. Арабаев атындагы педагогикалык университеттин жана Милиция академиясынын окуу программаларында айкидо сабак катары окутулуп жатат. Бишкекте карапайым калк үчүн бир нече секциялар иш алып барууда. Азырынча бул Чыгыш таймашын 11-12 инструктор үйрөнүп, иштеп жүрүшөт. Бир эле Кыргыз дене тарбия институтунда 7 секция иштеп жатат. Ал эми Бишкектеги Жогорку аскер окуу жайында 600 курсант айкидо менен машыгып, аларга 2-дан ээси Чыңгыз Кайназаров өнөр үйрөтүүдө. Алатоонун аймагында Жалалабадда жана Ысыккөлдө айкидо секциялары иштеп жатат. Айрыкча кийинки кездерде жаш балдардын, кары-картаңдардын жана кыз-келиндердин айкидого кызыгуусу артып баратат. Жапониянын «Жайка» компаниясы Кыргызстанга Айкидо борборунун адисттерин жиберип турат. Ошондой эле чет өлкөлөрдөгү айкидо феставалдарына да кыргызстандыктар катышып турат. Жакында эле Алматыда өткөн Эл аралык айкидо фестивалына 5 инструктор катышып, чеберчилигин өстүрүп келишти. Ар жыл сайын Бишкекте айкидо фестивалын да өткөрүп жүрүшөт. Чынында айкидо менен 12 жаштан баштап түшүнүп, бул өнөрдү үйрөнсө болот. Мында салмак категорияларына бөлүнбөйт, ошондуктан жаш балдар деле чоңдор менен таймаша алышат. 60-70 жаштагы айкидо чебери карылыкка моюн сунбастан, толуп турган жаш жигиттерди оңой эле жеңип алат. Бул спорт менен машыккан адам картайбайт.

Федерация өзүн-өзү каржылайт. Башында Дзюдо федерациясынын баш катчысы Петр Тельпизов жардам берип, машыгуу үчүн зал бөлгөн. Андан кийин Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов да колдоого алган. Алардын жардамы аркасында Кыргызстанда биринчи жолу аттестациялоо семинары өткөрүлгөн. Балдардын айкидого кызыгуусу абдан чоң. Жыл өткөн сайын алар чеберчилигин өркүндөтүп келатышат. Кыргыз жергесинде айкидо өнөрүнүн мектебинин ачылып иштеп жатканы эле жакшы жөрөлгө. Гүлмиза Сейталиева айкидо боюнча бир нече машыктыруучуларды, инструкторлорду тарбиялап, бул спорттун башатында турду. Чынында айрым адамдар айкидону кадыресе мушташ өнөрү деп жаңылып түшүнүп жүрүшөт. Чоң спорт, жекеме-жеке айыгышкан кармашуулар адамдын ден соолугуна зыян, ал түгүл адам баласынын психологиясына да терс таасирин тийгизет. Ал эми айкидо болсо - бул таймашуу, коргонуу искусствосу. Бул техниканын согуштук-прикладдык мүнөзгө ээ экендигине карабай, эстетикалык мааниси өтө жогору. Айкидо өзүн-өзү коргоо үчүн гана эмес, эстетикалык тарбиясы да зор, адамдын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүп, гармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө болот. Ал адамды эрктүүлүккө тарбиялап, өзүнө болгон ишенимин курчутат.

КАРТ ТАРЫХ ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИНЕ БАГЫТ БЕРЕТ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу, Мамлекет башчысынын атайын Жарлыгы чыкканы менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы, Оштун 3000 жылдыгына даярдык көргөндөй иш-чаралар анча байкалбагандай. Бирок, ага карабай алдыдагы салтанат элдин өзүн-өзү таанып билүүсү үчүн өз салымын кошоорун айрым байкоочулар ырастап жатышат.

Буга чейин чоң салтанаттар менен белгиленип келген «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы, Оштун 3000 жылдыгы сыяктуу мааракелер президенттик шайлоонун алдында өткөрүлгөндүктөн көпчүлүк саясатчылар аны саясый өнөктүк катары карап келишкени жашыруун эмес. Ошондуктан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык салтанатына карата да айрым саясатчылар сак-сактоо менен карап жатышат. Ал эми бийликтегилер ушул маараке аркылуу элди ойготуп, анын идеологиялык багытына көбүрөөк кызыкдар болуп жаткандай. Бийлик менен элдин ортосундагы жараканы жакындатып, элди патриоттуулукка үндөө менен алардын ишенимине ээ болууга умтулуп жатканын көпчүлүк байкоочулар ырасташууда. Аны бийлик өкүлдөрү өздөрү да танышпайт.

Мааракени өткөрүү боюнча Акүйдүн жооптуу адамы Осмонакун Ибраимов салтанат эң оболу идеологиялык максатты көздөөрүн ар убак айтып келет.

- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык мааракеси биздин чоң тарыхый окуя. Биз жалаң өзүбүздүн патриотизмди көтөрүш, элибиздин кандай эл экендигин ачып көрсөтүш, мына мамлекеттүүлүк жылынын эң негизги идеологиялык максаты, анын зор мааниси, чоң милдети, вазийпасы менимче ушул болот го деп ойлойм.

Ал эми айрым сурамжылоолор карапайым калк алдыдагы мааракеден анчалык кабары жоктугун, анын оорчулугу элге, жыргалы бийликтегилерге тиерин айтып четте байкоочу катары калып жатканын бышыктоодо. Көпчүлүк тарых күйөрмандары бул маараке эң алдын кыргыз эли өз тарыхын тереңирээк үйрөнүүгө салымын кошот деген ишенимде.

Дастан Сарыгулов сыяктуу коомдук ишмерлер бийлик өкүлдөрү эң оболу өзүлөрү элге үлгү болуп, өткөн замандагы журт башкарган инсандардын акыл-насааттарын эске албайт, алардын учкул сөздөрүн пайдаланбайт деген пикирин айтышат:

- Эмне үчүн ошол эл башында, бийлик башында жүргөн адамдар биздин байыркы бабаларыбыздан калган нускалуу сөздү айтпайт. Кубат бий, Мойт аке, Сарт аке, Садыр аке, Кыдыр аке, Чыныке бий, Медет датка, Нусуп бий жана башка канча улуу адамдар өткөн биздин тарыхта, ошолордун улуу сөздөрүн эмне үчүн айтпайт?

Көпчүлүк тарыхчы-аалымдар бул мааракенин тарых илимине тийгизип жаткан жагымдуу таасирин белгилешип, ошол жагын кубатташат. Эгемендүүлүк жылдарында тарых илимине, аны окуп үйрөнүүгө карата мамлекет кайдигер карап келгени, ушул мааракенин шылтоосу менен тарыхты бурмалап, ар дайым бийликтин каш-кабагына жараша тарыхты жазып келген айрым тарыхчылар баштагы көз карашын түп-тамырынан өзгөрткөнү, азыр таптакыр башка тарыхчыга айланганы маараке алдында эч кимди деле таң калтырбай калды.

Совет доорунда тарыхка текебер мамиле жасап келген мурдагы партиялык кызматкерлер эл алдында өз жаңылыштыктарын мойнуна алып жатканы мааракенин дурус жагы экенин танууга болбос. Ал тууралуу Кыргызстан Компартиянын Ьорбордук комитетинин мурдагы кызматкери, учурдагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин ректору Аскар Какеевдин пикирин угуп көрсөк:

- Совет мезгилинде бүгүнкүдөй эркин ойлоо, эркин сүйлөө, эркин изилдөө болгон эмес. Ошол мезгилде, тоталитаризм мезгилинде мен ал убакта коммунист катарында, ошол коммунисттердин эң бир борбору болгон Борбордук комитетте иштеген элем. Ошол мезгилде айрым ойлорду айтууга тыюу салынган. Анын ичинде кыргыздардын жазмасы болгон эмес деп, кыргыздардын мамлекети болгон эмес деп, Кыргыз улуу державасы бу эфемердик нерсе деп келгенбиз.

Ошентип, коомчулукта Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөөнү кубаттагандар да, ага кайдигер карагандар да бар. Коомчулукту кооптондурган бир гана жагдай – «бул салтанаттын артында катылып жаткан саясый оюн жокпу?” деген суроо. Айрым жергиликтүү саясатчылардын пикиринде, буга чейинки олуттуу мааракелер ар дайым президенттик шайлоонун алдында өтүп, элдин маанайын бийлик ээси үчүн жагымдуу жакка буруу аракеттеринин биринен болуп келген.

ТАЛАНТТУУ КУУДУЛ АСАНКУЛ ШАРШЕНОВ

Кээ бир элдик таланттарга көзү тирүүсүндө туура баа бербей, көзү өткөндөн кийин гана «ыраматылык андай эле, мындай эле» деп тобобузга жанып калган жаман адатыбыз дале илээшкен илдет болуп жан-дүйнөбүздө жүрөт. Так ушундай алакчы тагдыр таланттуу куудул Асанкул Шаршеновго да буюрган экен. Айтылуу кесиптеши тууралуу «Азаттыктын» кабарчысы менен куудул Келдибек Ниязов ой бөлүшөт.

Таланттуу артист сахнада ырдап атса, ага суктанасың, жан-дүйнөң сергип, аны аздектеп каласың. «Артисттиги го жакшы экен, а бирок ал көшөгө артында кандай адам болду экен?» деген ойго келесиң. Бир эле артисттер эмес, мисалы ошол эле акын-жазуучуларды алалы. Акын-жазуучу катары кээлери сөз жок таланттуу, чыгармаларында дүйнөлүк проблеманы козгогону менен, бирок көшөгө артында өз кара башынын проблемасын гана козгоп, элдин проблемасын ным ойлоп койбогон, атүгүл «эл жазуучулары» бар. Ошондой эле окуу жайын «кызыл диплом» менен бүтүп, тили чечен саясатчылар да бар, бирок эл менен эч иштеше албай, кайра элдин каргышына калгандар айрыкча азыр азбы?

- Келдибек мырза, биз билген Асанкул Шаршенов сөз жок таланттуу куудул эле, бирок сиз жакындан билген Асанкул Шаршенов көшөгө артында кандай адам эле?

- Кандай сөз айтса да жарашкан киши болчу. Чындап айтсак, кийинки куудул болуп жүргөн инилер таарынбас, накта куудул деп ошол кишини айтыш керек да. Бул киши «куудул» деген сөздү афишага да жаздырчу эмес. «Ой, куудул деген киши башкача болот, эки сөздү айтып эле анан «суперкуудул» болуп алышат, бул уят», - деп, афишасына «Асанкул Шаршенов» деп гана жаздырып, анан кийин-кийин гана «куудул» деген сөздү жаздырды. Өзүңүз билесиз, бул кишиге наам 60 жашында, кеч берилди, эки бөлмөлүү эски үй 63 жашында берилди да, 65 жашында кете берди. Кыскасы бул кишини тирүүсүндө баалай албай койдук. Бул киши өтө шайыр, чукугандай сөз тапкан адам эле да. Асекем ооруй калып, анын ордуна концертине мен убактылуу жетекчи болуп калдым. Бул ирет үч күн жоголуп кетип анан келди. «Ой, эмне болду, кайда жүрөсүң?» - десем: «Ооруп калдым», - дейт. «Эмнең ооруду?» - десем: «Аллергия болуп», - дейт. Ошондо Асакемдин айтып турганы: «Тү, атаңдын оозун урайын, аллергиянын жыты иттей сасык болот тура», - деп. Пластикасы, мимикасы укмуш болчу. Кыскасы, бул кишиге жакшы режиссер туш келбей калды.

- Албетте, бул киши өтө таланттуу киши болгон. Ал көшөгө артында досторуна, үй-бүлөгө мамилеси кандай эле?

- Адамкерчилиги өтө күчтүү болчу. Баласындай кишини да атынан айтпай, мисалы мени «Келдиш», Замирбекти «Замиш» дечү. Кенен киши болчу. Үйүнө барып калсаң, аялына: «Эй, байбиче, бул биринчи келип отурат, баягы менин костюмум кичине келип калбады беле, ошону кийгиз», - деп эле тураар эле.

- Бул чоң адамкерчилик да. Эми сиз менен гастролго чыкканда ал жөнүндө эсте калаарлык эпизоддор барбы?

- Бир нерсесин айтып кетейин. Апасы урушуп калбайбы. «Ай, талпактап эле талаада жүрөсүң, балдарым бүт ак сүтүмдү актады, сен актай элексиң», - десе, Асакем бир туугандарынын алдында айтыптыр: «Ай, апаке, сенин сүтүңдү көп болсо бир жыл ичкендирмин. Эшикке чыгып тиги уйдан уялып атам», - деп. «Эмне болду?» - десе: «Өмүр бою ошонун сүтүн ичип келатам», - дептир. Бир ирет Таласта жүргөнбүз. Кой кыркынга концерт коюп калдык. Ал киши жетекчи болчу. Эртеси келип документ тапшырсак, бухгалтерия бүт күлөт. «Эмне болду?» - десек, мындай болуптур. Концерт койгон жерди документке толтуруш керек да. «Место проведения концерта» дегенде «бараний парикмахерский» деп жазып коюптур.

– Шаршен Термечиковго тууганчылыгы жокпу?

- Жок. Бирок жанаша айылдан. Бул кишинин апасы Шаршен Термечиковдун уруусунан. Булар таяке-бөлө болуп калышат.

Асанкул Шаршенов 1927-жылы Сокулук районундагы Жал айылында жарык дүйнөгө келген. Бишкектеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн.

Айтмакчы, Асанкул Шаршеновдун бул окуу жайына келип кирип калышына айтылуу артист Ашыралы Боталиев себепчи болгон. Ал эл ичинен талант издеп жүрүп, Асанкул Шаршенов жашаган айылга барып калат. Боталиев: «Шалта айылына кайсы жол менен барса болот?» - деп, айылдын башкармасынан сурап калат. Ошондо Асанкул Шаршенов башкармадан озунуп: «Эгер бат барам десеңер – мобул тоону айланып түшкүлө», - деп бет алдынан аркайган тоону көрсөтө берет. «Эгер алыс жол менен барабыз десеңер, анда тетиги казактын талаасы менен баргыла», - дейт.

Асанкулдун бура сүйлөгөн куйкум сөзүнө көңүлү түшкөн А. Боталиев: «Келчи бери, жигитим, ырдайсыңбы?» - дейт. «Жок, агай, тилимде сөөк бар», - дейт. «Комуз чертесиңби?» - дейт. «Жок, агай, ар кимдин мээсин чертким келбейт», - дейт.

«Мунуңар жөн бала эмес, мага бергиле», - деп аны шаарга алып кетет.

Асанкулдун куудулдук жолу мына ошондон башталат.

Мына ошол нукура талант жөнүндө «Асанкул куудул» аттуу али боегу кургай элек жаңы китеп жарык көрдү. Авторлору - Бактыгүл Чотурова жана Келдибек Ниязов.

Аттын кашкасындай, жамы журтка таанымал Асанкул Шаршенов жөнүндө жарык көргөн бул китептин чыгышына демөөрчүлүк кылууга Сокулук районунун акими убада кылган, бирок урматтуу акимден эмгиче оң жооп жок. Ийгиликтин эрте-кечи жок дейт. Дале болсо кеч эмес.

Көчкөн Сактанов, Бишкек

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ «ПРЕЗИДЕНТТИН ИШИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨГҮ» МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

26-июнда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Президенттин ишинин кепилдиктери жөнүндөгү» мыйзамды талкуусуз кабыл алды. Бул мыйзам ушул жылдын 2-февралында референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына ылайык жазылган.

Бул мыйзам долбоорун Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баш болгон сегиз депутат, президенттик администрациянын катышуусу менен иштеп чыккан. Мыйзам долбоорун кабыл алуунун демилгечиси болгон депутаттардын бири Кубатбек Байболов депутаттардын алдында чыгып сүйлөдү:

- Мындай мыйзамдар бардык мамлекеттерде, анын ичинде мурда СССРге мүчө болгон өлкөлөрдө да бар. Бизге көп жагынан айкын Орусияны мисалга алсак, Б. Ельцин кызматтан кеткенде ага берилүүчү кепилдиктер жөнүндө Владимир Путин жардык чыгарган. Биздин президентке берилүүчү кепилдиктер Конституцияда бар. Бирок анын аткарылышын камсыздаш үчүн мыйзам керек. Бул ошондой мыйзам.

Ал ушул мыйзам менен катар Кыргызстан коммунисттик партиясынын мурдагы биринчи катчылары Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевге да мамлекет тарабынан жеңилдиктерди берүүгө шарт түзгөн мыйзам долбоору да бар экенин кабарлап, аны да кабыл алууну депутаттарга сунуштады. К. Байболовдун сөзүнөн кийин депутат Кубанычбек Жолдошев мыйзам долбоорлорун талкуусуз кабыл алууну сунуштады. Ал депутаттардын колдоосун таап, мыйзам долбоорлору талкуусуз кабыл алынды.

Мыйзамдын өзү жөнүндө сөз кыла турган болсок, ал беш бөлүктөн, 31 беренеден турат. Мыйзамдын биринчи бөлүгүндө иштеп турган президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер берилип, анын кол тийбестигин камсыздоо, арнамысын коргоо, экинчи бөлүгүндө мамлекеттик жактан камсыздоо, тейлөө жана коргоо жактары каралган. Үчүнчү бөлүгүндө болсо Кыргыз Республикасынын экс-президенттери жөнүндө сөз болуп, аларга берилген кепилдиктер, мамлекет тарабынан камсыздоолор жазылган.

Ал эми төртүнчү бөлүгүндө Кыргызстандын азыркы президенти, же биринчи президенти Аскар Акаевге берилген кепилдиктер жөнүндө сөз болот. Ага ылайык биринчи президентке, анын үй-бүлөсүнө, мүлкүнө, кызматтык имараттарына толук кол тийбестик берилет. Анын аброюна шек кеткен учурда өлкөнүн Башкы прокуратурасы доо арыз менен президенттин атынан сотко кайрылат. Андан тышкары, биринчи президент өмүр бою элге, мамлекеттик органдарга өлкөнүн ички, тышкы саясатына жана башка маанилүү маселелерге байланыштуу кайрылууга, Жогорку Кеңештин, өкмөттүн жыйындарына катышып, сөз сүйлөөгө, мамлекеттик маалымат каражаттарында тоскоолдуксуз жана акысыз чыгып сүйлөөгө укуктуу. Биринчи президент ошондой эле өмүр бою Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болуп турат жана материалдык, каржылык жактан толук бюджет тарабынан каржыланат.

Мыйзамда «иштеп турган президенттин бир жылдык маянасы 3 млн. 200 миң, биринчи президенттики 3 млн., ал эми экс-президенттердики 2 млн. 500 миң сом болсун» деп чектелген. Азыр кыргыз президентинин айлык акысы 791 доллар болсо, жаңы мыйзамга ылайык ал 5 миң доллардын тегерегинде болмокчу.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Өмүрбек Текебаев президент кийинки мөөнөткө шайлоого барбай турганын мындан үч-төрт күн мурунку жолугушууда билдиргенин маалымдады. Ал бул мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Бизде бир президент Конституциялык мөөнөтү бүткөндө кийинки президентке бийликти чатаксыз өткөрүп бериши салтка айланса мыйзамдуулук орнойт. Мына ошондой мыйзамдуулукту орнотуу максатында ушул мыйзамды иштеп чыгууга жана кабыл алууга катыштым.

Бул мыйзам долбооруна каршы пикирин укук коргоочу Турсунбек Акун мындайча билдирди:

- Ал Кыргызстандын саясатынан кетпейт экен да. Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болот экен, кайрылууларды жасайт экен. Бул туура эмес. Жаңы президент эмне кылат анда? Анын жолун тосуп, ишине кийлигишсе кандай болот? Бул туура болбой калат. Мен буга каршымын. Бул мыйзам кабыл алуу - чоң кошоматчылык.

ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫ УЛУТТУК БАНКТЫН 2002-ЖЫЛ ҮЧҮН ОТЧЕТУН ТАЛКУУЛАДЫ

Азиза Турдуева, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары Улуттук Банктын төрагасынын 2002-жыл үчүн отчетун жактырышты.

Улуттук Банктын башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов өзүнүн отчетунда 2002-жылы жүргүзүлгөн акча-кредит саясатындагы негизги жетишкендик катары инфляциянын төмөндөшүн белгиледи. Инфляциянын деңгээли 2001-жылдын декабрь айына карата 2,3% түздү. Төраганын айтымында, отчеттук жылда Улуттук Банк коммерциялык банктар менен иштөө механизмдерин жакшыртуу, аларга карата калктын ишенимин жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүп келди. Былтыр өлкөдөгү банктардын жалпы капиталы 10% жогорулап, 8 млрд. сомду түздү. Ал эми банктык эмес каржы-кредиттик мекемелердин кредиттеринин жалпы көлөмү 1 млрд. сомдон ашып, кирешелери 30,5 млн. сомду түздү. Улуттук Банк былтыр 857 млн. сом киреше алды. Анын ичинен 600 млн. сом мамлекеттик бюджетке өткөрүлдү. Улуттук Банктын төрагасынын маалыматы боюнча, ушул жылдын 1-июнуна карата Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд. 670 млн. АКШ долларын түздү. 2002-жылы тышкы карыз чет элдик кредиттердин келишинин эсебинен 98 млн. долларга көбөйдү. Ал эми тышкы карызды төлөөгө былтыр 81 млн. сом жумшалды.

Улуттук Банктын өткөн жыл үчүн отчетуна байланыштуу Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Шамшыбек Медетбеков доклад жасады. Ал Улуттук Банктын отчетунда анын экономикалык жана каржылык ишмердүүлүгү так чагылдырылбаганын, жылдан-жылга Улуттук Банктын отчетторунда айкындык азайып баратканын белгиледи. Депутат Ш. Медетбеков маалымдагандай, «Делойт и Туш» аттуу көз карандысыз эл аралык аудитордук компаниянын «Улуттук Банктын 2002-жыл үчүн отчету эл аралык стандарттарга ылайык түзүлгөн» деген корутундусу негизсиз. Анын айтымында, Улуттук Банк өлкөгө ири чыгашаларды алып келүүдө жана анын ишмердүүлүгү өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатат.

Улуттук Банктын төрагасынын отчетуна карата депутаттар тарабынан бир катар сын пикирлер айтылды. Депутат Муратбек Мукашев «Улуттук Банк өлкөдөгү ири чиновниктердин, коррупционерлердин мыйзамсыз иштерин жаап-жашырып келе жатат» деген пикирин айтты.

Айрым депутаттар соңку жылдары банктардын иши начарлап, элдин банктарга болгон ишеними азайып бараткандыгын белгилешсе, кээ бири Улуттук Банкты коммерциялык банктардын эмне себептен банкротко учурап жатышын иликтебей, бул маселеге кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн күнөөлөштү. Алардын айтымында, банкрот болгон банктар карапайым элдин, пенсионерлердин акыркы топтогон акчасын төлөп бербей келатышат. Ал эми Улуттук Банк, алардын пикиринде, бул маселени чечүү аракеттерин көрбөй келет.

Бир катар депутаттар Улуттук Банк өлкөдөгү ири коррупциялык иштерге аралашып келгендигин, банктын күнөөсү менен мамлекеттик бюджеттен 50 млн. доллар жок кылынганын жана башка көрүнүштөрдү айтышты. Депутат Жаныш Рустенбеков болсо «бүгүнкү күндө Улуттук Банкты Улан Сарбанов эмес, башка адамдар башкарып жатышат» деген оюн билдирди.

Бирок депутаттар ошону менен катар Улуттук Банк өлкөдө инфляциянын күчөшүнө жол бербегенин, өлкөнүн банк системасына бухгалтердик эсеп боюнча эл аралык стандарттардын киргизилгенин жана азыр банктык кризис орун алганы менен, системалык банктык кризис өлкөдө жок экенин белгилешти.

Улуттук Банктын отчетун бекитүү маселеси депутаттар арасында кыйла талаш-тартыштарды пайда кылды. Муратбек Мукашев жана башка депутаттар «эгерде Улуттук Банктын отчетун кабыл алсак, анда биз да анын мыйзамсыз иш-аракеттерин колдоп, мындан ары да ошондой иштерди жүргүзүүгө жол берген болобуз» деген пикирлерин билдиришти. Бирок ошого карабастан, Эл өкүлдөр жыйыны көпчүлүк добуш менен Улуттук Банктын 2002-жыл үчүн отчетун бекитти.

ЧОЛПОНАТАДА III ИНВЕСТИЦИЯЛЫК CАММИТ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ

Сапар Орозбаков, Бишкек 26-июнда Чолпоната шаарында III инвестициялык саммит өз ишин баштады. Анын ишине мамлекет башчысы Аскар Акаев жана чет мамлекеттерден келген таанымал саясатчылар, ишкерлер катышууда.

III инвестициялык саммитке президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, чет өлкөлүк инвесторлор жана өлкөнүн айрым ишкерлери катышып жатышат. Саммитти президент Аскар Акаев кыскача куттуктоо сөз менен ачты. Алды менен президент АКШнын элчиси Жон О'Киф жана Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү Кристофер Лоулес өңдүү саммиттин активдүү катышуучуларына алардын Кыргызстанга чет өлкөлүк инвестицияларды тартуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Аскар Акаев өлкөнүн прогресске жетиши жана экономиканын өнүгүшү үчүн мурдагы инвестициялык саммиттердин жана алардын негизинде иштелип чыккан инвестициялык матрицалардын ролу зор экенин айтып өттү.

Ал мурдагы саммиттерде кабыл алынган чечимдердин натыйжасында Кыргызстанга келген тике инвестициялардын көбөйө баштаганын белгиледи. Былтыр тике инвестициялардын көлөмү 116 млн. долларды түзүп, 28% өскөн. Аскар Акаев мыйзамдардын туруксуздугу, бюрократия жана коррупцияга жагымдуу инвестициялык климат түзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгын белгилеп, өлкөнүн инвестициялык климатын изилдөөгө алган Бириккен Улуттар Уюмунун, Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун жүргүзгөн ишин кубаттады.

«Бүгүн биз бул жерге инвестиция тартуунун негизги маселелерин аныкташ үчүн жана инвестициялык климатты жакшыртуунун планын иштеп чыгыш үчүн чогулдук», - деди Аскар Акаев.

III инвестициялык саммиттин негизинде 4-инвестициялык матрица иштелип чыкмакчы. Бейшембиде саммиттин катышуучулары инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча талкуу өткөрүштү. Саммитте Орусиянын мурдагы өкмөт башчысы, Өткөөл мезгил экономикасынын институтунун азыркы директору Егор Гайдаров сөз сүйлөп, салык системасын жакшыртуу боюнча ой бөлүштү. Эртең саммит өз ишин улантат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG