Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 11:30

Кыргызстан

ЧҮЙДҮ КЫДЫРГАН ПРЕЗИДЕНТ, КЫТАЙДАГЫ ЖАҢЫ ЖЫЛ, БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АБАЛЫ

21-январда кыргызстандык окурмандар “Дело №”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз караван”, "Аргументы и факты в Кыргызстане” жана “Московский Комсомолец - Кыргызстан” басылмалары менен тааныша алышты.

Бүгүн “Дело №” басылмасы Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын кабинеттеринен табылган тыңшоочу жана угуучу аппараттарга иликтөө жүргүзүп, фоторепортаж берип, депутаттардын пикирлерин да ортого салды.
«Вечерний Бишкек» басылмасынын кабарчысы Данияр Каримов Чүй облусун кыдырган президент Аскар Акаев “шайлоо өнөктүгүн эрте баштап, элдин башын айландырып, дүрбөткөндөрдү” сынга алганын, 3-4 жылдан кийин Сары өзөн Чүй гүлдөгөн аймакка айланаарын жазып чыкты. Бул басылма “Мээрим” эларалык кайрымдуулук фондунун төрайымы Майрам Акаеванын Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектептин окуучуларына эмерек тартуулап, алардын жашоо-тиричилиги менен таанышканын баяндады. Ошондой эле, 21-январдын түнүндө Кытайдын тургундары жаңы жылды кандай каада-салт менен тосуп алышаарын Эрлан Сатыбеков чагылдырды.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» басылмасы Кыргызстанда оппозиция бардык фронттор боюнча чабуулга өтө баштаганын, айрым оппозициялык маанайдагы депутаттардын кабинетинен тыңшоочу аппараттардын табылганын, алты партия шайлоонун алдында бир блокко бириккенин, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов кезектеги бутага айланганын Ибрагим Рустамбек талдоого алды. «Өлкөнү Югославия менен Грузиянын жолуна түртүп жатышканы жаман көрүнүш, андан көрө Орусиянын тажрыйбасын колдонуу ылайыктуу», - дейт автор.

Бул басылма кыргыз тилинде чыккан басма сөз каражаттарын сындаган Садырбек Чериковдун макаласына орун берди. “Өлкөдөгү кыргыз тилиндеги басылмалардын сапаты начар, деңгээли төмөн, орус тилиндеги макалаларды которуп басуу менен жан багышат”, - деп жазат С. Чериков.

Ал эми бүгүн жарык көргөн «Московский комсомолец - Кыргызстан» басылмасы Свердлов облусунун губернатору Эдуард Росселдин Кыргызстандагы иш сапары тууралуу репортаж берди. Ошондой эле, бул басылма дагы депутаттардын кабинеттеринен табылган тыңшоочу аппараттардын өтө жөнөкөйлүгүн, бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жаткандыгын жана депутаттык комиссия да түзүлгөнүн кабарлады. Театр режиссеру Нурлан Асанбеков өлкөдөгү маданиятка жакшы көңүл бөлүнбөй жатканын айтып, мындай мамиле улана берсе маданияттын деңгээли орто кылымдын деңгээлине түшүп кетээрине тынчсызданып, театр проблемаларын ортого салат.

Бүгүн «Кыргыз караван» басылмасы жарык көрдү. Анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков менен маекке орун берилди.

Ал эми басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова мындай деди:

- Бул жолу Жалалабад облусунун губернатору Жусупбек Шарипов менен болгон маек жарыяланганы турат. Ал өткөн жылдын жыйынтыктарына токтолот. Бишкектеги эларалык каржы жана бизнес академиясынын ректору Касийра Назарматова өлкөдөгү билим берүү көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылат. Жогорку Кеңештен табылган тыңшоочу аппараттар тууралуу парламент мүчөлөрүнүн кайчы пикирлерине да орун берип жатабыз. Ошондой эле, Өзбекстандын аймагынан өткөн Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары 300 доллар төлөп жатышканы абалды курчуруп, калктын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу өз кабарчыларыбыздын материалдары кетмекчи.

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАР ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС

Жогорку Кеңештен табылган тыңшоочу аппараттар парламентте эки күн талкууланып, жыйынтыгында бул ишти иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлгөн. Бүгүн комиссия мүчөлөрү тиешелүү кызмат адамдарын чакырып, тыңшоочу аппараттардын коюлушу боюнча иликтөөсүн улантат.

Маалымдоо каражаттары аркылуу жалпыга ыкчам жарыя кылынган жашыруун иштин артында кимдер турганы азырынча аныктала элек. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов бул маселе тууралуу:

- Бир нерселерди таап алышыптыр. Аны эч ким «тыңшоочу аппарат» деп айта албайт. Микрофон болсо эле тыңшагыч эмес. Бул эмне экенин мен билбейм. Квалификациялуу эксперттик баа болмоюнча ал тууралуу так айтыш мүмкүн эмес, - деп билдирген.

Төрага Абдыганы Эркебаев болсо ачылып калган кыңыр иш Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын түшүргөн осол окуя болгонун белгилеген:
- Сөз мамлекеттик бийлик органдарынын биринин ички ишине кийлигишүү, депутаттардын конституциялык укугун бузуу жөнүндө болуп атат.

Парламент депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, табылган аппараттардын тыңшоочу экени күмөндүү:

- Булардын өзү примитивдүү. Биз билебиз го, заводдо жасалган буюмдар болот го, компакттуу, чыныгы «жучоктор». Бул жердегилер болсо ага окшобойт.

Азырынча талаштын чын-бышыгы тактала элек. Комиссиянын иши канчага созулары азырынча белгисиз.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАБЫЛГАН ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРГА КИМДИН ТИЕШЕСИ БАР?

Жогорку Кеңештин алты депутатынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттарга байланыштуу окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 19-январда алгачкы жыйынын өткөрдү.

Бул чуулгандуу окуяга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйыны түзгөн комиссияга жети депутат кирген. Төрагасы - депутат Кубатбек Байболов. Комиссия дүйшөмбү күнү алгачкы жыйынын өткөрүп, иш планын тактады. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Алишер Абдымомунов бүгүн «Азаттыкка» мындай деди:

- Кечээ биз биринчи жолу комиссиянын жыйынын өткөрүп, ким кайсы ишке жооп берерин тактадык. Комиссиянын алгачкы кадамдары боюнча иш планды талкуулап, кабыл алдык.

Комиссиянын максаты тууралуу Алишер Абдымомунов:

- Биринчи негизги максат, тыңшоочу аппараттарды ким койгонун, эмне себептен койгонун аныкташ, - деди.

Алишер Абдымомуновдун айтымында, комиссия «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук коалиция күчтөрүнө кайрылып, эксперттик иштерди жүргүзүүгө жардам сурады жана алар жардамын берүүгө макул болушту.
«Иликтөө иштерин баштаган депутаттык комиссияга Улуттук коопсуздук кызматын текшерүүгө укук берилеби? Текшерүүнүн мыйзамдуу жолу барбы?» деген суроо менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Борис Полуэктовго кайрылдык. Анын жообу мындай болду:

- Конституцияга, Мыйзам чыгаруу жыйынынын регламентине жана депутаттардын статусу тууралуу мыйзамдарга ылайык депутаттар Улуттук коопсуздук кызматын көзөмөлдөй албайт. Бирок, биз өз ыктыярыбыз менен, белгиленген чектердин алкагында алардын текшерүүсүнө мүмкүнчүлүк беребиз. Биз буга - табылган аппараттарга Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок экендигине күмөн пайда болбош үчүн барып жатабыз.

Белгилүү болгондой, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө коюлган тыңшоочу аппараттар өкмөттүк байланышты уккан. Бул линия болсо өкмөт алдындагы байланыш агенттиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Ага бөтөн бирөө туташса, аны дароо аныктоого болот.

- Албетте, бөтөн бирөө туташса, беш секунддун ичинде аныктоого болот. Эми прокуратура тергөө ишин жүргүзүп жатат, ал аныктап чыгат. Бизди шектебеш үчүн тергөө ишине кийлигишпейбиз, - дейт Борис Полуэктов.

Өкмөттүк байланыш линиясы дайыма бекем көзөмөлдө экенин депутат Алымбай Султанов да тастыктап, эгерде ага бөтөн бирөө туташса дароо белгилүү болорун ырастады. «Ошондуктан, өкмөттүк байланыш зымдарына кимдир-бирөө тыңшоочу аппарат койсо, аны аныктап, бетин ачуу атайын кызматтардын милдети», - дейт Алымбай Султанов:

- Ушул кылмышты депутаттар өздөрү жасап, тыңшоочу аппараттарды өздөрү коюп алса, анда аны да далилдеп, кылмыштын бетин ачып, депутаттарды жоопко тартсын. Ал үчүн атайын министрликтер, бюджеттин эсебинен айлык алган адамдар бар. Эгерде анын бетин ача албаса, андай кызматтардын кимге кереги бар?

Депутат Алишер Абдымомуновдун пикири боюнча, тыңшоочу аппараттар Кыргыз-Кытай чегара макулдашуусу парламентте талкуулана баштаганда коюлушу ыктымал. Анткени, иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылган депутаттар Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев аталган келишимдин Үзөңгүкууш боюнча бөлүгүнө каршы чыгышкан эле.

ЧОЛПОН БАЕКОВА КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ ДАГЫ КАНЧА УБАКЫТ БАШКАРУУГА ТИЙИШ?

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын иш мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартыш күч алып баратат өңдөнөт. Айрым саясатчылар маселени териштирүүгө негиз бар экендигин, анткени, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганын белгилешсе, экинчи тарап «Чолпон Баекова Конституциялык сотту дагы узак убакыт башкара алат, буга мыйзам жол берет» дешет.

Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрайымы болуп 1993-жылы май айында 15 жылга шайланган. Бирок, өткөн жылдагы референдумда кабыл алынган Башмыйзамдын жаңы редакциясы Конституциялык соттун жетекчисинин иш мөөнөтүн 15 жылдан 10 жылга кыскартууну караган. Жогорку соттун судьясы Марат Кайыпов «күмөн туудурган бул маселени тактоо зарыл. Анткени, Башмыйзамдын жаңы редакциясындагы жобого азыр түшүндүрмө берилбесе, төрайым бекитип жаткан бардык чечимдер кийин шектенткен жагдайга кирептер болушу ыктымал» дейт. Ушундай көз-караштагы судья Марат Кайыпов өткөн жылдын 13-майында Чолпон Баекованын наамына кат жолдоп, анын бир көчүрмөсүн Жогорку Кеңешке сунуштаган.

- Конституциялык Соттун жетекчиси, - дейт Марат Кайыпов, - 15 жылга чейин калабы-калбайбы деген маселеге так жооп болбогондон кийин мен Баековага кайрылып айтып атам: «Сиз судья катары иштей берсеңиз болот. Конституция буга жол берет. Бирок, жетекчи катары иштегенге азыркы Конституция сизге жол бербей калды. Себеби, 10 жылдык мөөнөтүңүз өтүп кетти. Ошон үчүн бул маселени чечип алышыңыз керек. Же Конституциялык соттун жетекчилигинен кетип, судьялык кызматыңызда калып калышыңыз керек. Анан кайрадан жетекчи катары шайлансаңыз болот. Президент Конституциялык соттун жетекчисине бир эле кишини беш-алты жолу сунуш кыла алат. Же болбосо ырасмий түрдө Жогорку Кеңештин эки палатасы аркылуу референдумда кабыл алган жобого түшүрмө алыш керек», - деп атам .

Марат Кайыповдун айтымында, Чолпон Баекова өткөн жылы жазылган бул катка азыркыга чейин жооп бере элек. Конституциялык соттун төрайымынын жардамчысы Альмир Бообеков болсо «бул маселени көтөрүүгө юридикалык жактан эч кандай негиз жок» деген пикирде:

- Юридикалык жактан сабаттуу кишиге түшүнүктүү го, мыйзам тескери күчкө ээ болбойт («закон обратной силы не имеет») деген аксиома бар. Ал убакта, маселен, 15 жылга дайындалдыбы, 15 жыл өтмөйүнчө - муну көтөрүүгө негиз жок. Андан кийин жаңы редакция боюнча 10 жыл деп калдыбы, маселен, бирөө эми шайланып же дайындалып калса, ошол адам 10 жылдык мөөнөт менен иштейт.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да ушул көз карашты колдойт:

- Бул жерде териштирүүгө негиз бар. Бирок, укуктук өлкөлөрдө «мыйзам тескери күчкө ээ болбойт» деген түшүнүк бар. Баекова мурдагы Конституцияга ылайык шайланган. Азыр ошол эле Конституциянын оңдолгон варианты иштеп жатат. Эртеби-кечпи, бул маселе акыркы салмакталган жообун алыш керек деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Абсамат Масалиевдин ою боюнча, Марат Кайыпов туура маселе көтөрүп жатат. Анткени, Конституциянын эски редакциясы ишин токтотту. Ошого жараша парламент дагы, президент дагы эски Конституция боюнча эмес, референдумдун жыйынтыгы боюнча иштеп атат. Ал эми Конституциялык соттун жетекчиси тууралуу референдумдун жыйынтыгы боюнча кошумча түшүндүрмө берилген эмес.

Абсамат Масалиевдин айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны судья Марат Кайыповдун Конституциялык соттун төрайымына жазган катынын көчүрмөсү менен таанышып чыкты. Бирок, көтөрүлгөн бул маселе боюнча Конституциянын жаңы жана эски редакцияларындагы айырмачылыктарга президент гана түшүндүрмө бере алат:

- Президент тарабынан коюлушу керек. Себеби, Конституция ошол кишиге укук берген. Президент Конституцияны колуна алып, карап туруп, маселени алып чыгышы керек.

БАНК СЕКТОРУНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕР РЕАЛДУУ ЭКОНОМИКАНЫН ӨНҮГҮШҮНӨ ӨБӨЛГӨ БОЛО АЛБАЙ ЖАТАТ

Сапар Орозбаков, Бишкек Улуттук банктын жетекчилеринин айтымында, банк секторуна ишеним өсүп, эл жана чарба субъектилери өздөрүнүн бош акчаларын банкка көбүрөөк сала башташты. «Өлкөнүн банк сектору динамикалуу өнүгүп барат», - дешет алар.

Улуттук банктын төрага орун басары Каныш Шаршекееванын айтымында, банк сектору өткөн жылы жакшы көрсөткүчтөргө жетишти:

- Бул жолу силердин алдыңарда чыгып сүйлөш мен үчүн жагымдуу. Быйыл көрсөткүчтөр жакшы.

Каныш Шаршекееванын маалыматы боюнча, өлкөдөгү 21 банктын ичинен он жетиси өткөн жылды таза киреше менен аяктады. Алардын тапкан таза кирешеси 120 млн. сомду түздү. Банктардын суммардык капиталы 248 млн. сомго көбөйүп, 2,1 млрд. сомго жетти. Банк системасына тартылган депозиттердин жалпы көлөмү өткөн жылдын 11 айында 30,3% өсүп, 4 млрд. 598 млн. сомду түздү. Бул, Улуттук банктын жетекчилеринин пикири боюнча, банк секторуна ишенимдин өсүп бараткандыгынын белгиси.

Бирок адистердин айтуусу боюнча, банк секторунун көрсөткүчтөрүн өткөн жылга гана салыштырмалуу жакшы деп айтса болот. Ал эми бүгүнкү күндүн талаптарынан алып караганда, банк сектору тарткан акча экономиканын жакшы өнүгүп кетишине жетишсиздик кылат.

- Банктын негизги функциясы - ортомчулук. Мисалы, сиздин акчаңыз болуп, иштегиңиз келбейт. Башка бирөөнүн иштегиси келип, акчасы жок. Банк ошол бош акчаны алып, ага муктаж болгон субъектилерге берип турушу керек. Бул функция жакшы аткарылбай жатат. Биздин банктар болгону ички дүң продуктынын 5% тете акча жыйнашат. Ал жок эле дегенде 20-30% жетиш керек. Кээ бир өлкөлөрдө ал көрсөткүч - 100%, - дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Марат Султанов.

Анын айтымында, эгерде Улуттук банк чыны менен эле банк секторуна элдин ишенимин арттырам десе, банкрот болгон банктардын акча салуучуларын көчөгө сандалтпай, алардын акчаларын кайрып бериши зарыл. Ошондой эле, аманаттарды камсыздандыруу системасын киргизүү керек.

Каныш Шаршекееванын айтымында, өткөн жылы банктардын кредиттик ставкасынын төмөндөө тенденциясы да уланып, ишканалардын кредит алышына жакшы өбөлгө түзүлө баштады. Мисалы, сом менен берилген кредиттердин орточо ставкасы өткөн жылы 25% болду. Чет өлкөлүк валюта менен берилген кредиттердики болсо 19% чейин түштү:

- Өзүнүңүздөр билгендей, банк системасынын өнүгүшүндө кредиттик портфелдин өсүшү маанилүү роль ойнойт. Кредиттердин көлөмү өткөн жылдын 1 - декабрына карата 2,8 млрд. сомду түздү. Башкача айтканда, ал отчеттук мезгилде 41,3% өстү.

Бирок адистер ал акчалардын көбү кыска мөөнөткө берилген акчалар экендигин, алар реалдуу экономикага жумшалбай эле, тез жана жогору киреше берген соода жана кызмат көрсөтүү тармактарына кетип жаткандыгын айтышат.

- Мындай проценттик ставка менен бир дагы экономикалык субъект өнүгө албайт. Ал банкрот болот. Анткени, дүйнөдө проценттик ставка 2-3 эсеге төмөн, – дейт Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байло.

Андай пикирди депутат Марат Султанов да ырастайт. Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанда кредиттик ставка башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла жогору. Марат Султанов өткөн жылы казакстандыктар Кыргызстандын айрым банктарын сатып алгандыгын белгилейт:

- Эмне үчүн казактар бул жакка жыла башташты? Себеби, ал жакта кредиттик ставка төмөн.

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРДАН ЧЫККАН ЧЫР, ЗИЛЗАЛА, ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУНУН ЖООБУ

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттардын жөн-жайы тууралуу аркыл божомол кептер айтылууда. Кыргызстанда экономикалык реформалардын жүрүшү, эларалык каржы уюмдарынын көрсөтүп аткан жардамдарынын кайрымжысы тууралуу пикирлер да арбын. Кыргыз басылмаларында келерки президенттик шайлоого чыкчу атаандаштардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө божомол кептерге да көп орун берилген.

Президент Аскар Акаев бир жарым жылдан кийин келчү шайлоого азгырылбай, өндүрүштү жолго коюп, экономиканы өркүндөтүү милдетин Бишкек шаар активи менен жолугушта айтканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Басылманын ырасташынча, президент Аскар Акаев топураган тойлорду өткөрүүгө кетирген акчаны андан көрө жарды-жалчыларга жардам катары берүүнү сунуштаган. Гезитте Бишкек шаарынын таштандылары төгүлчү аймагы ууланып атканы, Токмок шаарын суу баса баштаганы, экологиялык коркунучту алдын-алуу иштерине азырынча жетиштүү көңүл бурулбай жатканы маалымдалган.

Депутаттардын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттар тууралуу кабарды «Дил ордосу» гезити да жазды. Гезиттин жаңы санында президентке талапкер болчу саясий ишмерлер жөнүндө сурамжылоонун жыйынтыгы жарыяланган. Сурамжыга катышкандардын көбү Феликс Куловго, Курманбек Бакиевге, Өмүрбек Текебаевге ишеним арта тургандыктарын билдиришкен. Басылмада депутат Ө.Текебаевдин маеги, улуттук телерадиокорпорациянын имаратынын алдында өткөн пикеттен репортаж жарыяланган.

Жогорку Кеңештен табылган үн тыңшагычтар тууралуу маалыматты шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити «жаңы жыл жомогу» деп сыпаттады. “Табияттын өзү жакшы иштерге танапташ, - деп жазат автор. - Эл тынч болбой, “эбепке-себеп” издеген жерде, эгерим жакшылыктын жышаанасы жанашпай тургандыгы туура. Мына, жок жерден жорук чыгарышты эле, жарыктык жер титиреди го. Бул эмне, эскертүү эмес бекен?..”

Бу зилзала деле бекер жеринен чыккан эместир, деп болжол курат шейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезити. Басылманын жазганына ынансак, бир жумадан бери депутаттардын үшү качып, “тыңчылык коркунучтан” кутула албай отурушат.

Кыргызстандагы калктын көчүп-конуу проблемасына шейшембидеги “МСН” гезитинде Вячеслав Тимирбаев токтолгон. Автордун пикиринде, Кыргызстандын экономикалык жагынан тез ирденип кетишине ишенбеген элдин көбү башка жерлерге көчүп кетүүдө. Ушу тапта эле Орусияда жарым миллиондон ашуун кыргыз атуулдары иштеп жүрүшөт. Алардын көбү ал жерден бекем орун-очок алуунун амалында. Өлкөнүн ичинде айылдан ири шаарларга көчүп келгендердин саны арбын. Бош калган айылдарга коңшу республикалардан көчүп келишүүдө.

Ушул эле гезиттин болжолунда, 2005-жылдагы президенттик шайлоого 7 адам катышышы ыктымал. Ал талапкерлердин саясий мүмкүнчүлүктөрүнүн кандай экенин Рина Приживойт “Тактан түшпөө үчүн кимдерди алып түшүү керек?” деген макаласында талдоого алган.

Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Башор Бухопадия гезитте жарыяланган катында айрым маалымдоо каражаттарында айтылган пикирлердин туура эместигине токтолгон. Өкүлдүн айтымында, Эларалык валюта корунун көмөгүн алган өлкөлөрдө экономикалык реформалар ийгиликтүү жүрүүдө. Бирок мындай пикирге гезит баяндамачысы Вячеслав Тимирбаев макул эмес. Анын ырасташынча, Эларалык валюта корунун сунуш-кеңештерин так аткарган Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүн биздин небере-чөбүрөлөрдүн көрүшү деле күмөн.

КЫРГЫЗ ТҮРМӨЛӨРҮНДӨ АБАЛ ООР

Бакыт Аманбаев, Бишкек Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу 15-январдан 19-январга чейин Чүй боорундагы аялдар жана балдар түрмөлөрүн, Бишкектеги убактылуу тергөө абагын кыдырып, абактагы атуулдардын абалы менен таанышып чыкты. Бүгүн Акыйкатчы беш күндөн бери жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрөт.

Беш күндөн бери Турсунбай Бакир уулу баш болгон Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Чүй облусундагы Степное айлындагы аялдар, Вознеcенскидеги балдар отурган түрмөлөрдү жана Бишкектеги убактылуу тергөө абагын кыдырышты. Түрмөдө кармалган атуулдардын арыз-муңдарын угуп, ал жердеги абал менен таанышты.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында, жалпысынан бүгүнкү күнү түрмөлөрдөгү абал оор:

- Камактагылардын тамак-ашынын сапаты, ал жердеги санитардык абал начар. Маселен, өлүм жазасына кесилген адамдар жалгыздан бир бөлмөдө отуруш керек болсо, бүгүнкү күнү алар беш-алтыдан отурушат. Мындан сырткары эки адамдык бөлмөлөрдө он алты, он жетиден адам отурат.

Турсунбай Бакир уулунун айтымында:

-Коомчулук талап кылган шарттарды түзүп беришибиз керек. Эң башкысы булар эркиндикке чыкканда коомго кайра мүчө болуп келиши керек. Антпесек эртең алар бизге ар түрдүү түйшүктү жаратаары турган иш.

-Акыйкатчынын башкы милдети -бул адам укуктары бузулган фактыларды аныктап, тиешелүү бийлик органдарына кабарлоо. Мен аткаруу бийлигине түрмөлөрдөгү абалды оңдоо боюнча «Коомдо кайра өз ордун табуу» деген мамлекеттик программаны түзүүнү сунуштайм. Ошондой эле түрмөлөрдөгү абал боюнча даярдалган маалымат март айында Жогорку Кеңешке бере турган жылдык баяндамамда да камтылат.

Акыйкатчынын мындай пикирине аткаруу бийлик өкүлдөрү макул эмес. Маселен, юстиция министрлигинин алдындагы кылмыш-жаза системасын реформалоо бөлүмүнүн башчысы Сергей Котковдун пикири мындай:

-Мен жакында түрмөлөрдү кыдырып чыктым. Түрмөлөрдө адам саны өтө көп деп айтуу негизсиз. Түмөлөрдө тамак-аштын да сапаты жакшырды.

ШААРДЫК СОТТУН ЧЕЧИМИ

19-январда Бишкек шаардык сотунун граждандык иштер боюнча коллегиясы “Аалам” гезитинин апелляциялык арызын карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Сот коллегиясы Мелис Эшимкановдун адамдык абийир, ар намыс, ишкердик беделине доо кетиргени үчүн “Аалам” гезитинен 500 миң сом, макала автору Турсунбек Акундан 50 миң сом айыппул өндүрүп алуу чечимин чыгарды.

Кыргызстан адам укугун коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акундун “Мелис Эшимкановдун адамдык жана саясий жүзү” деген аталыштагы макаласы “Аалам” гезитинин 2003-жылдын 13-июндагы санында жарыяланган. Макалада келтирилген айрым жүйөлөр адамдык беделин түшүрө тургандыгын айтып Мелис Эшимканов Бишкектин Свердлов райондук сотуна доо-арыз менен кайрылган.

Өткөн жылдын 19-сентябрында райондук сот Мелис Эшимкановдун доо-арызын канааттандырып, “Аалам” гезитинен 3 миллион, макала автору Турсунбек Акундан 2 миллион сом айыппул өндүрүп алуу чечимин чыгарган.

Бишкек шаардык сот коллегиясы “Аалам” гезити менен макала авторунун апелляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин өзгөрттү, гезиттен 500 миң сом, Турсунбек Акундан 50 миң сом айыппул өндүрүп алуу чечимин жарыя кылды.

Мелис Эшимкановдун жактоочусу Жаныбек Жанызак иштин чоо-жайын момундайча түшүндүрдү:
- Биерде жалааны Турсунбек Акун белчесинен жаап алып, эми “тиги деле айткан, анан мен айтсам эле сотко берет” деп атпайбы. Мелиске доо кете турган сөз – Турсунбек Акундун айтканы. Турсунбек Акундун ушинтип айтканы Мелиске катуу тийди да сотко берип койду. Антишке анын жарандык укугу бар. Мен бир дагы далил чогулткан жокмун, бир да барак жазган жокмун. Мына, Турсунбек Акун өзү турат го. Жанагы макаласы компьютерге тергенде 4 эле бет. Эми ошол төрт бетин далилдейм деп те 92-жылдагы атам көрбөгөн гезиттерди көтөрүп келиптир, эй. Анан кийин анын баарын...

Турсунбек Акун:
- Бийликтин камчысы турат да, бийликтин камчысы туруп атпайбы...

Жаныбек Жанызак:
- Жок, бийликтин камчысы эмес.

“Аалам” гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевдин пикири:
- Бизге коюлган доонун баарынa далил таап бердик. Аны “Аалам” гезитине да жарыялап жибердик. Бизге 16 пункттан турган күнөө бар эле, оналтысына тең бир эмес, үчтөн-төрттөн далил менен, далил болгондо да башка гезиттерден алып келсек туура эмес болуп калат го деп мурдагы “Асаба”, азыркы “Агымда” жарыяланган Мелис Эшимкановдун өзүнүн макалаларына, өзүнүн ойлоруна таянып далилдеп бердик. Анан ушундай адам абийирин, арнамысын коргойм деп чыга калганы бул кайсы бир деңгээлде бирөөлөрдүн эле шыкагы менен бирөөлөрдүн тапшырмасын аткарып атат, деген ойго түртөт.

“Аалам” гезитинин таламын талашкан адвокат Токторбек Ашырбек уулу мындай дейт:
- Сотто келтирилген доо-арызда 16 пунттан турган доо бар болчу. Ошол 16 пункт боюнча өзүнө-өзү баа бергендерин жазып туруп биз далил көрсөттүк. Мына, муну бир эле Турсунбек Акун жазып жаткан жок, же болбосо “Аалам” гезити жазган жок. Өзү жазган. Башка маалымат булактары аркылуу бул элге маалым болгонун биз далилдеп көрсөттүк.

Адамдык абийир, арнамыс, ишкердик беделди коргоо оголе оор айыппул салуу менен коштолуп атканы Кыргызстанда жаңылык деле эмес. Антсе да өзүн-өзү багып келаткан “Аалам” гезити алдагыдай чоң айыппулду төлөй алышы күмөндүү. Гезиттин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев менен Турсунбек Акун шаардык сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко арызданышарын билдирди.

ПРЕЗИДЕНТ БИШКЕКТИН ШААР ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

19-январда президент Аскар Акаев Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда Бишкек шаарынын активи менен жолукту. Анда шаардын өткөн жылдагы көрсөткүчтөрү жана быйылкы жылдагы өнүгүүсү менен катар өлкөнүн саясий турмушундагы бир катар маселелер козголду.

Бишкек активи менен президенттин жолугушуусун шаар мэри Медетбек Керимкулов президентке ыраазычылык билдирүү менен ачты:

- Урматтуу жолугушуунун катышуучулары, бүгүн Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаев жаңы жылдагы жумуш сапарын борбор шаардан баштап, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өкүлчүлүктөрү менен жолугууда. Урматтуу президент сизге бул үчүн чоң ыракмат.

Андан кийин шаар мэри сөзүн орусча улантып, Бишкек шаарынын өткөн жылдагы көрсөткүчтөрүнө токтолду. Шаар башчысынан кийин президент Аскар Акаевге сөз берилди. Президент өз сөзүндө жумуруятта 2003-жылы өткөрүлгөн иш-чараларга, тышкы саясаттын ийгиликтүүлүгүнө жана экономика өткөн жылы 6% ашуунга өскөнүнө токтолду. Бишкек шаарынын өнүгүү программасына кайрылган мамлекет башчысы, мэриянын жетекчилигин амбициялуу пландарды кабыл алууга чакырды:

- Бүгүнкү күндө Бишкектин ички дүң продуктысы 20 миллиард сомду түзөт. Мен ишенем, шаар 2008-жылга чейин өзүнүн ИДПсын 40 миллиард сомго жеткире алаарына. Ошону менен борбор биздин 10 жылдык программабызды 2 жыл мурда аткара алат. Менин оюмча, шаар мэриясы ушундай планды алдыга коюш керек.

Өз кезегинде шаар башчысы борбор шаардын экономикасын быйылкы жылы 110% өстүрөбүз деген милдеттенме алды.

Өлкөнүн учурдагы саясий турмушуна токтолгон президент парламенттик жана президенттик шайлоо кампаниясын эрте баштабоого чакырды:

- Азыркы кезде кээ бир шашма саясатчылар региондорду кыдырып, добуш топтоп, кырдаалды кызыта баштады.Мен ачык айтып коеюн, биздин алдыбызда социалдык мобилизациялоо, адилет башкаруу боюнча эбегейсиз иштер күтүп жаткан чакта, ага бизде убакыт жок. Бизде парламенттик шайлоо 2005-жылы мартта, президенттик шайлоо ошол эле жылы октябрь айында өткөрүлөт. Шайлоо кампаниясын ошол 2005-жылы баштасак туура болот.

Президенттин айтымында, бул иште Россиядан үлгү алуу туура, анткени шайлоо кампаниясы Мамлекеттик Думанын шайлоого эки жарым ай калганда башталып, ийгиликтүү өткөрүлдү.

Президенттен кийин Бишкек шаарынын айрым өкүлдөрү сөз сүйлөдү. Маселен, Бишкек ТЭЦинин башчысы Лев Васильев, «президент энергетика тармагына тынымсыз көңүл буруп жатат» деп, мамлекет башчысына ыраазычылык билдирүү менен, борбордун энергетикалык маселесине токтолду:

- Өтүп бараткан жылытуу сезону кыйынчылыктар менен башталды. Ал өткөн жылы суу көп болуп, коңшу мамлекеттер бизден электр энергиясын сатып албаганы жана дебитордук карыздардын 3 миллиард сомго жетип кетиши менен татаалданды. Бирок көрүлүп жаткан чаралардын негизинде быйылкы кыштан жылуулук менен чыгабыз .

Бишкектеги №61-мектептин директору, шаар кеңешинин депутаты Юрий Низовский орто мектептердин акча иштеп табууга жөндөмдүү болуп баратканын белгилөө менен кадр маселе курч экенин белгиледи:

- Кадр маселеси курч турат. Борбордогу мектептерде 5 миңден ашуун мугалим иштеп жатат. Анын 390ну гана жаш мугалимдер. Айлыктын аздыгынан жаш мугалимдер мектептерде иштебей кетип калууда.

Ушуну менен түшкө чейин созулган Бишкек шаарынын активи менен президенттин жолугушуусу соңуна чыкты.

ЭЛ АРАЛЫК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА ФИНЛЯНДИЯ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ-КАРАШЫ БИРДЕЙ

Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя Кыргызстанга бир күнгө иш сапары менен келди. Ушул эле күнү ал президент Аскар Акаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен жолугушту. Андан соң Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Талант Кушчубеков менен бирге маалымат жыйынын өткөрдү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов учурда Японияда иш сапары менен жүргөндүктөн, Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя менен Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орунбасары Талант Кушчубеков жолугушту.

Т.Кушчубеков:
- Финляндиянын тышкы иштер министри Аскар Акаевдин өткөн жылы Финляндияга болгон иш сапары учурунда жетишилген макулдашууларды турмушка ашыруунун жолдору тууралуу Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү менен дагы бир жолу сүйлөшүү үчүн келди.

Анын айтымында:
- Финляндиянын Тышкы иштер министри ошол макулдашууларды турмушка ашыруунун жолдорун талкуулоо максатында, Индияга болгон иш сапарынан кайтып келе жатып Кыргызстанга тие кетти.

Талант Кушчубеков жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдору жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашкандыгын, эларалык коопсуздук маселери боюнча Кыргызстан менен Финляндиянын көз-карашы бирдей экендигин маалымдады:

- Биз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана эларалык маселелер боюнча пикир алмаштык. Эларалык коопсуздук маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосунда эч кандай карма-каршылык жок. Бардык эларалык окуялар боюнча биздин көз караш окшош. Ошондой эле биз эки өлкөнүн ортосундагы түз байланышты жана БУУ, ЕКК сыяктуу эларалык уюмдар аркылуу байланышты чыңдоо тууралуу сүйлөшүү жүргүздүк. Келечекте эки өлкөнүн ортосунда туризм, информациялык технология жана саламаттыкты сактоо тармактары боюча байланышты чыңдоо тууралуу макулдаштык. Белгилей кетүүчү нерсе, сүйлөшүүнүн жыйынтыгында, биз келечекте туризм, аба каттамы тууралуу эки тараптуу келишим түзүү керектиги тууралуу бир пикирге келдик.

Финляндиянын тышкы иштер министри Эркки Туомиойя эки тараптуу мамиле тууралуу буларга токтолду:

- Силердин президент бизге иш сапары менен, биздин мамлекет башчы Кыргызстанга иш сапары менен келип, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле жакшы өнүгүүдө. Мындан сырткары Ирак, Ооганстанга байланыштуу биздин көз карашыбыз бирдей. Кыргызстан Финляндиянын Борбор Азиядагы эң башкы өнөктөшү болгон жана болот берет.

Талант Кушчубековдун маалыматына караганда, Финляндиянын тышкы иштер министри ушул эле күнү өз мекенине кайтып кетти.

ИРАНГА ГУМЖАРДАМ, ДАРЫНЫН ДАРТЫ, ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГИШИ

“Вечерний Бишкек” басылмасы бүгүнкү санында Ирандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жардам жана өлкөгө сырттан контрабандалык жол менен алынып келип жаткан дары-дармектин 70 пайызы стандартка туура келбегенин жазып чыкты.

19-январда “Ил-76” жүк ташуучу лайнери Ирандагы жер титирөөдөн жабыр тарткан Керман провинциясына Кыргызстандан гумжардам катары 20 тонна ун, 10 тонна кант жана 88 наамдагы дары-дармек түрүн жеткирип кеткенин “Вечерний Бишкек” басылмасы кабарлады.

Гезит кабарчысы Элвира Темир Кыргызстанга сырттан аткесчилик (контрабандалык) жол менен алынып келип жаткан дары-дармектын 70 пайызы стандартка туура келбейт деген пикирин билдирет.

20-январда басууга даярдалып жаткан “Аалам” гезитинде укук коргоочу Турсунбек Акундун Грузиядан келаткан жолдо Азербайжанга кайрылып, оппозициялык маанайдагы “Мусават” партиясынын лидери Муса Гамбар менен жолугушкандагы маектешүүсү жана Азербайжандагы саясий кырдаал тууралуу макаласы басылганы турат.

20-январда чыгуучу “Агым” басылмасында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы жөнүндө жооптуу катчы Төлөгөн Карыкеев мындай дейт:

- Депутаттарды тыңшоо боюнча парламентте талкуу болбодубу, бул тууралуу Мамат Сабыровдун макаласы кетип жатат. Быйылтан баштап бизде экономика боюнча рубрика пайда болду. Бул жолу Алым Токтомушев менен экономист Айылчы Сарыбаев бюджет тууралуу маектешет. Жогорку Кеңештин депутаттары телефон байланыштарына кимиси канча каражат короткону тууралуу да маалымат бар. 2004-жыл олимпиадалык жыл болгондуктан, спорттук иш чараларга бай болгону турат. Ѳлкөдөгү спорт тууралуу бир бет макалалар түрмөгү жарык көрмөкчү.


20-январда чыгуучу “Рес публика” басылмасында Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын кабинеттеринен табылган тыңшоочу аппараттар жана бул окуяга карата парламенттик талкуу боюнча кеңири маалымат берилүүдө. Гезитте биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаевдин саясий партиялар жөнүндөгү пикирлерине Гияз Токомбаевдин каяшасы жарыяланмакчы.

Жогорку Кеңештеги парламенттик талкуудагы ой-пикирлер жана спикер Абдыганы Эркебаевдин бир жылдык отчету туурасында Элнура Кулуеванын аналитикалык макаласына орун берилүүдө.

20-январда жарык көрүүчү “Эркинтоо” , “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” басылмаларында президент Аскар Акаевдин Талас облусундагы иш сапары, Бишкек шаарынын активи менен жолугушуусу тууралуу кеңири баяндамалар жарыяланмакчы.

20-январдагы “Кыргыз туусу” гезитинде Кыргызстан калкынын 4-курултайына карата Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасынын орунбасары Касым Чаргыновдун этностук өнүгүүнүн жаңы концепциясына байланыштуу маеги басууга даярдалууда.

«ЭЛ ҮЧҮН» ШАЙЛОО БИРИМДИГИНИН АРАКЕТИ

Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн «Эл үчүн» шайлоо блогу жыйын өткөрөт. Анда блоктун иштөө жобосу талкууланат жана блокту кеңейтүү маселеси каралат.

Өткөн жумада бир шайлоо блогуна бириккен «Асаба» кайра жаралуу, «КДК», «Кайран Эл», «Эркин Кыргызстан», «Эркиндик» жана «Республика» партиялары бүгүн блоктун иштөө тартибин бекиткен жобону талкуулашат. Бул жөнүндө КДК партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев:

- Шайлоо блогунун жобосу болот. Анда саясий партиялардын ортосундагы ич ара мамилелерди мыйзамдаштырган, өз ара иштөө эрежелеерин, шарттарын аныктаган документ болот. Азыр жобонун биринчи варианты бар. Эми биз ага өзүбүздүн сунуштарыбызды киргизип, бир жыйынтыкка келебиз да.

«Эл үчүн» шайлоо блогунан алынган маалымат боюнча, бул жыйынга «Жаңы Кыргызстан», «Ата Мекен» социалисттик жана социал-демократиялык партияларынын өкүлдөрү да катышат. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын жетекчилери буга чеийн «Эл үчүн» шайлоо блогуна киришээрин маалымдашкан. Ал эми «Атамекен» жана социал-демократиялык партиялары бул жөнүндө азырынча бир жактуу чечимге келе элек. Блоктун курамындагы партиялардын лидерлери бегилешкендей, бул партиялар блокко кирбеген учурда да, алар менен өнөктөш партиялар болгон соң, бир багытта иш алып барышат.

Ал эми «Эл үчүн» блогу тараткан кайрылууда анын түпкү максаты жөнүндө да айтылган. Бул максат жөнүндө «Кайран Эл» партиясынын төрагасы Дооронбек Садырбаев:

- Биздин түпкү максат - өлкөдөгү авторитардык режимди түп-тамырынан жок кылып, элге кызмат кылган мамлекет куруу.

Шайлоо блогу түзүлөөрү менен өлкөнүн юстиция министри, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов блоктун түзүлүшү мыйзам бузуулар менен коштолгондугун жана алар тараткан кайрылуу негизсиз экендигин расмий жарыялаган. Ал эми «Асаба» кайра жаралуу партиясынын төрагасы, парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров жогоруда аталган 6 партиянын уставдары алардын жетекчилерине шайлоо блогуна биригүү демилгесин көтөрүүгө жол бергендигин билдирди.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Абдил Сегизбаев аталган партиялар бийликке жетүү максатын гана көздөп жатат деген пикирин билдирген:

- Максат түшүнүктүү. Алар бийликке жетүүнүн каалап жатышкандыгы жөнүндө ачык жазып жатышат. Алар кандайдыр бир кыймылдарды да уюштуруша тургандыктары түшүнүктүү.

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ

Кубат Оторбаев, Бишкек шаары Узап бараткан апта Жогорку Кеңештин алты депутатынын иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттардын табылышы менен коомчулуктун эсинде калмак болду. Мындан тышкары, ушул эле аптада Кыргызстандагы «Демократия» укук коргоо уюму Кытайдагы уйгурлардын адамдык укуктары бузулуп жатканы тууралуу билдирүү таратты. Аптанын соңунда президент Аскар Акаев Таласка иш сапары менен барды.

Дүйшөмбү. 12-январда «Азаттык» радиосуна Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров 2003-жылы кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын кыргызча котормосунун бир катар беренелери Конституциянын орусча текстинин ошол эле беренелеринин маанисине дал келбей турганын маалымдады. Мисал катары Азимбек Бекназаров 56-берененин 2-пунктун,16-берененин 8-пунктун жана 9-берененин 1-пунктун келтирди.

- Мисалы, 56-берененин 2-пунктунда, - дейт Азимбек Бекназаров, - «Жогорку Кеңештин депутаты болуп, атайылап кылмыш жасаган адам шайланбайт» деп жазылса, орусчасында «атайлап жасалган кылмыш эмес, кандай гана болбосун кылмыш жасаган адам депутат боло албайт» деп турат. Практикада кыргызча менен орусча котормолорунда эки башка болуп калды. .

Ушундан улам депутат Азимбек Бекназаров Башмыйзамдын ошол беренелеринин кайсы тилдеги котормосун колдонуу керектигин тактап берүүнү өтүнүп, Конституциялык Сотко кайрылды.

Шейшемби. 13-январда Кыргызстандагы «Демократия» аттуу укук коргоо уюму Кытайдагы уйгурлардын укуктарынын одоно бузулушуна жана уйгурларды ассимиляциялоону токтотууга бөгөт коюуга көмөктөшүүнү өтүнүп, Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысына, АКШнын, Германиянын, Орусиянын, Улуу Британиянын, Түркиянын жана Казакстандын мамлекет башчыларына кайрылуу жолдоду. Сөз болуп жаткан уюмдун жетекчиси Турсун Ислам бул маселе жөнүндө «Азаттык» радиосуна мындай пикирин билдирди:

- «Шинжаңда уйгурлардын укуктары бузулуп жатат» деген сөз - жумшак айтылган сөз. Ал жерде атайлап геноцид жүрүп жатат десек эч жаңылышпайбыз.

Кайрылуу ээлери Кытайдын уйгур улутундагы атуулдарына качкын макамын берүүнүн ордуна, аларды бир катар эл аралык конвенцияларды жана келишимдерди бузуу менен Кытайга мыйзамсыз депортациялап жатканы үчүн Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнө нааразылык билдиришкен. «Демократия» уюмунун көз карашында, Кытайдын жетекчилиги уйгурлардын баш көтөргөн патриот уулдарына «экстремист», жикчи («сепаратист») жарлыгын тагып, аларды түрмөгө салып, андан ары жоготууда.

Бирок мындай пикирге Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги макул эмес.

- Биздеги Шинжаң-Уйгур автоном районун уйгурлар башкарып турушат. Алар өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууда. Ал эми “кылмыш кылган адам жазага тартылышы керек” деген мыйзам бүткүл дүйнөдө бар. Биз уйгурлардын баарын сепаратисттер деп атабайбыз. Бирок алардын ичинде сепаратисттер да бар, - дейт Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Ли Хуа.

Шаршемби. 14-январда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрт депутатынын - Исмаил Исаковдун, Ишенбай Кадырбековдун, Өмүрбек Текебаевдин, Азимбек Бекназаровдун - иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды. Депутат Исмаил Исаков бул ишти «мыйзамсыз» деп атап, “Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагасы Калык Иманкулов жана Конституциянын кепили болгон президент Аскар Акаев кызматтан кетүүгө тийиш” деп билдирди. Исмаил Исаков сыяктуу эле, депутат Ишенбай Кадырбеков да «бул ишти Улуттук коопсуздук кызматы жасаган» деген пикирин айтты.

- Балким Болот Жанузаковдун же Мисир Ашыркуловдун учурунда коюлган угуучу жабдуулардыр. Ошондуктан, алар келип түшүнүк беришсин, - деди ал.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкуловдун айтымында, бул окуяга УККнын караманча тиешеси жок.

- Чатак эмне үчүн азыр башталып атат? Менимче, бул - депуттардын шайлоо өнөктүгүнүн башталышы, - дейт Калык Иманкулов.

Бейшемби. 15-январда биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов «Кабар» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, «тыңшоочу аппараттар өкмөттүк мекеме-органдар тарабынан коюлган жок» деген пикирин журналисттерге маалымдады.

- Мен ишенимдүү түрдө “бул өкмөттүн, атайын кызматтардын иши эмес” деп айта алам. Бизге, азыркы өкмөткө жана өкмөттүк структураларга мындай иштерди жасоонун эч кандай кызыгы жок, - деди Курманбек Осмонов.

Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы 6 саясий партиянын 14-январда түзгөн «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогун юстиция министри “мыйзамсыз” деп баалады. «Бул партиялардын лидерлери мындай чечимди эч кандай конференция, жыйындарды өткөрбөй туруп эле, өз алдынча кабыл алышты. Партиялардын мүчөлөрүнүн пикирлерине көңүл бурулган жок», - деп айтты юстиция министри. Курманбек Осмоновдун айтымында, «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан лидери Феликс Куловдун президенттик шайлоого катышууга укугу жок жана буга Конституция жол бербейт.

Жума. 16-январда тышкы иштер министри Аскар Айтматовдун Жапониядагы иш сапары башталды. Ушул эле күнү Аскар Айтматов Жапониянын тышкы иштер министри Йорико Кавагучи менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелери талкууланып, өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин быйыл Жапонияга күтүлүп жаткан иш сапары тууралуу сүйлөшүү болду. Мындан тышкары, Ооганстан менен Ирак маселеси да талкууланды.

Ушул эле 16-январь күнү Мыйзам чыгаруу жыйыны 14-15-январда депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттардын айланасындагы ишти териштириш үчүн депутаттык комиссия түздү.

Ишемби. 17-январда президент Аскар Акаев Таласка иш сапары менен барды. Талас шаарындагы Атай атындагы мектепте коомчулук алдында сүйлѳгѳн сѳзүндѳ президент ѳткѳн жылдын жыйынтыктарын чыгарып, быйылкы жылдын милдеттерине токтолду. Президенттин айтымында, шайлоолорго чейин көп убакыт бар, ошондуктан эл быйыл саясатка алагды болбой, иштегени дурус.

- Айрым элчи-саясатчылар добуш жыйнаш үчүн айыл-кыштактардагы адамдардын бүйүрүн кызытып, кырдаалды курчутууга умтулууда. Түз эле айтып коеюн, азыр карапайым калкты иштен алаксытуунун учуру эмес деп ойлойм, - деди президент А. Акаев.

КЫЯЛДЫН ЧЕРТИП КЫЛДАРЫН…

Азыркы кезде угармандардын арасына белгилүү эстрада ырчысы Кутман Жолдошевдин өздүк репертуарынын өзөгүн көрүнүктүү обончулар Рысбай Абдыкадыровдун, Канымгүл Досманбетованын, Арзыбек Бедияровдун жана башка обончулардын ырлары түзөт.

Жүзүңдү чайып мөлтүр сууң бойлоп,
Бүлдүркөн терип жүрчү элек ойноп.
Киндик кан тамган кутмандуу жерим,
Кусадар болом күн сайын ойлоп,
Кусадар болом күн сайын ойлоп.


Угармандардын купулуна толгон “Кутмандуу жерим” ырынын обонун Арзыбек Бедияров жазган. Киндик каны тамган жеринде ак чөлмөк ойноп, көк кашка сууларын бойлоп, бетегеси белден буралган жайлоолорун аралап, бүлдүркөн, чие, карагат терген балалыктын балдай таттуу күндөрүн күн сайын ойлогон адамдын кусалуу обонун эстрада ырчысы Кутман Жолдошев чын дилден берилип ырдайт.

Кутман Жолдошев 1966-жылы Өзгөн районундагы Кызылсеңир айылында жарык дүйнөгө келген. 1984-жылы айылындагы орто мектебин ийгиликтүү бүтүрөт. 1985-87-жылдары Советтик аскерлердин катарында кызмат өтөйт.

Болочок ырчы эс тартып, ак-караны айра тааныгандан сүрөтчү болуну эңсейт. Колуна кыл калем кармап, ар кандай сүрөттөрдү тартат. Чыгармачылыктын шыбагасын сүрөттөн издеген Кутман Оштогу Гапар Айтиев атындагы сүрөт мектебин бүтүрөт.

- Кутман мырза, эмне үчүн балапан кезиңизден жактырган сүрөтчүлүктү аркалабай, ырчы болуп кеттиңиз? Бүгүнкүдөй таанымал ырчы болушуңузга кимдердин таасири тийди?

- Мен ыр дүйнөсүнө кокусунан эле келип калдым десем жаңылышпайм. Бала кезимен сүрөтчү болууну эңсечүмүн. Кала берсе Оштогу Г.Айтиев атындагы сүрөт мектебин да бүтүрдүм. 1989-жылы Өзгөндөгү маданият үйүнө ишке орноштум. Ал жерде үч жыл иштедим. Комуз черткенди, аккордеон тартканды үйрөндүм. Алардын коштоосунда ырдай баштадым. Жакшы иштегендигимен маданият үйүнүн жамааты Жалалабаддагы Б.Алыкулов атындагы маданият техникумунда окууга жолдомо беришти. 1994-жылы техникумду бүтүрдүм. Облустагы Токтосун Тыныбеков атындагы филармонияда оркестрдин ырчысы болуп иштеп калдым. 1996-жылы обончу Арзыбек Бедияров менен тааныштым. Агайдын ырлары мага аябай жакты. Мен да агайымдын ырларын бүтүндөй жан-дүйнөм менен бериле калк алдында ырдап чыгып, элге таанылдым.

Ырчы менен обончунун чыгармачылык байланышынын натыйжасында эңсөө маанайындагы “Кутмандуу жерим”, “Ушундай беле бешене”, “Көргөндө адатым бар күлүп коймой”, “Сүйүңдү сүртүп кеттиң жүрөгүмө” аттуу обондор жаралып угармандарга тартууланды. Арзыбек Бедияровдун обондору Кутмандын үнүнө куюп койгондой куп жарашат.

Ал Бедияровдун обондорунун ар бир ыргагын коңур мукам үнү менен ажарына чыгарып, эң мыкты аткарат. Кутман ырдачу ырларынын обонун кылдат тандап, берилип, эргип ырдайт. Ырдын сөздөрүн ташка тамга баскандай так айтып, маңызын ачып ырдайт. Ушундан улам өзүңдү ыр дүйнөсүнүн өзүнчө бир чакан театрынын төрүндө отургандай элестетесиң. Ошондой ырларынын бири - “Ушундай беле бешене” аттуу ыр. Обону Арзыбек Бедияровдуку. Кутман Жолдошевдин аткаруусунда бул ырды угуудан тажабайсың.

- Кутман мырза, комуздун, кыяктын, аккордеондун коштоосунда ырдап жүрүп эмне үчүн эстрадага өтүп кеттиңиз?

- Азыркы күндө деле комуздун, аккордеондун, кыяктын коштоосунда ырдап жүрөм. Эстрадага биротоло жан-дүйнөм менен өтүп кеткеним жок. Бирок азыркы заманга, элдин талабына, агымына жараша кыргыздын улуттук аспаптарынан түзүлгөн фольклордук эстрада топторунун коштоосунда ырдап жүрөм.

- Чыгармачылык бактыңызды эстрададан таптым деп ойлойсузбу?

- Мен бактымды эстрададан таптым деп ойлобойм. Ошондой болсо да каражатым жетсе, жакшы демөөрчүлөр чыкса келечекте кыргыздын улуттук аспаптарынан фольклордук эстрада тобун уюштурсам деген жакшы оюм бар. Аны каражат чечет. Ошондуктан бара көрөбүз.

- Өздүк репертуарыңызда жеке өмүрүңүзгө, чыгармачылыгыңызга, тагдырыңызга байланышкан ырлар барбы?

- Мен өзүмдүн репертуарымда менин жеке өмүрүмө, тагдырыма, чыгармачылыгыма түзмө-түз байланышкан ырлар жок. Бирок репертуарды тандоодо биринчи кезекте сөзү менен обонуна өзгөчө көңүл бөлөм. Качан гана экөө төп келгенде эл алдына ырдап чыгам.

Кутман Жолдошевдин репертуарында А.Бедияровдун "Көргөндө адатым бар күлүп коймой", Р.Абдыкадыровдун "Алмашым", "Сагынуу", К.Досманбетованын "Унутпадым", А.Корозбаевдин "Коштошууга кыйын ай", Э.Калымовдун "Мекенге таазим" деген жана башка ырлары бар. Кутмандын өмүрлүк жары Назира Жээнбекова да жолдошунан кем калышпаган таланттуу ырчы.

ОШ ШААРЫНДАГЫ БАЗАРЧЫЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ

Кожогелди Култегин, Ош Ош шаарынын борбордук базарында тамеки саткан базарчылар патенттин эки эсе кымбаттагындыгына байланыштуу нааразылык билдиришүүдө.

Тамеки саткан базарчылар жаңы баадагы бир айлык патентти сатып албай, эки күндөн бери шаардын салык инспекциясы менен жаңжалдашып, иш таштоого камынышууда. Алардын бири Замира Жумабаева мындай дейт:

- Биздин патентибиз 460 сом эле, жаңы жылдан баштап шаардын салык инспекциясы 900 сомго көтөрүп ийди. Биз бул жерде отуруп алып тамекинин баасын 1-2 сомго көтөрүп жиберели десек, "Реемтстма-Кыргызстандын" балдары биз саткан баадан 1-2 сомго арзан сатат.

Азамат Ааматов да автомашина менен көчө кыдырып тамеки саткан фирмалар аларга атаандаш болуп атканына карабастан, базарда патенттин көбөйтүлгөнүнө нааразы:

- Көчөгө кыдырып сатып атат, фирма дегени. Мына, азыр өздөрү алып барып берип атат, кардарларга. Биз бул жерде эстелик болуп отура беребиз. Май базар бир тыйын патент албайт. Эмне үчүн булардан албайт? Булар бизден көп табат.

Зулфия Ырысбаева болсо тамеки саткандар үчүн патент баасы Ош шаарында гана кымбаттаганына күйүп-бышат:

- Эмнеге Бишкекте, Карасууда, Жалалабадда көтөрүлгөн жок? “Тамекинин суммасы көп” дешет, кайсы суммасы көп? Бизде сумма көп болгону менен калганы аз да. Патентти түшүрүп берсин. Салык инспекциянын башчысы өзү эле көтөрүптүр, бул ишти. Биз, мисалы, базарга чыкпайбыз, базарды жаап кое берсин. Качанкыга чейин мэрдин алдына барып отурабыз? Балдарыбызды баксын алар.

Фарида Мамашева:

- Тамеки базарда “Финкадан” пул алып, насыя алып иштеп жатам. Салыктагылар отуруп алып буйрук берип коюп, патентти алдырып атат. Милициялардын бул жерде эмне иши бар?

Базарчылардын айткандарын уккан соң Ош шаардык салык инспекциясынын башчысы Эрмекбай Чоюновго микрофон сундук. Ал абалды мындайча түшүндүрдү:

- Биз январдын биринен баштап жеке ишкерлердин патентин текшерип-эсептеп чыгуунун негизинде көтөрдүк. Бул биздин Салык кодексинин негизинде болуп атат. Булар айтып атат, “тамекиге эле” деп, тамеки эле эмес, ишкердиктин 30 түрүнө патент баасын көтөргөнбүз. Анын ичинде медикамент сатып аткандарды, акы төлөп кирчү ажатканалардыкын жана башка 30 түрдүү иш түрүнүн патент баасын көтөргөнбүз. Бул соода кылып аткан адамдын айлантуудагы акчасына, тапкан пайдасына жараша төлөй турган салык.

Бири-бирин түшүнгүсү келбеген эки тараптын жаңжалдашуусу жакын арада бүтчүдөй түрү жок.

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРДЫН ТАБЫЛЫШЫНА КАРАТА САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ПИКИРЛЕРИ

«Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Феликс Кулов айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн угуучу аппараттардын табылышына байланыштуу өз пикирин билдирди. Мындан тышкары, бир катар партиялардын лидерлери да бул окуя тууралуу өз ойлорун ачыкка чыгарышты.

Өлкөдөгү төрт партиянын башын бириктирген «Кыргызстан элдик конгрессинин» лидери Феликс Кулов өлкөдөгү урунттуу окуяларга карата дайыма өз пикирин билдирип келатат. Чуулгандуу саясий жаңжалга айланган тыңшоочу аппараттардын табылышына байланыштуу да Феликс Кулов өз пикирин билдирди. Аны «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев окуп берди:

- Негизинен, Феликс Шаршенбаевичтин айтканын минтип жыйынтыктаса болот: «бул ишке Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок» деп, анын төрагасы туура айтып жатат. Тагыраак айтканда, Калык Иманкулов «менин тиешем жок» деп жатат. Анткени, «мен 2 жыл гана иштеп жатам, мага чейин болгондур» деп жатат. Ошону менен Иманкулов өз сөзүн жүйөлөр менен бекемдеген. Ошондуктан ага ишенсе болот.

Феликс Куловдун пикиринде, мындай ишти “Ак Үйгө” жакын адамдар жасаган жана алардын максаты - оппозиция тарапта эмне болуп жаткан билип, президентке жеткирип туруу болгон.

Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидерлеринин бири Ишенбай Абдуразаков тыңшоочу аппараттын коюлушун мындай баалады:

- Мындай нерсе, орустар айткандай, «непозволительно». Анын эмне кереги бар эле? Парламентте мына ошол депутаттар мамлекетке, саясий түзүлүшкө каршы кутум уюштуруп жатпаса... Парламент - бийликтин бир бутагы. Ошол бир бутакка экинчи бир бутактын ошондой угуучу аппарат коюшунун өзү туура эмес.

Ишенбай Абдуразаковдун айтымында, тыңшоочу аппараттар өкмөттүк байланыш линиясына туташтырылгандыктан, бул өкмөттүк структураларга маалым болгон. Ишенбай Абдуразаков «бул ишти депутаттардын өзү эле жасап койду» дегендерге кошула албастыгын билдирди.

Ал эми «Алга, Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысы Мелис Жунушалиев «тыңшоочу аппараттарды оппозициялык депутаттардын өздөрү эле атайын коюшту, бул - шайлоо алдындагы акция» деген ойлорго кошула турганын айтат:

- Тыңшоочу аппараттар азыркы замандын жабдууларына окшошпой турат. Ошондуктан биз «бул - провокация» деген ойго кошулабыз. Ага биздин Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок.

«Менин өлкөм» партиясынын координаторлорунун бири Галина Куликова партия бул маселе боюнча талкуу өткөрө электигин айтты. Бирок, «бул өзүмдүн оюм» деп, Куликова мындай пикирин билдирди:

- Бардык цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй эле, бул таң калууну жана наарызылыкты пайда кылаары турган иш. «Биз укуктук өлкөдө жашайбыз» деп, Конституция баштаган мыйзамдар аркылуу андай иштерге тыюу салганбыз. Анан эле капысынан мыйзам чыгаруучу куттуу үйдөн жашыруун аппараттын табылышы таң калууну жана нааразылыкты гана пайда кылат экен. Андан башка сезим жок менде.

Айрым депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттардын табылышына байланыштуу президент ырасмий билдирүү жасай элек.

АЯЛДАР ТҮРМӨСНДӨ БАТКАН КҮН (3- макала)

Чолпон Орозобекова, Бишкек Бул түрмөдө отургандардын көбү өз жакынынын өмүрүн кыйып алгандар. Басымдуу бөлүгү күйөөсүн өлтүрүп соттолсо, арасында өз канынан жаралган баласын жок кылып алгандары да бар.

Апарык үлбүрөгөн бул аялды 3 жыл мурда да көргөм. Ошондо бул жерге жаңы түшсө керек эле. Көздөрү гана тунара түшкөнү болбосо өңү- келбети өзгөрбөптүр. Баса, басканы өзгөрүптүр. Басыгы эркекке окшоп, кыймылдаганы комсоо болуп калгандай. Бул аял 3 жаштагы баласын сууга өз колу менен ыргытып ийген. Үч жыл мурда эмне десе ошол сөздөрүн дагы кайталады.

- Баламды өлтүрүп салдым...Кадимкидей эле...Бир үйдөн мен ушундай желмогуз чыктым да. Негизи ошол кезде арак ичип, моралдык жактан бузулуп кеткенимди мойнума алам. Ошондо да мас болчумун. Жиним келип, өзүмдү өзүм кармай албай, колу- бутум калчылдып, анан баланы сууга ыргытып жибергем.

Түшүңүзгө киреби десем, «анда- санда» дейт. Төрт жаштагы баласынын сүрөтү да калбаптыр. «Камактан чыккандан кийин куран окутуп, жыт чыгарып койбосом» деди кош айтып атып...

Аялдарга болгон үйбүлөлүк зордук- зомбулукка каршы бейөкмөт уюмдар дайыма күйөөсүн өлтүргөн аялдарды мисал кылышат. Аялды сабап- кордогон, аракты көп ичкен эркектердин кайсы бир бөлүгү аялынын колунан мерт болот өңдөнөт. Менин маектешим күйөөсү менен 3 жолу ажырашып, кайра табышкан. Үчүнчү жолу жарашкандан кийин деле бөтөлкө кучактаганын, үйдөн акча уурдаганын, буюмдарды сатып ичкенин койбоптур. «Акыр тамагына уу коргошун кошуп берип түбүнө жеттим. Өзүм да ичкем. Ага тамыры кошо кеткендиктен дароо үзүлдү, мен үстүңкү суюгун гана ичкен болчумун» дейт буркурап...

Түндүгү кулап томсоруп калган бул үйбүлө совет убагында төрт балалуу, жүзүнө жүз канчадан алган үлгүлүү чабандардан болгон. Эң башкысы балдарым түшүнөт деген үмүттө..

- Мени балдарым түшүнөт. Себеби төртөө тең ачкачылыкты көрүп калды. Бир бөлкө нанды төртөөнө тептең бөлүп берип атып, 2-3 күнгө жеткирчүмүн. Жалаң атасынын арагынын айынан эл катарынан чыгып, кыйналып атканыбызды билишчү. Азыр балдарым эмне күн көрүп, кимдин үйүндө түрткүнчүк болуп жүргөнүн ойлогондо өкүнөм. Үч жолу ажырашкандан кийин эле барбай койсом түрмөдө эмес, балдарымдын маңдайында отурмак экем.

Күйөөсүн өлтүрдү болуп жаткандардын кай бири күнөөсүн мойнуна албайт. «Көчөдөн бирөөлөр сабап, мен жокто үйгө алып келип жаткырып коюптур» деген өңдүү окуяларды айтып беришет. Көбү уруш- талаштын айынан өзүн өзү токтото албай калып, кантип бычак малып алганын билбей калышат. Муну медицина аффект абалындагы өзүн жоготуу катары түшүндүрөт.

Бул жерде биртууган эже –сиңдилердин жатканына эки жылдан ашты. Күйөөсүнүн өлүмү үчүн айыпталып эки эжеси, иниси менен кошо камалган аял буркурап ыйлап отурду. Анын айтымында күйөөсү өзү муунуп өлгөн болчу
.
Степное кыштагында бир күн бою соттолгон аялдар менен пикир алышкан Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бул түрмөдөн калган таасирлери менен бөлүштү.

- Бул түрмө республика боюнча жалгыз аялдардыкы болгондуктан дурусурак көңүл бурулат. Мен ушуну менен үчүнчү жолу келишим. Дайыма бардык абактардагыдай эле «тергөө иши акыйкат жүргөн жок, мени туура эмес соттошту» деген өңдүү арыздарды угам. Бул жолу да мага арыздар абдан көп түштү. Ар бирин териштирип чыгууга, жооп берүүгө жана колумдан келишинче жардам кылганга аракет кылам,- дейт Акыйкатчы.

Бул короо жазылбаган, айтылбаган мыйзамдары сакталуу, көз жашка, арманга толгон, өз тили- түрмө тили бар өзүнчө дүйнө. Түшкөнүнө бир ай боло элек секелек кыз «башкысы өзүмө жакшы хлебка таап алдым» деп кудуңдаганы көз алдымда калды. Көрсө, «хлебка» дегени чогуу тамак ичкен чакан чөйрөсү тура.

ПАРЛАМЕНТКЕ ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРДЫ КИМ КОЙГОНУН ДЕПУТАТТЫК КОМИССИЯ ИЛИКТЕЙ БАШТАДЫ

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын иш бөлмөлөрүнөн 14-15-январда тыңшоочу аппараттар табылганына байланыштуу маселени парламентарийлер жума күнү талкуулап бүтүштү. Анын жыйынтыгында бул фактыны иликтөө максатында депутаттык комиссия түзүү тууралуу токтом кабыл алынды.

Парламенттин токтому менен түзүлгөн депутаттык комиссияны Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, мурда атайын кызматтарда иштеген Кубатбек Байболов жетектейт. Комиссиянын курамына онго жакын депутат кирди. Мындан тышкары, иликтөөгө эксперттер да тартылышы ыктымал. Токтомдо депутаттар Исмаил Исаков менен Алевтина Проненконун «газ же бир башка ууландыруучу зат менен биздин ден-соолугубузду бузууга аракет жасалып жатат» деген билдирүүлөрүнө байланыштуу медициналык комиссия түзүп, арызданган депутаттардын ден-соолугун текшерүү да белгиленди.

Токтом кабыл алынганга чейин депутаттар сөз сүйлөштү. Аларды бийликтин өкүлдөрү – Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, Улуттук коопсуздук кызматынынын башчысы Калык Иманкулов жана ички иштер министри Бакирдин Субанбеков угушту.

Депутат Азимбек Бекназаров бул окуяны кадыресе көрүнүш катары белгилеп, аны «үчүнчү күч» жасашы мүмкүн деди:
- «Үчүнчү күч» тууралуу мен өзүмдүн божомолумду айтып коеюн. Анын башында Болот Жанузаков, Темирбек Акматалиев, Кубанычбек Жумалиев бар. Алардын башында биздин канайым турат. Мына ушулар азыр Кыргызстанды башкарууда.

Ал эми Ишенбай Кадырбеков тыңшоочу аппараттардын депутаттардын бөлмөсүнөн табылганы Кыргызстанды уят кылганын белгилеп, «аппараттар колдо жасалган» деген сөздөргө мындай жооп берди:

- Бул - өтө мыкты тыңшоочу аппарат. Менин иш бөлмөмдү америкалык акыркы техника менен текшергендер «таза, эч кандай тыңшоочу аппарат жок» деп кетишкен. Коюлган аппарат мыкты болгондуктан, америкалык аппараттар анын бар экенин аныктай алган эмес. Алар мени такай, узак убакыт бою тыңдаш үчүн өкмөттүк байланыш зымына аппаратты туташтырышкан.

Ишенбай Кадырбековдун сөзүн атайын кызматтарда мурда иштеген депутат Алишер Абдымомунов да мындайча ырастады:

- Табылган аппараттарды эң жогорку деңгээлдеги адистер жасашкан. «Андай эмес» деп уят болбогула. Мен ачык айтып коеюн, Ооганстанда жүргөндө андай оюнчуктарды мен көп жасаганмын.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын көбү тыңшоочу аппараттардын коюлушун айыпташып, ал Кыргызстандын демократиялык беделине олуттуу зыян алып келгенин белгилешти. Бирок буга карата көрүлө турган чараларга келгенде эки бөлөк пикир пайда болду. Оппозициялык депутаттардын айрымдары «мындай учурда президент да кызматтан кетиши керек» дешсе, башкалары бул окуяга байланыштуу кимдир-бирөөлөрдүн кызматтан кетишине каршы чыгышты.

Ал эми депутаттар Марат Султанов, Акбөкөн Таштанбеков жана Николай Байло маселе иликтенип чыккандан кийин гана кандайдыр-бир чечим кабыл алуу туура болоорун белгилешти. Депутат Акылбек Жапаров парламентке тыңшоочу аппарат койгондорду айыптоо менен, мындай факты ачыкка чыккандан кийин өкмөт атайын билдирүү жасап, президенттен баштап бардык кызмат адамдарынын иш бөлмөлөрүн текшерип чыгыш керектигин билдирди. Ал эми депутат Алымбай Султанов Улуттук коопсуздук кызматын жана Жогорку Кеңешти тейлөөчү бүт кызматтарды президенттин карамагынан чыгарып, Жогорку Кеңештин коопсуздугун камсыз кылууну парламенттин өзүнө берүүнү сунуштады. Бул айтылгандарды колдогон төрага Абдыганы Эркебаев «аны депутаттык комиссия иликтеп көрүп, өзүнүн сунушун киргизет» деген пикирин билдирди.

АТКАРУУ БИЙЛИГИ ОППОЗИЦИЯЛЫК ПАРТИЯЛАРДЫН БИРИГИШИНЕН ЧОЧУЛАЙБЫ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек Ушул аптанын башында оппозициячыл маанайдагы алты саясий партия биригип, бирдиктүү шайлоо блогун түзүштү. Андан кийинки күнү биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов маалымат жыйынын өткөрүп, оппозициялык маанайдагы партиялар түзгөн блокту мыйзамсыз деп баалады.

Сырттан байкаган адамга соңку 3-4 айдын аралыгында өлкөдөгү саясий партиялар өз ишмердүүлүгүн жандандырышты. Алгач өкмөтчүл маанайдагы «Жаңы заман», «Жаңы кыймыл», «Манас эл», «Кооператорлор» партиялары биригишип «Алга, Кыргызстан» партиясын түзүштү. Ага көп өтпөй мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев жетектеген «Биримдик» партиясы кошулду. Кыска убакыттын аралыгында Бишкекте «Алга, Кыргызстан» партиясынын кеңсеси ачылып, партиянын баштапкы уюмдары уюштурулду.

Коомчулукка тез көрүнө калган мындай партиянын аракетин аткаруу бийлиги эрен-төрөгө алган жок. Бирок бийликти ачык колдогон партиялардын мындай аракети оппозиция өкүлдөрүн жандандырды. Оппозициячыл маанайдагы 6 партия бирдиктүү «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогуна биригишкенин жарыялашты. Жаңы түзүлгөн топтун өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, аткаруу бийлигинин саясатын сындап, кыргыз элине кайрылуу жолдошту. Өз кайрылуусунда алар 2004-жылы келерки президенттик, парламенттик шайлоолорго карата саясий күрөш күчөп, туу чокусуна жетээрин, ага артында президент Аскар Акаевдин үй-бүлө мүчөлөрүнүн айрымдары турган «Алга, Кыргызстан» партиясынын буга чейинки аракети далил экендигин айтып чыгышты.
- 2004-жыл Кыргызстандын келечеги үчүн чечүүчү жыл болот. Анткени ушул жылы 2005-жылы боло турган президенттик, парламенттик шайлоолорго карата даярдыктар күчөп, саясий күрөш туу чокусуна жетет. Буга артында президенттин үй-бүлөсүнүн айрым мүчөлөрү турган «Алга, Кыргызстан» партиясынын жер-жерлерде жүргүзгөн аракеттери далил, -
деп, «Кайран эл» партиясынын жетекчиси Дооронбек Садырбаев жаңы түзүлгөн шайлоо блогунун кайрылуусун окуп берди.

Оппозициячыл маандайдагы партиялардын мындай мазмундагы кайрылуусу аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн кайдыгер калтырган жок. Кайрылуудан кийинки күнү юстиция министри Курманбек Осмонов маалымат жыйынын өткөрүп, оппозициячыл маанайдагы партиялардын аракетин айыптап, сынга алды. Курманбек Осмоновдун айтымында, шайлоо блогун «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылынын өзөгүн түзгөн партиялар түзүшкөндүктөн, аталган бирикменин аракети мыйзамсыз. Анткени, «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа» кыймылы Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн эмес. «Оппозициячыл партиялардын акыркы кадамына аткаруу бийлиги кандай чара көрөт?» деген суроого Курманбек Осмонов мындай жооп берди:

- Кандай чара көрүлөөрү алардын келечекте жасаган аракеттерине жараша болот.

Анын мындай билдирүүсүнө «Эл бийлиги үчүн» шайлоо блогунун өкүлдөрү макул эмес. Алардын пикиринде, соңку жылдарда Кыргызстанда элдин жашоосу начарлап, коррупция күчөп, президент А. Акаев жүргүзгөн саясатка карапайым эл тургай айрым бийлик өкүлдөрү да ишенбей калышты. Бул тууралуу “КДК” партиясынын лидерлеринин бири Жыпар Жекшеев мындай дейт:

- Аткаруу бийлиги элге чындап таанылган саясий партиялардын биригүүсүнөн чочулап атат. Анткени бул - биригүүнүн биринчи эле баскычы. Мына ушундан улам аткаруу бийлиги «мындай кыймылга келечекте өлкөдөгү бардык оппозициячыл маанайдагы күчтөр биригип кетет» деп чочулап атат.

Ошентип, Кыргызстанда кайрадан саясий тирешүү жанданды. Аны оппозициячыл маанайдагы партиялардын иш бөлмөсүнөн тыңшоочу аппараттардын табылганы да ого бетер күчөттү. Мындай окуялардын арты эмне менен аяктайт - аны убакыт көрсөтөт.

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ӨЗБЕК ӨКМӨТҮНӨ КАТ ЖОЛДОДУ

Сапар Орозбаков, Бишкек Өзбекстандын жергиликтүү бийлик органдары Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп жаткан Кыргызстандын автоунааларынан 300 доллардан чогулта башташты. Премьер-министр Николай Танаев кыргызстандыктардан мындай жыйым алууну токтотууну өтүнүп, өзбек өкмөтүнө кат жөнөттү.

Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, Өзбекстандын өкмөтү өзүнүн бул чечими жөнүндө кыргыз өкмөтүнө кабарлаган эмес. Ал жөнүндө маалымат жабыркаган кыргызстандыктар аркылуу келип түшкөн. Өкмөт менен Тышкы иштер министрлиги азыр бардык дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Өзбекстандын бул чечимин жумшартууга аракет кылууда.

- Кыргыз Республикасынын премьер-министри Николай Танаев өзүнүн өзбекстандык кесиптеши - Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Шавхат Мирзияев мырзанын дарегине тиешелүү кат жөнөттү. Катта биздин өкмөт башчы бул маселени чечүүгө жардам берүүнү жана Кыргызстандан Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга транзит менен өтүп жаткан автоунааларды тоскоолдуксуз өткөрүүнү суранды, - деди Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов.

Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, Өзбекстан мындай жыйымды жүргүнчү ташыган автоунаалардан гана эмес, жүк ташуучу автоунаалардан да алып жатат. Министрликтин кызматкерлеринин айтымында, өзбек өкмөтүнүн бул чечими Өзбекстандын темир жолу аркылуу товар жөнөткөн Майлысуу электр лампа заводу, Кадамжай сурьма комбинаты жана Хайдаркен сымап комбинаты сыңары бир топ ишканаларга жаңы кыйынчылыктарды алып келүүдө. Аттары аталган ишканалар өздөрүнүн продукциясын автоунаа менен Өзбекстандын темир жол вокзалдарына жеткиришет.

УКУК КОРГООЧУЛАР ТЫҢШАГЫЧ АСПАПТАР ЧАТАГЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОШТУ

Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдары өлкөнүн парламентинин имаратынан тымызын орнотулган тыңшоочу аспаптардын табылгандыгына байланыштуу терең тынчсыздануу билдирип, бул тууралуу адам укуктарын коргоо жаатында иш алып барган эл аралык уюмдарга жана массалык маалымат каражаттарына кайрылуу жолдошту.

Кайрылууда айтылгандай, Кыргызстандагы укук коргоочулар парламенттин имаратынан тыңшоочу аппараттарынын табылгандыгын Жогорку Кеңештин депутаттарынын конституциялык укуктарын гана эмес, алардын миңдеген шайлоочуларынын укуктарын да тепсөө, ошондой эле өлкө ратификациялаган адам укуктары боюнча эл аралык конвенцияларды да одоно түрдө бузуу катары баалашууда.

Өлкөнүн баш мыйзамынын 16-беренесинде: «Ар бир адам өзүнүн жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана кадыр-баркынын урматталышына жана корголушуна укуктуу. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, адамдын макулдугу болмоюнча ал жөнүндө купуя маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана таркатууга жол берилбейт», - деп айтылган.

Укук коргоочулар бийлик өкүлдөрүнөн парламентте табылган тыңшоочу аппараттардын орнотулушуна кимдер себепкер болгондугун, буга ким күнөөлүү экендигин аныктап чыгып, аларды мыйзам алдында жоопкерчиликке тартууну талап кылышты.

Кыргызстандык укук коргоочулар бул окуя боюнча коомдук комиссия түзүп, көз карандысыз мониторинг жүргүзүү жөнүндө да чечим кабыл алышты.

Эми көңүлүңүздөрдү оппозициялык көз караштагы бир катар депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттарынын табылгандыгына карата айрым укук коргоочулардын пикирлерине бурабыз.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдарынын Коалициясынын башчысы Эдил Байсалов бул окуяга байланыштуу төмөнкүдөй пикирин айтты:

- Коалиция бул окуяны парламенттин конституциялык кол тийбестигине, оппозициянын саясий эркиндигине одоно түрдө кол салуу катары баалайт. Мамлекет башчысы бул окуя боюнча өзүнүн расмий түрдө өзүнүн пикирин билдириши керек жана парламенттик тергөөгө шарт түзүп бериши керек. Бул окуя дагы бир жолу өлкөдөгү атайын кызматтарды парламенттик көзөмөлгө алуунун зарылдыгын далилдеди. Ошондуктан, коопсуздук максаттарынан улам, оппозициянын лидерлери, парламенттин жетекчилери өзгөчө макамга ээ болушу керек.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова болсо депутаттардын иш бөлмөлөрүнө тыңшоочу аппараттарынын орнотулушу алардын шайлоочуларынын да укуктарын бузууга жатат дейт:

- Парламентте тыңшоочу аппараттардын табылышы Кыргызстан үчүн эл аралык уюмдардын, эл аралык коомчулуктун алдында уят эле иш болду. Бул эл шайлаган депутаттардын гана эмес, алардын миңдеген шайлоочуларынын да укуктарын бузуу деп баалайбыз. Анткени, депутаттарга канча деген шайлоочулар өздөрүнүн көйгөйлүү маселелери менен кайрылышат. Бизди бул маселе аябай тынчсыздандырып жатат.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун төрайымынын пикирин уктуңуздар. Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун бул маселе боюнча мындайча оюн айтат:

- Жашыруун тыңшоочу аппараттарды койуу - бул адамдардын укугун одоно бузуу деп эсептелет. Бул үчүн тиешелүү министрликтер, Конституциянын кепилдиги катары президент өзү жооп бериши керек. Биз бул боюнча эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылабыз.

Ал эми Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин (эл аралык укук коргоо уюмдары расмий тааный элек курамдын) төрага орун басары Рыскелди Момбековдун пикиринде, тыңшоочу аппараттар өкмөт, улуттук коопсуздук кызматы тарабынан эмес, бийликке жетүүгө кызыкдар болгон үчүнчү күч тарабынан коюлган:

- Менин жеке пикиримде, бул - саясий оюн. Аны көрүнбөгөн үчүнчү күч, баягы эле Ак үйдө, бийликте отурган чоң олигархтар жасап жатышат. Бул - улуттук коопсуздук кызматы же ички иштер министрлиги тарабынан жасалган иш эмес. Бул атайын жасалган саясий оюн.

Ушул эле күнү укук коргоочулар Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловго, ички иштер министри Бакирдин Субанбековго жана Башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаевге парламентте тыңшоочу аппараттарынын коюлгандыгына байланыштуу тергөө иштерин кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүүнү жана бул мыйзамсыз иш боюнча күнөөлүүлөрдү сот жообуна тартууну талап кылган кат жолдошту.

АЙЧЫРАЙЛУУ, БИР КЕЛГЕН ТАЛАНТ ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВАНЫН ТАГДЫРЫ

Кыргыздын бул дүйнөдөн көзү өткөн белгилүү таланттарынын бири - улуу актриса, маркум Таттыбүбү Турсунбаева.

«Таттыбүбү Турсунбаева - кыргыздын жылдызы» деп тирүү кезинде эле эл оозуна алынган. Өнөр бийиктигине жетүүгө далалат кылган актрисанын чыгармачыл талантына шейкеш келген өң-келбети анын каалаган ийгилигин камсыз кылган. Өнөр чабытында жүргөн актриса Таттыбүбү Турсунбаева башка актрисаларга салыштырмалуу сулуулугу жагынан да, чыгармачылык сапатынан да, ал гана эмес, өмүр-тагдыры менен да айырмаланган.

«Улуу актриса» деген атакка ал ар бир образга жаңыча жасаган мамилеси аркылуу жеткен. Мурда аткарылып келген кандай гана ролдорго болбосун өз бетинче из салган. Ошол издер Таттыбүбүнү жаңы чыгармалар, ырлар, поэзиядагы эскермелер аркылуу эстетип турганы турган. «Мындай поэма, легендага айланган өмүрлөр кыргызда арбын. Анын бири - ушул Таттыбүбү Турсунбаева» деп жазылат эскермелерде.

«Аялзатынын сулуулугу – ички-сырткы дүйнөсү, жароокер, жайдары сапаттары айкалышып, табигый чырайына төп келиши менен бааланган. Сулуу аялдан аруулук аңкып турса, кимди болсо да өзүнө тартып, көз жоосун арбап алат. Андай сапат Таттыбүбү эжеде бар болчу», - деп эскерет Асылбек Өзүбеков.

Асылбек мырзанын айтымында, Таттыбүбүдөй сулуулар көбүнчө театр өнөрүндө кездешкен. Театр сулуу аялдын артыкчылыгын, анын таасын талантын талап кылган. Таттыбүбүдөй сулуунун асыл сапаттарын, табигый ажарын ачып, элдин алдына алып чыккан ушул театр болгон. Андыктан театр аркылуу «ай десе айдай, күн десе күндөй» деп сүрөттөлгөн аял сулуулугу байыркы жомоктордон тартып, классикалык чыгармаларга чейин даңазаланып келген.

«Таттыбүбүнүн чыгышы менен кыргыз театрына жаңы жылдыз келген» деп ооздон-оозго айтылып келет. Театрда ай-чырайлуу каармандарды кыйла жылдар бою аткарып келген маркум Бакен Кыдыкееванын улгая баштаган учурунда Таттыбүбүнүн чыга келиши токтоло калган чыгармачылыкты кайрадан жандандыргандай болгон.

Ал ролдорду аткарганда, башкалардай экилентип же бир өзгөчө көркөмдөбөстөн, жөнөкөй, турмуштагыдай ойночу экен. «Ошондон улам, жагымдуу тембри, ачык дикциясы, улуттук акценти, аткаруу манерасы, жүрүм-туруму жүрөккө жетимдүү эле» деп жазган «Адам болсоң, артист болсоң Таттыбүбүдөй бол» деген эскерүүсүндө драматург, маркум Токтоболот Абдымомунов.

«60-70-жылдарда жаштардын көбү театрга Таттыбүбүнү көрүш үчүн келээр эле» деп айтылат дагы бир эскермеде. Маркум Таттыбүбү жараткан Жульетта, Дездемона, Зулайка, Ак мөөр, Уркуя сыяктуу кейипкерлер Таттыбүбү менен тагдырлаш, кайталангыс каармандар катары турмушта жашап калды. Тбилисиде өткөн Бүткүлсоюздук конкурста өнөрпоз айым «Советтик атуулдун эрдигине» деген дипломго татыган. Уркуянын кейипкердигин аткаруу - Таттыбүбүнүн чыгармачылыгында болобу, дегеле өмүрүндө болобу, айтор, олуттуу окуя.

Мындай айтканда, Таттыбүбүнүн экрандагы алгачкы кадамы 60-жылдарда башталган. 70-жылдары гүлдөп-өсүү тепкичине жеткен. Акын, маркум Жолон Мамытов Таттыбүбү аткарган образдардагы тагдырлар актрисанын өзүнүн өмүр-тагдырына окшоштугун мындайча туюндурган:

Жылмаюусун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп, бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай,
Бет келишти бирде болуп Уркуя.

Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш-тушунан талаппыз,
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.


Акын Жолон Мамытовдун көз-карашында, Таттыбүбүнүн тагдыры өтө катаал келип, ал мезгилинен эрте кеткен өлүмү менен бүткөн. Таттыбүбү жөнүндө убагында ар кандай ушак-айыңдар болгон. Ал ушак-кептер Таттыбүбүгө иренжигендей көз-караштарды пайда кылбай койбогон.

«Көралбастыктын курмандыгы болду» деп да калышат кай бирлер. «Андай көз караштар Таттыбүбүнү бир кыйла жүдөтүп, мезгилинен эрте көз жумушуна түрткү болгондур» деген да пикирлер бар. Белгилүү кинорежиссер Клара Жусупжанова:

- Ай ушу, мен аялдардын көзүнөн корком, көзүнөн көрө албастык кылтыйып турат. Бир гана Таттыбүбүнүн көзүнөн ушуну көрө албадым. Ал наристе сыяктуу эле. Бүтүндөй таланты, ичиндеги тазалык көзүнөн ачылып көрүнүп турчу.

Анан да маданият кызматкерлеринин жетээр-жетпес айлык маянасы сахнадан сырткаркы жашоосун мүчүткөндүр. «Болбосо Таттыбүбү табигаттын улутка тартуулаган белеги, бир кылымда бир жаралчу талант болчу. Аны кылым төрөп берген эле», делет эске тутумдарда. Бирок, Таттыбүбүнүн кандай абалда, кандай жагдайларда болбосун, кимге болбосун саламды түз айтканы, жагымдуу жаркылдаган мамилеси жүрөк кагуусунун акыркы мүнөтүнө чейин өзү менен кошо жашаптыр. «Өтө боорукер, адамгерчилиги ченемсиз болгон», дешет аны жакшы билгендер.

Демек, андай адам да ошондой мамилеге муктаж болуп турары белгилүү. Бирок Таттыбүбү башкалардан өзү элге берген, үй-бүлөгө, дос-жарга берген жагымдуу мамилени алалдыбы - бул башка кеп.

Сахнада болобу, же экранда болобу, түрдүү образдарды, түрдүү жагдайларды, түрдүү мүнөздөрдү жарата билген талант Таттыбүбүнүн диапозону кеңейип, зор тажрыйбага жетишкенде жашоодон кете бергени ушундайча арман болуп калган. Ал ойногон каармандардын образы бири-биринен айырмаланып турчу экен. Бирдей образдарды жарата берсе, ал өзүн-өзү туурап, аткаруу ыкмасы шаблонго айланат деп түшүнгөн. Андыктан, ар кандай мүнөздөрдү изденүү менен жараткан.

Эми жетилип, эми бышып, мөмө төгөөрдө театр жылдызы сахнаны калтырып кете берген убак 1982-жыл болчу. Анда Таттыбүбү 37 жашта болгон. Анын өлүмү театрга Таттыбүбүнү көрүү үчүн келген көрөрмандар, жакын тууган, санаалаш-курбалдаштары, балдары үчүн орду толгус кайгы болсо, маданият үчүн чоң жоготуу болгон. Эгер азыр тирүү болсо, театр жылдызы 2004-жылы 60 жашка чыкмак.

Таттыбүбү Турсунбаеванын жакын курбусу болгон Жаркын Балыкбаева айткандай, бир аккуу учуп келди да, учуп кетти. Эми андай инсан дагы качан жаралат - ким билет. Дегеле кыргыз көркөм өнөрү менен адабияты таланттуу инсандарынан мезгилинен эрте ажыраганы өзүнчө эле бир кайгылуу көрүнүш. Айтсак, Бакен Кыдыкеева, белгилүү бийчи Бүбүсара Бейшеналиева сыяктуу таланттар.

Ошондон улам, маркум Жолон Мамытовдун Таттыбүбүнү эскерип жазган «Ажал менен сулуулук» деген ырына кайрылсак:

Көргөн көрөр узун өмүр пайдасын.
Бирок, айтчы сен - өлбөстүк - кайдасың?
Зор сахнаңда ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, убакыттын кармашын.

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл-күзгүгө бир каранган экен да!


Таттыбүбү Турсунбаевадай мыкты таланттардын жаздым болушу эчен сонун образдардын ачылбай калышына себеп болсо, экинчиден бир кылымдын үч улуу таланттарынын өмүр-тагдыры армандуу болду делет эскермелерде. «Алардын эң армандуусу Таттыбүбү Турсунбаева» деп айтылып жүрөт.

Бирок «өлгөндөр жаш бойдон калат» демекчи, булардын жаркыраган элеси элдин эсинде жаш бойдон калды. Таттыбүбү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. 60 жашка чыкмагын айтпаганда да канчалаган тарыхый образдар жаралмак. Аз жашаганы менен талант катары, ары сулуу, адамгерчилиги бийик айым, улуу актриса эл оозунда кылымдар бою аты өчпөй жашап калары шексиз. «Балким адам болуп төрөлүп, адам болуп өлүү ушул Таттыбүбү сыяктуу ички дүйнөсү назик сулууларга буюргандыр» деген да ой келет. Ошондон улам, жаратылышы таза инсандар бул жалган дүйнөнүн оюш-кыйыш соккуларына туруштук бералбай эрте кететтир.

ДЕПУТАТТАРДЫН ИШ БӨЛМӨСҮНӨ ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРДЫ КИМ КОЙГОН?

Кечээ Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы оппозициялык маанайдагы төрт депутаттын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылды. Бул - саясий чөйрөдө Кыргызстандын Конституциясын одоно бузган факт катары каралып жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүн бул маселени кезексиз түрдө талкуулай баштады. Талкууга Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери катышты.

Тыңшоочу аппараттар 14-январда депутаттар Исмаил Исаковдун, Ишенбай Кадырбековдун, Азимбек Бекназаровдун жана Өмүрбек Текебаевдин иш бөлмөлөрүнөн табылган. Бүгүн болсо депутат Адахан Мадумаровдун иш бөлмөсүнөн да ушундай тыңшоочу аппарат табылгандыгы маалымдалды.

Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аппараттар ырасмий бийлик тарабынан оппозициялык саясатчылардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө максатында орнотулган:

- Ар кандай жолдор менен каралоочу фактыларды таап, оппозициялык маанайдагы депутаттардын ишкер беделине кедерги кылыш үчүн жасалган аракеттер болушу мүмкүн.
Ал эми алгачкы иликтөөгө катышкан депутаттардын бири Алымбай Султановдун айтымында, аппараттар өкмөттүк телефондорго кошулган:

- Иш бөлмөлөргө орнотулган жашыруун жабдуулар өкмөттүк байланышка, «тройкага» гана кошулган экен.

Иш бөлмөсүндөгү башкача жытты сезген депутат Исмаил Исаков атайын кызматтар тарабынан ууландыруучу заттар да пайдаланылышы ыктымал деп болжойт. Депутат И. Исаковдун буга байланышкан суроосуна Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов:

- Адамдын абалын кандайдыр бир убактылуу оорлоткудай же өзүңүз айткандай, акырындык менен өлүмгө алып келе турган кандайдыр бир техника же газ Улуттук коопсуздук кызматында жок, болгон да эмес. Биз - террордук уюм же киши өлтүргүчтөр тобу эмеспиз, - деп жооп берди.

Парламенттеги талкуу учурунда айрым депутаттар тыңшагычтарга байланышкан фактыны адам укугуна жана саясий эркиндиктерине шек келтирген одоно мыйзам бузуу катары баалашты. Конституциянын кепили катары президент бул чатакка өз оюн айтышы керек дешти.

Депутат Азимбек Бекназаров болсо «мамлекет башчысы Аскар Акаев мурда эле «өлкөнүн коопсуздугуна беш депутат коркунуч келтирип жатат» деп айткан болчу» дейт:

- Масалиев, Исаков, Бекназаров, Мадумаров, Кадырбеков деп, Жалалабадда да, Ошто да айткан бу сөзүн, эми ушу жерге келип айтсын, бизден коркунуч болуп атса. Президент айтып атса, анын алдындагы кызматтар «кокуй, булар мамлекетке коркунуч келтирип атат» деп, иштейт да. «Жучок» эмес, башкаларын койот.

Бирок, чакырылгандардан парламент отурумуна Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жетекчилери гана келишти.
Президент баш болгон башка жетекчилердин келишин талап кылган депутаттардын бири Ишенбай Кадырбеков абалды минтип чечмеледи:

- Балким, Болот Жанузаковдун же Мисир Ашыркуловдун учурунда коюлган угуучу жабдуулардыр. Ошондуктан, алар келип түшүнүк беришсин. Мына, өзүңөр билесиңер, Феликс Куловдун «Калкан» дегенин. Кулов Дооронбек Садырбаевдин иш бөлмөсүнө угуучу аппарат койду деп күнөөлөнүп, 7 жылга кесилип кеткен.

Ал эми Коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкуловдун айтымында, бул окуяга Улуттук коопсуздук кызматынын караманча тиешеси жок. Мындай аракеттер кимдир бирөөлөр тарабынан чагым салуу максатында жасалышы ыктымал:

- Чатак эмне үчүн азыр башталып атат? Менимче, бул депуттардын шайлоо өнөктүгүнүн башталышы.

Жогорку Кеңештин иш бөлмөлөрүндө табылган тыңшоочу жабдуулар боюнча тартип коргоо органдары акыркы жыйынтыктарын чыгара элек. Депутаттардын суроолоруна берген жообунда Калык Иманкулов мындай деди:

- Биз божомолдорду аныктабайбыз. Бирок, баары болушу мүмкүн. Ыктымалдык көз карашынан алсак, балким, тартип коргоо кызматкерлери, балким, үчүнчү өлкөнүн атайын кызматтары, балким, жеке кызыкчылыктары бар башка кызматтар жасашы ыктымал. Балким, бул башка пландагы чагымдыр, бирок, мен бул жерде депутаттар деп айтпайм. Ошондуктан, божомол менен эмес, иштин жыйынтыгы боюнча териштиреличи.

Парламент бул күнү тыңшоочу аппараттарга байланыштуу бир чечимге келгенге үлгүргөн жок. Бирок, төрага Абдыганы Эркебаевдин сунуштарынын негизинде ишти териштирүү боюнча көз карандысыз комиссия түзүү тууралуу токтом долбоорун даярдоону тиешелүү комитеттерге тапшырды. Тараптар бул комиссияга чет өлкөлүк эксперттерди тартуунун зарылдыгын белгилешти. Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин Конституциялык укук бузууга байланышкан 136-беренеси боюнча иш козгоп, атайын тергөө тобу окуяны иликтөөгө киришти.

ФЕЛИКС КУЛОВДУН «АЗАТТЫК» РАДИОСУНУН УГАРМАНДАРЫНЫН СУРООЛОРУНА БЕРГЕН ЖООПТОРУ

Учурда түрмөдө отурган оппозиционер Феликс Кулов «Азаттык» радиосунун угармандарынын суроолоруна жооп берди. Айрым суроолордун ыңгайына карай жооп иретинде «Азаттык» радиосунун Бишкек студиясынын архивинде сакталып калган Феликс Куловдун үндөрү пайдаланылды.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси, белгилүү оппозиционер Феликс Куловдун камакта отурганына 4 жылдын жүзү болду. Саясатчынын айыпталып камакка алынышы боюнча эл арасында ар кандай пикирлер бар. Бийлик өкүлдөрү Куловдун камалышын туура деп эсептешсе, Куловдун жактоочулары болсо муну саясый куугунтук деп келишет. 4 жылдан бери абакта жаткан Феликс Куловго элдин бере турган суроолору топтолуп калганы айкын. Ошондон улам «Азаттык» өз угармандарына шарт түзүп берди.

- Феликс мырза, сиздин түрмөдөгү ал-абалыңыз тууралуу жана үй-бүлөңүз жөнүндө билейин дедим эле. Алар кайсы мамлекетте жашап жатышат. Ошону менен бирге, чиновниктердин элге болгон көз-карашын түрмө өзгөрттүбү? Суроо берген Бишкек шаарынын тургуну Күмүшай Исмаилова.

- Күмүшай, менин ден соолугум жөнүндө кабатыр болуп жатканыңызга ырахмат. Сиздин сурооңузга мындай жооп берер элем. Менин үй-бүлөм Америкада жашап атышат. Алар менен кат аркылуу гана кабарлашууга мүмкүнчүлүк бар. Америкадан келгендер аркылуу мага кат жиберишет. Мен ошол каттарды окуйм, жооп жазам дегендей. Мындан башка, үй-бүлөм менен карым-катышууга мүмкүнчүлүктөр жок. Бул жагынан алганда мага өтө кыйын, чынында.
Эми ден-соолугум жөнүндө айтсам, мен эч качан даттанбайм. Бул менин эң биринчи принцибим. Учурда менин ал-абалым жакшы. Андан кийинки сурооңуз боюнча. Көз-карашымдын өзгөрүшү тууралуу. Албетте тигил же бул маселеде көз-караштын алмашышы мүмкүн. Бирок менин негизги ишенимдерим мурдагы бойдон калды. Кандайдыр бир кырдаалдарга карай, маселен, экономика, саясатта же башка глобалдык маселелерде болобу, жашоо-турмуш өзгөрөт, аны менен кошо көз-караштар да өзгөрмөгү бул - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эң башкысы - мен сынган жокмун.


- Саламатсызбы, Феликс Шаршенбаевич, мен обончу Майрамбек Осмонов болом. Эл ар кандай суроолорду айта берет. Ошону менен бирге эле бийлик адамдары да айта бериши мүмкүн. Сиз кудай алдында айта аласызбы, «кудай талаанын алдында айта аласызбы мен акмын, жөн гана жерден, күнөөсүз жанымды кыйнап, ушул тагдырга туш келдим» деп. Ушуга жооп берсеңиз.

- Майрамбек, мен бул сурооңо мындайча жооп берер элем. Эң коркунучтуу сот - бул кудай алдындагы сот. Эгерде кудай мени укса, мындай деп айтар элем - «сен мени өзүң сотто» деп. Ошондо баары түшүнүктүү болмок. Башка жагынан айтат элем. Ар бир адамдын өз абийири бар. Өз абийиримдин алдында, элдин алдында «мен тазамын» деп айталам. Эларалык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү мага козголгон иштерди карап чыгышып, юридикалык жактан мени күнөөсүз деп табышты. Ал эмес мен боюнча мурда козголуп, жабылган иштерге да кызыгып көрүштү. Алар менин каршылаштарым же болбосо колдогон тараптарым деле эмес. Тек гана менин канчалык деңгээлде айыптуу экениме кызыгып көрүшкөн. Ошондон улам айтып жатам.

- Феликс мырза! Мен Чынара Бакасова деген Бишкек шаарынын тургунумун. Сиз Бишкек шаарынын мэри болуп турганда «Арча-Бешик» жаңы конушунда жашаган бир катар үй-бүлөнүн көз жашын төгүп, эптеп-септеп куруп алган үйлөрүн түрттүрүп салгансыз. Сиз ал маселеде чиновник катары бир буйрукка көз каранды болуп, адамча караган эмессиз. Көп жылдардан кийин ошол окуяга кандай карайсыз?

- Мен ар бир кырдаалда мыйзамдын тили менен иш кылам. Ал убакта «үйүн талкалагыла, кууп чыккыла» делген эмес. Суроо берген айым бир аз жаңылышып жатасыз. Адегенде прокуратуранын чечимине ылайык «фундамент курбагыла, курулуш баштабагыла» деген бир нече эскертүүлөр берилген. Кээ бирлери эле дубал көтөрүп жиберишпесе, көбүнчөсү фундамент менен алек болуп жатышканын билем. Биринчиден, алар уруксаты жок өзүм билемдик менен менчик үй курууга киришкен. Миңдеген адамдар жер участогуна кезекте турушса, алар болсо газ түтүкчөсү жайгашкан аймакты ээлеп алышы туура эмес эле. Анын үстүнө ал жерге үй курууга таптакыр болбойт болчу. Кокус жарылуу коркунучу жок деп эч ким кепил болалбайт. Муну да ойлош керек беле. Адам катары бул окуя боюнча муну белгилейм. Ошол окуяда жалпы Бишкек тургундары үчүн туура чечим болгон. Кийинки учурларда элеттен көп адамдар Бишкекке көчүп келип атканы маалым. Алар көбүнчө алыстан келип, күнүмдүк жан-бакты менен күн көргөн өзүбүздүн эле атуулдарыбыз. Ошолорду көчөлөрдөн тазалоо маселеси коюлган. Мен аларга адегенде жумуш ордун таап берип, жан бакканга шарт түзөлү же болбосо жолдон огочо жерге базар ачып берип, анан ордун которолу деп сунуш киргизгем. Антпей туруп аларды кубалоо бул адамгерчиликке жатпайт деп айтканымды бирге иштегендерим жакшы билет.

- Феликс мырза, кызыңыз Жамиланын интервьюсу интернетке чыгыптыр. Сиз окуй алдыңызбы? Сизди, Ата-Журтун сүйгөн кызыңыз бар экен. Экинчи суроом мындай: Кыргызстанда трайбализм барбы? Болсо, аны менен кантип күрөшүш керек? Суроо узаткан «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов.

- Эдил, акыркы кездерде сенин ишмердүүлүгүңдү байкап көрүп, көз алдымда ушунчалык өсүп баратканыңа, сендей жаштардын пайда болуп жатканына ыраазы болуп жүрөм. Сага окшогон, өз максатына жетүүгө буйдалбай умтулган жаштардын болгону абдан жакшы. Кызым Жамиланын итервьюсун көрүп, ыраазы болуп калдым.
Анткени баланын кандайча чоңоюп жатканын көрдүм. Мени эч кимге таарынычы жок, кек сактабагандыгы кубандырат. Кимдир бирөөлөргө кекеништин кереги жок дечүмүн. Эң башкысы адамдын ичине кек сакталып калса бул - туура эмес. Жеңиш керек. Кызым Жамилага «кек сактаба, айкөлдүктө өс» деп келген. Мүмкүн бул өтө эле кооз сөздөрдөй көрүнөттүр. Биз ушундай кылганда гана келечекте саясатчылар кагылышпайт. Биздин каныбызда кек сактоо сакталып калбаш керек. Бул - өтө жаман. Элибиздин тамырына балта чабат. Жеке биздин ортобузда эмне болбосун, элдин жакшы жашоосу үчүн барын жасашыбыз керек. Бул мендеги башкы ой деп ушуну эсептеп, саясатчы катары ушул ойду турмушка ашырууга аракет кылам. Ушул максат менен жашап жүрөм. Мен түрмөдөн чыгамбы же башка бир нерсе болобу, өзүмдүн душмандарыма эч качан кек сактабайм. Анткени, аларды Кудайга койдум. Кудай өзү эсептешип алат.

Эдил, экинчи сурооң боюнча жооп берсем. Кыргызстанда трайбализм көйгөйү бар. Трайбализм элди бөлгөнү менен жаман. Элди биринчи кезекте ким бөлөт?. Элди бөлгөндөр бийликте отурат. Ал эми таза шайлоо өтүшүн камсыз кылыш үчүн биринчиден партиялык тизме менен шайлоо киргизилсе башкачараак болмок. Мисалы, биздин партияны алсак, партиянын катарында жумурияттын бардык аймактарынан адамдар бар. Оштон, Жалал-Абад, Ысык-Көл, дегеле бардык облусттардан бар. Мисалы, биздин партияда чүйлүктөр гана болсо, анда бизди эл толук шайлабай коет. Аялдар болбосо аялдар шайланбай калат. Орустар болбосо орус тилдүүлөр добуш бербей коюшу мүмкүн. Ошондуктан, партия аркылуу бардык аймактардын өкүлдөрүн киргизүүгө аракет болот. Өзүмдүн мисалымда айтсам, Талас облусунун Кара-Буура эли мага добуш берип колдошкондугун көрсөтүштү. Мен өзүм таластык болбосом да, чүйлүк болсом дагы алар мени колдошту. Мен абакта отурганда аксылыктар менин боштондукка чыгышымды талап кылышты. Ошол да мага өтө жагымдуу болду. Карапайым эл биримдикте болууга көп умтулат. Трайбализм менен күрөшүш үчүн, элди бөлүп-жарган чиновниктер менен күрөшүш керек. Тилекке каршы, азыркы бийлик аны жасабай жатат. Тек гана, биздин бийлик аны жасагысы келбейт демекчимин. Анткени, ага коррупцияга баткан чиновник керек. Себеби, азыркы чиновниктер ошондой бийликти колдойт. Чынчыл чиновниктер ага барбайт, андай адамдарды түрмөдө кармаганды жакшы көрөт.


- Феликс агай, сизди президенттик шайлоого катышат экен деген маалыматтар гезиттерге жарыяланып жатканынан сурайын дегеним, сиз соттолгон, түрмөдө отурган адамсыз азыр. Президенттик шайлоого катышууга укугуңуз барбы? Суроо берген Жазгүл Жаманкулова.

- Соттолгон адам катары президенттик шайлоого менин катышуу укугум барбы деген суроолор берилип жатат. Буга Өмүрбек Текебаев менин талапкерлигимди көрсөтүп жатканда жаман эмес түшүндүрмө бергендей болгон. Бул жерде эки жагдай бар. Юридикалык жактан карап көрсөк Конституция түздөн-түз тоскоолдук кылбайт колонияда отурган адамдын талапкер болушуна. Ага Конституция жолто болбойт демекчимин. Бирок, маселени ким чечет, кандай чечет бул - башка маселе. Ушул жактан алганда, Башмыйзамда түрмөдө отургандарга талапкер болууга тоскоолдук кылбай тургандыгы толук жазылган. Экинчи тараптан - президенттик шайлоого катышуунун моралдык жагы мындай. Эгерде мен өзүмдү кандайдыр бир күнөөлүү деп сезсем, шайлоого барам деп аракеттенбейт элем. Бирок, бул жерде бир маселе бар. Менин ушул шайлоого катышуу укугум менен бул шайлоонун адилет жана акыйкат өтүшүнө салым кошом деген үмүттөмүн. Анткени, менин катышуумдун өзү башка талапкерлерге жардам бериши ыктымал. Шайлоонун акыйкат өтүшүнө шарт түзөөрү бышык. Себеби, башка жактардан, дүйнөлүк байкоочулар келиши мүмкүн. Мындан сырткары, түрмөдө отурган адамдын акыйкат үчүн күрөшүп жатышы башка адамдарды да чыйралтат деген ойдомун. Алдыда дагы көп нерселер өзгөрөт, кырдаалдын өзгөрүшү толук ыктымал. Балким, биригип туруп бир талапкерди колдошубуз да мүмкүн. Бул биздин шайлоо алдындагы аракеттерибизге жараша болот.

- Мен - Төлөкан Исмаилова, «Атуулдук коом коорупцияга каршы» уюмунун директорумун. Феликс Шаршенбаевич, көкөйүбүзгө тийген чоң маселе болуп турат. Саясатчы катары кандай карайсыз, таза шайлоо системасы Кыргызстанда орнойбу же орнобойбу? Орнотуш үчүн эмне керек?

- Төлөкан, саясатчылардын мындай суроого кыска жооп бериши кыйын. Ошентсе да, кыска айтканга аракет кылайын. Менин пикиримде, эң ириде Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз болуш керек. Ошондуктан мен Боршайлоокомду Жогорку Кеңеш тарабынан шайлансын деген сунуш айтам. Ошондо башкачараак болмок. Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы да жыл сайын алмашышы керек. Эмне дегенде биздин Сулайман Иманбаев президенттин колунан орден жана башка дагы көптөгөн сыйлыктарды алды. Албетте, сиздер жакшы билесиздер, Сулайман Иманбаев өзү каалайбы же каалабайбы, ал - президенттин пикири менен эсептешүүгө аргасыз. Буга мен ишенем. Сулайман Иманбаев мыйзамдын тили менен иштейм дегени менен президенттин пикирине көз каранды. Менин пикиримде көз карандысыз болуш үчүн материалдык-техникалык базасын камсыздоо маселелери да бюджеттен өзүнчө берене менен каралышы керек. Маселен, Жогорку сот үчүн, Конституциялык сот үчүн деген сыяктуу бюджеттеги беренелер ошол эле Борбор шайлооком боюнча да абзел. Борбор шайлоокомду кандай шайлоо керек? Эгерде саясый партияларга шайлаганга мүмкүндүк берилгенде же комиссия түзүп, текшерүүгө укук берилгенде, анда атуулдук коом шайлоо жараянына кийлигише алмак. Атуулдук коомдун ролу бул маселеде жогорураак туруп, өлкөдө таза шайлоонун өтүшүнө өбөлгө түзүлмөк. Ушундай комиссия аркылуу Борбор шайлооком шайланса анда аларда көбүрөөк көз карандысыздык болмок. Ушундай сунуштар биздин өкмөткө бир нече жолу сунушталган.

- Феликс мырза, кийинки кездерде «азыркы мамлекет башчысы Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнөн бир адам алдыдагы президенттик шайлоого барат» деген сөздөр көбөйө баштады. Айрымдар «Майрам Акаева айым өзү барат» деп да жатышат. Бишкек шаарынын тургуну Айгүл болом.

- Мага ушул суроону «мамлекет башчысынын үй-бүлөсүнөн бир адам президенттик шайлоого барабы?» деп мага көп эле беришет. Президент «барбайм» деп айткан. Анын жубайы да «президенттик шайлоого катышпайм» деген. Алардын сөзүнө ишенбей коюуга да болбойт. Ал эми азыркы күндө Аскар Акаевди кайрадан көрсөтүүгө аракеттердин көрүлүп жатканы бул - кошоматчылыктын бир көрүнүшү. Мен буга карата мындай ой айткым келет. Жакында Путин ырасмий түрдө сөз сүйлөп, үчүнчү мөөнөткө президенттик шайлоого катышпай турганын, Конституцияны өзүнө каратып эч качан өзгөртпөй турганын жарыя кылды. Бизде болсо бул маселе боюнча мамлекет башчысы эмне деп айтат деп турушат. Мүмкүн ошого байланыштуу биздеги кошоматчылар демин басып калар. Менин оюмча Акаев дагы бир жолу чыгып туруп, бул кошоматчыларды токтоткула, бул маселе чечилди деп ачык айтышы керек эле. Кошоматчыларды мен билем алар мынтип жагалданып туруп, башка ишти деле жасай беришет. Аларды мен билем. Сөзүнө турган душмандан көрө, бир мезгилде сени таштап кете турган достордон артык.

- Феликс мырза, мен «Эркин тоо» гезитинде иштеген Сакы Садыков болом. Кийинки кездерде сиз тууралуу «түрмөдө жатып эле президенттик шайлоого катышат экен» деген пикирлер көп айтыла баштады. Өмүрбек Текебаев да түшүндүрмө бергенсиди. Бирок эл соттолбогон, кылмышкер эмес адамдын президент болушун каалайт эле. Буга келгенде сиз соттолуп, кылмыш жазасын өтөп жаткан адам катары президенттикке талапкер болушту туура деп эсептейсизби?

- Сакы, сиздин бул жакшы сурооңуз үчүн чоң ырахмат. Эмне үчүн «жакшы суроо» деп жатам. Мен түшүнөм: сиз кайсыл гезитте иштеп жатканыңызды жана эмне себептен ушундай суроолорду берип жатканыңызды. Мен сүргөн өмүр-жашоомдо атамдын ысымын алып жүргөнгө өзүмдү татыктуу деп ойлоймун. Эң башкысы - өзүмдүн жасаган кадамдарымда, өзүмдүн элимди уят кылган жокмун. Мен эл ичинде болууга, кайсы жерде болбобосун элиме жардам берүүгө моралдык укугум бар деп ойлойм. Эгерде эл мага кандайдыр бир кызматты ишенип берсе, аны абийирдүү аткарууга аракет кылам. Азыр мен 55 жаштамын. Мен үчүн ар кандай саясый оюндар мурдагыдай мааниге ээ эмес. Анткени, өтө олуттуу мектептен өттүм. Ошондон кийинки жашоомдо мен из калтыргым келет. Билбейм, мага кудай дагы канча өмүр берет. Бирок, мен менин балдарым баарынан корккон мамлекетте жашашын каалабайм. Балдарымдын Америкада калышын да каалабайм. Балдар үчүн, азыркы турмушта кайда барып, кантип иштешин билбей турган заманда жаштарыбыз үчүн, денесин сатып ар тарапка бой урган кыздарыбыз үчүн, өздөрүнүн денсоолугуна карабай чет жактарда жүк көтөрүп, соода-сатык менен жан багууга аргасыз болушкан атуулдарыбыз үчүн, аларды мындай абалдан алып чыгыш үчүн алымдын жетишинче салым кошууга укугум бар. Мындай көрүнүштөргө мен кантип кайдыгер карашым керек? Мындайча айтканда, өлкөдө болуп жаткан оор абалга көз жуумп коюуга моралдык укугум жок. Ошондуктан, мен кайсыл жерде болбоюн, жашообуздун жакшырышы үчүн атуулдук жана уулдук салым кошуш үчүн аракет жасоого моралдык укугум бар.

- Феликс мырза. Сиздин түрмөдө жатканыңызга абдан зээним кейийт. Жүрөгүм сиз менен кошо жаткандай ызаланам. Сиздин президенттикке талапкерлигиңиз коюлат деп укканда сүйүндүм. Элдин колдооруна ишенем. Бул маселеде пикириңиз кандай? Акын-журналист Асанбек Иманбеков.

- Асанбек, мен сизге ырахмат айтып, жакшылык каалагым келет. Бир нерсеге токтолоюн. Кимдир бирөө мени президенттикке көргөзгүсү келип, кимдир бирөө мени президент болуп калат деп ойлойт. Бул - башкы маселе эмес. Бул маселеде мени туура түшүнүшүн каалар элем. Эң башкысы - кандай кызматта болбоюн, мен канткенде элге пайда келтире алам ушул - мен үчүн эң башкысы. Адамдар мени келечектеги президент деп айтышат же дагы эмне деп айтышат, аны - бир кудайдын буйругу билет. Менин ой-тилегим, кандайдыр бир элге пайда келтирүү. Түрмөдө жатып болсо да өзүмдүн айланамдагыларга макалаларым менен болсо да бир пайда келтирип, жардам бергим келет. Мен ойлойм, эгерде ар бирибиз өзүбүздүн элибиз үчүн кандайдыр бир сый-урматтарды күтпөй эле бирдемке жасай алсак, ошондо биз кыргыздар - бирдиктүү улут катары калыптанды дейм. Тилекке каршы, мен бул жерде отурсам да, каерде жүрбөйүн, ал эмес бул жерде да « каяктан болосуң?» деген суроо берилет. Бул деген биздин улут катары калыптана электигибизди билдирет. Мен саясатчы катары айтаарым, улут болсо, улут калыптанса, анда улуттун келечеги кең болот. Эгерде улут болбосо, бирдиктүү эл болбойт. Анда келечек да болбойт. Мен баарыбызда бир гана пикирдин болушун каалабаймын. Бул - туура эмес. Эң башкысы - биз бирдиктүү улут болуп калыптанышыбыз керек. Бул - азыркы кездеги ар бир саясатчы үчүн биринчи маселе болуп эсептелет.

АСКАР АКАЕВДИН КИЙИНКИ ШАЙЛООГО КАТЫШЫП ЖЕ КАТЫШПООСУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ ЭЛЕ ЧЕЧЕБИ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов «Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катыша алабы?» деген суроо менен Конституциялык сотко бир эки күндүн ичинде арыз менен кайрылаарын маалымдады. Анын мындай аракетине Жогорку Кеңештин кош палатасынын мыйзамдуулук комитеттеринин буга чейинки бүтүмдөрү негиз берген.

Буга чейин депутат Дүйшөн Чотонов жогорудагыдай суроо менен Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитеттерине кайрылган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын Абсамат Масалиев жетектеген Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети «Кыргызстандын Башмыйзамынын 43-беренесинде «бир адам катары менен эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт» деп жазылган. Ошондуктан Аскар Акаев Конституциянын жаңы редакциясы боюнча да 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга укугу жок» деген бүтүм чыгарган.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук комитети, тескерисинче, «Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышууга укугу бар» деген бүтүмгө келген. Конституциянын 82-беренесине ылайык Конституциялык сот атуулдардын баардык эле арыздарын өз кароосуна ала бербейт. Аталган берененин 3-пунктунда «Конституциялык сот өлкөдөгү мыйзамдар жана башка ченемдик укук актылары бири бирине карама-каршы келген учурда гана карайт» деп жазылган. Дүйшөн Чотоновдун пикиринде, буга чейин Жогорку Кеңештин кош палатасынын мыйзамдуулук комитеттери бир эле суроого эки башка жооп берди. Жогорку Кеңештин комитеттеринин мындай бүтүмдөрү өз кезегинде ченемдик укук акт болуп эсептелет. Ошондуктан, Конституциялык сот бул маселени өз кароосуна алууга тийиш:

- Жогорку Кеңештин комитеттери - конституциялык орган, - дейт Дүйшөн Чотонов, - Алардын бүтүмдөрү ченемдик укуктук акт боло алат. Мындан сырткары эки палатанын чечимдери бири-бирине карама-каршы келип турат. Бул талаштуу маселе. Ошондуктан Конституциялык сот Башмыйзамга ылайык менин кайрылуумду өз кароосуна алышы керек.

Буга чейин Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого катышууга Конституция жол бербей тургандыгын бир нече жолу айткан. Ошондой болсо да Аскар Акаев соңку 13 жыл аралыгында төрт жолу президенттик шайлоого катышкандыктан, мамлекет башчынын жогорудагыдай сөзүнө оппозиция өкүлдөрү ишенбей келет. Дүйшөн Чотоновдун пикиринде, «Аскар Акаев 2005-жылдагы шайлоого катышабы же жокпу?» деген күдүк суроого Конституциялык сот гана жооп берип, соңку чекитти койот:

- Эгерде, Конституциялык сот «Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышууга укугу жок» деген чечим кабыл алса, өлкөдөгү саясий кырдаал таптакыр башкача өңүттө өнүгөт. Президенттин жанындагылар шайлоого бир күч болуп чыга албайт. Президенттик шайлоого өз алдынча катышууну каалаган, карама-каршы бир нече топко бөлүнөт. Мындай көрүнүш 2005-жылдагы шайлоолор эларалык талаптарга ылайык өтүшүнө өбөлгө түзөт.

Дүйшөн Чотонов «эгер Конституциялык сот «Аскар Акаев президенттик шайлоого бара алат» деп чечим чыгарса, өлкөдөгү саясий окуялар тездейт» дейт:

- Анда саясий окуялар тез өнүгөт. Эң башкысы - бул оппозициянын биригүүсүнө алып келет. Аскар Акаевдин тегерегиндеги ал жүргүзгөн саясатка нааразы күчтөр өз алдынча бөлүнүп чыгат. Бул дагы бир жаңы кадамга түртөт. Ал тургай окуя Грузиядагыдай өнүгүп кетиши ыктымал. Ошондой эле эгерде, Конституциялык сот «Аскар Акаев шайлоого катыша алат» деп чечим кабыл алса, мен өзүм да биринчи болуп ар кандай саясий кадамдарды баштоого милдеттүүмүн.

Аткаруу бийлигинин айрым атын атагысы келбеген өкүлдөрү депутат Дүйшөн Чотоновдун жогорудагыдай пикирине макул эмес. Алардын ою боюнча, келээрки президенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өтөт жана депутаттын арызын Конституциялык сот кабыл алабы, жокпу - аны да убакыт көрсөтөт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG