Линктер

дүйшөмбү, 22-июль, 2019 Бишкек убактысы 15:41

Кыргызстан

“БАБАЛАРДЫН МУРАСЫ” ТҮРМӨГҮНӨН: «УГУЗУУ»

Кыргыздардын оозеки адабий-музыкалык чыгармачылыгындагы турмуштук үрп-адат, салт ырларынын тобуна угузуу ырлары да кирет.

Кыргыздардын үрп-адат, салт ырларынын тобуна кирген угузуу ырларын кошок, жоктоо, керээз ырлары түзгөн. Булар кыргыздардын жашоо турмушунда өзгөчө орунду ээлеген. Тилекке каршы, заманга жараша аталган ырлардын аттары азыр кагаз беттеринде гана калып, андай ырлар эч жерде ырдалбай, колдонуудан калып баратат.

Учурунда салтка айланган угузуу ырлары менен күүлөрү "Өлбөй турган жан, өчпөй турган шам жок" деп сүрөттөлгөн Айкөл Манаска чейин эле пайда болгон. Кошой, Сыргак, Алманбет, Чубактай көк жал шерлер, Бакайдай акылмандар, Каныкей менен Айчүрөктөй сулуулар, ак таңдай акындар, эл башкарган бек менен хандар жана калк кадырлаган аттуу-баштуу адамдар көз жумганда угузуу ырлары ырдалып, күүлөр чертилген. Элдик баатыр, акылман же эл кадырлаган нарктуу адам көз жумаары менен анын үй-бүлөсү, айылдын билермандары алыстагы ага-туугандарына, куда-сөөктөрүнө, эл бийлегендерге атайын чабаганчы чаптырышкан. Андай суук кабарды сөз билги акындар, нарк-нускалуу карыялар же комузчулар угузушкан. Комузчулар кабарды шолоктогон муңдуу кайрыктардан турган күү аркылуу угузушса, төкмө акындар өмүр, өлүм, турмуш көйгөйлөрү менен кошо көзү өткөн залкар тууралуу кайра-кайра эскерип жатып угузушкан.

1916-жылдагы Үркүндө орустардын огунан каза тапкан баатыр Алымкулдун өлгөнүн анын Текестен кайтып келаткан үй-бүлөсү менен кайнагасы Жунушка 90 жаштагы Мурат акын мындайча угузуптур:

- Сүйүп жүрүп кутулса,
Балырлуу, камыш шабырга
Уругун төгүп таштаган
Тоодой болгон толкундан,
Толгонуп кийин качпаган
Суу түбүндө термелип,
Желге бетин ачпаган
Бедерлүү күмүш жамынган,
О балдар, Балык өлбөй калбайбы!

Коркуп жүрүп кутулса,
Чыгыш менен батышты
Бир күндө баскан жетиген
Жылаң аяк, жылаң баш,
Өлүмдөн качып тектиген,

Кайда барса даяр көр
Күтүп турган бетинен
Комузун чертип ыйлаган
О журтум, Коркут аман калбайбы!

БҮГҮН КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕГАРАСЫ БОЮНЧА ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨР БАШТАЛАТ

Бүгүн Бишкекте кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйыны башталат. Бул - быйылкы жылдагы алгачкы жыйын. Анда тараптар делимитацияланган чегаранын өлчөмүн миң чакырымга жеткирүүгө аракет кылышмакчы.

Кыргыз-өзбек чегарасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр 26-январда башталып, 29-январга чейин созулаары белгиленүүдө. Жолугушуу учурунда тараптар кыргыз-өзбек чегарасы боюнча мамлекеттер аралык келишимдин долбоорун түзүү маселесин талкуулашмакчы. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөттүк комиссиясынын башчысы, Тышкы иштер министринин орунбасары Лидия Иманалиева мындай деди:

- Жолугушууда биз делимитацияланган чегара бөлүгүн бир миң чакырымга жеткирип, кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасы боюнча мамлекеттер аралык келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү баштайлы деп жатабыз. Адатта, чегаранын 75-80% делимитациялангандан кийин андай келишимдин долбоору даярдала баштайт.

Сох, Алабука жана башка калк жайгашкан тилкелер аркылуу өткөн чегара сызыктарын тактоо боюнча сүйлөшүүлөр өзгөчө аярлык менен жүрүп жатат. “Тараптар бул маселени бири-биринин кызыкчылыгына доо кетирбей чечүүгө тийиш”, - деп кошумчалады Лидия Иманалиева.

Кыргыз-өзбек чегарасынын жалпы узундугу - 1295 чакырым.

АПТАНЫН ОЛУТТУУ ОКУЯЛАРЫ

Бул аптада президент Аскар Акаев республиканы кыдыруусун улантты. Борбор шаарда жана ар кыл облустарда өткөн андай жолугушууларда мамлекет башчысы жылдын жыйынтыгын чыгарып, быйыл аткарылчу милдеттерге токтолду. Аскар Акаев артыкбаш ыгым-чыгым, шаан-шөкөттөрдү азайтып, антип акчаны талаага чачканча колунда жокторго жардам берүү чакырыгын таштады. Эмдиги жылы өтчү парламенттик жана президенттик шайлоого ашыкпай, экономиканы алдыга жылдыруу демилгесин көтөрдү. Ал арада өкмөт башчынын Орусияга иш сапары башталды. Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү болсо Кыргызстанга аскерий жардам көрсөттү.

Дүйшөмбүдө президент Аскар Акаев Бишкек шаарынын активи менен жолугушту. Акаев өткөн жылы башкалаанын ички дүң өнүмү (продуктусу) 20 млрд. сомго жеткенин белгилеп, быйыл аны дагы 5 млрд. сомго көтөрүү, ал эми 2008-жылы бул көрсөткүчтү 40 млрд. сомго жеткирүү милдетин койду. Башкалаанын шаар активи менен жолугушууда президент А. Акаев быйылкы милдеттердин катарында ашыкча ыгым-чыгым, шаан-шөкөттөрдү азайтуу сунушун айтты:

- Жогорку, орто мартабалуу жетекчилер жүздөгөн кишилерди чогултуп ресторандарда төгүп-чачып той өткөрүшөт. Быйылкы абийирдүү башкаруу жылында мындай жосунсуз жоруктарга чек коюшубуз керек. Дегеле, бул жылы шаан-шөкөттүү юбилей өткөрүүнү, той берүүлөрдү токтотушубуз керек. Мен “эмне үчүн алты жүз эле киши” деп сурасам, “миң адам сыйчу ресторан жоктуктан ушунча конок чакырып отурабыз” дешет. Антип артыкбаш байлыкты кайда жумшаарды билбей отурушса, колунда жокторго жардам берсин, байлар кедейлерге жардамдашсын.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев маалымдоо каражаттарына жыл жыйынтыгы тууралуу кабардар кылды. Төраганын айтымында, 4 жыл ичинде 754 мыйзам кабыл алынган. Кийинки шайлоого чейин депутаттар 400гө жакын мыйзам долбоорун кабыл алышы керек.

Бишкек шаардык сот коллегиясы “Аалам” гезити менен укук коргоочу Турсунбек Акундун апелляциялык арызын карап, аны жарым-жартылай канааттандырды. Шаардык соттун чечими менен Мелис Эшимкановдун адамдык абийир, арнамысы, ишкердик беделине шек келтиргендиги үчүн “Аалам” гезити 500 миң сом, укук коргоочу Турсунбек Акун 50 миң сом айыппул төлөмөк болушту.

Шейшембиде президент А. Акаев Чүй облусунда болуп, жергиликтүү жетекчилер катышкан жыйында сөз сүйлөдү. Президент өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттүүлүк мааракесинин аркасы менен дүйнөнүн биртоп жерине таанылганын белгилеп, бирок ашкере шаан-шөкөткө чулганган иш-чаралар арбып баратканын, аларды токтотуу керектигин баса белгиледи.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны КООРТ сыналгы каналын сотко бермей болду. Маалымдоо каражаттарына шарт түзүп, андагы айрым аша чабууларга салкын кандуу караган палата спикери бул ишке өзү көзөмөл жүргүзө тургандыгын жарыя кылды. Парламенттин коомдук бирикмелер жана маалымат саясаты боюнча комитети бул күнү президент А. Акаевдин журналисттердин укугун коргоо аракетинде Жогорку Кеңешке жолдогон мыйзам долбоорун талкуулады. Президенттин демилгеси парламенттен колдоо тапса, журналисттерге каршы кылмыш ишин ачуу, аларды сот аркылуу айыппулдарга жыгуу аракети азаймак.

Шаршембиде өкмөт башчы Николай Танаевдин Орусияга иш сапары башталды. Өкмөт башчы орусиялык кесиптеши баштаган бир катар жетекчилер менен эки тараптуу экономикалык алака-катыш маселелерин талкуулады.

- Жолугушууларда Кыргызстан-Орусия инвестициялык саммитинде коюлган маселелерди алдыга жылдыруу тууралуу сөз жүрөт,- деп айтты өкмөт башчынын пресс-катчысы Курманбек Раматов.

Маалыматка караганда Н.Танаевдин Орусия өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрүндө Кыргызстандын карызы, аны жоюунун бир жолу катары бул жердеги аскер өнөр жай ишканаларын Орусияга узак мөөнөткө пайдаланууга берүү маселеси талкууланган.

Бейшембиде Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орунбасары болуп депутат Кубатбек Байболов шайланды.

- Мен, өзүңүздөр билесиздер, эгерим адам эмес, жаныбарга да жамандык жасаган киши эмесмин, - деп айтты жаңы вице-спикер.

Бул күнү АКШ өкмөтү Кыргызстанга белек катары берген МИ–8 МТВ үлгүсүндөгү эки тик учакты тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргызстандын ырасмий өкүлдөрү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги катышкан аземде эки тик учактын наркы 3,5 млн. доллар экендиги, ал Кыргызстандын чегара коопсуздугун көзөмөлдөө ишинде пайдалана тургандыгы маалымдалды.

Президенттин иш сапары бул күнү Жалалабад облусунда улантылды. Мамлекет башчы өткөн жылдын жыйынтыктары, быйылкы милдеттерге токтолду. Бул ирет да ашыкча шаан-шөкөттөрдү азайтууну айтып, шайлоо камылгасына эртелеп киришкендерди сынга алды. Жолугушуунун айрым катышуучулары А.Акаевдин дагы бир мөөнөткө президенттик кызматта турушун, ага өлкөнүн эң жогорку сыйлыгын берүү керектиги тууралуу каалоолорун билдиришти.

Жума күнү президент Аскар Акаев Ош облусунда болду.

- Быйылкы жылды толук бойдон эмгекке буралы, - деп айтты мамлекет башчы.

Ишембиде президенттин иш сапары Баткен облусунда уланды. Мамлекет башчы облус борборунда бак отургузуу жөрөлгөсүнө катышты.

АСКАР АКАЕВ БАТКЕН ОБЛУСУНУН ЭЛИН ШАЙЛОО ҮГҮТҮН ЭМИТЕДЕН ЖҮРГҮЗГӨНДӨРДҮ ЖОЛОТПООГО ЧАКЫРДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Баткен Президент Аскар Акаев өлкө түштүгүнө жасаган иш сапарын кечээ, 24-январда, Баткен облусунда улантты. Облустун коомчулугу менен жолугушууда Аскар Акаев «социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылынын» өзгөчөлүктөрүнө токтолуу менен, келээрки жылда болчу шайлоо өнөктүгүн азырынча унуткарып, жалаң эмгек менен алектенүү керектигин белгиледи. Ал эми айрым баткендик тургундар Аскар Акаевди келээрки президенттик шайлоого катышууга чакырышты. Көз каранды эмес серепчилер болсо өлкөдө саясий үгүт иш-аракеттери ого бетер күчөйт ко деп жоромол кылышууда.

Облус коомчулугу менен жолугушууда Аскар Акаев өткөн жыл Кыргызстан үчүн «абдан ырыскылуу жыл» болгонун белгилеп, былтыркы жылда аткарылган иш-чараларга, жетишкен ийгиликтерге кеңири токтолду. Ошондой эле Баткен облусу өткөн жылды жакшы жыйынтыктаганын, жаш облустун өсүп-өнүгүшү үчүн Европа кеңеши 9 миллион евро бөлүп жатканын, жакынкы жылдарда Ош-Исфана жолун оңдоо иштери башталаарын, жогорку чыңалуудагы Алай-Баткен электр линиясы Сүлүктүгө чейин тартылаарын белгиледи.

Мындан сырткары мамлекет башчы келээрки жылда болчу шайлоо өнөктүгүн ушул тапта эстен чыгара туруп, жалаң эмгек менен алектенүү керектигин айтып, азырынча шайлоо алдындагы үгүт иштеринен оолак болууга, андай максат менен келгендерди аймакка жолотпоого чакырды:

- Cебеби, 2004-жылды толугу менен эмгек жылына, кыймыл- аракет жылына айлантышыбыз керек деп эсептейм. Өткөн жыл абдан жакшы шарт түзүп берди. Бирок эл талабы менен эч бир эсептешпеген саясатчыларыбыз болсо, эмитен эле элди аралап, адамдардын бүйүрүн кызытууга умтулууда. Ачык айтканда, азыр мындай карапайым калкты жолдон адаштырып, иштен алаксытуунун учуру эмес. Быйыл маңдай терибизди аябай төгүп, жашоо турмушубузду жакшыртууга абдан жакшы шарттар бар. Айтаарым, шайлоого чейин бир жылдан ашык убакыт бар. Ошондуктан жанагы шайлоо өнөктүгүн баштагандарын жолотпосоңуздар. Быйыл бүт күчүбүздү эмгекке жумшап, элдин турмушун жакшырталы деп, бир мисал келтиргим келет. Мына, залкар Россия деле үч айдын ичинде сонун кылып шайлоо өткөрүп алышты. Ушул жагын да ойлосоңуздар. Анан эмитен эле элдин башын оорутуп, шайлоону баштайбыз дегендерге жол бербесек. Анын ордуна шайлоого чейин өлкөбүздөгү экономикалык абалды жакшыртуу зарыл деп эсептейм.

Лейлек районундагы Маргун айылынан келген Баба Турдуев аттуу эмгек ардагери өлкө башчысынан кийин сөз сүйлөдү. Ал «Кыргыз элинде сизден башка президенттикке татыктуу адам жок, баштаган реформаңызды аягына чыгарыңыз» дегендей пикирин билдирди. Анын Аскар Акаевден келээрки шайлоого президенттикке талапкер катары катышуу тууралуу мындай өтүнүчүн залда отурган көпчүлүк кол чабуулар менен кубатташты:

- Ушуну баштагандан кийин аягына чыгышыңызды суранабыз. Баткен облусунун эли эмдиги жылкы шайлоого башкасын койбой өзүңүз эле келишиңизди колдойт. Баткендиктердин, деги эле кыргыз элинин, сизден башка президент болуучу адамы жок. Силерден сураныч, Акаевден башканы президент шайлабайбыз.

Өлкө башчысынын минтип облуска ат тезегин кургатпай тез-тез келүүсүнө сын көз менен караган адамдар да жок эмес. Баткен районунун тургуну Жапар Мусаев «Азаттыкка» төмөндөгүчө пикирин билдирди:

- Президент Аскар Акаев бүгүн келип кетти. Ал бизге эле келбей, түштүктөгү бардык облустарды кыдырууда. Анын келишинин эч кандай зарылчылыгы жок эле. Анткени ал үч ай мурда эле келип кеткен. Келип кетишине канчалаган каражаттар кетти. Ошол каражатты Баткендин зарылчылыгына жумшаса болот эле. Президент келиши үчүн канча чыгым жумшалды. Жолдор тазаланып, акталып, тегизделип жакшы болуп калды. Мына Карабак айылына барды эл, Акаев бара турган жол кыска мөөнөттө оңдолду. Биздин чоңдор президент келет дегенде эле ары бери чуркап калышат. Табылбаган акча табылып, оңдолбогон жерлерди оңдошот.

Айрым байкоочулардын пикирине караганда, президент А.Акаевдин шайлоо үгүтүн баштабай койо туралы деген сунушу суу кечпей тургандай, анткени оң жак да, сол жак да, бийлик да, оппозиция да шайлоочуларды өзүнө имерүүгө багытталган үгүттү эчактан бери эле жүргүзүп келишет.

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ ТЫШКЫ СООДА

Кыргыз каганатынын тышкы соода байланышы болгонбу, болсо кайсыл өлкөлөр менен алака кылып, андай мамиле мамлекет менен калк үчүн кандай кызмат өтөгөн деген суроолор чыкпай койбойт.

Калк арасында кадыресе колдонулуп жүргөн кеп бар го: "Сенин ким экениңди билиш үчүн, адегенде ким менен дос экениңди айтчы" деп. Анын сыңары орто кылымдагы Кыргыз каганатынын экономикалык абалын түшүнүү үчүн анын кайсы өлкөлөр менен соода мамилесин кургандыгынын тарыхын калыбына келтирүү жетиштүү. Себеби, элдердин ортосундагы соода байланышынын орношу алардын өрнөктүү өнүгүп кетишине, өндүрүштүк ыкташуусуна шарт түзүлөт. Ага жараша товардык алмашууга болгон кызыгуу жаралыш керек.

Кыргыз каганатынын курулушу жана өнүгүү багытында адегендеги соода өнөктөрү катары Биринчи жана Экинчи Түрк каганаттары, Уйгур, Түргөш мамлекеттери, Кытай империясы, Тибет, чжурчжендер, кидандар жана Орто Азиядагы өнүккөн өлкөлөрү болушкан. Мындан улам кыргыз коомчулугунун ошол кездеги Чыгыштын өнүккөн цивилизацияларынын арасынан татыктуу ордун тапканын билсек болот.

Тышкы соода байланыштын орношу Кыргыз өлкөсүнүн бир чети толук кандуу мамлекет катары өнүгүп-өсүшүнө өбөлгө болсо, экинчиден, алардын Борбордук Азиянын саясий-экономикалык мамилелерине тартылышына түрткү берген. Кыргыз каганатында малчылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк, аңчылык болуп чарба ички керектөө муктаждыгына ылайык өнүккөн. Башкача айтканда, өлкө тамак-аш жана өндүрүшкө жарамдуу заттарды өзүндө өндүрө алган. Анткен менен өлкө калкынын тынымсыз өсүп турушу ички ресурстарды рационалдуу пайдалануу менен тышкы байланыш аркылуу өлкөгө керектүү товар алып келүү жагын колго алуу зарылчылыгын жараткан.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, соода мамилеси менен мамлекеттин саясий абалынын ортосунда бири-биринин абалын өзгөрткүдөй жана таасир тийгизгендей тыкыз байланыш болот. Кыргыз каганатынын бир калыпта өсүшүнө караганда саясий бейпилдик соода ишинин алгалашына шарт түзгөн.

Кыргыз каганатынын соода өнөктөштөрүнө ылайык, анын саясий тарыхынын өсүш этаптарын аныктаса болот. Кыргыздар башында жакын коңшулары менен мамиле куруп, алардын чарба жана өндүрүш потенциалын мамлекеттин ички керектөөсү үчүн пайдалануу жолун ачышкан. Алар Энесайга көчүп келгенге чейин мында жашаган көчмөн жана токой адамдары аңчылык, кол өнөрчүлүк менен шугулданган.

Кыргыздар мында үстөмдүк абалга жеткенден кийин жергиликтүү калкты кыштым же күңкор абалга жеткиришип алардын ишкер тажрыйбасын өлкөнүн ички керектөөсүнө жаратылыш, ашыкча продукцияны сырткы соода үчүн колдонушкан. Акырындап алар алыскы коңшулар менен алыш-бериш алакасын орнотушуп, кыргыз товарлары Улуу Жибек жолундагы соодалаш өлкөлөрдүн суроо- талаптарына арзый баштайт.

Кыргыз усталары узанган жоо куралдары, айрыкча сыры ачылбай, купуя сакталган кылыч, найзалар Түрк каганаттары менен Кытай рыногунда жогорку бааланган. Кыргыз уздарынын көздөрү талып, колдору тешилип отуруп жасалган жоо кийимдери жоокерчилик заманда кардарлардын санын арттырган. Мамлекет башчылары өлкөдө өндүрүлгөн товарларды таанытмак максатында башка мамлекеттердин өкүмдарлары менен жакшыларына белекке берип, сый-урмат көрсөтүү аркылуу атак-даңкын чыгарган.

Обончу, ырчы МАЙРАМБЕК ОСМОНОВДУН куудулдук өнөрү

“Чоңко” куудулдар фестивалынын лауреаты, эстрада ырчысы, обончу Майрамбек Осмонов “Азаттык” радиосуна өзүнүн куудулдук өнөрү тууралуу маек куруп берди.

Майрамбек Осмонов тоолуу Токтогулдун Толук айылында төрөлгөн. Токмоктогу маданият техникумун бүтүргѳн.

Азыркы тапта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр (искусство) институтунун 4-курсунда окуйт.

Ошто, Жалалабадда, Бишкекте өткөн эстрада ырчылары жана куудулдарынын республикалык бир катар сынактарынын, фестивалдарынын лауреаты. 1996-жылы Бишкекте өткөн республикалык “Чоңко” куудулдар фестивалында калыстар тобунун чечими менен Майрамбекке "куудул" деген наам ыйгарылган.

Ал өзү теңдүү кесиптештеринен чукугандай сөз тапкан тапандыгы, тамашанын балын тамыза куюлуштурган кепкөйлүгү, ажардуулугу, чымчыкей, жанытмаларынын курчтугу менен айырмаланат. Айрыкча, ал тигил же бул инсандын үнүн, кебете-кешпирин, баскан турганын келиштире образдуу туурайт.

- Майрамбек мырза, канча жашыңыздан баштап куудулук өнөргө кадам таштадыңыз?

- Менин куудулдук өнөрүм кичинекей кезимден эле башталды деп эсептейм. Биздин айылдагы мектепте Колхозбек деген агайым мугалим болуп иштечү. Ал мен эң жаман көргөн эсеп сабагынан экзамен ала турган болуп калды. Эртең экзамен деген күнү классташтарым менен түнү бою эмне кылам деп акылдашсам, бир балабыз: “ Майрамбек, эсиңдеби, агайдын үйү менен ашканасынын каалгалары тушма-туш турат. Ошону айла таап, эптеп бекитишиң керек. Ошондо гана сенин жаның калат” деди. Ичимден “таппасаң сыйпалап кал” дедим да, атамдын кыйып койгон теректеринин эң оорунан тандап, агайым уктаган маалда эптеп көтөрүп барып, үйүнүн эшиги менен ашканасынын эшигине эмне болсо ошо болсун деп тиреп койдум. Эртеси агайым экзаменге келбей калды. Ошентип, ошол күнкү экзамен күйүп кеткен эле. Менин куудулдугум ушундан башталды го деп ойлойм.

- Майрамбек мырза, эң алгачкы жолу кимдерди туурадыңыз эле? Эсиңизде болсо ошолордон туурай отурсаңыз?

- Айылда Добулбек деген агайым бар эле. Ал мектепте иштечү. Дене тарбиядан сабак берчү. Бирок, негедир ал сабак учурунда дене тарбиядан суроо бербестен, таптакыр башка тема боюнча суроолорду берер эле. Маселен, агай: “Майрамбек, сүйлѳм деп эмнени айтабыз”, деп сураганда, мен “агай, биз денетарбия сабагын өтүп жатабызбы же кыргыз тилинби”, десем, агайым “Майрамбек, сен мага каяша айтпа. Сүйлөм деп эмнени айтабыз”, - дей берчү. Ошентип, коркконубуздан физкультура сабагынын ордуна кыргыз тилсабагына даярданаар элек.

Дагы бир окуя. Айылыбызда жакшы көргөн чоң апабыз бар эле. Ал кишинин тили бир аз келегей боло турган. Бир күнү чоң энелерим боз үйгѳ чогулушту. Байкасам алардын арасында баягы жакшы көргөн чоң апам жок. Ошондо, бозүйдүн сыртында туруп: “Өлүгүңдү көрөйүндөр, мени таштап коюп, өздөрү быякка баса беришкендерин кара. Ой, бул кемпирлерден ыйман кетип калганбы? Мени деле ала келишпейби? Өзүм картаң болсом, жакшы баса албасам. О, өлүгүңдү көрөйүндөр”, деп туурасам эле үйдө отурган кемпирлер: “Ой, кокуй, баягы чоң апабыз келаткан турбайбы” дешип, атып чыгышты. Анан алар мени көрө коюшуп: “О, өлүгүңдү көрөйүн десе, сен белең Кыпчактын баласы”, - дешип, кайра үйгө кирип кетишти.


- Майрамбек мырза, өкмөттүн жетекчилерин баш, коомдук ишмерлерди, ажыларды, жазуучуларды, ырчыларды төш кылып башка кесип ээлерин да туурап жүрөсүз. Мүмкүн болсо, илхамыңыз келип турса, алардын бир-экөөсүн туурап берсеңиз?

- Жазуучу, Кыргыз улуттук телерадио корпорациясынын "Коломто" берүүсүнүн такай катышуучусу Жакып Медетовго төрт катын алуу боюнча собол таштаганымда ал: «"Коломто" деген берүүнүн телекөрүүчүлөргө чоң пайдасы бар. Алып баруучу Бейшенбек Бекешов төрт катын алуу боюнча айтты деп ошонун аркасынан чуркап жүргөнүбүз болбойт. Ал деле эптеп-септеп китептен таап алып окуп айтып атат. Ал дагы эптеп жанын багыш керек. Ал эми бир катыныңа бир бутуң оң. Эки катынга катар чуркап жүрө берсең эки бутуңан айрылып өлүп каласың. Бир күнү бутуңдан айрылгандан кийин эки катыныңа эмес, бир катыныңа да керегиң жок болуп калат. Мен ойлойм, бир катынды жакшылап багып, төрөп берген балдарын чоңойтуп, тарбиялап алсак жакшы болор эле. Эки-үч катынды кандай эркектер алат - акылым да жетпейт. Маселен, мен бага албайм, айнанайындар», - деген.

Кѳп аял алуу жөнүндѳ Кыргызстандын мурдагы муфтийи Кимсанбай ажыны Майрамбек Осмонов:

- Пайгамбарыбыз Мухамбет алейхи саламды бир нече катын алган деп айтып жүрөбүз. Бирок, аны эч ким көргөн жок. Ошон үчүн мен жаш болсо да муфтий болгон Муратаалы ажы айткандай, бир катынды жакшы багып алсак, калганын көрө жатабыз. Менимче, бир катын алган эле туура болот. Ал эми эки-үч катын алганга Кыргыз мамлекетинин дагы каражаты жетпейт - деп туурады.

- Майрамбек мырза, азыркы күндөгү куудулдардын аткаруучулук чеберчиликтери, репертуарлары жөнүндө жеке оюңуз кандай?

- Менин оюмча, азыркы куудулдардын ичинен аткаруучулук чеберчилиги, репертуары, өнөрү жагынан Жаныбек Алыкулов күчтүү. Андан кийин "диплому жок режиссер" деп аталган Абдылда Иманкуловдун куудулдук чеберчилиги да күчтүү. Жаныбек ар тараптуу, көп жактуу куудул. Ал пародия багытында орус, кыргыз тилдеринде сүйлөп, угармандардын жарпын жазат. Аткаруучулук чеберчилиги мыкты. Маркум Манас да жакшы куудул эле. Ал эми калган куудул сөрөйлөр кечирип коюшсун, аман эле болушсун. 1992-жылы куудулмун деп сахнага бир жолу чыгып алып, өмүр бою жашайм дебей, эмгектениш керек.

БИШКЕКТИН ЭКОНОМИКАЛЫК АБАЛЫ: БҮГҮН, ЭРТЕҢ

Бишкек шаары Кыргызстандын жылдык ички дүң продуктусунун төрттөн бир бөлүгүн өндүрөт. Быйылкы жылы бул көрсөткүчтү дагы 5 миллиард сомго жогорулатуу милдети коюлду. 2008-жылы башкалаа өндүрчү ички дүң продукттун өлчөмүн 40 миллиард сомго жеткирүү болжолдонууда. Кийинки жылдары шаар келбети өзгөрүлүүдө, азыркы заман талабына шайкеш ири соода үйлөрү ачылды, биртоп көчөлөр оңдолду, жайма базарларды иретке келтирүү аракеттери жасалууда. Ошентсе да борбор калааны айланта жайгашкан жаңы турак-жай конуштарынын толгон-токой социалдык маселелери бар.

Бишкек шаар башчысы Медетбек Керимкуловдун ырасташынча, шаардын экономикалык өнүгүшүн дагы жогорулатууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

- 2003-жылы шаардын ички дүң продуктусу 20 миллиард сомго жетти. Бул өлкөнүн ички дүң продуктусунун 24,3 пайызын түзөт. Жалпысынан шаардын экономикалык көрсөткүчтөрү момундай: өнөр жай продукциясын өндүрүү 8,8 миллиард сомду түздү. Бул 2002-жылкы көрсөткүчкө салыштырганда 9 пайыз өсүш болгонун көрсөтөт. Шаардагы орто жана чакан бизнес 3,7 миллиард сомдук товар өндүргөн. 2002-жылга салыштырганда өсүш 115 пайызга жетти. Шаардын экспортко чыгарган товарынын көлөмү 380 миллион долларды түзүп, мурдагы жылга салыштырганда 2,8 пайызга өстү. Чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү 16 миллиард сомго жетип, 18,8 пайызга жогорулады.

Шаар башчысынын маалыматына караганда, өткөн жылы башкалаанын экономикасын өнүктүрүүгө 80 миллионго жакын тике инвестиция тартылган. 31 миңден ашуун жаңы жумушчу орундар ачылган. Жыл сайын башкалаанын жамаачыланган чоң жолдорунун 43 чакырымдан ашуунуна асфальт жаткырылган.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, ага тушталып өткөн дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайынын шарапаты менен Бишкектин бир катар тарыхый-маданий жайлары оңдолду. Медетбек Керимкуловдун айтымында, быйылкы жылы ички дүң продукт 25 миллиард сомго жетип, 2008-жылы анын өлчөмү 40 миллиард сомго чыгары болжолдонууда.

- Быйыл борбор калаанын экономикалык өсүшүн 8,9 пайызга жеткирүү милдети турат. Ички дүң продукт 25 миллиард сомго жетиш керек. Өткөн жылы ал 20 миллиард сомду түзсө, быйыл биз аны дагы 5 миллиард сомго көбөйтүүнү көздөп жатабыз. Бул милдет эмнелердин эсебинен жетишилет?. Өнөр жай продукциясын өндүрүү 10,5 миллиард сомго жетет.

Шаар башчысынын болжолунда, өнөр жай өндүрүшүн жандантуу, чакан жана орто ишкерликти көбөйтүү, өндүрүлгөн товарды сыртка арбын ташып чыгуу экономиканы ыкчам өнүктүрүүнүн өбөлгөсү болот. Мындан сырткары башкалаага 90 миллион доллардан кем эмес тикелей инвестиция тартуу жана 33 миңден ашуун жумуш орундарын түзүү милдети коюлууда.

Кийинки жылдары жаңы конуштардын курч социалдык проблемаларын чечүү аракети көрүлүүдө. Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Бейшен Абдыразаковдун маалымдашынча:

Бишкек шаарынын айланасында 24 жаңы конуш бар, анда 150 миң киши жашайт.

1990-жылдан бери жаңы конуштарга 12 мектеп, ошондой эле сандагы медициналык тейлөө мекемелери салынган. 600 чакырымга жетчү электр зымы тартылып, 250 дөн ашуун ток бөлүштүргүч коюлуп, 1200дөн ашуун атуул телефон байланышы менен камсыз болгон.

Жаңы конуштарга 200 чакырымдан ашуун жол салынып, анын 20 чакырымы гана асфальтталган. Бишкек шаары үчүн өзгөчө оор көйгөйгө айланган жаңы конуштардын социалдык маселелерин чечүү дагы кыйла жылга созулчудай.

КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕРИНИН ТӨРТҮНЧҮ КУРУЛТАЙЫНДА А.АКАЕВДИН ПРЕЗИДЕНТТИК МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУ МАСЕЛЕСИ КӨТӨРҮЛӨБҮ?

Бакыт Аманбаев, Бишкек Ушул тапта “президент Аскар Акаев кийинки мөөнөткө да мамлекет башчы болуп калабы?” деген маселе коомчулукта кайрадан көтөрүлө баштады. Мындай талкууга мамлекет башчы катышкан жыйындарда Аскар Акаевди бийликтин башында дагы көп жылдар бою калтыруу демилгесинин байма-бай сунушталышы өбөлгө түзүүдө. Айрым саясатчылар 30-январда өткөрүлө турган Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайында, Аскар Акаевге байланыштуу маселе түрдүү улуттардын өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп, президенттин мөөнөтүн узартуу маселеси элдик референдумга сунушталаарын боолголошууда. Оппозициянын оюнча, Акаевдин 2005-жылдан кийин президенттик кызматты аркалоого конституциялык укугу жок.

Соңку мезгилдери коомчулукта “Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого барабы, эгер барса, эмненин негизинде шайлоого катышат?” деген өңдүү суроолор саясатка кызыккан ар бир адамдын, өзгөчө саясатчылардын бүйүрүн кызытып келет. Байкоочулардын пикиринде, Аскар Акаев шайлоого эки түрдүү жагдайда, тагыраак айтканда, «эгерде Конституциялык сот «Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде, Аскар Акаев кийинки мөөнөткө катыша алат» деген чечим чыгаруу жана референдум аркылуу Баш мыйзамдагы президенттин мөөнөтүн өзгөртүү жолу аркылуу катыша алат.

Көпчүлүк талдоочулардын ишениминде, Конституциялык соттун Аскар Акаевди кийинки мөөнөткө да президенттик шайлоого катыштырууга негиз берген чечимди дагы бир жолу чыгарышы күмөн. Ошондуктан жогорку бийлик өкүлдөрү бул жолу жалпы коомчулуктун демилгеси менен Конституцияны дагы бир ирет өзгөртүүгө барышы толук ыктымал.

Мындан бир нече күн илгери «Жаштар партиясы» президенттин бийликте калуу мөөнөтүн узартуу үчүн элдик референдум өткөрүү сунушу менен чыкты. Андан көп өтпөй «КДК» партиясынын Ош аймактык бөлүмү жогорудагыдай демилгени колдоп, Аскар Акаевди кийинки мөөнөттө да бийликте калышын колдогон атуулдардын колун топтоону баштагандыгын жарыялаган. Ишемби күнү «КДК» партиясынын Ош аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Аманбай Сатыбаев учурда кол топтоо улантылып жаткандыгын тастыктады.

Мындан сырткары ушул аптанын башында Жалалабад облусунда мамлекет башчы катышкан жыйында, Аксы районунун тургуну Жыргалбек Тойматов «Аскар Акаев өлкөнү дагы көп жылдар бою башкарып калсын» десе, Майлысуу электр чырак заводунун башкы адиси Леонид Малышев Аскар Акаевге Кыргыз эл баатыры наамын ыйгаруу демилгесин көтөрдү. Ушундай эле маселе Аскар Акаев бүгүн (ишемби күнү) Баткен облусуна барганда өткөрүлгөн жыйында да айтылды. Анда Лейлек районунан келген Баба Турдуев аттуу карыя учурда Кыргызстанда Аскар Акаевден башка өлкөнү башкара ала турган инсан жок экенин белгилеп, анын келечекте да бийликте калтыруу демилгесин көтөрдү.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Аскар Акаевди бийликте калтыруу тууралуу мындай демилгелер Ак үйдөгү бийлик өкүлдөрү тарабынан күн мурунтадан уюштурулган план боюнча көтөрүлүүдө жана мындай демилге келечекте Аскар Акаевдин өлкөнүн башка облусуна барган учурунда айтылаарында шек жок. Аскар Акаевди келечекте да бийликте калтыруу демилесинин көтөрүлүшү кыргыз коомчулугун кайдыгер калтырган жок. Буга байланыштуу ушул аптанын башында «Кыргызстан укук коргоо кыймылы» билдирүү таратты. Билдирүү ээлери Ак үйдүн демилгеси менен 30-январда Кыргызстан элдер ассамблеясынын колу менен Кыргызстан элдеринин курултайы өткөрүлөөрүн айтышты. Ал жыйында Аскар Акаевди келечекте бийликте калтыруу демилгеси көтөрүлүп, элдик референдумга сунушталаары жоромол кылынып жатат. Бийликтин мындай кадамы мыйзамсыз болоор эле деп укук коргоочулар дагы бир жолу эскертишти.

Бул тууралуу Адам укугун коргоо кыймылынын жетекчиси Турсунбек Акун мындай дейт:

- Күн тартибинде президентти бийликте калтыруу тууралуу маселе жок. Ак үй күн мурунтадан план түзгөн. Ал боюнча уйгурлар, чечендер, орустар жана өзбек улутунун өкүлдөрү сөз сүйлөшөт. Алар «Аскар Акаев сиз шайланбай калсаңыз, күн чыкпай калат, суу акпай калат, чөп кургап калат, демибиз токтоп калат» деген мааниде сөз сүйлөшөт. Натыйжада, курултайдын чечими менен референдум өткөрүү демилгеси көтөрүлөт.

Ал эми Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Иса Токоев: «Курултай Кыргызстан элинин ассамблеясынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата өткөрүлүүдө. Ал эми курултайдын катышуучулары кандай маселелерди көтөрүшөт, аны ачык айта албайм» дейт:

- Бул - ассамблеянын 10 жылдыгына арналган курултай. Биз өз иштерибиз боюнча отчет беребиз, борборлордун жетекчилерин кайра шайлоо болот. Муну саясатташтыруунун кереги жок. Ал эми курултайда ким эмне деп сүйлөйт - мен билбейм да.

Ошентип, азырынча 30-январда өтө турган rурултайда кандай маселе көтөрүлөт, азырынча белгисиз. Бүгүн курамына «Атамекен», «Арнамыс», «Социал-демократиялык» жана «Эл» партиялары кирген Элдик конгресcтин өкүлдөрү жыйын өткөрүштү. «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин айтымында, жыйындын катышуучулары учурда мамлекет башчысы катышкан жыйындарда Аскар Акаевдин келечектеги президенттик бийлик мөөнөтүн узартуу демилгелеринин тынбай көтөрүлүп жаткандыгына каршы экендигин билдиришти. Оппозиция өкүлдөрү Акаевди кийинки шайлоого президенттикке талапкер катары катыштыруунун мыйзамсыздыгы тууралуу чечим кабыл алышты.

МАРАТ КАЙЫПОВ: КЫЛМЫШТЫ АЧПАЙ ТУРУП БОЖОМОЛДОРДУ ТӨГҮНДӨӨ - ЖООПКЕРСИЗДИК

Конституциялык Соттун мүчөсү Марат Кайыпов апта этегинде ооруканадан сакайып чыкты. Судья айдын башында белгисиз бирөөлөрдүн таягынан жабыркап, Бишкектеги № 4 оорукананын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жакында шаардык милиция сотко кол салуу менен байланыштуу окуянын саясат менен байланышы жок деп билдирди. Бирок, жабырлануучу мындай бүтүмдү жоопкерсиздик катары баалоодо. Ооруканадан чыгаар алдында кабарчыбыз окуянын чоо-жайын сурап Марат Кайыповго кайрылып, маек курган.

- Марат мырза, буюрса сакайып, ооруканадан чыгаарга жакындап калган экенсиз. Ушундан пайдаланып, жагдайыңызга байланыштуу өзүңүздүн пикириңизди угалы дедик. Тартип коргоо кызматы кырсыкка сизди тоноочулар кириптер кылды деп билдирди. Сиз кандай ойдосуз?

- Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев пресс-конференция өткөрүп, өзүм теледен (сыналгыдан) көрдүм, “Кайыповго кол салуу талап-тоноо максатында жасалган” деп билдирди. Ошондой эле болсо экен деп кудайдан тилеп атам. Бирок, ошол милиция башчысы адегенде кылмышты ачып, ошол талап-тонойм дегендерди таап, далилдеп, анан айтса болмок.

Тилекке каршы, мага кол салган кишилер бир да үн чыгарган эмес. Башыма чаап, буттарымды сындырып атканда, буюмумду алам деп бирөө да аракет кылган эмес. Анан эки жолу башка ургандан кийин эле жыгылып калгам. Бирок, сезип аттым, көрүп аттым, бутумду талкалап атышканын. Буюмумду алам деген кишиге менин буттарымды сындырып кетүүнүн кажети бар беле деген суроо туулат. Алар кандай пайда болсо, бир заматта ошондой белгисиз жок болуп кетишти. Анан мен карандым, билип калайын деп. Кайда качты экен? Канча киши экен? Көрбөдүм. Анан үйдү көздөй сойлоп баратканда кафенин кароолчусу келип калды. Ошол киши мени үйгө жеткизди. Мүмкүн ошол кароолчу кафеден чыкканын көрүп качып кетишкендир, эгер тоноочулар болсо. Мен деле ошондой болсо экен деген тилектемин.

Себеби, бирөө-бирөөнө тапшырма берип, «кызматтан четтетип туралы» деп, же башка саясий себептер менен дайындалган кылмыш болсо, менин турмушум өзүмдүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн коргоп, коркуп, алаңдап жашаган турмуш болот. Анын бетин ары кылсын. Ошон үчүн милиция бул кылмыш ачылгандан кийин гана «дайындалган кылмыш эмес, жөнөкөй уурулар экен» деп элдин алдына алып чыкса жакшы болмок.

- Окуяга байланыштуу өзүңүздө кандайдыр бир божомолдор барбы?

- Эки жылдан ашып кетти, Конституциялык сотто Феликс Куловдун арызы жатат. Биздин мыйзам боюнча иш ашып кетсе алты айдын ичинде каралып бүтүшү керек. Ар бир сот ишинин мөөнөтү бар. Себеби, ар бир иште адамдын тагдыры жатат. Тилекке каршы, ушул убакка чейин жүйөлүү себеби жок. Анткени, Конституциялык Сот ишке көмүлүп иштеп аткан жокпуз, бекер эле жүрөбүз. Ошон үчүн айтып атам, жүйөөлүү себепсиз эле ошол иш күндөн күнгө калтырылып, ушул убакка чейин дайындала элек. Экинчи ишке да бир жылдан ашып калды. Азыркы Эл өкүлдөр палатасынын Жогорку Сотунун жетекчиси Нэйля Бейшеналиеваны шайлаган токтому Конституцияга каршы келет деп да кайрылышкан. Бул дагы дайындала элек. Эмне себептен? Сурасам биздин жетекчибиз жообун айткан эмес.

Анан мен ушул жерде жатып ойлонуп атам: мүмкүн ал иштердин каралбай жатышына ыңгайлуу шарт түзүлбөй жаткандыр? Балким, ыңгайлуу шарттын түзүлбөгөндүгүнө мен себепкер болуп аткандырмын. Конституциялык Соттун жетекчисине «он жылдык мөөнөтүңүз бүттү, иштегенге мүмкүнчүлүгүңүз жок» деп айтып атсам. Анан ушул иштерди Баекова кошулуп караса, сөзсүз муну да айтмакмын, сиз катыша албайсыз, катышпаңыз деп. Бул - кызмат боюнча. Мындан тышкары, мага кол салуу боюнча гезиттерден окуп, ар кандай божомолдордун кээ бирөөнү туура таап атам. Мисалы, «Кыргыз Руху» жазыптыр, быйыл шайлоо компаниясы башталат, ошого карата жасалган иш эмеспи, деп. Мүмкүн ошондойдур. Өзүңүздөр билесиздер, Сузак жергесинде беш жыл мурун шайлайм деген элди чыркыратып туруп талапкердигимди алып салышкан. Азыр шайлоого барсак эл Кайыповду шайлайбыз деп эле күтүп тургандай сезилет мага. Бул эми божомол.

Андан тышкары дагы бир себепти жазышыптыр. «Кайыпов мурдагы иштеген жерлеринде көп кишилерге жаман көрүндү болгондур» деп. Чындап эле ойлоп көрсөм: мен Президенттик администрациянын юридикалык бөлүм башчысы, арбитраждык соттун биринчи орун басары болуп иштедим. Ага чейин тергөөдө иштедим. Өкмөттө жети жыл бөлүм башчы болдум. Анан ким билет, мамлекеттик кызматта жүрүп, бирөөнүн жеке кызыкчылыктарына каршы принципиалдуу иш кылып койгондурмун. Бирок, дагы бир жолу айтып койоюн, менин акчамды талап-тоноп кол салган эле кылмыш болсо экен деп кудайдан тилеп атам.

- Азыр эми сизди сабап кетүү окуясын иликтөө боюнча кандай иш-аракеттер көрүлүп атат? Кабарыңыз барбы?

- Мага кол салган күнү эле райондук ички иштер бөлүмү «каракчылык аракети» деп иш козгошкон. Эртеси күнү эле ишти Бишкек шаардык ички иштер кызматынын тергөө бөлүмү колуна алып, беш күн өткөндөн кийин, 12-январь күнү мени тергөөчү Самаков Бакыт жабырланган адам катары сурап, көрсөтмө алган. Сизге айткан божомолдорду ага да айтып, ошол божомолдорду тергеш үчүн башка берене менен иш козгоо керектигин, эгер, тоноо дегенде калган божомолдор иштелбей, оперативдүү иштер жүргүзүлбөй калаарын айткам. Тилекке каршы, эми бул маселени милиция карабайт. Ошондуктан, Кылмышты ачпай, кылмышкерлерди кармабай туруп, калган божомолдорду төгүндөө жоопкерчиликтүү жооп эмес.

- Мындан ары ишмердүүлүгүңүздү кандай улантасыз? Келээрки парламенттик шайлоого барышыңыз мүмкүнбү?

- Алтын баш аман калды, буюрса. Эң биринчи ден соолукту чыңдайын. Айыккандан кийин Конституциялык сотко барып иштейин деген ниетим бар. Иштеш керек, шайлангандан кийин. Ал эми депутаттыкка коюш жөнүндө айтуу азыр эрте го. Шайлоо өнөктүгү баштала элек. Шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин шартка жараша карап көрөбүз.

- Рахмат, маегиңизге. Ден соолукта болуңуз.

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ОШТО ИШ САПАРЫ МЕНЕН БОЛДУ

Кожогелди Култегин, Ош Президент Аскар Акаев өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарын 23-январь күнү Ош облусунда улантып, акыйкат башкарууга жана социалдык мобилизацияга арналган жыйында сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө президент Аскар Акаев өткөн жылды Кыргыз мамлекети үчүн XX кылымдын ичиндеги эң өзгөчө жана куттуу жыл катары баалады жана аны мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдык мааракесинин өтүшү менен байланыштырды:

- 2003-жыл - мамлекетүүлүк жылыбыз эч качан тарых барагынан өчпөйт. Качан да болсо тарыхта алтын тамга менен жазылган боюнча калат, мен буга толук ишенем. Азыркы заман эле эмес, бүтүндөй XX кылымда дагы Бириккен Улуттар уюмунун атайын чечими менен мамлекеттүүлүк мааракесин белгилеген кайсы мамлекет бар, эстеп көрөлүчү. Маселен, менин эсимде андай фактылар жок.

Президент андан ары бул тарыхый жана саясий иш чараны ЮНЕСКОнун, Франция мамлекетинин колдоп жактагандыгын, Франциядагы 800 жылдык тарыхы бар Сорбонна университетиндеги конференцияда мамлекеттик ишмерлер, окумуштуулар Кыргызстандын мамлекеттик концепциясына өзгөчө кызыккандыгын баса белгиледи:

- Мамлекеттик коцепциялар биздин Франциянын жаштарды кылымдар бою тарбиялап келе жаткан мамлекеттик патриотизм, улуттук патриотизм салтына жакын экен. Биз акыркы он жылдарда унутуп бараттык эле, сиздер келип биздин эске салып кеттиңиздер деп, ушундай жакшы оюн айтышты. Мени узатып жатканда Франциянын президенти Жак Ширак мырза өзү Эл аралык протокол боюнча сарайынан чыгарып, коштошту. Бул сапар болсо Жак Ширак жаан жаап турганына карабай машинеге чейин алып келип отургузуду. "Жаан жаап турат, чыкпай эле койбойсузбу?" деп сурансам, ал киши айтты: "Жок, мен бир жарым миң жылдык тарыхы бар мамлекеттин президентимин, а сиз болсо 2200 жылдык тарыхы бар мамлекеттин президентисиз".

Мамлекет башчынын айтымында, Норвегия мамлекети мындан ары Кыргызстанды таяныч тирек тутуу менен Борбордук Азия, Чыгыш мамлекеттери менен катнаш жасайт. Дагы бир жаңылык - ЮНЕСКО Сулайман тоосун дүйнөдөгү өзгөчө камкордукка алынчу ардак тизмеге киргизип жатат. Ал эми 2004-жылдын башкы милдетин президент мындайча белгиледи:

- Быйылкы жылды топтолгон эмгекке буралы, социалдык мобилизацияга, элибиздин турмушун оңдоп, экономикабызды дагы мындан ары күчөтөлү деген максат менен ушул жылды социалдык мобилизациялоо, акыйкат башкаруу жылы деп жарыялайбыз. Акыйкат башкаруу деген сөз өзү бюрократияга каршы күрөшүү, коррупциянын жолун бөгөп коюу, башкаруу системасын эффективдүү жана натыйжалуу негизге коюу деген сөз.

Албетте, экономика өнөр-жайсыз өнүкпөйт. Ал эми өнөр-жайдын өнүгүүсү республикада өткөн жылдан башталгандыгын, тилекке каршы Ош шаарында гана бул багытта өсүш болбогондугун, ошондой эле акыркы жылдарда пайда болгон Кыргызстандагы терс көрүнүш катары той-топурлардын көбөйгөндүгүн белгиледи президент:

- Негизи жок эле той-топурлар аябай көбөйдү. Мен ошон үчүн быйылкы социалдык мобилизациялоо, акыйкат башкаруу жылында той-топурлардын баарына мораторий коёлу деп жатам.

Президент Аскар Акаев Оштогу жыйында да парламенттик, президенттик шайлоо деп азыртадан элдерди алаксытууга аракет кылгандарды колдобоону суранды:

- Шайлоого чейин бир жылдан ашык убакыт бар. Бирок эртелеп шайлоо өнөктүгүн баштагандар да болуп атат. Мен ошон үчүн бир мисал келтиргим келет: улуу Россияда деле сентябрь айынын ортосунан баштап декабрь айында тап-татынакай шайлоону бүтүрүп алышкан. Анан эмне үчүн ушул чакан Кыргызстанда биз бир жарым жыл мурда башташыбыз керек. Мен ошон үчүн ушундай шайлоо кампаниясы менен, шайлоо маселеси менен келгендердин бардыгын жолотпосоңуздар деп суранам сиздерден.

Айрым саясатчылар болсо бейшембидеги Жалалабадда президент А.Акаевди өлкөнү көп жылдар бою башкара берүүгө чакырган кишилердин иш-аракетин «Акаевди колдогон шайлоо өнөктүгүнүн башаты» катары кабылдоодо. А.Акаев 2005-жылы өз президенттик шайлоодо талапкердигин койбой турганын бир нече жолу айткан.

АСКАР АЙТМАТОВ: КЫРГЫЗСТАН ЖАПОНИЯ МЕНЕН БОРБОР АЗИЯ КЫЗМАТТАШТЫК УЮМУНУН ОРТОСУНДА ОРТОМЧУЛУК МИЛДЕТИН АТКАРУУГА ДАЯР

Бакыт Аманбаев, Бишкек 16-январдан 21-январга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов баштаган делегация Жапонияда иш сапары менен болду. Бүгүн Аскар Айтматов иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Тышкы иштер министринин айтымында, Жапониянын жогорку бийлик өкүлдөрү Кыргызстанды Жапония менен Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо ортомчулук милдетин аткарууну өтүнгөн.

Алты күнгө созулган иш сапары учурунда Аскар Айтматов Жапониянын тышкы иштер министри Ерико Кавагучи, Экология министри Юрико Коике, Илим жана технологиялык министри Тошмицу Мотэги жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушту. Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматтыштыкты чыңдоо жана Иракка, Ооганстанга байланыштуу маселелер талкууланды. Айтматовдун маалыматына караганда, соңку он эки жылдын аралыгында Жапония Кыргызстанга жалпы суммасы 300 миллион доллардык жардам берген. Мындай каражат Кыргызстандын медицина, айыл чарба, маданият жана жол куруу тармагына жумшалган. «Бул жолку жолугушуу учурунда да Жапония тарап келечекте мындай жардам улантылаарын билдирди» деп маалымдады Аскар Айтматов:

-Жапония тарап Кыргызстанга жардам берүүнү улантаары тууралуу макулдашууга жетишилди. Ага ылайык Жапония Кыргызстанда маалымат-технология борборун түзүү долбоорун каржылоону улантаарын убада кылды жана Улуттук телерадио корпорациясын жаңы жабдуулар менен камсыздоого грант бөлө турган болду.

Ошондой эле Аскар Айтматовдун маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Жапониянын бийлик өкүлдөрү Кыргызстанды келечекте Жапония менен Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо ортомчулук милдетин аткарууну өтүнүшкөн:

-Кыргызстанга Жапония менен Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун ортосундагы байланышты чыңдоого көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Тагыраак айтканда, Жапония тарап Кыргызстан Жапония менен Борбор Азия Кызматташтык Уюмунун ортосундагы байланышты чыңдоодо ортомчулук кылуусуна кызыкдар.

«Кыргызстан Жапония менен Борбор Азия уюмунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо кандай ортомчулук милдетин аткарышы ыктымал?» деген «Азаттык» радиосунун кабарчысынын суроосуна Аскар Айтматов мындайча жооп берди:

- Биз Борбор Азия Кызматташтык Уюмуна мүчөбүз. Биз Жапонияны, аталган уюмдун алкагында, аймактык кызматтыштыкты чыңдоого багытталган форумдарга тартууга даярбыз. Аны кандай жол менен ишке ашыруунун жолдорун учурда караштырып жатабыз. Ошондуктан аны айтуу азырынча эртелик кылат.

Тышкы иштер министиринин айтымында, ушул жылы президент Аскар Акаев Жапонияга иш сапары менен барат. Акаевдин Жапонияга боло турган иш сапары учурунда Кыргызстандын Токиодогу элчилигинин ачылыш иш чарасы болот жана Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу Жапониянын ишкерлери катышкан ири эл аралык конференция уюштурулат.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР ЖАЙЫНДА ЖАҢЫ ПАСПОРТТУУ БОЛУШАТ

Кыргызстанда ушул жылдын июль айынан баштап паспорттун жаңы үлгүсү пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Бул демилге өкмөт тарабынан Кыргызстан атуулдарынын коопсуздугун коргоо максатында көтөрүлүүдө жана ал Эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынып жатат. Жаңы паспорттун кандай өзгөчөлүктөрү бар? Кандай тартипте киргизилет?

Кыргызстандыктардын учурда эки түрдүү паспорттон пайдалануу укугу бар. Башкача айтканда, калктын 97% эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары жасалган көк паспортту, калган бөлүгү советтик кызыл паспортту пайдаланышат. 1994-жылы пайдаланууга кирген көк паспорттун санынын жетишсиздигин эске алган өкмөт советтик кызыл паспортту пайдалануу мөөнөтүн жакында дагы жарым жылга узартты. Бирок, атуулдукту аныктаган документти жаңысына алмаштырууга көк паспорттун санынын жетишсиздиги эмес, анын моралдык жактан эскириши себеп болду. Ушундай түшүндүрмө берген тиешелүү адистердин айтымында, азыр калктын басымдуу бөлүгү пайдаланып жаткан көк паспорт бурмалап жасоого ыңгайлуулугу, кол жазма менен толтурулгандыктан, машина менен окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ эместиги жана коргонуучу белгилеринин алсыздыгы менен эл аралык стандартка коошпой калды.
Паспортту модернизациялоо демилгесин техникалык жактан Эл аралык миграция уюму менен АКШнын мамлекеттик департаменти колдоп жатат. Анын негизги себептеринин бири - кыргызстандык атуулдун дүйнө жүзүн кыдыруу маалындагы коопсуздугун коргоого шарт түзүү. Маселен, Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Каколе Рей Кыргызстандын паспортунан террорчулар пайдаланган фактылар бар экенин белгилейт:

- АКШнын мамлекеттик департаменти террористтер Кыргызстандын паспортун пайдаланган учурлар болгонун бизге кабарлаган.

Долбоор боюнча жаңы паспортту пайдалануу мөөнөтүнө беш жыл чектелген. Эл аралык эксперттер бул мөөнөт жаңы паспорттун эл аралык стандартка ылайыкташышы үчүн жетиштүү экенин белгилешүүдө. Паспорттун жаңы түрү эки тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы маалымат ресурстары жана технология агенттигинин директору Юрий Лысогоров төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

- Бул жерде паспорттун эки түрү болот. Бири чет өлкөгө чыгуу үчүн берилет. Ал эл аралык стандартка ылайык мурдагыдай эле китепче түрүндө болот. Ал эми экинчиси өлкө ичинде пайдалануучу паспорт болот.

Лысогоровдун айтымында, өлкө ичинде ар кандай зарылчылыктар үчүн пайдаланыла турган бул паспорт күбөлүккө окшош чакан болуп, пластикалык карта түрүндө даярдалышы болжолдонууда.

Адистердин айтымында, атуул ички паспорт менен чет өлкөгө чыга албайт. Бирок, КМШ аймагындагы кошуна өлкөлөргө чыгууда ички паспортту пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлүшү ыктымал. Бирок, ал үчүн кошуна өлкөлөр менен кошумча макулдашууларга кол коюу зарылдыгы пайда болот.

Жаңы паспортко мазмундук өзгөртүү киргизилбейт. Юрий Лысогоровдун айтымында, ал каттоонун автоматташтырылгандыгы менен айырмаланат:

- Паспорт толтуруунун автоматташтырылган жолу бизге калктын саны тууралуу маалымат топтоого шарт түзөт. Ал калкты каттоочу улуттук борбор деп аталып, ал биздин паспорт алып жүрүүчүлөр тууралуу муктаж болгон тиешелүү структуралардын ыкчам, сапаттуу маалымат алышына мүмкүнчүлүк түзөт. Бул чекара кызматы, ички иштер министрлиги өңдүү тармактар. Бул жагынан мазмундуу өзгөрүү бар.

Паспорттун жаңы үлгүсүн даярдоо максатында келерки аптада өкмөт тендер жарыялоого кам көрүп жатат. Бир паспорттун наркы канча сомго айланаары азырынча белгисиз. Жергиликтүү адистер четке чыгуучу паспорттон ички паспорттун наркы арзан болорун, бирок, так баасы тендерден кийин аныкталарын айтышат. Өкмөт болсо тендерге паспорт даярдоо боюнча дүйнөдөгү чыгаан компаниялар катышса экен, атаандаштыктын аркасы менен паспорт даярдоо наркы да арзан болоору беле деп үмүт кылууда.

ПРЕЗИДЕНТТИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН КУРУЛГАН МАКСАТ АЙЫЛЫ УНУТТА КАЛДЫ

Шайырбек Эркин уулу, Баткен Президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 1995-жылы Баткенде Максат деген айыл курулган. Анын жайгашкан жери - Лейлек районундагы Кулунду өрөөнү менен Тажикстандын чегинде. Кошуна тажик атуулдарынын Кыргызстан аймагына отурукташуусун чектөө максатында негизделген бул айылга райондун жери тартыш башка айылдарынан жаш үй-бүлөлөр көчүрүлүп келишкен. Бирок, алардын көпчүлүгү даяр үйлөрдү таштап, кайра мурдагы турагына кайтып жатышат.

Айылга мамлекет 62 үй куруп берген. Президент Аскар Акаевдин демилгеси менен курулганына карабай, бүгүнкү күндө айыл таптакыр унутта калды. Башкасын айтпаганда да, айылда тогуз айдан бери ичүүчү жана сугат суу жок. Анын кесепетинен бак тигилбей, жер иштетилбей турат. Жергиликтүү тургундар сууну кошуна тажик айылынан ташып ичишет. Ушундай кыйынчылыктардан улам айыл калкынын теңинен көбү даяр үйлөрдү таштап, кайра кетип калышкан. Айрымдары кыргыз жерине тажик атуулдары ээлик кылып кетпесин деп, шарттын жоктугуна карабай эптеп күн кечирип жатышканын айтышат:

- Максатта 1996-жылы биз ушул үйдү алгандан бери жашайбыз, - дейт Бекмаматов Наби, - Суу жок. Келгенден бери бизге эч кандай жардам жок. Тажик туугандар айтып атышат, силер баары бир кетесиңер, бул жерде жашай албайсыңар. Бул үйлөрдүн бардыгы бизге белек болуп калат деп. Жок. Биз андай кылбайбыз. Бизге мамлекет тарабынан үйлөр берилди. Ушул үйлөрдү, ушул жерди сактап калышыбыз керек. Азыр мына тажик туугандар чыгып келди, бул бетке.

Ал эми Эгембердиев Жапар мындай дейт:

- Максатта 1996-жылдан бери жашайм. Бул жерде жашоо кыйын, себеби суу жок. Ушул себептен кыйналып, бир айча жашап, даяр үйлөрдү таштап кеткендер бар. Тажиктер жерди ээлеп, Кыргызстандын аймагына чыгып келген. Ошондуктан суу жок болсо дагы чыдап карап отурабыз Кыргызстандын жерин.

Эгер бул аймакка суу чыгарылса, анда миң гектардай жерди өздөштүрүүгө, үй куруу үчүн миңден ашуун кожолуктун жер алуусуна шарт түзүлөт. Бирок, сугат суу менен камсыздоо аракети каражат жоктугунан аягына чыкпай токтоп турат. Бул тууралуу Кулунду айыл өкмөтүнүн башчысы Абдилатип Салимбековдун пикири төмөнкүчө:

- Коңшуларыбыз жерди улам жылып ээлеп келаткандыктан, жерибизди сактап калалы деген ниет менен Максат айылы курулган. Бул жерде келечекте миң гектардай сугат жер өздөштүрүлүш керек. Жүздөгөн гектар жерди өздөштүрүп, адамдарга иш кылып берсек болот эле, бир топ каражаттар табылат эле. 300 метр аралыкты тез аранын ичинде жардырып, топуракты ташып алып, сууну чыгарыш боюнча өкмөт тарабынан Өзгөчө кырдаалдар, айыл-чарба министрликтерине тапшырма берилген. Бирок, ал жакшы аткарылбай турат.

АЗИЯНЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АЙБЕК АФИНЫ ОЛИМИПАДАСЫНА БАРАТ

13–январдан 20-январга чейин Кыргызстандын бокс боюнча тандалма командасы Филиппин ɵлкɵсʏндө өткөн Азия чемпионатына катышып, олжолуу кайтып келишти. Азия биринчилиги үчүн 26 мамлекеттен тандалма бокс чеберлери күч сынашты.

Азия чемпионатынын эң негизги өзгөчөлүгү: биринчи, экинчи орунду ээлегендерге быйыл жайында өтө турган олимпиадалык Афинa оюндарына 24 жолдомо ыйгарылды. Алардын бештен жолдомосун өзбекстандыктар менен түштүк кореялыктар, үчтөн жолдомосун казакстандыктар менен филиппиндер алышты. Пакистандыктар менен кытайлар экиден, Кыргызстан, Сирия, Таиланд, Түндүк Корея бирден жолдомого ээ болушту.

Кыргызстандын жолдомосун тогуз спортчунун ичинен караколдук боксчу Айбек Абдымомунов жеңип алды. Ал таймашта 2-орунду ээлеген. 20 жаштагы Айбек – Кыргызстандын чемпиону, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Жаңы эле «Кыргызстандын эл аралык спорт чебери» деген ардак наам алган чебер өзүнүн кезектеги жеңиши тууралуу буларды айтып берди:

- Мен бокс менен 1997-жылдан бери машыгып келатам. Мен үчүн бокс дүйнөсүнүн эшигин ачып, чоң аренага алып чыккан устатым, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаровдун кошкон салымы зор. Азия чемпионатына биринчи жолу катыштым. Ал мага абдан чоң сыноо болду. Атаандаштарым дагы жакшы даярдык менен келишкен экен.

Филиппин ɵлкɵсʏнүн Полован аралында өткөн бокстун Азия чемпионатына Кыргызстандын намысын жеңил салмактан 81 килограмм салмакка чейинки 9 спортчу коргоду. Аларга баш-көз болуп Кыргызстанга эмгек сиңирген эки устат - Николай Голованов менен Сейитбек Кулмашов жана эл аралык калыс Мамыт Акеров барып келишти.

Кыргызстандык спортчулардын ичинен мурдагы Азия оюндарында күмүш байгени алган Кымбатбек Рыскулов бул жолу коло медаль утту. Жаш боксчу Илья Поликпашев да ушундай эле коло медалды утуп, үчүнчү орунга чыкты. Ал дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаровду таптаган Геннадий Аноприевдин шакирти.

Кыргызстандын тандалма командасынын улук машыктыруучусу Сейитбек Кулмашев алдыдагы даярдыктар тууралуу мындай деди:

- Азия аймагында гана эмес дүйнө жүзүндө Казакстан бокс боюнча мыктылардын сабында турат. Эгемендүүлүк алгандан бери эле алардан үчөө олимпиадалык бийиктикти багындырды. Дүйнөлүк биринчиликте байге алгандары да бар. Ошондуктан, Афинa олимпиадасынын алдында Казакстан жана Ѳзбекстан менен биргелешип машыгууларды өткөрсөк деген ой бар.

22-январда Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинде Азия чемпионатында байге алып келген үч жигитке жана алардын устаттарына акчалай сыйлыктар тапшырылып, бокс командасынын аракеттери талдоого алынды. Калган 6 бокс чебери финалдык таймаштарга кирбей калышты. Алар эми март, апрель айларында Кытайда жана Пакистанда өтүүчү эл аралык гран-при мелдештерине барышып, баш байгенин ээси болушса гана Афинa олимпиадасына жол ачылат.

Быйылкы Азия чемпионатына барбай калган 14-Азия оюндарынын коло байге ээси, дүйнө kубогунун жеңүүчүсү, Сидней олимпиадасынын катышуучусу Таалайбек Кадыралиев да өз каражатына даярдык көрүп, гран-при мелдештерине барып, күчүн сыноого тобокел кылууда.

АЛЫМКУЛ АТАЛЫКТЫН ТЕГИ ЖАНА ӨСПҮРҮМ КЕЗИ

Кыяс Молдокасымов, Бишкек ХIХ кылымда жашап өткөн кыргыздын чыгаан инсандарынын бири, Кокон хандыгында Аскер башчы болгон Алымкул аталык тууралуу көп эле айтылгандай болду. Бирок, ал Өзбекстандын Анжиян областына караштуу айылда жашагандыгы үчүн анын тегин териштирген учурда Өзбекстандык айрым окумуштуулар аны өзбек деп жазышат. Ал эми Кыргызстандан жарык көргөн эмгектерде Алымкул аталыктын ысымы эскерилбей калган учурлар көп эле кездешет.

Молдо Алымкул Асан уулу – Кокон хандыгында бийликтин эң жогорку баскычына көтөрүлгөн кыргыз инсандарынан. Ал эл арасында «Алымкул аталык» деп таанылса, жазма булактарда ордодогу «Аскер башы», «Эмирлердин эмири» деген бийик даражадагы кызмат орундарын ээлеп турган мамлекеттик ишмер катары белгилүү. Кокон ханынын мөөрү Алымкулдун колунда болуп, ордодогу бардык маселени хандын атынан ал чечип келгенин бизге жеткен бардык булактар далилдеп турат. Ал ордо кызматында болгону 7 жыл кызмат өтөп 33-34 жашында Ташкент шаарын орусиялык баскынчылардан коргоп жатып, 1865-жылы каза болгон.

Алымкул аталыктын теги бардык жазма булактарда кыргыздын кыпчак уруусунан деп көргөзүлөт. Айрым булактарда жөн гана кыргыз-кыпчак Молдо Алымкул деп кездешет. Өзбек Республикасынын Борбордук мамлекеттик архивинде Алымкул аталыктын уулу Шер-Мухаммед (Шермат-К.М) Мырза Алымкулов тууралуу документтер көп учурайт. Анда Мырза Алымкулов Коргонтөбөлүк кыргыз-кыпчак, Алымкул аталыктын уулу деп жазылган. Мына ушул маалыматтан Алымкул аталыктын киндик каны тамган мекенин тактоого болот. Биз Алымкул аталык тууралуу анын жердеши, жакын тууганы Гулямкадыр Кенжебаевден кеңири маалымат алган элек. (Ал акыркы жылдары Бишкек шаарында жашап жүрүп, 1998-жылы каза болду). Анын айтканына караганда Алымкул аталык Өзбекстандын Анжыян облусунун Желекудук районунун Коргонтөбө кыштагынын жанындагы Таштак айылында төрөлгөн. Бул жер азыр Насирдин Исанов айылы деп аталып калды. Алымкул аталыктын көпчүлүк туугандары, урпактары учурда ушул айылда жашайт. Аталган айыл Сузак районунун Жийде айылына жакын, экөөнүн ортосун Кара-Дарыянын сайы бөлүп турат. Гулямкадыр аксакалдын айтканына караганда:

- Молдо Алымкулдун атасы Асан, анын атасы Эркул, андан ары Жамгырчы (Жамгырчынын 2-аты Стамкул), Калыгул, Эркесары, Кенесары болуп, түпкү теги Шырдакбекке барып такалат. Атасы Асан өз мезгилинде Коргонтөбөнүн бийи болуп турган. Ал сүйлөгөндө дайыма оозунан шилекей чачырап тургандыктан, Асан шилекей деп коюшчу экен. Асан бийдин Алымкулдан башка бир кызы болгон.

Энеси Шаарбан Нойгут болуштугуна караштуу (азыркы Баткен району) Бужум –Баткен айылынан, кыргыздын нойгут уруусунан болгон. Анын түпкү теги Жаңыл мырзага барып такалат. Алымкул аталык тууралуу Өзбекстандын Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу жана кол жазмалар институнда сакталган «Амир лашкар Алимкул тарихи» («Аскер башчы Алимкул тарыхы») аттуу эмгекте кеңири баяндалат. Аталган эмгек оштук окумуштуу А. Топчуев тарабынан өзбек тилинен кыргыз тилине которулуп, ага профессор Т. Кененсариев түшүндүрмө жасап,«Алымкул аталык» деген аталышта 1999-жылы басылган. Аталган эмгекке караганда Алымкул 2 жашында атасы каза болуп, 5-6 жашка чейин Бужум-Баткенде таекелеринин колунда өсөт. Бирок, бул кол жазманын башка жеринде Алымкул бой жеткенге чейин эле атасынын тирүү жүргөнү, бий болгону айтылат. Аны башка даректер да бышыктайт. Ал түгүл 1858-жылы Малла хан Карасуу тарапка качып келгенде, Молдо Алымкулдун атасынан жардам сурап кайрылганы белгилүү. Жердеши Гулямкадыр аксакалдын бизге айтып бергенине караганда да атасы Асан бий кийинчерээк эле каза болгон. Жогорудагы кол жазмада молдо Дос таекеси деп аталса, Гулямкадыр аксакалдын айтуусуна караганда Дос анын чоң атасы, Алымкулдун аталаш тууганы болгон. Ал өрөөндө өтө билимдүү молдо болуп, Алымкулдун сабатын ачкан. Андан соң Алымкул Анжыяндагы Акмечит медресесинде 2 жыл билимин улантат. Ал 18ге толгондо жездеси Тагайкул датка аскер ишине үйрөтөт. Ал эми Гулямкадыр аксакалдын маалымытына караганда:

- Алымкул 14 жашынан тартып, күрөштөргө катышып тааныла баштайт, жана 16 жашында сарбаз (хандыктагы атчан аскер адамы) болуп, 18 жашында 10 башыдан 100 башыга көтөрүлөт.

Ал эми жогоруда аты аталган кол жазмада бир жылы Шералы хандын уулу, Анжияндын акими Сопубек чоң той берип, ага күлүк аты менен барган Алымкул көзгө көрүнүп, сөзгө алынып, тойго келген Малабектин купулуна толуп, анын өтүнүчүн кабыл алып, жакын жигити болуп калат. Мына ушундан баштап Алымкулдун зоболосу артып, хандыктагы бийлик тепкичтерине көтөрүлө баштаган.

ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВ ЖАЛАЛАБАД ОБЛУСУНДА КООМЧУЛУК МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Президент Аскар Акаев Жалалабад облусундагы коомчулук менен жолугушууда быйыл тойлорго гана эмес, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүктөрүнө да мораторий жарыялоо сунушун айтты. Ал эми айрым атуулдар анын бийлик башында көп жыл кала берүүсүн каалаарын жана ага Кыргыз Эл баатыры наамынын ыйгаруу маселесин козгошту. Президент менен жолугушууга атайын тандалган кишилердин чакырылганын нааразы болгондор да болду.

Президент Аскар Акаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы белгиленген былтыркы жылы өлкөнү көптөгөн чет өлкөлөр таанып, алардан 50 миллион доллар грант, туризмден 40 миллион доллар таза киреше түшкөнүн белгилеп, быйылкы “Акыйкат башкаруу жылында” аткарыла турган иштер менен облус өкүлдөрүн тааныштырды. Ал элди быйыл чымыркана эмгектенүүгө, ошондой эле тойлордон баш тартууга, жана шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө эртелеп кам уруудан оолак болууга чакырды. Президенттин оюнча, шайлоо өнөктүгүн 2005-жылдын босогосунан ары баштап, Орусиядагыдай эле үч айда бүтүрүүгө болот:

- Шайлоо өнөктүгүн (эмитеден) баштайбыз деген күчтөр да болуп жатат. Быйылкы жылы шайлоо кампаниясына дагы, той-торопого мораторий салгандай эле, мораторий койсок. Бизге деле шайлоо өнөктүгү үчүн 3 айдан көп убакыттын кереги жок. Аны жаңы, 2005-жылда баштасак деле болот.

Аксы районунан Жыргалбек Тойматов Аскар Акаевдин өлкөнү көп жылдар бою башкаруусун каалаарын айтты. Майлысуудагы электр чырак заводунун башкы энергетиги Леонид Малышев жана башкалар демилгени кубаттоо менен, активдин алдында президентке Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгаруу тууралуу сунушу менен чыкты:

-Бүгүн биздин урматтуу Аскар Акаевичке Кыргызстандын баатыры наамын берүүнү сунуштоо маселесин чечсек.

Арийне, бардыгы эле камырдан кыл суургандай сыйда өткөн жок. Президентке өзгөчө пикирин айткысы келген үч-төрт киши акимият кеңсесине таптакыр киргизилген эмес. Мындай мамиле тууралуу Жалалабад шаарынын тургуну Медер Үсөнов “Азаттыктын” кабарчысына төмөнкү өкүнүчүн билдирди:

- Бүгүн президент менен жолугушуу максатында акимиятка айылдардан келген аксакалдар, (карапайым) адамдар кеңсеге кирүүгө аракет кылышты. Бирок милиция кызматкерлери кеңсени чеп коргондой тосуп алышып, аларды жакындатышкан да жок. Биз дагы өзүбүздүн маселелерибизди айталы дедик эле. Себеби “Кыргызстанда бардыгы эле жетиштүү, бардыгы эле укмуш болуп атат” деген сөздөр бизди канааттандырбайт.

ДЕПУТАТТАР МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМДАРГА ТОЛУКТООЛОР ЖАНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ БОЮНЧА КАЙЧЫ ПИКИРДЕ

Азиза Турдуева Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым комитеттеринде маалымат каражаттарына байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөр менен толуктоолордун киргизилишине байланыштуу мыйзам долбоору каралууда. Жакын арада бул маселе палатанын кароосуна сунушталат. Бирок, бул маселе боюнча палатанын депутаттары карама-каршы көз караштарын билдиришүүдө.

Өлкөдөгү маалымат каражаттарынын ишине байланыштуу мыйзамдарга сунушталган өзгөртүүлөр менен толуктоолордун эң негизгиси - Кылмыш Кодексинин 127-беренесинин үчүнчү бөлүгүн алып салуу болуп эсептелет. Мында «Ушактоо оор же өзгөчө оор кылмыш жасаган деген айыптоо менен коштолгондо,-үч айдан алты айга чейинки мөөнөткө камакка алынат, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат» деп каралган. Айрым депутаттар бул беренени алып салып, эркинен ажыратууну айып пул төлөө менен алмаштыруунун зарылдыгы жөнүндө айтышууда. Палатанын депутаты, коомдук бирикмелердин иштери жана маалымат саясаты боюнча комитетинин мүчөсү Оксана Малеванная буга байланыштуу мындай дейт:

Албетте, бул беренени алып салуу зарыл. Анткени, сөз эркиндиги - бул демокартиянын негизги принциптеринин бири. Бизде катардагы атуулдар тарабынан бул беренеге байланыштуу доо арыздар түшпөйт. Бул берене бир гана аткаминерлер (чиновниктер) үчүн гана иштеп жаткандай. Бул берененин алып салынышы журналисттер үчүн эркин жазууга көбүүрөөк шарт түзөт, чыныгы сөз эркиндигине жол ачат .

Ал эми депутат Кабай Карабековдун бул маселеге карата пикири мындай:

- Албетте, ар намыска шек келтирүү үчүн жазаны таптакыр алып салуу туура эмес, бирок, бул адамды үч жылга эркинен ажыраткыдай ушунчалык эле криминалдык иш эмес .

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ар кандай көз караштар айтылууда. Бир катар депутаттардын пикиринде, Кылмыш Кодексиндеги 127-берененин үчүнчү бөлүгү алынып салынса, анда маалымат каражаттары тарабынан кимдир-бирөөлөрдүн ар намысына, аброюна шек келтирген макалалардын жарыяланышына жол ачылат. Ошондуктан журналисттердин жоопкерчилиги каралган Кылмыш Кодексиндеги бул берени алып салуу азырынча эртелик кылат. Бул пикирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов да колдойт:

- Эмне себептен журналисттерге кандайдыр бир жеңилдиктер берилиш керек? Эгерде журналист билип туруп, адамдын аброюна шек келтирип материал жазса, ал мыйзам чегинде кылмыш жообуна тартылышы керек.

Депутат Ташполот Балтабаев Кылмыш Кодексинде каралган жаза өтөө мөөнөтүн алып салуу маселесине карата төмөнкүдөй оюн айтты:

- Жоопкерчилик эки тараптуу болушу керек. Эгерде атайын каралоо, шылдың кылуу максатында жазган журналисттер ири көлөмдөгү акча айыпка жыгыла турган болсо, анда журналисттерден кылмыш күнөөсүн алып салууга макул боломун, .

Маалымат каражаттарына байланыштуу дагы бир өзгөртүү өлкөнүн «Мамлекеттик акчалай жыйым жөнүндөгү» мыйзамынын 4-беренесине байланыштуу. Комитет тарабынан «адамдык аброюма шек келтирди» деген доо арыздар менен кайрылгандар үчүн талап кылынган акчалай айыптын жалпы суммасынан 5% өлчөмүн мамлекеттик бюджетке төлөнүшү каралган норма сунушталууда. Азыр болсо, доо арыз ээси, анын аброюна шек келтирилгендиги үчүн 500 миң сомбу, же 1 млн сом талап кылабы, төлөм катары 10 сом гана төлөйт. Айрым депутаттар белгилешкендей, бул өзгөртүү да маалымат каражаттарынын эркиндиги үчүн белгилүү деңгээлде ыңгайлуу шарт түзөөр эле.

АКЦИОНЕРДИК КООМДОРДУН ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШТАРЫ ӨТКӨРҮЛӨТ

Сапар Орозбаков, Бишкек 1-январдан тартып акционердик коомдордун жалпы чогулуштары өткөрүлө баштады. Быйыл андай жалпы чогулуштар өткөн жылы кабыл алынган «Акционердик коомдор жөнүндө» мыйзамдын негизинде жаңы тартип менен өткөрүлүүгө тийиш.

«Жаңы мыйзам боюнча акционердик коомдордун жалпы чогуштарынын күн тартибин түзүү январь айынын аягында бүткөрүлүүгө тийиш» дейт Баалуу кагаздар базары боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыров:

- Жаңы мыйзамга ылайык акционерлер өздөрүнүн маселерин чогулуштун күн тартибине 30-январга чейин - бул айдын аягына чейин киргизе алышат. Башкача айтканда, мыйзам аны мөөнөт менен чектейт .


Мурдагы мыйзам боюнча күн тартип көпчүлүк добуш менен чечилчү. Майда акционерлер тиги же бул маселени күн тартипке киргизип, карайлы десе, эгерде көпчүлүк каалабаса, ал добушка салынганда өтпөй калчу. Азыркы мыйзам боюнча 1% же андан көп акция топтогон акционер же алардын тобу өздөрүнүн каалаган маселесин күн тартибине киргизе алышат. Бирок алар бул үчүн 30-январдан кечикпей акционердик коомго билдирүүлөрү зарыл.

Экинчиден, акционердик коомдордун жалпы чогулушун өткөрүү мөөнөтү да өзгөрдү, дейт аталган комиссиянын башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Алымкулов:

- Мурдагы мыйзам боюнча жалпы чогулуш 1-апрелге чейин өткөрулчү. Азыркы мыйзам боюнча 1-майга чейин өткөрулүүгө тийиш.

–Өлкөдө азыр 1,5 миң акционердик коом бар. Акционерлердин жалпы саны 400 миңден ашат. Өткөн жылды алар кандай аяктагандыгы жалпы чогулуштар өткөрулгөндөн кийин гана белгилүү болот. Ал эми 2002 –жылы алар 1,5 млрд сом таза киреше алышып, анын 423 млн сомун акционерлерге дивиденд кылып төлөп беришкен. Азыр акционерлердин көзү ачылып, айрым ишканаларда анын башкаруу органдарын өз колуна алуу үчүн тымызын жана ачык күрөш журуп жаткандыктарын айтышат.

Өткөн жылдын апрелинде «Акционердик коомдор жөнундө» жаңы мыйзам кабыл алынган болчу. Адистер ал мыйзамдын мурдагы мыйзамга караганда прогрессивдүү жактары болгону менен, кемчиликтери да көп экендигин белгилешет.Бул тууралуу Корпоративдик башкаруу борборунун директорунун орун басары Александр Зазульский мындай дейт:

- Директорлор кеңешин шайлоонун тартиби жөнүндөгу берененин айрым пункттары, мисалы, биринчи пункт менен бешинчи пункт бири-бирине кайчы болуп жатат. Ошондуктан иш жүзүндө ишканаларда директорлор кеңешин шайлоодо кыйынчылык келип чыгууда.

Брокерлер жана дилерлер ассоциациясынын төрагасы Эрик Таранчиевдин айтымында, мыйзамдын бир беренесинде кандидат 10%тен көп добуш топтосо, директорлор кеңешине киргизилет делип, башка беренесинде болсо ал акционерлердин көпчүлүгү же 51% добушу менен шайланат деп жазылып калган. Эрик Таранчиевдин айтымында:

- Былтыр 2 ишкана ушундай карама- каршылыкка туш келди. Камволдук нооту комбинатында 7 киши шайланыш керек болчу. Жетөөсү 50% менен өтүп кетти, бирөө андан аз, бирок 10% көп добуш алып калды. Депозитарийде көпчүлук добуш менен шайлангандардан тышкары экөөсү 15 пайыздан көп добуш алып, бирок 50 пайызга жетпей калды .

Алардын айтымында, өткөн жылы акционердик коомдордун көпчүлугү жалпы чогулуштарды эски мыйзам менен өткөрүшкөн. Быйыл болсо алар сөзсүз түрдө өз жоболорун (уставдарын) жаңы мыйзамга тууралашып, башкаруу органдарын да жаңы тартип менен шайлашат. Ошого байланыштуу алар быйыл чыр-чатактар көп болот деп болжолдошот. Алардын пикири боюнча, жаңы мыйзамга да бир кыйла өзгөртүүлөр киргизүү зарыл.

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНЫН ЧАРБАСЫНДАГЫ АЙРЫМ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨР

Орто кылымдагы кыргыз чарбасынын мүнөзүн аныктоо менен алардын коомдук абалын жана калкынын курамын калыбына келтирүү үчүн олуттуу далаалат кылса болот.

Орто кылымдагы кыргыз чарбасы, биринчи иретте, өлкө калкынын турмуш-тиричилик муктаждыгын канаттандырууга багыт алса, экинчиден, аң уулоо, жоокерчилик жашоодо аскердик машыгуу үчүн маанилүү роль ойногон. Аңчылар аткан тоо текелердин мүйүздөрү, морждун тиштери устачылыкка керектелип, ашык өндүрүлгөн продукция тышкы соодага чыгарылган.

Кытай булактарына ылайык «кыргыз жергесинде жапайы айбанаттардан - жапайы ат, гуду(?), "юань" деп аталган сары койлор, "ди" койлору, бугулар жана кара куйруктуу кайберендер болгон. Кабаргага окшош кара куйруктуу айбанаттардын куйругу узун кара келип, мындан тышкары, канаттуулардан каз, турна, шумкарлар бар» - деп айтылат кытай дарегинде.

Кытай авторлорунун маалыматтарына караганда кыргыз жергесинде балык уулашкан. Мында "бир балык бар, узуну жети футтай, сыйма жана сөөгү жок" - деп кабарланат.

Беймаалым автор фарсы тилинде жазган "Худуд ал-алам" дарегинде кыргыздарда аңчылык өнүккөндүгү жана атайын аң уулай турган иттердин бар экендиги белгиленет. Торпоктой болгон үйрөтүлгөн иттер териси баалуу жана мускус айбанаттарды кармаш үчүн багылган. Мындай иттер Х-ХII кк. пайда болуп, кыязы алар Тибеттен алынып келсе керек. Кыргыз мүрзөлөрүндө иттер кошо көмүлүп, мындай салт Минусин ойдуңундагы Терең-Хол сыяктуу көрүстөндөрдө арбын кездешет. Археолог Ю.С.Худяковдун пикирине караганда, мындай иттерди кыргыздар согуш ишинде колдонушкан. Албетте, иттер аңчылык, согуш аракетинен бөлөк чарбада мал багып, короо кайтаруу үчүн кызмат кылганын белгилей кетиш керек.

Кыргыз өлкөсүнүн чарбасы комплекстүү келип, мал чарбасы менен бирге дыйканчылык, жер иштетүү өнүккөн. Айрым илимй эмгектерде кыргыздар мал артынан ээрчиген көчмөндөр болгон деп белгиленип жүрөт. Анткен менен алардын үй тиричилигинде отурукташкан маданиятка мүнөздүү жандыктар багылгандыгы, кыргыздардан караманча көчмөн экендигинен шек туудурбай койбойт.

Кыргыздар жараткан эпиграфиялык эстеликтерде көчмөн турмушка ылайыктуу келбеген тоок жана чочколордун сүрөттөрү тартылган. Азыркы илим изилдөөчүлөрүнүн жыйынтыктарына ылайык, мындай жандыктардын отурукташкан маданиятка мүнөздүү экендиги аныкталган. Чындап эле, чочко жана тоокторду кой, уйдай чуурутуп айдаш мүмкүн эмес.

Ошондон улам Кыргыз каганатындагы чарба мүнөзүнө карап, калктын коомдук бөлүшкөнүн, кесиптик жактан ажырымдалышын билсек болот. Жазма булак маалыматтарына караганда, кыргыздарга көз каранды абалда жашаган кыштымдар аларга баалуу аң терилер менен алык жана салыктарды төлөшкөн. Демек, кыштымдар үчүн аңчылык көңүл ачып же согушка машыгуу ыкмасы эмес, мындай жол менен алар күн көрүп, аң уулоону кесип кылып алышкан.

Кытай булактарында эскерилген балык уулоо да кыргыздар кесип кылган иш эмес экендигин белгилей кетиш керек. Анткени, алатоолук кыргыздар 20-к. орто ченине чейин, энесайлык кыргыздар 18-к. дейре балыкты "суу курту" деп атап, жеген эмес.

Кыргыз өлкөсүнүн доминант калкы же кыргыздар болсо аңчылыкты бир чети көңүл ача турган спорт иши катары баалашкан. Экинчиден, аң уулоо менен согуш чараларында жүзөгө ашырыла турган буктурма, курчоо, камалоо сыяктуу тактикалык усулдарды да алар ийисине жеткиришкен.

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ КООРТ СЫНАЛГЫ КАНАЛЫН СОТКО БЕРЕТ

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев КООРТ сыналгы каналын сотко берерин билдирди.

КООРТ телеканалындагы «Эркинтоо» программасынын депутаттарга байланыштуу берүүсүн Мыйзам чыгаруу жыйыны 20-январда талкуулады. Маселени териштирип көрүүнү адегенде депутат Кубатбек Байболов сунуштады:

- Туралиев деген журналист чегинен ашып кетти. Депутаттардын баары ууру, мафия деп, эмне дебеген гана сөздөрдү айтып жатат. Аны сот аркылуу тартипке чакырбайлыбы.

Аны депутаттар колдоп чыгышты. Ал эми айрым депутаттар КООРТ телеканалы президенттин күйөө баласына тиешелүү, ошолор атайын кырдаалды козутууда деген билдирүүлөрдү жасады. Депутат Өмүрбек Текебаев Байболовду колдоп, буларга токтолду:

- «Уурусу күчтүү болсо ээсин айыпка жыгат» дейт. Мына ошентип баарыбызды коррупционер деп көрсөтүп, андан кийин алар өздөрүнүн адамдарын парламентке алып келгени жатат. Эгерде кийинки парламент ошондой принцип менен келсе, анда бул жер коррупциянын чыныгы уюгу болот. Бул - абдан оор кылмыш. Мамлекеттин улуттук коопсуздугуна коркунуч.

Маселени талкуулоо андан ары кызуу уланды. Чуулуу талкууларга көбүнчө катышпаган генерал-депутат Мырзакан Субанов бул ирет өзүнүн нааразылыгын билдирди:

- Берүү боюнча уурулардын башында төрага Абдыганы Эркебаев турат. Бардык депутаттар «ууру» деп айтылууда. Бул берүүнү жакындан бери Кыргыз улуттук телерадиокомпаниясынын радиосу аркылуу бере башташыптыр. Ар нерсенин чеги бар да. Муну териштирип көрөлү.

Парламент төрагасы Абдыганы Эркебаевдин айтымында, Эркин Туралиевдин «Эркинтоо» программасы өткөн жылдын жаз айларынан бери депутаттарды негизсиз жаманатты кылып келатат. Ошондуктан, буга чейин бир да маалымат каражаты менен соттошпой келген Абдыганы Эркебаев бул ирет сотко кайрыла турганын билдирди:

- Жаздан бери бир эле мен эмес, жалпы палата жөнүндө системалуу түрдө тенденциялуу көрсөтүүлөр уланып жаткандыгына байланыштуу, мен биринчи жолу массалык маалымат каражатынын үстүнөн сотко кайрылууга даярмын. Мен ал ишти аягына өзүм чыгарам.

Төраганын мындай сөзүнөн кийин «бул маселе боюнча атайын токтом кабыл алалы» деген сунуштар болду.

Ал эми КООРТ телеканалынын башкы продюсери Өмүрбек Сатаев «Эркинтоо» берүүсүнө автор катары Эркин Туралиевдин өзү гана жооп берет дейт:

- «Эркинтоо» берүүсүн биз даярдабайбыз. Ага биз эфир гана беребиз. Анын мазмунуна КООРТ телеканалы жооп бербейт. «Эркинтоо» программасы менен түзүлгөн келишимде да ошондой жазылган. Маселени депутаттар берүүнүн автору Эркин Туралиев менен сот аркылуу чечүүгө укуктуу.

«Депутаттар «КООРТ телеканалы президенттин күйөө баласына таандык» деп жатышат, буга кандай жооп бересиз?» деген суроого Өмүрбек Сатаев мындай жооп узатты:

- Мен аны айта албайм. Анткени, мен бул жерге кызматка алынган кишимин. Башка журналисттер дагы. Биздин телеканал юридикалык структурасы боюнча акционердик коом. Ал жерде акционерлер бар. Алар тууралуу мага маалымат берилген эмес.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, палатанын юридикалык-эксперттик бөлүмү КООРТ телеканалын жана андагы «Эркинтоо» программасын сотко берүүгө даярдыктарды көрө баштады. Ал даярдыктар бүтөөр замат иш сотко жиберилет.

ЧЕТ МАМЛЕКЕТКЕ САТЫЛЫП КЕТКЕНДЕР ӨЗ ҮЙ, ӨЛӨҢ ТӨШӨГҮНӨ КАЙРА КЕЛЕ АЛАБЫ?

Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук башкармалыгынын жетекчиси Руслан Казакбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Анын айтымында, дүйнөнүн 51 өлкөсүнөн Кыргызстанга келчү ишкерлер менен туристтердин виза алуу тартиби жеңилдетилген. 28 байгер мамлекеттин жашоочулары болсо чакыруу кагазы жок эле Кыргызстанга келе алышат. Руслан Казакбаев адам сатуунун курмандыктары тууралуу да маалыматтарды берди.

Руслан Казакбаевдин айтымында, өткөн жылы Кыргызстанга чет элдик 7,5 миң атуул келген:

- Анын 6,5 миңге жакыны кызматтык иши боюнча, калганы турист катары келишти. Алардын көпчүлүгү Кытайдан. Иш менен келгени - 3200. Ал эми турист катары Кытайдан Кыргызстанга 205 адам келди.

Руслан Казакбаевдин маалыматы боюнча, 2003-жылы Кыргызстанда жаңы паспорттук системага өтүүгө даярдыктар көрүлө баштады. «Мындан 8 жыл мурда бериле баштаган улуттук паспорттун сапаты начар, анын үстүнө ал эларалык стандартка жооп бербейт», - деди ал.

Жаңы паспорттун үлгүсүн иштеп чыгыш үчүн өкмөт жумушчу топ түзгөн. Ушул жылдын аягынан тартып ишке киргизилчү жаңы паспорт эки үлгүдө: чет өлкөгө чыгуучулар үчүн жана өлкө ичиндеги атуулдар үчүн чыгарылат. Жаңы паспорт системасын ишке киргизүүнүн каржылык ыгым-чыгымын АКШ өкмөтү көтөрмөк болду.

Руслан Казакбаев Орусиянын Новосибирск шаарында вице-консулдук ачылып жатканын, бул ириде ал жердеги кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргоо максатында жасалганын билдирди:

- Бул биринчи иретте, бизден барган мекендештерибиздин кызыкчылыгын коргоо максатында ачылууда. Маселе Кыргызстан өкмөтү менен Орусия өкмөтү тарабынан оңунан чечилип, ушу тапта уюштуруу маселелери иштелүүдө. Кореядагы ардактуу консулдуктун алдында да вице-консулдук түзүлүүдө. Тажикстандын Kожент шаарында вице-консулдук ачылганы турат. Бул Тажикстандын Согду облусундагы кыргыздарга көмөк көрсөтүү, ал жактагы мекендештерибиздин укугун коргоо максатында түзүлүүдө.

Руслан Казакбаев чет өлкөлөрдө барымтада жаткандардын маселесине да токтолуп, «өткөн жылы жакын тууган-туушкандарынын барымтада жатканын айтып, Кыргызстандын Кытайдагы консулдугуна 3 гана адам кайрылды» деди:

- Шиңжан-Уйгур автоном аймагында Кыргызстандын 27 атуулу барымтада кармалып жатат деген маалыматтар бар. Бирок, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы аны ырастаган жок. Кытай тарап «карызы үчүн барымтада жаткан кыргызстандыктардын саны өтөле аз» деген маалыматын берди. Февралдын аягында же марттын башында биздин консулдук менен Бээжиндеги Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери биздин атуулдар барымтада жатат делген жерлерге барышат.

Р. Казакбаев ушу тапта болжол менен элүүдөн ашуун кыз-келиндер чет мамлекеттерде аргасыздан кармалып жатканын маалымдады:

- Бул көйгөй Бириккен Араб Эмирчилигинде, Кытай Эл Республикасында жана Түркияда бар. Алгачкы маалыматтарга караганда, өткөн жылы Бириккен Араб Эмирчилигинде 37 кыз, Кытайда 8 кыз, Түркияда онго жакын кыз кармалган.

Р. Казакбаевдин айтымында, киши аткезчилиги тартип сактоо органдары тарабынан көзөмөлгө алынууда. Чет өлкөлөргө сатылып кеткендердин Кыргызстанга кайтышына Эларалык миграция уюму көмөк көрсөтүп атат.

ЧҮЙДҮ КЫДЫРГАН ПРЕЗИДЕНТ, КЫТАЙДАГЫ ЖАҢЫ ЖЫЛ, БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АБАЛЫ

21-январда кыргызстандык окурмандар “Дело №”, “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз караван”, "Аргументы и факты в Кыргызстане” жана “Московский Комсомолец - Кыргызстан” басылмалары менен тааныша алышты.

Бүгүн “Дело №” басылмасы Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттарынын кабинеттеринен табылган тыңшоочу жана угуучу аппараттарга иликтөө жүргүзүп, фоторепортаж берип, депутаттардын пикирлерин да ортого салды.
«Вечерний Бишкек» басылмасынын кабарчысы Данияр Каримов Чүй облусун кыдырган президент Аскар Акаев “шайлоо өнөктүгүн эрте баштап, элдин башын айландырып, дүрбөткөндөрдү” сынга алганын, 3-4 жылдан кийин Сары өзөн Чүй гүлдөгөн аймакка айланаарын жазып чыкты. Бул басылма “Мээрим” эларалык кайрымдуулук фондунун төрайымы Майрам Акаеванын Мукаш Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектептин окуучуларына эмерек тартуулап, алардын жашоо-тиричилиги менен таанышканын баяндады. Ошондой эле, 21-январдын түнүндө Кытайдын тургундары жаңы жылды кандай каада-салт менен тосуп алышаарын Эрлан Сатыбеков чагылдырды.

«Аргументы и факты в Кыргызстане» басылмасы Кыргызстанда оппозиция бардык фронттор боюнча чабуулга өтө баштаганын, айрым оппозициялык маанайдагы депутаттардын кабинетинен тыңшоочу аппараттардын табылганын, алты партия шайлоонун алдында бир блокко бириккенин, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов кезектеги бутага айланганын Ибрагим Рустамбек талдоого алды. «Өлкөнү Югославия менен Грузиянын жолуна түртүп жатышканы жаман көрүнүш, андан көрө Орусиянын тажрыйбасын колдонуу ылайыктуу», - дейт автор.

Бул басылма кыргыз тилинде чыккан басма сөз каражаттарын сындаган Садырбек Чериковдун макаласына орун берди. “Өлкөдөгү кыргыз тилиндеги басылмалардын сапаты начар, деңгээли төмөн, орус тилиндеги макалаларды которуп басуу менен жан багышат”, - деп жазат С. Чериков.

Ал эми бүгүн жарык көргөн «Московский комсомолец - Кыргызстан» басылмасы Свердлов облусунун губернатору Эдуард Росселдин Кыргызстандагы иш сапары тууралуу репортаж берди. Ошондой эле, бул басылма дагы депутаттардын кабинеттеринен табылган тыңшоочу аппараттардын өтө жөнөкөйлүгүн, бул боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жаткандыгын жана депутаттык комиссия да түзүлгөнүн кабарлады. Театр режиссеру Нурлан Асанбеков өлкөдөгү маданиятка жакшы көңүл бөлүнбөй жатканын айтып, мындай мамиле улана берсе маданияттын деңгээли орто кылымдын деңгээлине түшүп кетээрине тынчсызданып, театр проблемаларын ортого салат.

Бүгүн «Кыргыз караван» басылмасы жарык көрдү. Анда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков менен маекке орун берилди.

Ал эми басууга даярдалып жаткан «Общественный рейтинг» жумалыгында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова мындай деди:

- Бул жолу Жалалабад облусунун губернатору Жусупбек Шарипов менен болгон маек жарыяланганы турат. Ал өткөн жылдын жыйынтыктарына токтолот. Бишкектеги эларалык каржы жана бизнес академиясынын ректору Касийра Назарматова өлкөдөгү билим берүү көйгөйлөрү жөнүндө сөз кылат. Жогорку Кеңештен табылган тыңшоочу аппараттар тууралуу парламент мүчөлөрүнүн кайчы пикирлерине да орун берип жатабыз. Ошондой эле, Өзбекстандын аймагынан өткөн Кыргызстандын жүк ташуучу автоунаалары 300 доллар төлөп жатышканы абалды курчуруп, калктын турмуш-тиричилигине терс таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу өз кабарчыларыбыздын материалдары кетмекчи.

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАР ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС

Жогорку Кеңештен табылган тыңшоочу аппараттар парламентте эки күн талкууланып, жыйынтыгында бул ишти иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлгөн. Бүгүн комиссия мүчөлөрү тиешелүү кызмат адамдарын чакырып, тыңшоочу аппараттардын коюлушу боюнча иликтөөсүн улантат.

Маалымдоо каражаттары аркылуу жалпыга ыкчам жарыя кылынган жашыруун иштин артында кимдер турганы азырынча аныктала элек. Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов бул маселе тууралуу:

- Бир нерселерди таап алышыптыр. Аны эч ким «тыңшоочу аппарат» деп айта албайт. Микрофон болсо эле тыңшагыч эмес. Бул эмне экенин мен билбейм. Квалификациялуу эксперттик баа болмоюнча ал тууралуу так айтыш мүмкүн эмес, - деп билдирген.

Төрага Абдыганы Эркебаев болсо ачылып калган кыңыр иш Кыргызстандын эларалык кадыр-баркын түшүргөн осол окуя болгонун белгилеген:
- Сөз мамлекеттик бийлик органдарынын биринин ички ишине кийлигишүү, депутаттардын конституциялык укугун бузуу жөнүндө болуп атат.

Парламент депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, табылган аппараттардын тыңшоочу экени күмөндүү:

- Булардын өзү примитивдүү. Биз билебиз го, заводдо жасалган буюмдар болот го, компакттуу, чыныгы «жучоктор». Бул жердегилер болсо ага окшобойт.

Азырынча талаштын чын-бышыгы тактала элек. Комиссиянын иши канчага созулары азырынча белгисиз.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШТЕ ТАБЫЛГАН ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАРГА КИМДИН ТИЕШЕСИ БАР?

Жогорку Кеңештин алты депутатынын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттарга байланыштуу окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия 19-январда алгачкы жыйынын өткөрдү.

Бул чуулгандуу окуяга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйыны түзгөн комиссияга жети депутат кирген. Төрагасы - депутат Кубатбек Байболов. Комиссия дүйшөмбү күнү алгачкы жыйынын өткөрүп, иш планын тактады. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Алишер Абдымомунов бүгүн «Азаттыкка» мындай деди:

- Кечээ биз биринчи жолу комиссиянын жыйынын өткөрүп, ким кайсы ишке жооп берерин тактадык. Комиссиянын алгачкы кадамдары боюнча иш планды талкуулап, кабыл алдык.

Комиссиянын максаты тууралуу Алишер Абдымомунов:

- Биринчи негизги максат, тыңшоочу аппараттарды ким койгонун, эмне себептен койгонун аныкташ, - деди.

Алишер Абдымомуновдун айтымында, комиссия «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук коалиция күчтөрүнө кайрылып, эксперттик иштерди жүргүзүүгө жардам сурады жана алар жардамын берүүгө макул болушту.
«Иликтөө иштерин баштаган депутаттык комиссияга Улуттук коопсуздук кызматын текшерүүгө укук берилеби? Текшерүүнүн мыйзамдуу жолу барбы?» деген суроо менен Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Борис Полуэктовго кайрылдык. Анын жообу мындай болду:

- Конституцияга, Мыйзам чыгаруу жыйынынын регламентине жана депутаттардын статусу тууралуу мыйзамдарга ылайык депутаттар Улуттук коопсуздук кызматын көзөмөлдөй албайт. Бирок, биз өз ыктыярыбыз менен, белгиленген чектердин алкагында алардын текшерүүсүнө мүмкүнчүлүк беребиз. Биз буга - табылган аппараттарга Улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок экендигине күмөн пайда болбош үчүн барып жатабыз.

Белгилүү болгондой, депутаттардын иш бөлмөлөрүнө коюлган тыңшоочу аппараттар өкмөттүк байланышты уккан. Бул линия болсо өкмөт алдындагы байланыш агенттиги тарабынан көзөмөлдөнөт. Ага бөтөн бирөө туташса, аны дароо аныктоого болот.

- Албетте, бөтөн бирөө туташса, беш секунддун ичинде аныктоого болот. Эми прокуратура тергөө ишин жүргүзүп жатат, ал аныктап чыгат. Бизди шектебеш үчүн тергөө ишине кийлигишпейбиз, - дейт Борис Полуэктов.

Өкмөттүк байланыш линиясы дайыма бекем көзөмөлдө экенин депутат Алымбай Султанов да тастыктап, эгерде ага бөтөн бирөө туташса дароо белгилүү болорун ырастады. «Ошондуктан, өкмөттүк байланыш зымдарына кимдир-бирөө тыңшоочу аппарат койсо, аны аныктап, бетин ачуу атайын кызматтардын милдети», - дейт Алымбай Султанов:

- Ушул кылмышты депутаттар өздөрү жасап, тыңшоочу аппараттарды өздөрү коюп алса, анда аны да далилдеп, кылмыштын бетин ачып, депутаттарды жоопко тартсын. Ал үчүн атайын министрликтер, бюджеттин эсебинен айлык алган адамдар бар. Эгерде анын бетин ача албаса, андай кызматтардын кимге кереги бар?

Депутат Алишер Абдымомуновдун пикири боюнча, тыңшоочу аппараттар Кыргыз-Кытай чегара макулдашуусу парламентте талкуулана баштаганда коюлушу ыктымал. Анткени, иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттар табылган депутаттар Исмаил Исаков, Ишенбай Кадырбеков, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Дооронбек Садырбаев жана Өмүрбек Текебаев аталган келишимдин Үзөңгүкууш боюнча бөлүгүнө каршы чыгышкан эле.

ЧОЛПОН БАЕКОВА КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТТУ ДАГЫ КАНЧА УБАКЫТ БАШКАРУУГА ТИЙИШ?

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекованын иш мөөнөтүнө байланышкан талаш-тартыш күч алып баратат өңдөнөт. Айрым саясатчылар маселени териштирүүгө негиз бар экендигин, анткени, Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынганын белгилешсе, экинчи тарап «Чолпон Баекова Конституциялык сотту дагы узак убакыт башкара алат, буга мыйзам жол берет» дешет.

Чолпон Баекова Конституциялык соттун төрайымы болуп 1993-жылы май айында 15 жылга шайланган. Бирок, өткөн жылдагы референдумда кабыл алынган Башмыйзамдын жаңы редакциясы Конституциялык соттун жетекчисинин иш мөөнөтүн 15 жылдан 10 жылга кыскартууну караган. Жогорку соттун судьясы Марат Кайыпов «күмөн туудурган бул маселени тактоо зарыл. Анткени, Башмыйзамдын жаңы редакциясындагы жобого азыр түшүндүрмө берилбесе, төрайым бекитип жаткан бардык чечимдер кийин шектенткен жагдайга кирептер болушу ыктымал» дейт. Ушундай көз-караштагы судья Марат Кайыпов өткөн жылдын 13-майында Чолпон Баекованын наамына кат жолдоп, анын бир көчүрмөсүн Жогорку Кеңешке сунуштаган.

- Конституциялык Соттун жетекчиси, - дейт Марат Кайыпов, - 15 жылга чейин калабы-калбайбы деген маселеге так жооп болбогондон кийин мен Баековага кайрылып айтып атам: «Сиз судья катары иштей берсеңиз болот. Конституция буга жол берет. Бирок, жетекчи катары иштегенге азыркы Конституция сизге жол бербей калды. Себеби, 10 жылдык мөөнөтүңүз өтүп кетти. Ошон үчүн бул маселени чечип алышыңыз керек. Же Конституциялык соттун жетекчилигинен кетип, судьялык кызматыңызда калып калышыңыз керек. Анан кайрадан жетекчи катары шайлансаңыз болот. Президент Конституциялык соттун жетекчисине бир эле кишини беш-алты жолу сунуш кыла алат. Же болбосо ырасмий түрдө Жогорку Кеңештин эки палатасы аркылуу референдумда кабыл алган жобого түшүрмө алыш керек», - деп атам .

Марат Кайыповдун айтымында, Чолпон Баекова өткөн жылы жазылган бул катка азыркыга чейин жооп бере элек. Конституциялык соттун төрайымынын жардамчысы Альмир Бообеков болсо «бул маселени көтөрүүгө юридикалык жактан эч кандай негиз жок» деген пикирде:

- Юридикалык жактан сабаттуу кишиге түшүнүктүү го, мыйзам тескери күчкө ээ болбойт («закон обратной силы не имеет») деген аксиома бар. Ал убакта, маселен, 15 жылга дайындалдыбы, 15 жыл өтмөйүнчө - муну көтөрүүгө негиз жок. Андан кийин жаңы редакция боюнча 10 жыл деп калдыбы, маселен, бирөө эми шайланып же дайындалып калса, ошол адам 10 жылдык мөөнөт менен иштейт.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да ушул көз карашты колдойт:

- Бул жерде териштирүүгө негиз бар. Бирок, укуктук өлкөлөрдө «мыйзам тескери күчкө ээ болбойт» деген түшүнүк бар. Баекова мурдагы Конституцияга ылайык шайланган. Азыр ошол эле Конституциянын оңдолгон варианты иштеп жатат. Эртеби-кечпи, бул маселе акыркы салмакталган жообун алыш керек деп ойлойм.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Абсамат Масалиевдин ою боюнча, Марат Кайыпов туура маселе көтөрүп жатат. Анткени, Конституциянын эски редакциясы ишин токтотту. Ошого жараша парламент дагы, президент дагы эски Конституция боюнча эмес, референдумдун жыйынтыгы боюнча иштеп атат. Ал эми Конституциялык соттун жетекчиси тууралуу референдумдун жыйынтыгы боюнча кошумча түшүндүрмө берилген эмес.

Абсамат Масалиевдин айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйыны судья Марат Кайыповдун Конституциялык соттун төрайымына жазган катынын көчүрмөсү менен таанышып чыкты. Бирок, көтөрүлгөн бул маселе боюнча Конституциянын жаңы жана эски редакцияларындагы айырмачылыктарга президент гана түшүндүрмө бере алат:

- Президент тарабынан коюлушу керек. Себеби, Конституция ошол кишиге укук берген. Президент Конституцияны колуна алып, карап туруп, маселени алып чыгышы керек.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG