Линктер

ишемби, 20-июль, 2019 Бишкек убактысы 11:38

Кыргызстан

АКЫН ЖАНАРА МАМАДАЛИЕВАНЫН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Кожогелди Култегин, Ош Ош шаарында таланттуу жаш акын кыздар өсүп келатат. Алиман Абдыкеримова, Аида Боронова, Нарсулуу Гургубаева, Рахат Камбардинова, Жанара Мамадалиева жана Жанара Шерматова - баарысы тең тырмак алды китептерин чогуу чыгарышкан. Бул жолу жаш акын кыз Жанара Мамадалиеванын чыгармачылыгы тууралуу учкай сөз болот.

Жанара Мамадалиеванын «Жанар» китепчесиндеги ырлар айтайын деген оюнун конкретүүлүгү жана салыштырууларынын тактыгы менен эсте калат. «Ала каргалар» аттуу ырына окуп көрөлү:

Зымга конуп бир топ ала каргалар
Катар турат көзмончоктой тизилип,
Колго такчу көзмончоктун дал өзү
Кетпесе экен капилеттен үзүлүп.


Ырдын бир түрмөгүндө эле Жанара Мамадалиева зымга тизилип отурган ала каргаларды колго такчу көзмончоко окшоштуруп, ал турсун ошол көзмончок капилеттен үзүлүп кетпесе экен деген тилегин айтууга үлгүрдү. Ырды ушул жерден бир түрмөк менен эле бүтүрүп койсо да болмок. Бирок акын кыздын фантазиясы ырды андан ары ырааттуу өнүктүрөт:

Көздөрүм да ала карга өңдөнүп
Мен жетпеген жерге жетет алаңдап,
Чексиздикти көрүп турам азыр да,
Алп тоолорду карап турам абайлап.


Эми ала каргаларга адамдын көзү абдан ылайыктуу салыштырылды. Адамдын көзү да ала каргалардай адам жетпеген жерлерге учуп жетет. Алп тоолорго жетүүгө дароо эле даай албай турат деген көркөм туюм ырды дагы бир тепкичке өйдө көтөрүп койду. Жанара Мамадалиеванын бул ыры:

Менимче көп табиятта окшоштук.
Анын баарын жалгыз гана көз көрөт.
Карегим бүт сулуулукту сиңирип,
Мончок кылып жүрөгүмө өткөрөт,
- деген саптар менен аяктайт.

Анчейин этибар алынбаган ала каргалар да жаратылыштын сулуулугу. Дал ушундай сулуулуктарды карегим мончок кылып жүрөгүмө өткөрүп берет дегени, демек алардын барысына жүрөк менен мамиле кылалы деген акын кыздын поэтикалык жыйынтык ою. Ала каргалардан ушунчалык поэтикалык ассоциацияларды табыш Жанара Мамадалиеванын жаңы ачылган талантынын күчү десек жаңылышпайбыз. Эми китепчедеги «Үйгө конок келгенде» деген ырына кайрылалы:

Мени менен кошо конок күтүшүп,
Мейманымды кайра чогуу күзөткөн,
Жалбырак түс чөгүн менен чылапчын,
Эгиз кызга окшоп кетет бир өскөн.

Очок, казан, самоор - баары сүйүндү
Адамдардын добушун угуп сүйлөшкөн.
Өткүр бычак сабиз басса тактайга,
А чайнектер чай ташышты үзбөстөн.

Оттор күйдү күндөгүдөн жалындап,
Төшөктөр да үстөк-босток салынып,
Бут кийимдер машинадай тизилип
Турат ээсин алып кетүүгө камынып.

МУРУНКУ ӨКМӨТ БАШЧЫ АТКАРУУ БИЙЛИГИН СЫНДАДЫ

Экспремьер-министр Курманбек Бакиев Николай Танаев баштаган өкмөт Эл аралык валюта корунун жетегинде көзүн жумуп баратат деп жыл аягында сынга алды. Экспремьердин пикиринде, анын айынан өлкө өнүкпөй жатат.

Кыргызстан Эл аралык каржы уюмдары менен эгемендүүлүк алгандан бери кызматташып келатат. Өлкөнүн каржылык муктаждыктарынын негизги бөлүгүн Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта кору берген насыя акчалар толтуруп келет.

2000-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоодон кийин Эл аралык валюта кору менен Кыргызстандын кызматташуусу начарлап, 2001-жылы ал насыя берүүнү токтоткон. Бирок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 2002-жылдан тарта кызматташуу кайра уланган. Ага ылайык Эл аралык валюта кору Кыргызстан менен 3 жылдык программа кабыл алып, анын алкагында 100 млн доллардан ашуун насыя бөлүүгө макул болгон. Ал програманын алкагында Эл аралык валюта корунун талаптары булар дейт премьер-министр Николай Танаев:

- ЭВФ каттуу акча-насыя саясатын жүргүзгүзгүлө. Тапкан акчаңарга карап жашагыла дейт. Андан башка бизге эч кандай талап коюлган эмес, дейт Николай Танаев.

2003-жылы ал программанын 2-жылы аяктады. Эгерде программанын үчүнчү бөлүгү, башка айтканда, быйылкы жылдагы талаптары аткарылса, анда Кыргызстандын 2 млрд долларга жакын тышкы карызынын 450 млн кечүүгө шарт түзүлөт дейт премьер-министр Николай Танаев:

- Биз эл аралык кору менен түзүлгөн программанын алкагындабыз. Эгерде катуу бюджеттик-кредиттик саясат жүргүзсөк 450 млн доллар тышкы карызды жоюуга шарт түзүлөт. Эгерде ал программа болбогондо жол, өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу салыктарды алып салсак болмок. Бирок алардын ордун толтуруучу булактарды таба элекпиз. Биз Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн программадан чыга албайбыз. Эгерде азыр кээ бир популисттер айтып жаткандай, ЭВФ менен байланышты үзүп салсак, көптөгөн социалдык программалар аткарылбай калат,- дейт Николай Танаев.

Бирок Эл аралык валюта кору менен кыргыз өкмөтүнүн кызматташуусун мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев сынга алды. Бакиевдин пикиринде, Эл аралык валюта кору Кыргызстанда өнөр жайдын өсүшүнө кызыкдар эмес. Анын максаты булар дейт Бакиев:

- Алар негизинен бюджеттин таңсыктыгына, сомдун туруктуулугуна көңүл буруп, макроэкономикалык туруктуулук болушуна басым коюшат. Ал дагы туура. Бирок ошол багытта эле тура беребизби? Биздин өлкө өсүп-өнүгүш керек. Ал үчүн салыктарды кыскартышыбыз, кошумча салыктарды киргизбешибиз керек. Ал эми бизде тескерисинче кошумча салыктарды киргизип жатат. Мындай шартта биз кедейчиликтен чыга албайбыз,- дейт Курманбек Бакиев.

Экспремьер-министрдин пикиринде, кыргыз өкмөтү Эл аралык валюта кору менен сүйлөшүүдөн Кыргызстандын кызыкчылыгын, өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоого тийиш:

- Өзүбүздү экономикалык саясатыбызды негизги багыт кылып алып, ошого Эл аралык валюта корун көндүрүшүбүз керек. Кээ бир учурда Эл аралык валюта кору өзүнүн позициясында бекем турат. Биздин өкмөттө ошондой бекемдик жетишпейт. Муну мамлекет башчысы өзү көзөмөлгө алып, өзү катуурак туруш керек,-дейт Курманбек Бакиев.

ПРЕЗИДЕНТТИК ОРУНГА АТААНДАШТАР АБАЙ САЛЫП КАРАП ТУРУ

Кийинки жылдары президент А.Акаевдин бийликтен кетер-кетпеси тууралуу жоромол кептердин аягы үзүлбөй келатат. Коомдук пикирдин антип президент А.Акаевдин айланасына топтолуп калышынын да себеп-жөнү бар. 1990-жылдан бери бир кызматта отурган президент А.Акаевдин кызматтан кетер-кетпеси тууралуу божомолкептердин парламент менен президенттик шайлоо жакындаган сайын аягы суюлбай, чоң саясий маани-мазмун алууда.

Президенттик бийликтин Конституциялык мөөнөтү Кыргызстанда он жыл менен чектелген. Андан өтүп кеткени бийликтен аша пайдаланган амалпоз катары мыйзам тартибинде жоопко тартылышы белгиленген.

Мыйзамдык негизге таянып иштеп аткан президент «экинчи мөөнөтүн» аяктап аткан чакта бийлик проблемасы кайрадан калкып чыкты. Калыстык үчүн айта кетиш лаазым, Кыргызстанда бийликтин маалы келгенде биринчисинен экинчисине тынч-аман өтүшүнө ишенгендерге караганда аны караманча тангандардын саны көп. Анткен менен постсоветтик Борбор Азия республикаларында бийликтин бир колдон экинчисине тынч кол менен өткөрүлүшү иштиктүү демилгеге караганда кыялый ой-тилекке көбүрөөк жакын.

Постсоветтик Борбор Азия республикаларындагы бийликтин тынч колдон биринен экинчисине өтүшү былтыркы Азербайжан менен Грузиядагы эки саясий окуядан соң ажырым мүнөздөгү маани-мазмунга ээ болуп чынга келди. Кыргызстан парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ташболот Балтабаевдин пикирине караганда Кыргызстанда бийлик биринчисинен экинчисине тынч кол менен өтүшүнө толук негиз бар.

- Чынын айтканда, бийликтин бир колдон экинчисине тынч өтүшү тууралуу божомол куруш кыйын, - дейт Ташболот мырза. - Бирок мен башка принцибин айтып коеюн деген ойдомун. Мына биз 12 жылда демократиянын Орто Азиядагы лидери катары, демократиянын баштоочусу катары таанылып келдик. Бирок да тарыхтан билебиз, бийликти берүү кыйын болуп келген. Бийлик кумарчысы деп коет, ошого кирип алгандан кийин чыгышы кыйын болот. Мен ойлойт элем, ушу Аскар Акаевич туңгуч президент катары, «демократиянын атасы катары» кыйынчылык мезгилде кыргызга жол баштаган киши катары, мамлекеттүүлүктүн 2200 жылдыгы деп атабыз, ошого кыйын кезеңде туруштук берген лидер катары тарыхта калса, чоң абийир менен өз ордунда татыктуу калса абдан туура болот эле.

Ушу тапта «экинчи мөөнөтүнүн» өтөлүн өткөрүп аткан кыргыз президенти кезектеги шайлоого талапкер катары катышпастыгын өткөн жылы эле жарыя кылган жайы бар.

- Мен бул маселеге эки ирет жооп бергем. Конституциянын жаңы редакциясы мага эч кандай жаңы мандат бербейт. Ошон үчүн келгиле, буга соңку чекитти коелу. Дагы кошумчалап айтып койчу сөзүм бар. 2005-жылкы шайлоо мыйзам негизинде, Конституциянын жаңы редакциясынын талабына ылайык өтүшү керек.

Мамлекет башчысынын улам-улам эскерткенине карабай, бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман өтүшү ушу азырга дейре кызуу талашка айланып келүүдө. Кыргызстан жазуучулар бирлигинин кеңеш мүчөсү акын Абдырахман Алымбаевдин пикирине караганда, президенттин сөзүнө ишенүү керек. Себеп дегенде, мамлекет башчысы ичтен чыкканы чын сырын алдыга жаюуда.

- Бул Конституция – Негизги мыйзам так сакталыш керек. Жок андай болбой, биздин биринчи президентибиз өзү бузуп, 3- же 4-мөөнөттөргө калуу аракетин жасаса анын арты жакшы болбой калышы мүмкүн.

Кыргызстанда президенттин билдирүүсүнө карабай, бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман өтүш проблемасы олуттуу талашка айланууда. Анын ачык жообу жыл аягында такталат окшоп калды.

ПРЕЗИДЕНТ СОЦИАЛДЫК ДЕМ-ШЫККА АБЫДАН ИШЕНЕТ

Быйылкы жыл Кыргызстанда «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы» деп жарыяланды. Буга байланышкан жардыгын президент Аскар Акаев 27-декабрда чыгарып, анын аткарылышын көзөмөлдөөнү мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовго тапшырды.

«Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылын» жарыялоо идеясы өткөн жылы эле пайда болуп, жыл ичинде мамлекеттик жетекчилер бул демилгени ар кыл жыйындарда такай колдоп келишкен. Ал эми 15-октябрда президент А.Акаев парламент менен калкка жолдогон кайрылуусун дал ушул идеяга арнаган.

Президент Акаевдин оюнча 2010-жылга чейинки Комплекстүү Өнүгүүнүн Негиздерин, 2003-жылы башталган Жакырчылыкты кыскартуу боюнча үч жылдык программаны ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен атуулдук коомдун күч-аракеттерин бириктирүү керек. Бул бийликтин калктын колуна өтүшүн жана элдин турмушунун оңолушун шарттайт.

- Бүгүнкү күндүн иш жүзүндөгү максаты жана урааны - «Ар бир үйгө байгерчилик». Социалдык мобилизациялоо, экономикалык иш-аракеттердин эркиндиги жана акниет башкаруу аркылуу келерки жылы биз негизинен кедейчиликти кыскартуу жана адамдардын татыктуу жашоосун камсыз кылууга чечкиндүү кадам жасоого тийишпиз. 2010-жылга чейинки кабыл алынган милдеттерибизди орундап, кедейчиликти эки эседен кем эмес кыскартуу жана 10 жыл аралыгында калктын реалдуу кирешесин эки эсе жогорулатуу зарыл, - деп белгилеген Акаев парламентке жана Кыргызстандын калкына жасаган акыркы кайрылуусунда.

Президент быйылкы жыл өлкө экономикасын чыңдоо, адамдардын жашоо-тирдигин оңдоо үчүн болгон ресурстарды издештирүүнүн жана пайдалануунун жылы болушу керек, деп эсептейт жана бул демилге өлкөнү жаңы деңгээлге көтөрөөрүнө ишенет. Ал үчүн жер-жерлерде штабдар түзүлүп, социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу багытындагы демилгелер жапырт колдоого алынышы керек.

- 2005-жылы болуучу шайлоодо адамдар ар бирибиздин ишибизге айылда, шайлоо округдарында, райондордо жана шаарларда жүрүп жаткан реалдуу өзгөрүүлөргө жараша баа беришет. Чыныгы иштер гана элдин ишеничине жана мандатына ээ кылат, - деп шерденткен.

Бирок, президенттин саясатын колдобогон саясий ишмерлер келерки жылдын социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу жылы катары жарыяланышын шайлоо өнөктүктөрүнүн алдындагы элдин көңүлүн өзүнө буруу максатында жасаган президенттин аракети катары сыпаттап жүрүшөт.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынынын депутаты Алевтина Проненконун пикирине караганда, калктын турмушу оңолгон жери жок, өкмөт бардык аракеттерин шайлоого байлап жатат:

- Албетте, алдыда парламенттик, президенттик шайлоо турат,-дейт парламентте сүйлөгөн сөзүндө А.Проненко,- Биз бүгүн ошол шайлоого иштей турган аппаратты, башкаруу тармагын жандантып, келерки жылы шайлоого иштей турган мугалимдердин айлыгын төлөп беришибиз керек, ошол эле шайлоого иштей турган милициянын айлыгын көтөрүшүбүз керек. Ошол эле учурда караламан калкка берген убадабызды аткарган жерибиз жок.

«Арнамыс» партиясынын башчысынын орунбасары Эмил Алиев болсо президенттин бул демилгесин жылыга эле көтөрүп, бирок, тыянаксыз калган көп демилгелеринин бири, дейт:

- Бул бир жагынан саясат үчүн, экинчи жагынан реалдуу иш жоктугуна байланыштуу элди ураандар менен алдаш үчүн жасалууда.

Президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык бир ай ичинде «Социалдык мобилизациялоо жана акыйкат башкаруу» жылын уюштуруу боюнча программа иштелип чыгып, президентке сунушталышы керек. Программаны иштеп чыгуу Мамлекеттик комиссияга жүктөлгөн. Бирок, комиссиянын президент сунуштаган курамын жана жетекчилигин президенттик администрация ачыктай элек.

2003-ЖЫЛЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН КООПСУЗДУГУН САКТООДО ЭМНЕЛЕР ЖАСАЛДЫ?

Өткөн 2003-жылы кыргыз бийлиги өлкөнүн коопсуздугун жана коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу үчүн кандай иштерди жасады. Кандай кемчиликтерге жол берилди? Террорчулукту жана экстремизмди алдын алуу боюнча эмне аракеттер болду?

Кыргызстан үчүн террорчулукка каршы күрөш жана өлкөнүн коопсуздугун коргоо маселеси 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынан кийин өзгөчө мааниге ээ болгону белгилүү. Ага чейин өлкөнүн жетекчилиги Кыргызстанга армиянын зарылдыгы барбы же жокпу деген арсар ойдо саясат жүргүзүп келгени да маалым. 2001-жылдын 11-сентябрындагы Кошмо Штаттарындагы окуядан кийин террорчулукка каршы күрөш дүйнөлүк масштабга чыгып, АКШнын Ооганстандагы жана Ирактагы аскерий аракеттерин шарттады. Кыргызстан Ооганстанга географиялык жактан жакын жайгашкандыктан, антитеррордук күрөшкө «Манас» аба майданы аркылуу өз үлүшүн кошкону маалым.

2003-жылы Кыргызстан өз коопсуздугун чыңдоодо дагы бир олуттуу кадам жасады. 23-октябрда Кантта Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында Орусиянын авиабазсы ачылды. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, авиабазаны ачууга Борбор Азияда дале болсо террорчулуктун коркунучу сакталып турганы башкы себеп болду:

- Борбор Азиядагы бүгүнкү аскердик-саясий абал негизинен туруктуу. Бирок ошол эле убакта, тыштан кол салуучу террордун коркунучуна да көз жуумп коюуга болбойт. Ушундай шартта Кантта авиабаза ачуу өз убагында жасалган зарыл иш-чара.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов Кыргызстан өзүнүн жана жалпы эле Борбор Азиянын коопсуздугун сактоодо Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна ишенип жатканын 20-ноябрда аталган уюмдун Тышкы иштер министрлеринин Бишкекте өткөн жыйынан кийин минтип билдирген эле:

- Аймактагы коопсуздукту жана биздин мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ишенимди Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна артып жатабыз.

Кыргыз парламентинин депутаты, армиянын генералы Исмаил Исаковдун айтымында, Канттагы орус авиабазасы Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкыганда мурда эле ачылышы керек эле.

- Уюмдун алкагында аба мейкиндигин биргелешип кайтаруу жөнүндө келишим бар. Ошонун негизинде Кантка орус учактарынын келиши коопсуздукту чыңдоого жакшы салымын кошот. Эмне дегенде, Кыргызстанда өз аба мейкиндигибизди коргоочу күчүбүз жок.

Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан тышкары Шанхай кызматташтык уюмуна да мүчө. Шанхай уюмунун антитеррордук борбору мурда айтылып келгендей жана уюмдун Хартиясында көрсөтүлгөндөй Бишкекте эмес, Ташкенде быйыл ачылды. Кыргызстандын мурдагы Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин айтымында, уюмдун антитеррордук борборун Бишкекте ачууга, ал аркылуу Кыргызстандын коопсуздугун чыңдоого бардык шарттар бар болчу. «Бирок мамлекет тарабынан тийиштүү иштер жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн, демилгени Ташкен колго алды», - дейт М. Иманалиев.

Өлкөнүн коопсуздугу чегараны коргоодон башталаары, чегарада болсо чечилбеген көп көйгөйлөрдүн бар экени 25-декабрда өткөн өкмөттүк жыйында айтылды. Кыргызстандын Чегара кызматынын төрагасынын орун басары Нурдин Чомоевдин маалыматына таянсак, чегаранын бардык эле тилкелери аскерлердин көзкырында турбайт экен. Анткени, Чегара кызматы адам тургай, ат жеталгыс ак кар, көк муз баскан бийик тоолорго барууга чамасы жок. Баралы дешсе тик учагы (вертолету) жок. Нурдин Чомоевдин айтымында, Өзбекстан менен чегаранын такталбаганы эки мамлекет ортосунда бир топ маселелерди жаратууда.

Өзбекстан демекчи, 10-декабрда Аксы районунун Кербен айылына Өзбекстандын күч органдарынын 9 кызматкери кыргызстандын бийлигинин уруксатысыз кирип келгени жана Жалалабад облусунун мурдагы прокурору Айбек Турганбаевдин өз убагында кылмыш ишин козгобогону, дале болсо өлкөнүн коопсуздугун коргоодо чечилбеген көп маселелердин бар экенин көрсөттү.

Улуттук коопсуздук кызматынын Ош облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда Террорчулукка каршы күрөш боюнча аймактык борборду жетектеп жаткан, полковник Иманберди Жалиловдун айтымында, Ганси атындагы жана Канттагы авиабазалардын Кыргызстанда жайгашуусу менен эле өлкөнүн коопсуздугу чыңдалып калды деп эрте жыйынтык чыгарууга болбойт. Иманберди Жалилов баарыдан мурда Улуттук коопсуздук кызматын чыңдоо керек дейт:

- Эгемендикке жеткенден кийин каражаттын тартыштыгынан улам Улуттук коопсуздук кызматынын функционалдык милдеттерин аткарууда айрым тоскоолдуктар пайда болду. Бул – баарыдан мурда материалдык – техникалык жактан камсыздоо менен байланыштуу. Экинчи бир өксүк – Улуттук коопсуздук кызматына адистерди даярдоодо бир аз кемчиликтер бар.

2003-ЖЫЛДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫ

Өткөн жылда Кыргызстандын тышкы саясаты кайсы багытта өнүктү? Жаңы жылга кандай чечилбеген маселелер калды.

Кыргызстандын өткөн жылдагы тышкы саясаты Өзбекстан багытын кошпогондо, негизги өнөктөштөрү менен кызматташууну чыңдоо жолунда болду. Албетте, буга Кыргызстан АКШ, Орусия жана Кытай өңдүү улуу мамлекеттердин ар бирининин талабын канааттандыруу менен жетишти. Маселен, 2000-жылкы Кыргызстандагы парламенттик жана президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу АКШ менен салкындай түшкөн мамиле «Манас» аба майданын Вашингтон баштаган антитеррордук коалиция күчтөрүнө берүү менен калыбына келди.

Ал эми Орусиянын геосаясий таламдарын канааттандырып, 2003-жылы Кант аба майданын берип, Москва менен Бишкектин ымаласы артты.

Кытай менен мамиле Үзөңгүкууш боюнча келишимден кийин өзгөчө жанданып, кызматташтык жаңы деңгээлге көтөрүлдү дешет талдоочулар. Анын натыйжасында, акыркы кезде Кыргызстандын министрлери Кытайга байма-бай каттай башташты. Маселен, декабрь айында эле Кытайда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов, министрлер Кубанычбек Жумалиев, Бакирдин Субанбеков, Эсен Топоев, Улуттук банктын башчысы Улан Сарбанов сапар менен болуп кайтышты.
Кыргызстандын Борбор Азиядагы саясаты болсо Казакстан менен «Биримдик тууралуу келишим» түзүү жана унаалардын тоскоолсуз өтүшүн камсыздаган макулдашууга жетишүү менен ийгиликке жетти.

Бирок Өзбекстан менен катаал мамиле сакталууда. Ал эми Тажикстан менен суу-энергетика, жол багытында кызматташтык боюнча макулдашууларга ушул жылдагы Николай Танаевдин Дүйшөмбүгө сапары учурунда жетишилди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов өлкөнүн өткөн жылдагы тышкы саясатын ийгиликтүү деп атап, буларга токтолду:

- Бардык багыттар, бардык тармактар боюнча биз чоң ийгиликтерге жетиштик. Тышкы саясаттагы жыл ичиндеги эң маанилүү окуя - Казакстан менен «Биримдик тууралуу келишим» түзүүгө жетиштик. Бул - тарыхый окуя болуп калды.

Азыркы министрдин баасына мурунку Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев негизинен кошулуп, бирок Жапония менен мамиленин салкындашын, Өзбекстан менен мамиленин татаал бойдон калышын белгиледи:

- Жалпылап айтканда, кээ бир багыттарда ийгиликтер болду. АКШ, Орусия, Кытай менен жакшы иш жүрдү. Кээ бир багыттарда кемчиликтер болду, маселен, менин оюмча Жапония менен мамилени кичине бузуп алганыбыз туура эмес болду. Ал эми Өзбекстан менен мамиледе өзгөрүүлөр жок. Мурдагы кыйынчылыктар сакталып турат.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын Тышкы байланыштар комитетинин төрагасы Алишер Абдимомунов өлкөнүн тышкы саясатында стратегия жоктугун белгилеп, буларды айтты:

- Тышкы иштер боюнча мамлекеттик идеология, стратегиялык максат коюла элек. Бирок анча-мынча тактикалык иштер жасалып жатты. Алар бир-эки жылдык максаттарды көздөөдө. Ал эми акыркы кезде Казакстан менен болгон мамиле алдыга жылгандай болуп жатат.

ӨТКӨН ЖЫЛЫ ӨЛКӨГӨ ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУНУН АБАЛЫ КАНДАЙ БОЛДУ?

Кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсү боюнча, 2003-жылы Кыргызстандын тышкы инвестицияны тартуу мүмкүнчүлүгү артып, өткөн жылга салыштырмалуу 28% көп акча тартылды. Инвесторлор өлкөнүн кайсы тармактарына кызыкты жана келген каражаттар кайда жумшалды?

Тышкы инвестицияларды тартуу боюнча президенттин атайын өкүлү, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин айтымында, быйыл Кыргызстанга бардыгы болуп 116 млн. долларлык түз инвестиция келди. Муну он чакты мамлекеттин инвесторлору берип, 17 млн. долларлык ири инвестиция АКШга таандык болду. Ал каражат Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү келечектүү тармактар деп эсептелген алты багытка жумшалды. Ал тууралуу Жоомарт Оторбаев:

- Биринчиден, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм, тоо-кен, транспорт, энергетика жана банк тармактарына жумшалды, - деп билдирди.

Оторбаевдин айтымына караганда, инвестициялык абалдын оңолушуна өлкө ичиндеги тоскоолдуктарды, анын ичинде, административдик тоскоолдуктарды жоюу аракеттери жемишин берди. Ал үчүн 2003-жылы 56 мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ушундан улам инвестиция боюнча 2003-жылдагы башкы өнөктөш Орусия менен Казакстан болду. Жаңы жылда алар менен кызматташуу дагы бекемделет деген үмүт бар.

- Быйыл тогуз айдын ичинде Орусиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясынын көлөмү 10% көбөйдү, - дейт Жоомарт Оторбаев. - Эң чоң прогресс Казакстандын инвесторлору тарабынан жасалып, алардын инвестициясынын көлөмү төрт эсеге көбөйдү. Бул биз үчүн абдан маанилүү факт. Себеби, Казакстан келечекте экономика боюнча биздин башкы стратегиялык өнөктөшүбүз болот. Казакстандын ички рыногу абдан зор. Биздин рынокко салыштырганда анын көлөмү он эсеге чоң. Казакстандын экономикалык өнүгүүсү да улам жогорулап баратат. Акыркы 3-4 жылда эле ички дүң продукциянын көлөмү 9-10% жетти. Бул багыттан алганда биздин экономикабызды интеграциялоо зарыл жана инвестициянын көлөмүнүн өсүшү анын көрүнүктүү фактысы.

«Кыргызстандын инвестициялык абалы жакшырды деп бааланган менен анын натыйжасы өлкө экономикасын өйдөлөтүүгө салым кошкон жери жок» деген сын пикирлер да жок эмес. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун айтымында, азыр чет өлкөлөрдүн ири инвесторлору Кыргызстанга келген жери жок. Алар акчасын Орусия менен Казакстандын экономикасына салып жатат. Ири инвесторлорду Кыргызстандын салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жүргүзгөн саясатынын туруксуздугу менен бюрократиялык тоскоолдуктар үркүтүүдө. Депутат Ишенбай Кадырбеков Кыргызстанга келип жаткан каражаттардыинвестиция эмес, кадимки эле карыз дейт:

- Бул инвестиция эмес, кадимки эле кредит, карыз. Инвестиция болсо алар акчасын берип, маселен бир курулушка салат. Өкмөткө анын эч кандай тиешеси жок. Өкмөт карыз алып, анын процентин бөлүштүрүп төлөп жатат. Азыр Бишкек-Ош жолун курууга кетип жаткан акчаны да инвестиция деп атап жатышат. Ал эч кандай инвестиция эмес, кадимки эле карызга келген кредит. Бишкектеги «Бета-Сторес» дүкөнүн курган киши - чыныгы инвестор. Ал дүкөндү курууга кеткен акчасын салып, азыр пайдасын көрүп жатат. Инвестиция деген ушу. Инвестиция келип жатат деп алдап, эле кредит алып жатышат. Биз инвестиция алуунун туу чокусуна 1993-жылы жеткенбиз. Андан кийин анын көлөмү кескин төмөндөгөн. Ага экономикалык саясатыбыздын туура эместиги, салыгыбыздын чоңдугу түрткү болгон. Азыр бизге инвестицияны эч ким берген жок.

Ал эми президенттин тышкы инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаевдин айтымында, жаңы жылдан тартып чет элдик инвестицияга жакшы өбөлгө түзчү Эмгек, Бажы, Салык кодекстерине жана «Күрөө жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорлор даярдалды. Андан тышкары техникалык жөнгө салуу концепциясынын жана «Жөнгө салууну кайра түзүү» концепциясынын долбоору даяр. «Алар кабыл алынса өлкөнүн инвестициялык абалы дагы бир баскычка көтөрүлөт», - дейт Ж. Оторбаев.

ПРЕЗИДЕНТ ЖУРНАЛИСТТЕРДИ КЫЛМЫШ ЖООБУНАН АРАЧАЛАЙ АЛАБЫ?

Президент Аскар Акаев жакында парламентке Кылмыш кодексинин жана «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамдын айрым беренелерин өзгөртүүнү сунуштады. Маалымат каражаттарынын укуктарын коргоо максатын көздөгөн бул сунуштун оош-кыйыштары жөнүндө «Коом жана турмуш» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында сөз болот.

Бурулкан Турдубек кызы: - Бул ирет биз журналисттердин кесиптик укуктарынын айрым өңүттөрүн талкуулайбыз. Маселенин көтөрүлүшүнө президенттин маалымат каражаттардын укуктарын коргоо максатында Кылмыш кодексинин жана «Мамлекеттик жыйымдар тууралуу» мыйзамдын айрым беренелерине өзгөртүү киргизүү тууралуу сунушу негиз берди.
Президент Кылмыш кодексинин 127-жана 128-беренелеринен жалаага жана шылдыңдоого байланышкан жоболорду алып салууну каалайт. Президент экинчи долбоорунда «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Ага ылайык абийир, арнамысын коргогусу келген тарап сотко 1 минималдык айлык эсебинде акы төлөйт, кокус ал айып өндүргүсү келсе, талап кылган айыптын 5% төлөшү керек. Мамлекет башчысы парламентке мындай долбоорду жакында түзүлгөн Медиакеңештин сунушуна ылайык жөнөтүп отурат. Бирок, акыркы 4-5 жылда үчүнчү ирет сунушталып жаткан бул долбоорлорду парламент колдоп берери азырынча күмөн. Анткени, биздин жүргүзгөн сурамжылоолорго караганда, депутаттар арасында жалааны тизгиндөөчү мыйзам жобосу керек деп санагандар арбын. Алардын бири - депутат Кубатбек Байболов.

- Кубатбек мырза, Президенттин демилгеси эмне үчүн сизди канааттандырбай жатат?

- Жалаа деген феномен бар да. Өзгөчө бийлик чөйрөсүндө, бийлик талашта ушул жол менен атаандаштарды алып салуу ыкмасы колдонулушу ыктымал. Демек, ушундай феномен болгондон кийин, мыйзамда дагы ушуну тескеген берене болушу керек да. Анан, эгерде биз бири-бирин жамандоо деген дээрлик жок деп, аны алып салалы. Анда эртең эле ошол ыкмалар менен президенттин өзүнө чабуул жасалат. Анан журналистти камабай, граждандык жол менен чечилсин деп атабыз, андай болсо, азыр байлар көп, эртең шайлоо болот деген күнү өкүртө мазактап, «болуп көрбөгөндөй кылмыш жасады» деп калпты жазып туруп, сураган акчасын берип, анны алдыңа таштап коюп, баса берсе эмне болот?!

- Маселенин сиз айткан өңүтүнө президенттин көзү жеткен жок дейсизби?

-Силерге окшогон журналисттер, башка коомчулук тарабынан талаптар коюлуп атпайбы. Мүмкүн ошол себептен киргизилип аткандыр… Бирок, бул сөзсүз эле камалсын деген сөз эмес. Профилактика иретинде сакталып калсын деген сөз. Жалпы коомдук проблема катары көбүртүп-жабыртып атпайсыңарбы. Чынында андай проблема жок. 13 жылдан бери бир гана Замира Сыдыкова соттолуптур. Башка эч ким соттолгон жок да. Чындыгында ушул ыкманы пайдаланып туруп адамдар бири-бирин саясий чөйрөдөн жок кылбасын деген гана далалат. Маселен, эртең шайлоо болот деген күнү ушундай жол менен ылайга тепсеп салса, кайра актанууга мүмкүнчүлүгү калбай калып атпайбы.

- Маегиңиз үчүн ырахмат.

Бурулкан Турдубек кызы: - Депутат Кубатбек Байболовдун ою боюнча, журналисттердин укугун Кылмыш кодексинен тийиштүү жобону негизсиз алып салуу аркылуу эмес, маалымат алуу эркиндигин камсыздоо аркылуу коргоо керек. «Мындай эркиндик журналисттерде жок», дейт Байболов. Мындай пикир канчалык жөндүү? Өлкөдө маалымат алуу мүмкүнчүлүгү кандай? Кесиптешим Бүбүкан Досалиева журналист катары иликтөө жүргүзгөн эле.

Бүбүкан Досалиева:- Рахмат, Бурулкан, албетте, коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу бизде маалымат алуу эркиндиги бар. Бирок, атуулдардын жана массалык маалымат каражаттарынын маалымат алуу укугу жана анын түздөн-түз аткарыла турган нормалары жөнүндө, тилекке каршы журналисттер да, маалымат булагы боло турган субъекттер да жакшы биле беришпейт. Ушундан улам бийлик өкүлдөрү менен массалык маалымат каражаттарынын 1995-жылы башталган соттошуулары азыр улам күчөп, улам бир башка формага ээ болуп баратат. Маалымат – бул коомдун кыймылдаткыч күчү. Маалымат алуу укугунун пайдубалы байыркы заманда эле түптөлүп, азыр жашоонун бирден бир зарылдыгы болуп калды. Маалыматы жок болсо адам өзүн ишенимсиз сезет, маалымат туура эмес берилсе мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү туура эмес чечимдерге барат жана маалыматтын жетишсиздиги коомдо ар кандай имиштерди жаратат. Кай бир учурда Кыргызстандын президенти, өкмөтү жана мамлекеттик кызматкерлери жөнүндө имиштерди мына ушул маалыматтын жетишсиздиги жаратат. Кыргызстандын Конституциясы менен массалык маалымат каражаттарынын ишмердигине тиешелүү 7 мыйзам атуулдардын жана маалымат каражаттарынын маалымат менен камсыз болуусун шарттайт. Бирок, ал талаптарды мамлекеттик бийлик өкүлдөрү аткарган жери жок.

Маалымат ырасмий, ырасмий эмес, коллективдүү, жеке, ачык, жашыруун, оозеки жана жазуу түрүндө деп бөлүнөт. Маалымат каражаттары көбүнчө оозеки ырасмий маалыматты пайдаланышат. Маалымат булагы болгон тарап өзүнө керек болгон учурда журналисттерди издеп табышат. Ал эми журналистти кызыктырган, бул жерден баса белгилей кетишибиз керек, журналист өзүнүн кызыкчылыгы менен эмес, эң ириде коомду кызыктырган суроого жооп издейт, мына ошондой суроолорго көп убакта мамлекеттик кызматкерлер ар кандай шылтоолорду айтып жооп беришпейт. Так жооп алалбаган журналист кай бир учурда өз ой-туюмуна же оозеки айтылган, бирок, ырасмий эмес маалыматка таянышы мүмкүн. Мына ошондо чыныгы маалыматтын булагы болгон тарап журналистти сотко берип жатып калат. Демек, 1950-жылы кабыл алынган Европа конвенциясынын адамдардын маалымат алуу укугун талап кылган жобосун Кыргызстан так сактап жатат дегенден алыспыз.

Маалымат алуу укугуна келгенде, тилекке каршы, биз-журналисттер дагы өз укук, милдеттерибизди толук билип, анны пайдалана албайбыз. Буга биздин укуктук жактан сабатыбыздын жетишсиздиги себеп болууда. Демек, бул жагдай да журналисттердин тизгинин тартууга өбөлгө берүүчү бир жагдай.

Бурулкан Турдубек кызы: - Рахмат Бүбүкан. Кесиптешим Бүбүкан Досалиеванын оюн улай Жалалабаддагы кабарчыбыз Ырысбай Абдраимовдун аймактагы журналисттердин маалымат топтоо жана таратуу укуктарын териштирген материалын сунуштасамбы деп турам.

Ырысбай Абдраимов: - Ырахмат Бурулкан. Облуста зарыл учурда мамлекеттик уюмдардан маалымат алуу оңой эмес. Ѳкмѳттүк басылмалардын кызматкерлери болуп ѳткѳн окуя тууралуу борбордук маалымат каражаттарынан угуп-окушаарын облустук «Акыйкат» гезитинин кызматкери Гүлжан Асанова минтип белгиледи:

- Жаңы кабарларды борбордук маалымат каражаттарынан окуп, угуп, көрүп калабыз. Бул жерден маалымат алууда кыйынчылыкка кабылган учурлар көп болот.

Эгемендик жылдарында сындалганы үчүн облус боюнча абийир-арнамысын коргоо максатында сот уюмдарына тогуз арыз жолдонгон. Жалалабад шаардык соту Сузак райондук сотунун судьясын сындаган «Акыйкат» газетасы менен макала автору Молдосали Ибраимовду 207 миң сом айыпка жыгып, журналист 2 жылга эркинен ажыраганын мурдагы башкы редактор Бакыт Орунбеков эскерди:

- Авторду 2 жылга эркинен ажыратып, гезитке100 миң сом айып салуу биринчиден, гезиттин жабылышын шарттады. Экинчиден, адамдын басма сөз эркиндигине укугун басмырлады деп баалаганбыз.

Иш Жогорку соттун кароосу жана жергиликтүү бийликтин кийлигишүүсү менен жарашуу келишими аркылуу аяктаганга чейин автор бир ай абакта отурган.

Мындан тышкары, Сузак райондук соту «Дүбүрт» газетасынын ээси Жаныбек Момуновду Жогорку Кеңештин депутатына жалаа жапкандыгы жана бийлик ѳкүлүнүн ѳмүрүнѳ кол салууга аракети үчүн деп айыптап, 7 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми КТРдин «Замана» студиясынын облустагы кабарчысы Самаган Орозалиев 9 жылга кесилип, кийин ден-соолугуна байланыштуу эркиндикке чыккан. Мындан башка Жалалабад шаардык соту «Фергана» газетасы менен адам укугун коргоочулардын «Право для всех» басылмасынан 200 миң сом ѳндүрүүнү каалаган Базаркоргон райондук үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунун деректири Тѳлѳгѳн Абдуллаевдин арнамысына тийген далилдердин жоктугуна байланыштуу, арызын четке какты.

Дагы бир орчундуу көйгөй - облустук гезиттерди акча жана почта тармагынан карыз ѳндүрүү маселеси кыйноодо. Почта башкармалыгы гезиттерге 750 миң сомдон ашык карызын тѳлѳй элек. Калемгерлердин маалымат алуу эркиндигин коргоо жана башка муктаждыктарын чечүү үчүн облустук бийлик кандай жардам кѳрсѳтүүдө? Жоопту губернатордун маалымат катчысы Орозалы Карасартовдон уксак:

- Маалымат алууда объективдүү, субъективдүү кыйынчылыктарга учурап жатышканы чындык. Түшүнбѳѳчүлүк менен маалымат каражаттары жѳнүндѳ мыйзам аткарылбай калып жатат. Ошондуктан облбийликтин буйругу менен шаар, райондордо маалымат берүүгѳ жооптуу адистери дайындоо кѳрсѳтмѳсүн бергени турабыз -

Сѳз кезеги кайра ѳзүңүздѳ Бурулкан:

Бурулкан Турдубек кызы: - Журналисттердин ишине жана ага карата саясатчылар арасындагы карама-каршы пикирлерге калктын ою кандай? Бул тууралуу кабарчыбыз Жазгүл Жамангулованын эл арасынан жыйнаган пикирлеринин топтомун сунуштайбыз.

Жазгүл Жамангулова: - Мен дароо эле элге сөз берейин.

- Мен – Гүлнара Үсөнбекова, кесибим - мугалим. Эгер журналист тарабынан берилип жаткан макала чындык болсо, чындыкты ачып берип жатса, анда айыпка тартуунун кажети жок. Ал эми жалган кабар болсо, анда айып тартыш керек, сөзсүз.

- Менин атым Айнура. Чындыкты айткан киши эмнеге жооп тартыш керек, мен түшүнбөйм. Негизинен журналистердин көбү чындыкты айтып, алар өздөрүнүн ишин кылып атышат.

- Атым – Кадыр Аманбаев, кесибим - юрист.

- Бүгүнкү күндө, Кыргызстандагы журналисттердин маалымат алуу эркиндиги камсыз болгонбу?

- Менимче, Кыргызстандагы журналисттердин маалымат алуу эркиндиги толук камсыз болгон эмес. Анткени, кайсы мекеменин жетекчиси болбосун, кызматкери же адамы болбосун,биринчи кезекте ойлонуп туруп, президенттин кызыкчылыгына доо кетпеген маалыматтарды берет.

- Азыр гезиттерди жаап салуу көп кездешип атат. Ошону менен бирге, айып төлөтүү, сотко берүү да көп, буларга сиз кандай карайсыз?

- Мамлекеттин, президенттин, өкмөттүн, депутаттардын айыбын ачып жазган гезиттерди бирөөнүн колу менен жаап коюп жатышат. Мурунку «Асаба» гезитин да жаап коюшту. Акырында ал «Агым» деп чыгып, өзүнүн түз жолунан тайып, президенттин кызыкчылыгын көбүрөөк жактаган гезит болуп баратат. «Моя – столица - новости» деген гезит бар эле, аны да жаап коюшту. Ал гезит азыр башка ат менен чыгып, Кыргызстандагы кемчиликтерди анча-мынча ачыгыраак жазып жатат.

- Абдымамбет Сариев, жазуучумун. Эгерде Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгына, эркиндигине, түпкү улуттун кызыкчылыгына шек келтире турган материалдарды жазса, андай журналисттерди соттомок түгүл, атып салыш керек. Анткени, Кыргыз мамлекети баарынан бийик турат.

- Мен Эсеналиев Жаныбек. Журналисттерди айыпка тартуу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошону менен бирге эле саясатка да байланышы бар. Себеби, айыпка тартылып жаткан журналистерди да угуп, көрүп жүрөбүз.

- Мен, Тажиева Кыял. Менин жеке оюмда бул саясий көрүнүш болуш керек.

- Бекбоев Амангелди, эгер журналисттер болгон чындыкты жазса, айыпка тартылбайт эле. Шамал болбосо бактын башы кыймылдабайт дегендей.

Журналисттерге карата эл ичинде пикирлер ушундай экен. Сөз өзүңүздө, Бурулкан.

Бурулкан Турдубек кызы: - Ал эми саясатчылар арасында президенттин «Кылмыш кодексине» өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунушун саясат менен тикелей байланыштыргандар да бар. Маселен, кесиби журналист, азыр депутат Адахан Мадумаров, муну мамлекет башчынын шайлоо өнөктүктөрүнүн алдындагы саясий кадамы дейт. Депутат «бул мыйзам кабыл алынса, бийликке жакпаган ишмерлерди карасанатайлык менен каралоо башталат» десе, экинчи журналист-депутат Кабай Карабеков аны төгүндөйт:

- Бул туура эмес. Жазалоо, коомду үркүтүү максатын көздөсөк, анда бул туура. Биз башка максатты көздөп атпайбызбы. Биз коркунучтан тышкары жашагыбыз келип атпайбы. Бизде коркутуудан башка да ыкмалар бар да. Принцибинде биз административдик жазаны, каржылык төлөмдөрдү көтөрүп койсок болот. Бирок, сөз үчүн абака отургузат деген түпкүлүгүндө туура эмес.

Биз менен бул маселеге байланыштуу ой бөлүшкөн кесиптештердин ойлорун эске алсак, негизинен Кылмыш кодексинин аталган беренелери боюнча жоопко тартуу өтө сейрек жолугат. Алардын бири журналист Замира Сыдыкова болду. Ошондуктан, эксперттер чуулгандуу сот жараяндары негизинен журналисттердин айланасында болорун, бул журналисттердин эркин иштөө мүмкүнчүлүгүн чектээрин айтып жүрүшөт.

«Журналист» коомдук бирикмесинин төрагасы Кубан Мамбеталиевдин оюна караганда, президенттин айыппул төлөөгө байланышкан сунушу журналисттердин ишиндеги ыксыз тоскоолдуктарга чек коет эле. Бирок, Мамбеталиевдин пикири боюнча бир жагдай эске алынбай калган:

- Жанагы «жыйым» деген жеке эле «Кылмыш кодексине» тиешелүү эмес. «Граждандык кодекстин» да кызматтык беделди, абийир арнамысты коргоо деген 18-беренеси бар. Бул көрсөтүлбөй калыптыр. Юристтер чала иштешкенби, билбейм. Ушуну көрсөтүш керек эле. Себеби, айыптар журналисттерге көбүнчө «Граждандык кодекс» боюнча салынууда.

Ал эми президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев президент «Кылмыш кодекси» менен «Мамлекеттик жыйымдар жөнүндө» мыйзамга гана өз сунушун билдиргенин айтты.

САЯСАТЧЫЛАР 2004-ЖЫЛДАН ЭМНЕНИ КҮТҮШӨТ?

2004-жылы өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Жыл тогошоор алдында саясатчылар жана коомдук ишмерлер ушул суроонун айланасында «Азаттык» радиосуна өз пикирлерин айтышты.

Суроого жооп берген саясатчылардын басымдуу бөлүгүнүн пикирлерине караганда, келерки жылы Кыргызстанда экономикалык абал туруктуу болуп, негизинен саясий турмуштагы активдүүлүк артат, саясий упай топтоо үчүн күрөш күч алат. Мындай божомолду саясатчылар жергиликтүү бийликке, парламентке жана президентке шайлоолорго камылга күчөөрү менен байланыштырышты. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, «Атамекен» социалисттик партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин пикири мындай:

- Ар кандай убадалардын жана актануулардын жылы болот. Бул айыгышкан күрөштүн, таамай айтылган чын сөздөрдүн жана бири-бирин жаманатты кылган ушактардын жылы болот го деп ойлоп турам. Ушундай жылда биздин элге сабырдуулукту, жети эмес, жетимиш өлчөп бир кескендикти, сөзгө эмес, чыгаан уулдардын 10-15 жылдан бери жасаган ишин талдап, туура чечим чыгарган акылмандуулукту каалайм.

Депутат Марат Султановдун ою боюнча шайлоого байланыштуу жыл татаалыраак болушу ыктымал. Саясий жактан кырдаал күчөп, өкмөттүн ишинде кыйынчылык түзүлүшү мүмкүн.

Өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунда олуттуу өзгөрүүлөр болоруна экс-премьер-министр Курманбек Бакиев да ишенет, бирок, ал жыл тогошор алдында өз пикирин ачык айтууну анча ылайык көрбөйт:

- Сөзсүз болушу мүмкүн, болушу керек. Кандай өзгөрүү болорун убакыт көрсөтөт. Бирок өзгөрүүлөр болот.

Кыргызстандагы коммунисттик эки партиянын биринин башчысы Клара Ажибекова болсо келерки жылы президенттик орун үчүн күрөш күч алат дейт:

- Күрөш жүрөт. Азыркы президент амалданып, дагы бир мөөнөткө калганга же үй бүлө мүчөлөрүнүн бирин, же өзүнө чындап берилген кишилердин бирин ордуна калтырганга даярданышы мүмкүн. Оппозиция болсо ага байланыштуу маселелерди көтөрүп, саясий күрөш жүрөт деп ойлойм.

Өзүн-өзү башкаруу жана регионалдык өнүгүү министри Төлөбек Өмүралиев болсо келерки жыл калкты акыйкат башкаруунун, коррупцияга каршы күрөштүн жылы болот деп эсептейт:

- Кыргызстанда жакшы өзгөрүүлөр болот деген үмүт менен тосуп атабыз. Себеби, эмдиги жылды президент социалдык мобилизациялоонун жана акыйкат башкарунуун жылы деп жарыялабадыбы.

Биз суроо салган саясатчылардын көпчүлүгү «парламент мөөнөтүнөн мурда тарайт» деген имишке ишенбейт. Маселен, депутат Марат Султанов:

- Кудай бергени болот. Тараса элдин астына кайра барабыз. Бирок, мыйзам боюнча андай болбошу керек.

Депутат Алишер Абдимомуновдун айтымында «буга логика да, саясий жагдай да жол бербейт».
Саясий күрөш артаары болжолдонуп жаткан жаңы жылды өлкөдөгү саясатчылардын басымдуу бөлүгү өз үйүндө, үй-бүлөсүнүн кашында тосушат. Маселен, айыл жана суу чарба министри Александр Костюк:

- Салт боюнча үй-бүлө менен тособуз. Жакын жоро-жолдоштор кошулат, - деди.

ПРЕЗИДЕНТ А. АКАЕВ «ТҮЗ ЭФИРДЕ» ЭЛДИН СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ

30-декабрда Кыргызстандын президенти Аскар Акаев улуттук телекөрсөтүү аркылуу калктын суроолоруна жооп берди.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл ичинде мамлекеттин тарыхында кала турган урунттуу үч окуя болгондугун билдирди. А. Акаевдин айтуусу боюнча, анын эң башкысы - кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө болду:

- 2003-жылдагы эң башкы окуя кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгилөө болуп калды. Бул зор тарыхый окуяны биз улуттук деңгээлде гана эмес Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосу менен дүйнөлүк деңгээлде салтанаттуу өткөрө алдык.

Президенттин наамына алдын-ала 3640тай суроо жолдонгон. Көрсөтүүнүн аягына чейин алардын саны 4500дөн ашты. Алардын көбү социалдык маселелерди чечүүгө багытталды. Мындан тышкары экономикалык өнүгүүгө башкы тоскоолдук болгон коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн зарылдыгы, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатууну белгилеген суроолор да арбын болду.

БАШКАРУУ АППАРАТЫНА БЮДЖЕТТИН ҮЧТӨН ЭКИСИ КЕТЕБИ?

Сапар Орозбаков, Бишкек Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын бюджетин талкуулап жатканда депутат Ишенбай Кадырбеков башкаруу аппаратын кармап турууга 9 млрд. сом каражат кетээрин айтты. Каржы министрлиги болсо бул маалыматты төгүндөп жатат.

Депутат Ишенбай Кадырбеков 2004-жылдын бюджетин палата талкуулап жатканда өлкөнүн башкаруу аппаратын кармап турууга баардыгы болуп бюджеттен 9 млрд. сом кетет дегендей сөз айтты. Ал өзүнүн сөзүндө «аппарат» деген сөз колдонбойт. Бирок кептин маңызы ошону билдирет.

- Бюджеттин кирешеси 14 млрд. сом. Аткаруу бийлигине кете турган акча 8 млрд сом. Аткаруу бийлигине Жогорку Кеңешти, президентти, премьер-министрди, сотторду кошкондо 9 млрд. сом каражат кетет. Экономикалык маселерди чечкенге болгону 5 млрд. сом эле калат, - деди Ишенбай Кадырбеков бизге талкуудан кийин.

Анын айтымында бул 9 млрд. сомго жергиликтүү бийликти кармап турууга кеткен каражат кирбейт. Аны кошкондо аппаратка кеткен акча андан да көп болуп чыгат. Бирок так эсеп жүргүзүү мүмкүн болгондуктан болжол менен 9 млрд. сом десе болот. Бул 9 млрд. сом болсо бюджеттин үчтөн экисин түзөт. Башка сөз менен айтканда бюджеттин үчтөн экиси Каржы министрлиги белгилегендей социалдык маселелерди чечкенге эмес, чоңдордун алган айлыгына, минген машинесине кетет. Бирок муну Каржы министрлиги төгүндөйт.

- Бюджетте айтылгандай сумма каралган эмес. Анда республикалык бюджеттен каржылануучу баардык мамлекеттик уюмдарды камтыган башкаруу аппаратын кармоого жалпы сумманын 7% ашпаган акча каралган. Бул 1 млрд. сомдун тегерегиндеги акча, – деди Каржы министрлигинин бөлүм башчысы Самат Кылжыев биз Ишенбай Кадырбековдун сөзүнө түшүндүрмө берүүнү сурап кайрылганыбызда. Бирок депутат Ишенбай Кадырбековдун айтканында чындыктын үлүшү да бар экен. Муну кыйыр түрдө болсо да Самат Кылжыев минтип ырастайт:

- Социалдык секторго жана тышкы карыздарды төлөөгө кеткен акчаларды алып салып, калган чыгымдардын баарын кошсок, мамлекеттик бюджеттен 7 млрд. сомго жетпеген каражат каралат.

Айтылгандардан көрүнүп тургандай Ишенбай Кадырбеков башкаруу аппаратына аскер, ички иштер жана башка ушу өңдүү кызматтардын баарын кошот. Ал эми Каржы министрлиги болсо ага президенттин жана премьер-министрдин аппаратын, министрликтерди, комитеттерди, комиссияларды, сотту, Жогорку Кеңешти киргизип, башкаруу системасын «таза» эсептейт. Бирок бул 1 млрд. сом да Кыргызстан үчүн оордук кылары, аны кыскартуу керектиги эл арасында көп айтылат. Андай кыскартуу бизде өткөн жылы 10%, быйыл 15% жүргүзүлгөн. Бирок андан бюджеттен бөлүнчү акча азайган жок. Каржы министрлигинин кызматкерлеринин айтымында чиновниктердин саны кыскарганы менен, алардын айлыгы көбөйүп, жалпы чыгым төмөндөгөн эмес. Ал эми Ишенбай Кадырбеков болсо ал кыскартылган чиновниктер башка ат менен ошол эле жерде калып калып жатышкандыктарын белгилейт:

- Салыктын жаңы түрү пайда болду «атайын каражат» деген. Президент өзүнүн жарлыгы менен «аппаратты кыскарткыла» деген чечим кабыл алат. Министрликтер, комитеттер жана комиссиялар чын эле 20-25% кыскартылат. Бирок чиновниктер ошол эле жерде калып калышып, чарбалык эсепке өтүшөт. Ошол эле мамлекеттин ишин аткарышат. Бирок алар өз кызматына акча алышат.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮЧТҮҮ САЯСАТЧЫЛАРЫ КИМДЕР?

«Социнформбюро» социологиялык кызматы Кыргызстандагы таасирдүү мамлекеттик жана коомдук 40 ишмердин атын атады. Таасирдүүлөрдү тандоо үчүн уюм эксперттерге 78 саясатчынын тизмесин сунуштаган.

«Социнформбюро» социологиялык кызматы ишмерлердин саясий салмагын алардын коомчулукка таасиринин деңгээлине, сапатына жана ал таасирдин келечектүүлүгүнө жараша 10 баллдык система менен аныктаган. Бул үч ченем менен өлчөнгөн ишмерлердин ичинен президент Аскар Акаев коомчулукка таасиринин деңгээли боюнча 8,4 упай, таасиринин сапаты боюнча 1,8 упай, келечектүүлүгү боюнча 5,7 упай топтоп, башкы орунга чыккан. Президенттен тышкары тизмеге кирген 40 саясатчынын башында Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов, андан кийинки орундарда мурдагы премьер-министр, азыркы депутат Курманбек Бакиев, вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, Бишкектин мэри Медетбек Керимкулов, акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу, депутат Марат Султанов, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, башкы банкир Улан Сарбанов, спикер Абдыганы Эркебаев турат. Алгачкы он саясатчынын ичинен келечектүүлүгү боюнча Курманбек Бакиев 6,5 упай, Жоомарт Оторбаев 5,9 упай топтоп, Аскар Акаевден алдыга чыгышкан. Ал эми учурда түрмөдө жаткан саясатчы Феликс Куловдун азыркы таасиринин деңгээли 4,9; сапаты 1,9; ал эми келечеги 4,8 баллга татыган. Ф. Кулов 40 саясатчынын арасында 19-орунда.

Аталган рейтингде премьер министр Николай Танаев 22-, спикер Алтай Бөрүбаев 23-, депутат Ишенбай Кадырбеков 39-орунда турат.
«Социнформбюро» социологиялык кызматынын башчысы Айганыш Абылгазиеванын айтымында, таасирдүү саясатчыларды аныктоо боюнча сурамжылоо Бишкекте жүргүзүлүп, ага саясат таануучулар, илимпоздор жана журналисттер катышты.

- Биз рейтингди 2002-жылы баштаганбыз. Бул өз демилгебиз менен ишке ашып атат. Заказга эч кандай тиешеси жок. Эксперттерибиз суроолорго бекер жооп беришет. Ишенип коюңуз, алардын бардыгы билерман адамдар,- дейт Абылгазиева Айганыш.

Бирок, ошого карабастан, ишмерлердин ээлеген орундарына байланыштуу дооматтар бул уюмга көп айтылат. Сурамжылоолорго караганда, аталган иликтөөнүн чынчылдыгына бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун өкүлдөрү анча ишенишпейт. Атын атагысы келбеген коомдук ишмердин пикирине караганда, саясатчылардын ишмердүүлүгүн аныктоо модага айланды.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов Кыргызстанда «акыйкат рейтинг жок» деген ойдо. Анын айтымында, өлкөдө рейтингдерди аныктоо тигил же бул уюмдун, тигил же бул маалымат каражатынын же алардын артында турган адамдардын кызыкчылыктарына жараша жүрөт. Бул өз кезегинде субъективдүү тыянакка алып келет. Эдил Байсалов «Социнформбюронун» талдоосуна макул эмес. Маселен, оппозициячыл саясатчы, депутат Өмүрбек Текебаевдин коомчулуктагы таасири рейтингде белгиленгенден алда канча күчтүү. Рейтинг боюнча Текебаев 21-орунда турат.

Айганыш Абылгазиева мындай пикирлер уюмдун дарегине дайыма айтылып келатат, аларга байланыштуу ар кандай талаш-тартышка баргыбыз келбейт дейт. Айганыш айым «сурамжылоо кимдир бирөөдөн көз каранды» деген пикирге да макул эместигин айтат:

- Биз эгеменбиз. Эгемендүүлүк да ар кандай болот, проблема ушул жерде болуп атат. Тизмеде өзү каалаган орунга жетпей калган адамдар көбүнчө нааразы болушат, алар адатта «акыйкат болбой калыптыр, бирөөнүн заказын аткарып атат», деп айыпташат. Психологиялык жактан мен аларды түшүнөм. Ошондуктан, мен сурамжылоолорду акысыз уюштуруп жатканымды айтып, алар менен талаш-тартышка барбайм, Кудай жалгасын, ишенишпесе, эмне кылышым керек?

Коомдук жана саясий ишмерлердин коомдогу таасирин аныктоо максатындагы рейтингдерди аталган уюм үч айда бирден жүргүзүп турат. «Социнформбюронун» жетекчиси президенттик жана парламенттик шайлоо өнөктүгүнүн алдында бул багыттагы аракет жанданаарын жана жакынкы келечекте сурамжылоолор каражат мүмкүнчүлүгүнө жараша өлкө аймагы боюнча жүргүзүлөөрүн айтат.

ДАЙРАЛАРЫНДА СУУ МӨҢКҮП АККАН НАРЫНДА ТАЗА СУУ ТАРТЫШ

Соңку эки жылда айылдарды суу менен камсыздоо жана санитария долбоору Нарын, Ысыккөл жана Талас облустарында иштеп жатат. Аны Дүйнөлүк банк, Улуу Британиянын Эларалык өбөлгө департаменти жана кыргыз өкмөтү биргелешип ишке ашырууда. Долбоор аталган облустардын 250 айылын таза суу менен камсыздоо максатын көздөйт. Бирок, Нарын облусунда долбоордун ишине сын-пикирлер көп айтылууда.

Сууларга бай өлкө деп эсептелген, тоо суулары таштан ташка урунуп, мөңкүп аккан кыргыз жергесинде да кечээки Союз доорунда таза сууга болгон муктаждык толук чечилген эмес. Ошондон улам эгемен Кыргыз мамлекети элге таза суу берүү кыйынчылыгына кабылган. Жаңы суу түтүктөрүн куруу токтоп, мурунку курулгандар эски чапандай ар кайсы жери жыртылып, керектен чыга баштаган. Ушундай кырдаалда айылдарды таза суу менен камсыздоо жана санитария долбоорунун айылдарды аралай башташы, ошол долбоорго кирген айыл калкы, келечек мууну үчүн бир келген бакты-таалай, ырыскы - ырашкерчилик эле. Тилекке каршы долбоорго кирген айрым айылдар таза суудан такыр эле куржалак калчудай болуп турат. Анын себеби тууралуу долбоордун Нарын облусу боюнча координатору Нурлан Батыракеевде:

- Нарын облусу боюнча долбоорго кирип, 2003-жылы суу берилет деп жаткан Эки - Нарын айылы, 2004-жылы суу берилмекчи болгон Жергетал айылдары долбоордон чыгып калышыптыр. Себеби бул айылдар долбоордо каралаган акчанын 5% жыйнай алышкан жок. Ошондой эле коркунучта азыркы күндө Атбашы районунан Акмуз, Бирлик, Биринчимай, Калинин айылдары жана Нарын районунун Ташбашат айылы турат.

Көрсө 2004-жылдын долбооруна облус боюнча 18 айыл тандалып алынса, алардын ичинен Атбашы районунан Акмуз, Биринчимай, Нарын районунан Ташбашат айылдары белгиленген мөөнөт болгон 25-ноябрга чейин өз эсептерине бир дагы сом нак акча түшүрүшпөптүр. 24-декабрь күнү долбоордун кеңешчилери аталган айылдарга барып «сиздерге суу түтүкчөсүн куруунун кажети жокпу?» деген соболду эл алдына койду.

Акчанын эмне үчүн жыйналбай калганы тууралуу Атбашы районундагы Акмуз айылынын тургуну Үсөнбай Өмүралиев: - Бул жерде шайлангандар, баардыгыбыз эле иштейли дедик, анан жоопкерчилик болбой калгандан кийин үзгүлтүккө учурап калды да, - деген ойдо.

Айтор долбоорго кирген айылдардан Атбашы районунда 5% нак акчаны чогултуу чеке жылытаарлык болбогондуктан, анын себеп-жагдайы жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп, район акиминин орун басары Акылбек Абыкеевге кайрылдык:

- Азыр эл октябрь айынан бери электр энергияга болгон карызды жоюуга көтөрүлдү. Болгон карыздын үстүндө иш алып барып жатабыз. Эл азыр ошол электр энергияга болгон карызын да төлөп атат. Бирок, ошол таза суу долбооруна акча жыйнай албай, кичине кыйналып турушат. Ошондой болсо да эл жапырт көтөрүлүп, январдын 10-15терине чейин чогултабыз деген аракеттер бар.

Ал эми долбоордун 2003-жылдагы иш чарасына илинген 20 айылдан учурда Нарын районундагы Кайынды айылында суу түтүкчөсү курулуп бүтүп, таза суу азабын тартып келген айылдын 375 тургуну эки суу чоргоодон таза суу иче башташты.

«КОЙМААРЕК КЫРГЫЗ КАЙГЫРБА, КОЙ ЖЫЛДАН КЕТТИК МАЙМЫЛГА»

Жыл аягында чыгып аткан кыргыз басылмаларында жаңы жылдык куттуктоо, каалоо-тилектер арбын жарыяланды. Кой жылында Кыргызстан кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгын белгиледи. Өлкөдө саясий туруктуулук сакталып турат. Эски жылды узатып, жаңысын тосуу жөрөлгөсүн улантып, бул ирет да кыргыз басылмаларында жылдын мыктыларынын аты аталды.

«Агым» гезити жаңы санында жазгандай «Коймаарек кыргыз кайгырба, кой жылдан кеттик маймылга». Басылмада жылдын мыктыларынын катарында гезиттерден «Бишкек таймс», журналисттерден Адил Турдугулов, жылдын китеби деп Кубат Жусубалиевдин «Жети сөз жана Конфуцийи» аталган. «Быйыл кыргыздын башы тойдон бошогон жок, - деп жазат гезит. - Кыргыздын жылкысы менен кою түтүп атканына таң калабыз, тоб-ба!».

«Аалам» гезити жылдын мыктылары деп тогуз адамдын атын атады. Арасында «Азаттыктагы» кесиптешибиз Бүбүкан Досалиева да бар. Дагы бир кесиптешибиз, маалымдоо каражаттарын өз-жатка бөлбөй, баарына калыс мамиле жасап келаткан президенттин пресс-катчысы Абдил Сегизбаев да жылдын мыкты адамы деп белгиленген.

Жыл соңунда 10 жылдыгын өткөргөн «Заман Кыргызстан» гезити кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата уюштурган конкурс жыйынтыгын чыгарып, чоң сыйлыгын белгилүү тарыхчы Имел Молдобаевге ыйгарган. Гезит жылдын мыкты жазуучусу деп «Жети сөз жана Конфуций» китебинин автору Кубатбек Жусубалиевди, жылдын мыкты журналисти катары КООРТ телеканалынын алып баруучусу Эрнис Кыязовдун атын атаган.

«Эркин тоо» гезити жылдын мыкты адамдары катары 24 ишмерди белгилеген, алардын басымдуусун губернатор, министр, акимдер түзөт. «Кыргыз туусу» гезити Кыргызстандын эң мыкты азаматтарынын атын атап, президент А.Акаев башында турган жооптуу кызматкерлердин, маданият ишмерлеринин сүрөтүн чыгарган.

«Слово Кыргызстана» гезитинин жаңы санында Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаевдин маеги жарыяланды. Министрдин маалымдашынча, ушу тапта Кыргызстандын тышкы карызы 1 млрд. 726 млн. долларды түзөт. Бул - өлкөнүн ички дүң продукциясынын 96,8% түзөт. Өкмөт доллар менен сомдун катышы өзгөрүлүп турушунан эле 80 млн. доллар үнөмдөөгө жетишкен. Эмдиги жылы өкмөт карыз акчаларды төлөп берүү максатында стратегиялык маанидеги объекттерди, ири монополияларды менчиктештирүүдөн түшкөн акчаны Улуттук банктын атайын эсебине которууну көздөөдө.

«МСН» гезитинин жаңы санында Феликс Куловдун «Конституцияны жеңил баа кылбаш керек» деген маеги жарыяланды. Анын пикиринде, А.Акаев төртүнчү ирет президенттикке шайланып, Конституцияны ага ылайыктаса, андан кийин келчү президенттер Башмыйзамды кол жоолуктай алмаштырып, анын баркын биротоло жок кылат.

Парламент депутаты Курманбек Бакиевдин гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстанда «көмүскө экономика» ички дүң продуктунун 50% чейинки көлөмдү түзөөрүн, мындай шартта экономиканын туруктуу өнүгүшү тууралуу кеп кылуунун зарылдыгын белгилеген. Өкмөттүн күйүүчү-майлоочу май, тамеки, спирт ичимдиктерин өндүрүү тармагындагы башаламандыкты жоюуга шаасы келбейт. «Мыйзам бекем сакталмайын, президент, өкмөт, сот өз иштерин жасамайын тартиптин болушу кыйын», - деп белгилейт К.Бакиев.

«Кыргыз руху» гезити жылдын мыкты адамы катары 16 ишмердин атын атаган. Мындан тышкары басылмада Ф.Куловдун камалышынын себеп-жөнүн иликтеген макалага орун берилген. Басылманын божомолуна караганда, бул ишке Орусиянын «Совершенно секретно» гезитинин, «НК Альянстын» тиешеси бардай. Бул компания азыр Кыргызстандагы бир катар кирешелүү тармактарга ээ.

Басылмада Батырбек Кыдыргычевдин «Манас, Айтматов, Архимеддердин катарына «Мээримди» кошууга ашыкпасак» деген макаласы жарыяланган. «Эң таңкалычтуусу мамбашчынын жубайы республикада мамчиновнитерге баа берип, сын-пикир айтып, аны жалпы журтка жар салгыдай ал ким? - деп суроо койот макала автору. - Биз баарыбыз бирдей пендебиз. Айырмабыз - бирибиз жалган дүйнө кумарынан чыгалбай, кошоматчылардын азгырык сөзүнө алданып жүрсөк, экинчибиз жалган дүйнө азабынан арылбай, ошол эле кошоматчылардын заар тилине уугуп жүрөбүз. Бирок түбөлүктүү эч нерсе жок. «Тулпар тушунда» дейт, мезгил өткөн соң баары өз ордун табат».

МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ ЖЫЙЫНЫ 2004-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ЖАКТЫРДЫ

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Кыргызстандын 2004-жыл үчүн бюджети жөнүндө» мыйзам долбооруна өзүнүн макулдугун берди. Мыйзамды Эл өкүлдөр жыйыны декабрдын башында кабыл алган.

Келерки жылдын бюджети Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында суроо-жооп иретинде талкууланып, депутаттардын суроолоруна премьер-министр Николай Танаев, Каржы министри Болот Абилдаев жооп беришти. Мыйзамды талкууга даярдаган Бюджет саясаты комитетинин төрагасы, депутат Марат Султановдун айтымында, бюджеттин өксүктөрүнө караганда, артыкчылыктары арбын:

- Бюджеттин төрттөн үч бөлүгү мени канааттандырат. Маселен, бюджеттин 44% социалдык багытка кетет. Эмдиги жылы бюджет мекемелеринде иштегендер үчүн айлык акыларды көтөрөбүз деп атышат. Экинчи жагынан өкмөт тараптан өнөр жайды, экономиканы өнүктүрүүгө инвестициялык салымдар азайып атат. Бул биздин келечекти бир аз кыйынчылыкка алып келип калышы мүмкүн. Бирок, аны да өкмөт түшүндүрүп атат. Алар эгер биринчи тышкы карыздын проблемасын чечип алсак, анда эмдиги жылы бизде 1 млрд. 240 млн. сом бошойт деп атышат. Бул жагынан да өкмөттүн ой-пикири туура деп ойлоп атам.

Ал эми «Кыргызстан» депутаттык тобу 2004-жылдын бюджетин колдогон жок. Курамына депутаттар Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов жана Алевтина Проненко кирген топ кесиптештерине кайрылуу таратышты. Кайрылууда алар пенсиянын базалык көлөмүн чоңойтуу, мектеп окуучуларынын айрым бөлүгүн тамак-аш менен камсыздоо, аманатчылардын акчаларын кайтаруу өңдүү социалдык маселелерди чечүүчү каражаттарды бюджетте эске алууну сунушташкан. Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, көптөгөн мыйзамдарды ишке ашыра турган каражаттар бюджетке кирбей калган. Депутаттык топтун кайрылуусун эске салган депутат Алевтина Проненко өз сөзүндө кесиптештерин 2004-жылдын бюджетин колдобоого чакырды:

- Келгиле, жок дегенде биздин ишибиздин акыркы жылынын алдында жеке арнамысыбызды, шайлочуларга болгон урматыбызды көрсөтөлү. Мен бул бюджетке добуш бербөөгө чакырам. Бул элге каршы мыйзам!

Проненконун пикири боюнча, өкмөт элдин турмуш-тиричилигин оңдоого караганда, башкаруу аппараттарына көбүрөөк каражат бөлүп келет. Шайлоого камылга көрүлүүчү 2004-жылдагы бюджетте мындай адат ого бетер күчөтүлгөн.

Депутат Ишенбай Кадырбеков келерки жылга белгиленип аткан 14 млрд. сомдон ашык кирешенин 9 млрд. сому башкаруу аппаратына жумшаларын иликтеп чыккан. Анын айтымында, жакырчылыкты жоюуга калган 5 млрд. сом гана багытталат.

- Эл өкүлдөр жыйыны бюджетти колдоду. Мүмкүн биз да колдойбуз. Бирок, муну менен биз Кыргызстандын ушул саясатын колдогону жатабыз. Бюджеттин кирешесинин 60% кайда кетип атканын көрүп атасыңар?! - дейт И. Кадырбеков.

Бюджетке байланыштуу талкуунун жүрүшүндө башынан аягына чейин депутаттар шайлоо өнөктүктөрүнө байланыштуу маселелерди түз жана кыйыр түрүндө көтөрүп атышты. Маселен, депутат Апсамат Масалиев келерки шайлоонун акыйкат өтүшү үчүн шайлоо бюллетендерин салгыдай айнек кутуларды орнотуу керектигин, ага каражат бөлүү зарылдыгын белгиледи. Жарыш сөзгө чыккан депутаттардын басымдуу бөлүгү өз шайлоо участокторундагы чечилбей жаткан проблемаларга маани берүүнү өкмөттөн суранышты.
Мындай маанайды депутат Ташболот Балтабаев алдыда келаткан шайлоонун илеби катары баалады:

- Мүмкүн шайлоонун таасири бар чыгаар. Бирок, талкууда эл жөнүндө, реалдуу мүмкүнчүлүк жөнүндө көбүрөөк айтышыбыз керек эле. Албетте, бүгүнкү бюджет элди да, бизди да канааттандырбайт. Бүгүнкү элдин муктаждыгын жабыш үчүн кеминде бюджетте каралгандагыдан үч эсе көп акча керек.

Парламентти «өрт өчүргүчкө» салыштырган депутат келерки жылдан баштап ишке жаңыча мамиле кылууга кесиптештерин чакырды. Акырында 2004-жылдын бюджетин Мыйзам чыгаруу жыйыны 44 добуш менен колдоп берди.

ЖАРДЫ ӨЛКӨДӨ ЖЕҢИЛДИКТЕР КӨП

Сапар Орозбаков, Бишкек Совет бийлигинин тушунда калктын айрым катмарларына берилчү социалдык жеңилдиктердин түрлөрү көп болуп, Кыргызстан эгемендик алып, коомдук түзүлүш өзгөргөнүнө карабай ал жеңилдиктер ошол бойдон сакталып кала берген. Дүйнөлүк банктын эксперттеринин пикири боюнча жарды өлкө азыр анын барын каржылай албайт. Алар кыскартылып, өтө муктаж гана үй-бүлөлөргө берилүүгө тийиш.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен алынган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда азыр жеңилдиктердин 41 түрү бар. Алар согуштун ардагерлерине, согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, майыптарга, аскер жана ички иштер кызматынын адамдарына, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка көптөгөн адамдарга Совет өкмөтү учурунда мыйзам менен чегерилип калган жеңилдиктер. Буга бюджеттен жылына 400 млн. сомдой каражат бөлүнөт. Жеңилдик алуучулардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо, 487 миң адам же өлкөдөгү он адамдын бири жеңилдиктин тиги же бул түрүнөн пайдаланат. Дүйнөлүк банктын эксперттери «жарды өлкө үчүн бул өтө эле көп, аны кыскартып, өтө муктаж гана адамдарга бериш керек» деп эсептешет. Бул саясатты Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги ишке ашырууга тийиш.

- Жеңилдиктерди өтө муктаж адамдар менен бирге турмуш шарты ортодон жогору болгон адамдар да алып жатышат. Ошондуктан биздин министрликтин саясаты даректүүлүккө өтүү, - дейт Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жеңилдиктер боюнча бөлүмдүн башчысы Тамара Сакеева. Анын айтымында жеңилдиктердин формасы да натыйжалуу эмес. Мисалы, мурдагы Совет өкмөтү учурундагы тартип боюнча министрлик көмүр сатып алып, муктаж болгондорго жеткирип беришчү. Министрлик азыр ал тартипти өзгөртүп, жөн эле акчасын берүүгө өттү.

Тамара Сакеева:
- Силердин көмүрүңөр түтөп эле, жакшы күйбөйт деген сөздөрдү көп укчубуз. Азыр акчасын алышат да каалаган көмүрүн сатып алышат.

Жеңилдиктерди кайра карап чыгып, кереги жогун жоюп, керектүүсүн калтырууга жана аларды акчалай гана берүүгө мезгил келди. Муну Дүйнөлүк банктын адистерисиз эле баары түшүнүп турат. Бирок жарды өлкөдө аны ишке ашыруу оңой иш эмес болуп чыкты. Бул тууралуу өкмөт киргизген мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өтпөй калды.

Депутат Алевтина Проненко:
- Принцибинде мен жеңилдиктерди жоюп, даректүү социалдык коргоо аркылуу колдоо көрсөтүүгө өтүүгө макул элем. Бирок мен алар жоюлгандан кийин акча түрүндө берилерине ишенбейм. Канча жолу биз макул болуп азайттык. Жеңилдиктер акырында аз эле адамдарга берилип калып жатты.

Даректүү жардам деген ага өтө муктаж жарды адамдарга гана жеңилдик берүү дегендикти билдирет. Өтө муктаж үй-бүлө деп министрлик бир айлык кирешеси жан башына 350 сомдон ашпаган үй-бүлөнү эсептейт. Бул болсо Жогорку Кеңеш минималдуу керектөө бюджети деп бекиткен 1,5 миң сомдон да, Дүйнөлүк банк жакырчылыктын чеги деп эсептеген 600 сомдон да бир нече эсе аз. Ошондуктан, депутаттар үчүн жеңилдиктерди кайра карап чыгуу дегендик иш жүзүндө ал кыскартылсын деп добуш берүү менен барабар. Шайлоо жакындаганда буга, албетте, депутаттардын баары эле макул боло бербейт. Өкмөт да алар оңой менен макул болбосун билип, ар кандай амал-айла ойлоп, эптеп мыйзам долбоорун өткөрүүгө аракет кылат. Депутат Алыбай Султанов милиция кызматкерлерине берилчү жеңилдиктер айлыгына кошулуп берилет деп айтылганын, бюджетти карап көрүшсө, ага анда акча каралбаганын белгилейт:

- «Даректүү кылып, ар бир кызматкердин айлыгына кошуп берели деп жатабыз» дешет. Республикалык бюджет кабыл алынып калды. Эми кандай кылып киргизишет? Ал министрдин да колунан келбейт.

Ошентип бюджетке оордук болбош үчүн жарды өлкө жеңилдиктерди кыскартууга тийиш. Бирок өлкөдө жарды адамдар көп болгондуктан анын кыскартылышын да каалагандар аз.

МАЙЫП БАЛДАР – КООМДУН КӨЗЖАШЫ

Тубаса майып балдарды дарылап, калыбына келтирүү-моралдык алпейим колдоону да, чоң акчаны да талап кылат. Ал эми болочок ымыркайдын жарык дүйнөгө келишине башынан сергек, камкор мамиле жасалса, бактысыздардын сана болор эле.

Ымыркайдын майып төрөлүшү- ата-эне үчүн азап, бактысыздык. Мамлекет үчүн да өксүү иш. Балдардын майып болуп төрөлүшүнө социалдык-экономикалык шарт, жакырчылык, экологиянын бузулганы себеп болууда. Көпчүлүк аялдар оор шарттарда иштеп-жашап жатышат. Болочок энелер жакшы тамактанбай, түйүлдүккө эң зарыл азыктар жетишпейт.

Күнүмдүк жетишпестиктен, кейип-кепчүүдөн жана башка себептерден чыңалган аялдын ички абалы да түйүлдүккө таасир берип турат. Көпчүлүк аялдар, айрыкча жаш келиндер өз учурунда каттого турушпайт, медициналык кароодон өтүшпөйт. Эгерде аялдар өз убагында текшерилип турушса, айрыкча, учурда тез тарап жаткан инфекциянын түйүлдүккө өтүшүнүн алдын алууга болор эле. Анда майып төрөлүп жаткан ымыркайлардын көбү сак-саламат төрөлмөк.

Бул маселе боюнча Балдардын республикалык клиникалык ооруканасынын тубаса майып балдарды дарылоо бөлүмүнүн башчысы Нурмухаммед Бабажанов мындай дейт:

- Тубаса майыптыкка алып келип жаткан себептерге токтолсок, биринчиден, гипоксия - бул эненин организминде кислороддун жетишпестиги, эненин организминин алсыздыгы, азкандуулук, кан басымдын жогорулугу же төмөндүгү, талгактын оор формасы. Экинчиден, түйүлдүктө инфекциянын болушу. Бул көрүнүш учурда республикада күчөп баратат. Мунун себеби - ата-энелердин медициналык кароодон өтүшпөгөндүгү, энелердин текшерилбегендиги. Үчүнчүдөн, баланын төрөт учурунда жаракат алышынан келип чыккан майыптык. Мындай учурда көбүнчө дарыгерлерди күнөөлөшөт. Бул туура эмес. Көп аялдардын организми начар, алсыз. Аялдар өздөрү толготууга, төрөгөнгө даяр эмес болушат. Төртүнчүдөн, ара төрөлүү да көп учурда майыптыкка алып келет.

Майып балдарды дарылоодо ымыркайдын майыптыгын эрте аныктап, дарылоону эртелетип, 1-2 жашынан кечиктирбей баштоо зарыл. Бишкектеги балдар ооруканасына алыскы райондордон келүү кыйын болуп, оору да убагында аныкталбай, дарылоо да кыйла кечигип башталат. Андыктан республиканын аймактарында реабилитациялык борборлорду ачуу өтө зарыл. Дарыгер Нурмухаммед Бабажанов бул маселе тууралуу кебин мындайча улады:

- Бүгүнкү күндөгү чоң көйгөй - ооруканаларда майып балдарга койкалардын жетишпестиги. Талас, Баткен, Нарын облустарында реабилитациялык бөлүмдөрдүн жоктугу. Мына ушул маселелерди чечүү - майып балдарды дарылап, айыктыруудагы башкы иш.

ЕВРАЗИЯ САММИТИ КӨЛ ЖЭЭГИНДЕ ӨТҮШҮ ЫКТЫМАЛ

Эмдиги жылдын июнь айында Ысыккөлдө «21-кылымдагы Евразия – цивилизациялардын кагылышуусубу же диалогубу?» деген темада бир катар мамлекет башчыларынын жана эларалык уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өтүшү мүмкүн. Кыргызстандын Бельгия, Нидерланды, Люксембург, Франциядагы элчиси Чыңгыз Айтматовдун өткөн аптанын соңунда ЮНЕСКО жетекчиси К. Матцура менен жолугушуусунда мына ушул маселе талкууланды.

Евразия цивилизациясы, чыгыштан батышка уланган маданий карым-катыштын түпкү тамыры байыртадан башталаары, социализм тушунда эле Лев Гумилев, Олжас Сулейменов сындуу батыл калемгерлер тарабынан айтылып-жазылып келген. Ошол тоталитардык коом заманында казак акыны Олжас Сулейменовдун “Аз и Я” деген аталыштагы лингвистикалык иликтөөсүнөн тутанган дискуссия таасирдүү күчтөрдүн жардамы менен басылып, автору коммунисттик куугундан аман калган. Антсе да, коммунисттик империя урап, анын чалдыбарынан көгөрүп-көктөп чыккан эгемен республикалардын ичинен Евразия цивилизациясы, эки континенттин биримдиги идеясы Казакстанда катуу колдоого алынышынын бир себеби ушундай.

Евразия цивилизациясынын өтмө катар байланыштарынын кечээкиси менен бүгүнкүсүнө арналган жыйындар кийинки жылдары көп уюштурулууда. Анын бир мисалы катары ЮНЕСКО демилге көтөрүп аткан саммиттин Кыргызстанда өтүшүн айтса жарашат. Мамлекеттигинин 2200 жылдыгынын аркасы менен Кыргызстан кыйла жерге таанылып алды. Аны калк алдындагы кайрылууларынын биринде президент А. Акаевдин да атайын белгилеген жайы бар:

- Бүт дүйнө биздин тоолуу өлкөбүзгө алгач ирет ушунчалык боор толгоп, кунт коюу менен көз салды. Көптөгөн өлкөлөрдүн калкы көркөмдүү жергебизге суктанып, кыргыз тилин жана мукам кыргыз күүлөрүн угуп, жалпы адамзат маданияты менен бир экенибизди жана цивилизациянын тарыхына, маданиятына кошкон салымыбызды да даана байкады.

2004-жылдын 10-12-июнуна тушталып аткан Евразия цивилизациясы тууралуу Кыргызстанда өтчү жыйынга постсоветтик Борбор Азия республикаларынын, Иран, Түркия, Кытай, Монгол, Ооганстан, Пакистан, Орусия, ошондой эле бир катар эларалык уюмдардын жетекчилери катышмакчы. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, ЮНЕСКОнун алдагыдай чечимин кош колдоп сүрөгөн кыргыз элчиси Чыңгыз Айтматов чоң жыйынды касиеттүү Ысыккөл боюнда өткөрүү сунушун билдирген. Даңазалуу сөз чебери жыйынга өзү башында турган «Цивилизациялардын интеллектуалдык альянсы», ага кошуп эларалык Айтматов фонду катышуусун өтүнгөн.

Дүйнөлүк глобал темалардын көркөм өңүтүн иликтөөнүн кыныгын алган айтылуу сөз чебери жакында эле белгиленген 75 жылдык мааракесине байланыштуу «Азаттык» үналгысына берген маегинде ушу тапта жасап жаткан иштеринин маани-мазмуну тууралуу мына буларды билдирген:

- Көбүнчө эларалык ар кандай жыйындар, форумдардын баарын өткөрүп атабыз. Москвада «Цивилизациялардын интеллектуалдык альянсы» уюму түзүлгөн. Ошону уюштуруучулардын бири өзүммүн.

Горбачевдук «кайра куруу» заманында дүйнөлүк интеллектуалдардын «Ысыккөл шеринесинен» уланган «Цивилизациялардын интеллектуалдык альянсы» бейформал уюму дүйнөнүн биртоп аттуу-баштуу интеллектуалдарынын башын бириктирип, негизинен Евразия биримдиги, цивилизациялардын карым-катышы тууралуу пикир алмашып келатат.

2001-жылдын 11-сентябрында ойго келбес алааматты башынан кечирген дүйнөлүк цивилизация айласы куруган жанкечтилерди акыркы аракетинен алаксытаар орток идеяны таба элек.

Дүйнөнүн бай-кедей өлкөлөрүнүн ортосундагы ичара тымызын атаандаштык, адам акылынын жетишкендигин, жер байлыгын арбын пайдаланып, байгер жашоого жетишкен калктар менен андайдан куржалак калгандардын ортосундагы эрегиш, тынч-аман жашоо ымаласына келүүнүн кыйындыгы адамзат цивилизациясынын тагдырын калтыс абалга капталтып туру. Андай чалкеш маселелердин көбү тоталитардык коомдун торунан жаңы чыккан өлкөлөргө да тийиштүү.

Демократиялык баалуулуктар постсоциалисттик, айталы, чыгыш Европа өлкөлөрүнө ыкчам жайылганы менен, мурунку советтер курамындагы республикалардын айрымдарында унутта калган феодалдык мамилелер, жарым-жартылай монархиялык бийлик үстөмдүк кылууда. Бул жерлердеги миллиондогон адамдардын тагдыры ириде саясий эркиндикке жетишүүгө, өз укугу, эркиндигин канчалык деңгээлде камсыз кылуусуна байланыштуу. Ансыз глобал темалардын кедейликтен башы кутулбаган жармач өлкөлөрдө байма-бай козголушунун барк-баасы жок.

БҮГҮН ПАРЛАМЕНТТЕ 2004-ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИН ТАЛКУУЛОО УЛАНАТ

Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2004-жылдагы бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоо улантылат. Мыйзам долбоору палатада көп талаш-тартыштарды пайда кылды.

Конституцияга ылайык, 2004-жылдагы бюджет жөнүндө мыйзам долбоору парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынында жактырылгандан кийин, дароо президентке кол коюуга жолдонот. Ал эми эгерде палата тарабынан мыйзам долбоору жактырылбаса, кайрадан Эл өкүлдөр жыйынына кайтарылат.

Долбоор Мыйзам чыгаруу жыйынында кызуу талкууланаары күтүлгөн эмес. Анын себебине депутат Орозбек Дүйшеев төмөнкүдөй токтолду:

- Талаш-тартыштардын чыгышына себеп – бюджетибизде акча өтө аз. Ар ким өзүнө тартып жатат. Маселен, мен «тоо-кен өнөр жайына көңүл бургула, жетпей жатат» деп айтып жатам. Айыл-чарба тармагында иштегендер, агрардык сектордогу маселелер жөнүндө айтышат, калгандары башка тармактардагы маселелерди көтөрүшөт. Көп суроолордун болгондугу бюджетибизде 750 млн. сом жетишсиз болуп жатат. Аны карыздап алышыбыз керек. 2004-жыл дагы тартыштык, кем-карч менен өтө турган болду.

Өткөн аптанын жума күнү мыйзам долбоору палатада талкууланган учурда депутаттар тарабынан ар кандай пикирлер айтылды. Депутаттар өндүрүш тармагынын көрсөткүчтөрү бурмаланып жаткандыгын, бул тармакка капиталдык салымдар катары кийинки жылга бөлүнгөн 299 млн. сом өтө аз экендигин, пенсиялардын өлчөмүн көбөйтүүнүн зарылдыгын, кийинки жылы социалдык тармактар боюнча министрликтер толугу менен каржыланышы керектигин, тоолуу аймактардын социалдык маселелерин чечүүгө көңүл буруунун зарылдыгын белгилешти.

Айрым депутаттар бюджетти социалдык маселелерге багыттоодон мурда өлкөдө өндүрүштү жөнгө салуу зарыл дешти. Айрымдар республиканын тышкы карыздарын төлөө маселесине басым жасашып, быйыл 1 млрд. сомдун ордуна 500 млн. сом гана тышкы карыз үчүн төлөнгөнүн белгилешип, өкмөттү сынга алышты.

Ошондой эле жаңы мектептерди курууга бөлүнгөн акчанын аздыгы белгиленди. Мугалимдер менен дарыгерлердин эмгек акыларын көбөйтүүнүн мөөнөтүнө байланыштуу маселе да талаш-тартышты пайда кылган.

ИРАНДАГЫ ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ ЖАБЫРКАГАНДАРГА ЭЛ АРАЛЫК КООМЧУЛУК ЖАРДАМ БЕРЕ БАШТАДЫ

Жыргалбек Касаболотов, Прага Ирандагы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга эл аралык коомчулук жардам көрсөтө баштады. Бир катар өлкөлөрдүн куткаруучулары бул өлкөнүн Бам шаарындагы урандылардын арасында калгандарды тирүү алып калуу аракетинде. Бирок чынында алардын көбү аман калганына үмүт аз.

Ирандын түштүк-чыгышындагы Бам шаарында болгон жер титирөөдөн тирүү калгандарды издеш үчүн алгачкы чет элдик куткаруучулар келе башташты. Азырынча ырасталган маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн 20 миңден ашуун адам өлкөн. Бирок болжолдуу маалыматтар боюнча зилзаладан ажал тапкандардын саны алда канча көп болушу мүмкүн. Жарадарлар андан бетер көп.

Ишембиде Бамга алгачкылардан болуп атайын үйрөтүлгөн иттерин ээрчитип, швейцариялык жана германиялык куткаруучулардын командалары келишти. АКШнын президенти Жорж Буш расмий Вашингтон жабыр тарткан шаарга жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Башка мамлекеттер, анын ичинде Улуу Британия, Германия жана Орусия жардам убада кылып, айрымдары Бамга куткаруучулардын командаларын жиберишти. Орусиялык куткаруучулардын бири бул багытта өз өлкөсүнүн аракеттерин санап өттү.

- Бул жакка бизден 77 куткаруучу жана эки чоң транспорт каражаты келди. Азыр орто эсеп менен 70 куткаруучу түшкөн дагы бир учак келген атат. Бардыгы болуп 174 адам иштейт, көчмө оорукана уюштурулат, 4 командага бөлүнүп иштейбиз, куткаруучу иттерди пайдаланабыз. Негизгиси жабыркаган адамдарды табыш керек, - дейт орусиялык куткаруучу.

Жергиликтүү куткаруучулар урандылардын алдында калгандарды казып алып, тирүү калгандарын табуунун аракетинде. Буга чейин бир күн ичинде алар 200дөй кишини тирүү куткарып калышкан. Бирок алар эми мындан ары көбүнесе өлүктөр чыгаарын айтып атышат. Анткени капыстан түшкөн катуу сууктан улам урандылардын алдында калгандардын көбү тоңуп калды болуш керек. Каза болгондордун көбү жерге берилди. Көрүстөндөр шаардын чегинен ашып, Эл аралык кызыл жарым ай уюму жугуштуу оорулардан чочулап, адамдарга “мээлей менен беткап кийгиле” деп эскертип атат.

Шаардагы эки оорукана кыйрап калгандыктан, көчмө ооруканаларга жарадарлар толуп кетти. Бамдын аба майданында уюштурулган көчмө ооруканадан жарадарлар башка шаарларга жөнөтүлүүдө. Жергиликтүү журналисттин айтымында, алар да жарадарларга толуп баратат.

- Жабыркагандар абдан көп болду, аларга дарыгер-студенттер, куткаруучулар, Кызыл жарым ай уюмунун өкүлдөрү – баары жардам берип атышат. Кырсык ушунчалык катуу болгондуктан, моргдордун баары толуп кетти, - дейт жергиликтүү журналист.

Болжол менен 90 миңдей киши жашаган Бам шаары 2 миң жылдык тарыхы бар сепили менен кошо кыйрады. Бул жердеги имараттардын көбү эски кирпичтен курулгандыктан, жер титирөөгө туруштук бере алган эмес. Эл аралык кызыл жарым ай уюму үй-жайсыз калган он миңдеген адамдар үчүн 12 млн. доллар чогултуп берүүгө чакырып, эл аралык коомчулукка кайрылды. Бул акчага жууркан-төшөк, таза суу, дары-дармек жана отун сатып алынышы керек.

САЯСИЙ ПАРТИЯЛАРДЫН ЖАЛАЛАБАД ОБЛУСУНДАГЫ БЕДЕЛИ КАНДАЙ?

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Саясий партиялардын Жалалабад облусундагы бедели кандай? Же алардын кереги шайлоо менен саясий иш-чаралар кызыганда гана тиеби?

Бөлүмдөрүн облуста ачып жаткан «Алга, Кыргызстан» партиясынан башка саясий уюмдардын таасири Жалалабадда байкалбайт. Уставы менен программасындагы максат-милдеттери унутта калып, жеке кызыкчылыкка жеңдирген партиялар элдин купулуна толбой атат. Мындай пикирдеги облбийликтин өкүлү Орозалы Карасартов көп партиялуулукту жана алардын эволюциялык өнүгүүсүн жактайт:

- Азыр партиялар көбүнчө, жеке адамдардын партиялары болуп калып атат. Бийликке катышсын деген идея негизинен туура, бирок бизде азырынча эволюция жолу менен гана баруу керек.

Саясий партиялар чет өлкөлөрдөн мыйзам сыйлоону үйрөнүүсү абзел. Алар шайлоого катышса гана, өлкөдө демократиялык өнүгүү болот. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурмамат Ашымов жогорку ойду улоо менен, жердешчилик, уруучулукту жоюудагы партиялардын маанисин белгиледи:

- Жердешчиликти партияларды активдештирүү аркылуу гана жок кыла алабыз. Башка эч кандай чакырыктар менен, же болбосо, башка жолдор менен жок кылыш кыйын. Партияны түзсөк гана биз трайбализмден арыла алабыз.

Аялдар укугун коргоо уюмунун төрайымы Кимсан Сагынбаева:

- «Адилет» деген партияны биз шайлоо учурунда гана укканбыз. Андан бери кандай иш жүргүзүп жатат, анын элге кандай пайдасы бар - аны менен тааныштыгыбыз жок, - деп нааразылыгын жашырган жок.

Кесиби юрист Разиля Даникулова да «партиялар саясат үчүн эле керек» деп эсептейт: - Шайлоо учурунда гана саясат үчүн керек.

Базаркоргондук Бакыт Салиевдин ою боюнча партияларга мүчөлүк акы менен демөөрчүлүк жетишпей турат, анткени, оор турмушта жашаган элдин саясий уюмга каражат берүүсү кыйын болуп атат:

- Ал үчүн элге партия эмне экенин толук жеткирүү керек. Биздин эл азыр караңгы болуп, партия эмне экенин, кайсы партия эмне иш аткарып жатканын билбейт. Кыргызстан боюнча партиялардын санын атап айтып кетсек өтө көп. Ар бир партия эмне иш аткарып жатканын эч ким толук билбейт. Булар партияны түзүп коюп эле, адамдын санын көбөйтүп, бирок эч кандай иш аткарбай атат.

«ЭрК» партиясынын мүчөсү Асан Шакировдун баамында партияларды коркутуп-үркүтпөй, шайлоого катыштырып, мамлекет колдосо партиялар өнүкмөк:

- Шайлоолордо депутаттык орундарга партиялардын ат салышпай калганы Кыргызстандын демократиясынын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Оппозициялык партияларга кирген адамдар куугунтукталып атат. Ошондой эле, өкмөт тарабынан оппозициялык партияга эч кандай жардамдар берилген жок.

2003-ЖЫЛДЫН АКЫРКЫ АПТАСЫНЫН ДИДАРЫ

2003-жылдын акыркы аптасында өлкөнүн саясий турмушунда бир катар маанилүү окуялар болду.

Дүйшөмбү - 22-декабрда «Арнамыс» партиясынын азыркы тапта камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун 2005-жылдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коёру маалым болду. «Арнамыстын» саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын айтымында, Феликс Кулов «Учкун» гезитине берген маегинде 2005-жылдагы президенттик шайлоого катышууга бийлик мүмкүнчүлүк берсе элдин эң көп добушун алаарын, азыр абакта жатышына бул негизги себеп болгонун маалымдаган. Ал эми «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде Феликс Кулов шайлоолордун калыс жана акыйкат өтүшү үчүн барыдан мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын көзкарандысыздыгын камсыз кылуу керек деди:

- Менин пикиримде, эң ириде Борбордук шайлоо комиссиясы көз карандысыз болушу керек. Экинчиден, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы жыл сайын алмашып турушу зарыл. Сулайман Иманбаев өзү каалайбы же каалабайбы – ал президенттин пикири менен эсептешип турууга аргасыз.

Шейшемби - 23-декабрда өкмөт башчы Николай Танаев жыл башында «Кыргызстандын улуттук электртармактары» акционердик коомунан 102 миң доллар насыя акча алганы маалым болду. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму баштаган бир катар коомдук уюмдар премьер-министр кызмат абалынан пайдаланган деп, Н. Танаев мырзадан насыя акчаны алуунун шарттарын жана өзүнүн канча байлыгы бар экендиги тууралуу маалыматты элге жарыя кылууну талап кылышты. Депутаттар Дүйшөн Чотонов, Исхак Масалиев жана «Эркиндик» партиясы «энергетика тармагы кризиске учурап, эл бюджеттен акчасын өз маалында алалбай турган шартта жасаган мындай кадамы үчүн өкмөт башчы кызматтан кетиши керек» деген пикирлерин айтышты. Ал эми Николай Танаевдин өзү болсо Казакстандан көптөн бери өнбөй келаткан электр энергиясы үчүн 12 млн. доллар карызды кайтаруудагы эмгеги үчүн энергетиктер ага үй сатып берели дегенде баш тартканын, бирок, кредит алып, аны кайра кайрып бергенин айтууда:

- Менин үйүм жок экенин энергетиктер билишип, мага үй сатып берүүнү сунуш кылышты, – дейт Николай Танаев. - Мен баш тарттым. Анткени ал мыйзамсыз болчу. Андан кийин алар кредит сунушташты.

Исхак Масалиев болсо карызды өндүрүү премьер-министрдин түздөн-түз милдети, Н. Танаев брокер же ортомчу эмес деди.

Шаршемби – 24-декабрда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны Кыргызстандагы чечендердин абалына арналган парламенттик угуу өткөрдү. Чечендердин «Барт» улуттук-маданий борборунун маалыматы боюнча, акыркы 5 жылда өлкөдө чечен улутундагы 11 атуул киши колдуу болгон жана буга байланыштуу кылмыш иштери жакшы иликтенбей, адам укуктары бузулуп жатат. Парламенттик угууда Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев мындай кинени четке кагып, чечен улутундагы каза болгон 11 адамдын сегизи ошол эле чечен улутундагы адамдар колдуу болгонун билдирди.

Бейшемби – 25-декабрда президент Аскар Акаев баштаган мамлекеттик делегация Казакстанга ырасмий сапар менен барды. Ырасмий сапардын жыйынтыгы тууралуу 1-вице-премьер-министр Курманбек Осмонов мындай дейт:

- Астанадагы эки мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу учурунда Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда «Биримдик келишимине» жана Эларалык автоунаа каттамдары тууралуу келишимге, чегарадан өтүү пунктары тууралуу макулдашууга жана башка өкмөттөр аралык бир катар документтерге кол коюлду.

Жума – 26-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны эсеп-кысап аппараты боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык өкмөт 1 айдын аралыгында эсеп-кысап машиналарын киргизүү тууралуу жобону иштеп чыгып, аны Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө сунуштамай болду. Премьер-министр Николай Танаевдин парламентте билдиргенине караганда, ишкерлер эми же эсеп-кысап аппараттары менен, же патент менен иштесе болот. Патенттин баасы болсо 1-январдан тартып кымбаттай турган болду.

Ишемби – 27-декабрда президент Аскар Акаев Иран Ислам Республикасынын президенти М. Хатамиге 26-декабрда Иранда болгон жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Аскар Акаев баштаган кыргыз делегациясынын Ирандагы ырасмий сапары аптанын башында - 22-декабрда аяктаган болчу. Анда эки мамлекет ортосунда 7 документке кол коюлган. Эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 1996- жылы 16 млн. доллар болсо, Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин - 1999- жылы анын көлөмү 5 миллионго чейин кыскарып кеткен.

ЖЕРГЕТАЛ КЫРГЫЗДАРЫНЫН АБАЛЫ КАНДАЙ?

Мирзохалим Каримов, Бишкек Тажикстанга караштуу Каратегин өрөөнүнүн Кыргызстандын Чоңалайы менен чектешкен Жергетал районундагы кыргыздардын азыркы жашоо шарты улуттук араздашуу жылдарына салыштырганда бир кыйла жакшырды. Бирок, социалдык-экономикалык, маданий жана башка багыттагы чечилбей келаткан маселелер али да болсо арбын. Райондун Жаңышаар айыл өкмөтүнүн төрагасы Сейитбек Мажитов менен мына ошол маселелердин тегерегинде сөз болот.

- Сейитбек мырза, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган кыргыздардын жашоо-шарты, социалдык-экономикалык абалы тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Айыл өкмөтүнүн аймагында бардыгы болуп 9202 адам жашайт. Анын 6944ү кыргыздар, 2206сы тажиктер. Ырасын айтканда, биз Кыргызстандан алыста жашасак да, Тажикстанда өзүбүздү башка улуттун өкүлү деп сезбейбиз. Анткени, бул жердеги кыргыздар менен тажиктер VI-VII кылымдардан бери чогуу отурукташып, ынтымакта жашап келишкен. Алар бири-бирине кыз берип, кыз алып дегендей, достуктун доорун сүрүшкөн. Көптөгөн каада-салт, үрп-адаттарыбыз бир. «Сен кыргыз», «сен тажик» деп бөлалбайбыз. Аймагыбызда 7 мектеп бар. Мектептерибиздеги окуу тарбия иштери эки тилде - кыргыз жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. Айрым мугалимдерибиз кыргызча да, тажикче да сабак бере алышат. Мектептердин дээрлик бардыгы капиталдык ремонттон өткөн. Мугалимдер азыр маяналарын өз убагында алып жатышат. Окуучулар менен мугалимдерге мамлекет тарабынан жардам берилүүдө. Маселен, президентибиздин жарлыгынын негизинде аз камсыз болгон окуучуларга 6 сомониден көмөк көрсөтүлөт. Ал эми мугалимдерге болсо, электр энергиясы үчүн бир жылга 7 сомониден төлөнөт. Мындан тышкары кээ бир эл аралык уюмдардын эсебинен мектептердеги бардык окуучуларга күн сайын ысык тамак уюштурулган. Мугалимдерге болсо, эл аралык уюмдар тарабынан ун, май, күрүч, туз жана башка азык-түлүктөр берилүүдө. Кыскасы, окуу тарбия ишинин натыйжалуу болушу үчүн колдон келишинче камкордук көрүлүүдө.

- Эми окуу куралдары тууралуу айтып берсеңиз? Биздин угушубузга караганда, бул маселе көп жылдардан бери чечилбей келаткансыйт. Ал тууралуу ата-энелер менен мугалимдер көп жолу сөз кылышты.

- Сөзүңүздө калет жок. Бирок, мында бир нерсени эске алууга туура келет. Мисал үчүн ар бир мамлекеттин өзүнүн окуу программасы, бул жааттан жүргүзгөн өзүнүн саясаты бар. Демек, Кыргыз жумуруяты менен Тажик жумуруятынын окуу программасы бири биринен айырмаланат. Окуу куралдарынын жетишпеген себеби мына ушундан улам десе да болот. Маселен, Кыргызстандан алып келинген окуу куралдарынын бардыгы эле Тажикстандын программасына ылайык келе бербейт. Бул – бир. Экинчи себеби - бул Кыргызстанда окуу куралдарын басып чыгаруу иши азыр таптакыр башкача болуп жаткандыгында деп ойлойм. Ал жакта китеп чыгарыш үчүн атайын заказ берилиши керек экен. Айтор, мурдараак заказ берилсе гана китеп чыгарылышы мүмкүн. Ырас, Кыргызстандан сатып келген учурда деле китеп жетишпейт деген ойдомун. Анткени, азыркы базар экономикасынын шартында бардыгы эсеп-кысабы менен болуп жатканын эске алууга туура келет. Каражат жагынан көп кыйынчылыктарыбыз бар. Ошондой болсо да, районубуздун жетекчилери дүйнө кыргыздарынын экинчи курултайына барышканда, жумуруяттын тийиштүү жетекчилери «окуу куралдар маселесин чечебиз, бул жагынан кам санабаңыздар» деп убада беришиптир. Биз азыр мына ошону күтүп турабыз. Кыргызстан бул жааттан көмөк көрсөтсө, чын дилибизден ырахмат айтабыз. Эки жумуруяттын тийиштүү министрликтери окуу курал, кадр маселелерин биргелешип чечип турушса жакшы болор эле.

- Эми ички жана тышкы миграция жөнүндө да айта кетсеңиз?

- Чындыгында улуттук араздашуу башталгандан кийин тажикстандык көп кыргыздар тарыхый мекенибиз - Кыргызстанга ооп кетишти. Бирок, алардын көпчүлүгү кайра келишет деген пикирдебиз. Себеби - Кыргызстанды биз башка мамлекет деп эсептебейбиз. Ал өлкөдө да, бул өлкөдө да эркин жашап, эркин иштеп, илгертен бери ошого көнүп калган биздин эл. Айыл өкмөтүнүн кыштактарынан 64 үй-бүлө көчүп кетишкен. Биз алардын үй-жайларына да, бак-шагына да тийген жокпуз. Себеби, качан да болсо, туулуп өскөн жерлерине кайра келишет деген ойдобуз.

КАЗАК АКЫНЫ СҮЙҮМБАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗДЫН КАДИМКИ АРСТАНБЕГИНИН АЙТЫШЫ

Тоталитардык доордо «Заманчыл», «Эскичил» акын катары бааланып, мурастары жыйналбай, жарык көрбөй, чыгармачылыгы иликтенбей келген залкар шайырдын бири - Буйлаш (Бойлош) уулу Арстанбек болгон. Качан гана Кыргызстанга эгемендүүлүктүн желеги желбирегенде ойчул-философ, олуядай көзү ачык улуу акын, залкар комузчу Арастанбектин мурастары басылмалардан жарык көрүп, чыгармачылыгы илимий жактан иликтене баштады. Бирок, эмнегедир азыркы күнгө чейин Арстанбектин көөнөрбөс терме, санат, жоктоо, керээз ырлары, айтыштары төкмө ырчылар тарабынан ырдалбай, элге жептей келет.

1994-жылы филология илимдеринин кандидаты Батма Кебекованын Арстанбектин өмүр жолуна жана чыгармачылыгына арналган «Арстанбек» аттуу илимий китепчеси, ушул эле жылы акындын «Арстанбек» ырлар жыйнагы басылмадан он миң нускада жарык көрөт. Ошентип, көптөн бери көксөгөн окурмандар Арстанбектин көөнөрбөс мурастары менен кең-кесири таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Арстанбек замандаштарынын айтымында эң бир мукам үндүү, ырды кара нөшөрдөй төккөн ак таңдай ырчы, алдына кыл тырмагандардын эч бирин чыгарбаган улуу комузчу болуптур. Ал ырларын тек гана комуздун коштоосунда чыгарып, ырдаптыр. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин эмнегедир алп акындын философиялык ойлорго ширелишкен терме, санат, үлгү, насыят, жоктоо, керээз жана башка ырлары, канаттуу айтыштары төкмө акындар, ырчылар тарабынан аткарылбай, угармандарга жетпей келет. Мына ушундай өксүктү эске алып, Арстанбектин алымсабак айтыштарынын туу чокусу аталган - азылуу казак акыны Сүйүмбай менен айтышкан алымсабагынын үзүндүсүнөн тааныштырып өтөлү.

Эки алп акындын айтышы мындайча жагдайда өтүптүр. 1850-жылдын тегерегинде Түптөгү Аалыбайдын ашынан кийин Ысыккөлдүн Жетиөгүз аймагында Чоң Ормон, Кара Байтик, баатыр Жантай, Көлдүн эл башкарган жакшылары, казактын Тезек төрөсү, Бөлтүрүгү, төкмө акын Сүйүмбай катышкан чоң аш болот. Меймандар ак өргөгө кирип жайланышкандан кийин Бөлтүрүк Сүйүмбайга: «Кана ырчым, сүйлөй атыр, кызыл тилди бүлөй атыр» - дейт. Ошондо Сүйүмбай кыргыз манаптары менен мындайча саламдашат:

Ассалом алейкум, бурадарым, кыргыздарым.
Ай-күнгө тете жылдыздарым.
Силерди аңсап келдим ат арытып,
Жүрөк акын Сүйүмбай ыр бастагын,
Таскак уруп, аргымактай бой тастагын,
Кан Ормон, Кара Байтик, баатыр Жантай,
Бармысың мал-жан аман, жайың калай?
Кара жок бир ишинде оңшей хансың,
Баркыңды айта берсем сөз жетмейди,
Бааңды салмактасам пул жетмейди,
Ар бириң ат көтөрмес албан жансың,
Аркы атаң эр Атаке, баатыр Жантай,
Басыңа кийдиң бөрү кызыл алтай,
Жүзүңдү бир көрсөм деп баатыр сенин.
Элимде эңсөшү эдим далай-далай.
Кан Ормон болмас иске бурулмайды,
Кан Жантай ак шумкардай шуулдайды,
Мөмөлүү Кара Байтик чынар агам,
Сан торгай бутагында шырылдайды,
Камчысын Кара Байтик катуу учтаса,
Азыр тур мүлдө кыргыз кырылганы
- деп, учурашат.

Бирок, казак султандары Сүйүмбайдын кыргыз манаптарын көкөлөтө мактап, зобололорун көтөрө ырдаганын жактыра беришпейт. Аны байкап калган Бөлтүрүк: «Не болдың, Суке мыншалык, ай мен күндүн өз орду бар гой, дурустеп ырдасаңшы» - деп Сүйүмбайга сөз ыргытат. Ошондо Сүйүмбай комдоно туруп, ырын мындайча улантат:

Осы отырган манаптар,
Айткан сөзүм жаратар.
Ээр токуму алтындан,
Бир ат бергин минерге,
Алтын чапан жабарсың,
Асем менен киерге,
Марттыгыңды билерге.
Он алты жасар бир кыз бер.
Алышып ойноп күлөргө,
Нарк билбеген адамдар,
Акындын сөзүн билерби,
Бир актай үй бергин,
Эңкейип ага кирерге,
Беш-алты атан түйө бер,
Жүгүмдү артып жүрөргө.
Токсон жылкы бериңиз
- деп, андан ары кыргыздардан кур кол кетпесин, «Кыз берсең күң, өзүмө эки кул бергин, азда болсо аламын» - деп, Кан Ормондун, Байтик, Кан Жантайдын башынан бак-дөөлөт кетпесин айтып ырдайт.

Аш-тойлордо суранып ырдаганды жаман көргөн сыпайы ырчы Арстанбек Сүйүнбайдын кайырчыдай суранып ырдаганына жини келет. Анын үстүнө өткөндөгү Аалыбайдын ашында кыргыз акыны Катаган: «Кененсары, Норузбайыңды өлтүрүп, башын итке салганым, канакей кегиң алганың» - деп, Сүйүмбайды чуулуу сөздөр менен каптап ырдаганы калыстарга жакпай, байгени Сүйүмбайга жөн эле берип койгондун кегин алыш үчүн Арстанбек:

Оо, Сүйүмбай, токтогун,
Алсыздын сөзүн козгодуң.
Мойнуңа көлбар асынып,
Алакан жайган таз белең,
Ырчылыгың пас белең?
Кечээ Аалыбайдын ашында,
Кан Боронбай башында,
Акылмандар кашында
Бел жорутпай байге алып,
Сен кыныгып калган окшодуң,
Ээ, Экейден чыккан Сүйүмбай,
Айткан сөзүң куюндай,
Бөлөктү көрбө буюмдай.
Келе сала бер дейсиң
Калганбы напсиң тыйылбай,
Кол жайдырып кыргызга,
Экир чобур ат бериш,
Жер жайнаган жылкылуу,
Кезек Төрө ханы,
Журт башкарган баарыңа,
Ошончо эле кыйынбы,
- деп, Сүйүнбайдын жүктөгөнгө мүлкү, артарга төөсү, ичерге чайы, чайнарга майы, кийерге шайсы, көнөчөгүндө каймагы, эзип ичерге сүзмөсү жоктугун баса ырдайт. Анан Арстанбек «кул, күң жумшай турган Сүйүмбай сен белең, мактанбагын казагым, Абылай кулдун тукуму Кененсары, Норузбай кесирлүү чыкканын, коңшу жаткан кыргызды чаап, кылычтарын кандаганын, акыры алардын мазасы чыгып, кыргыздан казасы тапканын» жана башка жактарын куйкумдуу сөздөр менен шыбай ырдап, эки кончун бир кончуна катат. Ошондо Сүйүмбай кыргыздын кырк кыздан тараганын, Арстанбектин бийдин баласы болсо да босогосун аттабаганын жана башка жактарынын быкыйын чукуй ырдап келип:
Оо, Арстанбек акыным,
Айың сөзгө жакыным,
Тегиңди айтып мактандың.
Мени тексиз деп айтың, каптадың
Менин ата-тегим ыр болгон
Ыр менен күүгө пир болгон
Сөз чынына келели
- деп, Сүйүмбай Арстанбектин балалык чагын, көргөн күндөрүн сындайт. Арстанбек комузунун кулагын толгоп, жооп кайтармакчы болот. Ошол учурда манап Боромбай колун көтөрүп, токто дегендей белги берет. Ошондо ак өргөдө отурушкан кыргыз, казак султан, бий, бектери: "Түбү бирге эл элек, Уруш-талаш ыркыбызды кетирди. Ынтымакка жаңыдан келип отурабыз, өткөн чатактан кеп баштап, Арстанбек сеники да ыңгайсыз болду. Өз кезинде Сүйүмбай да жөн калган жок. Орду менен жооп кайтарды. Сөз жагынан бириңди-бириң жеңе алгандай көрүнбөйсүңөр. Экөөңдүн тең чоң ырчылардан экендигиңерге күбө болдук. Айтыш мындан ары уланса, сөз ырбап, чатакка айланчудай көрүнүп калды. Экөөңө тең ыраазыбыз. Мындан кийин бир-бириңдин алдыңарга чыкпагыла" - дешип ынтымакташтырып, байгесин тең бөлүп беришет. Мына ушундан баштап, Арстанбек менен Сүйүмбай айтышпай, бири-бирин сыйлашып, жылуу мамиледе жүрүшүп, о, дүйнөгө сапар алышыптыр. Ал эми эки алп акындын алгачкы айтышы болсо бүгүнкүдөй муунга өтө айтылып калыптыр.

КЫРГЫЗСТАНДА ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КОЛДОНУУГА МОРАТОРИЙ ДАГЫ БИР ЖЫЛГА УЗАРТЫЛАТ

Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга 5 жылдан бери тыюу салынып келет. Жаңы жылдын айланасы менен өлүм жазасына мораторийди дагы бир жылга президенттин жарлыгы менен узартуу салтка айланган. Президенттин маалымат кызматы билдиргенге караганда жакынкы күндөрү да ушундай жарлык чыгары күтүлүүдө. Айрымдар президенттин бул кадамын гумандуулук катары бааласа, кай бир талдоочулар аны саясий оюнга окшоп баратат дешет.

Кыргызстандын абактарында учурда өлүм жазасын алган жүз кырктай кылмышкер бар. Алар үчүн жаңы жылдын айланасындагы күндөр өтө оор. Анткени алар өз өмүрлөрүн дагы бир жылга узартчу жарлыкты күтүшөт. Эларалык коомчулук алдында милдетти алгандан бери Кыргызстанда сотто өлүм жазасына өкүм чыгат, бирок ал аткарылбайт. Бул - кичинекей жарды өлкөнүн мойнуна оор маселелерди үйүп атканы белгилүү.

Дал ушул экономикалык көйгөйлөрдү эске алуу менен «өлүм жазасы колдонулушу керек» дегендер да жок эмес. Мурдагы спикер, «Мукар жана профи» юридикалык компаниясынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев өлүм жазасына бөгөт койгонго каршы. Анын ою боюнча биринчиден, аларды өмүрү өткөнчө бакканга акча жок, экинчиден кимдир бирөөлөрдүн өмүрүн мыкаачылык менен кыйган адамга мамлекет гумандуулук кылганы менен, набыт болгондордун туугандарынын көксөөсү суубай, мамлекетке нааразылыктар арбырын да эске алган оң.

Мындан бир жыл мурда атуулдук коомдун өкүлдөрү өлүм жазасын таптакыр алып таштоонун зарылдыгын айтышып президентке кайрылуу жасашкан. Ал кайрылууга кол койгондордун бири - «Интербилим» уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева президент андай пикирди эске албаганын белгилейт:

- Ушинтип улам бир жылга узарткандан пайда жок. Андан көрө биротоло жокко чыгарып салган оң болчу. Президент улам бир жылга узартып койгону жөн эле саясий оюнга окшоп баратат. Эларалык коомчулуктун алдында адам укугу сакталып аткан өлкө катары көрүнүү аракетиндей таасир калтырчу болду. Атуулдук коомдун өкүлдөрү мурда кайрылуу жолдогонбуз. Аны эске алган да жок, жок дегенде ушулар дагы ушундай ойдо экен деп айтып койгон да жок. Быйыл да кайрылуу кылсак болмок, бирок бизди укапагандан кийин, апендидей болуп улам кайрылгандан да тартынат экенсиң.

Кыргызстан келечекте өлүм жазасына кайтып келеби же таптакыр андан баш тартабы - буга азырынча жооп жок. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков «аны мезгил көрсөтөт» дейт. Анын пикири боюнча эң оор жазага чектөө коюу менен президент гумандуулугун көрсөтүп атат. Жанузаков мырза келечекте өлүм жазасы калабы же жоюлабы аны мезгил көрсөтөрүн белгиледи.

Кыргызстан адамдын атуулдук жана саясий укуктары тууралуу эларалык пакттыга кошулган. Бул пакттын эки факультативдик протколун тең жактырган. Мисалы, АКШ бул пактка мүчө болгону менен, анын протоколдорунан баш тарткандыктан, өлүм жазасын жоюуга милдеткер эмес. Ал эми Кыргызстан өзү милдетин алган ал протколдорго ылайык өлүм жазасынан таптакыр баш тартышы керек. Конституциялык соттун судьясы Марат Кайыпов келечекте өлүм жазасын өмүр бою абакка салуу менен алмаштырганга макул. Анын ою боюнча улам бир жылга мораторийди узартуу менен маселе чечилбейт. Бийлик мамлекеттик казынадан чоң каражат бөлүп, өлүм жазасын алгандарды бакканга жана абактардагы шартты оңдоого киришкени оң.

Эми коңшу мамлекеттерге көз чаптырсак. Казакстанда быйыл 17-декабрда президент Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы чыкты. Ага ылайык өлүм жазасын колдонууга тыюу салынды. Бул мамлекетте өлүм жазасы таптакыр жоюлганга чейин бул жарлык иштемек болду. Ал эми Өзбекстанда өлүм жазасына эки түрдөгү кылмыш жасагандар кириптер болот. Алар: террордук кылмыш жасагандар жана атайын алдын-ала пландаштырып киши өлтүргөндөр.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG